Latin

Сезимде жүргөн элестер - 24

Total number of words is 4027
Total number of unique words is 2196
25.9 of words are in the 2000 most common words
37.1 of words are in the 5000 most common words
43.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
өнүгүү программасын иштеп чыгып, Өкмөткө сунуштадык.
Анан 2010 - жылдан 2035 - жылга чейин да келечекти
аныктаган программанын үстүндө иштөөдөбүз. Айрым
адамдар пландары жок деп негизсиз сындап жатышпайбы.
Түшүнүгү, деңгээли жок ал адамдар менен кызыл чеке болуп талашкым келбей жатат. Бирок, бир мисалды келтиргим келип жатат. Бир үй - бүлөнү алалы, ата - эне отуруп
алышып акылдашат: бир балабызды окутканга күчүбүз жетет экен, бир балабызды кирешебизге ылайык эмдиги жылы үйлөнтөйлү, куданы баланча күнү тосуп алалы, ашыбызды баланча жылы, баланча күнү бергенге мүмкүнчүлүгүбүз
болот деп кеңеш курулат эмеспи.
Үй-бүлөдө планы жок жашоо болбойт. Анан кантип
өлкөнүн планы жок болсун. Бул эми оппоненттерибиздин
негизсиз айткан сын сөзү. Экономикалык өнүктүрүү Жана
соода-сатык министрлигине байланыштуу оппонентерди
эгерде сиздерде дагы өзүңүздөрдүн планыңыздар болсо айтып берсеңиздер, кыргыз элин алдыга жылдыра турган
жакшы пландар болсо, биз кабыл алалы, силердики жок
болсо биз өзүбүздүн планды түшүндүрүп берели, кем-карчы
болсо айтып бергиле, же болбосо баарыбыз биригип чын
эле кыргыз эли өнүксүн десек өнүктүрө турган программа
болсо чогулуп алып иштебейлиби деген ниетти дайым айтып келүүдөмүн. Ошого чакырам. Керек болсо теледебаттарга чыгып, гезиттерде тегерек столдорду уюштуралы.
Каатчылыктарга туруштук.
-Жогорудагы экономикалык өсүүлөргө негиз түздүк деп
жооп бердиңиз. Бирок, дүйнөлүк каржы, энергетика, азык 395
түлүк каатчылыктары Кыргызстанга таасир эткендиги
байма - бай айтылып жатпайбы. Эми ушул кризистерге
Кыргызстан туруштук бере алабы?
Ушул кризистерди былтыр эле көргөнбүз. Алдын ала
моюн бербей турган шарттарыбызды түзүп алдык. Булар
кайсылар: банк системасындагы элдин акчасын сактап кала турган чара киргиздик. Мурун 20 миң сомго чейин акчаңарды банкта сактасаңар банкрот, инфляция, башка
болсо Өкмөт төлөп берет деп кепилдик берчүбүз, депозиттерди коргоонун фондун түзүп 100миң сомго чейин жеткирдик. Экинчиси, банктарда кандайдыр бир кыйынчылык
болуп калса, ошолорду колдоо максатында улуттук банктын алдында төрт миллиард сомго ылайык фонд түздүк.
Азыр бюджеттин аткаруу бөлүгүндө каатчылыктар таасир этип, көп ишканалар токтоп калууда, соода сатыктар
азаюуда. Ошондуктан, кирешелер кирбей калса пенсия, пособие, айлык акы сыяктуу чыгашаларды убагында берүү
үчүн бюджеттин туруктуулугун сактоо аракетинде 6млрд.
сомдун тегерегинде фонд түзүүгө жетиштик. Апрелде Россиядан келе турган 150 млн. долларды ушуга жумшамакчы
болуп жатабыз. Андан сырткары 300 млн. долларды Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү фондуна иштетебиз.
Өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясында айыл - чарба продукцияларын кайра иштетүү 5% гана экендиги, аны 25% га жеткирүү каралган. Атайын каралган фонддун каражатын приоритетүү түрдө айыл чарба продукцияларын кайра
иштетүүчү долбоорлорду ишке ашырууга, чакан жана орто
бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштүн башка маанилүү стратегиялык курулуштарына кредиттик ресурстар катары
сарптайбыз.
Биз өнүктүрүү фондуна жанагы 300 млн. долларды
салсак, бизнесмендер дагы ошонун деңгээлинде, же болбосо андан азыраак акчаны өздөрү кошуш керек. Мисалы,
сиз 1 миллион доллар алам десеңиз өзүңүз кошосузбу, башка жактардан аласызбы 500 миң же 100 миң долларды
сөзсүз кошумчалап долбооруңузду ишке ашырасыз. 300
миллионду 400 - 500 миллион долларга жеткирели деп
жатабыз. Анан бул иштетилип кайра келе турган, кийинки
долбоорлорго кайра кете турган, айланган жүгүртүүдөгү каражат болот. Мурдагыдай жебейбиз. Элдин, парламенттин
алдында кайда иштетилип жаткандыгы тууралуу отчет бе396
рип турабыз. Сырттан келген катуу соккуларга ушул түзгөн
фонддорубуз туруштук берип, азайтууга түрткү берет деген
ойдобуз. Бирок, кыйынчылык заман келе жатат. Бюджеттин бир топ чыгымдарын кыскартып жатабыз. Ошондуктан, белди бекем бууп, бири - бирибизге жардамдашып,
ынтымактуу иш билгилик менен бул каатчылыктардан
чыгуунун жолдоруна түшүшүбүз керек.
Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр.
-Тажрыйбалуу финансист катары Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө кайсыл маселени колго алсак деп ойлойсуз?
-Былтыр Президент Курманбек Бакиев элге кайрылуусунда энергетикага чекит коюуну айтты эле. Реформалардын баары эле чала жүргүзүлүп, ошол жактарда иштегендерге пайдалуу болуп, ал эми электр энергиясын пайдаланган элге жана бизнесмендерге акыбал кыйын болууда.
Мына ошол энергетиканын мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатабыз. Кырк пайыз жоготуу болууда. Муну биздин
коррупция менен күрөшө албагадыгыбыздын себеби деп
түшүндүрүүгө тийишпиз. Бул жерде өкмөттүн колуна толук
кармап алып, ошол жакта иштегендерге уурдаганга болгон
шарттар түзүлүп калууда. Өзгөчө бөлүштүрүүчү компанияларда уурдоону, тоноону токтотуу кыйын болууда. Эгерде
ошол жерде менчик инвестор же сектор болгондо мындай
чоң жоготуулар токтойт эле. 40% чоң жоготууну эң болбоду
дегенде 20% азайтышыбыз зарыл. Биз азыр 14 млрд. киловатт электр энергиясын чыгарып жатабыз. 20%жоготууну
төмөндөтсөк, 2 млрд. 800 млн. киловатты үнөмдөмөкпүз.
Бир чоң ГЭСтин кубаттуулугуна тете жоготууну жокко чыгарып коюудабыз. Ушул жерде кемчиликтер бар. Аны четтетүү үчүн коркпой эле бөлүштүрүү жагын менчикке беришибиз керек. Үнөмдөөгө жетишкен 20%дын акчасын экономиканы өнүктүрүүгө жумшасак утуш гана алмакпыз.
Анан алгачкы үч жылдын ичинде эл аралык аренага
да чыга турган эң чоң потенциал бул биздин айыл чарба
продукцияларын кайра иштетип туруп, экспортко чыгаруу.
1миллион 200 миң гектардан ашык сугат жерлерди элге
бөлүп бердик. 9 миңге жакын фермерлерибиз бар. Дыйкан397
дар чийки түшүмдөрүн сата албай, четке чыгара албай,
өстүрүүгө кеткен чыгымдарын актабай да калган учурлары
да болууда. 5 пайыз эмес 25 пайыз кайра иштетип, импортко чыгарсак фермерлерге да мамлекетке да пайдалуу
болмок. Мына биздин эки чоң приоритетүү багытыбыз.
Эгерде энергетикадагы жат көрүнүштөрдү жокко чыгарып,
«Камбар- Ата - 2» менен 1ди куруп алсак, анда бул жерде
аябай чоң потенциал болмок.
Бул мамлекетибиздин экономикасын көтөрүп, байгер
жашообузга негиз түзмөк. Биз электр энергиясын туруктуу
чет мамлекеттерге сатсак, аны чоң баада өткөрө алабыз.
Демек, өзүбүздүн дагы республикага алып келген кирешебиз да чоң болот. Ошол экспортко чыгаруунун эсебинен
биз ички саткан тарифтерибизди да азайтууга мүмкүнчүлүк
алабыз. Анан жанагы экономика өскөн сайын көбүрөөк
электр энергия сарптайт эмеспи. Энергетика менен айыл
чарбасындагы проблемаларды чечип, шарттын баарын чече турган болсок, буюрса, Кыргызстан мындан ары жакшы
эле астыга жылып кетет.
Элдик революциянын орду, сабактары.
-Элдик революциянын тарыхый ролуна, саясий маанисине кандай баа бересиз?
-Биз саясий чоң сабак алышыбыз керек. Бул демократия эмне дегенди кыргыз эли өз көз карашын, позициясын
көрсөтүп аныктады. Муну мен өз башымдан өткөрдүм. Бийлик сот аркылуу депутаттыкка талапкерлигимди күчкө салып, Кочкор элинин укугун тебелеп тепсеп, шайлоого бийлик тарабынан сунушталган талапкерлердин бардыгына
каршы добуш беришип, өз пикирлерин билдиришкен. Ошого карабай 16769 атуулдун укуктарын тепсеп, силер
тирүүлөй арбаксыңар деген зөөкүр бийлик шайлоонун экинчи турун өткөрмөк болгондо 2005- жылдын февраль айында
адилетсиздикке каршы биринчи толкуган Кочкор эли болгон. Жалпы Кыргызстан боюнча жайылган нааразычылык
эмнеден чыкты? Жогоруда айтылгандай экономикасы очорулган, элин карабаган адам укуктарын одоно бузган, эки
мөөнөт президенттикке ыраазы болбой, Конституцияны
бузуп үчүнчү жолу да бийлик башына келем деген А. Ака398
евдин саясатына нааразылык билдирген эл революция жасоого мажбур болду. Биздин Конституцияда бийлик булагы, башаты эл деп жазылган. Бул эстен чыгып, бийлик элди көзгө илбей, эсептешпей калган. Элди ойлобосоң эл бир
күнү баары бир бийлигиңе карабай туруп Кыргызстандан
айдап чыгат деген сабак болоор жыйынтыгын чыгарды.
Митинг, мыйзам, шайлоо.
-27 - мартта оппозициядагылар жалпы Кыргызстан
боюнча митингге чыгабыз дешүүдө. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
-Конституция боюнча ар бир атуулдун митинге чыгабы, оозеки же кат жүзүндө болобу ой - пикирин билдирүүгө
укугу бар. Бирок, бүт баардыгы мыйзамдын чегинде болуш
керек. Мен революция мезгилинде митингдерге катышкан,
уюштурган адам катары, «эмне үчүн, кимди көздөй, кандай
максатта баратабыз, койгон талаптарыбыз жүйөөлүбү?»деген суроолорго негиздүү жооп беришсе, анан чыгышса
туура болоор эле деп айтар элем. Айрымдар муну бизнес
катары көрүп алышты. Кээ бирлер 10 киши, башкасы 100,
500, аша чаап 1000 адамды чыгарам, мынча акча бергиле
деп соодалашкан адамдар да бар.
-Аздыр - көптүр экономикалык өсүүлөр байкалып, алыбызга жараша өндүрүш жолго коюлуп, элдин социалдык
муктаждыктарын мүмкүнчүлүктүн болушунча чечүү, жарандарыбыздын жашоо деңгээлдерин көтөрүүгө аракеттер
болуп жатканда элди көтөрүп, көчөгө чыгара турган кырдаал бүгүнкү күндө барбы?
-Жакшыбы, жаманбы азыркы бийлик төрт жыл иштеди. Өлкөдө мурда, кийин кандай жумуштар аткарылганын
жогоруда айттым. Бир жума боло элек Конституциялык сот
быйыл Президенттик шайлоо болоорун чечип, Жогорку
Кеңеш карап, 23 - июлда шайлоо өтөөрү такталды. Президент деле талапкер болчу татыктуулар бар деп айтпадыбы.
Ким президент болгусу келсе мыйзам жолунда программаларын элге жеткирип, жарышка чыксын. Эл калыс, ким татыктуу экендигин тандап алат.
-Революциянын лидерлеринин бири катары ыңкылаптын төрт жылдык майрамында жалпы калкка кандай каалоолорду айтасыз?
-Элге майрамыңыздар кут болсун демекчимин. Биз
берген убадалардын айрымдарын орундата албай жатабыз.
Буга жүйөөлүү себептер да болууда. Өзүбүздөн да кетип жатса керек. Мындан ары дагы бийликте жүргөндөр революцияны эмне үчүн жасагандыгыбызды унутпайбыз деп революционер катары айтам. Максаттарыбызды аягына чыгарганга чейин болгон күч аракеттерибизди жумшайбыз
деп жеке өзүм да ишендирип кетем, дейт Акылбек Жапаров
(Республиканын экономиканы өнүктүрүү жана соода министри) өзүнүн «Кыргыз Туусу» газетасынын 23 - март
2009 - жылдагы жарыяланган «Банкрот өлкөнү кабыл
алганбыз» деген темадагы газетанын экономика жана
маалымат
бөлүмүнүн
башчысы
журналист
Марип
Тайчабаров менен болгон маектешүүсүндө.
«Адамзат эңкейишке аккан
дарыя,
аны артка агыза албайсың».
Ривароль Антуан - француз жазуучусу.
Жашоонун маңызы эмнеде?
Эмки сөз менин жашоого болгон көз карашым, ой толгоолорум жөнүндө болмокчу:
Байыркынын баарын болгонун болгондой эстеп калган эч ким жок, азыркы убак менен тээ кийинки келечектин ортосунда орун ала турган окуяларды так биле турган
да эч ким жок.
Адам баласы өмүр жолунда үчүнчү миң жылдын босогосун аттап өткөнүн жакшы билебиз. Ал өткөн мезгилде арбын ийгиликтерге, жетишкендиктерге ээ болду десем
жаңылыштык болбос.
Адамдын жашоодогу муктаждыгын (башкача айтканда анын денеси менен сөөгүнүн) канааттандыруу багытында тамак, кийим, жылуулук менен камсыз кылууда, жыргалчылыкты көрүп, ырахаттанууда (кумар оюндар, эс алуу,
саякаттануу, ичимдик, бангилик, сойкулук ж. б.) эбегейсиз
бийиктикке жетти, муну далилдөөнүн кажети деле жок.
Саламатчылыгын сактоодо да зор ийгиликтерди жаратты: жугуштуу адамды кырган ооруларды ооздуктады,
(келте, чечек, безгек ж. б.) адам өмүрүн кыйла узарта алды.
Ушунун баары билим, илимдин өнүгүп өсүп, жетишкендиктери менен келди.
Адам өмүрү бааланып, укуктары көтөрүлүп, коргоого
алынды.
Адам коому - зомбулукка, зөөкүрдүккө негизделген
түзүлүштөн, адам эркиндигине, укуктарына таянган
өнүгүүсүнө жетти.
Бул ийгиликтер Адам баласы үчүн өтө кымбат турду:
эки миң жылды талап кылды, канча жүз миллион адам
уруш, талаш, чабыш, согуш жолдорунда курмандыкка чалынды. XX кылымда табияттын өзүнө да орду толгус зыян
келтирилди (жердин, суунун, абанын булганганы, токойлордун кыйылып, жаныбарлардын кырылып, жок болушу
ж. б.)
Бүгүн бул жетишкендиктерге цивилизациянын - жапайчылыктан аруулануунун - ийгиликтери, белгиси,
көрсөткүчтөрү деп баа берилип жатат.
Денеге - Эт менен Сөөккө - Жан кошулганда гана ал
Адам болуп, Адам деген түшүнүктү түзөт эмеспи.
Жаны чыккан Адамдын кыймылсыз, сезимсиз Денеси,
Сөөгү эле калат.
Адам Дененин муктаждыгын өзүнүн Жанын сактап туруш үчүн камсыз кылат тура.
Бирок, Дене Жанды өзүнө батырган «идиш» гана болгондон кийин, Жандын өзүнүн талаптары канча канаттандырылып келди жана бүгүн Адамдын жан - дүйнөсүнүн абалы кандай?
Жандын муктаждыгын канааттандыруу багытында
Адам баласы руханий байлыктарды таап, маданият, чыгармачыл
өнөрлөрдү
өнүктүрүүдө
зор
ийгиликтерге
жетишти. Ырлар, обон, күүлөр, сүрөт тартуу, бий, дастандар, адабий чыгармалар Адамдын жанын азыктандырып,
аны жаңылантып, тазалап, жапайылыктан Адамгерчилик,
ыймандуулук, ырайымдуулук, кайрымдуулук, боорукердик, адептүүлүк, намыскөйлүк касиеттерге чакырып, тартып, сүйрөп, көтөрүп келди.
Өткөн мезгил артына,
Кайтпаганын карачы.
Бүгүн көргөн эртең жок,
Кубулганын карачы.
Өлүм сырын эч бири,
Таппаганын карачы!
-деп Жеңижок айткан экен.
Денеге тиешелүү алты сезимди Адам баласы ченеп,
өлчөй алса (алыс - жакын, ысык - суук, оор - жеңил, ачуу таттуу ж. б.), Жанга тиешелүү сезимдерди -сүйүү, кубануу,
кайгыруу, капалануу, арман болуу, уялуу, ачуулануу,
өкүнүү, коркуу, ыймандуу, адептүү, намыстуу, кайрымдуу
ж. б. у. с. түшүнүктөрдү - Адам баласы колу менен кармап,
таразалап, ченеп, өлчөй албайт. Себеби - Жан өзү эмне экенин, анын сырын адамзат билбейт, аны дагы кармап, ченеп өлчөй албайт. Жан сезимдердин баары - Адамдын жан
дүйнөсү деген түшүнүктү түзөт. Адамдын бүт кыймыл иштерин, жакшысын - жаманын Адамдын башы чечпейт.
Адамдын мээси кыймыл - иш аракеттеринин мүмкүндүү
жолдорун гана сунуштап турат. Акыркы чечимди Адамдын
Жан дүйнөсү гана кабыл алат жана Денеси аркылуу (буту,
колу, тили, кулагы, көзү ж. б.) иш жүзүнө ашырууга аракеттенет.
Жан денеден чыгып кеткендин бышык белгиси жүрөктүн токтогону болгон үчүн (жүрөктөн башка адамдын
бир дагы мүчөсү муну дароо так белгилеп бербейт), Жанды
- Жүрөккө байланыштырып, Жан сезимдерди Жүрөккө тийиштүү деп: Жүрөктүн сүйүү оту, Жүрөктүн күйүтү, арманы,
кайгысы деп айтып, Жан дүйнөнүн терең мазмунун Адам
«Жүрөк» деген бир сөзгө камтып, түшүнөт.
Денени жүрөк такай кармап, токтотуп, башкарып, ойлорунан өйдө турбаса - Дененин талаптары, муктаждыгы
бат эле Өрткө айланып, Адамдын өзүн, Адамзатты дагы
күйгүзүп, күлгө айлантып жок кылып жиберүүчү күчү бар
экен.
Адамзат кийинки эки XIX XX кылымдарда илим аркылуу - өзгөчө салмактуу, өзүнүн жашоо шартын гана эмес,
тагдырын бурган жетишкендиктерге ээ болду.
Мына ушул жагдайда тарыхка кайрылып анын адам
баласына тийгизген оң жана терс таасирин карап көрөлү.
Бул ийгиликтердин басымдуу көпчүлүгү Дененин муктаждыгын чечүүгө багытталган, адам баласына эбегейсиз
күчтүү куралдарды берип, Табияттын өзүнө да коркунуч
түзгөн мүмкүнчүлүккө жеткизди.
Бул багытта Адам алдыга миң кадам жасап жиберсе,
Жан дүйнөнүн, Жүрөктүн өнүгүү жолунда сезимдүү жаңы кадам жасай албай, тескерисинче - артка чегингенсип туру.
Мындай артка кетүүнүн негизги себептери төмөнкү
болду:
-Илим, билимдин жана техникалык каражаттардын
өнүккөнү Ааламга, жаратылышка, адамдар арасындагы мамилелерге болгон Адамдын көз карашын түп тамырынан
өзгөрттү, «материализм» деген илимий окуу жолуна алып
келди.
Табияттын сырын баарын ачып алабыз, Кудай жок,
Кудайсыз эле баарын багындырып жатабыз, Айга учуп
бардык, ал жерде да Кудайды көрө алган жокпуз деген
тайкы, чолок ой - пикирлер күч алып, Динге каршы иштер
мамлекеттик саясаттын деңгээлинде ишке ашырылганы
тескери жыйынтыгын берди.
-Илим, билим, техниканын ийгиликтери Адам баласынын ой - сезимин чукул бурулушка алып келди. «Химия,
физика, биология, техникалык илимдердин мыйзамдарын
таптык, ал мыйзамдарды пайдаланып жаратылышты каалашыбызча, Кудайы жок эле, баш ийдирип алабыз деген
ишенич өкүм сүрдү.
Демек, адамдын жан дүйнөсүнө, анын жүрөк сезимдерине көңүл буруунун кереги деле жок дегендей пикир
үстөмдүк кылып турууда.
Уят, намыс, абийир, арман, сүйүү, күйүт, ыйман, адеп,
кесир ж. б. Жанга мүнөздүү сезимдердин баркы түшүп, алар
«эскирип», 19 -кылымда Адамга кереги деле жок дегендей
көз караш күч алып барууда. 21 - кылымда Дененин керектөөсүн канааттандыруудагы жетишкен бийиктикке жараша адамдын жан дүйнөсүнүн тереңдиги, тазалыгы кошо
көтөрүлбөй калганы руханий - маданий абалды оор кырдаалга алып келди, адамгерчилик баалуулуктардын баркын
өтө төмөн түшүрдү.
Бул көрүнүш бүгүн жалпы адамзатка мүнөздүү, бирок өтө курч - Батыш коомуна тиешелүү болду.
Денеге керектүүлөрдү өндүрүп, өркүндөткөн багытта
Батыш бүгүн дүйнө жүзүндө эң алдыңкы катарда, эң
бийиктикте. Бул талашсыз.
Бирок, адамгерчилик касиеттерди жоготуп, аларды эң
төмөн баалап, алардын ордуна байлыкты, дүйнөнү, акчаны,
пайданы, мыйзамды, билимди, Соттун чечимин коюп, Коомду ушуларга баш ийдирген жагынан да Батыш эң алдыңкы катарда, эң «бийиктикте».
Азыркы мезгилде ыйман, уят, намыс, адеп, абийир,
ырайым деген түшүнүк - сезимдер коомдо, адамдар арасында, маданият багытында өз маанисин, ордун жоготуп
койгонго барып калды.
Алардын ордун Мыйзам, Келишим, Сот, Акча ээледи.
Батыш ушул түшүнүктөргө сыйынып, ушуларды даңазалап,
эң бийик баалап турган учуру.
Батыштын баалуулуктарын алардын кинолорунан
кийинки 15 - 10 жылдын ичинде жетиштүү көрдүк: Дене
кумары, Байлык кумары, Бийлик кумары, Кара күчтүн
үстөмдүгү - уруп, согуп, атып, бычактап, кырып, өлтүрүп
максатына жетүү.
Батыш Коому сыйлаган, баш ийген, туу туткан,
сыйынган байлыктар ушул.
Дененин кумарын тизгиндеп, ооздуктап турбаса ал
Адамдын өзүн өрттөп, жок кылып жиберет. Канча миллион
адам алкоголик, наркоман болуп, өзүн токтото албай жылына кайтыш болуп жатат?!
Же болбосо, уурулук, кылмыштуулук, сойкулуктун
айынан өзүн гана эмес, жакындарынын турмушун азапка
салгандар азбы?
Берген сөзүнө бекем турбай, убадаларын аткарбай,
сүйлөгөнү калп, эки жүздүү адамдар айланабызда көбөйүп
баратканын жашыра алабызбы?
Жалкоо, бекерчиликтен чыга албаган орой, адамдын
көңүлүн сууткан, үй - бүлөсүн бакпаган, жоопкерчилиги жок
адамдар денесин башкара албагандан, Жан дүйнөсү намыс,
уят, абийир, ыйман деген касиеттерден айрылганы үчүн,
өзүнө да, элине да, Мекенине да пайдасы жок, Жарык
дүйнөгө бекер эле келгендей болуп жүрүшпөйбү.
Ыйманын жоготуп, Уятты унутуп, Абийиринен айрылып, пейилин кеңейте албай, ач көздүктөн, ичи тарлыктан,
көрө албастыктан, эки жүздүүлүктөн ушак таратып, адам404
дарды бири - бирине кагыштырып, ортолоруна от жагып,
мансап үчүн журтун сатканга даяр, кошоматчылыктан
башы чыкпаган айрым кызматчы - жетекчилер элинин,
Мекенинин келечегин мите курттай жеп жатканы - алардын Жүрөгүн котур басып, Жан дүйнөсү көңдөй, ичинде эч
бир ыйык сезим жок, элдин убалына калган эки буттуу айбандар асмандан түшпөй эле, арабыздан чыгып жатканын
эмне менен түшүндүрөбүз?
Мунун түпкү себеби адамдын Жан дүйнөсүнүн.
Жүрөгүнүн тазалыгында же булганычында.
Адамды Адам кылган, Айбандан айырмаланткан Улуу
Касиет - мээ сунуштаган мүмкүнчүлүктөргө чек коюу, ачууга, жамандыкка, ыпластыкка, ыймансыздыкка жол бербей,
Адамгерчилик ыйык сапаттарды бекем кармап, алардан
адашпай, уятын, абийирин, намысын сактоодо.
Бул багытта Адамды ийгиликке жеткизген бир эле
сыйкырдуу күч бар:
-Жүрөктүн тазалыгы, ички дүйнөнүн кенендиги, эрктин күчтүүлүгү аркылуу өзүн - өзү такай токтотуп, Ыймандуулуктун, Адамгерчиликтин чегинен чыгарбай кармап
жүрүү.
Демек, эң маанилүү, эң башкы Адам касиети - мыйзамдар, мамлекет, бийлик койгон тыюулардан мурда, аларга
жеткизбей эле өзүн - өзү чектеп, Адамзат тапкан Улуу руханий баалуулуктарды бузбай аларга баш ийип, аларды сактап туруу.
Батыш коому Адам баласына зор эркиндик берип, Ички чек коюуну жокко эсе чыгарып, болгону гана Тышкы:
мыйзам, соттун тыюуларын баалап койду. Ушуну менен
уят, намыс, абийир, арам, адал, пейил, ыйман, калыс ж. б.
Адамгерчиликтин ыйык белгилерин урматтабай, баалабай,
сыйлабай, эске албай, баңгилик, паракорлук, кылмыштуулук, мыкаачылык, зөөкүрлүк, зомбулук, адепсиздик,
абийирсиздикке кенен, даңгыраган жол ачып, байлык менен акчаны адамзатты жутуп жиберчү ажыдаарга айланты.
Чексиз дүйнөкорлукту, дененин кумарын бир эле күч
токтотуп, ооздуктай алат - ал Адамдын руханий бийиктиги, жүрөк сезимдери, жан дүйнөнүн тазалыгы, ыйманы,
уяты, намысы, пейили, топук кылуу касиети.
XXI кылым адам баласынан илимий - техникалык
өсүүдөн мурун ушул багытты маанилүү деп, адамдын руха405
ний ыйык байлыктарын өнүгүүсүн, бийик көтөрүлүүсүн, дененин толук жүрөккө, ыйманга баш ийдирүүсүн талап кылып турат.
Мыйзам эмес адамгерчилик ыйык касиеттерди коом
эң алдыга коюп, эң бийик баалабаса - адамзат алдыга жыла
албайт, бир - эки кылымда жарга такалат.
Себеби, илимий - техникалык өсүш канча ылдамдыкта
болбосун, адам баласынын чексиз дүйнөкорлугун, кумарын
ал канааттандыра албайт.
Жер байлыктары өзү да чексиз эмес. Жер жүзүндөгү
мунай байлыктар дагы 90 жылга. Газ - 50 жылга, уран 300 жылга, көмүр - 600 жылга эле жетет.
2010 - жылы адамдын саны 10 миллиарддан ашат. Бул
маалымат илимий далилдөөлөрдөн алынгандыгын белгилеп кеткенимди жашыра албайм.
Бул өзү жерге, сууга, абага, жалпы табиятка көтөрүлгүс
жүк болоору бүгүн эле көрүнүп турат.
Бирок, эң алгачкы, бул адам баласынын руханий, маданий өсүшүн талап кылган, Адамгерчилик касиеттерге тоодой жөлөк болгон, Адамзаттын тагдырын чечкен тарыхый
сыноо болоору шексиз.
Мына ушул кырдаалда, ушул дүйнөлөштүрүү мезгилинде, ушул тарыхый сыноодо кыргыз элинин абалы, орду,
жолу, аракети, тагдыры жөнүндө ар бир Улутубузга, Мекенибизге, өзүбүздүн балдарыбызга, өзүбүзгө кайдыгер эмес
атуул ойлонууга мезгил жетти.
Биз күн кечирип жаткан мезгилдеги жогорудагы кырдаалды, жагдайларды менин жеке түшүнүгүмдүн, байкоолорумдун негизинде - окурмандын таразасына коюп, тиешелүү жакшы жактарын баалуу, сапаттуу, ылайыктуу асыл
маңызын жаштарды тарбиялоодо алардын аңсезимине
сиңиртүүдө өз таасирин берер деген үмүттөмүн.
Эми байыркы, үч миң жыл мурун көчүп - конуп жүргөн
ата- бабаларыбыз таап, түзүп кеткен руханий дөөлөттүн негизги - түпкү осуяттарына кайрылып көрөлү: Ата - бабаларыбыз - ааламды, жылдыздарды, күндү, айды, жерди, сууну, тоону, аба, асман, адамды, мезгилди жаратып,
кыймылдатып, жандууларга жан берип кайра алып, баарын билип, чечип турган Кудай асмандын жетинчи кабатынан буйругун жүргүзүп турат - деп ишенишкен.
Кудурети күчтүү Кудайдын чеги жок, денеси жок, адам
акылы аны түшүнүүгө алсыз, ал таза, түбөлүк, ыйык,
сыйкырдуу, калыс, адилет деп ойлоп айтышкан.
Кудай жаратып, анын буйругу менен кыймылдаган,
бар - жок болгон Күн, асман, жылдыз, ай, жер, суу, токой,
аба, тоо, от баарына бирдей, жандууну жаны жоктон ылгабай, адам - айбан деп бөлбөй, адамдарга улутуна, жынысына, жашы - карысына, кедей - байына, падыша - букарасына карабай калыс, тең мамиле кылганы - Кудайдын баарынан калыс, тең болгонун билдирет дешкен.
Ата - бабаларыбыз сый - урматын көрсөтүп, Кудайды
атынан айтуудан тартынып, тергеп, адам таңкалып, жетпес
Улуу теңчилигин белгилеп - Теңир деп коюшкан.
Асмандын жетинчи кабатынан өз буйругун жиберип
турган үчүн Көк Асмандагы Теңир, Көкө Теңир деп кайрылышкан.
Жаратылышты, жер, суу, тоо, токойду Теңир жараткан
үчүн, ага адам урмат - сый менен гана мамиле кылуу керек
деп түшүнүшкөн.
Атүгүл, жан - жаныбарларды, курт - кумурскалады,
чөптү, ташты, куш - канаттууларды, Оттуу Теңир өзү жараткан үчүн, аларга сый, урмат, аяр мамиледе болуу зарыл деп
ишенишкен. Адам өзүн алардан өйдө баалап, аларга каршы
коюу - Теңирге каршы чыгууга барабар деп ойлошкон.
Адамдын оюн, сөзүн, ишин, өмүрүн, тилегин экиге
бөлүшкөн - Теңир колдоп, жактырган - Адалга, Теңир колдобой, жолун туюк кылган - Арамга.
Адамдын, суунун, жердин, чөптүн, малдын, кумурсканын, теректин ж. б. Убалы да, Сообу да болот деп терең
ишенишкен.
Арам иштин аягы жаман болот, адамга - жукпайт, буюрбайт, кустурат, Адал гана буюрат. Адамдын кесири кайрылып келип өз башына тиет.
Теңир кечирбеген адамдын күнөөлөрү: бирөөнүн өмүрүн
алуу, же ажалына себептүү болуу, баш - аламан жыныстык
мамиле жүргүзүү, уурулук, калп айтуу, чыр - чатак, уруш
чыгаруу, бирөөнүн көңүлүн калтырып кемсинтүү, мазактоо,
шагын сындыруу, ичи тарлык, ушак айтуу, көралбастык,
арам ойлоо, адамга ишенбөө.
Адам күнөөлүү болсо - ал сөзсүз жазага тартылат, тиги
дүйнөгө жетпей, бул дүйнөдө Теңирдин калыс өкүмүн көрөт.
Өзү көрбөсө, балдары бул дүйнөдө күнөөсүз тартып, азап чегет.
Сыпайкерчиликтин,
жалкоолуктун
түбү
кор,
дыйканчылык адал болот. Адамдын каны менен каргышы
тукум кууйт. Каргыштан алыс бол, эч кимдин убалына
калба дешчү.
Адамдын пейли тарыган сайын, Теңир кутун азайтып
мейли байысын, бирок бакыттан алыстатат.
«Ат жүгүрбөй, тап жүгүрөт, бак жүгүрөт» деп, мансап
талашпа, жүгүргөн албайт, буйурган алат. Дөөлөтүңө ишенбе, ал тоголок топтой томолонуп кете берет - дешкен.
Элде болсо тең болсун, тең болбосо көпчүлүктүн сугу
тешип, өтүп кетет, арыз - муңу тукумуңду торойт, жолуңду
бууйт.
Адамдын жаны чыкканда, ал асманга кетип, Арбак болот. Арбактар улуу, кайрылып келбейт, адамдар аларга барып кошулат.
Арбактарды унуткандын жолу ачылбайт деп ишенишкен.
Алла Тааланын инсандарга болгон буйруктарын (осуяттарын) бекем тутуп, Кудайга (Теңирге) болгон ишенүүнү
ыйман деп түшүнүшкөн.
Тиги дүйнөгө кеткен адамга бир эле каалоо айтылат:
«Ыйманы (Теңирге ишеничи) жолдош болсун» деп. Мен,
мусулман баласы, ислам дининдеги Алла Таала буйурган
беш парздын бири - Меккеге ажылык милдетимди аткарган адам катарында «ыйман» деген түшүнүктү чечмелөөнү
да туура көрдүм.
Ыйман деген эмне? Чын көңүл менен ишенүү. Момун
жана мусулман эмнелерге ишенүүгө тийиш? Бүткүл дүйнөнү
жана ааламды, жерде болгон жан - жаныбар, макулуктарды жоктон бар кылуучу, Алла Тааланын (Теңирдин) бар
жана бирдигине (жалгыздыгына) бардык асыл сапаттарына ошондой эле Мухаммед алейхис - саламга берген хак
(ыйык) китеп бар экендигине, Алла Тааланын кудурети
менен баяндаган шарият өкүмүнүн ар кайсысы чын жана
тууралыгына ишенип ыйман (иман) этикат (амал) кылуу
тийиш. Бардан жок, жоктон бар кылып, баарын жаратып,
кыймылдаткан жалгыз Кудай өзү.
Канча улут, канча диний ишенимдер бири биринен
айырмаланбасын - Кудай бир. Адамдардын Кудайга баскан
ишенич жолдору гана бөлөк - динине жараша.
Бул жолдор канча узак, татаал, эрежелештирилген,
ийри - буйру болсо, ошончо адамды Кудайдан алыстатат.
Өзгөчө, адам менен Кудайдын ортосунда адамдар өзү
турса -пендечиликтин изи болбой койбойт.
Теңирдин буйругу менен баарына тең жаратылыш гана
адам менен Кудайдын ортосунда болгондо - анын ишенич
жолу эң таза, кыска, күчтүү болуп, жашоо эрежесине,
шартына айланат.
Күн, жер, ай, асман, суу, тоо, токой бул дүйнөгө мейман болуп, көз ирмемге эле келген Адамдын түбөлүк жана
ыйык жалгыз үйү эмеспи.
Адал жашап, Ыймандуу өмүр өткөзүү - бул үйгө келгендеги тазалыкты сактап, таза жүрүп, булгабай жаман сөз айтып, жаман иш жасабай, таза калтырып кетүү.
Табигый Жаратылыш Адамдын ыйык үйү болгон үчүн
Кудайга анын ишеничин түз, таза жеткизип турат деп
байыркы ата - бабаларыбыз түшүнүшкөн.
Ааламды жаратып, ага толо сан жеткис жылдыздардын баарын Алтын Казык жылдыздын тегерегине
адаштырбай айлантып турган буйрук кимден?
- Кудайдан.
Жандуунун баарына жылуулук берип, жарык нурун
чачкан Күндү көз ирмемде кечиктирбей чыгарып, көз ирмемге эрте батырбаган улуу күч кайдан?
- Кудайдан.
Кыштан кийин адаштырбай күз эмес жазды жиберип,
Жерге жан киргизип, көгөртүп, жандуулардын жалгыз
башын эки кылып, баарын ойготуп, аракет кылдырган
буйрук кимден?
- Кудайдан.
Курт - кумурска, бака - жылан, доңуз - чымчык, айбан адам деп бөлбөй, ылгабай баарына тең, бирдей мамиле кылып, мээримин төккөн күндүн, суунун, жердин, айдын улуу
калыс - адилеттиги кимден?
- Кудайдан.
Кычыраган суукту - кайнаган ысык менен теңдеген,
караңгы түндү жарык күн менен теңдеген, азапты - жыргалчылык, жаманды - жакшылык менен, кирешени - чы409
гаша менен, кайгыны - кубаныч менен, жаралууну - жоголуу менен, теңдеген улуу өлбөс, өчпөс Теңчилик кимден?
- Кудайдан.
Барды жок кылган, жокту бар кылган, Ааламга ырааттуулукту берген, түндөн кийин күн, жайдан кийин күздү
жиберген, жаштын баарын карыткан, жардыны бай
кылган, байды кедей кылган - Улуу Адилеттүүлүк, Даанышмандык кимден?
- Кудайдан.
Мезгил менен аралыктын сыры кимдин колунда? Алар
кимдин буйругуна баш ийип, кимдин өкүмүн аткарат?
- Кудайдан, - деп ишенишкен.
Жараткандын жайы кайда? Ааламдын ары жагында,
Асмандын жетинчи кабатында деп байыркы Ата - бабаларыбыз Көктөгү Теңир, Көкө Теңир деп тергеп айтчу экен.
Теңирчилик - аалам тааныткан, адамдын, өмүрдөн сырын терең билип, ачып, түшүндүргөн, Кудайга жүрөгү менен
ишендирип, кыргыздарды үч миң жыл руханий тазалыкта
сактап келген Улуу Касиет, Ыйык Билим, Жараткандын
колдоосу.
Улуу ойчул, алп акын Жеңижоктун бир эле ырынан
алынган үзүндүлөргө кайрылсак:
Жети кабат Асманды,
Жайгаштырган ким экен?
Жансыз жаткан жер бетин,
Жашыл кылган ким экен?
Жердин бетин кут кылып,
Жер бетине жуп кылып,
Жан жараткан ким экен?
Бирде Күндү көрсөтүп,
Кайра Түндү көрсөтүп,
Кыймылдаткан ким экен?
Асман, Жердин арасын,
Алыс кылган ким экен?
Күн нурун көктөн чачтырып,
Калыс кылган ким экен?
Боло турган тагдырды
Көрүп турган ким экен?
Акыл менен чечмелеп,
Бөлүп турган ким экен?
Өлгөндөрдүн жандарын,
Алып жүргөн ким экен?
Сандыгына чогултуп,
Салып жүргөн ким экен?
Ай, Күн, Жылдыз, Асман, Жер,
Буларды ким жаратты?
Учсуз. түпсүз асманга,
Жылдызды ким таратты?
Таңкы Сары жылдыздын,
Баткан жайы кайда экен?
Топ олуя биригип,
Жаткан жайы кайда экен?
Жети кабат асманга,
Күн жараттың бир Алла,
Жылдызды чеге Ай менен,
Күн жараттың бир Алла.
Түрдүү - түрдүү ааламга,
Түр жараттың бир Алла.
Ичи толгон бейишке,
Үр жараттың бир Алла.
Адам - ата, ава - эне,
Жуп жараттың бир Алла.
Бугу, Марал, Кийикти,
Ташта кылдың бир Алла.
Жетип алар ажалды,
Башта кылдың бир Алла.
Курт - кумурска, бөй - чаян,
Чөлдө кылдың бир Алла.
Өлгөндөрдүн баарысын,
Гөрдө кылдың бир Алла.
Каз, өрдөктүн баарысын,
Көлдө кылдың бир Алла.
Теңирчиликтин Улуу, түбөлүк осуяттары
элибизде ушинтип сакталып, жашап келген.
Кудай Адамга дене берип, ага жан киргизип, жарык
дүйнөгө жаратып, алдына булак суусундай таза, көз уялткан кооз, сөз жеткис сулуу Жерди төшөп берет экен.
Мындан артык бейиш болобу? Аны азапкка айланткан адам
өзү. Азап айдан, күндөн, жерден, суудан келбейт, Адамдын
өзүнөн - ички дүйнөсүнүн булганычынан тарайт.
Адамдын жан дүйнөсүндө көрө албастык, ичи тарлык,
ач көздүк, дүнүйөкорлук, арамзалык, эки жүздүүлүк, жеке
кызыкчылыгын элден, жерден, суудан, өйдө коюу пайда
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 25
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.