Latin

Семетей - 04

Total number of words is 4246
Total number of unique words is 2245
30.6 of words are in the 2000 most common words
43.2 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Так Сулайман пайгамбар,
Ошонун бардыр тушунда,
Атаң Манас сыйынчу,
Зыйарат кылып ушуга.
Куурап калган чынары,
Арстан Манас атаңдын,
Бейжинге барар тушунда,
Сен жетимди калкалап,
Энең качып кеткенде,
Келип конгон ушуга,
Көрбөдүм уктум имиштен,
Бүрдөп чынар чыкты деп,
Бир бутагы бүрдөбөй,
Куурап турат мунун деп,
Аттуу адам буга барбайт,
Аттан түшүп жүрү деп,
Түштү булар артынан,
Түйшүктү алла буларга,
Арбын салган башынан.
Аттардын кармап чылбырын,
Мойнуна салып камчысын,
Тегеренип сыйынды.
Айтылуу булак тамчысын,
Бешимде келди кеч болду,
Шек бербей булак нес болду,
Үч ача бүрдөп бөлүнгөн,
Экөө бүрдөп бирөө куу,
Көрүшсө чынарына ушу,
Бакай башын булгады,
Ага кудайлап ыйлады.
Шылдырап чынар дуу берип,
Шамал чыккан немедей,
Жалбырагы шуулдады.
Куу бутагы козголбой,
Бүрдөгөнгө окшобой.
Бутактары саргарды,
Көргөндө булар таң калды,
Тилекти кудай берер деп,
Жакаларын кармады.
Жашырбайт билген сырларын,
Жайып Бакай салганы.
- Семетей балам, кулак сал,
Айткан сөзүм нак ушул,
Куурады чынар башында,
Кор болду атаң каапырга,
Ошондон бери куураган,
Козголгон ушул чагында.
Көгөрө элек жакында,
Бирөө өнбөй куу турат,
Кор кылат сени да бир күн,
Курчалган душман акырда,
Экөө болсо жолдошуң,
Бирөө тунук ак ниет,
Бирөө кара болот го,
Өнбөдү чынар шек берип,
Чынында кастык кылат го,
Жүргүнүң балам кетели,
Мында туруп нетели”.
Ат айабай жүрдү эми,
Арага нече конду эле,
Алыстагы шаарга,
Абасы Бакай Семеңе,
Айла берген насиби.
Ар кайсы жерден болду эми,
Алтымыш күндүк Таластан,
Отуз беш күндө келди эми.
Айылга келди жакындап,
Айнектей түздө закымдап.
Эртеден кечке Каныкей,
Эрикпей күндү саначу,
Кеч курундап калганда,
Караңгы күүгүм болгуча,
Кастарлап жолду карачу,
Хан баласы Каныкей,
Бакай менен Семеңдин,
Келатканын көрдү эми.
Эли журтун чакырып.
Эшикке киши дайардап,
Сумсайа басып Каныкей,
Эшикке чыгып турду эми.
Кабылан Бакай Семетей,
Жоргонун чаңын бургутуп,
Атынын башын жулкунтуп,
Артынан чаңын бургутуп,
Даңканын буттан чачтырып,
Мингени жорго булардын,
Калкылдата бастырып,
Эшигине келди эми.
Аттарын барып алдырып,
Мамыга аса байлатып,
Сары улагын таптырып,
Садагасын чаптырып.
Ак боз бээни алдырып,
Кардына канжар салдырып,
Айылдагы иттерге,
Сүйрөтүп берди жардырып.
Чоң куржунун ачтырып,
Кыпкызыл сары алтындан,
Садага кылды чачтырып.
Карыптарга талатып,
Кара хан элин жардатып.
Бар кийимин Семеңдин,
Кедейлерге карматып.
Он экиде чунакты,
Эли келип жардашып.
Кандай жылкы сонун деп.
Тайбуурулду карашып.
Ак сарайга киргизип,
Дасторконун жайдырып,
Кант, мейизди койдуруп,
Чайды берди буларга,
Каныкей туруп кеп айтып:
- Бакай сындуу баба элең,
Пайгамбардай аба элең.
Аман эсен келдиңби?
Сак-саламат жүрдүңбү?
Саргарды Каныш билдиңби?
Эсен-аман жүрдүңбү?
Эриккенде келдиңби?
Эл-журтту сагынып,
Эрикти каныш билдиңби?
Элиңде аман барсыңбы?
Эл башкарган хансыңбы?
Же башкарганга элиңди,
Карчылык тартып калдыңбы?
Ит агытып куш салып,
Эркинче ойноп Семетей,
Токойдон келип аш ичпей,
Үч күнү жатты короодо,
Кокустан киши жиберип,
Сен кордукту мага салдыңбы?
Атайлап балаң барганда,
Сен коркутуп кегиң алдыңбы?
Айлыңдан киши жиберип,
Астыртан кабар алдыңбы?
Абакелеп барганда,
Алардан кегиң алдыңбы?
Же айарлык кылып алдаса,
Ак көңүл болуп аксакал,
Алдатып ийип калдыңбы?
Арстандан калган белегим,
Артыкча тийди керегиң,
Канкордон калган белегим,
Ар качан тийди керегиң.
Кагылайын Семейим,
Кайран жерди көрөйүн,
Атаң Манас өлгөндө,
Абаңдын көрдүм пайдасын,
Артыңда жаман туугандын,
Азабын тарттым дүйнө шум,
Атаңды Жакып көрдүңбү?
Алдап койсо келдиңби?
Абыке, Көбөш көрдүңбү?
Күлүп койсо келдиңби,
Атаңдан калган жабдыкты,
Эрдик менен алдыңбы?
Азып жүрүп келдим деп,
Аркаңдагы энеңди,
Жаман атты кылдыңбы?
Жоого керек жаракты,
Тоодой кылып талапты.
Токмоктотуп энеңди,
Тартып алган агаңды,
Кандай кылып сен алдың.
Эмне кылдың аларды,
Аман-эсен саламат,
Асырап алып келдиңби?
Ак сакал Бакай абаңды,
Канкордун көрүп жарагын,
Эми бастым санаамды”
Анда Семең кеп айтат,
Кеп айтканда муну айтат:
- Жакып ханды жайладым,
Жашымда жерди майладым,
Аракка кошуп уу куйган,
Сакалы ылдый куйултуп,
Мен как баш чалды кардадым.
Абыке, менен Көбөштү,
Өлтүргөнү алдадым,
Атамдан калган жабдыктын,
Бирин койбой мен алдым,
Ушак малын көрбөдүм,
Бодолорун аралап,
Жылкыларын айдадым.
Он эки катар тай чабым,
Ошондо тарткан желеси,
Бузулбай азыр бар экен.
Атамдан калган керээзи,
Аралап жүрүп жылкыдан,
Буурулдан бөлүп тандадым,
Ушул эмей кайсы деп,
Буурул атты кармадым.
Атакемдин күмбөзгө,
Андан кийин мен бардым,
Сарайды жакшы салсын деп,
Жашыл сырдан гүл тартып,
Жайы менен болсун деп,
Жаңырып чыксын үн тартып,
Эки айда көчүп келем деп,
Ошогочо бүтпөсө
Башыңды кесип салам деп,
Кызматка салып мен келдим,
Абыке жаман карганды,
Садага болуп айланды.
Күүлөнө албай Көбөшү,
Көмүктө жатып калганы.
Жардады баары чогулуп,
Жалпы ногой балдары.
Жыйылып келди калбастан,
Кемпири менен чалдары.
Ардактады Абыке,
Арстан калган балаңды,
Алардан калган кастык жок,
Энеке баскын санааңды.
Азапты тарткан энеке,
Сарайды жакшы жасаса.
Абыке менен Көбөштүн,
Ажалын сенден сураймын.
Абыке, Көбөш нурланды,
Алда нече карганды.
Албарстыдай жалбарды,
Жалынса да кете албай,
Жакшы кептен өтө албай,
Таштап келдим аларды.
Атам Жакып тил албай,
Уу берди мага уйалбай,
Жазалап аны таштадым,
Ээрчитип алып абамды,
Андан кийин жандым мен.
Эскерип Семең келет деп,
Эсиме албай калдым мен,
Абыке, Көбөш ыйлады,
Эл чогулган жыйында,
Сырын айтып чогууда,
Алдыга келип жыгылды.
Каныкей анда кеп айтты:
- Айланайын кулунум,
Атадан калган чырагым,
Алардын салган алдамы,
Абыке менен Көбөштүн,
Кылбаган иши калбады.
Өлгүчө кеткис сыр болду,
Өлүгү батпай атаңдын,
Өз алдынча чыр болду.
Алтындан кылган бешикти,
Балта менен чабам деп,
Балчайып кирип көр Көбөш.
Ичиндеги баланы,
Мээсин жара чабам деп,
Ботодой боздоп ыйладым,
Чымындай жанды кыйнадым,
Чыркыратып баламды,
Колумдан сууруп алганы,
Сүйүнчүлөп как башка,
Баланы алып барганы,
Өлбөй туруп көтөрдүм,
Өнөрү болсо жалгандын,
Алардан кантип кечейин,
Ал экөөнү кеч десең,
Кулунум акыретке кетейин,
Акыры бала катышпа,
Өлтүрүп канын татыйын,
Зардаптуу жүрөк басайын,
Көзүн ойуп тешейин,
Кечирин алып кесейин.
Келберсиген бектерди,
Кесири болсо көрөйүн.
Өлбөй калчу бенде жок,
Ошон үчүн өлөйүн,
Кечкин дедиң аларды,
Кантип кечип койойун.
Таштабаймын балам деп,
Алар алдап сени жиберди.
Алар акыры табат балээни,
Дагы чыкса кыйыгы,
Кыйамат кылба Семетей,
Анан ырайым шапкат менде жок,
Айап койчу кенедей.
Анда Семең кеп айтат:
- Айланайын энеке,
Алдымда минген бууданым,
Абыке, Көбөш тууганым,
Абыке антын ал бузса,
Анда карап турбаймын.
Көбөштүн көзүн тешкиниң,
Абыке башын кескиниң.
Сурабаймын какы,
Көрүнөө канын ичкиниң,
Туугандык кылса Абыке,
Туйгунум ылгап сындаса,
Тулпарын тандап кармаса,
Шайтан кирип ичине,
Каргаша болуп калбаса.
Алып берем мен анда,
Агалык тузум актаса.
Тийбеймин десем болбоймун,
Тийгизбей сени койбоймун.
Сен тиешелүү жесирсиң,
Албай кантип ал койсун,
Ата ордуна карманган,
Аксакал агам ал болсун.
Козголтпойм Манас олутун,
Олтуруп такта хан болсун.
Болбой бала мойнуду,
Мойнуп мойнун толгоду.
Көөнүндө кебин бүт айтып.
Эр Семетей токтолду.
- Үй көчүрүп баралы,
Армандуу ногой көп журтту.
Өрүшүбүзгө салалы.
Жаш Семетей чунактан,
Ошол кебин укканда,
Тайатасы Кара хан,
Кырк элүү бээни сойдуруп,
Эли журтун жыйдырып,
Баштап колун көтөрүп,
Бата берип Семеңе,
Баргын балам жол болсун,
Басташкан душман кор болсун.
Башында Манас кол берген,
Баабединин Ак эшен,
Дубана пирим так эшен.
Кааус кыйас Колдосун,
Копгун Семе жол болсун,
Башында атаң кол берген,
Атаңа ачык жол берен.
Кылганын кудай оң көргөн,
Кожо Асан болсун жолдошуң.
Элдин баары дүркүрөп,
Бата берди күркүрөп.
Атакең Манас баатырдын,
Мен элем балам кайны деп,
Тууган энең Каныкей,
Менин кызым болуучу,
Эр Манастын зайыбы деп,
Тууганың жүрөт алам деп,
Калсын алар кайгы жеп,
Шаатемир кызы Чачыкей,
Болсун балам зайыбың деп,
Каймураска жетебиз,
Канкордон калган туйактан,
Калың салып малын жеп,
Темирхан менен Шаатемир,
Экөө менин иним деп,
Башынан бери бар ишин,
Өзүм жалгыз билем деп.
Тойдун камын кылгының,
Каныкей балам тургун деп.
Бакай ырас келиптир,
Кудай мага бериптир.
Айткандан жанбайт Каракан,
Кийитке аркан кериптир.
Каныкей Бакай кеңешип,
Өзү берген Кара олпок,
Түшүп берген Бозжорго,
Көтөрүп олпок тон алып,
Жетелеп тулпар ат алып,
Кудалашты мына булар.
Караканга курчалып,
Олпок менен тулпарын,
Алып келип бергенге,
Ага ини хандар кубанып.
Кыздын баары кылаңдап.
Келиндин баары чогулуп,
Боз балдары жыйылып,
Ак сакал кары чал келип,
Абышка, кемпир ал келип.
Кары жаш дебестен,
Калбай тирүү жан келип,
Чачыкей сулуу инсандан,
Таалайына бар келип.
Ашыгып калган балам деп,
Алыска сапар калат деп,
Жети күн тартып той курап,
Молдого нике кыйдырып,
Көөнүндө ишин кылдырып.
Каныкей менен Бакай хан,
Чоң куржунду ачтырып,
Кызыл алтын тылладан,
Кырк миң тылла алтынды,
Караканга тапшырып,
Шаатемирдин жалгыз кыз,
Жасап жүргөн үйү бар,
Үйдүн жайы мамындай,
Байкап баарын билип ал,
Чамгарагы чылк калай,
Желбоосу жез чынжырдан,
Жагына күмүш кармаган,
Мындай үйдү баштатан,
Көрүп бенде канбаган.
Жибектен чийин чырмаган,
Керегесин кырдаган.
Уугунун боосу манаттан,
Жыгачы кызыл сырдаган.
Бастыргычы дейилда,
Төрт эли кундуз кармаган.
Төтөгөнүн этеги,
Камка менен жээктеп.
Керегесин көктөбөй,
Сары жез менен тээктеп.
Босого башы сом алтын,
Боруму артык чоң сарай.
Ичин жашыл сырдаган,
Тышын аппак бордогон.
Корунуп далай азамат,
Жанына жакын барбаган.
Боорлорун болжоп мурунтан,
Каракан кызын камдаган.
Армансыз болуп жан өтпөйт,
Ушу дүйнө жалгандан.
Казан айак кармайт деп,
Кимдин көзүн карайт деп,
Кырк кенезек кырк уулу,
Кул, күңү деп арнаган,
Алтымыш нарга жүк кылып,
Сарамжалы шайлаган,
Төр миң беш жүз жылкыны,
Энчиге бөлүп айдаган.
Мына минтип кара хан,
Жесирдин көөнүн жайлаган.
Колуна мылтык карматып,
Кошундарга жардатып,
Бир жүз токсон кишини,
Кошуп берди Каракан.
Энчи малын айдатып,
Жеткирип силер келгиле,
Жетимдин көөнү тынсын.
Калбасын менден көңүлү?
Канышым шүгүр кылсын.
Жол керегин дайардап,
Бүткөрүптүр Каракан,
Алтымыш күндүк тамагын,
Жол керегин камдаган.
Кыргый сөөк кымча бел,
Кырмызы көйнөк, тасма бел,
Келеңкөр чачпай, кең соору,
Кош каркыра олоң чач,
Орто бойлу алма баш,
Кырдуу мурун кыйгач каш,
Келбеттүү сулуу Каныкей,
Буулумдан ичик кийинип,
Бир кудайга сыйынып,
Алтымыш нарды жетелеп,
Кең-колдун жолун төтөлөп,
“Аман болгун ата” - деп,
Кара жолго кирди эми.
Манастын уулу эр Семең,
Бала жолборс эр немең,
Канкордун уулу эр Семең,
Кайгырбаган эр немең,
Баласын Бакай ээрчитип,
Жаш козудай телчитип,
Кара жолду калкылдап,
Кетип барат шалкылдап,
Мингени жорго алкылдап.
Саагагы алтын, күмүштөн,
Күнгө келсе жалтылдап.
Күмүштөй болуп сакалы,
Абакеңдин жаркылдап,
Алдындагы Бозжорго ат,
Туйагын жерге мылгытып
Тумарын көккө ыргытып,
Баладай жалы былкылдап,
Кулжадай башы кылтылдап,
Кундуздай жүнү жылтылдап,
Асаба колдо калкылдап.
Абаң Бакай жол баштап,
Кетип барат шалкылдап.
Күндүз жөнөп түн катып,
Күнүгө ашуун бел ашып.
Отуз беш күн болгондо,
Күнү-түнү санаты,
Алтымыш бешке толгондо,
Таласка келди ошондо.
Кең Таластын ойунда.
Алакөлдүн бойунда,
Арстаның Манас күмбөзгө,
Ошого жетип келди эми,
Бура тартып барышып,
Арбакка атаң сыйынып,
Ак боз бээни чалышып.
Куран окуп арбакка,
Бата дуба кылышып.
Көчүп өттү ошондо,
Накай күндүн эсеби,
Отуз алты толгондо,
Канкордун сайган багына,
Кабылан эрдин тамына,
Төрткөлдүн төмөн жагында,
Төрөмдүн сайган багында,
Ошого жакын барганда,
Жамандык менен көз ачкан,
Ажал жетип өзүнө,
Көр Көбөшү күүлөнүп,
Жамандык кирди эсине.
Абыкеге туйдурбай,
Агасына сыр кылбай,
Жерди терең каздырып,
Өзүнүн бойун жашырып.
Унчукпай мылтык колго алып,
Дарыга кошуп ок алып,
Көбөш баатыр жатты эле,
Тосуп жолун камданып,
Тосту Көбөш уйалбай,
Бастырып келет Семетей,
Жоо чыгат деп ойлонбой.
Жолдошу көп немедей,
Жар түбүнө жашынган,
Көбөшкө жакын барганда,
Дабыш алып кылк берип,
Тайбуурул үркүп баспады.
Таалайы бар жетимди,
Алла таала сактады.
Тосуп жаткан Көбөшүң,
Так ошондо атканы.
Октой болуп Тайбуурул,
Октос берип түйүлүп,
Ордун салып аттады,
Үстүндөгү Семетей,
Учуп кете жаздады.
Арам өлгүр кантет деп,
Буурулду башка чапканы,
Чапкан камчы тарта элек,
Кылчайып артын караса,
Чачылып топо жатканы,
Ок тийгендей көрүндү,
Куйкум чыгып ороодон,
Семетей көөнү бөлүндү,
Көргөндө муну Семетей,
Көр Көбөштүн иши деп,
Абыке менен Көбөшкө,
Абдан ичи ачынып,
Кайраты толук оңбогур,
Ордого келди бастырып.
Абыке, Көбөш кам кылып,
Сарайды жакшы салдырып,
Ичине килем жайдырып,
Каныкей, Бакай, Семеңди,
Астын тосуп бүгүлүп.
Хан баласы Каныкей:
- Көрсөтпөгүн арамды,
Көрбөймүн деп буларды,
Көкбөрү тартты башында,
Таап алган баламды.
Унчукпас мылтык ок атып,
Оңолбогон кесек ит,
Ичиме салдың малалды.
Көбөштүн көзүн ойдурду,
Терисин тирүү сойдурду,
Абыкени аймады,
Жакып ханды жалмады,
Каныкейдин ичинде,
Эми арман калбады.
Атадан калган кырк чоро,
Астынан тосуп Семеңдин,
Арбак сыйлап барбады,
Семетей келип Букардан,
Өч алп кектүү туугандан.
Ээ болгондо Таласка,
Сыйынып жатып калганда,
Атасы азиз Манаска,
Кырк чоросу атамдын,
Арбагын сыйлап алдымдан.
Өздөрү тосуп келер деп,
Чоң Букардан Семетей,
Чачыкейди алып барганда,
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Мамындай деди кыркына:
- Абыке, Көбөш аларга,
Сен бирөөнө тийгин деп,
Арачы киши мен болдум,
Каныкейге барган иш.
Көңүлүндө калган бейм,
Ошол үчүн Каныкей,
Чачыкейди өзүнө,
Келин кылып калган бейм.
Бекер турсам болобу,
Бир чатакты салсам - дейм, Деп ойлонуп бузук кул,
Жан кишиге угузбай,
Хан Бакайга туйгузбай,
Карыйа Кыргыл баштаган,
Өлгөндүн изин бастырып,
Чоро кылган балдардан,
Чыбыт, Кочкор эки арам,
Адыбай, Көлбай төрт арам.
Аларга жолдош отуз беш.
Чакырып алды Чынкожо,
Дасторкон салып алдына.
Кырк чоронун баарына.
Кеңеш салды аларга:
- Кармалдың чоро балаага,
Карандай доомат жалаага,
Жакшылыктын баарысы,
Бекерге кетти талаага.
Чыбыт, Кочкор сен экөөң,
Адыбай, Көлбай - бул төртөөң,
Карыйабыз Кыргыл чал,
Мен силерге карасам,
Жүрөсүңөр кам кылбай.
Кечээ Манас өлгөндө,
Абыке, Көбөш ал экөө,
Каныкейди алсак деп,
Арага мени салганда,
Тийбеймин деди Каныкей,
Айтып келдим буларга.
Абыке, Көбөш, Жакып хан,
Дегеле жаман арданды,
Сени деп оозун карманды.
Арадан бир күн өткөрбөй,
Манастын айылын талады.
Семетей деп биле албай,
Көкбөрү тартты баланы,
Анда кеги бир калды,
Кыргыл баштап кырк чоро,
Былк этпей жатып алганың,
Көбөшкө болуп көмөкчү,
Көбүрөөк олжо сен алдың,
Андан кала бергенде,
Куу сакал Бакай карыны,
Четке кагып таштадың.
Бекер жүрбөй куу сакал,
Күн эсептеп ай санап,
Көрдүңөр эле жатканын.
Букардан келсе Семетей,
Жолунан тосуп тапканын,
Ээрчитип алып далбактап,
Элди аралап чапканын.
Алып келип баланы,
Абыке, Көбөш, Жакыптын,
Амалын мунун тапканын.
Уу берди сага Жакып деп.
Бузуп сөздү айтканын,
Үйрөтүп акыл балага,
Жайа салып жай айтып,
Абыке, Көбөш аларга,
Жоо куралын кийгенин,
Тайбуурул кармап мингенин,
Бурулбастан Бакайың,
Букарага чейин киргенин,
Баарысы Бакай акылы,
Семетей бокту билеби,
Чачыкей алып келгенин,
Каныкейге үйрөтүп,
Билбемиш болуп Бакайың,
Абыке, Көбөш, Жакыпты,
Жалмап жутуп ийгенин.
Бул отурган кырк чоро,
Эчтемени билбейсиң,
Баш көтөрдү куу сакал,
Баарың көргө киресиң.
Айылыңды Жакып таласа,
Кошо келген чоролор,
Аз келгенсип анысы,
Койду деп сага жолобой.
Жакшылык түбү кылбайт деп,
Бузуп айтат ошондой.
Куйткулап жүрүп Бакайың,
Түбүңө жетет тим койбой,
Долу катын Каныкей.
Жок жерден жабат балээни,
Жоготпосоң чорону,
Мени жогот балам деп,
Чырды салат калбаны.
Өчөшкөн толуп аларга,
Семетей кырып салбайбы,
Баарыңдын ишиң бүткөн соң.
Байпак сакал Бакайың,
Эми көөнүм тынды дебейби.
Семетейден өлсөңөр,
Силерди бирөө тергейби,
Чоң атасы Жакып хан,
Абыке, Көбөш агага,
Муйубаган Семетей,
Муйушабы силерге,
Кара мүртөз балага,
Каныкей, Бакай үйрөтүп,
Өлтүртүп койот жөн эле.
Көптөп акыл табалы,
Көрүнүп турган бул ишке.
Кабылан Манас барында,
Кайраттуу болдуң баарыңар,
Абыке, Көбөш тушунда,
Билгини колго алдыңар.
Бүгүн билги Бакайда,
Балакетке калдыңар.
Кыргыл билет, мен билем,
Кызыл көз болгон Бакайдын,
Ичи заар болуучу.
Туйгузбай айтып жылма кеп,
Сөзү заар болуучу,
Какчаңдаган Каныкей,
Өзү заар болуучу,
Каныкей, Бакай ал болсо,
Семетей заар болуучу.
Баарыбызды чогултуп,
Түбүндө аман койбойт бу.
Абыке, Көбөш, Жакыпка,
Алдап туруп жасатып,
Ичин кызыл сырдатып,
Тышын аппак бордотуп,
Жаңыртып алып сарайын,
Кара мүртөз Семетей,
Билмексен болуп калганын,
Кемпирлер берди сазайын.
Чыбыт, Кочкор экөөңө,
Адыбай, Көлбай төртөөңөр,
Ак сакал карың Кыргылды,
Кырк чоро сенин баарыңды,
Чакырып келдим бул жерге,
Кеңеш кебим салууга..
Тойобу адам өмүргө,
Кыйабы өзүн өлүмгө.
Каныкей, Бакай, Чыйырды,
Бизге жапчу балээни,
Түйүп койду көңүлгө,
Астында силер кетсеңер,
Кутулар жерге кетсеңер,
Мен барамын артыңдан.
Башка жакка кетели,
Мында туруп нетели.
Короодон чыгып кулжуңдап,
Койгулашсак балага,
Өлтүрүп таштап Семетей,
Көмдүрбөй таштайт талаага.
Чогулушсак бир жерге,
Кайта келип көрөбүз,
Жеткирсе бизди санаага.
Туруп берсек кулуйуп.
Кулакты кесет мулуйтуп.
Боорду жарып өт алат,
Көрүнө чукуп көздү алат.
Жоруга жотоң талатат,
Тарпыңды жолго таштатат.
Бакай менен Каныкей,
Жилигиңди чактырат,
Жилкиниңди катырат.
Арканга байлап астырат
Азабыңды тарттырат.
Каныкей өзү жакыр күң,
Күн бербейт бизге катыгүн,
Чымырканган Чыйырды,
Чырды таап жок жерден,
Айттырат сырыңды.
Күндө бирден чогултуп,
Күрпүлдөгөн Семетей,
Таап турат ыгыңды.
Көп жашаган карың бар,
Жаңы өспүрүм жашың бар,
Калбайт тирүү жаныңар,
Тилимди алсаң баарыңар,
Качып жолго салыңар.
Менин айтканым байкап алыңар,
Семетей барса аркаңдан,
Жөөт кебин салуучу,
Жайкап айтып баруучу,
Буулум тонун жабуучу,
Буурул атын тартуучу.
Бийлик сенде болсун деп,
Бири-бирден айтуучу,
Кошо келсең Таласка,
Билмексен болуп жатуучу.
Каныкей, Бакай, Чыйырды,
Кар жилигиң чагуучу.
Козголбой жатып тынч өлгөн,
Козголуп чыксаң Таластан,
Өлтүрөм десе күйүгүп,
Таласка кайта келбегин”.
Чынкожо кебин укканы,
Эшикке баары чыкканы,
Төрт-бештен болуп кужулдап,
Бузуктун кебин мактады.
Асили бузук арамдар,
Кутулар жолун таппады.
Биз ошентип калдык деп,
Же бирөө барып айтпады.
Балакеттер чогулуп,
Шайтандын изин басканы.
Катын-калач, бүлөгө,
Туйдурбады бирөөнө,
Качмакчы болду кырк чоро,
Кечке чейин камынып,
Туйгузбастан көп элге,
Түнүндө жолго салганы,
Бирден тулпар байлануу,
Манастан бери карата,
Баарысы тегиз камдалуу.
Жем баштыгы манаттан,
Жем үзүлбөй баары атан,
Урушка минчү аттарын,
Кындырдай кылып жараткан.
Качыптыр күндө чоролор,
Калбай бири Таластан.
Эртең менен болгондо,
Көрөбүз деп Семеңди,
Эл жыйылып толгондо,
Каныкей анда кеп айтат,
Күлдүр менен Камбарды,
Келтир мында деп айтат.
Бейжинде калган алтын так,
Калмакка жетпей теңдиги,
Пайгамбар ак, дини ак,
Мелтиреген тозоктон,
Бойумду азат кылам деп.
Качып келген ошол чак,
Хан Алмамбет султандан,
Калган эле бир туйак,
Гүлчоро эле өз аты,
Балта дөөнүн Чубагы,
Баатыр эле бу дагы,
Артында калган атагы.
Канчоро деген чырагы.
Сегиз жашка келет бу,
Эрке бала сыйагы.
Семетейдин артынан,
Ээрчип басар убагы.
Атасына караса,
Кар кылуучу жан эмес.
Мен багайын аларды,
Күлдүр менен Камбаржан,
Ала келсин балдарды.
Падышам Бейжин барганда,
Эсенхан кызы Бирмыскал,
Айжаңжуң кызы Бурулча,
Тартууга муну алганда,
Алып келип сулууну,
Эл ортого салганда,
Кошой айткан ошондо,
Алмамбет баштап кол келди,
Алла таала жол берди.
Талабыңа ылайык,
Алдыңа сулуу кыз келди.
Жоголду Чубак кыргында,
Жок болду үч ай чынында.
Кармап келди Чубагың,
Кырк жаңжундун баласын,
Кырда жүргөн чагында.
Тартууга келди эки кыз,
Бул экөөнүн багына,
Эки сулуу кыз келди,
Кыргыз, сенин алдыңа,
Алмамбет менен Чубакка,
Күч көрсөткөн буларга,
Берсек кызды белендеп,
Кошой айткан ошондо,
Кошойдун кебин бурган жок,
Токтотуп кыргыз турган жок.
Кыйшык айтып сөз болбойт,
Кылган кепте жалган жок.
Кытайдан алып сулууну,
Өткөндөрдө арман жок,
Бейжинде жатып журт сурап,
Бойунда болгон катындар,
Үзүктөй калпак Шууту кул.
Баш кылып беш жүз кишиге,
Жибериптир баатырлар,
Шууту кул келген жол баштап,
Беш жүзчө киши кол баштап,
Бойуна жеткен кезинде.
Кең Таластын башына,
Чүйдүн жумшак сазында,
Келип түштү айылга.
Кытайдан сулуу алгандар,
Учураган кесирге.
Астынан тосуп мен бардым,
Жардатып жыйнап элди алдым,
Үч күн өтпөй төрөдү.
Экөө тең эркек балдары.
Балдарды алып колума,
Эмгегин салып оозантпай,
Эмчегимди салганмын,
Эки түгөй баланы,
Эгиз кылып алганмын,
Алмамбеттин катыны,
Аш кайнам тууду алдында,
Эр Чубак зайыбы Бурулча,
Кийин тууду артында.
Мурункусу аксакал,
Казак кыргыз наркында,
Кытайдан келген сулуудан,
Туулган балдар кыйындан.
Эмчегимде ак сүттү,
Аларга кудай буйурган.
Күлчоро эмген эмчектен,
Аппак сүтүм чуурган.
Канчоро эмген эмчектен,
Тамчылап каным куйулган.
Ак сакалга айтпадым,
Ат койуп бер деп баспадым.
Бирөөнүн атын “гүл” дедим,
Бирөөнүн атын “Кан” дедим.
Эмчектен чыккан нерсеге,
Жараша атын тергедим,
Күлдүргө бердим Күл уулду,
Камбарга бердим Кан уулду,
Ал экөөнүн энеси,
Топосун кудай Таластан,
Бейжинден айдап буйурду.
Балдарын карап сүйгөн жок,
Башка жактан күмөн жок,
Жандары кетип калышты,
Ааламдан кайта жанышты.
Алла талла кылат го,
Тагдырында ар ишти,
Үзүктөй калпак Шууту кул,
Сүйүнчү айтып барышты.
Кубанышып эки хан,
Кубангандан Шуутуга.
Алты ай чоң шаардын,
Улуктугун бергени.
Ошондон бери карата,
Алтайдан казак кеткен жок,
Башка жакка жан келип,
Ал шаарды адам күткөн жок.
Ал эки бала жолдош деп,
Ойлоп жүрөм көөнүм ток.
Алыска кетти кырк чоро,
Күлдүр менен Камбарды,
Чакыргын десем унчуктай,
Кимиңдин бардыр зардабың..
Каныкей айтып салганы,
Качкан менен иши жок,
Жооп берген киши жок,
Кырк чоро келип турбайт деп,
Семетей көөнү жанган от.
Кабар болду аңгыча,
Качыптыр чоро баарынча.
Масейилде изи бар,
Кырк чоронун баарысы,
Эр бүлөөсүн калтырбай,
Алып кеткен киши бар,
Кабар алдык айактан,
Ат изин көрүп бел жактан.
Күүлөнүп Семең аттанды.,
Кырк чорону кубалап
Кеңколдо кыргыз эл жаткан,
Ашкере тулпар Буурулду,
Чоросу качты дегенде,
Заманасы куурулду.
Алдындагы Буурулду,
Борбойдон тери чууруду.
Азелде кудай чорого,
Кочкордон упурак буйурду.
Жете барды эр Семең,
Бала жолборс эр немең,
Топ экен деп жазганбай,
Сурап андан сөз албай,
Чоронун баары камалды.
Сундуруп найза сала албай,
Аңгыча барып Семетей,
Атасы башка душмандай,
Одураңдап кетпеди.
Барып көрдү Семетей,
Атасы Манас бир жүргөн,
Оорукта жатчу бектерди,
Семетей айтты бул кепти:
- Айланайын агалар,
Аркаңдан келди балаңар.
Кай тарапка бет алып,
Кайгуулдап жөнөп калдыңар,
Кармашаар бизге жоо барбы?
Капталдап басар тоо барбы?
Кечээ эле келдим мен араң,
Көңүлүңөр калдыбы?
Кургак жерден бирөөнү,
Катырып камчы салдыбы?
Андай кылба агалар.
Абыке менен Көбөшчө,
Мен боло албай калдымбы?
Ажыбайдын Керменбай,
Төрт жашарда бала экен,
Түп тутуп ошол калыптыр.
Өлгөнүң небак өлүпсүң,
Артыңда уулу калыпсың.
Өлбөй тирүү жүргөнүң,
Өлгөндөн калган балдарын,
Түп көтөрө алыпсың,
Түгөл жөнөп калыпсың.
Көбөштү көргө киргизди,
Абыкени аймады,
Жакып ханды жалмады.
Биздин кантип койсун деп,
Көөнүңөргө алыпсың.
Көөнүм башка болгондо,
Коркпой туруп ошондо,
Бүтүрөт элем ишиңер.
Калбайт эле сиздерде,
Ошондо тирүү кишиңер.
Балалык менден өткөндүр,
Абакелер агалар,
Ачууңардан кечиңер.
Куйрук керек коноорго,
Чалгын керек учаарга.
Сиздер кетип калганда,
Куйругум келте конорго.
Чалгыным кетик учаарга.
Алсыратпа агалар,
Жетиле элек жаш чакта,
Ырчы уул менен Бозуулду,
Ишин билген деп угам.
Адыбай, Көлбай экөөңсүң,
Шууту менен Мажыке,
Башкарган киши деп угам,
Чыбыт, Кочкор экөөңдү,
Айрыкча кебим угат деп,
Айтып турам алтооңду.
Жандапсыңар жакшы эле,
Ушул алтооң башында.
Абыке, Жакып, Көбөштү,
Семетей кылса жакшылык,
Каныкей, Бакай, Чыйырды,
Кантип тирүү койсун деп,
Көөнүңөргө албаңар,
Буурулду тарттым мынакей,
Бирөөң муну алыңар.
Буулумду жайдым абалар,
Бирөөңөр кие салыңар.
Иниңерди боз кылбай,
Кең Таласка барыңар.
Бирге турат бул жерде,
Кыргыл абам чалыңар.
Кырктын башы эр экен,
Ордун бере салыңар.
Атаңардын олутун,
Козголбой ээлеп калыңар,
Таласка кайта кетели,
Каныкей менен Бакайга,
Дайынын айтып жетели”.
Деп ошентип кайран шер,
Буурулга жаап буулумду.
Туура тартып турду эле,
“Оодарылып бул дүйнө,
Ордунда турбайт деги эле.
Ошондой кылып үйрөткөн,
Абыке, Көбөш силерге.
Тамырын кыйса теректин,
Чарбактап башы өнөбү?
Абыке, Көбөш иштерин,
Сиздерден аны көрөмбү:
Көп турбайлы талаада,
Жүр, агалар жөнөйлү”.
Деп Семетей айтканда,
Жүр деп кошо жүрө албай,
Буурулду бирөө мине албай,
Буулумду бирөө кийе албай,
Адыбай, Көлбай эки арам,
Чыбыт, Кочкор төрт арам,
Кыргыл кары беш арам,
Кеңешели биздер деп,
Семетейден сурады.
- Эртеңкиче эрикпей,
Кеңешиңди кылгын деп,
Кетиш менен туруштун,
Кебин кылбай кечке эле,
Ордого барган мезгилде,
Кыла турган кызматың,
Кошо бүтүр кеңешти, Семетей мындай дегенде,
Бөлүндү суунун жээкте,
Акмазардын тээгинде,
Тегеректеп олтуруп,
Кеңеш кебин салышты:
- Алпарган менен Семетей,
Бакай менен Каныкей,
Чымындай жанды койобу.
Чаары турат көзүндө,
Анткен менен Семетей,
Чалгырты турат сөзүндө.
Өлтүрбөс болсо Семетей,
Атын тартпай, тон жаппайт,
Айдап барбай түз эле,
Бош кишини атынан,
Атаганы жакшы эмес,
Айдап барып Семетей,
Бириндетип сойбойбу.
Билгизбей бизди кырбайбы,
Семетей карап турбайбы,
Бакай менен Каныкей,
Билген ишин кылбайбы.
Жалгыз бирден өлгөнчө,
Өлтүрүп ийсе Семетей,
Чогубуз менен өлөлү,
Бир чуңкурду көрөлү.
Өлтүрбөсө Семетей,
Бара түшүп нарылап,
Хан Коңурга жөнөйлү.
Каңгайдагы калмакка,
Аралашып кетели.
Дегеле Семетейден безели,
Кыйамы менен кырк чоро,
Бизди өлтүрчү күндөрдүн,
Келе берет кезеги.
Кыргыл чал мындай дегени:
- Атаңа малай башында,
Өзүңө малай азырча,
Кайра барып Бакайга,
Кыла албайбыз малайлык,
Деп ошентип айталы,Деп сүйлөштү кырк чоро,
Чогулушуп кашаттан,
Түшүп келди ошондо,
Абалардын кеңеши,
Жакшы канып келди деп,
Семетей турат күлүңдөп,
Семетей күлсө оштонуп,
Чоролор жандан түңүлөт,
Келген жерде Кыргыл чал,
Кеңешин туура айталбай,
Сылап сыйпап айтканда,
Көр Көбөштүн тушунда,
Күүлөнүп көнгөн Адыбай,
Ачууланып тутулуп,
Чапанын тетир кымтынып,
Жашы отузга чыкканча,
Сакалы жок мултуйуп:
- Кой кебиңди Кыргыл сен,
Оң-тескери жөөлүбөй,
Орунсуз кепти дөөрүбөй,
Ук кебимди Семетей,
Атыңды тартып, тонуңду жаап,
Торгодуң жолду ченебей.
Мени менен беш киши,
Атымдан айтып санадың
Ак жериң жок кенедей.
Бакай кандай айтат деп.
Басып жүрсө балпайып,
Кыргыл чалга уйат,
Семетей берген кызмат деп,
Кылып жүргөн мага уйат,
Жетим келип элди алып,
Жетилип келип жерди алып,
Жесирлер келип үйдү алып,
Какбаш Бакай журт бийлеп,
Хан Абыке, эр Көбөш,
Кара жерге кирди деп,
Кантип тирүү жүрөлү,Адыбай мындай дегенде,
Кыргыл кары баш болуп,
Адыбай ырас айтат деп.
Чуркураша кетти эле,
Чуркурашып кеткенде,
Чоголдук кылбай Семетей,
Серпилип койбой кебелбей:
- Андай эмес агалар,
Айлыңарга барыңар.
Абалкыдай эл бийлеп,
Аксакал болуп калыңар.
Аксакал Бакай башынан,
Бийлеп жүргөн ханыңар.
Абыке, Көбөш тушунда,
Кар болуптур бир далай,
Бир көтөрүп салыңар,
Жайылган мал, тиккен үй,
Таласта калды барыңар.
Аста сүйлөп бек таштап,
Карап калды эр Семең,
Семетей токтоп калганда,
Күрпүлдөп Көлбай бек айтты,
Көңүл калар кепти айтты:
- Агаңа кылбай жакшылык,
Атаңа кылбай ырайым,
Уу берди мага Жакып деп,
Көбөш башка чапты деп,
Чагыштырса Бакай чал,
Бакайдын кебин сүйлөдүң,
Ошобу элге күйгөнүң.
Малыңдан бөлө качпадык,
Уктап жаттың үйүңдө,
Тушуңа мылтык атпадык,
Коңурбайга барабыз,
Ошол жакты кастадык.
Кастадыкка келгенде,
Жанындагы калгандар,
Жалпы ырас дегенде,
Жайылы кармап Семетей,
Жагалданып жаш арстан,
Бастыр кайра дегенде,
Кылычын алды кыйласы,
Канжар алды кыйласы,
Кыйалын көрүп иттердин,
Кыркын такыр жалмады.
Турабы кыйып жан албай,
Кырк чорону жайлады,
Кылычка канын майлады.
Кырылгырдын аттарын,
Кылкылдатап айдады.
Арнап күмбөз салдырып,
Бел-белден киши алдырды.
Кырк чоро өлдү шейит деп,
Кат жазып нуска калтырды.
Кырк чоронун бейит деп,
Жазылуу анда кат калды.
Кырк чоро өлгөн жери деп,
Аккочкор мазар ат калды.
Күлчоро менен Канчоро,
Эки бала жаш калды.
Карап көрсө балдарды,
Өңү бышкан темирдей,
Көзү байан чекирдей,
Карап көрсө Семетей.
Керекке келчү немедей,
Таштап атпай бул экөөн,
Артынды Баатыр ээринбей.
Семетейди карасаң,
Он экиде түгөнгүр,
Бойу кара сеңирдей.
Койбоду тирүү жандарды.
Артыныптыр Семетей,
Куржундап алып жандарды,
Артылтып, аргытып,
Арстандан калган чунагы,
Кеңколуна барыптыр.
Жалгыз кетип бат келди,
Какчы байтал иттерди
Бирин койбой жеп келди.
Бул кылганы Семеңдин,
Калың журтка эп келди.
Көргөн адам таң калды,
Бакайга айтып бабырап,
Бар кебин салып бажырап:
- Артынан кууп бардым мен,
Айланайын абаке,
Алдына түшүп калдым мен,
Канчалык кылдым далалат,
Койойун деп саламат,
Өчпөйт экен бизден деп,
Чоро деген жаман ат,
Кыйылып баары болбоду,
Кыйлага Семең торгоду,
Кыйыгына тийгенде,
Кызыталак чородон,
Кылайтып тирүү койбодум,
Кырып баарын жайладым,
Кылычты канга майладым.
Алып келдим жанагы,
Күлдүр менен Камбардын,
Эки эркек балдарын.
Каныкей айтты балдардын,
Туулган эне-атасын,
Канын төксөм балдардын,
Кечпейт деп Алла катасын,
Кагылайын абаке,
Как ушундай кылат деп.
Көөнүң калып калбасын.
Каныкей канча кеп айткан,
Атаңдан калган чоро бар,
Алдыңдан тосот деп айткан,
Өзүңдөн башка караан жок.
Өзгөлөр келип калган жок.
Буурулду тарттым алдына,
Болбой койду өздөрү.
Чородо арман калган жок.
Күмбөзүн жакшы салдырдым,
Жайын терең каздырып,
Баарын жерге тапшырып,
Абыке, Көбөш өлдү го,
Өз алдынча кас кылып.
Жолдош кылып алайын,
Эки жетим чунактын,
Эр сайышка маш кылып,
Байкап көрсөм балдарды,
Болучудай көрүнөт.
Бул замандын балбаны,
Кең көкүрөк, сом далы,
Туткандын чыгар далдалы.
Ээрчисе экөө чоңойуп,
Семеңдин жоктур арманы.
Каныкей, абам экөөңөр,
Талап кылган байагы,
Балдарды алып келдим - деп.
Каныкей көрүп кеп айтып:
- Болуптур, балам, - деп айтып,
Канчорону өлтүрүп,
Койосуңбу, - деп айтып,
Чоңойгондо Канчоро,
Каныңды сенин төгөт го.
Каапырга кармап берет го,
Душманга сырың айтат го,
Көкүлдөн кармап тартат го,
Эмчегимден кан чыккан,
Оозуна салсам ошого.
Каныкей кеби бүттү эми,
Семетей туруп кеп айткан:
- Катын туруп Каныкей,
Жакып ханды жалмадың,,
Абыкени аймадың,,
Көбөштү көргө киргиздиң,
Айткан сөзгө тил албай,
Катындыгың билгиздиң,
Арамдык кылат өлтүр деп,
Жаш балага тийгиздиң.
Экөөнү бирдей өлтүрүп,
Жаны тынсын балдардын,
Садага кылып жаш жанга,
Өлтүрөсүң бир жанды.
Ачуусу келип Семетей,
Өлтүрсөң мына балдар деп,
Бурула басып калганы,
Өлтүрүүчү Каныкей,
Өлтүрбөс болуп калганбы?
Жана балдар бул экөө,
Той берем деп ушуга,
Эр Семетей камданды,
Хан Манастын журтуна,
Чачыкейдин чоң үйүн,
Түшүрдү барып ушуга.
Тегереги төрт кулач,
Ашык келди журтуна.
Каныкей туруп кеп айткан:
- Койгун балам, конбогун,
Атаң конду кандуу журт,
Кеңколдо талаа нечен бар,
Сен конушка жайлуу журт,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 05
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.