Latin

Семетей - 03

Total number of words is 4290
Total number of unique words is 1993
30.5 of words are in the 2000 most common words
43.5 of words are in the 5000 most common words
51.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Билмексен болуп сурайсың,
Бул жерде мени сынайсың,
Кайнардын кара көзүсүң,
Каныкей айткан Бакайдын,
Буруусу жок өзүсүң.».
Минтип айтып салганы,
Анда Бакай кеп айтат:
«Кагылайын Семейим,
Кайгыңды кантип жебейин,
Кайран балам Каныкей,
Сени алып качканда,
Кара хандын шаарына
Караңгыда басканда.
Эки чанач сүт берип,
Эки байтал күч берип,
Орто арыктын ашуудан,
Кынымды белек бергенмин,
Кыным кана көрөйүн,
Бар болсо кыным жаныңда,
Сен экениң билейин,
Семетей балам сен болсоң,
Колуңда жүрүп өлөйүн».
Анда Семең чунагың,
Он экиде чунакка,
Арбак конгон убагы.
Мына аба кының деп,
Жанынан сууруп турганы,
Кынды Бакай көргөндө,
Токтоно албай Бакайың,
Атынан түшүп чуркады.
Бакайыңдын жанына,
Бала басып барганы,
Семетейди кучактап,
Сел болуп жашы буурчактап,
Кабагын бүркөп муңайтат,
Карыйа Бакай муну айтат:
“Сак-саламат жүрдүңбү?
Сагынганда келдиңби?
Зар болду Бакай билдиңби?
Куп-саламат жүрдүңбү?
Куса кылбай келдиңби?
Кагылайын чырагым.
Кайгымды ичтен чыгардың,
Карааныңды көргөндө,
Чаппай кантип турамын.
Кабарга Тазды жиберип,
Качан келет балам деп,
Тосуп жүргөн убагым.
Жаш баладай талаада,
Жадымда сөздү чыгардым.
Айтпасам ичке сыйа албай,
Ашыгып турган убагым.
Атаң Манас өлгөндө,
Абыке, Көбөш арамдан,
Азапты катуу көргөнмүн.
Араң жүрдүм муңайып,
Мен ал армандуу кезде өлбөдүм.
Атаңдан кийин төө бактым,
Байкуш Бакай жөө жаттым.
Атаң Манас барында,
Жээгинде жүрдүм аралаш.
Жеркесинде каралаш,
Өз билгимче иш кылып,
Билимпоз агам Бакай деп,
Кырк баатыр мага пааналап.
Анттуу досум Манастын,
Айткан кебин сыйладым.
Асыл Семей келет деп,
Аманат жанды кыйнадым.
Көйкөлгөн Кеңкол тоосунда,
Өлгөндө көрдүм жүзүңдү.
Атаң Манас барында,
Аргымак минип дууладым.
Асылым Манас өлгөндө,
Азапты тартып куурадым.
Курдашым Манас барында,
Кур аттан минип дууладым.
Курбалдаш көзү өткөн соң,
Кордукту тартып куурадым.
Темиркандын шаарына,
Тентип кетип сен калдың,
Тентектин тартып кайгысын,
Телмирип Бакай мен калдым.
Кагылайын жалгызым,
Кара хандын шаарына,
Качырып кетти Канышым,
Качып кетип сен калдың.
Кезек арам колунда,
Кайгырып ыйлап мен калдым.
Баламдын көрсөм жүзүн деп,
Башынан бери зарландым.
Баш коштурган кудайга,
Ыраазымын Семетей,
Калбады ичте арманым”.
Бакайга Семең кеп айтып:
«Ыйлаба аба, - деп айтып,
Баатыр сиздей болобу,
Бу кылганың, абаке,
Баланын иши деп айтып,
Капа болбо, аба»,- деп.
Кайратты катуу бек айтып.
Билгизбей бала Бакайга,
Туйунтуп кептен жеме айтып,
Бакайдын жарпы жазылып,
Баласын көргөн Бакайың.
Ич көптүсү басылып,
Семетейди ээрчитип,
Бакайың жүрдү бастырып,
Арстандын уулу Семетей,
Абасы менен табышып,
Ал Семетей, Бакай хан,
Келе жатат жарышып.
Арстандан калган туйак деп,
Бакайдын айыл-апасы,
Атынан жулуп алышып,
Астына килем салышып,
Абдан сөзгө канышып.
Кысыр эмди сойдуруп,
Кыйналып келген балам деп,
Туурамчысын чыкыртып.
Атасы Манас баатырга,
Эт туурап тартуучу,
Бакай хандын чоң чара.
Колунда бар мына ушул,
Кысырактын бар этин,
Алып келип алдына.
Чарасы менен койдуруп,
Тоо мийаз кошуп чык кылып,
Ачуу туздан чык кылып,
Бүтүн баарын койду эми,
Баланын жайын көрмөккө,
Бардашканча билмекке.
Бакайың сынап турду эле,
Бала жолборс Семетей,
Тартынып калбайт кенедей.
Кош колдоп алып сугунуп,
Койбой жеди баарысын,
Колунан бербей намысын,
Кош кылыптыр тындырып,
Сынаган Бакай карысын.
Карыйа Бакай сынады.
Кайратын көрүп Семеңдин,
Атасынан кем болбойт,
Айланайын балам деп,
Ичинде Бакай тынганы.
Арып келген балам деп,
Жылкы этине тойдуруп,
Эрте уйкусун алсын деп,
Тынч жаткырып койдуруп,
Эртең менен болгондо,
Бакай хандын үйүнө,
Эл жыйылып толгондо,
Дасторкондун үстүндө,
Тамак ичип тойгондо,
Кайран Бакай карыйа,
Айтып сөзүн жарыйа.
Атты алдырып токутуп,
Бар кебин айтып окутуп,
Абыке, Көбөш, Жакыпка,
Бармак болду коркутуп.
Семетей жүрдү бастырып,
Эр Бакайды баш кылып.
Атасы түшүп ойуна,
Семетей көзүн жаш кылып.
Тилегин кудай берген кул,
Тиктегенин көргөн кул,
Тилегенин колуна,
Тирүүсүндө келген кул.
Төрөдөн калган туйактын,
Уксаң жайы мына бул.
Тилегин кудай берген соң,
Жакып хандын үйүнө,
Жакындашып келген соң,
Бакай мындай кеп айтат:
«Балам сен ушунда турчу, деп айтат,
Абал мен мурун барайын,
Атаңдан кабар алайын,
Сагынып сага зар бекен,
Зардаптураак киши эле,
Же арамдыгы бар бекен?».
Семеңе айтып иш дайынын,
Семетейди тургузуп,
Бакайың желип кетти бургутуп.
Жалгыз кетип калды эле,
Жакып хандын үйүнө,
Жакын жетип барды эле,
Каныкейдин кеткенин,
Бакайдан Жакып көрүүчү,
Ошол чактан ушул чак,
Ат бастырып келе элек,
Жакыптын көзүн көрө элек.
Бир бастырып келе элек,
Биригип тамак иче элек.
Баласы келген Бакайың,
Бастырып келген атайын.
Салам айтып Жакыпка,
Барган жерин айтайын.
-Жүз көрүшүп сүйлөшпөй,
Өткөрдүк далай заманды.
Көрбөгөнүм көп болду,
Жакып хан эсен-аманбы?
Бербейсиңби сүйүнчү,
Таап келдим балаңды,
Семетей келди сени издеп,
Эми баскын санааңды.
Манастан калган Семейим,
Бала жолборс береним.
Алыстан келип калыптыр,
Эп көргөнүң барсыңбы?
Өлгөн бала келди деп,
Терс көргөнүң барсыңбы?
Саар кетип кеч келди,
Сагынганың барсыңбы?
Сайышаар бала келди деп,
Камынганың барсыңбы?
Бул сөздү айтып Бакайың,
Эшигине барды эми,
Жакып хандын ошондо,
Ачуусу жаман келди эми,
Жакыптын өңү бузулуп,
Жан алчудай жутунуп:
«Келинимди кетирип,
Сен жүрөсүң кутуруп,
Мага сүйүнчү бергин деп,
Балаңды алып келдим деп,
Мага дартты өткөздүң.
Баламды башка өстүрдүң,
Каныкейди кетирдиң,
Караканга жеткирдиң.
Бузуктугуң мындан көп,
Душмандыгың андан көп,
Издеп балам келгендир.
Атам бар деп эшитип,
Алып келгин баламды.
Талаага таштап келипсиң,
Ылдамыраак ээрчитип,
Долу энем кылган бул иш деп,
Жүргөндүр балам убайда,
Манастан туйак калган соң,
Арманым барбы кудайга».
Бакайга сырын билдирбей,
Кейимиш болуп кеп айтып,
Турба Бакай бастыргын,
Баламды алып келгин деп,
Кытмыр Жакып калганы.
Эшикке чыгып Бакайың,
Атын чечип мамыдан,
Арам сезип жаңыдан,
Көкчолок минип толгонуп,
Көөнүндө күмөн ойлонуп,
Кабакка атын каңтарып,
Көрүнбөй барып Бакайың,
Туурдугун аңтарып,
Көптү көргөн Бакайың,
Кебин тыңшап калыптыр.
Жакып хан айтты бул кепти,
Семетейдин башына,
Салмак болду дүмөктү:
«Ой, Бакдөөлөт байбиче,
Мен айтайын кеп уккун,
Пейлиңди салып бек уккун,
Атамдын малын алам деп,
Семетей келди деп уктум,
Жетимдин көзүн жойбосок,
Эшиктен төргө өтүүчү,
Эки уулуңду байбиче,
Ээрлебей минүүчү,
Төрөдөн калган ал чунак,
Түбүбүзгө жетүүчү,
Чоң түйшүктү салуучу,
Жоодой талап алуучу,
Үй-үлкүмөт, мал-пулду,
Жерине алып баруучу,
Жыргап жаткан уулуңду,
Жылас кылып салуучу.
Көөкөрдөгү аракты,
Көк чыныга куйасың,
Темир тоодо чеп болгон,
Бели катуу эр эле,
Бакайга жазбай сунасың.
Ал Манастын уулу болгон соң.
Жалындап күйгөн өрт болот,
Анын көзүн жойбосок,
Жакшылыкка жете албай,
Балдардын көзү төрт болот.
Кытайдан келген сыр чыны,
Тийсе болот суу чайка,
Аракка кошуп уу чайка,
Уудан арбын куйа көр,
Семетейге суна көр».
Элди эшикти каратып,
Келеби деп жардатып,
«Тийсе болот» уулардан,
Аракка кошуп чайкатып,
Жакып хан турду айарлап,
Ууну ошентип дайардап.
Белендеп койуп кынаптап,
Кылайын деп ушуга,
Аарчып койгон пийаздай,
Ал Бакдөөлөт байбиче,
Чайкабады тырышып,
Жакып хан менен урушуп:
«Калың журтка уйат -деп,
Как баш каапыр оңбой кал,
Баланы кантип кыйат -деп,
Ичкенде балам өлөт деп,
Жашында кордук көрөт» деп,
Бакдөөлөт ыйлап турду эле,
Уруп сабап коркутуп,
Ыйласа Жакып болбоду,
Ууну чайкап толкутуп.
Жонуңду айра чабам деп,
Карыганда жолго салам деп,
Келип калган эби ошол,
Тыңшап турган Бакайың.
Тыңшап уккан кеби ошол,
Ошол замат эр Бакай,
Кайра басты бүгүлүп,
Атын көздөй жүгүрүп.
Атына басып барды эми,
Атын минип Бакайың,
Аркадагы Семеңе,
Салып жетип келди эми,
Көргөн-билген сөздөрүн,
Баарын айтып берди эми,
Семетей балам жүрү деп,
Кайра жөнөп калды эми.
“Оо, балам, чоң атаңа барабыз,
Ак көөнү болсо атаңдын,
Абдан көрүп алабыз,
Бузуку көөнү бар болсо,
Мууздап аны алабыз.
Сен экөөбүз түшкөн соң,
Бир чыныга суу келет,
Бир чыныга уу келет,
Сууну мага сунганда,
Мен жутуп ийем мурчуйуп,
Сыр чыныга уу келсе,
Төрдө отурган чоң атаң.
Жакып ханга сунгунуң,
Ичпеймин десе Жакып хан,
Ит айакка куйгунуң”
Муну айтып Бакайың,
Семетейди ээрчитип,
Жакып хан карай кетишти,
Ат дүбүртүн укканда,
Жакып хан чыкты эшикке:
«Айланайын, кулунум,
Алыс жерге сен кетип,
Айламды таппай курудум,
Чоңойдуңбу балам деп,
Чоочун жерге кетирип,
Долу энең каапыр арам деп,
Эч канчалык киши эмес,
Эсен келдиң мага деп,
Айланайын балам деп,
Алыс жерге кетирип,
Акылсыз энең арам деп,
Мени издеп балам келген соң.
Басылды эми санаам деп,
Балам сенин айыңдан,
Башта жүрдүм убайда,
Жалгызым өзүң келген соң,
Арманым барбы кудайга.
Арстандан калган туйагым,
О дүйнө кетер убагым,
Балам үйгө кирсин деп.
Баштап Бакай киргин деп,
Эшик ачып киргизип.
Эркин баатыр Семеңе,
Эзилишип көрүштү,
Арамдык кепти кылайтпай,
Айлана аргиз сыр айтпай,
Семетейге уу бериш,
Арчып койгон пийаздай,
Бакай менен Семейиң,
Үйүнө кирип отурду.
Кирип келип Жакып хан,
Тиктесе көзүн жыртайтып,
Тим эле ачуу кылгансып:
«Ой, Бакдөөлөт байбиче,
Аңкап келген балама,
Алып келгин арак ,-деп,
Ылдамыраак сунгунуң,
Уктуң эле байа эле.
Куйдуң беле белендеп,
Бакайга мурун сунгун,- деп,
Сыр чыныга аракты,
«Семетейге куйгун»- деп,
Жакып хан айтты мындай кеп.
Көк чыныны көтөрүп,
Бакай ханга сунду эли,
Көк чыны колго тийди эле.
Шилтеп Бакай ийди эле.
Ал Бакдөөлөт байбиче,
Сыр чыныны суна албай,
Бөйпөлөктөп турду эле,
Чыдай албай Бакдөөлөт,
Бөлөк чыны сунду эле,
“Чунак куйту балама,
Сыр чыныга куйгунуң,
Арам күңдүн, каапыр ай,
Бул эмине кылышы,
Ыраа көрбөй турабы?
Балама атасынын чынысын,
Сыр чыныга бергин”, -деп,
Семетейди алдады эле,
Коркконунан Бакдөөлөт,
Чынысын алып калтылдап,
Баланы карап жалжылдап,
Кооп турду титиреп,
Бүткөн бойу дүркүрөп,
Басалбай кемпир бүжүрөп,
Араң өйдө турду эле,
Колуна алып Семетей,
Билбегенсип кенедей.
Тура калып күлдү эле,
Ооз тийип бергин деп,
Жакып ханга сунду эле.
Арамза Жакып ошондо:
“Атаң Манас өлгөлү,
Мен ачуудан калганмын,
Карылык жолун издедим,
Кайраттуу тамак ичпедим”.
Ыйламсырап кеп айтып,
Ыраазымын Семетей,
Иче кой, балам, деп айтып,
Жакып хан башын чайкады.
Кыраакы бала Семетей,
Чыныдагы аракты.
Кайнаганын байкады.
Жакасынан бек кармап:
“Жалгызыңдын көөнү үчүн,
Ооз тийип бергин деп,
Сизден мурун мен ичсем,
Кусуруң уруп кетер деп,
Ич, атаке, ичкин”- деп.
Аракты сунуп чайкалтып,
Чыныдан арак төгүлүп,
Сакалына тийди эле,
Тийген жерде сакалы,
Шыр-шыр этип күйдү эле.
Сизден мурун ичпейм деп,
Итке куйуп берди эле.
Тумшугу ууга тийгенде,
Иттин оозу ырсайып,
Тумшугу менен жер сайып,
Бүдөөгө келбей өлдү эле.
Муну Семең көрдү эле.
Ыргып тура калды эми,
Жүгүнө жыйган Аколпок,
Тээп сууруп алды эми,
Куржунду дагы алгын деп,
Бакайың айтып калды эми,
Олпок менен куржунду,
Колуна алып эр Семең,
Ачуусу келген эр немең,
Катарланган эшиктен,
Катуу ачып эшигин,
Ачуу менен чыкты эле,
Тастар боосу үзүлүп,
Бута атым жерге түштү эле,
Манастын уулу чунагың,
Мына ошондой күчтүү эле.
Атка минип алкынтып,
Ачуусу келип жулкунтуп,
Арыкта сууну толкунтуп,
Атасы кары Жакыпты,
Айбаты менен коркутуп:
“Атаке Жакып оңбой кал.
Эгерим эки болбой кал.
Уу ичкин деп зордойсуң,
Бейажал уудан өлбөймүн,
Дидарыңды көрбөймүн,
Атамдан көрбөй пайда деп,
Абыке, Көбөш кайда деп,
Эки уулуңду ээрчитип,
Эр болсоң мени жайла деп.
Эми чыктым чоң ата,
Дал он эки жашымда,
Мага кылган кастыгың,
Өзүңдүн тийер башыңа”.
Бул сөздү айтып чунагың,
Атынын башын оң тартып,
Абыке көздөй жол тартып,
Күлүктүн башын оң тартып,
Көбөштү көздөй жол тартып.
Жүр абаке бастыр деп,
Эңкейиш тартып келиши,
Тез бастырып желишип,
Минген атын тердетип,
Туура жолго киргени,
Абыке, Көбөш айлына,
Жакын жетип келгени.
Жакындап жолго келгенде,
Карыйа Бакай кеп айтат:
“Кагылайын Семейим,
Кайгыңды кантип жебейин?
Айланайын Семейим,
Азапты минтип жебейин?
Сен ушундай туруп тур,
Мен бир барып келейин,
Абыке, Көбөш агаңдын,
Маани-жайын билейин,
Сагынып сага зар бекен,
Сайышар бала келет деп,
Камынганы бар бекен,
Эрте кетип кеч келдиң,
Эстеген тууган бар бекен,
Эрте өлгөн бала келди деп,
Демиккен тууган бар бекен,
Как өзөнгө чыкканы,
Кайың эмес тал бекен.
Капкайдан келген бала деп,
Кас кылчу тууган бар бекен,
Эриккен бала келди деп,
Эп көргөн тууган бар бекен.
Издеп келсең көрө албай,
Атакең Жакып өңдөнүп,
Жек көргөн тууган бар бекен?”
Бар кебин айтып окутуп,
Желип кетти ургутуп,
Абыке, Көбөш айлына.
Эшигинин алдына,
Барып Бакай чакырды:
“Абыке, Көбөш барбы?”- деп,
Аттуу туруп бакырды,
Жаткан экен эки хан,
Бири ордо атышып.
Бири чатыраш менен чатышып,
Эчтеме менен иши жок,
Барбы жокпу деп айтып,
Жооп берген киши жок.
Көп чогулуп Көбөштү,
Бий кылыптыр босого,
Күркүрөгөн айбанга,
Адам жакпайт ошого.
Эшикте турган балага,
Абыке барбы деп айтты,
Бакай мындай кеп айтты.
Күлүп бала кирди эле,
Бала кирип күлгөндө,
Эмне үчүн күлдүң деп,
Көпчүлүк айтып ийди эле,
Бала анда кеп айтты:
“Аттуу туруп бир кары,
Абыке барбы бул жерде,
Чакыр бери деп айтты,
Аттуу туруп чакырган,
Ал карыга күлөмүн”.
Акылга дыкан Абыке,
Айтканда аны билди эле.
Аттуу мени чакырган,
Башка эмес, Бакай деп,
Эшикти көздөй жүрдү эле,
Эшикке чыгып Абыке,
Бакайга салам берди эле.
Бакайдын үнүн угуптур,
Көбөш баатыр туйуптур.
Бакай эмне келди деп,
Көр Көбөшү күүлөнүп,
Эшикке басып чыгыптыр,
Абыке чыгып кеп айтат:
“Аксакал аба деп айтат,
Айланайын абаке,
Бир жактан кабар алдыңбы,
Ал үчүн келип калдыңбы?
Аксакал Бакай карыйа,
Аман-эсен барсыңбы?”
Анда Бакай кеп айтат:
“Абыке, Көбөш хансыңбы,
Аман-эсен барсыңбы?
Семетей келди сени издеп,
Сүйүнгөнүң барсыңбы?
Эрте өлгөн бала келди деп,
Күйүнгөнүң барсыңбы?
Саар кетип кеч келди,
Сагынганың барсыңбы?
Сайышаар бала келди деп,
Камынганың барсыңбы?
Манастан калган туйак деп,
Тутка кылчуң барсыңбы?”
Бакай айтты бул кепти,
Көр Көбөшү күүлөнүп,
Салмак болду дүмөктү.
Көбөш баатыр күүлөнүп,
Көрсөтөм деп сүйлөнүп:
“Карыганыңда сен Бакай,
Калыпты таап келесиң,
Азыр бирди көрөсүң,
Семетейди келди деп,
Кандай айтып келесиң?
Карыганыңда тим жүрбөй,
Бизди сынап көрөсүң.
Семетей деген ким эле,
Нечактан бери жоголсо.
Келди деп айтып сен Бакай,
Тийишесиң тим эле”.
Деп жулунуп көркө бөш,
Бакан алып жүгүрүп,
Бакайды башка салганы,
Бакайдын башы жарылып,
Атынан түшүп калганы.
Куйка тери салаңдап,
Эки көзү алаңдап,
Бир кудайга сыйынып,
Олтура калды Бакайың.
Ал аңгыча болбоду,
Абыке келди алкылдап,
Бакайдын башын көргөндө,
Көбөшкө карап баркылдап:
“Көзүр Көбүш сүйлөйсүң,
Көзүң чыкса билбейсиң,
Акмак Көбөш сүйлөйсүң,
Арың кетсе билбейсиң,
Арам чунак айбан ит,
Айткан сөзгө кирбейсиң.
Айланайын, абаке,
Баарыбыз бирге тууганбыз,
Кудай урсун Көбөштү,
Ынтымак кылса абаке,
Кудай берет дөөлөттү.
Акмактын кылган ишине,
Албагын аба көөнүңө,
Башым тартуу абаке,
Байкасаң сенин өзүңө,
Баш айрылса абаке,
Бөрк ичинде болуучу,
Колу сынса абаке,
Жең ичинде болуучу”.
Абыке айтып жай сөздү,
Абакеси Бакайды,
Үйгө алып барып киргизди.
Башынын канын жуудуруп,
Бакайдын башын тазалап,
Ак даки менен буудуруп.
Чай кайнатып бал берди,
Баарын тегиз май берди.
Тамактын баарын май кылып,
Бакайдын көөнүн жай кылып,
Чайды ичип болгондо,
Бакай майга тойгондо,
Абыке айтты бул сөздү,
Акылдан чыккан куу сөздү:
“Акылман тууган Каныкей,
Алтымыш арып бул билген,
Алты уруу инсан тил билген,
Арибина салгандыр,
Өлдү деген Семетей,
Тирүү келип калгандыр.
Келди дедиң Семетей,
Келсе келип калгандыр.
Бастыргын аба, турбагын,
Семетейди алып кел,
Жалгыздан калган туйакты,
Тууган кылып алалы,
Душманга бирге туралы,
Алтымыш бээни сойойун,
Алты сан аргын ногойго,
Хан көтөрүп койойун,
Акылдан кайгы жойулуп,
Алып келгин баланы,
Жалгыз эси чыгат деп,
Айланайын абаке.
Элдер укса уйат деп.
Балама жакшы сөз айт деп,
Ичинде кайгы болбосун,
Жандатып койсоң куу сөздү,
Имерилбей койбосун.
Как ушуну укканда.
Бакай анда кеп айтат:
“Абыке, балам деп айтат,
Көрүнүштө карааны.
Атасынча бар экен,
Анткен менен, Абыке,
Күйпүл өскөн бала экен,
Ичинде турат зардабы,
Жетим өскөн иниңдин,
Көп жогураак дарманы.
Иниңдин жайы ал экен,
Жүргүнүң десем болбоду,
Жүрөгү тайкы жан экен”.
Бакай атын минип бургутуп,
Көкчолок менен оргутуп,
Арт жакта калган Семеңе,
Салып жетип барды эле,
Анда Семей муну айтат,
Агартып тишин кылайтат:
“Кагылайын абаке,
Эрте кетип кеч келдиң,
Эриккени бар бекен,
Эрте өлгөн бала келди деп,
Демиккени бар бекен?
Саар кетип кеч келдиң,
Сагынганы бар бекен?
Сайышаар бала келди деп,
Камынганы бар бекен,
Илгертен бери булардын,
Ойлогону арамдык”.
Анда Бакай кеп айтат,
Наалып туруп муң айтат:
“Арстаным Манас барында,
Ошол кезде өлбөдүм,
Акыретти көрбөдүм,
Жетим келер бекен деп,
Дегдеп тосуп жүргөнмүн,
Көр Көбөштөн мен өзүм,
Өзүнчө кордук көргөнүм,
Абыке сөзүн жайлады,
Байкушта арман калбады,
Абыке угуп сүйүндү,
Көбөш угуп күйүндү,
Көбөш сөзүн байлады,
Карып калган абаңды,
Кол бакан менен жайлады.
Анда барып мен айттым,
Семетей келди деп айттым.
Кечигип калган ишим бул,
Таап келген сөзүм бул.
Айланайын кулунум,
Айткан сөздү уккунуң,
Анткен менен Абыке,
Астыман шашып жүгүрдү.
Азыраак гана иш үчүн,
Алдыма келип бүгүлдү,
Арстандык кылып Семетей,
Абыке менен Көбөшкө,
Астили сырың айтпагын,
Балалык кылып шашпагын,
Балтыр эти толсун деп,
Балам, сени сактадым”.
Семетей минди атына,
Бакай кирди алдына,
Бакай менен Семетей,
Бир бастырып жанашып,
Барып түштү ордого.
Абыке менен Көбөштүн,
Эл чогулган короого,
Абыке келип алынып.
Айланайын жалгыз деп.
Семетейге жалынып,
Атынан жулуп алышып,
Алдына килем салышып,
Баары дүрбөп барышып,
Бала менен көрүшүп,
Семетейдин бетинен,
Бирден-бирден өбүшүп,
Абыке менен Көбөшкө.
Арстандын уулу Семетей,
Көрүшкөн жери мына ушу.
Семетейди көргөндө,
Көр Көбөштүн жүрөгү,
Чыгып кете жаздады,
Эскиси түшүп эсине,
Көбөш көзүн жаштады.
Каныкейге кылган дат,
Как ошол жерде көрүндү,
Көзүнүн жашы төгүлдү,
Кайгырып кылган ишине,
Көкүрөк сөөгү бөлүндү,
Абыке сөзгө кирди эми:
“Айланайын, Семей ,- деп,
Азыр кайгы жебе,- деп,
Сак-саламат келдиңби,
Санааңа бизди алдыңбы,
Эсен-аман келдиңби,
Эсиңе бизди алдыңбы,
Издеп келип калдыңбы?
Ырахмат, Семей өзүңө,
Ыраазы болдук биз сенин ,
Издеп келген өзүңө.
Кечээ кирип жатыпсың,
Семетей бала түшүмө”.
Көбөш менен Абыке,
Көрүнө кылды жарамат,
Өлтүрдүк деген Семетей,
Келип калды саламат.
Семетей турду серпилип,
Абыке менен Көбөшкө,
Алайа карап тиктелип,
Ал кайратын көргөндө,
Абыке, Көбөш апкаарып,
Корккондугу билинип,
Кол куушуруп ийилип,
Анда Семең кеп айтат:
“Абаке, Көбөш деп айтат,
Алда сенин азабың,
Энеме салган казабың.
Энемди сабап сыздатып,
Буркуратып ыйлатып,
Кылбаган ишиң калдыбы,
Тууганмын десең өзүң бил,
Душманмын десең кошуун жый,
Атышаар болсоң атка мин,
Анте албасаң өзүң бил”.
Анда Абыке бүгүлдү,
Семетейдин астына,
Кол куушуруп жүгүндү:
“Айланайын, Семейим,
Азапты минтип жебейин,
Жалган айтсам оңбойун,
Жаза сөз өтсө мен жактан,
Жаннаттын жүзүн көрбөйүн.
Арамдык кылсам өлөйүн,
Алланын жүзүн көрбөйүн,
Таза шумкар баласы,
Карды тойо жем жебейт,
Хан зааданын баласы,
Кандай жумуш болсо да,
Капа болуп кирдебейт.
Ак шумкардын баласы,
Ашөпкө тойуп жем жебейт,
Арстан эрдин баласы.
Аркандай ишти көрсө да,
Анча эле көөнү кирдебейт.
Арстаным Семе ат тартуу,
Абыке агаң баш тартуу,
Атаңдан калган ордону,
Жасатайын жаңыдан,
Айланайын жалгызым,
Сөзүмдү укчу абыдан,
Устаны жыйып алдырып,
Сарайыңды салдырып,
Кызыл гүлдү жайнатып,
Булбул кушту сайратып,
Ар бир түрдүү гүл салып,
Адам көрсүн таң калып.
Айланайын семетей,
Асылдык кылсаң кечерсиң,
Асылдык кылбай сен койсоң,
Агаңдын башын кесерсиң,
Туйгундук кылсаң кечерсиң,
Туйгундук кылбай сен койсоң.
Тууганың башын кесерсиң.
Кудай жалгыз ,куран чын,
Кулунум Семей өзүң бил”.
Анда Семең муну айтат:
“Абыке, Көбөш сен экөөң,
Сарайды жакшы салдырчы,
Устаңды жыйып алдырчы,
Жаңырып чыксын күн тартып.
Жашыл гүлдөн сыр тартып,
Кызыл гүлдү жайнат,- деп,
Булбул кушту сайрат,- деп.
Бир айда бүтүп болсун,- деп,
Эки айда көчүп келем,- деп,
Аппак көөнүң бар болсо,
Туугандыгың билем,- деп,
Душмандыгың бар болсо,
Маани жайың көрөм»,- деп.
Семетей айтты мындай кеп,
Анда Абыке кеп айтып:
“Арстаным Семей ,- деп айтып,
Макул Семе сөзүңө,
Сарайды жакшы салдырам,
Устаны жыйып алдырам,
Теректи такыр кыйдырам,
Устаны койбой жыйдырам,
Кызыл сыр менен сырдатып,
Нечен түрдүү кырдатып,
Тышын аппак бордотуп,
Сарайды жакшы салайын.
Көз уйалып жаткыдай,
Көргөн элдин баарысы.
Даңаза кылып кайткындай,
Семетей чунак көчүп кел,
Манас турган жер ушул”.
Ушуну айтып Абыке,
Семетейдей чунакты,
Ээрчитип алып жүргөнү,
Ак сарайга киргизип,
Көрпө, килем салды эми,
Дастарконун жайдырып,
Кант, мейизин койдуруп,
Самоордон чайды куйдуруп,
Ак чайнекке демдетип,
Суусунуна чунактын,
Кымыз алып келди эми,
Бакай менен Семеңге,
Конок кылып бермекке,
Кысырдан кармап сойдуруп,
Кемегесин ойдуруп,
Казы, учаны бышыртып,
Ачуу туздан чык кылып,
Астына алып койду эми,
Бакай менен Семетей,
Этти жешип болгондо.
Бата дуба кылышып,
Дасторконду жыйышып,
Аттарды отко койушуп,
Жатып уктап калды эми.
Муну мындай таштайлы,
Семетейдин туурга,
Конушунан баштайлы.
СЕМЕТЕЙДИН АТА КОНУШУНА ЭЭ БОЛУШУ, КЫРК ЧОРОНУН
КЫРЫЛЫШЫ
Ал аңгыча болбоду,
Таң саргарып атканда,
Тараза жылдыз батканда,
Ойдо кулун чуркурап,
Кара каш торгой чулдурап,
Жан-жаныбар кыбырап,
Жанында торгой быжырап,
Бак-дарактар шуулдап,
Жандардын баары тыбырап,
Асмандагы жылдыздар,
Кыбыла көздөй зыркырап.
Намаз маалы болгондо,
Бакай Семей ойгонуп,
Ордунан турду толгонуп.
Колун сууга салышып,
Кол дааратын алышып,
Бутун сууга салышып,
Бут дааратын алышып.
Агып жаткан арыктан,
Адал даарат алышып,
Жайнамазын салдырып,
Экөө сүннөт, экөө парз.
Эгем талаа бендеден,
Өтпөй турган кыйын карыз.
Төрт ирекет багымдат,
Төптөп окуп алды эми,
Намазды окуп болгон соң,
«Табарикти» жат айтып,
«Жаасын» деген сүрөөнү.
Таң калгыдай бат айтып,
Дурутун окуп кошо айтып,
Алакан жайып кол ачып,
Атасы өткөн Манаска,
Арбагы азыр Таласта,
Арнап бата кылды эми.
Бата дуба кылган соң,
Бармак менен сыдыртып,
Сөөмөй менен кыдыртып,
Теспе тартып отуруп,
Оозуна ыйман толтуруп,
Алланы ойлоп жат кылып,
Жайын намазын жыйды эми,
Ал аңгыча камынып,
Алдына келип алдырап,
Аларга чайын берди эми,
Куурдак менен май берип,
Стакан менен чай берип,
Ашыкпай туруп берендер,
Аш-тамагын жай ичип,
Мейман кылып аларга,
Каз эритип май койгон,
Кандыра кара чай койгон,
Каркыттаган көөкөрдүн,
Жибектен боосун чалдырган,
Ысык арак кошпостон,
Муздагынан алдырган.
Ысыган жүрөк кубанып,
Суусундарын кандырган,
Кымызын кошуп ичишип,
Капакка салган балды жеп,
Каймакка бышкан нанды жеп.
Алып келген тамактын,
Бирин койбой баарын жеп.
“Эми алып келбегин,
Курсак тойду болду деп,
Атамдан калган жабдыктар,
Кайда экен келсин”,- деп,
Дасторконун жыйганда,
Абыке турду алдырап,
Балага кылып кызматы,
Тил байланып жалдырап.
Анда калган Аккелте,
Олпок менен Сур жебе,
Айбалта менен Сырнайза,
Ачалбарс кылыч, булдурсун,
Алдына алып келди эми,
Жаш Семетей чунакка,
Жабдыкты такыр берди эми,
Жарактын баарын алган соң,
Жалгыздын көөнү тунган соң,
Керүүдөн атты алдырып,
Үстүн токум салдырып,
Жылкыны барып көрөм деп,
Айылдан бала бастырып.
Абыкенин айлынан,
Ат чабымдай ыраакта,
Жаткан жылкы буларда,
Бала жолборс Семейиң,
Ошондо келип караса,
Он эки катар тай чабым,
Алардын тарткан желеси,
Бул түгөнгүр мүлк экен,
Атамдын калган дүйнөсү,
Алты сан араң жылкы экен.
Жайы-кышы Кеңколдо,
Кыбырабай турчу экен,
Чекесинен субайды,
Жылкычы кармап минчү экен,
“Семетейдин аты”- деп,
Манастын көзү барында,
Арнап койгон Буурултай,
Аны Бакай билчү экен:
“Семетей балам келгин деп,
Аралап жылкы киргин деп,
Арнаган атаң Буурултай,
Он беш асый бул кезде,
Кармап аны мингин”,- деп,
Окшош жылкы кызыл сур,
Буруп калган жери жок.
Баары буурул кызыл сур,
Тааный албай буурулду,
Карыган Бакай карап тур,
Баары тегиз жуушаган,
Семизинен нык болуп,
Жылкынын баары сулаган,
Аралап жүрүп буурулду,
Тааныбады булардан,
Тааный албай буурулду,
Таап мине албай болду таң,
Дагы айтты бир сөздү.
Карыган Бакай абаң чал:
- Аттардын баарын айдайлы,
Желеге барып кармайлы,
Шек берер бекен Тайбуурул,
Мына ошондо кармайлы.
Аттардын баарын айдады,
Он эки катар тай чабым,
Желеге барып камады,
- Субайдан тоодо калдыбы?-деп,
Семетей сурап калганы,
Семетей менен абаңа,
Кошулуп бирге бастырган,
Абыкеси айтканы:
- Субайдын баары ушу деп,
Сыртта жылкы калган жок,Абыке айтып салганы,
Укуруктап, койгулап,
Аттардын баарын айдады,
Он эки катар тай чабым
Желеге айдап камады,
Кыргыздын баары дүбүрөп,
Чогулушуп барганы,
Куйругун салып сыртына,
Кызыл буурул бир жылкы,
Кыл тийгизбей жебеге,
Аттап кетип калганы.
Кыл муруту былк этип,
Мыйыгында күлдү эми,
Тайбуурул ушул экен деп,
Карыган Бакай билди эми,
“Куржунду балам ачкын деп,
Аккуланын боолугун,
Андан издеп тапкын”,- деп.
Куржунду бала ачыптыр,
Томолоктоп чын түрүп,
Боолукту булар катыптыр.
Жибектен кылган боолугу,
Катылуу бойдон жатыптыр,
Кайындан кылган укурук,
Боолукту байлап башына,
Жаш Семетей басыптыр,
Бурулуп Буурул кеткиче,
Боолукту салып мойнуна,
Боолук менен укурук,
Сабы Семей колунда,
Октоло түшүп жалт койуп,
Карыган Бакай жүгүрүп,
Жетип барды ушуга.
Атадан калган ээр токум,
Аккуланын ноктосун,
Анталап баатыр көтөрүп,
Абыке келди ашыгып,
Тандап жылкы кармаган,
Азар түмөн жылкыдан,
Тааныбай булар калбаган,
Сыртынан сынап байкашып,
Тайбуурулду кармаган,
Аккуланын ноктосун,
Буурулдун катты башына,
Чоң келбей, нокто чак келди,
Кылган ишин оң кылган,
Кудай талаа ал элди.
Имерилип Буурул ат.
Семетейди жыттады,
Жытын алып Семеңдин,
Жыттаган соң ыктады.
Алдынкы кашы карк алтын,
Кийинки кашы чылк күмүш
Эки каптал эн темир,
Эптеп кылган ак каңгы ээр,
Тайбуурулга чак каңгы ээр,
Жонуна чыңдап мыктады,
Айат окуп Курандан,
Үстүнө Семең чыкканы,
Башын булгап кылт бербей,
Ылоолук кылып жалт бербей,
Көлбүгүп Буурул басканы,
Буурулду минип зоңкойуп,
Сырнайза колдо койкойуп.
Бала жолборс Семетей,
Ач арстандай шаңданып,
Ач албастай, жанда байланып,
Айбалта белге илинип,
Булдурсун колго карманып,
Атып жүрсө Аккелте,
Аманат жандын эрмеги.
Асынып жүрсө Аккелте,
Айдалынын жөлөгү,
Асынып алды жонуна,
Олтурду Манас ордуна,
Төрөдөн калган белеги,
Түбүндө мунун тиет го,
Бар кыргызга кереги.
Аркасын карап кылчайып,
Абыкеге анда айтты:
- Абыке, Көбөш агам, - деп,
Азапты көргөн силерден,
Каныкейге барам, - деп,
Ак сакал бизге нак калыс,
Касиеттүү абам, - деп,
Агартып салган калааны,
Абдан жакшы салдыр,- деп,
Эки айда кайтып келемин,
Сарайың бүтсө киремин,
Сарайды жакшы жасасаң,
Туугандыгың билемин.
Ошону айтып Семетей,
Аккелтени асынып,
Ашыккан жүрөк басылып,
Ак олпокту кийинип,
А, кудай деп сүйүнүп,
Абыке менен Көбөшкө,
Айтып кетер сөзү бул:
- Атамдан калган жабдыктын,
Алдым койбой мен бирин,
Кылсаң дагы кылбасаң,
Кызматыңды өзүң бил,
Бакайга салган казабың,
Энеме салган азабың,
Айтпай койсом чыкпас,- деп,
Көкүрөктүн кирин.
Атам Манас өлгөндө,
Эл чогулуп көмгөндө,
Өткөрбөйүн күн арадан,
Душмандан бетер таладың.
Асылым энем Каныкей
Ажалыңдан кечерби,
Каныкейден сурайын,
Чыйырды менен Каныкей,
Кайгы тарткан убайым,
Кайтарып кезек келтирди,
Кагылайын кудайым.
Кайтып келсем Таласка,
Калың ногой көп журтун,
Хан болуп өзүм сурайын,
Жамандыкты ойлобой,
Жакшылыкка турайын.
Жакшы болсоң Абыке,
Жасоолго башчы кылайын,
Баккан энем Каныкей,
Жаныңды сурап калайын,
Жамандык көңүл ойлосоң,
Жаадыга салып туурайын.
Кайтып барып мен мындан,
Каракандын шарына,
Шаатемир кызы Чачыкей,
Ошону алам мен Семең,
Катын алып, мал бериш,
Мурунтан калган нарк экен,
Кастаганды алуучу,
Атадан калган шарт экен.
Чачыкейдей сулууну,
Ала турган эри бар,
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Баары журтка сын кожо.
Чачыкей өңдүү сулууну,
Чынкожодой ханыңдан,
Чыңыртып тартып аламын.
Чындап тийсе жиниме,
Элин чаап таратам”.
Жаш Семетей чунагың,
Айтып сөзүн болду эми.
Анда Абыке кеп айтып,
Кеп айтканда муну айтып:
- Астыңда кызмат кылайын,
Ызаат кылып турайын,
Сага жамандык ойлосом,
Жаным барып тынайын,
Каршылык кылса ногойдун,
Кайрып мойнун кыйайын,
Атаңдын кунун кубалап,
Алыска сен барсаң,
Алтысы кара ногойду,
Айдап жолго салайын,
Аман болсо Абыке,
Астына баштап барайын.
Ажал жетип өлгөнчө,
Алдыңда бирге турайын.
Кудай жалгыз, Куран чын,
Убада кылган сөзүм бул,
Урматтуу Семей өзүң бил.
Ушул кебин укканда,
Буурулдун башын бурду эми,
Абасы Бакай ээрчитип,
Артынан жүрдү чунагы,
Жекендүү көлдө басты эми,
Шабырлуу көлдү ачты эми.
Алакөлдүн ойунан,
Атасынын күмбөзүн,
Ак чокудан бек салган,
Алты кылым өткөнчө,
Турар бекен деп салган,
Ал күмбөзгө келгенде,
Аттан түшүп алышып,
Акбоз бээни чалышып,
Кардына канжар салышып,
Карыптарга таратып.
Куран окуп арбакка,
Бата дуба кылышып.
Кайтып атка минди эми,
Кара жолго кирди эми,
Андан ары барганда,
Атасы Манас жайлаган,
Сан миңдеп бээни байлаган,
Алтын мамы казык бар,
Буралган шибер жайык жер,
Как ошого барды эми.
Ошол жерди көргөндө,
Карыйа Бакай кеп айтып:
- Кабылан Семе деп айтып,
Атаң Манас башында,
Абаң Бакай кашында.
Байлап жүргөн жер эле,
Жазыла тартып коо учу,
Жалпы ногой эл эле,
Атаң Манас барында,
Карыган Бакай жанында,
Калк жайлаган жер эле,
Кайкалап калкың конуучу,
Калың ногой эл эле.
Кайсы экени билинбей,
Мал каптаган жер эле.
Бай, жардысы билинбей,
Балырлап жаткан эл эле.
Беш жүздөн бээни байлатып,
Эшикке киши шайлатып,
Эки жүз киши аттанчу,
Эки жүз киши түшүүчү.
Жетиден саба кымызды,
Бир түшкөн киши ичүүчү,
Бир сабага ачытып,
Сары бээден ылгатып,
Сабасын кызыл ыштатып,
Арак тартып кыйлатып,
Атаң Манас ичүүчү,
Алымсынбай аларга,
Кысырдан тандап сойдуруп,
Көөкөргө арак куйдуруп,
Атарын таптап байлашып,
Асынар мылтык шайлатып.
Жоо-жарагын белендеп,
Жүрчү булар камдашып,
Атаңды душман жеңген жок,
Маңдайлашып кармашып.
Алтымыш бээни сойдуруп,
Алыстагы Бейжинге,
Барармын деп жол сурап,
Барбаска ногой чыкканда,
Жез сурнайын бакыртып,
Жеткилең бала арстанды,
Жети хан элин чакыртып,
Жети кан келип болгондо,
Жер кылкылдап толгондо,
Казатка жүргөн жер ошол,
Кайран жайлоо бел ошол.
Карыган Бакай абасы,
Айтып болду кепти эми,
Кечикпей белге конду эми,
Эртең менен болгондо,
Аттарды токуп минди эми.
Ат айабай жүрдү эми,
Арага нечен конду эми,
Атасы Манас киринчү,
Алласына сыйынчу,
Кайнар булак болду эми,
Ал булакка жакындап,
Салып кирип келди эми,
Каныкей айткан булак деп,
Касиеттүү абаке,
Сен билесиң башынан,
Жайын айтчы мага деп.
Баштап Бакай кеп айтып:
“Байкагын балам деп айтып,
Башында булак шар эле,
Ысык булак ал эле,
Эр сыйынып өтүүчү,
Киши кетпес жер эле.
Сыйынбаган бенденин,
Катындын бири келбеген.
Капыр элде булакка,
Тартынып адам кирбеген.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 04
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.