Latin

Семетей - 10

Total number of words is 4176
Total number of unique words is 2230
30.5 of words are in the 2000 most common words
42.8 of words are in the 5000 most common words
48.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Сепкили жок ак жүздүү.
Айчүрөк чыкты кериле,
Ак маралдай маңкайып.
Кашкайа карап күлгөндө,
Кабагынан ай жарып.
Ажыбайдан жашырбай,
Айтып өттү Түмөнбай.
Чынкожого Ажымдын,
Убада берген болжолун.
Бозучуктун сеңирге,
Алып барып Чүрөктү,
Чынкожо менен Толтойго,
Кармап бермек болгонун.
Акылы артык Айчүрөк,
Ак тотудай кулпунуп,
Күлө карап кеп айтат:
- Ажыке, айтчы – деп айтат,Карындашың Чүрөктү
Чынкожо менен Толтойго
Бермек болуп келдиңби?
Ойлонуп артың, сөз кылбай,
Өз билгиңче иш кылсаң,
Табамын бир күн эбиңди!
Ажыбай анда кеп айтат:
- Айчүрөк, укчу – деп айтат,Алды менен шаарыңа,
Азар түмөн кол келди,
Аз келбеди, мол келди.
Алты атар мылтык ийнинде,
Албарстан кылыч кабында,
Апкаарып адам туралгыс,
Ал Чынкожо жанында.
Атса атып салгыдай,
Чапса чаап салгыдай.
Кейпин көрүп чочконун,
Кеп менен алдын тосконум.
Жайыңды айтып, Айчүрөк,
Карганып араң кутулдум.
Эр көөнүңө жараса,
Тийбейт деген эмине?
Эр көөнүңө жакпаса,
Асмандап учуп, Айчүрөк,
Кетпейт деген эмине?
Самаганың Семетей,
Жетпейт деген эмине?”
Анда Чүрөк кеп айтат:
- Аттуу турбай, агалар,
Чай ичкиле - деп айтат,Ыгы келсе андайдын,
Ылайыгын көрөрбүз.
Ыктуу болсо жумушуң,
Ата менен аганын,
Айтканына көнөрбүз.
Алдыда Чүрөк жол баштап,
Эшикти ачып калды дейт.
Ажыбай менен Түмөнбай,
Ордодон көрүп кызыкты,
Акыл, эстен танды дейт.
Ортосунда ордонун
Байлануу турат он төрт ат.
Он төртү бирдей күлүк ат.
Он төрт аттын ичинде,
Көргөндө салты башкача,
Кежимден жабуу жабылган,
Жембаштыгы манаттан,
Такта соору тайган төш,
Тамдай болгон Буурул ат,
Ал ырыстуу эрдин малы экен.
Канаты экен, жаны экен,
Көргөн сайын канбастай,
Касиети бар экен.
Кара байыр казан ат,
Теңдеши жок так экен.
Жоболоңдуу жорукта,
Жоого минчү ат экен.
Он төрт аттын айагы,
Жаа мойундуу Туучунак.
Туйагында тура жок,
Жүрөгүндө кара жок,
Телегейи тептегиз,
Байлоодо турат он төрт ат.
Баарысында чала жок,
Байкаган киши билгендей.
Башкача аттар келишкен,
Күлүктүктө даба жок.
Ички тамга киргенде,
Айчүрөк турду муну айтып:
- Көкүл менен саамайым,
Аргын менен ногойдон,
Арстан чыккан ошондон,
Асыл төрө паанайым.
Көкүрөгүң соо болсо,
Көзүңдү ачып өйдө бол.
Хан атамдын калаасын,
Ажыкем билмек болуптур,
Чынкожонун Аласын,
Алып минмек болуптур.
Бозучуктун сеңирде,
Болжолдуу тумшук жеринде,
Чынкожо менен Толтойго,
Айчүрөктү алпарып,
Кармап бермек болуптур.
Ажыбай менен Түмөнбай,
Үйгө али кире элек.
Үйдө жаткан кишинин,
Ким экенин биле элек.
Ачылып эшик калганда,
Ажыбай башын салыптыр.
Ал үйдөгү эрлердин,
Эркин жаткан шерлердин,
Караанын көрүп калыптыр.
Аптыгып калган Ажыбай,
Буларды ойго алыптыр.
Койондой окшош эки уул,
Телегейи тегиз уул.
Көзгө сүрдүү көрүнөт,
Желмогузбу теги бул?
Кыздардын бери жагында,
Келбээрсип булар отурган,
Керебет алтын тагында,
Алардан ары төр жакта,
Ажыдаардай айбаты,
Арстандан бирөө көрүндү.
Көрө замат Ажыбай,
Көңүлү жаман бөлүндү.
Айбатынан айбыгып,
Кара жандан түңүлөт.
Ажары анын башкача,
Айдай болгон бир сүрөт.
Кыйа салып караса,
Кызыл чийкил нурлуу жүз,
Туура карап Ажыбай,
Көрө албады нурун түз.
Алтындан кемер курчанган,
Албырып бети нур чалган.
Мусурканып мур жанган ,
Муздай темир курчанган.
Мостойунку бул эрен,
Эки жигит котчу алган.
Семетей келип болгонун,
Ажыбай билет ал кайдан?
Үйгө киши киргизбей,
Эшикке чыкты Семетей.
Ээрчип чыкты кош чоро,
Жоо жарагын белендей.
Айбатынан Семеңдин,
Аңтарылып көз жайнап,
Күрмөөгө келбей кызыл тил,
Таштагандай бек байлап.
Ажыбай менен Түмөнбай,
Аста басып кедеңдеп,
Аттарын минип кайтышты,
Артын карап элеңдеп.
Семетей туруп кеп айтат:
- Ой, жигиттер – деп айтат.Мен укканды уктуңбу?
Мен туйганды туйдуңбу?
Айчүрөктүн сөзүнө,
Акылыңды бурдуңбу?
Бозучуктун сеңирге,
Ажыбай менен Чынкожо,
Болжошуп келген турбайбы.
Кимиң барсаң, аның бар,
Бириң мында калыңар,
Бир кишилик алың бар.
Бирөөң чалгын чалыңар,
Чалгын чалып баруучуң,
Тайбуурулду минип бар.
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Чыгып калса жолуңдан,
Ичин жарып, итке сал.
Канын төгүп башын ал,
Жүрөк канын тамызбай,
Ичип алып, жолго сал!
Канчоросу калтылдап,
Күлүстөн туулган Гүлчоро,
Күлүмсүрөп жаркылдап,
Күзгүдөй көзү жалтылдап:
- Бар десең, аба барайын,
Барбай кантип калайын?
Жолукса Толтой, Чынкожо
Жообу эмне алайын.
Түрү суук болушса,
Тирүү койбой сойойун.
Хан атам Манас болгон соң,
Сойбой кантип койойун?
Буурулдун эки күндүк эти бар,
Тиктелип жүнү бириндеп,
Тери калган жери бар.
Абыкенин Актелки,
Абыдан сууту каныптыр.
Как ошону минсемби?
Кайгуулга келген жан болсо,
Каршылашкан хан болсо.
Карсылдашкан эр болсо,
Найза сайар шер болсо,
Тайманбай турган жан болсо,
Тамашага батсамбы?
Мингени күлүк ат болсо,
Олжолоп аны кайтсамбы?
Анда Семең муну айтат,
Айчүрөктүн алдында,
Агартып тишин кылайтат:
- Азелден кудай ак жасап,
Атаң келген дин үчүн.
Каалап келген ак динди,
Калпа, султан, пир үчүн.
Таштап келген тактасын,
Акыреттин камы үчүн.
Айтылат иши ар жерде,
Какандыктын ханы үчүн.
Түгөнбөйт анын жомогу,
Туйунтуп айтса эл үчүн.
Басташкан байлап, белин бек,
Ата конуш жер үчүн.
Сен ошол, Алмамбеттин уулусуң,
Бүгүн сага берейин,
Алдымда минген Буурулум.
Арстаным чоро, кийип ал,
Бараңдын огу батпаган,
Атакемдин буулумун.
Абайлап сөзгө кулак сал,
Акылман чоро кулунум.
Аттанып чыксаң акжолтой,
Аркамда жүрсөң сан колдой.
Арка кылган эки уул,
Алдымда турсаң миң колдой.
Аттан арман кылбагын,
Аттангын, чором, турбагын.
Байлоодо жүргөн бабында,
Баарысы чабар табында.
Он төрт күлүк ат келди,
Баары тулпар мал келди,
Аралап бүгүн турасың,
Атасы башка жат элди.
Канчоро жатып албасын,
Жайлоого атты айдасын.
Асыл жеңең Айчүрөк,
Азык-түлүк камдасын.
Кас санаган душмандар,
Кагылышсаң кан болсун,
Өнөгүң элде даң болсун.
Алдыңдагы Тайбуурул,
Атагы чыккан хан Буурул,
Кадууга чапсаң чаалыкпас,
Канчалык чапсаң арыбас,
Өөдө-ылдый ылгабас,
Өркөчү бийик, сээри пас,
Тутам шыйрак, жез билек,
Тунук тулпар Буурул ат.
Ката сайып жаралуу,
Калганга болсоң табалуу,
Калтырбай сени талаага,
Алып келет абаңа.
Өлүп калсаң сөөгүңдү,
Таштап атпайт арага.
Он беш асый болгуча,
Өзү айбан болсо да,
Антын актап, тоо сактап,
Мени күйгөн Тайбуурул.
Ишенгеним эки уул,
Арка кылган бир Буурул.
Азырынча Гүлүстөн,
Ал Буурулду минип тур.
Кандай барсаң андай бар,
Жоо жарактын баарын ал.
Жолукса Толтой, Чынкожо,
Жобунтуп ага кайгы сал!
Жообун абаң бергенде,
Жоо дегенде сүйүнүп,
Кобурлуу тууган чунагың,
Мыйыгында күлүнүп,
Башкасына карабай,
Буурулду көздөй жүгүрүп.
Куйушканын узартып,
Чап олоңун кыскартып.
Качкан элик чокулуу,
Алдыңкы кашы карк алтын,
Атадан калган аккаңкы ээр,
Тайбуурулга токунду.
Аттанып чороң жүрөрдө,
Арстан Семең муну айтат,
Садагасын кактырып,
Чоролорун жубантат:
- Алыска жүрөр Гүлчоро,
Адамдан артык эр чоро.
Өлбөй жүрсөң жолдошуң,
Тирүү жүрсөң колдошуң.
Канчоро, камда садага,
Гүлчорого жол болсун!
Абасы анча айтканда,
Канчоро карап турабы?
Алек-далек жүгүрүп,
Арстандай бели бүгүлүп.
Кечиктирбей бу дагы,
Дайарланды заматта.
Садагага чабарга,
Сары башыл улагы,
Анын арты жагынан,
Айлана чаап энтелеп,
Алып келди айдатып,
Мала кашка уй менен,
Ак боз бээни жетелеп.
Арстаның Семетей,
Атасы айкөл Манастын,
Арбагына жалынып,
Анын атап жолуна,
Ак боз бээни чалдырып,
Мала кашка уйду ал,
Элге тирүү талатып,
Кескилетип алдырып.
Сары улакты Гүлүскө,
Садагага кактырып.
Ак жолуна чороңдун,
Алтындан жолдук чачтырып.
Курун салып мойнуна,
Бата берип барылдап,
Бала жолборс Семетей,
Турганда минтип бакылдап.
Атасынын колдоочу,
Өлбөгөндө жолдошу,
Ошолордун баарысы,
Көрүнүп көзгө ашкере,
Келип турду жакындап.
Опол тоодой зор Манас,
Мингени анын Аккула
Маңдайда кызыл меңи бар,
Жылаңайлак, жылаңбаш,
Суулугунда бир бала.
Эки түгөй сур бөжөк,
Эки үзөңгүгө жабышып.
Куйругун көккө көтөргөн,
Кара чаар жолборстор,
Эки жанда кабышып.
Камчы саптай ак жылан,
Үч курчалып белине,
Кулактан башы артылып,
Тилинен күйүп өрт чыгып,
Көзүнөн жалын от чыгып,
Кошулуптур чорого,
Бир ажыдаар бу чыгып.
Бермети беттен төгүлгөн,
Бешене жарык көрүнгөн,
Саамай чачы бириндеп,
Салынып жерге желбиреп.
Шөкүлө башка кийинген,
Өңү анардай кызыл кыз,
Өзү жандан узун кыз,
Учкаша минип артына,
Баратты ийин артылып.
Алтымыш кулжа бөлүнүп,
Эки жакта көрүнүп.
Булар да өттү дапдайын,
Сүрөттөй көзгө тартылып.
Кабылан, жылан, жолборсу,
Суркойон бала жолдошу,
Кыз олуйа колдошу.
Аркасында көп экен,
Алтымыш түркүн жөлөгү.
Төрө Манас баатырдын,
Тукумунун өбөгү.
Кош болуп мындан Семетей,
Гүлчорону аттантты,
Сайарына колуна,
Сырнайзаны карматты.
Чабарына Ачалбарс,
Айбалтаны байлатты.
Атарына Аккелте,
Ай далыга шайлатты.
Жарактын баарын жам кылып,
Чоронун көөнүн жайлантты.
Бастырарда Гүлчоро,
Баатыр Семең дагы айтты:
- Касташкан душман жоолордон,
Калдайган бийик тоолордон,
Кармашчу Толтой, Чынкожо,
Каңгайдан келчү жоолордон.
Тайманбастан, Гүлчоро,
Качырып найза салгының.
Кабыргасын кыйратып,
Кара боорун жаргының.
Жолдошу чоро бул болсо,
Жолборсу кандай кылат – деп,
Жүрөгү чыгып кабынан,
Түңүлсүн чочуп жанынан.
Атын уккан байагы,
Бозурчуктун сеңирге,
Болжолдуу жолдун чегине,
Тармалсаздын ойуна,
Талдуу суунун бойуна,
Жалгыз жаман тегирмен,
Душмандын келер жолуна,
Азыр болгун ушуга.
Аттан түшүп жатпагын,
Уктап кокус калбагын.
Түшүп аттан уктайм – деп,Түйшүктү башка салбагын.
Абаңдын айткан акылын,
Абайлап, чором, аңдагын.
Унутпастан кунт койуп,
Кулагыңда кармагын.
Батасын алып Семеңдин,
Тонун кийип берендин.
Бар жарагын асынып,
Шай колдогон эрендин.
Күчү артып күүлөнүп,
Күлүп кетти Гүлчоро,
Атырылып жолборстой,
Жүрүп кетти Гүлчоро.
Бозурчуктун сеңирге,
Талдуу суунун бойуна,
Барып жетип Гүлчоро,
“Болжолдуу сеңир жери – деп, Абамдын айткан кеби – деп,Кас санашкан душмандын,
Кан болор келди эби –деп.
Жолун тосуп турайын,
Жолукса Толтой, Чынкожо.
Жыпжылма түптүз кылайын.
Кызыл канын агызып,
Кылдай мойнун кыйайын.
Ажалым жетсе өлөйүн,
Азабым болсо көрөйүн.
Атактуу Толтой жолукса,
Найзалашып көрөйүн.
Чынкожо мага кез болсо,
Башын кесип жөнөйүн”.
Алып учуп жүрөгү,
Гүлчоронун дегдептир.
Айланып сеңир тумшуктан,
Аттын изин караса,
Анда пенде келбептир.
“Келер бекен булар – деп,Таң аткыча турам деп,
Таң аткыча келбесе,
Таап алып бир киши,
Келгеним кабар кылам”- деп.
Ийе тартып Буурулду,
Тизгинин кайра каңтарып,
Аккаңкы башын кучактап,
Уктады көзүн аңтарып.
Кыйладан бери Гүлчороң,
Кыз-келиндин жанында.
Кызык уйку ала элек,
Кыйналып келген жол тартып,
Абыдан ардык чыга элек.
Үзөңгүгө тамандап,
Сырнайзасын кучактап,
Аккаңкыга баш койуп,
Калды чороң кана уктап
Муну койо туруңуз,
Сактап жаткан байагы.
Толтой менен Чынкожо,
Ошондон кабар угуңуз.
Ажыбай менен Түмөнбай,
Аттанып алар кеткенде,
Чынкожо менен эр Толтой.
Кошунуна жеткенде,
Чынкожо туруп кеп айтат,
- Э, досум Толтой – деп айтат.
Балбандык күчтө чыңалдың,
Баатырдык даңкың чыгардың.
Мени менен дос болуп,
Мелжемдүү жерде сыналдың.
Арка болуп өзүмө,
Антташкан сөздөн чыга алдың!
Айкырып сен турганда,
Ар ишти өзүм кыла алдым.
Ажыбайды коркутуп,
Жүрөгүн каптан чыгардым.
Бирок дагы сөзүндө,
Тетири турат булардын.
Жумуштан койбой чаланы,
Бүгүн чалгын чалалы.
Кандай болуп жаткандыр,
Айчүрөктүн абалы?
Андан кабар алалы,
Абдан билип абалын,
Анан кайра жаналы Деп, Чынкожо айтканда,
Баш ийкеп Толтой калганы.
Арты-алдын ойлобой,
Арам нээт чубуттун ,
Алдаганын болжобой,
Көөдөгүнө салганы.
“Чүрөктөн кабар алам”- деп,
Бастырып жолго чалганы.
Толтойдун жайын менден ук,
Менден уксаң бейлеп ук.
Каардуу Толтой баатырдын,
Абдан жайын ээлеп ук.
Кара сакал, балбан эр,
Калмактан олжо алган эр.
Катылышкан душманын,
Кан кылып, мээсин жайган эр.
Качырганын кайсаган,
Касташканы калбаган.
Чыккан эмес калмактан,
Каш кайтарар эч бир жан.
Жеңилбес баатыр Толтойду
Эңишип пенде чыкпаган.
Алым алып, мал алып,
Кызыл дилде зар алып,
Кызылбаштын Контукчу,
Индыстан менен Иранды,
Былк эттирбей коркутчу.
Алым берип сандалып,
Жанын багып турушчу.
Толтой менен салышып,
Контукчу өлгөн болучу.
Контукчуну сойгон – деп,
Өлгөнчө алар коркушчу.
Индыстан менен Ирандан,
Эч бир пенде албаган,
Эрегишкен эчендин,
Эдебин берип жалмаган.
Кызыл сакал, балбан эр.
Кырымды чаап алган эр.
Кырым менен Урумга,
Кызыл тумшук, көк көздүү,
Кыжылдаган көп элге,
Кыргынды далай салган эр.
Калың жоодон качпастан,
Каш кайтарган албан эр.
Хан Манастын тушунда,
Чынмачынга барам – деп,Чын ачуум келсе меники,
Чоң Бээжинди алам- деп.
Талап кылган ойу бар,
Кайда барса акжолтой,
Кутургурдун жолу бар.
Шай колдогон Семеңе,
Шашып Толтой катылып,
Кыйын болду чакылып.
Түбүндө жүрүп түгөнгүр,
Чынкожонун көөнү – деп,
Мерт болгону эмгиче,
Элде жүрөт айтылып.
Күндү эсептеп эр Толтой,
Чынкожого кеп салды,
Мына мындай олчоңдой:
- Ажыбай менен Түмөнбай,
Келбей калды бүгүн – деп,
Чынкожо, турат ойумда,
Мына мындай күмөн кеп.
Токсон күн мөөнөт алганда,
Акундун кызы Айчүрөк,
Аккуу болуп учкан бейм,
Ак булуттуу асманга?
Же болбосо Чүрөктү,
Калмактан калдай алганбы?
Же болбосо Айчүрөк,
Казакка кабар салганбы?
Же болбосо Айчүрөк,
Катагандын хан Кошой,
Анын уулу Жалгызек,
Ага кабар салганбы?
Баштап келип калганбы?
Же болбосо Чынкожо,
Менин, ойлогон ойум жалганбы?
Туйунбадың, тим болдуң,
Же Ажыбай алдап салганбы?
Арстан Манас бел куда,
Болгон башта деди эле,
Же ага кабар салганбы?
Баштап келип калганбы?
Жетим калган Семетей,
Жерин таап алганбы?
Жесир калган Каныкей,
Элин таап алганбы?
Аселде оозун чайкаган,
Ак сакалын жайкаган.
Адамдан ашкан кеменгер,
Акылман Бакай айлакер,
Бегин таап алганбы?
Акундун кызы Айчүрөк,
Ошол Манас тукуму,
Белсинип чыккан Семетей,
Белин таап алганбы?
Таап келген эрлерди,
Күтүп булар калганбы?
Же болбосо Чынкожо,
Ажыбай менен Түмөнбай,
Айткан кеби жалганбы?
Алыстан киши келтирип,
Бел байлашып алганбы:
Бек ишенип аларга,
Бекинип жатып калганбы?
Бек ачуум келди меники,
Белгилүү сеңир урчукка,
Аттанып өзүм барсамбы?
Андан чалгын чалсамбы?
Мына ошентип эр Толтой,
Суркойонду токутуп,
Сырнайзасын курчутуп.
Кылычы жанда кыңгырап,
Кетелек белде дыңгырап.
Кытайча кызыл доолбас,
Чымын тийсе зыңгырап.
Суркойон минип болкойуп,
Сырнайза колдо койкойуп.
Айбалта белге асылып,
Көк жеке бутта чойкойуп.
Асынып мылтык мурчанып ,
Муздай темир курчанып.
Өрттөй көзү кызарып,
Куудай мойну узарып.
Кызыталак зор Толтой,
Өзү жөнөп калганы.
Чар тарапка көз салып,
Чалгынды өзү чалганы.
Алдындагы Суркойон,
Арыштай басып элеңдеп,
Белсенип чыккан эр Толтой,
Белин байлап бекемдеп.
Ченчиге келген жоо болсо,
Чымындай жаны чыркырап,
Чыкпас жайга кетер – деп.
Эсирген Толтой келатат,
Эрегишкен жоо болсо,
Эки чайнап жесем – деп.
Андан эч бир кообу жок,
Ойгоно турган ойу жок.
Сырнайзаны кучактап,
Аккаңкыга баш койуп,
Коңурук тартып Гүлчоро,
Уктап жатат мас болуп.
Астында Буурул аты бар.
Асманда тийген айы бар.
Айдын жарык мезгили,
Он эки, он үч чагы бар.
Багыштын уулу эр Толтой,
Гүлчоронун жанына,
Келе жаткан жайы бар.
Өңүт алып куу Толтой,
Көлөкө менен жарыктын,
Ортосунда келатат.
Өпкөсү батпай көөдөнгө,
Толтосунда келатат.
Көрүп калды Буурул ат,
Мына ошону жаныбар.
Көрөрү менен Тайбуурул,
Кошкурук атып калганы.
Таттуу уйкудан Гүлчоро,
Умачтай көзүн ачканы.
Көрүнбөй көзгө эч караан,
Уйкуга кайра батканы.
Алдындагы Тайбуурул,
Турбай туйлап, жер чапчып,
Октос берип басканы.
“Арам өлгүр кантет”- деп,
Ачуусу менен Гүлчоро,
Көзүн бардап ачканы.
Бет маңдайын караса,
Бир тоо жылып келатат.
Тообу десе кишидей,
Тоорулуп, өңүп келатат.
Көрөрү менен чороңдун,
Көзү умачтай ачылды.
Найзасын алып колуна,
Тайбуурулду теминип,
“Манастап” бала бакырды.
Тоодой болгон Толтойду,
Тоо экен - деп жазганбай,
Томуктай кызыл жаш бала,
Токтобостон качырды.
Хан Коңурдан качпаган,
Калың жоодон шашпаган.
Кайран баатыр Толтойуң,
Канчаны жерге жаздаган.
Сыймыгы учуп башынан,
Айрылып атак-даңкынан,
Катуу шашып баладан,
Капысынан качырган.
Айтарына сөз таппай,
Басарына жол таппай.
Ашыгып Толтой бурулуп,
Суркойондун санына,
Сокмоктуу камчы урулуп.
Акыл-эстен айрылып,
Алактап катуу шашыптыр.
Ажыдаар көрө калгандай
Артына Толтой качыптыр.
Качырганда турчубу,
Кайраты өткүр жаш бала,
Кандим эмес боз бала,
Болжолдуу жерин биле албай,
Болжоп найза сайа албай,
“Кара бойу тоодой –деп, Кандай болсо андай – деп,-
Бир жерине Сырнайза
Тийсе учу жарар”- деп,
Энтелеген түгөнгүр,
Эндекей найза алыптыр,
Эң эле катуу сайыптыр.
Шай колдогон баланын,
Шашкалаң сайган найзасы,
Оң бөйрөгүн аралап,
Көбүк этин жаралап,
Мүчүлүш араң жеткени,
Тоодой болгон Толтойго.
Толук найза жетпеди.
Көмөлөнбөй Толтойуң,
Кутулуп аман кеткени.
Алдындагы Суркойон,
Алып барат ашыгып.
Аркасында Тайбуурул,
Араандай оозу ачылып.
Төрт айагы тийген жер,
Кемегедей казылып.
Аркасынан чыккан чаң,
Жөө тумандай жазылып.
Тизгин менен иши жок,
Тигилип чороң октолду.
Чалынып колу тизгинге,
Буйдалып Буурул токтолду.
Кыраан Толтой баатырың,
Кылчайып артын карабай,
Караганга жарабай,
Карчыттан канын койултуп,
Качып барат талаалай.
“Карасын кайдан көрдүм – деп,Бир беттешпей өлдүм – деп.Чынкожо тилин алам - деп,Тирүүлөй кордук көрдүм”- деп.
Суркойон менен балактап,
Жаралуу болгон Толтойдун,
Эси кетип салактап.
Күрө тонун жыйа албай,
Эки этеги далактап.
“Кайдасың- деп, -Чынкожо”,
Айкырып Толтой алактап.
Койонсур менен койгулап,
Колго кирди шалактап.
Чалынган колун Буурулдун,
Бошотуп минип атына.
Шай колдогон Гүлчоро,
Шашып калган Толтойдун
Сайа түштү артынан.
Ар кандай кызык угасың,
Алардан жомок айтылса.
Баатыр болбой, шер болбойт,
Башы өлүмдөн тартылса.
Болсо да бала Гүлчоро,
Башын тартпай жөнөдү.
Кандим болгон баатырча,
Азыраак токтоо кылалбай,
Толтой качты катынча.
Дагы турат талабы,
“Тоодой болгон кишини,
Томолотуп жыксам – деп,Топого башын тыксам- деп,Кылычтап башын кессем- деп, Кыпкызыл канын ичсем- деп,Абакем менен Чүрөккө,
Кыз-келиндин алдында,
Кызматым айта жетсем”-деп.
Кыз эсине түшкөндө,
Кыйалын өзү болжобой,
Аба эсине түшкөндө,
Алды-артын ойлобой.
Алдындагы Буурулду,
Атырылтып аргытып,
Артынан чаңын баргытып.
Алдындагы Толтойго,
Эми кууп жетерде,
Эңкейтип сайып кетерде.
Кайнаган калың көп элге,
Селдей болгон аскерге,
Тумандай болгон топ элге,
Жер сойулган аскерге,
Жедигердин Толтойу,
Желип кирип барганы,
Өксүп Гүлүс калганы.
Өкүрүгү Толтойдун,
Уккандын баарын чочутту.
Качышы анын кан болуп,
Калайыкты коркутту.
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Акылынан шашканы.
Толтойдун чыгып алдынан,
Чылбырынан алганы:
- Сүргөндөй бирөө камчылап,
Суркойон тулпар күлүктү.
Эрдигиңен айрылып,
Салганың кандай түйшүктү?
Эл укса муну эмне дейт,
Өкүрүп Толтой не болдуң?
Карабай качып артыңа,
Өкүнүп, Толтой, не болдуң?
Кол сынса да кокустан,
Жең ичинде болучу.
Баш жарылса бирөөдөн,
Бөрк ичинде болучу.
Өлбөй туруп өкүргөн,
Баатыр кантип оңучу?!
Жерге кирген Толтойум,
Жеңилдик жайың мына ушу!
Ар канча кууган болсо да,
Аста келсең болбойбу?
Айдап келген колго бу,
Сыр бербесең болбойбу?
Өлсөң башың өлбөйбү,
Өксөбөй келсең болбойбу?
Жаның чыгып жатса да,
Өкүрбөй келсең болбойбу?
Качканыңды көргөндө,
Кайнап жаткан жедигер,
Кантип тосуп токтотом,
Качып берсе калың эл?!
Жаман сөз ачуу, жан татты,
Жарасынан Толтойдун,
Жабышып өпкө кан катты.
Алып барып түшүрүп,
Эл ичинде кыйыны,
Айлакерлер жыйылды.
Кантемир дары бар эле,
Найза тийген жарага,
Кашкулак өтү дары эле.
Кырма кызыл дарысын,
Келтирди койбой баарысын.
Кантемирди эзилтип,
Хан Толтой баатыр төрөнүн,
Жарасын көрдү чечинтип.
Кайнатма кара дарыны,
Тышынан чаап шыбады.
Ороп-чулгап жаткырып,
Оолак үйгө бактырып.
Сары улагын таптырып,
Садагасын кактырып.
Улуу бешим болгондо,
Ооруган жери басылып.
Ордунан турду эр Толтой,
Чайыттай көзү ачылып.
Көптү көрүп жашаган,
Көптүн башын ашаган.
Жел тобурчак ат минген,
Темир калкан тон кийген.
Журт башкарган жашынан,
Эл башкарган башынан.
Ак сакалдуу карысы,
Байтеке деген вазири:
- Толтой, аман барсыңбы,
Намыссыз тууган жансыңбы?
Анча коркуп качкыдай,
Акылыңан шашкыдай,
Не көрүндү көзүңө,
Не билинди өзүңө?
Калдаңдап качып хан башың,
Кандай жорук баштадың?
Эрдикти кайда таштадың?
Анда Толтой кеп айтат:
- Чалгынга бардым – деп айтат,Акун хандын шаарында,
Мени кууп чыккандай,
Карчытка найза тыккандай,
Колу жоону бар беле?
Жоого чыгар беттешип,
Күч ортосун чектешип,
Найза сайар кектешип,
Болук уулу бар беле?
Мындан мурда барганда,
Андай шумдук жок эле.
Бүгүн барып карасам,
Кызыл буурул ат минген,
Кыл куйругун шарт түйгөн,
Кызыл чийкил жаш бала,
Он беш менен он төрткө,
Чыгар-чыкпас баштанат.
Башкача сүрдүү бакырат,
“Манастап” ураан чакырат.
Кандай жан – деп – карасам,
Эки түгөй сур бөжөк,
Үзөңгүгө жабышып,
Кара чаар кабылан,
Капталында жарышып,
Жылаңайлак жаш бала,
Жылоодон алып жетелеп,
Учкаша минген кызыл кыз,
Көрүндү башы чекелеп,
Айбыкканым ошондон,
Абаке, али кете элек.
Отуз кулжа он бештен,
Эки жакта бөлүнүп.
Көсө куйрук көк даңгыт,
Көт жагында көрүнүп.
Жаман чуркап алыптыр,
Ошонун баары дабырап,
Ошолорду көргөндө,
Токтоно албай мен качтым,
Акылыман ажырап.
Карчыттан урган найзасы,
Кабыргамды аралап,
Тоодой болгон мен кулду,
Томуктай бала жаралап.
Эс акылым жыйа албай,
Качып бердим талаалап.
Өөдөсүнө калганда,
Өксүтүп атын Суркойон,
Элди көздөй бет алып,
Араң келдим чамалап.
Чалгын чалам жалгыз - деп,
Чактабай жаман кутурдум.
Сур бууданым болбосо,
Тирүү кайдан кутулдум?!
Ушул болду көргөнүм,
Уйатыман өлгөнүм!
Анда вазир кеп айтат,
Уккандарды муңайтат:
- Бул көргөнүң жалгандыр,
Бул көргөнүң чын болсо,
Астына анын мингени,
Кызыл Буурул ат болсо,
Качырып найза сайганы,
Кызыл чийкил жаш болсо,
Капарга албай кас жоону,
Уктап атчан мас болсо,
Оңуна келген олжосу,
Ал төрөсү эмес чоросу.
Көптү көргөн Айчүрөк,
Көкөлөп учуп баргандыр?
Канкор Манас тукуму,
Көкжалга кабар салгандыр?
Кошун тартып күркүрөп,
Кудалап келип калгандыр?
Кайгуулга чыгып чоросу,
Хан Толтой сени сайгандыр?
Өлгөн сайын өөрчүүчү,
Өткүр Манас тукуму.
Түгөнгөн сайын түтөөчү,
Түгөнгүр Манас тукуму,
Туйгун келип калгандыр?
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Качырып найза салгандыр,
Кабыргаңды жаргандыр?
Аныгын абдан билели,
Ошолордон болбосун.
Жедигердин ушул доо ,
Тукумун үзүп койбосун.
Ушул жерден кайталы,
Тигил жерде эл-журтка,
«Акун хан кызы Чүрөктү,
Бербеди»- деп айталы.
Байтекедей карт вазир,
Ушунча айтса насаатты,
Чынкожо буга болбоду.
Айласы кеткен Байтеке,
Аңылдаган ал итке,
Алдында болгон көп иштен,
Айтып сөзүн козгоду:
- Кечээ Көкөтөйдүн ашында,
Көп жыйындын кашында,
Болгон ишти айтайын,
Бар элем мен башында.
Кытайлардын Коңурбай,
Мааникер сурап бир келген.
Алтын менен Күмүштү ,
Артык айтып ал кирген.
Мааникерди бербесе,
Калың элди кырам- деп,Айагына чыгам- деп,
Алп Коңурбай, Нескара,
Калмак менен кытайдын,
Калтырбай баарын жыйам- деп.Кара кыргыз калкына,
Кылгылыкты кылам – деп,
Эки курдай мал сойсо,
Эт тарттырбай жеп кеткен.
Башкара албай Бокмурун,
Баса албай кордугун,
Баарысынан эс кеткен.
Улуктун баары чогулуп,
Ай тегерек отуруп,
Ошондо кайта кеңешкен.
Кошой анда кеп айткан,
“Кокуй, балдар, - деп айткан.Жакыптын уулу канкорду,
Кабылан Манас анткорду,
Чакыргын, - десем – болбодуң,Чакырбай кана оңгонуң?!
Айткын, - десем- болбодуң,Айттырбай кана оңгонуң?!
Таласа этти мейли го,
Талап кетсе таптакыр,
Айылыңды, малыңды
Анда кайсы болгонуң?!
Маанайы бийик адамдан,
Манас менен ойнобо.
Бокмурун малга чиренип,
Байлыкты артык болжобо.
Адамдан малды артык – деп,Өзүңдү өзүң кордобо.
Колдун кири байлыгың,
Кыргын болуп сойлобо.
Адам болбой мал болбойт,
Малыңа сен зордобо!
Манас мында келбесе,
Башкарып ал бербесе,
Берилбей калат бул ашың,
Аман калбайт соо башың!”
Хан Кошойдун ал кебин,
Хандын баары эп көргөн.
Бербеген күлүк Мааникер,
Каз тулпарды мингизип,
Манаттан тонду кийгизип.
Жайма көкүл Айдарды,
Чакырууга жиберген.
Алып баруучу кагазын,
Өзү айтып чийдирген,
Абаң Кошой билерман.
Жайма көкүл жаш Айдар,
Мааникер минип булкунтуп,
Талдуу токой жер келсе,
Так түйүлтүп олтуруп,
Терең, бийик коо келсе,
Терең, эндүү аң келсе,
Тик түйүлтүп отуруп
Улуу бешим мезгилде,
Самарканда Манастын,
Салынуу турган ордого,
Барган экен ошондо.
Сарытаздан кеп угуп,
Заары күч Манас – деп угуп,Бара албай калган жаш Айдар.
Жакшылык болсо күсөгөн,
Жамандык болсо түзөгүн,
Каныкейге жолугуп.
Буластаган Каныкей,
Болжолдуу ишке данакер.
“Айдар келди чакырып.
Алдында турат Мааникер,
Айтып келген даты бул,
Алып келген каты бул.
Айкөл Манас эр Бакай,
Ачып кепти жообун бер”
Каныкей андай дегенде,
Манас кыйла күүлөнүп,
Өөдө-төмөн сүйлөнүп.
Акыры болуп бараса,
Айкырыкты салыптыр,
Ажыдаарча сүрдөнүп.
Кырк чоро тегиз камынып,
Окшош кызыл жамынып.
Келген экен түн катып,
Ач арстандай чамынып.
Көкөтөйдүн Бокмурун,
Алдынан тосуп келди эле.
Аттан түшүп Манаска,
Кол куушуруп жүгүнүп,
Кош колдоп салам берди эле.
Божураган бул акмак,
Анан мындай деди эле:
“Каңгайлардын Коңурбай,
Мааникер сурап келиптир.
Мааникер бербей мен койсом,
Кырк казанды талкалап,
Кырк бээнин этин жеп кетти.
Калайыктын баарысын,
Кандап кырам – деп кетти,Атты алсын десемби,
Ашты анан берсемби?”
Анда Манас кеп айткан,
Ачууланып бек айткан:
“Ой, куураган Бокмурун,
Мааникер берем дегиче,
Манас өлдү десеңчи!
Калдайган калың алашты,
Жерге көмдүм десеңчи!
Кечээ Ийрижардын башында,
Кырымкандын ашында,
Алты жүз аттан бир чыккан,
Мааникер күлүк болучу.
Тууражардын башында,
Турумкандын ашында,
Тогуз жүз аттан бир чыккан,
Мааникер күлүк болучу.
Мааникер атты бербегин,
Манасты өлдү дебегин.
Калың алаш турганда,
Хан Коңурбай баатырдан,
Кайгырып кам жебегин!”
Мына ошентип эр Манас,
Эл четинде токтолгон.
Кырк чоронун арбагы
Кызарып күйгөн от болгон.
Кылкандай тегиз кырк кашка,
Кылыгы журттан бир башка.
Кырк чоронун баарына,
Кызыл манат кийгизген.
Жарактантып баарысын,
Жалпы боз ат мингизген.
Каш кайтарган адамды
Кара жерге киргизген.
Кылтыратып кылымды,
Кыйындыгын билгизген.
Кыргыз, калмак бөлүн – деп,Кыйкырып ал угузган.
Баш бербеген адамды,
Бадыратып ургузган.
Эки бөлүп, элди ал
Эки жакка тургузган.
Калмак менен кытайдын,
Калтырбай баарын айдаган.
Кетечинин Ийрижар,
Келтирип баарын камаган.
Ошондо мен Манастай,
Ойротту бузар көрбөдүм.
Толкундаса үйөрлөп,
Тоону бузар көрбөдүм.
Аш башкарып эр Манас,
Ат чабылат - деп айткан,Күлүгүң болсо чубат – деп, Кыргыз менен калмакка,
Кыйкырып Манас тең айткан.
Кыңк эткен адам болбогон,
Кыйыгына тийгендер,
Кыйылып башы оңбогон.
Кыраан баатыр Манастан,
Кылымда адам озбогон.
Чубатканда күлүктү,
Алты миңче ат болгон.
Катар-катар тизилип,
Каркырадай сап болгон.
Мааникерди чаппа – деп,Калың калмак шарт койгон.
Аткарып шартын эр Манас,
Аларга да жол койгон.
Ашка келген ошондо,
Бир жүз кырк төрт тайпа экен.
Көбүнөн көп, аздан аз,
Бир миң беш жүз киши ылгап,
Жаш Айдарды кылып баш ,
Булар кеткен ат айдап.
Ат кеткен соң эр Манас,
Ат башындай алтынды,
Куржунга салып чак кылды.
Чыккан аттын байгеси,
Кырк миң дилде алтын - деп,Кыйкыртып журтка даңк кылды.
Жүз он атка байгени
Ошондо сайды мен көрдүм,
Ошол өңдүү канкорду,
Андан бери көрбөдүм.
Кой башындай алтынды,
Кол куржунга байлатып,
Кошундун баарын жардатып.
Эки балбан күрөшкө,
Эки жактан чыксын – деп,Кимиси чыкса байгеге,
Алтынды ошол алсын- деп,Кыргыз менен каңгайга,
Кыйкырып Манас жар салган.
Каңгайлардан Ороңгу,
Келип түшкөн балбанга.
Кыргыздан чыгар киши жок,
Калтырашып калың журт,
Камалып жарда калганда,
Жаалуу Манас кеп айткан,
Жалтанбай Кошой зардалга.
Сенден башка киши жок,
Өзүң чык, аба, балбанга.
Чыкпай Кошой койо албай,
Манас айтып салганда.
Катагандын хан Кошой,
Кындыйтып белин буунуп,
Ошондо түшкөн майданга.
Кетечинин кең сазга,
Капыр менен мусулман,
Шыкалыша жык толуп,
Кейип Кошой турганда,
Кийерге шымы жок болуп.
Хан Манастын катыны,
Каныкей тигип кам кылган,
Ажыбайды жиберип,
Кандагайды алдырган.
Кабылан Кошой кийгенде,
Тизесинен келгенде,
Жакыптын уулу Манастын,
Кармаганы шамдагай,
Чечтирип алып чойгондо,
Хан Кошойго чак келген.
Каныкей тиккен кандагай.
Баркырап Кошой кеп кылган,
Манаска кебин эп кылган.
Балам Манас, садага,
Бул буйумду ким кылган?
Анда Манас каткырып,
Келиниң, аба, - деп салган,Олуйа Кошой карыдан,
Ошондо Каныш бата алган.
Кыргыз, калмак кошулуп,
Батага ал кол жайган.
Ушул келген Семетей,
Кыргыз менен калмактын,
Батасынан бүткөн го,
Кабылан Манас баатырдай,
Атасынан бүткөн го.
Ороңгу менен Кошой алп,
Бел кармашып күрөшкөн.
Этек-жеңин түрүшкөн,
Өйдө-төмөн сүрүшкөн.
Ороңгу кармап көтөрсө,
Хан Кошой силкип түшүргөн.
Так көтөрүп Ороңгу,
Жерден үзүп алганда,
Тарс дегиче чалкадан,
Талпактай жерге чабарда,
Калкамандын Кара атын,
Камчылап Манас калганы.
“Карма, Кошой, карма- деп,Кайратың сенин кайда”- деп,Качырып кирип барганы.
Кайраттанып ошондо,
Кайран балбан хан Кошой,
Ороңгуну чандайтып,
Чалкасынан салганда,
Башка тээп тургузбай,
Аттап кетип калганда.
Калың калмак ат койуп,
Калдырашып чуркурап,
“Балбанга чыкмак бар эле,
Башка тепмек жок эле.
Аттаганы кандай”- деп,Кирип келген чукулдап.
Жаасы катуу шер Манас,
Жалаң болот испаны,
Жанынан сууруп алганда,
Калың калмак тим болгон.
“Кап, сени”, - деп арманда,
Калмак, кытай эки уруу,
Айтылса тили миң буруу,
Орус, бараң төрт уруу,
Окшобойт тили көп буруу.
Дагы Манас жар салган,
Жөө күрөшкө чыгууну.
Кытайлардын Нескара,
Чыгамын – деп октолгон.
Алаштын калың ичинен,
Ага чыгар жок болгон.
Жүз көрүшүп той тойлоп,
Келин-кыз менен бирге ойноп.
Кеткен экен эр Агыш,
Бүткөн бойу тарамыш.
Темир өзөк, таш жүрөк,
Чыканактай ач билек,
Чыгарган аны балбанга,
Нескарадай зардалга.
Бел кармашып, силкишип,
Тизеден жерге киришип.
Бирин бири жыга албай,
Багалчеги кайышып.
Эр Агыш менен Нескара,
Эрегишип тайышып.
Күлкүдөн Агыш токтобой,
Нескарага жабышып.
Кыз-келин менен жаткандай,
Айкалышып канышып.
Аны көрүп алп Манас,
Ачууланып калганы.
Калкамандын кара атын,
Камчыланып барганы.
Эр Агышты келтирип,
Май куйрукка салганы.
Манас салган оңобу,
Чымырканбай койобу?
Кайрат жыйнап, бел байлап,
Карууланбай болобу?
Эр Агыш ичтен чалды эле,
Көтөрүп жерден алды эле.
Нескараны чандайтып,
Чалкасынан салды эле.
Нескаранын башынан,
Аттап кеткен эр Агыш.
Башка тээп тургузбай,
Таштап кеткен эр Агыш.
Козголуп калмак чур кылган,
Коңурбай баштап чыр кылган.
Чырына Манас болбогон,
Тийишкени сойлогон.
Кошой менен эр Агыш,
Байгени алып тойлогон.
Жөө балбандар алды- деп,Аттуу эңиш калды – деп,
Кыйкырып Манас жар салган,
Эр эңишке чыккын – деп.
Ошондо чыккан Коңурбай,
Алгара минип койкойуп,
Көк темир менен курчанып,
Опол тоодой зоңкойуп.
Коңурбай жайын менден ук,
Менден уксаң бейлеп ук.
Ал Коңурбай каапырдын,
Айлакерин элеп ук.
Бирди койуп жүздү алган,
Жалгыз жүрүп миңди алган.
Тентек чыккан Коңурбай,
Тең келбеген эч бир жан.
Кытайларды элебей,
Бучкагына теңебей.
Барба десе кенебей,
Аскер алып ченебей.
Чоң Бейжинге кол салган,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 11
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.