Latin

Семетей - 13

Total number of words is 4164
Total number of unique words is 2300
29.1 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
48.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
“Жайлоого чыксак түтөк – деп,
Күздөөдө чымын күчөйт” – деп.
Чай кайнатып, бал чайкап,
Ортобөксө, Белсазда,
Жатат экен ушунда.
Аз болгондо миң киши,
Айтканынан чыкпаган,
Алып калат Семетей.
Бойунда бар катын жок,
Жаш баладан такыр жок.
Жалпайтып тиккен чатыр жок,
Жагалданган сайрандап,
Жалганда мындай баатыр жок.
Келин менен уулдан,
Сөөктөрүндө мууну жок.
Сөөлөтүндө Семеңдин,
Сөз кыларга буруу жок.
Кийерге кийим олпок жок,
Атарга мылтык, жаасы жок.
Сайарга найза жана жок,
Чабарга балта, кылыч жок.
Жыйналуу жатат тетиги,
Сыр коргондун ичинде,
Жоо жарагы бары топ.
Кастарлап минген Буурулду,
Жайлоого салып жиберген.
Тандап калган коңшусу,
Кара кыргыз көп элден,
Кырк келинчек, кырк уулду,
Коңшу кылып имерген.
Жибек менен чынжырдан,
Жыйып аркан салдырган,
Селкинчек тээп жатышкан.
Өйүз-бүйүз коо кылып,
Айылды сонун кондурган.
Сыр коргондун оозүнда,
Чачыкейдин үйү бар.
Тармалсаздын бойунда,
Айчүрөктүн үйү бар.
Ортосунда эки үйдүн,
Кырк жигиттин айлы бар.
Тунгуч курсак байталдан,
Ылгап кыркты ал алган.
Сексенди бөлүп саандан,
Санаты артык жаандан,
Асманга үркөр чыкканча,
Кымызына ал канган.
Козголуп үркөр болгондо,
Чоң казанга кайнатып,
Тарттырат арак ошондо.
Саанчы менен бакмачы,
Келбейт жакын айылга.
Кара кыргыз элде жок,
Кенедей кайгы баарында.
Токтосарт бирге короолош,
Ошентип жаткан чагында.
Айчүрөктүн үйүнөн,
Алып Семең жылган жок.
Чачыкейдин үйүнө,
Жыла басып барган жок.
Токтосарттай “абадан”,
Аслы күмөн кылган жок.
Жайлоого кыргыз кеткенде,
Жакада Семең бир өзү,
Калгандыгын билгенде,
Токтосарт андан суранат,
“Кайтайын”– деп элиме.
Алтымыш нарды айдатып,
Айабай малды жүктөтүп.
“Жыртышы – деп – досуңдун”.
Буулумдарды бүктөтүп.
Кара кыргак, ак күбөң,
Канча кымбат асылды,
Катарлап баарын койдурду.
Кайдан алган Семетей,
Көргөн киши таң калды.
Жети кыраан болгон журт,
Жер жүзүнө толгон журт.
Жеткилең Манас тукуму,
Жетик кылган ушуну.
Өрттөнгөн Манас тукуму,
Өткүр кылган ушуну,
Дем албай келип меймандар,
Берип жатат баарынан.
Алып келген алтоо бар,
Алып кетчү жетөө бар.
Жүктөп келген жетөө бар,
Кийип кетчүү бирөө бар.
Жети кыраан ичинде,
Болгон экен жолу шар.
Такыр асыл буйумду,
Табылган дүйнө мамыңдай.
Алдына койгон Токондун,
Хан Семетей жайма-жай.
Анда Токоң кеп айтат:
- Кабылан Манас тукуму,
Каңкорум укчу – деп айтат.
Айкөлүм Манас барында,
Айаш атаң жанында,
Жашырбаган кабылан,
Ойлогонун акылда.
Катпаймын дүйнөм айап мен,
Баатырдын уулу Семеңден.
Керектүүңдү такыр айт,
Кем-керчиңди койбой айт.
Үйгө эле эмес талаага,
Чатак кылса чуу салчу,
Жети кыраан балага,
Ылайыктуу нерсеңди айт.
Арсаңдап күлүп Семетей,
Агартып тишин кылайтат:
- Айланайын, абаке,
Азелде асыл буйумдан,
Кара чай чыгат кытайдан.
Макошан деген аты бар,
Дүнүйөдө даңкы бар.
Жети кыраан элине,
Жетсе анын баркы бар.
Табылса жүздөн ар айда,
Берип турсаң кандай ал?
Муну угуп кумсаңдап,
Кабагын бүркөп муңайып,
Капаланып сурданып,
Муруту кетип кырданып,
Булкунуп Токоң муну айтат:
- Букарга барып чоң болуп,
Иранда жүрүп кор болуп.
Көзүң кичик болупсуң,
Жетим өсүп чоңойуп!
Жүз каптал деген эмине?
Элүү киши чакырсаң,
Түгөнүп калат бир демде!
Эшигиңдин алдына,
Ай сайын келет бир миңден,
Бир тыйын сенден албаймын,
Күдөрүң үзбө сен менден!
Мактанган жок Токтосарт,
Баарысы ырас бул сөзү,
Кең Кашкардын коосунда,
Биринде ондон олтурган,
Ичин малга толтурган,
Жыйырма төрт дүкөнү,
Келе берет ошондон.
Кербенчи жолдон кетеби,
Бере берсе Токтосарт,
Бербейби Семең нечени?
Бааша кылган сооданын,
Пайдасын Токоң билгени.
Ал өңдөнүп баашалар,
Талашып баасын жүрөбү?
Уйалгандан Семетей,
Унчукпады, тим болду,
Алтымыш нарга мал артып,
Алтын, күмүш дагы артып,
Жаңыдан кылып достукту,
Семетейге кол артып.
Жетелетип төөлөрүн,
Токто абаң чыкты жол тартып.
Суусамырдын белине,
Семетей келди узатып.
Коштошуп булар бөлүндү,
Кучакташып кол тартып.
Ашып түштү белести,
Суусамырдын ашуусун,
Кашкардын жолу демекти.
Кашкарды көздөй бет алып,
Кыргыздан Токоң, чет алып.
Агып жаткан дайра бар,
Нуркаптын суусу дечү эле.
Алтымыш нарга бир башчы,
Элинен ылгап чыгарды,
Тапшырып иштин баарысын.
“Үргөнүчтөн кечип өткүн – деп,
Чынаачага жеткин – деп.
Карачы менен Пышабур,
Аралап Ооган кеткин – деп.
Индыстанга баргын – деп,
Киргит, Дөбөбел ашуу,
Кайра айланып жигиттер,
Каргалыкка келгин – деп.
Кундуз, маржан, жакуттан,
Булгун, кемчет асылдан,
Мой менен таштын баарынан,
Жүктөп келгин абыдан.
Жеркендин жери өзү туз,
Хотендин жери кеңири,
Сагынбагын, төөчүлөр,
Түндүк жактан элиңди.
Кат жиберем бир кезде,
Как ошондо келгин – деп.
Пайда менен зыйаны,
Канчалык болуп кетсе да,
Кайгым жок анда менин” – деп.
Төөчүлөрдү түштүккө,
Түздөп жолго салыптыр.
Токтосарттын колунда,
Куу качыры калыптыр.
Коңурбай берген куу качыр,
Өзү тулпар бул качыр.
Кумтуланып сыртынан,
Капшыра байлап белбоосун,
Жайып Токоң келатат,
Куу качырдын ал оозун.
Сызып кетсе куу качыр,
Сырттын шамал, желиндей.
Сызып келет Токтосарт,
Жалгыздык кылып эринбей.
Чалчык кара суу келсе,
Чаңдаган кара шор болсо,
Күл төгүлгөн жер болсо,
Күртүлдөгөн шор болсо,
Токумун алып үстүнөн,
Токтоп Токоң оонатат,
Чөп чалдырбай качырга,
Нан жедирип баратат.
Жайнап көзү алактап,
Канаттуу менен жарышып,
Калдайып Токоң, баратат.
Алдына минген Куу качыр,
Ал Токоңо жарашат.
Наманген менен Коконду,
Анжиан менен Улуу-Чат,
Аралап Токоң сабалап,
Учкан куштай баратат.
Минген жорго качыры,
Жери майда адыры.
Артыш, Маралбашыдан,
Тумшук менен Чыландан,
Айкөл, Аксуу, Байлардан,
Жам, Кызыл, Күчөр калаадан,
Башабегим, Көрлүдөн,
Карашаар, Дабанчын,
Сайапу кумдуу шорунан,
Салып жүрүп олтуруп,
Уланбай да эшиктен,
Жамбылга кирчү тешиктен,
Барып кирди Токтосарт.
Сакчылар эшик карашкан,
Токтосартты тоскон жок
(Минген качыр таанымал,
Ал Токоңдо жарашкан.)
Алоокенин чоң уулу,
Атактуу баатыр эр Коңур,
Намыс үчүн жаралган.
Токтосарт келди дегенде,
Айтып кабар бергенде,
“Азыр мында келсин”– деп,
Жиберди киши бир демде.
Алыстан келген Токтосарт,
Түшпөй качыр үстүнөн,
Барып түштү бир үйгө.
Чычаң сөөгү коройуп,
Эти кетип жооруптур,
Олтура албай Токто абаң,
Кыйшалактап туруптур.
Кылчайа карап келгенге,
Кепти мындай уруптур:
“Коңур болбой комур бол,
Калдай болбой катып кал!
Кыргызың менен кырылып,
Баарың жерге батып кал!
Семетей менен чирип кал,
Качырын менен куруп кал!
Араң келдим алыстан,
Кутулдумбу карыздан?!
Токтосарт атка конгону,
Соодагер өзүм болгону,
Мындай кордук болбоду.
Айткан сөздү кылам –деп,
Чычаң сөөгүм коройду,
Чыгып башка соройду.
Жаталбай атам моминтип,
Мындай кордук болорбу?” –
Деп, ошентип Токтосарт,
Жатып алды коңулга.
Кабарга келген кишиси,
Барып айтты Коңурга.
“Жай алып Током жатсын” – деп,
Жайына койуп ушунда.
Алдына келди чоң Коңур,
Күн чыгыштын тушунда.
Күркүрөп Коңур киргенде,
Козголбой Токоң ордунда.
Колун сунуп көрүшүп,
Эсен сөзүн сурашып,
Эрмектешип бир далай,
Алтындан зембил көтөрүп,
Он эки желдет, бир малай.
Олтургузуп Токоңду,
Алып кетти борборго,
Зыйнатын кылып жайма-жай.
Кебин айтты эми ал,
Оро-пара бет маңдай:
- Бардым, баатыр эр Коңур,
Барсам өзүм, жатыптыр
Семетей деген оңбогур.
Эли көчтү калбастан,
Эркин жайлоо салкынга.
Семетей калды кырк үйлүү,
Салынган коргон алкымда.
Сулуунун баарын калтырды,
Канчасы болсо калкында.
Эр жигит деген ыктуудан,
Ойунга мыкты шыктуудан,
Ылгап калды кырк киши.
Айчүрөктүн ордосу,
Айылдын берки башында,
Окчун экен бир иши.
Бир жарым ай мен турдум,
Чачыкейдин үйүнө,
Жок экен анын кириши.
Найза, кылыч, жабдыктар,
Ок өтпөс кийим олпоктор,
Коргондо экен жыйылуу.
Колунда жок кийими,
Эсиргени Семеңдин,
Мына ушундан билинди.
Селкинчек салып айылга,
Эч нерсе албай ойуна,
Бейкамдыгын мындан бил,
Тайбуурул жок колунда.
Жамандык мага болот – деп,
Эч нерсе албай ойуна,
Жылкыдан тандап жүз байтал,
Алып калды сойууга.
Качан барсаң сен Коңур,
Канкорду бекер табасың.
Кандуу душман канкордон,
Капкачанкы кегиңди,
Өз билгенче аласың.
Убара болбой башкага,
Айчүрөктүн үйүнөн,
Ар качан барсаң табасың.
Эндегей жаткан эренди,
Элебей жаткан беренди,
Ээн үйдөн табасын.
Эрмектешсең, канкорго,
Эриккен суусун канасың. –
Деп, ошентип Токтосарт,
Көргөнүн айтты баарын жат.
Хан Коңурбай кеп баштап:
- Алып баргын Кеңколго,
Азыр, Током,– деп баштап.
Жыгылса душман меники,
Жыйылса олжо сеники.
Эңкейсе душман меники,
Элинде олжо сеники.
Эзелтен берки көп пайдаң?,
Алсаң келди эмики.
Бабырап Током күүлөнүп,
Баштады кебин сүйлөнүп:
Бадирек, Коңур, оңбойсуң,
Минтип жүрсөң сойлойсуң.
Пайда таппай темтеңдеп,
Басып жүргөн ойлойсуң.
Жер жүзүндө жаралган,
Жети кыраан элинде,
Кээси кургак, кээси суу,
Күн көргөн адам жеринде.
Алтын, күмүш, зарым бар,
Кайсы жерге мен барсам,
Сага окшогон ханым бар.
Барбасам да кол баштап,
Мага пайда табылар!
Чычаң сөөгүм коройуп,
Чыгып калды соройуп.
Олтуралбай тик туруп,
Жатып калдым торойуп.
Баштап барар колуңду,
Байкачы, кайсы алым бар?
Алп Коңур тилиң алам – деп,
Адамзаттан болдум кар!
Асили адам кор болсо,
Айабайт экен падыша.
Менин жаным кыйналды,
Сага болсо тамаша.
Эндегей экен Семетей,
Барганыма жараша.
Мага зыйан, пайда жок,
Бириңди бириң чапсаң да.
Өлбөсөм жыргап жүрөмүн,
Өзүм батар жер калса! –
Деп, ушинтип Токтосарт,
Эр Коңурга айтканы.
Кабыл алып айтканын,
Хан Коңур кайра тартканы.
Мындай болду уксаңыз,
Камынып анын жатканы.
Мурунку кытай өнөрүн,
Ал кезде пенде көргөнбү?
Өкүмүнө кишинин,
От түтүнү көнгөнбү?
Топодон салган мунар бар,
Ичинде ийри жол менен,
Үстүнөн чыгар иши бар.
Оргуштап көккө созулган,
Жаккан оттун ышы бар.
Эсен хан менен Коңурбай,
Ал түтүндү жумшашып,
Кабарлашар белги бар.
Кишиден кабар жумшабай,
Түтүндөн белги жибериш,
Салты экен баштатан,
Коңурбайдын жерлиги ал.
Түтүндөн кабар салыптыр,
Түп Бейжинде Эсенхан,
Ошондон кабар алыптыр.
Коңурбайдын айтканы,
Куп болбой качан калыптыр?
Каардуу баатыр эрлерди,
Кайраты толук шерлерди.
Калдай менен бектерди,
Калк башкарган эрлерди.
Калтырбай баарын Бейжинге,
Жыйнап келип Эсенхан,
Эр Коңурга жиберди.
Отуз эки алпы бар,
Эр Коңурбай зор калча,
Ошончолук салты бар.
Кармашчу жоону көргөндө,
Калтылдап кайдан тартынар?
Касташканды кыйраткан,
Катын, кызын ыйлаткан.
Кармашарга жоо болсо,
Канын төгүп сулаткан.
Бээжинде жатып Эсенхан,
Куру койбой түнөөнү,
Бейжинден аскер чубаткан.
Эр Коңур мындай тапшырган:
- Бүгүн аскер жаткан жер,
Эртең бекер калбасын.
Бээжинге пенде калтырбай,
Менден кабар болгуча,
Бер жакты көздөй айдасын.
Мен кеттим ыраак батышка,
Эми калган иштерди,
Ханым Эсен жайласын!
Баштап алып баатырын,
Жанынан тойгон жакырын.
Семетей көздөй жол тартты,
Алп Коңурбай капырың.
Эр Коңурбай жүргөн кез,
Эрте жайдын баш жагы,
Айагы экен Кулжанын,
Ай эсеби баштагы.
Отуз эки алп менен,
Арбын аскер баштады.
Жанында жүргөн жакырлар,
Жай билген канча капыр бар.
Кар жааса аттын башына,
Куйругуна күн тамбайт.
Мына ушундай баатырлар,
Баскан жери Коңурдун,
Чыгыштан батыш созулган.
Жерден туман оргуса,
Булутка чыгып кошулган.
Ар качандан бир качан,
Аркыраган шамал, жел,
Кыбыла жактан созулган.
Кыбыла жаккы кырчоодон,
Кылайтып булут кетирбей,
Сыдырым шамал, желаргы,
Астынан утур салганы.
Калмак, кытай аралаш,
Айдап калың кошунду,
Кеңколго жөнөп алганы.
Эки күнү жол жүрүп,
Күнү-түнү болгондо,
Бээ саамга күндү койдуруп,
Батышка киши бастырбай,
Айдап жүргөн кошунун,
Өрүүн кылып жаткырбай.
Чыгышты көздөй басканды,
“Чын эле жолуң шар – деди.
Кандай барсаң андай бар,
Кай жерде болсо жумушун,
Калтырбай баарын бүтөп ал.
Күн батышка баспа – деп,
Күүгүмдө өтүп кетпесин,
Күлдү кытай байка” – деп.
Кытай түмөн кыргыздын,
Арасы жаман бузулду.
Адам уулу болгондун,
Айласы минтип кысылды.
Баштап алып кытайды,
Алп Коңурбай сызылды!
Жайдын ысык күнүндө,
Теклимекен чөлүндө,
Суусу какшып соолуган,
Ным калбаган көлүндө,
Күзгө жакын барыптыр,
Суусамырдын белине.
“Жайчыларың келгин – деп,
Жаадырып күндү бергин –деп.
Шабырап жамгыр куйсун – деп,
Жели жок болсун билсең– деп.
Жерге жамгыр куйсун” – деп.
Кылайып булут калбасын,
Жаап күнү ачылса,
Асманда булут чачылса,
Сөзүн бурар киши жок,
Ал Коңурбай баатырга.
Нескара деген бар экен,
Эл башкарган хан экен.
Коңурбайга курбалдаш,
Өзү баатыр жан экен.
Тору айгыр менен алкылдап,
Тоодой болгон Нескара,
Алп Коңурбай кошуна,
Жетип келди жакындап:
- Ээ, Коңурбай, не болдуң?
Эсиң кайда жоголдуң?
Кокуй күн, Коңур, не болду?
Кетирип колдун айласын,
Кордуктуу күнгө не койдуң?!
Кошунуң кытай эл болсо,
Кошулган калмак бар болсо.
Алдында ашуу бел болсо,
Ак чалмалуу жер болсо.
Буту ичке, колу узун,
Аргымак жайы ал болсо.
Айнектей талаа түздөрдө,
Айкындан өскөн эл болсо.
Күн жаадырып бел аш – деп,
Болобу, баатыр, кеп ушу?!
Нескара кебин укканы,
Эр Коңурбай баатырдын,
Күнгүрөп үнү чыкканы:
- Зор Мурадил, кайда –деп,
Чоңдоруңдан калба–деп.
Эр Мурадил, кайда –деп,
Эрлериңден калба – деп.
Нескара баатыр келиптир,
Эли-журттан кайгы жеп.
- Байкаңарчы, баатырлар,
Айтайын сөздү дагы – деп.
Кекенип келдиң Кеңколго,
Кыргыздан кыраан Семетей,
Кыйратабыз аны – деп.
Адамзат жаралып,
Жер жүзүнө таралып.
Акылы толуп адамдар,
Орун кылып, шаар салып.
Периге пенде кошулуп,
Бээжиндин шаарын күтүнгөн.
Отуз беш кылым алдында,
Ошол шаарды бүтүргөн.
Ошонун ачып эшигин,
Ойротто пенде кирбеген.
Кыргыздын кирди Манасы,
Кызыңды алды карачы!
Тартып алды шаарыңды,
Талкалады баарыңды.
Койбой бузду шаарыңды,
Куп жүдөттү баарыңды!
Кол куушурган кутулду,
Каны суудай жошулуп,
Кордукту көргөн кыргыздан,
Кытай, калмак кошулуп.
Калмак менен кытайдын,
Канын төктү кыргыздар.
Орус менен оогандын,
Шаарын бузду кыргыздар.
Ат жетер жерге жан койбой,
Баарын бузду кыргыздар.
Өткөн күндү ойлодум,
Жетчү кезди болжодум.
Кеңколго келип калдык го,
Уккан кепте болжолун.
Кашкардын жолу кең деген,
Кашкар жактан барганда,
Ашып түшчү Таласка,
Суусамыр деген бел деген.
Суусамырдын бели ушу,
Кыргыз деген эл ушу.
Калың кыргыз башкарган,
Хан Семетей эр ушу.
Айдалып жүрүп калың журт,
Келген жери мына ушу.
Абайлагын, арстандар,
Айта турган кеп ушу.
Бакай бар кыргыз элинде,
Баспаган жери калбаган,
Дүнүйөнүн жээгинде.
Белине таңуу медери,
Бул кыргыздын элине.
Кабылан Бакай билет – деп,
Канча күндөн бер жакка,
Калдайтып туман түшүрбөй,
Кыбыладан булутту,
Кураштырдым үзүлтпөй.
Бүгүн келдиң Кенколго,
Келгениң алыс жер болсо.
Кегиңди алар кезиң го,
Кеңири кыргыз эл болсо.
Беттешериң баатырлар,
Айкөлдүн уулу шер болсо.
Көрбөгөнмүн, уккан кеп,
Кыдырып жүргөн жер жүзүн,
Соодагерден чыккан кеп.
Алтайдын айак жагында,
Күнөстүү күңгөй бетинде,
Андан кала бергенде,
Чоң Кеңколдун ичинде,
Калдыркан ала жалбырак,
Ат туйагы тийгенде,
Жез дообулбастай шаңгырап,
Уну катуу угулат,
Ошол чөптөн үн чыгат.
Эми жатам ой кылып,
Эл туйгузбай алсак–деп.
Эр Семетей сардарды,
Ошол чөптү жашытып,
Андан кийин барсакпы?
Эр Коңур кебин укканы,
Эч текеден кабарсыз,
Элинен булар чыкканы.
Бул кабарды укканда,
Өлүмдү кабыл алышы.
Өлөбүз– деп баарысы,
Кырылып кетсек баарыбыз,
Кызыталак Коңурдун,
Тийет – деп – кимге намысы.
Куушурулуп далысы,
Куп жүдөдү баарысы,
Өңүнүн чыгып сарысы.
Өлүм бизге чукул – деп,
Бузулуп өңү калышты.
Алдыртан бизге сөз кылып,
Угузбаптыр, бадирек.
Барабыз деп Кеңколго,
Туйгузбаптыр бадирек.
Башкарбаган Коңурдун,
Башынан ойун ким билет?
Аттарын кылдап минишип,
Кабаттап темир кийишип.
Калкандарын кармашып,
Кылычтарын кайрашып.
Айбалтаны эгешип,
Найзанын учун бүлөшүп.
Басып түштү Кеңколго,
Басалек мойнок бел ашып.
Айдын он беш кези экен,
Асмандан тиет жарык ай,
Капкайдан бери көрүнүп,
Кен-Колдун ичи түз экен.
Ат арытып, тон тозуп,
Азаптуу калча эр Коңур,
Кеңколго жеткен кези экен.
Келе жатат Коңурбай,
Аркасында миң сандап,
Калың аскер колу бар.
Түп Бейжинде кытайдын,
Уругун төккөн кору бар.
Катылышкан кытайга,
Кандай пенде болсо да,
Маңдайыңда шору бар.
Дүйнөнүн көбүн ал ээлейт,
Бастырбай койсо жолу тар.
Албан түркүн эли бар,
Атактуу Бейжин шаары бар.
Калмагы бар, сарты бар,
Канча түрдүү калкы бар.
Хайнан деген жери бар,
Кайнаган кытай эли бар.
Ал Хайнанды ээлеген,
Канаттуунун кени бар.
Ошондон бери карата,
Айдалып келген чени бар.
Урум менен кытайдын,
Ортосунда бели бар.
Амирдин улуу чоң суусу,
Чек ортосу жери бар.
Бир чекеси кытайдын,
Мына ушу жерде дагы бар.
Калмагы көп айакта,
Кара кытай калкы көп,
Дүнүйөгө дүң кылып,
Кабар берип калтырбай,
Айдаган экен быйакка.
Шаңданган Жолой баатыр бар,
Сандаган кытай капырлар.
Дүнүйөнүн төрт бурчун,
Тең жарымын ээлеген,
Түгөнгүс кытай эли бар.
Ошо колдун үстүндө,
Отуз эки алпы бар.
Ошончо кошун кол жыйнап,
Ат арытып, жан кыйнап.
Адамдан асыл эр Коңур,
Таласка келген чагы бар.
Коңур ашкан Суусамыр,
Которулуп кеткен жок,
Ушу бүгүн дагы бар.
Байыркынын жомогун,
Байкап барың билип ал.
Көптүгүн көрсөң кытайдын,
Жан сактабай калган журт,
Казып көргө кирип ал.
Эрегишип келген жоо,
Эр Манастын уулу ал.
Келе берсин Кеңколго,
Кежебе курсак тулпарлар.
Кекейте тартып чоң жолдо,
Кепти жеткен башкага,
Келели эми Кеңколго.
Манастан калган коргону,
Башкарып өзү чоң болуп,
ГҮЛЧОРОНУН ЧАЛГЫНЫ
Салдырган муну болжолу.
Бузулган эмес чекеси,
Аталып коргон болгону.
Тоодон тоого кыдыртып,
Албарстан кенди алдырган.
Чабуучу метин , чотторун,
Ал албарска малдырган.
Тегереги кырк кулач,
Жерди казып ойдурган.
Кыналтып таштан кыш кылып,
Казган жерин толтурган.
Борпоң, ташты күйгүзүп,
Аки менен бор кылган.
Аралаштырып ошого,
Сайдын көпкөк кумунан,
Ылай салган ортого,
Жуурутуп келип ушундан.
Калыңдыгы коргондун,
Жыйырма кулач төш жары,
Бийиктиги коргондун,
Отуз беш кулач төш жары.
Бузуп пенде өтпөгөн,
Мына ушундай салганы,
Талаада аткан кайыптан,
Аңга түшкөн арыктан.
Согумга сойгон бододон,
Тарамыш болгон жеринен,
Калтырбай баарын жыйнаган.
Күнгө жайып кургатып,
Тегирменге тарттырып,
Тарамышты ун кылган.
Сырештен желим алдырып,
Чарага куйуп чалдырып,
Сыртына шыбак тарттырып,
Салакасын арттырып.
Отуз түрдүү сырдатып,
Булуңдарын кырдатып.
Бенденин баары чогулса,
“Бир топурак чыкпайт”- деп.
Көргөндүн баары сындашып.
Атадан калган коргонду,
Жамакчылар ырдашып.
Айкөлдөн калган ал коргон,
Семетей баатыр ээ болгон.
Келин-кыздын ичинде,
Кеңколдо жаткан кенебей,
Жер жүзүндө душманды,
Бучкагына теңебей.
Кайтартып аскер тышынан,
Каратып койгон немедей.
Ушундай бейкут бир күнү,
Айчүрөк туруп кеп айтат:
- Ардактуу, төрөм,- деп айтат.
Алганың сенин Чачыкей,
Эрке катын дечү эле.
Эркелиги чын эле.
Эшиктен кирсе эндиреп,
Садага кагып, бээ сойгон,
Көз менен көргөн кеп эле.
Мени алып келгени,
Жолобос болдуң теги эле,
Барып келгин баатыр,- деп,
Ар качандан бир качан,
Акылы жетик кайран уз,
Айтты кебин түздөн-түз.
Элирген кайран эр Семең,
Эркектик кылса коржоңдоп,
Жемелеп тилдеп таштоочу.
Желигип калса кокустан,
Желбегей жолду баштоочу.
Эрдик кылса көгөрүп,
Наспай тартып жөтөлүп,
Басып үйдөн чыкчу эмес,
Жаздыктан башын көтөрүп.
Эми келген кези экен,
Айчүрөктөн кеп келип.
Ал Семеңдей баатырга,
Айткан сөзү эп келип.
Айчүрөктүн айтканын,
Кабыл алам деп келип.
Чачыкейдин үйүнө,
Жаткан экен ал келип.
Жай алып баатыр жатыптыр,
Чачыкейди бооруна,
Жапшыра бекем басыптыр.
Кылычты кынга катыптыр,
Кызматы журттан ашыптыр.
Түн ортосу болгуча,
Терин абдан чачыптыр.
Муздак сууга киринип,
Чыйрыгып бойу калтырап,
Чын уйкуга батыптыр.
Алкымдагы айылда,
Айчүрөк иши дайын да.
Жатса келбей уйкусу,
Абдан батты кайгыга.
Кара тер бойдон сызылып,
Бул өңдөнгөн ысыкта.
Камыгып көөнү бузулуп,
Таноосунан дем чыкпай,
Көкүрөгү кысылып.
Асмандан тийген ай жарык,
Чырак үйдө жагылып,
Үйдүн ичи жапжарык.
Күндүзгүдөй жарылып,
Жата албастан Айчүрөк,
Жаратканга жалынып.
Кайра байлап сарпоштоп,
Башына жоолук салынып.
“Тим эле туруп үйүмдө,
Кандай болуп калдым”–деп,
Акыл ойлоп камыгып.
Байкал көрсө Айчүрөк,
Башкача ысык дем келет,
Эр таноосу өңдөнөт,
Ат буусундай көрүнөт.
Баатыр Семең канкордун,
Басташкан жери көп эле,
Кол арткан жери жок эле,
Кошун келип калганбы?
Аскер курап, кол жайкап,
Душман келип калганбы?
Байрак сайып, туу тиктеп,
Баатыр келип калганбы?
Байыркыны эске алып,
Балбан келип калганбы?
Баары журтка кайгыны,
Салган келип калганбы?
Балбан, калкы аралаш,
Баарын бирдей башкарган,
Сардар келип калганбы?
Атышканын мант кылган,
Алптан келип калганбы?
Же болбосо Айчүрөк,
Ойлогонуң жалганбы?
Айалдык кылып ашыкпай,
Жүк бурчунда абдыра,
Оозун ачып Айчүрөк,
Аккуу кебин алыптыр.
Алтын үстөл, керебет,
Үстүнө жайа салыптыр.
Үстүнө кийди куу кебин,
Өзүнөн башка киши жок,
Ким билет мунун кийгенин?
Курч бычагын колго алып,
Кыйгач кармап көтөрүп,
Асталай басып Айчүрөк,
Капшытына келиптир.
Жара тартып чий, туурдук,
Шыкаалап көзүн салыптыр.
Басып келип тешикке,
Көз жиберсе эшикке,
Сопол куйрук, сом туйак,
Сонун иштер эшикте.
Ашыгып Чүрөк кеткени,
Ашыкпаса неткени?
Чамгарактын үстүнө,
Урулуп чыгып чабактай,
Түндүк жабуу кийизин,
Тулга кылып жамынып
Көз жиберип караса,
Түрү суук келген жоо,
Кытайлыгы таанылып.
Алдында турган Айчүрөк,
Куу кебин кийди камынып.
Он эки түрлүү сүрөткө,
Ойунча Чүрөк кирет, дейт.
Аккуу болуп учкандан,
Андан башка сүрөтүн,
Адам уулу билбейт, дейт.
Кандай сүрөт кирди экен,
Муну, кандай адам билди экен?
Айтор, аралап чыгып аскерден,
Абайлап көзүн жиберсе,
Артына анын көз жетпейт.
Ашыгышта айтууга,
Ал жумушка сөз жетпейт.
Айыл жакты бет алса,
Айыл аруу, жол ачык.
Жалгыз үйүн Чүрөктүн,
Курчаган аскер кол алып.
Түлкүдөй изин жашырып,
Кындырдай бели бүгүлүп,
Тулпардай чачы шүйүлүп.
Басканын адам билбеген
Оолжуган Айчүрөк,
Ордону карай жүгүрүп.
Ордого жете барыптыр,
Ордого башын салыптыр.
Көз жиберип караса,
Кебезден кылган пахтада,
Керебет алтын тактада,
Тектирде жаткан кулжадай,
Эжеси менен төрөсү,
Мойун алышып калыптыр!
Булаакы өскөн Чачыкей,
Түндүгүн тартып чүмкөбөй.
Же кайра тартып ачпастан,
Жаткан экен ушундай
Асмандан тийип ай жарык
Май куйуп, билик салбаган.
Үйүндө чырак ал жарып,
Ийне түшсө жалтылдып,
Үйдүн ичи жапжарык.
Керебеттин жанына,
Басып Чүрөк ал барып.
Төрөсү канкор Семеңди,
Кенебеген немеңди,
Керебетте уктаган,
Келберсиген эренди,
Ойготойун деп ойлоп,
Колун сунуп баратып,
Ойуна Чүрөк бул келди.
Кыйаматка барганда,
Кудай казы болгондо
Пайгамбар шапат кылганда,
Эрдин көөнүн оорутса,
Күнөө деген катынга.
«Жоо келди» - деп - ойготсом,
Түйшүк тарткан төрөм го,
Көөнү калар ошондо”.
Ичкелик кылып сөз кылбай,
Кылчайып артын карады.
Кара таандай калкылдап,
Айчүрөктүн ордосун,
Камап калмак калганы.
Кайраттанып Айчүрөк,
Канкоруна барганы.
Кылса да канча кайратты,
Дагы ойгото албады.
Эки кирип элеңдеп,
Үчүнчүгө калганы,
Ойуна муну алганы.
Букардын кеңир жеринде,
Каракандын элинде,
Эжем менен канкорум,
Чүкө ойногон кезинде,
Таа конуп калса сакасы,
Таталакай деп айтып,
Талашып алып кетчү эле,
Талабына жетчү эле,
Тамашага батчу эле.
Ойготойун эжемди,
Эжем өзү ойготор,
Эл башкарган эренди.
Чачыкейдин жанына,
Басып Чүрөк келгени.
Ачылуу жаткан колунун,
Билегинен кармады.
Ойготойун муну - деп,
Тартып бери калганы.
Уктабай жаткан Чачыкей,
Кирген менен чыкканын,
Билип жаткан Чачыкей.
Аркырап уруш салганы,
Ар деп беттен алганы:
- Чын үч айга толгондо,
Жибересиң төрөңдү.
Чыдабастан бир түнү,
Үч ирет келип үстүмө,
Уруптур кудай төбөңдү!
Уйалбастан ойготуп,
Келесиңби сен - деди?
Эр сурап, төрөм чуу кылып,
Бардымбы сага мен? – деди.
Айтканын Чүрөк элебей:
- Сен жатасың, эжеке,
Эч нерсени кенебей,
Төрөңдүн көзү бар болсо,
Талашабыз экөөбүз,
Айрылып калсак төрөдөн,
Тамашаны көрөбүз,
Ар жорукка көнөбүз!
Эр талашты койуп тур,
Асылым, эжем, угуп тур.
Семетей өлсө кокустан,
Кымыз ичкен суусунга,
Кызыл шайы бутунда,
Багалеги балпаңдап,
Кең кийген кыргыз журтунда,
Бир күндө жүздөн эр чыгат,
Арачы киши көп чыгат
Тийгиниң - деп – ушуга.
Ошол күндү көргөнчө,
Айла кылып багалы,
Бөөдө арман өлгөнчө!
Кошун келип кол жайкап,
Коргонду басты, билбейсиң,
Кой, эжеке, бери кел,
Камап жаткан те көптү,
Эжеке, сен ким дейсиң?Деп, ошентип Айчүрөк,
Колунан кармап тарты эле,
Коркпогондо неткени,
Корооңдо кошун дегенде.
Козголуп жүрөк кеткени.
Үстү көйнөк дамбалсыз,
Эсинен чыгып чечкени,
Кооп басып жөнөдү.
Баш жагында чатылуу,
Желек кийим асылуу.
Эңкейип кармап Айчүрөк,
Эжесине жапканы.
Караанын элдин көрсөтүп,
Башбактырып эжесин,
Эшикти аста ачканы,
Бу болду анан айтканы:
- Аруу экен коргон жак,
Эжеке, кайрат кылып бак.
Эр төрөнү ойготуп,
Чоң коргонго кирип бак!
Дүнүйөгө караба,
Напси салат балаага!Деп, ошентип Айчүрөк,
Чыгып кетти талаага.
Тескей менен жүгүрүп,
Тизеси менен бүгүлүп.
Айаккы үйдөн кириптир,
Кирген үйдүн баарысын,
Ойготуп Чүрөк ийиптир.
- Малың менен куруп кал,
Дүнүйөң менен чирип кал,
Көп табасың дүйнөнү,
Тирүү калса чымын жан.
Кийимиңе караба,
Кечигип калып алам – деп,
Башыңды салба балаага.
Баарысы калса ал калсын,
Баш, көзүңдөн садага!
Күңгөй ылдый чуркады,
Ойгонгону алдында,
Кооп эли чубады.
Ашыкпаган эптүүсү,
Жүрөгү бар мыктуусу,
Эрди-катын ыктуусу,
Эл ичинде тыңдуусу,
Дамбалын араң кийиптир
Көйнөгүн кийген киши жок.
Кордукту көрдүк дегенде,
Дүйнө менен иши жок.
Койон жүрөк коркогу,
Кокус манап чоркогу.
Абийирин кармап ала албай,
Төшөгүнөн копкону.
Жайнап жаткан кыргызга,
Алп Коңурбай, Нескара,
Ал Мурадил, Ороккыр,
Ушундай катуу салды от!
Коргонду көздөй жүгүрүп,
Коржоңдогон андан көп.
Кубулуп барып чубашып,
Коргонго кирип кетишти.
Кырк үч катын санаты,
Семетей көздүн карасы.
Эркек, катын аралаш,
Бардыгы сексен эки жан,
Саламат кетти чамасы.
Башында бирге баштаган,
Баатыр Манас баласы.
Каалгасын кынашып,
Шүгүр кылып кудайга,
Коргонго кирди чогулуп,
Мына булар карачы!
Аз эмес баатыр дүйнөсү,
Ал коргонго жыйнаган.
Базарга сатчу катындай,
Баарысы кооз кийинсе,
Бир күнү бештен которсо,
Беш маал бөлүп тамакты,
Балдарына ичирсе,
Жеткидей экен дүйнөсү.
Жүз жылдан өмүр кечирсе,
Аш, кийимден камы жок,
Камдалуу экен баарысы,
Бабырашып чогулуп,
Коргонго кирип алышты.
Ал коргондун ичинде,
Жеткилең туулган эр Манас,
Жети көлдү жасаткан.
Жеринен таштан куратып,
Бурматаш деген сеңирден,
Жер түбүнөн суу алып,
Ар бир көлдүн сууларын,
Жети хандын элине,
Бир жылдан жетет дедирген.
Көлдүн жайы ушундай,
Ырасын айтса учурбай.
Жасалган көлдүн тешигин,
Каныкей менен Бакайдан,
Башка жан түк билчү эмес.
Жарылып түбү калат – деп,
Азыраак байлап суу койуп,
Ушундайча адатты,
Каныкей, Бакай берчү эмес.
Абадан күндүн ысыгы,
Көлдөгү сууга түшүптүр.
Балырлап суулар нур байлап,
Байкасаң жээгин шор байлап,
Чай кайнатып, бал салса,
Татып суудан шор кайнап,
Ич өтмө кесел жайылып,
Чычкактады баарысы.
Алыстан келген Коңурбай,
Коргонго камап алышы.
Жасалгалуу кырк эки үй,
Жанына тикти чатырды.
Жайнап жаткан кыргыздын,
Жанына кордук батырды.
Конок кылып, кой сойуп,
Кол куушуруп тоскондой,
Алп Коңурбай баатырга,
Жасалгалуу кырк эки үй,
Кыргыз эли тапшырды.
Алп Коңурбай, Нескара,
Артынан келген аскерин,
Ар тарапка бөлүнтүп,
Күлдүрөтүп топ артып,
Күчүн күүлүү көрүнтүп.
Камоодо калган Семеңдин,
Кайгыдан көөнүн бөлүнтүп.
Бирин миңден топтогон,
Кеңколдун өйүз-бүйүзүн,
Калмак кытай аскердин,
Тобурчагы оттогон.
Кылымда мындай жоо болбойт,
Кыраанды камап октогон.
Муну мындай койуңуз,
Тоодон жаткан Гүлүстөн,
Андан кабар угуңуз.
Баатыр Бакай билген жок,
Канчородо күмөн жок.
Бир жума болду тынч албай,
Гүлчородо уйку жок.
Жай өтүп күзгө чукулдап,
Жайлоодон жанган кези экен.
Балтыры тартып балкылдап,
Алып учуп жүрөгү,
Тынчтык бербей лакылдап.
Кирпикке кирпик жетишпей,
Көзү катты уйкудан.
Чыдабады Гүлүстөн,
Күмөн алып шумдуктан.
Эрте туруп ээлигип,
Таң азандан жээлигип.
Жылкычылап чакырып,
Жээлигип жүрүп шашылып,
“Тулпарларды карма – деп,
Тобун бузбай айда - деп.
Ардактаган төрт тулпар,
Мамыга аны байла”- деп.
Ишенгени Тайбуурул,
Эркечтей болгон Суркойон,
Төрт канаттуу Карала,
Бакай хандын Бозжорго,
Бул төртөөнү айдатты,
Бир демде аны карматты.
Уруштуу күнү аттарга,
Куйрук берип, май берип,
Кындырдай кылып жараткан.
Жем баштыгы манаттан,
Жем үзүлбөй ар аттан.
Тулку бойу күймөлүү,
Туйагынан башкасы,
Баары күмүш түймөлүү.
Бараңдын огу батпаган,
Жебенин огу жетпеген.
Сайса найза тешпеген,
Чапса кылыч кеспеген.
Кара бойу капталуу,
Олпок менен чапталуу.
Качкан элик чокулуу,
Арстандан калган аккаңгы ээр,
Тайбуурулга токулуу.
Жараганы кабыктай,
Жалдын үстү жабыктай.
Семиргени сүмбөдөй,
Секиргени бүргөдөй.
Нечен жылдан бер жакка,
Бекер жаткан тулпарлар.
Семирип баспай калбаган,
Эти агып арбыйып,
Же арыктап булар калбаган,
Ардактап эрен Гүлчоро,
Аттарды сонун таптаган.
Кыштын күнү болгондо.
Эл кыштоого конгондо,
Семетей, Бакай, Каныкей,
Эр Гүлүстөн, Канчоро,
Сойулган ушак малдардан,
Койдун майын татпаган.
Казатка минчү аттардын,
Азыгы үчүн сактаган.
Сары арпаны түктөгөн,
Балтыр атка жүктөгөн.
Салышарга жоо келсе,
Сайып баарын бүктөгөн.
Жер чымырап көгөрүп,
Чырпык бүрдөп, гүл жайнап,
Жан-жаныбар кыбырап,
Жаз белгиси келгенде,
Жылкынын алды тууганда,
Саадырып сүтүн ушунда,
Эртең менен төрт атка,
Сүттү берчү суусунга.
Кулун өпкө күйүкпөс,
Аттардын жайы ушундай.
Жагоо деген жабдыгы,
Гүлчородон башка жан,
Мурун муну таттыбы?
Тилине салып койо берет,
Эркин басып ат жүрөт.
Эркинче тулаң чөп жебей,
Ээрдине канык толтуруп,
Каба суудан ал ичпей,
Мууну бошоп кеткиче,
Күндүн табы өткөнчө,
Көзү канып уктабай,
Жуушап аттар тынч албай.
Байлангандай бабында,
Баарысы чабар табында.
Алты жигит ээрчитти,
Арстан чоро жанына.
Кысырдан тандап алдырып,
Кымыздан байлап артынып.
Ээрчиткен алты жигитке,
Азык-түлүк буйумун,
Атайлап баарын тапшырып.
Үчташ жайлоо жеринен,
Гүлчоро чыкты бастырып.
Гүлешендин токойун,
Гүлли кара ушак мал,
Баары келген ошого.
Мал башкарган баш билги,
Канчоро байкуш ошондо.
Барып жетти Гүлчоро,
Күүгүм кире короого.
Гүлчорону көргөндө,
Бүткөн бойу делбиреп,
Жүгүрүп чоро элбиреп.
Эки жеңин бош таштап,
Кементайын жамынып,
Тамаша кылып Гүлүскө,
Сойул алып камынып.
“Кулду кармап муузда”- деп,
Канчоро чыкты чамынып.
“Кантип калган чунак- деп,
Кан ичме баатыр койгун”- деп.
Арсаңдап күлүп Гүлчоро,
Камчысын кармап имерип,
Камчы менен сойулду,
Каршы-терши жиберип.
Камчылашып алышты..
Карап турган калайык,
Тамашага канышты.
Каткырышып кайтадан,
Кучакташып көрүштү.
Сагынышкан чунактар,
Бирин бири өбүштү.
Жылкынын этин сагынган,
Кысырдан сойду Канчоро.
Териштирип тек жайын,
Кепке болду Канчоро:
- Малды таштап талаага,
Энтеңдеген чунак кул,
Башыңды салып балаага,
Кайсы жакка барасың?
Кармашчу душман бар өңдүү,
Беймаал кезде неликтен,
Карматып тулпар аласың?
Гүлүстөн анда кеп айтат:
- Чоро элек башында,
Ээрчип жүрдүк абамды,
Сегизден бери жашында.
Эл башкарган эрлерге,
Эрикпей абам жан кылды.
Эрегишкен эрлерди,
Жер жаздантып нан кылды.
Алты хан элин чогултуп,
Үчтөн энчи бердим – деп,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 14
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.