Latin

Семетей - 16

Total number of words is 4120
Total number of unique words is 2184
30.5 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Мылтык октоп чыгышты.
Айтканбыз башта жамактап,
Кенколдун жери жагдайын.
Ак чалма, көпкөк таз кум –деп,
Кар сыйрылып, суу эрип,
Кызарып кыйан акканы.
Кыргыздын кыраан балдары.
Тескейде катар турушту,
Кар көчүрмөк болушту.
Кыйкырышып чуу салып,
Куру дүрмөт урушту.
Үстүнөн күндүн ысыгы,
Астынан жердин ыдыгы,
Ала шалбырт болгон кар,
Шыпырылып сызылды.
Ойбут-ойбут ойдуңдар,
Сай, коктунун оозунан,
Сай-сайдан түшкөн кыйандан,
Кытайдын болгон зыйаны,
Кырк миңден артык жан болду.
Чатырлары калкылдап,
Агып кетти кыйанга,
Азыркысын учурап,
Алп Коңурбай зыйанга.
Кырк миң өлсө алтымыш,
Келип жатат бирок да.
Муну мындай таштайлы,
Кызыл кыргын, кан согуш,
Жомогунан баштайлы.
Жер тоборсуп бозала,
Болуп калган чагы эле.
КЕҢКОЛДОГУ КЫЗЫЛ КЫРГЫН
Асаба таштап, туу тигип,
Эр сайышар чагы эле.
Алып келди ортого,
Кабылан Бакай, Нескара,
Башкарчу уруш хандары,
Катар койгон тактага,
Жумшак мамык пахтага.
Хандар келип олтурду,
Баштоочу уруш кернейди,
Бир тарапка койдурду.
Токтотчу уруш сурнайды,
Бир тарапка койдурду.
Илгертен бери хандардын,
Кыла турган жолу ушу.
Манастын кызыл желегин,
Бир азамат көтөрдү.
Кара байрак, алтын туу,
Алп Коңурбай туусу бу,
Бир азамат көтөрдү.
Мурункунун наркы экен,
Абалтан берки шарт экен.
Туу сайган мыкты жигитти,
Аңдып мерген эр чыгып,
Атып кетчү салты экен,
Муну “туу каңдамай” – дешчү экен.
Каңгайдан чыккан мергендин,
Аты экен Эртике.
Кыргыздан чыкты Гүлчоро,
Туу тутканды мээлешке.
Кылдат мерген Гүлчоро,
Жаага кыйын, колу шок.
Сарыдан кийим шымданып,
Ак калпак кийип кырданып.
Сан кыргыздын ичинен,
Баатыр чыгып ылганып,
Туусун тигип жатканда,
Мелжиген кыйын мергенин,
Белдүү кыйын эренин,
Экөөнү катар бир атып,
Жер жаздантып сулатып.
Келгенде баатыр Гүлчоро,
Оң экен – деп – ишибиз,
Алаштын болгон баласы,
Кубанды катар чуу тартып.
Как ошондон калган шарт,
Туу сайган ким – деп жыгылса,
Алдында жеке ал чыгат.
Ал Кеңколдун ичинде,
Бир көпкөк дөбө келатат.
Ойноп жүргөн Кеңколдун,
Учуучу тоосу жок эле.
Балакеттүү бир тоосу,
Пайда болуп калганы.
Тообу десе, дөбөдөй,
Дөбөбү – деп караса,
Каңгайдан чыккан төрөдөй.
Казактардын Бердике,
Кылгара атты кындыйтып,
Салып кирип келди эле.
Элчиге өлүм жок экен,
Жекеге чыккан баатырдан,
Айтып кабар берди эле.
Алоокенин чоң, уулу,
Атактуу баатыр чоң Коңур,
Алтымыштын кенжеси,
Жаңы баатыр Ороккыр,
Ал Ороккыр деген эр экен.
Өзү алгыр шер экен,
Он сегиз менен он тогуз,
Ортосунда неме экен.
Ат көтөрбөй, керки жок,
Пил минүүчү эр экен.
Алты кабат темир тон,
Демейде муну кийинген,
Үч жүз кез найза колунда,
Жети кабат калканы,
Мүрүсүнө илинген,
Алты кабат туулга,
Алмадай башка кийилген,
Үйдөй болгон чойунбаш,
Оң далыга асылуу.
Жаңыдан чыккан Ороккыр,
Жабдыктын жайы мына ушу
Жыйырма беш кез бойу бар,
Жер жүзүнүн баарысын,
Жутамын деген ойу бар.
Согушкан пенде соо калбай,
Соолгон жандан ажыраар,
Бердике айтып жиберди,
Эл жыйылган көпчүлүк,
Чуркурашып калышты,
Ким экенин ким билет,
Бирөөнүн айтып салышы:
“Жоо кадырын, жоо билет,
Гүлчоро менен Канчоро,
Ал экөөнөн башкадан
Буга беттеп ким кирет?”
Айтып сөзүн болгуча,
Ачкан оозун жумганча,
Корккон эмес чын ушул,
Коржоңдогон Канчоро
Оолугуп сүйлөп жиберип,
Алдындагы Каралат,
Ооздук тиштеп нидерип,
Ачууланса Канчоро,
Чөйчөктөй болуп көз жайнап,
Көпчүлүккө карата,
Күпүлдөп баатыр сөз баштап:
“Барыбыздын башчыбыз,
Баатырын турса коргондо.
Те, калдайдын уулу чоң, Коңур
Анжунун ханы Нескара,
Кырмыз шаанын Мурадил,
Чыгып калса кокустан,
Гүлчоро менен Канчоро,
Ал экөөнөн башка адам,
Ким беттешет ошого?
Тоо экен – деп, – жазганбай,
Чоң экен – деп, – апкаарбай,
Кыргыздан бирөөң бар – деди!
Кызыталак намыссыз,
Кылычташып кал–деди!
Жети кыраан журтуна,
Алптык аты жетелек,
Дептерге аты түшө элек.
Сүлкүлдөп бойу чоң экен,
Не тосуласың мындан –деп
Канчоро турду күүлөнүп,
Айтканга карап сүйлөнүп.
Канчоро кебин укканы,
Калгандар карап турбады.
Уларбоз атын аргытып,
Ак сакалын жаркытып.
Жүз жыйырма төрт жашы бар.
Эр Жамгырчы келгени:
“Курбалдашым, Бакай хан,
Өмүрүмдүн акыры,
Мындай уруш мага жок,
Бир беттешип көрөйүн,
Муну мага бер деди!”
“Ушунча кыргыз чогуудан,
Чыкпайт бекен бир адам?”–
Деп, хан Бакай болбоду.
Кошойдун уулу Жалгызек,
Жалманбоз минген аты бар,
Тартынбас жоодон салты бар,
Коңурбайга чыксам – деп,
Ойлонуп жүргөн дарты бар.
Жамгырчыны көргөндө,
Кантип токтоп тартынар?!
Жалманбозду чуратып,
Кабылан Бакай алдына,
Камчысын сүйрөп чубалтып,
Келип түшө калды эле,
Уруксат сурап барды эле,
Кабылан Бакай муну айтты,
“Койгун балам – деп айтты.
Сенин атаң эр Кошой,
Саноору алтын, жез эле,
Тун ичинде уктабас,
Ал кең пейил киши эле.
Ошондон калган тукумсуң,
Кийин барчы” – деди эле!
Ал аңгыча болбоду,
Айагынан кеп колдун,
Бозжорго минип чеп болгон,
Бакайдын уулу Байтайлак,
Жаны мыкты эр эле.
Алдында атын камчылап,
Салып жетип келди эле.
Камчысын салып мойнуна,
Атакесин айланып:
“Уруксат бергин – деди эле.
Сенин балаң менмин – деп,
Алоокенин кичи уулу,
Алтымыштын кенжеси,
Ороккырга теңмин – деп.
Өз теңтушум табылды,
Уруксат мага бергин – деп,
Кыргыздан чыккан сиз да хан,
Калмактан чыккан Алооке,
Ал экөөңөр окшош хан.
Ошого чыгып алсам – деп,
Уруксат сурап мен жатам”.
Баланын жайы мамыңдай,
Бата берип ийе албай,
Токтолуп калды эр Бакай.
Көпчүлүк карап турабы,
Ылайык келген убагы.
“Омийин, балам, баргын – деп,
Кол көтөрүп чуулады.
Ошондо Бакай: – токто, – деп,
Чечип берди чепкенин,
Кийип чыксаң окшойт” – деп.
Өзү төөнүн жүнүнөн,
Өз үйүндө тигилген.
Жыл он эки ай күндөрдө,
Өмүр көрсө Бакай хан,
Алты айын үйдө өткөргөн.
Алты ай күнүн жан көрбөй,
Акка кулдук кылам – деп,
Атикепте өткөргөн.
Ошондо кийген чапанын,
Чечип берген чагы бар.
Гүлүстөн тууган Гүлчоро,
Бозжоргону мингизип,
Күрөкө менен олпокту,
Кабаттап ага кийгизип.
Ээрчитип алып бастырып,
Насыйатын тапшырып:
“Сен кыйгактуу найза ала элек,
Кыйкырып жоого тийе элек.
Жабдыктуу найза ала элек,
Качырып жоого тийе элек,
Жарактын жайын биле элек,
Сенин баруучу жагың, эңкейиш,
Анын келер жагы өр тартат.
Өзүнөн мурун камынып,
Минген пили оп тартат.
Эң алдына сен баргын,
Мурдун шылый чапкының.
Амал кылып урушсаң,
Айла кылып турушсаң,
Ажыратып ийем – деп,
Амал менен жетемин,
Анын, эсебин таап кетемин”. –
Деп, ошентип Гүлчоро,
Узатып койо берди эле.
Казак, кыргыз салты экен,
Атадан калган нарк экен.
Жүрөгү жалын от экен,
Эчтемеден жанбаган,
Кайраты бар шер экен.
Урушка мурун кире элек,
Оолукма чунак бала экен,
Каныкпаган чала экен.
Жекеге мурун чыкканга,
Көпкөлөң чалган чагы экен.
Эми эле айтса Гүлчоро,
Унутуп калып тим эле,
Алыска таштап караанды,
Тай жарышкан балдардай,
Тайы кул ук болгондор,
Жеткирбей кетип калгандай.
Улак тартчу немедей,
Жабдыгы жок колунда,
Найзасын жанга сүйрөтүп,
Жорго менен жойпутуп,
Кетип барат ченебей.
Күйгөндөн баары буркурап,
Жаш агып көздөн дыркырап.
Кайгы жеп турат баарысы,
“Найзасына капырдын,
Илинип калар бекен” – деп.
Ал Бакайдын уулу Байтайлак,
Өзү баатыр неме эле.
Самаркандын сыртында,
Алты жылдан бер жакка,
Атакеси Бакай хан,
Мингизип алып боз тайга,
Маш үйрөтүп жүрчү эле.
Ал кезекте эрлердин,
Салтанаты бир башка.
Эки колдо кош балта,
Найза кагар кол балта,
Башка чабар чоң балта.
Шамдагай бала эн, шылуун,
Кол балтаны имерип,
Бар келтирип уңгусун,
Найзаны кагып жиберип.
Найзага балта тийгенде,
Белинен кетти үзүлүп.
Күчтүү экен Ороккыр,
Койо бербей түк сабын,
Койбоду жерге түшүрүп.
Машы чыккан түгөнгүр,
Укуруктай найзаны,
Ондоп карман алганы.
“Табарсыктын башы –деп,
Алдында ээрдин кашы –деп.
Чарайнанын чети –деп,
Буга окшогон калмактын,
Өлөр жери ушу” – деп.
Болжоп найза имерип,
Алдындагы Бозжорго,
Ооздук тиштеп нидерип.
Аккаңкыга бек такап,
Ат күүсү менен койду эле.
Көргөнгө кызык дүмөктүр,
Кийинкиге жомоктур.
Тоодой болгон Ороккыр,
Жыгылып пилден сойлоптур.
Алдындагы Бозжорго,
Уруштуу күнү көп минип,
Машык болгон маш жорго.
Чылбырын ийе тарттырбай,
Тизгинин силкип кактырбай.
Ээси түшүп калгандай,
О куранып кишенеп,
Бута атым ыраак өтө албай.
Имерилип тартты эле,
Кылчайып артын караса,
Кызыталак чоң калмак,
Төрт айактап такандап,
Кара жерден кооп жатат.
Тулга кеткен артына,
Казандай болгон кара баш,
Сооттон чыгып жылаңач,
Орто карта боз үйдөй,
Оңолуп кетип баратат.
Байтайлак баатыр жаш экен,
Жаш да болсо Байтайлак,
Чабандес өзү маш экен.
Жазылыгы төш жары,
Жалаң болот испанды,
Кармай алып сабынан,
Сууруп алып кабынан,
Мойунга тартып жиберип,
Оң колун тартып алганда,
Сол колу жетти кулакка.
Кулагынан алды эле,
Үзөңгү боого бек басып,
Нескара менен Бакайдын,
Ортосуна алып барып:
“Мынаке, баатыр башы” – деп,
Олжону ата алгын,- деп,
Таштап кетип калды эле.
Дени калды майданда,
Тартынып бала жетпеди,
«Тартынган киши жоо албайт»,
Бир курсактан туушкан,
Тар курсакта тебишкен,
Талашып эмчек эмишкен.
Асырап бала ордуна,
Баккан экен инисин.
Алп Коңурбай баатырың,
Айбаты сүрдүү капырың.
Сөзүнө турбас ант ургур,
Ач арстан кутургур.
Ким чыгат – деп, – карабай,
Караганга жарабай.
Алп Коңурбай зор калча,
Бастырды өзү жайма-жай.
Өлүп кетсе иниси,
Күйүтүнө чыдабай.
Мунун сүрүн көрүңөр,
Сакалы саадак кабындай,
Сан миң кара кыргызды,
Сапырып ийип тынгыдай.
Көзү көлдүн буткулдай,
Көрүнгөндү жуткудай.
Муруту балта сабындай,
Көзүнөн чыккан учкуну,
Көөрүктөн чыккан жалындай.
Мурду тоонун кыр таштай,
Кабагы кашат чабындай.
Аркасында айдары,
Тору айгырдын жалындай.
Бели кындай, бети айдай,
Белдүү чочко Коңурбай.
Үпчүлүгү бир тогуз,
Үксөңдөгөн чоң доңуз.
Топчулугу бир тогуз,
Тоодой болгон бул доңуз.
Алгара минип койкойуп,
Көк жеке бутта чойкойуп.
Кабыландай караган,
Каары катуу жаралган,
Көргөн пенде жадаган,
Алгарасын мойундап,
Бат атарын койундап.
Ок өтпөс буулум шым кийип,
Багалеги балкылдап,
Алгара минип алкылдап.
Чок табылгы жайлаган,
Жоо дегенде шайлаган,
Чоң Кара атын байлаган.
Алдындагы Кара атты,
Найдай кылып жаратып,
Асман, көктү каратып,
Көргөн жанды жадатып.
Албарс жанда жалтылдап,
Ар кандай киши калтырап.
Найза колдо зыңгырап,
Айбалта белде кыңгырап.
Кетелек белде кеңгиреп,
Мас болгон нардай зеңгиреп.
Көргөн пенде эндиреп,
Чыдай албай күйүттөн,
Эзилип жүрөк делбиреп.
Тиктебей көзү мелтиреп,
Каарын көргөн Коңурдун,
Акылын таппай темтиреп.
Кайраттанып белсенип,
Кан ичүүгө эңсенип,
Мас болгондой теңселип.
Туулга башта чатылуу,
Чарайна белде тартылуу,
Калканы жондо артылуу.
Кытайча кызыл доолбас,
Чымын тийсе кыңгырап,
Күңгүрөнүп кылдырап.
Капаланып кыжырдап,
Тиштесе тиши кычырап.
Караса көзү чачырап,
Калмагынча балдырап.
Күндөн бетер күркүрөп,
Көргөн пенде тура албай,
Сийдиги агып бүркүрөп.
Асаба көктө калкылдап,
Айнектей көзү жалтылдап.
Чоң балта артып мүрүгө,
Чоң Коңур басты калкылдап.
Көрүштү баатыр караанын,
Коркпой кимдер карасын?!
Баатырлар баары карашып,
Айбатынан жадашып.
Алдына минген Алгара,
Алп Коңурбай жарашып.
Алтын ээр калмакча,
Атка чындап токунуп.
Баса минип тулпарга,
Баса элек тоодой олтуруп.
Желип чыкты бөлүнүп,
Желмогуздай көрүнүп.
Көзү көрбөй күүгүмдөп,
Көшүгөндөй күлүңдөп.
Көрбөгөндөр күбүрөп,
Өзгөчө жаман түрү – деп.
Жүрөгү тайкы адамдар,
Корголоп аттын артына,
Жөө түшүшүп бүжүрөп.
Бастырганда жел чыгып,
Аркасында дүрүлдөп.
Айран калды көпчүлүк,
Айбатына дүүлдөп.
Султан Алмаң баатырдан,
Бала жолборс Гүлчоро,
Боз ала шумкар болпоңу,
Боз карчыга солтону.
Коңурбайды көргөндө,
Көшүлүп бойу чечилди,
Эбедени эзилди.
“Келиптир менин багым–деп,
Семетей тышта болгондо,
Тийбейт эле чагым” – деп.
Жан жагына карады,
Чымылдап чери тарады.
Бастырганда байкаптыр,
Баатыр жолборс баланы.
Чоң дөбөдөй көрүнүп,
Түгөнгүрдүн карааны.
Кабаттап темир соот кийип,
Суркоен сындуу ат минип.
Шаңданып найза карманып,
Шашылбай чоро камданып.
Карап турат калын, журт,
Гүлчорону жарданып.
Чарайна белге тартынып,
Сом темирди артынып.
Мусурканып, мурчанып,
Муздай темир курчанып.
Бүтүн темир кийинип,
Бир кудайга сыйынып.
Кылыч белде кыңгырап,
Найза колдо зыңгырап.
Ачалбарс жанда жалтылдап,
Асаба көктө калкылдап.
Ок өтпөс буулум шым кийип,
Багалеги балкылдап.
Өзүнүн бойун жыйнабай,
Ашыгып турат далпылдап.
Өрттөй көзү кызарып,
Сунса мойну узарып.
Суктанса суусун кандырып,
Бар кайратын жам кылып.
Жүржүткө кыргын салчу кул,
Кылычтын мизин кан кылып,
Кылымды жеңчү балбан кул,
Кең көкүрөк сом даалы,
Туткандын чыгар далдалы.
Туруп пенде бет албас,
Бул замандын балбаны.
Чыкмакчы болду быйактан,
Эр Гүлчоро сардары.
Коргошундай козголбос,
Уйуткан чойун салмагы,
Аркасында кайрат, күч,
Канчоро бар балбаны.
Тайманбастан түгөнгүр,
Чоң балта колго алганы.
Жамгырчы, Бакай баш болуп,
“Тура турчу, баатыр”, – деп,
Бүтүн кыргыз чур этип,
Курун салып мойнуна,
Манасты алып оозуна,
Бата берип калганы.
Коңурбай көздөй бет алып,
Өрттөй ичи тутанып.
Тиктесе көзү чачырап,
Азуулары качырап.
Айбалта салып ийнине,
А дагы басып жөнөдү,
Көргөндүн бойу дүркүрөп,
Бүркөлгөн күндөй күркүрөп.
Байга ылайык башы бар,
Жыйырмадан артык жашы бар.
Жаткан иттей кашы бар.
Таноосу тектир сеңирдей,
Теңдешсе жоодон эринбей.
Теңдешкен душман бар болсо,
Тентип жүрө бергиндей.
Аты да бар бир тоодой,
Аташканын куткарбай,
Анча-мынча кишинин,
Ат-тону менен жуткудай.
Өзү да бар бир тоодой,
Өчөшкөнүн куткарбай,
Өжөрлөнсө кишинин,
Өзүн бутун жуткундай.
Өкүм өткүр сөзү бар,
Өлүмдөн коркпос өзү бар.
Кызыл нурлуу жүзү бар,
Алмадан ширин сөзү бар,
Жалындан кызыл көзү бар.
Кыйыгына тийгенде,
Кысталышкан жер болсо,
Кызыл кыргын кылгыдай,
Кырып салып тынгыдай.
Как ушундай жулкушту,
Ар кандай жерде кылгыдай!
Карды салык, мойну кез,
Минген аты тайган төш.
Коңурбайдын алдынан,
Каршылашып болду кез.
Качырышты баатырлар,
Кыргыз, кытай, калмактар,
Карап турду болуп жар.
Бет алышып качырса,
Бетинде пенде тура албай.
Кабагын салып бүркөлүп,
Капаланып муңайбай.
Бет алышып күркүрөп,
Беттей албай эч бир жан,
Эси чыгып бүжүрөп.
Чоң майданда беттешип,
Ортого күлүк ат сүрүп,
Маңдайлашып баратса,
Кандай жан тиктейт аларга?!
Бала жолборс ант ургур,
Баатырдыгы башкача,
Балбандыгы бир канча.
Чоң экен – деп кенебей,
Тоодой Коңур баатырды,
Бучкагына теңебей.
Атасы Манас жанында,
Бирге турган немедей,
Мелтиреп көзүн ирмебей.
Кан ичмеден сүрдөбөй,
Алдындагы Сур атты,
Айлантып кайта имерип,
Бекемдеп кармап балтаны,
Балага кары теңби – деп,
Беттешип бала барганы.
Беттешип келген эки дөө,
Кебетесин көргөндө,
Бири бүркүт, бири шер,
Сапырылып кетерби,
Мына бу турган кара жер?
Деп, ойлошуп калың журт,
Дудуктай тили байланып,
Кускусу келип, көөнү айнып.
Туралбай башы айланып,
Жыйалбай эсин баатырлар,
Нес болушуп далдайып.
Баатырлар минтип турганда,
Жаны чыгып кетчүдөй,
Аскерлер калды шалдайып.
Балакеттүү Коңурбай,
Кандим болгон бүркүттөй,
Алгарасын камчылап,
Аркасынан чаң чыгат.
Карап турган кыргыздар,
Кара жал жолборс жеңилсе,
Каңгайга айдап кетер – деп,
Калың журт анда нетер – деп?
Түпкө такыр жетер –деп,
Боло албай шайы турганда,
Алгара минген Коңурбай,
Атынын башын бурганча,
Арстандын баласы,
Карап көрсөң ушунда,
Ана-мына дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Аркасынан чуратып,
Отуз беш койуп өткөнү,
Өтпөгөндө неткени?
Өйүздө турган тетиги,
Нескара, Уушан, Мурадил,
Опколжуп жүрөк кеткени.
Жалдуу шерди көргөндө,
Каргаларча каркылдап,
Калмагынча баркылдап.
Кылым бурут, ушул журт,
Канаттуу уйа сала албас,
Караңгы токой чер экен.
Токойго бөрү киргизбес,
Алмамбет уулу шер экен!
Чоросу мындай болгондо,
Буруттун, төрөсү кандай неме экен?
Балакеттүү Коңурбай,
Баштап келип бул жерге,
Түгөтмөкчү кеп экен!
Түгөнүп калган Гүлчоро,
Уйасын баккан шер экен.
Ушундай эрден айрылган,
Эсен хан менен Коңурбай,
Акылы жок кер экен!
Коң төрөнү көмөрүп,
Майып кылып кетерби?
Тып тыйпыл кылып Каңгайды,
Жер бетинен жоготуп,
Өчүрүп атын нетерби?!
Деп ойлонуп турганда,
Тажал Коңур куулдап,
Алдындагы Кара аты,
Ок жыландай шуулдап.
Оңтойуна келтирип,
Обу жок баатыр Гүлүстү,
Чокмор менен чака-чак,
Онду чаап жиберди.
Ошол кезде кыргыздар,
Ойунда ойлойт бул кепти.
Камоодо калган канкорун,
Калың кыргыз эстешти.
“Ушундай оор күндөрдө,
Буурул ат менен буластап,
Чыгар күнү болсочу!
Соруп кетчү жыланга,
Сордурбай койчу кыргызды,
Султан мында болсочу!” –
Деп, ойлонуп турганда,
Өөрчүп турган Гүлчоро,
“Кайратым мындан кемби – деп,
Жер менен жексен кыламын,
Таамай чапсам сени – деп.
Талкалансам мейли”–деп,
Маңдайлашып калганда,
Баатырларды карасаң,
Беттешип балта кармаган,
Кими каман, кими шер,
Киши билбей таң калган,
Бирөө кары Коңурбай,
Бирөө бала Гүлчоро.
Намыс үчүн эгешип,
Майданга чыккан жер ошо.
Баланын атын караса,
Бактысына жараша.
Ашкере күлүк Суркойон,
Кууп калса кишини,
Куткарбастан жеткиндей.
Куйун минип качса да,
Качып калса душмандар,
Кутулуп качып кеткиндей,
Карлыгач болуп кууса да,
Азыраак айбы бар экен,
Оозу катуу, тоң мойун,
Ошондойроок мал экен.
Көрүп Коңур бар жайын,
“Жандап өтө берсем –деп,
Алдымдагы Алгара,
Кайра айланып келгенде,
Айры шили, кара куш,
Айбалта менен нетсем –деп.
Аркасынан Манастын,
Жиберсем белем муну” –деп.
Балта жетпес кыйгачтап,
Басып өтө берерде,
Кара күчкө беттешип,
Качып өтө берерде,
Билбей бала калган жок,
Билгич жанда мындай жок.
“Мени кудай урганда,
Буурул атты минбей – деп,
Бул жолумду билбей – деп.
Өтпөйт эле Буурул ат,
Ыктайт эле буга – деп.
Алдымдагы Суркоен,
Оозу катуу, тоң мойун,
Желөпкөрөөк мал эле.
Желмогуздай Коңурбай,
Куткарбайт мени дегеле.
Бекер койо бергиче,
Кыйырынан барып тийейин,
Жалпагы менен балтанын,
Карыга чаап ийейин”.
Жандап өтө берерде,
Сол бутунда үзөңгү,
Чыгарып буттан жиберип.
Алдынкы ээрдин бек тиштеп,
Тили менен имерип.
Он жагына такандап,
Жалпагы менен балтанын,
Жандап бара жатканда,
Оң мүрүгө чапты эле.
Гүлчородой түгөнгүр,
Мына ушундай мыкты эле!
Колунда балта шылп этип,
Колу сынып шылк этип.
Жаза чаппай, таамай чаап,
Батакай чаппай, жазгай чаап.
Каржиликтен кыйратып,
Оң колун анын сындырды,
Жарым жан кылып тындырды.
Алдындагы Алгара ат,
Өтө берип бурулду.
Бурулган менен айла жок,
Найза сайар колу жок.
Колу сынган Коңурбай,
Кайрат кылар алы жок.
Гүлүстүн аты Суркоен,
Көпчүлүк көздөй бет алып,
Күүлөнүп кетип баратат.
Эки колдоп тизгинге,
Тартып кетип баратат.
Бура кайра ал тартып,
Кылчайып артын караса,
Камалаган капырлар,
Капырлардын калкында,
Канча түрдүү баатыр бар.
Курчалышып Коңурду,
Ортосуна алыптыр,
Камалашып калыптыр.
Бала жолборс Байтайлак,
Баш байланып барганда,
Баатыр туулган Гүлүстөн,
Куру кайта барышы,
Калкына кыйын намыстыр.
“Манастап” ураан чакырып,
Ат койуп жөнөп калыптыр.
“Манастап” ураан бат койуп,
Аламан кылып ат койуп.
Суркойонду секиртип,
Гүлчоро кирди шарт койуп.
Канча жылдан бер жакка,
Кармашаарга душман жок.
Буулугуп калган кыргыздар,
Карап булар турчубу?
Карап туруп алганда,
Буларды кудай урчубу?!
Баарысы кирди жаркылдап,
Асаба колдо калкылдап.
“Манастап” ураан чакырып,
Жамгырчы баштап баркылдап.
Аралашты эки кол,
Айтууга арман сөзү мол.
Эндегей кара аскердин,
Амалы кетип катты шор!
Күн көрүнбөй тумандап,
Күүгүм кызыл чаң чыгат.
Жерге токтоо кыла албай,
Көккө учуп топурак.
Күндүз, түнү билинбей,
Күүгүмдөп көзгө илинбей.
Кыргыз, кытай эрлери,
Белдүүдөн канча шерлери.
Кызыл канга бойолуп,
Кырып жүрөт эрлерди.
Кеч кирип жарык күн батса,
Жарыкты күүгүм түн басса.
Падышалык өкүмдөн,
Жаркырап чырак жагылат.
Жерге түшкөн жабдыктар,
Анда кайдан жашынат?
Болотко болот тийгенде,
Үйдөй чоктор чачырап.
Жазайыл мылтык, жаа тартып,
Уруш болуп тарсылдап.
Жаракка жарак тийгенде,
Сыныгы жерде жалтылдап.
Кылычтын баары кыйрады,
Найзанын көбү сынганы.
Калкандары быркырап,
Туулгасы жарылып,
Түк билинбейт караңгы,
Кызылала кан болуп,
Кыргыз, кытай таанылып.
Жашыл ала өнгөн чөп,
Кызыл ала кан болуп.
Топурак жок Кең-Колдон,
Күн көрүнбөс чаң болуп.
Олпоктун баары кырчылып,
Ок өтпөс тондор жыртылып.
Калкандын баары быркырап,
Аткан октор чыркырап.
Онтоп жаткан андан көп,
Колдор сынып зыркырап.
Буту сынган андан көп,
Болбой шайы буркурап.
Ээленген баатыр эрен көп,
Электеп булар эр кырат,
Кара аскерде айла жок,
Эми булар не кылат?!
Аралашкан аскерлер,
Ылайыгын караша,
Бирине бири беттешип,
Жабдыгына жараша.
Найза сайар ыктуулар,
Сайышка чыкчу мыктуулар.
Сабы менен кошулду,
Сайышып найза тартыша.
Шаркырап аккан кызыл кан,
Аккан сууга жошулду.
Кылычка маш кыйындар,
Кыйыгын бузбай кошулду.
Томолонуп кайран баш,
Топуракка кошулду.
Чокморчулар чогулуп,
Чойунбашты күүлөшүп,
Карсылдашып салышып,
Калбай баары дүүлдөшүп.
Балталуулар кездешип,
Баатыр эрлер кектешип.
Бет маңдайга келгенде,
Күч ортосун чектешип.
Олпоктуулар бир катар,
Уруш күнү мамыңдай.
Сооттуулар жанаша,
Бирин бири караса.
Жарагынан ылайык,
Жабылышкан жараша.
Канжарлуулар кармашып,
Карсылдашып жалмашып.
Канды суудай агызып,
Кара жерди майлашып.
Менменсиген баатырды,
Алы жетсе жайлашып.
Аралашып кеткени,
Араң алты күн болду,
Түнду кошуп санаса,
Он үч күнгө нак толду.
Нескара менен Бакай хан,
Элди байкап караган.
“Таратсакпы элди” – деп,
Кеңеш кылды эки хан.
Буйрук берсе эки жан,
Эбегейсиз көпчүлүк,
Эли кайдан бөлүнсүн?
Илгертен калган чоң шарт го,
Өкүмүнө көнүшүп,
Башында айтып угузган,
Сурнайдын үнү зыркырап,
Кыргыз менен кытайлар,
Катар тартып үн кошуп,
Бөлүндү аскер чуркурап.
Олпогун сүйрөп жүргөн көп,
Оңүрү кетип жыртылып,
Далай тону бул элдин,
Дал-дал болуп тытылып.
Жарагы жок колунда,
Калган нечен кыйындар.
Неченди көргөн мурунтан,
Тартынбай турган кыйын бар.
Падышалык өкүмү,
Сурнайдын үнү чыкканда,
Баары уруштан тыйылар.
Балтасы сынып жарылып,
Басып жүргөн андан көп.
Башынан канын агызып,
Шашып жүргөн мындан көп.
Жыгылып, кооп баса албай,
Жылып жүргөн сандан көп.
Ажырап калып атынан,
Азып калган андан көп.
Эми кандай кылам – деп,
Эсин таппай эндиреп,
Эстен танган мындан көп.
Колу-буттан айрылып,
Көкүрөктө жан калып,
Ат тепсеп жерге тапталып,
Антип жаткан андан көп.
Жетелеп атын жөө басып,
Мине албай жүрөк апкаарып,
Минтип жүргөн сандан көп.
Найзасы сынып белинен,
Ажырап калып деминен,
Бөлүнүп калып элинен,
Буркураган андан көп.
Өзүнүн элин табалбай,
Чуркураган андан көп.
Чылбырын сүйрөп бош кетип,
Ээсиз аттар сандан көп.
Ээн калсын шум жалган,
Элдин баары кайгы жеп,
Кими кыргыз, ким кытай,
Билерге акыл жетпеген.
Асабадан белгилеп,
Эл ортосун чектеген,
Алты күндө бөлүндү.
Ажырабай жүргөн бар,
Айрылып элден кетпеген.
Сурнайды тартып, үн койуп,
Эл бөлүнүп чыкканы,
Таамай жети күн болду.
Түнүн кошуп санаса,
Дагы он төрт күн болду.
Күндү эсепке алганда,
Он төрт күнгө нак толду.
Жарым айлык аламан,
Жаман кыргын эл болду!
Азууларын аркайтып,
Аргымак жатат ар кайда.
Туйактары чарадай,
Тобурчак жатат көп жайда.
Кара чобур жылкылар,
Калкып жүрөт кандарда.
Кандай адам кезиккен,
Как ушундай чаңдарга?
Уккан айран калгыдай,
Ошондогу жаңжалга.
Мынчалык кыргын болгон жок,
Бейжинге кыргыз барганда!
Чоң баатырлар жулкунуп,
Болгон экен мамыңдай.
Бир чапканда кулатып,
Кырк-элүүнү сулатып,
Нескара жүрдү кыйратып.
Калмак Уушаң баатыры,
Калктан канча кыйратты.
Кардын жарып нечендин,
Ичегисин чубалтып,
Кырмызы шаанын Мурадил,
Кызыл атын чуратып.
Каруулуудан неченин,
Кара жерге сулатып.
Эленкыр деген бир баатыр,
Болжолу жок чоң капыр.
Үйдөй чокмор колго алып,
Үйүлгөн жыйын топ болсо,
Ошону көздөй чуратып.
Жете барып чапканда,
Жетимиш, сексен адамды,
Жер жаздантып сулатып.
Келген экен алп Коңур,
Баатырларын дуулатып.
Калмактын көрдү казабын,
Манжунун тартты азабын.
Андан башка эрлердин,
Кара калмак каңгайдын,
Калкындагы шерлердин,
Кайсы бирин айтайын?
Элөөрүгөн Гүлчоро,
Элкин баатыр Канчоро,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Коркпой турган Байтайлак,
Короолуу койду бөрү айдап,
Ээн талаага баргандай,
Сай бойлотуп кыргандай,
Кытай, калмак журттарын,
Кырып салды ушундай.
Нөшөрлөп жааган жаандай,
Ителги тийген таандай,
Имерип айдап чогултуп,
Чогууларын суйултуп.
Кылычты тартып алганда,
Шорголоп канын куйултуп.
Болжолсуз баатыр Эленкыр,
Учурады ошондо,
Олуйа Кошой уулуна.
Күрзүсүн булгап кезгерди,
Жалгызекке ушунда.
Жалгызек кайдан айанды,
Чокморун колго кармады.
Кеңеш сөзүн салышты,
Кезектешип калышты.
Эр Эленкыр баатырың,
Кезекти мурун алышы.
Кара зоодой Эленкыр,
Чачырап көздөн от күйүп,
Жалгызекке барышы.
Үйдөй болгон күрзүнү,
Опколжуп келип салышы.
Быркырады калканы,
Туулганын чыкты талканы.
Сынып кетти ошондо,
Алдында темир саптары.
Жайнады жерге жалын чок,
Жанына барган киши жок.
Быркырап кийген туулгасы,
Жер жүзүнө жабылды.
Бир чапканда тоздурган,
Ким көргөн мындай баатырды?
Колундагы күрзүнү,
Түкүрүнүп карманып,
Келе жатат Эленкыр,
Чабууга кайра айланып.
Жалгызек анда кеп айтат:
“Абалкы кезек сеники,
Эмики кезек меники.
Эрдигиңди танбасаң.,
Туруп бериш сеники!”
Шартын булар буза албайт,
Эленкырга окшогон,
Башына кармап калканды,
Арка кылып туулганы.
Ат үстүндө калдайып,
Майданда мунун турганы.
Эр Жалгызек жаш бала,
Күчүнө жок эч дабаа.
Качырып келип салды эми,
Калкан менен туулгадан,
Кымындай неме калбады.
Түкүрүнүп колуна,
Тунжур куштай айланып,
Орой төбө как башка,
Катуу чаап түгөнгүр,
Каар менен өткөндө,
Калкандын баары быркырап,
Үйдөй болгон кызыл чок,
Учуп көккө чыркырап.
Кызыл буурул минген ат,
Тизеден жерге батканы.
Теминип көрсө Эленкыр,
Түгөнгүр бутун тартпады.
Козголо берип кеткиче,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Кош колдоп дагы чапканы.
Чаап чокмор тартканда,
Кара зоодой капырды,
Кара жерге жаздады.
Көрүп туруп Кыз Сайкал,
Көмүскө көздөй качканы.
Көтүнөн кууп Жалгызек,
Ал канчыкты таппады.
Кайраттанган Жалгызек,
Кандай адам беттешет?
Каарданып кылыч шилтесе,
Так сексенден баш кесет!
Кытайды сойуп кыйратып,
Калмактын калкын какшатып.
Өлтүрүп элди сулатып,
Сурнайдын үнүн укканда,
Чогуудан чыкты чуратып.
Гүлүстөн менен Канчоро,
Күжүрлүү күчтүү эр чоро.
Бет алган жакты коркутуп,
Күйгүзүп өттү жалынды.
Утуру келген буларга,
Өлүмдүн үйү табылар,
Каршы келсе маңдайга,
Мындан качып кетчү ким?
Баатырлар жүрсө моминтип,
Кытай, кыргыз эки журт,
Каны агып чубурар.
Так он төрт күн болгондо,
Бөлүнүп чыкты ушулар.
Кара байрак, алтын туу,
Айчыгы алтын кызыл туу.
Эки элге чеп болгон,
Баш ийдирген ушу туу.
Желектерин көтөрүп,
Жеринен хандар козголду.
“Туусун жыксам белем” – деп,
Жалгызек муну ойлонду.
Бөлүнүп баса бергенде,
Кара байрак, алтын туу,
Ал Нескара баатырда,
Ошону көздөй ат койду.
Жетер жетпес болгондо,
Пейилин көрдү капырлар.
Калмак, кытай элинде,
Белдүү канча баатырлар.
Каршы алдында кездешип,
Калмак Уушаң учурар.
Камгактай сайып Уушаңды,
Ат үстүнөн учурду.
Оңолуп кобо бергиче,
Оңдонуп атка мингиче,
Аркасында Байтайлак,
Башын кесип салганы.
Эленкыр менен Уушанды,
Болумдуу баатыр дөөлөрүн,
Куткарбай муну жайлады.
Кабылан Кошой баласы,
Жалгызек сындуу балбаны,
Ороккырды өлтүргүн,
Байтайлакты карачы!
Эрдик кылып бул жолу,
Эки хандын баласы.
Ажырашып бөлүнүп,
Арылды элдин санаасы.
Элчилешип сүйлөштү,
Тил алышып тарашып.
Өлүк жыйнап, көөмп алмак,
Беш күн болду карасы.
Капырлар жыйып өлүгүн,
Сары жон кылып үйүштү.
Сары кыр саны отуз бир,
Айтып элге угузду.
Кыргыздардын өлүгү,
Он сары кыр болуптур.
Өлгөн жандын эсебин,
Ортого булар койуптур.
Ор каздырып көөлөтүп,
Кыргыз жыйып өлүгүн,
Жоолуу күнү болгондо,
Өлүк көммөк жайы ушул.
Шейит деп атын аташты,
Жаназа намаз кепинсиз,
Жарма көргө жайлашты.
Калмак, кытай эки журт,
Угузган элге өлүктү.
Өжөрлүгүн көрүнттү,
Дары төгүп, май чачып,
Өрттөп ийди өлүктү.
Кең-Колдун дайра сууларын,
Адам эмес айбан мал,
Ичпей калды ошону.
Карга, кузгун жол бербей,
Кызыл канга чогулуп,
Кызык болду Кеңколго,
Ортого дары төгүштү,
Эки тарап ошондо,
Сасык туман кетсин –деп,
Карга, кузгун жоголуп,
Жер ордуна келсин – деп,
Отту койуп ийишти.
Күйүп кетти кыпкызыл,
Көгөрүп чыккан кийе жок,
Күйүп Кенкол арыды,
Кызыл күлгө айланды,
Кетирем –деп сасыкты,
Кыргыз кайдан пайда алды?
Эртеңки күнү уруш – деп,
Эл билгендин баарысы,
Эми башы айланды.
Муну мындай таштайлы,
Кыргыздардын кытайды,
Жеңгенинен баштайлы.
КОҢУРБАЙДЫН АТАКТАГЫ БААТЫРЛАРЫНАН АЖЫРАП КАЙРА
КАЧЫШЫ
Падыша Бакай баш болуп,
Эштектердин Жамгырчы,
Салтанатуу Гүлчоро,
Акыл, айла кошуучу,
Асыл тукум Канчоро,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Жезкемпирдин жети уулу,
Бакай хандын Байтайлак,
Баш кошуп баары чогулду.
Жагып койуп чырагын,
Жанаша булар отурду.
Жалдырап карап кеп болбой,
Канчалык кылса айарлык,
Уруштун жайы эп болбой.
Жан кыйналып жатканда,
Жанына келди асылдан
Айчүрөктөй асыл жан.
“Келгин, жеңе, келгин – деп,
Кеңешиң айтып бергин “- деп.
Келберсиген абамдын,
Кеңешин угуп келдиң,- деп.
Гүлчоро сурап калганда,
Анда Чүрөк кеп айтат,
Кеп айтканда муну айтат:
“Силер атка мингилө,
Асаба аштап туу сайып,
Басташып жоого тийгени,
Он сегиз күнгө нак толду.
Байтайлак майдан чыгарда,
Ороккырды жыгарда.
Ороккырды өлтүрүп,
Жаш бала көөнү тынарда.
Как ошонун тушунда,
Желбегей Семең отурган,
Сыр коргондун кырында.
Атадан калган коргондун,
Оорагы кыйла бар эле.
Топурагы коргондун,
Көз ооруга дары эле.
Болот салса өтчү эмес,
Бузулуп коргон кетчү эмес,
Балта чапча кесчү эмес,
Ошол коргон кырында,
Силерди карап отуруп,
Жулугунан батты абаң.
Ошол күндөн бер жакка,
Козголбостон жатты абаң.
Желбегей олпок жамынган,
Эки жеңи салынган.
Жанына жакын барбадым,
Жанымда жаткан эримдин,
Каарынан коркуп абыдан,
Көргөн пенде калтырайт,
Көзүнөн чыккан жалындан!
Кайгы тартып күнүндө,
Кап- деп, каңкор эстесе,
Коргондун өйүз бетине,
Каптап кетет түтүнү.
Эр болбой куруп калсамчы,
Буурул аттан айрылып,
Канатым жок калганча,
Бу көрөкчө өлсөмчү.
Мындай төрө болгуча
Акыретти көрсөмчү!
Арак ичпей, суу ичпей,
Тамак ичпей, чай ичпей,
Он сегиз күндөн бер жакка,
Отурду бейм ошондой.
Башкага сабыр кылчу эле,
Насбайды тартпай турчу эмес,
Эки күндөн бер жакка.
Насбай салып чакчага,
Алып келип он убак,
Олтурганда маңдайга,
Насбайга көзүн салбады,
Чакчаны колго албады.
Үшкүрүнүп муңайып,
“Атым жок” – дел зарлады.
Ачуу басты акылын,
Ушу бүгүн бешимде,
Алдына барып акырын,
“Мен абама барам – деп,
Ыраактан туруп кеп салдым.
Абакем аты чыкканда,
Угар бекен” – деп салдым.
Күңгүрөндү ошондо,
Күдүңдөп тили билинбейт:
“Абама барсаң барып кел,
Аларга кабар салып кел.
Аз сандуу кыргыз элимди,
Аламан уруш ал кылып,
Кыргын кылды канчасын.
Дагы уруш кылууга,
Таппагандыр айласын.
Эртең менен эртерээк,
Күн чыкпастан эртелеп,
Жалгызек менен Байтайлак,
Гүлчоро менен Канчоро,
Белдүү эрлер бул төртөө,
Алып келсе Буурулду,
Он беш асый болгуча,
Мени күйгөн Тайбуурул,
Актабай антын койбойт го!
Аккаңкыны токусун,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 17
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.