Latin

Сезимде жүргөн элестер - 01

Total number of words is 3980
Total number of unique words is 2037
28.8 of words are in the 2000 most common words
40.4 of words are in the 5000 most common words
47.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Китепте автор өмүр жолундагы өз башынан
кечирген даректүү баяндарды, билим алууга, элжерди сүйүүгө болгон көркөм ой
толгоолорду 1бөлүмдө камтыса, 2-бөлүмдө Кыргызстанда болуп
өткөн тарыхый окуялар, коомдогу саясий урунтуу
учурлар тарыхый инсандардын өмүр жолдоруна, ой
жүгүрткөн Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.
Баш сөз
Адам болуп жарык дүйнөгө келген соң, турмуштун
өйдө-ылдыйын, ысык-суугун тартып жүрүп, белгилүү бир
деңгээлге жетип, акыл-эсиң ак-караны ажыратып калган
учурда артыңа бир кылчайып, сарасеп салат экенсиң.
Ошондой учур менин көңүлүмдө көптөн бери түнөктөп
жүрсө да, ал жөнүндө кагаз бетине түшүрүүгө батына
албай келдим.
Ар кандай иштин сааты чыкканда бүтөрү белгилүү.
Быйыл 70 жаштын босогосун аттаар алдында өткөн өмүр,
баскан жолду көз алдымдан сыдырып, көкүрөктө уялаган
өмүрдүн өзгөчө издерин, турмуштун чыныгы жөнөкөй
жана татаал сабактарын чиймелеп чагылдырууга
далалат жасап отурам.
Азыр артка кылчайып карасам, балалыгымдын мен
үчүн кызыктуу белестери көз алдыма тартылат. Эсим
токтолгондон берки мезгилдеги басып өткөн жолдун
издерин чагылдыруу- бул бир чети кийинки келаткан
муундарга кызыктуу болоор деген үмүтүмдү да билдире
кетмекчимин.
Чынында, менде жазуучулук шык деле жок. Болгону,
союз мезгилинде эл чарбасына эң керектүү, мен ардактаган жогорку билимдүү экономисттик адистиктин ээсимин. Бул эскермемди көркөмдөп сөз берметтери менен
тизе албагандыгымды мойнума алам.
“Эл тарыхын айта жүр, элиң сени эскерер. Бабалар
даңкын айта жүр, балдарың сени эскерер”, -демекчи көп
нерселерди көз алдымдан өткөрүп, өзүмдүн бүткүл
өмүрүмдү кайра баштан кечиргендей абалда сезип, басып
өткөн жолдун издерин, элестерин – мемуар катарында
чагылдырууну максат кылдым.
«Эскерип айтар эчтемеси жок адам
– башы кара, буту айры жан».
(Арман Салакуру – француз драматургу)
Балалык кездин элестери
Биз жашаган, биз басып өткөн жол оор да,
машакаттуу да. Ошондуктан силерге – биз жашаган
алыскы мезгилдер, кыркалаган Ала-Тоонун ашуу-бел, ак
мөңгүлүү аскалары сыяктуу элестерди калтырар бекен
деп ойлоймун.
Менин киндик каным тамган жер - Кыргызстандын
эң кооз жерлеринин бири Чоң-Алайдын Карамык айылы.
Бул жердин абасы таза, климаты салкын, суусу тунук, ак
мөңгүлүү чокулардан башталып, атына заты жарашкан
Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан. Мен 1938жылы (эски жыл эсеби боюнча “жолборс” жылы), ушул
дарыянын аркы өйүзүндөгү Үч-Кол деген чакан айылда
(негизинен Карамык айылынын эсебинде) төрөлүпмүн.
Маматбек чоң атам экинчи аялы-Топчу байбичеден эки
уулдуу болуптур. Анын чоң уулу менин атам Маматкаим, кичүүсү Мамасаит. Атам беш-алты жашка
чыкканда, чоң атам Маматбек дүйнөдөн өтөт. Кичүү уулу
Мамасаит дагы үч жашында чарчап калат. Чоң энем
баласынын күйүтүнө чыдабай, бир жагынан өмүрлүк
жарынан эрте ажырагандыгынан кайгыга батып, чүнчүп
кеттим деп айтып калар эле. Атам Маматкаимди
Карамык айылынын бийи Чунандын кызына кудалашып
үйлөйт. Апамдын тунгуч баласы мен төрөлгөндө чоң энем
тамдын башына чыгып, элге жар салып, кубанычына
батпай: “Өчкөн чырагым жанды, уулдуу болдук”, - деп
айылдагыларга сүйүнчүлөгөн экен.
Мени апам он беш жаш курагында төрөгөндүктөн,
Кайын энеси Топчу байбиче келинине өз кызындай
мамиле жасап, анын жаштыгын аяп, биринчи небересинмени, өзү багып алууга бел байлайт. Ымыркай наристени
чүркөп, калпактын ичине чулгап торолтот.
Мен эс тартканга чейин апамды эже деп айтаар
элем. Энем ырахматы:-“Сен эми чоңоюп калдың, акылың
бар, Кыздаркан сени төрөгөн апаң болот, “эже” деп
атаганың болбойт, мындан ары апа деп айтып жүргүн”, деп айтканы күнү бүгүнкүгө чейин эсимде.
Ал мезгилде “упчу” деген болбоптур. Чоң энем
атайын козу сойдуруп, анын карынынан упчу жасап,
бээнин сүтү менен мени азыктандырып, алпештеп
өстүрөт.
Мына ошол өчкөн чырагы болуп төрөлгөн мага
атамдын иниси Мамасаиттин ысмын коюптур. Мени
эркелеткенде өзүнүн кусалыгын жазып, бугун чыгарчу
окшойт.
Мен орто мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайына
окууга
кеткен
мезгилге
чейин,
менин
атымды
кыскартып, Масат деп айтышчу. Бул кыскартылган
менин
ысмымды
коңшу-колоңдорубуз
менен
айылдаштарыбыз, айрыкча, менин классташтарым жана
замандаштарым гана жакшы билишет.
Адам баласы турмуштун ар кандай оордугуна,
кыйынчылыгына дайым даяр болуп жашоосу абзел
окшойт. 1943-жыл. Мен беш жашка, иним Рыскул бир
жашка толгон мезгили. Биз Ак-Суунун аркы өйүзү (күн
батыш тарабында) Үч-Кол деп аталган кичинекей
айылда жашоочубуз. Менин эсимде бүгүнкү күндө да
ошол мезгилдеги каргашалуу Улуу Ата Мекендик
согуштун азаптуу, ачарчылык жылдары, ташка тамга
баскандай
болуп
көкүрөгүмдө
сакталып
келүүдө.
Күндөрдүн биринде, күз айлары болсо керек, чоң энем
мени эшекке мингизип, Кара-Тейит айылына жакын биз
жашаган үйдөн үч-төрт чакырым аралыкта Ак-Суунун
жээгинде болор болбос тал, жылгын, чычырканак өсчү
токой болор эле. Ошол токойдон чоң энем эки боо отун
даярдап, эшекке артып, мага: “Үйгө жеткирип, отунду
түшүрүп келесиң, сен келгенче мен дагы отун даярдап
турайын”, - дейт да, мени отун артылган эшекти
айдатып үйгө жиберет. Отун жүктөлгөн эшекти айдап,
үйгө келсем иним Рыскул үйдүн босогосуна өрмөлөп
келип ыйлап туруптур. Биз отунга жөнөгөндө Рыскулду
чоң энем бешикке бөлөп, уктатып кеткен болчу. Ал
уйкудан ойгонуп, бешиктен кантип түшүп алганына мен
таң калдым. Бул көрүнүш али да менин эсимде.
Ошентип, чоң энем кышка карата ошол токойдон
отун камдап, ал эми апам Кыздаркан болсо колхоздун
жумушунан бошобой жүргөн кези экен.
Иним Рыскулдун ысмы кандайча аталгандыгы
жөнүндө чоң энем мындайча түшүндүргөнү эсимде: 1942жылы Улуу Ата Мекендик согуш катуу жүрүп жаткан
учурда, атам “В.И.Ленин” атындагы (Карамык айылы)
колхоздо эсепчи (бухгалтер) болуп эмгектенип жүргөн
мезгилде, атамды көрө албаган бузуку адамдар райондун
чоңдоруна жок жеринен ушактап, тоголок кат жазышат
(колхозду жеп, ичип койду деген мааниде). Райондун
ички иштер бөлүмү атамды райондун борбору ДароотКоргонго чакыртып, ал жерден күнөөсү жок болсо да,
камакка алышат. Атам камакта жаткан учурда “Теңдик”
(Жар-Башы айылы) колхозунан басмачы чыгат. Бул
басмачылардын чыгышына ошол кездеги райондун
айрым атка минерлери жетекчилик кылышат, батышта
болуп
жаткан
немецтик
баскынчылык
согушта
фашисттик Германия СССРди басып алуу үстүндө,
жакынкы күндөрдө немецтер СССРди талкалап басып
алат, ал эми биз бул жактан немецтерди колдоп чыгабыз
деген максат менен басмачылар “Теңдик” колхозунун
башкармасы Паяз деген адамды атка сүйрөтүп, кордоп
өлтүрүшөт.
Уюшулган
бул
басмачылар
райондун
борборундагы Дароот-Коргондогу түрмөнү талкалап,
андагы камактагы адамдардын айрымдарын өздөрүнө
кошуп алышып, милицияканадагы курал-жарактарды
алууга үлгүрүшөт. Ал эми атам менен кошо камакка
түшкөн “Ленин” атындагы колхоздун айрым активдери
басмачыларга кошулбастан, өз алдыларынча Ак-Суу
дарыясынын башын көздөй качып кетишет. Чоң энемдин
айтуусу
боюнча,
ал
мезгил
“Ак-Суу”,
“Көк-Суу”
дарыялары чамынып кирип турган жаз мезгил болчу деп
эскерчү. Ошол опурталдуу күндөрдө төрөлгөн уул
балдардын көпчүлүгүнүн ысмын Рыскул деп аташкан
экен. Анткен себеби: “Бул ымыркай наристелер
ырыскылуу болсун, согушка кеткен аталары аман-эсен
келсин, каргашалуу согуш тез бүтсүн” - деп тилек
кылышып, балдарынын атын да ошол тилекке жараша
аташкан турбайбы.
“Ак ийилет, бирок сынбайт”, - дейт элибизде. Мына
ошол бузукулардын көрө албастыгынан атам бир жылдан
ашык камакта болот. Акырында соттон акталып, 1943жылы күзүндө камактан бошотулат.
1941-1945-жылдары, Улуу Ата Мекендик согуштун
таасири тийбеген бир дагы адам калбаса керек. Мен
төрт-беш жашымдагы ошол согуштун азап тозогун толук
сүрөттөп айтууга мүмкүн болбос. Ошондуктан айрым гана
эсимде калган окуялардан эскерип кеткеним ылайыктуу.
Атам камакта болгон жылдары мен атамды сагынып,
үйдөгү терезеге жабышып алып, “аталап” көз жашымды
төгүп, ыйлап жүрчү экенмин.
Менин ыйым, тилегим – атам камактан тезирээк
бошоп келсе экен деген балалык зор үмүт, ал эми чоң
энемдин да, апамдын да, Адалат эжемдин да, Саламат
карындашымдын да бир кудайдан тилегени ушул эле.
Биздин үйүбүздө чоң энем, апам, атам менен энелеш
Адалат эжем (бул чоң энемдин кийинки күйөөсү Халбек
деген адамдан), менден кичүү карындашым Саламат,
иним Рыскул болуп жашап турчубуз.
Согуштун азаптуу күндөрүнүн биринде (кыш айлары
болсо керек), мен терезеден жылбай аталап ыйлап
жатып, терезенин түбүндө уктап кеткен экенмин, ошол
жерге уйкусун бузбайлы деп чоң энем төшөк салып
жаткырып коет. Үйүбүздө болгону бир “ташпанар” жер
май (керосин) менен күйүүчү чырак болор эле. Ал
терезенин жанында илинип туруучу. Кечинде жатаар
мезгилде ал чыракты өчүрүп коюшуп, “жер майды”
үнөмдөшчү . Ошол каргашалуу түнү Адалат эжем
ташпанарды өчүрөм деп, илинип турган жеринен менин
бетиме түшүрүп жиберет. Ташпанар менин бетиме,
оозума аралаш катуу тийет. Натыйжада, менин оозум
канап, кашка тишимдин бирөөсү жарымынан сынып
түшөт.
Чоң энем Адалат эжемди – “Өлүгүңдү көрөйүн, сагыра
кыз!” (атасы жок жетим катарында деген мааниде) - деп
катуу урушат. Бул түнкү көрүнүш бүгүн да көз алдымда
элестеп, каргашалуу согуштун тагы катары, кашка
тишимдин жарымы сынып, кетилип кала берди.
1943-жыл. Жай мезгили болсо керек, атамдын
аталаш эжеси Курманжан эже, мени чоң энемден сурап,
өздөрү жашаган Мукур айылына алып кетет. Бул айыл
Карамык айылынан төрт-беш чакырым аралыкта
жайгашкан. Ал айыл кийинки мезгилде келечеги жок
айылдардын
эсебине
кошулуп,
1971-72-жылдары
Карамык айылы менен Кара-Тейит айылынын кап
ортосуна көчүрүлүп, Кара-Шыралжын деген айыл болуп
калды. Мукур айылынын көчүрүлүшүнүн бирден бир
суу
себеби
– Мукурда
калк
ичүүгө
жетиштүү
болбогондуктан,
экинчиден,
бул
жердеги
айдоо
аянттарына Ак-Суу дарыясынан чыгарылган каналдын
курулушу айылды аралап өткөндүгүнө байланыштуу,
айылдагы дээрлик үйлөрдүн талкаланышына туура
келгендиктен, айылды көчүрүүгө себеп болгон.
Мен Курманжан эжебиздин үйүндө үч-төрт күн
жүргөндөн кийин, бир күнү түш ченде, чоң үйдүн
ичиндеги ылайдан жасалган сөөрүнүн үстүнө суу ичем деп
чыгып, суу ичип кайтканда бир нерсеге чалынып
жыгылып, нан бышырууга ылайыкталган бир жагы ачык
(жер тандыр) очок тургузулган экен, ошол очоктун
ичине башым менен сайыла жыгылып түшүп, очоктогу
отко сол жак чекем менен тийген экенмин. Ошентип
Курманжан эжемдин үйүнөн сол жак чекемди күйгүзүп,
жарадар болуп, Үч-Колго өзүбүздүн үйгө кайра келдим.
Башымдын сол жак чекесиндеги, күйүктөн калган
жарааттын тагы, менин өмүрүмдөгү каргашалуу согуштун
дагы бир өчпөс изи катары сакталып калды.
Атамды – “Камактан бошоп келе жатат”, деген кабар
угулуп, биздин үй-бүлөдөгүлөргө кубаныч пайда боло
баштады. Ал кезде Чоң-Алайга, Оштон Кызыл-Кыя
аркылуу даванды (ашууну) ашып, жөө жалаң жүрүп
келишчү. Атам да ошол жол аркылуу жөө жүрүп, ДароотКоргонго келет. Ал жерден тааныш адамдардын атын
минип, Үч-Колго күн батаарга жакын келип калышат. АкСуунун жээгине биздин үйдөгүлөр баарыбыз чуркап,
кубанычыбыз көкүрөккө батпай мен, Адалат эжем,
артыбызда Саламат карындашым болуп жарыша чуркап
бараттык. Атамдын жанында дагы бир атчан адам кошо
келе жаткан экен. Ал адам дагы атам менен камакта
бирге болгон, Кулчу айылынын тургуну Заир деген адам
экен. Биринчилерден болуп атама мен жетип келдим.
Атам колумдан тартып, атка өңөрүп алды. Ошондо атам
мени кучактап бетимден өөп, мен атамдын мойнунан
кучактап, бети башынан жыттап, сагынычым тарай,
өзүмдү бактылуудай сездим.
1945-жыл. Мен эс тартып, жети жаш курагымда
В.И.Ленин атындагы сегиз жылдык мектептин босогосун
аттаган учурум. Бул жыл- Улуу Ата Мекендик согуш
аяктап, немецтик баскынчыларды түп тамырынан бери
талкалаган, совет элинин жеңиши катарында тарыхта
жазылып калган жыл эле.
Менин биринчи мугалимим Ооганов Тойкул, Улуу
Ата Мекендик согушка катышып келген адам болчу. Бул
мектепте 5-класска чейин окудум. 3-классты аяктап
жайкы эс алууга чыккан мезгилде мен биринчи жолу
Карамык айылынан Дароот-Коргонго жөө келгенимди
эскерип кетмекчимин. Чоң энем мени Дароот-Коргонго
атаң менен апаңды сагынсаң барып кел деп Үч-Колдон
Карамыкка ээрчитип алып келди. Дароот-Коргонго
кетүүчү чоң жолдо Кара-Тейит айылынан эшек минген
бир аксакал келе жатыптыр, ал аксакалды токтотуп: –
“Менин неберемди Дароот-Коргонго чейин ала кетиңиз”,
- деп суранып калат. Бул карыя: “Балаң жөө басып жете
алабы? Жолдо чарчап калып мени кыйнабаса мейли”, дегендей болот. Анда чоң энем: “Көп чарчап жүрө албай
калса, эшегиңизге бир аздан учкаштырып, эптеп алганча
кетиңиз”, - деп карыяны көндүрөт. Жолдо курсагың ачса
жейсиң деп, белиме бир токоч байлап берет. Ошентип
эшекчен
карыянын
артында
жөө
келе
жатам.
Жекендинин Кара-Кыясына келип калганыбызда, күн
чашке маал болуп калыптыр. Күндүн ысыгынан, бир
жагы Карамыктан бери он чакырымдай жөө жүргөнүмдөн,
абдан чаңкап, аксакалдан Кызыл-Суу дарыясынан суу
ичейин деп сурансам, ал киши: “Балам бир аз жүрө тур,
бул ылайланган суудан иче албайсың, бир аз жүрсөң
“Кундуз-Булакка” жетебиз. Ал жерден дем алып, КундузБулактын тунук суусунан ичесиң”, - деди.
Кара-кыядан бери күнгөй кырка тоолордун төмөн
жагында, Кызыл-Суу дарыясынын жээгинде, шылдырап
агып жаткан мөлтүр тунук булак Кундуз-Булак деп
аталат экен. Ошол булактын жанына келип, аксакал
эшектен түшүп: “Эшекти бир аз оттотуп алалы, сен дагы
дем ал” - деди. Булактын жээгине отуруп, аксакал
экөөбүз менин белимде байланган нандан сындырып,
булактын суусуна малып жеп, суудан жутуп, бир аз
тыныгып отурдук. Аксакал бул булактын “Кундуз-Булак”
деп аталып калышын төмөнкүчө баяндады: “Бул булакта
“кундуз” деген жаныбарлар жашайт. Алар тунук, муздак
мөлтүр булактардын көзүнөн орун алышат. “КундузБулак” деп аталышынын себеби да ушул”. Мен
аксакалдын бул жаныбар жөнүндө айтып жатканын, таң
калуу менен тыңдап, булактын агымына тигилип карап
отурдум. Бир мезгилде булактан капкара, жүнү
жылтыраган кундуз көрүнүп, кайра булт этип булактын
көзүнө кирип кетти. Ошентип, мен биринчи жолу,
“кундуз” деген жаныбарды таң калуу менен көрүп, андан
ары жолубузду уланттык.
“Кундуз-Булактан ары дагы канча жол жүрөбүз?”, деп аксакалдан сурасам; – “Жолдун төрттөн бир бөлүгүн
бастык, андан ары Уюлмага, андан кийин Сары-Булакка
жетип барсак, ошондо жолдун жарымына чукулдайбыз”деди. Чынында эле, илгери биз бала кездеги Карамык,
Кара-Тейит, Жекенди айылдарын райондун борбору
Дароот-Коргон айылы менен байланыштырып турган
негизги жол, ушул биз бара жаткан жол болгон десем
жаңылышпасмын.
1960-жылдары бул күнгөй беттеги жолду машина
жүрө турган жолго айландыруу жөнүндө маселе
көтөрүлөт.
Бирок, күнгөй беттеги тоо кыркаларынын беттеринен
Кызыл-Суу дарыясынын жээгине тынымсыз түшүп
турган таш, шагыл жол каттамына ыңгайсыз экендигине
байланыштуу, машина жүрүүчү жолду тескей тарапка
куруу пландаштырылат. Ал эми күнгөй тараптагы эски
жол, унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолу болуп келе
жатат.
Ошентип, эшекчен аксакал менен Кулчу айылын
аралап, Көк-Суу дарыясынын көпүрөсүнөн өтүп, анчамынча жерде мени эшекке учкаштырып, күн баткан
мезгилде Дароот-Коргон айылына жетип келдик. Ошол
мени Дароот-Коргон айылына биринчи жолу жөө жалаң
ээрчитип келген аксакал, Кара-Тейит айылынын тургуну
Кожобек деген улгайган аксакал адам экен. Ошентип,
биз Кожобек аксакал менен кырк-кырк беш чакырым
келген жолду басып өттүк.
Дароот-Коргон
айылы
– райондун
борбору
болгондугуна карабастан, Карамык айылынын көлөмүнөн
көп деле чоң эмес айыл экен. Дара суусунун берки күн
батыш
тарабында,
онго
жетпеген
жер
үйлөр
жайгашыптыр. Ал мезгилде, жалпысынан райондун
бардык эле айылдарында, бир дагы үйдүн чатыры шифер
менен жабылбаган. Бул үйлөрдө негизинен райондун
мекеме уюмдарында эмгектенишкен адамдардын үйбүлөлөрү жашашчу. Бул айылда мен курактагы балдар
дагы аз экен. Карамыкка кайра кеткенимче Нинар,
Бөрүбай, Дыйкан (Асан деген милиционердин баласы)
жана алардын инилери болуп, чогуу ойноп жүрдүк.
Согуштан кийин бүлүнгөн эл чарбасын калыбына
келтирүү мезгилинде да, бир топ оор машакаттуу күндөр
өткөн. Районубузга, андан ары биздин кыштакка
(“В.И.Ленин” атындагы колхозго) биринчи жолу трактор
келгени, биз курактагы балдар-кыздарга абдан таң
каларлык, укмуштай кызык көрүнүш болсо, ал эми
бизден улууларга кандай көрүнүш болгонун мен сүрөттөй
албасам керек. Жазгы кош айдоого карата колхозго бир
каз тамандуу трактор бөлүнгөн экен. Ал тракторду ошол
кезде Олжобай Мамат деген адам жеңип келе жатканын,
“Трактор сары май менен жүрөт экен” деп, колхозчулар
сары май топтошуп бергенин угуп, биз таң калчубуз.
Кийин көрсө, ал сары майды, трактористтин өзү жей
турганын
колхозчулар
билишип,
өздөрүнүн
түшүнбөстүгүн, караңгылыгын сезишип, күлүп калышар
эле.
Колхозго биринчи трактор келгенден бир-эки жыл
өтпөй, районго бир жүк ташуучу автомашина келгенин,
ал машина райондун борбору Дароот-Коргондон Карамык
айылына чейин алгачкы жолу келгенин да биз таң калуу
менен тосуп алганбыз.
Трактор келгенге чейин кош айдоо өнөктүгү жалаң
супар чегерилген кош өгүздөр менен бүткөрүлөр эле, анча
мынча ат кош да чыгарылып, айдалган жерди, атка
кошулган чапар (мала деп түшүнсө болот) менен
тегиздешер эле. Чапарды өскөн талдан жасашчу. Кош
мезгилинде айдалган жерден биз “миңгак” терчүбүз.
Миңгак – бул кара топурактуу жерде, байчечекей сыяктуу
гүлдөп, тамыры жер жаңгактын көлөмүндөй өсүүчү
өсүмдүк. Бул өсүмдүк айрыкча “Чар-Дөңдүн” айланасында
көп болор эле. Азыркы күндө бул жердин бардыгына эл
отурукташып, айдоо аянттар жоюлуп кетти.
Менин балалыгым калкыбыздын башынан Улуу Ата
Мекендик согуштун ачарчылык, апаат оор жылдарын
кечирүү мезгилине туш келген.
Жокчулуктан эл не бир түркүн чөптөрдү тамак
катары пайдаланышкан. Алардан менин эсимде өзгөчө
сакталганы: -кымыздык, чүкүрү, мадил, замоорук, чайыр,
роо, гың, ышкын, жөргөмүш ж.б. өсүмдүктөр кадимкидей
тамакка жараган.
Айрыкча чоң энем Топчу байбиче, жөргөмүштү
айранга же жууратка, чүкүрү менен кымыздыктын
боткосун сүткө, каймакка аралаштырып, чайыр менен
гыңды очоктогу отко көмүп, ал эми мадил менен
жалбызды сүткө кайнатып бышырар эле.
Айылдын эчен бир адамдары чайыр менен гыңды
узак убакытка үзгүлтүксүз жегендиктен ак шишик болуп
ооруптур деп чоң энемдин айткандары кулагымда.
1951-жылдын кыш мезгили. Мен Дароот-Коргондо
“Большевик” (кийин “Коммунист”) орто мектебинде 5классында окуп жүргөн учур. Улуу Ата Мекендик
согуштун бүткөнүнө беш- алты жыл болсо дагы, райондун
калкы кыйынчылыкты башынан өткөрүп, бир сөз менен
айтканда адамдар али токчулукка жакшы жетише элек
мезгил. Анткен себебим, райондун борборундагы нан
сатуучу дүкөндүн алдында биз теңдүү балдар 4-5 сааттап
нан алууга кезек күтүп, кезегибиз келгенде, тизме менен
ар бир үй-бүлөдө жашаган адамдын санына жараша, кээ
бирөөлөр бир бөлкө, кээ бир көп балалуу, биздин үй-бүлө
сыяктууларга экиден бөлкө нан алчубуз. Ошол бизге
тийген эки бөлкө нан, бир күнгө үйдөгү сегиз-тогуз жанга
эсептелип берилип туруучу. Каргашалуу Улуу Ата
Мекендик согуштун азап-тозогу аз-аздан, жыл өткөн
сайын оңолуу жолуна түшүп, кийинки учурларда ошол
нан саткан дүкөндө, нанды мурункудай нормалап сатуу
токтоп, ким каалашынча сатып ала баштады.
Ошол жылы кышта, кар калың түшүп, суук абдан күч
болуп, үйүбүз мектепке жакын аралыкта болсо дагы,
мектепке барып келүү, өзүнчө бир азап болчу. Кардын
калыңдыгынан жөө жүрүү ыңгайсыз болуп, карга
тыгылып, кээде жыгылып жүрүп, мектепке чейинки жол
качан ачылганга чейин, башкача айтканда, жөө жүрүүчү
жолдордо кар катышып, тебеленип тегиз болуп калганга
чейин сабактан жарым саат, айрым күндөрү бир саатка
чейин кечигип барчубуз. Кээ бир күндөрү катуу шамал,
бороон болгон күндөрү жол жабылып, жолду күрткү уруп,
эки-үч
күндөп
жол
жабылып
калгандыгына
байланыштуу, мектепке бара албай калган күндөрүбүз да
болчу.
Бул жылы кышка карата даярдалган отунубуз март
айында эле түгөнүп калган. Кызыл-Суу дарыясынын
жээгиндеги кичинекей токойдон чычырканак менен
шилбинин шактарынан чаап, өзүм көтөргүдөй өлчөмдө
даярдап, үйгө алып келип, үйдөгү азыраак калган кургак
отундан тутурук жасап, отту тутандырууга ылайыктап,
эптеп-септеп күн өткөрүп жазга чыкканбыз.
Балалык учурдагы бир окуя жадымдан чыкпай
келет.
Биздин
мектепте
дене-тарбия
сабагынын
мугалими, Улуу Ата-Мекендик согушта бир бутунун
тизесинен айрылып, жалгыз буту менен майып болуп
келген Маматаипов Жусуп деген агай иштеп турган
эле.Бул агай мектепке жөө келе албагандыгынан, ар
дайым эшек минип, балдактарын өңөрүп алып келип
кетип жүрчү. Аны мектепке чейин үйүндөгү ити да ээрчип
жүрө турган.
Мен бул көрүнүштү сүрөткө тартып, сүрөттүн алдына
“Жусуп чолок мектепке бара жатат” – деп жазып,
мектепке жакын колхоздун конторасынын дубалына
илип койбоймунбу? Аны Жусуп агай алып, биздин
класска кирип, -“Бул сүрөттү ким тартты?”— деп сурап
калды. Мен эч нерсеге түшүнбөй, ал сүрөттү - мен
тарттым эле, - дедим.
Ал мени – “Жүр, мугалимдердин бөлмөсүнө,” деп,
класстан ээрчитип чыкты. Биздин класс жетекчибиз
Каримова эже мугалимдер бөлмөсүндө отурган экен.
Жусуп агай эжекеге мен тарткан сүрөттү көрсөтүп,
мени түрткүлөп, жаагыма бир чапты да: “Барып энеңди
чакырып кел”, деди. Мен өзүмдүн бул жасаган ишиме
өкүнүп, Үч-Колго өтүп барып, энемди (Топчу байбичени)
чакырып
келдим.
Мектептин
мугалимдеринин
бөлмөсүндө, мектептин директору, дагы эки-үч мугалим
отуруптур. Мектептин директору энеме кайрылып;–
“Топчу эже! Уулуңуз мына бул Жусуп агайынын сүрөтүн
тартып, аны колхоздун конторасынын дубалына илип,
агайын капа кылыптыр, Сизди ошон үчүн чакырдык”,–
деди.
Чоң энеме мектепке эмне үчүн чакырып жатканы
жөнүндө өзүм үйгө барганымда эле айтып, Жусуп агай
мени урду деп ыйлап жибердим эле, Энем байкуш:–
“Жусуп иним! Сен уулумду урбай эле мени чакырбапсың,
бул жаш бала да, экинчи сенин сүрөтүңдү тартпайт, капа
болбо”, деди. Эжекебиз Каримова; “Агайыңдан кечирим
сура, экинчи мындай сүрөт тартпайсың да”, – деп, мени
карап калды.
— Мен: Агайдын сүрөтүн экинчи тартпаймын,-дедим.
Мына ошол балалыктагы өзүм тарткан сүрөттүн
элеси азыр да көз алдымда өчпөй келет.
Мен, Дароот-Коргондо бешинчи класста окуп жүргөн
учурум, 1950-жылдын май айынын башында райондо
биринчи жолу, Ата Мекендик согуш токтогондон бери,
советтик
армиянын
катарына
кызмат
кылууга
чакырылгандарды жөнөтүү аземи болуп калды.
Улуу Ата Мекендик согуштун тагы адамдардын
жүрөгүнөн али да болсо жакшы айыга электиги,
армиянын
катарына
чакырылгандардын
атаэнелеринин, тууган-уруктарынын, аларды фронтко
узатып жатышкандай абалда болгондугун, алардын
кайгы тартып, көздөрүнөн тамган жашты байкап
турганымды мен унута элекмин. Анткен себебим, бул
чакырууда менин бир тууган тагам Мейражидин да
армиянын
катарына
кызмат
өтөп
келүүгө
чакырылгандардын тизмесинде бар эле.
Апам инисин армияга узатуунун камын көрүп,
атайлап токоч даярдап, майда боорсок бышырып,
кыскасы он-он беш күнгө жеткендей азык даярдап, аны
өзүнчө көтөрүп жүрүүгө ыңгайлаштырып баштыкка салып
берген.
Бешинчи май күнү эрте менен күн жайылып тийген
мезгилде, азыркы Бердибеков Камалдын үйүнүн ордунда
армиянын катарына кызмат кылууга чакырылгандар,
алардын ата-энеси, тууган-туушкандары, райондук
согуш комиссариатынын жетекчилери болуп, бул жерге
адам батпай кетти. Тагамды узатып биздин үйдөн атам,
апам, иним Рыскулдар болуп элге аралашып турушту.
Атам мага “– “Өзүбүздүн атыбызды токуп минип ал,
тагаңды ат менен Даванга чейин узатып келесиң”дегенинен, мен аттын үстүнөн түшпөй, көпчүлүктү карап
турдум. Бир оокумда военкомдун кызматкери армиянын
катарына чакырылгандардын тизмесин окуп, аларды
катарга тургузду. Бул чакырууда 30 баланын тизмесин
окуду да, аларды тизилген сабын бузбастан КараЖылгага кетчү жол менен алга жүргүлө деп буйрук
берди. Мейраж тагам менен бир чакырылгандардын
айрымдары менин эсимде: Маман, Мамыт, Эшмамат,
Кошбай жана башкалар.
Мага кошулуп Эшмамат акенин атасы Курбанбек
аксакал, дагы бир адам бар эле, аты-жөнү эсимде жок, үч
атчан “призывниктерди” узатып баратабыз. Военкомдун
кызматкерлеринен эки киши да призывниктерди
жетектеп бара жатышты. Алардын азык-түлүктөрүн биз
минген аттарга артып алганбыз. Күн кечтеп калганда
Кара-Жылгадагы
раватка
жетип,
Даванга
өрдөй
баштадык. Күн кечтеп калгандыктан, мени ушул жерден:
“Кайтып кет, түн киргенде, караңгыда коркосуң” – деп,
тагам аттагы артылган жүктөрдү түшүрүп, аны эгелерине
бөлүштүрүп берди.
Мен алар менен кайырлашып, атымды минип
турганымда, военкомдун кишиси атка минип, бизди
Давандан ашырып анан кайтасың, деп мени опузалап
кирди. Бирок, мен атты ошол жерге арчанын бутагына
бекем байлап, андан ары барбаймын деп көгөрүп тура
бердим. “Эгерде ат менен барбасаң, өзүң жөө жүргүн,
баспасаң үчкө чейин санайм, болбосо атып салам” - деп
мени коркутуп, бакырып орусча сөгүнүп айдап алды.
Давандын жарымына чукул жерди басып барып,
ичим ооруп жатат деп үстөмөн түшүп жатып алдым.
Бирок, менин бул амалым да ишке ашпай калды.
Военкомдун адамы жаныма келип: – Азыр үч жолу атам,
эгерде туруп андан ары жүрбөсөң, ушул жерде атып
салам!”- деп бакыра баштады. Бирок мен ордумдан
турбай жата бердим. Ал киши пистолет менен мээлеп
үстүмдөн ата баштады. Эки жолу аткандан кийин,
чындап эле атып салбасын - деп, коркконумдан жаткан
жеримден козголуп, ичимди кармап өйдө турдум.
“Призывниктер”, Курбанбек аксакал жана башкалар
болуп бизди карап турушуптур. Анан мен араңдан
кыбырап алардын арасына барып кошулдум. Бир эки
оюурма (серпантин) жүргөндөн кийин, Маман аке менен
Эшмамат аке: “Бул коктунун ичине бурула бергин да,
төмөн жакты көздөй чуркап түшүп, тиги арчанын
далдасына жетип жашынып тур, андан ары биз
жогорулап көрүнбөй калганда, жолго түшүп, атыңды
минип кетип каласың” - дешти.
Военкомдун кишиси ушул учурда бир топ алдыга
өтүп, Курбанбек аксакалдын атынын куйругунан кармап
алып кетип жатыптыр. Мен заматта тиги агалардын сөзү
боюнча чыңкылдый секирип, таштын далдоосуна өтүп,
андан ары коктунун ичи менен арчанын арасына өтүп
жашынып калдым.
Бирок, коркконумдан жүрөгүм дүкүлдөп, демим
кысылып турду. Бир оокумда жогору жакты карасам,
алардын карааны көрүнбөйт. Күн отуруп, Кара-Жылганын
капчыгайын көлөкө тегиз баскан мезгилде, байланган
атыма жеттим.
Түн кирип, жалгыз атчан Кара-Жылгада келе жатып,
балалык кыялымда – “Бүгүнкү көргөн кордугумду, мени
атып таштаймын деген “военкомдун кызматкеринин”
бул жоругун атама төкпөй-чачпай айтам, тагамдарды
Ошко жеткирип келгенден кийин аны менен атам
сүйлөшөр” деген ойлор башымда тумандап үйгө жетип
келдим.
Биздин райондон согуштан кийинки Армиянын
катарына
биринчи
жолу
чакырылыштагы
призывниктерди, даван менен Кызыл-Кыяга, андан ары
Ош шаарына коштоп-жетектеп кеткен райвоенкомдун
кызматкери
Турдукеев
деген
адам
экен.
Анын
фамилиясы менин жадымда калганы да жогорудагы
окуяга байланыштуу болгон. Эмне үчүн армияга КараЖылга менен Даван аркылуу жөө кетишкен деген ой
мага башкатырма сыяктуу, акылым жетпей жүргөнүн
кийин байкасам, Дароот-Коргон – Ош жолу ал мезгилде
кар көп жаагандыктан, май айынын башында да машина
жүрбөй, жол ачылбаганынын натыйжасы экендигин
түшүндүм.
Мектепте окуу аяктап, жайкы каникул башталган
мезгилден тартып, кыштактагы биз курактагы жана
бизден үч-төрт жаш улуу балдар да, тегиз отун алууга
барчу элек. Ушул жылдан баштап, ар жыл сайын кышка
карата кеңири жете турган отунду камдоо менин
милдетим болуп калды. Бул отун даярдоо жумушунан
мен 10-классты бүтүргөн жылы кутулдум. Анткени ушул
жылдан баштап, ар жыл сайын отун даярдоо иним
Рыскулдун үлүшүнө туура келди. Ал мезгилде биз отунга
Дароот-Коргон айылына жакын “Кичи-Молубай”, “ЧоңКайкы”, “Кичик-Кайкы”, “Ак-Кептеш”, “Ыргайлууга”
чейин эшек менен таң азандан, он-он беш бала болуп
топтолуп, Даранын (капчыгайдын) ичин көздөй жөнөп
кетер элек. Жогоруда аталган тоолордун боорунан куурап
калган арчалардын дүмүрлөрүнөн отун даярдап, ар
кимибиз даярдаган отунубузду ылдый сүйрөп түшүп,
суунун жээгине жакын жерде алып келген отунубузду
жүктөөгө ылайыктап, отунга чыккан балдардын бардыгы
толук келгенче күтүп турар элек. Балдар толук
келишкенде ар кимибиз өзүбүз алып келген наныбызды
ортого коюп, чогуу нан жеп, мөлтүрөп аккан тунук
булактын суусунан жутуп алчубуз да, эшектерге
отундарыбызды жүктөп (артып) үйдү көздөй жөнөчүбүз.
Ошентип, кышка карата кеминде отуз беш-кырк
эшекке жүктөлгөн арча отунду даярдоочумун. Ошол
даярдалган арча отун кышка кеңири жетчү.
Мен 9-классты бүтүрүп, жайкы каникул мезгилинде
иним Рыскул менен “Балтыргандыга” кышка карата отун
камдаганы бир жолу чогуу барган учурубузда менин
эсимден
кетпей
турган
окуя
болгон
эле.
Балтыргандынын тоосунун күңгөй жак бетине күн эми
эле тийе баштаган мезгилде, ошол беттен бир топ балдар
ар кимибиз бирибиз өйдө жактан, бирибиз төмөн жактан,
отун даярдай баштаган элек. Бир оокумда жогору жактан
отун алып жаткан балдардын бирөө казандай чоң ташты
кулатып жиберген экен. Ал таш түз эле биз отун алып
жаткан жерди көздөй кулап келе жатып, тоонун
боорундагы майда таштарды кошо сүрүп келе жатыптыр.
Биз ошол чоң таштан кача бергенибизде Рыскулдун оң
колунун билегине майда таштардан бир таш колуна
тийди. Ошол жерден Рыскул колун көтөрө албай, ыйлаган
бойдон ылдый жакка ээрчишип түшүп келдик. Аны
эшекке мингизип, үйдү көздөй жөнөдүк. Үйгө келип,
эшекти байлап, ооруканага бара койдук. Доктурлар
Рыскулдун колун абдан тыкандык менен кармалап
көрүштү. Кудай жалгап анын колу сынбаптыр, жөн эле
булчуң эттери жанчылып, чыдатпай оорутуп жаткан
экен. Рыскулдун колуна даары коюп, жакшылап таңып
беришти.
Бул биздин муундагылардын күн кечирүүдөгү
кадимки эле жөнөкөй көрүнүштөрүнүн бир элеси эле.
1953-жылдын июнь айы. Дароот-Коргондогу Дара
суусунун көпүрөсүнө жакын жердеги үйдө “Тажик золото”
деген дүкөн ачылат. Бул дүкөндө азык-түлүк товарларын
жол кире акына “Суук-Сай” деген жерге алтын кенинде
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 02
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.