Latin

Сезимде жүргөн элестер - 21

Total number of words is 4097
Total number of unique words is 2263
27.1 of words are in the 2000 most common words
39.0 of words are in the 5000 most common words
45.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
аларды кордоо, мазактоо, ал тургай кол тийгизүү мисалдарды кездешерин кантип танабыз. Болбосо элибизде айтылып жүргөндөй «Атаң карыса кул кылба, энең карыса күң
кылба» - деген ата сөзүн алар урматташпайбы? Байкуш атаэне өмүр бою тапкан - ташыганын балдарына арнап, билген акыл - насааттарын айтып, таалим - тарбия берүүгө
аракет кылса, ал аракеттер текке кетип, бүгүнкү күндүн
маңкурттары пайда болуп жатпайбы. Оо, чиркин дүйнө деп
буга бир түйшөлөсүң.
Бирок, ар бир бала тарбияны өзүнүн тагдырына
маңдайына жазган жазмышка карата алат турбайбы. Алсак,
кээ бир ата - энелер баласы жерге түшөөрү менен үзүлүп
түшүп, ымыркайга не бир сонун жомок, аңгемелерди айтып
берип, музейден музейге, театрдан театрга алып барып,
мектептерди ылгап туруп, эң мыктысында окутуп, ийримдердин көпчүлүгүнө катыштырып, жогорку окуу жайларынын ичинен да эң кадыр - барктуусунда окутат. Мунун тескерисинче, ата - энелердин экинчи бир тобу баласы жарык
дүйнөгө келгенден тартып жөнөкөй, жупуну тарбиялоого
аракеттенишет. Алардын балдары көпчүлүк балдар окуган
жөнөкөй мектептерде билим алышат. Албетте, алар деле
балдарын ач - жылаңач калтырбайт деңизчи, бирок биринчи топтогулар сыяктуу аларга өзгөчө бөпөлөнгөн тарбия
берүүнү туура көрүшпөйт. Ал эми чыныгы турмушта ал эки
тараптуу тарбиянын жыйынтыгы кандай болот: Биринчи
топтогулар өзүмчүл, кайдыгер, ата - энелерине кайрымсыз,
экинчи топтогулардын балдары тескерисинче билимдүү да,
күйүмдүү да болуп чыга келишет. Мындай үч уктасаң түшкө
кирбөчүдөй болгон карама - каршы көрүнүш кайдан жаралат? Буга бир түйшөлүп барам.
Ушул жерден орус элинин бир чыгаан жазуучусунун
кыска кыйытуусун кыстара кетким келет. Ал мындай. Бир
күнү чоң энеси небересинин чогулушуна барып калат. Анда
мугалим чоң энеге мындай деп доомат койот дейт:
- Сиз небереңизди карабай жатасыз, математикадан
өтө начар.
- А тартиби, жүрүм - туруму, тарбиясы кандай?
- Абдан жакшы.
- Анда математикаңды өзүң окутуп ал!
Бир окуганда жылмаюуну туудурган, бирок терең карай келсең, акыл - эстүү адамдарды бир селт эттирген бул
чакан баяндамада билим менен тарбия, окуучу менен
мугалим, мугалим менен ата- эне өңдүү тарбияга байланыштуу, өтө олуттуу маселелер камтылганбы дейм.
Биз жаш муундарга терең билим, татыктуу таалим тарбия берүүдө адамзаттын эң асыл сапаттарынын бири
болгон боорукерликке, сабырдуулукка, туруктуулукка, достукту баалай билүүгө багыт берүүбүз керек.
Ч. Айтматов шаардыктарга караганда табигат менен
коюн - колтук алышып чоңойгон балдар күйүмдүү, сабырдуу болорун өз мезгилинде айтып кеткен эле. Жазуучунун
бул пикиринин туура экендигин чечмелеп отургум
келбейт. Болгону адам баласынын жаратылышы эки кабаттуу келерин, биринчиси табигат жаратылыш, экинчиси рухий жаратылыш экендигин, экөөнүн биринен ажырап калган бала толук кандуу тарбия алууга татыксыз болуп каларын гана баса белгилеп кетким келет.
Тарбиянын өтө оор, ар тараптуу табышмактуулугун
белгилеп, ага өтө олуттуу кылдат мамиле кылуу керектигин айткым келип, ата - бабабыздан калган тарбияга
болгон акылман ойлордун маани - маңызын келечек урпактарга төкпөй чачпай жеткирүү азыркы муундун негизги
милдети болууга тийиш деп эсептейм. Ошондуктан ата бабалардан бизге жеткен тарбияга байланыштуу баалуу
касиеттерге көңүл буралы.
«Тарбия берүү - улуу иш: Ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет» деп В. Белинскийдин таамай айтканы эсиме келди.
Балдарды болочок байсалдуу ак жолго тарбиялоодо үй
- бүлө өзгөчө роль ойномокчу эмеспи. Ата - эненин эмгек
үлгүсү, эмгекке жасаган мамилеси өзгөчө мааниге ээ. Алар
эмгекке туура мамиле жасашса, баланын эмгекке туура
тарбияланышына да негиз түзүшмөкчү. Бардык тарбиялык
чаралардын ичинен балдарды эмгек аркылуу тарбиялоо өтө
күчтүү жана жемиштүү келет.
Эмгек бүткүл коомдук - экономикалык формациянын
жашоосунун жана өнүгүшүнүн негизги шарты гана болбостон, ар бир жеке адамдын акыл - оюнун жана күч - кубатынын, адептүүлүгүнүн, эркинин калыптанышынын да
күчтүү факторун түзөт. Ф. Энгельс «Адамдын өзүн эмгек жараткан» - деп бекеринен айткан эмес. Ал эми Н. Островский «Эмгек - ар кандай дарттын дабасы. Эмгектен өткөн
ырыс жок» экендигин айрыкча белгилегенин да көңүлгө
тутуу абзел.
Баланын бүткүл адамдык сапаттары эмгек менен айкалышкан кезде гана жемиштүү калыптанмакчы.
«Атасы жакшы болбосо, балага мектеп да, институт
да, пансионат да жакшы тарбия бере албайт» (Н. Карамзин).
Ата бабалардын насыятынан.
1. Адептүүлүк - адам көркү.
Баланын мыкты тарбияланып, эл оозуна алынган
адам болуусун биздин ата - бабалар негизинен үч нерседен
көрүшкөн жана күтүшкөн.
1)Биринчиси - үйдөн (ата - эне, үй - бүлө тарбиясы).
2)Экинчиси - элден, айлана - чөйрө, карыялар тарбиясы.
3)Атанын тарбиялоого берген адамдан(бул молдо,
мугалимдин тарбиясы).
1)Саламдашуу адеби: - Адептүүлүктүн бирден - бир
сонун үлгүсү саламдашуу. Бир адам экинчи бир адамга
салам берсе, ал адам ошол замат алик алып, саламдын
жообун берүүчүлүк б. а. адамдык парз.
2)Саламды толук абалда «Ассолому алейкум»деп айтсын, чала саламдашуу адепсиздик.
- Саламдын жообун «Во алейкум ассалоом» деп, андан
соң ден соолук, бала - бакыраны, ишти ж. б. суроо.
-Башты ийбестен, колду көкүрөккө алып салам берүү
зарыл.
-Көп киши менен саламдашканда, жалпы салам айтса
туура болот.
- Кол берип саламдашканда колдун учун берип саламдашуу жарабайт.
-Узак убакыт бою көрүшпөгөн адамдар (жакын мамиледеги) бири - бири менен кучакташып көрүшүүгө боло берет.
2. Коомдук жайларда, көчөдө жүрүү адебинен.
-Оозуңду ачып, ар нерсени караба.
-Эки адамдын ортосунан жарып өтпө. Дайым абайлап
жүр.
-Сен жүргөндө бирөөлөргө оңтойсуз болбосун.
-Жолдо түкүрбө, ыплас нерсеңди жолго таштаба.
-Коомдук унааларда жүргөндө - улууларга орун берүү
ж. б.
-Көчөдө жүргөндө мүмкүн болушунча тыкан, таза кийинип жүр.
3. Уруксат суроо адебинен:
-Адамдын жеке мүнөзүнө(сылыктыгы) одоно, кополдугуна багыңкы болот.
Сылыктык - бул адамдын жеке сапаты, жүрүш - турушу, мамилеси; Үнү боюнча мамилеси жана ички сезимин
билдирүүлөрү, чеберчилиги аркылуу жаралат.
-Уруксат суроодо «кечиресиз», «мейлиңиз», «ырахмат», «макулмун», «шүгүрчүлүк» - деген сөздөр колдонулушу керек.
4. Жеп - ичүү, тамактануу адебинен:
-Суюк оокатты шоркуратып уурттаба, тамактанып жатып башыңды тырмаба, сөөктү көп кемире бербе, дасторконго оозуңду арчыба.
-Бутуңду сунуп отурба, оокатка сугунуп, өзүңдөн улуудан мурда кол салба,
-Элге карап тамактан
-Кокус жөтөлсөң же чүчкүрсөң дасторконго караба.
Абайлап жүзүңдү буруп кет.
-Тамактануу мезгилинде кашык, бычак менен ойнобо
-Сөөмөйүңдү оозуңа салып, тишиңди чукуба.
-Тарелкаларды, дасторконду, клиенканы вилька же
бычак менен чийгилебе, койгулаба, тынч, түз отуруп тамактан.
-Оозуңдагыны жутмайынча суюк нерсени уурттаба
жана сүйлөбө.
5. Меймангерчилик адебинен:
-Эгерде үйүңө адамды чакырсаң же өзү келсе, аны
жайдары урмат менен тосуп ал.
-Сени жоктоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдир.
-Ал абалды сурашкандан кийин дасторкон жай.
-Нанды жетерлик кылып сындырып кой.
-«Кана, тамакка караңыз», көпчүлүк болсо, «караңыздар» деп өтүн! - Колуңдан келишинче ызат көрсөт, мактанба.
- Меймандын дилин оорутпа.
-Жаныңдагы адам менен шыбырашып сүйлөшпө.
-Меймандын колуна жылуу суу куй.
-Ар кандай буюмду оң колуң менен узат.
6. Эркек менен аялдын адеби.
-Байыркы бабаларыбыз: «Эркек булак сыяктуу болот,
ал эми аялзат болсо, акылдуу жана ийкемдүү жерге окшош» - деп айтышкан. Эркек кесиби аркылуу тапкан ташынгандарын жерге суу чогулуп, булак, көл болгон
сыяктуу аялдын колуна топтоп өткөрөт.
-Аял сени башкарып, жыйган - тергенин ээлеп басып
албасын. Эгер эркек жалгыз гана аялынын сөзү менен иш
кылса, эркектик сапатын жоготкон болот.
-Ар дайым аялды урматтоо менен сылык сыпаттуу
мамиле кылуу.
-Көчөдө, шаарда, коомдук орундарда аялдын колунда
оор жүгүн алуу, ага орун бошотуу, жардам көрсөтүү максатка ылайыктуу.
-Автотранспортко чыгууда аялды биринчи чыгаруу,
колунан тартуу, түшүүдө ага ыңгайлуу шартты түзүү эркектин иши. Аялсыз эркек, эркексиз аялдын жашоосу кызыксыз, ырахатсыз экендигин ар бир инсан билүүсү зарыл.
Жоомарттык жөнүндө.
-Дайыма жайдары болуп, бир нерселериңи адамдан
аяба.
-Досуң менен жылуу жумшак сүйлөш. Жакшы сөз
сыйкырдуу.
-Алсыздарга көз кырыңды сал. Кекенгенге азыраак кекенгин. Бардык иште адамгерчилик салтты колдон.
-Ачууң келгенде сабыр эт.
-Досуңа да, душманыңа да жумшак сүйлөгүн. Акылмандар бул сапаттарды өздөштүрүүнү сунуш кылышкан
экен.
-Өзүңдөн жогору турган адамдар менен ойнобо.
-Кызматкерлериңе зулумдук кылба.
-Ичи тар, кара мүртөз адамдар менен маектешпе.
-Сараң менен сырдашпа.
-Наадан, билимсиз адамдар менен сөз талашпа.
-Туруксуз адам менен достошпо.
-Жалганчы менен мамиле жасаба.
-Урушчаак, чырлуу кишилер менен үлпөттө болбо.
-Аялдар сухбатында көп отурба.
-Сырыңды көп эле кишиге айтпа, айып издегенден
кач.
-Сага ажаты(иши)түшкөн кишини кордобо.
-Колуңдан келе турган ишке текеберчилик кылбай,
башкаларга жардамыңды аяба.
-Эмне сатып алсаң да, жакшысын ал, жакшы нерседен
пайда үмүт этүүгө болот. Ар кандай иште пайданы күзөт.
Шалаакы болбо.
-Ар кандай иште сабырдуу бол. Сабырдуулук экинчи
акыл.
-Ар кандай иште шалаакы болбо. Шашмалык кылып,
кийин өкүнбө.
Сарамжалдуулук, үнөмдүүлүк жөнүндө.
- Отун - суу, электроэнергия, тамак - аш, кийим - кечени кийүүдө, мал, койдун жем - чөбүн пайдаланууда үйдөгү
продукталарды жумшоодо үнөмдүүлүк кылуу ар бир инсандын иши.
Даанышмандардын турмуштук тажрыйбасынан :
1) Кара күчүң менен таакатың жетпеген ишке киришип, өзүңө кайгы жана машакат арттырып алба.
2) Өзүңө жана башкаларга олжолуу жакшылык жеткизбей турган иш менен алек болуп өмүрүңдү сая өткөрбөгүн.
Эки жүздүү адамдардын сөздөрүнө алданба.
3) Дүйнө - мүлкүң жана жогорку мартабаң менен
сыймыктанба.
4) Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги : уяты менен адеби болуп саналат. Ошондуктан
бирөөгө жакшылык жасасаң, ага эч качан милдет кылбагын
- бул сенин акылдуулугуң, маданияттулугуң.
Үч нерсе акылга күч кошот:
1)Илимдүүлөр менен маектешүү
2)Тажрыйба жыйындысы,
3)Туруктуу мүнөз.
Үч нерсе акылга зыян келтирет: ойлонбостук, демилгесиздик, шашмалык (чыдамсыздык).
Парз - «Милдет», сөзсүз аткаруу керек деген мааниде.
Адамдын күзгүсү - адам, өзүңдүн мыкты жана жетишпес жактарыңды башка адамдар аркылуу гана көрөсүң.
Мына ушул он мыкты сапат адамга бакыт - таалай алып
келет:1)уят, 2)адамгерчилик, 3)ишеним, 4)кичипейилдик,
5)эмгек, 6)колу ачыктык, 7)намыскөйлүк, 8)аманатка
кыянаттык кылбоо, 9)адилеттик, 10)элпектик(жумшактык)
жана чечкиндүүлүк.
Мына бул төмөнкү терс сапаттар адамды жамандыкка
жетелеп кетет:
1. Кызганчаактык.
2. Көрө албастык.
3. Бакылдык.
4. Түркөйчүлүк (Сабатсыз).
5. Жалган сүйлөө.
6. Ыпластык.
7. Ашыкча чыгымчылык.
8. Кыянатчылык.
9. Жалкоолук.
10. Кенебестик.
Моралдык кодекс - (лат. - китеп) - аткарууга тийиш
болгон адептик нормалардын жыйнагы.
Моралдык кодекс - демейде адамдардын басымдуу
көпчүлүгү колдонуп жүргөн жүрүш - туруш эрежелери же
болбосо коомдук мамилелерди жөнгө салуучу нормалардын
бири.
Мораль (лат. - адептүү, үрп - адаттар). Этикадан
иликтөө. Адамдын жүрүм - турумун көзөмөлдөөчү функцияны аныктоочу коомдук институт. (эреже - тартип). Мораль
- каада - салт, кулк - мүнөз, жүрүм - турум дегенден адамдын жүрүм - турумун нормалар аркылуу жөнгө салуучу
ыктардын бири. Коомдук аң - сезимдин өзгөчө формасы жана коомдук мамилелердин бир түрү.
Биздин муундун мезгилинде жаштарды коммунисттик
духта тарбиялоого зор маани берилип, ошого жараша талап да күчтүү болор эле. Ошондуктан бала - бакчадан баштап, мектеп окуучуларынын аң сезимине коммунисттик
моралды терең сиңдирип, тарбиялоо колго алынган. Мен
төмөндө ошол коммунисттик моралды, коммунизм куруучусунун моралдык кодексинин, азыркы жаш муундарга
терең тарбиялык таасирин тийгизе турган маани маңызын кыскача айтууну туура көрдүм: Коммунизм куруучусунун моралдык кодекси. Совет адамдары өндүрүштө,
коомдук - саясий иште, үй - бүлө чөйрөсүндө, нуска тутуучу
коммунисттик моралдык илимий жактан негизделген
принциптеринин жыйындысы. Коммунизм куруучусунун
моралдык кодекси төмөнкү адеп принциптеринен курулат:
- Коммунизм ишине берилгендик, Социалисттик Ата Журтка, Социализм өлкөлөрүнө сүймөнчүлүк; коом жыргалчылыгы үчүн адал эмгектенүү; иштебеген тиштебейт; коом
дөөлөтүн сактоого жана арбытууга ар бир адамдын кам
көрүшү. Коомдук парзды бийик даражада аңдап түшүнүү,
коомдук мүдөөлөрдүн бузулушуна аябай каршы чыгуу, коллективизм жана жолдоштук өз ара жардам; Бирөө баары
үчүн, баары бирөө үчүн; Кишилер арасындагы адамгерчиликтүү мамилелер жана бирин - бири сыйлоочулук. Адам
адамга - дос, жолдош жана тууган; коомдук жана жеке
турмушта адал жана чынчыл, адеп - ахлак жагынан таза,
карапайым жана кичи пейил болуу; үй -бүлөдө бирин - бири
сыйлоо; балдардын тарбиясына кам көрүү; адилетсиздикке,
жатып ичерликке, арамдыкка, мансапкорлукка, нысапсыздыкка айныбай каршы туруу. Бардык өлкөнүн эмгекчилери,
бардык калк менен тууганча тилектештикте болуу.
Бул жоболордун эң негизги маанисин азыркы жаш муундардын аң - сезимине терең сиңдирип, эгемендүү
өлкөбүздүн шартында тарбиялоо максатка ылайыктуу деп
эсептейм.
«Туулган соң өлөбүз, жан жок өлбөс,
Атың калсын артыңда – мезгил
жеңбес.
Адам бол - ою, иши бирдей асыл,
Кеңешчиң билим болсун, жолдош акыл.»
(Жусуп Баласагын.)
Ушул жерден мен Жусуп Баласагын бабабыздын тарбиялык
багыттагы
айткан
акыл-насааттарын,
бала
төрөлгөндүн алгачкы күндөрүнөн баштап, кандай тарбиялоо
керектиги туурасындагы сөзүнөн баштоону ылайык көрүп
турам. Анткени бала тарбиялоонун чыныгы башаты ушунда жатканын эч ким тана албас. Жусуп бабабыз да сөздү алгач уул менен кызды кандай тарбиялоо керектигин
төмөнкү сапта кеп кылган экен:
«Уул - кызды буйруса - болуп себеп,
Үйдө чоңойот, бөтөн жер жайсыз келет.
Тарбиячы адам тап пейли кенен,
Уул - кызың дени сак өсөт экен.
Билим берип адептүү тарбияла,
Эки дүйнө бактылуу болот анда.
Кыз чыгарып, келин ал - куда түшүп,
Кайгы - капа билбеген байлык бүтүп.
Уулдарга үйрөткүн жакшы сапат,
Жакшы иштен байлык да, бакыт табат.
Тескеп тур - уул ишсиз бош калбасын,
Бош болсо - текке кетер өмүрү чын.
Төрүңдө картайтпагын кызды кармап,
Кеселсиз чөгүп кетет күйүт арбап» - дейт биздин
акылман бабабыз өз заманынан кабар берип.
Ушул жерден бир өзгөрбөс чындыктын өзөгү жаткандыгы талашсыз. Мындан миң жыл мурун да, азыркы
биздин күндөрдө да уул - кыздарды тайраңдатып бош койбой, дайыма тескеп туруу керектиги айтылып жатат. Анан
да адептүү кылып тарбияла, уулду бош койбо, кызыңды
төрүңдө картайтпа, азыркы сөз менен айтканда кара далы
кылба, күйөөгө узат деп жатат.
Эмне үчүн балдарды тарбиялоо үчүн сөзсүз эле эң нарк
- насилдүү, каада - салттуу адам керек?
Көптү билген, илимдин кийинки жетишкендиктерин
өздөштүргөн адис болсо жаманбы? Андан ары - «Бөлөк
чөйрөдө тарбияланган бала бөтөн өстү болуп, өз элинин
нарк - насилинен, өз ата - салтынан алыстап калат»- деп
кооптонуп атат окшобойбу! Чын эле өзүнүн каада - салтынан сырткары калган өспүрүм (уул же кыз) бөтөн элдин
көркөм дөөлөттөрүн үйрөнүп, бөтөн элдин каада - салтына
каныккан соң, ошлорду кайра өз элине таңуулашы турган
иш да.
Жусуп бабабыз - адам өмүрүндөгү дагы бир өтө чоң маселени көңүл сыртында калтырган эмес. Ал ар бир жаш
уландын өзүнө төп келерлик өмүрлүк жарын тандап алуусу.
Бул маселеде - өмүрлүк жарды тандап алууга өтө сак мамиле кылууга чакырып, кыздын ата - энесинин байлыгына,
тектүүсүнө, сулуусуна карап эмес - акылдуусуна гана
үйлөнүүгө чакырат, ошондо гана жашооң ордунда болот
дейт. Ошон үчүн «Жүзү эмес, көңүлү болсун жылуу, Ак болсо
аял пейли - артык сыны!», - деп жатпайбы.
Кыргыздардагы «Аял жакшы - эр жакшы, вазир
жакшы - хан жакшы», «Жакшы аял - үйдүн куту, жаман аял
үйдүн жуту». Бабабыздын бул уюткулуу акыл - насааттарын кулагыбыздын сыртынан кетирбей, биздин бүгүнкү
күндөгү турмушубузда эстей жүргөнүбүз зарыл го.
Тарбия ишинде кыйгач өтө албай турган дагы бир
кашкайган чындык бар - ал ар бир адам баласынын жеке
турмушундагы чөйрө таанууга, билим алууга болгон умтулуусу. Окуусуз, билимсиз максатка жетүүгө мүмкүн эмес.
Адам акылы, билими менен башка макулуктардан айырмаланып турат.
«Билим - байлык түгөнбөс, акыл - улук,
Адамда ушул эки артыкчылык»- дейт Жусуп бабабыз
бизге кайрылып.
Акылман бабабыздын: -«Дайыма сөздү ойлоп айтуу
керек, жакшы сөз сокур үчүн көздөй делет», - деген насаатына кантип каршы чыга алабыз?
«Өмүр кыска - төрөлгөн соң өлмөк бар,
Жакшы сөздөр - түбөлүктүү өлбөйт ал.
Азаматты эки сапат багыттайт Чындык сөзү, ак эмгеги карытпайт.
Адам өлсө - сөзү калат артында,
Жакшы атагы жашай берет артында.
Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер,
Ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер», - деп келечек урпактарына өзүнүн көөнөрбөс, түбөлүктүү акылын айтып
жатпайбы.
Жусуп бабабыз акырында сөз туурасында мындай
тыянакка келет:
«Тирүү жанга эки нерсе бериптир,
Бири - тили, бири - дили ак көңүл.
Сөздү, дилди жаратты адилет деп,
Жалганчылар жалынга күйгөнү эп.
Туура сөздөн чексиз пайда табарсың,
Жалган сөздөн каргыш - сөгүш аларсың.
Туура сөздү сүйлөй билгин тартынбай,
Кыйшык, калптан качкын өчүк касыңдай».
Элибиздеги «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Калптын казаны кайнабайт» - деген адилет сөздөрдүн төркүнү
ушул да.
Кыргызстан бүгүнкү күндө, демократия жолу менен
өнүгүп жаткан көз каранды эмес, эгемендүү республика.
Өлкөбүздүн тарыхында, анын коомдук турмушунун бардык
чөйрөлөрүндө мындай терең өзгөрүүлөр жүрүп жатканда,
өткөндүн тажрыйбасына кайрылуу айрыкча чоң маниге ээ.
Мында асыресе көөнөрбөс рухий мурастар өзгөчө орунда турат. Өткөндөгү маданий мурастардын мыкты жактарын кенен ачып, толук пайдаланууга, келечектин кызматына коюуга оңтойлуу мүмкүнчүлүктөр ачылып отурат.
Дегинкисинде рухий маданияттын жана коомдук ойлордун мурунтан келе жаткан баалуу, алгылыктуу жактарын учурдагы өнүгүүнүн талабына жараша кайра иштеп,
сиңирүү зарыл.
ЖУСУП БАЛАСАГЫН - Чыгыштын чыгаан ойчулу,
атактуу акын, ойчул, коомдук ишмер. Ж. Баласагын - 21 кылымда (болжол менен 1018 - 1086 - жылдарда) Баласагын шаарында, Кыргыз республикасынын азыркы Токмок
шаарынын түштүк тарабындагы Бурана мунарасынын аймагында жарык дүйнөгө келген. Анын өмүрү жана чыгармачылыгынын, жалпы эле ишмердүүлүгүнүн бирден - бир
булагы болуп - ириде « Кут билим» поэмасы саналат. Бул
чыгармасын 1069 -1070 -жылдарда Кашкар шаарында жазып бүтүргөн.
Бардык учурларда билимдүүлүк чечүүчү мааниге ээ. Ал
адамдын акыл эсине таасир берет, жамандыктан кутулууга
көмөк көрсөтөт, ыплас ишке бастырбайт. Адамдык бийик
сапаттар, маселен, сылыктык, боорукерлик, сыпайлык жана башка иштелип чыгат. Элге камкор болуу, калктын
жыргалчылыгы үчүн кызмат кылуу ар бир инсан үчүн бакыт жана жогорку адамгерчилик аброй болушу абзел.
Ошол үчүн жаштарды табиялоого көңүл бурганда аларды
элге, мамлекетке берилген, өлкөнүн, калкынын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган, өз убактысын бекерге кетирбе357
ген, аны өтө үнөмдүү пайдаланган инсандарды калыптандыруу эске алынышы зарыл.
Буга мисал катары:
«Терс кетпей адилеттин жолун жолдо, Жаштыкты кор
тутпагын турса колдо.
Колго алып, жакшылыктын жолуна сал.
Үйрөнсө, элге таяныч болуп калар.
Ак дил болсун, үйрөнбөсүн куулукту,
Кызмат өтөп, адам болсун туруктуу».
Демек, жаштарды эртелеп ар түрдүү илимге үйрөтүү алардын рухий жактан өсүшүнүн зор өбөлгөсү. Ойчул белгилегендей инсанды тарбиялоодо үй - бүлө чоң мааниге ээ.
«Ата - эне баарына болот үлгү,
Жашоодо - жаманбы же жакшы жүрүү.
Ата жолун көрсө бала тегинде,
Көнүп кетет оорго да жеңилге». Демек, балдарды тарбиялоодо ата - энелер өтө талаптуу болуусу керек, алардын
бекерчиликке, шалаакылыкка көнүшүнө жол бербей, дайыма өздөрүнөн үлгү алууга умтулушу ылазым. Мындай сыноодон өткөн балдар турмушка бышып келип, чыйрак болуп,
жакшы жүрүш - турушу менен өзүн да ата - энесин да бактылуу кылат.
Тарбиясыз бала ата - эне үчүн чекеге чыккан чыйкан.
А уулуң өскөн болсо эрке - талтаң,
Үмүт үз - адам чыкпайт андайлардан.
Эрке өсөбү балдарың - жаман адат,
Өмүр бою кайтса да - жашың агат.
Сот бийлиги жөнүндө.
Акыйкатчылыкты, адилеттүүлүктү талдап билүү канчалык кыйын. Ага жетүү андан да ыйык. Акыйкаттын туу
чокусуна умтулуу, жетүү жашоонун маңызы деп ойлойм.
Жашоо жалаң эле материалдык байлыктан турбайт экен.
Азыркы кезде айлана - чөйрөгө карап кээ бир сотторубуз,
адилетсиз чечимдерди да чыгарып жатпайбы?
Неге кыргыз мамлекетинде, кыргыздар арасында
ушунчалык мыйзам бузулат. Чындык чыркырап ыйлайт?
Мен өзүм да буга жооп табалбай бушайман болом.
Адилеттүүлүк жогорку жактан башталабы? Бийлик
адилет болсо, эл арасында да адилеттүүлүк болобу?
Эпикалык эстетикалык эрежелерди билүү эң зарыл
экен.
Исхак Раззаков:- «Сен бирөөнүн кыйындыгынан
коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк» -деген экен. Ырас эң
кыйыны өзүңдү өзүң таанып - билүү, эң оңою - бирөөгө акыл
үйрөтүү. Акыл - эсиң менен чындыкты таанып, калыс болуу
оңой эмес.
Жер жүзүндөгү пенде тагдырын чечээр сот, акыйкаттын ак - карасын тааный билген жүрөгү сыздаган энелерди
элестет. Бул жашоодо адилеттүүлүк өкүм сүрсүн.
Улуттук аң сезим ойгонуп, ыйманы тазаланып, эртеңки жакшы жашоого ишеним пайда болуп, өлкөдө сот
иштери акыйкат болсо мамлекет күчтүү мамлекетке айланары, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан айгиленип келет.
«Акыйкатсыз сот - өз элине атылган ок» дегендей,
бүгүнкү күндөгү кыргыз мамлекети XX кылымдан бери
жашап келип, кайрадан доордун жаңы бир тепкичине
көтөрүлгөндөй болду. Ар мамлекеттин өнүгүү тарыхы болот.
Биз кайсы деңгээлге келдик?
Кайсы мамлекеттин укук коргоочулары акыйкат
болсо, ошол өкмөткө ишеним артып, жарандары да туруктуу адилет жолду табигый мыйзам ченеминде тандап алып
күн кечирет.
Ал эми акчага сатылган соттордун чечимдери эл арасын иритип, түрдүү кылмыштарды күчөтөт. Мамлекет оңолбостон бузукулар көбөйүп, мыйзам күчүнө кирбей алсырайт,
эл башына кайгы келип, турмуштары оорлой берет. Ушуга
байланыштуу тарыхтан окуган бир окуя эсиме келет.
Бул байыркы Рим Мамлекетиндеги окуя эле: - « Падыша жалгыз олтуруп ойлоруна саресеп салат. Өткөн мезгилди эстейт. Кайдан - жайдан кайгырган, мунканган бир
эненин үнү угулуп, элеси келет. « Оо, падышам сен неге
башыңды жерге салып мүңкүрөдүң?» -деген суроо берет.
- Мен олтурган падышалык так сүйүнтпөдү. Элдин
турмушу оор, мамлекетим жарды, алсыз, коңшулар кол
салса бийлигим ыдырайт. Көпкө чыдай албас бекенмин… дейт кайгылуу. Ошондо падышага көрүнгөн элестен өзүнчө
бир добуш чыгат.
- Падышам, сен тыңша, мен айтайын. Мен муң - зарга,
кайгыга кабылган элдеги энелердин биримин. Карачы,
кандай гана адилетсиздикте эл жашап жатат. Эчендеген
кылмыш жасагандар да, энеден уланган (туулган деген
мааниде). Алар аялдын мээнети, маңдай тери, кубанычы,
күткөн кыялы эле. Эмне себептен кайгы көбөйдү? Сезесиңби
падышам? - Жок сезе албадым, негедир билгеним аз, - деп
желкесин кашыды.
Кайрадан жанагы назик үндү тыңшады. - Өлкөдөгү ак караны ылгоо үчүн сот бийлигин орнотконуң эң туура. Ал
сотуңдун акылын калчадыңбы? Дүйнө - мүлк, байлык деген
адамда адилет, чындык болбойт. Эчендеген адилеттик тепселип, алтын - күмүшкө көмүлүп эки адамдын чырына адилет карай албай калат.
Падышам сага айтаарым, аял затынын жүрөгүнүн тереңинде жаткан азапты туя алган, көкүрөгү зирек гана пенде сот боло алат. Ал эми ушул күнгө чейин иштеп жүргөн
башкы сот акыйкат чече албай, элдин ички дүйнөсүн иритип, ыйманын жоготуп, карасанатайлык кара тумандай
каптап тумчуктурса, кантип турмуш оңолот.
Падыша дагы бир карады да, : - Сен кимсиң?-деди… Мен акыйкаттын кудайы Фемидамын, эки адамдын ортосундагы чыр - чатакты көкүрөгүм, дил чырагым менен билемин. Ак -караны ылгоодогу нурлуу сөздөр чыгып көрсөтө
алам. Эгер мени уксаң бир сөз айтайын, ошол буйрукту аткара алсаң мамлекетиңди оңдойсуң.
- Падышанын жүрөгү өз огунан чыгып кетчүдөй болду.
Ошондо Фемида «Акыйкатты билбеген сотуңдун жон терисин сыйрып, стол жасаткын да жаңы сотту отургуз» -деди.
Ак ниет адамдар кор болуп, эмгек сүйбөгөн кара ниет
дүйнөкорлордун күнү тууп, чындык чыркырап ыйлап, кылмышкерлердин ордуна бейкүнөөлөр зынданга отуруп калганда падыша эң башкы сотту өзүнө чакыртты. Узун жеңдүү
кара, өтө сүрдүү кийими менен падышанын алдына келди
башкы сот. - Ушул мезгилге чейин адилеттүү иштедиңби?
Элдин тагдырын адилет чечип, калыс болуу берилбеди беле? - деп, падыша каардуу карады. - Улуу урматтуу падышам акыйкат иштедим, - деди сот. - Мамлекет тарыбынан
канча маянаң бар? Ошол кездеги белгиленген эмгек
акысын айтты.
- Отурган үй - мүлкүң, колуңдагы дүнүйөң канча деди
падыша.
Сот ойлоно калды да, бар дүйнөсүн толук айтсамбы же
жарымын жашырып койсомбу дегенин падыша сезе койду.
Жылдык тапкан эмгек акысын жана канча байлык - мүлкүн
териштирип койгон экен, соттун жооп беришин күтпөй эле
падыша айта салды. Демек, тапкан эмгек акыңдан он эсе
ашык дүнүйөгө ээ турбайсыңбы. Мага анын баарысын тактап жеткиришти, эл билет экен. Башкы соттун башы шылкыя түштү.
Падышанын сүрүнөн жалган айтып, бар дүнүйө мүлкүн жашыра алган жок. Ырас, падышам сиз билгендей
дүнүйө - мүлкүм бар, -деди сот.
- Сен мыйзам бузуп дүнүйө тааптырсың. Чындыкка,
адилеттикке караган жазалоочу мынчалык байыбайт,
мамлекеттин мыйзамын бузгандыгың үчүн, - мен сени жазалаймын. - Эмне жаза берээр экен деп сот камырабады.
Канча пендени зарланттың, какшаттың? Канча көз жашка
себепчи болдуң, эсебин өзүң берчи? - деп, падыша отурган
тактан түштү.
Башкы сот эчен жыл эски падыша менен иштеп жүрүп,
пенденин тагдырын чечип, берген жазасын көз алдына
келтире баштады. Кандайдыр бир ыйлаган көз жаштар, аял
затынын элестери келе берди. Ал соттун көз алдына да Фемида келген экен. Падыша желдеттерин чакырды: «Өз
калкына акыйкат сот болбогон үчүн мына бул ишеничти
актабаган дүйнөкордун жонтерисин сыйыргыла!» - деп
буйруду. Сот кыйкырып жансоога сураганда, бир да кишинин боору ачыган эмес. Бири да кыйкырып кой дебеген.
Анан ошол соттун жонтерисинен отургуч жасатты.
Ошондон баштап жүз жыл аралыгында отурган соттор
адилет болуп, мыйзам бузулбай, мамлекет оңолуп кетет. Ар
бир жаңыдан дайындалган соттор чечим чыгарып жатканда отурган орундуктан бир добуш угулуп туруучу дешет.
«Адилет бол, акыйкат бол, мыйзам бузсаң мага окшоп
тээриң сыйрылат» - деп кайталап турчу экен. Ошонун натыйжасында Рим империясы Европа гана эмес, дүйнөдөгү
күчтүү мамлекетке айланган. Балким, бул окуя чындык же
жалгандыр аны далилдөө мүмкүн эмес.
Кыргыз элинде кээ бир кесир рухтагы адилетсиздерди
аксакалдар азыр да «Жонтериң сыйрылгыр!» -деп айтышат, мүмкүн ошондойдур.
Адилетте ак - кара бирдей жүрөт. Адилеттүүлүк менен
караөзгөйлүк - адилетсиздик, чындык менен жалган, күлкү
менен кайгы, айтор булар жашоонун мыйзам ченеми.
Бүгүнкү күндө адилетсиз соттор барбы бизде? Жон терисин тирүүлөй сыйрый турган жазага жакын мыйзам
практикалык эмес, теориялык жактан болсо да жүзөгө
ашырып койсо болобу?
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасына сот реформасы өтө зарыл болгондой сезилип турат. Менин акыл токтотуп калган мезгилим Советтик Коммунистик партиянын
дооруна туш келди. Ал мезгилде сотторду, элдик
кеңешчилерди (заседателдерди) элдер өздөрү шайлоочу.
Эки кеңешчи (заседатель) элдин арасынан чыккандыктан,
алардын үнү да пенде тагдырын чечүүгө кошула алышчу.
Ошондуктан элдик сот деп аташчу эле. Кандайдыр бир
чындык чагылдырылып туруучу. Мыйзамды одоно түрдө
бузган укук коргоочулар негедир билинчү эмес. Кантсе да
элден чочулоочу. Ал тургай бийлик башында турган
башчылар жакшыраак үй куруп, дүнүйө жыйнагандан коркушар эле. Көпчүлүгү ак, адилет иштеп, дүркүрөп өскөн
СССРден Америка жана башка капиталисттик өлкөлөр сестенип турары чындык эле.
Эми биз эгемендүү мамлекет болгонубузда кандай
болду? Эмнеге жетиштик? 1990 -жылдан баштап демократия доору келди. Эгемендүү Кыргызстан өзүнүн баш мыйзамын - конституциясын оңдоп - түздөп кабыл алды. Баш
мыйзам өлкөнүн президентине, катардагы жарандарына,
ошондой эле жетекчилерге (чоңдорго) бирдей баш ийүүнү,
аны сыйлоону аныктаган.
Дүйнө жүзүндө эң демократиялуу Америка сыяктуу
өлкөлөрдө өздөрүнүн конституциясын президенти баш болуп сыйлап, анын статьяларын кыйшаюсуз аткарылышына
баш ийшет.
Мен, Американын президентинин шайлоо мөөнөтүн
мисалга келтире кетейин. Анда президенттин талапкери,
айкын - ачык шайлоо менен бир же эки мөөнөткө, (конституцияда кандай көрсөтүлсө) шайланса андан башка мезгилге узартууга болбосу белгилүү.
Ал эми эгемендүү биздин Кыргызстанда конституция
сакталабы? Өлкөнүн президенти канча мөөнөткө шайланат?
Шайлоолор таза, ачык -айкын өткөрүлөбү? Бул суроолорго
бир гана - «жок» деген жооп бар.
Буга далил катары Аскар Акаевдин мезгилиндеги президенттик шайлоолордо мыйзамдардын одоно түрдө бузулушун тастыктоонун кажети деле жок.
Батыш маданиятынын кулу болуп, ким экенибизди унуттук.
Эгемендүүлүккө жеткен күндөн тартып кыргыздын
каймактары башкаруунун жолун таппай, ата -бабалардан
калган ыйык мурастарды эстен чыгарып, батыштан келген
цивилизациянын артынан ээрчип, өз улуттук руханий
дөөлөттөрдү унутуп, ары урунуп, бери урунуп акыры оппозиция, бийликке бөлүнүп, элди унутуп, алдым -жуттум көр
оокат менен күн көрүп, пендечилик пастыктан жогору
көтөрүлө албай калдык көрүнөт. 70 -жыл орустардын карамагында жашап, суусун ичип, нанын жеп калган жаныбыз
бүгүнкү күнгө чейин кошоматчылык, көз карандылыктан
арыла албай келебиз. Өз алдынча иш жүргүзүп көрбөгөн,
айдап кел, байлап келден башка ишти аткара албаган башкаруучулук тажрыйбасы жок алгачкы мамалекет башчылары эркиндикти ээнбаштык деп түшүнүп, Кыргызстан географиялык жактан чыгыштан орун алганын унутуп, менталитетибизге туура келбеген жеңил- желпи батыштан
келген маданияттын кулу болуп, кырыз элинин рухий
дөөлөттөрүн, улуу мурастарын эскинин калдыктары деп
жээрип, батыш өлкөлөрүнөн көчүрүлүп алынган конституцияны кабыл алып, улуттун өзөгүн кыргызга тиешелүү болгон асыл сапаттар түзөөрүнө көңүл бурулбаганына күбө болуудабыз. Азаттыкка чыкканы орус тилин экинчи эне - тилим деп ураан чакырган адамдар менен бир кеменин
ичинде чогуу болуудабыз, орус тили кыргыз тилинин
жоюлушуна жол ачып жаткандыгын аңдап билип эле
жүрүүдөбүз.
Капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан улуттун
улуулугун, кыргыздын тарыхын, тилин, дилин билген эл
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 22
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.