Latin

Семетей - 20

Total number of words is 4188
Total number of unique words is 2149
31.8 of words are in the 2000 most common words
45.3 of words are in the 5000 most common words
51.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Мен жээниңди тааныбай?
Дайынсыз киши мен эмес,
Алп Жамгырчы тайым бар.
Бирге жүргөн, бирге ойноп,
Бирге өскөн чүкө ойноп,
Жатса, копсо бир жүргөн,
Канчоро менен Гүлүстөн,
Күнөскө ууга келгенде,
Үйүмдө далай жүрүшкөн.
Кыштайым күнөс күнгөйүң,
Жайлайым Текес тескейин
Жүрүчү элем эркимче,
Өткөн жылы жазында,
Ишим кетти тескери.
Күнөскө барып кыштабай,
Түлкүсүнө кызыгып,
Каркыранын адырда,
Бүркүт салдым мен кыштай.
Түлкүгө бүркүт салганда,
Бүркүт кара карап аппак,
Түлкү кызыл өзүмө,
Сулуу кыздай көрүнүп.
Сегиз найза өңөрүп,
Баатыр бүркүт кызытып.
Күндө алдырып түлкүнү,
Наспей тартып, бөрк ыкшап,
Жүрүптүрмүн кеңгиреп.
Бүркүт учпай жаз келди
Калыпмын казак ичинде,
Жалгыз үйлүү кыргыздын,
Маанайы элден бас келди.
Чогулду казак элдери,
Каркыранын түзүнө.
Көп жыйналып эл келди,
Керимбай бөлүп бийлерди.
Сен, Жээнбай, үйүңө,
Кетип калгын турба – деп,
Кубалап мени жиберди.
Топ тарады, эл кетти,
Эки күн өтүп, үчүндө,
Көчкүнүң – деп – Жээнбай,
Алты, жети эр жетти.
Үйүмдүн сыйрып тутуусун,
Эркектерге бүктөттү.
Он эки атан төөм бар,
Комдолуу атан төөлөргө,
Бар дүнүйөмдү жүктөттү.
Алдына түштүм көп көчтүн,
Көркөмүн көрдүм көп жердин.
Эки ай көчүп бир тынбай,
Амырдын агын бойуна,
Чоң Ингендин тоосуна,
Күрпүлдүктүн куйушка,
Айдап келип кондурду.
Жээнбай качып кетет – деп,
Эки үйлүү коңшум бар.
Өзүм менен үч элем,
Казактарга кайтартты,
Төрт күн жаттык былк этпей.
Бээ байлабай, мал саабай,
Кара чай менен нан жедик,
Тээ Анжыйандын сартындай!
Күн алтыга жеткенде,
Үмүтөй менен Керимбай,
Жыйнады элди жайма – жай.
Байлардан алтын дилде алды,
Мен Жээнбай шордуудан,
Сегиз атан төө алды.
Төөмдү алса жөн албай,
Ком-чомумду кошо алды.
Ком чыгышпай төөлөргө,
Үйүмдө үзүк жок калды.
Аргамжы, жибим бүт алды,
Кыштай бүркүт салуучу,
Эки атымды кошо алды.
Кол, буту жок жыландай,
Сойлотуп мени таштады.
Жээнбайың бул күндө,
Мүлжүгөн баш баштанды!
Айлам кетти меники,
Ээрчитип тайган ит алдым.
Эки бала, бир катын,
Аш таба албай саргардым!
Капкан жайдым кыймага,
Ачканын аңы жүрбөйт - деп,
Эч нерсе түшпөй кыйлага.
Асынып мылтык кийикке,
Ар күнү чыгам бийикке.
Көөнүм тартып, аң издеп,
Бүгүн келдим бул жерге.
Талабы келип оңунан,
Арылып шорум маңдайдан.
Эне төркүн арстандар,
Учурап калдың алдымдан!
Өткөн жылы жай жаттык,
Кыштай мында кыштадык.
Жайдын күнү үч мезгил,
Күн жаайт экен бул жерге.
Кыштын күнү беш мезгил,
Кар жаайт бул жерге.
Эки күн жарык жаркырап,
Күн тийбейт экен дэгеле!
Эки катар тон кийсе,
Токтобой киши титирейт.
Жайдын күнү кол үшүйт,
Териден мээлей кийбесе!
Быйыл жаздын алдында,
Кызылуйук дөө келди.
Кыркы миң аскер кол келди,
Коногу менен жүтөтөп,
Түгөтүп болду бул элди!
Аздык кылып Кызыл дөө,
Манжудан келди Мадыкан.
Артындагы аскери,
Кем эмес бирөө жүз миң жан.
Үмүтөй менен Керимбай,
Санатын оң миң толтуруп,
Эр жыйнады казактан.
Эми үч күндө аттанып,
Таласка бармак бул жактан!
Жолуктубу сиздерге,
Мага коңшу жүрүүчү,
Молдо Күдүр байкушту,
Агеркеч мындан атказган?
Кызыл дөө менен Мадыкан,
Үмүтөй менен Керимбай,
Шек албады айактан.
Шек алып калса кокустан,
Чаптырмак киши артынан.
Желмогуздай Кызыл дөө,
Чочконун бойу бир дөбө.
Ырайым кылар түрү жок,
Кол салышса бирөөгө.
Манжудан келген Мадыкан,
Ал капырдын мен айтсам,
Узун эмес анчалык,
Жоонойбойт киши анчалык.
Орто бойлуу, сом белдүү,
Кара мүртөз таш жүрөк.
Таамай каман түспөлдүү.
Маңдайында жалгыз көз,
Кыйанга толгон көл өңдүү.
Ыраңы башка адамдан,
Кыш куураган чөп өңдүү.
Өзүнө окшош доңуздун,
Мингени шумдук Көк бука,
Как тумшуктун үстүндө,
Жалгыз мүйүз уйу бар.
Ээсинен мурун камынып,
Челий турган жайы бар.
Ээсинен бетер кан ичме,
Эби жок жаман малы бар.
Жүз элүү миң аскерге,
Жүрөгү курч эки эрге,
Келипсиңер төрт берен.
Келбес бекен алыңар,
Тил алсаңар баарыңар,
Таласка кайра жаныңар.
Арбын аскер, кол жыйнап,
Утур чыгып алдынан,
Анан салгылашып багыңар.
Болбосоңор айтканга,
Талкалап жеп койгудай,
Кызыл дөөнүн каары бар.
Өңөргөн чокмор алдында,
Көзүм көргөн бир ишти,
Күчүн чочко билгизди.
Чатырынын жанында,
Өзү чакыр таш дөбө,
Туручу эле кышында.
Кечээ көктөм маалында,
Эриккенде Кызыл дөө,
Чокморун күүлөп колго алды,
Таш дөбөнү бир салды.
Чокморун тартып алганда,
Кумдай болуп чачылып,
Дөбөнүн орду казылып,
Таштан неме жок калды.
Көзүм көрдү чочкону,
Көрмөк тургай мен мурун,
Укпагам мындай балбанды!
Бирок буга Мадыкан,
Өз ойунда арданды.
Ушу дагы ишпи – деп,
Маңдайында кырчакка,
Жалама жалтаң ак ташка,
Төрт бута келет бийиги,
Эчки чыгып жатчу эле,
Өзү эңкек зоо эле.
Басып барып жанына,
Күбүр-шыбыр дегенсип,
Көрсөтүп койду уйуна.
Өкүрүп бука жер чапчып,
Өкүрүгү мээ жарып.
Челийип көзү кызарып,
Жалгыз мүйүз башында,
Ченебей сүзүп түз барып,
Илип алып мүйүзгө,
Таштады зоону аңтарып.
Буканын күчүн көрсүтүп,
Мадыкан өзү өрөпкүп.
Көр күчүмдү дегенсип,
Кубангансып жымыйып,
Күлгөнү шумдук, түрү суук,
Шилекей агып ууртунан,
Тиштери кара көрүнөт.
Кабышкан иттей ырсыйып,
Букага минди шапа-шуп,
Ал балтасын алып кырсыйып.
Бир бакырса түгөнгүр,
Айылда киши аптыкты.
Өзү коркок жандардын,
Үзүлүп кетип колкосу,
Көөдөнүнөн жан чыкты.
Бооз катындан отузу,
Бала салып кутулду!
Тээ маңдайда турган арсайып,
Башын аппак муз чалып,
Кереге тарткан тоо эле,
Кыйа тартып Мадыкан,
Балтаны шилтеп жиберсе,
Сырты тийген жеринен,
Учуп кетти жөн эле.
“Балта бел”-деп- ат койдук,
Күчүн көрдүм ошонун,
Каарына алса Мадыкан,
Алдынан кимиң тососуң?
Уккан жана көргөнүм,
Укмуш кулак билгеним,
Баарын такыр мен дедим,
Эми өзүңөр билгиле,
Мындан нары калганын.
Арбагы эбеп жөлөйт ко,
Биз айталык Манас оорагын.
Силерди көрдүм, баатырлар,
Мен үйүмө барайын.
Эл жатканда ээрчитип,
Эки бала, катыным,
Казан, чөмүч көтөрүп,
Алтүндө келе калайын.
Казан асып, суу койуп,
Чай кайнатып берүүгө,
Мен жээниңер жарайын”Деп, токтолду Жээнбай.
Анын кебин укканда,
Жергелей тартып төрт баатыр:
“Айтканың ырас Жээнбай,
Көп кечикпей кайта бар.
Жылдыз такта мезгилде,
Катын, балаң ээрчитип,
Алды жаккы көрүнгөн,
Талаанын үстү секиге,
Ошол жерге келе кал.
Камсыз келбей, камдуу кел,
Алда кандай күн болот,
Өзүңө керек буйумуң,
Калтырбай баарын ала кел.
Учурашып биз менен,
Тойунтуп катын, балаңды,
Сен күнөсүңө бара бер.
Эки душман беттешсе,
Эр сайышып кектешсе.
Солкулдайт да, калкылдайт,
Токтоно албайт кара жер!
Жайытта жүрөт арбын мал,
Төөгө жүгүң артып ал.
Катының менен экөөңөр,
Тандап эки атты ал.
Бүгүн алың келе албайт,
Эртеңки түнү жолго сал.
Кааласаң баргын күнөскө,
Кааласаң баргын Таласка.
Тынчылыктуу жер десең,
Көчүп баргын Нарынга.
Жүзүң тайбай, кадыр таап,
Сен жүрөсүң, Жээнбай,
Жалгызектин алдында”.
Барар болсоң каерге,
Акылыңды токтотуп,
Анан келгин алдыма.
Сен келгиче кечикпей,
Кат жазамын камына.
Бааруучу жериң чын айтсаң,
Сен бааруучу жериңдин,
Атын жазып беремин,
Актай калган жайына.”
Семетей мындай айтканда,
Токтоло калып Жээнбай:
“Кагылайын, хан төрөм,
Эки ооз айтар кебим бар.
Кеткин-дедиң-мени сен,
Кыргыздын уулу дедиңби?
Турайын десем болбодуң,
Чай кайнатып бере албай,
Ачка койот дедиңби?
Жаман катын, жаш бала,
Өлүп кетсе урушта,
Каңгырап жалгыз калат-деп,
Менин камым жедиңби?
Урматыңда өзүңдүн,
Узап кетип калайын.
Кат жазып кагаз маа берсең,
Текести ээлеп алайын,
Ар жагы Текес, Кулжа бар,
Бер жагы Тоң, Ысыккөл,
Башкы жагы Музарттан,
Чыгыш жагың кош жылгаң,
Жапа жемиш түрдүүлөр,
Чыгат экен көп анда.
Арык казып, суу койбой,
Бышат эгин айдаса,
Өзүң берсең өтүнүп.
Мен жатайын ал жайда.
Жээнбайдын эли - деп,
Айтылып калат ар кайда”
Айтканын кабыл алыптыр,
Айабай катты жазыптыр.
Текестин айак жагында,
“Жээнбай жайлоо” деген жер,
Ушул кептен калыптыр.
Колуна жазган катты алып,
Коңшу түтүн көп болуп,
Короого кайкап, кой толуп.
Сандап жылкы саагандай,
Көңүлүңдө кош болуп.
“Кош эмесе – деп – койуп”, Жээрде кашка бээ менен,
Желип кетти оштонуп.
Эми булар нетиптир,
Жээнбайга көрсөткөн,
Талаанын үстү секиге,
Түн ичинде жетиптир.
Болжогон жерге жеткенде,
Эл уктаган кездерде,
Эр от кылып, от жагып,
Казан асып, муз салып,
Талаада салар чай кайда,
Чай ордуна туз салып.
Куурган арпа талкандан,
Курулай сууга чалдырып,
Жатмакчы болду берендер,
Олпокторун жамынып.
Анда Гүлүс кеп айтат:
“Кабылан Семей, хан абам,
Кара чаар жолборсум,
Ой, Канчоро, жоромсуң.
Гүлчоро айтат бир кепти,
Көөн койуп уккула.
Жарабаса айткан кеп,
Жабырап тилдеп салгыла.
Мен барайын кошунга,
Түндүн кара чапанын,
Чүмкөй жаап башыма.
Жылдыздан мончок тагайын,
Шырп алдырып, сыр бербей,
Манжу менен жапандын,
Алда кандай сыры бар,
Анык кабар алайын.
Жазбай табам мен үйүн,
Жээнбайды табайын.
Жээнбайды жиберип,
Агеркеч менен сүйлөшүп,
Акылдашып канайын.
Өлбөгөн жанга аш керек,
Эки-үч төөгө аш жүктөп,
Жетелетип жээнге,
Жетип келе калайын.
Жараса ушул акылым,
Уруксат берчи, хан Бакай,
Көп кечикпей барайын.
Таң агарып аткыча,
Дайар болуп калайын”.
Гүлчоро мындай дегенде,
Күйгүлүктүү Семетей,
Күрпүлдөп сүйлөй берди эле:
“Манжудан кабар алганың,
Анык акыл, Гүлчоро.
Жапандын сырын тартканың,
Мунуң акыл, Гүлчоро.
Анан Агеркечке жөлөнүп,
Төө жетелеп, ун жүктөп,
Ууру киши кептенип,
Бул айтканың кандай кеп?!
Кайнаган какан Бейжинден,
Алыстан келген Алмамбет,
Ал аш ойлогон жан бекен?
Атакем Манас, айкөл шер,
Ошол аш ойлогон эр бекен?
Өмүр бойу аларга,
Астында жүргөн жол баштап,
Мына бу Бакай карыйа,
Ууру кылган жан бекен?
Ачка элден барып, ун алып,
Айылга түйшүк бир салып,
Ал эркектин иши эмес,
Ушинтип эптеп, жан багыш!
Эртең өөрүн алабыз,
Кези келсе тапкан мал,
Жоонуку – деп, - айтышкан.
Кезегинде баккан мал,
Жуттукту – деп, - айтышкан.
Эртең менен болгондо,
Алып келип сойорбуз,
Жайылып жаткан көп малдан.
Чалгынга барсаң, барып кел,
Кызылуйук, Мадыкан,
Катышпай ага жанып кел.
Айла кылып, жан кыйып,
Уктап жаткан душманга,
Түнүндө барып урушуп,
Тынчын анын кетирбе!
Паана издеп келген казактын,
Ишенип жүргөн эрлерин,
Көк түздө сайып түшүрүп,
Көрүнөлү көзүнө.
Белгилеп уруш туу жайып,
Беттешип чыгып, эр сайып.
Бир көрүнсө казакка,
Өзүнөн өзү жаталбай,
Казактар калат азапка.
Калп эле күлүп ырсактап,
Чөмөрө кийип калпагын,
Көбү келет кыйшактап.
Кескен казы, кошкон май,
Сары кантын коншо алып,
Табактарын кучактап,
Алдуусу келет тай сойуп,
Алда нечөө кой сойуп.
Куушуруп колун келбейли,
Уурдап келип нан жесең,
Атага наалат келбейби?!
Абийирден тайып каласың,
Агеркечке канткенде,
Аштык бер – деп, - барасың?
Мадыкан, Кызыл дөөлөрдүн,
Кыйындыгын көрөйүн.
Кыйалың жаман турасың,
Былкылдабай сен жаткын!” –
Семетей айтып болгуча,
Кайраттуу шер Канчоро,
Кайраты артык эр чоро,
Кабыландай каркырап,
Ачуусу келип аркырап,
Күүлөнүп сүйлөп Гүлүскө,
Шашыла сүйлөп чачылат:
“Баарыбыздын атабыз,
Баатыр Манас арбагын,
Түн ичинде жоо алып,
Канткенде аны сатабыз?!
Абамдын качат оорагы,
Аман-эсен жаныңда,
Арстаның карап турбайбы?
Кечээ Сыр коргондо урушта,
Хан абам калды туйукта.
Түн ичинде жоо чендеп,
Кыйла жумуш кылдым – деп,
Жүрүптүрсүң сен ага.
Жапандан келген Кызыл дөө,
Карыйа Бакай, хан Семей,
Гүлчоро баатыр жолборсум,
Өтүнөмүн силерден,
Ушул ишти мага бер!
Канчорону кызматка,
Салып койуп урушка,
Калганыңар жана бер!”
Эки күндүн артында,
Кийин болчу урушту,
Камынып сурап турганда,
Бек ыраазы болушту,
Канчородой тууганга.
Айткан сөздөн жанбаган,
Айтканын кылбай калбаган,
Эр Гүлчоро баатырга,
Кыйын болду бул заман.
Аттардын ээрин алышты,
Аккаңкы койуп башына,
Чыканактап калышты,
Чырым уйку алышты.
Тулпарлардын чылбырын,
Кармай жаткан арстандар.
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда.
Тоодо улар чакырып,
Токойдо элик бакырып.
Көзү көрдү кыйланы,
Жердин бети ачылып.
Эр Семетей көкжал шер,
Кашатка чыкты шашылып.
“Кечөө күнү, кеч келдим,
Сайышарга жер барбы?
Карап туруп кашаттан,
Белгилеп койуп келейин,
Ылайыктуу жер болсо,
Алдырып барып сайайын,
Атамдан калган желегим”, Дөбөгө чыгып Семетей,
Төрт тарапка көз салып.
Жайнаган казак, манжуну,
Жапандан келген кырк миң кол,
Көптүгүнө таң калып.
Ээк алдында бир талаа,
Эр сайышчу жермин – деп,
Чыга калды тандалып.
Канчоролоп бакырды:
“Алды жаккы кашатка,
Атадан калган белекти,
Абакем ала келген желекти,
Сайып келгин сен барып.
Желекти көрүп жапандар,
Анжу, манжу, казактар,
Эртеңкече ашыкпай,
Армансыз чыксын камданып”.
Канчорону жиберип,
Кайраттуу туулган каракөк,
Кайра келди залкайып.
Хан Бакай жатат оорукта,
Таласында жаткандай,
Эчтемеден кенебей,
Эрен кары чалкайып.
Аш-тамагын белендеп,
Турган экен Гүлчоро,
Аскалуу тоодой заңкайып.
Тууну сайып кашатка,
Күндүн мурду чыга элек,
Кайра жетип келди эле,
Канчоро баатыр калкайып.
Ошо күнү Керимбай,
Жүрөгү туйлап ыргыштап,
Таң аткыча көз жумбай,
Үйгө жарык киргенде,
Ордунан турду жаталбай.
Желбегей чапан жамынып,
Эки жеңи салынып,
Эшикте турса Керимбай,
Жээнбай калды кабылып.
Күдүңдөп жүргөн Жээнбай,
“Кетейин” – деп камынып.
“Кайда бардың, Жээнбай,
Карбаластап таң атпай?
Күдүр молдо экөөңөр,
Күдүңдөп калдың тынч жатпай.
Ийинге мылтык асынып,
Ээрчитип тайган, ит алып,
Сен кийикке барбагын,
Бүгүндөн кийин тил алып!
Кыйшаңдабай шыбырап,
Куймулчак кыпчып жатпасаң,
Кордукка башың саласың.
Кокуйлатып сабатсам,
Бир балаага каласың!
Эл кобо элек таң ата,
Сени сакчы койбосо,
Кара кабың көтөрүп,
Кайсы жакка барасың?”
Жөн жүргүн деп кекээрлеп,
Жөн эле жүргөн кишини,
Керимбай калды такымдап.
Жан айабай карганат,
Байкуш Жээнбай такылдап.
Каңгыра какшап, кан безеп,
Жалынып турат какылдап.
Жүрөгү турбай Керимбай,
Туйлап турат лакылдап.
Кылчайып артың караса,
Түшчүлүк алыс кыр ташта,
Айчыгы алтын кызыл туу,
Көрүнө түштү көзүнө,
Күн чагылып жалтылдап.
Желекти көрүп далайып,
Бүткөн бойу шалайып.
Жээнбайга кеп кылбай,
Кайра басып салпайып.
Үйүнө кирип балпайып,
Дүрбүсүн алып далпайып.
Кыйланы кылчу немедей,
Туш келтирип желекти,
Тиктеп калды тамтайып.
Желекти байкап караса,
Кызыл желек жарашкан.
Бетине салган ай белги,
Сары алтындан кадаткан.
Бир көргөндө кызыл туу,
Титиретип жадаткан,
Желекти абдан байкады!
Баатырдын таанып желегин,
Балаа баскан Керимбай,
Титирек кирип бойуна,
Менменсиген неменин,
Коркунуч кирди ойуна.
Байкап турган Жээнбай,
Үйүнүн келип жанына.
Чуркап барды Жээнбай,
Керимбайдын алдына:
“Ээ, Керимбай, эреним,
Көп элге тийген керегиң.
Аңчы киши кептенип.
Дүрбүңдү салып, көп тиктеп,
Токтоно албай сенделдиң.
Казак, кыргыз бир тууган,
Айта салчы, баатырым,
Эминени сен көрдүң?
Көргөнүңдү мага айт,
Сен айтпасаң, Керимбай,
Жашырбастан мен айтам.
Кечээ күнү түш менен,
Түш кыйыган кез менен.
Багылдыр этин көтөрүп,
Келе жатсам таш менен.
Талаадан көрдүм төрт киши,
Мен көрбөгөн эл экен,
Мындан мурун бир иши,
Мени көрүп калыптыр,
Желип келди бир киши.
Келген киши кеп айтты,
Ким болосуң – деп айтты?
Ага айткан кебим бул,
Ой десе, ой – деп – кол булгап,
Тилим кекеч – деп булгап,
Жооп бербедим түз гана,
Сөзгө келсем ал жерде,
Койбостой тирүү көрүндү,
Боз ала чамбыл таш жерде.
Жөө жүгүрүп тамтаңдап,
Айылга келдим мен араң,
Эл жатып алган мезгилде.
Ордуман туруп эртелеп,
Сени көздөй энтелеп,
Бара жаткан кезимде,
Айтайын – деп – мен сизге,
Эми эле келсем жаңына,
Карабай, баатыр, алыма,
Тилдеп кирдиң жемелеп.
Айбатыңдан жазгандым,
Алдыңдан кайра баскамын.
Үйүмө барып кире албай,
Көз айырбай бек тиктеп,
Дагы айланып Керимбай,
Сурар бекен – деп тиктеп.
Жөлөнүп турсам кырчоого,
Үйгө кирдиң шашылып,
Эшикке чыктың жүгүрүп,
Дүрбүңдү алып ашыгып.
Карадың кыйла кыр ташты,
Байкап туруп ойлодум,
Катырат – деп, - баатыр не башты?
Сен тилдесең жемелеп,
Элди басат калтырак.
Айрыкчасы Жээнбай,
Эртең менен алдыңдан,
Басалбай калдым калтырап.
Менден бетер, Керимбай,
Сен калыпсың алдырап.
Коркосуң эмне мынчалык,
Бүткөн бойуң шалдырап?
Көрүнүп бүтүн калыптыр,
Кыр ташта желек жаркырап.
Дүрбү салдың таң менен,
Мен жүрөмүн ар күнү,
Таш аралап аң менен.
Жалтылдаган кыр ташта,
Тааныдыңбы абыдан,
Эмне укмуш айтчы сен!
Бекерге мени тилдедиң,
Айткалы кеңеш алдыга,
Атайын издеп келсем мен.
Алыстан көрүп желекти,
Аптыгып үйдө сүрдөдүм.
Жаным бышык меники,
Кечээ жүзүн көрүп өлбөдүм!” –
Деп, божурап Жээнбай,
Керимбайды какшыктап,
Сыр алдырбай сөзүнөн,
Жел чыгарбай бек мыктап,
Корккон болуп, калп эле,
Өлпөң – сөлпөң жүгүрүп,
Кайра тартты кыпчыңдап.
Бара түшүп кылчайып:
“Сен сакчыңа айтып кой,
Келип калса Жээнбай,
Тоспогун – деп – кылайтып.
Адырга чыга барайын,
Абыдан кабар алайын.
Ал түндө бир мезгил,
Сага кабар салайын.
Киргизбей койсо сакчылар,
Кетет го менин амалым!”
Кетер жаккы жолунун,
Кеңири ачып эшигин,
“Жерге киргир жаткын” - деп
Желип кетти Жээнбай.
Ал Керимбай тура албай,
Нашта кылып, чай ичип
Кадимкидей күлүңдөп
Ашыкпастан жай ичип.
Адатынча келтирип,
Куурдак менен май ичип.
Арагынан ууртабай,
Үйүнө кирип катынга:
“Тамак барбы мага” - деп, Эки жеңин жыйа албай,
Не кыларын биле албай,
Үмүтөйдүн астына,
Барып кирди Керимбай.
Эки колу төбөдө,
Жаткан экен Үмүтөй,
Ойгоно элек төшөктө,
Эшиктен кирген Керимбай:
“Ээ Үмүтөй, Үмүтөй,
Не жатасың кебелбей?
Келип калган окшонот,
Канкордун улуу Семетей,
Жүрөгүм туйлап жай бербей,
Кирпик ирмеп көз илбей,
Таңаткыча ойлонуп,
Уктабадым кенедей.
Эрте турдум таң менен,
Таңдын сонун шамалы,
Жүрүп жаткан мал менен,
Жээнбай келе жатыптыр,
Желе жорто аң менен.
Маектештим бир далай,
Суракка тартып ал менен.
Жаны калбай бүжүңдөп,
Кеп кыла албай күдүңдөп,
Алсырады Жээнбай.
Аңгычакты кылчайып,
Түштүк жакты карасам,
Көк талаанын кашатта ,
Асылуу желек таң менен!
Алда кандай жумуш-деп,
Дүрбү салып карадым.
Караганда тааныдым,
Баатыр Манас байрагын.
Тиктеп калдым селейип,
Туруп калдым делейип,
Кыйла кепти маа айтты,
Жээнбай кайта ал келип.
Кечээ күнү бешимде,
Бир кишиге жолуктум.
Жолуккан киши айтты - дейт,
Менин атым Гүлчоро,
Алыскы жерден келдим-деп,
Айтыптыр экен ошондо,
Бечара байкуш Жээнбай,
Коркуп калган белем, дейм,
Мага кабар айтам - деп,
Таң аткыча уктабай,
Эшик сактап жүргөн бейм.
Көргөнүм алтын кызыл туу,
Уккан кебим мына ушу.
Уйкуңду бузуп ойготуп,
Үстүңө келген жумуш бу”.
Керимбай сөзүн угуптур,
Үмүтөй ыргып туруптур.
Үмүтөй менен Керимбай,
Мадыкандын кошуна,
Булар барды туралбай.
Башын салып ээрчишип,
Барып кирди уйалбай.
Керимбай кирсе эшиктен,
Келберсиген Мадыкан,
Тура элек экен төшөктөн.
Керимбайды көргөндө:
“Кел Керимбай,Үмүтөй ,
Эл турбастан келдиңер?
Ашыгыш мага бар беле,
Айта турган кебиңер?”
Мадыкан муну сурады,
Ал сураса Керимбай,
Айтпай карап турабы:
“Камындык , баатыр сиз болуп,
Чогулуп кеңеш кылганбыз,
Чогуу олтуруп биз болуп.
Бир укмушту мен көрдүм,
Мындай укмуш көрбөгөм,
Эрте туруп таң менен,
Эшикке чыктым туралбай.
Түштүк жаккы жал таштан,
Бир элести мен көрдүм.
Эч кишиге айтпадым,
Дүрбү салып байкадым.
Байкасам кызыл туу экен,
Ал Манастын алтын туу,
Сайылып ташка туруптур,
Семетей келип калган бейм,
Селдей жайнап кол курап,
Казабына алган бейм.
Түк кишини көрбөдүм,
Желегин көрүп жазгандым,
Жүрөгүм чыгып өлбөдүм.
Сиз тургуча туралбай,
Айтайын-деп-жөнөдүм.
Сизге айттым көргөнүм,
Ага да айтып койойун,
Кызыл дөөгө жөнөйүн.
Балбанга кабар салайын,
Өзүң ойлоп иш кылгын,
Андан кийин калганын”. Айтып койуп Керимбай,
Кайра басып жөнөдү:
“Кызыл дөөнү бул жерге,
Кычырып кел Керимбай.
Башка киши жибергин,
Каадалантып чочкону,
Чакырып ага сен барбай!” Деп, Мадыкан бир тиктеп,
Бир сакчысын жүгүрттү:
“Кызыл дөөнү кычыр-деп.
Айтор оңой иш эмес,
Көп кечикпей келсин” - деп.
Сакчысын баатыр буйурса,
Барбай турган эркиби?
Чуркаган бойдон барыптыр,
Дөөгө кабар салыптыр.
Күңгүрөнгөн капыр дөө,
Көптү көргөн баатыр дөө,
Бойу узун адамдан,
Орто карта бир дөбө:
“Мен барбаймын ал жерге,
Керек болсом Мадыкан,
Өзү келсин бул жерге!” Деп, ошентип Кызыл дөө,
Орто жерге келгенде,
Олтуруп алды бир жерге.
Дөөгө барган сакчысы,
Уккан, көргөн бар кебин,
Такыр айтып келди эле.
“Барбасак кандай болот” - деп,
Мадыкан баатыр, Үмүтөй,
Баарын кылган Керимбай,
Басып барды жанына,
Булар минтип жаткынча,
Чайын ичип алгынча.
Гүлчоро менен Канчоро,
Кара көк Семей ,хан Бакай,
Кабыландай төрт арстан,
Дөбөнүн чыгып башына,
Дүрбү салып карашкан.
Кыр ташты алып чекеге,
Чендеп байкап калыптыр.
Эр Семетей көөдөгүң,
Аскер менен иши жок,
“Жери кандай экен” - деп,
Тоо-ташты тиктеп калыптыр.
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Көп акыл бар эр ошо.
“Жапан, манжу, казактын,
Жайнаган аскер көп элин,
Чендеп байкап билейин”, Деген кыйал ой менен,
Кыйа карап олтурду.
Хан Бакай дүрбү шыкаалап,
Уруш кылар жер чендеп,
Алдындагы талааны,
“Баатырлар чыкса жекеге,
Ылайыктуу экен”-деп,
Жерди байкап жатканда,
Баатыр туулган кабылан,
Кайраты толук чын арстан,
Атасы кыргыз нойгуттан,
Энеси кытай кызынан,
Чубактын уулу Канчоро,
Айылга дүрбү салыптыр.
Жергелешип төрт киши,
Кеңеш кылып алыптыр.
Туш келтирип дүрбүсүн,
Чындап тиктеп калганы.
Орто тоодой көрүндү,
Жапандан келген Кызыл дөө,
Ал чочконун карааны.
Дагы ирмерип дүрбүсүн,
Жанындагы Мадыкан,
Аны сынап карады.
Мадыканды бир карап,
“Баатыр ошол экен” - деп,
Байкап ага таң калат.
Үмүтөй менен Керимбай,
Сары оорудай үңкүйүп,
Олтурат алар үксүйүп.
Алардын көрүп караанын,
Туралбады Канчоро,
Туташып ичтен от күйүп,
Мадыканды жактырып,
Сүйлөшүп жаткан немедей,
Тура калды чачылып.
Кыраандар турсун кыр ташта,
Кыйла кеп бар бер жакта.
Ал Мадыкан, Керимбай,
Үмүтөй үчөө барганда,
Кызыталак бадырек,
Кызыл дөө сөзүн баштады:
“Чай ичелек, ачкарын,
Эми туруп жатканда,
Бир кишиңди жумшапсың,
Э, Мадыкан, анжулук.
Аскериң бар манжулук,
Калмак сага кошулган,
Сенин элин үч урук.
Ашыктыңбы, Мадыкан,
Ичиңден элиң бузулуп?
Бузулса элиң, чыныңды айт,
Ички пикир сырыңды айт.
Ашыгып эрте чакырып,
Ашыкканын кай жумуш?” –
Деп, Кызыл дөө айтканда,
Мадыкан да мындай дейт:
“Жапандан келген Кызыл дөө,
Көөдөнүңдү көтөрбө.
Менин элим бузулса,
Жалынбайым сага тегеле!
Түштүк жаккы жал ташка,
Сайылып желек калыптыр.
Элден мурда Керимбай,
Аны көрүп алыптыр,
Анан мага барыптыр.
Тааныйт экен казактар,
Деги кыргыз желеги.
Ал Манастан калган – дейт,
Байыртан бери кыргыздар,
Кайда барса көтөрүп,
Белги кылып алган – дейт.
Ал үчүн сени чакырдым,
Кеңеш кылып алсак – деп,
Менден уксаң ушул кеп”.
Аны угуп Кызыл дөө,
Кылым элден узун дөө,
Кыйалданып ушул дөө:
“Убара кылбай Таласка,
Өзү келсе Семетей,
Ушалайын мен мында.
Ортокмун – деп – олжого,
Чатак кылба сен анда!
Көп кызмат кылды Керимбай,
Хан көтөрүп, так берип,
Башына тажы бак берип,
Бир жумшайын Таласка.
Казактарга хан болуп,
Үмүтөй көчсүн бул кайта,
Алматынын шаарына!
Манастан калган казына,
Такыр өзүм алайын.
Бүгүн аскер дайардап,
Эртең уруш салайын.
Кур койбойун, Мадыкан,
Кыргыздан алган олжодон,
Азыраак ырым кылайын!” –
Деп, ушундай Кызыл дөө,
Тамшанып тиктеп турду эле.
“Мен барамын мурун” – деп,
Кызыл дөө минтип айтканда,
Анжунун ханы Мадыкан,
Ант урган капыр ачынат,
Сөзүн айтып чачылат.
Ачып оозун жумганда,
Азуулары качырап:
“Эр Семетей баатырга,
Мен барамын алдында,
Менден мурда чыккыдай,
Мен турганда Кызыл дөө,
Сенин алың бар канча?!
Ойуң менен жоо алып,
Мана бу турган Керимбай,
Хан кылам дейсиң Таласка.
Керимбайга Кызыл дөө,
Хандык түшүп калыппы?!
Үмүттөйгө Кызыл дөө,
Шаар түшүп калыппы?!
Сен эркинче жүктөтүп,
Жапанга алып кеткидей,
Семетей жыйган дүнүйө,
Сага түшүп калыппы?!
Кектүүнүн баарын кор кылам,
Кесип башын жок кылам.
Тартып алып Таласты,
Тайак жеген Шаймамбет,
Так ошону чоң кылам!
Өлбөй турсам Мадыкан,
Жапандан келген Кызыл дөө,
Алтын, күмүш сага жок!
Үмүтөй менен Керимбай,
Бул экөөнө үй да жок!
Мурунку өткөн заманда,
Казактардын калмактар,
Бөлүп алган бир чакта,
Деп, ошентип мен угам.
Манас баатыр болгондо,
Манас атка конгондо.
Калмактан бөлүп казакты,
Калк катары санаптыр.
Музбурчак менен Көкөтөй,
Хандыкка муну каалаптыр.
Как ушундай иш кылган,
Катарда жок казакты,
Хан атантып журт кылган,
Кайран Манас уулуна,
Кастыкты булар каалаптыр.
Кызыталап казактар,
Каршы чыгып чоңуна,
Калк болуштан жадаптыр.
Жарытпаган өз элин,
Жалчытабы биздерди?
Анжу, манжу калмакка,
Үй башына кул кылып,
Таратып ийип тынайын,
Атагы казак дегенди,
Казак эмес, Кызыл дөө,
Катарга санап өзүңдү,
Такандашсаң сен мага,
Тазалаймын көзүңдү.
Жашым отуз чамасы,
Бүтүн жердин бетине,
Таанытайын өзүңдү!” –
Деп, күпүлдөйт, Мадыкан,
Көрүнө айтып жашырбай,
Бек күпүлдөйт, Мадыкан.
Үмүтөй менен Керимбай,
Күбүр-күбүр шыбырап,
“Тайгылдык – деп - биз бактан,
Ажырапбыз бокту жеп,
Арка болгон кыргыздан!”
Казактардын билгичи,
Алар антип тургандан,
Карланып Кызыл дөө,
Мадыканды бир тиктеп,
Жаман көзүн алайтып:
“Эртеңки күнү таң менен,
Күндөн мурун аттанып,
Семетейге барайын,
Селейте чаап алайын.
Кайра келип, Мадыкан,
Кутурупсуң манжулар,
Куп жайыңды табайын!
Кургак жердин жакшысы,
Улуу Инген, Кичи Инген,
Мал көбөйчү жер экен.
Жыгачы мунун мол экен,
Шаар салчу жер экен.
Жилиңден бери карата,
Так Амурга баргыча,
Беш чоң шаар салайын,
Аралда жүргөн камалып,
Жапанды жерге жетинтип,
Анан өлүп калайын.
Айтканымдай кылбасам,
Адам болбой калайын!” –
Деп, бабырап Кызыл дөө,
Кыргыз менен беттешпей,
Сыртынан олжо талашып,
Адабат болду бул экөө.
Мадыкан ойлойт ойунда:
“Теңдешер мага киши жок,
Бүтүн жердин борунда.
Чыккан чөптөй кылкылдап,
Жүз миң аскер колумда,
Эрдемсиген Кызыл дөө,
Барса барсын алдымда,
Эми эле өлүп жок болот,
Гүлчоро менен Канчоро,
Кимиси чыкса майданга.
Ошолордун колунда,
Андан кийин мен барам,
Алдыма келген немесин,
Бирден чаап жок кылам.
Семейтеге азыраак,
Эки айланып калбасам.
Үч имерип сайышка,
Маа тең келбейт ар качан.
Жалган кылбай айтканым,
Хан көтөрүп Таласка,
Шаймамбетти жумшасам.
Эгин бышкан ойуна,
Чөбү калың тоосунда.
Ар жагы Камбыл, Карашаар,
Ортосунда төрт тоонун,
Бешбалыктын шаары бар.
Алтай Иле, Текеске,
Кызылжар, Семей, Кеминге,
Нарындан берки көп жерге,
Анжу, манжу элдерин,
Айдап көчүп барайын,
Амурдан нары карата,
Такыр ээлеп алайын.
Кыргызды алып кыйратып,
Хан Коңурбай баатырды,
Калкынан аны табайын.
Анжу, манжу элинен,
Себеп болуп Коңурбай,
Мурадил менен Нескара,
Баш болуп канчоо өлдү экен,
Эсебин такыр алайын!
Кыбыратбай казакты,
Буларга салып азапты,
Жылкычы кылып алайын!
Көрчү абам, акетай,
Сазайы кылып буларга,
Менден өтүп казактар,
Кызыл дөөгө барганын!” –
Деп, ойлонуп Мадыкан,
Эки баатыр жоо болду,
Ичтеринде доо болду.
Хан болуучу Керимбай,
Кара ниет Үмүтөй,
Эми айласы не болду?
Өктө койуп Үмүтөй,
Керимбайга таарынат:
“Дайыны жок, жөн жүрбөй,
Талаага чачып мал, пулду,
Кызыл алтын, ак күмүш,
Элге берип баарыны,
Эми айлабыз табылбай,
Эндиретип салдыңбы?
Кызыл дөөнү ким жеңет?
Жеңген менен Семетей,
Мадыканга тең келбейт!
Теңдешип жеңсе буларды,
Семетей бизге күн бербейт.
Алмамбеттин Гүлчоро,
Көрбөдүм жүзүн бул кезге.
Ырайым кылбайт – деп – угам,
Жер бетинде эч кимге.
Канчоро кантип ийбелсин,
Бакай кайдан карасын?
Сен Керимбай бузуку,
Кетирдиң элдин айласын.
Караймын – деп, - Керимбай,
Жалгыз жандын пайдасын!” –
Деп, Үмүтөй турганда,
Семетей жеңсе баарысын,
Ойлоп алды Керимбай,
Кутулаар жак арыбын.
Үй – үйүнө барганда,
Жээнбайды Керимбай,
Чакырып алды жанына.
Өзү молдо ит чиркин,
Кат жазыптыр камына.
“Катка жазып Таласты,
Арбактуу атап Манасты.
Эл атасы хан Бакай,
Эл башкарган Семетей,
Жоого сүрдү Гүлчоро,
Беш-алтыдан кабаттап,
Беттешкенди бир сайган,
Белдүү баатыр Канчоро,
Мен Керимбай кулуңар,
Бейлеп сөзүм угуңар.
Хан Үрбү өлүп калганда,
Сыр коргонго Коңурбай,
Кошум баштап барганда.
Хан Семейге караштуу,
Элге кабар таратып,
Элдин барын жыйдыңар.
Кадырын сыйлап Көкчөнүн,
Үмүтөйгө кат жазып,
Казакка кабар кылдыңар.
Үмүтөй бала жаш анда,
Алымбайдын Бердикке,
Колду баштап барганда,
Өлтүрчү жоодон кутулуп,
Үстөмдүктү алганда.
Кат жазыптыр баатырлар,
Хан болду – деп – Үмүтөй,
Карап жүрдүк биз ага.
Жаштык кылып делбиреп.
Акылын билбей кеңгиреп.
Жайлоого көч – деп – казакты,
Айдап элди шиберге,
Кырк миң алтын пул менен,
Тил билесиң баргын – деп,
Жапанга мени жиберди.
Жапандан кайра жанганда,
Мадыканга бар – деди.
Колума жазып кат берди,
Хан буйругу бойунча,
Чакырып келдим бар элди.
Керимбай кылган ишби – деп,
Кылбаңыздар күмөндү.
Агеркечти жеңем жок эле,
Ал киши дагы билбеди.
Бүгүнкү күн сиздерден,
Кызыл дөө менен Мадыкан,
Жок олжону талашып,
Батышпай калды бир жери”.
Мазмундуу кыска кат жазып,
Өзүн чочко ак жазып:
“Кечээ көрүп келипсиң,
Тайдан бирди сойдуруп,
Этин такыр бышырып,
Катка кошуп сен алып,
Баатырлардын алдына,
Барып кел – деп, - Жээнбайды,
Керимбай койду атказып.
Жакшы жорго ат берди,
Таарга салып, эт артып,
Бек жумшаса тартынбай,
Жээнбай байкуш шашылып,
Көп кишиге көрүнбөй,
Көмүскө менен жашынып.
Семетейдин тушуна,
Жетип барды ашыгып.
Катар келди төрөлөр,
Куржундун оозу ачылып.
Бышырган эттер алынып,
Дасторкону салынып.
Калгандарга туйгузбай,
Семетейдин колуна,
Катты берди жашырып.
Кеңеш кепте жок экен,
Айткан кеби болбоду.
“Мен кетейин эми” –
Деп, Жээнбайың козголду.
Жээнбай узап кеткенде,
Кайта айылына жеткенде.
Эңтеңдей басып шыпылдап,
Жээнбайдын үйүнө,
Керимбай бузук жетти эле:
“Жээнбай баатыр келдиңби,
Канкорго катты бердиңби?
Белде жаткан берендер,
Берген этти жедиби?
Жакын бекен жаткан жер,
Аш кайнамда сен келдиң?
Баатырлар айткан кеп болсо,
Жашырбай айтып, маа бергин.
Кеп айтпаса баатырлар,
Теги түрү кандайраак?
Онтолобой Жээнбай,
Айтчы кебиң батыраак!” –
Деп, Керимбай сурады,
Жээнбай сүйлөп жабырап,
Баштады кебин бажырап:
“Колума жазып кат бердиң,
Тай сойуп, этин бышырып,
Жоргого артып жибердиң.
Көрүнбөй башка кишиге,
Көмүскө менен мен желдим.
Төрт баатыр чогуу туруптур,
Жайа салып таарды,
Төгүп этти аа бердим.
Ачыккан белем баатырлар,
Таң калдым этти жегенин.
Алаксытпай калганын,
Көрсөтпөй берки үчөөнө,
Өзүң жазган катыңды,
Семетейге мен бердим.
Кеп кылбады эчкими,
Жаман эмес кептенет,
Жааса анча эмес, бир жери,
Көргөнүм ушу меники,
Баары кебим бул” – деди.
Күндө жаңы тай сойуп,
Кымызга чайкап бал кошуп,
Үмүтөйгө туйгузбай,
Жээнбай болду чабарчы.
Күнү-түнү жок Керимбай,
Семетейге жиберди,
Көөдөк, көөсөр Үмүтөй,
Керимбай сырын билбеди,
Кеп кылбай жүрө бергени.
Кеңештен кайра жаңганда,
Кошуна келип камдана,
“Аскердин баарын тургун – деп,
Барабанды ургун” – деп,
Таң аткыча уктабай,
Жердин бети ачыла,
Күндүн нуру чачыла,
Аттанып чыкты Кызыл дөө,
Бек алдырап шашыла.
Актан баскан көк желек,
Жер, суу койбой кызыталак,
Кетүүчүдөй тебелеп.
Күүсү катуу зары күч,
Кара мүртөз чочконун,
Каарына чыдабай,
Кар жаады жерге себелеп!
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 21
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.