Latin

Семетей - 02

Total number of words is 4267
Total number of unique words is 2236
29.5 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
51.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Эки кемпир тырышып.
Семетейди бакмакка,
Талдан бешик жондуруп,
Эки жесир бечара,
Айылын башка кондуруп,
Көкүрөктөн зил кетип,
Көңүлүнөн кир кетип.
Жатып калган жери ошол,
Жай-кыш күн өтүп.
Муну мындай таштайлы, Семетейдин эл-жерин,
Билгенинен баштайлы.
СЕМЕТЕЙДИН ТАЛАСКА БАРЫШЫ
Баатыр төрөм өлгөн соң,
Семетейди Жакып хан,
Өлтүрөрүн билген соң.
Жалгыздын жанын калкалап,
Качып келген эмеспи,
Караханды аркалап.
Кегимди кудай берер деп,
Каныкей менен Чыйырды,
Жатып калды чалкалап.
Бакайдын сөзүн ойлонот,
Баланы жакшы баксам деп,
Байбиче ойлоп толгонот.
Астына бакта май төшөп,
Арбак конор бекен деп,
Куйругуна май төшөп,
Курч жүрөктүү болсун деп,
Казы ээритип жал берип,
Кайратына толсун деп,
Капакка салган бал берип.
Кандыра кара чай берип,
Каймакка бышкан нан берип,
Куурдак менен май берип.
Таманын жерге тийгизбей,
Эски кийим кийгизбей.
Эли башка экенин
Энеси жүрдү билгизбей,
Атка минип желгенче,
Арстан эрдин баласы,
Алты жашка келгенче.
Акылдан санаа бөлө элек.
Тайатасы Каракан,
Баланын жүзүн көрө элек.
«Кабылан Манас төрөм- деп.
Канкордон калган туйактын,
Дидарын барып көрөм”-деп.
Таятасы Кара хан
Ботодой болуп буркурап,
Бүткөн бойу зыркырап.
“Семетейди көрсөм”- деп,
Сүйүнгөндөн делбиреп,
Элинин баарын чогултуп,
Элине Каныш жагыптыр.
Алты жашка келгенче,
Жан көрсөтпөй багыптыр.
Жерине Каныш жагыптыр,
Жети жашка келгенче,
Жел тийгизбей багыптыр.
Көрөмүн деп баланы,
Тайатасы барыптыр.
“Сүйүнгөнүм өтөр- деп
Көзүм тийип кетер”-деп,
Таш айнекти алыптыр.
Жети кабат таш айнек,
Көзүнө дүрбү салыптыр.
Жетим калган чунакты,
Тегерете карады,
Сыныма толду бала деп,
Ичи эзилип барады.
Куш алгырын тапкын деп,
Журтуна кабар салады.
Абдан сынга толуптур,
Аман койсо кудайым,
Ат минер чагы болуптур.
Куп сынына толуптур,
Кудай өзү каласа,
Куш салар чагы болуптур.
«Каныкей балам бектигиң,
Болжолун мага билгизбей.
Ойноп жүрөр кезинде,
Боз жорго атка мингизбей,
Аттын ыгын билбейби.
Атка минип бастырса,
Адам болуп калбайбы.
Алла өзү сактаса,
Ар кимге түйшүк салбайбы»
Семетейди Каракан,
Абдан анык сынады.
Баласы сынга толгон соң,
Көөнү ошондо тынды эми.
Айландыра караса,
Атасынан кем болбойт.
Ушул кезде Семетей,
Борумун байкап карасаң,
Көзү кара көмүрдөй.
Өңү болот темирдей.
Өчөшкөн жоосун жеңгендей.
Алтыга келген жашы бар,
Адам болчу башы бар.
Жетиге келген жашы бар,
Жеткир болчу башы бар.
Сегизинде сеңирдей,
Кекенген жоону жегиндей.
Тогузунда токтолуп,
Ок жыландай октолуп,
Он жашында шок болуп,
Ойротто мындай жок болуп.
Он биринде ат минип,
Өөдө ылдыйды бат билип.
Өзү өткүр түгөнгүр,
Молдо болуп кат билип.
Табарик менен жаасынды ,
Такыр баарын жат билип.
Эркинче ойноп жүргөндө,
Сарытаз байкап жүрүүчү.
Малын сатып дүкөндө,
Жемишке көзүн салчу эмес.
Серпилип бала барчу эмес.
Жаш баладай себеңдеп,
Соода сатык алчу эмес.
Айтарга ыгын таба албай,
Сарытаз жүрчү кайгыда.
Он экиде куш салып,
Теңтуштардан кутчу алып.
Алтындан кемер курчанып,
Айдай бети нур чалып.
Алыстан көрүп караанын,
Кыз келиндер муңканып.
Күмүштөн кемер курчанып,
Күндөй бети нур чалып.
Жүзүн көргөн Семеңдин,
Жүрөгү күйүп муңканып.
Жоргону жолго салдырып,
Шумкарга өрдөк алдырып.
Кубурлуу тууган чунагың,
Котчуларын күлдүрүп.
Ит агытып, куш салып.
Илбесинин бүлдүрүп,
Эркечтенип ээлигип,
Элкин аттай желигип,
Эрлигин артык теминип.
Элинде ойноп жүргөндө,
Эркинче дооран сүргөндө,
Дүкөндү жыйды Сарытаз.
Асылып буга нетейин,
Алтын күмүш баары таш.
Жыйнап муну нетем деп,
Эркин өскөн Семетей,
Элим алып кетем деп.
Эртеден кечке токойду,
Өчүрөт көмүр сепеңдеп.
Токойдун жүрсөм жанында,
Эби келер бекен деп.
Жыргап ойноп жүргөндө,
Душмандын ичи күйгөндө.
Бадалдуу терек токойго,
Шумкарды шилтеп ийгенде,
Кырголду мычкып шумкары,
Чытырманга киргенде.
Аркасынан бара албай,
Арсайган кызыл тикенден,
Семетей кушун алалбай.
Эрлигине жараша,
Илгир болгон шумкары.
Эр Семетей чунагың,
Эки жагын караса,
Көп токойду көчүрүп.
Көк түтүндү булатып,
Көмүр кылып өчүрүп.
Көп токойго баш экен,
Көмүр кылчу Таз экен.
Тазды көрө салды эми,
Тайбынбаган Семетей,
Жанына жетип барды эми.
Сарытазга чунагың,
Салам айтып калды эми.
Кайран Тазым кеп айтты,
“Алеки салам” - деп айтты.
Сарытаз жүзүн муңайтты,
Семетей тазга муну айтты:
“Көзү-башы көө болгон,
Көмүргө жеке ээ болгон.
Тикенек бассаң кирбеген
Бутуңдагы чокойго,
Кыргоол алып шумкарым,
Кирди мобу токойго.
Кушка, Тазым барасың,
Коросун айрып аласың,
Эч болбосо сен Тазым,
Шиш кебек кылып канасың.
Тигине токой черинде,
Корозду алып сен өзүң.
Кушумду алып бересиң,
Куш корозду жеди эле,
Курган Таз жүгүр - деди эле,
Таз балага кеп айтып,
Ачуусу келип бек айтып:
«Кушуңду алып берүүчү,
Кулуң барбы?» деп айтат.
Кыргыздан кырааң эр Семең,
Кыйкыра түшүп кеп айтат:
«Көөнүң куунак жай белең?
Кул эмей Тазым бай белең?
Алып бергин кушумду,
Албасаң бирди көрөсүң,
Айбан Таз азыр өлөсүң».
Ачуусу келип калды эле,
Колундагы камчысын,
Оң имерип алды эле.
Кара жанды кашайтты,
Анда туруп Таз айтты,
«Бала сен бейбаш өсүпсүң,
Элирген байкуш эсиң жок.
Эчтеме менен ишиң жок.
Өкүм кылчу кишиң жок.
Камчыңды колго имерип,
Уруп чаап ийичү,
Уруктуу тууган элиң жок.
Туруктуу Талас жериң жок,
Байкасам балам тегиң жок.
Жериң Талас болучу,
Атаң Манас болучу.
Туугандуу киши оңучу,
Айтарга сага кеп ушу.
Көтөрбөймүн жемеңди,
Сен жүрөсүң ишенип,
Эжем деп айтып энеңди.
Каныкей менен Чыйырды,
Казына пулга ээ болбой,
Качып келген болучу.
Кара ханды калкалап,
Шашып келген болучу.
Унаа минбей түн катып,
Басып келген болучу.
Арка бел типтик жондорду,
Ашып келген болучу.
Тууганга энең баш ийбей,
Жазып келген болучу.
Өлтүрөрдө тууганың,
Катып келген болучу.
Шамалы жок жел болбойт.
Шыбыры жок кеп болбойт.
Чыйраксынба Семетей,
Жээн деген эл болбойт.
Атаң Манас өлгөндө,
Эки энең кордук көргөндө,
Чоң атаң Жакып малыңды,
Абыке, Көбөш эки уулу,
Олжо кылып бөлгөндө,
Качкан энең эли жок,
Караан кылчу жери жок.
Элдүү киши кептенип,
Сенин ачуу кылар эбиң жок.
Эсиң болсо элиң тап,
Менин мындан башка кебим жок»
Баатыр тууган эр Семең,
Бала жолборс эр немең.
Желкетаздан кеп угуп,
“Жериң Талас” деп угуп.
Ашкере Таздан кеп угуп,
“Атаң Манас” - деп угуп.
Ачуусу келип арбайып,
Ант ичкендей саргарып.
Таз кебине арданып,
Ушул жерде жүрбөйм деп,
Уламдан оозун карманып.
Тууган энем канетсин,
Кудайыма зар ыйлып.
Калган экен жанды алып,
Эки байкуш энекем,
Көргөн экен кордукту.
Көтөргүс булар сандалып,
Билгизбеди бой-бойлоп.
Ичинде Семең муну ойлоп.
Кекеткен эле чапсам деп,
Кең Таласты тапсам деп.
Атам Манас конушун,
Олут кылып жатсам деп.
Атынан түшө калганы,
Кушун колго алганы.
Өзү барып алыптыр,
Таздын айткан бул кеби,
Кудайыма аныктыр.
Кубурлуу тууган Семетей,
Кайгырып үйгө барыптыр.
Короонун чети түз дөңгө,
Барып түштү бешимде.
Астындагы жоргонун,
Ээрин алып ыргытып.
Колундагы шумкардын
Боосун алып ыргытып.
Кабагы карыш түйүлүп,
Ичи күйүп өрт болуп,
“Абыке, Көбөш,Жакып” - деп,
Эки көзү төрт болуп.
Эли жок деп Таз айтып,
Арманы ичте көп болуп.
Өткүр тууган чунактын,
Өңү сары чөп болуп.
Адамдын сөзүн укпады.
Асты наар сызбады.
Үшкүрүгү басылбайт.
Ушул кепти уккалы.
Кынама бешмант кийгени.
Кыргызда жок Каныкей,
Жетимдин сырын билгени.
Атасынын үйүнө,
Акылман тууган Каныкей,
Аста басып киргени.
Хандын кирди үстүнө,
Байкады кандын жүзүнө,
Ойлонгон кебин Каныкей,
Айтты хандын өзүнө.
«Айланайын атаке,
Жетимди кудай уруптур.
Же бир жактан кабар угуптур.
Үч күн болду атынан,
Үйгө келип түшкөлү.
Күнү-түнү алты күн,
Тамак берсем ичпеди.
Мунайым тартып күлгөн жок,
Муңдуу болуп уйку жок.
Жетимдин көөнү ачылбайт,
Үшкүрүгү басылбайт».
Каныкей айтып ийди эле,
Кара ханга ушул сөз,
Катуу барып тийди эле.
Эс кирип калган балам деп,
Ичинде билип калды эле.
Капа болгон баланы,
Тайатасы билди эле.
Каракан туруп кеп айтат,
Канышым уккун деп айтат:
Кысыр эмди сойдуруп,
Кыз-келинди көп жыйып.
Баланы жалгыз койдургун,
Үч күндөн бери баладан,
Өзүң минтип жадасаң,
Үй кыздарга кошуп кой.
Балаң ачар бекен кабагын,
Үй шыкаалап карагын».
Каракан мындай айтканы,
Каныкей үйгө кайтканы.
Кысыр эмди сойдуруп.
Кыз сулуусун жыйдырып,
Келиндин баарын келтирип.
Дүрбөгөндү тыйдырып.
Көөкөргө арак куйдуруп,
Тегерек тартып кыз-келин,
Семетейге сундуруп.
Чогулуп турган кыз-келин,
Семетейге карашып.
Көөнү ачылды бекен деп,
Шыкаалап үйдү карашып.
Кыз арак сунса албады.
Кызга көзүн салбады.
Каныкейге Семетей,
Катуу үнү чыгып кеп айтып,
“ Буудай кууруп майлап бер,
Ошону жеймин деп айтып.
Жеткилең тууган Каныкей
Жетимдин көөнүн ачаарга.
Буудай кууруп казанга,
Уучтап эже бергин деп,
Колун сунуп калды эле.
Ошончо куур эже деп,
Сунуп калды кол тосуп.
Айла менен турады,
Алдап буудай сурады.
Колума салчы эже деп,
Колун сунуп турганы.
Буластаган Каныкей,
Казанга колун салыптыр.
Уучтап алып буудайды,
Жетимге сунуп калыптыр.
Колун ысык буудайга,
Капшыра кармап кеп айтып.
«Эже калкым кайда»,- деп айтып,
Энесинин колун бек кармап.
«Элим кайда»,- деп кармап.
Канча кепти тийгизип,
Калкымды айтып бергин деп,
Буудайга колун күйгүзүп.
Энесинен кеп сурап,
Элим кайда деп сурап.
Семетей анда күлдү эле,
Кабар уккан экен деп,
Каныкей анда билди эле.
Ысык буудай табы өтүп,
Кабарып колу күйдү эле.
Чыдай албай Каныкей,
Чымырканып кеп айтып.
«Чунак жетим» деп айтып.
Койо бер чунак колумду,
Ачсын кудай жолуңду.
Жериң Кеңкол чоң Талас,
Атаң баатыр эр Манас.
Талас деген жериң бар.
Абыке, Көбөш агаң бар.
Элиңден сени тентиткен,
Эки жесир энең бар.
Элди бузуп тараткан,
Эки уулума тийбейт деп,
Энеңди уруп сабаткан,
Жакып хан деген атаң бар.
Чоң атаң Жакып жоо болуп,
Элиңди бузган талкалап.
Семетей сенин айыңдан
Жалгыз жаның калкалап.
Төркүнгө келдим аркалап.
Кайненемди ээрчитип,
Кара күчкө талашып,
Күң баласын өлтүрттүм.
Айтайын атаң өлгөнүн,
Абайлап уккун кулунум.
Абыке, Көбөш арамдын,
Азабынан келгенмин.
Кудайдан тилеп жаныңды,
Медер кылып жүргөмүн.
Айтканымдан кайтпадым,
Арка мойнуң каткынча.
Ата жытың айтпадым.
Атаң Манас өлгөндө,
Түзөрүм качып, түн катып,
Унаа минбей жөө басып.
Эмгегин тарттым далайын,
Бурумун артык салганым.
Жолборс атаң сарайын,
Чоң Ополдун бойунда,
Кеңкол ата ойунда.
Алмалуу булак шумкар таш,
Ашып түшчү жолунда.
Токсон миң эркеч майына,
Кыш бышыртып бек салдым.
Тогуз кылым өткөнчө,
Козголбосун деп салдым.
Атаң Манас канкордун,
Мөөрүн тамга бастырдым.
Миң жамбы менен бүттү деп,
Молдолорго жаздырдым.
Атаңдан калган ак ордо,
Алты жүз киши киргенде,
Тар келбеген чак ордо.
Үй маанисин менден ук,
Бекем байкап бейлеп ук.
Төтөгөсүн карасаң,
Төрт эли кундуз жээктүү.
Босогонун баштары,
Сомдогон алтын тээктүү.
Токсон төөнүн таруусу,
Тогуз күнгө жетчү эмес.
Сексен төөнүн күрүчү,
Сегиз күнгө жетчү эмес.
Эшигинин алдынан,
Эл жыйылып кетчү эмес.
Бечел адам кыйкырса,
Төр жагына жетчү эмес.
Төрөсү менен Каныкей,
Төр жагынан кетчү эмес.
Ырасын айтам учурбай,
Үй чоңдугу ушундай.
Ортосунда көп ногой,
Ордо салып атычу.
Эр жагында кырк чоро,
Ат-тону менен жатычу.
Эпчи жакта Тазбаймат,
Казан асып жатычу.
Болуш бий бир жакта,
Ойун ойлоп жатычу
Манас менен Каныкей,
Тамашага батычу.
Үй тигилүү туручу,
Кең Таластын жолунда,
Кербен үйүн бу күндө,
Абыкеңдин колунда.
Ар ким бизге чоң болгон.
Арстандын көзү жогунда,
Чамгарагы чылк калай,
Санжыргасы бир далай.
Салтанаттуу чоң сарай.
Жел боосу жез чынжырдан.
Бастыргычы дайылдан,
Башкы боосу манаттан.
Айта берсем кеми жок,
Сарамжалы санаттан.
Тышын аппак бордогон,
Ичин кызыл сырдаган.
Манастын үйү башка деп,
Жамакчылар ырдаган.
Чийин жибек чырмаган,
Энең сенин Каныкей,
Үйдү мындай кармаган.
Керегесин көктөбөй,
Сары жез менен тээктеп,
Ак этегин үйүңдүн,
Кундуз менен жээктеп.
Тигилсе үйүң дөбөдөй,
Эшигин тосуп туруучу,
Он эки желдет бир малай.
Эркинче басып кирчүэмес,
жылкычы, койчу кем таалай.
Найза, кылыч, мылтыктар,
Атаңдан калган жабдыктар,
Көр Көбөштүн колунда.
Баарысын айтам сайманын,
Ак олпок менен куржунду,
Колуңа кошо кармагын.
Баарын койбой алып кел,
Анык кыргын салып кел».
Ак тамагын кылайтып,
Асыл тууган Каныкей,
Семетейге муну айтып.
Эски арманы козголуп,
Ич күйгөндөн жаш ооруп
Каныкейдин кордугун,
Укканда Семең жал ооруп,
«Каныкей менен Чыйырды,
Кантип көнгөн зордукка,
Кара жанды кашайтты.
Иттердин кылган кордугу».
Ушуну ойлоп эр Семең,
Мындай деди эр немең,,
Андай болсо эки эне,
Тай сойуп бата алайын.
Тайатама барайын,
Ушул кепти мен угуп,
Кантип чыдап турайын.
Берер бекен тайатам
Кара олпок тонун сурайын.
Туулбай туура чөгөйүн,
Тумшугу жок мен жалгыз,
Бу көрөктү өлөйүн.
Абыке, Көбөш эки агам,
Эрдигин барып көрөйүн.
Көбөштүн көзүн тешпесем.
Көк ала сакал Жакыптын
Көрүнө башын кеспесем.
Асты арманым арылбайт,
Элимди алып тынбасам.
Сөөгүмдү какшатты
Кебиңди байкап сындасам.
Эки арам сенден өлбөсөм,
Тирүүлөй сени көмбөсөм.
Карыган Жакып какбаш чал,
Кайратыңды көрбөсөм.
Какбаш көзүң ойбосом,
Каныңды ичип тойбосом.
Жилигиңди чакпасам,
Жыпжылма түптүз чаппасам.
Элиңе бүлүк салбасам.
Адам болбой өлөйүн,
Эки энем өчүн албасам,
Ашыкпай жолго салбасам.
Сөөгүмдү какшатты,
Өткөн сөздү сындасам.
Атамдан калган жабдыкты,
Алып колго кармасам».
Он экиде чунактын,
Тиктесе көзү чачырап.
Сен деп оозун кармаса,
Азуулары качырап.
Эки энесин ээрчитип,
Семетей басып калганы.
Касийеттүү атасы,
Караканга барганы.
Бала туруп Семетей,
Бары жумушка жараган.
Падышадан кем эмес,
Тайатасы Кара хан.
Тайбынбаган Семетей,
“Тайатаке” -деп айтып,
Телмирип бала кеп айтып,
Тыңшап уккун деп айтып:
«Айланайын тайата,
Түбү бирге кошулат.
Учу бирге жазылат.
Эмгекке жазган эки энем,
Көргөн экен кордукту,
Көөнүм кайдан ачылат.
Азабын угуп олтуруп,
Абдан ичим ачышат.
Элимди издеп барбасам,
Арманым кайдан жазылат.
Жетим өскөн баламын.
Эл четине барамын.
Эгем таала эп көрсө,
Энемдин кегин аламын.
Эки жесир катындын,
Кайгысын угуп отуруп,
Капасына каламын.
Жоого кийсе ок өтпөс,
Отко түшсө чок өтпөс,
Кара олпок тонуң сурадым!»
Жоодурап жетим кеп айтып,
Жообун берчи деп айтып.
Бербеймин деп айталбай,
Перзенттин көөнүн кайтарбай,
Кантер айла табалбай.
Тышта акыл ойлошуп,
Кара хан чыгып эшикте,
Катыны менен кеңешип,
«Кара олпок жайын билүчү элем,
Өлүп кетсем сөөгүмө,
Жаптырсам деп жүрчү элем».
Катыны ханга кеп айтып,
«Кана, өлгөнүң деп айтып.
Башта Манас сурап бербедиң,
Же ошондон бери өлбөдүң.
Өлөмүн деп жүрөсүң,,
Өлүп көрдү көрбөдүм,
Олпокту бергин балага,
Өчөшкөн жоосун жеңүүгө.
Кийип алып жөнөсүн».
Кеңешин түздөп алышып,
Чунак жетим Семеңе,
Олпокту бермек болушуп.
Кара олпок алып кийинип,
Катуу минтип сүйүнүп.
Чыйырды менен Каныкей,
Тайатасы Кара хан,
Алты ай минсе карыбас,
Боз жорго тулпар ат берип.
Өткүр чунак жетимге,
Тайатасы Кара хан,
Чыйырды менен Каныкей,
Адырмак тоону бет алып,
Бата берип калганы.
Жүрмөк болду аттанып.
Тууган издей Семетей,
Жүз кишидей шаттанып.
Куулжуп чунак кеп айтып,
Кош аман бол деп айтып.
Жүрөр кези болгондо,
Имерилип Каныкей,
Ичине капа толгондо.
Кызыл жүзүн муңайтып,
Кылгырып көздөн жаш кетип.
Каныкей байкуш муну айтып:
«Адамдын кебин уга элек,
Аттанып үйдөн чыга элек.
Жортуп жолго жүрө элек,
Жоонун жайын биле элек.
Тон тоздуруп кийе элек,
Тон кадырын биле элек,
Ат арытып мине элек.
Алыска сапар жүрө элек,
Арып чарчап ат калып,
Ат кадырын биле элек.
Барып кел балам саламат,
Такоолу жок жалгызым.
Тапшырдым кудай аманат.
Ат-тонуңдан ажырап,
Боло көрбө жаман ат.
Кудайым сени колдосун,
Атаң башта кол берген,
Кожо асан болсун жолдошуң.
Бастыргын балам жол болсун,
Басташкан душман кор болсун.
Арбагы колдоп атаңдын,
Айбатың журттан зор болсун
Айткан кептин башы ушул.
Айтылуу Кең-Кол, Таластын
Аркайган бийик таш ушул.
Тайбуруул деген тулпар бар,
Тайында сага арнаган.
Казатка минер ат ушул.
Айланайын кулунум.
Мындан нары сен барсаң,
Жекендүү көлдүн башында,
Шабырлуу көлдүн жатында.
Сан миң бээни байлаган,
Салакалуу атаңды,
Сандыргасы жайнаган.
Алтын мамы казык бар,
Аны көрүп өтөсүң..
Андан нары жагында,
Төрөм Манас багында.
Төрт көлдүн төмөн жагында,
Бакайдын салган тамында,
Баркөлдүн маңдай жагында.
Кайнардын кара көзүндө,
Как чынардын өзүндө.
Үч кошойдун чатында,
Ала көлдүн башында,
Атаң Манас күмбөзү,
Азыр да турат ушунда.
Ошо жерге барганда,
Аянбай ыйлап түшөрсүң.
Медет сурап арбактан,
Көөнүңдө ишиң бүтөөрсүң.
Оң бөйрөгүң тайанып,
Ойронум атам - деп түшкүн.
Сол бөйрөгүң тайанып,
Султаным атам – деп түшкүн.
Арбагына барганда,
Арманың айтып зарлансаң,
Баргын десе чунагым,
Шамал чыгат күркүрөп,.
Доош чыгып дүрөп,
Күңгүрөнүп калуучу,
Болгон кабар мына ушу.
Андан кийин Семетей,
Кек алган жоого баручу.
Чыкпаса доош күмбөздөн,
Уруксат болбой бул кезден,
Кайтып келгин чунагым.
Андан нары барганда,
Үч Кеңколдун чатында,
Жекендүү көлдүн башында,
Темир тоонун астында,
Бек атаңдын карасы,
Белдүү Бакай абасы.
Кан атаңдын карасы,
Кайратуу Бакай абасы.
Алыскы жоону бет алып,
Мына ошондо жатуучу,
Сенин жолуң тосоттоп,
Дүрбү салып жатуучу.
Астыңдан чыгат чубалып.
Кын көрсөткүн жаныңдан,
Абакең келсе кубанып,
Абаңды таап аласың.
Абыке, Көбөш, Жакыпка,
Ээрчитип анан барарсың.
Абаңды таппай сен барсаң,
Жалгыз туйак Семетей,
Бир балаага каласың.
Канкордон калган туйагым.
Табалбасаң абаңды,
Калбайсың тирүү сыягы.
Бакай жолуң тоспосо,
Барбагын анда чунагым.
Какшап ыйлап кеп айтам,
Катыга түшсүн деп айтам.
Буркурап бооздоп кеп айтам,
Боло түшсүн деп айтам.
Энеңди таштап кетерсиң,
Эрикпей жүрсөң жалгызым,
Эне журтуң Таласка,
Элүү күндө жетерсиң.
Апаңды таштап кетерсиң,
Ашыкпай жүрсөң кулунум,
Ата журтуң Таласка,
Алтымыш күндө жетерсиң.
Аттанып жолго кирерсиң,
Ат кадырын билерсиң.
Тоорулуп жолго киресиң,
Тон кадырын билерсиң.
Толгонгон энең байкуштун,
Бир айтканын билерсиң.
Элигип жолго кирерсиң,
Эсиң болсо кулунум,
Энеңдин айткан сөзүн билерсиң.
Эсен болгун саламат.
Жүз күнгөчө келерсиң.
Көз жашымды сен көрүп,
Көкүрөккө илерсиң.
Мындан ары барарсың,
Будурмак кара тоо келер,
Бурулуп агып сел келер,
Бугусу калың жер келер.
Бугуну кууп кетерсиң,
Бугуну куусаң жетерсиң ,
Бугу качып токтолор.
Ушундай ишти сен кылсаң,
Муңдуу болгон эки энең
Буркурап жүрүп жок болор.
Тескери агып сел келер,
Текеси калың жер келер.
Текти секи жер келет.
Текени кууп кетерсиң,
Текени куусаң жетерсиң.
Теке качып токтолор,
Ушундай болсо кылганың.
Теңир жазган эки энең,
Темир хандын шаарында,
Тентип жүрүп жок болор.
Буркурап Каныш көп ыйлап,
Бөксө жол киргин деп ыйлап».
Куруп калган Каныкей,
Улантып сөзүн муну айтат:
«Сак-саламат сен барсаң,
Абаңдын айткан сөздөрүн,
Акылыңа сен алгын.
Учурап Бакай жолукса,
Таластан таалай туз буйурса.
Ботонун белин ашканда,
Кара буура чаткалда,
Каңшар кара таш келет.
Ошол ташты ойдурам,
Атаңдын көзү барында,
Жан кишиге туйдурбай.
Жетимиш нарга жүктөтүп,
Кызыл алтын дүр-дүйнө,
Жаптырып койдургам.
Талас менен арасы,
Жөө кишиге бир күндүк.
Артынан ташты көзөтүп,
Алтының чирип калат деп,
Шамалдын жолун ачтыргам.
Жалгыз сага керек деп,
Алтынды антип каттыргам.
Мурун ачкам эшигин,
Ойдургам таштын тешигин.
Киши билип калат деп,
Оозуна топо төктүрдүм.
Шилбиден сайып өндүрдүм.
Мына ушунун баарысы,
Жалгызым Семей сен үчүн.
Мына үшүнтүп жыйнадым,
Өлүп кетчү жанымды,
Ошондо опсуз кыйнадым.
Айткандын уулу Көкбөрү,
Атаң менен дос болуп,
Алып келген Каралөк,
Айбандан бөлөк ошол Лөк,
Ойлошумча Каралөк,
Калгандыр деймин бек жүдөп.
Иштетип жүрсө билбеймин.
Агытып койуп бош койсо,
Чаткалдын тумшук сеңирде,
Жаткандыр тосуп сени деп.
Айбанда болсо жаныбар,
Адам билбес сыры бар.
Койкойтуп өркөч сеңирдей,
Жүргөндүр байкуш семирбей.
Кал басып көзүн калгандыр,
Каныкей сөзү жалгандыр.
Каныкей сөзү чын болсо,
Чөгүп жатып алгандыр.
Жатканын көрсөң Каралөк.
Түшпөй өтүп кетпегин,
Арстандан мурас Каралөк,
Амансыңбы сен- дегин.
Каткан алтын зарыңды,
Таап алса арамдар,
Каралөк боздоп жиберет,
Киши албай пулуң бар болсо,
Ооналактап чамынат.
Мойнун созуп койкойтуп,
Салпылдатып өркөчүн,
Тайманбай сени качырат.
Жаныңа кирип келгенде,
Көөнүнө азар бербегин.
Адашып кетип канча жыл,
Ата журт издеп келаткан,
Мен Семетей эр дегин.
Сенин үнүң укканда,
Семетей атың укканда,
Селдей жашы төгүлөт,
Алжып калган Каралөк,
Бууржундай көрүнөт,
Башын салып буркулдап.
Ал Бакайды көздөй жүгүрөт.
Каралөк кайра тартканда,
Куу дөбөт келет арсылдап,
Алгыр тууган Кумайык,
Азуулары карсылдап,
Азыр Кумайык аты жоголуп,
Куу тайган деп айтылат.
Болжолу жок Кумайык
Улуп уңшуп ажылдап,
Кирип келет жакындап,
Бозжоргоңду такымдап.
«Кой, Куутайган жаныбар,
Мен Семетей жалгыз - де.
Семетей атың укканда,
Уулуң келди ээм деп,
Сүйүнчү айтам дегенсип
Күмбөздү карай жүгүрөт.
Күмбөзгө барсаң жалгызым,
Атаң Манас күмбөзүн,
Ар бурумдап салдырдым.
Арка болгон атаңа,
Арстандардын сүрөтүн,
Күмбөзүнө тарттырдым.
Ак сакалы жайкалган,
Акбозду минип чайпалган,
Алдындагы Бакай хан,
Минген аты койон Боз,
Салынганы байандос.
Аккула менен алпайып,
Этек-жеңи жыйнабай,
Аккөбө менен далбайып.
Аркасында хан атаң,
Жоо жарагы шайманы,
Баары калбай тартылган.
Саадагы кырк кез көрүнөт,
Тоодой Тору аты бар.
Толгомо саптуу камчы алган,
Ээрчиткен тайган ити бар,
Адамдан башка сүрү бар,
Тургандай тирүү түрү бар,
Көргөн жанды кубанткан,
Олуйа заада Кошой хан.
Карыга найза илинүү,
Баатырдыгы белгилүү.
Темир кызыл аты бар,
Көзүнөн жалын чачырар,
Көргөндө киши жазганар.
Болот калем дөбөтү,
Молдолуктун белгиси.
Атаң менен аталаш,
Сенин Сыргак агаң ал.
Кабыландай баатырлар,
Бейжинде өлгөн урушта.
Бечара энең Каныкей,
Ушулардан айрылып,
Көөнүнү кеткис арман бар.
Алар аман бар болсо,
Тентибейт элек биз мындай.
Төрүндө катар тартылган,
Музбурчак, Агыш, Керкөкүл,
Үрбү, Сынчы, Төштүк ал.
Ал алтоонун артында,
Айрым жалгыз тартылган,
Көккөбө жибек тон кийген,
Көкала тулпар ат минген,
Айдаркан уулу Көкчө хан.
Сол жагында күмбөздүн,
Алтын чырайлуу, нур жүздүү,
Ийриси жок, түз сөздүү,
Жээрде сакал айбаттуу,
Алтын кемер, бото кур,
Сарала тулпар ат минген,
Сап алтындан тон кийген,
Жетимиш эки тил билген.
Баштап барып атаңды,
Чоң Бейжинге кийирген.
Байгамбар ак, дини ак,
Бейжинде калган алтын так.
Калмактан теңдик талашып,
Батышпай келген ал ошол,
Ал Азизхандын Алмамбет,
Аркасында Алмаңдын
Көктеке дулдул ат минген,
Көпкөк темир тон кийген,
Ач айкырык куу сүрөөн,
Бет алган жагы от күйгөн,
Бендеден белдүү эр эле.
Тогуз жашта кошулуп,
Атаң менен бир жүргөн.
Жоону сайса көп сайган,
Мен сайдым деп айтпаган,
Жолборсум сайды деп сайган.
Эрди сайса ал сайган,
Эрди сайдым деп айтпаган.
Эр Манас сайды деп сайган.
Сундуруп найза тартпаган,
Суу ордуна кан ичкен,
Сумсайып жоодон качпаган.
Балта дөөнүн Чубак хан.
Аркасында Чубактын
Жоо бөрүсү Чубактын
Карткүрөң күлүк ат минген,
Сүлөөсүн ичик, суусар бөрк,
Берүүчү кыздай кийинген,
Жетимиш түрлүү тил билген.
Ак калпак кыргыз элинде,
Анчалык илим ким билген?!
Хан алдында көп жүргөн.
Тартынбай таамай сүйлөгөн,
Атаңдын түшүн төп жооруп,
Алты сан элге баш болуп.
Бийлик ажың тон кийген.
Кой оозунан чөп албас,
Ал коңур чечен Ажыбай.
Баштан айак атаңдын,
Бар кылган ишин бүт айткан.
Ак кагазга жазгандан,
Ырамандын ырчы уулун,
Сүрөткө кошо тартыргам.
Кулунум булардын,
Арбагына сыйынгын.
Өз өлүгүн атаңдын,
Көз көргүс жерге каттырдым.
Кыз олуйа кең колдоп,
Кыз өлүгүн таптырдым.
Атаңдан айрып тааныгыс,
Өлүгүн сырдап ал кыздын,
Атаңдын күмбөзүнө жаткырдым.
Мууну бошоп буркурап,
Чыдай албай жаш кетип,
Чыйырды турат зыркырап.
Ал экөөнү көргөндө,
Журттун баары чуркурап.
Анда туруп эр Семең,
Артык тууган эр немең.
Ыргыштап кеп айтып:
«Ыйлаба, Каныш деп айтып,
Адашпай элге барармын.
Атамдан калган журтумду,
Алардын тартып алармын.
Ачуума тийсе чабармын,
Арамдын жайын табармын.
Күн-түнү жок жерлермин,
Тирүү болсом саламат,
Жүз күнгөчө келермин.
Жамандык кылган иттердин
Жазасын колго берермин.
Сен айттың мага насаат кеп,
Бугу менен текени,
Кулжасын кошуп атат деп.
Кубурлуу тууган чунагың,
Кубанычка минтип батат деп.
Ойлоносуң Каныш сен,
Ат өргүтүп жатат деп.
Буруштуу жолдо бугу бар,
Муңканган эрдин муңу бар.
Муңу жок киши баштанып,
Бугуну кантип атайын.
Мусапыр энем сен турсаң,
Бурулуп кайдан жатайын.
Текени көрсөм тектирден,
Текени кантип атайын.
Тентиген энем сен турсаң,
Тербелбей кантип жатайын.
Тескери аккан суу менен ,
Терс айланып басайын.
Теңирим берсе тилекти,
Тентиген эне силерди,
Теке аткандын ордуна,
Тентектен тумар ачайын».
Акылын журттан арттырып,
Амандашып коштошуп.
Нойубаган куу бала,
Жүрүп кетти бастырып.
Айал кылып турбастан,
Алдында атты булкунтуп,
Жолдун чаңын бургутуп,
Боз жоргону камчылап,
Борбуйдан тери тамчылап,
Арстандын уулу Семетей,
Атырылтып аргытып,
Арак ичкен немедей,
Адамы жок кашында,
Келе жатат түгөнгүр.
Аскери көп немедей,
Ант ургурду карасаң,,
Абалдуу жолдон кайгы жеп,
Анча-мынча кенебей.
Жоо чыгат деп ойлобой,
Жолдошу көп немедей.
Кара жолдо калкылдап,
Кара олпок тону жалтылдап,
Бала жолборс канкоруң,
Кетип барат шалкылдап.
Жаш Семетей чунагың,
Он экиде жашында,
Тайманбаган убагы,
Кетип барат ар кандай,
Кабыландын баласы,
Кабагын салып зарланбай.
Үчкайыңдан өттү эми,
Жекендүү көлдүн башында,
Шабырлуу көлдүн чатында,
Атасы Манас жайлаган,
Сан миңдеп бээни байлаган,
Алтын мамы казыкты,
Аны көрдү абдан.
Болжолун байкап Семетей,
Каныкейдин кеби деп,
Канкордун жери экен деп,
Кыйалында тааныган,
Андан өтүп басты эми,
Жаш Семетей чунагың,
Жол табалбай азды эми.
Эл табалбай жүргөнү,
Элүү бешче күн болду,
Боз жорго минген тулпары,
Арып чарчап торугуп.
Арада нече конуптур,
Таалайы бар жетимге,
Кудайдын берген насыбы,
Талыкпастан жол жүрүп,
“Таласка жеткен чагыбы,
Абалдаган калың бак,
Ал Манастын багыбы?
Ошол кезде Семетей,
Ополго келген чагыбы”.
Кең Таласка келди эми,
Кең Таластын ойунан,
Аккан сууну бойунан,
Үчкошойдун чатынан,
Баркөлдүн башкы жагынан,
Атасынын күмбөзүн,
Алыскы жерден көрдү эми.
Закымдай болуп зыркырап,
Урган таштай быркырап,
Шамалдай болуп күркүрөп,
Жакын келип чунагың,
Аттан түшүп ыйлады,
Аманат жанын кыйнады.
«Атам Манас өлгөндө,
Армандуу болуп мен көрбөй,
Жашчылыктын айынан,
Алыска кетип жоголуп,
Араң келдим оңолуп»,
Агартып салган сарайын,
Азаптуу чунак көргөндө,
“Атакелеп” өкүрүп,
Арманын айтып өкүнүп,
Оң бөйрөгүн тайанып,
Ойронум атам деп түштү,
Оодарылып бүк түштү,
Сол бөйрөгүн тайанып,
Султаным атам деп түштү.
Суулугунан кармабай,
Бозжоргону бош таштап,
Болбостон бала бүк түштү.
Олтуруп Семең ыйлады,
Чымындай жанын кыйнады.
«О дүйнө кеткен атам деп,
Атакемдин арбагы,
Тийсин мага батаң деп,
Айтар кебин сыйла» - деп.
Куран окуп арбакка,
Бата кылып алды эми,
Ачкан оозун жумгуча,
Алаканын жыйгыча,
Аны-муну кылгыча,
Агарып турган күмбөздөн,
Шамал чыгып күркүрөп.
Күңгүрөнүп калды эми,
Жаш Семетей чунагың,
Арбактын доошун укканда,
Абдан көөнү сүйүнүп,
Бир кудайга сыйынып,
Атасынын үстүнө,
Чуркап басып кирди эми.
Күмбөзгө кирип караса,
Атасы Манас кеменгер,
Адамдан башка айлакер,
Алла таала колдогон,
Кан төгүүгө сайапкер,
Аккула минип маңкайып.
Агарып өзү шаңданып,
Тартылуу турган сүрөтү,
Аны ары жагында,
Азиз хандын Алмамбет,
Намыс үчүн Бейжинден,
Анжудан качып келген деп,
Акбалта хандын Чубагы,
Ойундун бири бул дагы,
Сундуруп найза тартпаган,
Сумсайып жоодон качпаган.
Султан Сыргак баатыр шер,
Алмамбет, Чубак, Сыргак деп,
Атанып чыккан баатырлар.
Кылычтарын асынып,
Ал күмбөзгө жазылып,
Тартылыптыр сүрөткө,
Алмамбеттин мингени,
Айсарала бу дагы,
Анын нары жагында,
Музбурчак, Кошой эки шер,
Тартылыптыр бу дагы.
Жаш Семетей чунагың,
Күмбөздөгү сүрөттүн,
Баарысын көрүп алды эми,
Кайта басып бүгүлүп,
Чуркап чыкты жүгүрүп.
“Өлбөй тирүү экен”,- деп,
Атакесин көргөндө,
Абдан бала сүйүнүп,
Атын чечип мамыдан,
Баса минип абыдан.
Алысты көздөй жүрдү эми,
Астындагы белестен,
Алмалуубулак, Шумкарташ,
Ашып түшүп ылдыйлап,
Кеңколду көздөй басты эми.
Бөксө жолдо баратат,
Бөлүнүп бала санаасы,
Жолунан чыкты арсылдап,
Жолбун итти карачы.
Коркуп андан калабы?
Кабыландын баласы,
Үрүп ити кыңшылап,
Артына түштү Семеңдин,
Атасынын Куу тайган,
Билип тоскон келерин.
Үргөнүнөн жадабай,
Жан жагына карабай,
Жаш Семетей бастырса,
Таанып келди жаныбар.
Илгертен бери Куу тайган
Кумайык деп аталган.
Карыларга наамы бар,
Куу тайган эрчип артынан,
Чаткалга кирип келгенде,
Ээсин жоктоп муң баскан,
Эки көзүн кал баскан,
Чуудаларын чаң баскан.
Атадан калган Каралөк,
Жаткан экен сеңирде,
Ат дүбүртүн укканда,
Каралөк оонап чамынды,
Семетейди билеби?
Кайдан келген киши деп,
Каткан пулду алат деп,
Көбүгүн чачып буркулдап,
Семетейди качырды.
Каныкей айткан байагы,
Каралөгүм экен деп,
Эр Семетей тааныды.
Семетей анда кеп айтты,
Кар болупсуң Каралөк,
Карап жатып сен деди.
Калкын издеп келаткан,
Семетейиң мен деди.
Кубангандан Каралөк,
Ары бери жүгүрдү,
Алда нечен бүгүлдү,
Мойнун жерге салганы,
Болбой ээрчип алганы,
Муну мындай таштайлы,
Бакайдан кепти баштайлы.
Дегдеп тосуп жүрүүчү,
Темир тоодо чалыңыз,
Көптү көргөн Бакайың,
Көрүшкөн жерин айтайын.
Ай аркандап, күн санап,
Он эки жашка чыкты деп,
Сарытаз салса кабарды,
Семетейдин келерин,
Бакай абаң билүүчү,
Көкчолокту минүүчү,
Көзүнө дүрбү шыкаалап,
Күндө карап жүрүчү,
Бакай чалдын тоскону.
Темир тоонун тараша,
Маңдай жагы бөксө жол,
Баткалашты караса,
Күчү кеткен Бакайдын,
Көзүнөн жашы төгүлөт,
Дүрбү салып олтурса,
Жалгыз караан көрүнөт.
Балам ушул белем деп,
Бакайдын көөнү бөлүнөт.
Ыңгай карап олтурса,
Сымбатына толтуруп,
Минтип Бакай караптыр.
Келе жаткан адамдын,
Минген аты жараптыр,
Дегдеп Бакай болбоду,
Соолуп калган көңүлү,
Өзүнчө ташып толгону.
Көкчолокко дем уруп,
Көкчолок минип желгени,
Көптү көргөн Бакайың,
Салып жетип келгени.
Көрбөсө да Семетей,
Көрүп жүргөн немедей,
Билбесе да Семетей,
Бирге жүргөн немедей,
Салам айтып сактанып.
Салучу куштай таптанып,
«Караанымды көргөндө,
Камчылап атың кыйнадың,
Капасы бар немедей,
Абакем мени көрүп ыйладың,
Бакай анда кеп кылат:
«Бала сен кайдан келдиң”- деп сурайт,
Жоодурап Бакай кеп курайт,
Жүрөгү канча деп сынап,
Бакай ичтен тынады,
Баланы минтип сынады,
Бакайга Семең кеп айтып:
«Байкап уккун деп айтып,
Илгери атам өлүптүр,
Эки энем кордук көрүптүр,
Түйшүктү булар салыптыр,
Мен жетимди калкалап,
Эки карып энекем,
Төркүн издеп барыптыр.
Он эки жашка болгуча,
Сырын айтпай багыптыр.
Эригип атым тердетип,
Адамдардан ээрчитип,
Кызык доорон сүрчү элем,
Ит агытып куш салып,
Эрким менен жүрчү элем.
Ар кайсыдан кеп уктум,
Атаң Манас деп уктум,
Катын кыздан мен уктум,
Калкы ногой деп уктум.
Элим башка болгон соң,
Анда кантип турам уйалбай,
Энемден ар кыл кеп уктум,
Издеп чыктым тура албай,
Абаке сиздей ак сакалдуу кишини,
Калыс үчүн жараткан.
Биздей атадан калган жетимди,
Намыс үчүн жараткан.
Каныкей канча кеп айткан,
Сизди кабары катуу бек айткан.
Барганда тосот алдыңдан,
Бакай абаң деп айткан,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 03
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.