Latin

Семетей - 17

Total number of words is 4136
Total number of unique words is 2269
30.5 of words are in the 2000 most common words
44.7 of words are in the 5000 most common words
51.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чылбырын кармап чырмалбай,
Башын аттын бош койсун.
Канчоро менен Гүлчоро,
Аттын жүрсүн алдында.
Байтайлак менен Жалгызек,
Аттып жүрсүн артында.
Эптеп мага жеткизсин,
Тайбуурулга мингизсин.
Мендей атсыз төрөнүн,
Пайдасын элге тийгизсин.
Тил албаса ушулар,
Калганын өзү билишсин!”
Абаңдын айткан кеби бул,
Айласын таппай жаткан журт,
Абдан кеңеш экен деп,
Акылына тундурду.
Абакеси Семетей,
Алыста туруп кеп айтып,
Айтканына көндүрдү.
Айчүрөк жана кеп айтат,
Кеп айтканда эп айтат:
“Айланайын, Гүлүстөн,
Кулагың салчы – деп айтат.
Кагылайын, Канчоро, I
Канкорум укчу – деп айтат.
Камалды бузган кайраттуу,
Анткорум укчу – деп айтат.
Камап келген каңгайлык,
Катуу зыйан тартышты.
Башчысы болуп жаралуу,
Башы айланып катышты.
Ушундай иштен пайда алып,
Тийгизгиле намысты.
Кытайдан элчи келгиче,
Камынгыла эртерээк,
Аралап мындан жүрсөңөр,
Эси ооган жакырлар,
Кача берет капырлар.
Ара жолду кең кылып,
Ача берет капырлар.
Көрүнүп турган коргонго,
Күндүз сени киргизбейт,
Кызматын журтка тийгизбейт.
Жети катар сап болгон,
Темирден курчап карк толгон,
Тостуруп койгон жолу бар.
Ар бир саптын алдында,
Үч кабат темир тору бар.
Ар бир сапка баш болгон,
Бирден баатыр зору бар.
Жазайыл мылтык тобу бар,
Кызыталак кытайдын,
Ороп койгон тору бар.
Көптүгүнө көз жетпейт,
Уругун төккөн кору бар.
Учураган кишинин,
Маңдайыңда шору бар!
Пейлиңди салып бек байкап,
Айткан сөздү угуңар.
Күн төбөдөн кеткенде,
Бешимге чукул кездерде.
Тордогон торго жеткенде,
Жазайыл мылтык ок атат,
Жамгырдай кылып жаа тартат.
Мөндүрдөй кылып топ атат,
Дүңгүрөтүп көп атат.
Кыйкырып кулак тундуруп,
Кызыталак каңгай журт,
Кыйналтып жанды чыйралтат.
Соолгон жанды кубантат,
Ойун көрсөң, буларды,
Суудай каның чубуртат.
Суудан бетер агызып,
Кыпкызыл кылып куйултат.
Антип сени жеткизбейт,
Антип-минтип олтуруп,
Күн батып, күүгүм түн кирет.
Сааты бар сасык албарсты,
Азыр менин жолдошум.
Куйруктуу жылдыз кубултуп,
Аны асманга койом ойлорсун.
Кайсы жакка бурулса,
Атыңды бурап толгонсун.
Катын да болсом Айчүрөк,
Жардамым менин ошол болсун”.
Айтып кеңеш кептерин,
Айчүрөк жеңе кетти эми.
Таң атканча уктабай,
Таңданткан журтту баатырлар,
Таңга араң жетти эми.
“Барып кирсең коргонго,
Токумун кайдан оңдойт – деп.
Оңдоп токуп койбосок,
Тайбуурулду болбойт” – деп.
Алдыңкы кашы карк алтын,
Кийинки кашы чылк күмүш.
Эки каптал эн темир,
Эптеп кылган Аккаңкы ээр,
Тайбуурулга чак Каңкы ээр.
Качкан элик чокулуу,
Тайбуурулга токуду.
Көргөн пенде жараткан,
Үзөңгү куйма алтындан.
Жабдыгы көздү уйалтып,
Жаркыны көккө тартылган.
Олоңдору оймо алтын,
Уйуштуруп токуган,
Куйушканы куйма алтын.
Куйуштуруп токуган,
Көмөлдүрүк баары алтын.
Тумарчасы сары алтын,
Жагоолору сом алтын.
Ат жабдыгын карасаң,
Азы күмүш, көбү алтын.
Манаттан кылган көрпөчө,
Кош басмайыл тарттырып,
Бош агытып Буурулду,
Калмактарча жасанып,
Канчоро менен Гүлчоро,
Алдына кирди бастырып.
Жалгызек менен Байтайлак,
Артында атка жанашып.
Ажал менен иши жок,
Эл намысын талашып.
Өлүмдө түк бир ой жок,
Өткүр баатыр жолборс го,
Өзүнчө булар жанашып.
Ызырынып айкырып,
Канчоро менен Гүлчоро,
Ачуудан күйүп жаны ачып.
Таң эртеңден эртелеп,
Эл турбастан эртерээк.
Жөнөдү булар энтелеп.
Жеңекеси Айчүрөк,
Элинде бирге тургандай,
Эр Коңурбай баатырга,
Биригип кеңеш кылгандай.
Бардыгы ырас келди го,
Айткан экен билгендей.
Бөлүнүп чыккан беренге,
Кыргыздан чыккан эренге.
Бетине киши чыккан жок,
Беттешип буга эзелтен.
Ара жолду кең кылып,
Ача берди капырлар.
Бетине келбей бурула,
Баса берди каңгайлар.
Коргону жабык жерде эле,
Койгулап жүрүп тулпарды,
Жеталбай жүрөт дегеле.
Көчө кылып чубуртуп,
Кыдыртып койду элди эле.
Күн бешимге жеткенде,
Темир тор тартып сап түзгөн,
Сап аскерге келди эле.
Алдында темир үч катар,
Арсайып зымдар тартылган.
Артында чокмор карманган,
Ар сабы миңден артылган.
Жолой деген бир каңгай,
Жүргөн жерин чаң кылган.
Ошол өңдүү Жолойду,
Ушул сапка баш кылган.
Эрибеген капырдын,
Эзелтен боорун таш кылган.
Капырда мындай урган жок,
Туйунуп калып буларды,
“Бурут экен, карма”, – деп,
Үйдөй чокмор булгалап,
Ат койушуп, атты топ,
Тегеректеп келишти,
Теминишип киришти.
Ойлоп турат капырлар,
Төрт берендей баатырды,
Тебелетип ийишти.
Баатыр кирсе бакырып,
Үйдөй чокмор көтөрүп,
Калгандары качырып.
Качырып кирсе баатырлар,
Бакырып кирсе капырлар,
Карсылдап кулак тундуруп.
Сандоолун топтор атылып,
Ушундай уруш баштады,
Утур келген капырлар,
Баштаса уруш качпады.
Алдында келген Жолойду,
Гүлүстөн туулган Гүлчоро,
Күм-жам кылып таштады.
Ээ болгонун өлтүрүп,
Эшигин тордун ачканы!
Кылычтап эрди кыйратып,
Кыйрын бузбай сулатып.
Чокморлууну чогултуп,
Чогуусу менен сулатып.
Экинчи торго жетишти,
Аттарын булар чуратып.
Экинчи тордо найзалуу,
Кезгерип колдо кармалуу.
Кез келген жанда кетер жок,
Тирүү андан кутулуп.
Миңден-миңден жабылып,
Сундуруп найза салынып.
Күңгүрөнгөн Канчоро,
Күүлөп чокмор камынып.
Алдына кирди булардын,
Анык билди Канчоро,
Айла менен турарын.
Жалгыз жанды көздөбөй,
Булгаган чокмор кез кербей.
Ойуна келген иш кылып,
Акыл жок сараң нестердей.
Кыйырынан барып кыйратып,
Кыйыгын бузбай сулатып.
Айдаган койдой чубуртуп,
Чокмордон канын куйултуп.
Намаз дигер болгончо,
Экинчи торду суйултуп.
“Экөөнү бузуп өттүк – деп,
Бешөөнөн кантип кеттик – деп
Жалгызек алды нөөмөттү,
Үчүнчү торго жеттик” – деп.
Үчүнчү тор балтачан,
Желмогуздай түрү бар,
Жан койбостой сүрү бар.
Балтасынын курчу бар,
Бүткүл манжу журту бар.
Жабылып ат койушуп,
Жайнап чыкты ушулар.
Кошойдун уулу Жалгызек,
Кайраты толук түгөнгүр,
Буга ажалдуу пенде учурар.
Балталуунун башында,
Баары туулга кийинген.
Баатырдыгы бул элдин,
Байкал көрсө билинген.
Андай жоону көргөнде,
Ал Жалгызек сүйүнгөн.
Көптү көргөн Гүлчоро,
Көрүп туруп түңүлгөн.
Эр көкүрөк Жалгызек,
Эркин өсүп керилген,
Эрдиги артык теминген.
Кайраты жок эр беле,
Хандын уулу Жалгызек,
Качып калчу шер беле?
Качырып кирип барганда,
Калың манжу эрлери,
Каптап кетти тең эле.
Кармашты булар балтаны,
Жазгырып уруш салуучу,
Биз айталы балбанды.
Бала жолборс Жалгызек,
Көк түпөк кызыл найза алды.
Баатыры бар алдында,
Баш болгон бирден алар да.
Бура тарта берерде,
Көмө сайып салды эле,
Жоодон кегин алды эле.
Жабылышкан манжулар,
Балталашып калды эле.
Эрин сайып түшүрүп,
Эрдиктин ишин бүтүрүп.
Кылычты алды колуна,
Алаканга түкүрүп.
Жалындап бала күйүгүп,
Жанына жалгыз жан турбай.,
Жайнай берип түрүлүп.
Жазыла берди манжулар,
Ээлеген саптан сүрүлүп.
Үчөөнү бузуп өтүшүп,
Күч, кайраты кетишип.
Эми булар нетиптир,
Күүгүм кирип кетиптир.
Эр Гүлчоро баатырдын,
Эки көзү асманда,
Мурун андай жок эле,
Куйруктуу кызыл чоң жылдыз,
Пайда болду асманга.
Куйругу кайда бурулса,
Бура тартып тулпарын,
Ээрчип барат ушуга.
Таң аткыча урушуп,
Кайрат менен турушуп.
Таң сүрүлө атканда,
Таанылып киши жатканда,
Жок болду жылдыз байагы,
Көрүнбөй калып асманда.
Жеңеңдин кылган өнөрү,
Далдаланып калбастан,
Айтылып калды дастанда,
Буларда дарман калган жок,
Бузуп салып басканга.
Төртөө турат дапдайар,
Төрт сапка мылтык, ок да бар.
Бирөөндө кылыч колу бар,
Кайраттанса бул төртөө,
Ошону бузар өңү бар.
Муну бузуп өтсө да,
Бешинчи сапка жетсе да,
Очогор мылтык, топ турса,
Кайда качып кутулар?
Кайрат кылып кете албай,
Кылычтуу саптан өтө албай.
Намыс кылып артынан,
Кайра жанып кете албай.
Кылчайып туруп Гүлчоро,
Жаш балдарга кеп айтат:
“Иним, менин Байтайлак,
Ишенгеним, Жалгызек,
Кетенчиктеп баскыла,
Аттарды кийин тарткыла.
Канчоро өзүң бастыр- деп,
Алдыңдагы Каралат,
Баспай калса камчы ур, - деп.
Буурулду бош таштады”,Гүлчоро жолду баштады.
Кыйа тартып ооз менен,
Калмакча сүйлөп жазгырып,
Гүлчоро өтүп жатканы.
Кырда туруп Семетей,
Кыйалында байкады.
Атадан калган сандоолун7 ,
Эшикке туура койду эми.
Кыл менен ичин жышыды,
Ичин майлап түзөдү,
Колу менен сүрдү эми.
Канча таар дарыны
Как оозуна куйду эми.
Коло, чойун, коргошун,
Аралаш куйуп уйуткан.
Атканда дүйнө солк этип,
Ааламды бүтүн куруткан.
Кунан уйдай жаткан ок,
Копуруктап салды эми.
Куржун башы дарыны,
Оозу оту кылды эми.
Дарбазанын ичинде,
Асмандап чыккан терекке,
Айабай мыктап таңды эми.
Дарбазаны ачтырды,
Милтеге чокту жактырды.
Шыкаалабай кароолун,
Сүмбө менен от берип,
Сандоолунда аттырды.
Ак милтеден чок жетти,
Ааламды бузчу ок кетти,
Атканда дүйнө солк этти.
Курма тамдар кулады,
Уктаган бала ыйлады.
Утур оозго келгени,
Кыйырын бузбай сулады.
Бузулбаган бек чеби,
Бута атым жери жок болду.
Жерде киши калган жок,
Темир тоскоол кылган жок.
Дарынын чыккан түтүнү,
Көк тумандай уйуду.
Кылчайып Гүлүс караса,
Алты жүз койдун ордундай,
Кара жерге түшкөн ок,
Кара туман куйуну,
Кыл этип кирип баратат,
Дарбаза аттап арыштап,
Тайбуурулдун куйругу!
Бура тартты, Гүлчоро,
Жанында баатыр Канчоро.
Жалгызек менен Байтайлак,
Илгери тартып баратат.
Төрт бута жери түз болгон,
Курчалып каңгай жеткиче,
Ат койуп жетти коргонго,
Көздөп келген болжолго.
Тайбуурул колго тийгенде,
Өткүр Манас тукуму,
Өөрчүгөн канкор Семетей,
Дарбазаны көрсөттү,
“Ачкының – деп – ушуну!”
Атасы Манас кабылан,
Аккула минип алгандай,
Алмамбет, Чубак эки арстан,
Азыр келип калгандай.
Серек менен Сыргагы,
Серпишкен жоонун чыйрагы,
Тирилип келип калгандай.
Сүйүнгөндөн Семетей,
Кабаттап темир соот кийбей,
Олпокту жалаң кийинип,
Атасына сыйынып,
Белин бекем буунуп,
Бетинен тери чубуруп.
Аккелте мылтык асынып,
Ак болот темир артынып.
Сырнайза колго карманып,
Сырттан баатыр шаңданып.
Айбалта байлап белине,
Айанбай тиер пейли бар,
Ал калмактын элине.
Кылычты сууруп кынынан,
Салмакчы кыргын чынында.
Семетейдей эр жок – деп,
Айтылып калган кылымга.
Көк жеке бутта чойкойуп,
Сырнайза колдо койкойуп.
Ачалбарс байлап белине,
Жанбай турган мүнөзү,
Жаман келип калганы,
Карай албай эч бир жан,
Кабыландын бетине.
Каарданган канкору,
Кара кыргыз камкору.
Кабыландын баласы,
Кара мүртөз түгөнгүр,
Сомо темир, сом балта,
Бөлөкбай соккон Айбалта,
Сунуп колго кармашып,
Жоо дегенде шайланып.
Ойундагы иш кылган,
Кара көңүл кутургур,
Тайбуурул сындуу атына,
Куйма таман үзөңгү,
Теппей ыргып минди эми.
Асаба колдо калкылдап,
Ачалбарс белде жалтылдап.
Айбалта белде кыңгырап,
Сырнайза колдо зыңгырап.
Кирген нардай күркүрөп.
Көргөндүн бойу дүркүрөп.
Бастырып чыга бергенде,
Коңурбай айтат көп элге:
“Ой, Нескара, Мурадил,
Айта турган сөзүм бил,
Калган ишти өзүң бил!
Уушаң менен Ороккыр,
Жолой менен Эленкыр,
Сойулду кыргыз колунан.
Көп аракет кылдыңар,
Кол жайкашып турдуңар.
Көргөнүмдү мен айтсам,
Канкордун жайы момундай:
Кечээ чоң Бээжинге басканда,
Аралдан жылкы чапканда.
Чоң –Ингендин бойунда,
Айкын түздө жатканда,
Алгара менен алкынтып,
Мен кездешкенмин арстанга.
Аккула минип арстаны,
Айбаты менден ашканы.
Көрүнүп турат көзүмө,
Соорума найза батканы.
Капталга найза мылгытып,
Кан агызып чубуртуп.
Манас келе жатканда,
Байкабаган атты анда,
Алгараны ал алса,
Сойот эле мени анда.
Алгара күлүк жаныбар,
Ар кимдин сүйгөн малы бар.
Аккулага жеткирбей,
Ашыра чуркар чагы бар.
Жаралуу болгон менденби,
Же болбосо ошондо,
Жайдары Манас баатырдын,
Колдоочусу келгенби?!
Акылым кетип нес болуп,
Адашкандай эмесмин.
Көп эле жандан Манастан,
Көрдүм эле элесин.
Эми байкап карасам,
Семетей чыкса коргондон,
Кошо чыкса ээрчитип,
Колдошуучу немесин.
Кайрат кылар колум жок,
Качып жолго түшөмүн,
Ошол менин керээзим.
Көрүнбөсө сиздерге.
Билинбесе биздерге.
Амал кылып урушуп,
Айла менен турушуп.
Курчалышып көрөлү,
Алып калсак Кең-Колду,
Олжого малын бөлөлү.
Чатырдын чыгып кырына,
Байкайлы Семей, төрөнү!
Коңурдун сөзүн макулдап,
Кошулушту баатырлар.
Чатырдын чыгып кырына,
Олтурушту баатырлар.
Ошол кезде карасаң,
Эр Семетей баатырың,
Коргондон чыкты кылт этип,
Алтын така, күмүш мык,
Төрт айакта жылт этип.
Минген аты Буурулдун,
Көкүлүн көккө шүйүлтүп,
Куйругун ача түйүлтүп.
Туйагын жерге мылгытып,
Тумарын көккө ыргытып.
Кулжадай башы кылтылдап,
Арам өлгөн сойулгур,
Анын кундуздай жүзү жылтылдап.
Баладай жалы былкылдап,
Арандай оозу ачылып,
Жолум үйдөй көбүктөр,
Катуу жолдо жүргөндө,
Жол бойуна чачылып.
Чарадай болгон чоң туйак,
Жерди басып тартканда,
Кемегедей казылып.
Ээси эмес, аты да,
Калган окшойт ачынып.
Эшиктен чыга бергенде,
Алты жашар баладай,
Кызыл бала жылаңач,
Чылбырына асылып,
Эки түгөй сур бөжөк,
Үзөңгүгө жабышып.
Кара чаар кабылан,
Ат колтукта кабышып.
Көсөө куйрук көк даңгыт,
Көт жагында жарышып.
Он бештен кулжа калдаңдап,
Эки жакта чаң салып.
Жалгыз Буурул табышы,
Алтымыштай даң салып.
Боз ала чаар чоң жылан,
Семетейдин белине,
Үч айланып курчалып.
Оң айланып, сол болуп.
Сол айланып оң болуп
Найзадай тили эки ача,
Кулагынан артылып.
Бермети жерге төгүлгөн,
Шөкүлөсү көрүнгөн.
Кара тору кызыл кыз,
Калктан ашкан узун кыз,
Анын колдоочусу ушул кыз.
Эки ийнин басып тайанып,
Арка жагын калкалап,
Ат сооруга жабышып,
Учкаша минип жанашып,
Учкашса да сулуу кыз
Семетейге жарашып.
Колдоочунун баарысы,
Кошо чыкты жанашып.
Алдындагы Буурулдун,
Көкүлүндө шам күйүп.
Төрө жолборс Семеңдин, Төбөсүндө от күйүп.
Тайбуурулду чуратып,
Коргондон чыкты чубалтып.
Жалгыз Коңур көргөн жок,
Баарысы көрүп чуулашып.
Коңурдун өңү бузулуп,
Заманасы куурулуп.
Келгенине бушман жеп,
Мында кайдан келдим – деп.
Калкына карап кеп кылды:
“Бээжинге жанып кеткин- деп.
Алгара минип чуу койду,
Азыр өзүм кеттим”- деп.
Анын жаралуу болгон жай бар.
Жаман сынган кар жилик,
Бүтө элек абдан чагы бар.
Коңурдун үнүн укканда,
Ачуусу келип Семетей,
Күңгүрөндү ченебей:
“Азыраак кыргыз эл – деди,
Артынан кууба сен – деди.
Ашмура башы жети бел,
Душман ашса бул белди,
Кара аскерде кебим жок,
Калк башкарган бегинин,
Башын алам мен”- деди.
Айтканга сабыр кылчубу,
Карап булар турчубу?
Качкан жоону кубалап,
Калбай эли чубурду.
Жоону алса ким алды,
Жоболоңдуу каңгайды
Сайып кыргыз эл алды,
Душманды алса ким алды,
Согушкан кыргыз эл алды.
“Семетей сайып алган” - деп,
Түпкү атагы аа калды!
Алактаган Коңурду,
Азгашып келген доңузду,
Өзүнчө келип баштаган,
Өрүштө жаткан бул элге,
Опсуз жаман согушту.
Каңкордун уулу Семетей,
Качырып жоону курутту.
Сайып алды кыргыздар,
Калмак, кытай көп журтту.
Алактап Коңур качыптыр,
Арстан төрө Семеңдин,
Арбагы андан ашыптыр.
Суусамырдан Ач-Белес,
Кубалап Семең алыптыр.
Качып барат Коңурбай,
Калганына карабай
Кууп барат Семетей ,
Аркасынан чаадалай.
Гүлчоро туруп толгонуп,
Көөнүндө акыл ойлонуп:
“Анжунун ханы Нескара,
Калды белем мага-деп?
Тирүү бойдон кетирбей,
Сойойунчу аны –деп.
Таарынып жүрөт Канчоро,
Тору айгырды олжо алып,
Кылайын тартуу ага” – деп.
Бура тартып жалт койуп,
Бу да түштү артынан.
Бээжинди көздөй бет албай,
Коңурбайдын дартынан.
Ооганды көздөй бет алып,
Үргөнчтү көздөй чет алып.
Кетип барат Нескара,
Колуна кылыч карманып.
Такаат кылар айла жок,
Токтолуп уруш ал салып.
Алдында минген Тору айгыр,
Учуп барат закымдап.
Адырмактуу жер келсе,
Арстан туулган Гүлчоро,
Анда жетет жакындап.
Кара жаак айбалта,
Күнгө келсе жалтылдап.
Атактуу баатыр Нескара,
Качып барат шалкылдап.
Нуркаптын суусун кылаалап,
Алдындагы Тору айгыр,
Баскан сайын жубаңдап.
Кайра тартып оролуп,
Дөбөттү көздөй толгонуп.
Киргит Түтөк бел ашып,
Каргалык көздөй бет алып.
Кара жанды калкалап,
Качып барат чаңдатып.
Кууп барат Гүлчоро,
Көргөн элди таңдантып.
Жеркендин кечки суусунан,
Куйундай болгон Суркоен,
Жете келди ушунда.
“Эми айлам кетти – деп,
Эр Гүлчоро жетти – деп.
Сайрамдын кезип сайына,
Кум куржунду жарайын.
Ажалым жетсе көрөйүн,
Азапты мындан артканча,
Жыгылып аттан өлөйүн”.
Санаага бул жеткени,
Шашканы эмей неткени?
Чын акылы кеткени,
Канжарды албай колуна,
Карбаластан Нескара,
Кылычты колго алганы.
Эп келбей узун кылычы,
Куржунду жара албады.
Кылычты кынга салгыча,
Канжарын сууруп алгыча.
Кандуу жолборс Гүлчоро,
Карууга кагып кеткени.
Колу сынып шалк эттип,
Эси ооп эндиреп,
“Эми өлдүм белем”- деп,
Эр чырагы эки көз,
Маңдайында алаңдап,
Эки жагын каранып,
Алактады кайран эр.
Күчү ташкан Гүлчоро,
Кара жаак балталап,
Катуу чапты жапшырып.
Аманат жанын чочконун,
Баруучу жерге тапшырып.
Тору айгырды жетелеп,
Олжого алып кетем – деп,
Жетелесе баспады,
Канжарласа жылбады,
Ат соорусу олжо – деп,
Тору айгырды сойду эми.
Шиш кебек кылып эт кактап,
Айабай чороң тойду эми.
“Аттанып жолго салам- деп,
Абамды издеп табам – деп,
Суркоен оозун койду эми.
Артынан чаңын чубатып,
Марал башы тумшуктан,
Аттын изин чалам”- деп.
Өлбөй тирүү болгондо,
Абакемдин ошондон,
Бир кабарын алам”- деп.
Тумшуктан келип Гүлчоро,
Сурамжылап кеп алып,
Улуу жолду караса,
Тайбуурул менен Алгара,
Катар изи кетиптир,
Эми чороң нетиптир?
Андан-мындан жетем – деп,
Аралады аралды,
Таба албай буларды.
Башегиндин бел ашып,
Аркадан чаңын чубалтып,
Суркойонду суналтып.
Карашаар, Көрлүдөн,
Кабаттап мындай жол басып.
Уланбайдын эшиктен,
Бешбалыкка кирди эле,
Карааны жок алардын.
Изин кууп жол менен,
Арсайган кара тоо менен.
Кумулдун Көкжар жеринде,
Калың чийдин жээгинде,
Ошондон көрдү караанын,
Алгара менен койгулап,
Алдында барат Коңурбай.
Аркасында салпактап,
Жетпей барат Семетей.
“Өөрчүп турган Тайбуурул,
Өрү калган Алгара,
Кандайлыктан жетпейт”- деп,
Сынчы Гүлүс чунагың,
Атты карап калды да.
Оор бойлуу түгөнгүр,
Өпкөгө катуу теминип,
Дем кысылып калыптыр.
Дем өткөрбөй Семетей,
Далпактап кууп алыптыр.
Аттын жайын көргөндө,
Атырылтып аргытып,
Гүлчоро жолго салыптыр.
Көрө элек Семетей,
Көрө салып чорону,
“Гүлчоролоп чакырды.
Чакырганга болобу,
Чаап барат түгөнгүр.
Ачуусу келип Семетей,
Түбү душман немедей,
Атадан калган Аккелте,
Жулуп колго алыптыр.
Такандашаар айла жок,
Турду чоро аргасыз.
Кара кумга жөлөнүп,
Ал Коңурбай бел ашты.
Арбак урган Семетей,
Намысына талашты.
Жете барып Гүлчоро,
Урматтуу күлүк Буурулдун,
Чылбырынан кармады,
Чырмалып тура калганы,
Чыркырап бала ыйлады!
“Айланайын, абаке,
Нары барчу жер эмес,
Мындан нары барганда,
Тирүү келчү эл эмес!
Атам Манас кабылан,
Аман келген жер эмес,
Белди ашыш оң эмес!
Эби келсе, абаке,
Кайта жолго салалы.
Учураган калмакты,
Такыр айдап алалы.
Кең-Аралга барганда,
Жери малга жай экен.
Чөбү калың жер экен,
Кат токтотуп чечели,
Алманкеч болуп турушка,
Мөөр алып кетели”.Деп, ошентип Гүлчоро,
Кармап туруп алды эле.
“Макул, бала, болот”- деп,
Булар жолго салды эле.
Учураган чоңдорун,
Эл башкарган зорлорун,
Айдап алып аралга,
Элчиликке келишти.
Эп келишип калың журт,
Ар жылына бир сапар,
Жыйырма чейрек алтынга.
Жай кат кылып беришти.
Калдайып мөөр басышты,
Катты алып жанышты.
Кайра келип Таласка,
Түлөө чырак кылышты.
Арбагына Манастын,
Кол куушуруп бата окуп,
Сыйынышты баарысы,
Үч күндөн кийин Канчоро,
Калдайып жетип барышы.
“Кайда барып келдиң”- деп,
Калгандар сурап калышты.
Канчоро анда кеп айтат:
“Кагылайын, абаке,
Барып келдим казанга,
Кырмызы шаанын Мурадил.
Салып келдим бушманга.
Катуу карап күн салып,
Өлтүрүп келдим душманды.
Өзүңүз Коңур баатырга,
Кубалап түштүк ушунда.
Гүлчоро кетти энтелеп,
Нескарага бет алып.
Мага калды дедим да,
Мурадил жалгыз чет алып.
Мурадилди беттедим,
Аталар канын кектедим.
Кууп жүрүп капырды,
Казандын жазы талаада,
Артынан араң жеткеним.
Чакчырылып ошондо,
Кырмуз шаанын Мурадил,
Колуна алды найзасын.
Кетиремин - деп, - ойлоп,
Жалгыз келген чоронун,
Ушул жерде айласын.
Найзалаштык бир далай,
Кармашып калдык айанбай.
Качып берди Мурадил,
Кармашка бардаш бере албай.
Жеткизбей бара жатканда,
Көк чыбыкты колго алдым,
Сүмбө уруп, ок салдым.
Ээрчип аттым шыкаалап,
Аткан мылтык жаңылды,
Жанымды тирүү койгун – деп,
Мурадил мага жалынды.
Койгунуң- деп- жанымды.
Башын кестим баатырдын,
Канын ичтим капырдын
Кайра жанып келишим,
Койгунуң- деп- жанымды.
Башын кестим баатырдын,
Канын ичтим капырдын
Кайра жанып келишим,
Бүтүрүп келген бул ишим”.
Муну мындай таштайлы,
Керимбайдын чыккынчы,
Кесиринен баштайлы.
КЕРИМБАЙДЫН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ
Айдаркандын эр Көкчө
Чоң Бээжинде урушта,
Опсуз кыйын жулкушта,
Манжулардан өлгөндө,
Кайрылып келбес чын жайды,
Кайран киши көргөндө.
Аташканы Агеркеч,
Бойунда калып үч айлык.
Төрөй турган мезгилде,
Кун оору болуп кыйлага,
Сөөк калып ичинде,
Он беш жыл жүрүп сөөк өсүп,
Үмүтөйдү төрөдү.
Он төрт жашар кезинде,
Казактарга хан болгон.
Кайран чечен эр Үрбү,
Казактын бийлеп көп элин,
Акыретке жөнөдү.
Алмамбет келип казакка,
Он жыл турган Алтайда,
Азмунке деген бар эле.
Эр Көкчөнүн бийи эле.
Алмамбетти жектеген,
Алтымыштын бири эле.
Азмунке өлүп жок болгон,
Азмунке уулу Керимбай,
Жашы жетип эр болгон.
Хан Үрбү өлүп калганда,
Ичтен киши топтоду.
Сүйлөсө оозго кеп жукпай,
Ок эле кыйын шок болду.
Үйүндө жатып Керимбай,
Хандыктын жолун ойлоду:
“Бакайга барып, азалап,
Бата окуп Манаска,
Семетейге сырдашып.
Хан болсом деп казакка,
Аным да болбос иш экен,
Агеркеч көзү барында,
Каныкей аны бурбайбы?
Көкчөдөн калган Үмүтөй,
Он төрт жашта баланы,
Хан көтөрүп тынбайбы?
Азырынча казактар,
Акылын таппай калышты.
Шиберди жайлап келгин – деп,
Мен айдайын казакты.
Алдап-соолап алпарып,
Казактын малын чачайын.
Нескара уулу Мадыкан,
Бели катуу мыкты – дейт,
Пул менен көөнүн утайын.
Улуу инген, кичи инген,
Конуш берсе каңгайлар,
Бөлүнүп кетип алаштан,
Казакты сурап жатайын.
Талдан кыркып сал байлап,
Кырк миң алтын пул жайлап.
Куйушунан Амырдын,
Тентип жүргөн жай таппай,
Жапанга кечип барайын.
Кабары катуу угулат,
Кызылуйук чоң дөөнү,
Пулга сатып алайын.
Мадыканды кошо алып,
Эби келсе Таласта,
Семетейди чабайын.
Хан Манастын өзүндөй,
Атагы алаш болгонго,
Чоң хан болуп калайын”.
Бул акылды ойлонуп,
Хан болгондой эми эле
Дарбып үйдө оштонуп,
Өзүнүн бузук кыйалы,
Эми эле келип калгандай,
Эстеген сайын кош болуп.
Үчкаркыра түзүндө,
Жыйылып казак топ болуп.
Шиберди жайлап келүүгө,
Убадасын токтотуп.
Көчүп берди казактар,
Көөрүктүү жайлап жата албай,
Көкжаңгакка бата албай.
Амырдын барды бойуна,
Эки ай көчүп дем албай.
Эрте жазда көчкөн эл,
Теке айында барышты.
Айдап кара көпөлөк,
Азапка казак калышты.
Жылкы багып, мал чардап,
Ак карлуу тоодо жүрүүчү,
Байагы Карагулду табышты.
Карагул арам, капыр кул,
Каталдын уулу чочконун,
Абалтан жылкы багуучу,
Анын иши мына бул.
Керимбай менен сүйлөшүп,
Кеп-кеңешке бүтүшүп.
Тул катынга жалпы айгыр,
Соолгон көлгө бака айгыр
Азып барган казакка,
Карагул болду чоң айгыр.
“Керимбай сенин кылганың,
Кеңешти сонун курганың.
Бүтүн казак элинен,
Билерманды жыйнадың.
Далайлар өттү менменсип,
Кеңешти сендей кылбаган,
Кошулдум сенин кебиңе,
Кош болдум, баатыр өзүңө.
Сен да кулак салгының,
Мен Карагул сөзүнө.
Сенин тапкан кеңешиң,
Бек жарады өзүмө.
Күрпүлдөктүн куйушун,
Мен бошотуп берейин.
Алды жагы Көөрүктүү,
Көкжаңгактын кырына
Жылкыны айдап жетейин.
Оорукта калган Агеркеч,
Кокусунан кыргызга,
Кабар салып угузса.
Киши келсе айактан,
Бир азгырып кетейин.
Сен, кечикпей Керимбай
Кызыл уйук кыйын дөө,
Батыраак ага жөнөгүн.
Ал жапанда туруучу.
Көзүнө барып көрүнгөн.
Кайра жанып келерде,
Мадыканга учура,
Азыркы күнү Мадыкан,
Чаңбай тоонун ойунда,
Чакташып киши жеңгисиз,
Баатырдык бар колунда.
Кызылуйук дөө келсе,
Кырк миң аскер кол келсе,
Кылымда киши тең келбес,
Мадыкан экөө бирлешсе”.Деп, айтканда Карагул,
Кабыл алып Керимбай,
Камын жеди жаталбай.
Камынганда Керимбай,
Казактын баарын калтырбай,
Жыйнап келди айлына.
Алдыртан салды кеңешин,
Атагы бар жандарга.
Миң алтындан пул салды,
Катардагы байларга:
“Байыртан казак башынан,
Касиет калка тушунан,
Калмак менен биригип,
Короолош болгон эл элең.
Малың арбып, баш арбып,
Байлыгың элге таанылган.
Аралап киши өтө албай,
Жайыттагы малыңдан.
Жыргап жаткан чагыңда,
Кытайга батпай Алмамбет,
Бейжинден келип айлыңа,
Калмактарды какшатып,
Малын кошту малыңа.
Орозойдун Жакыптан,
Ойрон Манас туулуптур.
Ойу менен иш кылып,
Каңгайдан сени бөлүптүр.
Музбурчак менен Үрбүнү,
Хан көтөрүп койуптур.
Айдаркандын Көкчөсүн,
Жол тостуруп салыптыр.
Алдап барып кош кылып,
Аларды колго алыптыр.
Алданып жүрүп кыйындар,
Кечээ Бээжиндеги урушта,
Эбегейсиз жулушта,
Эрлердин баары өлүптүр.
Манастан туулуп Семетей,
Жетим калып атадан,
Барбаган жери калбады.
Кара мүртөз капырың,
Хан Жакыпты жалмады.
Абыкени аймады,
Көбөштү көргө киргизди.
Чынкожону чыңыртып,
Чын дүйнөдөн кетирди.
Батыш менен Түштүктүн,
Арасында чеп эле.
Жедигердин Толтойун,
Житирип жерге жоготту.
Коргонго барып Коңурбай,
Арбын дүйнө мал берди.
Ата наркын кубалап,
Андан бизге бербеди!
Айдатып барып урушка,
Казакты кырып жиберди,
Сыр коргондо урушта.
Казактан кошун аларда,
Катарда бар киши- деп,
Качан сага кат жазды?
Онго жашы толо элек,
Үмүтөйгө - деп жазды.
Жаш Үмүтөй төрөнү,
Мына минтип алдады.
Агеркеч билип бийликти,
Бердикени баш кылып,
Беш миң киши атказды.
Теңдикке албайт Семетей,
Тең болушка кандайсың?
Атаңдын жолун издеп таап,
Он алты жашар Үмүтөй,
Атагы казак журтуңа,
Ээ болушка кандайсың?
Эсиңди таппай баратсаң,
Эс табуучу мен бармын.Ойунда турат Керимбай,
Куру сөзгө кубантып.Көкчөдө алтын көп эле,
Үмүтөйдү алдайын,
Букарга кетти Агеркеч,
Төркүнүмө барам – деп,
Агаркеч кайта келгиче,
Ар шумдукка көндүрүп,
Айабай муну булгайын.
Жеңдирип ийсек кокустан,
Үмүтөйдүн иши – деп,
Үмүтөйгө шылтайын.
Оңунан келсе жумушум,
Хандыкты алып тынайын”…Деп, ойлонуп Керимбай,
Көөдөнсүз акмак Үмүтөй,
Көндүрүптүр момундай.
Аксакалын казактын,
Алдында эчак колго алган.
Акмактык кылып Үмүтөй,
Керимбайга алданды.
Баштан айак баарысы,
Байкоосуз торго байланды.
“Жата бериш болбойт”- деп,
Керимбай эми камданды.
Жыйырма миң сээр алтынды,
Үмүтөй берип салганы.
Ашпоздук келген колунан,
Анжу, манжу, калмакча,
Анча-мынча тил билген,
Төрт жигитти бир алды.
Манжу менен чамалаш,
Анжу менен аралаш.
Шибе, калмак короолош,
Баарынын тилин Керимбай,
Бала күндөн жат билет.
Жапандын тилин жай билет,
Араптын тилин ал билет.
Ногойдун тилин бүт билет,
Кытайдын тилин көп билет.
Кыргыз, казак тилдерин
Кыйын билет баарынан.
Чала билген тили көп,
Баш айагы Керимбай,
Он бештен артык тил билер.
Төрт кишини котчу алды,
Алты нарга дилде артты.
Азык арткан он төөгө,
Экиден төөгө бир киши,
Баары жогу көп киши.
Азыркысын казакка,
Керимбай болду билгичи.
Амурдун суусун бойлоду,
Күнү-түн тыным болбоду.
Күн чыккан суунун бетинен,
Күн баткан суунун четинен,
Бир жерге жетти болжолу.
Деңиздин бойу бүт киши,
Алардын баарын башкарган,
Узун бойлуу бир киши.
Күбүрөшүп Керимбай,
Күдүңдөп кепке келиши.
“Өткөзүп суудан койгун» деп,
Алты нарды бериши.
Алты нар алган ал киши:
“Кызылуйук чоң дөөгө,
Алпарамын мен – деди.
Ээрчитип келген кишиден,
Чоролдордун ичинен,
Ылгап алды төрт киши.
Он бир төөдө нан калды,
Пулу оор булумдан,
Бүтүн жибек дудундан,
Карала менен суп тондон,
Арбын калды ошондон.
Он төөнү жакшы бак – деди,
Дүйнөңөрдү асырап,
Беш киши мында жат – деди.
Бат келемин кечикпей,
Жаткыла сиздер эрикпей”.Деп тапшырып Керимбай,
Суучулду таап алганда,
Эми болду көөнү жай.
Камыштан байлап сал кылды,
Кылбаган шумдук ал кылды.
Суу билүүчү нар алган,
Камыштан кылган немесин,
Сууга салып айдаган.
Шайтандын колдоп арбагы,
Кургакка чыкты ар жагы.
Айдап жүргөн немесин,
Жээке бекем байлады,
Керимбай көөнүн жайлады.
Узун бойлуу нар алган,
Керимбайды баштады.
Кызылуйук чоң дөөгө,
Эки күндө алпарды.
Жапандын жайы мамындай,
Камыштан салган кепелер,
Тентип жүрчү немелер.
Казактар баккан жылкыдай,
Доңузду жейт ушундай.
Байкап көрсөң чоң Уйук,
Айуудай катын алыптыр,
Алтымыш кулач ажыдаар,
Эсиргенден Уйук дөө,
Аны багып жатыптыр.
“Үлпүлдөк бергин мага – деп,
Бербесең кылам сага” - деп,
Жебесин тартып асманга,
Дүмөктү салып атыптыр.
Жандан тойгон Керимбай,
Кызыл дөөнүн аралга,
Тууралап барды жазганбай.
Жолдо жүргөн жапандык,
Суучулду тааныйт баарысы.
Жибей-сибей салышты,
Кобурашып калышты.
Суучулдан угуп кабарды,
Эки неме жүгүрүп,
Өз чоңуна барышты.
Жолчунун чоңу укканда,
Салбоордо жаткан Чоң дөөгө,
Кабар айтып барышы:
“Эшикке келди алты жан,
Бирөө биздин адамдан.
Бешөө башка эл экен,
Учурашып сиз менен,
Бир көрүшүп кетем – дейт.
Беш кишинин башчысьг,
Керимбай деген бар экен.
Кабыл кылсаң тилегин,
Киргизели, Кызыл дөө,
Тилегин кабыл кылбасаң,
Кетирели жолуңа.
Куру келген киши эмес,
Куржундары жонунда.
Дүйнөсү анын мол окшойт,
Талканы бар колунда”. –
Деп, айтканда сакчысы,
Угуп туруп Кызыл дөө,
Ойуна алды ушунда.
Эсен хан менен Коңурбай,
Калба салды бар элге.
Бекеринен бенделер,
Келбейт эле бул жерге.
“Кылдым кабыл тилегин,
Баштап келгин”, – деди эле.
Жапаны чыгып эшикке;
“Он келди, киши, ишиң – деп,
Уруксат кылды кирсин – деп.
Өз каадамча киргизем,
Жаныма менин келгин” – деп.
Керимбайды жанына,
Чакырып сакчы алганы.
Башындагы чачынан,
Таманынан батекти,
Такыр тинтип карады,
Керимбайдын көзүнчө,
Суучулун кошуп өзүнүн,
Беш шордууну кармады.
Эки колун артына,
Керимбайды байлады.
Каскаксыз найза колго алып,
Эки жапан айдады.
Энтеңдетип жүгүртүп,
Кызылуйук чоң дөөгө,
Керимбайды алпарды.
Эшик ачып кирерде,
Мойнуна кынжы салганы.
Урматтабай чочкону,
Убай менен айдады.
Мойнун ийип сол жакка,
Бетин кылып төр жакка,
Таазим кылып турганда,
Баш-айагы чогулуп,
Аш кайнамдай убакта.
Кызылуйук капыр дөө,
Акырайа карады.
Алайып көзү укмуштуу,
Алыстан келген Керимбай,
Эс-акылы калбады.
Эндиреп барып оңолду,
Эсине келип ошондо,
“Эки ооз кепке келтирбей,
Эбимди таап койобу?” –
Деп, элеңдеп турганда,
Карап калды Кызыл дөө,
Көз айырбай бир далай.
Аңгычакты бир талпак,
Алып келди бир малай.
Бар кийимин кийгизди,
Өз каадасын билгизди.
Көтөрүп келген талпакка,
Керимбайды мингизди.
Жер жемишке тойгузду,
Ар кайсы жерде көп жүрүп,
Ар жорук көргөн Керимбай.
Артында ишке карабай,
Жемишти жеди жайма-жай.
Дасторкону териден,
Тазалап алып кеткенде,
Тамылжыган Кызыл дөө,
Ошондо сөзгө келди эле:
“Кайдан келген кишисиң?
Ой, эргежээл, сен мага,
Дайынын айтчы ишиңдин!
Качкынсыңбы бир жактан?
Куугунсуңбу ыраактан?
Же элчисиңби бир хандан?
Же ченчисиңби жер чалган?
Тирүүлөй жеймин тим эле,
Сөзүңөн чыкса бир жалган!
Жалган айтсаң өлөсүң,
Караңгы жайды көрөсүң!
Буруп айтсаң өлөсүң,
Бул дүйнөдөн жөнөйсүң!
Кайдан келген жан болсоң,
Чыныңды айткын сен өзүң!”Деп, Кызыл дөө айтканда,
Кара күчкө Керимбай,
Көзүнүн жашын агызып,
Буурчактатып тамызып.
Тура калып ордунан,
Көк тутун чыгып оозунан.
Кайкайа түшүп бүгүлүп,
Катындарча жүгүнүп.
Аптыгып жүрөк туралбай,
Керимбай айтты момундай:
“Жерге киши жаралып,
Жер бетине таралып.
Адам атка конгону,
Алтын шаар Бейжинди,
Алган киши болбоду.
Жакыптын уулу жаш Манас,
Кыргыздын уулу жойлоду.
Бейжин эмес ал Манас,
Ооган, Маңгыт, Коконду,
Өз ордуна койбоду.
Черченден алып Ташкенди,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 18
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.