Latin

Сезимде жүргөн элестер - 09

Total number of words is 3861
Total number of unique words is 2057
27.1 of words are in the 2000 most common words
38.5 of words are in the 5000 most common words
44.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– токчулукту дайыма ойлойт” деп немис философу
Иммануил Канттын айтканы да турмуштан алынган
чындык экенине ынанасың.
Ушуга байланыштуу Байдылда акындын төмөнкү ыр
саптарына кайрылдым:
Жамандык келсе башыңа,
Жакшылык бар деп, бел байла.
Жабыкбай жүргүн жарк этип,
Жардамы тиер эл барда.
Үшкүрбөй үмүт, эрк менен,
Туткун да жашайт тордогу.
Дегдеген ойго жетесиң,
Ден соолук болсо болгону.
Турмушуңа түн түшсө,
Тунжурап чөкпө ылайым.
Эртесинде нур чачып,
Эстей жүр күндүн чыгаарын.
Дүнүйө колдун кириндей,
Түгөнөт, кетет билинбей.
Түбөлүккө түз кара,
Күнүмдүккө сүйүнбөй.
Көрө албастар жашоомо кара так түшүрүшкөн күндөр
жүрөгүмдү эзип, ар убак эсиме келе берет. Ал күндөрдү
таптакыр жадымдан чыгарып, унутта калтыра албай
жүрөм.
Менин башыма оор күн түшүп, чындык чырылдап
тебеленип, адилетсиз тергөө жүрүп, курулай жалааны,
мага жабыштыруунун аракети жүрүп жаткан учурда
уулум Медетбек, иним Рыскулдун көңүлү чөгүп, жүздөрүн
сары- санаа, капалык туманы каптап тургандагы
абалдары, менин карегимден өчпөй келет. Мендеги бул
уйкусуз күндөрдө, кайгыга баткан ошол мүнөттөрдө,
Медетбек менен Рыскул иним, мага канат-бутак болуп
бирге жүрүштү. Мени ак жеринен каралап, жок жерден
жалаа жаап, айыпсыз камакка алган күнү да алар менин
жанымда болушкан.
Уулум Медетбек жаштыгына карабай, иним Рыскул
менен мага чыгарылган адилетсиз соттун чечимин
жокко чыгаруу максатында Фрунзеге Республиканын
жогорку сотуна чейин менин арызымды жеткиришет.
Акыйкат чечим чыгаруу оңой олтоң иш эмес экендиги
белгилүү. Бул түйшүктүн оорчулугун сезишип, канчалык
азап-тозокту тартышат. Менин Москвага СССРдин
жогорку сотуна жазган арызымды да бир топ
кыйынчылыкта, убара тартып жеткире алышты.
Уулум менен инимдин акыйкат үчүн тарткан
азабынын акыбети, бир жарым жыл дегенде араң
кайтты, 1987-жылдын 1-март күнү, мени актаган Жогорку
Соттун чечимин алдым. Бул күн мен үчүн, менин үйбүлөм
үчүн,
бир
тууган
канат-бутактарым
үчүн
акыйкаттыктын жеңиш күнү болуп калды.
Ал эми кылымга татыган ушул бир жарым жылдын
ичиндеги үй-бүлөмдүн, балдарымдын башынан өткөргөн
оор турмушун сүрөттөп жазуу мен үчүн абдан оор.
Кайда
болбосун,
күндүзбү
түнбү,
ар
качан
сабырдуулук гана көздөгөн ой максатыңа жеткирет
эмеспи.
Камактагы турмушту сүрөттөп жазууну да эп
көрбөдүм, анткени “түрмөгө жыландын баласы да
түшпөсүн” - дейт ал жерде. Андагы эрксиз адам,
айдоодогу мал сыяктуу экени белгилүү.
Каршылаштарым менен күрөшүү түрмөдөн бошогон
күндөн тартып (1-март 1987-жыл) улана берди. 1987жылы негизсиз кызматтан алынып, камакка түшкөн
убактан баштап, кайра кызмат ордума коюлган
мезгилдеги эмгек акымды, б.а. Алай райПОсунун
правлениясынын
башкармасынын
төрагалык
кызматынын айлык эмгек акысынын өлчөмүндө 1985жылдын август айынан баштап эсептетип, төлөтүп алууга
жетиштим. Кыргыз Республикасынын жогорку сотунун
чечиминин негизинде Алай райПОсуна башкармалык
кызматына кайрадан бекитүү жөнүндө чечим алдым.
Ошондой эле Ош обкомунун токтомуна ылайык менин
мурунку партиялык стажым менен КПССтин мүчөлүгүнө
кайрадан калыптандым
Турмушта табияттын ысыгынан ысып күйбөй,
суугунан
тоңбойт
экенсиң.
Жашоо
турмушуңдагы
эмгегиңдин үзүрүн көрүүгө жетүү өзүнчө татаал жол
эмеспи.
Жашоодогу
эл
башчыларынын
жакшынын
жакшылыгын , эмгегине ыйманына карата ылгай билсе,
мына ошондо ар бир адам жашоосунан тапкан мүдөөсүнө
курсант болор. Бирок, бул көрүнүштөр биздин коомдогуайрыкча совет доорундагы партократ жетекчилер үчүн
жат нерсе эле. Көбүн эсе өз наамын, өз жакындарын, өз
келечегин гана ойлоп, айланасына “Лаппай” деп
тургандарды гана топтогондор көп.
Табиятымдан
мындай
касиеттерди
камтыбай
калыптанган
соң,
турмуштун
катаал,
өңгү-дөңгү
агымдарынан түркүн соккуларды жеп, бирде өксүп, бирде
толуп жашайт экенсиң.
Жашоодогу жүрөккө так салып, ден-соолукту бузуп
кеткен 1985-1987 жылдардагы ачуу-ачуу чындыктардын
чырылдап калган күндөрдү эстеп, бир алдын зыркырап
кетем. Жалгыз гана кудайдын көзү түз болуп, кудайдын
колдоосунан кур калтырба! - деген тилек менен жашап
келем. Бузукулардын кысымы канткен менен көңүлүмдү
бөксөрткөнү менен, менин акыл- эсимди, ой санаа
тилектеримди, кажыбас-кайратымды омкоро алган жок.
Кудурет берген касиетти эч ким алалбады. Жүрөккө так
салган, бузуку, шумпай ыпластар менен болгон күрөштү
Эсенгулдун төмөнкү саптары менен жыйынтыктаймын:
Мансаптууга жалпактап жагынбадым,
Кытмыр, кыйды иштерге малынбадым.
Тирүүлүктө караңгы, жарык болсо,
Мен дайым анын жарык жагындамын.
Калчанып кара күчтүн чакмагында,
Канчалык кордук көрүп жатканымда
Басынып, башты салып мүңкүрөбөй,
Караны жектеп, турдум ак жагында.
Ар кимдин көзүнө тик тиктегеним,.Ак болду ойлогонум, иштегеним,
Көп көрдүм бирөөлөрдөн жамандыкты,
Бирөөгө мен жамандык издебедим.
Чындыктын тамырымын жулунбаган,
Мен бир пенде бактысына мулуңдаган.
Буюруган бул бактымды кут кыл, кудай,
Мага башка бакытты буюрубаган.
Декабрь 1986-жыл. Ош шаары.
Иним Рыскул, келиним Зулайка, Күйөө балам Жунус,
жубайым Айседеп, уулум Медетбек.
1989-жылы июнь айында чоң уулум Чыңгыз уулдуу
болду.
Каршылаштарымды акыры мыш кылып жеңдим деп,
неберемдин атын Жеңишбек деп атадым. “Балалуу болуу
– бакыт, а неберелүү болуу бакыттан да чоң ырыс” - деп
Кыргыз элинин акылман уулу Исхак Разаковдун
күндөлүгүнө жазганы калетсиз чындык экенин сезе
алдым.
1975-жылдын
август
айында
мен
Кашка-Суу
МЖСинде башкы экономист болуп иштеп жүргөн учурум.
Атамдын замандашы, мурун Чоң-Алай район болуп
турган мезгилде райисполкомдун председатели болуп
иштеген Саит Шерматов келген эле. Ал киши атамдын
каза болгонун угуп, мага көңүл айтуу үчүн алыскы
Майлуу-Суудан
атайлап
келиптир.
Кашка-Суу
дарыясынын жээгинде аны коноктоп, козу союп, атайын
чай берип ызаттап отурдук. Ошондо анын өзүнүн
башынан
кечирген
ар
кандай
жакшылыкжамандыктарды айтып отуруп, “Адам баласынын өмүрү
да мына ушул Кашка-Суунун дарыясындай болот экен.
Бирде бул суу нугунан ашып кирген болсо, кайрадан
убакыт өтүп өз нугуна түшүп ага берет. Адам баласы да
куду ушул дарыянын агымындай өмүр сүрөт турбайбы”, деген сөзү бүгүнкүдөй кулагымда сакталып жүрөт.
Жашоонун бул көрүнүшүнө акын Жалил Садыковдун
“Турмуш-жарыш” деген үч куплет ырын кошо кетүүнү
ылайык көрдүм:
Күндөр-айга, айды барып жыл улап,
Мезгил тынбай өтүп жатат зымырап.
Өмүр болсо, кочуштагы кум сымал,
Колду жумсаң салаалардан чубурат.
Мезгил керең... токтотууга арга жок,
Арманыңды кимге айтасың, ким угат?
Мезгил, өмүр тең тайлаша жарышса,
Кечээ бала, эртеңки күн – абышка.
Бүтөт дебе тириликтин түйшүгүн,
Турмуш-жарыш мараа чексиз алыста.
Ошон үчүн жеңүү керек баарысын,
Тыным албай чуркай билип жарышта.
Элибизде “кээде жигит төө минет, кээде жигит жөө
жүрөт” дегендей жөө жүргөн мезгилиңде адамдардын сага
болгон мамилеси “күн-карама” сыяктуу өзгөргөнүн
байкайт экенсиң.
Адамдардын
бул
жашоосундагы
ичи-тар,
бирөөлөрдүн бактысына көзүн артып, анын ийгилигин
көрө албай, котур ташын койнуна каткан терс
мүнөздөгүлөрдү турмушта көп кездештиргенин айтып
отурду.
Андай адамдардын кесепетинен, Чоң-Алайдан үйбүлөсү менен Майлы-Сууга көчүп кеткенин да эскерип
кетти. Мен жашоодогу мындай көрүнүшкө Эсенгул
Ибраевдин төмөнкү эки сап ырын кошо кетмекчимин:
Баары дос, турган кезде ишиң жүрүп.
Кыйшайсаң кээси чыгат итче үрүп!
Бир тууган иним Көчкөнбайды эскерүү
“Туугандын топурагы алтын” -деп элибизде жөн эле
айтылбаса керек. Бир тууган деген бир тууган. Ошондой
болгон соң иним Көчкөнбайдын жаркын элесине кеңири
токтоло кеткеним зарыл го деп эсептейм.
Иним Көчкөнбай – 1948-жылы Карамык айылында
жарык дүйнөгө келген; Анын балалык күндөрү ДароотКоргондо өтүп, 1960-жылдарда атам үй-бүлөсү менен Карамыкка келгенден баштап “В.И.Ленин” атындагы орто
мектепте окуусун улантат. Бул учурда атамдын уулдары
мен да, Рыскул да Жогорку окуу жайында окуп жүргөн
мезгилибиз. Үйдөгү тириликтин жүгүн Көчкөнбайдын
аркалоосуна туура келет. Ал араң эле он эки жашка кадам
шилтеген учуру. Ошол мезгилдеги аба ырайы жөнүндө
эскере кетүүнү туура көрүп турам, себеби ал жылдары
кыш эрте түшүп, оор кар жаап, күн катуу суук болуп, жаз
кеч келүүчү. Азыркыдай көмүр, электр жарыгы дегендер
«уктасаң түшүңө кирбеген» - мезгил эле.
Ошондуктан кыштан аман – эсен чыгуу үчүн Ак –
Суунун жээгиндеги токойдон күн сайын бир эшекке отун
жүктөп чыгуу Көчкөнбайдын күнүмдүк жумушу болуп
келген.
Ал өзүнүн жаштыгына карабай, кайраттуулук,
өжөрлүк касиети менен алынын жетишинче токойдон ар
күнү эки боо отун даярдап, эшекке артып келип, ошол
эле мезгилде мектепке окуусунан калбай барып
жүргөнүн, – жеңеси – менин жубайым Айседеп ар дайым
эскерип, айтып келет. Кээде неберелериме Көчкөнбай
жөнүндө, анын ошондой машакаттуу күндөргө балалык
кези туш келгенин айтып, алардын эмгекке болгон көз
караштарын калыптандырууга оң таасирин тийгизип,
үлгү болор деген максатта айтып жүрөм.
Менимче бул айткандарым, буларга жомок сыяктуу
эле сезилет го. Көчкөнбайдын орто мектепти аяктаган
жылы, мен Новосибирскиден инситутту бүтүрүп, ЧоңАлай жумушчулар кооперациясында иштеп жүргөн
учурга туура келди.
Ал жетилүү аттестатын алып, жогорку окуу жайына
барууну чечип, атам менен акылдашат да мага келет; –«
Атам, мени сизди окууга алып барсын»– деп жөнөттү
дейт Көчкөнбай. Мен,– мейли, сени өзүм окууга алып
барам, керектүү документтерди даярда, жакынкы күндөрү
Ошко ала барам» – дедим. Жогорку окуу жайларда кирүү
экзамендери башталуу учуру да келип жетти. Биз Ошко
келип, Көчкөнбайдын документтерин Самарканддагы Кооперативдик Институтка «Товароведние» – Факультетине
тапшырдык; Өзүн Алиакбар Сулаймановдун жашаган
үйүнө жайгаштырдым. Алиакбар Сулайманов бул мезгилде Ош облпотребсоюзунда, башкарманын соода боюнча
орун басары болуп иштеп турган. Көчкөнбайды Самаркандагы Кооперативдик Институтка жиберүүнү – да, Алиакбар экөөбүз макулдашкан элек. Ошондуктан кирүү экзамендерин Ош пединститутунун мугалимдери алып, Ош
облпотребсоюзунун жолдомосу менен кирүү экзаменин
ийгиликтүү тапшыргандардын катарында Самарканд
шаарына баруу мүмкүнчүлүгү Көчкөнбайга да туш келет.
Бул жерде Алиакбар Сулайманов жөнүндө бир эки
ооз эскере кетейин: – Алиакбар да мен бүткөн Новосибирскидеги кооперативдик институтту аяктаган. Мен биринчи курска барган жылы, ал институттун үчүнчү курсунда окуп жүргөн. Биз ал окууну бүтүп келгенге чейин
Кыргызстандан келген жердеш катарында жакын мамиледе жолдош болуп жүрдүк. Алиакбар төртүнчү курстта
өзүнүн группалаш Ида деген тувин улутундагы кызга
үйлөнгөн. Анын үйлөнүү кечесин да Институттун ашканасында уюштуруп өткөргөнүбүз эсимде. Жубайы Ида Ош
шаардык соода башкармасында бөлүм башчы болуп
иштеп турду. Көчкөнбай Институтка экзамендерди ийгиликтүү тапшырганына кубанып, аскердик билетин
учеттон чыгарбастан Самаркандка жөнөп кете берет. Ал
Самаркандка баргандан кийин аскердик билетин учеттон
чыгарбапсың деген шылтоо менен, Институтка кабыл албай коет. Сентябрь айынын онунда, Көчкөнбай Дароотко
келип, Институтка өтпөй калганын мага айтат. Бул кабарды угарым менен, Көчкөнбайды ээрчитип, райондун
Военкомуна Гүлчөгө келдик.
Анын аскердик билетин учеттон чыгарып, түнү менен Ошко келдик, да тез арада Самаркандка барууну чечтик.
Самарканд шаарына канчалык тез арада барсак,
Көчкөнбайдын Институтка өтүп, окуп калышынан үмүт
үзбөй Оштон Андижанга такси жалдап жөнөдүк.
Андижандын аэропортуна келип, самолет менен учуп
баралы деген оюбуз да ишке ашпады. Биз барган убакта
Самарканд шаарына учуучу каттамдар бүтүп, эртеңки
күнгө учууга мүмкүн болорун билдик.
Убакытты текке кетирбейли деп, Андижан темир
жол станциясына келдик да, Самаркандка жүрүүчү пассажирдик поездге билет алдык. Самарканд шаарына
эртең мененки саат алтыда жетип барарбыз дайын болду.
Андижандан пассажирдик поездин эки орундук купесине түшүп бара жатканбыз. Фергана шаарына жакындап калган учурда биз отурган купенин айнектерине,
жолго жакын жерде пахта терип жүргөн окуучу-балдар
таш уруп, купенин терезесин талкалап салышты. Кудай
сактап ал таш бизге тийген жок. Болгону купенин терезелери майдаланып, чачырап сынып түштү. Терезеден
шуулдап тынбай шамал кирип жатты. Мен бул кокустукту ичимден жаман ойлоп, жолубуз болбой калчудай сезим пайда болду. Бирок, жакшылыктан үмүт үзбөй,
Көчкөнбай институтка өтүп калар деп жолубузду улай
бердик. Самаркандка эрте мененки саат алтыга жетип
келдик. Темир жол вокзалынан жакын жердеги чайханага барып, чай ичтик да, Кооперативтик Институтка бардык. Түз эле Самарканд Кооперативдик Институтунун
ректорунун кабылдамасына кирдик. Институттун ректору, четмамлекетке он күндүк иш сапары менен командировкага кеткенин, приемныйда отурган кыз бизге кабарлап, ал киши бир жумадан кийин ишке чыгат деди. Институттун ректору Азиз Токтобаев кийинки мезгилде
ушул биз самап келген институттун ректору болуп иштеп
турган.
Ал Социалистик Эмгектин Баатыры, экономика
илимдеринин доктору. Самарканд Кооперативдик Институтунун ректору болуп иштегенге чейин Ош райисполкомдун төрагасы, Кара-Суу райкомунун биринчи секретары, кийин Ташкент обкомунун биринчи секретары
кызматтарында иштеген.
Өзү Ош обласынын Фрунзе районундагы (азыркы Кадамжай району) Пүлгөн селосунан. Кыргыздын чыгаан
уулдарынын бири.
Азиз Токтобаев айрыкча кыргыз жаштарына аталык
камкордугун аябай, колунан келген жардамын көрсөтүп
жүргөнүн Нинар Саубанов Самарканд кооперативдик институтунда окуп жүргөн мезгилде ал киши жөнүндө мага
айтып бергени менин эсимде эле. Ошондуктан Азиз Токтобаевдан үмүтүм үзүлбөй Самаркандга шыдыр жөнөгөн
элем. Тилекке каршы анын иш үстүндө болбой калганы
мени өкүндүрдү.
Үмүттүн шооласы үзүлбөй эмне болсо да окуу бөлүмү
боюнча проректорго жолугалы деп анын кабылдоосунда
болдук. Бул кореец улутундагы орто жаштагы адам экен.
Мен, атайын алыскы Чоң-Алайдан- Кыргызстандан кел161
ген максатымды айтып түшүндүрүп, жардам берүүсүн
өтүндүм. Бирок, ал киши кабыл алуу комиссиясы чече
турган жумуш экен, азыр комиссия таркатылды, окуунун
башталганына экинчи жума болуп жатат, мен эч кандай
жардам бере албайм, кааласаңар сырттан окууга кайрадан экзамен тапшырсаңар болот», - деп бизди узатты.
Ошентип Көчкөнбайга Самаркандда да окуу насип
болбоптур. Институттан көңүлүбүз чөгүп чыктык да, эми
Самарканд шаарын бир сыйра кыдырып анан жолго
чыгууну эп көрдүк. Шаардагы Улукбектин обсервоториясын, башка дагы тарыхый курулуштардын бир тобун
кыдырдык да, кечкурун Андижанды көздөй поездге отурдук.
Эртеси Ошко келгенден кийин «Катта-Талдык» совхозундагы Баш-Булак айылындагы Зоовет училищага
бардык. Көчкөнбайдын документтерин бул бир жылдык
окуу
жайга
өткөрдүк,
жатаканадан
орун
алып,
Көчкөнбайды бул жерге жайгаштырдым да, өз жумушума
кириштим.
Бул окуу жайында Көчкөнбай менен ДароотКоргондон Жээнбаев Камал да окуганын эскере кетейин.
Бул окууну бүтүрүп, совхоздо шофер болуп үч ай иштейт.
Училищада жүргөндө шоферлук кесипти да кошо окуп,
айдоочунун күбөлүгүн алган.
Ушул эле жылы күзүндө Советтик армиянын катарына чакыруу башталып, балдарды армиянын катарына
кызмат өтөө боюнча призывный комиссия иштей баштайт. Көчкөнбай бул комиссиядан өтүп, армиянын катарына чакырылат да, Тюмень областына кызмат өтөөгө
жөнөтүлөт.
Армиянын катарына жөнөр алдында,- «армиядан
алып калайын, военкоматтын начальниги менен тааныш
болуп калбадымбы»- деп, Көчкөнбайга кеп кеңешимди
айтсам, ал – «биздин үй бүлөдөн да бирөө кызмат өтөп
келсин да, мен армияга барып «Служить» этип келем,»–
деп менин кеңешиме көнбөй койгон.
Ошентип, Тьюменде үч жыл армиянын катарында
кызмат өтөп келди. Армияда кызмат өтөө мөөнөтү да чукулдап, «дембил»– жакындаган учурда, мага кат жазып,
Фрунзедеги айыл –чарба институтуна сырттан окууга документтерин тапшырууну суранат.
1968-жылдын күзүндө, инимдин документтерин
Кыргыз айыл чарба институтуна – сырттан окуу бөлүмүнө
тапшырдым.
Советтик армиянын катарынан кызмат өтөп келип,
Фрунзедеги айыл чарба институтуна сырттан окуу
бөлүмүнө кирүү экзаменин ийгиликтүү тапшырат.
Көчкөнбайдын айыл-чарба институтуна кирүү экзамендерин тапшырууга, андан ары институттун толук
курсун ийгиликтүү окуп бүтүшүнө, ал институттун мугалими В. Гайдамактын көргөзгөн жардамын эскере кетейин.
Чоң-Алайда «Алай тукумундагы» койлорду өстүрүү
боюнча (Кыргыз мал чарба илимий институту) ЮКОСто
Кызыл-Дөң айылында илимий-лабороториясы болор эле.
1968-жылдын август айында Фрунзеден Кир НИИЖ
дин илимий кызматкерлери Ильяс Ботбаев, Петрейчук,
Урийла Исмаиловалар менен Кызыл-Дөңдөн Актай аке
болуп Дароот-Коргонго келишет.
Мен рабкооптун Председатели болуп иштеп жүргөн
учурум. Актай аке, аларды менин иш бөлмөмө баштап
кирип, мени менен тааныштырган соң, -«меймандарга,
айрым «дефицит»-(таңкыс)-өнөр жай товарлары керек
экен. Убактың болсо, складка чейин чогуу баралы-деп
калды.
Мен, аларды баштап өнөр-жай сакталуучу складка
чогуу бардык. Алар өздөрүнө жаккан айрым товарларды
сатып алышты. Складка жакын жерде рабкооптун ашканасы иштегендиктен, аларды-«чай ичели», деп ашканага
киргизип, тамак ичип, кеңири таанышып алдым. Көчкөнбайдын айыл-чарба институтуна кирип окушуна бул таанышуум зарыл эле.
Меймандар менен кеңири сүйлөшүп олтуруп, мага
айыл чарба институтунун мугалимдеринен бир жакшы
тааныш керек эле, быйыл иним –«зоотехник» болом,
айыл-чарба институтуна сырттан окусам деп аракет жасап, армиядан кызмат өтөп, дембил болору менен Фрунзеге барсам деп, кат жазыптыр»-дедим.
-Анда, Урийла Исмаилованын институтта мугалим
болуп иштеген кошунасы бар, ошону тааныштырып койсо болобу ?» -деп Ильяс Ботбоев жанында олтурган
Урийла Исмаловага кайрылды. У. Исмаилова, мени карап- Мейли, Мамасаит Маматкаимович! – Фрунзеге барганыңызда Виктор менен тааныштырам, ал жагын өзүңүз
сүйлөшүп аласыз-деди.
Көчкөнбай армиянын катарынан кызмат өтөп келери
менен, Фрунзеге чогуу кеттик. Мейманканадан орун
алып, жайгаштык да, Урийла Исмаиловна берген адрес
боюнча ал жашаган үйгө бардык. Үй Фрунзедеги борбордук аянтка жакын. Дом Правительствонун тушунда, бир
кабаттуу
беш-алты
үй-бүлөгө
ылайыкташтырылган
имарат экен. Борбордук аянттын кеңейтилгендигине
байланыштуу бул үйлөр кийинки мезгилде бузулуп
кеткен.
Бул күнү ошентип Виктор Гайдамак менен кеңкесири таанышып кеттик. Виктор кийинки мезгилде
Айыл-чарба Институтунда сырттан окуу бөлүмү боюнча
проректор кызматына көтөрүлөт. Виктор Гайдамактын
Көчкөнбайдын
институтту
ийгиликтүү
бүтүрүшүнө
жумшаган жардамын жашыра албаймын.
Мен Чоң-Алай совхозунда Парткомдун секретары болуп иштеп турган мезгил. Айыл чарба институнунун алдындагы 6 айлык курста колхоз, совхоздордун жетекчи
кадрларынын квалификациясын жогорулатуучу курс
иштеп турган. Бул курска биздин совхоздун адистеринен
бир
адамды
жиберүүгө
орун
берилет.
Мындай
мүмкүнчүлүктөн Көчкөнбайдын пайдалануусун туура
көрдүм да, аны Фрунзеге атайын жолдомо менен
жөнөттүм. Бул мезгилде Көчкөнбай айыл чарба институтунун 3-курсунда окуп жүргөн учуру эле.
Фрунзе шаары. Көчкөнбайдын студенттик мезгили.
Көчкөнбай институтту аяктап, Чоң-Алай совхозундаСеленционер Зоотехник»-деген кызматта иштеп жүргөн
мезгили.
Мен Гүлчөдө райбыткомбинаттын директору болуп
иштеп турган элем. Ал Ош шаарына иш боюнча келип,
совхоздо төл өнөктүгү башталып, чарбага бөлүнгөн жемди
беш-алты машинага жүктөтүп, Чоң-Алайга жөнөйт.
Эрте менен мен жумушка жөнөөр алдымда Көчкөнбай
бизге жолугуп кетейин деп, Гүлчөгө бурулат.
Көчкөнбай үйгө киргенде, инимдин ушунчалык
арыктап, аябай өзгөргөнүн көрүп Айседеп экөөбүз
аябагандай жаман абалда болуп, анын ден-соолугу бир
жылдан бери мезгил-мезгили менен ооруп жүргөнүн, ал
ооруну жаштык күч менен, көтөрүп жүргөнүн байкадык.
Бир сааттай дасторкондун үстүндө чай ичип отуруп,
анын
ден-соолугуна
кайдыгер
карагандыгын,
даарыланууга эмне тоскоолдук болуп жатканын сурап
отурдум.
Ошол убакта “Чоң-Алай” совхозунда директор болуп,
Осмонов Бекмамат иштейт эле. Көчкөнбайды совхоздо
төл алуу компаниясы аяктаганча иштеп тур, андан кийин
совхоздун башкы зоотехник кызматына котором, ишти
өткөрүп алып эки жылдык эмгек отпускаңдын эсебинен
эс алып ден-соолугуңду чыңдап келесиң деп уруксат
бербей жатканын айтты.
Мен, буга абдан капа болдум да, сен жаштык
кылыпсың, ден соолукту эч кандай кызматка же акчага
сатып ала албайсың, ошондуктан анын айтканына көнбөй
койсоң болмок экен, эми тез арада ооруңду алдын ала
дарылоо зарыл, ден-соолугуңа карагын. Дароот-Коргонго
барарың менен врачтарга кайрылгын, ал жерде врачтар
жетишерлик деңгээлде даарылабай турганын байкасаң,
Ошко Облбольницага жөнөп келе бергин. Эгерде Б.
Осмонов (совхоздун директору) сенин дарыланышыңа
дагы тоскоолдук кылса, мага кабар бер. Мен өзүм аны
менен байланышам дедим. Көчкөнбай, мен өзүм эле
баргандан
кийин
Осмоновго
айтып
түшүндүрөм,
жыйынтыгын
сизге
билдирем
деп,
биз
менен
кайырлашып Дароотко жөнөп кетти.
Инимдин ушул жолугушуудагы абалы, менин көз
алдымдан кетбей, көп ойлондуруучу болду.
Көчкөнбай бизге Гүлчөдө жолугушуп кеткенден
кийин дагы жумушка чыгып, бир жумадан ашык иштеп
жүрүп,
анан
ооруусу
күчөп
Дароот-Коргондогу
участкалык ооруканага жатып калат.
Анын ден-соолугун телефон менен өзүнөн сурап
турдум. Бирок, баари бир өз көзүм менен көрбөсөм
болчудай эмес. Көөнүм жай албай, сар-санаа боло бердим
да, Дароотко барууга туура келди.
Көчкөнбайдын абалы баягы бир ай мурун Гүлчөдө
көргөнүбүздөн бир топ эле начар болуп, чүнчүп кетиптир.
Врачтар менен сүйлөштүм, кечээ бөйрөккө “блокада”
жасадык дешти. Бирок, анын таасири деле эч билинбей,
абалым мурункудай эле деди Көчкөнбай.
Бул ооруканада, анын жакшы болуп айыгып
кетишине көзүм жетпеген соң, аны Ошко облбольницага
алып кетүүнү чечтим. Ал эми мындай учурда бир
тууганыңдын кадыры, анын тагдыры кандай болот деп
кооптонууга туура келет экен. Карамыктан Рыскулду
чакырып (ал Карамык айылындагы В.И.Ленин атындагы
орто мектепте математика сабагынан мугалим болуп
иштеп турган эле), Көчкөнбайды Ошко облбольницага
алып баралы деп макулдаштык.
Ош областык оорукананын кардиология бөлүмүнө
алып бардык, Рыскул Көчкөнбайдын жанында карап
жатууга
туура
келди.
Көчкөнбай
бир
жумадай
даарылангандан кийин деле, эч кандай өзгөрүүлөр
байкалбады. Мен Гүлчөдөн тез-тез келип кабар алып
турдум. Рыскул бир жумадан өтүп, дарылануу эч пайда
бербей жатканын, дарылап жаткан врачтын да, анын
жакшы болуп айыгып кетүүсүн чече албай жатканын
айтып ыйлап калды.
Мен да көзүмдөн аккан жашты ага билгизбей
акырын арчыдым да, эми биздин колубуздан келе турган
жумуштун баарын жасайбыз, кайрат кылып, инибиздин
өмүрүн Кудайдан тилеп туралы деп аны жоошутуп
отурдук. Анан, Рыскул бүгүн саат 10до “консилиум”
өткөрөбүз деп врачтар топтолуп Көчкөнбай жаткан
палатага келишерин айтты. “Консилиум” өткөрүүгө
облбольницанын башкы даарыгери Сергеев деген орус
улутундагы врач-кардиолог болуп киришти. Мен да
кирейин десем, силерден бирөөңөр катышсаңар болот
деди.
Рыскул кошо кирип, Көчкөнбайдын абалын көрүүгө
катышып чыкты. Мен Сергеевге жолугуп, эми кандай
болот?
Ден-соолугу
оңолобу?
деп
мени
тынчсыздандырып жаткан суроолорду бердим.
А.Сергеев, мени кимиси болосуң деп сурады, мен бир
тууган улуу агасы болом дедим.
Ошондо ал мындай деп айтканы такыр эсимден
кетпейт:
Кыргыздар, ар дайым оорууну алдын алуу керек
экендигине маани бербейсиңер, “теперь уже поздно”
деди.
Мен, Фрунзеге алып барамын санавиация менен
десем - Фрунзе эмес Москвага алып барсаң да, медицина
эч кандай жардам бере албайт, кеч болуп калыптыр
деди, “оттуда труп привезешь, да не обижайтесь” деп
чыгып кетти.
Эми биздин айлабыз түгөнүп, эмне кылабыз, деп
Рыскул экөөбүз ушунчасында ооруканадан чыгарып,
Карамыкка үйүбүзгө алып кетүүнү чечтик.
Врачтар менен сүйлөшүп, Гүлчөдөн дагы ийне
сайдырып, түнү менен (түнкү саат 11де) жолго чыктык.
Сары-Таш айылына келген мезгилде, машинанын
айдоочусу Ильяс (ал менин кызмат машинамда айдоочу
болуп иштейт эле) – Мамасаит аке, мен абдан чарчадым,
сиз Дароотко чейин машинаны өзүңүз айдаң - деп
суранып калды.
Сары-Таш айылынын погранзаставасындагы жолду
тосуп күзөттө солдаттар турчу посттон өтүп, мен рулга
отурдум. Түнкү саат экилер болсо керек, жеңил машина
“Жигули-полулюкс” деген маркадагы менин өздүк
машинам менен жолго чыктым.
Биз Дароот-Коргонго таңга маал саат төрт чамасында
айылга кирип келдик. Бизди коштоп келе жаткан “ГАЗ53” маркасындагы автомастерская анда Рыскул жана
Айседеп Райбыткомбинаттын башкы инженери жана
айрым кызматкерлери чогуу келе жатышкан болчу.
Дароот-Коргонго
келгенибизде
келинибиз
Минаварды
(Көчкөнбайдын
аялы)
ооруканада
дарыланып жаткан жеринен больницадан чыгарып,
Карамыкты көздөй жол тарттык. Жер жарып, таң атып
калганда “Сары-Камыштан” өтүп баратып, уйкуга көзүм
илинип кетип, Шиве айылынын аялдамасынын тушунда,
машина
жолдон
түшүп
кетти.
Ойгонуп
кетип,
машинамды токтото калдым. Кудай жалгап, машинанын
эч жери эч кандай урунду болбоптур. Артта келе жаткан
“автомастерской”
келгиче,
кайра
жолго
чыгып,
Карамыкка күн эми тийген убакта үйгө жетип келдик.
Карамыкка келгенден кийин эки сутка Көчкөнбай
эсине келбей төшөктө жатты.
Үчүнчү
сутка өткөндөн кийин
эсине
келип,
кадимкидей сүйлөп, тамак ичип, түзөлө баштады.
Көчкөнбайдын ден-соолугу жакшы боло түшкөнүнөн
биз бир топ кубанып, көңүлүбүз көтөрүлүп, эми жакшы
болуп кетет экен деген үмүт пайда боло баштады.
Мен кызматташтарымды (Гүлчөдөн кошо бизди
коштоп келишкен) Гүлчөгө жөнөтүп, өзүм эки-үч күн
инимдин жанында боло турайын деп чечтим. Көчкөнбай
күн сайын өзүнүн акыл- эсине келип ушарланып, денсоолугу бир топ жакшырып калгандай туюлуп жатты.
Кара-Тейит айылында Ажар эже деген табып кемпир
бар болчу. Ал эже менин апамдын эжелеринен эле. Ошол
табып эжеге Көчкөнбайды алып барып, тамырын
карматып келели, деп Рыскул үчөөбүз Кара-Тейит
айылына бардык.
Ажар-эже Көчкөнбайдын тамырын кармап көрдү,
анан бизге “Көчкөнбай эми жакшы болуп кетет, каалаган,
табы тарткан тамагын бере бергиле, алыс жакка
догдурга деп кыйнабай эле тургула,” - деп бизди узатып
койду.
Ошондо алыска алып барбагыла дегени мени
ойлондура түштү. Бирок, ал кемпир Көчкөнбайдын узакка
жашай албастыгын билип, каалаган тамагын бергиле
дегени да ошондон улам экенин, Көчкөнбай каза
болгондон кийин түшүндүм.
Карамыкта бир жумага жакын инимдин жанында
туруп, ал бир топ жакшы болуп калгандан кийин, Оштогу
врачтар эч нерсе билбей эле, бизди коркутуптур деп
ойлодум, да жумушка Гүлчөгө жөнөп кеттим.
– “Көчкөнбай мен эми жумушка бара берейин, сен
жакшы болуп калдың” - дедим.
– Ака, мейли ишиңизден калбай бара бериңиз, менин
буттарым какшап ооруп жатат, ичине мехтен койдуруп,
маасы тиктирип жөнөтүп койсоңуз деди”. Мен анын эки
бетинен жыттап, кайырлаштык да Гүлчөгө жөнөп кеттим.
Бир жума өткөндөн кийин Рыскул мага телефон
менен байланышып “Көчкөнбай дагы приступ болуп
жатат” деп кабарлады.
Ошол эле күнү-түнү менен Карамыкка келдим,
Көчкөнбай бир топ начарлап калыптыр, кайрадан “кома”
абалга түшүп, өзүнүн эсин жогото баштаптыр. Эртеси
Дароот-Коргондон
дарыгерлерди
алып
Карамыкка
келдик. Көчкөнбайдын оң жак колунун баш бармагында
“сыздоок” сыяктуу чоң эле бүдүр чыккан экен. Аны
врачтар “күйдүргү” чыккан турбайбы, аны кесип салабыз
дешти. Ошол эле замат дарыгер хирург менен, Жээнбек
экөө (көп жылдардан бери фельдшер болуп иштеп
жүргөн)
Көчкөнбайдын
оң
жак
колунун
баш
бармагындагы
жараны
– “күйдүргүнү”
операция
жасашып, эми жакшы болуп кетет дешип, колун
таңышты да Дароотко кайра кайтышты.
Бирок, Көчкөнбай бул “күйдүргү” деген дарттан эч
кандай жылыш болгонун сезген жок.
Адам баласы бул жарык дүйнөдөн кетер учурунда,
өзүнүн акыл-эсине толук келип, айлана-чөйрөнү, өзү
туулуп өскөн жерди суктана карап, жаратылыштын
керемет сулуулугуна көзү тойбой кандайдыр жаратканга
шүгүр
келтирип,
жашоодон
түңүлбөй,
кыйылып
тургандай абалда болот окшойт. Ошентип иним
Көчкөнбай тагдырдын буйругу экен өмүр суусу түгөнүп,
кырчындай жаш курагында, чыныгы дүйнөнү көздөй
жөнөп кете берди.
Анын жаркын элеси, санаалаш замандаштарынын,
бир туугандарынын, артында калган эки кызынын
эсинде түбөлүккө сактала бермекчи.
“Өлгөн өзүнүн шору” деген сөз бар элибизде. Мына
азыр инимден калган чоң кызы – Дариха (бул кыздын
ысмын Көчкөнбайдын өтүнүчү боюнча Дариха деп мен
атаган элем.) –эки кыз, бир уулдун сүйүктүү энеси. Ал
эми кичүүсү Патила бир уул, бир кыздуу болушуп, жашоо
кечирүүдө.
Көчкөнбайдан уул бала болбоду, кудайдын бергени
кыз балдары болгонуна да, анын ысмын өчүрбөй жүрүшөт
деп, кудайга шүгүр кыламын.
“Кызы калды изи калды, уулу калса өзү калды” деп
айтышат турбайбы элде.
Ошентип биз атабыз 58 жаш курагында каза
болгонуна, атабыз жаш өттү деп, бушайман болуп,
кайгыбыз эскирбей жүргөнүбүздө, Көчкөнбай кырчындай
жаш курагында отузга жашы жетпей, бул дүйнө менен
кош айтышты.
Карамык айылындагы “Кызыл-Коргон” көрүстөнүнө
атабыздын бейитинин жанына Көчкөнбайдын жайын
каздырып, ошол жерге койдук.
Адам
баласынын
тагдырындагы
жакшылыкжамандыктын бүт баардыгы Алланын буйругу менен
болчу иш экен. Ал эми мен Карамыкка барып-келип
жүргөн учурумда атам менен Көчкөнбайдын мүрзөсүнүн
тушуна токтоп, Куран окуп, жараткандан алардын жаны
жаннатта болуусун тилеп жашап келүүдөмүн. Ушул эле
(жайканада) менин сүйүктүү Чоң-Энемдин да мүрзөсү
жатат.
Көчкөнбайдын кырчындай жаш кезинен, армиянын
катарында кызмат өтөп жүргөн Тюмендин ызгардуу
катаал суугунан бөйрөгүнө суук тийгизип, ал кийин
айыкпас дартка айлангандыгын ар дайым эстей калам.
Азыр анын жаркын элесин эстеп отуруп, анын ишке
берилип, ден-соолугуна карабай, ооруну алдын албай
жаштык күч-кубат менен кенебей жүрө бергенине аттиң
деп арман кылам. Бул арман деген аалам жаралганда эле
кошо жаралган белем. Бири кем дүйнө дегени ушундай
турбайбы.
Адам баласы кандай гана оору болбосун,анын алдын
алуусу, ден-соолукту сактай билүүсү абзел. Андыктан
ден-соолукту эч кандай байлыкка же алтынга сатып
алууга болбостугу акыйкат чындык экени белгилүү.
Ошондуктан элибизде “Ден-соолук - чоң байлык”, же
болбосо “Биринчи байлык – ден-соолук, экинчи байлык –
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 10
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.