Latin

Семетей - 27

Total number of words is 4262
Total number of unique words is 2155
29.8 of words are in the 2000 most common words
43.3 of words are in the 5000 most common words
50.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Колго кар жөнүндү,
Элестетип дөбөнү.
Атактуу баатыр Гүлчоро,
Айылда жүрсө бир чоро,
Аттанып чыкса миң чоро,
Айгалышкан жоо болсо,
Айбат кылар шер чоро.
Кайда катуу жер болсо,
Аша албаган бел болсо,
Аа аттанган Гүлчоро,
Атына минип дуу коюп,
Караган элге чуу болуп,
Тулпары тердеп суу болуп,
Колтуктан чыккан буу болуп.
Көк жал чоро Гүлүстөн,
Жете барып алдына,
Келген бойдон кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
«Жолдон азган кол болсоң,
конок кылам кандайсың?
Доолашып келген доо болсоң,
Урушарга жоо болсоң,
Урунарга тоо болсоң,
Ушаласам кандайсың?
Тааныбай турам элиңди,
Таппай турам пейлиңди.
Кайкалаган калың кол,
Баарың окшош турасың,
Биле албай турамын,
Кайсы экенин бегиңди?
Байкап сөзгө кулак сал,
Өрттөгөн арча өңдөнгөн,
Өңү суук, сен кимсиң?
Өкүрүүчү баштанган,
Түрү суук, сен кимсиң?
Айдама кошуун кол жыйган.
Жолу суук сен кимсиң?
Суудай толкуп шарданган,
Топ-топ тулпар байлаган,
Тоодой баатыр сен кимсиң?
Шер өңдөнүп көрүнгөн.
Жүзүңөн нуруң төгүлгөн,
Көмүрдөй кара көзү бар,
Көркүң шердей сен кимсиң?
Көпкөк темир кийинген,
Көптү көрсө сүйүнгөн,
Коркпогон качып өлүмдөн,
Кордукту көрсө элиңден,
Коржоңдогон сен кимсиң?
Такыр жибек кийгениң,
Такыр жорго мингениң.
Тааныбаймын, билбеймин,
Башыңда суусар бөркүң бар,
Падышадай, сен кимсиң?
Сундуруп найза тартпаган,
Сумсайып жоодон качпаган,
Найзага темир аштаган,
Айдама кошун баштаган,
Баатырсынган сен кимсиң?
Качырганды кармаган,
Качпай туруп жалмаган,
Көргөн киши зарлаган,
Кем эмес түрү камандан,
Алышканды аймаган,
Албай жолго салбаган,
Алп мүчөлүү, сен кимсиң?
Жолоочу болсоң, жолго сал,
Жоо келчү жолду самаган.
Жолоочу эмес кыясың,
Жоолашчудай турасың,
Жообуңду азыр айта сал!» Деп, ошентип Гүлчоро,
Сөз сурады эр чоро.
Кундуз ичик суусар бөрк,
Кубулжуган бир манап,
Салты башка адамдан.
Караганды уялтат,
Кепти баштап ал айтат:
«Атаңдын көрү, ит Чоро,
адам болбой, кет чоро,
акылы жок, нес чоро,
Жолоочу биздей болобу?!
Сендей чоро оңобу?!
Жолоочу -деп – ойлобо,
Жоолочу киши биз эмес.
Мен жүрөмүн жоону издеп,
Урушарга душман жок,
Урунарга тоо издеп!
Атамдын аты Хан Көкчө,
Өзүмдн атым Үмүтөй,
Атамды манас өлтүрдү,
Ошого келдим кун издеп!
Өзүңдүн жолуң билбесең,
Айткан сөздү абайлап,
Кулагыңа илбесең.
Сапырып ийем шаарыңды,
Тартып алам малыңды,
Алдыңа минген тагыңды,
Башыңда таажы багыңды,
Кокуйлатам карыңды,
Койбой кырам баарыңды,.
Куп сынаймын алыңды,
Ардактаган абаңа,
Айтып баргын жайымды!
Семетей келсин алдыма,
Керек эмес малыда,
Чөк түшүп ыйлап отурсун,
Кол байлап менин алдыма,
Кабыл кылса кылармын,
Карыя Бакай наалыса,
Кечсем өтүп калармын,
Каныкей эжем таарынса,
Деп ошентип айтты эле,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Бели катуу бек чоро,
Белдсенишкен душманга,
Жалгыз эмес сан чоро,
Сайраганда кеби шар,
Каарданса жолу тар,
Кармашчу жоону көргөндө,
Ач арстандай түрү бар,
Гүлчорону көргөндө,
Көргөн бенде туюнар,
Гүлчоро туруп кеп айтат,
Үмүтөй койгун деп айтат,
Эми уктум атыңды,
Баян кылган арзыңды,
Байкап билдим дартыңды,
Көкчөгө Манас бажа экен,
Биринен-бири кете албас,
Курбалдаш өскөн жан экен,
Ал кезекте эрлердин,
Өзүнчө сыры ар экен,
Арстан эрге шер Көкчө,
Ар качан келип турчу дейт,
Айкөл менен кеңешип,
Ар кандай ишти кылчу дейт,
Кайда барса кабылан,
Калбай ээрчип барчу дейт,
Талаадан талап олжо алса,
Так ортого салчу дейт,
Көзүнө көркөм мал болсо,
Көмүркөйдө зар болсо,
Мурун Көкчө алчу экен.
Көкчөдөн калган мал-пулду,
Анан хандар алчу экен,
Канкор Манас тушунда,
Хан Көкчө жайы бул экен,
Эр Көкчө жүрсө эркинче,
Жер жайнаган каңгайга,
Манас кармап бербесе,
Көпчүлүктүн ичинде,
Жетип ажал ал өлсө,
Сен алуучу кун бекен.
Айкөлдөн уулу Семетей,
Сен теңдешчү эр бекен,
Темир хандын шаарына,
Тентип барып келгени,
Сендей тентек көп чыкты,
Шылтоо кылп ар кайдан.
Кек алабыз деп чыкты.
Жекеге баатыр эр чыкты,
Нечен сендей шер чыкты,
Чын-чынына келгенде,
Чекесинен тер чыкты,
Чын ачуусу келгенде,
Кыйгына тийгенде,
Кызарып каны коюлду.
Катылдык кайдан бекер,
Как ошондо туйунду,
Айтканыңды ит уксун,
Үмүтөй, койгун мунуңду,
Семетей экөөң бөлөсүң,
Арстанды Үмүтөй,
Башкалардай көрөсүң,
Ачуусуна сен тийсең,
Күн көрө албай өлөсүң,
Азыр башың жаш экен,
Бузук сөздү койгунуң,
Буруп айтып барбаймын,
Алдын өзүм тосойун,
Арчы кишиң болойун,
Бакайга кылып кеңешти,
Каныкейге угузуп,
Сары ханга туйгузуп,
Семетейди сен үчүн,
Алып келсем болобу,
Экөөң карын бөлөсүң,
Туугандык кылса Семетей,
Урматын анын көрөсүң,
Абама бара калайын,
Айтып кабар салайын,
Туугандык кылса Семетей,
Алып келе калайын,
Душмандык кылса тил албай,
Анда кабар кылайын,
Деп айтканда гүлчоро,
Ач бөрүдөй умтулуп,
Чапанын тетир кымтынып,
Хан Көкчөнү эске алып,
Төрө Үмүтөй үшкүрүп,
Ачууланып бакырып,
Алдындагы чорого,
Абыдан сүйлөп бакырып,
Айбан, кул, азыр жөнөгүн,
Жөнөбөй койсоң тил алып,
Кордукту менден көрөсүң,
Жамандык менден калбасын,
Семетейге барып кел,
Айтып кабар салып кел,
Жарашам десе семетей,
Жөө ыйлатып алып кел,
Ылдамыраак барып кел,
Зарыктырбай бачым кел,
Деп үмүтөй айкырып,
Каарданып бакырып,
Кабыландай капшырып,
Гүлчорону жапырып,
Калба салган жери ошол,
Кабыл алып Гүлчоро,
Кайра тарткан жери ошол,
Алдындагы тулпарга,
Аябай камчы урду эле,
Учкан куш менен жарышып,
Семетейдин алдына,
Барып чоро турду эле,
Кепти мындай урду эле,
Келгениң арзан жоо эмес,
Адам болжоор доо эмес,
Карандай эмес кун экен,
Келген киши Үмүтөй,
Хан Көкчөнүн уулу экен,
Тосуп жолун муунадым,
Торгоп жолун сурадым,
Ар канча кылсам далалат,
Болбой койду тууганың,
Баштан аяк кеп салдым,
Карын бөлөң Семетей,
Тартышпагын деп салдым,
Өзү билип узатат,
Тайышпагын деп салдым,
Бүгүн конуп жаткын деп.
Кегиң болсо Үмүтөй,
Кеңеш кепке болбосоң,
Аскериң эртең бөлгүн деп,
Ошондон бери мен айттым,
Ар канча акыл кеп айттым,
Үмүтөй өзү бек экен,
Айткан сөздөн жанбаган,
Дегенин кылбай калбаган,
Көк темирдей эр экен,
Көгүрөөк туулган неме экен
Эби келсе абаке,
Тууганыңа теңелбе,
Душман киши ал эмес,
Тууганыңа өчөшүп,
Душмандашып калганың,
Семетей сага жол эмес,
Аттанып алып баралы,
Астына жакын калганда,
Аттан түшө калалы.
Саламдашып салалы,
Алып келип кондуруп,
Аш-тамакка тойдуруп,
Кеңеш кепке кандырып,
Жолжобосун кылалы.
Ошентип көөнүн алалы,
Туугандык сактап калалы.
Салам айтып койгонго,
Салтың кетпейт, абаке.
Аттан түшө калганга,
Арстандыктан тайбайсың,
Алдын тосуп коелу,
Ал өңдөнгөн айбандын» Деп, Гулчоро айтты эле,
Семетей анда кеп айтат:
«Эр Гулчоро, инимсин,
Иним эмей кимимсиң?
Үстүңө соот кийгиниц,
Астыңа тулпар мингиниң.
Семетей кайсы, сен кайсы,
Алдына барып келгиниң.
Айтпадымбы өткөндө,
Бердим сага бийлик - деп.
Эр кадырын, эр билет,
Сен билбесең ким билет?
Үмүтөйдүн алдында,
Семетей аттан тушту - деп,
Дос, душман укса эл күлөт».
Деп, айтканда Семетей,
«Койчу, абаке, кебиңди,
Жарабаган пейлиңди!
Кандай дээр экен - деп,
Кылып турган кебиңди?
Буурулду минип өзүң бар,
Балдан ширин сөзүң бар.
Күлсө күлсүн душмандар,
Ага жакын барганда,
Буурулуңан түшө кал!
Олуттуу сөздү өзүң сал,
Тууган менен кектешип,
Душмандан бетер жектешип,
Кекенишип жүрбөйлү,
Казак, кыргыз бир тууган,
Чекелешип жүрбөйлү.
Эр сайышчу немедей,
Жекелешип жүрбөйлү.
Жүргүн, аба, жүргүн - деп,
Гүлчоро ага болбоду!» Гүлчоро канча кылса да,
Семетей болбой койгону:
«Айланайын, Гүлчоро,
Аттанып чыксаң акжолтой,
Артымда жүрсөң сан колдой.
Кун дегени шылтоосу,
Үмүтөйдүн сыры бул,
Көз көрүнөө турбайбы?
Койгун, чором, барып кел,
Айтканыңа тил алса,
Ээрчитип аны алып кел
Эрдик кылып көгөрсө,
Башын кесип кайтып кел.
Бастыргын, чором, бастыр» - деп, -
Башын чайкап турду эле.
Алдындагы Суркоен,
Башын чороң бурду эле.
Ак маралдай аргытып,
Артынан чаңын бургутуп.
Суркоенду суурултуп,
Көөдөндөн терин жуурултуп.
Сактап туруп калды - деп,
Сабап жүрүп олтуруп,
Жетип чороң барды - дейт.
Чорону көрүп Үмүтөй,
Ач арстандай күңгүрөп,
Мас болгон нардай кеңгиреп,
Айласын таппай зеңгиреп.
Эзилип барат эт жүрөк,
Эси оогондай делбиреп:
«Коркконуңан сен чоро,
Кошуун жыйнап жүрдүңбү?
Кара кыргыз журтуңду,
Карбаластап сүрдүңбү?
Айкөлдүн уулу Семетей,
Айтканыма көндүбү?
Кучактоого тиземди,
Алдыма менин келдиби?
Кетип кайра келипсиң,
Арачы киши сенсиңби?
Мал, пулунду албаймын,
Семетей келип тиземди, Кучактабай жанбаймын!» Деп, Үмүтөй айтканда,
Анда чоро кеп айтат:
«Ой, Үмүтөй - деп айтат.
Пейлиңден жангын, баатыр сен,
Абакеме бардым мен.
Семетей жаман кылбады,
Үмүтөйдү алып кел,
Өзүм жолго салам - дейт,
Мен жарашып калам - дейт.
Кээ бирөөлөр артынан,
Ушак-айьң кылышып,
Семетейди сараң. - дейт.
Андай эмес абакем,
Кеңчилиги кармаса,
Ырайым шапкат анда бар.
Көңүлү жумшак мунайым,
Көп жашаган карыдай,
Тарчылыгы кармаса,
Тартынып ал калбаган.
Чын ачуусу келгенде,
Эч нерседен жанбаган.
Чоң атасы Жакыпты,
Жоодон бетер жайлаган.
Эби келсе баралы,
Жарашып биз калалы». Деп, айтканда Гүлчоро,
Ага Үмүтөй болбоду,
Болбой мойнун толгоду.
Ачуусу келип арбайып,
Ант ичкендей саргарып.
Өткүр болот Сырнайза,
Имере кармап колго алып,
Күчүн күүлөп күркүрөп,
Көргөндүн бойу дүркүрөп.
Көк дөбөдөй Үмүтөй,
Күңгүрөнүп айтты дейт:
«Жуукурланган жойпу кул,
Көрүчү ишиң мына бул!
Өзүң чоро кул болсон,
Мени менен тең болсоң,
Туруп берчи эр болсоң.
Мурунку кезек меники,
Кийинки кезек сеники.
Майданга чык сен - деди,
Өлбөй калсаң кутургур,
Кезегиңди аларсың,
Өлүп калсаң жойпу кул,
Куурап көрдө жатарсың.
Калбайсың өлбөй тирүү сен,
Өлтүрбөй койбойм сени мен!»
Деп, айтканда Үмүтөй,
Кабыл алып Гүлчоро,
«Менден күчтүү эр эмес,
Көмө сайчу неме эмес.
Күркүрөгөн Үмүтөй,
Ар качан мага тең эмес».
Чамасын ойлоп Гүлчоро,
Турду карап чакчайып,
Күжүлдөгөн Үмүтөй,
Күүлөп найза колго алып.
Алдындагы тулпарга,
Айабай камчы бир салып.
Качырып жетти чорону,
Үмүтөйдүн ойунда,
Эми тируу болобу?
Күркүрөтүп найзасын,
Уруп өттү чорого.
Бүтүлүү тоодой былк этпей,
Туруп калды Гүлчоро.
Үмүтөй өтө бергенде:
«Кезегиңди алдыңбы,
Армансыз болуп калдыңбы?!
Эмики кезек меники,
Өкүмсүнгөн Үмүтөй,
Кезекке келер жансыңбы?!»
Үмүтөй ойлоп сабылып,
Ажалга калды кабылып.
Эрлик кылып күркүрөп,
Туруп берди ал барып,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Алдындагы тулпарын,
Айабай чаап жүгүрткөн.
Жетип найза салды эле,
Күчтүү найза жеткенде,
Күркүрөгөн Үмүтөй,
Учуп кетип калды эле.
Аттан түшүп жыгылып,
Топого башы тыгылып.
Калың казак көп журту,
Гүлчорого сыйынып:
«Жамандык жок биздерде,
Жайсыз ушул сиздерге.
Казат кылып келбедик,
Айдалып келдик бул жерге...»
Эли мындай деди эле,
Эми кандай кылам деп,
Гүлчоро карап турду эле?
Сары хан, Бакай, Каныкей,
Чатактын болуп жатканын,
Найзага кол артканын,
Кабар таап укту эле.
Эки тууган кишини,
Эрегишке калтырбай,
Айрыйлы - деп - калышты,
Кеңеш кебин салышты.
Аттанышып жарышып,
Аскер жаткан алкымга,
Салып жетип барышты.
Бара жатса чоң, жолдо,
Үмүтөйдү дардайтып,
Жарып салган турбайбы?
Кужуру күчтүү Гүлчоро,
Сайып салган турбайбы?
Келгени бекер болушту,
Кудай муну эчакта,
Уруп салган турбайбы?
Хан Бакай келип кеп айтып:
«Келипсиз бекер - деп айтып.
Кыргыз, казак эки журт,
Кекенишер бекен - деп, Кеңешти абдан кылышты,
Кечиришер бекен» -деп?
«Семетейге баралы,
Үмүтөйдү жакшы көөмп,
Калың казак элине,
Тартуу тартмак кылалы.
Жараштырып эки элди,
Жайлап көөнүн тыналы». –
Үмүтөй сөөгүн жүктөтүп,
Казактын элин чубуртуп,
Кардынын канын куйултуп,
Үмүтөйдү алпарды,
Эл жыйылган Коргонго.
Хан Бакай келип кеп айтат:
«Э, кокуй, балам Семетей,
Эмне болдуң - деп айтат?!
Кужуру катуу Гүлчоро,
Сайып салган турбайбы?
Кара боорун кан кылып,
Сайып аттан түшүрбөй,
Жарып салган турбайбы?
Жай болуп эчак Үмүтөй,
Жаны чыккан турбайбы?
Өпкө, жүрөк толтодон,
Каны чыккан турбайбы?!» Гүлчоро анда кеп айтат:
«Абаке, уккун -деп айтат.
Абамдын кебин алгамын,
Айтып кеңеш салгамын.
Айтканын алып абамдын,
Анан кийин баргамын.
Жанбай койду нээтинен,
Кезектешип калгамын.
Алды менен ал сайып,
Артынан мен сайгамын.
Кайдан билдим, абаке,
Күүлүү найза жарганын.
Калбады деймин ойумда,
Үмүтөйдүн арманы.
Ал анткени катышып,
Өзү салды калбаны.
Абакем баатыр Семетей,
Алдына айтсам барбады.
Алып кел - деп алдыма,
Мени жолго салганы.
Айтканга анык тил албай,
Жайылдык кылса Үмүтөй,
Сайып кел - деп айтканы.
Ошол үчүн сайдым мен,
Өпкө, боорун жардым мен». Каныкей келип кайгырып,
Кошуп ыйлап бакырып.
Семетейге муну айтат,
Жашын төгүп чакырып:
«Ой, Семетей, чунагым,
Үмүтөй сенин тууганың,
Бул эмине кылганың?!
Эжемдин көзү барында,
Эмгекти салдың аларга.
Армандуу эжем Агеркеч,
Эми калды кайгыга.
Үмүтөйдү өлтүрүп,
Найзаңдын үчүн кан кылдың.
Карыганда эжемди,
Казактарга кар кылдың!»
Каныкейди ээрчишип,
Чуркурап баары ыйлашып,
Көшөгө тартып бетине,
Өлгөндүн жолун кылышты.
Өкүрүп ыйлап зыйнаттап,
Өлүгүн жакшы көмүштү,
Кектүү кылбай бул элди,
Узаталы дегенге,
Баары тегиз көнүштү,
Айдап калың мал жыйды,
Алтын, кумуш зар жыйды.
Тартуу тартмак кун малый,
Так келтирип, жам кылды.
Семетей өзү башкарып,
Ар бир эрдин колуна,
Бирден тулпар ат берди.
Арттырып алтын, кумушту,
Айры өркөч нар берди.
Канчоро анда кеп айтат:
«Кагылайын, абаке,
Кебимди уккун - деп айтат.
Абаке, бугун не болдун,
Акылың кайда жоголдун?
Жамандык күнү бир жургөн,
Жакшылык күнү жай билген,
Жанаша казак эл болсо,
Хандык жолу, эрлиги,
Сени мен ей тең болсо.
Энекең сенин Каныкей,
Акеркеч менен бир тууган.
Арстандык кылып, абаке,
Көңүлдөн кирин жуубасаң.
Катын да болсо Акеркеч?
Кабы толбой калбайбы?
Берсең боло тартууга,
Тай буурулдай бууданды!» Деп, айтканда Канчоро,
Кийинкисин ойлобой:
«Ырас айтат Канчоро,
Агеркеч көөнү агарсын,
Тай буурулду берейин,
Капасы ичтен тарасын.
Талаштырбай чорону,
Суркойонду минейин,
Айгайлаган жоо болсо,
Жан айабай тийейин».Деп, ойлонуп Семетей,
Тай буурулду берди - дейт.
Калың, казак кош болуп,
Кайра жанып кетти - дейт.
Айрылып аттан Семетей,
Акылдан жаман танды дейт.
«Тай буурулдун кеткени,
Арстандын уулу Семеңдин,
Ажалынын жеткени», Деп, элде макал калды - дейт.
Арамзада Канчоро,
Ар жоругу бар чоро,
Абасын айрып Буурулдан,
Анын да көөнү тынды - дейт.
Муну мындай таштайлы,
Кайран баатыр Семетей,
Казаасынан баштайлы.
КАНЧОРОНУН КАСТЫГЫ,
СЕМЕТЕЙДИН КАЙЫП БОЛУШУ
Семетейдин катыны,
Шаатемир кызы Чачыкей,
Эрке катын атанып,
Жүргөндө жанды элебей,
Айчүрөк келип пас болду,
Семетейге кас болду.
Суйук айак шерменде,
Сур жыландай сойлоду.
Канчорону кара нээт,
Кашына тартып ойноду.
Шыңкылдап күлүп, наз кылып,
Айлантып башын, мас кылып,
Канчорону туз урган,
Кастыкка аны маш кылып.
Бир кишиге билгизбей,
Шыбырашып кеңешип,
Хандыкты тартып алууга,
Кайрап азуу эгешип.
Семетейди өлтүрүп,
Айчурөктү күн, кылып,
Канчоро менен Чачыкей,
Хан, ханышай болууга,
Атак, даңкын дүң кылып.
Арамдык менен астыртан,
Айла, амал, чара издеп,
Кайда болсо жамандык,
Калтырбастан кана издеп.
Жибермек болуп Кыйазга,
Жылмасынан жана издеп.
Чачыкейге Канчоро,
«Толтойдун уулу хан Кыйаз,
Толкундаган эр - деген.
Тобокел кылса бел байлап,
Тоону бузар шер -деген.
Биз жедигерди алганда,
Жезкемпирдин жети уулун,
Хан көтөрүп жанганда,
Угуп көрсөм укмуштан,
Жети ханга ээ кылбай,
Тизгинди Кыйаз алыптыр.
Жедигерлик Кыйазды,
Хан көтөрүп салыптыр.
Кат жазайын, жеңеке,
Хан Кыйаздын өзүнө.
Атасынын күнү үчүн,
Намысы болсо кирер, дейм,
Менин айткан сөзүмө.
Жедигердин жети уулун,
Жалматайын ал жерде,
Калың колун каптатып,
Айдатайын бул жерге.
Алдынан тосуп барайын,
Болжол кылган күнүндө.
Айла кылып азгырып,
Семетейди Буурулдан,
Айрылттым мен бул күндө.
Кызыталак кан ичме,
Калды кыйын оор күндө.
Семетейди жайласам,
Гүлчорону кармасам,
Арманым жок дүйнөдө!» Деп, ошентип Канчоро,
Чачыкей менен сүйлөшүп,
Өзүнө жакын кишиден,
Элөөсүз жүргөн кишини,
Хан Кыйазга атказды,
Мына мындай кат жазды:
«Уч атаңдан бер жакка,
Хандыгың, киши албаган,
Карлыкка сени салбаган.
Дүйнөнү бузган зор Манас»
Зардабы сага тийбеген.
Кан ичме жинди Семетей,
Хан кадырын билбеген.
Атаңды сенин өлтүрүп,
Кутурган кулу чорого,
Армандуу элиң. жердеген!
Койгун десем ошондо,
Тилимди менин алган жок,
Кичинесиң сен анда,
Каруу кылар дарман жок.
Жезкемпирдин жети уулун,
Хан көтөрдү элиңе.
Кар кылды сени Семетей,
Ээ кылбастан жериңе.
Эр Толтой үчүн өч алыш,
Барбы, Кыйаз, нээтиңде?
Аккан каны атаңдын,
Сактадыңбы эсиңде?
Эрдин уулу сен болсоң,
Кулак салгын кебиме.
Мен жактырам, хан Кыйаз,
Эрлигиңди пейлимде.
Жезкемпирдин жети уулун,
Эбин тапкын жериңде.
Кат жазып киши жибердим,
Хандыкты алгын колуңа.
Канкордун жакын жолдошун,
Баарын салгын жолуна.
Ажыраттым азгырып,
Тайбурул жок колунда.
Тартынбагын, сен Кыйаз,
Намысың болсо ойунда!
Бүгүнкү билсең билги иш,
Баары менин колумда.
Кор болдуң, бала чагыңда,
Хан атаңдын жогунда.
Эл жайлоодон кайтканда,
Айак оона айында,
Болорсуң менин жолумда.
Ошондо сага кездешем,
Тирүү болсом, өлбөсөм,
Ташкен менен Наманген,
Ортосунда ойдуңда.
Айтканымда жалган жок,
Сен керекке жарасаң,
Канчородо арман жок!
Жалганы болсо сөзүмдүн,
Көрбөйүн калган өмүрүм,
Аккелтенин огу урсун!
Ак милтенин чогу урсун!
Атаң Толтой баатырдын,
Арбагы мени дагы урсун!
Айткан сөзгө көнбөсөң
Асилим Кыйаз сени урсун!
Төбөсү ачык көк урсун!
Төшү түктүү жер урсун!
Олуйа заада пир урсун!
Машайык мазар дагы урсун!
Кайнаган кара шор урсун!
Көктө тийген күн урсун!
Ай караңгы түн урсун!
Караңгыны жарыткан,
Асмандагы ай урсун!» Деп, ошентип кат жазып,
Ишентип шексиз бат жазып,
Ичине кепти көп жазып.
Жолоочуга төп айтып,
Токтотпостон атказып:
«Хан Кыйазга барарсың,
Катты бере саларсың.
Канчалык тартсаң машакат,
Кийин жыргал табарсың,
Кызмат акың аларсың,
Берип келсең катымды,
Айтып келсең дартымды,
Өчүрбөймүн өлгүнчө,
Өзүңдүн, баатыр, атыңды!
Баргының, баатыр, жол болсун,
Жол болгондо мол болсун.
Кас санаган кишиңиз,
Таманыңда кор болсун!
Арбагың өрчүп чоң болуп,
Оорагың журттан зор болуп.
Бачымыраак барып кел,
Ар кайда жүрбөй чор болуп.
Көп кечикпей, кайтып кел,
Кат жазса Кыйаз, алып кел.
Көрсөтпөй жанга, катып кел,
Күндүз келбей, түндө кел.
Көрүнбөй башка кишиге,
Билесиң, үйүм, мага кел!
Жоболоң салбай темтеңдеп,
Жолдоку элден, сурап кел.
Канчоро барбы үйдө - деп,
Канык кабар, угуп кел!
Сырыңды жанга айтпагын,
Барбай жолдон кайтпагын.
Билесиң го, баатыр, ай,
Айткандан кайра тартпагын», Деп, ошентип Канчоро,
Жансызды жолго атказды.
Жансыз катты алды, дейт,
Хан Кыйазга барды, дейт.
Канчоронун каттарын,
Жайып, ачып салды, дейт.
Хан Кыйаз түркөй киши экен,
Кат билбеген эр экен.
Катты окуучу молдосун,
Жанындагы жолдошун,
Ээрчитип чыгып ээнге,
Бекинип барып олтуруп,
Улам-улам окутуп,
Абдан катка канганда,
Канчоро кебин укканда,
Кат жаздырып молдого,
Кат алпарган жансызды,
Кайта салды тез жолго.
«А, баракелде, Канчоро,
Кайраты толук,эр чоро.
Айткандын баарын сен кылсан.,
Мен ыраазы ошондо!
Айткан сөзүн, алтындай,
Айак оона айында,
Болжогон жерге барамын,
Кошун алып тартынбай.
Он беш күнү күтөмүн,
Он беш күндө келбесең,
Кайра жанып келемин.
Кылсаң, кызмат биз үчүн,
Кылча мойнум сиз үчүн
Эсирген канкор төрөдөн,
Эми алам өчүмдү.
Ишенген кишим сен болсоң,
Кунун алам атамдын,
Жарпын жазам капамдын!
Алдына салды кат жазып.
Хан Кыйаз канча ант жазып.
Анттарынын түрү көп,
Айткан сөздүн сүрү көп. «Сен ишенгин, Канчоро,
Мен дайармын, сөзүм төп!
Болжогон күнү барбасам,
Жетисуунун жери урсун!
Жел жетпеген пери урсун!
Жедигердин эли урсун!
Аккан суунун сели урсун!
Коргошундун кени урсун!
Чойун баштын деми урсун!
Ак болоттун мизи урсун!
Агар алтын, зар урсун!
Ак кагаздын каты урсун!
Ат башындай ак куран,
Айабастан дагы урсун!
Хан атам Толтой каны урсун!
Сууга буткөн сал урсун!
Кез жетпеген чөл урсун!
Куу жетпеген көл урсун!
Кайберендин пири урсун!
Олуйа деп атанган,
Чоң Ополдо чал урсун!
Сайып өнгөн бак урсун!
Салып чыккан там урсун!
Курт-кумурска, бөй-чайан,
Жан-жаныбар баары урсун!
Көрбөй туруп достошкон,
Ортого койгон ант урсун!
Калың, кара көп журттун,
Каары менен каны урсун!
Көрүстөндө көп арбак,
Оройлору дагы урсун!
Улуу жолдун чаңы урсун!
Унутсам сенин сөзүңдү,
Улуу атаңдын даңы урсун!
Берген антым ушундай,
Айткан жерде тосорсуң,!» Деп, ошентип хан Кыйаз,
Антын берип кат жазып,
Калган экен үйүндө.
Кебин уккан чоронун,
Алыска барган кабарчы,
Айлына келди түнүндө.
Карбаластап Канчоро,
Катты алып ашыгып,
Окуганча шашылып.
Айагына чыкканда,
Таң аткынча уктабай,
Жүрөгү толкуп атылып.
Сүрүп чыкты таң анда,
Эртең менен болгондо,
Элдин баары турганда,
Баса минип бууданын,
Хан Гүлчоро айлына,
Канчоро барып кеп айтат:
«Ой, Гүлчоро - деп айтат.
Чырпык бүрдөп, бүр байлап,
Жер чымырап, көк чайлап.
Үн алышып боз торгой,
Көкөлөп учуп, көп сайрап.
Кызыл-тазыл гүл ачып,
Чыгып келет, чөп жайнап.
Жаканын жалаң бойуна,
Жанашып айыл, бээ байлап.
Элдин баары ойдогу,
Жай мезгили болгон го?
Үйдө жатып нетебиз,
Не мураска жетебиз?
Аттангын, баатыр, Гүлчоро,
Киши алалы жумушкер,
Жайлоого барып, жер чалып,
Тоолордон кулжа, теке атып,
Тамаша кылып келели.
Арбын атсак текени,
Карылардын алдына,
Шыралга - деп - берели!»
Канчоро келип кеп айтты,
Гүлчоро - «макул» -деп айтты.
Тулпарын алып токунуп,
Азыгын жанга байланып,
Ок, дарысын мол алып,
Алты киши котчу алып,
Айылдан чыкты аттанып.
Кеңкөл өөдө жүрдү, дейт,
Кеңкөдун төркү башына,
Адырмак аска ташына,
Алар чыгып келди, дейт.
Тулаңы өнүп буралып,
Чырпыгы жерде чубалып.
Чөптүн баары чыгыптыр,
Жыпардай жыты жыттанып.
Жерди көрүп макташып,
Тоосунан кулжа, теке атып.
Жер күлгүндөй көрүнүп,
Көк ала жашыл саймадай,
Чөптүн гүлү бөлүнүп.
Сайма сайып койгондой,
Сай бойунда чечекей,
Азыркысын Кеңколго,
Чыккан экен ченебей.
Суусамырды сапташып,
Ат кулугун тапташып,
Тоонун баарын сакташып.
Тегеренип айланып,
Он күнү жүрүп жер чалып.
Өнгөн жери кайсы экен,
Өнбөгөн жери кайсы экен?
Көрөлү баарын - деп чалып,
Кара кылкан буудай баш,
Жел тийсе кылкып ыргалып.
Бетеге менен туланы,
Белден чыгып буралып.
Өтөктүн чөбү калкылдап,
Көк ала сайма түрүндөй.
Шамал тийсе жалтылдап.
Жайкалып ыраң чөп чыгып,
Калбай баары көп чыгып.
Жылгадан суулар жыбылжып,
Күлгөндөй гүлү жыбырап,
Кеңколдун өйүз-бүйүзү,
Караса көзгө жымылдап.
Чымын, чиркей тулаңда,
Көрүнбөй көзгө кымылдап.
Көпөлөк учуп, гүл жайнап,
Булбул сайрап, тил безеп,
Жан-жаныбар кыбырап.
Жашарып жайлоо толуптур,
Эл келер кези болуптур.
«Көчүрөлүк элди» - деп,
Кара нээт Канчоро,
Ортого кеңеш койуптур.
Кайра тартып калкылдап,
Күлүктөрү алкылдап.
Бар шайманы күмүштөн,
Кун чагылып жалтылдап.
Кеңколдо жаткан көп элге,
Салып кирип келди, дейт.
Эл, журтуна кеп айтып,
«Жайлоого көчкүн - деп - айтып»,
Көчүрүп элди чубатып.
Элдин баары жайлоодо,
Күлүктүн баары байлоодо.
Бээни байлап салышып,
Кысырак тандап сойушуп.
Шернени баштап койушуп,
Кыз, келинди чогултуп,
Комузчу, ырчы кубулжуп,
Кызыкка булар толушуп.
Күндө тандап тай сойуп,
Ага кошуп кой сойуп.
Жыргалдуу эли кыргыздын,
Ар кайсы жерде той болуп.
Балдары майга карабай,
Келиндер каймак жалабай.
Кийгени кызыл шайыдай,
Кыңгыранган уулдар,
Каз, өрдөктөй катарлаш,
Керилген келин, сулуу кыз,
Салтанат сайран курушуп,
Шапар тээп тунушуп.
Абышка, кемпир бөлүнүп,
Айылдын чыгып четине,
Сакалдарын жайкашып,
Кымызга балды чайкашып.
Жыргалга баткан кыргыздар,
Айылчылап сыйлашып.
Жайында чыккан жайлоого,
Жай өтүп, жакын күз жетип
Кызыл-тазыл гүл бүткөн,
Кыйартып өңүң өзгөртүп.
Мал семирип, нык болуп,
Эл семирип, бук болуп.
Аш, той берчү чак болуп,
Канчоронун көөнүнө,
Хан Кыйаз кеби жат болуп.
Болжол кылган күндөрү,
Жетип келген чак болуп.
Эр Гүлчоро үйүнө,
Канчоро келип бир күнү:
«Кагылайын, Гүлүстөн,
Кабарың, барбы бир иштен?
Ат семирип, бук болду
Эр семирип, нык болду
Аш, той берер чак болду,
Көптөн бери карата,
Барбай койдук эч жакка.
Суркойон берчи минейин,
Буулумуң берчи кийейин,
Бул жолумду билейин.
Буркуратып олтуруп,
Ташкендин үстү улуу тоо,
Самаркандын чеги ошо,
Салган бойдон барайын,
Дүрбү салып карайын,
Айактан кабар алайын.
Ал жактын жолу аруудур,
Эзелде бизге калган жок,
Атышам - деп,- белин буур.
Айакта киши жок болсо,
Ал учун көөнүм ток болсо.
Намангендин астына,
Кең Кокондун үстүнө,
Таш чокунун башына,
Жана айланып барайын,
Дүрбү салып карайын.
Испан менен Ирандан,
Кокон менен Кашкардан,
Келбесин кокус кас душман.
Аруулап жолун чалайын,
Адырда жүргөн эл болсо,
Айттырып сөзгө канайын.
Алыстан келген жоо болсо,
Айгайлап найза салайын.
Атабыз Манас болгон соң,
Айанып кантип калайын?
Жол аманын билейин,
Жообун айтып келейин!” –
Деп, ошентип Канчоро,
Гүлчорого айтты кеп.
Аны угуп Гүлчоро,
Канчорого «бали» - деп,
Баары болду кош убак.
Камданып чоро аттанып,
Суркойондой атты алып.
Жанына азык байланып,
Жагалмайдай зыпылдап,
Ташкенди көздөй айланып.
Самаркандын чегинен,
Ташкендин үстү белинен,
Ошондо барды жол чалып.
Дүрбүсүн колго алыптыр,
Туш-тушка көзүн салыптыр.
Көрүнгөн жок эч караан,
«Келбей калган окшойт» - деп,
Кыйазга айран калыптыр.
Мындан айла болбоду,
Маң, болуп башы ойлонду.
Суркойонду аргытып,
Наманген менен Коконго,
Барайын - деп, - толгонду.
Суркойонду чуу койуп,
Тер агып, тулпар суу болуп.
Канчоро келет ичинде,
Семетейге жуу болуп.
Намангендин астында,
Кең Кокондун үстүндө,
Чокунун чыгып башына,
Көчүгүн койуп олтуруп,
Көмүрдөй кара ташына.
Дүрбүнү алды колуна,
Салгын - деп, - кудай оңуна.
Дүрбү салып карады,
Туш-туштан келчү жолуна.
Көрүнбөдү эч нерсе,
Капаланды Канчоро,
Хан Кыйаздын жогуна.
«Келбей калган экен» - деп, Эми алып ойуна.
«Кетсемби» - деп олтурса,
Капаланып ордунда.
Мылтыктын үнү тарс этип,
Аңгыча зоонун боорунда.
Жаңырып катуу угулду,
Чоронун өңү кубулду.
Суркойон менен койгулап,
Ойдуңду көздөй чумулду.
Барып түштү адырга,
Адамдын саны өтө көп,
Баштаган калың, колунда.
Тоодой болгон түгөнгүр,
Хан Кыйаз турат тобунда.
Келген экен жол алып,
«Канчоро келип калат» - деп,
Мылтык атып, үн салып.
Жүргөн экен хан Кыйаз,
Аң уулаган баштанып,
Канчорону көргөндө,
Хан Кыйаз кетти кубанып.
Алдына келип ат алып,
Канчоро менен көрүшүп,
Сагынышкан немедей,
Кучакташып өбүшүп.
Дасторконун жайышып,
Тамактанып алышып.
Муңдуу кебин салышып,
Муңдашып булар канышып.
Ортого антын койушуп,
Кудайлык дос болушуп.
«Семетейди сойсок - деп,
Эркибизче болсок» - деп, Ээн талаада сүйлөшүп,
Өздөрүнчө күүлдөшүп.
Сийгели эшикке чыкса да,
Бирин бири жүр - дешип.
Калган журт турат булардын,
Айбатынан сүрдөшүп.
«Жансыз киши жиберип,
Хан Кыйаз, сени бел кылдым.
Жазган катың барыптыр,
Көргөндө аны дем кылдым.
Болжолдуу күндөн калбайт - деп,
Жолуңду тосуп мен келдим.
Жолдон кабар алам-деп,
Жоодон чалгын чалам - деп,
Тулпарын сурап, мен алдым,
Туралбай жолго мен салдым.
Ачылган экен чоң багым,
Сага окшогон туйгунду,
Жолдон таап, мен алдым.
Жолборс Кыйаз аман бол,
Жоого бүлүк салгын - деп,
Абайлап туруп анык ук,
Ажырап сенден кетпеске,
Сага берген антым - деп.
Карабасаң сен мага,
Арамдык кылсам, мен сага,
Алла таалам өзү урсун!
Ак курандын сөзү урсун!
Айрышалык, бөз урсун!
Жерден чыккан чөп урсун!
Алышып койгон кол урсун!
Айтып койгон сөз урсун!
Ажалдуу дажаал огу урсун!
Ак милтенин чогу урсун!
Айанбагын, хан Кыйаз,
Көрдүм сени көөнүм ток,
Мындан башка кебим жок.
Кайта жолго салайын,
Жайлоодо жаткан көп элге,
Жол аруу - деп, - барайын.
Семетейди сездирбей,
Гүлчорону туйгузбай,
Айла кылып аздырып,
Атасынын көрүнө,
Алып келе калайын.
Айга он беш күн болсун,
Болжолубуз бул болсун!
Алып келем аздырып,
Как ошол күнү, хан Кыйаз,
Сен Таласта болорсуң!
Болгун аман, сен - деди,
Бастырайын мен» - деди. –
Кубанып айткан кебине,
Таңуу болгон белине,
Таарынган элде бегине,
Анда Кыйаз муну айтат:
«Кагылайын, Канчоро,
Кайратың артык, эр чоро.
Кабыландай, сен чоро,
Семетейди сездирбей,
Алып келсең, болжолго,
Мен дайармын ошондо.
Үч күнү сени күтөмүн,
Үч күнгөчө келбесең,
Үйүмө жанып кетермин.
Кол салар менде айла жок,
Өз айлыма жетермин.
Ойлонсом, ичим болот чок,
Семетей мага салган от.
Чынкожону жалмады,
Хан Толтойду кайсады.
Калган журтту арбады,
Хан башымды кар кылды.
Жезкемпирдин жети уулун,
Жедигерге хан кылды!
Аз келгенсип анысы,
Алым, салык көп алды.
Жыл сайын айдап, мал алды,
Ар качан салып түйшүктү!
Хан атам Толтой эр экен,
Кара кулак шер экен.
Эрдик аты болбосо,
Акылы анын кем экен.
Мингени болсо Суркоен,
Чынкожо болсо жолдошу,
Учуп жүрүп асманда,
Алдырып ийип өлүптүр,
Жерде жүргөн арстанга.
Артыкча ичим бек ооруйт,
Гүлчоро башын алганга!
Минген атьың ушубу?!» Суркойонду көргөндө,
Кыйаздын көөнү бузулду.
Көзүнөн анын кандуу жаш,
Дайра болуп куйулду.
Суркойондой күлүктүн,
Соорусунан сылады,
Көзүнүн жашын тыйбады,
Как какшап жана ыйлады.
«Кагылайын, Суркойон,
Минерге күнүм болорбу?
Семетейден кутулуп,
Жүрөр күнүн, болорбу?
Жедигердин жети хан,
Билер күнүм, болорбу?
Гүлчорону өлтүрүп,
Күлөр күнүм, болорбу?
Тууруна атамдын,
Конор күнүм, болорбу?» Күңгүрөнүп хан Кыйаз,
Көңүлү жашып турганда,
Канчоро анда кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
«Кабылан Кыйаз, эр десем,
Карапайым, сен белең?
Канкордон сени куткарбай,
Кантип мында мен келем.
Төрө Кыйаз, сен десем,
Төбөңдөн урган, сен белең?
Төрөдөн сени куткарбай,
Түгөнгөн мен не келем?!
Тартып берем атыңды,
Алып берем дартыңды.
Тийгиземин багыңды,
Мингиземин тагыңды!
Бекем байла белиңди,
Бышык кылгын кебиңди.
Болжолдуу күнү барбасаң,
Бузуп, чабам элиңди!
Кош, аман бол»-деп айтты; Суркойон минип аттанды.
Хан Кыйаз менен бирлешип,
Канчоро көөнү шаттанды.
Күнү-түнү дем албай,
Күндөп, түндөп жол журуп,
Сууп калган тулпарды,
Айабастан жол жүрүп,
Түк кишиге көрүнбөй,
Жан адамга билинбей,
Түн ичинде келди эми.
Атын байлап алыска,
Ары жок туулган түгөнгүр,
Жарагансып намыска,
Чачыкейдин үйүнө,
Басып келди бул эми.
Жанына барып, жай алып,
Анда жатып жайланып,
Барып келген жолунан,
Баштан айак кеп салып:
«Он беши күнү бул айдын,
Падышаң сенин Семеңди,
Кең Таласка күмбөзгө,
Алып барамын - деп - салып.
Унутуп калбай Чачыкей,
Жүргүнүң сен камданып.
Катыгүн, болуп калбайлы,
Катындык кылып, кеп салып!” –
Таңга жакын болгондо,
Чыгып кетти, Канчоро.
Айылына жолобой,
Жүрүп кетти, Канчоро.
Күн козу түш болгондо,
Суркойон менен шалкылдап,
Кирип келди, Канчоро.
Кара күчкө каткырып,
Күлүп келди, Канчоро.
Арамдыкты көөнүнө,
Түйүп келди, Канчоро.
Ак жери жок кылайган,
Арамзада, ал чоро.
Карыган Бакай, Сары хан,
«Жакшы кызмат кылды» - деп –
Ыраазы болду ошого.
Бара калып кеп салып:
«Бардым чекке жол чалып.
Самаркандын чегинен,
Кең Ташкендин белинен,
Дүрбү салып жол чалдым.
Адам эмес айбан жок,
Жериң ээн калыптыр,
Ошол ишке таң калдым.
Намангендин астында,
Кең Кокондун үстүндө,
Таш чокуга мен бардым,
Кашкар жаккы белдерге,
Калмак, кытай элдерге,
Дүрбү салып карасам,
Каргасы учуп келбеген,
Калбаган экен бизге дейм,
Каш кайтарар бендеден.
Каркып жайлоо толуптур,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 28
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.