Latin

Семетей - 09

Total number of words is 4252
Total number of unique words is 2219
28.6 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
48.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бул сөзүмдүн баарысын,
Төкпөй-чачпай айтып кет”.
Анда Чоро кеп айтат:
- Акундун кызы Айчүрөк,
Бул сөзүңдү ит уксун,
Ит укпаса ким уксун?
Толтой менен Чын кожо,
Ак шумкар берсею салабы?
Аташканы Чүрөктү,
Тарттырып ийип абакем,
Кур талаада калабы?
Атканын жазбас мерген эр,
Айтканы кабыл келген эр.
Чапканы жанбас балбан эр,
Далайга кыргын салган эр,
Ак келте огун атканда,
Ачуу үнү чыкканда,
Кулагына батканда,
Катуу айкырса абакем,
Токточу Толтой алыбы?
Шыгайдын улуу Чынкожо,
Чыдай турган жаныбы?
Уйалбайт ултан бетиби?
Уруштурган күчүбү.
Ушул кепти жеңеке,
Абакем угуп калбасын,
Калкыңа дүрбөөю салбасын.
Акун хандын төрүнөн,
Сени ач билектен албасын.
Астымдагы Буурулга,
Кыр аркага салбасын.
Эрке жеңем Чачыкей,
Ашканага киргизип,
Ашканачы кылбасын”.
Гүлчоро муну айтканда,
“Кызыл тумшук куу тумшук,
Кандай курган бала” деп,
Кылган иши чала деп,
Катын кыздын баарысы,
Каткырып күлүп калды эми.
Муну мындай койуптур,
Белестеги төрөнүн,
Мелжемдүү кебин угуп тур.
Өзүң көргөн чоң дүрбү,
Чагарагын имерип,
Ченеп көзгө жиберип,
Оңдоп кармап имерип.
Ополду көздөй жиберип;
Оң көзүнө салды эми.
Оолжуп карап калды эми,
Арстан тууган Гүлчоро,
Дайраны кечип барганын,
Катын кыздын ичине,
Аралап Чоро калганын,
Бектин кызы Бегимжан,
Койнуна колун салганын,
Короздой болгон мойнуна,
Колун артып калганын,
Көрүп калды канкоруң.
Ичи ачышып бакырып,
Саап бууданга така уруп,
Канчоролоп чакырып,
Ашыккандай кеп айтып,
Аттарды току деп айтып.
“Акжолтой тууган Гүлчоро,
Айчүрөк таап алганбы?
Айчүрөк Чоро биригип,
Абасын тосуп калганбы?
Урушпай жолго салалы,
Чынкожо менен Толтойду.
Мурун алып катынды,
Уйат кылып салалы.
Акшумкар качса колумдан,
Айчүрөк чыкса жолумдан,
Алдырып ийсем Толтойго,
Чором маңдайга бүткөн шорумда.
Жүрү чором баралы,
Ордодон чыккан кыз менен,
Ойноп кумар каналы.
Акундун кызы Чүрөктү,
Сүйсө кудай, алалы”.
Минтип айтып Семетей,
Абыкенин Актелги,
Алып келип токутуп,
Алыстан жүрүп канкоруң,
Чынкожону коркутуп.
Он төрт атты жайылтып,
Канчорого айдатып,
Асаба колдо калкылдап,
Мылтыгы жондо жаркылдап.
Маңдай жагын карасаң,
Алтындай көкүл башыңда,
Асманды көздөй кылкылдап,
Баатырың жүрдү буластап,
Адегиче болбоду,
Өзү көргөн Үркөнчкө,
Канкоруң менен Канчоро,
Жетип келди жакындап.
Сууну келип караса,
Жар түбүн тулку жойлобой,
Кечемин деген адамзат,
Өлүмдөн башка ойлобой.
Адырын түлкү жойлобой,
Аркан салса бойлобой.
Дайраны көргөн адамзат,
Акпаймын деп ойлобой,
Сурнай тартып жез найдан,
Суу акпаган кең сайдан.
Суулар келип кошулуп,
Башынан мөңгү бузулуп.
Айагынан сары суу,
Агып келип кошулуп,
Агыны катуу күркүрөп,
Адамдын бойу дүркүрөп.
Жүрөгү жок адамдар,
Дамбалга сийип бүркүрөп.
Четтери аппак кар болуп,
Тийген жери жар болуп,
Кечүү таппай зар болуп,
Муну көргөн адамдын,
Кең дүйнөсү тар болуп,
Бара түшүп бурулуп,
Жайнай түшүп түйүлүп,
Агын менен толкундан,
Чаң чыккандай көрүнүп,
Жаткан уйдай балыктар,
Суу үстүндө көрүнүп.
Көрүп турган пенденин,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Жаткан экен чоң Үркөнч,
Жалаңкычтай көрүнүп.
Ушу сууну көргөндө,
Чубактын улуу Канчоро,
Келгенине өкүнүп.
Бастыра албай сандалып,
Абакелеп жалбарып,
Бүгүн мында жаталы,
Кечүүнү мыктап чалалы,
Кечүүдөн кабар алалы.
Акундун кызы Чүрөккө,
Эртең кечип баралы,
Же болбосо абаке,
Кийимдин баарын чечели,
Ат жайдактап кечели,
Агыны катуу чоң дайра,
Агызбай койбойт акыры.
Канчоро аны айтканда,
Абасы туруп кеп айтат:
- Суу болгон кийим коргоочу,
Суудан коркуп туруучу,
Жаш бала кечкен дайрадан,
Кечпеймин деп качканың,
Акылыңдан шашканың.
Атанын арман күн болду,
Ай караңгы түн болду,
Аллага салып ишиңди,
Тобокел кылып жүрө бер,
Ажал жетип күн бүтсө,
Киргизбей койбойт кара жер.
Маңдай жакта жутунуп,
Гүлчоро карап турбайбы,
Дайрадан коркуп кечпесем,
Абаңды кудай урбайбы.
Акундун кызы Айчурөк,
Кара бет шылдың кылбайбы.
Чүрөккө шылдың болгончо,
Суу түбүнө чөгөйүн,
Ой тумшугу жок Канчоро,
Бул көрөктүү өлөйүн.
Ажалың жетип күн бүтсө,
Алла–талаа көрөт деп,
Аманатын берейин.
Азелде тагдыр ушу болсо,
Аллам өзү жар болсо,
Акундун кызы Чүрөктүн,
Айнектей жүзүн көрөйүн.
Жаратканга жалынып,
Жалгай көр кудай деп айтып,
Шаймерденим колдо деп,
Жарыйалап бек айтып.
Аттардын баарын сабады,
Агын сууга камады.
Кайра тартып качпады,
Бакай хандын Сур чолук,
Эркештей болуп баштады,
Суудан коркуп Канчоро,
Жүрөгү чыгаар жаздады.
Манастын уулу эр Семең,
Сууга кирди чуратып,
Жардын башын уратып,
Кирген жерде жоголуп,
Сүрдүгө түшүп оңолуп,
Багалеги малынып,
Баабединге жалынып,
Этек-жеңи малынып,
Эшендерге жалынып.
Колдо кудай, колдо деп,
Кол бергеним жөндө деп,
Атакем Манас оңдо деп,
Ооп бара жатканда,
Актелки сууга батканда,
Алла кирип оозуна,
Кожо кирип сөзүнө,
Качан тобо кылчу эле,
Кожону көрсө урчу эле,
Ойлонуп тобо кылчу эмес,
Олуйа көрсө урчу эмес,
Жакып ханды жалмаган,
Абыкени аймаган,
Көбөштү көргө киргизген,
Көк жалдыгын билгизген.
Колдоочусу эрчиген,
Төрө Манас тукуму,
Барган сайын өрчүгөн.
Өткүр Манас тукуму,
Ак болоттун укулу,
Арак менен бозону,
Аралата ашаган.
Жыйырма беште жашаган,
Мындан мурун чунагың,
Алыскы сапар жүрө элек,
Сап бууданга мине элек,
Агыны катуу дайрага,
Жан айабай кире элек.
Дубана келсе бурбаган,
Туруп салам кылбаган,
Кожону көрсө коппогон,
Коп салам кылбаган,
Кожо келсе сай салган.
Колу бутун байлаган.
Дубана, кожо көргөндө,
Карсылдатып айдаган.
Олуйа көрсө уруучу,
Омсойуп карап туруучу,
Дубана келсе уруучу,
Кашкайып карап туруучу,
Кара мүртөз түгөнгүр,
Качан тобо кылуучу.
Тобо чыгып оозунан,
Жалын чыгып көзүнөн.
Күлгүн санап күүлөнүп.
Гүлчорого сүйлөнүп,
Буурулду самап булкуйуп,
Мууздап кулду салам деп.
Гүлчорого булкунуп,
Кечүү чалып келбейт деп,
Өзү келген Чүрөктү,
Келди деп жообун бербейт деп.
Кечип чыксам дайрадан,
Кекилектей мойнуңду,
Кедери толгоп албасам.
Кеткис майып кылбасам,
Көмүлбөй чыксам дайрадан,
Көгүчкөндөй мойнуңду,
Көтүңө толгоп албасам,
Көрүнө майып кылбасам,
Семетей атым курусун.
Алдымда Буурул атым жок,
Алладан башка дартым жок,
Абайлабай өткөрдүм,
Атаңдын көрү дүүйө бок.
Айдаганым он төрт ат,
Бир Буурулча болгон жок,
Алдымдагы Канчоро,
Гүлчорочо болгон жок.
Деп Манастын уулу эр Семең,
Бала жолборс эр немең,
Арманын айтып турду эле,
Сууну пири Илийас,
Чылбырынан алды эле.
Суудан сүйрөп калды эле,
Өйүзгө кыздын баарысы,
Жар башында жалдырап,
Чач мончогу шалдырап,
Айчүрөктөн кеп сурап,
Айта койчу деп сурап:
- Семетей деген ушул бу?
Сен алып келген Акшумкар,
Как ушунун кушу бу,
Чын Кожо деген кеп экен?
Жездем баатыр бек экен,
Жетик тууган неме экен,
Жеткилең баатыр эр экен,
Ушул жерде турганда,
Акылдуу эжем Айчүрөк,
Сенин тийбеймин дээриң эпекен.
Кыздын баары күлүшүп,
Семетейди көрүшүп.
Кызыгышып бейбактар
Ыштанына сийишип.
Айлыбыз бирге болсо деп,
Манастын уулу Семетей.
Алган жерим болсо деп,
Аз гана ойлоп күлсөк деп.
Элибиз бирге жүрсөк деп,
Эртели-кеч күлсөк деп.
Кыздардын баары шаттанып,
Семетейге таңданып,
Кыздардын баары мелтиреп,
Мас болгондой эндиреп.
Эси оогондой делбиреп,
Ошо кезде Канкоруң,
Эки ийнин мүрүгө,
Эки киши коңгудай,
Эки бетин карасам,
Эки даңгыт тойгундай.
Толкуну көлдүн шарындай,
Кеңдигин көрсөң Таластай,
Келбетин көрсөң Манастай,
Качырганы жолборстой.
Кармаганы илбирстей,
Ысыгы жайдын аптадай,
Суугу сырттын шамалдай,
Түрүн көрсөң канкоруң,
Качырып чыккан камандай.
Маңдайына карасаң,
Кара кашка тынардай,
Бүткөн бойун карасаң,
Солкулдаган чынардай.
Оң бүйрөгү солк этсе,
Ойроттуу бузуп салгындай.
Душмандын бели сынгандай,
Туугандын көзү тынгандай,
Катын кыздын баарысы,
Бетине чыдап тура албай,
Баатырдын уулу канкоруң,
Суудан чыкты жарк этип.
Ителги куштай барк этип,
Күлүгүн санап күүлөнүп,
Келбетин көрүп Семеңдин,
Кыйын ачуу келгенин,
Кыраан Чүрөк билди эми,
Бекем ачуу келгенин,
Беймак Чүрөк билди эми,
Чатырга басып келди эми.
Келиндин баарын кекетип,
Кыздын баарын бекитип,
Манастын уулу Семетей,
Карарса кайра жанбаган,
Качырганын койбогон,
Канкор неме деди эле.
Өз-жат дебей чуу салган,
Анткор неме деди эле.
Жаш кемирчек баласын,
Бөөдө майып кылбасын,
Жолго өзүм чыгам деп,
Жооптуу өзүм кылам деп.
Акундун кызы Айчүрөк,
Астынан чыкты кашкайып,
Алмадай бети таскайып.
Суусар ичик кемчет бөрк,
Оң чекеде кыйшайып,
Ашкере сулуу Айчүрөк,
Чыкты эшикке суйкайып,
Ак кочкордой муңкайып,
Аккулжадай даңкайып.
Бүткөн бойдо өөнү жок,
Сөөгү сонун залкайып,
Келбети сонун пендеден,
Жаралып жерге бир келди,
Экинчи кайра келбеген,
Астынан чыкты Семеңдин.
Ал аңгыча болбоду,
Арстан төрө жолборсу.
Жетип келди жакындап,
Күнгүрөнүп күүлөнүп,
Гүлчорого сүйлөнүп:
- Намысыңдан өлбөйсүң,
Кайта кабар бербейсиң,
Ардангаңдан өлбөйсүн,
Айтып жооп бербейсиң.
Жолдуу качан чаласың?
Жооптуу качан аласың.?
Жоболоңдуу баласың,
Жолдо жүргөн кыз болсо,
Солкулдап ойноп каласың.
Теги жүрүп түгөнгүр,
Абаңды бир балээге саласың.,
Кечүүнү качан чаласың?
Кепти качан аласың?
Кесирлүү чунак баласың,
Бозуп жүргөн кыз болсо,
Болкулдап ойноп каласың.
Хан Акундун шаарына,
Качан кабар саласың?
Селкинчек тепкен кыз болсо,
Селкилдеп ойноп каласың..
Сендей эсир бала жок,
Сени кудай урат го.
Ара жолдон ашканың,
Акылдан бөлөк шашканың,
Көтөрүп койгон үйүң жок,
Көңүлдүү табар жериң жок.
Хандан уккан кебиң жок,
Кадырлап турган жайың жок.
Кайнатып койгон чайың жок,
Айылга койду сойдуруп,
Бышырып турган кишиң жок.
Белен кылган ишиң жок,
Акун хандын долусу,
Бизден кутулуп кетер иши жок.
Жүрү чором кетели,
Мында туруп нетели.
Семетей муну айтканда,
Анда Чүрөк кеп айтат:
- Адаш мейман тура тур,
Арыз айтамын уга тур,
Атыңдын башын бура тур,
Азыраак сабыр кыла тур,
Жез ичинде коло жок,
Семетей сенин бул жерде,
Жеме кылаар кишиң жок.
Алдыңдан тосоор ногой жок,
Атаң Манас кабылан,
Урумду чаап олжо алган,
Ортосун бузуп жол салган,
Орустан алым көп алган,
Алдыңдан тосуп келгендей,
Ай сайын алым бергендей,
Оңкогой мурун чуңкур көз,
Орустун калкы мында жок.
Алты шаар Анжийан,
Айак жагы Самаркан,
Туурасы Ташкен, Наманган,
Ортосу Кокон, Маргалаң,
Анжийандын Сынчыбек,
Айда алым бергендей,
Анын журту мында жок.
Аттанып чыгып алышкан,
Бирин-бирин жабышкан,
Күрөшкөндө чалышкан,
Алдыңды тосуп келгендей,
Кабарың угуп алыстан,
Кыргыздын журту мында жок.
Өлөңүн айтып жаңырган,
Обонун кошуп жаңырткан,
Таруусун таштай актаган,
Катынын кыздай мактаган,
Иленин суусун бойлогон,
Кол кушуруп кой сойуп,
Тоскундай казак мында жок.
Лоп дайрасын жер деген,
Сан карасын айдаган,
Сасык айран, көк курут,
Нойгуттун эли мында жок.
Тартынбайбыз айтуудан,
Кол астыңда киши жок.
Бул жерде турган биздерге,
Ачуу кылаар ишим жок.
Жолго минген он төрт ат,
Жолугаарың эр Толтой,
Асынганың Аккелте,
Атышаарың Чынкожо.
Чүрөк муну айтканда,
Семетей кайра тартарда,
Кабылан тууган Гүлчоро,
Кармай алып чылбырдан:
- Айланайын абаке,
Аташканың Айчүрөк,
Астыңда турат мынаке.
Кагылайын абаке,
Каалаганың Айчүрөк,
Кашыңда турат мынаке.
Качырганың Акшумкар,
Казатка минген көп тулпар,
Издегениң Айчүрөк,
Ишенгениң бир кудай,
Асынганың Ак келте,
Атышаарың Чынкожо.
Аңсаганың Айчүрөк,
Алдыңда туура чыккан соң,
Кимге кабар салайын,
Кимди издеп табайын.
Качырган кушуң колуңда,
Кастарлуу жеңем жолуңда.
Акшумкар таптым салып кет,
Айчүрөк таптым алып кет.
Сулуулугу сымбаты,
Арзан менен кымбаты,
Чачыкейче болбосо,
Көңүлүгө толбосо,
Албаймын деп айтып кет.
Каалаган күйөө алсын деп,
Акун ханга айтып кет.
Гүлчоро муну айтканда,
Айтканың кудай оңдоду,
Айтып кебин торгоду:
- Жыргап жаткан жеримден,
Жыргалдуу ногой элимден.
Жылас Чүрөк козгойсуң,
Козгогонго жараша,
Кол куушуруп тоспойсуң.
Ойноп жаткан жеримден,
Ордолуу ногой элимден,
Ойрон Чүрөк козгойсуң,
Козгогонго жараша,
Кол алып не тоспойсуң?
Төрөңүз муну айтканда,
Анда Чүрөк муну айтат:
«Жолоочу киши жол менен,
Чоочун киши сый менен,
Адам уккус кепти айтып,
Акундун кызы Айчүрөк,
Аласа жарым деп айтып,
Менин Толтой аттуу жээним бар,
Чынкожо аттуу эрим бар,
Сенин тийише турган эмнең бар?
Манастын уулу чунагың,
Чынкожо, Толтой дегенде,
Чындап ачуу келди эми,
Шыпылдап сүйлөй берди эми,
Абдан ачуу келди эми,
айкырып сүйлөй берди эми:
«Акундун кызы Айчүрөк,
Акшумкар берчи кетемин,
Айчүрөк алып нетемин,
Айчүрөк сени алганда,
Кай мураска жетемин,
Жолго казан аскан күң,
Жолоочу жолун тоскон күң,
Керүүгө казан аскан күң,
Кербенчи жолун тоскон күң,
Тиши буудай болгунча,
Чачы куудай болгунча,
Ак тасма камчы сыдырып,
Эр издейсиң кыдырып,
Саамайың куудай ак болгон,
Акун хандын төрүндө,
Көп отуруп дат болгон,
Шумкарым берчи, кетемин,
Сени алып нетемин,
Не мураска жетемин!
Анда Чүрөк муну айтат:
- Кетмек түгүл кете кой,
Кетмек түгүл Кеңколго,
Бүгүндөн калбай жете кой!
Кары десең кары де,
Калы дебе Чүрөктү.
Карыдан качсаң сен төрө,
Мен Чынкожонун зайыбымын,
Кант атаң Манас жашында,
Бакай абам башында,
Кең Кашкарды чапканда,
Көп олжого батканда,
Алтын тактын үстүндө,
Акун хан атам жатканда,
Касийетин көргөндө,
Кашкардан алган олжону,
Камчыга ченеп бөлгөндө,
Алтымыш эки нар айдап,
Ак куржунга зар алып,
Алтымыш кызыл жоро айдап,
Башына кебез байлатып,
Сенин атаң хан Манас,
Бел куда болгон жери бар;
Ошондон бери келбедиң,
Алдыңда турган Чүрөктүн,
Карый турган эби бар!
Хан атаң менен Акун хан,
Кудалашкан кеби бар,
А дүйнө кеткен атаңдын,
Арбагын сыйлап жүргөнмүн,
Менин Чынкожо, Толтой жээним бар,
Кашыңдагы Чүрөктүн,
Карый турган эби бар!
Алты пирге кол берген,
Алты жол Кызыр жол берген,
Дегенин кудай оң көргөн,
Кайнатам Манас баатырдын,
Кадырын сыйлап күйгөнмүн;
Жети пирге кол берген,
Жети жол кызыр жол берген,
А дүйнө кеткен атаңдын,
Арбагын сыйлап жүргөнмүн,
Хан атаң Манас өлгөндө,
Каныкей азап көргөндө,
Темирхандын шаарына,
Тентип кетип сен калдың,
Телмирип Чүрөк мен калдым;
Тайатаңдын колуна
Жашыңда кетип сен калдың,
Жалдырап Чүрөк мен калдым!
Кары деп айтып сындыруу,
Мен бейбактын шорубу?!
Карыганча саргарган,
Айткан сөзгө байланган,
Кара бет Чүрөк менденби?
Же кайным деп издеп келбеген,
Кадырлуу төрөм сенденби?!
Жашыңда турдум жаш калып,
Сен келбедиң мени издеп,
Анан карап жата албай,
Кыдырып учтум сени издеп.
Чынкожо, Толтой - эки дөө,
Ат чаптырып, тай сойуп,
Ак никесин кыйат деп,
Саа шашканымдан келгенмин,
Жабылбас менин эмгегим,
Оор сөзүңдү кой, төрөм,
Акшумкарың ала кой,
Азыр табы, сала кой,
Аралашып беттешпей,
Чынкожо менен Толтойдон,
Абдан коркуп калыпсың,
Кара күчкө сактанып,
Карбаластап басканың Акылыңдан шашканың,
Сыргак жел менен сыдырып,
Сыр дайраны кыдырып,
Сени сынап келгенмин,
Арстаным, айткын сырыңды,
Сыр айтсам сөзүм чыным бу.
Абадагы жол менен,
Асталай учуп келгенмин,
Сенин ажыкыздык ишиңди,
Айлыңда туруп билгенмин.
Сага тийип нетемин,
Не мураска жетемин.
Ажы кыздык сен кылсаң,
Алуучу күйөөм Чынкожо,
Азыр эми кетемин.
Жедигердин Толтойу,
Жер майышкан колу бар,
Жети суу толгон эли бар,
Толтой деген жээним бар,
Кимге карап турамын.
Кете берсең бул жерден,
Менин кемип калаар кимим бар?
Кезекти кудай жеткизсе,
Келтирип кегип алдырар,
Акшумкарың мынакей,
Арстаным кетсең жолуң шар,
Алдыңдагы Чүрөктүн,
Айта турган арзым ал.
Айтканымдын баары чын,
Асмандап жүрүп кыдырдым,
Тийериме эр таппай,
Сени өзүм барып жактырдым,
Айтарга кепке пас болдум,
Атаңдын сыйлап арбагын,
Чынкожо менен Толтойго,
Өчүгүшкөн кас болдум.
Укканда муну башында,
Кара хандын шаарында,
Качып жүрөт деп уктум,
Каралуу энең Каныкей,
Калдыр шымың көтүңө,
Катып жүрөт деп уктум.
Чыгарбайын айбыңды,
Көрүп келдим кечээ мен,
Бука мойун, дөң маңдай,
Кыска мойун тулга баш,
Эки айактуу кара баш,
Мурун алган зайбыңды,
Көрүп келдим кечээ мен,
Эр Көкчө улуу Үмөтөй,
Калмак менен Кытайдан,
Кайнап чыккан эр экен,
Кара кулак шер экен.
Ошого тийбей жүргөнмүн,
Канкор сени күйгөмүн,
Сенин кебиң ошондой,
Айтарыңды билгенмин.
Хан Коңурбай чоң Калча,
Алтын найлуу жез канжа,
Туура тиштеп ошондо,
Суудан жылкы сугарып,
Субайын бөлүп чыгарып,
Көөкөрчө кылган чоң күпсөр,
Көт жагында шалп этип,
Жуурканына жамынып,
Бурканына жалынып.
Жаткан иттей кашы бар,
Жанказандай башы бар,
Турган экен чоң Калча,
Ошого тийбей жүргөнмүн.
Канкор сени күйгөнмүн,
Семетей сенин ошондо,
Айтарыңды билгенмин.
Асманда жүрүп алдырап,
Жерди тиктеп жалдырап,
Атаң Манас болбосо,
Канкор сени ким билет?
Айтып сөзүн тамамдап,
Бура тартып басты эле,
Гүлүстөн тууган Гүлчоро,
Тили таттуу ширин аш,
Айта турган сөзү так:
- Койчу, аба, кебиңди,
Катын менен урушуп,
Талаадан кантип кайтасың?
Кала берген жериңде,
Калың кара ногойго,
Кайсы жоопту айтасың?
Бура тартып кылчайып,- Урматтуу жеңе тура тур,
Ишенген кишим сен болсоң,
Издеген кишиң мен болсом.
Кайраттуу жоого келгендей,
Ээн таалада кантесиң?
Семетей менен урушуп,
Арбын сөздү айтасың.
Көөнүң калган немедей,
Булкунуп кайра тартасың.
Өзүң күйгөн Манастын,
Атагы чыккан Таластын,
Абакебиз Бакай хан,
Энекебиз Каныкей,
Калың кара көп ногой,
Жаныңда турган көп кызга,
Урушуп кайтып кеттим деп,
Кандай жооп айтасың?
Муңайып Чүрөк муну айтат,
Мундуу сөзүн чубалтат:
- Түгөнүп калган канкоруң,
Тууттан калдың – деп айтат,Суук селкин кеп айтат,
Мындай ыза болгунча,
Кошулбай кордук көрөйүн.
Бу жорукка көнгүнчө,
Эл жатардын астында,
Бир кишиге билгизбей,
Жан кишиге туйгузбай,
Ак эшиктүү коргонго,
Хан атам салган ордого,
Жатып кетсем болбойбу.
Ителгидей кара көз,
Ирмебестен жаш кетти,
Гүлчоро мындай дегени:
- Койчу жеңе кебиңди,
Ак калпак кыргыз элимде,
Акмакта мындай жок эле.
Ачуусуна чыдабай,
Абыкедей абасы,
Айлантпай сойгон шок эле,
Негизин айтсам түшүнгөн,
Акылы кыйла ток эле.
Ачууңду сурап турамын,
Азыркы кечкин сен жеңе.
Семетей калды жыгылып,
Гүлүстөндүн кебине.
Көргөзүп түптөн козгогон,
Көндү Чүрөк кебине.
Жараштырып ал экөөң,
Жанындагы Гүлчоро,
Жайлады сөзүн теги эле.
Ногойдон чыккан он төрт ат,
Айдаганы булардын,
Дөнөн төөсү аралаш,
Кыздардын камы ал эле,
Жатаркы ашын ичкен соң,
Жамандыктан кайтышып,
Жакшылык сөзү бүткөн соң,
Акундун салган коргонго,
Ак эшиктин ордого,
Арстандар кирип кетти эле.
Жайлуу жерге жетишип,
Сыр түйүнүн чечишип,
Мурунку өткөн залдарлуу,
Карынан булар кетишип.
Анткор Семей, Айчүрөк,
Ортодон кыйла сөз өтүп,
Биринен бири шекшинип,
Алыстан келген канкор деп,
Арнаган малын сойдуруп,
Чарчап келген суусап деп,
Арактан мыктап куйдуруп,
Кардыкканда кант берип,
Капакка салып бал берип,
Каймакка бышкан нан берип,
Кандыра кара чай берип,
Казы кертип, жал берип,
Канча түрлүү аш берип,
Алма шекер-бал берип,
Бар тамагын жай берип.
Конок камы бүткөн соң,
Козголду Семең ойлонуп.
Адими асыл Чүрөктүн,
Сыйнатын көрдүм мен бүгүн,
Ак нике кыйып алсам деп,
Көңүлүмдө жүргөнүм,
Билбедим мурун немемдин,
Айтпай жүргөн шашырын,
Деп Семетей айтканда,
Айчүрөк туруп ойлонуп,
Акылымда толгонуп,
Кыз Чүрөк туруп ойлонуп,
Кыйалында толгонуп,
Жоготкон жогу шумкары,
Жоого минген тулпары.
Кырчылды кийген буулуму,
Кыраан эрдин кулуну,
Кыйналтып койдум ушуну,
Түн уйкусун бөлүптүр,
Күнү-түн жол басып,
Жол азабын көрүптүр.
“Найзанын көркү желектир,
Катындын көркү эркектир”.
Эркек менен катынга,
Махабат оту керектир.
Бейнике жатсам койнуна,
Убалы болор мойнума.
Кабар кылсам белем деп,
Кожо менен молдого.
Деп ошентип турганда,
Гүлчоро күлүп кеп айтат,
Күлүмсүрөп муну айтат:
- Айланайын абаке,
Алыстан келдиң бул жерге,
Асынганың Аккелте.
Аңсаганың Айчүрөк,
Айбалта илдиң билеке.
Кумар болдуң Чүрөккө,
Айта албай турсаң керектир,
Оту күйгөн Чүрөктүн,
Көңүлү түшүп жаткандыр.
Көк кашка сулуу Чүрөктүн,
Кожо-молдо жолдо жок,
Менден кыйын молдо жок,
Жашырбаймын бар кепти,
Жалтанбаймын оозум шок.
Айчүрөк менен абакем,
Ал экөөңдүн көөнү ток.
Канчоро менен Гүлчоро,
Кайгырып ичтен болот жок,
Гүлчоро айтып ийди эле,
Канчоро арбап күлдү эле.
Акундун кызы Айчүрөк,
Алардын дартын билди эле.
Гүлчоро болду молдосу,
Канчоро баатыр жолдошу.
Күбөөчү нечени,
Арачы болду чечени,
Нике кыйып баш байлап,
Эрди катын болуучу.
Тамаша менен таң атып,
Күндүн мурду ачыла,
Жердин жүзү чачыла.
Намазга турду камынып,
Келди булар кезеги,
Акундун кызы Айчурөк,
Желбегей желек жамынып,
Кызыл өңү бозоруп,
Ант ичкенге окшонуп.
Олжооркогон кара бет,
Басалбай калган окшонуп,
Аптабасын белендеп,
Эр дааратын бүтүрүп,
Намаздан жанды Семетей,
Чайчылаары белендеп.
Аш тамагын келтирди,
Көөнүндө иштин камы жок,
Сарамжалын бүтүрдү.
Камдыгында даба жок,
Хан баласы Чүрөктүн,
Кылганында чала жок.
Дасторкондо олтуруп,
Даамды койуп ортого,
Эже-сиңди кыздарга,
Кеп баштады ошондо.
Гүлчоро нике кыйды эле,
Алтындан кылган тактыга,
Кебезден кылган пахтага.
Жуурканына жайдырган,
Жибектен кылган тубарга,
Калды бекен арманы.
Кыз-күйөдөн аларда,
Баатырдын уулу эр Семең,
Бала жолборс эр немең,
Арак ичип мас болгон,
Көп ногойго баш болгон.
Жыйырма беште жаш болгон,
Салынып төшөк бүткөнчө,
Араңдан–араң токтолгон.
Алардын иши ушундай,
Ырасын айтсак учурбай,
Тартынбай чунак кенедей,
Таамайлап шилтеп ченебей,
Он эки карыш олжогой,
Оозу түбүн байкабай.
Салды Семең болжобой,
Жашы кыркка чыкканча,
Күйүп жүргөн Айчүрөк,
Түк көрбөгөн кара бет.
Түндүк бойу түйүлүп,
Түпкүчтөй бели ийилип.
Болжолу жок жапдыкты,
БолжобойСемең кийирип.
Чычалактай кара кан,
Чычаңы ылдый куйулуп.
Канкордун уулу чунагың,
Таң атканча жүз кылып.
Такалган жерин түз кылып.
Кетирип тарпын күч кылып,
Таамайлап урса токмокту,
Талаада малды козголтту.
Мойнуна колун салыптыр,
Бутун белге алыптыр,
Корк-тарк этип кеткенде,
Короодо койлор жата албай,
Үркүп кетип калыптыр.
Түгөнгүрдүн түйшүгү,
Эч бир жанга окшобой.
Тарк-турк этип үн чыкса,
Талаада жылкы оттобой,
Тулпарлар жерди тепкилеп,
Табышынан токтобой.
Тамаша менен таң атты,
Кызарып жерге күн чыкты,.
- Ургачы кудай кылган соң,
Эрге тийбей айла жок.
Эркек бала болгон соң,
Катын албай айла жок.
Жашыңдан өтүп кеткенде,
Катын эрде пайда жок.
Ушундай күйөө табылса,
Кыздар сенде арман жок.
Айчүрөк эми кеп айтат,
Балдарга жаккан эп айтат:
Жалгыз көздүн карасы,
Гүлчоро менен Канчоро,
Алмамбет менен Чубактын,
Эки хандын баласы.
Жашы он төрттө балдардын,
Берендигин карачы?
Берендигин билгенде,
Эрчитип жүргөн абасы,
Катын алып үй тигип,
Каралды коңшу болорго,
Боло элек экен чамасы.
Баш кошойун экөөнө,
Басылсын булар санасы,
Өлсөң кунуң алчу мен,
Сатсам пулуң алчу мен.
Жакшылык менен жамандык,
Өз ойумча салчу мен,
Гүлчоро менен Канчоро силерге,
Калыйман менен Бегимжан.
Эки кызды беремин.
Кимиң улуу ким кичүү,
Көрбөсөм кайдан мен билем,
Хандын кызы Калыйман.
Улуурагың аны ал,
Бектин кызы Бегимжан
Кичүүрөгүң бириң ал.
Капаланбай ал кыздар,
Кубанды белем курган жан.
Кабагын ачпай муңайды,
Аты чыкпай кур калган.
Чүрөк менен төрөңдү,
Тирүүдө бенде көрөбү?
Төрө Семей баатырдын,
Гүлчоро менен Канчоро,
Аркасында жөлөгү.
- Айланайын чоролор,
Кагылайын караандар ,
Кыргыздан чыккан кыраандар.
Кыла турган ишиң бар,
Байкап балдар угуп ал.
Күн-түнү жок өксүтпөй,
Мөөнөт менен көз салып,
Ак эшикке туруңар.
Жеңеңер берген кыздарга,
Бүгүн нике кыйыңар.
Душманды жеңсе талкалап,
Тойду ошондо кылыңар.
Кыйнабайлы бул элди,
Кылар иштин ыгы бар.
Кайгуулдап жүрүп кыз алсаң,
Кабылан балдар ойлончу,
Кимиңде арман кир калар?
Мындай айтты Семетей,
Муну мындай таштайлы,
Гүлчоро менен Толтойдун Беттешкенинен баштайлы.
Чынкожо, Толтой баш кошуп,
Элинде жыйын курганы.
ГҮЛЧОРО МЕНЕН ТОЛТОЙДУН АЛГАЧКЫ БЕТТЕШҮҮСҮ
“Күнү толуп калды – деп,
Жиберели элчи”– деп,
Чыдап жаны турбады.
Эли-журтун жыйнашып,
Чеченден чечен ылгашып.
Акун ханга жиберди,
Калдайган кара кат жазып,
Айагына мөөр басып:
“Айткан сөздөн танбаса,
Акун хан жооп берсин – деп,
Алдадым десе бултактап,
Атышар жерге келсин – деп.
Алдаса эми Акун хан,
Карала тулпар минебиз,
Алтын эшик калаасын,
Аралап бузуп киребиз.
Каз, өрдөктү кан кылган,
Карчыгадай тийебиз.
Үч күн ичи жооп берсин,
Үч күндө жооп болбосо,
Үйүнө баса барабыз,
Ардактаган Чүрөгүн,
Ач билектен алабыз.
Ат аркага салабыз,
Антип эбин табабыз.
Аны менен тим койбой,
Чаап малын алабыз!
Жакшылыкты санаса,
Түпкүлүгүн караса,
Кол куушуруп, кой сойуп,
Кудалыкка келебиз.
Ал ыраазы болгуча,
Айдап малды беребиз”.
Тандалган чечен Жаманак,
Таңшыган булбул Саламат.
Арада конуп жол баспай,
Акун ханга келиптир,
Жол азабын көп тартпай.
Алыстан келген элчини,
Кайгуулга келген ченчини,
Жасоолдор баштап кириптир.
Саламат менен Жаманак,
Салам айтып Акунга,
Салып башын ийиптир.
Элчиге келген Саламат,
Кеп салганы шар экен.
Жаактууга башынан,
Жаак бербеген кара жаак,
Чечендин бири ал экен:
- Акун хандай теңизим,
Ат көтөргүс семизим.
Ар тарабы келишкен,
Атактуу хандын бирисиң.
Сенин кызың, Айчүрөк,
Бөтөнчө сулуу бала – дейт.
Кулдук уруп Чынкожо,
Кудалашып алам – дейт.
Ханымдын берген каты бул,
Кудалыкка кандайсың?
Ызаатташып кетүүгө,
Тууралыкка кандайсың?
Хан Толтойдун каары бул,
Кайсы бирин тандайсың?
Жумган көзүн ача элек,
Сунган бутун тарта элек.
Сөөлөттүү Акун ханыңыз,
Карылык дартын тарта элек,
Башын өйдө көтөрүп,
Карс дегиче жөтөлүп.
Агартып тишин кылайтат,
Саламатка муну айтат:
- Биздин элдин ичинде,
Эки эстүү бала бар,
Ошого кеңеш салыңар.
Биринин аты Ажыбай,
Биринин аты Түмөнбай,
Жоопту алардан алыңар.
Берем десе ал экөө,
Бербе дээрге киши жок,
Бербеймин десе ал экөө,
Өзгөнүн өтөр мизи жок.
Акун хан айтып бул сөзүн,
Бир баланы чаптырып,
Элчилерге бет кылды,
Эки эренди таптырып.
Ажыбай менен Түмөнбай,
Катты алып окушуп,
Ичиндеги көп сөздү,
Көңүлүнө токушуп.
Ажыбай туруп кеп айтат,
Мына мындай деп айтат:
- Эртең, Бозучуктун сеңирге,
Экөөбүз жетип барабыз.
Келишсин Толтой, Чынкожо,
Кеңешти мыктап салабыз.
Берер болсок Чүрөктү,
Берер жообун айтабыз.
Бербес болсок Чүрөктү,
Белсенишчү жерлерди,
Белгилешип кайтабыз,-
Аны угуп элчилер,
Аттанышып кайтты эле,
Ажыбай, Акун кептерин,
Чынкожо менен Толтойго,
Төкпөй-чачпай айтты эле.
Ал күнү күн батыптыр,
Жайланып кошун жатыптыр.
Молдо торгой тил безеп,
Таң саргарып атыптыр.
Ажыбай менен Түмөнбай,
Элчиликке барды дейт.
Кошо барган жолдошу,
Термечик менен Калыбек,
Урматтап атын алды дейт,
Бозучуктун сеңирде,
Жедигердин чегинде,
Чынкожо, Толтой төрт адам,
Ажыбай, Түмөн төрт адам,
Маңдайлашып олтурду.
Эки жактан сегиз жан,
Найзага желек аштады,
Чынкожо сөзүн баштады:
- Жедигердин элинен,
Жер майышкан кол келди.
Кулдук уруп мен үчүн,
Эр Толтойдой зор келди.
Айчүрөктөй сулууга,
Айдаган калың мол келди.
Анык жооп бересиң,
Айчүрөктөн мант берип,
Алдаганы оор келди!
Аны угуп Ажыбай,
Айтты кебин мамындай:
- Кечээ Манас барында,
Алмамбет, Чубак жанында,
Коңурбай менен Жолойдон,
Олжологон миң нарды,
Тизмеги менен жардатып,
Ал нарынын үстүнө,
Алтын, күмүш зар артып,
Канча каптал чай артып,
Алмамбеттин Сарала,
Башына кебез байлатып,
Айчүрөккө каадалап,
Бел куда болуп кетти эле.
Тегерекке дүйнөсүн,
Төгүп суудай септи эле.
Анын уулу Семетей,
Алп чыкты – деп уктум.
Өз-жат дебей дүмөктү,
Салып чыкты – деп уктум.
Теминип ушул түгөнгүр,
Тентек чыкты – деп уктум.
Темир кийген душманын,
Тепсеп чыкты – деп уктум.
Кара сууга кан куйган,
Канкор чыкты – деп уктум.
Айабаган тууганын,
Анткор чыкты – деп уктум.
Анын жообун алсакпы,
Армансыз болуп калсакпы?
Чынкожо анда кеп айтат,
Чымырканып бек айтат:
- Кечээ Манас өлгөндө,
Эл чогулуп көмгөндө.
Манастан калган көп дүйнө,
Абыке, Көбөш, Жакып хан,
Камчыга ченеп бөлгөндө.
Сыр бешикти талкалап,
Көкбөрү тартып барчалап,
Өлтүрө турган болгондо,
Бакай берген далдалап,
Эки чанач сүт менен,
Эки байтал күч менен,
Кара хандын шаарына,
Качып кеткен Каныкей,
Семетейди калкалап.
Бөлүнгөндү бөрү жеп,
Бөрүнүн богу болгондур.
Какжайган сөөгүн кажыр жеп,
Кажырдын богу болгондур.
Өлгөн эчак Манастын,
Арбагынан коркосуң,
Куйругун эчак кум баскан,
Тентегинен коркосуң,
Эр Толтой менин өзүмдөй,
Эренден эмне коркпойсуң,?!
Анда Ажыбай кеп айтат,
Ачууланбай эп айтат:
- Андай болсо Чынкожом,
Айчүрөктү алдыңа,
Алып келем – деп айтат.
Түмөнбай анда муну айтат,
Түрүлтүп өңүн кубартат:
- Тийем десе Чүрөктү,
Тийбе дээр киши жок.
Тийбеймин десе Чүрөктү,
Тийгин дээр киши жок.
Эрксиз кызды бергидей,
Эр өлтүрүп мен сага,
Күнкор болуп калдымбы?
Нар өлтүрүп мен сага,
Пулкор болуп калдымбы?!
Күңгөй кара, күн жарык,
Не билгенди билейин.
Не көргөндү көрөйүн,
Көз көрүнө зордукка,
Көнгүчөктү өлөйүн!
Ажыбай менен Түмөнбай,
Айтып жолго кирди эле,
Төрт канаттуу Кара атты,
Чынкожо тартып минди эле.
Узатпастан экөөнү,
Кууп жете барды эле.
Катуу сүйлөп, бек айтып,
Бастырбай матап калды эле:
- Арка тиреп Акунга,
Бел байлаган Ажыбай,
Беренсинген өзүнчө,
Бели катуу Түмөнбай.
Берер болсоң Чүрөктү,
Берем деген жообуңду айт.
Бербес болсоң Чүрөктү,
Бербеймин – деп,– анан кайт!
Маалкатпай мант берип,
Абыдан кебиң ачып кет.
Алакандай мөөрүңдү,
Ак кагазга басып кет!
Анда Ажыбай кеп айтат,
Карганып катуу бек айтат:
- Жолборс изден кайтчуубу,
Эр сөзүнөн танчуубу?
Эсимди кудай алыптыр,
Мөөрүм үйдө калыптыр.
Эртең Бозучуктун сеңирге,
Айчүрөк алып келбесем,
Төбөсү ачык көк урсун!
Төшү түктүү жер урсун!
Макул болуп Чынкожо,
Ажыбайдын антына,
“Кебиңден тансаң сойдум” – деп,
Кекетип жанды артына.
Акундун кызы Айчүрөк,
Арылбаган доо болуп,
Ажыбай менен Түмөнбай,
Ит, мышыктай жоо болуп.
Атырылтып ат койду,
Алчактаган тулпардын,
Баскан жери коо болду.
Акун хандын ордого,
Түмөнбай мурун келди дейт.
Аттан түшүп энтелеп,
Айтып салам берди дейт:
- Атактуу Акун теңизим,
Ат көтөргүс семизим.
Чынкожо, Толтой эрлерге,
Элчиге барып келишим.
Чынкожонун Карала ат,
Ажыкем минмек болуптур.
Акун хан сенин шаарыңды,
Ажыбай билмек болуптур.
Жалгыз кызың Чүрөктү,
Бозучуктун сеңирде,
Чынкожо менен Толтойго,
Кармап бермек болуптур.
Аны укканда Акун хан,
Арданып өңү бузулду.
Ак сакалы бириндеп,
Ачуудан тери сызылды.
Ал аңгыча Ажыбай,
Аста кирип эшиктен,
Ара жерге кысылды.
“Түмөнбайдын айтканы,
Чынбы, Ажыбай, жалганбы?
Жалган болбой чын болсо,
Табамын акыр айлаңды!”
Жаактууга жай бербес,
Жалтанбаган Ажыбай.
Акун хандан тайманбай,
Айкырык салып муну айтат,
Акун хан өңүн кубартат:
- Калтыраган, куу какбаш,
Калтырабай тим отур!
Үрпөңдөгөн, куу какбаш,
Үрпөңдөбөй тим отур!
Сербеңдеген, куу какбаш,
Сербеңдебей тим отур!
Бозучуктун сеңирге,
Кайнаган калың кол келди,
Жер жайнатып мол келди.
Айчүрөктү айасаң,,
Акун хан сенин элиңе,
Арылбаган шор келди.
Ардактаган Чүрөктү,
Билсең бүгүн, Акун хан,
Чынкожо менен Толтойго,
Кармап бериш оң келди!
Ойлонгунуң, Акун хан,
Бүгүн түпсүз ордосуң.
Айасаң Чүрөк кызыңды,
Кайнаган кара шордосуң!
Чыгып андан кеткидей,
Эшик тапчы, Акун хан,
Чыгарып андан кетейин.
Кирип чыкпай койгудай,
Тешик тапчы, Акун хан,
Киргизип ага кетейин!
Ажыбайдан каккы жеп,
Акун хан башы тел болду.
Калкылдаган калайык,
Кайнап, ташып сел болду.
Капчыгайга урунган,
Кара бороон жел болду.
Аны көрүп Түмөнбай,
Айчүрөккө чапканы,
Куйрук улаш Ажыбай,
Кубалап аны барганы.
Аттан түшпөй кыйкырып,
Ак ордонун сыртынан,
Түмөнбай доош салганы:
-Ай,Айчүрөк, кулунум,
-Ардактаган буулумум,
Үйдө болсоң бери чык.
Өзүңө айтам билгизип,
Алып келген кебимди ук!
Күлүмсүрөп кашкайып,
Күндөй бети нур чалып.
Чекири жок кой көздүү,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 10
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.