Latin

Семетей - 14

Total number of words is 4208
Total number of unique words is 2288
31.0 of words are in the 2000 most common words
44.9 of words are in the 5000 most common words
52.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Экөөбүздү хан кылды.
Чогулган кыргыз бул элге,
Чоңойтуп бизди зал кылды.
Орукта калган канкорго,
Ойу терең анткорго,
Ошого барып келсек – деп,
Алы жайын билсек – деп,
Алдыңа келдим ушул кеп.
Канчоро күлүп кеп айтып:
- Куп Гүлүсүм, - деп – айтып,
Дегеле ырас келишиң,
Кеңешти жакшы беришиң.
Төрөгө биздер барабыз,
Чөгөлөп салам кыларбыз.
Арак ичип, мас болгон,
Буулугуп акыл аз болгон.
Төрөм турса токмоктоп,
Ошондо кандай кыларбыз?
Эл жүрсө бизди каным – деп,
Семетей жүрөт кулум- деп.
Алдына арып токмок жеп,
Болбойлук элге шылдың кеп.
Тандап алган айлында,
Ак өргөлүү уулу көп.
Азыркысы күн ысык,
Кечки салкын түшкөндө,
Тоо бөксөлөп баралык.
Абам Бакай карыны,
Жолдош кылып алалык.
Ооруктагы төрөнүн,
Сыйын жеке биз көрбөй,
Карып калган абакем,
Бирге барып ал көрсүн,
Ал көрбөсө ким көрсүн?
Канчородон кеп келди,
Гүлүстөнгө эп келди,
Желигип жолго салышты,
Канча күн жүрдү арада,
Эсебин кимдер алышты?
Эр Бакайдын айлына,
Кечинде жетип барышты.
Алыстан келген хандарын,
Алдынан тосуп алышты.
Көрпө килем салышты,
Алп Жамгырчы, Каныкей,
Абакеси эр Бакай,
Кысырактан жарышты.
Кызыгына батышты,
Конок болуп эки дөө,
Аксакалдын үйүнө,
Баса барып жатышты.
Бар кебин баштап бабырап,
Бакай ханга айтышты.
Карыйа Бакай кеп айтат:
- Ой, балдарым, - деп айтат.
Ардактап баккан ат болсо,
Айылга ээси минүчү.
Ардактап тиккен тон болсо,
Айт күнүндө кийүчү.
Тулпарларды мингиле,
Каруу жарак илгиле.
Ээрчитип келген балдарды,
Жандырып элге ийгиле.
Он сегизде Байтайлак,
Ат бактырып алалы.
Баатырдын уулу чунакка,
Бастырып биздер баралы.
Эсендигин сурашып,
Амандашып жаналы.
Жаңы акыл кеп болсо,
Айттырып сөзгө каналы.
Орукта жаткан төрөдөн,
Олуттуу кеңеш табалы.
Оолуккан чунак жалгыздын,
Ойлонгон кебин угалы.
Олуттуу кеби болбосо,
Ойлонгон иши жок болсо,
Ойун, күлкү ал жерде,
Сыйын көрүп жаналы.
Бакай хандан кеп келди,
Баарысына эп келди.
Ээрчип келген жигиттер,
Элине жанып кеткени.
Айгырларга жүктөтпөй,
Кымыздарын артынып,
Жоого тийчү немедей,
Чарайнасын тартынып,
Куулжуган чунактар,
Короодон чыкты бастырып.
Ээрчиткени Байтайлак,
Бакай ханды баш кылып,
Кысыракты жетелеп,
Орукта жаткан төрөнү,
Көрөбүз – деп, энтелеп.
Убайлуу күнгө кез болду,
Өзүнчө келип темтелеп.
Ашмакчы буткул жеринен,
Айтылуу Манас канкоруң,
Эр Алмамбет баатырды,
Тосуп барып сынаган,
Ботомойнок белинен.
Алдыда белдүү Канчоро,
Бек кайраттуу ал чоро,
Каралат менен калдайып,
Белестен чыкты дардайып.
Көөдөнүнчө чыкканда,
Кеңколдо жаткан көп элди,
Көрө салып таң калып,
Түрү суук көргөнгө,
Кайра тартып жалтанып.
“Э, кокуй”, - деп , ат койуп,
Бура тартты жалт койуп.
Гүлчоро бар артында,
Түрө кармап этектен,
Гүлүстөн баатыр тартканда,
Атынан түшүп жалп этип,
Жыгылды жерге далп этип:
- Калдаңдаган, чунак кул,
Кандай шумдук жумуш бу?
Ойноор жерде ойнобой,
Беймаал ойун табасың,
Эминени сен көрдүң,
Айтчы кептин карасын?!
- Айланайын, Гүлүс, ай,
Билгенге кыйын бул иш, ай!
Атадан калган Кеңколдун,
Кеңколго салган коргондун,
Карааны кыйла бар эле,
Көрүнүп турчу ал эле.
Үй-үлкүмөт, мал-пулдун,
Эч көрүнбөй карааны,
Кайсы экени билинбейт,
Камап душман алганбы?!
Муну айтып Канчоро,
Көргөнүн байан кылганы.
- Эмне дейсиң, чунак – деп,
Энтеңдеген улак- деп?
Эчтеме көрбөй жалт койсоң,
Элиң укса уйат!- деп.
Бура тартып ал төртөө,
Жерлик Талас башынан,
Баарысына дайын го,
Адам батар ташынан.
Орун алды мобулар,
Бөксөнүн өөдө жагынан.
Аттарын байлап тектирге,
Сыр билгизбей эч кимге,
Барып түштү бир жерге.
Үстү жаккы кыраңга,
Басып чыкты баатырлар.
Кеңколдун жайын уксаңар,
Мына мындай айтылар.
Тескейи жазык тулаңдуу,
Кол салаасы коктулар.
Кубулжуган ыраңдуу,
Кирген топоз, буканын,
Башын кашыр жари жок.
Казык тагып, мал байлар,
Томуктай болгон ташы жок.
Үстүндө кырчак, куму жок,
Туйуктанар тоосу жок,
Же капчыгай, бийик зоосу жок.
Өзөгү кайың, тал болгон,
Буткул-буткул булуң саз,
Агыны кара суу болгон.
Ал кара суу сазына,
Өрдөгү учса, каз конгон.
Шилби, четин, ыргайы,
Табылгы, терек аралаш,
Сайып адам койгондой,
Алма менен кожогат,
Алача, өрүк, жийдеси,
Ошол жерде чоңойгон,
Жаңгагы жерге жыйылып,
Ой, чуңкурга жык толгон.
Кайыбы топ-топ жыгылып,
Бир топтон атат төрт, бешти,
Кездешсе мерген кабылып,
Бөксөсү арча, төө куйрук,
Кудай таала туш кылган,
Ырысына жер буйруп.
Жандоонун баары карагай,
Жер тизмеги мамындай.
Жерден чыгып жыбылжып,
Өзөнү дайра суу болгон,
Коколору кырында,
Адам бойу чоңойгон.
Аттуу киши мааналайт,
Жаан күнү чынында.
Көлөкөлөп отурду,
Коконун барып жанына.
Кабылан Бакай кеменгер,
Калктан ашкан айлакер.
Таш дүрбүнү колго алып,
Таамай салып ал карап,
Дүрбү салып шыкаалап.
Кылчайып карап жанына,
Кызык кепти ал салат:
- Баатыр Манас барында,
Биз барбаган жер жок- деп,
Биз албаган эл жок- деп.
Андан кийин Семетей,
Эч душманды элебей,
Эрдиги артык ченебей.
Калган экен ок атпай,
Эки душман эстелбей.
Ангилис, бараң барбадык,
Аралап уруш салбадык.
Бул көрүнгөн көп душман,
Ал экөөнө окшобойт.
Абдан карап таанышка,
Көзүмдүн жашы токтобойт.
Айтып аны токтолуп,
Опколжуп Бакай козголуп:
- Капырай, балдар, байкагын,
Каардуу калча келгенби?
Байкап көрсөм бул элди,
Бүткөн бойу үпчүлүү,
Аркасы жырык этеги,
Капталынан топчулуу,
Кытай журту болбосун,
Ошол өңдүү көрүнөт,
Абайласам болжолу.
Буттарында кийими,
Баары кебез, кендирден,
Шала кулак тебетей,
Баштарына кийинген.
Жемишти көрсө жайылган,
Жер бетине жабылган.
Тамырын чөптүн суурган,
Табак камыр жуурган.
Кабар алсак болот ко,
Кытай окшойт ушундан.
Акыл жаштан болучу,
Асыл таштан болучу.
Калган кептин кеңешин,
Силердей жаштар кылучу.
Карган абаң мен айтсам,
Каардуу калча жооң ушу!
Кечээ чоң Бейжинге барганда,
Кеңдемеде чоң бутун,
Талкалап баарын салганда.
Ошондо кеги калды эле,
Арылбаган жалганда.
Чыкпаган окшойт арманы,
Манастын башын жарганга.
Келген окшойт бул жерге,
Кейишти салчу чоң калча!Деп, ошентип Бакай хан,
Кебин айтып токтолду.
Канчоро баатыр күүлөнүп,
Катуу жаман сүйлөнүп,
Тегеле жаман октолду:
- Жыргалдуу Бейжин жерине,
Жыргап жаткан элине,
Абакем өзүң баш болуп,
Аттанып силер бардыңар.
Алтын шаар калаасын,
Анда тартып алдыңар.
Алыстан сапар жол тартып,
Арып-ачып келиптир.
Каны тарткан калчаны,
Кудай колго бериптир.
Уйга таккан чүлүктү,
Бул өңдөнгөн бүрүктү.
Катардагы дөөлөрүн,
Ат көтөргүс жөөлөрүн.
Айдап жүрүп кыралы,
Кырып салып тыналы!
Качырып барып тийели,
Ата журттан, Кеңколдон,
Айдап муну ийели.
Ылаачындай тийели,
Жин-шайтандай буларды,
Кырып жойуп ийели!
Баатыр Манас башында,
Алмамбет, Чубак кашында,
Теңдеше албай кыйратып,
Шаарын берген тушунда.
Айдабай шайтан не болдук,
Шашып келсе ушунда?!
Жарагым бар колумда,
Жалтаныш жок ойумда.
Баарына жалгыз жараймын,
Мага теңгел киши жок,
Те, калың калмак тобунда!
Канчоро аны айтканда,
Гүлчоро мындай айтат кеп:
- Токтой турчу баатыр – деп!
Кылганың сенин, кеп эмес,
Эр Коңурбай болгондо,
Теңдешер душман теги эмес.
Кытайда арбын алптар бар,
Калмакта канча баатыр бар.
Аттанып барып бул жерден,
Ал жерде өлгөн баатырлар!
Ал ошондой бош болсо,
Атаң Чубак эр кана?!
Алмамбет, Сыргак шер кана?
Арстан Манас бел кана?!
Айланаңды ойлонуп,
Акыры түбүн сен сана!
Каардуу Коңур эр ошол,
Баарын салган балаага.
Көмдүрбөй сөөгүн таштаткан,
Эндекей сары талаага!
Каарына алса чоң Туңша,
Каптап кетчү чоң балаа.
Казаптанса Коңурбай,
Каарына кылат ким дабаа?!
Алактап бекер сүйлөйсүң,
Акылың жок сен бала.
Карылардан мен уккам,
Ашыкма Чубак – деп уккам.
Энтелеп Чубак барганда,
Каткалаңдын кыз Сайкал,
Көмө сайып калганда,
Минген атын тутултуп,
Алмамбет барган кутултуп.
Сен ошонун уулусуң,
Бекер кайрат кылышың.
Асили түбү ишке ашпайт,
Тилдешпей кылган урушуң.
Тымызын барып тил албай,
Бүтөт кандай жумушуң?!
Анда Бакай муну айтат:
- Гүлүстөн, жарайт айтканың,
Балдар, сөзүм байкагын.
Кылдыр-кулдур сүйлөшүп,
Кытайдын тилин билчүң, ким?
Калдыр-кулдур сүйлөшүп,
Калмактын тилин билчүң, ким?
Тетиги, кайнап жаткан калың кол,
Кабар айтып барчуң, ким?
Гүлүстөн туруп кеп айтат,
Күлүмсүрөп муну айтат:
- Сенин атаң Чубактай,
Менин атам Алмамбет,
Ала көөдөк жан эмес
Башында кытай ханы эле,
Арбак конгон жан эле.
Жазасын берген канчанын,
Белдүү туулган жан эле.
Периден молдо алдырып,
Кырк эки тилди жыйнатып,
Сай сагызган тилине,
Дуба кылып байлатып.
Балама белек болсун – деп,
Ошону кеткен карматып.
Өгөйлүк кылбай Арууке,
Белдемчинин бүгүшкө,
Бекем тигип капшырган.
Баласына берем – деп,
Сактап жүрүп Каныкей,
Мен чунакка тапшырган.
Кытай, калмак тилдерин,
Кыйын билем баарысын.
Манжу, шибе тилдерин,
Канык билем баарысын.
Ооган, орус тилдерин,
Өзүндөй билем баарысын.
Айтканда жыйып баарысын,
Кырк эки уруу тил билем,
Аралап кирип ал элге,
Айттырып сөзүн мен билем.
- Билсең баатыр баргын - деп,
Бакай айтып салганы.
Мурунку эрдин даңкына,
Айткан менен сөз жетпейт,
Чыны менен калпына.
Эр Гүлчоро баатырдын,
Кол куржуну жанында.
Үйдө жүрсө Гүлчоро,
Оң жагынан кетчү эмес.
Түндөсүндө Гүлчоро,
Төшөгүнүн башында.
Аттанып чыкса талаага,
Канжыгага байлануу.
Отурса да сийгени,
Бир желдетке кармалуу.
Ардактаган куржуну,
Бүгүн канжыгада байлануу.
“Не катат муну бүжүрөп,
Алмамбеттин чен тону,
Мына ушунда белем”- деп,
Эл-журт жүргөн күбүрөп.
Андай эмес Гүлчоро,
Жети кыраан элинин,
Жети түрдүү кийимин,
Артынып жүрчү белендеп.
Абасы Бакай айтканда,
“Калмак, кытай белем- деп,
Чечип алып куржунун,
Сууруп алып кийимин,
Кара бойу үпчүлүү,
Капталынан топчулуу,
Алып кийди кийимин.
Кебезден өтүк кийинип,
Эгесине сыйынып,
Кеп чачты башка салганы,
Шала кулак малакай,
Башына кийип алганы,
Калмак болуп калганы.
Олпогу жок жонунда,
Айбалта жок колунда.
Жамандык болот экен- деп,
Жалтаныш жок ойунда.
Атадан калган Акшамшар,
Эндекей ичтен байланып,
Эр Гүлчоро шайланып.
Өзү көргөн жер менен,
Жыла басып жел менен,
Кирип кетти жол менен.
Кабылан баатыр Гүлүстөн,
Карагайдан өткөнү,
Карагайдын четинде,
Оттоп жаткан аттарга,
Элеңдеп барып жеткени.
Ар кайда аттар топ-топтон,
Алды беш жүз, арты жүз,
Айанттарда жайылган.
Көрдү баатыр Гүлүстөн,
Бир жерди жууркан чачылган.
Отун жыйнап жаткансып,
Тезек терип жүргөнсүп,
Эптеп чоро баскансыйт.
Жерден алып салганда,
Түшүп калат артынан.
Түшкөнүнө карабай,
Терген болуп абыдан,
Антип–минтип түгөнгүр,
Аттардын жетти жанына.
Черүүсү окшойт калмактын
Азамат окшойт жалгыз жан.
Ат баккан жерден табылды,
Калмагынча ийилип,
Салам айтып калганы.
Салам айтып барса да
Калмак алик албады.
Саламдын алик ордуна,
Бул болду калмак айтканы:
- Жаныма жакын жолобой,
Айткын кебиң ыраактан.
Улугубуз кеп айткан,
Саламга алик алба – деп,
Ушуну чындап бек айткан.
Экөөң турсаң бир жерде,
Башка адам келсе жаныңа,
Тааныбасаң экөөң тең,
Кылычтап аны жайла – деп.
Мен жалгызмын, билбеймин,
Эгер болсо жолдошум,
Тааныбаса ал дагы,
Төгөт эле каныңды,
Алат эле жаныңды.
Өлтүрөт бекер өзүңдү,
Ойом сенин көзүңдү.
Жаныма келбей бат жогол,
Эгер уксаң сөзүмдү!
Калмак кебин бүтүрдү,
Алмамбеттин Гүлчоро,
Кара баштуу бендеден,
Кашка туулган эр чоро.
Тили таттуу, боору таш,
Калмакча сүйлөп калдырап,
Айтты мындай балдырап:
- Укчу баатыр, кебимди,
Ушу сага келишим,
Өлө турган жеримби?
Зилим кытай эли элем,
Жалгыз чейрек жер менен,
Күн кечирип сей менен,
Жалгыз эшек мал менен,
Жан бага албай нанга зар,
Жаман турмуш көрчү элем.
Көк-сак айдап эр-катын,
Тиричилик кылчу элем.
Өткөн күндүн биринде,
Чолок мылтык асынып,
Элдер дүрбөп шашылып,
Сары кийип баарысы,
Кең көкүрөк далысы,
Чокмор алып барышты,
Казатка жүрүп калышты.
Аттуу жүрүп нан жешти,
Түшүп калса барчасы,
Карабай таштап кетишти.
Аскер эркин карды ток,
Түйшүк менен кээри жок.
Жыргайт экен ушул – деп,
Ойума бул кеткени.
Кош айдап жүрсөм телмирип,
Мылтык алып эл келди.
Ана-мына дебеди,
Үстүмө кийим тон берди,
Колума дары, ок берди.
Буруттун элин чабабыз,
Бекерден мал табабыз.
Ойума кеткен ошондо,
Чоң кудай мага нак берди.
Ошол жолку урушта,
Түшүп бурут колуна,
Кул болдум минтип шорума!
Ошондон бери карата,
Бул буруттун элдери,
Орун берип оңдурбайт,
Уктатып уйку кандырбайт.
Жумшап жаным тындырбайт,
Жүз, колумду жуудурбайт.
Отун терип келгин- деп,
Чай кайнаткын болгун – деп,
Так шайымды кетирет.
Таалайга ушул иш болуп,
Мурункудан кийинки,
Түйшүгүм менин күч болуп.
Келген жерим, элимди,
Сагынып жүрөм нес болуп.
Күн өтүп кетип баратат,
Таң атып, кайра кеч болуп!Деп ошентип Гүлчоро,
Жашуучудай болду эле.
Көп аттарды баккан жан,
Көрүп туруп чорону,
Акылы айран болду таң.
Ал аңгыча камынып,
Арстан туулган Гүлүстөн,
Калмакча кылып кааданы,
Анжийандын ак куурма,
Жез чылымга салды эми.
Кырып алып жер кууга,
Буркуратып сорду эми.
Найын кагып арытып,
Тамекисин жаңыртып.
Жер куу чагып тутантып,
Кош колдоп суна берди эми,
Үстүнөн түтүн чубалтып.
Чылым сунуп тартышып,
Ичинде сырын айтышып:
- Нескаранын элимин,
Эң эле мурун келипмин.
Кеңкол деген жер экен,
Кыргыз деген эл экен.
Кара кыргыз улугу,
Семетей деген эр экен.
Сан миң аскер кол менен,
Чапканы келдик ошону.
Мен миң кишинин башымын,
Өтөсүн алып атынын,
Ат бактырып тоо-ташта,
Карагайда жатамын.
Өлбөй тирүү мен барсам,
Үйүңө салам айтамын.
Жанашалаш отуруп,
Билип чоро алганы.
Туйгузбастан тигинин,
Алкымынан кармады.
Кайсы жактан чыкты экен,
Жаны кетип калганы.
Сүйрөп барып кабакка,
Черге тыгып салганы.
Үстүндөгү бар киймин,
Сыйрып тоноп алганы.
Кебин угуп ал абдан,
Киймин кийип жаңыдан,
Асталай басып Гүлүстөн,
Эр Бакайга барганы.
Бакай менен Канчоро,
Кум кайрак таштан бүлөө алып,
Кылычты кармап эгешип,
Жаткан экен белесте,
Найзанын учун бүлөшүп.
Жанына жакын барганда,
Бута атымча калганда,
Канчоронун көзүнө,
Келаткан калмак көрүндү.
Көрө салып Канчоро,
Жүрөгү чыгып кабынан,
Найзасын кармап сабынан,
Сайамын деп жүгүрдү,
Ашыккандан абыдан.
- Энтеңдеген чунак кул,
Энтеңдебей шүк отур!
Темтеңдеген чунак кул,
Темтеңдебей тынч отур!
Балакет басып алдыбы,
Көзүң агып калдыбы:
Тааныбайсың мени,- деп,
Гүлүстөн айтып салганы.
Таанып алып Гүлүстү,
Туруп калды Канчоро.
Барган, көргөн баарысын,
Айта салды Гүлчоро:
- Калмак экен билдим- деп,
Абам колго түшкөндө,
Кайсы бет менен Канчоро,
Аралайт элең элди – деп.
Таалайыбыз бар окшойт,
Абам тирүү өңдөнөт.
Коргонго кирип алганбы,
Корголоп жаны калганбы?
Же болбосо, абаке,
Менин ойлогонум жалганбы?
Келген душман манжудан,
Калбаган окшойт эч бир жан.
Дагы эле келип жаткансыйт,
Топ-топ болуп аркадан.
Кандай жумуш кылабыз,
Кандай уруш салабыз?Деп, ошентип Гүлчоро,
Көргөндүн баарын билгизди.
- «Акыл жаштан эмеспи,
Асыл таштан эмеспи»,
Карыган абаң не кылат?
Калганын, балдар билгин- деп,
Бакай турду эпеңдеп.
Канчоросу оолугуп:
- Манжу болсо келген жоо,
Кыйкырып барып тиели.
Кыйындык кылса каңгайлар,
Кылычташып көрөлү.
Ажал жетсе кудайдан,
Аралашып өлөлү.
Коркконсуп жатсак кыр-кырда,
Тирүү кайдан көрөлү,
Коргондо калган төрөнү?
Аш-азыгы бар болсо,
Сууну кайдан табат?- деп,
Канчоро айтты мындай кеп.
Гүлүстөн анда кеп айтып:
- Койгун, баатыр кебиңди,
Ит уксун муну - деп айтып.
Абамдын камын кылбагын,
Ойлонуп акыл кылайтып.
Билип жүрөм мен баштан,
Көл жарылып калат- деп,
Абам менен энемдин,
Байлап сууну койгонун.
Байкап угуп сөзүмдү,
Баатырым өзүң ойлогун.
Дагы үч ай жетет го,
Ойлоп көрсөм болжолун.
Экөөбүз мында турабыз,
Жайында жатат он төрт хан.
Кабар кылсак хандарга,
Кайраты толук жандарга.
Эп келсе ушул кеңешим,
Касиеттүү абама,
Убадалуу күн болжоп,
Байтайлакты жиберсек.
Бадирек тиктеп, туу сайып,
Бадирек жоого биз тийсек.
Бекер жатпай аңгыча,
Азы-көбүн бул элдин,
Аралап жүрүп биз келсек.
Болот, балдар болот - деп,
Карсылдап Бакай күлдү эле.
Гүлчоро баатыр кат жазып,
Он сегиз күн болжолун,
Ошол катка бек жазып.
- Ушул сапар келбеген,
Ушаландың – деп жазып.
Калтырбай колуң айдап кел,
Канкордун көөнүн жайлап кел,
Түк койбой элиң айдап кел,
Түгөнгүр көөнүн жайлап кел!
Он сегиз күндөн калба- деп,
Ойлобой жатып алба,- деп.
Катын тамам кылганда,
Кабылан Бакай чоң мөөрүн,
Айагына бек басып,
Бозжорго тулпар ат берип,
Туруп калды калгандар,
Байтайлакты атказып.
Бала баатыр Байтайлак,
Колуна хандык кат кармап,
Мине турган алыска,
Бозжоргодой ат тандап.
“Кандай барып келем- деп,
Кантип кабар кылам”- деп.
Жалгыз ооз абал билдирбей,
Бура тартып аттанып,
Жүрүп кетти дыр койуп,
Жолдошу анын бир барчу,
Жүз кишидей шаттанып.
Барар жери чунактын,
Күн батышы Испанда,
Күн чыгышы Кытайда.
Он төрт хан элин сурасаң,
Орто жери ушунда,
Өзү жалгыз күүлөнүп,
Бастырды бала кенебей.
Жоргонун башын чулгутуп,
Артынан чаңын бургутуп.
Болушунча камчылап,
Алдындагы жоргону,
Кара терге жуурултуп,
Боз бала кетти ыраакка,
Кандим болгон канкорлор,
Жата албайт бекер быйакта.
Эр Гүлүстөн турбады,
Белин бекем бууганы.
Кыны жок шамшар байланып,
Кытайга кетти шайланып.
Кечке чейин жөө басып,
Коңурбай турчу чатырга,
Кечинде жетти айланып.
Камыштын чыккан түбүнөн,
Жалгыз булак кара суу,
Таттуу анын суусу – деп,
Хандар иччү суу экен.
Айчүрөктүн ордосу,
Ага жакын жерде экен.
Алп Коңурбай, чоң төрө,
Адырайган, зор төрө,
Өзү тажаал, куу төрө,
Падышалык чатырын,
Басса пилге жүктөтүп,
Алып келип заңкайтып,
Айкын талаа Кеңколго,
Тигип салган кези экен.
Карылардын макалы,
Кайсы укмушун айталы?
Жансызда камыш чоң болгон,
Жандууда балык зор болгон.
Гүлчоро баатыр ошондо,
Камыштын кирип ичине,
Көз жиберип чатырга,
Токтолуп калды кичине.
Атасы баатыр Алмамбет,
Калтырып кеткен мураска,
Тутамга толбос жалгыз ооз,
Таң калгандай сырты кооз.
Жети кабат таш дүрбү,
Он эки таштан орноткон,
Отуз күндүк жол болсо,
Он бута атым келтирген.
Ачууланып тиктесе,
Утур келген адамдын.
Жүрөгүн жарып өлтүргөн.
Бой тумар чалыш кабы бар,
Болжолу жок дүрбүнүн
Болоттон кылган сабы бар.
Болумдуу тууган Гүлчоро,
Сууруп алган чагы бар.
Чатырга салды элеңдеп,
“Кирер жери бар болсо,
Жазасын түндө берем” - деп.
Чүпүрөк тышы көрүнсө,
Ичи темир тор экен.
Жалгыз эмес темир тор,
Үч кабаттап эштирген,
Темир аркан ошону,
Сыртынан тартып салыптыр.
Киремин деген ушуга,
Гүлчоронун шору экен!
Ууктарын бекиткен,
Коргошун коло аралаш.
Жаткан уйдай коргошун,
Сом темирди кынаткан,
Кыйырынан таштап сулаткан.
Тик көтөргөн жыгачын,
Ал темирге улаткан.
Таманы жынжыр беш кабат,
Так ушундай чатырга,
Таакат кылып ким барат?
Жети катар эшиктүү,
Киши кирер тешиктүү.
Хандар менен ашпоздун,
Ортосунда көшөгө,
Ошол кездин балбаны,
Бой урса араң чыккандай,
Өтөмүн деп ошого.
Чай кайнатып нан берген,
Ашпозу турат бир жакта.
Алты бөлмө ал чатыр,
Баарысында бир эшик.
Алты түрдүү жаракты,
Оңдоп кармап тептегиз,
Өңкөй чокмор кармаган,
Одурайган балбандар,
Он айланып алыптыр.
Көрүп муну Гүлүстөн,
Күмөндөнүп калыптыр.
Так ошол кезде алдынан,
Колуна нөгөй көтөрүп,
Чыгып чайчы чатырдан,
Камырабай ал чайчы,
Булакка нөгөй батырган.
Жармашып чоро шыйракка,
Шыйрагынан көтөрүп,
Башын сууга малганы.
Сүйрөп кирип камышка,
Өлтүрө койуп кийимин,
Өзү кийип алганы.
Айла менен жайлады,
Жылаңачтап чечтирип,
Сырткы киймин алганы.
Буту-колун бек байлап,
Сууга таштап салганы.
Чайчынын киймин бүт кийди,
Колуна кармап нөгөйдү,
Асталай басып жетти эми.
Эшиктен кире берерде,
Эми чоро ойлонуп:
“Акылымды алдырып,
Ашыгып калган экенмин.
Жалгыздыгы курусун,
Шашылып калган экенмин.
Койондон окшош сырдаган,
Он эки сандык бар эле.
Ойлобопмун мен мурун,
Канты кайда, чай кайда?
Наны кайда, бал кайда?
Ачык сурап мен билип,
Анан муну сойбопмун.
Аларды анык билгенде,
Чай ордуна уу чылап,
Хандардын баарын жоймокмун.
Эми муну оңор жок,
Буйруганы болор”- деп,
Алты эшиктен өттү эле.
Ал чатырдын төрүндө,
Ашканага жетти эле.
Түтүнү жок, жалын чок,
Түгөнгүрдүн оту бар.
Чайын асты ушуга,
Коңурдун туура тушунда.
Жыйын ачып сөз сүйлөп,
Коңурбай жатат ушунда.
Анын ушул иштерин,
Жөн бир киши билбеген.
Үч миңче башчы болгондун,
Бир да бирөө үстүнө,
Өзүнчө басып кирбеген.
Коңурбайдын кеби бул:
- Азыр болгун, каңгайлар,
Кордук көрөр жериң бул!
Кеңкол деген жер ушул,
Каардуу кыргыз эл ушул.
Каарланса Семетей,
Каныңды төгөр жер ушул!
Камоодо калды коргондо,
Канымет анда болгонго.
Ойуңа алгын каңгайлар,
Оңой жоо- деп- ойлонбо
Чылабанын тукуму,
Чырга тууган ушуну.
Соорандыктын өз уулу,
Согушка тууган нак ушул.
Алмамбет азган Бейжинден,
Качып кетип элиңен.
Баштап барып кыргызды,
Ушул бурут элинен,
Тартып алып калааңды,
Так шайыңды кетирген!
Тартууга бердик эки кыз,
Танбай сөздү угуңуз.
Эсен хан кызы Бирмыскал,
Өзү алган Алмамбет.
Ошондон калган бир тукум,
Гүлчоро деген карабет.
Кайраты толук жан деген,
Он эки уруу тил билчү,
Өтө эле шум ал деген!
Атканын жазбас мерген – дейт,
Чапканын жазбас балбан – дейт.
Сайганын койбос сардар – дейт,
Сан жылкыңды бир алган,
Салтанаттуу Толтойду,
Он төрт, он беш жашында,
Томкоро сайып алган- дейт.
Чынкожону сойгон- дейт,
Канын ичип тойгон –дейт.
Өжөрлөнсө алат – дейт,
Өчөшсө түйшүк салат – дейт.
Айлакерлик, кеменгер,
Баарысын жалгыз алган – дейт,
Өткүр чыгып Гүлчоро,
Бакай бекер калган –дейт!
Азыр болгуп баарыңар,
Каран менен ханыңар.
Эндегей минтип жүргөндө,
Эбиңди табат билип ал!
Билинбей кирсе тешиктен,
Кирип калса эшиктен,
Байрак сайып, туу жайбай,
Баарыңар жатып калдыңар.
Күмөндүү киши көрүнсө,
Саламга алик албаңар.
Жакшы сөз айтса көрүшүп,
Жалпаңдашып калбаңар!
Бир жерде турса эки адам,
Башкадан келсе бир адам,
Тааныбасаң, экөөң тең,
Кылычтап башын жайлаңар.
Коңурбайдын бул сөзүн,
Түк унутуп калбаңар!
Калдайдын уулу чоң Коңур,
Каардуу баатыр оңбогур.
Айтып жатат ант ургур,
Ар кандай сөздү кутургур!
Аңгыча болбой камынып, Чайнектен булоо буркурап,
Чоргосунан чыркырап,
Чайы кайнап чыкты эле,
Гүлчорону көрсөңөр,
Мына ушундай мыкты эле.
Чайын таап алам – деп,
Сандыкка ачкыч салыптыр.
Көрбөгөн мурун чунагың,
Нанды кармап калыптыр.
Оозу хандар сөзүндө,
Өрттөнүп өлгөн Коңурбай,
Көзү аны чалыптыр:
«Айтпадымбы байа эле:
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Чайчы болуп алганбы?
Чайчыбызды өлтүрүп,
Чатырга кирип калганбы?
Анык чайчы ал болсо,
Ажалы жетип калганбы?
Азыр болгун жанга - деп,
Ар кандай нерсе керекти,
Жаза кармап калба - деп,
Тапшырдым эле башында,
Укпай чайчы калганбы?
Тамтаңдап калды байатан,
Тааный албай чай, нанды.
Баргының, желдет, бар - деди,
Кылычтап башын ал - деди!
Кызыталакты өлтүрүп,
Кабакка сүйрөп сал»- деди!
Адамдын кулак, мурдунан,
Тумар кылып тагынган.
Кан ичме десе күлүңдөп,
Сүйүнүп баары жабылган.
Тура калып жөнөдү,
Он эки желдет жанынан.
Солк этип койбой эр чоро,
Зоңкойуп өөдө болду эле.
Аскарлуу тоодой чоң чоро,
Ашыкпай өөдө болду эле.
Көрө салып чорону,
Кокуйлап Коңур ошондо,
Мууну анын бошонду:
«Айтпадымбы байа эле,
Оң далысы кең экен,
Ойротту бузар эр экен.
Сол далысы кең экен,
Соорунду бузар эр экен.
Кең көкүрөк, сом далы,
Өзү балбан неме экен.
Ажыдаар ооз, жалын көз,
Жазы маңдай, жайык төш,
Кан төгүүчү неме экен!
Турбагыла камынып,
Туткунда, баарың, жабылып!»Деп Коңурбай калчасы,
Катарда балбан канчасы,
Үксөйдү башка чыккан чач,
Үйдөй болгон чойун баш.
Он эки канат ордодой,
Чокморлорун булгалап.
Ордунан копту балбандар,
Жанаша турган сардарлар.
Как ошону кергенде,
Кишиде кантип жан калар?
Карап турат түгөнгүр,
Жалгызмын – деп – тайманбай,
Ушундай учур маалда,
Гүлчоро эмес кара таш,
Тура алабы зарланбай?!»
“Чуркап жете барсам –деп,
Буурул сакал калчаны,
Мууздап кардын жарсам”–деп.
Жете барар жери жок,
Ортодо турат балбандар,
Кайта кетер алы жок,
Кандай кылар айла жок.
Так ошондо кылт этип,
Акыл ага табылган.
Алты катар чатырга
Жалгыз чырак жагылган.
Кыны жок жалаң шамшарын,
Толгой тартып жеңине,
Сабынан бекем кармады.
Туткасы алтын, сары жез,
Жагылуу турган чыракты,
Качырып барып салганы.
Чачылып чырак түн түшүп,
Калмагыңча калдырап,
Манжуларча балдырап,
Кытайыңча кылдырап,
Эр Гүлчоро кулдурап.
“Карма,– десе,– карма”,– деп,
Кармоочунун бири ал.
“Өлтүр,– десе,– өлтүр”, – деп,
Өлтүрчүнүн бири ал.
Ошентип жүрүп бултаңдап,
Эшикке чыкты эр сардар.
“Эми кантип кетем –деп,
Бурма таштан, жез ноого,
Бурулбай барып жетем”
Токтобой мында чебердеп,
Аралап камыш сереңдеп.
Жете барды жез ноого,
Кереметтүү зор калча,
Келер замат билиптир,
Алтымыш уруу кытайдан,
Бирден киши ылгатып,
Кайтартып ноону койуптур.
Жапа жемиш, чөп чардан,
Жыйнап алган алардан.
Кырк-элүүдөй адамы,
Колуна чөкү кармаган.
Кужурашып сүйлөшүп,
Курсагынын камын жеп,
Кыжылдашып жатканда,
Коржоңдоп чоро барганы,
Тогуз, ону арыкта,
Топтошуп туруп алганы.
Жогортон келген улуктай,
Ошондо буйрук салганы:
“Ишенимдүү киши- деп,
Бүтүрөт булар ишти- деп.
Кайтартып койсо арыкты,
Бадыректер оңбойсуң,
Бекер ашка кыныксаң,
Бейкут өлүп сойлойсуң!
Бүгүн келди бир нөөмөт,
Эртең кайдан келет – деп,
Кызыталак иттердин,
Кылган иши кандайдыр,
Анык өзүм көрөм”- деп.
Көргөн болуп жанашып,
Ачуусу келип жан ачып.
Бакай абаң айткандай,
Темирден кылган капкасын,
Тартып алып түгөнгүр,
Алысыраак ыргытып,
Карап калды түгөнгүр.
“Гүлчоро кылган иши – деп,
Билип калсын абам – деп,
Камтый кармап беш-алтоон,
Сууга салып жиберди.
Суу кескилеп албас – деп,
Таратып көлгө салбас – деп.
Бешөө кирсе экөө сак,
Көлдүн суусу калар – деп.
Гүлчоро кылган экен – деп,
Арстан туулган, абакем,
Көңүлүнө алар”- деп.
Камыш менен аралап,
Качып кетти бааналап.
Таңга жакын болгондо,
Эр Бакайга барганы.
Кобурлуу тууган чунагын,
Кобурап кебин салганы...
Муну мындай таштайлы,
Сыр коргонго Коңурбай,
Кол салганын баштайлы
Кабылан туулган Гүлчоро,
Калайман салып Коңурга,
ГҮЛЧОРО МЕНЕН КАНЧОРОНУН КАЙРАТЫ,
КЫРГЫЗДАРДЫН КОЛ КУРАШЫ
Качып кайра кеткенде.
Каардуу калча Коңурбай,
Айгайды катуу салганы,
Алптарынын баарысын,
Азыр жыйып алганы.
Бүткөн бойу дирилдеп,
Сакалы кетип бириндеп,
Чырды мыктап баштады.
Ана-мына дебестен,
Чатырды жүргөн күзөтүп,
Алтымыштай балбандын,
Башын кесип таштады.
«Ангүштүн уулу Кытан алп,
Карагер минген Казан алп,
Манжудан чыккан Мангүш алп,
Калмактардын Каман алп,
Тукуму болсо келишсин,
Кол эсебин беришсин!
Алтымыш алптын ордуна,
Башчы болуп кетишсин!
Кечеги келген бурутту,
Киргизип ийип чатырга,
Эмне деген кылык бу?
Минтип жүрсөң калмактар,
Бейжинге аман кетпейсиң,
Жериңе такыр жетпейсиң!
Ушул кылган айбыңа,
Семетей кармап бересиң.
Аны кылбайт экенсиң,
Кызыкты менден көрөсүң,
Кырылып баарың өлөсүң!» —
Деп, өкүрүп калганда,
Хандардын баары калтырап,
Тик карабай жалдырап.
Балбандын баары бүжүрөп,
“Бурхун, өзүң, колдо” – деп,
Ичтеринен күбүрөп.
Эч аргасын таба албай.
Эсин жыйып ала албай
“Буруттан мурун бул Коңур,
Түпкө жетет экен – деп.
Түгөтүп кетсе өз колун,
Бул жалгыз кайда кетет?” – деп,
Сайхын дешип баш уруп,
Кеп кыла албай турганда.
Манжунун ханы Нескара,
Желбегей чапан жамынып,
Жок жерден акыл табылып.
Ач жолборстой чамынып,
Акырайып калганы,
Айтып кебин салганы:
- Кызыталак буруттун,
Балбанын байлап алчууң кел.
Балакетти башына,
Барып такыр салчууң, кел.
Очогор атчуу чоңун кел,
Чойунбаш чапчуу зоруң кел!
Жебеге мыкты эриң кел,
Желмогуздай бурутту,
Жеп алуучу шериң кел.
Мылтыкка кыйын мыктууң кел,
Найзага чебер ыктууң кел.
Жазайыл атчуу мерген кел,
Жаага огун керген кел.
Койчагыр атчууң калбай кел,
Койгулашчу балбан кел.
Басташканын майданда,
Башын кесип алган кел!
Коргонун бузуп Манастын,
Өчүргүн атын Таластын!
Семетейди байлап кел,
Айчүрөгүн алып кел,
Ат көтүнө салып кел!
Дүмөктүү катын Чүрөктү,
Хан Коңурга алып бер!
Карап турбай, бол – деди,
Аттансын азыр кол! – деди,
Сый алып, бизден оң! – деди.
Хандан өкүм болгону,
Кара таандай калың кол,
Тегеректеп коргонду,
Он айланып толгону.
Чокморчулар алдында,
Балтачандар жанында.
Найзачылар соңунда,
Укмуштуу курал колунда.
Дүрдүгүп катуу жүрүштү,
Хандары айткан жумушту,
Бүтүрө коймок ойунда.
“Кызыталак буруттун,
Коргонун чагып салалы.
Байлап келип төрөсүн,
Коңурдан сыйлык алалы!
Айчүрөгүн учурбай,
Аккуу кылып кубултпай,
Аны кармап алалы!” –
Деп, ойлонуп жакырлар,
Жандан тойгон капырлар,
Коргонго барды жабылып.
“Бузуп кирип кетем” – деп ,
Үйдөй болгон чойунбаш,
Күүлөп колго алышты,
Күрсүлдөтүп салышты.
Балтачандар барышты,
Барсылдатып чабышты.
Тийгенде чокмор чак этип,
Айбалтасы шак этип,
Чойунга тийген немедей,
Каңгып кайра жанышты.
Айкөлүң салган коргонду,
Бузамын – деп – ойлогон,
Кайдан келген акмак бу?
Аңгычакты болбоду,
Алты миңдей балбаны,
Дарбазага барганы,
Барганда кайра жанбады.
Жандан тойгон каапырлар,
Коло менен чойундан,
Уйутуп салган эшикти,
Чокмор менен салганы.
Киште ойногон Семеңдин,
Кулак-мээсин жарганы.
Ошондо серпилип карап Семетей,
Жанындагы балдарга:
“Чапкылатпай эшикти,
Ээлеп алып тешикти,
Аңгыратпай айдап ий,
Эшиктеги эшекти!”
Дегенде эрен Семетей,
Эригип жаткан балдарга,
Эрмек эми табылды,
Баары турбай жабылды.
Эшиктеги жакырлар,
Ажалдуу окко кабылды.
Чыдай албай баргандар,
Кайра качты жайыла,
Мылтыктын үнү чыкканда
Аркадагы калмактар,
От койушуп калышты,
Очогорго жабыла.
Коргонго оозун каратты,
Маша колдоп баары атты.
Кыргызга кылча зыйан жок,
Ортодоку аскердин,
Үч миңин өзү кыйратты.
Ошол кезде карасаң,
Көрөт элең сен муну,
Атылып мылтык тарсылдап
Очогор үнү карсылдап.
Жебелер учуп зыркырап,
Угулуп үнү чыркырап
Койчагыр огу бадырап,
Жазайыл огу коргонго,
Түшүп жатты дабырап.
Күнү-түнү токтобой,
Жер жайнаган чок болду
Бүткөндөн бери кара жер,
Мындай атыш жок болду.
Түтүн болуп дүнүйө,
Тумчугуп араң токтолду.
Ошол кезде Семетей,
Ордунан араң козголду.
Коргондун чыгып кырына,
Карап турду эр Семең,
Калмактын салган чырына.
Абайлап Семең караса,
Арзан жоо эмес чынында.
Жан шериги баатырдын,
Айчүрөк бар жанында:
- Ой, Чүрөк, бери кел – деди,
Ылдамыраак камынып,
Учуп чыккын сен – деди.
Кабылан Бакай, Жамгырчы,
Гүлчоро менен Канчоро,
Аларга кабар бер – деди.
Тепсетпей Талас жеримди,
Тебөөрүн кылбай элимди.
Нескара, Уушаң, Мурадил,
Коңурбайын баш кылып,
Кармап келсин эрини,
Орундатсын кебимди.
Буудан Буурул атыма,
Токуп келсин ээримди!
Атамдын кегин алайын,
Айдап жерден салайын.
Коңурбайын баш кылып,
Калмактардын баатырын,
Алмамбет, Чубак эрендин,
Музбурчак, Сыргак берендин,
Көзөл Көкчө жездемдин,
Жолуна курман чалайын.
Эби келген кези экен,
Мен кумардан чыгайын!
Көпкөн курсак басылсын,
Көрүп туруп баарысын,
Абамдын чери жазылсын,
Энемдин көөнү ачылсын!
Кыргыздын тынсын санаасы,
Кыргызга пайда тийгизсин,
Кыраан Манас баласы!
Уч, Айчүрөк, турбагын,
Канатыңды ыргагын,Деп, Семетей калганда,
Бул дүнүйө жалганда,
Кайраты толук Семеңдин,
Кашында болбой арманда.
Бакай баштап төрт берен
Кеңеш кылып жатканда
Айчүрөк келип калганы.
Нур чагылып асманда,
Кылымда мындай ким болгон?
Түгөнүп калган Айчүрөк
Келгени канча жыл болгон.
Жамгырчы менен Бакайга,
Көрүнбөй жүргөн келини
Көзүнөн караан учканда,
Өзү басып келгенби?
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 15
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.