Latin

Сезимде жүргөн элестер - 19

Total number of words is 3898
Total number of unique words is 2185
25.8 of words are in the 2000 most common words
37.1 of words are in the 5000 most common words
43.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
деген окумуштуу келип, тажрыйбасы жок адамдарды тегерегине чогултуу менен баарын тозутту. Бир эле мисал келтирейин, 1992 - жылы Москвадан келсем, өкмөттүн жыйынына катышыңыз деп суранышып калды. Кирсем өлкөдөгү
самолетторду Барнаулга айдап кетишти, заводдордун тетиктерин вагондор менен ташып жатат деп баары өкүрүп кыйкырып, ызы - чуу болуп жатышкан экен. Акаев мамлекеттин ичиндеги мүлк Кыргызстандыкы деп чечимге кол
койгон. Бирок аны сактап калууну уюштурган эмес. Орустар булардын шалаакылыгын билип, керектүүнүн баарын
ташып кетишти. Кудайдын буйругубу же кыргыздын шоркелдей багынабы, айтор, ошондон тартып бүгүнкү күнгө
чейин бийликке жалаң тажрыйбасы, акылы жок адамдар
келгендиктен, азыр КМШ мамлекеттеринин ичинен эң начар, алсызына айландык. Башындагы адам сук болгондон
кийин төмөнкү кызматтагылар өлкөнүн кызыкчылыгы
эмес, жалаң өздөрүнүн кызыкчылыгы менен болуп каларын
турмуш көрсөттү, азыр да кайталанууда.
Ооба, 24 - мартта бийлик алмашканда кемчиликтер
эми
оңолот
экен
деп,
жалпы
кыргызстандыктар
сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы, булар мурункудан да ашып
түшүп, элди талап - тоноо менен байлык топтоого киришти.
-Союздун казынасы бир болгон дедиңиз. Анда эмне
үчүн казактардын же өзбектердин пансионаты деп коюшкан?
-Ысык - Көл «бүткүл союздун эс алуучу жайы» деген
статус алган. Анан жалгыз Кыргызстан баарына шарт
түзүп, баарын куруп, жалгыз тосуп алалбагандыктан, убактылуу пансионаттарды өздөрү куруп, эс алуу үчүн кошуна
республикаларга уруксат берилген. Ошондой эле, маселен,
Чаткал, Алай жакта, Өзбекстандын, Тажикстандын малы
жайлап келчү. Ал эми бизде мал бакканга жер аз болгондуктан Казахстандын Кенесанархайына барып жайлап кышташчу. Союз ыдырагандан кийин биз барбай калдык.
Жамбулдуктар Таласка келип жайлашчу, алар да келбей
калды. Биздикилер ал жерлерге сарайларды курган. А эмне
үчүн кийин казактардан Кыргызстан курган сарайлары
биздики деп айта алган жокпуз. Айтмак турсун бизди жакын жолотуп да койбойт. Ал мал чарбачылыгына тийиштүү
болгондуктан көтөрүлгөн жок да. А Ысыккөл болсо жердин
көзү. Бул жерде эс алса да, акча тапса да болот. Ошондуктан баарынын көзү кызарып турат.
Мисалы союз кезинде Крымда дагы бир топ республикалар эс алуучу жайларды куруп, эс алып келишкен. Башкасын айтпаганда Москванын баардыгы эле Крымда эс
алышчу. 1992 - жылы ушул боюнча катуу талаш чыкканда
мен да барып СНГнын чогулушуна катышкам. Бирок, Украина катуу туруп бербей койгон. Казахстандыкы деген төрт
пансионатты бербейбиз дей албай кылтылдап жатабыз, а
Крымда Россиянын не деген эс алуучу жайлары бар эле.
Бербейбиз деди, бүттү. Ошондо Россия премьер - министри
Е. Гайдар: «Бул маселе силерде да бар кыргыздар» деп
кыйытып айтканы эсимде. Анын айтканы мына эми келип
жатат. Ошол убактардагы документтерде «пансионаттар
убактылуу колдонулуп келген Өзбекстан менен Казахстандыкы» деп туура жазылган. Каалаган учурда биз өзүбүзгө
алып алмакпыз. Анан тигилердин менчиги деген болбогон
сөз. Эскини айтпай, баарын жаңыдан түзүү керек. Аны биздикилер кылбай жатат. Ошондон улам бирдеке алганбы
деп ойлойт экенсиң. Мүмкүн Назарбаев менен куда болгондо Акаев берип койгондур. Анда кайра карап чыгалы деп
чечкиндүү эле маселени коюш керек. Эгер ошол учурдагы
Акаевдин кемчилигин оңдобосо, анда эмнеге Акаевди жамандайт. Азыр менчикке берсе, алар эч качан биздики болбой калат.
-Касым Исаевич, казактар Каркыра жайлоосуна да көз
артышууда…
-Каркыра кооз жайлоо. Мында да казактар убактылуу
малын багып келишсе керек эле. Эми бизге бергиле деп
абдан туура эмес маселе коюп, күчкө салышууда. С. Аламанов Каркыранын ордуна башка жерден жер алганбыз деп
жатат. Эгер алса кандай жер, кайсы жерден экенин так317
ташса, ойлонуп көрсө болот. Бирок, баары жең ичинен чечилгендиктен түшүнүксүз болууда. Анткени, Үзөңгү - Кууш
да ошондой кеткен. Мен Абрамзондун китебин карасам,
Үзөнгү - Кууш илгертеден бери менин чоң аталарым жайлап жүргөн кыргызга тиешелүү жерлер экен. Бирок, берип
жиберишти.
-Эгер Каркыранын ордуна жер алынса болот дегендей
кылдыңыз. Бизге бериле турган жер таштак, эч нерсе
өспөгөн жер деп Азимбек Бекназаров айтып жүрбөйбү?
-Бир нерселерди өстүрсө болот, пайдасы көп деп башка
бирөө да айтып чыкты. Аны көрүп келбегендиктен так айталбайм. Бирок, биз эгемендүүлүктү алгандан бери жең
ичинен макулдашуу өнөкөткө айланды. Бир маселени
чечээрде бардык жагынан карап, элге туура түшүндүрүп,
ачык чечүү деген нерсе бизде жок. Биздикилерди сен
кыйынсың деп далыга чаап койсо болду, баарын жайлайт.
-Ысыккөлдүктөрдүн «Акыл ордо» коому жыйын куруп
берилбесин деп каршы чыгышты.
-Мен деле кыргыз уулу катары берилбесин дейм. Анткени, мен да кантип берилип жатканына түшүнбөй жатам.
Тез арада өкмөт элге чыгып түшүндүрүүсү керек. Бул убакка
чейин эч кимиси айткан жок. Мынча жерди беребиз, тигини алабыз, биз уттук деп Аламанов гана төш кагууда. Аламанов эмес, Өкмөттүн башчысы айтсын. Жоопкерчилигин
премьер же президент мойнуна алсын. Булар антишпейт,
себеби, баары жашыруун чечилип жатат. Ошондуктан элде
нааразычылык күчөп жатат.
-Эл берилбесин деген талапты туура коюп жатат деп
ойлойсузбу, себеби, экономикалык мамиле деген да бар
эмеспи. Бийлик ушуну көздөп жаткандыр?
-Эл атынан түзүлгөн бийлик, элге эмне жасаганын айтып туруш керек. Биздин бийликтин көзүнө сайып, айыбын
ачса да унчукпайт. Кыргызчылыкка, эски тымпыймалыкка
салып башкарып жатышпайбы? Өзүнө керек учурда гана эл
билет деп элге сала коюп, өзүнүн каалаганындай бурмалап
шайлоо өткөрүп алат. А сатыла турган нерседе элди
«түкүрүп» коюуда. Өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын
чечүүдө. Чатактын баары ушундан чыгып жатпайбы. Кечээ
эле Акаев баарын сатты деп Бакиев өзү өкүрүп митингде
жүрбөдү беле? Ошондо эл ишенип, тактыга көтөрдү да. Акаев кетирген кемчиликтерди жойот экен деп ишенгенбиз,
бирок, бийликке келгенден кийин баарын унутуп, элди алдап кетти. Азыр болсо Хан болгусу келип жатат.
2000 - жылдары Акүйдөгүлөр Акаевди мактап эле отурушчу. Эл жаман көргөнүн Акаевге айтпай жүрүп жайлашты. Азыр да Бакиевдин тегерегиндегилер сизди эл
жакшы көрөт деп мактап отурушат. А чындыгында азыр
Бакиевди жактырган бир да «честный» адамды көрбөйсүң.
Карапайымдан, билимдүүдөн кимисинен сураба, бул президент болбой калды, көпкө узабай калды дейт. Ушинтип элге жаман көрүнүп турганын билген Назарбаев келип күчкө
салып, маселесин чечип кетип жатканы түшүнүктүү да.
Маектешкен журналист- Зулпукаар Сапанов.
А. Акаев өлкөнү кыйроого дуушар кылды. Акаев бийликке келгенде Республика агрардык - өнөр жайлык өлкө
эле. Эч кандай сырткы карызы жок болчу, заводдор, фабрикалар, колхоздор, совхоздор жүз миңдеген кишилерди
жумуш менен камсыз кылып иштеп турган. Бүгүн ал «агрардык өлкөгө» айланды, жүз миңдеген гектар жерлерди
камыш басып же шор каптады, ирригация системасы жылдан - жылга катардан чыгып, завод, фабрикалар токтоп турат, пахта, кант кызылчасы, дан эгиндери өзүн - өзү каптабай, коррупция, бангилик, кылмыштуулук жүз эселеп өстү,
айылдарда жана райондордо маданият 60 - 70% кыйроого
учурады. Жумуш жоктугунан жүз миңдеген мекендештерибиз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болуп, бүгүн бөлөк
жерде жашап жүрүшөт.
Кыргызстандын ар бир жараны (жаңы туулган ымыркайларды кошкондо) 16 миң сомдон карыз, ал эми мамлекеттин болсо 2 млрд. доллар тышкы карызы бар. Статистикалык маалыматтар боюнча (2006 - ж) бүгүн республиканын 1млн. 400 миң тургуну күнүнө 14 сомго, 1млн. 800 миң
киши 21 сомго жашап жатат, баары болуп 3 млн. 200 миң
жаран жакырчылыктын чегинде турмуш өткөрүүдө. Мисалга алсак, Баткен областынын 27%калкы башка жактарга
көчүп кетишти, кедейчилик 77%га жетти.
Акаевдин тушунда бийликтин кадыр - баркы калбай,
эл өзүнө, мамлекетке, келечегине ишеничин жоготту. Акаев
бийлик жүргүзгөн жылдар тарыхта экономиканын, маданияттын, илимдин жана Кыргызстандын элинин адеп 319
ахлагынын кыйрашы, ички жана тышкы миграциянын болуп көрбөгөндөй күчөшү катары кирди.
Акаевдин доорунда кыргыз калкынын тарыхында кара
так болуп жазылып калган каргашалуу төмөнкү окуяларды
окурмандын таразасына коюп, ага адилет баа берилишине
ишенем. Ал окуялардын бири менин кичи мекеним болгон
Чоң - Алайдагы Кара - Тейит айылын бомбалоо.
Кара - Тейит айылы Тажикстандын Жерге - Тал району
менен чектешкен. Аксуу дарыясынын жээгинен орун алган.
Кара - Тейит айылы бир тарабынан коңшулаш Карамык
кыштагы менен абдан жакын аралыкта турса, айылдын
аркы чети капчыгайдын башталышына барып такалат.
Андан ары капчыгайды өрдөп Кара - Жылга, Кулданбес,
Бокбаш жайлоолоруна жол кетет.
Капчыгайдын эң төрүндөгү Бокбаш жайлоосу бир тарабынан Жерге - Тал району, экинчи тарабынан Баткен облусу менен чектеш. Бул жайлоону Карамык, Кара - Тейит
айылдарынын тургундары жазындасы жайыт катарында
пайдаланышат. 1999 - жылдын август айы. Жайлоонун
Жерге - Тал жагындагы бөксө тоолордун бетинде өскөн жапыс арчалардын арасына белгисиз куралдуу адамдардардын тобу келип (Сакалчан - боевиктер) жашынышкан. Алар
айылдагыларды коркутуп - үркүтүп, опузалап- нан, каймак,
май, айран ж. б. азык - түлүктөрдү алып турушат. Бул кабар
Карамык айылындагы чек ара заставасына жана Чоң - Алай
райондук акимчилигине билдирилет. Карамык заставасынын начальниги подпольковник Жолчу Жээнбеков жетектеген 9-10 чек арачы Бокбаш жайлоосуна чыгышып,
жайлоодогу адамдарды кыштоого б. а. Карамык, Кара Тейит айылдарына шашылыш көчүрүшөт. Өздөрү ошол
жерде чатыр тигишип, жайланышып, кечинде жатып калышат.
24 - август күнү булардын кыймыл аракетин тоо бетиндеги арчалардын арасында жашынып отурушкан «сакалчандар» толук байкап, көзөмөлгө алышат да, түн ичинде
келишип аларды колго түшүрүшүп, абдан кыйнап сабап,
колдорун байлап көздөрүн таңып Баткен тарапты көздөй
барымтага алып кетишет.
1999- жылдын 29 - август күнү Жекенди, Карамык, Кара-Тейит айылдарынын үстүндө белгисиз үч самолет айланып учуп жүрүшөт да, күн кечтеп калганда Каратеит айы320
лынын жогорку тарабына капчыгайдын бери жагындагы
үйлөргө бир - эки жолу бомба таштап, Өзбекстанды көздөй
учуп кетишет. Айылдын үстүнө түшкөн бомбалар жарылып,
заматта эки адамдын өмүрүн кыйып, тогуз - он адамды оор
жарадар кылып, 20дан ашык үйлөрдү жана короо сарайларды талкалап кеткен.
Кара - Тейит айлына бомба түшкөндөн үч күн өткөндөн
кийин барып, айылдын акыркы абалын байкаганым эсимде. Чындыгында Кара Тейит айылы менин баамымда Чоң
Алайдагы эң кооз айыл. Эки тарабынан тоо менен оролуп,
Ак-суу дарыясы аралап, атайлап жасап койгондой, бир
көргөн адам сөзсүз суктанары бышык эле.
Бүгүн жарылган бомбанын кесепетинен айылдын
көркү кетип, үйлөрдүн дубалдары жарылып, үстүндөгү шиферлери осколкадан быт - чыты чыгып талкаланып калган.
Айылдын бул көрүнүшүн сүрөттөп айтуу абдан кыйын. Бомба жарылган жерден алыс эмес жердеги терекзардын 200
түп теректин баштарын атайлап кыйып кеткендей жок. Ал
эми бомба түшкөн жер көлчүккө айланып калган. Жалбыраксыз куну учуп турган дарактар ыйлап турган өңдөнөт.
Ушул бомбанын түшкөн жерине Сулайманов Абдулазиздин
үйү абдан жакын болгон. Үйдүн дубалдары урап, тамтыгы
чыгып, талкаланып калган. Абдулазиздин өмүрлүк жары
Карамат Кадырова, жети жашар кызы Урмат үйдүн алдындагы огороддо сабиз отоп жаткан жеринде бомбанын
осколкасы тийип ордунда мүрт кетишет. «Кудай бетин
көргөзбөсүн алардын денеси канга боюлуп, топуракка жуурулуп, ичи жарылып ичеги - боору, өпкө - жүрөгү бүтүндөй
чачылып жатканын көргөнүмдө, өзүмдүн эсимди жоготуп
коюптурмун. Бир топтон кийин- « Абдулазиз! - «Эсиңе кел!,
Кайрат кыл!, деген бакырыктан кийин эсиме келдим.
Мындай аянычтуу окуяны адам баласынын башына салбасын, деп кайгы - капасы көк түтүнгө айланып, жүрөгү жараланганын, Абдулазизге жолуккан учурумда айткандары
эсимде калыптыр.
Бул каргашалуу күндө көбүнчө оор жабыр тарткандардын дагы бири Зиамидин Машраповдун үй-бүлөсү. Алардын
короо сарайына бомба түшүп, жашаган үйүнүн дубалдарынан жарака кетип, 3 уйу, 2 торпогу, 6 койу өрттөнүп жок
болгон. Булар жок болгон малдар үчүн анчейин деле кейиген жери жок. Эң негизгиси Зиамидин менен Шаарбандын
сүйкүмдүү кызы Сайкалдын бир колун осколка жулуп кеткенине зээндери кейишип, өкүнүчтө үшкүрүп отурушканы.
Андан ары бомбалоонун кесепетинен оор жабыр тарткандарын бири - Карыбеков Токтобек. Анын үйүнө снаряд
түшүп, бүтүндөй үй жайы, короо сарайы толугу менен
өрттөнүп кеткен. Үй ичиндеги идиш - аяк, кийим - кече,
тамак - аш кыскасы үйдөгү тиричиликке керектүү буюм теримдеринен эч нерсе калбай өрттөнүп, күлү сапырылып
калган. Бул үй-бүлөдө 9 жан болгон, Кудай сактап, алардын
бардыгы аман эсен.
Ал эми каргашалуу ушул күндөн төмөнкү атуулдар запкы чегишкен, жүрөктөгү жарааттын тагы айыкпай жазыксыз жабыр тарткандар төмөнкүлөр:
Сулайманов Абдилазиз, Алтымышов Олуякул, Карыбеков Токтобек, Султанов Шайдилла, Машрапов Камал, Алтымышов Тургун, Алтымышов Арстанакул, Кадыров Гамбар, Азимов Осмон, Кашеков Талант, Нуриллаев Мырза,
Орозматов Дөөлөт, Закиров С. Сайитов Ж. Машрапов З.
Убраимов Ж. Суранов А. Жогорудагы адамдар зар - муңун
бир жаратканга айтып күн кечиришүүдө.
Каргашалуу белгисиз үч самолет, кимдин көрсөтмө буйругу же тымызын келишим менен бейпилдикте тиричилик менен алек болуп эмгектенип жатышкан Кара Тейит
айылынын тургундарын бомбалоого ким себепчи экендиги
азыркы күнгө чейин бүдөмүк бойдон калууда.
Кантип эле Республиканын ошол мезгилдеги коргоо
министри Э. Топоев, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин мыйзамсыз бузуп учуп келген самолеттордун
кайдан жана кимдики экенин, анын кайсы багытта, кандай
максат менен Кара - Тейит айылын бомбалоого дуушар болушун билбесин?.
Мындай катачылыкка акыл эстүү кандай адам жол
коюп, өзүнүн мекендештерин бомбалайт деп азыркы күндө
да жооп таба албай жүрөм.
Бул окуялардын окурмандар үчүн далилдүү болушун
каалап, учурунда республикадагы гезит беттерине жарыяланган маалыматтарга көңүл бурсак туура болчудай.
«ОШ ЖАҢЫРЫГЫ»
(Облустук коомдук - саясый гезит).
2 - сентябрь 1999 - жыл. № 79.
Жалган маалыматтар да биздин душман.
1. Чоң - Алай. 31 - августта бир катар аракеттердин натыйжасында кечки саат 24тө барымтадагы 9 милиция
кызматкеринин үчөө бошотулду. Алар Ы. Оморов, К. Бакиров, Т. Маматалипов. Буга чейин төрт жергиликтүү атуулдар бошотулган эле. Ал эми милиция кызматкери Сакалды
айылынан Молдожанов каза болду. 29 - августта белгисиз
самолеттордон Кара - Тейит айылын бомбалоодон жергиликтүү калктан жарадар болгондор, каза болгондор бар.
Бир нече үй кыйраган. Бул окуядан кийин айылдын 1012
жашоочусу өз үйлөрүн таштап райондун борборуна кетүүгө
мажбур болушкан.
2. Баткен. Качкындардын саны 4 миңге жетти.
Алар үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлүүдө. 70
палатка, 15 боз үй тигилип берилген. Жетиштүү азык түлүк, кийим - кече жеткирилип жатат. Райондо 31 - август
күнү Республикабыздын эгемендүүлүк күнү зор салтанат
менен белгиленди.
1 - сентябрга карата качкындардын мектеп окуучулары үчүн 100 миң сомдук мектеп формалары таркатылды.
Аскар Акаевдин тушунда тарых барактарына кара так
болуп жазылып калган калкыбыздын эсинен чыкпай турган каргашалуу - трагедиялуу төмөнкү дагы бир кесепеттүү
окуяны эстей кетмекчимин.
Аксы.
Кыргыз элинин тарыхында экинчи каргашалуу окуя
болуп кара тамга менен жазылган Аксы окуясы экенин эч
ким унута албайт. Республикага эгемендүүлүктүн, эркиндиктин желеги желбиреп турганда бийликтеги «азаматтар» коомдун кызыкчылыгынан жеке өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, кырчындай жаш уландарды атып
өлтүрүштү. Бул трагедиялуу, кайгылуу окуя өлкөнүн биринчи президенти А. Акаев бийликте турганда, андан кийин
2005 -жылы март ыңкылабынан кийин бийликке келген К.
Бакиев ошол учурда премьер министр болуп иштеп турганын Аксылыктар жакшы билишет.
2007 - жылдын 17 - мартында өлкөбүздүн президенти
К. Бакиев Аксы жергесине келип, жазыксыз курман болгон
6 - жигиттин арбагына кураан түшүртүп, бул эскерүүгө катышкан Аксы элине төмөнкүдөй кайрылуу жасаган.
Анда ошол кайрылууга окурман менен чогуу көз кырын салалы.
«17 - март 2002 - жыл өлкөбүздүн тарыхында, жалпы
Кыргызстан үчүн кайгылуу күн болуп калды. Кара так катары калган кайгылуу күн. Мындан туура беш жыл мурда
бейкүнөө элди карай атылган октун үнү бүгүн да ар бириңиздердин кулагыңыздарда жаңырып, жүрөгүңүздөр да
ооруп турганы турган кеп.
«Аксы окуясына түз тиешем да, күнөөм да жок экендигине карабай, мамлекеттик ошондой жогорку кызматта
(өкмөт башчысы - премьер министр) болуп тургандан кийин өзүм отставкага кеткен элем -дейт К. Бакиев. Ошондо
кызматынан өз эрки менен кеткен жалгыз мен эле болдум.
Жүрөк үшүн алган бул алаамат окуянын алдын алып болтурбай коюуга жетишпей калганыбызга, бул каргашалуу
окуянын изин жетекчи катары күн алдын туюп - билүүгө
чамабыз жетишпей калгандыгына чындап өкүнөм. » Сиздер кайгыга муунуп турган ошол күндөрдө астыңыздарга
келдим. Элден айланса болот. Кыргыздын улуу сөзү бар
эмеспи «Астыңа келсе атаңдын кунун кеч» деген. Бийлик
тараптан ок атылып, кан жутуп турушса да Аксы эли
ошондо мени туура түшүнүү менен кабыл алышып, чын
дилден чыккан сөзүмдү угушкандарына бүгүнкү күнгө чейин ыраазы болом. Кырчындай өмүрү кыйылган жигиттердин убалы, элдин каргышы соо калтырбайт экен.
Күнөөлүүлөр негизинен жазасын алды дейт элем. Эл жерине
батпай тентип жүрүштүн өзү да чоң жаза эмеспи. Сөз ким
жөнүндө болуп жатканын өзүңүздөр да түшүнүп турасыздар.
(17 - март, 2007 -ж).
Аксы району Боспиек айылы. Курман болгондорго мемориал тургузулуп өзүнүн укугун коргогон бейкүнөө элине
бийлик эч убакта курал көтөрбөшү керек. Бул тарыхта гана
калышын каалайм. Эч убакта Кыргыз жеринде мындай
окуянын кайталанышын каалабайм. Эстеликте аттары жазылып турган кырчындай азамат жигиттер кыргыз мамле324
кетинде демократиянын түбөлүк орношу үчүн өз өмүрлөрүн
беришип, шейит кетишти. »
Акаевдин адилетсиз бийлигинен акыйкаттык, чындык
издеп чыркыраган аксылыктарды кайберен аткандай
аткылап, уруп - сабап, күч менен тараткан каргашалуу
окуя. Анда жазыксыз алты адам окко учкан. Жаш аялдары
жесир, чиедей балдары жетим калып, алардын кайгы муңу аликүнгө чейин тарай элек. Алардын көксөөсүн суутуп,
кайгы - муңун жеңилдетиш үчүн окко учкандарга түздөн түз күнөөкөр адамдар жоопко тартылып, жазасын албады.
2002 - жылдын 18 - мартында Өкмөт үйүндө Кыргыз
республикасынын Премьер - министри К. Бакиев Жалал Абад облусунда түзүлгөн абал боюнча массага маалымат
каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс - конференция
өткөрдү. Пресс- конференцияга Кыргыз республикасынын
Генералдык прокурору Ч. Абышкаев, Кыргыз республикасынын ички иштер министри Т. Акматалиев катышты.
2002 - жылдын 17 - мартында Жалал -Абад облусунун
Аксы районунун аймагында чукул кырдаал түзүлдү. Бир
топ адамдар, А. Бекназаровдун үстүнөн болуп жаткан сот
процессинин кырдаалынан пайдаланып, уруксат берилбеген митингдерди жана көчө жүрүштөрүн уюштуруп, ал чаралар массалык тартипсиздикке алып келген. Эч нерсени
көзгө илбеген адамдардын деструктивдүү көкүтүүсү менен
укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышууну
уюштуруп, админстративдик имараттарды талкалоого аракеттенишкен,
укук
коргоо
кызматкерлерине
таш,
күйдүрүүчү заты бар бөтөлкөлөрдү жана башка предметтерди ыргытышкан.
Аксы райондук мамлекеттик админстрациясынын
башчысы Ш. Осмонов жана райондун прокурору А. Калдаров акциянын катышуучулары менен жолугушуп, алардын
жасап жаткан иштери мыйзамсыз экендигин түшүндүрүшкө
аракет кылышат. Бирок, мындан оң жыйынтык чыккан
жок. Автобус жана башка машиналардан түшкөн, арасында
мас абалдагылары да болгон топ, жаңжал чыгарып, бийликтин өкүлдөрүн ташбараңга алышкан.
Бул башаламандыктын натыйжасында, топтун ичинен
бычак сайуу жана оор нерсе, болжолдуу алганда, артынан
таш менен башка урулган соккудан улам 2 адам каза тап325
кан, 5 адам, анын ичинде милиция кызматкерлери да жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.
Ушул башаламан тополоңдо бийлик тарабынан жөө
жүрүштүн алдында келе жатышкан жергиликтүү тургундарды көздөй мылтыктан ок чыгарылып, жазыксыз кырчындай 6 жигит окко учуп каза табышат.
Жалал - Абад облусунун Аксы районунун Каражыгач
айылында 17 - март күнү түшкө жакын Кыргызстандын 7
облусунан, саясий партиялардан, укук коргоочулардын
өкүлдөрүнөн шайланган 16 судьядан турган Элдик сот Аксы
окуясы боюнча айыптоочуларды, жабырлануучуларды,
шектүүлөрдү угуп, бул кылмыштын күнөөкөрлөрү деп, ошол
кездеги КРнынпрезиденти А. Акаев, премьер - министр К.
Бакиев баш болгон 41 чиновникти атады.
2002 - жылдын 17 - мартында Боспиек айылынын жанында депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербенге пикетке бараткан жеринен укук коргоо кызматкерлери тарабынан Эркинаалы Четинбаев, Сатымбай
Үркүмбаев, Кадыркул Сапаралиев, Советбек Тагаевдер атылып өлтүрүлгөн.
Ал эми 2002 - жылдын 18 - мартында Кербен айылында үйүнүн жанында турган жеринен укук коргоо кызматкерлери тарабынан Эльдар Анарбек уулу атылып өлтүрүлсө,
ошол эле күнү Медетбек Бекмуратов Аксы райондук ИИБнын имаратында милиция кызматкерлери тарабынан
токмоктолуп, ошонун натыйжасында каза болгон.
Өткөн жылы 17 - мартта Каражыгач айылында беш
жылдык эскерүү митингине КРнын президенти К. Бакиев
өзү катышып, Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин
бүткөрүүгө убада берген. Бирок, аксылык жабырлануучулар
негизги күнөөкөрлөр жазаланбай, ортоңку катардагы беш
адамды жазага тартып коюуну, алаксытуу максатындагы
эле бийликтин кезектеги жүрүшү катары баалашып, Аксы
окуясы боюнча Элдик сот өткөрүштү.
Элдик сот өз өкүмүн чыгарды.
Элдик сот бардык тараптарды сурап бүткөндөн кийин
Аксы окуясы боюнча 41 адамды күнөөлүү деп таап, соттун
өкүмүн Мукар Чолпонбаев окуду. Өкүмдө биринчи ирет Аксы окуясына Аскар Акаев күнөөлүү деп табылды. Экинчи
күнөөлүү адам деп президент К. Бакиев табылды жана ага
«К. С. Бакиев ошол мезгилде өкмөттүн аткаруу бийлигинин
башында туруп, Конституциянын 71- статьясына ылайык
Өкмөттүн ишин уюштурууга жана иштөөгө жеке жоопкер
болуп туруп мамлекет башчысы А. Акаев менен бирдикте
бийликти бекемдөө максатында Конституцияда бекитилген
адам укуктарын одоно түрдө бузуу менен А. Бекназаровду
камактан бошотуп берүү талабы менен келе жаткан элди
атууга жол берген.
Ал эми 2002 - жылдын мартындагы Өкмөттүн №31 - 32
Протоколунда көрсөтүлгөн буйругу менен «Буран» жана
«Тайфун» пландарын ишке киргизген» - деген өкүм чыгарылды. Ошондой эле А. Карыпкулов, Ч. Абышкаев, К. Абдиев, Т. Акматалиев, К. Садиев, Иманкулов, С. Дубанаев, К.
Токобаев, З. Кудайбергенов, Ш. Осмонов, Д. Кулиевдер
тынч элди атууну уюштурган жана буйрукту аткарышкан
деп айыпталды.
Кыргызстан 1990 - жылкы Ош трагедиясын, 1999 2000 - жылдардагы Баткен окуяларын баштан кечирген. Аз
эле убакыт өткөн бул кайгылуу окуялардан сабак алып, деструктивдик элементтерге биздин элдин бейпил турмушун
жана тынчтыгын бузууга жол бербөө зарыл эле.
Акаевдин учурундагы дагын бир кейиштүү окуяга кайрылып
кетмекчимин.
Ал
Кыргызстандын
эгемендүүлүгүндөгү биринчи өкмөт башчысы -( премьер министр)
Н. Исановдун өлүмү жөнүндө.
Т. Усубалиев Кыргызстан КП БК нын биринчи секретары болуп иштеп турган мезгилде БК нын пропаганда жана
агитация боюнча секретары Б. Мураталиевдин авто
кырсыктан каза болгон кейиштүү окуясына окшош, А. Акаевдин тушунда өлкөнүн биринчи премьер - министри болгон Насиридин Исановдун авто кырсыкка учураган кейиштүү окуясын салыштыруу үчүн окурмандардын таразасына койууну ылайык көрдүм.
Кыргыздын чыгаан уулу, туңгуч премьер министр Н.
Исанов 1943 - жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Көк
- Бел айылында туулган. Эмгек жолун 1960 - жылы Москва
шаарында «Москва курулуш» трестинде жумушчу болуп
баштаган.
Н. Исанович өз ишин тың билген, тажрыйбалуу,
түшүнүгү кең адам болгон. Ал турмуштун кайнаган жеринде
иштеди. Мастерликтен баштап, прораб, «Ош шаар курулуштун» башкы инженерлигине көтөрүлдү. Фрунзе политех327
никалык унверситетинин Оштогу жалпы техникалык факультетинде сабак берди. «Нарынгидроэнергокурулуш»
башкармасынын жетекчиси болуу менен ФПИнин Каракөлдөгү филиалында Нарын дарыясына курулуп жаткан
ГЭСтин каскаддарынын курулушуна адистерди даярдоо
жагына зор салымын кошкон.
Н. Исанов аналитикалык ой жүгүртө билген ар тараптуу киши болчу. Сексенинчи жылдардын башындагы
курулушта, дегеле жалпы эле өнөр жайындагы экономикалык административдик командалык башкаруудан чарбалык эсепке өтүүнүн жактоочусу болуп, зарылдыгын айтып
чыккан. Анын кандидаттык темасы да «Кыргызстандагы
курулуш комплексин башкарууну өркүндөтүү» - деп аталган.
Сексенинчи - токсонунчу жылдары республикада бири- бирин кайталаган башкаруучу аппарат көбөйүп кеткен
эле. Мисалы, курулуш министрлиги, айылдык курулуш
министрлиги, «Кыргызколхозкурулуш» бирикмеси болгон.
Н. Исанович бирин - бири кайталаган организацияларды
бириктирүүнүн демилгечиси болуп, аны ишке ашырган. Ал
Кыргызстандын географиялык жайгашышын өздөштүрүп,
эске алып, бүтүндөй курулуш комплексин түзүүгө умтулган.
Н. Исанов эң оор мезгилде өкмөт башына келди. 1991-жылы
жалпы союз ыдырай баштаган эле (Жылдын аягында 8декабрда СССР толук ыдырап, жок болду). Ошол оор кырдаалда Н. Исанов экономикалык проблемалар менен бирге
учурдун саясий атмосферасын да кылдат сезип, республиканын өз алдынчалыгын калыптандырууда комплекстүү
мамиле зарылдыгын белгилеген.
Муну 1991-жылы май айында Москвадагы заседаниеде
сүйлөгөн сөздөрүндөгү ойлор айтып тургансыйт: «…Чтобы
пережить кризисный период нужно оптимальное сочетание самостоятельности республик и координирующей (регулирующей- но не командный) роли центра… Одно дело
Суверенитет политически и другое в экономике, суверенитет в экономике- считай замкнутость, с интеграцией не
совместимы, а весь деловой мир стремиться к интеграции». Айтор Н. Исанов жаңы экономикалык мамилелерди
баштоого өз үлүшүн кошуп, көп мээнет кылды. Консервативтик ой жүгүртүү аркылуу башкарууга каршы күрөшүп,
республиканын экономикасынын олуттуу жолун, техноло328
гиясы өнүккөн мамлекеттер менен биргелешкен ишканаларды түзүп, иштетүү аркылуу көргөн. Ошон үчүн «Мен
бөлүштүрүү менен алек болгон өкмөт башчысы болгум
келбейт»- деп айткан.
1991 - жылдын 29 - Ноябрында ал 48 жашында кесепеттүү кырсыктан каза болгон.
«Жолоочу шопур мас бекен?
Жолуңда душман кас бекен?
Эртелеп ажал жөнөткөн,
Кудайдын боору таш бекен?» - деп, кан - какшап,
жүрөгү эзилип, тагдырдын таш боордугуна моюн сунуп,
апасы Алима эне боздогон бойдон, уулун түбөлүк сапарга
узатып кала берди.
Эгемендик жылдардын күңгөй-тескейлери.
Бүгүнкү күнү эгемендүү Кыргыз мамлекети 19 жылдык
өмүрүн жашоодо. Бул жылдарда өлкөбүз кандай жетишкендиктерге ээ болду? Кандай жоготууларга дуушар болду?
Эмки учкай сөз ушул жөнүндө болмокчу. Бул аралыкта нечендеген оор жана татаал мезгилдер кечирилип, ошону
менен бирге бир топ жетишкендиктер да болбой койгон
жок.
Өлкөнүн эл чарбасын, кала берсе ар бир райондун экономикалык абалын, анда жашаган калктын тиричилиги
эмненин эсебинен өткөрүлүп келгендиги, ага аргументтүү
баа берилбей, өлкө жетекчисинин, анын жан жөөкөрлөрүнүн
сокур саясатынан кандай зор жоготууларга тушуктук. Буга
мен катардагы кыргыз баласы катары кайдыгер карай албай,
өзөгүм
өрттөнүп,
кыйналып
жүрөм.
Анткени
«кашыктап топтогон байлыкты, чөмүчтөп чачкан», эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы жоготууларга бүгүнкү
күндө баарыбыз күбө болуудабыз.
Мен, Ош облусунун тургуну катары областтагы болгон
көрүнүштөрдүн айрымдарын мисалга келтире кетсем. Бул
көрүнүш республикабыздын бүтүндөй аймагындагы жоготуулардын дээрлик так өзүндөй экендигине ынанууга болот. Алсак, Ош шаарындагы Союзга аты белгилүү - Жибек
комбинаты, ХБК (пахтадан кездеме токуучу комбинат),
насос чыгаруучу завод, Кадамжайдагы сурма комбинаты,
Хайдаркендеги сымап комбинаты жана башка майда өнөр жай, азык - түлүк чыгаруучу ишканалары жабылып, андагы өндүрүш жабдыктары арзыбаган баада темир калдыктары катарында тонолуп жок болду (эт комбинаты, сүт комбинаты, ун чыгаруучу комбинат, кирпич заводу ж. б.).
Бүгүнкү күндө Оштогу Жибек комбинатынын имараттарын
«Таатан - Ош» деген базар уюштурулуп, анда Кытай
өлкөсүнүн жарандары Кытайдан келген өнөр - жай товарларын сатууга ылайыкташтырган соода үйүн иштетип жатышат. Ошондой эле шаардын борборундагы насос чыгаруучу
заводдун имараттары талкаланып, өндүрүш жабдыктары
сатылып, ордуна кытайлык ишкерлер «Пекин» аттуу мейманкана тургузуп иштетүүдө. Ошондой эле заводдун
көпчүлүк аянтына «Келечек» аттуу базар уюштурулуп,
оштуктар соода сатык менен күн кечиришүүдө. Республика
боюнча мындай жоготуулардын баарын жазуунун кажети
деле жок деп ойлойм.
Менин жеке пикиримде, республикада эл чарбасын
мынчалык тез арада сызга отургузуу - жетекчиликтин кетирген зор катачылыгы деп түшүнөм.
«Өткөн өттү, кеткен кетти» - демекчи жоготуулардын,
кетирилген каталыктардын баарын тизмектеп отуруунун
зарылдыгы барбы? Ага мезгил тараза болуп, тарых өз баасын берер демекчимин.
Жогорку окуу жайларынын экономисттик адистиктерге ээ болгон биздин замандаштардын эсинде менчиктин
төмөнкүдөй түрлөрүн: -«Саясий экономика» сабагынан окуганыбыз белгилүү. Алар төмөнкүлөр эле:
- мамлекеттик менчик,
- коллективдүү менчик (колхоз),
- кооперативдик менчик,
- жеке менчик.
Бул менчиктердин ичинде, Советтик коомдо - мамлекеттик жана кооперативдик менчикке артыкчылык берилүүчү. Эгемендүүлүк келген мезгилдин алгачкы эле
күнүндө - артыкчылыкка ээ болгон - мамлекеттик, кооперативдик менчиктер жоюлуп, колхоз - совхоздор таркатылып, жер үлүшкө берилип, чарбалар аты - заты менен жок
болду.
Бул жагдайда Союз мезгилинде биздин жакын кошуна
Казакстан менен Өзбекстан республикаларынын жетек330
чилери өз республикаларынын биринчи секретары болуп
иштеп келишкен Назарбаев менен Каримовдордун иш ыкмасынан үлгү алуу керек эле.
Бирок, биздин өлкөнүн биринчи Президенти илимпоз окумуштуу А. Акаевдин кур намыстыгы тоскоол болдубу же
акыл - парасаты жетпедиби?
Айтор, коңшулардын үлгүлөрүн биздин өлкөдө пайдаланууга жарабады. Алардагы стратегиялык обьектилер
бүгүнкү күндө да мамлекеттин менчиги болууда.
Ал эми айыл чарбасындагы орду толгус жоготуунун
бир мисалы, республика боюнча 15 млн. башка жеткен кой
чарбасынын кейиштүү тагдыры.
Советтер Союзунун 15 республикасынын ичинен Кыргызстан талаачылык боюнча төртүнчү орунга, мал
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 20
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.