Latin

Семетей - 19

Total number of words is 4046
Total number of unique words is 2123
30.2 of words are in the 2000 most common words
43.6 of words are in the 5000 most common words
50.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Сиздерге кеткен белем – деп,
Жүрүчү элем ойумда.
Келипсиздер эки шер,
Абаңды билбей мен калдым,
Кай кеткенин” – деди эле.
Айчүрөк оозун жыйганча:
“Биз кеткели айылга,
Жат кишиден келдиби?
Келгенин, жеңе, билдиңби ?» –
Деп, Гүлчоро алганы,
Күйүккөндөн Гүлчоро,
Оозуна даам албады.
“Биле албадым, уулдар,
Жат кишинин келгенин.
Эжекемдин үйүнө,
Барып жатты бир күнү.
Ошол бойдон аттанды,
Билсе эжем билгендир,
“Эрке жеңем, Чачыкей,
Абамды сурап көрөлү.
Кеткен болсо бир жакка,
Артынан издеп жөнөйлү!” –
Деп, сүйлөшүп эки шер,
Чачыкейге жөнөдү.
Чачыкейге барар да,
Эсине түшүп ошондо,
Бирине бири күдүңдөп:
“Сооганы бөлгөн мезгилде,
Муну унутуп калыппыз,
Эми кандай кылдык?” –деп .
Канчоро анда кеп айтат:
“Уйалып кайдан жүрөлү,
Жүр, үйүнө кирели.
Унчукпаса, унчукпай,
Соогат десе, кокустан,
Сыр алдырбай, туйгузбай,
Сүлөөсүндөн берели”.–
Деп, айтканда Канчоро,
Кайыл болду Гүлчоро.
Чачыкейдин ордого,
Баатырлар кирди ошондо.
“Амансыңбы, жеңе”, –деп,
“Аман-эсен жатамын,
Келдиңерби аман–деп?
Олжо тапкан талаадан,
Уулдар соога кана” –деп?
“Сүлөөсүндөн, жеңеке,
Ылгап бөлүп койгонбуз,
Алып келип беребиз”, –
Деп Канчоро айтты кеп.
Мостойо түшүп чырт этип,
Тиктеп калып азыраак,
Шашыла сүйлөп батыраак:
“Тайлактай кууну көтөрүп,
Айчүрөккө баргыча,
Жүгүрдүңөр алдырап.
Абаңарды таба албай,
Билдиңби, кайда кетти – деп,
Келипсиңер жалдырап.
Эртеңки берчү куйруктан,
Бүгүнкү өпкө – деп айткан.
Бир мааниси болбосо,
Билбесе кары не айткан?
Сүлөөсүн алып нетемин?
Сүлөөсүн ичик кийгенде,
Кай муратка жетемин?
Эки катын алган эр,
Эки күн жатпайт бир үйдө.
Казакта жүргөн кыргыздан,
Экөө келген бул үйгө.
Казанчыга аш буйруп,
Олтургам келип мен төрдө.
Кыргыздар келген ошол күн,
Абакеңер бул үйдө.
Эки конок сүйлөшүп,
Казактын кебин салышты.
Элебей кебин мен калдым,
Эртең менен Семетей,
Жоо жарагын бүт алды.
Тышынан чыңдап курчанды,
Чай ичпестен аттанды.
Барасың баатыр, кайда – деп,
Мен сурасам басарда,
Унчукпай койду сумсайып.
Айчүрөк андай сураса,
Айтат эле кеп салып.
Абаңар андай сумсайса,
Уулдар тапкан олжодон,
Эстен чыгып Чачыкей,
Эч нерсе жок кур калса”...
Чачыкей минтип жатканда,
Айчүрөк кирди аңгыча.
Тайлактай кууну көтөрүп:
“Семетейдин үйү – деп,
Жети шердин териси,
Тайлактай болгон чоң кууну,
Уулдар алып келиптир.
Жети тери маа калсын,
Жолуң улуу, эжеке,
Кууну олжого сен алгын” –
Деп, Айчүрөк киргенде,
Бузулуп өңү кумсарып,
Ал Чачыкей сумсайып.
Буулугуп үнү токтолуп,
Кызыл өңү боз болуп.
Карап калып кыйлага,
Айчүрөктүн колунан,
Алып койду ар жакка.
Канчоро менен Гүлчоро,
Чыга берди аңгыча.
Уктабады Гүлчоро,
Таң агарып аткыча.
Эртең менен болгондо,
Карыйа Бакай, Канчоро,
Кайраты артык Гүлчоро,
Астыртан кылып кеңешти,
Бир кишиге айтпады,
Аттанып үчөө бир кетти.
Адыр, күдүр, ой, дөңгүл,
Ат айабай катуулап,
Желе, жорто бастырып,
Алатоо бойлоп жол алып,
Сарарка көздөй келатат.
Кетечинин кара суу,
Келип калды үч баатыр.
Эр Гүлчоро караса,
Буурулдун изи дапдайын,
Аңтарылып чым жатат,
Алмамбет уулу алдырап:
“Айланайын, абаке,
Кагылайын, Канчоро!
Көрдүңөрбү, мабуну?
Аңтарылып жаткан чым,
Буурул аттын изи бу.
Ылайлуу жерде бир баскан,
Бир жылкынын изи бар.
Кез келген, бейм, абама,
Ичи заар бир душман?
Эртең менен кеткендей,
Туйактан чыккан топурак,
Чарпындынын белгиси.
Буурул аттан, абакем,
Айрылып калган белем, дейм.
Ат алган жаман кишиби,
Аңдып жүргөн бекен, дейм?
Мингени Буурул болгондо,
Абакем, тартына турган эр беле?
Төрт айдан ашып кетиптир,
Барбайт беле эмгиче?” –
Деп, Гүлчоро айтты эле,
Эңкейип карап Канчоро:
“Ырас айтат Гүлчоро,
Бир басып кеткен ылайга,
Эркек жылкы изи эмес.
Ургаачы жылкы изи экен,
Сүйрүсү жок туйагы,
Теп тегерек турбайбы?
Жүргөнүнүн дайны жок,
Жалпак туйак турбайбы?
Муну карап тургунча,
Абакем түшсүн изине,
Тескей менен күнгөйгө,
Экөөбүз чаап чыгалы.
Абакем жүрсө калкайып,
Буурул менен заңкайып,
Учурашып калалы.
Ажырап калып Буурулдан,
Айласыз калса абакем,
Куткарып аны алалы!” –
Деп, Канчоро дуу койуп,
Күңгөй тоону бет алды.
Тескей бетке Гүлчоро,
Тайбуурулдун изин кууп,
Түзгө кирди Бакай хан.
Дигерге жакын мезгилде,
Көкөтөйдүн ашында,
Кайран Манас башында.
Каңгайларды камаган
Кара суунун буткулга,
Кирип келди Бакай хан
Тескейинде Гүлчоро,
Күңгөйүңдө Канчоро.
Күүгүм кирип баратат,
Кабылан Бакай караса,
Бастырбай атын жетелеп,
Семетей барат алдында.
Кыйгачынан качырып,
Бир киши чыкты аңгыча!
Качырган киши Карагул,
Каталдын уулу капыр бул.
Аңдып жүрүп канча күн,
Аты баспай Семетей,
Жөө басып эки күн.
“Шайы калбай калды – деп,
Кечке эле карап жүрөмбү,
Көмө сайып алам – деп.
Олпогун сыйрып чечем –деп,
Койдой башын кесем –деп!
Буурул атты айабай,
Таң аткыча жол жүрсөм,
Көөрүктүүгө жетем”–деп.
Бакайды калган байкабай,
Гүлчорону элебей.
Канчорону бейлебей,
Эч кимисин көрбөгөн,
Семетейди качырды,
Сундуруп найза ченебей!
Көрүп калган хан Бакай,
“Манастап” салды бакырык.
“Манастап” ураан чыкканда,
Сундурган найза күү менен,
Апкарыган Карагул,
Сайа албады качырып.
“Гүлчоросу келгенби?
Өлөр чагым жеткенби? –
Деп, ойлонуп Карагул,
Боз жоргону көргөндө,
Суркойон экен тиги”–деп,
Күңгөй тоону бет алды.
Бакайдын үнү чыкканда,
Угуп калып Канчоро,
Бурулушту бир жерге,
Бугуп тура калганы.
Алдыраган Карагул,
Алдына кирип барганы.
Элебей келген Карагул,
Эби келди мына бул.
Эр Канчоро бир сайды,
Буурулдан ыргып бута атым,
Ачылып оозу ырсайды.
Ачууланган Канчоро,
Кеп сурабай чочконун,
Башын алып ошондо,
Кесип аны байланды.
Канчорону көргөндө,
Сагынган ээсин Тайбуурул,
Кулундуу бээдей ыйлады,
Буурулду алып жетелеп,
Үнүн улап Бакайдын,
Ойдуңга кирип барганы.
Алдындагы Бакайдан,
Тескейдеги Гүлчоро,
Теке жоомарт арстандан,
Алардан кабар алалы.
Семетейдин жанына,
Хан Бакай барса жаркылдап,
Бакайга айткан салам жок,
Семетей турду баркылдап:
“Кыйындыгың, абаке,
Кылымга салчу дүмөктү,
Жалгызыңа не салдың?!
Он эки жаштан бер жакка,
Ойрон болгон балаңды,
Отуз эки сынадың!
Мындай сының курусун,
Обу жок жаман кыйнайсың!
Канчоро кулду жиберип,
Буурулду неге уурдаттың?
Жөө бастырып канча күн,
Уулуңду не үчүн куураттың?!” –
Семетей муну айткыча,
Гүлчоро жетти аңгыча.
Гүлчорону көргөндө,
Көкжал төрө күүлөндү,
Көрсөтөм –деп, сүйлөндү.
Суу ордуна кан иччү,
Бал ордуна уу иччү,
Жан алчудай түрдөндү.
Түрүн көрүп Семеңдин,
Алмамбет уулу Гүлүстөн,
Асталап сүйлөп оолукпай,
Акыл тапкан ар иштен.
Мындай киши кем чыгат,
Жер жүзүндө билгичтен:
“Айрылып аттан, абаке,
Алдатканың Карагул.
Карагулга алдатып,
Манастын уулу Семетей,
Жөө жүрөт – деп – темтеңдеп,
Жер жүзүңдө бар элге,
Такыр шылдың болгонуң.
Аркамдан келип чоролор,
Айтпай бизге кетти – деп,
Ат алды – деп – ойлойсуң.
Бул энөөлүк сенден кетпесе,
Капташып Бакай жетпесе,
Катарда жок Карагул,
Качырып найза урганда
Как ушул жерде сойлойсуң.
Көрүп туруп эми да,
Дагы кебиң койбойсуң!
Кетти –деп –угуп шашканбыз,
Алай, Арпа, Аксайдан,Сарарка менен Каркыра,
Бетегелүү Койташтан,
Чакыркорум, Тайгактан,
Тарагай менен Уландан,
Беш белди бир күн ашканбыз.
Кетечинин сазында,
Кемегедей казылган,
Келишкен Буурул күлүктүн,
Изин көрүп шашканбыз.
Уурдатканын атыңды,
Ошондо ойлоп тапканбыз.
Бээ экен – деп – мингени,
Изин көрүп айтканбыз.
Бет алып күнгөй адырын,
Канчоро тосту бурушту.
Тескейден киши кетирбей,
Теңдешкен жоого белдүүсүп,
Гүлчороң кылмак жумушту.
Өзөндүү түзгө салганбыз,
Абакем изди куушту.
Бүтүргөндөй көрүндү,
Канчоро баатыр урушту.
Абакем үнү чыкканда,
Адырга чыга чапканмын.
Ар тарапты байкадым,
Канчоро баатыр бакырган,
Калбалуу үнүн уккамын.
Кайгы жок душман өлдү – деп,
Кесип башын келди окшойт.
Каары катуу Канчоро,
Сурабай андан бир ооз кеп!”
Ар канча айтса Гүлчоро,
Кара мүртөз Семетей,
Жанычудай кейпи жок.
Жалбырактай карганып,
Кутулбай чоро эрки жок:
“Жалганы болсо кебимдин,
Саа жамандык ойлосом,
Жайнаган жарык күн урсун,
Калдайган кара түн урсун!
Олуйа азиз Манастын,
Ак күмбөзү дагы урсун!
Энеден мурун оозанткан,
Каныкейдин сүтү урсун!
Олжодон каалап алдырган,
Мага мурас калтырган,
Өзүң берген мингин – деп,
Суркойондун күчү урсун!
Атакем атып жоо алган,
Аккелтенин огу урсун!
Сайган жоосун кыйшайткан,
Качырганда сумсайткан,
Хан Манастын күчү урсун!
Тийген жери ырбаган,
Башка чапкан адамын,
Жакында өөдө кылбаган,
Атадан калган мурасын,
Айбалтаңдын мизи урсун!
Күдөрүм үзсөм сенден мен,
Көп акыл айттың мага сен,
Дасторкондо сөз урсун!
Алакөлдөн алдырган,
Артып келген туз урсун!”
Кан какшап турса карганып,
Ызырынып Семетей,
Булдурсун колго карманып.
Аңгычакты Канчоро,
Кирип келди шартылдап,
Карагул башын байланып,
Корккондон берки үчөөнүн,
Күндүзгүдөй түн жарык.
Семетейдин көзүнөн,
Кош чырактай от жанып.
Туйдурбай Бакай карыйа,
Буурул атты көрсөтпөй,
Аркада турат ал барып.
“Соогага, аба, алгын” – деп,
Каталдын уулу чочконун,
Кайдасындай чоң башын,
Калдаңдап турду Канчоро,
Көтөрө чуркап ал барып.
Канчорону көргөндө,
Капасы артып өзгөчө:
“Карагулдун башы – деп,
Дагы азгырып мени сен,
Бекер канын төгүпсүң.
Убал кылып бирөөгө,
Мойнуңдан байлап кынжылап,
Кишиче байлап ээрчитип,
Кыдыртайын дуйнөгө!
Ал Карагул чын болсо,
Өлтүрбөй неге келбейсиң,
Амалың турса көрүнөө?!
Семетей муну билбейт – деп,
Көөдөктүн бири сен дейсиң.!”Деп, канкоруң сүйлөнүп,
Кармап колго найзасын,
Жерден алды сүйрөлүп.
“Жутса жутуп ийер” – деп,
Кайран баатыр Канчоро,
Чымындай жанга күч келип:
“Ар качандан бир качан,
Арамдыгың койбойсуң.
Канчоро менен Гүлчоро,
Кас кылат – деп – ойлойсуң!
Кайрылбаса эки кул,
Каралат менен Чынкожо,
Асманда октоп жүргөндө,
Как ошол күндө сойлойсуң!
Коңурбай келди алыстан,
Акылы артык даанышман.
Коргонго камап алыптыр,
Коркутуп сени айлыңдан.
Кутказып алды эки кул,
Ошондой күндө камалдан!
Каргантпай күндө бизди эле,
Сурасаң боло абамдан?!
Тирүүлөй кечип мен турам,
Чымындай кара бир жандан!
Ишенбесең сөзүмө,
Көрүнбөсө кызматым,
Абаке, сенин өзүңө,
Аркаңдан келип не пайда?
Карагулду сайгыча,
Каргышташып, антташып,
Каңгайга кетпей не пайда?!
Ишенсең боло, Семетей,
Кулдарың кылган кызматка!
Саа жамандык кылгандын,
Жаны аман калбады.
Гүлчоро менен Канчоро,
Абама жаман кылды – деп,
Жан айабай жалмады!
Айчүрөк алды шумкарың,
Ошондо эки кулуңдан,
Абаке, көрдүң бир жагын!
Он эки жашар чакта элек,
Тоодой Толтой, Чынкожо,
Тобокел кылып, бел байлап,
Туруштук бердик ошого!
Ар дайымдан бир дайым,
Алдыңда жүргөн биздерге,
Как ушундай кыласың,
Бизди кыйсаң кыйасын.,
Бакайды кандай кыласың?!
Бакайды кыйсаң, кыйасың,
Ок тиштешкен дос экен,
Атаңды кандай кыласың?!
Карсылдайсың бизге сен,
Карагулга алдаткан,
Катаңды кандай кыласың?!
Каныкейдин ак сүтүн.
Сен эмгенсиң алдында,
Биз эмгенбиз аркаңда.
Канынан чыккан ак көбүк,
Ак сүттү ал, абаке,
Канткенде сен кыйасың?!
Бизди кыйсаң кыйарсың,
Бөз айрышып шерттешкен,
Антты кандай кыларсың?!
Канчорону кыйарсың,
Ак боз бээни мууздатып,
Карыдан колду чылашкан,
Канды кандай кыларсың?!
Гүлчоро кыйсаң кыйарсың,,
Көк чырпыгын кыркышкан,
Талды кандай кыларсың?!
Асман алыс, жер жакын,
Абалкы сөздү мен айттым.
Эми ишенгин, абаке,
Каргышымды теги айттың!
Сага кылсам жамандык,
Ойлонсом сага арамдык,
Төшү түктүү жер урсун!
Төбөсү ачык көк урсун!
Дарыйа, чалкар көл урсун!
Жайнаган жапан чөл урсун!
Жайылган жерде чөп урсун!
Агартып түндү жарыткан,
Асмандагы ай урсун!
Жердин бетин жашарткан,
Жамгыр менен кар урсун!
Ата ордун сактаган,
Алатоо кошуп дагы урсун!
Учса аппак калкылдап,
Көктө учкан куу урсун!
Күн чагылып жаркылдап,
Көтөргөн кызыл туу урсун!
Адамдын жанын эриткен,
Кантың урсун, бал урсун!
Чайкаган кымыз, чай урсун!
Кара элем мен жетим,
Эр кылып мени жетилттиң.
Атымды алдап алдын, – деп,
Шайымды неге кетирдиң,?!
Мындай күмөн кылгынча,
Көмө чаап чороңду,
Жайнаган жарык дүйнөдөн,
Кайрылбас жакка кетиргин!
Атабыз Манас эр өлүп,
Ак калпак кыргыз эл жүрөт.
Гүлчоро менен Канчоро,
Өлтүрүп салсаң, абаке,
Кыргыздын кылы коробойт!
Ак, караны ылгабай,
Ар качан айткан сөзүңө,
Абаке, ичим бек күйөт!
Аккелтеңдин милтесин,
Сууруп берчи, абаке,
Мен тиштейин учунан.
Мындай тирүү жүргүчө,
Кыйамат кетсе ал жакшы,.
Кызгалдактай кырчын жан!”–
Деп, зыркырап турганда,
Аркада турган Бакай хан,
Ак сакалын жайылтып,
Сөз баштады арылтып.
Алдында эки чоронун,
Абдан көөнүн агартып:
“Акмак иттер, байатан,
Аркада турсам унчукпай,
Адам айткыс сөздү айтып,
Э, Семетей, не болдуң,
Жаш балдарды каргантып?!
Өзүңдөн көрбөй жамандык,
Карагулга алдатып,
О, капырай кандай иш,
Жалгыз кете берипcиң,
Койбостон бир ооз сыр айтып?!
Кайраттуу баатыр эки уул,
Эр тиреги ойлонгун!
Эси жок киши кептенип,
Сен Семетей не болдуң?
Баатырлар кетти Бозбелге,
Аңуулап ыраак бир жерге.
Кайдан айтам дедиңби,
Бакайдай кары эмеге?
Сага өпкө бүткөндө,
Башкага карын бүтпөппү.
Энеден туулуп, көз жарып,
Жарык жерге түшкөндө?!
Сен балдарга, Семетей,
Өктө кылар жолуң жок.
Өөн өзүңдө турганда,
Өкүрүп берер жөнүң жок!
Көкжал жолборс Семетей,
Өзүңдөн калдым мен Бакай,
Карыганда көөнүм сууп.
Эң эле кыйын сөдөр иш,
Элебей кете бергениң,
Элиңде Бакай мен туруп!
Душмандан калдын, Семетей,
Уулум, азыр кутулуп.
Таарынсаң боло балдарга,
Баштан айак кепти угуп!
Кетемин – деп – Таласка,
Жетемин – деп – түн катып,
Арбагы азиз Манаска!”–
Бурулду Бакай жулкунуп,
Боз жорго башын шарт буруп.
Заманасы куурулду,
Эр Семетей баатырдын,
Бакайдын кебин ал угуп.
Кайра тарта бергинче,
Кайрылып Бакай желгинче.
Кабылан камбыл Семетей,
Боз жоргону чылбырдан,
Бурултпай кармап алды эле,
Мамындай кебин салды эле:
“Таарынганың, абаке,
Жалганы жок, бары чын.
Азыраак сабыр кылгының,
Жалгыздын кебин уккунуң.
Үйдө жатсам бир күнү,
Казактын жүргөн элинде,
Эки кыргыз барышты.
Сурабадым алардан,
Казактар көчүп кетти – деп,
Өздөрүнчө кужурап,
Далай кепти салышты.
Казактар көчтү дегенде,
Карабапмын эч кайда,
Жарабапмын, абаке,
Жаныңа басып барарга.
Аттанып жүрө берипмин,
Казактан кабар аларга.
Алматы, Алтай, Сарарка,
Мен кирипмин шаарга.
Көөрүктүүгө барганда,
Буурулду байлап кыр ташка,
Калыпмын уктап талаада.
Ойгонуп кетсем Буурул жок,
Жөө Семетей туруу жок.
Жакын экен арасы,
Кырга чыгып карадым,
Буурулдун көрдүм караанын.
Гүлчоро менен Канчоро,
Бизге айтпай кетти – деп,
Буурулдун изин кубалап,
Аркамдан келген белем –деп,
Тамаша кылып акмактар,
Атты алпарып кайкыга,
Байлап койгон экен –деп,
Санаама келди мындай кеп.
Кыйып чоро кетпес – деп,
Кыйкырдым, аба, кебимди ук,
Буурулду алып келгин – деп.
Менин үнүм чыкканда,
Тура калды бир киши.
Буурулду минип бурулду,
Көмүскө ылдый чуу койду,
Ойноду эми чындап – деп,
Көңүлүмдө бул болду.
Келсем таштап кетиптир,
Мына бул турган кер бээни.
Ээр, токумун көргөндө,
Калмактан алган экен – деп,
Көңүлүмө бул келди.
Түштүм кырдан талаага,
Адырда жылкы көп жүрөт,
Ойносо чоро берет – деп,
Акылымда бул жүрөт.
Карабадым жылкыга,
Акылымда бул жүрөт.
Андан мындан элестеп,
Көрүнүп койот кээ-кээде.
Акмалап жүрүп олтурдум,
Баштап мени барат – деп,
Өздөрү жаткан жерине.
Үч күндүн алды жагында,
Чыгып кетти карасам,
Сары-арканын белине,
Атайын - деп - ошондо,
Жамандык келди пейлиме.
Ийнимден мылтык алганда,
Кырда турган ал караан,
Кыйкырып кабар салды анда,
«Менмин, аба, Канчоро,
Жиберди Бакай, Гүлчоро.
Бакай кабар угуптур,
Казакты кудай уруптур,
Азмункенин Керимбай,
Казактын элин бузуптур.
Шиберге карай көчүптүр,
Азмункенин Керимбай,
Жапанга суудан өтүптүр.
Кызылуйук чоң дөөнү,
Кырк миң аскер кол менен,
Күрпүлдөктүн куйушка,
Алып келип таштаптыр.
Андан кийин Керимбай,
Нескара уулу Мадыкан,
Бели катуу эң балбан.
Мадыканды алды – деп,
Казактын эли кошулуп,
Жөнөмөк болуп Таласка,
Камынышып калды – деп.Абакем угуп мындай кеп,
Гүлчоро экөө биригип,
Жумшады мени баргын –деп.
Айтсаң абаң тил албайт,
Айла кылып Буурулду
Ала качып келгин – деп.
Чогулушуп кыргыздар,
Бир дөбөдө болсок – деп.
Ачык айтсам ушул кеп,
Мен Таласка кеттим – деп.
Мындай таамай кеп айтты.
Үч күн удаа жол жүрсөм,
Кер бээ арып баспады.
Эки күн болду, абаке,
Жетелеп бээ басканы.
Бүрүл кирер алдында,
Элебедим кишини.
Буурул менен найзачан,
Бирөө мени качырды.
Найзанын учу жеткинче,
“Манастап” катуу бакырып,
Абаке, үнүң чыкканы.
Энөөлүк кылсаң кандай – деп,
Келген экен, абакем,
Мага насаат кылгалы,
Деп ойума алгамын.
Качырган киши жок болду,
Капаланыш балдарга,
Как ушундай кеп болду.
Кайра кетем дегиче,
Касиеттүү, абаке,
Капка тоодой берекем,
Какбаш Жакып капырдан,
Бир өлүмдөн калтырдың.
Келгенимде уу берди,
Эми эки өлүмдөн калтырдың.
Кетер болсоң, абаке,
Эми кетем Семетей,
Манастын тандым арбагын,
Деп ошентип айткының,
Андан кийин кайткының!” –
Деп, Семетей муңайып,
Эки баатыр, Бакайга,
Энөөлүк кылып койгонго,
Эң эле жаман уйалып.
Кара мүртөз Семетей,
Хан Бакай кетем дегенде,
Кара жерден каргышты,
Гүлчоро менен Канчоро,
Ал экөөнөн алганга.
“Туулупмун бекер – деп,
Тумшугу жок Семетей,
Ушул дүйнө жалганга”.–
Бушайман кылып турганда,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Сөөгүнөн өткөрүп,
Суук сөздү кыларда,
Кыраакы Бакай карыйа,
Кыйалын билип ал чакта:
“Кызыталактар, талаада,
Кыйла жыйын кылдыңар.
Бүтө элек дагы силерде,
Алда эмине кебиң бар?
Буурулду минчи, Семетей,
Эрди сайган, Канчоро,
Башты мага байлап бер,
Бол, Гүлчоро, жол башта!
Ала жүргүн, Канчоро,
Карагер бээни таштаба.
Желе жортуп бастырып,
Батыраак жетип баралы,
Кетечинин жарына.
Карагул айткан баары чын,
Семетейге алдында.
Алысын кууп, суу бойлоп,
Жылкы келип калгандыр,
Кетечинин сазына!” –
Деп, Бакай хан шашыла,
Жарлык кылды жалпыга.
Аш кайнамда барышты,
Ара күндүк алыска.
Муну мындай таштайлы,
Баатырлардын алдагы,
Кеңешинен баштайлы
БААТЫРЛАРДЫН КЕҢЕШИ,
КЫЗЫЛУЙУК ДӨӨНҮН ЖЕР ЖАЗДАНЫШЫ
Кетечинин сазына,
Ай шоолалап тийген кез.
Жайылган жылкы ичинен,
Кысырдан ылгап таңдады.
Кысыр калып туу болгон,
Тултуйуп майга жык толгон,
Тору бээни жайлады.
Канчоро камбыл туу бээни,
Чай кайнамда сойду эле.
Аңгычакты Гүлчоро,
Кемегени ойду эле.
Бакай менен Семетей,
Кеңеш менен болду эле.
Көмкөрмөлүү казанын,
Кемегеге астырып,
Арчадан чапкан сузгуну,
Эт котортуп бастырып.
Калтырбастан эт чийки,
Эки демеп бышырып.
Таң агарып атканда,
Койбой туурап жеп болуп.
Жайдактаган аттарды,
Жетелешип откоруп.
Булар минтип жатканда,
Кара чаар минген аты бар,
Калды бирөө кез болуп.
Жакындан чыгып жалтаарып,
Кайра тартып качкынча,
Карап турган Канчоро,
Ыргып минип атына,
Кармап алды куткарбай,
Чаап чыгып астына.
Чаар атчан ушул жан,
Казактан келген бир адам.
Семетей, Бакай, Канчоро,
Кеп кылбай турду баарысы,
Акылга чебер даанасы,
Алмамбеттин баласы,
Гүлчоро баатыр кеп сурайт,
Кеп сураса бек сурайт:
“Сууту канган атыңдын,
Жол алып сен шашылдың,
Кайда бара жатасың?
Жашырбай ички сырыңды,
Айтчы, баатыр, чыныңды!”
Гүлчоро сурап болгуча,
Күйүгүп жаман алдырап:
“Өз атыңды билдирип,
Анан кылчы маа сурак!” –
Деп, ошентип чаар атчан,
Жооп бербей кеп сурап:
“Атыңды айтып билгизсең,
Мен айтып сырым билгизем,
Сен атыңды айтпасаң,
Мен сырымды айтпаймын,
Тирүүлөй жерге киргизсең!
Атыңды ачык биле албай,
Айра таанып ала албай.
Күмөндөнүп мен турам.
Атым Молдо Күдүрмүн,
Түн уйкумду бөлгөмүн.
Күрпүлдөктүн куйуштан,
Сегиз күн мурун жөнөдүм.
Аксакал хан Бакайдын,
Эр Семетей арстандын,
Жүзүн качан көрөмүн?
Хан Чубактын баласы,
Кайраттуу чоро кабылан,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Сен төртөөңсүң мен билсем.
Жиберди мени Агеркеч,
Түбүм Алтай элинен”.
Молдо Күдүр айтканда,
Камындырбай Гүлчоро:
- Тааныгандай айттың сен,
Агеркеч жазган кат кана? –
Молдо Күдүр олтура,
Өтүгүн чечип ыргытып,
Батегин чубап былгытып.
Ортосунан батектин,
Катты сууруп алды эле.
Гүлчорого карабай,
Бакайга суна калды эле.
Калмакча жазган кат экен,
Кыргыздан сөзү жат экен.
- Окучу, балам Гүлүс” – деп, Хан Бакай айткан чак экен.
Башынан ылдый сүйрөгөн,
Жаралуу жылан изденген,
Кочкор мүйүз чиймекей,
Колуна кагаз тийгенде,
Жаттап алган немедей,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Шабырата кирди эле.
Асили кытай Гүлчоро,
Кырк эки уруу тил билген,
Тилине кошуп кат билген,
Каттын көрсө баш жагын,
Айаккысын жат билген.
Атайын жазган кагазы,
Алты катар кат экен.
Агеркечке “А” койгон,
Бакай деген сөзүнө,
Баш жагына “Б” койгон.
Семетейге “сын ” койгон,
Гүлчорого “кеп ” койгон.
Канчорого “кап ” койгон.
Этегине тизмектеп,
Он алты жерге арп койгон.
Эстей түшүп Гүлчоро,
Эп келтирип окуса,
Эки жүз элүү кат болгон.
Андай жазган каттар көп,
Окушка Гүлүс маш болгон.
Айагына чыкканда,
Кептин баарын укканда,
Жымыйып Гүлүс күлдү эле.
Кабылан Бакай кеп айтат:
“Кагылайын, Гүлчоро,
Батыраак айтчы” – деп айтат.
“Окудум катты, абаке,
Күлкүм келет бир кепке.
Керимбай бузук болуптур,
Казактын элин көчүрүп,
Агеркеч Букар кеткенде.
Агеркеч кайра келгенде,
Айлынан кепти угуптур,
Жапанга жалдап барарда,
Керимбайга ишенип,
Куржунда пулун Үмүтөй,
Килитин кыркып булуптур.
Жыйырма миң алтындан,
Сактаган пулу чачылды.
Аттангалы камынып,
Жатыптыр казак бул күндө,
Керимбай барып келиптир,
Жапан менен Жилинге.
Жапандан кыркы миң кол алып,
Кызылуйук дөөнү алып,
Жилинден жүз миң кол алып,
Мадыкан деген зорду алып.
Казактан он миң камданып,
Жүрмөкчү болуп Таласка,
Кас санамак кыйалы,
Олуйа азиз Манаска.
Кат болжолун байкасам,
Эми он күн калыптыр,
Эл аттанып басарга!
Биз ылдамдап желели,
Айлынан элди козготпой,
Армансыз болсун баатырлар,
Абийрин ачып келели”! –
Деп Гүлчоро айтканда,
Канчоро туруп муну айтты:
“Ырас айтат, эр Гүлүс,
Эбегейсиз, шер Гүлүс.
Эчтекеден жазганбас,
Эр уулу менен, тең Гүлүс.
Элге кайра барбайлы,
Эл жыргасын жай уктап,
Аларга бүлүк салбайлы.
Төштүктүн уулу Жоодарга,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Таласта калды Байтайлак,
Ал үчөөнө мына бу,
Күдөр бекти жумшайлы.
Эп келеби мунум” – деп, Эр Канчоро айтты эле.
Алдатып ийип Семетей,
Жалтангансып калган шер.
Унчукпай да кеп кылбай,
Карап турду бир далай.
Каркылдап сүйлөп ошондо,
Касиеттүү хан Бакай:
“Канчоронун кебине,
Кошулдум акыл бергенге.
Бир кишини кем айтты,
Жедигердин элинде,
Киши билбес жан эле,
Кийизбай деген бар эле.
Мылтык атып, жаа тартса,
Миң кишиче бар эле.
Айчүрөк барсын ал жерге,
Кабар айтсак – деп – турам,
Капыста жаткан билинбей,
Кан төгүчү эренге.
Таластагы кыргыздан,
Тандап беш миң алалы.
Жалгызбек менен Жоодарга,
Кокондогу Сынчыга,
Кетментөбө шаарында,
Керкөкүлдүн уулуна,
Кошунуң арбын келсин – деп,
Келтирип катты жазалы.
Ээ болуп турсун Таласка,
Карыса да Жамгырчы.
Жезкемпирдин жети уулун,
Жедигердин элинде,
Жетисуунун улугун.
Баарын кел – деп – айталы.
Букардын ханы Ысмайыл,
Темир хандын баласы,
Бизден салам кат барса,
Ысмайыл жатып алабы?
Чайчүй менен Шаңкайды,
Келсин дейлик аларды.
Эп келсе сага, Семетей,
Элдин санын жүз миңге,
Бир толтуруп салалы.
Кыйын айткан Алмамбет,
Жапандан келген суу кечип,
Кызылуйук балааны!
Анжунун ханы Нескара,
Кечээ сыр коргондо урушта,
Гүлчоро сойду ошону.
Жеркендин сайрам сайында,
Мурадилди Канчоро,
Өлтүрүп койду Казанда.
Калмактан чыккан Уушаңды,
Арпанын түзү жаыйкта,
Жалгызек баатыр жайлады.
Жекече чыгып майданга,
Орок кырды сойлотуп,
Бала баатыр атанып,
Байтайлакка даңк калды.
Капкачаңкы кундарын,
Уруштун чыгым пулдарын,
Алгалы бизден эсептеп,
Нескара уулу Мадыкан,
Кекетип бизге калганбы?
Канчородон токмок жеп,
Качып кеткен Шаймамбет,
Ыйламсырап барганбы?
Керимбайга кошулуп,
Ал Мадыкан баатырга,
Арызын айтып салганбы?
Анжудан арбын кол алып,
Ачууланып Мадыкан,
Аттанып жүрүп калганбы?
Кары дешип Коңурду,
Эсепке албай салганбы?
Бул сапаркы урушка,
Катышпай жүржүт калганбы?
Ачык жазып Агеркеч,
Арбын кошун келсин – деп,
Ал үчүн кабар салган, бейм?
Кыйланы айттым кыдыртып,
Баарына кабар салсак, бейм?
Баарды келди көп журттун,
Баарынын колун алсак, бейм?
Салтанаттуу кол менен,
Салышар жоого барсак, бейм?” –
Деп, Бакай хан бир карап,
Сакалын сылап олтурду.
Баатырдын уулу каңкоруң,
Бала Семетей анткоруң,
Кыйамына келгенде,
Кылымдан ашкан анткоруң:
“Канчоро менен хан Бакай,
Айттыңар сөздү бир далай.
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Ал олтурду унчукпай.
Силерге жакса акылым,
Менин айтар сөзүм мамындай.
Жедигер бардым башында,
Эки бала кашымда.
Кыргыздан жыйнап кол албай,
Жалгыз өзүм баргамын,
Жаныма киши албадым.
Жалтайсаңар баарыңар,
Жалгыз өзүм барайын,
Ушу жерде калыңар!
Эл-журт бизди эр дешет,
Элге салып бүлүктү,
Эрмин – деп айтыш – бейкерек?!
Калың журт бизди хан дешет,
Кан төгүлчү күн болсо,
Калкка салып калбаны,
Ханбыз – деп жүрүш не керек?!
Ала келбей мен өзүм,
Эндекей келип калыпмын,
Болсо жакшы ал эле,
Атамдан калган жоо белек.
Жолуна сайчу уруштун,
Айгычы алтын туу, желек!” –
Деп Семетей айтканда,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Кайгырып ичтен турса да,
Кара күчкө калп эле,
Каткырыгын салганы.
Каалгадай кашка тиш,
Кашкайып чыга калганы:
“Абакем айткан ырас, сөз,
Төгөрүктүн төрт бурчун,
Алты бөлүк дүйнөнү,
Айланып келиш кыйын кеп.
Биз камынып болгунча,
Кылкандай найза көк желек,
Кызылуйук дөө келет.
Эрлерге кабар салгыча,
Эр жыйылып болгунча,
Эр көкүрөк жаш каман,
Баштаган аскер жүз миң жан,
Эр Мадыкан ал келет.
Арып-ачып келген жоо,
Эл жыйылып болгунча,
Элиңди тепсеп ал кетет!
Атбашы, Нарын шаарыңды,
Кара кыргыз калкыңды,
Талап алып четинен,
Чыгарбайбы тарпыңды!
Кетментөбө, Жасыңды,
Чыгыш жагы Эркечтам,
Ойдуң, түздө Коконду,
Кол жыйылып болгунча,
Мыйаздай копшойт ошону.
Баарысы колдон кеткенде,
Боро албай шайың бошоочу.
Зордук менен баш ийген,
Зомбулуктан тынч жүргөн,
Жедигер караан болобу?!
Чайчүй, Букар, Шаңкайлык,
Анда келбейт айлыңа.
Келмек түгүл ошолор,
Жолобой качат жаныңа.
Мен кошулдум бул жерден,
Баралы – деп – алдына.
Абакем айткан акылга,
Арбагына сыйынып,
Атабыз Манас баатырга!
Кеткинче барып көрөлү,
Ажал жетсе өлөлү.
Элге бөлөк салдырбай,
Кызылуйук, Мадыкан
Бир беттешип көрөлү.
Кыйын да болсо Кызыл дөө
Карып калган киши окшойт.
Кырмызы шаанын Мурадил,
Как ошончо бардыр ал.
Керимбай менен Үмүтөй,
Өзүбүзгө маалым жан!
Мадыкан атын уккалы,
Сонордоку бүркүттөй,
Мен ошого кызыгам.
Бүтүлүү тоо болсо да,
Бир бүлүнтүп буздурам.
Карыйа Бакай, хан Семей,
Мен экөөңдү кош кылам.
Күүлөнгөн экен анжулар,
Торопойун тоздурам!
Ар качан арка тирегим,
Эр Канчоро сен турсаң.
Сакалы аппак кебездей,
Саадагы кырк кез хан Бакай,
Тууга ээлик сен кылсаң.
Алатоодой залкайып,
Адамзаттан салты артык,
Абакем Семей алп турсаң!
Агеркеч жазган катында,
Коңурбайдын аты жок.
Кордукту салчу жоо ошол,
Мунун кол катышкан наркы жок.
Каңгайдаң калмак бузулбай,
Хан Коңурбай кол жыйбай,
Калгандары канчалык?
Кызылуйук, Мадыкан,
Кылалбайт карчаш анчалык.
Хан Коңурбай кошулса,
Элчилешип сүйлөшүп,
Анан элди жыйалык.
Кошулбаса Коңурбай,
Уруштун дайны жок туруп,
Кошун курап, кол жыйнап,
Тышкарыдан кол сурап,
Журтту упурак кылбайлык.
Жок сөздү айтып жобурап,
Жоодон коркуп калгансып,
Ушул жерде турбайлы.
Карагулдун өлүгүн,
Хан Коңурга туйгузбай,
Калган жоону жайлайлы!
Күрпүлдөктүн куйушка,
Биз баралы беш күндө.
Биз көрбөгөн жер экен,
Абакем жолун билбесе.
Көөрүктүүнүн кырында,
Көкжаңгактын адырда,
Калмактардын жылкысы,
Карагул айдап баккан мал,
Байкасам бүгүн ушунда.
Калган элди аралап,
Казактан төрт, беш бала таап,
Тогуздун айы он беши,
Жылкыны Күдүр айдаса.
Алыпсың жылкым кана – деп,
Хан Коңурбай дооласа,
Жылында алман берем – деп,
Баскан мөөрү бар эле,
Айтабыз алтын кана – деп?
Жылкы колго тийгенде,
Хан Коңурбай калчага,
Жооп айтыш арзан кеп!
Чакырып баарын келгиндей,
Куйткулап күүлөп казакты,
Көчүрбөсө башка эл.
Ак калпак кыргыз калган журт,
Жан жыргатсын жай жатып.
Жанынан тойгон душманга,
Биз баралы кан чачып.
Салгылашып көрөлү,
Маңдайдан терди агызып.
Эл багалы жыргатып,
Өз үйүнө жаткызып.
Аттаналы, жүрү” – деп, Эр Гүлчоро муну айтып.
Үзөңгүгө бут артып,
Жалпы минди атына.
“Күдүр бекти калгын – деп,
Эңиш тартып батышка,
Кызылжар, Семей, баргын – деп.
Болумдуу тың баладан,
Төрт, бешти жыйнап алгын – деп.
Кабарлап туруп биз жакты,
Каңгайлыктын жылкысын,
Калтырбай айдап жангын” – деп.
Күдүр бекти таштады,
Күрпүлдөктүн куйушка,
Төрт берендин басканы,
Баратып Бакай айтканы,
Көргөмүн жолун шибердин,
Ааламга аты таралган,
Амырдын суусун үч кечтим.
Желе-жорто бастырсак,
Эрте басып, кеч жатсак,
Сегиз күндө жетебиз.
Селдей болгон аскерге,
Жер жайнаган көп элге,
Баштаймын жолун, балдар” – деп,
Абаң Бакай жөнөдү.
Таң сүзүлүп агара,
Аралашып кошо ага.
Аттарга минип камына,
Кечкурунку бүрүлдө,
Таанылбас киши күүгүмдө,
Тамак ичип жайланып,
Төрт кашка кетип баратат,
Чоң Инген тоосун айланып.
Сегизинчи күнүндө,
Күн козу түш кезинде,
Чыгып келди төрт берен,
Ача мойун ок бир белге.
Чыга калса мойнокко,
Жээрде кашка жайдак бээ.
Байлалуу турат туу белде.
“Адам бар жерге келдик” – деп, Жээрде бээни көргөндө,
Имерилип турду эле.
Аңгычакты бир бала,
Ээрчиткен тайган ити бар.
Көтөргөн мылтык, капканы,
Чыга калып жандоодон,
Төрт беренди көргөндө,
Жүрөгү чыга жаздады.
Коркконуна ал байкуш,
Үстү жаккы ак тоого,
Сары ала таш чоң зоого,
Жан соогалап качпады.
Кадам таштап, бут серпип,
Бери карай баспады.
Көрүп туруп Гүлчоро,
Колун булгап чакырды:
“Кел бери, - деп – чакырса”, Бечара байкуш мергенчи,
Жүгүргөнчө шашылды.
Жакын кирип келгенде,
Төрт берендин айгине,
Айдай жүзүн көргөндө,
“Абаке”,- деп чакырып,
Бакайдын аты айтылып.
Андан башка кеби жок,
Токтоп калды апкаарып.
Кыйа карап Канчоро:
- Кел, Жээнбай, келгин-деп,
Эмине кылып бул жерге,
Капкан, тузак көтөрүп,
Не жумушка келдиң-деп?
Бөрү токой, көк талаа,
Үчкаркыра адырда,
Бештен киши кемибей,
Жүрүчү эле жаныңда.
Көтөрүп тапкан жүрөсүң,
Бу жерде кандай жүрүшүң?
Келчи жакын жаныма.”Канчородон кеп угуп,
Алдакаткан Жээнбай,
Арстандарга жоолугуп,
Бышактап ыйлап бир далай,
Бир убакта соолугуп.
Улутунуп, үшкүрүп,
Жанына келип булардын,
Олтурду анан үңшүйүп.
Кылчайып карап хан Семей:
“Жаш кабылан Канчоро,
Бул Жээнбай кайсы элден?
Атынан айтып чакырдың
Тааныйсыңбы муну сен?” Канчоро жооп бергинче,
Палан-пастан дегиче,
Жээнбай сөзгө келди эле:
“Айсалкындын кызынан,
Казакта жүрүп туулган.
Алп Жамгырчы баатырдын,
Жээнинин жээни элем.
Өзүмдүн атым Жээнбай,
Эр Семетей, не болдуң,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 20
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.