Latin

Сезимде жүргөн элестер - 08

Total number of words is 3770
Total number of unique words is 2003
24.2 of words are in the 2000 most common words
34.2 of words are in the 5000 most common words
39.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
деп, кыялымда өзүмдүн туура иш жасаганыма, өзүм ыраазы болгонсуйм. Кандай болгондо да, атамдын өмүрүнүн
акыркы күндөрүндө да, атамдын жанында болгонум зор
иш болуптур.
Атамдын эмгек жолундагы, менин жадымда калган
төмөнкү кызматтарын атап кетмекчимин:
1. В.И. Ленин атындагы (Карамык айылы) – колхоздо
– эсепчи, андан кийин бухгалтер, баш бухгалтер.
2. Чоң-Алай Рай ЗОсунда – баш бухгалтер.
3. Артель «Труд» мекемесинин башчысы.
4. Чоң-Алай Райондук КРУ (контрольно – ревизионной управления)
– бөлүм башчы (начальниги), башкы ревизор.
5. Чоң-Алай Райветлечебница – мекемесинде – башкы бухгалтер.
Бул жумуштарда Чоң-Алай району жоюлган 1958-жылга
чейин эпкиндүү иштеп келет. Ушул жылы райондун
жоюлушу менен райондук мекеме уюмдардын дээрлик
бардыгы жоюлат. Атам Алай райондук даярдоо конторасынын Дароот-Коргондогу бөлүмчөсүндө жетекчи болуп
кызмат өтөп калат. 1960-жылдан өмүрүнүн акырына чей134
ин «В.И. Ленин» атындагы орто мектепте Завхоз болуп
иштейт.
Жогоруда мен атап кеткен эң эле жооптуу жана татаал кызматтарга жетип, аны кынтыксыз (кемчилдиксиз)
аткаруу өмүрүндө мектеп босогосун аттабаган, бул кесип
боюнча атайын окуу жайын окубастан иштеп келгенине,
мен азыр да таң калуу менен карайм. Мындай тунук
акылды, тубаса зиректикти Алла таала чанда гана адамга берерине, атамдын бактысына ушундай касиетти белек кылган турбайбы деп түшүнөм. Кыскасы, атам турмуштагы ордун карандай ак мээнети менен тапкан.
Түркүн кыйынчылыктар анын мүнөзүн курчутуп, эрезеге
эрте жеткирген.
1972-жыл август айында чөп орок кызуу жүрүп турган
учур. Атам Карамыктан Чулук айылына, Карамыктын аксакалдары менен бир мааракеге келишет. Ошол маараке
өтүп жаткан учурда атам катуу ооруп, кан басымы жогорулап, мээсине кан куюлуп, эс учун жоготуп, сүйлөбөй
калат.
Ошол кан тамырдын жарылганынын кесепетинен оң
жак ныптасы б.а. оң колу, оң буту иштебей калат. Мага
ошол эле күнү саат беште кабар келет. Оорукананын
башкы врачы менен Чулукка кечкурун жетип бардык.
Атам менин келгенимди да биле албады, же билсе да
сүйлөй албайт, эки көзү гана жалдырайт. Врач атамдын
кан тамырын өлчөп, анын басымы бир топ жогору
көтөрүлгөндөн ушундай оор абалга туш болгонун айтып,
азыр бир жерден экинчи жерге, кыскасы ДароотКоргонго ооруканага алып кетүүгө болбойт деди.
Мен врачты Дароотко узатып, ал түнү атамдын жанында болдум. Эртеси атамды Дароот-Коргонго алып
келдик. Дароот-Коргондогу борбордук оорукананын башкы врачынын жардамы менен Ош облустук ооруканадан
врачтарды чакырттык. Алар төртүнчү күнү Санавиация
менен б.а. самолетто учуп келишти. Атамдын абалы менен терең таанышышты. «Эми коркунуч жок, кандын басымы жогорулабайт. Бирок, Ошко облбольницага алып
баруунун да азырынча зарылчылыгы жок. Ушул эле жерден дарылап турасыңар» - деп оорукананын башкы
врачына тиешелүү кеңештерин беришти да, кайра Ошко
учуп кетишти.
Санавиация да союздун мезгилинде мамлекеттин
эсебинен учаар эле. Бир ай өткөндө бир аздан сүйлөй баштады. Тамак ичүүсү да бир топ жакшырды. Бирок, оң
колу менен оң бутунун иштөөсү өзгөргөн жок.
1974-жылдын август айынын акыркы күндөрү. Жерге–Талдан кеч курун чөп чабыктан келгенбиз. Атам
күндөгүсүндөй эле. Мен атамдын жанына отуруп, бүгүнкү
күнү канча чөп чабылганын, дагы эки-үч күндук жумуш
калганын айттым. Атам эмнегедир менин кебиме көп деле көңүл бурбагандай сезилди да жумуштан чарчап келдиңер, жатып эс алгыла, - деди.
– Мейли, жакшы эс алыңыз деп мен аркы үйгө кеттим.
Атамдын жанында иним Рыскул калды. Ал атам ооругандан бери атамдын жанында жатар эле. Бүгүн да демейдегидей атамдын жанынан орун алды. Эртең менен
күн чыга баштаган кезде, атамдын абалы бир топ начарлап калат. Биз шашып медпункта иштеп жүргөн фельдшер Айтбайга Көчкөнбайды чуркатып. Рыскул экөөбүз
атамдын колу – башын кармалап, бетинен сылай – Ата,
көзүңүздү ачыңызчы?!,-деп чебелектей баштадык. Бирок,
атам үн чыгарып, сүйлөй албай койду. Анчада фельдшер
менен Көчкөнбай да кирип келишти. Айтбай дароо атамдын кан тамырын кармап, жүрөктүн согуусун тыңшап
кирди да, кан басымы дагы көтөрүлүп, эми дем алуусу
начарлап, кан тамырларынын бири жарылган көрүнөт –
деп, биздин көөнүбүздү улап, укол сайганга киришти. Бирок, кан тамырга сайылган уколдун сиңбей калганын
байкадым, да эми атамдын жакшы болушунан үмүтүм
үзүлдү. Рыскул – “Ата! Ата!” деп атамдын бетине чабыла
жыгылды. Мен да өзүмдү кармай албай «аталап» ыйлап
кирдим. Атамда үн да, дем да жок. Ошондо иним Рыскулду кучактап «Атабыздан айрылдык»,- деп зыркырап ыйладык. Көчкөнбай да атамдын жанында – «Ата!, Ата!» деп бакырып ыйлап турду.
Мен бир убакта өзүмдү кармап, бул өкүрүккыйкырыктан эч нерсе чыкпасына акылым жетти да
үйүбүзгө жакын турган Молдо Патидин тагага, Зууридин
акеге кабар бердик. Атамдын бир тууган тагасы Эшмамат
тага өкүрүп ыйлап кайгыга чөмүлүп турду.
Өмүр деген учкан куш тура. Өтпөгөн, кетпеген жарык дүйнөдө түбөлүктүү жашаган адам болбойт. Деги эле
бул дүйнөдө өзгөрбөй турган эч нерсе жок го?!
Инилерим менен акылдашып, атамдын ызатын жасоо керектигинин камын көрөлү дедим. Атамдын оорусу
күчөгөнгө чейин. Кара-Жылга жайлоосунда турган эле.
Апам, Кенже уулу Кеңешбек, кыздары Айшакан, Канышайлар ошол жайлоодо болчу. Бул суук кабарды, аларга угузбастан эле апамды уулу Кеңешбек, кыздары менен алып келишти.
Атамдын бул дүйнөгө бир келген турмуштагы толуп
таша кубанган жана өксүгөн күндөрү эми эч нерсе менен
алмашкыс болуп түгөндү. Карамык айылынын карыжашы дебей эшикте адам казганактайт. Алыс-жакындан
тууган–уруктар, куда - карындаштар үзүлбөй келип жатышты. Үйдө биздин катарыбызда атамдын бир тууган
тагасы Эшмамат тага, бир тарапта атамдын жалгыз карындашы Адалат эжем анын катарында менин карындаштарым кыйкыра үн чыгарып тегиз ыйлап турдук.
Айылдын аксакалдары, Молдо Патидин тагалар болуп, мени берки үйгө чакырып, Эми – «Алланын буйругуна айла жок,» «Өлгөндүн жазасы – көмгөн» - дейт,
өлүктүн ызатын жасайлы деп, элибиздеги жасалып
жүргөн салт боюнча кара – ашын уюштурууну сунушташты. Иним Рыскул экөөбүз акылдашып, атам өзү минип
жүргөн Кара-Тору атын баш кылып, бир бука, 30 баш кой
сойдурдук. Жаназа намазына Жекенди, Чулук, Шиве, Кара–Теит айылдарынын карыялары тегиз чакырылды.
Биздин – Өмүрүбүзгө өмүр берип, Адам болуп калыптанышбызга түркүк болгон, кичи пейил, терең акылдуу,
адамдын ички сырын айттырбай билген касиети бар атабыздан айрылдык. Атам – жек көрүүсүн да, кубанычын да
көөдөнгө ката билген, башка түшсө кайра жылмайып, кубанычка жарылып кетпеген, бардык ишке сабырдуу караган жан эле. Анын адамда болгон өзгөчө артыкчылыктарын айтып берүү кыйын, ошентсе да, атамдагы
жайдары, боорукер жана жапакеч, жакшылыкка шериктеш, жамандыкка келишпес адамдык сапатын унута албаймын. Атамдын каза болгонун угушуп, Райкомдун биринчи катчысы И. Умаров Алай райисполкомунун төрага137
сы Дадан Султанов, Райондук мекеме, уюмдарынын жетекчилери болуп, бизге көңүл айтууга келишти.
«Толуп Кайра кичирейген ай сымал,
Өмүр – аздап өчө турган шам чырак.
Өмүр эмне? Ал адамдын сапары.
Түк белгисиз кимдин канча жашары»-,деп,
Эсенгул акындын таамай айтканы эсимде.
Убакыт учкан куштай зымырап тез эле өтүп жатты.
Атамдын кыркын да өткөрдүк. «Жерге талдан» даярдалган чөпкө, Эл жайлоодон түшө баштаганына
байланыштуу, чөптү тез арада жыйнап өткөрүү керек эле,
антпесек даярдалган чөптү жайлоодон кайткан элдин
малы тебелеп – тепсеп, ысырапка учуратып жатты.
Бөлүмдөгү болгон автотранспортту, чөп жыйуучу
технкаларын алып, эки - үч күндө орулган чөптү
чаркаптап болгону 45 тонна тоют даярдаган экенбиз,
аны бөлүмдүн эсебине толук өткөрүп, тиешелүү эмгек
акыбызды эсептетип алдым да, чөп орокко катышкан
инилериме, алардын жолдошторуна бөлүштүрүп бердим.
Совхоздон даярдалган тоют үчүн справка жаздырып,
Райкомго тапшырдым. Атамдын өмүр жолун, бул
эскермемде толук сүрөттөп бере албасымды да сезип,
Эсенгулдун «Атама» деген ыр саптарын кыстара кетүүнү
эп көрдүм:
Кетилсем кайрап, бүлөдүң,
Кемисем алга сүрөдүң,
Уулум, деп кагат ар дайым,
Ууздай таза жүрөгүң.
Атакем ачык асманым,
Атакем бүтпөс, дастаным,
Чындыкты туудай тутунткан,
Чыккан күн, сүргөн ак таңым.
Төбөмдө жанган жылдызым,
Төрүмдө толгон ырысым,
Өмүрүм – жайган ак өргө
Өзүңсүз кантип жылысын.
Алыска серпер кулачым,
Ак сарай, кутум, кубатым.
Мээримиң төгүп мен үчүн
Мекеним болуп турасың.
Өмүрдүн өр тарткан жолунда
Алай МЖСи жаңыдан уюштурулган Кашка-Суу
айылында
отурукташтырылган
мезгил.
МЖСтеги
эмгектенишкен механизаторлордун дээрлик басымдуу
көпчүлүгү жаштар эле. Дың жерлер өздөштүрүлүп, айдоо
аянттарга каналдар чыгарылып, райондун мал чарбасын
тоют менен камсыз кылууга алгылыктуу өбөлгө түзүлө
баштаган. Менин бул чарбага келип экономист болуп
иштөөдөгү максатым, жаңыдан уюшулган чарбада
чарбалык эсепти, түздөн түз иш жүзүндө турмушка
ашыруу эле. МЖСте директор Шарап Эгембердиев,
башкы бухгалтер Токтосун Усенов, башкы экономист
Жамалдин Тагаевдар иштеп турушкан.
Республика
боюнча
МЖСтер
Айыл-Чарба
Министерствосунун
алдындагы
Жайыттар
башкармасынын карамагында болуп турган. Мен бул
кызматка Райкомдун бюросунун чечиминин негизинде
келген элем, МЖСтин директору Шарап Эгембердиев
менен макулдашылган болчу. Бирок, МЖСтердин
Республикалык башкармалыгынын башчысы, Алай
МЖСинин башкы экономисттик кызматында иштеп
турган Тагаевдин башка ишке которулушуна макул
эместигин билдирип, анын ордуна менин келишиме
каршы болушат. Жайыттар башкармасынын пландоо
бөлүмүнүн башчысына менин айыл чарбасы боюнча
экономисттик адистиги жок, ал соода институтун
бүтүргөн
– деген,
маалыматты
МЖСтин
башкы
бухгалтери Усенов Токтосун билдирет. Анткен себеби
Тагаев Жамалдин, Усеновдун аялынын жакын тууганы,
башкача айтканда кайын агасы болгон. Ошондуктан
кандай болгондо да, Тагаев Жамалдиндин бул кызматта
иштеп калуусуна Усенов тарабынан жасалган аракет эле.
1975-жыл үчүн Алай МЖСинин өндүрүштүк планын
иштеп чыгуу, аны Жайыттар башкармасында коргоп,
бекитүү мөөнөтү да келип калды. Мен болсо Райкомдун
бюросунун чечими боюнча эки айдан бери Алай
МЖСинин башкы экономисти деген чечим менен,
конторага келип-кетип жүрөм. Ал эми - Тагаев
Жамалдин, Жайыттар башкармасы тарабынан берилген
буйруктун негизинде, Алай МЖСинин директорунун аны
башка жумушка которгон буйругуна карабай башкы
экономисттин кызмат ордунда иштеп жатты.
Райондогу чоң мекеме-ишканалардын, совхоздордун,
МЖС
тин
башкы
адистери
Райком
Партиянын
номенклатурасында,
б.а.
райкомдун
көзөмөлүндөгү
кызматтар болгон. Аларды кызматка бекитүү же
кызматтан бошотуу, көбүн эсе Райкомдун бюросунун
чечимине байланыштуу экенин белгилей кетмекчимин.
Ошентип,
МЖСтин
өндүрүштүк
планынын
контролдук тапшырмаларын бекитүү боюнча Райкомдун
биринчи катчысы Умаров мени менен бирге Токтосун
акени, Кааров Исраилди (курулуш бригадири) Гүлчөгө
чакырганы эсимде. Биз Кашка-Суудан кеч курун келип
Райкомдун секретары И. Умаровдун кабылдоосунда
болдук. Ал киши 1975-жылга, канча гектар жер
өздөштүрүлөрүн, канча тонна тоют даярдаларына өз
пикирин айтып, аны өндүрүштүк пландын негизине
алып, иштөөнү мага тапшырды.
Эртең менен Фрунзеге бара бер деди.Токтосун акеге
кайрылып, -Сен, эмне Маматкаимовду Жайыттар
башкармасынын начальнигине жамандап, Райкомдун
чечимине каршы пикир туудурасың?-Же сенин ордуңа
башкы бухгалтер жиберейинби? Иштесең “куйтуңдабай,”
түз иштегин,-деп катуу эскертти.
Райкомдун конторасынан чыгып мейманкананы
көздөй бара жатабыз. Токтосун аке, мага таарынып,- Сен
мени Умаровго сөктүрүп, жаман көрсөттүң”-десе болобу.
-Мен, Умаровго Сиз жөнүндө эч нерсе дегеним жок,
болгону бир кызматта Жамалдин экөөбүз иштеп
турганыбыз жөнүндө, Шарап-директор катарында ал
кишинин кабарын жеткиргенин билем” дедим.
Ошентип Гүлчөдөн, эртеси Фрунзеге учуп кеттим.
Фрунзеге келип, “Ала-Тоо” мейманканасынан орун алып,
айыл
–чарба
министрлигиндеги
Жайыттар
башкармасынын пландоо бөлүмүнө кирдим. Пландоо
бөлүмүнүн башчысы Норцев деген орто жаштагы орус
улутундагы адам экен.
-Мен,
Алай
МЖС
инин
башкы
экономисти
катарында, Алай Райкомунун бюросунун чечими боюнча,
эки айдан бери иштеп жатканымды билдирип, 1975жылга Алай МЖСи үчүн өндүрүштүк планды түзүүгө
келгендигимди билдирдим. Ал адам мени көңүл кош
кабыл алды. Өндүрүштүк планды түзүүгө кирише бер деп,
бош орундугу бар бир бөлмөнү көргөздү. Менде, болгону
эки, үч гана цифра бар.
Алай МЖСи канча тоют өндүрөт, ага канча трактор
керек,
канча
акча
каражаты
жумшалат.ж.б.
көрсөткүчтөрдүн бардыгын эсептеп чыгуу, айтканга гана
жеңил. Аны иштей баштаганымда эле туюндум да, бул
тармакта
караңгы
түндө
токойдо
калгандай
кыйынчылыкка туш келгенимди сездим. Бирок, бул
тунгуюктан жол таап чыгарыма, өзүмдүн экономикалык
билимиме таянып сабырдуулук менен күн-түн дебей
чымырканып иштөөгө кириштим.
Пландоо бөлүмүнүн башчысы Норцев-1958-жылы
Чоң-Алай району жоюлуп, совхоз болуп уюштурулган
мезгилде, чарбанын башкы бухгалтери болуп иштеп
келген. Ошол мезгилде Токтосун аке менен Жамалдин да
совхоздун бухгалтериясында Норцевдин кол астында
чогуу иштешкен экен. Ошондуктан Токтосун аке менен
Жамалдинди колдогон, аларга колунан келген жардамын
аябаган, ал үчүн тиешелүү “подаркасын” (парасын десем
да болот) алып турган. Көрсө, МЖСке мен экономист
болуп келген соң ошол “подарка” азайып, жалгыз гана
Токтосун аке келерин жакшы билген.
-Мына ушул жагдайга байланыштуу Норцев-сага эч
кандай жардам бербейт, жардам эмес, сени өндүрүштүк
планды түзө албады, деп жаманатты кылуудан да
кайтпайт,”-деп МЖС тин курулуш бригадири Каарев
Исраил акенин айткандары эсиме түштү. Пландоо
бөлүмүндөгү иштеп турган экономисттерден тиешелүү
жоболорун алып, өндүрүштүк пландын ар бир бөлүкчөсүн
өз алдымча иштеп, бөлүмдөгү тиешелүү адистерине
текшертип, кол койдуруп иштей бердим. Акырында
бүтүндөй өндүрүштүк планды, бир айда түзүп бүтүрдүм да
Норцевдин кароосуна тапшырууга жетиштим. Бул
жумуш, мен үчүн чоң сыноо болду. Өндүрүштүк планды
түзүү аны коргоону ийгиликтүү бүтүргөнүмдөн соң, өзүмө
өзүм,-айыл-чарбасы
боюнча
“Экономист”
деген
адистикке мамлекеттик экзаменди “жакшы” деген баага
тапшыргандай эле сезим пайда болду.
-Айыл
чарба
министрлигинин
Жайыттар
башкармасынын
начальниги,
Алай
МЖС
инин
өндүрүштүк планын карап жатып, “Бул өндүрүштүк
планды ким түздү” - деп Норцевден сурап калды. Планды
жолдош Маматкаимов өзү түздү-деп жооп берди.
Коллегияда, мен түзгөн Алай МЖС инин өндүрүштүк
планы, жакшы түзүлгөнүн, Республиканын МЖС теринин
айрым башкы экономистерине үлгү болорун, Жайыттар
бөлүмүнүн начальниги баса белгиледи.
Бул кызматта 1976-жылдын апрель айына чейин
иштедим. Апрель айынын орто ченинде Алай райондук
советинин
аткаруу
комитетинин
төрагасы
Дадан
Султанов иш сапары менен Кашка-Суу айылына (Алай
МЖСне) келет. Ал келген күндүн эртеси саат жетиге мени
МЖСтин конторуна чакырыптыр. Мен чакырылган
саатта Дадан Султановичке келдим. Ал киши мени менен
жакшы маанайда учурашып, ал жайды сурады да –
“Сенин
кандидатураңды
Алай
райбыткомбинатына
директор болуп иштөөң жөнүндө райкомдун бюросунда
макулдаштык эле, ошого сен кандай дейсиң” деди. “Мен
үй-бүлөм менен макулдашайын, анан ойлонуп көрүп
жообун берейин” дедим. Ал киши – “Мен азыр Чоң-Алай
совхозуна барып, эртең кайтам. Ага чейин сен ойлонуп
көр” деди.
Дадан Султанович эртеси саат ондордо ДароотКоргондон кайтып келе жатып, МЖСтин конторасына
келди. Ал жерден “чакырган жерден калба, чакырбаган
жерге өзүң басып барба” деген кыргыздын сөзүн эске
алып, Дадан Султановичке Райкомдун бюросу сунуштап
жаткан жумушка барарымды айттым. Дадан Султанович
– “Менин сунушумду четке какпадың, рахмат”,- деди да
райкомдун биринчи катчысы И.Умаровго телефон менен
чыгып,
Маматкаимовдун
макулдугун
алдым
деп
кабарлады.
1976-жылдын апрель айынын аягы эле, мен Алай
райкомунун жолдомосун алып, Ош областтык турмуштиричилик
башкармасына
бардым.
Башкарманын
начальниги Эрмен Дүйсенов деген киши экен. Мени
менен жай отуруп кеңири маектешти. Ал киши Алай
райбыткомбинатынын
мурунку
директору
ишти
уюштура албай, план милдеттемелерди аткара албай,
республикада бизди уятка калтырып жатат” деди.
Андан
соң
башкарманын
кадрлар
бөлүмүнүн
башчысын чакырып, мени тааныштырды да, мага Алай
райбыткомбинатынын
директорлук
кызматына
дайындоого
приказ
(буйрук)
чыгарып
беришин
тапшырды.
Эртеси
Фрунзе
шаарына
барып,
министерстводон буйрук алышымды эскертти.
Фрунзеге Минбытка -(калкты турмуш-тиричилик
жактан тейлөө министрлигине (Министерство бытового
обслуживания населения КР) бардым. Министр Хасан
Дадабаев – Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы
тажик улутунан экен.
Мен аңгемелешүүгө киргенден соң өзүнүн эки орун
басарын жана бөлүм башчыларын кабинетине чакыртты.
Мени тааныштырды да, мага бул кызматка келишимди
толугу менен жактырышып, ишиме ийгилик каалашты.
Министрдин приказын алып, эртеси Фрунзеден кайтып
Гүлчөгө келдим. Келген күндүн эртеси райкомдун
биринчи катчысы И.Умаровдун кабылдоосунда болуп,
башкармалыктан
жана
Минбыттан
директорлук
кызматка
дайындалган
буйруктарды
алганымды
айттым.
И.Умаров райкомдун катчысы Саткын Эргешованы
чакырып, быткомбинаттын коллективи менен мени
тааныштырып коюусун тапшырды. Райкомдун секретары
С.Эргешова эл агартууну, сооданы, маданиятты, турмуштиричилик жактан тейлөө жана коммуналдык чарба
сыяктуу
тармактарды
тейлейт
экен.
С.Эргешова
быткомбинаттын
конторасына
телефон
чалып,
коллективди
чогулуш
болот
деп
кулактандырып
топтоону эскертти. Көп убакыт өтпөй С.Эргешова,
райкомдун
инструктору
болуп
быткомбинаттын
конторасына
бардык.
Коллективдин
чогулушун
быткомбинаттын инженери Х.Эргешов ачып, сөздү
райкомдун секретары С.Эргешовага берди. Ал киши
менин эмгек жолумду кыскача баяндап, комбинаттын
директорлук
кызматына
Минбыттан
дайындалып
келишимди айтып, коллектив менен тааныштырып, мага
бул кызматта зор ийгиликтерге жетишимди каалап сөзүн
жыйынтыктады.
Райондун борборунда иштеп жаткан тейлөө үйүндө
болгону бир кийим тигүүчү цех жана бут кийим тигүүчү
бөлүм жайгашыптыр. Ал эми калкка башка кызмат
көрсөтүүнүн түрлөрү эч кандай талапка жооп бербеген
эски имараттарда орун алганын, аларда иштеп жаткан
кызматчыларга
ылайыктуу
шарт
түзүлбөгөндүгүн,
жалпылап айтканда комбинаттын план милдеттемелери
ай сайын, квартал сайын аткарылбай, ишкана пайда
табуу эмес, такай түздөн-түз жумшалган чыгымдарын
жаба албай иштеп келгенин, анын акыркы бир жылдык
отчеттору менен таанышып көрүп, жумуштун бир топ оор
экенин баамдадым.
Ошону
менен
бирге
райондун
аймагындагы
жайгашкан калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү
ишканалардын жамааттары менен таанышуу учурунда
алардын айлык пландарын тактоо менен, ар бир
айылдын калкын турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө
кандай мүчүлүштөр, суроо-талаптар, муктаждыктар бар
экенине зор маани берип, мындан ары тейлөөнүн
маданиятын жакшыртууга жана ар бир тейлөө үйүндөгү
чечилбеген кандай маселелер бар болсо аларды чечүүнүн
үстүндө тынымсыз иштөөгө туура келди.
Турмуш-тиричилик
комбинатынын
финансылык
абалын акыркы төрт-беш айда бир топ алдыга жылдыруу
менен айлык жана кварталдык пландарын ашыгы менен
орундатып, ушул эле жылдын жыйынтыгы боюнча артта
калган бул ишкананы 1976-жылдын жыйынтыгы менен
алдыңкы комбинаттардын катарына кошула алдык. 1977жылдан баштап квартал сайын план милдеттемелердин
туруктуу аткарылышына жетиштик. Ошону менен бирге
жылдын жыйынтыгы менен алынган пайданын эсебинен
(прибыль)
ишкананын
бардык
жумушчукызматчыларына он үчүнчү эмгек акы ала баштадык.
Мындай
ийгиликтерди
жаратуу
жетекчинин
иш
тажрыйбасына,
билимине
жана
анын
жөндөмүнө
байланыштуу экени талашсыз.
1977-79-жылдары “Социализм”, “Алай”, “Ленин”
атындагы
совхоздордун
борбордук
бөлүмдөрүндө
стандарттуу турмуш-тиричилик жактан тейлөө үйлөрүнүн
имараттарынын курулушун, ал эми 1980-81-жылдары
“Чоң-Алай”, “Правда” совхоздорунун тейлөө үйлөрүн
курууга жетиштик. Райондун борбору Гүлчө айылында
акыркы үлгүдөгү проект боюнча комплекстүү тейлөө
үйүнүн курулушун 1980-жылы баштап, аны 1982-жылы
пайдаланууга
кириштик.
Бул
курулушка
Москва
шаарынан келген студенттик курулуш отряды иштеди,
алар имараттын дубалына “МИСИ-1982-год” деген
жазууну эстелик катарында жазып калтырышкан.
Бул жерде терини, жыгачты кайра иштетүүчү цех,
кийимдерди химиялык жол менен тазалоо (химчистка),
пахтаны, жүндү тытуучу жана тазалоочу цехтерди ишке
киргиздик. Бир сөз менен айтканда калкты турмуштиричилик
жактан
тейлөөнүн
түрлөрүн
көбөйтүп,
берилген план милдеттемелерди аткарууга шарт түзүлдү.
Жалпысынан Алай райбыткомбинатында 1976жылдан 1983-жылдын июль айына чейин үзүрлүү
эмгектендим.
Республикада совхоздордун, райондогу ири ишкана
мекемелердин жетекчи кызматкерлерин тандоо, аларды
ошол мекеме-ишканалардын жетекчилигине дайындоо
Партиянын райондук комитетинин сунушу боюнча
(Областык партия комитетиндеги номенклатуралык
тизмеде белгиленген кызматтар), Обкомдун, Кыргызстан
компартиясынын бюросунун токтому менен бекитилип
туруучу.
Мен Алай райбыткомбинатынын директору болуп
иштеп турган учурумдагы партиянын кадр саясатындагы
коррупциянын орун алышын, бул илдетке райкомдун,
обкомдун секретарларынын чалдыккандыгын айта
кетсем ашыкча болбос.
1982-жылдын июнь айы. Ош областык турмуштиричилик башкармасынын начальниги Эрмен Дүйсенов
мага телефон чалып, Фрунзеге Минбытка барып,
министр
Х.Дадабаевге
жолугуп
келүүм
жөнүндө
кабарлады. Ал кабарды алып Фрунзеге учуп бардым.
Министр Х.Дадабаевдин кабылдамасында болгонумда ал
киши Ош шаарындагы областык турмуш-тиричилик
башкармасынын
алдындагы
райондор
аралык
материалдык-техникалык
базанын
директорлугуна,
менин кандидатурамды тандап, ошол кызматка мени
которуу жөнүндө сунушун айтты. Бул кызмат да Ош
обкомунун
номенклатурасындагы
тизмеде
болгон.
Министр бул кызматка мени дайындап, буйруктун
көчүрмөсү менен Ош обкомунун соода, калкты турмуштиричилик жактан тейлөө боюнча бөлүмүнө жолдонгон
катты берди. Мен Фрунзеден кайтып келе жатып, ал
катты жана мени дайындаган буйруктун көчүрмөсүн
обкомдун бөлүм башчысы С.Бостоновага тапшырдым.
Областык
турмуш-тиричилик
башкармасынын
начальниги Э.Дүйсенов мени жаңы кызмат ордум менен
куттуктады
да,
Обкомдун
биринчи
катчысы
Р.С.Кулматовдун кабылдоосуна (беседага) келеримди
эскертип, Гүлчөгө жумушуңа барып иштеп тур, Фрунзеден
управлениянын начальниги Д.Бейшенов келет. Ал киши
менен
телефондо
сүйлөшкөнүн,
обком
партияга
Кулматовго чогуу киришерин айтты. Эки күндөн кийин,
мени Ошко управленияга эрте менен келишимди
кабарлашты.
Обкомдун секретары Кулматов Р.С. менин бул базага
директор болуп которулушума каршы болгондугун, Алай
райбыткомбинатын эми жолго койгондо, ары-бери
жылдырбай бул базага директорду шаардан эле башка
кадрды коюу керек деп аларга макул болбой,
министрдин
приказын
Ош
Обкому
колдобой
тургандыгын айтып Дүйсенов менен Бейшеновду узатып
коет.
Менин байкашыма караганда бул кызматтын да
өзүнө жараша “желкеси”, б.а. тиешелүү өлчөмдө “парасы”
болсо керек деген ойдо калдым.
1980-жыл Жалал-Абад курортунда.
Солдон
оңго:
Малаев Абылкасым 147
Алай райондук «Күжүрмөн эмгек» газетасынын редактору.
Керимбеков Зиямидин-
Алай райкомунда экинчи
катчы.
Козубраимова Айша - Коммунист орто мектебинде
мугалим.
Керимбекова Умсунай-
З.Керимбековдун жубайы
Менин жубайым Айседеп, кызым Чынара менен.
Мен - Алай рай быт комбинатынын директору.
Камилжанов Мухтар
- Быткомбинаттын бөлүм
башчысы.
Туристтик путевка менен Украинада.
Көрө албастар жашоомо кара так
түшүрүшкөн
1983-жылдын июнь айында Ош областык керекжарак союзунун башкармасынын төрагасы Курманбек
Жаналиевич Мамакеев менен аңгемелешүүсүнө Алай
райкомпартиясынын
жолдомосу
менен
бардым.
К.Ж.Мамакеевди Ош автотрестинин начальниги болуп
иштеп турган мезгилинде, мен Чоң-Алай жумушчулар
кооперациясында эмгектенип жүргөн учурумда көрүп
жүрчүмүн.
Аңгемелешүү мезгилибизде Алай райПОсунун иши
начарлап, мамлекеттик пландар аткарылбай жатканын
баса белгилеп, “сен кооперациянын кадры экенсиң,
ошондуктан сени райПОнун башкармасынын төрагасына
дайындоо жөнүндө сунуш бар” деди. Ага чейин менин
анкеталык
баракчамдан
Новосибирскиден
Кооперативдик институтту бүтүрүп, бул тармакта бир топ
жыл жетекчи болуп иштегенимди байкап, райПОнун
ишин оңдоп кетериме көзү жеткенин айтты. Ошентип
1983-жылдын июль айынан баштап Алай райПОсунун
правлениясынын председатели кызматына кириштим.
Алай райПОсунун карамагында жети жүзгө жакын адам
эмгектенип, анын көпчүлүгү калкка чекене соода
жүргүзүүчү дүкөндөрдө эмгектенген сатуучулар, коомдук
тамактануу ишканаларынын эмгек жамааттары, даярдоо
конторасы, нан чыгаруучу завод, көмөкчү чарба, курулуш
бригадасы, автоколонна жана Сопу-Коргон жумушчу
кооперативи сыяктуу чоң коллектив бар эле.
1983-жылдын жыйынтыгы менен Алай райПОсунун
коллективинин жетишишкен ийгиликтерин баалап, Ош
облпотребсоюзунун
жана
областтык
профсоюздар
комитетинин өтмө Кызыл Туусу менен акчалай
сыйлыгын жеңип алууга жетиштик.
1984-жылы Гүлчө айылында жаңыдан “Ак жол”
универмагынын, нан заводунун жана Ош–Хорог жолуна
жакын жерде, Гүлчө дарыясынын жээгиндеги эки
кабаттуу отуз эки квартиралуу үйдүн курулушун баштап,
айрымдары 1985-жылдын май айында пайдаланууга
берилди.
Ушул
эле
жылдын
жыйынтыгы
боюнча
коллективдин
иши
жогору
бааланып,
Кыргызпотребсоюздун
правлениясы
менен
республикалык профсоюздар комитетинин өтмө КызылТуусуна жана акчалай сыйлыгына татыктуу болгон.
Мына
бул
жетишкендиктер
Алай
райПОсунун
правлениясынын жетекчиси катары менин түздөн-түз
уюштуруучулук ишимдин жемиши эле.
Бул ийгиликтер айрым ичи тар, бузукулардын ич
күйдүсүн жаратып, райПОнун председателдик кызматына
көзүн кызартып жүргөн, кала берсе бул кызмат үчүн Алай
райкомпартиясынын биринчи катчысы болуп иштеп
жүргөн О.Акимбаев деген паракор, эки жүздүү, бузукунун
алкымын майлаган ыпластар, же бул кызматтан мени
негизсиз бошото албай, менин үстүмдөн жалган жерден
жалаа
жаап,
областтык,
республикалык
жогорку
органдарга жамандап, мага көө сүртө баштаган. Бул
уюшулган бузукулардын көрө албастыгына “Гүльша”
универмагынын бут кийимдер бөлүмүнөн чыккан
жетишпестик негиз болуп, мени ушул жетишпестикке
тиешеси бар деп жогорку органдарга тынбай ушактап,
жалган жерден жалаа жаап, арам ойлорун ишке ашыруу
максатын көздөй беришти. Мына ушундай кырдаалды
түшүндүрүп, болуп жаткан ушактарды, бузуку, кара ниет
О.Акимбаевдин
жетекчилиги
менен
жүргүзүлүп
жатканын Ош обкомунун секретары В.К.Кандаковго
келип билдирдим. Бирок, менин айткандарымды көңүл
кош угуп, “Кимге ишенсе болот? – Сагабы? Же райкомдун
биринчи катчысы Акимбаевкеби?, эми аны тергөө
аныктасын” деди. Мына ошондон баштап тергөөгө
Жантаев деген жаш жигит келди. Буга Акимбаев түздөнтүз тымызын жетекчилик кылып, тергөө ишинде кандай
гана болбосун Маматкаимовду ушул универмагдагы
жетишпестикке илештирүү керек, анын кандайдыр бир
деңгээлде тиешеси бар, б.а. ага жалаа жабуу керек деп
аны тергөө иши бүткөнчө жетектейт. Натыйжада,
ушундай жалаа жабуунун кесепетинен адилетсиз
тергөөнүн негизинде Алай райондук эл депутаттарынын
сессиясында
менин
райсоветтин
депутаттык
мандатымдан
ажыратуу
боюнча
областык
прокуратурадан кат алышат.
Бул
катты
Алай
райисполкомунун
аткаруу
комитетинин
төрагасы
Б.Осмоновго
тийгизишет.
Күндөрдүн биринде ал мени кабинетине чакырып,
Акимбаевдин мага жасаган кара ниеттик, бузукулук,
ыплас
мамилесинин
негизинде
ушундай
кат
келгендигин билдирди да, мени сессияда: – “Сиздин
депутаттыгыңызды кароого мажбур болуп жатам” деди.
Мен: – “Мейли, ак жерден каралап, жаманатты
кылып, менин депутаттык мандатымдан ажыратып,
РайПОнун
председателдик
кызматын
пара
алган
адамына бере берсин, мен дагы пешенеме жазылганды
көрөм да” дедим.
Андан бир жума өткөндөн кийин Ош обком
партиясынын
катчысы
болуп
иштеп
турган
Ж.Б.Аманбаев Алай районунун чарбаларын кыдырып
келе турганын, райкомдун үчүнчү катчысы Роза
Жакыпова эже мага билдирди.
Эртеси саат он бирлер чамасында Роза эже мага
телефон чалып, – “Райкомдун алдына келе кал!
Жумгалбек Оштон чыгып келе жатат” деди. Мен ошол
заматта эле райкомдун конторасын көздөй жөнөдүм. Роза
Жакыпова айткандай Аманбаев келип, райкомдун
конторасынан чыгышып, машиналарды көздөй басышкан
экен. Ж.Б.Аманбаев мени көрүп, жакшы маанайда
учурашып,
Акимбаевди
бери
чакырып,
– “Маматкаимовду ак жеринен жаманатты кыла бербе,
сени да бирөө жок жеринен каралап, “аны бердим эле,
муну алды эле” - деп ушактаса, анда сени да кызматтан
ала берсек кандай болот” деди. Акимбаев же ак, же кара
дебестен, унчукпастан жерди карап турду. Ж.Б.Аманбаев:
– “Кайрадан Маматкаимовду ишине койгун!” деп
катуураак үнүн чыгарып, мени менен кайырлашып,
машинасына отуруп жөнөп кетти.
Бул жолугушуу 1985-жылдын август айында болду.
Мына ушул Аманбаев менен болгон жолугушуудан кийин
райкомдун катчысы Акимбаевдин мага болгон тескери
көз карашы андан бетер күчөдү. Август айынын аягында
мени кызматтан четтетүү жөнүндө райкомдун кезексиз
пленумунда (Мени пленумга катыштырбай) чечим кабыл
алышат. Кезексиз пленумду О.Акимбаев уюштурат.
Адам баласы бул жарык дүйнөдө жашоого жаралып
келгенде анын пешенесине жакшылыкты да, оор
күндөрдү өткөрүү да жазылат турбайбы. Аны көрбөөнүн
айласы жок тура. Чындык үчүн өжөрлөнө күрөшүүнү,
негизсиз басынтууга тизе бүкпөй, тике кароону алдыма
максат
коюп
отуруп,
каршылаштарым
менен
салгылашып жатып чындык, адилеттик, акыйкаттык бар
экенин далилдедим. Турмушта ар кандай болот экен...
Бирок ачык шатырата жааган жаанга караганда
бүркөлүп, созулуп, кишини эзип жааган дудук жаан
жаман болот турбайбы... Мен ошондой дудук жаанда
калып, ак жеринен караланып, эл арасынан отоо чөптөй
чыга калган бузуку, кара ниеттердин кыянатчылыгынан
азап көрүп, көрбөгөн кордукту көрүп, адилетсиз соттун
чечими менен эркимден ажырап, бир жарым жыл
түрмөдө жатып чыктым. Бузукулар менен күрөшүү менин
эркимди, кайратымды сындыра алган жок.
“Адам баласы жарыкта – караңгыны, кубанычта –
кайгыны, токчулукта – жокчулукту ойлонбойт. Бирок,
караңгыда – жарыкты, кайгыда – кубанычты, жокчулукта
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 09
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.