Latin

Сезимде жүргөн элестер - 02

Total number of words is 4010
Total number of unique words is 2221
28.5 of words are in the 2000 most common words
39.8 of words are in the 5000 most common words
45.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
иштеген жумушчуларга унаа менен жүктөп жеткирилген
азык-түлүктүн киресине ылайык гана продукта менен
эсептешишип, башка адамдарга соода жүргүзбөйт эле.
Мен дагы, өзүм курактагы жолдош балдар менен бир
атка жана бир эшекке Суук-Сайга жеткирилүүчү азыктүлүктөн жүктөтүп, барып келүүгө туура келди. Биз азыктүлүк жүктөлгөн унаалар менен эрте менен жолго чыгып,
Кара-Кыядагы көпүрөдөн өтүп, (Кызыл-Суу дарыясынан)
андан ары Туздун дарыясын кечип өттүк да, Алтын- Дара
капчыгайын өрдөп жүрүп отурдук. Күн баткан мезгилде
Миң-Теке жайлоосуна жетип келдик да, ошол жерден таң
атканча унааларды (ат, эшек) аркандап, ар кимибиз
өзүбүзгө тиешелүү жүгүбүздүн жанында жатып, таң
атырып чыктык. Таң атар менен унааларга жүктөрдү
артып, Суук-Сай белин көздөй жол тарттык. Мынча эрте
жолго чыкканыбыздын себеби, Суук-Сайдын дарыясы
сайга батпай таш агызып, атырылып кирип турган
учуру, дарыядан унаа менен өтүү абдан опурталдуу
экендигинен күн чашке мезгилде (саат 10-11) дарыя
түнкү сууктан бир топ тартылып, унаа менен өтүүгө
ыңгайлуу болгон учурда гана кечип өтүүгө болорун, бул
жерге башта келип-кетип жүргөндөр жакшы билишкен.
Ошондуктан бул учурду тез пайдаланып, бир сааттын
ичинде жүктөп барган жүгүбүздү ыкчам өткөрүп, күн
ысып, Суук-Сайдын суусу көбөйүп киргенче кайра тартуу
зарыл экен.
Биз
жүктөп
барган
жүгүбүздү
Суук-Сайдагы
кенчилердин жооптуу адамына тез арада өткөрүп,
Дароот-Коргондон
бизге
жазып
берген
кагазына
(документине) “толук алдым” деп, кол койдуруп
кайттык.
Суук-Сайдын
дарыясынан
өтүп,
бешим
мезгилде даванды көздөй өрдөдүк. Күн баткан мезгилде
Алтын-Мазар тарапты көздөй агып жаткан “Терс-Агар”
суусунун жээгине жакын жерге келип түнөп чыктык да,
үчүнчү күнү дегенде кечке маал Дароот-Коргонго жетип
келдик. Менин бул жолку кирелешип барып келгендигим
үчүн бир кап 50 килограммдык биринчи сорттогу ун
беришти.
Андан кийин, экинчи жолу барганымда Жерге-Тал
районундагы биздин алыс туугандарыбыздан Бааран
аттуу киши жокчулуктун айынан, атамдан жардам сурап
келгендигине байланыштуу, ал киши менен Суук-Сайга
чогуу жол кире алып баруубузга туура келди. Жол киреге
алынган бир кап унду ошол Бааран тажике бергенибиз
эсимде. Бул кишинин Бааран тажик деп аталышы
Абдраим бабабыздын тажик улутундагы аялынын Кадыр
деген уулунун баласы. Ал эми Баарандын энеси дагы
тажик улутунан болгондуктан, ал кыргыз тилин
таптакыр эле билбеген.
Биздин балалык күндөрүбүздү ийне жибине чейин
толук сүрөттөп жазуу мүмкүн болбос, анткени кийинки
урпактарга биз баштан кечирген ал күндөр, жомок
сыяктуу сезилет деп ойлойм. Ошондуктан ал күндөрдүн
элесин кыскартып, кыргыздын көрүнүктүү акыны Эсенгул
Ибраевдин “Көрбөсүн” деген ырына окурмандын көз
кырын салуусун сунуш кылар элем:
Байкушум, каңтары бар кара мурун,
Шүмтүрөп олтурганын кара мунун.
Ичерге аш, кийерге кийими жок,
Ийнеликтей илмейген балалыгым.
Түрүндөй түлөп турган жабагынын,
Түктүйгөн кебетесин кара мунун.
Соолгурдун согушу тоноп кеткен
Согондой солкулдаган балалыгын.
Жыңайлак, чөңөр кирип таманына,
Жылуурак аш да тийбей тамагына,
Ал кезде аттай азап тартсаң дагы
Тик туруп тирек болдуң заманыңа.
Эл көрсө кош айдоонун чукул камын,
Эл тарткан ал түйшүктөн кутулбадың,
Көп болгон ат үстүндө уктап кетип,
Топ этип кулап кеткен учурларың.
Кар кетип жан киргенде кара жерге,
Кары жаш мүлдө түшчүү кара терге.
Аталар миң сыйрылып турса дагы
«Түз жүр!» - деп отургузчу кайра ээрге.
Күн келер балабыздын багын аччу,
Деп түндө байбичелер бабырашчу.
Кесилип кеткен байкуш согончокту,
Эчкинин майы менен дарылашчу.
Эмчи – домчу энелер май апкелген,
Аяп келген кудай – ай, аяп келген.
Мөлт – мөлт этип ысык май тамган сайын
Мөлт – мөлт этип жаш акчу каректерден.
Энелер эмне десек даяр эле,
Эненин эм – дому ишке жарар эле.
Ырсыйган согончоктор эртеси эле
Булгарыдай былпылдап калар эле.
Чалгы чаап, кызыл ташып, эгип аштык,
Аңызга бир баш койбой терип жаттык.
Ок атып эмгек менен оорукта да,
Фашисттердин сазайын берип жаттык
Бул ишим мажестикпи, батылдыкпы,
Жоо келбей же биз жоого катылдыкпы?
Бир да бала кыла элек мен билгени,
Менин муунум жасаган баатырлыкты.
Байчечегим, балдарым, саламатпы,
Санааң тынчпы, сабагың дамаматпы?
Бир да бала көргөн жок, эч көрбөсүн,
Бала кезде биз көргөн алааматты.
Өткөн өмүрдүн нечен-нечен белестерине саресеп
салып отуруп, дагы да болсо согуштун (Улуу Ата
Мекендик согуш 1941-1945-ж.) каардуу жылдарындагы
кыйынчылыктары көз алдыма тартыла түшөт. Ошол
каргашалуу согуш мезгилинде тылдагы эл да эбегейсиз
эрдиктерди жасашкандыгын да белгилей кетмекчимин.
Ал мезгилде анча-мынча карыялар баш болгон, аялдар,
жаш улан-кыздар бүтүндөй колхоз ишин моюндарына
алышып, “фронтко жардам” деген ураандын алдында
күндү-күн, түндү-түн дебей талаада болушкан.
Бардык эле жерде ачарчылык өкүм сүрүп 5-6 айлап
нанды унутканбыз. “Нан” десе бөбөктөр ыйлайт дешип
тергеп айтып да жүрүштү.
Кабыргабыз катый электе тылдын жоокери болуп
эмгек кылдык. Карысы да, жашы да “согуш басылса
баары болот”, деген үмүт менен канаат, сабыр кылышып
чыдашкан.
Ошондогу оор күндөргө чыдаган жаштар менен
азыркы барчылыкта, токчулукта жашап жатышкан
жаштарды
салыштырып
көрөм.
Канаат
кылуу,
чыдамкайлык,
сабырдуулук
азыр
жок.
Бир
күн
ачкалыкка туруштук бере алышпайт деп ойлойм.
Ылайым эле ачка болушпаса экен!
Чоң-энем Топчу байбиче айкөл адам эле
Биздин үй-бүлөдө чоң атабыз Маматбек бул дүйнөдөн
эрте өтүп кеткендиктен, атам Маматкаимды ата деп, ал
эми бизди төрөгөн энебизди апа деп, ал эми чоң энебизди
эне деп көнгөнбүз. Энемдин өзүнүн тагдыры тууралуу
мага айтып жүргөн даректүү баяндарына токтолууну
туура көрдүм.
Энем Карамык айылындагы орто оокаттуу Садык
деген адамдын жалгыз кызы болгон. Жаратылышында
оң кулагында топчусу болгондуктан, ысмын Топчу деп
аташкан экен. Ал эми мен эс тартып калган учурда
энемди айылдын тургундары Топчу байбиче деп аташар
эле. Чоң энем бойго жетип калган курагында Кадамжай
районундагы Майдан айылындагы атасынын досу: –
“Топчу бойго жетип калды, эми макул десең кызыңды
мага келиндике бересиң, аяш балаң Мусаны күйөө бала
кылып аласың”, - деп ой жайына койбой, чоң энемдин
атасын көндүрөт. Ошентип, кудалашып той берип, чоң
энемди күйөлөтөт. Кадамжайга бир нече атка, төөгө себин
жүктөп жеткиришет.
Алты ай өткөндөн кийин, Карамыктан менин чоң
атам Маматбек Кадамжайга Мусанын айылына атайлап
Топчуну көргөнү барат. Атайын ат арытып, алыскы ЧоңАлайдан Топчунун туугандарынан келген меймандар
экен деп, Муса жылуу кабыл алып, кой союп, сый
көргөзүп ызат менен коноктойт.
Маматбек, Сапарбек байдын кичүү уулу, кандай
максат менен атайын келгенин Топчуга тымызын
билдирүүгө жетишет. Анын Даржан аттуу биринчи
аялынан уул баласы болбогондугун билдирүү менен
эгерде Топчу ылайыктуу көрсө, аны аялынын үстүнө
алууну сунуш кылат. Бул жолугушуудагы алардын бирибирине болгон ысык мамилесин жана өз ара тымызын
сүйлөшкөн убадаларын чоң энем Маматбекти эскерген
сайын, анын өзүнө арнаган төмөнкүдөй ыр саптарын
айтып калар эле:
Көркөмүң жанды суусаткан,
Көргөнү келдим узактан.
Көчүрүп сени кетермин,
Көңүлүң менен узатсаң!
Ажарың жанды суусаткан,
Атайы келдим узактан.
Ажыратып кетермин,
Алганың сенин Мусаңдан.
Ай перим мени түшүнүп,
Акылың менен узатсаң!
Өлүп калсам калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн,
Алганыңдан ажыратып алармын!
Чоң атам ошентип, биринчи жолу Майдан айылына
келгенде, Топчунун убадасын алып, антташып, көп
убакыт өткөрбөй, кайра келип аны шарият боюнча
биротоло ажыратып кетүүнү убадалашат да, Чоң-Алайга
жөнөп кетет. Ушул жерден Мусанын кошумча аты
жөнүндө айта кеткеним ылайыктуу болуп турат. Аны
айылдаштары “Муса куу чарык” деп аташат экен. “Муса
куу чарык” деп аташкандарынын себеби, анын кембагал
үй-бүлөдө чоңойгонун, жетишсиздиктин айынан анын бут
кийиминин көрүнүшүнө жараша коюлган ат экен.
Болжошкон мөөнөттө чоң атам Маматбек эки
жолдошу менен “Майдан” айылына “Муса куу чарыктын”
үйүнө келишет. Чоң энемдин өзүнүн айтканындай
сүрөттөп айта албасам да, эсимде калганын болушунча
жазып кетүүгө аракет жасамакчымын: – Топчунун
туугандары келип калышты деп, “Муса куу чарык”
аларды жакшы кабыл алат да, колунан келишинче сыйурматын көргөзүп, алынча коноктойт. Чоң энемдин
көрсөтмөсү боюнча түн ичинде чоң атамдар өздөрү минип
келишкен аттарынын куйруктарын кыркып, сарайда
байланган жеринен сыртка айдап жиберишет. Эртеси чоң
энем Мусанын үстүнөн казыга: – “Менин туугандарым
мени көргөнү келсе, аттарынын куйруктарын кыркып,
сарайдан ээр токумун сыйрып, талаага айдап жиберип,
мага адам чыдагыс кордук көргөзүп, сабап салды”, - деп
өзүнүн денесинин бир топ жерине, бети башына
коргошундан сүйкөп алып (Коргошун адамдын денесине
сүйкөлгөндөн кийин, катуу урулган учурда дене көгөрүп
калган сыяктуу түстү берет экен) денесиндеги көгөргөн
жерлерин көргөзүп, көз жашын мөндүрдөй төгүп, Мусадан
ажырашуу кагазын, башкача айтканда, талагын алып
берүүсүн өтүнөт.
Муса куу чарык аялынын мындай жоругунан улам
мындан ары аны менен чогуу жашоого болбостугуна көзү
жетип, Топчуга талак катын берип, ажырашып кетет.
Ошентип, Топчу чоң энем Маматбек чоң атама берген
антын актап, бир кудайдан эми өзүнүн жаңы бактысын
тилеп, Чоң-Алайды көздөй келечектеги жубайы жана
Карамыктан келишкен чоң атамдын жолдошторунун
коштоосу менен Исфайрамдын капчыгайын көздөй жол
тартышат. Ушинтип чоң энем өз тагдырын өзү чечип,
эрктүүлүгүн көрсөтүп Карамыкка атасы Садыктын үйүнө
келет.
Шарияттын жобосу боюнча, көргөзүлгөн мөөнөт
аяктаганча атасынын үйүндө болот. Белгиленген убакыт
өткөн соң, чоң энем Топчуну Маматбек чоң атам аялынын
Даржандын үстүнө никелеп алат.
Чоң атамдын Даржан чоң энебизден Курманжан,
Сардал аттуу эки кызы, ал эми экинчи аялы Топчудан
эки уулдуу болушат.
Мен төрт-беш жашымда Улуу Ата Мекендик
согуштун апаат жылдары болсо керек, элдин турмушу
абдан начар, ачарчылык ар бир айылдын адамдарын
кыйнап турган учуру. Биздин үй-бүлөдө атамдын бир
тууган тагасынын уулу Султанмурат да биз менен чогуу
жашоочу. Анын атасы Эшмамат тага, чоң энем Топчунун
бир тууган иниси согушка кеткен. Эшмамат таганын
аялы Султанмуратты биздин үйгө калтырып, өзү кызын
ээрчитип, Өзбекстанга жанын багып кеткен экен. 1943жылдын жаз айлары. Биз бир топ күндөн бери нан жок,
күнүгө куурулган бир ууч арпаны бөлүшүп, жеп жүрчүбүз.
Биздин үйдүн түндүгүнөн түтүн булап чыга баштаган
кезде,
кошуна
турган
Кадыр
деген
адамдын
Мырзамидин, Нурдин деген балдары биздин үйдү көздөй
чуркап келер эле. Ачкалыктан алар дагы биздин
жаныбыздан алыс кетпейт. Чоң энем байкуш аларга да
куурулган арпасынан бир уучтап алардын топусуна
салып берер эле. Ошентип жай мезгили кыштактан үчтөрт чакырым аралыкта жайлоого чыгып, бышыкчылык
болгончо август айына чейин жалаң уйдун сүтү, айран
менен жашап жүрдүк. Август айларында колхоздун айдоо
аянттарындагы арпа дүмбүл болуп калганда (арпа
буудайга караганда эрте бышат) бир аздан дүмбүл алып
келип, аны очоктун отуна көмүп, бышырып жеп жүрдүк.
Бул чоң энемдин кымыздыктын бүрүнөн кууруп, аны
сүткө кошуп кайнатып, жасап берген тамагынан бир топ
эле даамдуу сезилчү.
Ушундай татаал жашоодогу ачкадан адам өлүп, ата
баласына жардам көргөзө албай турган заманда, чоң
энемдин боорукердигин, сабырдуулугун, айкөлдүгүн,
адамдык эң зор адамгерчилигин белгилей кетүү абзел го
дейм. Эгерде ал киши өзүмчүл, ичи тар адам болсо, ошол
бир уучтап куурулган арпаны кошунабыздын балдарына
да ыраа көрбөй, бөлүштүрүп бербесе керек эле деп
эсептейм.
Чоң энемдин өз тагдырындагы кийинки чукул
бурулуш бул - чоң атам Маматбектин мезгилсиз дүйнөдөн
кайтышы. Муса куу чарыктан ажырашып келип, өзүн
Маматбек
байбатчадай
кишинин
өмүрлүк
жары
болгондугу үчүн, ичинен жетине албай, бактылуумун деп
сыймыктанып жүргөн. Бирок, бул бактылуу күндөр көпкө
узабай чоң атамдан эки уулдуу болуп, ал киши эр ортосу
элүүдөн эми өткөндө, аркы дүйнөгө аттанып кете
бергенин, каңырыгы түтөп, далай жолу эскергени менин
кулагымда. Өмүрлүк жарынын күйүтү басыла электе, шум
ажал бал тили балдырап эми үч жашка толгон, кара
чечекей кичүү уулу Мамасаитти да алып тынат.
Бул орду толгус жоготуу, чоң энемдин жүрөгүн
өрттөп, бүт жан дүйнөсүн биротоло эңшерип кеткенинен
кайра-кайра улутунуп, көздөрүнөн сыдырылып куюлган
жашын тыя албай, улам-улам мени бооруна кысып,
өзүнүн күйүтүн, кусалыгын таркатууга бел байлар эле.
Бир кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк айтып, тообо
келтирип, эми жалгыз уулу Маматкаимдын өмүрүн
тилеп, бир чети неберелүү болгондугуна – “өчкөн чырагы
жангандыгына” (ал жөнүндө жогоруда айтканмын)
кубанып жашап келер эле. Энем мени көп жолу
“жүрөгүмдүн толтосу” деп көкүрөгүнө кыса-кыса кучактап,
эркелетип,
мойнумдан
жыттап,
бети
башымдан
өпкүлөгөнүн эч качан унута албасмын.
Баланы ата-эне эмне деп гана тилеп бакпайт. Мени
алпештеп ымыркай кезимден бапестеп өстүргөн энемдин
келбети, сүйкүмдүү жүзү, жайдары мүнөзү ар дайым көз
алдымда “Тапкан эмес, баккан эне”-демекчи энемди
эскерип, болгон дареметимди пайдаланып, энеге болгон
ой толгоолорумду, канчалык көкөлөтүп жазууга аракет
кылсам да, ага татыктуу сөз да таба албасмын.
Ошондуктан өзүмдү өзүм эзе бербей, асыл энем менен
ардактуу апам үчүн Жалил Садыковдун “Энеме” деген
төмөнкү ыр саптарын арноону ылайык көрдүм:
“Оо энекем, Шоола чачкан ак таңым,
Менин бийик, менин ыйык асманым.
Айдын назик нурларындай сезилет,
Агыш тарткан сенин саамай чачтарың.
Аздык кылып бул дүйнөгө келгеним,
Аздык кылып ак сүтүңдү эмгеним
Ыйлай берип, таттуу уйкуңу жүз бөлүп,
Канча түндөр сага тынчтык бербедим.
Чыр болсом да артык көрүп башкадан,
Сенсиң мени ысык, сууктан сактаган.
Сен мен үчүн деңиз болуп чалкыган,
Күн да болдуң мээрими күч жаркыган.
Качан барсам маңдайымдан сылаган,
Дале сенсиң бар- жогума чыдаган.
Асылдардын асылысың энекем,
Сен бар үчүн мага сүйкүм бул аалам!
Бу жаратканда, түбүң түшкүр, турмуш дайыма оошкыйышы, оң-тетириси, бардар-кемчилдиктери, кубанычкайгылары менен кошо жүрүп, кошо келет эмеспи. Адам
баласы өлгөндүн артынан өлө албасы белгилүү. Кара
жердин боору суук демекчи жыл өткөн сайын энемдин
күйүтү да эскирип, жашоонун агымына сүңгүй кетти. Мен
орто мектепти аяктаган жылдары энем катуу ооруга
чалдыкты. Менин баамымда бул күйүттөн калган дарт
окшойт.
1960-жыл. Мен Новосибирск шаарында институттун
3-курсунда окуп калган учурум. Жайкы каникулдан
кайтууга даярдык көрүп, бүгүн-эртең жөнөсөм деп
турганда чоң энемдин оорусу күндөн-күнгө күчөп баратты.
Атам рахматы энемдин жанынан алыс чыкпайт.
Сентябрь айынын акыркы күндөрүндө күн чашке маалда
чоң энем тилден калды. Атам экөөбүз энемдин башында
оозуна суу тамызып, “Алла, Алла” деп кудайга жалынып
отурдук. Атам бир мезгилде энемдин кулагы уксун деген
мааниде “Берген ак сүтүңө ыраазы бол эне!” деп айтып
жатты. А мен болсо – “мени да ымыркай кезимден
торолтуп адам кылдың эле, мен үчүн кыйылба энекем!
Ыраазы болгун”, - дегенге араң жарадым. Өмүр суусу
түгөнгөн алтын энем, ушинтип шум ажалдын торуна
түшүп кете берди.
Өспүрүм курактын издери
Мен жети жаш курагымда Карамык айылындагы
В.И.Ленин атындагы мектептин 1-классына кирип окуй
баштаган мезгил, Улуу Ата Мекендик согуш бүткөн 1945жылга туура келди. Биз 1-класста Маматмусаев Асан,
Ахунов Тажидин жана бизден үч-төрт жаш улуу жетисегиз кыз окушчу. Биздин үй-бүлө мектепке 500-600 метр
аралыкта жайгашкан Эшмамат таганын үйүндө жашап
турчубуз. Тойкул агай мени үйдөн мектепке чейин
көтөрүп барып жүргөнү эсимде. Мектептин алдыңкы
окуучусу болуп, 4-классты ардак грамота менен
аяктагандан кийин Дароот-Коргонго көчүп келгенбиз.
Анткени атам райондо райЗОнун башкы бухгалтери
болуп иштеп турган. Мына ошол кезде ДароотКоргондогу азыркы мезгилде биздин үй турган жерде эки
бөлмөлүү узундугу 7-8 метр келген үйдө жашап турдук.
Атам райондогу колхоздордун башкы бухгалтерлеринен
колхоздордун жылдык отчетторун алчу. Ал мезгил
согуштан кийинки тартыш учур, иштеген контора суук,
отун, көмүр жок, электр жарыгы деген жок, болгону
керосин менен күйүүчү чырактарды пайдаланчубуз.
Биздин үйдө эң жакшы жарык берчү №10 маркадагы
керосин менен күйүүчү чырак болор эле, биз ошонун
жарыгы менен сабактарга даярданчубуз.
Биздин мектепте жакшы окушубузга атам түздөн-түз
кийлигишип, алган бааларыбызды өзү ар дайым карап
көрөр
эле.
Атам
күндөрдүн
биринде
Рыскулдун
математика сабагы боюнча берилген тапшырмасын
карап, аны Рыскул туура эмес чыгаргандыгын байкап,
аны катуу урушканы эсимде. Ушундай талап коюунун
негизинде Рыскул да мектепти жакшы бүтүрүп, Оштогу
пединституттун физика-математика факультетин ийгиликтүү аякташына түрткү болду. Атамдын бизге берген
тарбиясы биздин уул балдарынын тегиз жогорку
билимдүү болушубузга зор таасирин тийгизди деп
эсептеймин. Атам бизге берген жөнөкөй тарбиясы менен
бизди эл үчүн ак кызмат кылып, элдин сый-урматына ээ
болгондой адам болушубузду тилеп жүрчү жана максат
кылчу эле.
Атамдын ар дайым бизге: “бирөөгө кара санабагыла,
ууру кылбагыла, ушак айтпагыла, ууру үчүн эч нерсе
ыйык эмес, баламдын боорун жеп калайын деп калп
каргана берет. Эл алдында жүзүңөрдү ачык кармагыла.
Шашкан шайтандын иши, кандай жумуш аткарсаңар да
шашпагыла,
токтоо
болгула,
сабырдуу
болгула.
Сабырдуулук адамдагы эң асыл сапаттардын бири” –деп
айткан акыл-насааттары эсимде жүрөт.
Атанын балага берген тарбиясы –анын кандай адам
болуп калыптанышында өзгөчө зор таасири бар.
Ошондуктан “Жүз мугалимден жалгыз ата артык”, -деп
Англис акыны Джордж Герберттин айтканы акыйкат
чындык окшобойбу.
Мен 6-7-класстарда окуп жүргөн мезгилимде бир
жолу атама: “Ата сиз эмне үчүн бизди жупуну
кийиндиресиз? Биздин класста башкарманын балдары да
окушат, алар абдан жакшы кийимдерди (ошол мезгилде
алар пальто, тумак ж.б. кийимдер жөнүндө) кийинишет.
Алар сенин атаң чоң кызматкер болсо да, сен ушул чапан
менен эле жүрөсүң деп мени шылдыңдашат”, - десем,
атам мага: “Ээ балам, менин байлыгым силерсиңер!
Жакшы кийингенден акыл кирбейт, окууну жакшы
окугула!”, дегени эсимде.
Мен
Карамыктан
4-классты
аяктап,
жайкы
каникулга чыккан кез. Ошол мезгилде атам Чоң-Алай
районундагы Артель “Труд” деген ишканада жетекчи
болуп иштөөчү. Бул мекеме райондун калкын турмуштиричилик жактан тейлеген ишкана экен. Мында
турмуш-тиричиликке
керектүү
ар
түрдүү
буюмтеримдерди жасоочу цехтер менен бирге бут кийимдерди
ремонттоо, атка така, такага мык, балта, кетмен ж.б.
темир
буюмдарын
жасоочу
ишкана
болгондугун
белгилемекчимин.
Күндөрдүн
биринде
атам
жумуш
менен
(командировкага) Ош шаарына жөнөй турганы маалым
болду. Мен аны угуп, “Ата, мени да Ошко ала барыңыз”
деп атамдын кулагын койбой айта берип, атамды
көндүрдүм. Ошентип, биринчи жолу жайдын толуп
турган мезгилинде Ош шаарына келдик. Менин биринчи
жолу Ош шаарына келгендеги эсимде калганы – АкБуура дарыясынын сол жак жээгиндеги көпүрөнүн берки
тарабында чакан мейманкана жайгашыптыр. Биз ошол
мейманканадан орун алдык. Көпүрөнүн аркы өйүзүндө сол
тарапка бурулсам А.Навои атындагы эс алуу багы
(паркы), андан өйдө жакта чайхана, анын жанында
Киров атындагы өзбек драма театры, ал эми Ак-Буура
дарыясынын сол жак жээгинде бир нече соода түйүндөрү
жана чайханалар, төмөн жакта жашылча-жемиш базары,
андан ылдыйраак чайкоо базары жана эң акырында мал
базары жайгашыптыр. Ушул эски шаардын жогорудагы
көрүнүштөрү гана эсимде калыптыр. Ал эми азыркы
өркүндөп өскөн Ош шаары жөнүндө өзүнчө сөз болмокчу.
1949-жыл. Атам менен биринчи жолу Ош шаарына
келгенде.
Ошко келгенден эки күндөн кийин Мейражидин
тагама жолугуп келели деп, жүк ташуучу машинага
түшүп Куршаб айылын көздөй жөнөдүк. Мейраж тагам
менен бирге анын досу Данияр аке экөө Куршабдагы
түзөтүү колониясында кызмат өтөп жүрүшкөн экен.
Куршаб айылына жеткенче жолдон көрүнгөн эгин
талаасындагы сеңселип бышып турган буудайларды
көрүп, мен таң калдым. Себеби, июнь айынын экинчи
жарымында эле бул чөл райондорунда буудайдын
бышышы жөнүндө менде эч кандай түшүнүк болбогон.
“Ата, эмне үчүн бул жакта буудай эмитен эле бышып
алган?-” деп атамдан сурасам, “Бул жакта эгинди күздө
айдап себишет, аны күздүк деп атайт”, деп жооп берди.
Оштон Чоң-Алайга кайтып жөнөгөнүбүздө жүк ташуучу
газик автомашинасына толо жүктөлгөн жүктүн үстүнө
отуруп кетүүгө ыңгайлаштырып, атам экөөбүз менен
бирге үч-төрт киши да жолго кошо чыгышты
Орто мектепте окуп жүргөн мезгилимде агайэжелерден төмөнкү адамдардын элеси унутулгус болуп
менин эсимде: бизди 6-7-класста алгебра сабагынан
окуткан Оторбаев деген агай болчу, ал кийин Кыргыз
Мамлекеттик
Университетинде
физика-математика
факультетинин деканы, кийинчерээк ректору болуп
иштеген. Ал эми 8-9-класста орус тили жана адабияты
сабагынан Надежда, Любовь деген орус кыздар сабак
берчү. Бул эжекейлердин жашы биздин класстагы айрым
окуучулардын жашы менен тең куракта экендигин
белгилөө менен, коммунисттик партия жетектеген улуу
Совет мамлекетинде мугалимдер үчүн, элге жалпы
билим берүүдө партия менен Совет өкмөтүнүн зор
камкордугунун далили экендигин айта кетмекчимин.
Анткени
Люба,
Надежда
эжекелер
болгону
педучилищаны бүтүрүшкөн жаш кыздар. Кыргызстандын
эң алыскы бурчу болгон, бийик тоолуу, климаттык
шарты оор, кышы 7-8 айга созулган, ызгаардуу суук
жерге Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон
айылына келип иштеши өзүнчө бир эрдик, баатырдык
десе да жаңылыштык болбос.
1953-жыл. Март айында СССРдин Коммунисттик
партиясынын генералдык секретары И.В.Сталин узакка
созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтат. Биз орус тил
эжекебиз баш болуп, класс боюнча аза күтүп, орус тил
сабагында ыйлаганыбыз азыр эсимде.
Мектептеги өздүк көркөм-чыгармачылык кружогуна
катышып, анда “Алтын кыз” драмасын койгонбуз. Андан
тышкары мен Аалы Токомбаевдин (Балка) “Тил алса”
деген ырын сахнага ырдап чыкканмын. Ал ырдын
төмөнкү куплеттери дагы эле жадымда:
Табийгат, тагдыр тил алса,
Ак чабак болуп жаралсам.
Деңизден сүзүп ойноктоп,
Дем кылган жакка бара алсам.
Табийгат мага тил алса,
Мөл булак болуп ойносом.
Карарган жерин тазартып,
Калкыма кирди койбосом.
Табийгат мага тил алса,
Жайкы таң болуп сөгүлсөм.
Ааламды нурга бөлөнтүп,
Күн болуп жерге төгүлсөм.
Мен мектепте окуп жүргөн курагыма өзгөчө маани
берип, көбүрөөк токтолуп, эскергенимдин мааниси:
өзүмдүн небере-чеберелериме, кала берсе өзүмдүн
урпактарыма менин өз башымдан өткөргөн өмүр жолумду
үлгү катары карашып, алардын азыркы жыргал
заманында бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, жыргап, куунап
жалаң жакшы баалар менен окушса деген үмүтүм.
1955-жыл. Биз орто мектепти бүтүрүү мезгили да көз
ачып жумганча келип калды. Орто мектептин окуу
программасы аяктап, мектепте мамлекеттик бүтүрүү
экзамендерин
тапшыруу
учуру
келгендигине
байланыштуу, мектептин педагогикалык кеңешинин
(педсоветинин) чечими менен биздин класстын бардык
14 окуучусуна, мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин
тапшырууга чечим чыкты. Ал классташтарым төмөнкүлөр
болуучу: Ахунов Тажидин, Абылкасымов Индижамил,
Ахунбаев
Карим,
Акимбеков
Төрөбай,
Баапов
Кудайберген, Бактыбаев Мамат, Бейшеева Тажикан,
Маматкаимов Абибилла, Токтобаев Бадир, Тагаев
Жамалдин, Сыдыков Токтобек, Саубанова Аида, Шарапов
Абибилла.
Биринчи
бүтүрүү
экзамени
катары
Кыргыз
адабиятынан сочинение жазуу керек болуучу. Эрте менен
саат 8 чамаларда экзамен берүүчү класста биз окуучулар
экзамен алуучу агайларыбызды күтүп отурдук. Бир
мезгилде мамлекеттик экзамен алуучу агайлардын тобу
класска кирип келишти. Биздин көз алдыбызда эл
агартуу министирлигинен келген конвертти ачышты.
Андагы сочинениелердин темаларын доскага жазышып,
эми каалаган темаларыңарды тандап жаза бергиле
дешти.
Мен сочинениенин үч темасынан эркин теманы
тандап алдым. Ал “Октябрь революциясы Кыргыз совет
адабиятында” деген тема болуучу. Сочинение Кыргыз
совет адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз
ССРнин эл акыны Аалы Токомбаевдин (Балканын)
“Октябрдын келген кези” деген чыгармасы менен
баштап,
жазууга
кириштим.
Ал
ырдын
айрым
куплеттерин жаттап алган элем, алардан азыр жадымда
калганы:
Октябрь күлүмсүрөп келген кези,
Энчисин өз-өзүнө берген кези.
Мурунку чынжыр курган душмандарды,
Ичинен кедей таптын терген кези.
Ушинтип тап душманын баскан кези,
Үрөйү залимдердин качкан кези.
Көз жайнап, жүрөк кайнап эзилгендер,
Урааны туш-тушуна чачкан кези.
Жашасын Ленинизм түзгөн жолу!
Жоголсун караңгынын курган тору!
Жолуна Октябрдын кедей түшүп,
Жетишсин муратына созгон колу!
Июнь айынын гүлдөп турган күндөрүнүн бири,
экзамендин
баасын
угуу
үчүн
мектепке
келип,
классташтарыбыз менен күтүп турганбыз. Кыргыз тили
жана адабият сабагынын мугалими Салайдин Коңурбаев
агайыбыз: – “Класска киргиле, бааңарды угузабыз” - деп
айтканда биз топурап класска кирип отуруп калдык.
Алфавит
боюнча
бааларды угуза
баштады.
“М”
тамгасына келип, Маматкаимов М. “Эң жакшы”
(Отлично) деп айтканда кубанычым көөдөнгө батпай
сүйүндүм. Экзамен комиссиясы менин эмгегимди туура
баалагандыгына ичимден ыраазы болуп калдым.
Негизинен, биздин классташтарыбыз баары жакшы
окушчу. Бирибиз менен бирибиз атаандашып окуйт элек.
Кийин классташтарыбыздын айрымдары жогорку окуу
жайларына өтүшүп, кээ бирөөлөрү турмуш шартына
байланыштуу
техникумдардан,
айрымдары
институттардан сырттан окушуп, ар түрдүү кесиптин
ээлери болуп, иштеп кетишти.
Салайдин Коңурбаев агайыбыз жөнүндө эки ооз сөз!
Бизде “Коммунист” орто мектебинде кыргыз тили жана
адабият боюнча мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы да
болуп иштеп жүрдү. Кийин Фрунзе шаарына которулуп,
“Кыргызстан пионери” газетасынын редакциясында
жана Кыргыз радиосунда диктор болуп иштеп жүргөн.
Орто мектептин мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин
ийгиликтүү аяктап, жетилүү аттестатын алууга келдик.
Ошол мезгилде райондун борбору Дароот-Коргон
айылында бир гана орто мектеп болгон. Анын алдында
жатак интернат бар эле. Бул интернатка орто мектеби
жок башка айылдардан, алсак: Чак, Жар-Башы, ЖашТилек, Кара-Шыбак, Кызыл-Эшме, Шиве, Жекенди, КараМык, Кара-Тейит айылдарынан 9-10-класска келген
балдар интернатта жатышып окушар эле. Мына ушул
интернаттын жатаканасына жана ашканасы үчүн отун
даярдоо мектептин директорунун милдети катары
каралат болчу. Бизди бүтүрүү экзамени бүтөрү менен
жетилүү аттестатын алуучуларды – “Ар бириң он беш
кубдан отун даярдап, интернаттын эсебине өткөрөсүңөр,
андан кийин аттестатыңарды жазып беребиз”,- деп
эскертишти. Биз классташтарыбыз менен интернаттын
жумушчусу жана ашпозчу эже болуп, “Шыңгыма”
токоюна келдик. Ар бирибиз өзүбүздүн даярдаган
отунубузду кубатура менен өлчөөгө ылайыктап даярдап
кирдик. Айрым балдар 7-8 күндө даярдап бүтүштү. Мен да
он күн дегенде араң даярдап бүтүп, интернаттын
завхозуна өткөрүп бердим. Мына ушинтип жетилүү
аттестатын колго алдым.
Атам менен акылдашып, Оштогу пединститутка
барууну
ылайык
көрдүм.
Биздин
айрым
классташтарыбыздан Фрунзе шаарына жөнөгөндөрү да
болду. Мен, Тагаев Жамалдин экөөбүз Ошко чогуу
барууну чечтик. Биз менен бирге Ошко чейин Мамыт аке
да кошо жөнөдү. Ал жигит менин бир тууган тагам
Мейражидин менен советтик армиянын катарында бирге
кызмат өтөп келген.
Ошко ал мезгилде Дароот-Коргондон атайын автобус
же башка автотранспорт каттоочу эмес. Болгону,
райондун чарбаларындагы жүк ташуучу машиналардан
Ошту көздөй анча мынчасы гана жүккө барып калар эле.
Июль айынын жыйырмаларында Сопу-Коргон айылына
бир жүк ташуучу машина жөнөп калды. Биз ошол
машинага түшүп, Сопу-Коргон айылына күн батарга
жакын келдик. Мен бул жолдо атам менен биринчи жолу
Ошко барган учурумду элестетип келе жаттым. СарыТаш айылынан өтүп, Катын-Арт, Талдык ашууларын
басып өттүк.
Адам үйдөн жети кадам чыккандан кийин мусапыр
дейт эмеспи. Сопу-Коргон айылына келгенден кийин биз
эми кайда барып, кимдин үйүнө кирип түнөйбүз деп,
бушайман тартып турдук. Мамыт аке бир аксакал киши
менен сүйлөшүп калды. Бир аздан соң, ошол аксакал
бизди ээрчитип, үйүн көздөй жөнөдүк. Ар бирибиз бирден
кой жетелеп алганбыз. Бул койлорду сатып, акчасын өз
керектөөлөрүбүзгө жумшамакчыбыз да. Нак акчабыз
болгондо, бул койлорду жетелеп, түйшүккө түшмөк
эмеспиз. Эртеси Сопу-Коргондон Ош тарапка жыгач
жүктөгөн бир жүк ташуучу машина жөнөп калды.
Машинанын айдоочусу менен Мамыт аке бизди Ошко
чейин ала кетүүсүн макулдашып, жыгач жүктөгөн
машинанын үстүнө койлорубуз менен чыгарып алды.
Машинадагы жүктөлгөн жыгачтарды Бүлөлү айылына
жеткирип, андан ары Ошко жол тартмак экен. Бүлөлү
капчыгайына бурулуп, эки-үч чакырымча жол жүргөндө
машинанын айдоочусуна – “Машинанын үстүндө биз
абдан кыйналып кеттик, сиз машинадагы жыгачты
жеткирип келгенче бизди жолго түшүрүп койсоңуз, биз
ушул жерде сиз кайра келгенче койлорубузду оттотуп,
күтө туралы” деп Бүлөлү дарыясынын жээгиндеги көк ала
майдан түзөңгө түшүп калдык.
Биз түшкөн жээк Чоң Бүлөлү менен Кичи Бүлөлү
сууларынын
кошулуш
жери
экен.
Бул
жерден
койлорубузду
оттотуп,
өзүбүз
да
жолго
алган
азыгыбыздан “шам-шум” этип алдык (бир аздан
тамактандык деген мааниде). Арадан эки-үч саат өткөндө
баягы шофер келип калды да, бизди машинанын үстүнө
чыгарып алып Ошту көздөй жол тарттык.
Күн кечтеп калганда Ош шаарына кирип келдик.
Бизди Кыр Арыктагы чайханага жакын жерге түшүрүп
койду. Чайхананын алдына келерибиз менен бир эки
киши (өзбек улутундагы) келип, коюңардан бирөөнү
саткыла деп, бизди туткактай баштады. Мамыт аке
менен Жамалдин: – “Сен коюңду сатып жибере бер”, деп
менин коюмду баалашып, сатып жибердик.
Андан ары алардын койлорун жетелеп, Ош
пединститутуна жакын жердеги Акимжан деген кыргыз
кишинин
үйүнө
бардык.
Бул
азыркы
Ош
университетинин филология факультетинин имаратына
жакын Увам каналынын алдындагы көчөдөгү үй болучу.
Мамыт аке бул адамды мурунтан тааныйт экен.
Жамалдин менен Мамыт акенин койлорун эртеси
Акимжан аке
сатып берди.
Биз
бул
кишинин
короосундагы сөрүдө үч-төрт күн түнөдүк. Төртүнчү күнү
Кыр Арыктагы Увам көчөсүндөгү Урмат деген кемпирдин
үйүнө батирге чыктык. Ошол мезгилде институтта
жатакана деген жетишсиз болгон. Урмат кемпирдин
үйүндө кирүү экзамендерине даярданып жүрдүк. Мен орус
тил
жана
адабият
факультетине
үч
экзаменди
ийгиликтүү тапшырдым.
Төртүнчү экзамен тарых сабагынан экен. Бул
экзаменди Абакиров деген пединституттун мугалими
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 03
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.