Latin

Сезимде жүргөн элестер - 25

Total number of words is 2143
Total number of unique words is 1421
29.4 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
боло баштаганда эле өзүнүн өмүрү тозокко айланып, айланасындагыларды азапка сала баштайт.
Кудайга ишенесиңби? Бул эң чоң суроо. Бул суроону
Президентке, министрге, депутатка, жөнөкөй адамга берип
көр.
-Кудайга ишенген адам эч качан калыссыздыкка барбайт. Ишеним жок болсо, алып- жутмай көрпенделик башталат. Себепсиз эч нерсе болбойт. Адамдар табигат баалуулугун аздектеп, камыр - жумур аралаша жашаганда
өмүрдүн өзү тазармак.
Таза, калыс, жаратылышка жараша адам өзүнүн рухун
таза сактай албаса - Кудай аны акылына келсин деп, азап
жиберип, акылга көнбөгөндү акыры азапка көндүрөт турбайбы.
Ыйманын качырган адам табигый жаратылыштын ак
дастарконун кир өтүгү менен баскансыган үчүн Теңир аны
жазага тартат окшойт.
Акылыбыздан адаштырып, каныбызды бузган арактан
алыстап, улутубуздун руханий дөөлөтүнүн баркына жетип,
кеңири жайылтышыбыз керек.
Кичи элбиз, артта калдык, байкушбуз, мунайгазыбыз
жок ж. б. у. с. сөздөрдү токтотуп, байыркы ыймандуу, тарыхый жолубуз зор, Теңирчиликти таап, сактап, аны
жашоо эреже - шартка жеткизгенбиз деп, жер карабай, келечегибизге жаңы дем, жаңы эрк менен аттаныш керек.
«Улуу» Россия өлкөсү кылып жаткан улуу каталарды
жерибиз да, элибиз да көтөрө албайт. Согушу жок эле кийинки он жылдын ичинде орус калкынын саны жылына бир
миллион адамга азайууда, эки миллионго жакын кароосуз
көчөдө калган балдар, андан ашкан наркомандар, жума
сайын СПИД оорусу менен катталгандардын саны миңге
жетти, үч миллиондон ашык кайыр сурагандар, үч миллион
- үйү жок тентип жүргөндөр (бомждор), бир миллион үч жүз
миң сойкулар, бир миллион учук менен ооругандар…
Дан эгин аянты 59 миллион гектардан 45 миллионго
чейин төмөндөдү, бодо малдын саны 19 миллионго азайды,
жылына Россиядан 20 миллиард доллар акча сыртка алынып кетүүдө. Натыйжада, жалаң эле Германия ар жумада
Россияга сегиз миң тонна эт сатып турат, андан тышкары
этти Украина, Беларуссия, Кытайдан да айла жоктон алып
жатышат.
Албетте, мунун баары акылмандыктын белгиси эместир. Алты миллиард дүйнө жүзүндөгү элдин эки гана
пайызын түзгөн орус калкы жер жүзүндөгү жаратылыш
байлыгынын отуз пайызына ээлик кылган үчүн тагдырына
эркелеп жаткандыр…
Бирок, бизде андай мүмкүнчүлүк жок.
Россиянын жолу менен жүрүп олтуруп кайсы абалга
келгенибизди турмуш өзү көрсөтүп турганы жетишпейби
бизге?
Коңшу өлкөлөрдүн баары менен ынтымакта болуп,
кызматташуубуз, албетте, бекемдешибиз керек. Бул талашсыз. Бирок, азаттыкты Теңир элибизге бөлөктөрдү ээрчип,
туурап, жакпаса да, жукпаса да, жарашпаса да кылганын
кылып, ого бетер жолуңардан, акылыңардан адаша бергиле
деп буюрду беле?
Тарыхта кетирген каталарыңарды оңоп, улуттук
дөөлөт:
тилиңерге,
дилиңерге,
өнөрүңөргө,
улуттук
артыкчылыктарыңарга, каада - салт, үрп - адаттарыңарга
бурулгула, таянгыла, жериңердин шартына жараша доордун талабына ылайык акыл - эстүүлүк менен өз жолуңарды
тапкыла деп буюрбады беле?
Ички дүйнөңөрдү бузуп, жан дилиңерди булгаган,
эркиңерди жоготуп, жанбакты, кошоматчы кылган,
боштондук сезимиңерди талкалап, ээрчимеге айланткан,
буту - колуңарды тушап, көзүңөрдү байлагандын баарынан
кутулгула, тазалангыла, намыска келгиле, ойлонгула, камчыңарды кесе тиштеп, билегиңерди түрүп, белиңерди бууп,
ишке киришкиле, ата - бабаларыңарды уят кылбагыла дебеди беле?
Өз атын унутуп, өзүн билбеген адам кулдуктан башка
эч нерсеге жарабаганын турмуш жетиштүү көрсөтпөдүбү?
Ушуга байланыштуу, эркин жоготуп, акылынан
адашып турсун деп атайын элибизди ичкиликке көндүргөн
саясат жүргүзүлүп келбедиби.
Ичкиликке берилген адамга Ата Мекен, Эл, Журт
түгүл, өз үй - бүлөсү да, өз өмүрү да арактан төмөн бааланып
калгандан кийин андан эмне жакшылык күтсө болот?
Адамдын жан дүйнөсүн булгап, ыйманынан ажыраткан, адепсизге, жалкоолукка, ырайымсыздыкка, мыкаачы413
лыкка, кылмыштуулукка, дүнүйөкорлукка, уятсыздыкка,
бекерпоздукка сүйрөгөн батыштын кинолору, китептери,
ураан - чакырыктарынын башкы максаты - бизди, балдарыбызды адал жолдон адаштырып, жамандыктын сормо
сазына алдап барып жок кылып, жер байлыгыбызды, Мекенибизди оңой жол менен тартып алуу саясаты болуп
жатпайбы.
Элибиздин кызыкчылыгын камсыз кылып, азаттыгыбызды коргойбуз десек, эң алгачы - чарба багытынан мурун
руханий абалыбызды, улуттук дөөлөтүбүздү, эркибизди,
ыйманыбызды, тилибизди, дилибизди, дитибизди, адат салттарыбызды бекем кармап, сактап турушубуз керек.
Элдин келечегин, эртеңки тагдырын, анын тарыхый
жолун байыркы муундар жыйнаган улуттук руханий - маданий дөөлөт чечип, белгилейт турбайбы.
Улуттун тили, дили, салты, үрп - адаты, өнөрү эл тагдырын чечүүдө үрөнгө, үрөндүн сапатына барабар экен.
Үрөндү бузуп, булгаса, сапаты төмөндөсө - тукум да,
түшүм да начарлап, жок боло баштаганын ар бир дыйкан өз
тажрыйбасынан жакшы билет.
Тазаланбаган үрөн - түшүмдүн ордуна отоо чөп берет.
Демек, өз келечегин ойлогон Эл - тилин. дилин, маданиятын, руханий дөөлөтүн, адат, салттарын - улуттун уюткусу, көрөңгөсү, үрөнү деп таза, бекем кармап турганы Улуттун тагдырын чечип, багын ачкан сыйкырдуу ачкычты
жоготпой, түбөлүктүү сактап алганына барабар экен.
Бул дүйнөдөн адамдын мазесин алган мындай бир
несении байкадым! Адам баласы бул дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач кетет. Жыйган - тергендеринен эч нерсени о
дүйнөгө өзү менен алып кете албайт.
Адам үчүн Кудай берген бул кыска өмүрдө жеп - ичип,
ойноп - күлүп, кылган мээнетинин үзүрүн көргөндөн артык
рахат жок экен. Адам баласынын тагдыры ушундай тура.
Кудайдын бизге берген ырыскысы - оокат - аштуу, мал мүлктүү болгонубузда, ошондон рахаттанып, кылган мээнетибиздин үзүрүн көрүү экен.
Жараткан жактырган адамына акылмандыкты да, билимди да, рахатты да берип, күнөөкөргө болсо өмүр бою мээнеттен башы чыкпай өтүү түйшүгүн берет экен. Ачыгын
айтсам, кыйшыкты түздөй албайсың, жокту бар дей албайсың.
Акылман адам гана ар нерсенин маани - маңызын
түшүнөт. Акылмандык адамдын жүзүн жарык кылып, катаалдыгын өчүрөт. Акыл - эстүү адам ар иштин көзүн табат
жана анын убакты саатын билет. Анткени ар бир нерсенин
өз убакты - сааты, жолу болот. Биздин кемчилигибиз ошону жеткиликтүү билбегендигибизде. Келечекте эмне
болорун эч ким билбеген соң, бизди эмне күтүп турганын
да эч ким билбейт. Ооздон чыккан желди кармап кала албаган сыңары, эч бир адам өлөөр күнүн өзгөртө албайт.
«Адам баласы жарыкта - караңгыны, кубанычта кайгыны, токчулукта - жокчулукту, ойлонбойт. Бирок, караңгыда - жарыкты, кайгыда - кубанычты, жокчулукта токчулукту дайыма ойлонот»- деп немец философу Иммануил Канттын айтканы да, дал ушул жерде эсиме келе калды.
Мен, бул жашоодо адамда төмөнкүдөй сапаттардын
болушуна маани бердим:
«Бир кумалак бир карын майды чириткендей», кичине акылсыздык чоң акылмандыкты бузат. Балтаң мокок
болсо, шайыңды оодарат, акылың мокок болсо, ишиң
бүтпөйт. Жалкоонун шыбы салаңдайт, эринчээктин үйү
эшилет.
Жер бетинде нур сулуу, ошондуктан көзүң күндүн жарыгын көрүп турганына ыраазы бол. Өмүр барда эмгек менен рахаттан. Карууң бошоп, балтырларың шалбырап, тишиң түшүп, көзүңдү мунарык басып, көчөдөгү шыбырт тургай, чайнаганыңды араң угуп калчу убак келет. Өр тарта
бассаң энтигип, түз менен бассаң чалынгандан коркуп, чачың куудай болуп, өзүң ийнеликтей үлдүрөп, эч нерсеге табитиң тартпай калган мезгил келет.
Жаратканыңды эстей жүр: күмүш жибиң үзүлүп, алтын
аягың сынып, бараң быркырап, топурагың жерге, жаның
Кудайга барат. Анткени, денең топурак - жерден чыккан, ал
эми жаныңды Кудай берген.
Баарынын ток этер жери бул: Кудайдан корк да анын
буйруктарын сакта, ага амал кыл! Бул адам баласынын
мойнундагы карыз (милдет). Себеп дегенде, Кудай баарын,
жакшы ишибизди да, жаман ишибизди да, ал тургай
жашыруун кылгандарыбызды да билип турат, ошондуктан
ар дайым Кудай эсиңде болгону абзел. Баардык кылган
иштериң үчүн Кудай алдында жооп бересиң!
Уюткуну иритпей, көрөңгөнү суюлтпай, начарлатпай
жашоо - Улут алдында ар бир муундун милдети, парзы,
түйшүгү.
Элдин жүрөгү күчтүү, жан - дүйнөсү таза, терең болсо эң оор сыноодон ийгиликтүү өтөөрү бышык.
21 - кылымдын, дүйнөлөштүрүү күч алган замандын
жаңы талабы - тарыхый басып өткөн жолдо түптөлгөн, калыптанган улуттук өзгөчөлүктөрдү таза кармап, бекем сактап туруу.
Дагы бир талабы - экономиканын, эл чарбасынын абалын кечиктирбей көтөрүү. Бул үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн бай
өндүрүш, соода тажрыйбасынан ылайыктуусун алып, алардын жаңы технологиясын, жаңы жабдыктарын пайдалануу.
Бул эки талап - эки көзгө барабар.
Көзү ачылган адам жолун таап кетээри шексиз.
Элибиздин максаты (улуттук идеологиясы) - жумулуп
бараткан эки көздү ачып, өз жолубузду таап кетүү.
Бул максатка жетип, Мекенибиздин намысын бийик
көтөрүүдө өзүбүздүн колубуздан келген аракет - тарбия
ишин мамлекеттик саясаттын өзөгү кылуу.
Сөз аягы
Күндөр күнгө, айлар айга жалганып, жылдар жылып,
жер өз огунда айланып, өмүр чиркин чимирилип өтө
берери бышык. Мындай жагдайда мен дагы эртеңки
күнгө
карап,
максат-тилегимдин
орундалышын
Жараткандан тилеп, 70 жаштын босогосунда жашоо
кечирип келем. Адам максатсыз жашай албасы белгилүү.
Ал эми ар бир адамдын алдына койгон максатына
жетүүдө ак ниеттүүлүк, сабырдуулук, чынчылдык,
чыдамкайлуулук сыяктуу адамдык асыл сапаттар гана
зор мааниге ээ экендигин баса белгилемекчимин.
Жараткан адам баласынын өмүрүн да ченеп бергени
талашсыз. Андыктан:
Ичер суусу, бара турган базары,
Ар түрдүүчө басар жолу, сапары.
Маңдайына жазылган деп айтылат,
Кимдин кандай, жана канча жашары.
Тирлик барда таттуу барда ачуу бар,
Албуут дайра, аша турган ашуу бар.
Биз ошонун чыгалбайбыз огунан,
Бешенеңе чийип койгон жазуу бар – деп
акын Эсенгул таамай айтканы эске келет. Чындыгында
ченелүү берилген өмүрдү ар ким ар кандай жашап
өткөрөт. Мен да өз өмүр жолумда жашоонун маңызын,
анын ачуу, таттуу касиетин даамдап, пикиримде канааттангандай каниет менен жашап жүрөмүн, көрсө турмуш,
жашоо дегениң ак менен каранын өз ара өрмөгүнөн жаралган табышмактуу тагдыр тура…
Ошентип өз тагдырымдын ар бир күнүн, күнү
бүгүнкүдөй эстеп, ар бир көз ирмемди, өмүрдүн ар бир
мүнөтүн көз алдыма элестетүүгө далалат жасадым.
Бул эскерүүлөрүмө Эл арасынан иргелип чыккан, чыгаан инсандардын айрымдарынын басып өткөн өмүр
жолу жана ишмердүүлүгү келечек муундардын татыктуу
инсан болуп калыптанышы үчүн чыныгы идеал, олуттуу
үлгү болор деген үмүтүмдү да чагылдыра кеттим.
…Адам баласы карыганда күч-кубаты, акыл-эси,
сын-сыпаты жагынан жаш курагындай болбой калышы –
табигый нерсе. Ал эми карыган адамдын колунан иш
келбей, акылы бөскөрүп, жашоонун эң кыйын учуруна
кабылган мезгили аянычтуу десем жаңылбасмын. Бирок
да, карыган адамга да жашоо кызык! Жашоо таттуу!
Карылык салса салмагын,
Картайдык дебе ардагым.
Картайган сонун эмеспи,
Кастарлап турса балдарың.
Убакыт салса салмагын,
Улгайдык дебе ардагым.
Улгайган дөөлөт эмеспи,
Урматтап турса балдарың.
Адамдын жашоого болгон үмүтүн акын Эсенгул
ушундай саптары менен карылыктын кадырын белгилейт. Чындыгында жашоодо карыган адамга эмне керек?
Албетте урмат, сый. Анан дагы неберелери менен убара
болуу да өзүнчө керемет эмеспи. Карыган адамга мындан
артык таалай болбос. Жараткан мындай бакытты мага
ылайык көргөнүнө ар дайым ыраазы болуп, неберелеримдин
жагымдуу
жытын
жыттап,
карылыктын
дөөлөттүү күндөрүн кечирүүдөмүн.
Турмушта ар кимибиз ар түрдүүчө, ар башкача
жашап келебиз. Жашоо эч качан бир түрдүү, бир кылка,
бир өңчөй болгон эмес.
Өмүр жолумда турмуштагы – бакыт деген сезимдин
туюмун дитимде мындайча байкап келем:
“Бакыт кайда?”– деп сураганда ата бабалар: “Бакыт
көйнөгүмдү колума алып, көпөлөк кууган балалыгымда
калган,”–деген эмеспи. Бакыт балалыктын башатында,
жаштыктын ойноо кезинде. Калган мезгилдин бардыгы
мээнет демекчимин.
Жалган дүйнөдө “Ким бактылуу мен бактылуу
болбосом”- деген сөз өзүн-өзү алдоо. Бутту сунуп керилип
жатчу пендеге өзү келчү бакыт жок. Пенде дайым
машакаттуу түйшүктө, оор мээнетте. Ачка болуп тамак
ичкенде, чарчап келип уктап жатканда, эгер ден соолугу
чың болсо, адам бакытка көшүлөр. Болбосо, калган
убакыттын бардыгында адам кыймыл-аракетте.
Адам баласы бул дүйнөгө кандай келсе, ошондой
бойдон (жылаңач бойдон) кайра кетет. Жыйган –
тергендеринен эч нерсени О дүйнөгө өзү менен алып кете
албайт. Адам баласы үчүн жасаган эмгегинин үзүрүн
көрүп, ошондон рахаттангандан пайдалуу эч нерсе жок
окшобойбу !
Адам баласынын энчиси ушул окшойт.
Урматтуу окурман! Бул чакан эскермемди жазууда
өзүмдүн жан – дилимден жарылып чыккан ата-энеге,
мекенге, туулган жерге болгон сезимдеримди билдирүү
менен өмүрүмдүн кубаныч жана өкүнүчтөрүн туюндум.
Ошону менен өзүмдү жубатып, келечекке багыт алуу
менен
бул
эскермемди
сүйүктүү
окурмандарга
тартуулайм.
Азиз окурман !
Бул эскермемди көңүл коюп окуганыңызда эгер
сизди ойго салып, жашоого болгон кызыкчылыгыңызды
арттырып, руханий азык бере алган болсо, анда мен
көздөгөн максатыма жеткеним...
Анда эмесе Эсегулдун айрым ыр саптары менен
сөзүмдү аяктасам:
Кимдер келип, ким өтпөгөн жалгандан,
Кимдер качсын узак жашка баргандан.
Жалгыз тилек – сактай көргүн Жараткан,
Алдан, күчтөн, анан жалгыз калгандан.
Жашоо бүтүн жаз, жай эмес болот кыш,
Кези келсе суу үстүнө тоңот муз.
Акыр түбү калуу жок да кайтуу бар,
Биз дүйнөгө келип кетер конокбуз.
Кетесиң бир күн коногум,
Тандап ал басар жол оңун.
Эч адам болжоп айталбас,
Эртеңи кандай болорун.
Түркүгү болуп дүйнөнүн,
Түбөлүк жашап калган жок.
Тагдырдын башка салганын,
Тартпаска такыр аргаң жок.
Томсортот бир күн күлкүңдү,
Токтотор бир күн ойнуңду.
Сумсайып ажал жеткенде,
Сунарсың акка мойнуңду.
Өлүмдөн күчтүү балбан жок,
Өлүмдөн буйтап калган жок.
Көкөйдү кескен жазмышка,
Көнбөскө эч бир аргаң жок.
Май 2008-жыл. Жубайым экөөбүз.
Ош шаары. Апрель 2008 – жыл.
Уулдарым: Чыңгыз, Медетбек, Эмилбек, Улукбек,
Кызым: Чынара . Мен жубайым Айседеп менен
Кызым Гүлмиранын студенттик курагы
Фрунзе шаары.
Уулдарым Чыңгыз менен Медетбектин студенттик
күндөрү.
Уулум Чыңгыз үй бүлөөсү менен.
Уулум Медетбек үй бүлөөсү менен.
Биз Эмилбектин үй бүлөсү менен.
Уулум Улукбек үй бүлөсү менен.
Кызым Гүлмира үй бүлөсү менен.
Неберем Эленора үй-бүлөсү менен
Кызым Чынара үй бүлөсү менен.
2003-жыл. Жалал Абад курортунда.
Иним Рыскул менен.
Май 2008-жыл. Карамык айылы.
Иним Кеңешбек.
Декабрь 2000-жыл. Ош шаары.
Ош шаары. Май 2008-жыл.
1984-жыл. Алай райПОсунда председатель
болуп иштеп турган мезгилим, Кыргыз потреб
союздун
өтмө Кызыл Туусун, райПОнун коллективине
тапшыруу учуру.
1983-жылдын жыйынтыгы менен райПОнун алдынкы
кызматкерлерин сыйлоо.
Жыл эсеби
Чычкан
Уй
Жолборс
Коен
Балык
Жылан
Жылкы
Кой
Маймыл
Тоок
Ит
Доңуз
1967
2015
МАЗМУНУ
Баш сөз
Балалык кездин элестери
Чоң-энем Топчу байбиче айкөл адам эле
Өспүрүм курактын издери
Студенттик күндөр
Жетилүү курак
Турмуш жолуна түшкөндө
Ата журтка таазим
Ата тегим жөнүндө
Парткомдун секретары
Атамдын өмүр жолуна кайрылуу
Өмүрдүн өр тарткан жолунда
Көрө албастар жашоомо кара так түшүрүшкөн
Бир тууган иним Көчкөнбайды эскерүү
Ата журттун тарых барактарынан
Эгемендүү эркин ата мекеним
Хаж сапары жөнүндө
Күндү алаканың менен тосо албайсың
Мамлекеттүүлүк жөнүндө.
Абдыкадыр Орозбеков.
Жусуп Абдракманов
Исхак Раззаков.
Ак жеринен караланган.
Турдакун Усубалиев
Өмүрү элге арналган инсан.
Абсамат Масалиев.
Аскар Акаев.
Көп жашап, көптү үйрөн.
«Бийлик элди түкүрүп коюуда».
Жалган маалыматтар да биздин душман.
Аксы.
Эгемендик жылдардын күңгөй-тескейлери.
Эгемендүүлүктү улаган элдик революция. Эл эңсеген
эркиндик.
Эл жасаган элдик революция.
Бириккен Элдик Кыймылдын жобосу.
Улут болсоң тилиң менен улутсуң.
Улуттук идеология жөнүндө.
Ата бабалардын насыятынан.
Жоомарттык жөнүндө.
Сот бийлиги жөнүндө
Батыш маданиятынын кулу болуп, ким экенибизди унуттук.
Менин мекеним.
Тарыхтын сормо саздары же балчыктары.
Курманбек Бакиев.
Эл элдик лидерди тандады.
Мамлекеттик башкаруу механизми жаңыланды.
Кайрылуу (Негизги максат)
«Банкрот өлкөнү кабыл алганбыз»
Жаңы экономикалык саясат.
Ким плансыз иш жүргүзөт.
Каатчылыктарга туруштук.
Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр.
Элдик революциянын орду, сабактары.
Митинг, мыйзам, шайлоо.
Жашоонун маңызы эмнеде?
Сөз аягы
Жыл эсеби

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.