Latin

Сезимде жүргөн элестер - 22

Total number of words is 3912
Total number of unique words is 2174
25.3 of words are in the 2000 most common words
36.0 of words are in the 5000 most common words
42.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
деп күйгөн адамдарыбыздын жоктугунан бүгүнкү күндө
Кыргыз мамлекети «оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң
өзүң өлөсүң» заманына кептелип турган учуру. «Эки доочу
бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени» дегендей дүйнөлүк кризис буттан чалып,
энергетика кризиси алкымдан алып муунтуп, ааламдаштыруу саясаты баштан алып маңкуртчулукка жетелеп
бара жатканда эл тагдырын ойлоп, улут камчысын камчылаган, тил тагдырын эске алган адам бүгүн жогору жак менен төмөн жактан көзгө чалдыкпайт. Тарых бетин барактап
жогорудагы улуу адамдарыбыздын сөзүнө сарасеп салсак,
кыргыз эли байыркы улуу эл экендигинде талаш жок. Бирок бүгүнкү демократия чөлкөмүндө жашап жаткан кыргыздар ошол улуу элдин урпактары экендигин билбей, туйбай улуттук нарк - насилдерди унутуп бара жатпайбы. Ооба
улут үчүн, кыргыз тили, эл, жер үчүн күйгөн, илимий жактан бир топ эмгектерди жасаган адамдарыбыз жокко эсе
эмес. Бир тилекке каршы, көбүнчө сүйлөгөн сөзүбүзгө жасаган ишибиз дал келбей пендечилик пастыктан өйдө
көтөрүлө албай жатпайбызбы. Дегеним эл тагдырын, тил
тагдырын ойлогон адамдарыбыз Союз кулагандан тартып
бизде өздүк идея, улуттук туруктуу идеология да кулаган
деп жок нерсени барга айлантып жатканы бүгүнкү
жаштардын улууларга болгон ишенимине суу сепкендей
эле болот го. Союз учурунда биздин туруктуу идеологиябыз
болгон деп орустарга жан тарткандарга жол болсун. Улут
тагдырын чечүүчү, жаш муундарга үлгү болуучу адамдарыбыз бүгүн ушинтип ойду - тоону сүйлөп жатса, ата - бабалардан калган асыл баалуулуктарды билбеген жаштардан
улуттун келечегин үмүт кылууга мүмкүн эмес го.
Эми мен бүгүнкү Кыргызстан, анын басып өткөн
жолундагы ийгиликтери жана мүчүлүштөрү жөнүндө бир аз
оюмду айтмакчымын. XX кылымдагы Совет мамлекетинин
өсүү жана кыйраган тарыхы - адамзат тарыхында эң
көрүнүктүү орунду ээлейт. Чынында аша чапкандык, трагедиялык каталыктар болду. Кийинки мезгилдерде 1970 жылдардан баштап, демократиянын Лениндик принциптерин өтө одоно бузууларга жол коюлуп, кала берсе кызмат
орундары да сатыла баштаган десем жаңылбас элем. Пар364
тиянын кадрлар саясаты таптакыр көмүскө пара алуучуларга байланышып, коррупцияга терең малына баштаганын,
райкомдун жетекчи кадрларынын кыймыл аракетинен
байкап жүргөнүмдү эскере кетсем ашыкча болбостур. Анткени мен райондун деңгээлиндеги болгон көрүнүштөрдү гана баамдап, билгендеримди айтып жатам. Элибизде «балык башынан сасыйт» дейт эмеспи. Ошонун сыңарындай,
райкомдун, Обкомдун, БК нын айрым жетекчилеринин жоруктары - айрыкча кадр саясатында алардын илимине, кесиптик иш жөндөмүнө карабастан, тааныш - билиш, тууганчылык, ошондой эле көмүскө берген парасынын
көлөмүнө жараша жайгаштыруу, дайындоо сыяктуу жосунсуз жоруктар орун алып, коррупцияга малына башташкан.
Коррупциянын ушундай тамыр жайышы, акырындап
отуруп дүйнө жүзүндөгү эң чоң держава болгон СССРдин
кыйрашына себепчи болгон деп ойлоймун.
Кандай болсо да тарыхый факт катары Кыргызстандагы Совет бийлигинин орношу биздин элибизге жакшылык
гана алып келген. Муну биз ар дайым эске алуубуз зарыл.
Биз эл катары ошондой эле мамлекет катары Совет доорунда гана калыптандык. Фактыларга таянып айтканда
кыргыз калкы үч төрт эсеге, ушул совет доорунда гана
көбөйдү. Кыргыз эли баардык тараптан өсүп - өнүктү. Же
көптөгөн Азия, Африка, Латын Америкадагы өлкөлөргө салыштырмалуу биздин республика экономикасында, билим
берүүсүндө, илим жана маданиятында алдыңкы катарларга
чыга алды.
Бүгүнкү шартта орус эли менен кыргыз элинин достугу
мындан ары дагы бекемделип, өткөндөн өрнөк алып, келечекке ишенимдүү караганда гана, ошондой эле бири - бирин сыйлаганда: тилин, дилин, салт - санаасын үйрөнгөндө
гана чыныгы достук болот. Бул жерде чындыкты айтуу калыстык болот деп ойлоймун, анткени биз орус тили аркылуу илимге билимге маданиятка жетишкенибизди айтып
коюу абзел.
Ошондуктан мурдагы Совет эли орус эли менен бирдикте, түбөлүк достукта гана өз экономикасын көтөрүп, өз
бетинче гүлдөп өнүккөн өлкө боло алаарына ишенсе болот.
Азыр биз бир доордон экинчи доорго өткөн учурда жашап
жатабыз. Ошондой эле демократияны багыт тутуп, бардык
коомдук түзүлүштөрүн кайра реформалоо менен кыргыз эли
бүгүнкү жашоосун башынан кечирип жатат.
Канткен менен Совет бийлигинин 70 жылдыгында
Кыргызстан басып өткөн жолду акыл -эстен өткөрүп баалоо
менен эрксизден Кыргызстан үчүн эң улуу жемиштүү учур
болгондугун эскересиң. Мейли, кээ бир демократтар, реформаторлор ал учурга кара көө жаап жамандай берсин.
Ушул кыска мезгил ичинде Кыргызстан миң жыл баса
турган жолду басып өттү десем аша чапкандык болбос. Элдин бардыгы сабаттуу, 70 - 80 пайыз эл орусча так сүйлөйт
жана өз оюн так эркин билдирет. Билген адамга өтө мааниси зор мезгил. Мурдагы Советтер Союзунан, өнүккөн капиталистик өлкөлөр эл чарбасын пландаштурууда жана жөнгө
салып иштетүүдө көп үлгүлөрдү алышкан. Мен, жогорку билимдүү экономист катары, пландаштыруу эл чарбасын бардык жагынан эконмикалык кризистердин болушуна жол
бербестигине ынанганмын. Бул жагынан социализмдин
артыкчылыгы аларга сабак болгон. Мен Совет доорундагы
Кыргыз элинин басып өткөн жолундагы ийгиликтерине
азын оолак токтолуу менен, бүгүнкү Кыргызстан жөнүндө
ойлогон ойлорумду айткым келет.
Биз өлкөнү өнүктүрүүдө бүткүл дүйнөлүк шарттан улам
алардын жакшы жактарын алуу менен талыкпай эмгектенүүбүз зарыл. Ошондой эле орус элинен туруктуулукту,
акылмандуулукту, кыйынчылыктарды жеңе билүүнү, боорукерликти жана интернационалдык духту өзүбүзгө
сиңиришибиз керек. Ал эми немец элинен ушунчалык
үнөмдүүлүктү, тактыкты, сөзгө бекемдикти алышыбыз
ылайыктуу деп эсептейм.
Мына ушул жерде Совет доорундагы инженер Смеляковдун «Деловая Америка» деген китебинде капиталисттик өндүрүштөгү (айрыкча убакытты кандай үнөмдөө),
эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү айыл чарбасындагы бардык
жумуштарды механизациялоодогу ыкмаларын биздин жерибизге ылайыкташтырып пайдалансак кандай жакшы болор эле деп ойлойм.
«Деловая Америка» - бул китеп орус тилинде басылып
чыккан, менин өздүк китептеримдин текчесинде турат.
Н. Смеляков «Деловая Америка» - (записки инженера,
1970 - ж) китебинин автору, Лениндик сыйлыктын лауреаты, СССР дин тышкы соода министринин биринчи орун ба366
сары, АКШда бир топ мезгилдер болуп, анын өнөр - жай,
соода, айыл - чарба, калкты тейлөө жана башка тармактарындагы жетишкендиктер менен андагы орун алган
мүчүлүштөр жана кемчилдиктер жөнүндө, ар түрдүү иштерман адамдар менен болгон жолугушуу мезгилиндеги ой пикирлерин топтоп, инженердик көз менен жазылган, Бул
чыгарма мага 1972 - жылы Чоң - Алай совхозунун партиялык уюмунда секретарь болуп иштеп жүргөнүмдө колго
тийген. Фрунзеде бир айлык парткомдордун секретарларын Кыргызстан КП БКнын алдындагы курста окуп
жүргөндө китеп магазининен сатып алган элем. Н. Смеляковдун «Деловая Америка» деген китебинин аты эле айтып
тургандай Американын жашоо турмуш - тиричилиги
жөнүндө мындан 35 - жыл илгери кандай абалда болгонун,
андагы көп тармактуу өндүрүштүн эң алдыңкы прогрессивдүү жол менен илим жана техниканын негизинде
уюштурулган ишкер адамдардын чыгармачылыгын, китепти окуп чыккандан кийин менин оюма да ар кандай
жакшы пикирлер, ойлор пайда болгонун, анын айрым
үлгүлөрүн биздин совхоздун өндүрүшүндө пайдалануу
жөнүндө эңсеп жүргөнүмдү айта кетмекчимин.
Совет доорунда мамлекеттик менчик толугу менен
мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп өндүрүштүн ийне - жибине чейин мамлекеттик пландоо комиссиясы (Госплан)
аркылуу жүргүзүлүүчү эле, бул пландуу экономика (плановая экономика) социализмдин экономикалык кризистерди
болтурбоодогу, капиталисттик экономикадан жогору турган артыкчылыгы болчу.
Азыркы күндө (СССР урагандан кийин) бул капиталисттик системанын айрым үлгү ала турган жактарын гана
эскерип кеткеним оң болчудай.
Н. Смеляковдун чыгармасын азыр да кызыгуу менен
бир сыйра окуп олтуруп, АКШдагы айрым (контрасттарга)
карама-каршылыктарга, оош - кыйыштарга, жакшы - жаман, оң - терс көрүнүштөргө сарасеп салсак болчудай.
Мындагы негизги максат: биздин кичинекей Кыргыз
мамлекетибизде социализм учурундагы коомдук менчиктин жеке менчикке өткөн мезгилинде АКШ дагы иштерман
адамдар
жеке
ишкерлердин
жасаган
укмуштуудай
өндүрүштү уюштуруп, ага кеткен чыгымдын кайтарымдуулугун тездетип, аз эле убакта «пайда» ( прибыль) таап
өндүрүшпү же соода ишканасыбы, же эл чарбасынын башка
тармактарыбы, айтор бир сөз менен айтканда капиталисттик коомдогу үнөмдүүлүк, «бизнес» (англис тилинен
которгондо акча табуу, прибыль - пайда табуу) сыяктуу
экономикалык закондорду туура пайдаланууга, эң башкысы - эл чарбасында убакытты үнөмдөп, ашыкча чыгымдарга жол койбой, өндүрүштү натыйжалуу уюштурган ишкерлердин айрым иштеринен үлгү алууга болорун эске алуу
менен төмөнкү мисалдарды чагылдырмакчымын : Н. Смеляков өзүнүн чыгармасында «Деловая Америка» - кыргызча
«Ишкер Америка» десем түшүнүктүү болор, өзүнүн чыгармасында тоок фермасындагы өндүрүштү мисалга келтирип,
андагы «безотходное производство», жөнөкөйлөп айтканда,
тооктон эч кандай таштанды, калдык же болбосо отход да
чыкпай турганын, өндүрүштө кала берсе анын «парин» тамакка жараксыз этин, сөөгүн топтоп, аны кайра иштетүүчү
фабрикага өткөрөт. Ал фабрикада тооктун жемине
ылайыкташтырылып кайра иштетилип, тоок фермасына
баалуу жем катарында аларга сатат. Ал эми тооктун кыгын
кымбат баалуу жер семирткич катарында пайдаланышат.
Ошентип тооктун пайда бербеген эч нерсеси калбайт.
Мындай өңүттөн карап, Н. Смеляковдун тили менен айтканда : «Что от курицы ничего не пропадает, кроме пения». Ушундай эле мисалды фермерлердин иштеринен да
байкаса болот. Америкалык бир фермер үй - бүлөөсү менен
болгону аялы, кызы (ишке жарамдуу) үч киши өзүнө бекитилген 30 - 40 гектар аянтка жүгөрү өстүрүп, андан эң
жогорку түшүмдү жаратканын, жумуштун бүтүндөй бардыгын механизация менен бүтүргөндүктөрүн мындайча
сүрөттөйт: Фермер өз менчигиндеги трактору менен айдап,
сээп, отоп, чаап жана башка иштерин өзү жалгыз бүтүрөт.
Анын түшүмүн жыйноодо аялы менен кызы жардамга келишет. Ушул эле аянтта даяр продукцияны кардарлар келип сатып алышат. Фермер өндүргөн продукциясын базарга
же башка жакка алып барып өткөрүү түйшүгүнөн кутулат.
Ал эми жүгөрүнүн данынан башка, малга тоютка керектүү
жагын, өзүнүн карамагындагы уйларына тоютка даярдап,
аны ошол эле жакын жердеги фермасына топтойт. Силосту
да ушул жерге даярдайт. Фермер саан уйларын электр машиналары аркылуу саадырат. Сүттү бул жерден атайын
машина тартып кетет. Ферманын башка жумуштары да
бүтүндөй механизациялаштырган. Ал эми жазында болсо
(түз жер болгондуктан) электр тогу жүргүзүлгөн зымдар
менен тосулган атайын аянттарга жайышат, бул жерде падачы дагы пайдаланылбайт. Бүтүндөй Американын
өндүрүшү жалаң гана пайда табууга жана акча табууга
(бизнес) ылайыкташтырылып, убакытты үнөмдөө менен
жогорку өндүрүмдүүлүккө жана эң аз суммадагы материалдык чыгымдарды жумшоо менен көп продукция алуу, жогорку жана натыйжалуу өндүрүштү уюштурууга багытталган. Андагы завод фабрикалардын, транспорттордун, акча
каражаттарын, кыскасы кыймыл аракеттин бардыгы
«үнөмдүүлүктү» жогору баалаган ишкерлердин жасаган
жумуштарын толугу менен жазып отуруунун кажети жокко
деп эсептеп, жаңы Кыргызстанда да ар бир жумуштун нарк
насилине, анын пайдасы менен зыянын эсептеп, убакытты
үнөмдөө менен чыгармачылык жигер менен илимдин, техниканын прогрессивдүү жаңы жолдорун ишкерлердин натыйжалуу пайдалануусун каалар элем.
Эми экономика жөнүндө, экономисттик адистиктин
ээси катарында өзүмдүн көз карашымды, жеке пикиримди,
ой толгоолорумду учкай сөз кылмакчымын:
-Экономикада - Эл чарбасын башкарууда материалдык, финансалык чыгымдарды үнөмдүү пайдалануу менен
бирге аны максаттуу, чеберчилик искусствосу (материалдык эмес) жолдору аркалуу иш жүргүзүү негизги ролду
ээлейт эмеспи.
Материалдык өндүрүш дегенибиз бул - өнөр жай, айыл
чарба, курулуш, жол жана суу чарба тармактары. Материалдык эмес - фундаменталдык илим жана искусство.
Ошондуктан, эң негизги, биринчи, башкаруу процесстерин
жөнгө салуу. Ал үчүн жогорку профессионалдуу, тажрыйбасы зор, таза, өз улутун, элин, жерин сүйгөн патриотторду
жетекчиликке алып чыгуу.
Экинчи, стратегиялык обьектерди, бюджетти түзө турган жана коргоо өнөр жай тармактарын мамлекеттин карамагында сактап калуу;
Үчүнчү, эң керектүү, кыскасын айтканда Кыргызстан
үчүн приоритеттүү багыттарды аныктап, аларды мамлекет
тарабынан колдоого алуу. Кайсыларды?
*Өнөр жай тармагынан
а) Энергетика, отун, тоо- кен тармактары;
б) Жеңил жана тамак - аш тармактары;
в) Курулуш материалдар тармагы;
* Айыл жана суу чарба
* Курулуш жана жол
а) Энергетика, отун, кен тармагы боюнча:
Суу
энергетиканын
биздеги
техникалык
мүмкүнчүлүгү - 73 миллиард квт-саат, экономикалык - 48
миллиард квт-саат, колдонгонубуз болгону - 10-12 миллиард квт-саат. Ошондуктан, тез аранын ичинде союз учурунда токтолгон чакан, орто ГЭСтерди райондун (шаардын)менчигине берип ишке киргизүү. Ошону менен бирге
күн, шамал электроэнергиясын пайдалануу үчүн кадрларды
мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө окууга жөнөтүү жана
алардын технологиясын алып келип ишканаларды,
үйлөрдү ошолорго өткөрүүгө элге шарт түзүү. Тыштан алып
келинген техникалык тетиктерге, техникаларга салык,
бажы пошлинасынан бошотуу.
Үч, эң көп болсо төрт жылдын ичинде кыргыз элин толугу менен электроэнергияга өткөрүп, коңшу өлкөлөрдүн газын сатып алуудан баш тартуу. Өзүбүздүн электроэнергиянын дүйнөлүк баа менен чет өлкөлөргө экспорттоо. Элибизге элекроэнергиянын өздүк баасы 3 - 4, 5 тыйын болгондуктан баасын көтөргөндүн ордуна, кайрадан төмөндөтүү.
Көмүрдүн запасы - 31 миллиард тонна, анын 65 пайызы түштүктө, 33 пайызы Нарын областына, 2 пайызы Ысык
- Көл областында. Тез аранын ичинде бул тармакты тартипке келтирип, мамлекеттин колдоосуна алып, коңшу
өлкөлөрдүн көмүрүн сатып алууну токтотуу.
Кен боюнча («Кумтөрдү» эле алсак) чыгарган алтындын үчтөн эки бөлүгүн мамлекеттин карамагына алуу.
б) Жеңил жана тамак - аш тармактары боюнча биз тез
аранын ичинде дүйнөлүк базарга чыкканга мүмкүнчүлүк
бар. Ал үчүн (жеңил өнөр жай тармагынан тигүү өнөр жайын
эле алсак);
- Тигүүчүлөргө бош жаткан имараттарды бекер керек
болсо 1 сомго, мүмкүнчүлүк болбосо 10- 15 жылда төлөп
берүү үчүн ишкана ачканга берүү;
-Өнүккөн өлкөлөрдө сапаты жагынан жакшы техникаларды (оборудованияларды) өкмөттүн жардамы менен саттырып келүү, продукциялары чыкканга чейин салыктардан
бошотуу, текшерүүнү токтотуу;
- 5-6 жылга төмөн пайыздуу кредиттерди алганга шарт
түзүү;
Тамак - аш, өнөр жай тармагы түздөн - түз айыл чарбасы менен байланыш болгондуктан эки тарапты бирдей
колдоо. Региондордун шартына ылайык чакан, орто ишканаларды ачканга колдоо көрсөтүү, кээ бир райондордо
мамлекеттин эсебинен ишканаларды курдуруп, кийин
өзүбүздүн ишмерлердин колуна өткөрүп берүү. Мисалы: Таласта - фасолду иштете турган, Нарын, Алайда - эт, сүт, май
чыгара турган ж. б.
в) Айыл чарба тармагы боюнча
(Мал чарбачылыгы, өсүмдүктөрдү өстүрүү тармагы,
үрөн өстүрүүчү тармагы).
-Сүт, эт, жүн бере турган малдардын жаңы породасын
өстүрүү;
-Ири, орто фермердик, дыйкандык чарбаларды түзүү,
аларга мыйзам чегинде жеңилдиктерди берүү;
-3-5 жылдык кредит берүүгө шарт түзүү;
-Дыйкандарды, фермерлерди кайрадан иштетүүчү ишканалар менен байланыштыруу;
-Продукцияларын сатканга жол ачып берүү;
Салыштырма: Чүй областынын территориясынын аянты Израилдин басып алган аянтын кошкондогусу менен
бирдей 20, 2; (20, 8)миң км. кв. Алардын элинин саны 6, 75
миллион адам. Биздики 1 миллионго жакын. Ош областынын жалпы аймагынын аянты Армениянын аянты менен
бирдей 29 миң км. кв. Элинин саны 3, 5 миллион, биздики 1
миллиондон ашат. Ысык-Көл областынын аймагы Швейцариянын территориясы менен бирдей. Элинин саны 1, 5
миллион, биздики 0, 5 миллионго жакын. Жерибиздин
шартын алардыкы менен салыштырууга мүмкүн эмес. Эң
жакшы, бирок, жашоо турмуш продукцияларын экспорттоо
алардыкы биздикинен бир кыйла жакшы. Эмне үчүн? Бизде
ар ким өзү менен өзү, мыйзам чегинде алардын биригүүсүнө
мамлекет тарабынан колдоосуна, корголуусуна, кредиттерди алуусуна мүмкүнчүлүк жок. Өсүмдүктөрдүн түшүмдү
жакшы бере турган сорттору, малдардын жакшы эт, сүт,
май бере турган породалары аз. Билимдүүлөр, окумуштулар
четте калышкан. Техникалык камсыздоо начар. Жаңы инновациялык ой - пикирлер чыкпайт. Мунун баары келип эң
биринчи жогоруда айтылган экономиканы башкаруу искусствосуна такалат.
Г) Суу тармагы боюнча
Суу- товар. Ошондуктан, сууну сатуу бүгүнкү күндүн
бирден - бир башкы талабы. Бизде мөңгүлөрдүн жалпы аянты
Кыргызстандын
аянтынын
территориясынын
пайызын түзөт. Жылына орто эсеп менен - 47 миллиард м
куб суу чогулат. Биздин пайдаланганыбыз болгону бештен
бир бөлүгү.
Эң кызыгы биз сууларды коңшуларга бекер беребиз.
Алар биздин сууну элдерине сатышат. Эмне үчүн биз
өзүбүздүн элге бекер берип, коңшуларга сатпайбыз ?
д) Курулуш жана жол боюнча Кыштактардын, айыл
өкмөттөрүнүн борборлорунун генералдык архитекторлук
пландарын кайрадан карап чыгуу улуттун өзгөчөлүгү менен
жаңыдан долбоорлорду иштеп чыгуу, кыштактарды ирилештирүү, баардыгын шаарлардагы жашоо шартка жакындатуу, жолдорду оңдоп, туура салдыруу. Кыскасын айтканда, кыштактарды да шаарга айлантуу.
Төртүнчү, Кыргызстандын кен, суу, энергетика ж. б.
байлыктарынын эсебинен Улуттук байлык фондун түзүү.
Түзүлгөн фонддон ар бир төрөлгөн балдарга өздөрүнүн
үлүшүн - 500 доллардан (азырынча) берүү. Жылына 110
миңдей бала төрөлөт 500 доллардан болсо, бүгүнкү курс менен 240 миллион сомго жакын акча болот. Бул акча
мамлекет үчүн тыйын.
Бешинчи, чет мамлекеттен келген инвесторлордун
биздеги ишканалардагы ж. б. акцияларынын саны 49
пайыздан ашырбоо. Өзүбүздүн ишмерлердин акциясынын
эң азы 51 пайыздан ашыруу.
Алтынчы, мамлекеттин бюджетинин каражаттарын
үнөмдөө үчүн ошону менен кардрлардын тепкичтерди басып өсүшүнө, тажрыйба алышына карата разряддарга бөлүү,
айлык акысынын тарифин өзгөртүү.
3 - разряд - 100 миңге жакын эли,
2 - разряд - 100 миңден 300 миңге чейин,
1- разряд - 300 миңден өйдө.
Жетинчи, улуттук кадрларды өнүккөн өлкөлөрдөн
мамлекеттин эсебинен окутуп келип, алардын билимин
пайдалануу.
Кыскасы, биз улуттун баалуулугуна таянып бардык
тармакта туура саясат жүргүзүшүбүз зарыл. Ошондо гана
экономикабыз өнүгөт, элибиз жакшы жашайт, ар бир жетекчи, атуул өзүнүн аткарган ишин, ачкан ишканасына,
чыгарган продукциясына сүйүнүп ырахат алат.
Айтмакчы ар бир элдин өзүнчө жакшы сапаттары болот эмеспи. 1978 - жылдын июль айында Фурунзеге жумуш
боюнча командировкага барып «Пишпек» мейманкансына
Армения Республикасынын Жеңил өнөр жай министри болуп иштеген армян жигит экөөбүз бирге туруп калдык. Ал
жигит Фурунзеге биринчи жолу келген экен. Ал мага кана
кыргыздарын өзгөчө жакшы жактарын көргөзө аласыңбы? деди. Мен кыргыздардын меймандостугун далилдеш үчүн
аны тамак -ашты жакшы даярдоочу «Киргизия» ресторанына алып бардым. Ал жерден кыргызча ыр, музыка заказ
бердим. Дегинкиси ага көңүл жылытарлык улуттук эч нерсе
деле көрсөтө албадым. Мейманканадан кайтып келгенибизде маектешип олтуруп ал айтты: «Биз ар бир Союздук
республикалар өзүбүздүн улуттук жакшы салт -санаабыз
бар, аны дүйнөгө таанытуубуз зарыл!» -дегени жадымдан
эч качан кетпейт. Бул армян жигиттин айткандарын баамдап көрсөм, ар бир элдин улуттук жакшы салт санаасын
үйрөнүүгө жана сиңирүүгө боло турганын, ошол эле мезгилде өзүбүздүн кыргыз элинин улуттук салт - санаасындагы
жакшы көрүнүштөрдү башка элдерге жайылтуубуз керектигин, дүйнөдөгү элдерге «кыргыз» деген эл, «Кыргызстан» деген мамлекет бардыгын даңазалап жүрүүнү унутпашыбыз керек экендигин таамай баамдаган элем.
Ушулардын баарын тактап келип, биздин бактыбыз,
биздин келечегибиз өзүбүздүн колубузда экенин эске алуу
менен көздөгөн максатка талыкпай биримдикте биз кыргыз
эли «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» элдин,
айрыкча жаштардын келечегин ойлоп эмгектенишибиз керек.
Ошондо гана биз көздөгөн цивилизациялуу, өнүккөн
демократиялуу Европанын жана Азиянын алдыңкы
өлкөлөрүнүн үлгүсү катары, адам баласы суктана турган,
өзүнчө бир мамлекет болушубуз мүмкүн. Ал үчүн эң башкысы, бир чарчы өз жерибизди көздүн карегиндей сактап,
үнөмдүүлүк менен иштете алышыбыз зарыл. Андан да эң
башкысы, өндүрүштө илим менен техниканын жана техно373
логиянын эң жаңы жетишкендиктерин колдонуу менен жогоруда жерибизди үнөмдөгөндөй бир литр суубузду да элдин пайдасына үнөмдөп иштетишибиз абзел.
Ошол эле мезгилде коомдук жана мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин жоопкерчилигин арттырып, аларга болгон талапты күчөтүш керек. Эскиден калган майдалык, уруу -урууга, региондорго бөлүнүү, ичи тарлык сыяктуу өтө кейиштүү жагдайларыбыздан арылууга тийишпиз.
Бул кемчиликтерди, эң оболу мамлекет башкарган жетекчилерден, интеллигенциянын өкүлдөрүнөн жана ошолордун жүргүзгөн саясатынан келип чыгаары, бул терс жагдайлар кыргыз калкынын аброюн төмөндөтүп, анын ынтымагына шек келтирээри анык. Ар бир мамлекетте эң орчундуу маселе - бул балдар, өсүп келе жаткан жаш муундар.
Балдар проблемалары менен бардык деңгээлде алектениш
керек, мамлекет да, коомчулук да. Илим билим бул эң сонун, бирок балдарды руханий жана эстетикалык тарбиялоо
жөнүндө да унутпоо керек. Эгерде чоңдор балдардын бош
убактысын уюштурууга жана аларга эң сонун толкундатуучу сезимдерди берүүгө жардам беришпесе анда алар
көчөдө өз ишин жасайт. Азыр көпчүлүк учурда ушуну байкап жүрөм.
Менин мекеним.
Мекеним мейкин күндүн нуру төгүлгөн,
Тоолору бийик бүркүт учуп жол жүргөн.
Жарышып жазда, күрөшүп күздө,
Элибиз эмгек менен эрденип күлгөн.
Ар бир адамдын өз мекени бар. «Мекен» деген сөз
кыргызда ата - бабанын жери, туулуп- өскөн жер дегенди
билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес.
Ата Мекен деген түшүнүктү кыргыз элин, Кыргызстан
деген мамлекетти дүйнө жүзүнө тааныткан, кыргыздын чыгаан уулу залкар жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов
төмөнкүдөй белгилейт: «Мен азыркы дүйнө жөнүндө кеңирээк сөз кылардан мурда өзүмдүн өмүр башатыма ой
жүгүртөм. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан
Талас жергемди, ак - карасы аралаш жаткан өз келбетинде
көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам кой374
нун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз, аны өз айылым Шекердин образы
аркылуу элестетерим бышык. Анткени менин башатым
ушул - Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым
жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш
тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата - журт деп аталган
туулуп - өскөн жердин тирилик - тартиби, салт - санаасы,
ыр, жомогу, жаратылышы, абасы- бүткүл турпаты адамдын
адам болуп калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин.
Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана
жети атаңды айт!» - деп, катуу талап менен сурушаар эле.
Элдин акыл - эс мурасы да, муундардын байланышы да
мына ушуга негизделген. Бул жөнүндө мен «Ак кеме» повестимде бала менен машина айдаган казак жигит экөөнүн
аңгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети
атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экендигине
бала аябай таң калат:
-Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле акең? - деди
бала.
-Ит билеби. Ага не тансык болдың? Жети атамы
билбейм, бирак көрүп турасың гой, көп катары жасап жүрмин.
-Атам айтат, адамдар ата - тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.
-Не үшин?
-Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен
жийиркенбей, тартынбай калат дейт…
Бул жөнөкөй элдик философияны мен бала кезде уккан
шекерлик абышкалардын насаат сөздөрүнөн алганмын» деп, Чынгыз Айтматов кыргыз баласынын жети атасын
билүүсүн өзгөчө белгилөө менен алардын Ата - Мекенге болгон сүйүүсүн өзүнүн туулуп өскөн Шекер айылынын
көрүнүшүндө көкөлөтө даңазалайт.
Ата - Мекен бул Кыргыз жери. Кыргыз эли отурукташкан тоо койнундагы кооз айылдар. Кыргыз жериндеги
шаркырап аккан көк кашка суулары, карагай - черлүү токойлору эч бир башка өлкөлөрдөн табылбас. Жараткан Алла
Таала мындай кооз жерди жалгыз гана кыргыз баласына
белек кылып тартуулаганына кантип ишенбейсиң.
Эми төмөнкү «Ала тоо - кыргыз жери» - деген Д. Урманбетовдун ырына да кайрылып көрөлү.
Тоосу бар бийик аска жери кенен,
Асманда бүркүт учат жолу менен.
Элинин мөлтүр суудай дили таза,
Жерим бар бир туугандар мекендеген.
Кайырма:
Алатоо менин жерим, эркиндикте сенин демиң
Өсө бер таазим кылат кыргыз элиң.
Элиңин пейли кенен жана меймандос. Мына ушундай
асыл жер - менин Ата - Мекеним.
Демек, ары кооз, ары асыл Ата - Мекенибиз Кыргызстан менен сыймыктансак, анын кадыр - баркына жетсек,
кандай жакшы жарашат. Анда эмесе Кыргыз жерин
даңктап, анын кооздугуна суктанган белгилүү акын Т. Байзаковдун ырына көңүл буралы:
Кыргыз жери.
Ала - Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам, таңды тосо
Кучактайм ой - кырларды нурга кошо.
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,
Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн.
Ысык -Көл - жердин көзү, кырлар -кашы
Адырлар - көкүрөгү, токой - чачы.
Дайралар - кан тамыры, чоку - таажы,
Седеби, топчулары - ар бир ташы.
Кең түздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Гүл жүздүү, берекелүү кыргыз жери.
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Жер жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүнө көрк кошулган кыргыз жери,
Сезилет ата - эненин мээримдери.
Тарыхтын сормо саздары же балчыктары.
Кандай гана өлкө болбосун - өнүккөнбү, өнүгүп келе
жатканбы, же жакырчылыктын чегинде калганбы, анын
андан аркы тагдырын аныктай турган негизги багыттар
болот. Ошонун орчундууларынын бири - билим, илим, кесип, аны акыл менен өздөштүрүү жана турмушка пайдалуу
колдоно билүүгө жетишүү.
Ушул багытта эгемендүү Кыргызстанда эмнелерди
байкоого болот? Алсак, билим берүүгө, кесипке үйрөтүүгө,
илимди өнүктүрүүгө келгенде кыргыз элинин көзүн ачкан
жана бир кылым алдыга сүрөп таштаган Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын жеңиши болгонун жаап жашыра албайбыз. Антсек, тарых алдында эки жүздүүлүк
кылган болобуз. Бул медалдын бир жак бети.
Экинчи бети бир топ кайгылуу. Ал кечээ эле бай - манап деп ак сөөк ата - бабаларыбызды өзүбүз жээрип, жаманатты
кылып
жанталаша
жазып
«мокочо»
көрсөткөндүгүбүз. Жазыксыз кыруу (репрессия) жылдарында эли - жери үчүн кашкөй эрдигинен бир да тайып койбой,
Советтик баш кесер чыккынчылардын каардуу азап - тозогунун курмандыгы болгон чолпондой уулдарыбыздын
арбагын мазактап, алардын үй - бүлөсүн душман катары
жээрип, баштарына түшкөн кайгысын тең бөлүшүп жөлөк таяк болуунун ордуна, кайра жек көрүндү кылып жер караткандыгыбызда. Көрсө тарыхтын күчтүүлүгү, кудуреттүүлүгү ушунда тура. Арадан жылдар өтөбү, кылымдар өтөбү,
акыры ошол замандагы эки жүздүүлүктүн бетин ачып, бардыгын өз - өз ордуна коюп келатат.
Шүгүрчүлүк дейли, өз алдынча эркиндикке чыкканы,
мамлекетибиздин максаттуу жолунда анча - мынча жылыштар болуп жаткансыйт. Бирок, ал жылыштар кана,
кайсылар? Эл андан топук алып, пайдасын көрүп жатабы?
Дегеле, жашоонун жаңы жолуна (капиталисттик) - нарктык
(рыноктук)мамилеге өтүүдөгү жылыштардын көзгө толумдуусун бөлүп көрсөтүүгө бүгүн далилдүү айтаарыбыз
барбы? Эгер бар болсо, алардын канчасы «аңтарылган териге» жамындырылган? Ушул талылуу суроого жооп
берүүдө менин көз карашымда бир топ оорчулук жана жогорку жоопкерчилик, тиешелүү даярдык билим талап кылынаары талашсыз. Ошон үчүн, бир аз чегинүү жасагандан
кийин айрым ой жүгүртүүлөрүбүздү талдап - таразалап
көрөлү.
Улуу Октябрь революциясынан кийин гана кыргыз
эли билим- илимге карк болгонун жогоруда белгиледик.
Милдеттүү түрдө толук кат сабаттуулукка жетиштик. Ан
үчүн ар бир үйдөгү балдар эсепке алынып, окуу жашына
жеткенде мектепке тартылып турду. «Окуу, окуу жана
окуу» деген Лениндин осуятын бөрк туттук. Тарыхта кала
турган бул барактын кай жеринде кара тагы бар экен? Кана
айткылачы, мунун кай жерде бизге зыяны тийди?! Өнүккөн
капиталисттик өлкөлөрдөн келген байкоочулар биздин
кыргыз калкынын жыш сабаттулугун алдыңкы орундарга
коюп отуруусунун башкы себеби ушунда эмес беле, же
жалганбы?! Башкасын айтпаган күндө да, кыргыз элин
«чилче» таратып, «таранчыдай» көрбөй, орус империясы
кырып, жок кыла турган болгондо, Улуу Октябрь революциясы сактап калганын унутууга болбос. 1916 - жылы жазыксыз элдин башына түшкөн азаптуу, айоосуз кыргынды,
киндик каны тамган конушун таштай качууга аргасыз болгон сүргүндү кантип унута алабыз?!
Мына ушул мезгил сүртүмүндө Улуу Октябрь революциясы кыргыз элине тартуу кылган билим, илим, маданият, адабият, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо,
өндүрүш, айыл чарбасы жана башка тармактардын сересин
көрмөксөнгө салууга жарабайт. Антсек, жасалма «көр сокурлук» кылган болобуз.
Билим, илим демекчи, ооба ар кандай коомдук
түзүлүштүн өз мыйзамы, өз жолу болот. Ошого жараша багыт менен өнүгөт экен. Башыбыздан өткөргөн социалисттик
коомдун тушунда бала бакчалар, мектептер, кесип берүүчү
атайын орто жана жогорку окуу жайлары, илимий мекемелер, китепканалар өнүктү. Сан жагынан ири капиталисттик
мамлекеттер дагы жетпей калгансыды. Бирок, ал учурдагы
билим берүүнүн деңгээли, кадрларды даярдоо маселеси
дүйнөлүк ченемге (стандартка) шайкеш келе бербеди. Паракорлук күчөй баштады. Балдарына эптеп бир диплом
алып берүү үчүн ата - энелердин институттардан, техникумдардан тааныш, жөлөк - таяк издөөсү адатка айланды.
Аз сандагы балдар гана алган билиминин күчүнө таянып
окууга өтпөсө, «Кызыл кекиртек» мугалимдерге көз карандылык ашына баштады. Аны менен ошол мугалим өткөргөн
балдары диплом алгыча анын ата - энесинин моюнуна минип, кем - карчын, азык - түлүгүн үзгүлтүксүз толтуруп турду.
Ошентип, окууга өтөөрдө эле «Кызыл кекиртектиктен»
кабар алып калган «ашмалтай» студенттерден чыныгы
адистер эмес, алдым - жуттум, ач көз «кесипчилер» чыкты.
Анын үстүнө адистигин, кесиптик даярдыгын, илимий
түшүнүгүн жогорулатуучу сабактарды, тажрыйбасын байытуучу өндүрүштүк иштерге аралашуусун көбөйтүүнүн ордуна
«СССРдин тарыхын», «Марксисттик - Лениндик философиянын негиздерин», «Социализмдин саясий экономиясын»,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 23
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.