Latin

Семетей - 21

Total number of words is 4093
Total number of unique words is 2194
27.4 of words are in the 2000 most common words
40.0 of words are in the 5000 most common words
47.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Эр Семетей баатырдын,
Эки күн мурун сайдырган,
Желегинин алдында,
Баткалаш маңдай жагына,
Бадырек желек сайдырып,
Барча тоодой түгөнгүр,
Аскериң катар сап кылып.
Ок–дарысын мол алып,
Бир канча дөөгө артырып.
Келди майдан чегине,
Барсылдашып баатырлар,
Балталашар жерине.
Барып булар турганда,
Кайран Бакай карсылдап,
Ак асаба калкылдап,
Белде жаткан төэрт баатыр,
Асаба таштап, туу сайып,
Белги кылган жерине,
Баары келип турушту,
Баштакыдан башкача,
Баштамак болуп урушту.
Манжудан келген Мадыкан,
Айдаганы жүз миң жан.
Үмүтөй менен Керимбай,
Казактар жатып ал албай,
Караан болуп он миңи,
Көк талаанын түзүүнө,
Каралашып ал келди.
Кызыл уйук жапандан,
Жүз элүү миң жан келди,
Манжунун ханы Мадыкан,
Кылымдан ашкан эр келди.
Эки каман тең келди.
Жапандардын элинде,
Жаңкойбос деген бирөө бар,
Жанашпас пенде эң жаман,
“Мен чыгам – деп, - жекеге, Элден мурун камынган.
Мингени төөнүн кыйыны, Жалгыз эле мен өзүм,
Жок кылам” – деп кыргызды.
Адам угуп көрбөгөн,
Ар сонундан кийинди.
Ала келген жеринен,
Андан мурун көп минген,
Сынаакы болгон төө минди.
Алдына чокмор өнөрдү,
Тумшугу үшүп көгөрдү.
Найзаны ылгап кармады,
Жанына найза байлады.
Кылычы кында салынуу,
Кыйындыгы таанылуу.
Ийнинде калкан жабылуу,
Башына туулга көмөрүп,
Бастырып элден бөлүнүп,
Баселек тоодой көрүнүп,
Бастырганда бакырып:
“Семетей, кел – деп, - чакырып”
Чокчоңдотуп колуңду,
Чоролоруң жибербе,
Мен убара болбоймун,
Барча-барат немеңе!” –
Деп, кыйкырып турганда:
“Мени каалап калыптыр,
Мен барайын ага” – деп,
Семетей атын бурганда,
Баатыр билек, таш жүрөк,
Балакеттүү Канчоро:
“Кагылайын, хан аба,
Бул айтышың кандай кеп?!
Кетечинин ойунда,
Жапандыкты маа бер – деп,
Сурадым эле башында,
Баарыңардын алдында.
Өзү чыкпай Кызыл дөө,
Малайына сен барба!
Жанкойбос – деп аталып,
Эр экен жапан калкында.
Бир беттешип көрөйүн,
Менменсиген баатырга.
Уруксат бергин мага” – деп,
Тура калды Канчоро,
Хан Бакайдын алдына,
“Баргын, баатыр, баргын – деп,
Балакеттүү жапанга,
Мурун киши барбаган,
Жүрөгү жоодон жанбаган.
Эр көрбөгөн ээн журт,
Кезектешип сактабай,
Сөөгүн жанчып, канын бүрк!” –
Деп, Бакай хан айтканда,
Карала менен калкылдап,
Камбыл тууган эр неме,
Кең багалек балкылдап.
Башына жапкан калканы,
Күн чагыла жаркылдап.
Чоң экен – деп, душмандан,
Ойунда жок тартынмак,
Ал Канчоро баатырда.
Жанкойбос менен Канчоро,
Аты жөнүн сурашпай,
Айалдашып туралбай,
Аттардын башын буралбай,
Найзалашып сайышып,
Барсылдашып салышып.
Найзадан жалын от чыгып,
Тирүү бирөө калтырбай,
Кетүүчүдөй көрүнүп.
Көрүп турган элдердин,
Көңүлү нечен бөлүнүп.
Жерден чыккан топого,
Баатырлар жүрөт көмүлүп.
Жанкойбос минген төөсү бар,
Андан мурун бадырек,
Сойгон экен далай жан.
Албан түрдүү урушуп,
Алалбады чорону.
Эр Канчоро бир чакта,
Балта менен ыгын таап,
Жиберди итти башка чаап.
Балтаны тартып алганда,
Сыртына мээси жабылып,
Жанкойбоско талаада,
Калды өлүм табылып.
Жанкойбос өлүп калганда,
Жалангычтай Канчоро:
“Кызылуйук дөө келгин,
Кылчаңдабай сен келгин!
Кечке чейин бул жерде,
Келгениңди жоготуп,
Элиңдин белин бошотуп,
Эдебиңди беремин.
Эки күндүк уруксат,
Төрөмдөн алып мен келдим!” –
Деп, Канчоро турганда,
Кыйамат кайым болгондой,
Кыйын болуп турганда.
Кызыкталак Кызыл дөө,
Керкин минип кержеңдеп,
Адырдан качкан аркардай,
Таноосу көөп дердеңдеп.
Талкалайын муну – деп,
Чалкалаган бадырек,
Кабаттап сегиз тон кийип,
Баарын темир ал кийип.
Учу заар, өткүр миз,
Карыга найза илинип.
Капка тоодой көрүнүп,
Калың элден бөлүнүп.
Каарына чыдабай,
Капкара булут сөгүлүп,
Ачып кирпик ирмесе,
Көзүнөн каны төгүлүп.
Каарын көрүп капырдын,
Эр Семетей, Гүлчоро,
Канчоро кантер экен – деп,
Кайгырып көөнү бөлүнүп,
Кебетеси капырдын,
Капыстан чыккан ажыдаар,
Как ошондой көрүнүп,
Талкалайын бурутту,
Деп ойлонуп түгөнгүр,
Туйлатып керкин ойнотуп,
Жанкойбосту жалмаган,
Менменсиген баатырын,
Койойун – деп, сойлотуп.
Оозунан түтүн бургутуп,
Желип чыкты бадырек,
Жердин чаңын ургутуп.
Майышпаган Канчоро,
“Камынбасам бекер – деп,
Каарланган бадырек,
Муну менен салышуу,
Кезектешип бекер” – деп.
“Манастап” ураан чакырып,
Мөкүбалдуу чоң найза,
Булгап баатыр качырып.
Качырганда Канчоро,
Камынгыча Кызыл дөө,
Капталга муштап өткөндө,
Чиркей чаккан немедей,
Солк этип чочко кебелбей.
Андай нечен эр сайган,
Ал Канчоро баатырды,
Бучкагына теңебей.
Бура тарта бергенде,
Бөйрөгү утур келгенде,
Узун экен найзасы,
Муштап тура бергенде,
Болумдуу баатыр Канчоро,
Ооп барып оңолуп,
Мурункудай баатырлык,
Кайраты качып жоголуп,
“Баатырлыгым качты – деп,
Эсим чыгып шаштым – деп.
Кайра барсам уйат” – деп,
Бар кайратын бүт жыйып,
Киши кылбас иш кылып.
Ачылып турган оозуна,
Көрүнүп тиши ырсыйып,
Келтирип күүлөп найзаны,
Оозго койуп өттү эле.
Как ошондо чочконун,
Бир тиши ыргып кетти эле.
Тищи сынып, ич күйүп,
Ичинен жалын от күйүп,
Оңдоп кармап найзаны,
Алаканга түкүрүп.
Томураңдап минген керк,
Эң эле жаман жүгүрүп.
Жазганбай тыптың качырып,
Найзаны учу жеткенде,
Эр Канчоро баатырдын,
Көөдөнүндө чарайна,
Күкүм болуп чачылып.
Канчорону шаштырды,
Баштан кайрат качырып.
Баатыр туулган Канчоро,
Кайра кирди жапырып.
Кезек менен кери жок,
Канчоро менен Кызыл дөө,
Кыйамын тапса келтирип,
Баш кеспей кетер кейпи жок!
Кыйа тартып Канчоро,
Камбыл туулган эр неме,
Кыйкырганда найзасын,
Табарсыктын башына,
Таамай муштап өттү эле.
Кызылуйук чочконун,
Сегиз кабат темир тон,
Канчоронун найзасы,
Бешөөнөн тешип өттү эле.
Калган тондун кабатын,
Тешип өтөр айла жок,
Көптү көргөн Канчоро,
Темирден сегиз тон кийген,
Мындай капыр элде жок.
Күүлөнүп алган Канчоро,
Кызыл дөөнү камынтпай,
Тартып алып найзасын,
Кайра имерип капталга,
Карс дедире муштады.
Муштаганда көкжалың,
Мөкүбалдуу көк найза,
Учун канга чыктады.
Тоздогон музду жаргандай,
Оргуп сууну жайгандай,
Найзаны тартып алганда,
Кан куйулду жаргандай,
Карчыттан аккан кара кан,
Үзөнгүдө шырылдап.
Как ошондой куйулса,
Каары катуу Кызыл дөө,
Кайраттанып күч чыңдап.
Көк түпөк найза ыргады,
Күжүлдөгөн чорону,
Май сооруга бир сайды.
Найзанын учу жеткенде,
Карала аттан Канчоро,
Капкайда ыргып кетти эле.
Оңолуп өөдө болгунча,
Ордунан кооп тургунча.
Оңбогон ал Кызыл дөө,
Мурду бузук түгөнгүр,
Эшик эңдүү айбалта,
Эптеп кармап колуна,
Кырданып өөдө болгунча,
Чабайын – деп, чокуга,
Чакчайып тиктеп калганда,
Чакчелекей койгулап,
Ат айабай катуу чаап,
Көкжал баатыр Семетей,
Колундагы балтасын,
Канчорого шилтетпей,
Кыйырдан келип бир сайып,
Кызыталак чочконун,
Абалы канча – деп сайып.
Көкжал сайган Сырнайза,
Ушул дөөнү сайгандай,
Сайылып калса жал ташка.
Торопойу тоз болуп,
Учуп кетмек асманга.
Ушунча урган найзага,
Ээрден көчүк кыйшайып.
Козголуп койбойт солк этип,
Семетей найза тарткыча.
Жетип келип Гүлчоро,
Канчорону коборуп.
Өлбөй чоро кутулду,
Өкүмсүгөн Кызыл дөө,
Эр Семеңе тутулду.
Жаалысы катуу Семетей,
Жалангычтай чоң дөөгө,
Жанына келип бир сайды.
Удаа эки сайганда,
Тоо да болсо Кызыл дөө,
Козголбой турган ал канча?
Казаптанып түгөнгүр,
Семетей өтө бергенде,
Канчорону чабуучу,
Колундагы балтанын,
Жалпагы менен канкорду,
Далыга койуп өттү эле.
Сокмоктуу балта тийгенде,
Кокжалсыган Семеңдин,
Көзүнө күүгүм кирди эле.
Колундагы Сырнайза,
Шыңгыр этип үн чыгып,
Түшчүлүккө кетти эле.
Бойу узун чунак дөө,
Эки имерип чабалбай,
Энөөлүк кылып бул доңуз,
Жандап өтүп кетти эле.
Атасы Манас анткордун,
Кан ичме Семей канкордун.
Сыр алдырбас Сырнайза,
Колдон ыргып кеткенин,
Сомо темир сом балта,
Төкөр уста Бөлөкбай,
Сомдоп соккон Айбалта.
Эшик эндүү, төш жары,
Как ыргайга саптаган,
Пил терисин каптаган.
Жоолуу күнү болгондо,
Жоболоңдуу Ажыбай,
Өңөрө албай кокуйлап,
Кабылан Манас барында,
Кайран баатыр Ажыбай,
Жоболоңун көп тарткан.
Арта салып ийинге,
Аргытып минген Буурулду,
Артынан баатыр жетти эле.
Кызылуйук чоң дөөнү,
Айры шили, каракуш,
“Ооз омуртка тушу – деп,
Өлбөсө да бул доңуз,
Талуу жери ушул” – деп.
Туулганын сыртынан,
Катуу чапты капшырып,
“Манастап” ураан чакырып.
Эрдемсиген Семетей,
Өз ойунда муну ойлойт.
“Өлдүң го – деп, Кызыл дөө,
Кара жерди жастанып”.
Туулгага балта тийгенде,
Карс деп, үнү угулду.
Алда кандай шумдук – деп,
Жапандын эли чуу турду.
Тийген күнү бузулду,
Ушул чапкан балтанын,
Чак деген үнү көп элге,
Үч күнчүлүк жерлерге,
Үйдөкүдөй угулду.
Табына келген Тайбуурул,
Оозуна күч бербей,
Укурук мойун чоң күлүк,
Ооздук тиштеп нидерип,
Өтө берди алдына.
Бадыректин эрлигин,
Баарың байкап карачы.
Чымын конгон ысыкта,
Чыдабай эти кычышса,
Тырмагандай артынан,
Как ошончо билбеди,
Кадигине илбеди.
Илбеген менен Кызыл дөө,
Куйган чойун, колодон,
Кошмосу анын сары жез,
Беш кабат темир туулга,
Алты кабат калканы,
Кыргычтыкка жарабай,
Чыгып кетти талканы.
Эрлиги менен элебей,
Баш кийимин ченебей.
“Кызталак кыргыз сени – деп,
Кыйындыгың көрсөттүң,
Кыйратайын эми” – деп.
Колундагы балтасын,
Чагарактаган кисеге,
Чат жайына илди эле.
Такымына кыстарган,
Нак чойундап куйдурган,
Оордугу келет миң батман.
Чойунбашын колгон алып,
Жан алчуудай сурданып.
Качырып кирген кишиге,
Ач бөрүдөй кырданып.
Күүлөдү чокмор чойунду,
Бурулгунча Семетей,
Ай далынын түзүнө,
Как дал орто өзүнө,
Капташтырып бир койду.
Манастан калган чоң калкан,
Оң, тескери ийилди,
Антарылып кийилди.
Алда кандай болгонун,
Аны эми ким билди?!
Жайнап чыккан кызыл чок,
Кылымда мындай болгон жок,
Алоолонгон түтүн жок,
Жалбырттап чыккан от болуп,
Жер бетинде күйүп чөп,
Жердин бети жалбырап,
Жалындап от жайылат.
Бакай менен Гүлчоро,
Баатыр туулган Канчоро,
Арбагың колдой көргүн – деп,
Айкөл Манас баатырдын,
Арбагына жалынат.
Жердин бети бузулган,
Жерден учкан топурак,
Асмандагы булутка,
Аралашып кошулат.
Күркүрөп шамал жел айдап,
Арылып туман, топо-чаң,
Жердин бети көрүндү,
Сак саламат Семетей,
Тайбуурул менен болкойуп,
Так Ополдой зоңкойуп.
Сом балтасын колго алып,
Утур чыгып жолуна,
Чабуучудай камданып.
Кызыталак чоң дөөнү,
Алгыр бүркүт түрдөнүп,
Кирген экен дуулданып.
Кош колдоп кармап жакасын,
Эр караанын көргөндө,
Карыйа Бакай, чоролор,
“Манастап” ураан чуу салып.
Байкап көрсө кыйасын,
Көрүнбөй калган буу каптап,
Кызыл дөө чапкан убакта,
Кылыгын анын угасың.
Далыга чокмор тийгенде,
Кызыталак ит чочко,
Чокудай чоң чокморду,
Баатырга шилтеп ийгенде,
Энеден эмген эмчек сүт,
Как оозуна татылган.
Кайрат кылып Семетей,
Качырган менен чоң дөөнү,
Чаба алчуудай шайы жок.
Балатылап кан уйуп,
Кечир далы сөгүлүп,
Каржиликтин булчуң эт,
Талаа-талаа бөлүнүп.
Кейпин көрүп көкжалдын,
Эр Гүлчоро арстаның,
Семетейдин колунан,
Ыргып кеткен Сырнайза,
Жөлөнүп түшкөн кыр ташка.
(Бирине бири окшобой,
Ар кылыгы ар башка).
Найзаны колго алганы,
Суркойонго ал дагы,
Айабай камчы салганы.
Баатырдын атын чакырып,
Бар кайратын ашырып.
Көгүчкөн кууган шумкардай,
Куусу чыгып куулдап,
Жете барды токтобой.
Найзадан чыккан суук үн,
Салкын желдей шуулдап.
Бакай туруп алабы,
Бастырып кошо барганы.
Баатыр Семей канкордун,
Чылбырынан кармады.
Найзасын бере салганы.
Кыйрыма эми келди- деп,
Кыраан баатыр Семетей,
Чымылдап чери тарады.
Ичинде кири калбады,
Атадан калган найзаны,
Оңдоп колго кармады.
Оро-пара чочкону,
Туулгасы жок башында,
Кулактын түбү талуулга,
Ат күүсү менен бир койду!
Сырнайза учу жеткенде,
Күрө тамыр, суу безге,
Төш жары кирип кеткенде.
Урган найза шак – деди,
Учундагы темири,
Мойун сөөккө так – деди.
Тоодой болгон чочконун,
Эми айласы кеткени.
Кулак түпкө найза жеп,
Жер силкинип, тоо кулап,
Томорулуп кеткени.
Өзү мыкты шамдагай,
Өлөр жерин болжолдоп,
Таамай сайган эр кандай?
Бура тартып Буурулду,
Буудан Семең жетти эми.
Сак калган жаккы жаагына,
Сайып найза өттү эми.
Кийинки сайган Сырнайза,
Кичине тил алкымга,
Аралап учу кетиптир.
Кызыл өңгөч, кекиртек,
Кошулушкан бакалоор,
Түбүнөн таарып кетиптир.
Кызыл дөөнү жайлады,
Сырнайза үчүн майлады.
Ээн талаа, көк түздүү,
Өнгөн гүл чыккан көк чөптү,
Кызыл канга жошултуп,
Кылымдан чыккан чоң дөөнү,
Кыйаматка жөнөтүп.
Кылчайып кайра келгисиз,
Мурунку эрге кошултуп.
Баатыр жүрөк, сом билек,
Мыкты болсоң келгин деп.
Тайбуурулду ойнотуп,
Майданда турду зоңкойуп.
Гүлчоро келди кан какшап:
“Мадыканды маа бер” – деп!
“Берсең берчи баатыр” – деп, Жүрүп кетти хан Бакай,
Семетейди жетелеп.
“Абакем маа берди” – деп, Гүлчоро турат энтелеп.
Муну мындай таштайлы,
Мадыканды Гүлчоро,
Сайганынан баштайлы.
ГҮЛЧОРО МЕНЕН МАДЫКАНДЫН КАРМАШУУСУ
Кызыл дөө өлсө Мадыкан,
Кылайып арман кылбаган.
“Меники кылам, болду – дейт,
Кыргызды жеңип мен алсам.
Дембелеп жүрүп чабышып,
Учөөлөп келип сайышып,
Кызыл дөөнү алышты,
Бирине бирин жеткирбей,
Түгөтөйүн кыргызды”, Деп, ойлонуп Мадыкан,
Каары катуу эр чыкты.
Түрү суук жалгыз көз,
Жоондугу он бир кез.
Жалганда бул чочконун,
Бүтөр эмес жулкушу,
Кебетеси, кешпири,
Оңой олтоң неме эмес.
Оңойлук менен бендеген,
Оморулар бел эмес.
Оройун көрсөң чочконун,
Беттешип ага ким чыкса,
Көрүнүп көзгө тургудай,
Өлүм жактан бир элес!
Бастек бойлуу, керк беттүү,
Жай турганда мүнөзү,
Жер чапчып топо жамынган,
Топоз бука келбетүү.
Минген уйу көк бука,
Бурула берсе булт этип,
Сууда сызган балыктай,
Капкайда кетет жылт этип,
Ойкуштап бука токтобойт,
Аргымактай кылт этип.
Эки жагын каранып,
Бетинде ачык жери жок,
Сакал, мурут жүн алып.
Узун эмес орточо,
Сынбас найза карманып.
Сыздырып минген букасын,
Жетип келди жаланып.
Чыкканда элден бөлүнүп,
Бүтүн дүйнө жер бетин,
Оруп, жыйып алчудай,
Тартынар жери көрүнбөйт,
Тирүү жандан эч кандай.
Аңтарып көзүн тиктесе,
Асмандагы жарык күн,
Корккондой болуп бүрүлдөп.
Өнүп жерге чыккан чөп,
Эси чыгып дирилдеп.
Жерге башка түр кирип,
Жөрмөлөп жерде жүргөн жан,
Жай-жайына киришип.
Ыраңын көргөн капырдын,
Манжудан чыккан баатырдын,
Көз жеткен жерде жан калбай,
Талаадагы кайберең,
Башын жерге салалбай,
Чөп үзүп жерден алалбай.
Бендеден бенде туулуп,
Жан чыгыптыр ар кандай!
Жаагы жардын чабындай,
Бетиндеги бырышы,
Кыйан жеген агындай.
Кызыталак түгөнгүр,
Кыйалданып ушундай.
Жетип келди майданга,
Желмогуздай жулунуп.
Тосуп чыкты алдынан,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Суркойонду суурултуп.
Ооздукка күч бербей,
Суркоен турат булкунуп.
Келген жерде Мадыкан,
Кеңешкели келгендей,
Кебелбей турат кеп уруп:
“Келген киши сен кимсиң?
Кержеңдеген Сур кула,
Келиштирип минипсиң.
Атаңды айткын жашырбай,
Атыңды айткын жашынбай!
Алдымдан тосуп келипсиң,
Акыретке кетесиң,
Кайра айланып дүйнөдө,
Кала албайсың эч кандай!
Эрлик кылдың сен бүгүн,
Эми келдим мен сага,
Кара жандан түңүлгүн!
Кызыл дөөнү сойдуңар,
Кылгылыкты кылдыңар.
Кокого сайып найзалап,
Койбой жанын алдыңар.
Кеткендердин кегин кууп,
Өлгөндөрдүн өчүн кууп,
Бирге жүздү белгилеп,
Кек алуучу мен бармын!” –
Деп, айтканда Мадыкан,
Гүлчоро анда мындай дейт:
“Айтарын билбей тамтырап,
алактаган айбан – деп!
Ким экенин билбесең,
Не келесиң темтиреп?!
Өзүмдүн атым Гүлчоро,
Атамдын аты Алмамбет,
Маа жолуктуң, бадырек.
Тирүү кайта кетишиң,
Бул жалганда кыйын кеп!
Тааныбасаң бизди сен,
Таанытайын сага мен.
Мингени айдай ачык боз,
Арстан Манас эр менен,
Ажырашкыс болгон дос,
Аксакалдуу Бакай хан.
Кызыл Буурул ат минген,
Салакасы келишкен.
Салты башка кишиден,
Күн чырайлуу, жылдыз көз,
Көркөм киши Семетей.
Алтымыш түрлүү кубулган,
Асемдеп кийген буруудан.
Бар кийими буулумдан,
Балдай сөзү угулган.
Барча тоодой көрүнгөн,
Айчырайлуу, ак жүздүү,
Арстандын уулу Семетей,
Ажыдаардай ышкырган,
Адамдан башка иш кылган.
Атышып келген далайды,
Кара жер менен тең кылган.
Калайыктан кем кылган,
Кара көздөн от жанган,
Кандуу беттен нур тамган,
Караган бенде таң калган.
Калба салган дөөлөргө,
Кайраты артык Семетей.
Сага окшогон немени,
Алып жүргөн абакем,
Бучкагына теңебей!
Санды көрсө шашпаган,
Сан экен - деп - качпаган.
Сапырып ийип ар качан,
Санаада ишин баштаган.
Карала ат минген калкайып,
Кайраттуу баатыр Канчоро.
Көптү көрсө шашпаган,
Көп экен - деп - качпаган.
Көөнүдө ишин бүтүрүп,
Көп эрди жерге жаздаган.
Көрүнгөн көзгө бир башка,
Көзөл Чубак баласы,
Күркүрөгөн Канчоро.
Күндү күнгө уласаң,
Курчалышып тура алсаң.
Кырк күндүк далай чабышта,
Талыкпаган эр ошо.
Талабы артык бендеден,
Таалайы артык шер ушу!
Ким болосуң сен өзүң?
Чычкан тешкен куржундай,
Маңдайда жалгыз бир көзүң!
Жылкы таппай, уй минип,
Эрмин дейсиң күүлөнүп!
Атаңды айт, өзүңдү айт,
Ал жайыңды такыр айт.
Эрдемсибей чокчоңдоп,
Арыз абалың бар болсо,
Абакеме барып айт!
Бекер өлүп кетесиң,
Таттуу жандан кечесиң.
Такандашсаң сен бизге,
Кайра келбес чын жайга,
Караңгыга кетесиң,!
Элиң кайсы сеники?
Жериң кайсы сеники?
Бекер келип катышып,
Кебиң кайсы сеники?!»
Деп, Гүлчоро айтканда,
Мадыкан күлүп карсылдап,
Ачылып оозу үңкүрдөй,
Кабаган иттей арсылдап.
Маңдайында жалгыз көз,
Толгон көлдөй жалтырап:
«Атамдын аты Нескара,
Калдайдын уулу Коңурбай,
Таласыңа барганда,
Талаалатып кыргыздар,
Такыр сайып алыпсың.
Алмамбет уулу сен болсоң
Жеркендин сайы Сайрамда,
Манжунун ханы Нескара,
Атамдын башын алыпсың!
Өзүмдүн атым Мадыкан,
Өчөшүп жоону кыйратам.
Кайра келбес чын жайга,
Гүлчоро сени узатам!
Бакайыңды байлайын,
Калган журтуң кыргызды,
Баш аламан айдайын.
Мактаган төрөң Семетей,
Сага барча тоо болсо,
Ал мага журтта калган тебетей.
Ошол үчүн бул жерде,
Мен турамын баарыңды,
Бучкагыма теңебей!
Элим манжу уругу,
Өзүм манжу улугу.
Шаарым Жилин суу бойу,
Анык билгин сен муну!
Атамдын кунун алсам - деп,
Ар качан жүрдүм камым жеп.
Бир күнү барды алдыма,
Жамгырчынын Шаймамбет,
Беш жыл болгон баргалы,
Беш ай болгон Шаймамбет,
Мага кебин салганы.
Аңгычакты алдыма,
Керимбай барды казактан.
Чыдай албай келдим - деп,
Кыргыз салган азаптан.
Өз, жат элин билбеген,
Ит экен кыргыз - деп, - билдим.
Миң тулпарга бербеймин,
Көк буканы мен миндим.
Көп сөз айтып не пайда,
Кобураба, Гүлчоро,
Күн тийбес жайга сен кирдиң!
Жалгыз кантип жатам - деп,
Жаадыңа алба, Гүлчоро.
Эр Семетей, Канчоро,
Алачыктай кара таш,
Аңтара тартып албасам,
Бастырып ага салбасам!
Алмамбет уулу сен болсоң,
Баш сөөгүңдү каптатып,
Тепме тобум кылбасам!
Өзөгүңдү жарбасам,
Өпкө, боор, жүрөгүң,
Ич каныңды албасам.
Бөйрөк майың, карын май,
Чоң казанга сызгыртып,
Сом этиңди тууратып,
Ачуу тузга чыктатам
Арманда өтөт экемин,
Кумардан антип чыкпасам!
Жалгыз калам - деп, - коркпо,
Жилигиңди чагамын,
Кууруп жеп сени тынамын!
Акундун кызы Чүрөктү,
Ааламга аты дүмөктү,
Олжо катын кылбасам.
Шаатемир кызы Чачыкей,
Үмүтөйгө бербесем.
Акбала сенин катының,
Шаймамбетке алдырам.
Шаймамбетти Таласка,
Семетейдей хан кылам!
Өзүм көчүп Жилинден,
Кочкорго шаар салдырам.
Кокондун шаарын бош кылам,
Түркмөнүңдү жок кылам!
Манаска салган күмбөзүң,
Жыпжылма түптүз чактырам,
Каныкейди күң кылам!
Ташкен менен Наманген,
Анжунун элин кондурам.
Чайчүй, Букар, Шаңкайды,
Сага жөлөк далайды,
Кетирем шайын аларды!
Коросон, Ооган, Испанды,
Жедигердин Жетисуу,
Уламдын бели Кыйбаны,
Амур бойу, Ургөнчтү,
Эркечтам менен Кашкарды,
Сарыкол, Чымкент аларды,
Алажууку, Үчташты,
Кетментөбө, Жазыны,
Атбашы жайлоо, Нарынды,
Тартып алам барыңды!
Көтмалды, Бишкек шаарыңды,
Жок кыламын аларды.
Билбейсиң, кыргыз бачагар,
Өзүңдүн чактап алыңды!
Алтай, Текес, Кеминге,
Айдап жылкы салдырам.
Алматынын шаарына,
Казактарды ээ кылам!
Кутубий менен Манастын,
Коргондорун чактырып,
Которуп атын алардын,
Орхундун ойун бош таштап,
Чактырамын баарысын,
Ташка ойдурган катыңды!
Барскон менен Дарканды,
Бучкагыма тедебей!
Айдыңкөл менен Нураңды,
Атайлап атын өчүрүп,
Башкача бурам буларды!
Үчкаркыра, Сарарка,
Байатан айткан жерлерге,
Жердетпейм кыргыз аларга!» Деп, Мадыкан айтканда,
Алмамбет уулу Гүлүстөн,
Тартынбаган эч кимден,
Так сүйлөгөн эр экен,
Таалайы артык шер экен.
Мадыканга Гүлчоро,
Мана мындай дээр экен
«Сен, Мадыкан эркиңче,
Баш болдуң элге көөнүңчө.
Ашыгыпсың, Мадыкан,
Ажалдан мурун өлгүнчө.
Бек шашыпсың алдырап,
Ажал сага келгинче!
Эренди сайдым элден мен,
Эр сайдым чандан жерден мен.
Эсиргенди көрбөдүм,
Эл ичинде сендей мен!
Эсирбесең неткениң,
Эртеден айткан кептериң?!
Эзелки жайың байкасам,
Коркконуңдан, Мадыкан,
Андан-мындан кеп сурап,
Жоокалаткан кептендиң.
Бар ойлогон кыйалың,
Баары бузук, ит, сенин!
Кыскасын айтсам, Мадыкан,
Талас эмес, жер эмес,
Наманген, Ташкен шаар эмес,
Көтмалды, Бишкек, Самаркан,
Сен айдасаң алардан,
Баарынан чыга берүүчү,
Кыргыз андай эл эмес!
Кетментөбө, Жазыны,
Эркечтам менен Кашкарды,
Коросон, Ооган, Испанды,
Чайчүй, Букар, Шаңкайды,
Жетисуу, Үргөнч буларды,
Барыскон менен Дарканды,
Айдыңкөл менен Нураны,
Саа бастырсам, Мадыкан,
Маа жетпейби убалы!
Бошотуп берип саа жерин,
Семетей карап турабы?!
Атбашы, Нарын, Арпага,
Алматы, Алтай, Сары арка,
Күн чыгыш жак тарабы,
Орхундун Кызыл дайрага,
Кутубий, Манас шаарларга,
Тарбагатай, Илеге,
Көктокой, Күнөс көп жерге,
Түш көрдүңбү, Мадыкан,
Бара албайсың ал жерге?!
Эки күн жарык көргөзбөй,
Жиберейин, Мадыкан,
Кире турган тар жерге,
Өлүгүң ачык таштабайм,
Этиңди ит жеп кутуруп,
Ээсин каап кокустан,
Калбаны элге баштабайм.
Алалбайсын Чүрөктү,
Ааламга аты дүмөктү.
Айткан ушул кебиңди,
Киши укпасын, ит уксун,
Тирүү жан койбой жалмаган,
Козголбогон жер уксун!
Жамгырчынын Шаймамбет,
Баш боло албайт алашка.
Жамгырчы тирүү турганда,
Бара албайт басып Таласка
Айабайт аны Жамгырчы,
Өз жерин саткан талакка.
Өтүп кетсе билбеймин,
Көрүнбөй качып арапка!
Ак калпак кыргыз элине,
Ээ болупсуң, Мадыкан,
Өз ойуңда жерине!
Ата болуп асырап,
Эне болуп чын сактап,
Эмин-эркин өстүргөн,
Менин жерим болсо - деп,
Көргөн киши күйүккөн.
Даңктуу аты Тыйаншан,
Алатоону кыргыздар,
Саа береби, Мадыкан?!
Токсон уруу көп алаш,
Тегеректеп курчалып,
Ала-Тоого жайлашкан.
Энем - суу, атам –тоосу
Мисирден жакшы бул бизге,
Алатоонун коосу - деп,
Ак калпак кыргыз не айткан?!
Заңкайган бийик Тыйаншан,
Ак дейилде жамынган.
Суу акпаган сүт аккан,
Күркүрөп сүтү күч аккан.
Сүтпү, суубу таанылбай,
Сай-сайында бүт аккан.
Эл Кысылган күн болсо,
Он, он беш жыл тим эле,
Кайып менен жан баккан.
Ант кылышат кыргыздар,
Абдан кыйын иш болсо,
Алатоо урсун - деп айткан,
Алты ата, жети бабасы,
Ак калпак кыргыз алашка,
Алатоо болгон паанасы:
Алатоодон айрылбас,
Түптүү кыргыз журт ушу
Жүз ата болсо баласы,
Жүрөгүнүн канындай,
Алаш уулу болгонго,
Аркайып турган Ала-Тоо,
Чечекейдин карасы.
Алатоону таанытып,
Сен чочкого кеп айткан,
Алмамбет шердин баласы!
Өлүмдөн коркуп, Мадыкан,
Жоокалатпа сен мынча.
Жалынсаң да, жалбарсаң,
Койбоймун тирүү жалганда!
Деп, Гүлчоро айтканда,
Айтарына сөз таппай,
Ачууланып Мадыкан,
Өткүр темир найзаны,
Булгап колго алганы.
Шүдүңдөтүп букасын,
Бул капыр жөнөп калганы.
Сайамын деп, жоо келсе,
Гүлчоро туруп алабы?
Батарына чукулдап,
Күн кылкылдап барганы.
«Сайыштырбай бөлгүн - деп,
Жез доолбас ургун» - деп,
Канчорого хан Бакай,
Кабар айтып салганы.
Жез доолбас кагылды,
Манжулардын элинен,
Керней, сурнай чалынды.
Мадыкан менен Гулчоро,
Беттештирбей жандырды,
Мадыкан кайта келгенде,
«Жапандыктын аскери,
Кыргыздар сойду эки эрди,
Коркконунан Мадыкан,
Кол кайтарбай келгени,
Бу көрөкчө жапанга,
Бүгүн түн качып кетели»,
Деп, кеңешип жапандар,
Жапа доңуз атып жеп,
Бака, жылан, коңуз жеп,
Чөп тамырын терип жеп,
Кай кеткени белгисиз,
Бирден кетти темтиреп.
Жапандын эли жок калды,
Таптырып келмек тургайлык,
Кеткенине жапандык,
Мадыкан, казак кубанды.
Керимбай бузук жеткирген,
Жээнбай артып келтирген.
Жылкы этинен жакшы жеп,
Бал чайкаган кымыздан,
Көөкөрдөгү арактан,
Айабай кана ичишип,
Курчанган белин чечишип,
Төрт баатыр жатып таң, атты.
Тулпарларын токунуп,
Туйгундар түгөл камданып.
Ордунан турду берендер,
О дүйнө кеткен Манастын,
Арбагына жалбарып
Аңгычакты Мадыкан,
Уйку көрбөй таң атып,
Гүлчоронун кебине,
Күйүгүп бетбак арданып.
Өгүзүн минип дардаңдап,
Мурду бузук барбаңдап.
Эки буту салбаңдап,
Капшытын керип кампайып,
Көк буканын үстүндө,
Көпкөн суурдай дампайып.
Айгыр тепек кептенип,
Укмуштуу мурду жалпайып,
Келип калды талпайып.
Башкаларга жол бербей,
Жанында эки баатырды,
Бирөөң, баргын сен дебей,
Бастырды баатыр Семетей.
Кызыл дөөдөн кечээ ал,
Чокмор жеген ченебей.
Кары Бакай кеменгер,
Кара кулак шер этке,
Кандыра эки тойгузган.
Арак менен жуудурган,
Аруу менен буудурган.
Тарамышын аркардын,
Майда туурап кууруткан.
Сарымсак менен согонго,
Чылап туруп сугунткан.
Кырма кызыл дарыны,
Ичинен берген күчтүүлөп.
Кайнатма кара дарыны,
Тышынан чапкан эптүүлөп.
Тал-тал кетип бөлүнгөн,
Этин була жымыйткан.
Сөөгү ооруп сыздабай,
Эти чирип суу акпай,
Өз жайында Семетей.
Өрөпкүгөн эр неме,
Жоо жарагын бүт алып,
Тай буурулга минди эле.
Ак күбө кийип, ок өтпөс,
Кандагай кийип, чок өтпөс.
Сырнайза алып, ийилбес,
Сом балта алып, жанына,
Кылычы бар кабында.
Кылым бенде тең келбес,
Азыркы күндө Семетей,
Ачууланган чагында.
Буурулду минип күүлөнүп,
Кирип келди көкжалың
Мадыкандын жанына.
Семетейди Мадыкан,
Көз жиберип бир карап,
«Мага кантип Семетей,
Тең келе алсын» - деп санап,
Теминип минген букасын,
Жанаша тосуп капырың,
Кыргыздын кыраан баатырын.
Карс дедире бир сайды,
Мадыкандын найзасын,
Сайдырбастан Семетей,
Кагып ийди алдыртан.
Семетейдин балтасы,
Алдыртан өөдө тийгенде,
Каңгып найза сайылбай,
Белинен сынып кетти эле.
Менменсиген Мадыкан,
Балтага капыр камынган.
Аңгычакты турабы,
Манастын уулу жаш арстан,
Сырнайнзаны ыргады.
Мадыкандай анжуну,
Кара боорго бир сайды.
Манастан калган Сырнайза,
Бор сайгандай өтчү эле,
Кара ташты муштаса.
Найзанын учу жетерде,
Болжолу жок Мадыкан,
Бооруна кирип кетерде,
Баатырдын сайган найзасын,
Астыртан кагып ийди эле.
Эр Семетей тың экен,
Баатырлыгы чын экен.
Мадыкан каккан найзаны,
Чыгарбады колунан,
Сайдырбай какса боорунан.
Буурул ат менен имерип,
Кыйгактуу найза баатырың,
Кызталакты кыйрынан,
Сайып өтүп кетти эле.
Кырынан найза тийгенде,
Кыймылдабай, былк этпей,
Кылчалык чочко солк этпей,
Кийими темир уйуткан,
Найзадан темир курчу өтпөй,
Күүсү менен Буурулдун,
Семетей өтө бергенде,
Теңи сынып жоголгон,
Кыйгагы кеткен найзасын,
Баштагы бүтүн немедей,
Семетейдин жонуна,
Көк бука менен тап берип,
Май сооруну болжолдоп,
Күүсү менен койду эле.
Темири жок найзасы,
Сокмоктуу тийип капырдын,
Чоң ополдой Семетей,
Чок талдан качкан эликтей,
Чылбырын чойуп Буурулдун,
Чыдабай ыргып кетти эле
Канкорун, ыргып кеткенде,
Канчоро баатыр жетти эле.
Кайраттуу баатыр Канчоро,
Чолок найза Мадыкан,
Кара сандын сом этке,
Канык муштап өттү эле.
Укмуштуу уй мингени,
Канчоро атын бургуча,
Темири жок найзаны,
Бөйрөккө шилтеп ийди эле.
Сокмоктуу найза жеткенде,
Сонун көргөн сайышты,
Ойун көгрөн чабышты,
Ойрон болгон Канчоро,
Оң жагына кыйшайып,
Ооп барып түштү эле.
Буудандан артык Көк бука,
Желгенине жел жетпейт.
Жанашып шамал ушуга,
Капташып калган хан Бакай,
Так ошонун тушуна.
Чорого сайган найзаны,
Кыйгап чочко кармады.
Кыйрына келген Бакайды,
Кыйырынан бир сайды.
Ак сакалы жарк этип,
Туурдан түшкөн бүркүттөй,
Томолонду далп этип.
Арстандар өөдө болгунча,
Арбагы артык Гүлчоро,
Андай күндөр кез келсе,
Жалгыз эмес миң чоро.
«Манастап» ураан чакырып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Качырып кирген баатырдын,
Кайратын көргөн таң, калып,
Бакайды сайган Мадыкан,
Оңолуп кайра болгунча,
Күүсү менен найзанын,
Көкбукадан аңтарып,
Сайып өтүп кеткенде.
Эңишке келген Суркойон,
Жел өпкөрөөк мал экен,
Камчы тийген ачынып,
Араандай оозу ачылып.
Тартса оозуна күч бербей,
Алып өтө бергенде,
Жанында турган Семетей,
Энөөлүгү курусун,
Керге келбейт бирерде!
Копбой калмак Мадыкан,
Муну чокуга тартып жиберсе!
Айбандан жаман Көк бука,
Жалгыз муйуз маңдайда.
Мадыкандын алдынан,
Мүйүзүн салып чатына,
Үстүнө аны мингизди,
Көтөрүп алып тиргизди.
Сынып калган найзасын,
Жыгылган жерге таштаптыр.
Ачууланып ал чочко,
Балтасын ала баштаптыр.
Ошонгочо Семетей,
Айылда жүргөн немедей,
Ажал-өлүм маңдайда,
Келип карап турса да,
Кебелбей турат көрдүңбү,
Тай буурулга ал минбей!
Тайтайып турган баатырды,
Жакын жеткен Мадыкан,
Балта менен чапканы.
Балтаны шилтеп ийерде,
Барып жетип ал кезде,
Баатыр Гүлүс арстаның,
Бар күчүн жыйнап колуна,
Көт жактан келип бир сайды,
Көмүлгүрдү сооруга.
Манжунун ханы бадырек,
Түк эсепке албады
Канчоро жете барганы,
«Кырк кабырга чени - деп,
Кый сүбөөнүн бети - деп,
Нар жагында сөөк жок,
Жука жерин ушу» - деп,
Болжоп найза ыргады,
Болжолдуу жерге урганы.
Такыр темир кийгени,
Урган найза сынганы.
Кур кол калып Канчоро,
Жарактан жаны тынганы.
Күүлөнүп келген алыстан,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Жан айабай найзалап,
Ач карышкыр шекилдүү,
Жан ачышьп кайсаңдап.
Гүлчоро өтө бергенде,
Канчоро кирип, балта чаап.
Эрегишкен эки арстан,
Урушту мыктап салышты.
Ителгидей имерип,
Бири найза шилтесе,
Бири балта жиберип.
Ошондо араң, Семетей,
Тайбуурул минди залкайып.
Алатоодой даңкайып:
«Тур, Гүлүстөн, Канчоро,
Элөөсүздөн бул чочко,
Буурулдан сайды ыргыта.
Кара баштуу бендеден,
Жыгылбапмын бу чакка.
Арбагына жөлөнө,
Атам баатыр Манаска,
Эрегишин көрөйүн,
Эсирген бул тажаалга.
Качан болсо бир өлүм,
Жумуру баш адамга».
Деп, Семетей баркылдап,
Атадан калган Аккүбө,
Чагылып күнгө жаркылдап.
Уңгусу темир, учу курч,
Учуна салган кара курч.
Ташты сайса сынбаган
Сырнайзасын күү менен,
Мадыканга ыргады.
Канчоро, Бакай, Гүлчоро,
Кадыр Алла колдо деп,
Чыгып төшкө жылганы.
«Кетирбестен убактын,
Манастын уулу чунактын.
Табайын - деп, - өчөшүп»,
Мадыкан чочко убактын.
Боз мунарык жер чаңдап,
Топурак учуп тумандап.
Көрсөтпөй күндү чаң каптап,
Көрүнсө кээде ал экөө,
Көп мезгилде көрүнбөй,
Салгылашат карсылдап.
Жарактын үнү чака-чак,
Алмамбет уулу эр Гүлүс,
Ар жоругу бар Гүлүс.
Асмандан жамгыр жаадырып,
Жердин чаңын арылтып.
Жайнаган манжу, казактар,
Кыргыздан келген төрт арстан,
Бир-бирине таанышып.
Семетей менен Мадыкан,
Күжүлдөшкөн баатырлар,
Көк талаада сайышып.
Күчү артык немелер,
Өлүмдөн кайгы түк жебейт,
Балта менен чабышып,
Бирин бири элебей.
Эки күн өтүп кеткенде,
Музбурчактын Аккубак,
Анжунун элин азгырып,
Элүү миңин котчу алып,
Жапандарды кубалап,
Суук Шиберге барганда,
Өзү жайчы Аккубак,
Күндү жайлап дубалап.
Анжудан эиүү миң өлдү,
Өзү келди саламат.
Булар мунтип жүргөндө,
Манастын уулу Семетей,
Бир ишти калган элебей.
Эбин таап Мадыкан,
Билекке сайып ийиптир
Билекте кашка тарамыш,
Такыр кыркып кетиптир.
Ошонгочо Мадыкан,
Салгылашып жүрүптүр.
Нымыгып бойу тердебей,
Жаралуу болгон абасын,
Шалпысынан көрүптүр.
Шашыла минип атына,
Эр Канчоро жөнөптүр.
Чубактын уулу Канчоро,
Ач айкырык, куу сүрөөн,
Ачуусу келсе кайран эр,
Жедигердин көп колун,
Жалгыз жүрүп жүдөткөн
Карала тулпар ат минген,
Кабаттап темир кийинген.
Казабына келгенде,
Канчаны жерге кийирген:
«Кагылайын, хан аба,
Абамдын шайы кетиптир,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 22
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.