Latin

Семетей - 24

Total number of words is 4228
Total number of unique words is 2207
31.8 of words are in the 2000 most common words
44.7 of words are in the 5000 most common words
52.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Муну мындай таштайлы
Чыгымдан коркуп Коңурбай,
Өлгөнүнөн баштайлы.
КОҢУРБАЙДЫН ӨЛҮШҮ, УУСАҢГЕНДИН ДҮМӨГҮ
Семетей жатты жоо жайлап,
Теңдешпей бенде бел байлап.
Жыл он эки ай күн өттү,
Мөөрлөшкөн калмактан,
Алман алар күн жетти.
Алыскы жерге баргызбай,
Айланып кара кыш жетти.
Жамбы издеп барган жок,
Жай алып жатып, кыш өттү.
Ойлонуп куу Коңурбай:
«Мындан айла издейин,
Алдында бир кур берейин,
Андан кийин арстанга,
Элчи салып көрөйүн». –
Деп, ошентип түгөнгүр,
Айла менен пул жасап,
Жезден алтын ал жасап,
Калайдан күмүш мол жасап,
Семетейге жиберди.
Жыйырма чейрек «алтынга»,
Баскан экен ал мөөрүн.
Ар жыл сайын беришке
Жалганы пулдун чыкканча,
Жарамак болду бир ишке.
Бир жылкысын бергенде,
Кийинкисин токтотуп,
Эки жылы сүйрөшкө.
Камданууну ал ойлоп,
Бир беттешип көрүшкө.
Амалын таппай кыйналып,
Чыдабады ал ишке.
Бул Коңурбай чоң калча,
Айла тапты бир башка.
Бейжинде жатып тактада,
Кабарчыны чаптырып,
Эсен ханды алдырып,
Далай чоңду чакыртып,
Сөзгө элди кандырып:
«Адам уулу жаралып,
Жер жүзүнө келгени,
Бейжин аты койулуп,
Шаар түрүнө келгели,
Кытай аты койулуп,
Эл түрүнө келгели,
Тепсетип ушул Бейжинди,
Эч бир адам келбеди.
Келсе дагы адамдар,
Алып шаарын жеңбеди.
Түрк уулунун Манасы,
Алып кетти ал - деди.
Атайлап сапар жол тартып,
Алыска бардым мен - деди.
Сойдуруп келдим ошондо,
Нескара баштап эрлерди!
Семетейге жеңдирдим,
Мен карыгандыгым билдирдим.
Жадаса хандар билбейсиң,
Душманың ким, досуң ким,
Көңүлүңө илбейсиң!
Семетейге жол бердим,
Жыйырма чейрек алтынды,
Бир жыл жүктөп мол бердим.
Нак алтын бербей ошого,
Сары жез менен калайдан,
«Сап алтын» кылып мен бердим;
Баштагысы бекер го,
Эми билгин, хандарым,
Семетейдин жеңгенин.
Ар жыл алман сен кылып,
Алтын, күмүш бергениң!
Үйдө жатсаң, улуктар,
Элиңдин пайда, зыйанын,
Эч качан да билбейсиң.
Эби келсе сиздерге,
Эр Семетей баатырга,
Элчи салсак, мен деймин.
Аларда эки жол койсок,
Ал бирөөнө жөн койсок.
Кара аскерди эсепсиз,
Дептерден жыртып таштасак,
Алптарды алып эсепке,
Ашык болсо кун берсек,
Ашып кетсе күн алсак.
Алтынды койуп, хандарым,
Ашып кетсе биздин алп,
Тамгалатып жер алсак.
Ушу менин акылым,
Ойлонгула, улуктар,
Түпкүлүгүн акырын!
Адам адам болгону,
Алтын такта Бейжиндин,
Алтын, күмүш теңгесин,
Алым салып ким алды?
Манас келип жол салды,
Эки сапар кол салды.
Албай койуп жериңди,
Кайсынысы кур калды?
Бергиле кеңеш кебиң» - деп, Айтып сөзүн муңкайды.
Кулак салып Эсен хан,
Угуп туруп далай хан,
Кеңеш кылып олтуруп:
«Билгини сага бердик - деп,
Өзүң билип кылгын - деп,
Четтен келген жоо болсо,
Эрлик кылган сенсиң» - деп.
Алп Коңурбай баатырга,
Алар берди бирлигин,
Өлүм менен тирлигин.
Колуна бийлик алганда,
Козголуп жатпай зор калча,
Эки киши жиберди,
Элчи кылып чабарга.
«Амердун улуу суусунда,
Кызыл кыйа бели бар,
Тулаңы калың жери бар,
Ушуга келсең Семетей,
Жарашсак деген кебим бар.
Сенин менде кегиң, бар,
Менин да сенде кегим бар.
Үстөмдүктүү сен алып,
Алым алган жериң бар.
Малды, пулду таштайлы,
Кара баштан баштайлы.
Кара баштуу адамдан,
Кара аскерди эч качан,
Сан эсепке албайлы,
Алптарды санайлы.
Ашык болсо кимдики,
Күн беришип тарайлы.
Артык, кемдик барк болсо,
Жер тарабын карайлы.
Же Манастын көзү барында,
Менин толук чагымда,
Же менин көзүм барында,
Сенин толук чагыңда.
Бешикте бала уктабай,
Белдерде жылкы жуушабай.
Кармашып келе жатабыз,
Көп жылдан бери тынч албай.
Элүү жылда эл жаңы,
Жүз жылда болот жер жаңы.
Өзүң ойло, Семетей,
Жаңы эрге кекти калтырып,
Калганга убай кылбайлы.
Өзүмчө акыл ойлонуп,
Туура көрдүм буларды».
Жазган каты ал экен,
Коңурбай сөзү бул экен.
Окутуп катты Семетей,
Ойлонгону бул экен.
«Алпты эсепке салсам -деп,
Артык чыгат биздин эл,
Күйрөктүүнүн сырт жагын,
Бери тартып алсам - деп.
Акимсинген Коңурбай,
Алдыма менин -келмекби?!
Алпым менин көп чыкса,
Айрып жерин-бермекби?!
Мындай сонун эсепти,
Таба албай мен турам.
Болжогон күнү ал келсин,
Ошого жете мен барам». Деп, сурданып Семетей,
Атайлап ага кат жазбай,
Элчини сыйлап атказбай,
Айтып сөзүн жиберди.
Алыска барган элчилер,
Антип, минтип журушуп,
Араңдан зорго келишти.
Семетейдин сөздөрүн,
Бир бирден айтып беришти,
Келем деген кебине,
Кесирлүү бул чоң калча,
Өтө кыйын кош болду
Айласын көрчү түгөнгүр,
Ок жыландай октолду.
Алымга берип жүрүүчү,
Алтын, күмүш теңгени,
Бербей турган окшонду.
Кыш өттүү да жай келди,
Болжол кылган жерине,
Ал Коңурбай чоң келди,
Айдама кошун кол келди.
Кара тоодой хан Коңур,
Канчаны жеген оңбогур.
Эки тизгин, бир чылбыр,
Өз колуна тийгенде,
Уй түгүндөй кол менен,
Уйпалачу ой менен,
Амурду көздөй жол алды,
Айдама кошун кол алды.
Шайтандын тилин билгенден,
Жыландан камчы илгенден.
Шумдуктун кара тулпарын,
Ажалдын кара бүркүтүн,
Томогосуз көтөрүп,
Тоо омкоруп жүргөндөн.
От жалынын бүрккөндөн,
Үрөйү элдин үрккөндөн.
Адам тилин билбеген,
Аркан чач нечен дөөлөрдөн.
Жанына котчу алыптыр,
Жабыла жөнөп калыптыр.
Чыр чыгарса Семетей,
Кыймылдатып кебелтпей,
Жылдырбай байлап алам - деп,
Жөргөмүш торун жайыптыр.
Амурдун кызыл кыйага,
Айкырып жатып алыптыр.
Ошол кезде карасаң,
Арстан туулган эр Семең,
Айласы арбын эр немен,
Чоролор менен кеңешип,
Кандай күндөр болот - деп,
Айбалта, кылыч өгөшүп,
Казактардын көп колун,
Буктурма кылып салыптыр.
Калчанын күчүн көрөм - деп,
Ашыга жөнөп калыптыр.
Айта-буйта дегинче,
Тулпарларын чуратып,
Төбөдөн тозон чубалтып,
Салып кирип келиптир.
Хан каадасы болгонча,
Коңурбайдын ойунча,
Кабылан Семей, хан Коңур,
Такка чыгып олтурду.
Көп кечигип турбады,
Бүтүн кебин урганы,
Бүтүшкөн шарт бойунча,
Алпты эсепке алганы.
Каңгай жактан өлгөн алп,
Артык чыгып калганы.
«Мөөр бас» - деп Коңурбай,
Ормон окуу салганы.
«Алды менен Манаска,
Алты жүз миң калмакты,
Айыбына бересиң», Деп, Семетей айтканы!
«Бул эмине кылык - деп,
Бул кайдан келген кычык кеп?!»
Алп Коңурбай чоң калча,
Ачууланып калганы.
Ангычакты Гүлчоро
«Атаңдын көрү чуржут кул,
Айткан сөздү угуп тур.
Алмамбет, Чубак, Музбурчак,
Ажыбай, Көкчө, эр Сыргака.
Алп Серек калган эрлердин,
Булардын баарын жеп койдуң!
Аз келгенсип ал ишиң,
Таласка барып өрт койдуң!
Андан кепти ачпасак,
Күн берем - деп, - калмакка,
Абакем мөөрдү не басат?!
Алманга берчү алтынды,
Убагыңда бербейсиң.
Алтын - деп, - сары жезиңди,
Күмүш - деп, - калай, темирди,
Алдаган кептен сен калча,
Ал эмнеге келбейсиң?!
Күн бергин - деп, - Коңурбай
Калжырап бокту не жейсиң?!
Сен албайсың, бересиң,
Мойнуңду бурсаң, сен калча,
Азыр менден өлөсүң!»
Арстандын түрүн көргөндө,
Санаасын санга бөлгөндө.
Ашыккандан Коңурбай,
Алдыртан кирпик ирмеди.
Шайтандын тилин билгендер,
Шашылып атка минди эми.
Эки жактан калың, кол,
Ат койушуп калды эми.
Канаттуу жетпес талаада,
Кангайдан келген балаага,
Канкорлор уруш кылышты,
Канчасын аттан жыгышты.
Кызыл кыйа талаада,
Кызыл бороон жел болду.
Кыйкырып үнү басылбай,
Кыжылдаган эл толду.
Токтобой кошун толкуду,
Аккан селдей толкуну.
Алдары арбын күчтүүлөр,
Найзасы албарс учтуулар,
Ылганып алга чыгышты.
Уч кабылан буларды,
Антара сайып жыгышты.
Кылычы кызыл -курчтуулар,
Кытайдан чыккан мыктылар.
Желеги желге- жалпылдап,
Жез барабан- карсылдап.
Айбалта көккө жаркылдап,
Ат койуп катар келишти.
Өлүмдөн туура шек кылбай
Ойлорунда баарысы,
Кыргызды байлап кетишти.
Кызыл желек, Сырнайза,
Тоо томкоргон бир сайса.
Гүлчоро менен Канчоро,
Ар сонуну бар чоро.
Бучкакка камчы салганы,
Суркоен менен Каралат,
Булуттай сызып калганы,
Кайрып мизин салганы.
Каптап келген селдерди,
Кайнаган калмак элдерди.
Калкан жапкан элдерди,
Бооруна найза мылгытты,
Оозунан канын кулгутту.
Бадана кийген баатырдын,
Башын кесип туйлатты,
Дардайтып аттан кулатты.
Амурдун бойу чаң болду,
Талаанын баары кан болду.
Ат көтөргүс дөөлөрдүн,
Башы айланып маң болду.
Оп тартып ийчү дөөлөрү,
Ат көтөргүс жөөлөрү,
Омкорулуп жыгылды,
Орого башы тыгылды.
Эки жактын өлүгү,
Эттен бүткөн тоо болду,
Ат өлүгү зоо болду.
Өлгөндөрдүн кунун кууп,
Кайрашкан кыйын жоо болду.
Укумунан тукуму,
Унутулгус доо болду.
Түн кулпусу бекиди,
Жыйылгыла, аскер - деп,
Эки жагын жекиди.
Эр Семетей баатырың,
Кол эсебин алганы:
«Бердике тилмеч берен жок,
Илгедей менен Талдыбай,
Өчөбап, Мөнгү эрен жок.
Оодарылып кетеби,
Опасыз жалган дүйнө шок!» Деп, эр Семең кейиди.
Ушу кезде карасаң,
Кара жалдуу чоң калча,
Арыбы анын бир канча.
Өлбөй калган аскерин,
Топко бөлдү миң барча:
«Таң атып кетсе буруттар,
Тамтыгыңды койбойт - деп,
Талаада такыр оңдойт - деп.
Жатып алыш болбойт - деп,
Тегеректеп бурутту,
Очогор менен окто - деп,
Күйүп өлсүн чокто» - деп! Караңгыны жамынып,
Бастырып кирип барганы,
Барсылдакка алганы.
Койчагыр үнү чаңырды,
Жылдыздай учуп аткан ок,
Тоо бузулуп жаңырды.
Ошол кезде үч берен,
Чукул кеңеш салышып,
Чүңкүлдөшүп алышып.
Аккелтеге ок салып,
Астынан Семең атышып.
Арстан туулган чоролор,
Аркага чыга калышып.
Эки жаккы бөйрөктөн,
«Манастап» ураан салышып.
Сапырып жөнөп алганы,
Салгылашкан кыргызда,
Буларда арман калбады.
Таңга жуук болгондо,
Айдап барып калмакты,
Музга камап алганы.
Тайгалантып калмакты,
Талпакта жундөй сабады.
Ошол кезде байкасан,
Балыктар күлүп карашты.
Кундуздар чачын тарашты,
Үч беренди жаратты.
Ал аңгыча болбоду,
Ааламдын бети ачылды,
Көк асмандын төшүнө,
Алтындан чен асылды.
Кыйар кески Коңурбай,
Олутунда тура албай,
Ойрон болуп көп колу,
Алгара тулпар миниптир,
Карысына ал чочко,
Кандуу найза илиптир.
Алкынтып өзү чыгыптыр,
Айгайлап кебин уруптур:
«Өзүм чыктым мен - деди,
Кызыталак Семетей,
Жекеге чыккын сен - деди!
Жыгылбасан корунуп,
Кунду азыр бер - деди!»
Токтоно албай Гүлүстөн:
«Жагалданган дөбөттүн,
Жандан сөзү көп өттү,
Абаке, мага бер -деди.
Калың алаш журтуңа,
Караан болгун сен» - деди.
Алышкан жоодон кайтпаган,
Айыгышкан дөөлөрдү,
Ар качан жерге жаздаган,
Алмамбет уулу ач арстан.
Абасы баргын дегенде,
Бетинен сары түк чыкты,
Берендин көөнүн жеп болгон,
Пейили бузук калчага,
Тартынбастан түз чыкты.
Суркойон тулпар чуратып,
Тозоңун алыс чубалтып.
Оттой жанып эки көз,
Опурулуп жетти тез.
Келе жаткан Гүлүстү,
Каңгайлар көрүп таң калды:
«Пери бекен, жин бекен?
Же бендеден чыккан пил бекен?
Азыр келе жатышы,
Айбаты суук чилде экен!
Көкө теңир колдо - деп,
Бурутту, Коңур оңдо» - деп, Койнунан буркан суурушту,
Кужурап калмак турушту.
Кылым кыргыз караса,
Билеги жоон, таш жүрөк,
Пилден күчтүү бадырек,
Айбаты артык таш жүрөк,
Алптарды женген бадырек.
Кызталак калдай камынып,
Ок өтпөс тонун жамынып.
Алдыга чыга калганда,
Ачка калган жолборстой,
Карап көрсөң, түрүнө,
Алышкан аман болбостой.
Куйундай жерди сапырып,
Кызыл бороон жел келет.
Кыйкырыгы таш жарат,
Буга кандай киши тең келет?
«Арбагы Манас колдо» - деп,
Айтып турду дембелеп.
Ал аңгыча болбоду,
Эки ажыдаар беттешип,
Арбашып калган окшонду.
Салмагынан алардын,
Кара жер араң токтолду.
Жаракка жарак кагышып,
Жер жайнаган чок болду.
Арстандай алышты,
Арманы жок салышты.
Ары-бери сүргөндө,
Аалашып жургөндө.
Жер чайпалып басылды,
Туман тушуп ачылды.
Ал экөөнүн башынан,
Буркураган буу чыкты,
Бучкагынан тулпардын,
Булактап кара суу чыкты.
Бирин бири ала албай,
Жүржүт калча Коңурбай,
Элөөсүздөн чорону,
Түп этектен алганы.
Алтын ээр калмакча,
Башынан орой чалганы,
Алдыга жөнөп калганы,
Өрү калган Алгара,
Өзү карган Алгара,
Опол тоодой баатырды,
Үзүп кете албады.
Тоңкочуктап Суркойон,
Мүдүрүлө жаздады,
Ок жылаандай айланып,
Гүлүс айдардан ороп кармады.
Кайрып Гүлүс алганда,
Кайта жөнөп калганда,
«Бадырек бурун жетти - деп,
Байлап алып кетти - деп, Манжулардын Маңгуш алп,
Куткарып алып калам»-деп,
Куйундап ылдам жеткенде,
Капталынан качырып,
Аны Канчоро сайып кеткени.
Кажыман жетип удаалаш,
Башын кесип өткөнү.
Ал аңгыча болбоду,
Анжулардың Аңгуш алп,
Айгайлап бу да жетти эми.
Канчоро менен Кажыманды,
Катар сайып өттү эми.
Эсенбай жетип аңгыча,
Ат куйругун карматып,
Канчоро менен Кажыман,
Аман алып кеткени.
Ошол кезде байкасаң,
Коңурбайдын Алгара,
Тонкочуктап калыптыр.
Гүлүстөндүн Суркойон,
Толорсуктан алыптыр,
Албаганда неткени,
Коңурбайдын айдары,
Колдон чыгып кеткени.
Атына камчы салганы,
Артына качып калганы
Ошол кезде жаш арстан,
Куткарып ийсем бекер - деп,
Кайра качкан калчанын,
Этегинен эрмелеп,
Ат куйругун сермелеп,
Тик качырган бүркүтөй,
Көтүнөн кууп алганы.
Калмактардын калың кол,
Корголошуп калганы.
Оттой күйгөн эки көз,
Ошондо ого бетер кызарды.
Кындан чыккан ак шамшар,
Кырк сегиз кулач узарды.
Эңкейе түшүп Гүлүстөн,
Эбегейсиз күч менен,
Кылычты шилтеп калганда,
Туура чаппай кыйгай чаап,
Калчапын минген Кара атын,
Толорсугун кыйа чаап.
Өзүн таамай чаба албай,
Арманда Гүлүс калганы!
Күч менен кеткен Жойболот,
Карагай, кайың, чынардан,
Кыйып кетти бир колот.
Шилтеген кылыч күүсүнөн,
Тоолор тоого урунуп,
Топурак көккө бургуду.
Жердин бети көрүнбөй,
Туман тушуп уйуду.
Алты күнү ачылбай,
Ааламдын бети куруду.
Адашып калып Гүлчоро,
Амалы жаман куурулду.
Аккан терге мандайдан,
Астында жер жуурулду.
Армандуу калган Гүлүстөн,
«Манастап» катуу айкырды.
Айкырыктан апкаарып,
Көйкаптын тоосу жарылды.
Камоодо жаткан шамалдар,
Жер бетине жайылды.
Алты күндөн бер жакка,
Ааламды баскан топурак,
Шамал айдап арылды.
Таштар учуп калдырап,
Тил киргенсип тим эле,
Сүйлөп жатат балдырап
Кабышып тоолор күркүрөп,
Ааламды шамал учурду.
Астын-устун кылат - деп,
Адамдын баары диркиреп.
Албарсты, шайтан, азыткы,
Жүндөй учуп жүрүшөт.
Томорулуп кетчүдөй,
Тоо түбүнөн солкулдап.
Кыштын күнкү буурадай,
Үшүгөн элдер калчылдап.
Топурак учуп чачыла,
Жердин бети ачыла,
Коңурбайды көрсөм - деп,
Гүлүстөн жүрөт шашыла.
Токсонго жашы толголу,
Тоодой болгон калчага,
Мындай кордук болбоду.
Эрдигинен ажырап,
Эмгектүү болот убайда.
Кете берген бир жакка,
Жер көрүнбөс туманда.
Эңишке келсе калчанын,
Толорсугу кыркылган,
Алгарасы очоңдоп,
Өргө тартса Кара атты,
Көчүктөн жөлөп чочоңдоп.
Чаңдан чыгып эр Гүлүс,
Чар тарабын карады.
Амерден берки жээгинде,
Көрүңдү Коңур карааны,
Аткан октой зыркырап,
Урган таштай дыркырап,
Арстан чоро барганы.
Аксак атчан Коңурбай,
Качан жанын айады?
Амерден бойу суук жер,
Жайдын күнү муз тоңуп,
Эки чети жар болуп,
Орто жери шар болуп.
Шыргалаңдап буу чыгып,
Кээ бир жерде жарыктан,
Оргуштаган суу чыгып.
Үйөр агып түрүлүп,
Үзүктөй болгон чоң муздар,
Суу үстүндө сүрүлүп.
Суу айланып кулкулдап,
Үнү угулуп чулкулдап,
Эри өлгөнсүп жулкулдап.
Салаа-салаа тешиктен,
Атырылып шуртулдап.
Орто жери ойулуп,
Тегеренип бургуйлап.
Жан айабай Коңурбай,
Сууга кирди койгулап.
Сууга Коңур киргенде,
Алты найза бойу муз,
Токтоо кылбай ойулуп,
Суу үстүндө калкылдап,
Салдар агып баратат.
Шыр-шыр этип үн чыгып,
Карлар агып баратат.
Жарга урулуп токтолуп,
Коңурбай башы кодоңдоп,
Бир көрүнүп жок болот.
Анда-санда найзанын,
Учу чыгат сороктоп.
Кээ бир жерде туулгасы,
Көрүнүп калат короктоп.
Акылга чебер Гүлүстөн,
Алтымыш эки уруудан,
Окшобогон буруудан,
Аралаша эштирген.
Алмамбеттнн чалмасын,
Көрөмүн - деп, - пайдасын,
Туруп кармап турганы.
Тезектей калкып Коңурбай,
Бир тешикте көрүндү.
Көргөн жерде Гүлүстөн,
Чалма салып ат кармап,
Азоо минип, жылкы айдап,
Машыгып чыккан Гүлчоро,
Чалмасын шилтеп калганы.
Салып көнгөн Гүлчоро,
Чалманы жазбай салганы.
Эки колун капшыра,
Как эмчектен түшүптүр.
Мойнуна чалма түшкөндө,
Калчанын иши бүтүптүр.
Гүлчоро чалма тартканда,
Өзү калып чалмада,
Алгара сууга акканда,
Амалы кетип зор калча,
Бүт эле тоодой бир барча.
Кыйрынан музга ыктады,
Оңойлук менен тартканга,
Муз үстүнө чыкпады.
Үзөңгү боого Гүлүстөн,
Чапма салып басыптыр.
«Манастап» баатыр бакырып,
Бар кайратын ашырып,
Коңурбайды тартыптыр.
Күчү ашкан беренге,
Күркүрөгөн эренге,
Муз туруштук кыла албай,
Баш-айагы жүз бута,
Калыңдыгы каткан муз,
Тогуз аркан бойу бар,
Каңтарылыл кеткени.
Коңурбай болуп копурук,
Аңтарылып кеткени.
Короо ордунда көпкөк муз,
Асманга учту чыркырап.
Он күндүк жерге барыптыр,
Сынган муздар зыркырап.
Чыргадай сүйрөп Коңурду,
Тоодой кылып томурду,
Көрсөтүп ага сонунду.
Семетейге барам - деп,
Гүлүстөн жөнөп калганы,
Асман тиреп каркайган,
Бойун жасап заңкайган.
Зымылдаган капчыгай,
Бир кептешке келгенде,
Такашып Коңур калганы.
Күч келтирип тартканда,
Үзүлүп кетти арканы.
Күү менен келе жаткан ат,
Суркойен тулпар мүргүдү.
Кайра тартты Гүлүстөн,
Ак шамшар кармап колуна,
Эки жеңин түрүнгөн.
Чаап салат экен - деп,
Карап туруп Коңурду,
Чаптырып ийип бекер -деп,
Жер жайнаган көп калмак,
Чөп катары тирүү арбак.
Аламан койуп келе атат,
Куткарсак - деп - Коңурду,
Атып мылтык баратат.
Аккан селдей түрүлүп,
Коңурбай үчүн күйүгүп.
Как ошондой учурда,
Каары катуу эр Семең.
Кандуу кылыч, жалдуу шер.
Кайраты артык Канчоро,
Кара кытай, манжуну,
Кайнаган калмак, анжуну,
Гүлчорого жеткизбей,
Кайра тосту ошону,
Көргөнгө укмуш жумуш бу.
Гүлчорого Семетей:
«Жабыр салып тулпарга,
Тоодой болгон калчаны,
Башы керек эмеспи,
Башын чаап таштагын!
Абасынан укканда,
Ачылып көөнү Гүлчоро,
Булгап чапкан шамшардын,
Учу айга такалды,
Кесип өтүп Коңурду,
Жерге кирип кадалды.
Сабы колдо болбосо,
Көк өгүздүн мүйүзүн,
Кесип кете жаздады.
Ханы өлүп, туусу жыгылды,
Кара кытай, көп калмак,
Каңгайды көздөй сыйлыкты.
Азынап аттар мөңкүдү,
Айылын көздөй жөңкүдү.
Амудун улуу суусуна,
Канча калмак калкыды.
Жеңишин көрүп кыргыздын,
Күкүктөр чоор тартышты.
Акыйнек куштар айтышты,
Кутулдук деп өлүмдөн,
Суурлар анкуш салышты.
Асман кулду карсылдап,
Урмат топ атты тарсылдап.
Жер бийледи кылтылдап,
Ырдады Амур зыңкылдап.
Жанаша туруп шаңданып,
Кун менен ай кулундөп,
Айкөл шерди баш кылып,
Өлгөндүн кунун алышты,
Такымга атты салышты,
Таласка жөнөп калышты.
Таласка барып эсен сак,
Каныкей менен Бакайдан,
Амандык сурап калышты,
Анан үй-үйнө жанышты.
Түгөнүп калган хан Коңур
Түйшүктүү туулган оңбогур.
Көзү тирүү чагында,
Колунда өкүм барында,
Атагы калмак уруудан,
Уушаңдын эле иниси,
Уусаңгенди баш кылган.
«Семетейди кычырдым,
Элебей келет быйакка,
Сен баргынын Таласка», Деп, жиберген алашка.
Жиберилген Уусаңген,
Ара сырттап, жол тартып,
Айдама кошун кол тартып.
Аруулугун, сактыгын,
Алдынан чалып, жол тартып
Адамы жок жер менен,
Алатоону кылаалап,
Түк казакка туйгузбай,
Эч бир жанга билгизбей,
Барып жетти бир кезде,
Самаркандын сыртында,
Жайлоосу Белсаз, Кырчында,
Каныкей, Бакай, Жамгырчы,
Жаткан кезде ушунда.
Калкылдатып туу жайып,
Аскердин чыкты карааны.
«Кайдан келген адам» - деп,
Айран таң, болуп калышты.
Ойлоп калды кыргыздар,
Мындан кабар алышты.
Кошуну элге барса да,
Бир бөлүгү калмактын,
Чон коргонго барышты.
Айчүрөк кеткен Үргөнчүкө,
Акун ханды көрөм - деп.
Кошунду калың көргөндө,
Калктын баары эңдиреп,
Башкарган аны баатыр жок,
Айласын таппай сендиреп.
Атка минер киши жок,
Аны менен иши жок.
Коркутуп элди чуу кылып,
Атып мылтык, жаа тартып,
Кайрат кылып бара албай,
Жигиттер чуулап ыйлашып.
«Чоң, коргонду ачкын - деп,
Төрөңдүн барбы дүйнөсү,
Аны тезден тапкын» - деп?
Сыркоргонго түшкөнү,
Калдайа басып ордону,
Элөөсүздөн жоо алган,
Кандай десе көп болор,
Калмактан келген ушуну.
Кыра кыргыз ичинде,
Калмак эли көп эле.
Уусаңгендин кошунга,
Калбай баары кошулду.
Калмактын ханы Уусаңген,
Хан тактага олтурду.
Ээн жаткан жерди алды,
Эндекей жаткан элди алды.
Албаганда неткени,
Сыркоргон колдон кеткени.
Алыста жүрсө күн доолап,
Арка болчу бектери,
Талабына калмактар,
Такыр бүгүн жеткени.
Талап-булап кыйратып,
Катын, кызын ыйлагып,
Алтын, зарын жүктөтүп,
Камкасын кайра бүктөтүп,
Качырына жүктөтүп.
Тубарларын бүктөтүп,
Тулпарыпа жүктөтүп.
Зар койбоду шаарына,
Салган кийиз калтырбай,
Мейманкана, сарайга,
Талап алды баарын да.
Коргонго келген булардан,
Кол салып келген олжо алган.
Айылга барган сырт жактан,
Эми ошондон кабар алалы.
Жамгырчы, Бакай, Каныкей
Келген жоону карады.
Кеңколдо жаткан төрөнү,
Кум жам кылып келген, бейм?»
Деп, ошентип санады.
Ачуудан ичи ачышып,
Коркуш жок мындан жашынып.
Жаңы баатыр Байтайлак,
Минерге аты жок болуп,
Айласы кетип токтолуп. Жамгырчынын Уларбоз,
Карып калган мал эле.
Карыса да Уларбоз,
Бир жылкыча бар эле.
Уларбоз минип алкылдап,
Чарайна, сооту жаркылдап,
Баса минип үстүнө,
Бакайдын уулу Байтайлак,
Баатыры жок үстүндө,
Орого бузук калмактын,
Айдама кошун колду айдап,
Алыска барчу элди алды,
Калмактан кабар сөздү алды,
Семетейдин алыска,
Элчилешип кеткени,
Ал элден билип бул калды.
«Кеткени, абам, жалганбы,
Кеткени, абам, чын болсо,
Коргонду талап алганбы?
Таланган болсо Сыркоргон,
Кыргыздын журту сандалды.
Айдап алып аскерди,
Ал Кеңколго барганбы?»
Жата албады үйүнө,
Жамгырчы, Бакай аттанды,
Көзү көрдү келишип,
Кең коргонду басканды.
Койбой талап малды алган,
Коргонго койгон такты алган.
Кара кыргыз журтунун,
Үстүндөгү бакты алган.
Уусаңген калып коргондо,
Дүнүйөнү узаткан.
Уусаңген элге муну айткан:
«Ара сырттап басканда,
Алаштар туйуп калбайбы?
Дүйнөнү тартып албайбы?
Кашкардын жолун айланып,
Каңгайга кетсек жакшыраак.
Ара сырт бизге жакын жол,
Жакын да болсо ыраак жол.
Кашкар бизге ыраак жол,
Ыраак да болсо жакын жол.
Ыраак - деп, - андан эринбей,
Таластан алган олжону,
Кутказар жагын карагын».
Бастырмак болду кубалап,
Бакайдын уулу Байтайлак
Бала жолборс чоң балбан,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Ошого киши жиберип:
«Алдынан тосуп чыккын - деп,
Ара сыртты карасын,
Карап мен да келем - деп.
Кашкар жакты карагын,
Кашкарга кирип кетпесе,
Артынан кууп жетем - деп.
Башын кесип келбесем,
Байтайлак атым бекер – деп!
Ажыратып мал, пулдун,
Баарын алып келем» - деп! –
Атасынын атынан,
Жазып катты жиберип.
Баш кишиге карабай,
Малдын кетти артынан.
Чоң жолдордон из чалып,
Бара жатат Байтайлак.
Эки жагын каранып,
Келе жатат Байтайлак.
Эркечтамды бет алып,
Калмактар келди чубалып.
Дүнүйөнү мол алып,
Кашкарды көздөй жол алып.
Кашкарга кирип кеткенде,
Кетмекчи болду калмактар,
Дүнүйөнү кутказып.
Талабына жетпеди,
Артынан кууп Байтайлак,
Бала арстан жеткени.
Байтайлак барып, жол кошуп,
Астынан чыгып, жол тосуп.
Сайышар мыкты жок экен,
Сапырып элин чапканы.
Кайра айдашып мал, пулун,
Кең колду көздөй баштады.
Келе жатат, Байтайлак,
Таланга кеткен малды айдап.
Кең колду көздөй жол алып,
Алтын, күмүш мол алып.
Кыргыздан жалгыз бирөө жок,
Кара калмак колду алып.
Күндүз ага кошулбай,
Кошулуп бирге олтурбай.
Түндөсү өзү күзөтүп,
Келе жатат бала арстан,
Алтын, зарды жүктөтүп.
«Өлбөй тирүү болгондо,
Кеңколго жетип барам - деп,
Кудайсыган Уусаңген,
Куп жайыңды табам - деп. Кужуру кайнап курушуп,
Кыжыры кайнап кырданып.
Ууруча шаарды чабат - деп, Калмактарга сурданып.
Тирүү киши кетирбей,
Кырайын - деп - чуу салып.
Издеп келсе калмактар,
Эрдигин анын көрөйүн,
Эрегишкен калмактын,
Бейжинин талап келейин.
Адам кылар иш эмес,
Мунун жазасын колго берейин!» Деп, ошентип Байтайлак,
Жаш балапан, ой кыска,
Жакын келип Кең колго,
Жетип келди жол кыска.
Келе берсин аралап,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Ошондон кабар ким алат?
Бакайдан кабар барганда,
Катты колго алганда.
Жаткан экен Жалгызек,
Мазардын тоосу жайлоодо.
Семетейге таарынып,
Ачууланып чачылып:
«Кошой сандан калбаса,
Кошойдун берген желегин,
Өлгүчө Манас кармаса.
Кошойдун уулу мен болсом,
Семетей теңине албаса.
Барбай койсом белем - деп,
Талап алса мейли - деп.
Кара чоктуу калмакка,
Калка болгон, чоң төрө,
Кызыл чоктуу кытайга,
Кызмат кылган, чоң төрө,
Кызыталак Семетей,
Элчилешип келем - деп,
Өзү келсе жеке эле,
Барбай койсом белем - деп.
Ойуна алып эми эле,
Өчөшпөйүн арстанга,
Кайраты журтту басканга.
Ашыккан окшойт хан Бакай,
Калмак каптап жатканга.
Калмактын канын суу кылып,
Көк жаңыртып, чуу кылып.
Кыйратайын аны - деп,
Кылым кыргыз журтуна,
Кылайын кызмат дагы - деп.
Дагы эле бизге иш бар го,
Кыраан султан Семетей.
Таарынчы айтып көрсөм - деп.
Талатып койуп көп элди,
Тарттырып койуп Коргонду,
Жата берсем болбойт» - деп, Намысына толгонду.
«Аркамдан кыргыз кол келсин.
Аз келбесин мол келсин!
Аттанып өзүм жөнөйүн,
Арбактар мага жол берсин!» Деп, ошентил Жалгызек,
Жалманбозду токунуп,
Кеңколдо жаткан Уусаңген,
Үйүндө жатып коркутуп.
Сыртынан тилдеп Семеңди,
Ала көөдөк эренди.
Кошойдун уулу Жалгызек,
Койбоочудай күүлөндү,
Ат арытып,жол жүрүп,
Айабастан мол жүрүп.
Ажыбай барган беш күндө,
Ал эки күндө келгени.
Түндүк жаккы чек экен,
Ашып түштү Жалгызек,
Төө жайлоо деген бир белди.
Алды жагын караса.
Жүк жүктөгөн нары бар,
Үстүндө жүгү бир тоодой,
Олжо алган чагы бар.
Ким экенин биле албай,
Карап белде тура албай.
Кайраты толук эренин,
Өз кайратын тыйа албай.
Ылдый тартып далактап,
Эки этеги салактап.
Кирип келди ал элге,
Эки көзү алактап.
Жүктөгөнү зар экен,
Айдаган калмак сал экен.
Кууп жетип Байтайлак,
Кайтарып келген кези экен.
Ушул сапар келгени,
Такыр калмак эл экен.
Калмактын тилин так билген,
Жалгызек жайы ал экен.
Калмак менен сүйлөшүп,
Кажы-кужу үндөшүп.
Уларбоз менен солкулдап,
Байтайлак келди бир кезде.
Эки баатыр көрүшүп,
Колдун учун өбүшүп.
Эсен-соосун сурашьш,
Амандашып турушту.
Эл үчүн кылып намысты,
Эр жигит кылат жумушту.
Жалгызек баштап сөз сүйлөп:
«Байтайлак баатыр, -деп сүйлөп.
Абакебиз хан Бакай,
Аман бүгүн турат - деп,
Тарттырып ийсек Коргонду,
Уккан элге уйат кеп!
Семетей кылган кандай иш,
Элчилешип бир жумуш,
Элге кыйын мүшкүл иш.
Барган жокпу, абакем?
Кең колдо жаткан берендер,
Айтпадыңар биздерге,
Ошондуктан көбүрөөк,
Таарынгым келет сиздерге».
Байтайлак күлүп жарк этип,
Ителгидей барк этип.
Кужурлуу туулган балакет.
Мойну кетип шылк этип:
«Анык курбум, Жалгызек,
Кудайга душман мен болуп,
Айта албаймын жалган кеп.
Өрттөнүп өлгөн канкордун,
Өзү жалгыз кеткенин,
Гүлчоро менен Канчоро,
Ээрчитип алып экөөнү,
Желип кайда житкенин,
Айтсак такыр билбедик.
Айдама кошун кол келди,
Ошондо гана биз уктук,
Коңурбайга кеткен - деп,
Калмактан кабар алганбыз,
Эстүү баатыр, Жалгызек,
Таарынчы айтар кез эмес.
Ээн талаада биз айтсак,
Жер укпаса, ким угат?
Таарынчы кепти айтышчу,
Семетей мында жок турат.
Айкөл Манас баатырдын,
Арбагы учун кылалы,
Айанбастан кызматты.
Аксакал ата, хан Бакай,
Ардактуу эне Каныкей,
Урматы үчүн кылалы,
Ушул сапар кызматты.
Андан кала бергенде,
Калың кыргыз эл үчүн,
Кылалы, баатыр, кызматты.
Семетей менен беттешсек,
Айтарбыз кийин таарынчы.
Тарттырып койбой Коргонду,
Бүгүн жетип баралы.
Уусаңген деген зору бар,
Падышалык тактага
Минип алган чоңу бар.
Бала Семей жолборстун,
Аркасында жөлөкбүз.
Менин кебим мына ушу,
Жалгызек курбум угуп ал!»
Акылы дайра, ойу көл,
Атасындай эр экен,
Падыша улуу Бакайдай,
Баштаган жолу эп экен.
Жалгызек анда кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат: «Семетейге өчөшүп
Сенделтпейли бул элди.
Талантып каран калмакка,
Таратпайлы бул элди!
Тоо тоого чилдей бул элди,
Тоздуруп ийсек болобу?
А дүйнө кеткен Манастын,
Арбагы бизди койобу?!» Эки баатыр кошулуп,
Булардын жүргөн жеринен,
Кан агат кийин жошулуп.
Бакайдын уулу жолборстун,
Он тогузда жашы бар.
Калмак, каңгай, кытайды,
Ойрон кылар иши бар.
Өзү бала, шер кайрат,
Өчөшкөнүн талкандайт.
Жаңыдан атка мингенде, Алоокенин кенжеси,
Алтымыш жайсаң инисин,
Ороккырды жалмаган.
Ал Кеңколго тургузбай,
Калмак менен каңгайды,
Аралап кирип айдаган.
Жаңыдан чыгып кыргыздан,
Таанылып келе жаткан ал.
Жалгызек өзү эң мыкты,
Сөз айтканга өтө ыктуу.
Сөзү ширин нагыздуу,
Кимге болсо жагыштуу.
Жыйырма экиде жашы бар,
Хан Кошойдун уулу ушу.
Жалгызек менен Байтайлак,
«Ал Кеңколго барам - деп,
Коргонду сактап калам» - деп,
Ал экөө келген алдынан,
Калмактын салган дартынан.
Эр Семетей, Гүлчоро,
Бели катуу Канчоро
Жете келип артыңан,
Жүктүү нарды көрүштү,
Илгери карай жүрүштү.
Шартылдата бастырып,
Жетүүгө тез күйүктү.
Жолдо бара жатканда,
Гүлчоро айтат бул ишти:
«Алыстан келген бул душман,
Коргонду басып алган, бейм,
Кордукту журтка салган, бейм.
Кор кылып элди койгон, бейм,
Жамгырчы, Бакай, Каныкей,
Катары менен сойгон, бейм.
Байтайлак өлүп калганбы?
Каш кайтарар киши жок,
Калмактар кирип алганбы?
Абаке, сенин эрдигиң,
Адамдан кыйын шердигиң,
Асли жакшы болбойт ко,
Колуңдан кетет теңдигиң!
Элдин баарын кем дедиң,
Эр кадырын билбедиң,
Кыргыз менен калмактың,
Ортосунда чоң ишти,
Жалгыз өзүң бийледиң
Карыйа Кошой абамдын,
Сыйлабадың арбагын.
Карап турса Төштүк хан,
Бучкагына албадың!
Жолдо турса Үмүтөй,
Карын бөлө тууганың.
Учурашып жок десе,
Тайежеңе барбадың.
Чыгарасың, абаке,
Кандай кылып кирин жууп»
Ушулардын зардабын?!»
Гүлчоронун кебинен,
Улай кармап Канчоро,
Күйүттүү кепти башынан,
Баштап калды ал чоро:
«Абакемдин башынан,
Киши менен иши жок.
Алыстагы киши эмес,
Короосунда кой баккан,
Киши менен иши жок.
Башканы койдум, кантейин,
Бала кезден бирге өскөн,
Мени менен иши жок!
Бул сапаркы жумушта,
Эл билгендин баарысын,
Ичине салды кызыл чок!
Арбагын, сенин чоң болду,
Айласыз элиң, токтолду.
Гүлчоро күйүп айткандай,
Күлдү журттун баарысы,
Тарап кетет окшонду!» Деп, ошентип сөз кылып,
Канчоро айтып токтолду.
Күлүмсүрөп Семетей,
Мыйыгында күлдү эле.
Кылган иши жолу жок,
Как ошондо билди эле,
«Айланайын балдар, ай
Белиме тануу жандар, ай.
Кеңеш салбай калыпмын,
Акылыман таныпмын.
Сандалып бүгүн турамын,
Эч айламды таба албай!
Кармашта барсын, Канчоро,
Кайрат кылар, эр чоро.
Таарынышса Гүлүстөн,
Ар кандай ишке жүрүшкөн.
Өзүң билип жайларсың,
Таарынттырбай хандарды,
Табарсыңар, жаш балдар,
Айбанардын айласын!
Эки бала иш кылсаң,
Эми кантип бурамын?
Калгандарды бөлүнтпөй,
Элди күтүп алгыла.
Бийликти бердим силерге,
Билип кылсан ишиңди,
Деги кордук болуптур,
Туйунуп эми олтурам.
Кетирбей карма, жаш балдар,
Абалтан берки кишиңди.
Катышпайын, билбейин,
Гүлчоро менен Канчоро,
Өзүң башкар ишиңди». –
Деп, ошентип Семетей,
Агынан сүйлөп турганда,
Мойун толгор айла жок,
Ишин берип турганда.
Ич күптүүсү басылып,
Жүрөктөн зардап арылып.
Таарынчысы жазылып,
Жанындагы чоролор,
Жаркылдады жалганда,
Атадан калган Коргондун,
Жанына жакын барганда.
Ак асаба, көк желек,
Алы келсе калмактар,
Жамгырчы менен Бакайды,
Эчак мууздап таштамак.
Жалгызек менен Байтайлак,
Калган элди баштаган.
Семетейге жолукту,
Төө жайлоо, Айрык башынан
Семетейди көргөндө,
Серпилбеген Жалгызек,
Зерек баатыр Байтайлак,
Кабактарын бүркөшүп,
Кабаттап тонун чүмкөшүп.
Салам айтса, кол бербей,
Бастырышты жүр дешип.
Калмактан баатыр Уусаңген,
Алар менен иши жок.
Бел байлады Кожожаш,
Азыркысы көөнү ток.
Семетей менен Гүлчоро,
Кайраттуу баатыр Канчоро,
Жоо бөрүсү Жалгызек,
Жолборс баатыр эр жүрөк,
Бала баатыр Байтайлак,
Келгенин көрүп Уусаңген,
Каалгасы бийик чоң Коргон,
Каалгасын бекем бекитип,
Калкалап жанын бекинип.
Карап жатты калдайып,
Коргонду берип калмакка,
Каңкоруң, турат далбайып.
Карап турар айла жок,
Уруш кылбай камданып.
Ошол кезде Айчүрөк,
Асман менен айланып,
Шамал менен жарышып,
Шарпылдап учуп жетти эле.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 25
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.