Latin

Семетей - 06

Total number of words is 4308
Total number of unique words is 2152
29.0 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жаркыны күнгө тартылат,
Башында жабар дөңсөө таш,
Падышадан башкага,
Баркы болбой курган таш.
Көзү көрдү Чүрөктү,
Азыркысы башы жаш.
Сакалы аппак болуптур,
Жетимишке калчанын,
Жетип жашы толуптур.
Оң далысы кең экен,
Ойротту бузар неме экен,
Соолуп калган түгөнгүр,
Каапырлыгы болбосо,
Тийип алчу неме экен,
Ошону баштап барамбы,
Толтойдун өчүн алсамбы,
Чынкожо баштап барсамбы,
Чындап кыргын салсамбы,
Чыныгы өчүм алсамбы?
Кең Бейжинди жердеген,
Алп Коңурбай эр экен.
“Качып барып кара бет,
Каапырга тийди дээр бекен”.
Мындан өтүп жөнөйүн,
Издегеним Семетей,
Кабыл кылган кудайым,
Аны да барып көрөйүн,
Шамалды көздөй чет алып,
Күн батыш көздөй бет алып,
Көктү көздөй айланып,
Көөнүндө Чүрөк жайланып,
Шайаңдын өттү үстүнөн.
Бүтүн калмак байлары,
Түгөл жатат жайлары.
Адамдын көзүн талдырат,
Жайнап жаткан малдары.
Күн батыш көздөй ыңгайлап,
Алтайды көздөй айланды.
Алтай менен айланып,
Ар жагы менен учуптур,
Алматынын ойунда,
Аккан суунун бойунда.
Музбурчактын Аккуба,
Келген экен ойунга,
Ит агытып куш салып,
Ителгисин кукулап,
Асмандан Чүрөк көрүптүр
Кандай жүргөн киши деп,
Көңүлүн ага бөлүптүр.
Абдан Чүрөк байкаса,
Тотугуп өңү боло элек,
Он бешке жашы толо элек,
Ойноо бала секелек,
Балалык кыйал кете элек.
Оң далысы кең экен,
Оролуна келгенде,
Ойротту бузар неме экен.
Азыр күчү толо элек,
Эр сайышып жекеден,
Эңишер чагы боло элек.
Сол далысы кең экен,
Зоңкойуп бойу жетилсе,
Солду бузар эр экен.
Балалыгы болбосо,
Тийип алчу неме экен.
«Баш бербей барып кара бет,
Балага тийди дээр бекен».
Балалык айып ага койуп,
Башын буруп толгонуп,
Алматыдан кайра учуп,
Асмандан келе жатканда,
Жетөгүздүн ойунда,
Ысыккөлдүн бойунда,
Ак калпак кыргыз тобунда,
Кезигип калды Айчүрөк,
Кулэтендин Агышка.
Токсонго жашы толуптур,
Бырыш басып чекесин,
Өпкөдөй өңү соолуптур.
Карыса да эр Агыш,
Короонун чыгып четине,
Олтурган экен дөбөнүн,
Оңолбогур бетинде.
Кууш айак кең көөдөн,
Мындайды Чүрөк көрбөгөн.
Калдайдын уулу капырдан,
Хан Коңурбай баатырдан,
Алда канча өйдө экен,
Кийгени жибек торко экен,
Кебетеси турушу.
Адамдан чыккан зор экен.
Токсонго жашы чыкса да,
Эңкейип далы кетпеген,
Кетпеген саба кептенген,
Эр мүчөлүү эме экен.
Көкөтөйдүн ашында,
Манжулардын Нескара,
Чыгары мунун эп экен.
Баштап барсам Агышты,
Балакет Толтой, Чынкожо.
Ийинге сийер эр экен.
«Ары жок Чүрөк кара бет,
Эр табылбай бендеден,
Аппак сакал кызыл көз,
Карыга тийди дээр бекен.
Издегеним Семетей,
Таппай туруп ошону,
Менин эр сынашым оң бекен,
Мен ымыркай жаш чакта,
Ал Семетей жок чакта,
Атам Акун айкөл шер,
Бирин бири сүйүшүп,
Жок балага күйүшүп,
Кудалашкан кеп экен.
Мен кара бет Чүрөктүн,
Маңдайымда шор экен.
Баатырдын уулу жалгызды,
Суу ичинде жалбызды,
Табышым менин эп экен.
Ойлогонум ар кимди,
Обу жок бекер кеп экен».
Муну ойлоп Айчүрөк,
Мындан кайтып учту эле,
Асман ылдый сыдырып,
Алатоо бойлоп кыдырып,
Анжийан менен Ташкенди.
Аралап учуп бул кыркып,
Карабуура Чаткалды,
Кайра айланып чыкты эле,
Асманда жүрүп ой бойлоп,
Ар күнү көп ойлоп,
Семетейди таба албай,
Тентип жүрөт бой-бойлоп.
Тунарык тартып көрүнүп,
Тумандын чети сөгүлүп.
Ак чуудаң тартып көрүнүп,
Асмандын чети сөгүлүп.
Алласына сыйынып,
Айчүрөк жашы төгүлүп.
Ак булуттун ичинде,
Абайлап байкап турду эле.
Башы ашуу, чети төр,
Ишенбесең калайык,
Эми издеп барып көр,
Өзөнгө бүткөн сазын көр,
Өрдөгүн көр, казын көр,
Суу бойлоп бүткөн сазын көр.
Суучулдук менен казын көр.
Кайың талы аралаш,
Баарысы өнгөн чамалаш,
Табылгы менен шылбысы,
Ыргай менен кожогат,
Четин менен сөксөөлү,
Аралашып бир чыгат.
Төө куйрук арча чамалаш,
Койгондой кошуп аралаш,
Жапа өрүк жийдеси,
Алууча жаңгак мистеси,
Кызылчасы кыйырында,
Кыйын көрдү бул жерди,
Кыз Чүрөк сулуу чынында,
Тескейинин баарысы,
Жайкалган шибер ыраңы,
Тоо бөксөдөн өткөндө,
Карагай толкуп буралды.
Үч күндүк жерге угулуп,
Сайраган булбул чуулары.
Кайберен койдой жайылган,
Кай жерден келип жыйылган,
Кыйан жеген кемерке,
Жемиштин баары тыгылган,
Кыйын көрдү бул жерди,
Бүткүл дүйнө кылымдан,
Төрткөлдүн төмөн жагында,
Төрөмдүн тиккен багында,
Баркөлдүн маңдай жагында,
Бакайдын салган тамында,
Кайнардын кара көзүндө,
Как чынардын өзүндө,
Кеңколдун чаты кошууда,
Тигилүү сарай ушунда.
Аппак болгон ак сарай,
Абдан көрүп алды эми,
Асмандага Айчүрөк,
Издеп келген Семеңди,
Ошол жерден тапты эле.
Акун хандын шаарына,
Чынкожо Толтой барганда,
Тышка киши чыгарбай,
Камап шаарды алганда.
Элчибекти жиберди.
Айттырып сөздү жалганга.
Уруксаат сурап Айчүрөк,
Беш ай мезгил алганга.
Тартууга кармап берет деп,
Качып келген жар издеп,
Семетейди ал издеп.
Семеңди көрүп алды эми,
Жердеген жери Талас деп,
Атасы Манас баатырдын,
Уккан экен укмуштан.
Баатыр Манас өлгөндө,
Эл чогулуп жыйылып,
Алып барып көмгөндө,
Мекеден келген беш ажы,
Кетмен менен ойдуруп,
Үйүнүн ичин кең кылып,
Алты күнү эрикпей,
Казмак кылып ойдуруп,
Жер көөлөтүп койдуруп,
Ак саргыл бээни сойдуруп,
Кызыл тилла чачтырып,
Кыйамат жолун ачтырып.
Дооранга беш жүз сур байлап
Баарын бирдей кур байлап,
Бакайга башын карматып,
Баары журтун жардатып,
Сарамжалын бүт кылып,
Жуугандарга баарсын,
Он бештен кийим жыш кылып.
Элди айран калтырып,
Ат чаптырып чаңдатып.
Ак куланы алпарып,
Арстанга атап чалдырып,
Ооз омуртка айдарын,
Сарайына султандын,
Босогого бастырып,
Миң жамбы менен бүттү деп,
Күмбөзүнө жаздырып,
Ойлонуп Каныш олтуруп,
Жума күнү койдуруп,.
Акундун кызы Айчүрөк,
Карылардан көп уккан,
Катында болсо Каныкей,
Катуу кызмат кылды деп.
Хандын кызы Айчүрөк
Ак сакалдан кеп уккан,
Зайып да болсо Каныкей,
Салттуу кызмат кылды деп,
Койонаалы баланы,
Кабарчыга жиберип,
Үртүк чаап ат берип,
Мөөр басып кат берип.
Анжийандын астында,
Намангендин үстүндө,
Кызыл арстан молдого,
Кыйаматтык дос экен.
Койонаалы баланы,
Кабарчы кылып жиберип,
Кең Кашкардын нар жагы,
Кебезтоонун бер жагы,
Чоңөзөндүн белинен,
Килботосун чалдырган,
Жиберип киши атайы,
Нарга жүктөп алдырып,
Төрө Манас сарайын,
Даңаза кылып салдырып.
Эр Семетей баатырдын,
Атасынын сарайын,
Кылботодон бек салган.
Кишинин баары өлгүчө,
Жети кылым өткүчө,
Турар бекен деп салган.
Арстан Семей баатырдын,
Атасынын сарайын,
Ак чокудан бек салган.
Адамдын баары өлгөнчө,
Алты кылым өткүчө,
Турар бекен деп салган.
Сарайын жакшы салдырып,
Ошондо көргөн эрендер,
Даңазага калтырып.
Андан мурун сарай жок,
Акундун кызы Айчүрөк.
Уккан экен укмуштан.
“Сарайы болсо ушу деп,
Талас болсо ушу деп,
Асмандан көрүп Айчүрөк,
Кайнатам Манас баатырдын,
Үстүнөн учуп бек болуп,
Арбагына чет болуп,
Кантип учум өтөм”- дейт.
Ала-Тоо башын айланып,
Ар жагы менен учту эми,
Алмалуу булак Шумкарташ,
Ашып учуп түштү эми.
Төркөлдүн төмөн жагында,
Төрөмдүн тиккен багында,
Кайнардын кара көзүндө,
Кан чынардын өзүндө.
Өзөндүү булак сазында,
Өрдөк менен каз аңдып,
Кең Таластын бойунда,
Алакөлдүн ойунда.
Жүргөн экен Семетей.
Андан алып илдирип,
Мындан алып илдирип,
Тынчтык бербей кайыпка,
Илбесинди бүлдүрүп,
Буурул ат белин ийиптир,
Каз өрдөктү көп алып,
Канатын жерге чийилтип,
Ит агытып куш салып,
Илбесинди көп алып.
Эки чоро ээрчитип,
Жаш кулундай телчитип,
Жүргөн экен Семетей.
Эрикпеген эр жигит,
Жолдошу көп немедей,
Жүз кишиге кенебей.
Акундун кызы Айчүрөк,
Асманда туруп сынады,
Манастын улу Семетей,
Бастырат экен ишенип,
Эрдигинен кенебей.
Чынкожо менен Толтойдон,
Барып кегим алабы?
Буда кандай неме деп,
Тиктеп турду Айчүрөк,
Оң далысы кең экен,
Ойротту бузар эр экен.
Сол далысы кең экен,
Солду бузар эр экен.
Издебей турган шер бекен,
Тийбей турган эр бекен?
Кең көкүрөк, сом далы,
Келе жаткан Семетей.
Туруп душман бет албас,
Бул замандын балбаны.
Жанындагы балдары,
Туткандын чыгар далдалы,
Ажыдаардай түрү бар.
Арстандай сүрү бар,
Көмүрдөй кара көзү бар,
Өткүр болчу өзү бар.
Он сегиз менен он тогуз,
Ортосунда жашы бар,
Ханга ылайык каш бар,
Байга ылайык башы бар,
Байкап турат алыстан,
Балбан болчу кейпи бар,
Калың элди башкарып,
Сардар болчу кейпи бар,
Жылдыздай көзү жалтылдап,
Минген аты Буурул кылкылдап,
Семетейди көргөндө,
Тер агып бойдон чыпылдап.
Нурланып жүзү айдарлуу,
Асманда жүрүп Айчүрөк,
Тегеренип айланып.
Бар сайманы күмүштөн,
Башын тартпай ар иштен.
Жанына кылыч байлаган,
Жандашса жоону жайлаган.
Белине балта байлаган,
Беттешкен жоону жайлаган.
Асаба бар колунда,
Калканы бар жонунда.
Чарайна белде тартылуу,
Ийинде туулга артылуу.
Кисепчеси сары жез,
Семетейге болду кез.
Аты да бар бир тоодой,
Атышканды куткарбай.
Анча-мынча адамды,
Ат, тону менен жуткундай.
Өзү да бар бир тоодой,
Өчөшкөнүн куткарбай.
Өжөрлөнсө кишинин,
Өзүн бүтүн жуткундай.
Кыл мурутун чыйратып,
Кулагына салыптыр.
Эки бала ээрчитип,
Эл кыдырып жүрүптүр.
Ит агытып куш салып,
Жер кыдырып жүрүптүр.
Үстүндө кийген ак күбө,
Өз бойуна чак күбө.
Кыргагын алтын чордогон,
Жибек менен тордогон.
Тийишкен бенде оңбогон,
Алты атар огун сологон.
Акыректе кош калта,
Жети атар огун сологон,
Желкесинде беш калта,
Бадана тон кийинген,
Бир кудайга сыйынган.
Баладан мындай көргөн жок,
Кара башта кыйындан,
Чыкса чыгып калгандыр,
Жер жүзүндө кылымдан.
Нурланып беттен кан тамган,
Күмүштөн кемер курчанган,
Күндөй бетин нур чалган,
Алтындан кемер курчанган,
Аксаргыл тартып нурланган.
Арстан туулган бала экен,
Алышкан жоосу муң канган,
Абайласа түгөнгүр,
Акылы менен журт алган.
Кабаттап темир тон кийген,
Кызылдан Буурул ат минген,
Кыл куйругун шарт түйгөн,
Агарып тиши кашкайган.
Айчүрөк карайт маңдайда,
Такалып сөзгө илинбейт,
Шамал чыгат таңдайдан,
Бет алса душман чекеге,
Чыккандай жалгыз жекеге.
Аны менен кездешкен.
Кеткидей узап мекеге,
Үстүндө кийген буулумдун,
Үпчүлүгү бир тогуз,
Атадан калган ак олпок,
Топчулугу бир тогуз.
Толкуну көлдүн шарындай,
Көзү көөрүк жалындай.
Жер жаанды кыдырса,
Мындай бенде табылбай.
Орто бойлуу кара көз,
Семетейге болду кез.
Тегерек бойлуу кызыл көз,
Айчүрөк болду буга кез,
Колуна камчы кармаган,
Кол салышкан душмандан,
Коркуп кайра жанбаган,
Кокустан келип тийишкен,
Кордук көрбөй калбаган,
Сундуруп найза тартпаган,
Сумсайып жоодон качпаган,
Жолборстон алган мүнөзү,
Жолборсу Манас баатырдан
Ошондон калган мүнөзү.
Түгөнгүрдү карасаң,
Түшүнө кирсе коркот жан,
Кармагандан кан чыккан,
Карагандан жан чыккан,
Баатырдык эмей неткени,
Бала кезден ал чыккан,
Барып кирген көрүнө,
Байкабай буга кас чыккан,
Бала толду сынына,
Астындагы Буурул ат,
Чабына батпай суурулат.
Алты ай минсе арыбас,
Алтымыш асый болгуча,
Азуусун сөйкөп карыбас.
Кулжа көөдөн тайган төш,
Жети айга минсе чаалыкпас.
Айбандан асыл мал экен,
Арстандын калып оорагы,
Арбак кончу жан экен.
Жанындагы Гүлчоро,
Чоро аты болбосо,
Төрөсү Семей баатырдын,
Төрт эли өйдө бала экен.
Кол салышкан душманга,
Козголбос жайы бар экен.
Өчөшкөнүн соо койбой,
Өлтүрчү неме экен.
Ырайым шапкат андан жок,
Ырасын айтса ушул кеп,
Канчорону карады,
Карабай Чүрөк калбады,
Балбандыгы көрүнүп,
Көөнүмө бу да жарады.
Абдан байкап турду эми,
Ат, тону менен Семеңди,
Жолдошу чоро эрлерди,
Буурул ат үч адам,
Төртөө тең сынга толду эми.
Бала жолборс Семетей,
Бастырып үйгө келди эми.
Кермесине ат толуп,
Эл каганаттап калыптыр.
Өйүз-бүйүз эки ордо,
Көрүнө тигип салыптыр.
Маңдай жагы боз секи,
Барып түштү Айчүрөк:
“Эр Семетей баатырдын,
Келбетин кантип көрөм деп,
Канкордун уулу чунакка,
Кабарды кантип берем деп,
Кайтып барсам шаарга,
Чынкожодон өлөм деп,
Муңдашпай мындан кеткенде,
Толтойдон кордук көрөм деп,
Мага эже болучу,
Эрке катын Чачыкей,
Жайын билсем”- деп ойлоп,
Карап турду Айчүрөк.
Бешим маалы болгондо,
Эрке катын Чачыкей,
Ордодон чыкты маңкайып,
Ак кулжадай даңкайып,
Эки жагын каранып,
Карчыгадай таранып,
Кызгалдактай кылактап,
Асталай басып булактап.
Көк кепиш бутта кыйчылдап,
Көрөгөч көзү жылтылдап,
Басып чыкты суйкайып,
Элечек башта койкойуп.
Алтындан кылган чоң сөйкө,
Акыректе жаркылдап.
Шурудан таккан чач мончок,
Майсооруда шаркылдап.
Серүүн булак бакчага,
Басып барды Чачыкей,
Жеңин жерге сүйрөгөн,
Желбегей басып үйрөнгөн,
Алтынга бойун шыбаган,
Талдай бели буралган,
Чачыкейди Айчүрөк,
Көрүп туруп кубанган,
Эр Семетей баатырдын,
Мурунку зайыбы ушу деп,
Өзү ургаачы эмеспи,
Азыр муңумду айтайын,
Акылдашып эжеме,
Андан кийин кайтайын,
Он бештеги кыз болуп,
Оолжуй басып барды эле
Пери кызындай көрүндү,
Чачыкей көрдү Чүрөктү,
Жүрөгү кетти кабынан,
Билеги кетти сабынан,
Ырп этерге алы жок,
Айласы кетти абыдан.
Акундун кызы Айчүрөк,
Арка чачын булайтып,
Ак тамагын кылайтып,
Астына келип муну айтып.
Басып келди жанына:
- Шаатемир кызы Чачыкей,
Эжеке аман-эсен жүрдүңбү?
Эрмекке бала сүйдүңбү?
Эсен-аман жүрдүңбү?
Эркек бала сүйдүңбү?
Карагай найза жыйышып,
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Багыштан баатыр эр Толтой,
Хан Семетей баатырга,
Чындап жаман тийишип,
Арага элчи салышып,
Акылдашып алышып,
Асманда мунар боз болуп,
Жедигердин Толтойго,
Катын берип дос болуп,
Толтойдон барып жол сурап,
Он эки түмөн кол сурап
Шаарымды сабады,
Жайы-кышы камады.
Жазда эгин салдырбай,
Күздө аштык алдырбай,
Куйруктуу токту жедирбей,
Элимди муңдуу кылганда,
Айчүрөк тартуу бергин деп,
Акунду камап турганда,
Качып келдим аркалап.
Чымындай жаным калкалап.
Калаамды бузду талкалап.
Качып келдим аркалап,
Кара жаным калкалап.
Эр Семетей баатырың,
Элди бузган жакырың,
Ардануучу балабы?
Аташканы Айчүрөк,
Талашып барып алабы?
Же Толтойго бузук салабы?
Толгонуп келген Чүрөктү,
Тобунан сууруп алабы?
Же кылган иши чалабы?
Тарттырып ийип Чүрөктү,
Талаада өзү калабы?
Намысы жок балабы,
Сулуу кызды алууга,
Жок бекен анын талабы?
Күнү болуп калат деп,
Күйүткө мени салат деп,
Күйөөмдү сурап жатат деп,
Көңүлүңө албагын.
Ак ордоңду оңдойун,
Көчкөндө төөң комдойун,
Жалган айтсам оңбойун,
Кырк жылы кызмат кылайын,
Кырк жылда карып өлөрсүң,
Кыйамат жүзүн көрөрсүң..
Арка чачын булайтып,
Ак жүздөрүн кылайтып,
Карап койуп кубарып,
Чачыкей турду муну айтып:
- Кызылды кийген тоңорбу?
Кызда сендей болорбу?
Атасынын төрүндө,
Эр издеген оңорбу?
Күлгүндү кийген тоңорбу?
Жашта сендей болорбу?
Атасынын төрүндө,
Күйөө издеген оңорбу?
Тийерине эр таппай,
Сийерине жер таппай,
Эр албаган эси күң,,
Кашка таман кески күң,
Чачың куудай болгуча,
Тишиң буудай болгуча,
Акун хандын төрүндө,
Көп олтуруп зак болгон,
Саамайың куудан ак болгон,
Сенин жайың укканмын,
Керүүгө казан аскан күң,,
Кербенчи жолун тоскон күң,
Жолго казан аскан күң,
Жолоочу жолун тоскон күң,.
Сени төрөм албай деп,
Сени алып нетет деп,
Не мураска жетет деп,
Алты айчалык Үргөнүчтөн,
Арсыздан бетер түн катып,
Атка минбей жөө басып,
Атаңдай болгон төрөмө,
Эр үчүн келдиң түн катып,
Жети айчалык Үргөнүчтөн,
Желдеттен бетер түн катып,
Энеңдей болгон биздерге.
Эр үчүн келдиң үн катып.
Энең укса тыйбайбы?
Элиң элик кылбайбы?
Атаң укса тыйбайбы,
Айлың элик кылбайбы?
Аташканы Чачыкей.
Сулуулугу сымбаты,
Арзан менен кымбаты,
Чүрөк сенден кем бекен?
Эр Семетей баатырды,
Издеп тийди дээр бекен,
Анда киши салгыдай,
Арачы киши мен бекен?
Эр Семетей баатырың,
Сени алчу неме эмес,
Аташканы Чачыкей,
Айчүрөк, сенден кем эмес.
Атай көтөк ит уксун,
Кабыргада бит уксун,
Кайта басты кагынып,
Буулумдан кылган чоң ичик,
Буластата жамынып,
Акундун кызы айчүрөк,
Уйалгандан өлбөдү,
Өлүп жерге кирбеди.
Өлбөй тирүү калбады,
Таманын жерден тарталбай,
Көзүнүн жашын арта албай.
Күнүлүгү билинип,
Туруп калды шалпайып,
Эрке катын Чачыкей,
Эшиктен кирди эңкейип,
Үйгө кирди үшкүрүп.
Таза чыккан Чачыкей,
Жаман болду бузулуп.
Мага кесел тийди деп,
Эрке катын чачыкей,
Аңкоосуп айтты озунуп,
Төшөк сал деп жаткырып,
Эр Семетей баатырың,
Сары улакты алдырып,
Садагасын кактырып,
Өпкөсүн алып чаптырып.
Эл чогулуп дүрбөдү,
Чачыкейден башка адам,
Айчүрөктү көрбөдү,
Ал аңгыча болбоду,
Гүлчоро менен Канчоро,
Кеңколдун башы көлмөдө,
Жаткан экен жылкыда.
Эр Семетей баатырдын,
Амандыгын билем деп.
Амандашып келем деп,
Эсендигин билсек деп,
Учурашып кетсек деп,
Салам айтып жарк этип,
Күлүп балдар шарк этип.
Семетейдин үйүнө,
Кирип келди шаңк этип.
Кырданып жаткан канкоруң,
Жанынан тойгон анткоруң,
Эр Семетей баатырың,
Эргип туруп муну айтып:
Чубактын уулу Канчоро,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Атамдан калган Акшумкар,
Этине келген чагы бар,
Сала турган табы бар,
Эркин жатып көлдөрдө,
Өрдөк менен каздардын,
Эби келген чагы экен.
Эртең Таласты бойлоп куш салам,
Бүгүндөн калбай кайтып бар,
Кабарды катуу салып бар,
Жылкычыга айтып бар.
Атамдан калган Көкбуудан,
Аткан октой кутурган.
Көөнүң Чоро таптап мин.
Көөнүң Чоро байлап мин,
Эртеңден калбай эрте кел,
Эки тулпар минип кел,
Эртең келсе Гүлчоро,
Кара жол менен чабарсың,
Кара суудан табарсың.
Эртеңден калбай эрте кел,
Эрте туруп сар кел”.
Баатыр семең айтты эле,
Байкап уккан Гүлчоро,
Жылкыны көздөй кайтты эле.
Күүгүм кире күн бата,
Элдин баары жуп жата,
Алтындан кылган такага,
Мамыктан кылган пахтага,
Семетей менен Чачыкей,
Айкалышып жатты эле,
Аркар менен кулжадай,
Бото менен ингендей,
Мойун алышып жатты эле.
Тараза жылдыз батканда,
Таң агарып атканда,
Эрке катын Чачыкей,
Ордунан турду оолжуп,
Айчүрөктөн коопсуп,
Кечээ көргөн Айчүрөк,
Кетти бекен ордунан,
Же турат бекен ордунда?
Муну ойлоп Чачыкей,
Басып барды шартылдап,
Алтындан кылган чоң сөйкө,
Акыректе жаркылдап.
Акундун кызы Айчүрөк,
Турган экен ордунда,
Арка чачын булайтып
Ак тамагын кылайтып.
Тосуп чыкты муну айтып,
Тозокту салчу ичине,
Толуп жаткан муңду айтып:
- Айланайын эжеке,
Маани жайым айтайын,
Кабар салып кайтайын.
Эр семетей баатырың,
Тайбуурул атын минеби?
Жоодон коркпос эр болсо,
Чүрөктүн жайын билеби?
Чынкожо менен Толтойдон,
Айчүрөк тартып алабы?
Айчүрөк берип Толтойго,
Таласта жатып алабы?
Же намысы жок балабы?
Айтчы эжеке кебиңди,
Таппайсыңбы эбимди?Айчүрөк муну айтканда,
Эрке катын Чачыкей,
Акылынан шашканда.
Кармап алды билектен,
- Жүз кубулган кара бет,
Калпты таап келгениң,
Башынан көргөн жер беле,
Же көз байлоочу сер беле?
Шайтандан келген элчиби,
Койнунда турган күйөөсүн,
Өлбөй туруп берчүбү?
Сени үйгө сүйрөп барайын,
Үй кызматка салайын,Деп, Чачыкей зиркилдеп.
Акундун кызы Айчүрөк,
Мындай арип ким билет?
Коргошундай көйкөлүп
Колдон чыкты Айчүрөк,
Ичиндеги бар кебин,
Козгоп чыкты Айчүрөк:
- Эрке катын Чачыкей,
Эр Семетей баатырды,
Көргөнүң бүгүн түн болор
Кабыл болсо тилегим,
Сага көрсөткөн киши ким болор,
Кайберен чилтен кеп айткан.
Ушу бүгүн Семетей,
Кең Таластын ойуна,
Ашмуранын бойуна,
Акшумкар салат деп айткан,
Үйдө калса сеники,
Кудай таала буйурса.
Талаага чыкса меники.
Кара жолдун бойунда,
Бир көрүүгө сонунда,
Ак була болуп болуп буралып,
Алты түрдүү кубулуп.
Үч көрүнүп көзүнө,
Сыр көрсөтүп өзүнө,
Жолунда жатып калбасам,
Була деп буруп алганда,
Канжыгага чалганда,
Колундагы шумкарын,
Эбин таап албасам.
Акшумкар издеп аңыртып,
Азапка башын салбасам.
Андан айла болбосо,
Кара суунун көлчөктөн,
Туура кечип өткөндө,
Ак балыктай кылтылдап,
Алтындай болуп жылтылдап,
Үч көрүнүп көзүнө,
Сыр көрүнүп өзүнө,
Кылкылдап ойун салбасам.
Балык деп басып алганда,
Канжыгага чалганда,
Колдон шумкар албасам,
Боосунан мыктап кармасам,
Элине бүлүк салбасам,
Эр Семетей баатырды,
Элиртип кетип калбасам.
Андан айла болбосо,
Өрдөк көлдөн өткөндө,
Эр Семетей баатырың,
Куш салаар маалы кеткенде,
Жекендүү көлдүн жээгинде,
Кошулган камыш тээгине,
Шабырлуу көлдүн чатында,
Аккуу болуп жатпасам,
Башымды көлгө малбасам,
Балырды сууруп албасам,
Куукуулап оттоп калбасам,
Куп мүшкүлдү салбасам,
Куу деп кушун салганда,
Шумкардын боосун кармасам,
Кармап алып шумкарын,
Алып кетип калбасам,
Сала турган шумкарын,
Эр Толтойго салдырып,
Ала турган Чүрөктү,
Чынкожого алдырып,
Жер жүзүндө адамга,
Аралап жүргүс кылбасам,
Айчүрөк болбой өлөйүн,
Аллада буйрук ушу экен,
Азапты минтип көрөйүн.
Туубай тууна чөгөйүн,
Тумшугу жок мен бейбак,
Бул көрөкчө өлөйүн.
А, колдогу Кожо эшен,
Кол бергеним Ак эшен,
Дубана пирим нак эшен.
Колдогун мени деп айтып,
Алардан медет тилесе,
Деп ошентип Айчүрөк,
Аккуу кебин кийди эми.
Ак түтүн болуп бузулуп.
Асманды көздөй созулуп,
Көк түтүн болуп бузулуп,
Көктү көздөй сүзүлүп.
Көздөн кайым болду эми,
Эрке катын Чачыкей,
Эсин таппай сандалып,
Айчүрөккө таң калып.
Алда кандай болот деп,
Акыл ойлонуп саргарып,
Алаканын шак койуп:
“Атаны кокуй арман деп,
Көчүгүн жерге лак койуп,
Өзү келген долуну,
Ач билектен албаган,
Ашканачы кылбаган.
Атаны арман күн болду,
Ой караңгы түн болду.
Ай, менден сөөлөт кетти деп,
Кесирим башка жетти”- деп,
Туруп калды Чачыкей.
Үйдү көздөй басты эми,
Кетпей калар бекен деп,
Кесел чындап тийди деп,
Кеп айтпастан жатты эми,
Акундун кызы Айчүрөк,
Асмандап учуп алды эми
Абдан шамал салды эми,
Канатын көккө каккылап,
Куйругун көккө чапкылап,
Көтөрүлгөн Айчүрөк,
Кукулдап учуп калды эми,
Куйун шамал салды эми.
Шыкылдаган Айчүрөк,
Шыпылдап учуп калды эми,
Шыбырган шамал салды эми,
Бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын башы жамгырлап,
Асманда булут тундуруп,
Сегиз сай мөндүр куйдуруп.
Аш бышымга күн жаады,
Ачылып кетти жарк этип.
Караса көзгө илинбей,
Каран калган Айчүрөк,
Кай кеткени билинбей,
Акундун кызы Айчүрөк,
Көздөн кайым болгондо,
Баатырдын уулу эр Семең,
Бала жолборс эр немең,
Чукуранып ойгонуп,
Чочуп кетип толгонуп,
Саламын деп шумкарды,
Чабамын деп тулпарды,
Кечигип калсам мен бүгүн,
Талаага конуп калам деп.
Каргаша жолдон табам деп,
Күндүн мурду кызара,
Ыргып тура калды эми.
Аптабаны колго алып,
Ак жыландай толгонуп,
Эшикке чыгып ийилип.
Карды көрдү Семетей,
Капасы жок сүйүнүп.
Колун сууга салды эми,
Кол дааратын алды эми.
Жүзүн сууга салды эми,
Жүз дааратын алды эми,
Бутун сууга салды эми
Бут дааратын алды эми.
Кайра кирип үйүнө,
Жай намазын жайды эми,
Экөө сүннөт, экөө парз,
Кудай таала кудурет.
Өткөрбөй турган кыйын карыз,
Төрт ирекет багымдат,
Төп-төп окуп алды эми.
Төрөнүн уулу Семетей,
Атын колго алды эми,
Асталай басып барды эми.
“Мен Семетей болголу,
Акшумкар колго конгону,
Мындай сонор болбоду.
Көрүп туруп ошону,
Салбай койсо кушуну,
Семетей анда болобу?
Деп көк жалың кулуңдөп,
Тайбуурулдай күлүккө,
Жолборстон үртүк чаптырып,
Жибектен кежим тактырып,
Алтын менен саптаган,
Пил терисин каптаган,
Чымын тийсе кыңк эткен.
Камчы менен чапканда,
Мылтык аткан немедей,
Тоо жаңырып зыңк эткен,
Алтындан кылган доолбас,
Кайра байлап капшырып,
Канжыгага тапшырып.
Алдыңкы кашы карк алтын,
Кийинки кашы чылт күмүш,
Эки каптал эн темир,
Эптеп кылган ак каңгы,
Тайбуурулга чак каңгы.
Баса токуп алды эми.
Ак олпок тонун кийинип,
А, кудайлап сүйүнүп,
Топчулугу бир тогуз,
Топчуланып алды эми.
Үпчүлүгү бир тогуз,
Үпчүлөнүп алды эми,
Шумкарды колго кондуруп,
Толгомо саптуу чоң камчы,
Сол колуна алды эми.
Атын чечип мамыдан,
Сүйүнгөн Семең абыдан.
Куймалуу таман үзөңгү,
Теппей ыргып минди эми,
Бастырып жөнөй берерде,
Ушул үйдөн Чачыкей,
Чыдай албай чыкты эми:
- Бүгүн жортпой эртең жорт,
Эки чоро ала жорт,
Түндө жатып түш көрдүм.
Түшүмдө кыйын иш көрдүм,
Шаңшыбас күндө Акшумкар,
Бүгүн шаңшып жатыптыр.
Кебез боосун тытыптыр,
Кетмекчи болуп жатыптыр.
Жалгыз жортпой эртең жорт,
Жан жолдошуң ала жорт.
- Койо бер долу, койо бер,
Түшүң түлкү богу деп,
Өзүң менин богум деп,
Жолума каршы болот деп,
Шаңшып жатса Акшумкар,
Уйалаш үнүн уккандыр,
Ошо үчүн чыккандыр,
Семетей мындай дегенде,
Чылбырына чырмалып,
Олоңуна оролуп,
Шаатемир кызы Чачыкей,
Бастырбай жатып алды эми.
Манастын уулу Семетей,
Катуу ачуусу келди эми.
Каныкейдин көк торпок,
Эки энеге тел торпок,
Сайга жазып кердирген,
Чеберлерге тердирген,
Он экиден өрдүргөн,
Чоң камчы колго имерип,
Сооруну көздөй жиберип.
Кол көтөрүп чапты эле,
Калдыркан ала көйнөгү,
Кат-катынан бөлүнүп,
Кара каны төгүлүп,
Ташка ойногон улактай,
Жантайа түшүп калды эми.
“Барганыңдан келбей кал,
Базарың үйүң көрбөй кал,
Кеткениңден келбей кал,
Кербен үйүн көрбөй кал.
Жедигер алсын кушуңду,
Жеңилтпесин ишиңди.
Эр Толтой алсын атыңды,
Чынкожо алсын катынды».
Деп Чачыкей карганда,
Каргышын ага арнады,
Карап туруп калганы,
Кой каргышы бөрүгө,
Катын каргышы эрине,
Жетпейт деп эл айткандай,
Эр Семетей баатырың,
Тайбуурул менен дуу койуп,
Шайбырына төндүрүп,
Басыгына көндүрүп,
Жүрүп кетти балкылдап,
Нары жакты карай шалкылдап.
Чарайнасы жаркылдап.
Куш салучу жерине,
Жетип барды Семетей.
Акундун кызы Айчүрөк,
Асмандан байкап көрдү эми.
Эр Семетей баатырдын,
Кара көздөн нур чалган,
Чырайынан кан тамган,
Кыз-келин көрсө нур жүзүн,
Чын акылдан бек шанган.
Дүмөктүү кыйын бала экен,
Кызматы менен журт алган,
Чоңдугу төөнүн нарындай,
Толкуну суунун шарындай,
Жер жүзүндө бендеден,
Мындай неме табылбай,
Ысыгы жайдын аптаптай,
Суугу сырттын шамалдай.
Качырганы жолборстой,
Кармаганы илбирстей.
Курчтугун көрсөң албарстай,
Кеңдигин көрсөң Таластай.
Эрдигин байкап карасаң,
Атасы өткөн Манастай,
Маңдайына карасаң,
Кара кашка тынардай.
“Жоргону минип шалкылдап
Бадана кийип жаркылдап,
Жүрөр күнүм бар бекен,
Жаш Семетей баатырга,
Тийер күнүм бар бекен.
Буурул ат минип булкулдап,
Сырнайза колдо жаркылдап,
Манастын уулу Семетей,
Барар күнү бар бекен.
Бендеден буруу сулуудан,
Буулум кийген Чүрөктү,
Алар күнү бар бекен”.
Мына ушундай ойлонуп,
Асманда жүрүп Айчүрөк,
Семетей көрүп бой-бойлоп.
Нечен түрдүү ой ойлоп.
Жаш Семетей төрөнү,
Ажыдаарга чын болжоп
Манастын уулу Семетей,
Жанында жолдош киши жок.
Бастырып жүрөт кенебей,
Ал аңгыча болбоду,
Гүлчоро менен Канчоро,
Актелки менен Суртелки,
Тулпар атты минишип,
Эңкейиш тартып киришип:
“Ойго тиккен чатыр жок,
Ойноп жатар катын жок,
Кырга тиккен чатыр жок,
Кызыгып жатар катын жок.
Абамдын аркасынан баралы,
Эриккенди жазалы,
Эрмектешип кайталы,
Жалгыз жүргөн абама,
Какмачы болуп берели,
Кайтып үйгө келели”.
Эки чоро кеңешип,
Үзөңгү бутта кагышып,
Ак ордонун жанына,
Ал Семеңдин айлына,
Жетип келди жарышып.
Ат дүбүртүн укканда,
Үйдө жаткан Чачыкей,
Ордодон чыкты тырышып.
Ордодон өтө бергенде,
Чачыкей чыгып чакырып:
- Кештелүү калпак, кең шалбар,
Кеңешим айтар жаш балдар,
Кебимди угуп алыңар.
Саймалуу калпак, кең шалбар,
Санаам айтар жаш балдар,
Зарымды угуп алыңар.
Атыңдын башын бура тур,
Арыз айтам уга тур,
Тизгиндин башын иле тур,
Сөз айтамын тура тур.
Кайрылып карап Гүлчоро,
Атынын башын бурду эми,
Айалдап бир аз турду эми,
Канчоросу муну айтат:
- Чакырбай күндө Чачыкей,
Бүгүн не себептен чакырды?
Абамдын катуу ачуусу келгенби?
Катуу уруп салганбы?
Бек ачуусу келгенби?
Бекем тилдеп салганбы?
Же бир жактан кабар алганбы?
Эрке жеңем Чачыкей,
Чымырканып калганбы?
Чачыкей келип муну айтты,
Серпип кашын муңайтты:
- Эр Семетей баатырың,
Куш салаар маалы өткөндө
Ак ордо көздөй кайтканда,
Жекендүү көлдүн жээгинде,
Кошулган камыш тээгинде,
Шабырлуу көлдүн чатында,
Укурук мойун чоң ак куу,
Башын көлгө салуучу,
Балырды сууруп алуучу,
Кукулдап оттоп калуучу.
Как ошону көргөндө,
Ак шумкарын салам дээр,
Кууну алдырып алам дээр,
Ак шумкар кушун салбасын,
Армандуу болуп калбасын,
Ак була жолдон албасын,
Буларга көзүн салбасын.
Була деп буруп байланып,
Муңдуу болуп калбасын.
Кара сууда балыкты,
Балык деп басып албасын,
Канжыгага чалбасын,
Эрке жеңең Чачыкей,
Убалына калбасын?
Салдырбасың шумкарын,
Бастырбасың балыкты,
Алдырбасың буларды.
Ушу кепке жарасаң,
Жаратканың Аккойон,
Аны алып беремин,
Аны алып бербесем,
Жанга өргө тикпесем,
Айтканымды кылбасам,
Антип санаам тынбасам.
Төбөсү ачык көк урсун,
Төшү түктүү жер урсун,
Ак курандын каты урсун,
Аккелтенин даты урсун,
Ушу кеп азыр арыз болсун,
Айтканымды кылбасам,
Кыйаматта карыз болсун,
Аман бол уулу жол болсун,
Ишиңди кудай оңдосун”.
Гүлчоро менен Канчоро,
Аттарга камчы басты эми,
Семетейге жетсек деп,
Артынан жөнөп шашты эми.
Кара суунун бойуна,
Жекендүү көлдүн ойуна,
Семетейге жакындап,
Жетип барды ушунда.
Ат чабымдай алдында,
Жете барды гүлчоро,
Эшик эндүү ак була,
Семетейдин алдында,
Кара жолдун чаңында,
Жаткан экен бурулуп.
Жалт-жулт этип нурланып,
Алты түрлүү кубулуп,
Түшө калып ала албай,
Өзөндө жаткан өрдөктү,
Акшумкар кошун сала албай.
Кайраттары чакырып,
Балдарды карап бакырып:
- Алмамбет уулу Гүлчоро,
Чубактын уулу Канчоро,
Акжолтой тууган абакең,
Ак була таптым алдыдан,
Аттан түшүп ала көр,
Анжийандан астынан,
Намагендин үстүнөн,
Көтөрмөчү соодагер,
Түн катып түндө өткөнбү?
Көкчөнүн уулу Үмүтөй,
Айылын көздөй кеткенби?
Такалуу аттын изин чал,
Түшпөй өткөн сарт болсо,
Артынан кууп жолго сал.
Кубалап жете барайын,
Такыр таап алайын
Үмүтөй менден бай бекен,
Көөнү ачык жай бекен?
Менин айдатар ирким аз бекен,
Соодагер бизге кас бекен?
Сары жоргом жок бекен,
Үмүтөй менден ток бекен?
Кечээ атам Манас өлгөндө,
Атамдан калган Ак олпок
Абыкеде калганда,
Букара өскөн арамдар,
Булайтып кийип салыптыр.
Тышы кетип жыртылып.
Кыргагынан кырчылып,
Ичи кетип тешилип,
Калган экен Ак олпок.
Түшүп алгын буланы,
Балбандарга бурдуруп
Каныкейди башына,
Каратып койуп турдуруп,
Басмалатып кийели,
Учмактуу жеңең Чачыкей,
Уз экенин билели,
Чак эткендей сөздөнгөн,
Чагылгандай көздөнгөн,
Шай колдогон Гүлчоро,
Буланы көрүп бурулуп.
Жоо качырган немедей,
Гүлчоро калды кенебей,
Муңайып өңү кубулуп:
- Өрдөккө кушуң салбастан,
Алдырып өрдөк канбастан,
Жүрүптүрсүң абаке,
Жайнап жаткан өрдөккө
Салбай кушту турабы?
Бизди кудай урабы:
Ак була керек сага болсо,
Ак булаңды жайайын,
Алтымыш алар жорго айдап,
Анжийанга кирейин.
Алтымыш кулач ак була,
Алып келип берейин.
Жетимиш жээрде жорго айдап,
Жеркен базар жетейин.
Жетимиш кулач ак була,
Алып келип берейин.
Эр Семетей баатырың,
Сары жибек танап боосунан,
Шумкарды тартып алды эми
Кызыл жибек боосунан,
Бутунан тартып калды эми.
Түрдөп кылган томого,
Жулуп баштан алды эми.
Торгойдой болгон шумкарын,
Таманга кагып калды эми.
Акшумкар асманга эргип учту эле,
Алтындан кылган доолбас,
Эр Семетей баатырың,
Карс дедире какты эми.
Шабырда жаткан көп өрдөк,
Жайнап учуп качты эми.
Семетей менен Канчоро,
Акшумкардын артынан,
Кубанып карап калды эми.
Алмамбеттин Гүлчоро,
Эшик эндүү ак була,
Эңкейип жерден алды эми,
Казылуу жаткан ороого,
Чалкасынан салды эми.
Тегирмендей кара таш,
Тегеретип үстүнө,
Бек бекитип салды эми.
Семетейдин артынан,
Салып жетип барды эми.
Эр Семетей баатырың,
Чүрөктөй өрдөк бала каз,
Чүрөгү менен алдырып.
Балапан өрдөк бала каз,
Баркыратып алдырып,
Кара сууну айланып,
Алтоо өрдөк, алтоо каз,
Аны алып байланып.
Тайбуурулду тер кылып,
Багалегин кер кылып:
«Алмамбеттин Гүлчоро,
Чором кара сууну көлчөктөн,
Туура кечип алалы.
Өзөндү бойлоп куш салып,
Өрдөк казын алалы.
Өрдөк жүнүн жулдуруп.
Куш жаздыкка салалы».
Деп, кыйкырып Семетей,
Кара суунун көлчөктөн,
Туура кечип өттү эми,
Суу бойуна түштү эми.
Алтоо сүннөт, төртөө парз,
Он ирекет бешимде,
Оңдоп окуп алмакка,
Колун сууга салды эми,
Кол дааратын алды эми.
Жүзүн сууга салды эми
Жүз дааратын алды эми.
Даарат алып жатканда,
Алдынан өттү бир балык,
Канатынын үстүндө,
Карала сыйа каты бар,
Как төбөнүн үстүндө,
Бармак басым жеринде,
Алтындан сырмак меңи бар.
Имерилип өттү эле,
Семетей муну көрдү эле,
Тиктеп туруп калды эле,
- Ат жабдыгың күмүштөн,
Айланайын, Гүлүстөн,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 07
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.