Latin

Сезимде жүргөн элестер - 13

Total number of words is 3794
Total number of unique words is 2193
24.6 of words are in the 2000 most common words
35.9 of words are in the 5000 most common words
44.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
бакубат жашоону эңсеп турган мезгилде, мен Кыргыз пенсионери сексенинчи он жылдыктын босогосун аттап жатып, өлкөбүздүн бүгүнкү күнүнө кайдигер карай албайм,
андыктан менин жүрөгүмдү өйүткөн ой толгоолорумду,
окурмандар менен ой бөлүшүп, коомго болгон көз карашымды кагазга түшүрүп коомчулуктун таразасына коюуга белсенип, өлкөбүздүн Совет доорундагы басып өткөн тарыхын-келечек муундардын аң сезимине, жан дүйнөсүнө
кыргыздын жүрөгүндө – кыргыз каны жүрүп турган кыргыз
баласына жеткирүүгө, аны терең сиңдирүүгө карата болгон,
ой-толгоолорумду окурманга сунуштамакчымын.
«Эл тарыхын айта жүр, элиң сени эскерер», бабалар
даңкын айта жүр, балдарың сени эскерер» демекчи. Элимдин совет доорундагы басып өткөн жолун, окурмандын
эсине салууну туура көрдүм.
Тарыхтын саргайган барактары далилдегендей Кыргыздар байыркы элдерден экени талашсыз. Бирок кыргыздар жалпысынан алганда дүйнөдөгү көп элдер сыяктуу эле
Совет дооруна чейин сабаты жетишсиз бойдон калып келген.
1917-жылдагы улуу октябрь социалисттик революциясынан кийин Коммунистик партия менен Совет мамлекетинин камкордугу астында кыргыз эли да толук сабаттуу,
экономикасы жана маданияты өнүккөн элдерге кошула алды.
Кыргызстан 1924-жылы автономиялык область, анан
1926-жылы автономиялык Советтик Социалисттик Республика болуп РСФСР-дин составына кирген. 1936- жылдан
тартып өзүнчө союздук Республикага айланып, СССРдин составында болуп келген.
Кыргыз ССРи 1990-жылга чейин СССРдин составындагы 15 Союздук Республикалардын бириндей эле өзүнүн желеги, герби жана Мамлекеттик гимнине ээ болгон. Мен,
саргарган тарых барактарынан ошол Кыргыз Мамлекетинин гимнинин текстине окурмандын көңүлүн бурууну туура
көрдүм:
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик гимни.
Сөзүн жазгандар: К. Маликов, Т. Сыдыкбеков, М. Токобаев,
А. Токомбаев.
Музыкасын жазгандар: В. Власов, А. Молдобаев, В. Фере.
Азаттыкты кыргыз эңсеп турганда,
Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан.
Улуу орус достук менен кол берип,
Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан.
Кайырма:
Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колуңда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда!
Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып,
Таалай берген улуу Совет калкына.
Жеңиштерден жеңиштерге алпарат,
Элдин күчү-Лениндик партия.
Кайырма:
Эл достугун болоттон бек ширетип,
Көп улуттан Союз курдук урагыс.
Жандай сүйүп даңктуу Ата-Мекенди,
Түбөлүккө Коммунизм курабыз.
Кайырма:
Кыргыздардын тарыхый кыска мөөнөттө билимдүү жана илимдүү болушунда орус элинин салымы эбегейсиз зор.
Муну эч качан эстен чыгарууга болбойт.
Албетте, караңгы элди маданиятка, илим-билимге
жеткирүү үчүн республикабыздын партиялык жана советтик органдары да өтө зарыл болгон чараларды көрүшүп, ар
тараптан
ойлонулган
саясий-уюштуруу
иштерин
жүргүзүшкөн.
В. И. Лениндин «Окуу, окуу жана окуу»-деген акылман
осуятын иш жүзүнө ашырып, сабатсыздыкты жоюу Совет
мамлекетинин көңүлүнүн борборунда турган. Советтер Союзунун территориясында, анын ичинен Кыргызстанда да
жүздөгөн жаңы мектептер, бала-бакчалары курулуп,
көптөгөн жогорку жана орто адистик окуу жайлары ачылып, окубаган улан-кыздар калган эмес.
Мындай тарыхый маанилүү иштерди уюштурууга, цивилизациядан четте калган тоолуу мекенибизди алга
сүрөп, аны өнүккөн экономикалуу мамлекетке жеткирүүгө
ондогон таланттуу жетекчилерибиз, саясий жана мамлекеттик ишмерлерибиз, интеллигенциянын өкүлдөрү ат
көтөргүс зор салымдарын кошушкан.
СССР дин тарыхын, Совет өкмөтү менен КПСС тин 70
жылдык өмүрүн, бул жерде толугу менен жазууну ылайыксыз деп эсептеп, Кыргыз элине, анын жаштарын тарбиялоодогу мен баалуу деп санаган ой-пикирлеримди окурманга
сунуштамакчымын. Анда эмесе урпактарга СССР, КПСС деген сөздөрдүн маанисин учкай түшүндүрө кеткеним, туура
болот деп ойлойм.
СССР (Союз Советских Социалистческих Республик),
кыргызча айтканда Советтик Социалисттик Республикалар
Союзу.
СССРди түзүү жөнүндөгү декларация 1922-жылы 30декабрда СССР Советтеринин биринчи сөездинде кабыл
алынган.
Анын курамына 15 союздук республикалар кирген,
алар:
1)РСФСР - борбору Москва шаары.
2)Украина - борбору Киев.
3) Белорусь - борбору Минск.
4) Молдова - борбору Кишенев.
5) Эстония - борбору Таллин.
6) Латвия - борборуРига.
7) Литва - борбору Вильнюс.
8) Армения - борбору Ереван.
9) Азербайжан - борбору Баку.
10) Грузия - борбору Тбилиси.
11) Казакстан - борбору Алма - Ата (азыр Астана).
12) Өзбекстан - борбору Ташкент.
13) Кыргызстан - борбору Фрунзе (азыр Бишкек).
14) Тажикстан - борбору Сталинабад(азыр Душанбе)
15) Түркменстан - Ашхабад.
СССРдин мамлекеттик башкаруусун Октябрь реолюциясынын алгачкы жылдары ВКП(б), кийин КПСС жетектеп
келген. КПСС-деген Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы. Партиянын сьезддеринде, анын саясий бюросун,
генеральный секретарын, бюро мүчөлөрүн бекиткен.
Политбюро (саясий бюро)-өзүнүн биринчи секретарын
(генеральный секретарын) шайлаган.
Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС)СССРдин жумушчу табынын, колхоз дыйкандарынын жана
интеллигенциясынын алдыңкы, аң-сезимдүү бөлүгүн ыктыярдуу бириктирген, Совет элинин күжүрмөн, такшалган
авангарды; коомдук-саясий уюмдун жогорку формасы; Совет коомунун жетекчи жана багыттоочу күчү; эл аралык
коммунисттик жана жумушчу кыймылынын ажырагыс, составдуу бөлүгү. В. И. Ленин тарабынан жумушчу табынын
революциячыл, марксчыл партиясы катары XIX кылымдын
аягы XX кылымдын башында негизделген.
КПСС эл үчүн жашап, элге кызмат кылган. Советтик
коомдогу жетекчилик ролун уюштуруу жана идеялык тарбия жолу менен мамлекеттик жана коомдук уюмдардын
(совет, профсоюз, комсомол, кооперация ж. б.) системасы
аркылуу ишке ашырган. Ал эмгекчилердин чарбалык
иштерин жетектеп, алардын коммунизм үчүн күрөшүнө уюмдашкан, план ченемдүү, илимий негизделген мүнөз берип
келген.
КПСС-СССРдеги өнүккөн социалисттик коомдун жетекчилик милдетин аткарган.
СССР (Советтик Социалисттик Республикалар Союзу)жер шаарындагы эң ири мамлекет болгон. Аянты 22402, 2
миң кв. км (эл жашаган кургактыктын 6дан 1 бөлүгү), калкы 262, 442 миңге жеткен.
СССРдин гимнин да окурмандардын эсине салуу менен
анын терең маанисине өз баасын берерин кааламакчымын:
Советтик Социалисттик Республикалар
Союзунун гимни.
Тексти: С. Михальков менен Г. Эль-Регистандыкы
Музыкасы: А. Александровдуку.
Текстин кыргызчага которгондор:Т. Аскаров, Ө. Жекшеев,
С. Жусуев, Ж. Садыков, Аалы Токомбаев, С. Эралиев.
Эркин Республикалар бекем Союзун,
Түбөлүк бириктирди улуу орус.
Жашасын элдердин эркинен түзүлгөн,
Бирдиктүү, кубаттуу Советтик Союз.
Кайырма:
Элдер достугунун ишенимдүү тиреги,
Биздин эркин Мекен даңктанат.
Лениндик партия - Элибиздин күчү,
Коммунизм жеңишине алпарат.
Добулду жарып азаттык күнү нур чачып,
Улуу Ленин бизге жарык жол берди.
Биздерди эмгек, эрдиктерге шыктантып,
Адилет ишке баштады элдерди. !
Кайырма:
Коммунизм жаркыраган жеңишинен,
Көрөбүз өлкөнүн келечеги кенен.
Даңктуу Ата Мекендин кызыл туусуна,
Дайыма берилебиз жан дил менен.
Кайырма:
Мамлекеттүүлүк жөнүндө.
Кыргыздын коом, мамлекет түзүлүшү жана башкаруу
тажрыйбасы 6 миң жыл мурун эле калыптана баштаган.
Ааламдаштыруу заманы көптөгөн майда улуттарга жок
болуп кетүү коркунучун туудурууда. Мына ушул шартта биз
- кыргыздар кантип өз улутубузду сактап кала алабыз?
Өзүнүн узак тарыхый жолунда кыргыз далай жолу чабылып - чачылып, үзүлүп - кемип, өксүп жок болуунун
чегине барып, кайра толукталып, өзүнүн улуттук өзөгүн кылымдар бою сактап келе жатканын тарыхтын саргарган
барактары тастыктап турат. Кылымдар бою өзүнүн улуттук
өзөгүн сактап бүгүнкү күндөгү Эгемендүү Кыргыз Мамлекети
болуп, күн кечирүүнүн бирден - бир себеби ата - бабалардын адамдык сапатынын жогорулугу, жан - дүйнөсүнүн тазалыгы, табият менен эриш - аркак жашагандыгы дээр
элем.
Бүгүнкү күндө өткөнүн унуткан кыргыз келечегине жол
таппай туш келди урунуп - тентип жатат. Улуулардан калган улуу мурастарды унутуп, алдым - жуттум, кошоматчылык, байлык, бийлик үчүн ар - намысты тебелеп, маңкуртка
айланып бара жаткандай. Адамдан башка жаныбарлар ата
- тегин тааныбайт, уят, намыс, абийир дегенди билбейт,
ынтымак, биримдик, мекен - журт дегенди тааныбайт, келечекке кам көрбөйт, курсагы тойсо ошого ыраазы болуп,
күнүмдүк жашоо менен күн кечирет.
Бүгүнкү муунду мына ушундай заманга кабылып тургандай сезем. Учурда дүйнөдөгү көп улуттардын ынтымагын бузуп, рухун, тарыхын, салтын, дилин, тилин, улуттук
эс - тутумун өчүрүп, өзүмчүл маңкуртка айландыруу саясаты
жүрүп жаткан мезгилде биз өзүбүздүн эзелтен калган эс тутумубузду калыбына келтирип, кыргызды алты миң жыл
сактап келген ата - бабаларыбыздын улуу касиетине кайра
көтөрүлүп жетүүбүз керек. Ал үчүн каада - салттарыбызды
эскинин калдыгы деп жээрибей, улуттук адаттарыбызды,
маданиятыбызды, тарыхыбызды жакшы билип, ошонун
негизинде башкаруу иштерин жүргүзүшүбүз зарыл.
Ааламдаштыруу - деген сөздүн өзүн биз эки мааниде
алып карашыбыз керек. Биринчиден, ааламдашуу (глобализация) - бул илимдин, техниканын өнүгүшү, маалымат
алуунун жакшырышы. Мына азыр техниканын жетишкендигин дүйнөнүн аркы бурчундагы болуп өткөн окуя менен
Интернет аркылуу эки эле мүнөттө кабардар болосуң. Бул
табигый көрүнүш, боло турган нерсе. Ушул шартта биз
өзүбүз кандай болушубуз керек, экономикабыз социалдык
жүрүм - турумубуз, рух дөөлөтүбүз бул өзүнчө чоң маселе. Ал
эми ааламдаштыруу бул саясат. Экинчи дүйнөлүк согуштан
кийин майда мамлекеттерди басып алып, ошолордун кен 229
байлыктары менен гүлдөп - өскөн АКШ баш болгон Батыш
Европанын саясаты. 21- кылымдын башталышында ошол
батыш Европанын кен - байлыктарын пайдаланып, байыган мамлекеттер чүнчүп турат. Себеби, Европанын өзүндө
азыр колдоно турган кен - байлыктары түгөнүп, мурда баш
ийип, карамагында турган мамлекеттер өз алдынчалыкка
ээ болушту. Мына ошонун негизинде чүнчүп турган мамлекеттер биз сыяктуу өз алдынча өнүгө албай жаткан мамлекеттерди ар кандай куулук жолдор менен өздөрүнө көз каранды кылып алууну көздөөдө. Мунун бир мисалы Кыргызстандын шартында жүргүзүлүп жаткан, «Бүткүл дүйнөлүк
Банк, эл аралык валюта кору», - Американын агенти. Бул
согуш- талашсыз, жагымдуу сөз, башкача айтканда аң - сезим аркылуу басып алуу. Ошондуктан биз, Кыргызстан
өзүнүн өсүп - өнүгүсүндө ааламдаштыруу деген эмне экендигин, ааламдашуу деген эмне экенин аңдай билиш керек,
ошого жараша өздүк улуттук саясаты болушу керек.
Азаттыкка чыкканы биз өз алдынча саясат жүргүзө албай келебиз. Бир жарым кылым башкалардын карамагында жашап, көз карандылык, бирөөгө баш ийүү, бирөөнүн
сөзүн сүйлөө адаттарынан арыла албай жатабыз. СССР убагында биздин каада - салттарды эскинин калдыгы деп
окуткан эмес, ошонун кесепетинен биз улуттук тарбиядан
артта калганбыз. Бүгүнкү күндө кыргыз мамлекетинде
жашап жаткан он беш жаштан кырк жашка чейинки курактагыларыбыз орус эмес же кыргыз эмес, «киргиз» болуп жатышат. Алар улуттук тилди, маданиятты, адатты
билбейт. Мына ушунун баарысы бүгүнкү күндө биздин улут
болуп калыптанып, чүкөгө куйган кыттай болуп, биригүүбүзгө чоң кедергесин тийгизип жатат. Дүйнөнү ааламдаштыруу саясаты каптап жаткан мезгилде кыргыз улутун
сакташ үчүн алгач биз кыргыз элинин улуу асыл - баалуулуктарын сактап, улуттун өзөгүн түзгөн рух - дөөлөтүбүзгө
кайрышылыбыз керек. Ал үчүн ар бирибиз өз мекенибизди
сүйгөн патриот болушубуз зарыл.
Жаштарды өзүнүн Ата - Мекенин сүйүүсүнө багыттап,
анын ыйык касиеттерин урматоо менен аң сезимине терең
сиңдиришибиз керек.
Мамлекет - таптык коомдогу саясий бийликтин негизги куралы. Мамлекет өзүнүн өнүгүү тарыхында ар кандай
стадияларды басып өткөн жана белгилүү бир калктын жогору турган катмарынын кызыкчылыгын коргоочу курал
катары кызмат кылган. Элдин аң сезиминин өсүшүнүн жана
коомдун өнүгүшүнүн натыйжасында азыр жер жүзүндө
жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн демократиялык
принципти туу кылган укуктук мамлекеттер басымдуулук
кылат.
Мамлекеттер башкаруу формасы боюнча негизинен
монархия жана республика болуп экиге бөлүнөт. Монархиялык башкаруу формасындагы мамлекеттин башындагы
бийликти укум - тукумуна чейин мурастаган монарх (король, шах ж. б.) турат.
Монархия өз кезегинде абсолюттук жана конституциялык монархия болуп бөлүнөт. Абсолюттук монархияда монархтын бийлиги чектелген эмес, мамлекетти жеке өзү
башкарат. Ал эми конституциялык монархияда монархтын
бийлиги конституция аркылуу чектелген, көбүнчө ал
өкүлчүлүк милдеттерди аткарат. (мисалы, Англия королевасы).
Республикалык башкаруу формасындагы мамлекетте
бийлик эл шайлаган бийлик органдары тарабынан
жүргүзүлөт. Республиканын негизги эки түрү бар: Президенттик республика жана Парламенттик республика.
Президенттик республикада мамлекет башчысы - Президент - жалпы эл тарабынан шайланып, мамлекетти башкарууда, өкмөттү түзүүдө чечүүчү күчкө ээ. Мындай мамлекеттердин катарына Кыргыз Республикасы кирет.
Парламенттик республикада мамлекет башчысы Парламент тарабынан шайланып, парламенттин алдында отчет берет. Мындай мамлекеттин катарына Германия, Эстония ж. б. кошсо болот.
Чыгыш философторунун көөнө жазмаларынан окуганым бар эле. Жалпы мамлекеттин башчылары акылы, аң сезимине карай үч топко бөлүнөт экен.
Биринчиси - Кудайдын өзү тубаса акылдуу кылып жараткандар. Мындай башчылар узак мезгил бийлик башында турат жана элине көп жакшылыктарды жасайт.
Экинчиси - өзгөнүн иштегенин көрүп, аракеттенгендер.
Булар көбүнчө куу болушат. Коомго жарытаарлык өзгөрүү
алып келе алгыдай жаңылык жасай албайт. Тек, эскини гана таптап башкарууга ыктап турат.
Үчүнчүсү - өзү да билбейт, өзгөдөн да таалим ала албагандар. Мындайлар бийликке кокусунан келишет да, колундагы бүгүнкү бийлигинен эртең айрылып калышат.
Алар кезиккен ишти ызы - чуу кылып, талашты жаңжал
менен чечүүгө ынтызар келишет. Акырында эли кыргынга,
байлыгы талап- тонолууга учурайт.
Мамлекеттүүлүктүн негизин - 1) бирдиктүү түпкү улут,
анын тили, бирдиктүү территориясы (аймагы), маданияты,
руханий баалуулуктары жана улуттун колдоосуна ээ болгон
туруктуу экономикалык, саясий системасы сыяктуу факторлор түзөт.
1)Биримдиги, ынтымагы, өз идеясы жок улут жеке
адамдын бийлигине жем болуп, тезек тергенден өйдө
көтөрүлө албайт.
2) Кыргыз тилинин өлкө турмушундагы ролу барган
сайын начарлап баратат. Тил - улутту бириктире турган
чоң курал. Бийлик аны каалабайт. Башкасын айтпаганда
да, өлкөнүн президенти улуттук тилде сүйлөбөйт, тилди
мажбурлап үйрөтүү кыйын. Өлкөдө кыргыз тилин
үйрөнгөнгө муктаждык жана кызыкчылык болуш керек.
Өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн эки президент тең сактагандын ордуна кемитти. Чекаранын кол тийбестиги улуттун намысы, сыймыгы болуп эсептелет жана мамлекеттин жүзүн аныктайт.
Мамлекет бир үй -бүлөгө, жеке бир ууч топко, криминалдык күчтөргө таянбай мыйзамга, демократиялык саясий структурага, элдин ишенимине таяныш керек. Жеке
кызыкчылыкка негизделген бийлик эртеби - кечпи сөзсүз
ич ара кызганычтан улам ыдырап, өлкөдө кризистик абал
түзүлөт.
Кыргыздын улуттук идеясынын өзөгү - же улуттук
идеянын пайдубалын - жалпы адамзатка жана кыргызга
тиешелүү баалуулуктар түзүшү керек. Биринчиси, акыйкаттык, теңдик, мыйзамдуулук, мамлекеттин жана
бийликтин элдик көзөмөлдө болуусу сыяктуу баалуулуктар.
Экинчиси, кыргызга мүнөздүү ыймандуулук, нарктуу
каада - салт, намыс, адеп, калыстык, Ата -Мекендин ыйыктыгы сыяктуу баалуулуктар Биздин азыркы улуттук идеянын маңызын «Таанышың болсо танкасың, таанышың болбосо маңкасың», «Пулуң болсо, кулуңмун», «Бир күндүк
бийлигиң болсо, түштүгүнө жорго мин», «Алдабасаң жашай
албайсың», «Эбин тапсаң эки ич», жана башка сыяктуу
адамды ыймандан алыстаткан принциптер өкүм сүргөн
мезгил. Бийлик ситемасы түзгөн турмуш - шарт адамдарды
ушуга мажбурлап жатат. Болочок бийлик системасынын
өзөгүн «бийликке - акыйкаттык, алдууга - мүмкүнчүлүк, алсызга - колдоо» деген принциптер түзүшү керек.
Азыр эл туңгуюкка такалды. Эгемендикте 19 жылдан
бери жашап жатып эмнеликтен улуттук идея калыптанган
жок? Эгемендик кыргызга күтүүсүздөн берилген белек болгону үчүн эйфорияда жүргөндүрбүз? Улуттук идея, улуттук
лидер жөнүндө ойлонууга мажбурбуз. Коомдук аң - сезим да
ушуга бышып жетти көрүнөт. Улуттук идеяны сунуштап
жана аны саясаттын туу чокусу катары жетекчиликке алуу
өлкө башчысына чоң жоопкерчиликти жүктөйт.
Эгемендиктин жылдарынан элдин алган ачуу сабагы жакшы адам эмес, жакшы система керектигин, бийликти
жердешчилик, тууганчылык менен эмес, жалпы улутка
кылган кызматы менен баалаш керектигин түшүнүү. «Эл
бийликке кызмат кылбай, бийлик элге кызмат кылуусу керек»(К. Бакиев).
Бүгүн эл бийликке да оппозицияга да ишенбей калган
убакытта - улуттук идея адамга аба кандай керек болсо,
улуттук идея да ошондой зарыл болуп турат. Эл шайтан
эмес да үмүтсүз, ишенимсиз жашагандай. Албетте, алдап
кетет деген кооптонуу бар. Кечигип болсо да элибиз өз
идеясынын айланасында биригип, лидерин тандап, алдыга
туура багыт албаса, келечек опурталдуу. Элди түндүк түштүккө, өзгө - жатка бөлгөн бүгүнкү бийликтин идеологиясын ар бир кыргыз четке кагып, «Бир жакадан баш, бир
жеңден кол чыгарууга» убакыт жетти.
Элдин акчасына жашаган укук коргоо, сот жана күч
органдары элди эмес, үй-бүлөлүк бийликти коргоп,
чындыкты талап кылгандарды уруп - согуп, кармап - камап, үстүнөн иш козгоп, оозун жаап жатканы жалганбы?
Эл бийликтин булагы болгондон кийин кимди болбосун бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө укугу бар. (Эки
вариант менен).
Биринчиси: - Президенттин өз ыктыяры менен отставкага кетүүсүн талап кылат.
Экинчиси: - Президент «мага баланча мөөнөткө ишеним көрсөтөсүңөрбү?» деген суроо менен жалпы элдик референдум жарыялайт.
Илгери СССР деген чоң мекенибиз күм - жам болуп жок
болгондо, чоң держава аталган Советтер Союзунун бир бурчундагы Кыргызстан да эки тизгин бир чылбырын колго
алып, өз киндигин өзү кесип, ээн - эркин жашай баштаган.
Өлкө башына түшкөн ошондогу оор күндөрдө айрымдар
жаңы жашоонун жаңы шарттарына туруштук бере албай,
таштандыларды аңтарып - теңтерип күн көрүп калышты.
Мындай үй - жайы жок көчөдө тентип калган адамдарды
«Бомж» (Без определенного места жительство) - деп койобуз.
Бирок, ушул «бомж» - да качандыр бир убакта
бирөөнүн алпештеген татынакай чүрпөсү, бирөөнүн энеси,
бирөөнүн атасы, дагы бирөөлөрдүн бир тууганы, эч нерсеге
алмашкыс жакын адамы болгонун эстен чыгарбашыбыз
керек. Алардын мындай ит турмушка туш болуусуна эмне
түрткү болду? Дегеле, «бомж» деген кимдер? Жашоосунан
жаңылгандарбы же тагдырына таарынгандарбы?
Айрыкча, Россия менен Казахстанды туурап, ошолордун жасаганын жасамыш гана болобуз. Болбосо жок дегенде эмгиче «Губернатор» деген сөздү алмаштырууга неге
болбосун.
Жакындан бери «айыл округу» деген сөз айкашы пайда болду. Көрсө, казактарды туураптырбыз. «Нуротан»,
«Единая Россиянын» ордуна «Ак Жолду» жараттык. Эч
айырмасы жок. Тактеке депутаттарыбыз тарсылдата
жакшы бийлеп берип жатышат.
Кийинки кездерде акимдерибиз өздөрүн совет доорундагы райкомдун катчыларындай эле сезе башташты.
Иш - аракеттери ошондой. Же анысы жарашса экен. Менин
баамымда мамлекетибизди башкаруу- куурчак ойноп отургандай эле болуп жатат. Ар кандай деңгээлдеги бийлик
тепкичтерине сабатсыз, жалтак, көз карашы жок, принципсиз, кадырсыз, бирок байлыгы бар адамдар келе баштады. Андайлар менен иштешүү бийлик башындагылар
үчүн өтө ыңгайлуу окшойт.
Райондун акимдерин, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерин тандоодо алардын билимине, иш жөндөмдүүлүгүнө,
принципиалдуулугуна, кесипкөйлүгүнө жана башка адам234
дык жакшы сапаттарын эске алуу менен калың калктын
элегинен өткөрүп - шайлоо жолу менен дайындоо максатка
ылайыктуу болот го деген менин жеке пикирим. Эл алдында айыл өкмөтүнүн башчысы болобу, райондун акими болобу мезгил-мезгили менен, ошол өздөрүнүн шайлоочуларынын алдында жок дегенде ар жылдын жыйынтыгы менен
аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер жөнүндө отчет берип турушса кандай жакшы болмок. Ошол эле мезгилде ал жетекчилер өз шайлоочулары тарабынан аткарылган жумуштарга тиешелүү- канаттандырарлык, же канаттандырарлык эмес баа алууга тийиш. Эгерде шайлоочулардын койгон талаптары аткарылбай, жалпы эле айыл
өкмөтүндөгү, райондун аймагындагы жумуштар начар
болсо, ал жетекчини ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө
жалпы чогулуш (Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл кыштактардын тургундарынын) тиешелүү токтом кабыл алат.
Натыйжада мындай чогулуш жетекчинин шайлоочулар алдында жоопкерчилигин бир топ жогорулатмакчы.
Мен билген бийликтин эки жагы бар. Бири - калкына
кызмат кыла турган, экинчиси - өзүнө жана тууган - туушкандарына, урук - тукумдарына гана жарыгы тийген бийлик. Алгачкысы жоопкерчиликти терең сезүүдөн, акыйкаттыктан, кийинкиси ички эгоизм менен барксыздыктан жаралат.
Жан дүйнөсү тайыз адамдан чыгаан саясатчы чыкпасы
анык.
Жараткан эгем пендесине: «Жер бетиндеги бүтүндөй
тиричилик ээсин колуңа беремин. Мына сага мейкин талаа,
тоо -таш, чалкар деңиз, айдың көл, калың токой. Кыбыраган
жаныбарларга да өзүң ээлик кыл. Менден кийинки ээси сенсиң. Жер бетиндеги өмүр өнүмдөө өрүш алабы жокпу, же
бир бүлүнүп, ойрону чыгабы, сага тиешелүү. Акыры сенден
сураймын», - деп мойнуна өтө зор милдетти артып, чексиз
бийликти адам эркине берсе керек.
«Ар кылымдын, ар коомдук түзүлүштүн өзүнө таандык
мамлекет жетекчилери, бийликтин купуя сырлары болгон
го. Бирок эң башкысы – жогорку ылаажым ээси карамагындагы элдин чексиз урматына бөлөнгүсү келсе, анын боюнан
кайрымдуулук,
адалдык,
адамгерчилик,
жан
дүйнөнүн тазалыгы менен өзүнө - өзү ишенимдүүлүк көзгө
көрүнүп туруусу шарт».
(Чыңгыз Айтматов).
Кыргыз элинин Октябрь социалисттик Революциясынын жеңишинин алгачкы күндөрү жана Совет доорунун
кийинки мезгилиндеги абалына кыскача токтоло кетүүнү
ылайыктуу деп эсептеп, анда эмесе ага окурман менен чогуу көз кырын салып көрөлү:
1917-жылга чейин Кыргызстандын аймагында өнөр
жай тармактары аз-аздан түзүлө баштаган. 1930-жылдары
СССР де өнүккөн индустриялуу, жаңы нуктагы айылчарбалуу, эли билимдүү жана маданияттуу өлкөгө айландыруу саясаты жүргүзүлүп, көптөгөн жакшы иштер
жүргүзүлө баштаган.
Өзгөчө, Кыргызстан сыяктуу артта калган аймактарга
көңүл бурулган, аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп турган.
Кыргызстанда да тоо-кен жумуштары өөрчүп, көмүр
казуу көбөйүп, түрдүү түстүү металдар, тамак-аш, кыш, кийим-кече тигип чыгаруучу заводдор, фабрикалар курула баштаган.
Айыл
жерлеринде
ирилештирилипколлективдештирилген чарбалар-колхоздор жана совхоздор уюштурулган. Айыл-кыштактарда, шаарларда тез
аранын ичинде башталгыч, жети жылдык жана орто
мектептер ачылган. Алардын алдында сабатсыздыкты
жоюу максатында «ликбез» (ликвидация безграмотности)
деген, кечинде окуй турган курстар уюштурулуп, жашы улгайгандарды окута баштаган.
Бирок жогоруда айтылган элибиздин келечегине багытталган чараларды иш жүзүнө ашыруунун үстүндө жапа
тырмак аракеттенип жаткан учурда, 1941-жылы каргашалуу Ата Мекендик согуш башталып, алардын көпчүлүгү
токтойт.
Бардык каражат жаңы күч фронтко жумшалат.
Бирок мектептерде окуулар үзгүлтүксүз улантыла берген.
Ата Мекендик согуштун бүтүшү менен өнөр жай, айылчарба, жана тиричиликке керектүү мекемелерди түзүү,
кеңейтүү билим жана маданият иштерин өнүктүрүүгө багыт
алынат.
Негизги маселелер катары жаңы ишканаларды куруу,
ишке
киргизүү,
эл
чарба
тармактарында
эмгек
өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү, ал үчүн тиешелүү адистерди, квалификациясы жогорку деңгээлдеги жумушчуларды даярдоо, көп улуттуу элибиздин, эмгекчилерибиздин ортосундагы достукту чыңап, аларды жаңы турмуш курууга багыттоо болгон.
Кийинки жылдары Кыргызстан Союздун он беш Республикасынын бириндей эле көп тармактуу индустриялууагрардык мамлекетке айланып, жаңы деңгээлдеги жумушчу табына, өзүнүн улуттук интеллигенциясына ээ болгон. Республикада илим-билим өөрчүп, сабатсыз, кат тааныбаган адам калбаган.
Совет доорунда элибизге ээлик кылгандарды же журт
башчыларды, элибиздин тарыхынан ажыратып кароого
мүмкүн эмес. Ошондуктан алар кыргыз эли үчүн канчалык
кызмат өтөшкөнү жөнүндө учкай айта кетүүнү туура көрдүм.
Абдыкадыр Орозбеков.
Алардын эң алгачкысы-Абдыкадыр Орозбеков.
(1889-1938-жыл) Фергана облусу Маргалан уезди, Охна
кыштагында туулган. Мамлекеттик, саясий ишмер. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн
күрөшкөн. Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин
төрагасы болуп 1927-1937-жылдар иштеген.
Ал киши 1909-жылдан, 1916- жылга чейин наабайканада жалданып иштеп, балалык күндөрүн оор турмушта
өткөргөн. 1916-жылдагы жумушчулардын көтөрүлүшүнүн
башталышына жигердүү катышкан. 1917-жылы Анжиян
шаарындагы нан бышыруучу ишкананын жумушчуларынын кыймылына жетекчилик кылган. Совет бийлиги орногондон кийин Кызыл Гвардия кошунунун командири болуп
туруп, Фергана шаарынын ишканаларын, шаардын четжакаларында коргонууну уюштурган.
1919-1923-жылдарында Чимион жана Вуадил райондук
революциячыл райондук комитеттин, Мархамат райондук
комитетинин төрагасы, Маргалан уездик Аткомунун Президиумунун мүчөсү болуп турган.
1924-1925-жылдар Ош округдук комитетинин жооптуу
катчысы. Кыргыз автономия облусунун областтык Аткомунун биринчи пленумунда Областык Аткаруу комитетинин
Президиумунун төрагалыгына шайланган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук Аткаруу Комитетинин биринчи төрагасы, өлкөбүздүн биринчи Президенти
Абдыкадыр Орозбековдун элеси ар дайым элибиздин эсинде. Өз элинин тарыхын сыйлаган ар бир атуулдун
көңүлүндө, күндөлүк иш аракеттерибизде биз менен бир катарда жашап келет.
Бул кишинин өмүр учугу узун, таржымалы качан, кай
жерде болбосун үлгү катары айтууга татыктуу баян.
Бул ысым жалпы Кыргыз журтчулугуна айрыкча Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз, өзбек, тажик калкына
белгилүү. А. Орозбековдун өмүрү менен Кыргыз Республикасындагы Совет бийлигинин курулуш тарыхы, жергебизде жаңы замандын калыптанышы терең байланышкан.
Ушундай улуу адам өкүм сүргөн заман саясатынын кара толкунуна кабылып, бир канча ондогон жылдар бою
унутта калтырылды.
А. Орозбековго «эл душманы» деген куру жалаа жабылып, мамлекеттик, элдин ишине каршы коюлуп, арамза
ойдун курмандыгы болуп, атайылап аты аталбай, атактуу
карааны караңгылык менен чүмбөттөлүп калды. Эсил киши
эч тайгылбай төңкөрүшчүл дүйнөсүн актап, өмүрүнүн акырына чейин ак, адил иш үчүн күрөшкөн.
А. Орозбеков окуп билим албаса да турмуштун көп
чыгырыгынан өтүп такшалган, өз эли-жери үчүн жан
күйгүзгөн, жаратылыш тартуулаган интеллектуалы бийик
чыныгы интернационалист инсан болгон.
Өзбек элинин эл болуп таанылышы, өз алдынча
мамлекет болуп калыптанышы үчүн Юлдаш Ахунбабаев
кандай эмгек сиңирсе, Кыргызстандын мурдагы Союздук
республикалардын арасында толук кандуу улуттук республика болуп таанылышына А. Орозбековдун салымы андан
көп болсо болуп, кем эмес экендигин эч ким тана албайт.
Республиканын мамлекет болуп калыптаныш тарыхы
Абдыкадыр Орозбековдун ысмы менен башталат. Себеби,
ал киши Республикада Совет бийлигин орнотууда канын238
жанын аябай күрөшүп, революция жеңгенден соң биринчи
президенттикке шайланган 15 жылга жакын Республиканы
жетектеп, коллективдештирүүнү ишке ашырган.
А. Орозбековдун өмүрүнүн акыркы жылдары түрмөдө
өткөндүгүнө байланыштуу анын шагирттеринин бири Рузмат Дадабаевдин эскерүүлөрүнө көз кырын буралы. Рузмат
Дадабаев 1937-жылы А. Орозбеков менен камакта болуп, 10
жыл ак жеринен түрмөдө отуруп, 1946-жылы бошоп келген.
А. Орозбековдун жазыксыз ак жеринен камакка алынган алгачкы күндөрүндө, Рузмат Дадабаев түрмөканада чогуу болгондугун төмөнкүчө эскерет: «Түрмө. Бул жердеги
тозоктун азабын башынан өткөргөн гана адам билет.
Күнөөсү менен түшкөн адамга «колуң менен жасаганды
мойнуң менен тарт» дейт эмеспи. Тагдырга тан бербеске
адам баласынын айласы жок. Бирок, бул жерге курулай дооматка калып, айыпталып түшсөңчү? Мындай балээден
адамдын кантип күйбөгөн жери күл болбосун. Андай
көргүлүктөн, тарткылыктан пендесин кудай өзү сактасын.
Өкүнүчтүүсү жок жерден көө сүртүлүп, мындай көрүнүш
бизди да четтеп өтпөдү. Мына түрмөдө камактабыз. Бир нече айдан бери карцерде цементтин үстүндө жатып, бир
сындырым нан, бир стакан суу менен жашап, түрмөдөгү
азаптар бир нече саат эс-учуңду билбей жатып калуулар,
бир жерде былк этпей тик туруулар, жалган жерден
айыптоолор, «кол койгун» деп мажбурлоолордун азабын
тартып жатабыз. Жырткычтык кыйноолор, ырайымсыздык
менен уруп, токмоктоолор оболу, күн сайын, кийин үч, беш
күндө кайталана турган болду. Мындай сурак көбүнчө жарым кечеден башталып, таң атканча созулар эле.
Кийинчерээк Орозбеков менен бир камерага түшүп
калдык. Мурда асты цементтелген жертөлөдө, андан соң
камерада жаттык. Камерадагылардын көпчүлүгү республиканын жетекчи кызматчылары болчу. Алардын арасында
Жамансариев, Чоңбашев, Исакеев, Айтматов жана башкалар бар эле, көбүнүн фамилиясы эсимден көтөрүлүп калыптыр.
Орозбековду 1937-жылы камакка алышкан. Кыска эле
мезгилдин ичинде адам баласынын таанылгыс болуп
өзгөрүлүп кеткенине акылың ишенбей калат. Жырткыч айбандай адамдын этин жеп, курулай сөөгүн калтыруу ошол
мезгилдеги тергөөнүн ыкмасы эле. Ооба, алар (тергөөчүлөр)
эч кимден коркушпаган. Анткени, азап-тозоктун дартын
чегип жаткан байкуштардын алын эч ким көрбөгөн. Алар
өлүм жазасына өкүм кылынган адамдар болчу.
Орозбеков үстүндөгү ак костюму менен камакка алынган экен. Дээрлик 1938-жылга чейин ушул костюм үстүнөн
түшпөгөндүктөн, кири кабатталып, түсү да өзгөрүп кеткен.
Он кишиге эсептелген камерада 40-50 киши цементтин
үстүндө бири-бирибизге жабышып, чөгөлөп отурабыз. Бутту
сунганга ылажысы жок. Камерадагы абал айрыкча жай
күндөрүндө сасып, адам чыдагыс абалга жетчү. Сыртка белгиленген убакта гана катуу көзөмөл астында чыгарчу. Көп
учурда ага да уруксат берилбей калчу. Ошондуктан зарыл
болсо эшик алдына коюлган идишке даарат кылууга туура
келээр эле. Кыш келип, сууктун түшүшү түрмөдөгү азаптын
оорчулугун ого бетер күчөтүп, бут оорулар жаракаттар, тамырлардын тартышуусу сыяктуу жанды жеген оорулар
кошулуучу. Онтоп, зар какшаган ооруларга кулак салган
бир да жан жок.
Камерада Орозбеков менен бири-бирибизге жөлөнүп,
жанаша отурар элек. Ал Совет мамлекети үчүн күндү-күн,
түндү-түн дебей, дем алыш, ырахат, озур эмне экендигин
билбей иштегендиги, канча жолу өлүмгө тик карап баргандыгын узун сабак сөз кылып, ошого карабастан жок
жерден жалаа жабылып, минтип азап чегип отурганына
өкүнөөр эле.
Чындык баары бир, бир күн чыгат: «Ак ийилет, сынбайт»-деп, чындыктын жеңишинен үмүт үзбөгөнүн айтар
эле.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 14
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.