Latin

Семетей - 18

Total number of words is 4074
Total number of unique words is 2068
30.9 of words are in the 2000 most common words
44.6 of words are in the 5000 most common words
51.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Темселетти баары элди.
Анжу, манжу, калмактан,
Айрып салды казакты.
Бейжиндеги урушта,
Казакка салды азапты!
Манас өлсө уулу бар,
Анын аты Семетей.
Бүтүн жерде бендени,
Көзүнө илбейт кенедей.
Кишинин баарын чөп ойлойт,
Бучкагына теңебей!
Кордук салды баарыга,
Кол салып киши баралбай,
Коркуп калды барууга.
Калмактан Коңур козголду,
Эл тааныган эренден,
Отуз эки алп болду,
Санаты жүз лөк кол болду.
Коркпой туруп Семетей,
Көмөрүп алды ошону.
Качып барган кытайдан,
Сорандыктын Алмамбет.
Жалгыз уулу Гүлчоро,
Бели катуу чоросу,
Беттешип кирип чорого,
Жеңген киши болбоду.
Каңгайдан алды алмаңды,
Кайгыны элге бир салды.
Ырайы жок, боору таш,
Мал, пулуна карабай,
Баарынан кесип баш алды.
Орто Асийа, Түркистан,
Кан ичме жинди атанды.
Оозуна кирет эң мурун,
Калдайдын уулу Коңурду,
Жеңгенмин – деп – айтарды!
Чыдай албай кордукка,
Чын кыйналып зордукка.
Чакырып келдим алдыңа,
Көчүрүп келдим казакты,
Амурдун агын бойуна.
Куру келбей, Кызыл дөө,
Кырк миң алтын тартуум бар.
Кыйналыптыр эл десең,
Кымбат баалуу өзүң бар.
Кызыталак кыргызды,
Кыйратып таштап баарысын,
Алдыңа келген Керимбай,
Хан көтөрүп мени сал!
Арзыбасаң алтынга,
Атагы казак журтумдун,
Төрт түлүктүү малы бар,
Болушунча айдап ал.
Кыргыз, казак бир тууган,
Как ошондой сыйагы,
Болойун сага бир тууган!” –
Деп, Керимбай айтканда,
Кыйа карап Кызыл дөө,
Кыйалданып ошондо:
“Кыргыз Манас баатырың,
Келгени анын Бейжинге,
Жалганы жок ыраспы?
Кылымга салса чуулган,
Кызыталак Алмамбет,
Ал кытайдан туулса,
Алмамбет, Манас биригип,
Бейжинге келип кол салса,
Аны кайдан мен туйдум,
Эсен хан кабар кылбаса?
Ал экөөнүн балдары,
Семетей менен Гүлчоро,
Калгандын баарын жалмаса.
Таласына барбасам,
Таптакыр талап албасам.
Too текедей тарп кылып,
Талаада ичин жарбасам!
Кызыл дөө атым курусун,
Миң батман күрзү тайагым,
Такымга кысып алайын.
Таш талканын чыгарып,
Көмө чаап салайын!”
“Эки күн жаткын, Керимбай,
Кырк миң аскер колум бар,
Чакыртып келе калайын.
Орто Асийа, Туркистан,
Бүтүн баарын чабайын.
Алтының калсын бул жерде,
Кыйратып кызыталакты,
Төрт түлүктүү малыңды,
Андан кийин алайын!” –
Деп, ошентип Кызыл дөө,
Эки күнү камынып,
Минерине пил алып,
Жыгачтан кылган желкенин,
Сан санаксыз көп алып.
Кырк миң аскер кол менен,
Күн батышка бет алып.
Деңиздеги жол менен,
Токтобой жүрүп олтуруп,
Суудан чыкты кургакка.
Амырдын суусун жээктеп,
Күрпүлдөктүн бойуна,
Үмүтөйдүн айлына,
Келип түштү Кызыл дөө.
Көргөндүн баары диркиреп,
Сийдиги чыгып бүркүрөп.
“Алда кандай адам –деп,
Муну менен беттешкен,
Балаага башын салар – деп.
Бул чочкону чакырып,
Үмүтөй менен Керимбай,
Пайданы кайдан табар” – деп.
Күдүңдөшүп турганда,
Коноктун камын кылдырды,
Эр Үмүтөй камына,
Семизин тандап ириктин,
Жалгыз Кызыл дөө үчүн,
Сексен койду сойдурду.
Чала-була бышыртып,
Он койдун эти бир чара,
Сегиз чара жанаша,
Аш жегени капырдын,
Албан түрдүү тамаша!
Сөөгү менен иши жок,
Ирик койдун жилиги,
Кекиртекке такалып,
Токтоп калган жери жок.
Сегиз салды оозуна,
Тойбой калды жутуна.
Сексен кара нан жеди,
Андан кийин чай эди.
Жылуу менен муздактын,
Ортосунда мелүүндөн,
Сегиз чара суу ичти.
Оңолуп чочко кырданды,
Узатып бутун суналды.
Кор-шар этсе кой үркүп,
Коңуруктап уктады.
Муну койо туралы,
Эл бүлүнтүп журт бузган,
Керимбайдан угалы.
Жыгач келген сал менен,
Суудан чыгып Керимбай,
Кызыл дөөгө кош айтып,
Кичи-Инген көздөй жол тартып,
Төрт жигитин котчу алып.
Бир укмушка жолукту,
Тоо аралап келатып.
Чыга калса капыстан,
Үстү кашат жапыздан.
Маңдайыңда жалгыз көз,
Жалпак мурун, жайдак ооз,
Жазы маңдай, жайык төш,
Мойну кыска, кортек бой,
Туурасы келет он кучак,
Алтымыш бөрү, кырк илбирс,
Отуз айуу, он жолборс,
Сексен кулан, беш бөкөн,
Арбайтып ача мүйүзүн,
Төрт бугуну өңөргөн,
Кебетеси, ыраңы,
Жайкы чөптөй көгөргөн.
Башында темир туулга,
Кабагына көмөргөн.
Кабат-кабат темирден,
Сегиз кабат тон кийген.
Чарайнасы көөдөңдө,
Өткөзө укмуш көрөргө.
Калканы жонго тартылган,
Жолборстугу таанылган.
Ат минбеген, уй минген,
Уйу дагы көк экен.
Маңдайыңда жалгыз көз,
Ысыккөлдөн чоң экен.
Өгүзү, өзү биригип,
Ак чамбыл таштай тоо экен.
Бутуна кийген көк жеке,
Өңгө элден эрекче.
Ал сыйактуу кишиге,
Алыстан келген Керимбай,
Учурап калды белесте.
Качып берер чара жок,
Токтолуп турар дабаа жок.
Түшө калып атынан,
Таазим кылбай айла жок.
Көргөндө түшүп Керимбай,
Калтылдап турат кеп кылба й.
Алдындагы көк бука,
Эки кулак шалактап,
Төрт айагы шарактап.
Аттан бетер жүгөндөп,
Өз белине таңыптыр,
Уйдун мурдун танаптап.
Минген ээсин, бар жүгүн,
Токумунча элебей.
Желе басса шартылдап,
Артынан кууган жел жетпей
Жанашпай шамал бөлүнүп,
Үстүндөгү жалгыз көз,
Жан алчудай көрүнүп.
Каарынан жадап көргөн жан,
Коркуп жандан түңүлүп.
Утур чыккан адамды,
Тааныбады Керимбай,
Анын өзү Мадыкан,
Бука минип келаткан.
Буканын мурдун тартканы,
Бул чочконун айтканы:
“Атың жадап арыктап,
Алыстан келген окшойсун.
Санатың беш кишисиң,
Мени көрүп токтолдуң.
Калтырбай айткын билгениң,
Кечикпестен бат болгун!”
Удур-будур сүйлөдү
Өтө жаман түрдөндү.
Күңгүрөнүп сүйлөсө,
Чагылган күндөй үндөндү.
Үнүн угуп Керимбай,
Ушундай бенде болобу?
Алдындагы Кызыл дөө,
Мадыкандын жанында,
Анча-мынча окшонду.
Таазымда турган Керимбай,
Какшанып сөзүн козгоду:
“Өзүм казак элимин,
Күрпүлдөктөн келемин.
Мында келиш ишим бар,
Издеп жүргөн кишим бар.
Издеген кишим дайындуу,
Нескара уулу Мадыкан.
Элимде жатып кеп уктум,
Эр Мадыкан баатырды,
Эбегейсиз – деп уктум.
Издеген кишим табылса,
Ички сырым айтамын,
Андан кийин кайтамын.
Катуу тарттым душмандын,
Калбалаңдуу зардабын”. –
Деп, Керимбай айтканда,
Көк букачан жалгыз көз,
Отурайып көп тиктеп:
“Мен Мадыкан боломун,
Сөзүңдү айткын – деп тиктеп.
Атамдын аты Нескара,
Кыргыздан өлдү – деп угам.
Кең Сайрамдын сайында,
Мен окууда жүргөн чагымда.
Коңурбай баштап баарысы,
Кеңколго барган чагында.
Кейишти салып кыргыздар,
Кыйратыптыр барганды,
Кылкандай кылып эр сайып,
Кыйла олжо алганбы?
Барайын – деп – жүрөмүн,
Кылга байлап бир жанды.
Издегениң мен болсом,
Жүр аттангын сен дагы!” –
Булт эттирип букасын,
Бурулуп жолго салганы.
Бука менен бултулдап,
Жүрүп берди шартылдап.
Казактан ылгап, минген ат,
Teң жүрө албай уй менен,
Опон-чычаң салпылдап.
Аңгычакты алдынан,
Көрүндү чатыр жаркылдап.
Жаркылдаган чатырга,
Чукул жетти жакындап.
Чатырдан киши көп чыкты,
Мадыкандын алдына,
Баары калбай топ чыкты.
Айуу, бөрү, илбирсин,
Бугу, бөкөн, жолборсун,
Таап барган олжосун,
Чатырга алып киришти,
Бөлүп алып элдери,
Жай-жайына илишти.
Өзү албады бирин да,
Чай-тамакты белендеп,
Алып келип алдына
Керимбай баштап беш киши,
Чакыртып алды жанына.
Керимбай кирип караса,
Жамгырчынын Шаймамбет,
Чай ташып жүрөт ушунда.
Бирок дагы бул экөө,
Тааныштык бербей турушту.
Чай тамагын ичкен соң,
Ал Мадыкан кеп айтат:
“Казактан келген мени издеп,
Атың ким сенин” – деп айтат?
Өзү минтип сураса,
Керимбай айтпай турабы.
Айтар сөзүн Керимбай,
Акылга салып курады:
“Атыңды угуп мен ашык,
Артыңдан жүрөм, Мадыкан.
Учураштык талаада,
Эми абдан таанышам.
Эрикпей кулак саларсың,
Арызымды айтып наалысам.
Кыдыртып айтып келейин,
Кыйла ишти башынан.
Калмак менен казактар,
Алооке, Шоорук тушунда,
Айыл-апа коңшу жүрүптүр.
Кыргыздан Манас туулуп,
Кылым түрктү бөлүптүр.
Орто Асийа, Түрктөрдөн,
Калмакты сүрүп ийиптир.
Аз келгенсип анысы,
Сорандык уулу Алмамбет,
Кыргыз менен дос болуп,
Кылым алаш козголуп,
Анжу, манжу, мангулду,
Калмак, шибе буларды,
Бейжиндин койбой шаарына,
Баарын айдап чыгарды.
Берекелүү Кон төрө,
Бели катуу чоң төрө,
Кытайдан чыгып бөлүнүп,
Кокту каттай шаар салды.
Жилин, Чаңбай жерлерин,
Анжу, манжу алганы,
Эр Жолойду баш кылып,
Кытайларды кемсинтип,
Тоого айдап салганы.
Өлүптүр Манас, Алмамбет,
Улугум баатыр Мадыкан,
Көрбөгөнмүн, укканмын,
Айта албаймын жалган кеп.
Эр Манастан Семетей,
Эрен чыкты кыргыздан.
Менден башка эр жок – деп,
Эч нерседен кенебей.
Өз, жат дебейт түгөнгүр,
Кара мүртөз ченебей.
Чоң атасы Жакыпты,
Эки уулу менен жалмады.
Өмүрүндө тынч жаткан,
Эр Толтойду өлтүрүп,
Жедигерди чаап алды.
Мен куда – деп – эр Көкчө,
Мен куда – деп – Чынкожо,
Кыйышпай жүргөн Чачыкей,
Орто жерден аны алды.
Баарын угуп Коңурбай,
Мурадил, Уушан, Нескара,
Чогулуп баары бир барды.
Өзү өлтүрбөй Семетей,
Мурадил, Уушан, Нескара,
Чоролордон жайланды.
Сенин атаң Нескара,
Башын кескен Сайрамда,
Алмамбет кулдун баласы.
Душманга кылып тарчылык,
Тууганды айап калбады.
Калың казак биздин эл,
Талаалап калдык ар кайда.
Көз каранды эл болдук,
Тул катын, жетим балага!
Ичиме батпай арманым,
Иле кылып сөз курап,
Көчүрүп алдап казакты,
Күрпүлдөккө алпардым.
Кыйын – деп – угуп кабарын,
Жандан тойуп, суу кечип,
Кызылуйук чоң дөөгө,
Жапандарга мен бардым.
Барбайт элем жапанга,
Укпапмын, баатыр, кабарың.
Жапандан уктум сени эр – деп,
Ал үчүн келдим мен издеп.
Кызыл дөө кетти жол менен,
Күрпүлдөктүн куйушка,
Кырк миң аскер кол менен.
Канатташ жүргөн калкыма,
Кайнаган анжу, манжуга,
Айтпасам сырым бекер деп.
Укпаган үчүн жапанга,
Өтүп кетип калыпмын.
Өзүм барсам алдына,
Күнөөмдү Мадыкан,
Күмөнү жок кечер – деп,
Сурадың баатыр Мадыкан,
Жол жүргөн жайым ушул –
Баарыдан жаман да бир кеп,
Жеңдиргенде Коң төрө,
Мурадил, Уушан,, Нескара,
Өлтүрткөндө Коңурбай,
Кат жазып мөөр басты – дейт”
Жылында алман берем – деп.
Алмамбет качып кытайдан,
Коңурбай кордук кылды – деп,
Казакка барып баталбай,
Кыргызга барып жөн жатпай.
Бейжинге кайра келгенде,
Куураган кытай Эсен хан,
Эр жөлөгү Айжаңжун,
Эки кытай элебей,
Эки кызын бергенде.
Анжу, манжу, калмакка,
Ошондо токтом кылыптыр,
Үйүндө жаткан кытайга,
Золаң даек берерге.
Анжу, манжу, калмактар,
Кытайга алман бир берсе,
Кыргызга дилде, пул берсе,
Упурак болгон элдердин,
Убалы сендей эрлерге,
Андан кала бергенде,
Тил билги киши мендейге!
Чайчың, экен Шаймамбет,
Канча болду келгени?
Атасын таштап карганда,
Канчоро кулдун зарынан,
Качып кетти –деди эле.
Эми келип карасам,
Энтелеп жүрөт бул жерде.
Жүрөгү өлгөн чородон,
Түз кеби жок төрөдөн.
Ошол үчүн Шайымбет,
Атасын таштап жөнөгөн.
Мен укканда мындай кеп,
Айтыптыр дейт Шаймамбет.
Жамгырчыны жүрү –деп,
Барбаймын башка жерге – деп,
Жамгырчы болбой койгон –дейт.
Айткандыр сизге Шаймамбет,
Баштан айак бар кебин.
Манастын уулу канкордун,
Кара мүртөз анткордун.
Бар кыйалын, жоругун,
Бар элге кылган зордугун.
Кайсы бирин айтамын,
Арзымды айтып кир жуудум.
Эми кайта кетемин.
Уруксат берсең, улугум,
Мен жапанга барарда,
Кара калпак калмактан,
Каталдын уулу Карагул,
Күрпүлдөктөн бойунда,
Жылкы багып жатыптыр,
Ага дагы жолуктум.
Карагул мага кеп айтты:
“Бара турган жериңе,
Такыр баргын – деп айтты.
Күрпүлдөктө сен тургун,
Көкжаңгак менен Kөөрүктүү,
Мен ошого барам –деп айтты,
Кабар угуп Семетей,
Казактын эли качты – деп,
Агар алтын, ак күмүш,
Арбын дүйнө чачты – деп.
Келип калса кокустан,
Сен чогулуп болгуча,
Айла кылып, ыгын таап,
Өткөрбөймүн” – деп айтты.
Кызылуйук чоң, дөөгө,
Кылымдан ашкан Мадыкан,
Кымбат баалуу сиздейге,
Эркин барып келишке,
Эр жолумду ал ачты.
Дагы бар жана бир сөзүм,
Семетейди жайласаң.,
Атаңдын кунун кууп алып,
Гүлчоро башын байласаң,
Канчородой жиндини,
Шаймамбетке карматсаң,
Бакайдын ишин бүтүрсөң,
Арманым калбайт Керимбай,
Алаштын ханы болду – деп,
Калын, элге угузуп,
Андан кийин өлтүрсөң,!
Абалтан хандын уулу – деп,
Үмүтөйдү хан кылсаң.
А көрөкчө, Мадыкан,
Маа окшогон эмени,
Ушул жерде өлтүр сен!
Атаңдын кунун сен алсаң,
Алаштын элин мен алсам.
Андан кийин Мадыкан,
Ар жылына алаштан,
Куржун, куржун пул алсаң,
Ага ыраазы болбосоң,
Кыргыздын кызы эң сулуу,
Каалашыңча дагы алсаң.
Армандан чыгып кетесиң,
Акундун кызы Айчүрөк,
Ал Семетей катыны
Олжо кылып аны алсаң.
Шаатемир кызы Чачыкей,
Жез оймоктун узу – дейт.
Үмүтөйгө алдырсаң,
Гүлчоронун катыны,
Акбаланы мен алсам,
Айткандын баары бүткөндө.
Анда бизде не арман?!
Күнүмдүк берип мал пулдан
Кызыл дөөнү узатсам!” –
Деп, ошентип Керимбай,
Кыйла-кыйла кеп айтып,
Шолоктоп ыйлап калп эле,
Көзүнөн жашын тыйа албай,
Каңырыктап бир далай.
Ал Керимбай баатырың,
Кебин айтып бүттү эле.
Атасынын өлгөнү,
Мадыкандын көөнүнө,
Ушул жерде түштү эле:
“Шаймамбет мында келгени,Далай жыл болду бул жерде
Биздин элде жүргөнү,
Азап тарткан күндөрүн,
Эмне үчүн айтып бербеди?
Шаарым менин Жилинде,
Тагым менин Жилинде,
Тамаша кылып аң уулап,
Жүрүпмүн Инген тоосунда.
Атамдын кунун аламын,
Болуп турган чагымда!
Үч жылдан бери карата,
Кыштай жатып шаарда,
Элүү күнү жол тартып,
Ушул жерге келчү элем.
Жыл келген нооруз айларда,
Кайра жанып кетчү элем.
Кыргыйек учкан маалда,
Ойнодум үч жыл аң уулап,
Тоолордо жүрдүм мен дуулап.
Илбесин алдым ар түрдүү,
Маа жамандык кылбаса,
Кылым жердин бетине,
Болуптур кыргыз каргаша.
Табалбас кыргыз эч даба,
Менин жайылдыгым кармаса!
Анжу, манжу, калмакты,
Кытай менен каңгайды,
Кайдан жыйнап жүрөйүн?
Каспанда жүз миң аскер бар,
Калтырбай айдап сүрөйүн.
Кызылуйук кошулду,
Кызыталак алашты,
Калтырбай кырып ийейин!
Кайра келип жериме,
Калың манжу элиме.
Туңшанын минип тагына,
Карып калды – деп – угам,
Калмактардын Коңурбай,
Чакыртанын алдыма.
Анжу, манжу, кытайлар,
Шибе, чиден далайлар,
Ал Коңурбай чочконун,
Капташыптыр каарына,
Чакыртып алып келейин,
Так өзүмдүн алдыма!
Анжу, манжу, бул элден,
Кытай, чиден, шибеден,
Булардан өлгөн эрлерден,
Бейарман өлгөн көп элден,
Баарынын кунун бергин – деп,
Жазасын анын бербесем!
Каардансам каңгайды,
Аштык бышпас, чөп чыкпас,
Какырга айдап салбасам.
Каптап кирип кытайга,
Өмүр бойу былк этпей,
Хан болдум – деп, – жай жаткан,
Эсен ханга барбасам!
Эндиретип кытайды,
Эбин мунун таппасам!
Сен жатып тур, Керимбай,
Жилинде жаткан Каспанда,
Аскерге кабар салайын.
Болжоп койуп түз жолду,
Жолдон таап алайын! –
Деп, Мадыкан күүлөнүп, –
Кыргыз, кытай, киденди,
Шибе менен чиденди,
Каңгай, калмак буларды,
Каракалпак, түркмөндөн,
Күн чыгыштан күн батыш,
Ортосунда бар жанды,
Калтырбайын бир жанды!
Жапандан келген Кызыл дөө,
Камалып жүрөт тар жерде,
Баш кошсо мага ар жерде.
Калмактар ээлеп жаткан жер,
Баарын ага берейин.
Баш койбосо эгерде,
Талпагын ташка керейин.
Аралда жапан элдерин,
Талап алып келейин!
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Түгөл такыр алганда,
Кыйынсыган кытайдан,
Кылым ханы Эсен хан,
Кол куушуруп алдыма,
Келбегенин көрөйүн!”–
Деп, күүлөнүп Мадыкан,
Жыйылып жаткан аскерге,
Жүз миң аскер баарысы,
“Аттансын – деп – кат жазды.
–Шаймамбетке көтөртүп, –
Чоң сууну бойлоп баарыңар,
Улуу Инген тоо менен,
Күрпүлдөк баргын” – деп жазды.
Келер күнүн болжолдоп,
Кичи Ингенден аттанды.
Кылкылдактын суу бойу,
Аскер менен табышты.
Ал Керимбай сүйүнүп,
Күрпүлдөккө барбаспы!
Жүз миң аскер Мадыкан,
Кырк миң аскер Кызыл дөө,
Он миң аскер казактан,
Камын жешип үч урук,
Дайарданып жатышкан.
Каталдын уулу Карагул,
А дагы хандык кылууга,
Алты сан жылкы айдатып,
Көөрүктүүнүн бойуна,
Көкжаңгактын кыйрына,
Кыйалында Карагул,
Наамды өзү аларга,
Хан болуп жатып каларга.
Түк туйгузбай Карагул,
Күлдү калмак журтуна,
Хан Коңурдай улукка,
Ойлогону мына бул:
“Кызылуйук, Мадыкан,
Кыргызды талап алат –деп,
Семетейди чыңыртып,
Гүлчорону күйгүзүп,
Канчорону каргантып,
Хан Бакайды байлатып,
Каныкейди айдатып,
Айчүрөктү зарлантып,
Жалгызекти саргартып,
Байтайлакты ыйлатып,
Баарын булар алат – деп.
Кызылуйук, Мадыкан,
Соога – деп – андан сурасам,
Казакка мени хан кылар.
Калкына кылган жамандык,
Өзүнө кылган арамдык.
Керимбай менен Үмүтөй,
Ал экөөнү нан кылар” –
Деп, Карагул өзүнчө,
Жылкыда жатып хан болду,
Кыйалы менен семирип,
Кылымдан ашкан бай болду.
Муну мындай таштайлы,
Карагулдун кара нээт,
Өлүмүнөн баштайлы.
КАРАГУЛДУН ӨЛҮШҮ
Кеңкол ата Таласта,
Ак калпак кыргыз элиңдин,
Салакасы бир башка.
Эр Гүлчоро, Канчоро,
Жанына алып көп чоро,
Ташкендин үстү Боз белден,
Бугу атып, чөө атып,
Ийри мойун төө атып,
Жолборс атып токойдон,
Илбирс атып тоолордон,
Бөрү атып бөксөдөн,
Айуу атып төрлөрдөн.
Түлкү кагып коосунан,
Теке атып зоосунан.
Аркар атып, кулжа атып,
Адырдан атып кайыпты,
Элик атып бадалдан,
Марал атып аралдан.
“Боз белдин жайы бейпайан,
Ошол жерде көп деген,
Жан билбеген көп айбан.
Жандар атып алардан,
Каракулак шер уулап,
Киши кийик анда бар,
Кармап алып көрөбүз,
Тамаша кылып талаада,
Кайберендин сонунун,
Кармап алып келебиз.
Кулан кармап сазынан,
Кур семирген чаарынан” –
Деп, сүйлөшүп ал экөө,
Кырк-элүүдөй котчу алып,
Байтайлакты кошо алып,
Жүрүп кеткен аттанып.
Канчоро менен Гүлчоро,
Боз белге кеткен маалда,
Эки киши келиптир,
Семетейдин айлына.
Келгендер кыргыз уругу,
Казактын жүргөн айлында,
Конок болуп Семеңе,
Кобурашып олтуруп,
Келгендер кепке кирди эле.
Бирине бири кеп салып,
Көчүп кеткен казактар,
Баргандыр кайда – деп салып.
Эрмектешип коноктор,
Эр Семетей кырданып,
Жан алчудай сурданып.
Кулакка кирген сөздөрдү,
Куп санады өзүнө.
“Казакка барып аттанып,
Кабар алып келсем, бейм,
Четинен казак көчкөнбү?
Чет жакты карап өткөнбү?
Казакты кудай урганбы?
Каңгайга барып тынганбы?
Же жарма уулап жүргөн булардын,
Айткан кеби жалганбы?
Жандатып кабар айттырып,
Билдирет эле өзүмө,
Агеркеч өлүп калганбы?
Жайлоого көчүп эл кетсе,
Жаман айтып кыргыздар,
Же ушак кылып алганбы?” –
Деп, ойлонуп Семетей,
Эртең менен болгондо,
Тайбуурул минип аттанды.
Карыйа Бакай, Каныкей, .
Акундун кызы Чүрөккө,
Айтып кебин салбады.
Акылдашар жанында,
Канчоро менен Гүлчоро,
Айлында болбой калганы.
Көөдөктүк кылып, Каракөк,
Жолунда жаткан Жалгызек,
Жооптошуп албады.
Эң курбаса түгөнгүр,
Алматы, Алтай, Сарарка,
Шаар ичине барбады.
Бир үйгө түшүп конбоду.
Эрте басып, кеч жатып,
Далай күндөр өткөндө,
Көөрүктүүнүн ойунда,
Көкжаңгактын бойунда,
Көп жылкыга жолукту.
“Казактын эли бул жерде,
Жаткан экен жайлап – деп,
Ээн жерге жылкыны,
Салган экен айдап –деп.
Кечкурун барам айылга”, –
Деген кыйал ой менен,
Тайбуурулду каңтарып,
Тердик төшөп башына,
Ээрди башка жазданды.
Жөлөңкөгө чалкалап,
Көк шиберге жатканы.
Талаада уктап жатканда,
Кара мендер басканы!
Уктап калган Семетей,
Эч нерсени элебей.
Чоң уйкуну салганда,
Каталдын уулу Карагул,
Как ушул учур маалда,
Үстүнө келген мына бул.
Буурулду байлап кыр ташка,
Өзү жаткан ойдуңда.
Ойдуңда жаткан төрөнү,
Ал Карагул көрбөдү.
Кырчакта турган Буурул ат,
Чылбырын үзүп жөнөдү.
Ооздук менен чөп чалып,
Өрдө жүргөн Буурулду,
Ант урган чочко көргөнү.
Буурулду келип кармады,
Каталдын уулу түгөнгүр,
Буурул ат колго тийгенде,
Алдында минген кер бээден,
Ыргып атка минди эле.
Жетпеген ажал себеп бар,
Көптү көргөн Карагул,
Артын карап из чалбай,
Кыйа тартып бөксөлөп,
Кырга чыкты чуу койуп.
Элкинге чыгып олтуруп,
Эс акылын толтуруп.
“Бу, Семетейдин Тайбуурул,
Кайдан келип калгандыр?
Керимбай киши жиберип,
Уурдатып муну алгандыр.
Келе жаткан уурусу,
Мени көрүп калгандыр.
Кармаса сойуп салат – деп,
Качып жолго салгандыр.
Же болбосо Буурулду,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Минип келсе бул жерге,
Тутамынан чылбырын,
Чыгарбайт эле тегеле.
Чубактын уулу Канчоро,
Буурулду минип келгенби?
Кырчакка байлап элебей,
Адырдан көрүп бугуну,
Уулап кетип калганбы?
Азуулуу чыгып бир жерден,
Атка кастык кылганбы?
Октос берип үрккөндө,
Чылбырын үзүп алганбы?
Адырда жүрүп чөп оттоп,
Учурап мага калганбы?
Же Бакайдын уулу Байтайлак,
Жаш бала минип келгенби?
Коржоңдогон Буурулду,
Корк этип кетсе, жалт берип,
Чокуга чаап ийгенби?
Чыгып кетип колунан,
Кырча басып чылбырын,
Кырчак ташка тилгенби?
Жамгырчынын Шаймамбет,
Канчоро менен кас эле,
Маанайы анын бас эле.
Эки жылдын алдында,
Учурап мага кетти эле.
Алы келбей төрөгө,
Мындай кылсам кантет – деп,
Буурулду минип желгенби?
Кокту-Каттын шаарында,
Куу сакал болгон чагында,
Коңурбайга бергенби?
Темирден кылган кадага,
Теке кайыш шукшурма,
Бекем байлап салганда,
Чыйратып үзүп алганбы?
Чын чатакты табууга,
Бу Таласка жөнөп калганбы?
Таалайы качып Семетей,
Талабына ат жетпей,
Учурап калып талаада,
Мен, Буурулду кармап алдымбы?
Көп ойлонуп турбайын,
Кайсы жактан келди экен,
Кедерги изин кубайын” –
Деп, ойлонуп жатканда,
Эми тушту ойума,
Семетей кебин айтарга.
Семетей келип ойдуңда,
Жатканы болгон сегиз күн.
Чочуп кетип элеңдеп,
Кирпик ирмеп караса,
Тайбуурул сындуу буудан жок.
“Кайда кеткен Тайбуурул?
Мен эми эле жаттым” – деп,
Байлаган ташты карады.
Күрмөгөн жерден үзүлгөн,
Чылбырынын калганы.
“Оттоп кеткен экен –деп,
Каңтарылуу жылкыны,
Түздөн караш бекер” – деп.
Аттын изин карабай,
Анын акмактыгы мамындай.
Жоо жарагы, шайманы,
Такыр алып жөө басып,
Кырга чыгып барганы.
Кырчактын чыгып башына,
Кыйа карап олтурду,
Каңшаар кара ташына.
Алды жагын караса,
Тайбуурул менен бир жылкы,
Экөө турат кайкыда.
Эки аттын нары жагында,
Карагул калды далдаада.
Душманды Семең элебей,
Мунун көөдөктүгү ченебей.
“Гүлчоро менен Канчоро,
Экөө келип аркамдан,
Айтпай сырын кетти – деп,
Атымды алып алганбы,
Булар, тамаша кылып салганбы?”Ошого кетип санаасы,
Же аттын түрүн карабай,
Каңгайдын жүрүп жеринде,
Душмандан кастык санабай.
“Үнүмдү укса келет – деп,
Күдөрүн үзүп чоролор,
Кантип менден кетет – деп.
Гүлчоро – деп бакырды,
Канчоро – деп чакырды!”
Арстандын үнүн укканда,
Ач кыйкырык чыкканда.
Каталдын уулу Карагул,
Кобо албай кала жаздады,
Токтоло түшүп далбайып,
Эсин ойлоп тапканы.
Кер бээни ээн таштады,
Буурулду минип качканы.
Көрүнөө менен баспады,
Көмүскө менен качканы.
Көмүскөгө киргенде,
Керимбай менен сүйлөшкөн,
Сөздү эсине алганы.
“Келип калса Семетей,
Азгаштырып турам –деп.
Айттым эле мен мурун,
Тартып алдым талаадан,
Алдында минген Буурулун.
Каңгайды көздөй баспайын,
Жылкымды кантип таштайын?
Күн батышка бет алып,
Көз көрүнөө баспайын.
Көөдөк экен Семетей,
Жылкыга барбайт аралап.
Минүүчүдөй кейпи жок,
Жылкыдан тандап ат кармап.
Кер бээни минип салпаңдап,
Мени кууйт талпаңдап.
Көрүнүп койуп ар кайдан,
Kөп күнгөчө алдайын.
Мылтык менен атпасын,
Көрүнөө жерге барбайын.
Керимбай кетти жапанга,
Таласты барып талашып,
Учурайын алдынан,
Ошолор кайра жанганда” –
Деп, ойлоду Карагул,
Карагул айткан немедей,
Семетей жайы мына бул.
Кер бээни кармап мингени
Кементай болуп кийгени.
Карагулду тааныбай,
Канчоро – деп билгени,
“Боз белден кайтып келгенде,
Урушта көөнү көп калган.
Гүлчоро муну жиберди,
Жолдо жүргөн калмактан,
Тартып бээни мингенби?
Душман болсо башкадан,
Талаада оттоп жаткандан,
Менден кайдан ийменди?
Бу Таласты көздөй жөнөдү,
Булардын бар көрөрү!
Артынан жүрүп барайын,
Жөөлөтүп менден ат алган,
Канчоро менен Гүлчоро,
Кошулган болсо Бакай хан,
Баарынын башын алайын!
Бойу узун, бели ичке,
Поруму башка көрүнөт.
Уккан белем Жалгызек,
Семетей Алтай кетти – деп.
Жүрү – деп, айтпай койду – деп,
Ошол келип ат алып,
Же жүрөбү ойноп, бокту жеп?” –
Мындан башка ойуна,
Семетейдин түк кирбейт.
Ойлонуп көкжал арстаны?,
“Мен кайсы жерде жүрөм” – деп.
Кер бээ менен салпылдап,
Жолго түштү темтеңдеп.
Же аттын изин карабай,
Анжудан күмөн санабай.
Буурулдун изин карабай,
Же калмактан күмөн санабай.
Бурулбай жолго салганы,
Таласты көздөй бет алып,
Үч күндүк жерге барганы.
Көрүнүп калды алдынан,
Буурул аттын карааны.
“Ким болсо атып салам” – деп,
Бузулуп көөнү карарды.
Аккелтесин алганы,
Андан мындан элестеп,
Көрүнүп жүргөн Карагул,
Мунун кыйалын билип калганы.
Атты таштап далдага,
Мааналап өзү бир ташка,
Бакырыкты салганы:
“Ой, абаке, Семетей,
Мен Канчоро кулуңмун.
Атаң менен тең жүргөн,
Баатыр Чубак уулумун.
Гүлчоро менен Бакай хан,
Жалгыз кетип калды – деп,
Жиберген сенин артыңдан.
Тили менен алардын,
Ажыраттым атыңдан.
Мен барбаймын алдына,
Таап алгын Таластан.
Бакай канча кеп айткан,
Тилиңди албайт Семетей,
Уурдап алып Буурулду,
Качып келгин – деп айткан.
Бузулуптур казак – деп,
Уккан экен Бакай хан.
Казактар айткан кеп экен,
Аралда жаткан жапанда,
Кызылуйук дөө деген,
Кылымдан чыккан эр экен.
Жилиндин жаткан шаарында,
Нескара уулу Мадыкан,
Бу дагы мыкты неме экен.
Казактарың аларга,
Мал, пулун берип жалдаптыр.
Карын бөлөң Үмүтөй,
Аны кудай каргаптыр.
Алдыңкы кеткен жазында,
Казакты түгөл көчүрүп,
Амурду көздөй айдаптыр.
Анжу менен жапанда,
Кылайып эркек калбаптыр.
Кырабыз кыргыз элин –деп,
Казагың белин байлаптыр.
Ошол үчүн калмактар,
Жер биздики болду – деп,
Көөрүктүүнү жайлаптыр.
Мен барбаймын атыңды,
Айттым уккан дартымды.
Түз Таласка баралы,
Чогулуп кыргыз калалы.
Чогулушкан дөөлөргө,
Чокчоңдошуп багалы. –
Деп, жиберген Бакай хан,
Кош эмесе” –деп койуп,
Кайра тартып жөнөдү.
Карагулдун калбады,
Көңүлүндө күмөнү.
“Бул Таласка кетет – деп,
Буурул менен койгулап,
Күрпүлдөктүн бойунда,
Керимбайга жетсем –деп.
Менден кабар укканда,
Буурулду көрүп чын анда,
Күрдөлүү кол аттанса,
Семетейге жетпейби,
Таласына жеткирбей,
Аксайдан наркы Арпада”.
Кыйалында ойлонуп,
Арамзада ал калча.
Каталдын уулу Карагул,
Айласы бар мамынча.
Кепти укканда Семетей,
“Таласка кетти чоро – деп,
Болбойт мага жоро – деп.
Бакай айткан кеп экен,
Бул айтканың ырас – деп.
Ылдам жүрүп жол басып,
Уйкуну койуп, түн катып.
Мен Таласка барайын,
Буурулду алып чородон,
Көгүчкөндөй мойнунан,
Толгоп үзүп алайын.
Айтканымды кылбасам,
Адам болбой калайын!” –
Деп, ойуна алганы,
Семетей жөнөп калганы
Азгырып ийип Карагул,
Ал итте кыйал мына бул.
“Аркасынан барайын,
Айласын мунун табайын.
Эти калдач минген бээ,
Баспай калат беш күндө.
Бээси баспай калганда,
Бир беттеше кетейин.
Эр Семең башын кесейин,
Берейин колго эсебин!
Эшектей кардын жарайын,
Семетейди Карагул,
Жалгыз сайып алган –деп,
Даң чыгарып салайын.
Байланып башын баатырдын,
Коңурбайга барайын.
Бер жагы Алтай тоосунан,
Асты жагы Тын-Шань,
Түштүк жагы Памырдан,
Батыш жагы Оролдон,
Түндүк жагы Муз деңиз,
Ушулардын арасы,
Орто Асийа жер тегиз.
Ойротто жок хан болуп,
Ойун ойноп жатайын.
Коросон менен Оогандын,
Жедигер менен Испандын,
Букар, Чайчуй, Шанкайдын,
Өчүрөйүн аттарын.
Кыргыздын жери – деп жазган,
Ташка ойуп таштаган,
Жок кылайын каттарын!
Семетей өлүп калганда,
Кол салар мага аз калар,
Аз турмайлык жок калар.
Ар канча кыйын болсо да,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Айбатымдан жазганар?!
Кырымдын жерин кыдырсам,
Каракалпак, түркмөндү,
Черчен, ногой элдерди,
Семетейге ар жылы,
Учурашкан эрлерди,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Белине таңуу беренди,
Бакайдын уулу Байтайлак,
Бала баатыр немени,
Каныкей менен Чүрөктү,
Калкка салган дүмөктү,
Куу сакал Бакай карыны,
Чубактын уулу Канчоро,
Кан ичме жинди капырды,
Ырайым кылбай буларга,
Баарынын башын алдырсам.
Орто Асийа борбор – деп,
Кыштын күнү кар жаабас,
Кар жааса да көп жаабас.
Кочкорго шаарды салдырсам,
Хандыгымды тойлотуп,
Калайыкка даңк кылсам!
Бул акылым өзүмө,
Ок эле жакшы жарады.
Болбойт экен карасам,
Семетейдин артынан,
Сайа кууп барбасам.
Сараркага барганда,
Шалпылдап баспай калат бээ,
Ошондо сайып албасам!” –
Деп, ойлонуп Карагул,
Каны тарткан жинди кул.
Коңурбайга баралбай,
Конуш берген, жер берген,
Казакка кабар сала албай.
Семетейдин артынан,
Бура тартты мына бул.
Семетей кетти жол менен,
Карагул түштү токтобой,
Сайып алып Семеңди,
Баатырдык кылыш ой менен.
Кызылуйук кыйын дөө,
Жалгыз көздүү Мадыкан,
Үмүтөй менен Керимбай,
Күрпүлдөктүн куйушта,
Булар жатат кол менен.
Буларды таштап жаналы,
Боз белге кеткен аң уулап,
Гүлчоро менен Канчоро,
Алардан кабар алалы.
Боз белге барып баатырлар.
Тоо аралап, таш басып,
Ар түрдүү айбан көп атып,
Жолборстон атып сегизди,
Айуудан атып семизди,
Алтымыш айры бугудан,
Андан атты жүз бирди.
Кулжадан атты миңчелик,
Эчки-теке, аркардын,
Санатын анын билбедик.
Илбирстен атты сексенди,
Куландан кырк беш атылды,
Канча жылдан бер жакка,
Элкин жаткан айбандын,
Тилегин мунун катырды.
Ийри мойун төө атты,
Бөрү менен чөө атты.
Суусар, түлкү, сүлөөсүн,
Көп атылды булардан,
Таңдырып төөгө жүктөттү,
Бөкөндөн бешөө атылды.
Марал менен эликтен,
Б адал да шорун катырды.
Азуулуудан, айбандан,
Чөп оттогон ар жандан,
Атылып кетти далай жан.
Кабыландан экини,
Шерден атты жетини.
Көлдө жүргөн жандардан,
Аккуу менен каркыра,
Тоодак менен турнага,
Кыйын болду аларга.
Каз, өрдөктөн көп алды,
Жулдуруп андан жүн алды,
Мамыкка жумшак салганы.
Шамдагай кыйын жылтылдак,
Бир жерде турбас кылтылдак,
Сары арстан атышты.
Ууга барган Боз белде,
Төрт ай, он күн жатышты.
Такыр сонун териден,
Эки жүз сексен төрт төөгө,
Жүк чыгарып артышты,
Таласты көздөй кайтышты.
Алты айга толду күн саны,
Боз белде жаткан күндөрү,
Ары-бери басканы.
Баштап жүргөн аларды,
Шер Гүлчоро кытайдан.
Энеси кытай кызынан,
Атасы Чубак кыргыздан,
Канчоро жайы мына бу.
Ортодон чыккан аргын жан,
Он сегизде жоо сайган,
Ороккырдай эр сайган.
Байтайлак баатыр бала арстан”
Арбын олжо мүлк алып,
Ар түрдүү сонун үптү алып,
Таласка келип калышты.
“Мага согат, мага” – деп,
Кыргыздар дүрбөп барышты.
Карылар айуу тери алды,
Калгандар бөрү, түлкү алды.
Кубаты начар эркектер,
Бугу мүйүз көп алды.
Өрүм билген чеберлер,
Бугу, марал, тоо теке,
Кайыш болчу тери алды.
Манат тыштап, бөрк тигип,
Жарашат бизге сонун – деп,
Кыздар алды суусарды.
Бөрү менен кашкулак,
Бир ичикке жеттим – деп,
Жаштар жүрөт кучактап.
Ичикке жака салсак деп,
Жаш балдар булгун талашат.
Орто жаштар илбирс – деп,
Төрттөн санап жуп алып,
Бирден ичик кийдик – деп,
Сүлөөсүн, жолборс буларды,
Кабылан тери, шер тери,
Сураганга бербеди,
Же соогат – деп – бирөө келбеди.
Алты шердин терисин,
Семетейге чыгарды.
Сегиз жолборс терисин,
Бакай менен Каныкей,
Төрттөн бөлүп алпарды.
Булгундан алды Байтайлак,
Сүлөөсүндө барынча,
Гүлчоро менен Канчоро,
Экөө бөлүп алганы.
Ак тайлактай чоң кууну,
Айчүрөккө арнады.
Белдемчиге кыйуу – деп,
Катындар кундуз, арс алды.
Ал жерге барган кыз, келин,
Пар мамыкка салсак – деп,
Бөлүп, бөлүп көтөрүп,
Каз, өрдөктүн жүндөрүн,
Калтага салып алышты.
Соогат – деп – барган көп алды,
Барбагандар албады,
Ордодогу кишиден,
Чачыкей сулуу кур калды.
Алты шердин терисин,
Чоң, аккууну көтөрүп,
Абакем чыкпай койду – деп,
Канчоро менен Гүлчоро,
Айчүрөктүн үйүнө,
Семетейге алпарды.
Айчүрөк бар үйүндө,
Семетейди таппады.
“Абакем, кайда, жеңе”, – деп,
Эр Гүлчоро сурады.
Сураганда Айчүрөк:
“Үч айдан ашты абаңар,
Аттанып үйдөн кеткели.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 19
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.