Latin

Сезимде жүргөн элестер - 23

Total number of words is 3775
Total number of unique words is 2185
24.0 of words are in the 2000 most common words
33.8 of words are in the 5000 most common words
39.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
«Илимий коммунизмди» жана башка ушул өңдүү сабактарды байма - бай окуттук. Дүйнөлүк өнүгүүнү (цивилизацияны), ааламдашууну (глобализацияны) «кара көшөгөнүн» ар
жагында калтырып, капиталисттик өлкөлөрдүн өнүгүүсүн,
аларда жашаган элдердин турмушун бир беткей жамандап,
чындыктын пардасын жаап койдук. Бул дагы кесиптик
даярдыктын беделин түшүрдү.
Сабак берүүдө педагогикада таптакыр кездешпеген,
мугалимдик жүрүм - турумга (этикага) дегеле үндөшпөгөн
оройлук, коркутуп - үркүтүү, ал тургай балдарга кол
көтөрүүгө чейин баруу буга кошумча болду. Бул балдардын
мектепти жек көрө баштоосуна алып баруучу кылмыштын
эң коркунучтуу түрү, келечек ээлеринин эртеңки тагдырына
балта чабуу, аны менен өлкөнүн өнүккөн коомго баруусунун
тамырын кыркуу экендигин эч ким этибарга албады.
Мектепке жөнөөрдө «түрмөлүк кысымга» бараткансып заарканган, «экинчи үйүн», «тарбия бешигин» жин оорусундай
көргөн окуучулар четтен табыла баштады. Буга жараша
бүтөөрүндө балдарына баасын көтөрүп койдуруп алуу «паракорлугу» жанданды. Орто билимге ээ болуп жаткан
окуучулардын үйү шаан - шөкөтү күчтүү, кезек менен той тамаша кылуучу мугалимдердин «шеринесине» айланды.
Айыл - кыштактарда, ал тургай шаарларда да бул адаттагы
көрүнүшкө айланып баратты. Ошентип билимди акчага сатып алуунун парасы (коррупциясы) чыга келди. Орто
мектепти бүткөн уул - кыздар турсун техникумду, институтту аяктаган жаштардын бир тобу эркин чабыттап,
өзүнүн алган билимин андан аркы турмушунда ишенимдүү
улап кетүүгө жарамсыз болуп калды.
Социалисттик түзүлүштүн жогоруда биз көрсөткөн оң
көрүнүштөрү менен бирге ушул өңдүү терс жактары дагы
бизди коштой жүрдү. Ошонун эң коркунучтуусу - бардыгы
коомго тиешелүү деген бүтүм менен өлкөдөгү бүтүндөй байлыкты мамлекет өз менчигине алып, борбордук башкарууга «чүлүктөп», планга таңып, айлыкка байлап койгону болду. «Айлык жүрүп жатат» деген камырабастык, «меники
эмес - мамлекеттики» деген кайдыгерлик, ысырапкорлук,
сапатына эмес санына качыруу, планды аткаруунун артынан түшүү өңдүү «илдет» адамдардын сезимтал аңдоосун
шал кылып салды.
Союздун керегеси буга чыдоого дармансыз болуп калды. Тигишинен ыдырап, республикалар эгемендүүлүгүн
алып өз бетинче жашоого өттү. Өнүгүүүнүн нарктык (рыноктук) жолун тандап, «капиталисттик» деп такай
«көөлөп» келген багытка имерилүүгө аргасыз болдук.
Биз бүгүнкү эркиндикке ушул жол менен келдик. Биринчи Президенттикке Аскар Акаевди шайладык. Жаңылыппыз. СССР Жогорку Кеңешинин Улуттар палатасына депутат, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин
илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы болуп
иштөөдөн башка өкмөттүк, чарбалык, өнөр жайлык жана
башка жумуштарда тажрыйбасы жок болгондуктан, алгачкы күндөн эле алабармандык кылды. Кадр маселесине келгенде катуу жаңылды. Мыкты деп ишеним көрсөткөн кадрларынын бири Б. Талгарбеков айыл чарбасынын ашмалтайын чыгарды. Кыйратууну адегенде эле Жети - Өгүз районундагы «Оргочор» өңдүү Союзга гана эмес, дүйнөгө дагы
аты угулуп калган асыл тукум чарбаларды таркатуудан
баштады. Анын азабын аябай эле тарттык. Айлабыз кеткенде «Австралиядан асыл тукум кочкор алып келебиз» деп эсеби эбегейсиз акчаны талаага чачтык. Минтип айткан себебибиз, алар биздин шартка көнө албай, бир тыйын
пайда бербей бир заматта кырылып калды. Ошентип, нечендеген жылдар бою куралып, түптөнүп калган колхоз,
совхоздордун түбүнө жеттик. менчиктештирүүдө өлкөдөгү
өндүрүш каражаттарынын, айыл чарбасынын, заводдордун,
фабрикалардын сакталышына, жабдууларынын таланбоосуна жол бербөөдө, мамлекеттин менчигиндеги башка
байлыктарга көзөмөл кылууда, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө
бөгөт коюуда тартип ойдогудай сакталган жок. Мына ушунун бардыгын президенттин байоолугу, такшалбагандыгы,
иш билбестиги, ишээнчектиги, бошоңдугу кедерги болду.
Өз ордуна бекемирээк отургуча жылдар өтүп кетти. Менчиктештирүү көз бойомочулук менен баюунун булагына
айланды. Коррупциянын пайдубалы түптөлүп, керегеси бекемделди. Жылаандай сойлоп туш тараптан контрабанда
кирип- чыга баштады.
Бийлик бутагына (чиновниктикке) негизинен пара
берип ишке орношкон акчалуулар - «намыяндар» (кошелоктор) топтолуп, эл камын көрбөстөн, чөнтөк камынын кулуна айланды. Ак эмгеги, адал иши менен күн көрүүгө дитин койгон илимпоздордун, мугалимдердин, дарыгерлердин, калемгерлердин шору катып, шылуундардын күнү тууду. Бала бакча, мончо, китепкана, маданий жай (клуб)
өндүү социалдык мекемелердин супсуну сууп, «эбин тапкан
эки жейттерге» сатылып, жабылып жатты. Мектептердин
турмушу татаалдашып, же эскинин тизгинин кармай албай, же жаңынын үзөңгүсүнө бут кое албай ара жолдо калды. Менчиктештирүү муш берип, кыскартууга туш келип
карайлагандар, жамырап жайма базардын кулу болуп беришти. Тентиреп жан багуунун азабын тартып, сырткы
өлкөлөргө агылышты.
Кесиби үчүн жүрөгү ооруп, мектеп окуучулары үчүн
жан тартпаган мугалимдер көңүлүнө жакпагандарды көз
көрүнөө эле мектептен кууп чыгып, көчөгө айдап салды. Келечектин муун - жүүнү бошой баштады. Айрым ата - энелер
балдарын окутууну оюна да албай, кара курсактын айынан
баарынан кечип коюуга аргасызданды. Жүрөгү сыздап,
көңүлү муздаган энелер, кыз - келиндер, өспүрүмдөрдөн
тартып тестиер курагындагы балдарга чейин базарларды,
көчөлөрдү ээлеп алды. Сабакка келип атабы, келбей атабы
окуучуларын түгөлдөгөн мугалимдерди табууга болбой
калды. Кайра алар окууга келип жаткан балдарды жүдөтүп,
«ремонт үчүн акча, терезе парда үчүн акча», башка дагы
ушул өңдүү шылтоолор менен каражат топтоп, ансыз дагы
акылынан аңтарылып турган ата - энелердин кыжырына от
коюп турушту. «Окубасаң омуран кал, бас базарга чык»- деген ата - энелердин ачуу үнү күндөлүк адатка айланып баратты. Ал тургай төбө чачты тик тургузган «баласын са381
тыптыр», «баласын таштап кетиптир» деген жолбун сөздөр
эл ичин аралап, үрөйдү учура баштады. «Нан үчүн акча таштагыла, боорукерлик кылгыла» деген жазууну моюнуна
илген 3-4-5- жаштагы бөбөктөрдүн көчөдө, жол боюнда отурушу ар бир акыл - эстүү адамдын жан - дүйнөсүн сыздатып, темселетти. Кантели, «башка түшсө байтал жорго» болуп буга да көнүүгө мажбурландык. Ошентип, ата - бабаларыбыздан калган асыл каадабыздан, кыргыз деген ат менен сыймыктанып жүргөн урматтуу дидарыбыздан кол
жууй баштадык.
Алдым - жуттум шылуундардын, бирди эки кылып,
элди алдаганга эпчил эргулдардын, калк үчүн демиш болуп
капчыгын толтурган атка минерлердин күнү тууп, кабат кабат үй салып, катар - катар машине минип, балдары бирди кийип, бирди чечип чардап жүрүштү.
Мына ушунун баары экономикалык каатчылыктын
(кризистин) күчөшүнө, көмүскө ишкерликтин гүлдөшүнө
алып келди.
Союздан калган «сок билегибиз» аз келгенсип, «эбин
тапкан эки жейт» болуп шылуун соодакеч (коммерциялык)
окуу жайлары пайда болду. Акчалуулар, эми, жада калса
техникумдарга экзамен тапшырып өтө албай калган балдарын оңой эле соодакеч (коммерциялык) жогорку окуу жайларына өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошентип, айрым бир байлыгы барлардын «дөң баш», «көң баш» балдарына диплом алып берүү маселеси кыйынчылыкты туудурбай калды. Ошол эле учурда таланттуу, шыктуу балдар көр
турмуштун каарынан ийрелеңдеп оор арабаларды сүйрөп,
жүк ташыгыч, бут тазалагыч, бут кийим оңдогуч өңдүү майда - барат малайлык жумуштарды аткарууга мажбурланышты. Кээси тиричиликтин айынан чөнтөкчүлүккө, уурулукка, жалгыз - жарым адамдарды тоноого, топтошуп карактоого, жула качууга маш болуп чыга келишти. «Кылмыштуулукту коом өзү жаратат» деген сөздүн чындыгы кашкая түштү. Анысы аз келгенсип, кыргыздын осуяттуу салтына, дегеле жакындашпаган жаман жорук - сойкулук кыз
- келиндерибизди сормо саздай соруп кирди.
Ушундан уламбы, эл өлкөнү башкарууга жарамдуу,
калк камын көрө ала турган, акыл - эстүү адилет мамлекет
башчысына куштар болуп турду. Жалпы көтөрүлгөн эл райондук, облустук администрация имараттарын басып
алышкан. Калың эл Курманбек Бакиевди тандап алышканы
Ала - Тоо аянтынан айыл жерине чейин «Акаев кетсин, Бакиев келсин» деп кыйкырып турушканы, Ак үй
алынганда Курманбек Бакиевди Премьер - министр шайлап, президенттин убактылуу милдети кошо тапшырылганы, кийин президенттик шайлоодо кыргыз тарыхында болуп көрбөгөн 90% элдин добушун алгандыгы - эч кандай
үгүт жүргүзүлбөсө да жалпы журт эл башчысын жүрөктөрү
менен өздөрү шайлашкандыгы кыргыз турмушунда болгон
тарых чындыгы.
«Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн
эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек. »
Граф Артуро - италия жазуучусу
Курманбек Бакиев.
(Эгемен Кыргызстандын - экинчи президенти).
Бакиев Курманбек - 1949 - жылы 1 - августта Жалалабат областынын Сузак районунун Майдан (Тейит) айылында туулган. 1966 - жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин
Куйбышевдеги Политехникалык институттун автоматика
жана өлчөө техникасы факультетине кирет.
Эмгек жолун 1970 - жылы Куйбышевдеги Масленников атындагы заводдо катардагы жумушчу болуп иштөөдөн
баштаган.
1974 - 1976 - жылдары Советтик Армиянын катарында
кызмат өтөгөн.
1976 - 1979 - жылдары ошол эле заводдо инженер электромеханик болуп иштеген.
1979 - 1985 - жылдары Жалалабат шаарындагы «ШР»
заводуна инженер жана башкы инженердин орун басары.
1985 - 1990 -жылдары Көкжаңгак шаарындагы «Профиль» заводунун директору.
1990 - 1991 - жылдары Көкжаңгак шаардык комитетинин биринчи катчысы, Эл депутаттарынын Көкжаңгак
шаардык Кеңешинин төрагасы.
1991 - 1992 - жылдары Жалалабат областтык Кеңешинин төрагасынын орунбасары.
1992 - 1994 - жылдары Тогузторо районунун мамлекеттик администрациясынын акими.
1994 - 1995 - жылдары Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары,
андан кийин Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орунбасары болуп
иштеген.
1990 - 1994 - жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаты.
1995 - 1997 - жылдары Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору болуп кызмат өтөгөн.
1997 - 2000 - жылдары Чүй областынын мамлекеттик
администрациясынын башчысы - губернатор болуп кызмат
өтөгөн.
2000 - 2002 - жылдары Кыргыз Республикасынын
Премьер - Министри болуп иштеген.
2005 - жылдын май айынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз
Республикасынын Премьер - Министри.
«Эл ишеними - бийик
Эл милдети - ыйык».
(Кыргыз эл лакаптарынан)
Эл элдик лидерди тандады.
Март (2005-ж) Элдик ыңкылабынын шарапаты менен
өлкөнүн, журттун тагдырына туш болгон улуу толкундан
жана ойго келбеген оор сыноолордон соң бийликке келген
саясий лидерден калкыбыз өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жеткилең талдап, жаратылыш ресурстарын, интелектуалдык
жана технологиялык дараметин, топтолгон тарыхый жана
саясий тажрыйбаны туура баалоо менен ар бир атуулдун
бакубат жашоосун жана өлкөнүн эл аралык коомдоштуктагы татыктуу беделин камсыз кыла ала турган реалдуу экономикалык жана социалдык программаларды ишке ашырууну күтүп жаткан.
Өлкө башчысынын милдетин аткарууга киришип жатып К. Бакиев «Бүгүнкү күндө элибиз бийликтен күткөн
бирден - бир гана нерсе, бул - даанышман башкаруу, өзүн
эмес калктын камын ойлоо, ак ниеттүүлүк, калыстык жана
акыйкаттуулук. Элдин ушул улуу тилегин актоо - менин
ыйык парзым деп эсептейм. Келечектен үмүтүм чоң жана
ага терең ишенем. Элимдин абалы оңолушуна, экономикабыздын өнүгүшүнө жетүү жолун көзүм көрүп, акылым билип турат»- деп, Кыргызстандын ар бир атуулунун
көкүрөгүндө уялаган үмүт - тилектин так үстүнөн чыкты.
«Эл мамлекетке эмес, мамлекет элге кызмат кылышы зарыл», «Өлкөнүн келечеги эмгек менен биримдикте»,
«Мамлекеттин саясаты куру сөз, кооз ураандарга эмес, реалдуу
жана
келечектүү
иштерге
таянуу
аркылуу
жүргүзүлүшү керек», «Кыргызстан элинин биримдиги биздин негизги күчүбүз. Түндүк жанаТүштүк жок, бир гана
өлкө бар. Биримдигин сактаганда гана Кыргызстан өсүп өнүгөт».
Эртеңки күнү Республиканын эл шайлаган жетекчиси
боло турган адамдын ушул сөздөрү жана сөз артынан жасалган иштер К. Бакиевдин турмушка реалисттик мамиле
жасаган чыгаан саясатчы жана тажрыйбалуу жетекчи
экендигин тастыктап, ага болгон элдин ишенимин арттырды.
Мамлекеттик башкаруу механизми
жаңыланды.
Жаңы бийлик экономикалык өнүгүү механизми жок,
бюджетти
толтурган
рычагы
ишенимсиз,
донор
мамлекеттердин «кол кесери» менен жан баккан жарды
өлкөнү колго алды. Азыркы базар экономикасынын тили
менен айтканда «банкрот өлкө» элге калды. Президент К.
Бакиев «Биздин экономикалык саясаттын башкы максаты бул элдин жыргалчылыгын, айыл - кыштактардын жашоо
деңгээлин көтөрүү» деп аны аткаруу иштерин өндүрүштү
колго алуудан баштады. Менчиктештирилбей калган, мурда иштеп токтогон завод - фабрикаларды, ишканаларды
ишке киргизип, жаңыларын эл турмушунун муктаждыгына
жараша ачып пайдаланууга берди. Мисалы, «жалпы Кыргызстандын» күйөө баласы Адил Тойгонбаев Канттагы це385
мент заводун менчиктештирип алып, цемент, шифер ж. б.
курулуш материалдары тартыш болуп эл кыйналса, азыр
алты цемент заводунун курулуп жатышы, алгачкылары
ишке киргизилгени турганы ийгилик эмей эмне. Санай
келсек мындай саамалыктар арбын. Беларусь мамлекети
менен биргеликте өзүбүздө МТЗ - 82 тракторун чыгарып,
дыйкандарыбызга берилип жатышы айыл чарбасын
көтөрүүдөгү алгылыктуу аракет. Үч жылда дыйкандарыбызды1300 дөн ашык трактор менен камсыздоо мамлекеттин
агрардык тармакка баса көңүл бөлгөндүгүнүнүн далили.
Ыңкылап болгонго чейин жолду оңдоого жылына 200
миллион сом бөлүнсө, 2008 - жылы 1 миллиард 200 миллион сом бөлүнүп эл аралык деңгээлдеги ички жолдордун,
көпүрөлөрдүн курулушун жолго койду. Үстүбүздөгү жылы да
бул чектен ашыруу пландаштырылууда. Кайсы тармакты
албайлы көзөмөлгө, камкордукка алынып, өсүү жолуна
түштү. Өндүрүш жолго коюлгандыктан бюджет эки эсе жогорулап, пенсия, пособие, социалдык жөлөк пулдар, эмгек
акылар өстү.
Шаар болобу, айыл болобу социалдык - маданий обьектилер курулуп, элдин жакшы жашоосуна шарттар
түзүлүүдө. Канча мектептер, ФАПтар, спорт аянтчалары жана башкалар салынды. Таза суулар чыгарылды. Баш калаабыздагы муниципиалдык 200 автобустун эл ташыганга сатылып келиниши жашоонун жакшыра баштаганынан бир
мисал. Өз каражатыбыз менен Камбар - Ата -2 ГЭСинин курулуп жатышы кыргыз тарыхында болду беле. Эми Камбар
- Ата -1 Россия мамлекети менен тең шерикте курулмакчы
болуп турат. Өзүбүздө каражат болбогондон кийин кызганып жол тосо бербей элге кызмат жасай турган курулушту
баштаганы турганыбыз туура. Экономикабыз эле жолго
коюлбай саясатыбыз да жакшы жагына өзгөрдү. Депутаттыкка шайлоону уруу - урууга, кокту - колотко бөлбөй,
ынтымакты кетирбей партиялык тизме менен шайлоого
өтүшүбүз өз натыйжасын бергенин көрдүк. Кудай буюрса,
быйыл 23 - июлда да Президенттик шайлоону бул тартипте
өткөрөбүз.
Тышкы саясатыбызда да чоң жетишкендиктер болду.
Кыргызстанда эки жолу Кыргыз Президенти Курманбек
Бакиевдин төрагалыгында саммит өттү. Өзгөчө өткөн жылкы июль айындагы саммитте Кыргыз Президентинин,
Кыргыз мамлекетинин уюштуруучулугу, демилгеси зор
болду деп бааланышы, кимди болбосун кубандырбай койбойт.
Бүгүн айтпай кетсек болбос, 1500дөн ашык митинг болуп, ар тараптан иштетпей коюуга аракеттер көрүлүп жатса
да жаңы бийлик бул кыска убакыттын ичинде өзүнүн кеменгерлигин, көсөмдүгүн, сабырдуулугун далилдей алды.
Жыйынтыктап айтканда мамлекет башчысы Курманбек
Бакиевдин ушул 4 жылда жүргүзгөн саясатынын жемиши
жыл өткөн сайын артыла берерине ишенем. Эң негизгиси
Элдик бийлик келечек муунга күчтүү, ынтымак - ырашкерчиликтүү, бай - бакубат өлкөнү берери шексиз.
«Өмүргө из калтыргын ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн өтсөң да бул дүйнөдөн»
Элдик ыңкылаптын шарданы менен өлкө башчылык президенттик кызматкка киришип жатып К. Бакиев кыргыз калкына төмөнкүдөй кайрылуу жасады, анын толук
текстине кайрылып көрөлү:
Кайрылуу (Негизги максат)
Кымбаттуу мекендештер! Элдик революция эркиңерди, эркиндикке, татыктуу жашоого жана жакшы келечекке
умутулууңарды көрсөттү. Биздин алдыбызда тарыхый сыноо турат - чечилбей келген социалдык- экономикалык
проблемаларды чечүү, өлкөнү коррупциядан тазалоо, бийликке элдин ишенимин кайтаруу. Биздин максат - өлкөнүн
жарандары үчүн жогорку деңгээлдеги жашоону камсыз кылуу, коомду демократизациялоо, эффективтүү экономикасы
бар кубаттуу мамлекет түзүү. Биз бул сыноолордон ийгиликтүү өтөбүз.
1. Мамлекеттик түзүлүштү өркүндөтүү
- бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды жана функцияларды теңдештирүү б. а. балансына
жетишүү.
- Сот системасын реформалоо, сотторду шайлоо принцибине өтүү.
- Саясий, экономикалык, социалдык маселелерди
чечүүдө саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын,
жарандык коомдун ролун жогорулатуу.
- Натыйжалуу кадр саясатын жүргүзүү, патриот - профессионалдарды бийлик кызматынын бардык бутактарына
тартуу. Жаштардын мамлекетти башкарууга келишине
шарт түзүү.
2. Экономиканын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн көтөрүү.
- ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик колдоо.
- ишкерлердин салыгын жеңилдетүү.
- кичи жана орто ишкерлерди колдоо.
- жаңы ири ишканаларды куруу.
3. Экономикадагы артыкчылык берилүүчү багыттар
- гидроэнергетика.
- тоо - кен өнөр жайы.
- айыл - чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы.
Бул тармактарды өнүктүрүүгө эл аралык талаптарга
жооп берген бардык шарттарды түзүү.
4. Социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү
- жумушсуздукту кыскартуу, жаңы жумуш орундарын
түзүү.
- калктын ар түрдүү катмарындагы социалдык өнүгүүдө
теңсиздикти азайтуу - коомдо кирешеси жашоосуна жетпеген адамдар болбошу керек.
- башка өлкөлөргө кетип жаткан калктын миграциясын
азайтуу.
- турак - жайлар менен камсыз кылууну жакшыртуу,
арзан ипотекалык кредит берүү.
- билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүдө
бардык жарандар учун бирдей шарт түзүү.
5. Жеке жана мамлекеттик менчиктин кепилдиги
- менчиктин бардык формаларынын коопсуздугун
камсыз кылуу.
- мамлекеттик менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу колдонуу - айрыкча жер байлыгын жана экономиканын
стратегиялык тармактарын.
6. Тышкы экономикалык кызматташуу.
- тыштан келген жардамдарды натыйжалуу пайдалануу.
- кошуна жана алыскы өлкөлөр менен экономикалык
кызматташууну жактыруу.
7. Мамлекеттик идеология жана элдин рухун көтөрүү
- жаштарды заманбап көз карашта тарбиялоого көңүл
буруу.
8. Билим - бул күч
- улуттун билим деңгээлин өстүрүү, коомдо билимдүү
адамдарга муктаждыкты пайда кылуу.
- коомдо кесипкөй жумушчулардын жана инженерлердин баркын жогорулатуу.
- өндүрүштө жаңы технологияларды киргизүү мамлекеттик маанилүү маселе болот.
9. Коррупция менен күрөшүү, мамлекеттин коопсуздугу жана укук тартиби
- коррупция менен күрөшүү, мамлекеттик башкаруу
органдарын коррупцияланган чиновниктерден тазалоо.
- укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу.
- аскер күчтөрүн жакшыртуу, курамын жогорку
даярдыктагы жоокер жана офицерлер менен калыптоо.
10. Ата Мекендин жаратылыш байлыгына этият мамиле жасоо
- жаратылыштын кооздугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо.
- жаратылыш кокустуктарын алдын - алуунун комплекстүү чараларын кабыл алуу.
Базар мамилеси: - Ылайыкташуу жүрүп жатканына
күбө Ак (сүт, кымыз, айран) сатылбайт деген ата - бабадан
келаткан салт бар болчу. Илгери ата - бабаларыбыз үй жанынан (боз үй) атчан, жөө же көчүп бараткан кишилер өтсө,
үйүнө чакырып, кымызын куюп, каймагын берчү. Анын
баары бекер болчу.
Азыр рынок шартына байланыштуу кыргыздар акты
сата баштады. Мен Кыргызстандын алыскы бир бурчу болгон Чоң - Алайдан Бишкекти көздөй жөнөгөнүмдө Талдык
ашуусунан ылдыйлап түшүп, андан ары Чыйырчыктын белинде, Чычкан капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө Ош Бишкек жолунун ар жак, бери жагында эл кымызын, айранын, курутун, каймагын сатып жатканын байкап жүрөм.
Демек, элибиздин аң - сезиминде чоң өзгөрүү болуп, базар
мамилесине ылайыкташуу жүрүп жатканына күбө болосуң.
Чүй боорундагы көпчүлүк айылдарда мал кармаган кыргыздар сүт менен тиричилик өткөрүп жатканы канча.
Бул дагы жаңы замандын талабы, кыргыздар аргасыздан ушуга барып жатат. Жанын багыш, өздөрүнүн турмушун оңдош үчүн болгон аргасыз оокат.
Айтор, кыргыздар байыркы көчмөн катары бардык
жаңылыктарды кабыл алуу менен базар мамилелерине да
ыкташа башташты. Бул дагы чоң жаңылык.
Бүгүн кыргызды башка жактан бирөө келип бакпасына
көзү жетип, андыктан өзүн - өзү багууга, өз эмгеги, өзүнүн
жерге, малга болгон ак ниет мамилеси менен турмуштарын оңдоп кетүүгө ишенип калгандыгын байкоого болот.
Улуттук өндүрүшкө жан кире баштады. Жаштарыбыздын арасында намыскөйлөрү көбөйгөнү кубандырат. Дагы
бир жүрөгүмдү оорутканы - биз жаштарыбызга улуттук тарбия бергенди унутуп баратабыз. Биздин жаштарыбыз Батыштын таасири менен рух дөөлөтүбүздү, улуттук тарбияны
унуткарып, ээнбаш болуп кетишти.
Илимге жолобой, илимден артта калып жатышат. 90
миң баланын окубай калышканы эмне деген жакшылык!
Эмгек мигранттары деп чет жерлерде жүргөн биздин
жаштарыбыздан жылына 200дөн ашыгы (такталбаган маалымат боюнча) бөөдө өлүмгө дуушар болушууда.
Биздин бактыбыз биримдик менен ынтымакта. Саясий
оппоненттер бүгүнкү күндө өлкө өнүгүүсүндө прогресстин
жоктугун, өсүштүн жер таптап туруп калгандыгын айтып
сындап
келе
жатышат.
Биздин
мамлекетибиздин
өнүгүшүндөгү жетишилген айрым ийгиликтерге көңүл буралы:
1) - Акыркы төрт жылдын аралыгында ички дүң
жыйымдын көлөмү 2 эсеге өскөн. Мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ички дүң жыйымга карата 86 пайыздан 49
пайызга чейин төмөндөп, экономиканын коопсуздук
деңгээлин камсыз кыла алды.
2) Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2005 - жылдын
1 - январында 18, 1 млрд. сом болсо, 2009 - жылдын 1 - январына карата 45, 5 млрд. сомго жетип, 2, 5 эсе көбөйгөн.
Акыркы төрт жыл ичинде өлкөдөгү автомобиль жолдорун
курууну жана ремонттоону финансылоонун көлөмү төрт
жыл мурда 185, 0 млн. сом болсо, ушул жылдын январына
карата ал 1. 564, 5 млн. сомго жетип, 8, 5 эсе көбөйгөн.
Ал эми айыл чарбасын мамлекеттик бюджеттен финансылоо 2005 - жылдын январына карата 89, 2 млн.
сомду түзсө, ал бүгүнкү күндө 547, 1млн. сомго жетип, 6, 1
эсе эселенген.
Өлкөдөгү ар кыл кыйынчылыктарга, тышкы кризиске
карабастан, калктын турмуш - шартынын бир кыйла оңоло
баштаганын булардан байкоого болот. Эгерде республикада жеке жарандарга катталган автоунаалардын саны 01.
01. 2005 - жылы 244, 0 миң болсо, 01. 01. 2009 - жылга карата 380, 3 миңге жеткен. Ушул эле жылдардын аралыгында уюлдук байланыштардын абоненттик номерлеринин саны 243, 4 миң болсо, азыркы күндө ал 3200, 0 миңге өскөн.
Башкача айтканда 13, 6 эсе көбөйгөн.
Камбар - Ата - 2 ГЭСине эки жылдан бери (2007- 2009жж) 2 млрд. 800 млн. сом каражат сарпталган. 2000ге жакын жумушчулар иштеп жатат. Бул курулуш бүткөрүлөрү
менен Камбар - Ата - 1 ГЭСини куруу башталат. Жараткан
бизге Нарын дарыясынын кубаттулугун айтсын!
«Банкрот өлкөнү кабыл алганбыз»
Революцияга чейинки жана кийинки экономика
жөнүндө. Революцияда Кочкор элин көтөргөн лидер, тогуз
партиядан куралган Кыргызстан Элдик Кыймылынын штабын жетектеген, жаңы бийлик куралганда финансы министри болгон, азыр экономиканы өнүктүрүү жана соода министри болуп иштеп жаткан Акылбек Жапаровдун «Кыргыз
Туусу» гезитине (23 - март 2009 - жыл) жарыяланган
«Банкрот өлкөнү кабыл алганбыз» деген журналист Марип
Тайчабаров менен болгон маегине көңүл буралы:
Ынкылаптын чындыгы.
-Акылбек Үсөнбекович, 24 - мартты өткөн жылы Жогорку Кеңеш Элдик революция күнү катары майрамдалсын
деп чечишти. Буга чейин көпчүлүк Ынкылап болду десе,
айрымдары андай ойдо эмес. Сиз бул окуя тууралуу кандай
пикирдесиз?
-Революция болду. Парламент да тактап майрам күнү
катары белгиледи. Төрт жыл эле болду. Тарыхый баасын
толук ала элек. Учуру келгенде келечекти аныктаган чоң
саясий окуя болгондугун билебиз. Жанагы революция болду, болбоду дегендерге бир жагынан кошулса болот. Коррупция менен байып, байлыгынан ажырап калбайын деп
айткандар,
саясий
турмушубуз
өзгөрүп,
жашообуз
жакшырса деген үмүттөгүлөр көп. Бирок бир күндө эле
баардыгы «жайыл дасторкон» болуп чечиле калбайт тура,
натыйжасын ашыга күткөндөр да жок эмес. Колдон келген
бардык аракеттерди жасап жатабыз. Айрыкча экономика
жагынан жылыштарга убакыт керек экен.
Ийгиликти иш бекемдейт.
-Революцияга чейинки жана кийинки экономикалык
абалдын айырмачылыгы кандай болду?
-2005 - жылы бир жылга 24 млрд. сом менен мамлекеттин бюджети бекилген. Кудайдын кулагы сүйүнсүн
быйылкы жылдын бюджети 56 млрд. сом болууда. Үч
жылда эки эседен ашты. Ички дүң продукциябыз 2004 жылы 100 млрд. сомдун тегерегинде болчу, быйыл 214
млрд. сомдон ашат деп турабыз. Үч жылда кандай өсүш
болгонун ушундан эле салыштырып көрсөңүздөр болот.
Пенсиялар, пособиелер, эмгек акылар эки эсе көбөйтүлдү.
Бирок, мурда база аябай кичине болчу. Эгемендүүлүктүн 15
жылында мындай өсүштөр болгон эмес. Болсо да, кичине кичинеден болгон. Ошондуктан, революция эмне жакшылык алып келди дегенде өсүштүн ушул көрсөткүчтөрүн айтып жооп бере алабыз.
Биз төрт жылдын ичинде салыктардын санын, анын
көлөмдөрүн, басымдуулугун кескин түрдө кыскарттык.
Ошого карабай биздин бюджетибиз толукталып жатат. Бул
эмнени айкындап турат. Бул мурунку учурда көпчүлүк акча
бюджетке түшпөй, дээрлик бөлөк жакка кетчү. Мына биз
ошол коррупциялык системаны жокко чыгардык. Акчанын
баардыгы бюджетке коюлуп, аны парламент аркылуу бекитип, ачык - айкындыкка чыгардык. Коррупция менен
күрөшкөндүн эң чоң салымынын бири катары мына ушул
бюджетибиздин киреше жагы көбөйгөнү менен далилденүүдө. Ушуга чейин коррупцияны жеңген бир өлкө боло
элек. Бирок, аны кыскартууга шарттын баарын түздүк.
Мындан ары да күрөштү жүргүзө беришибиз керек.
-Жаңы бийлик келгенге чейинки жана азыркы каржылоодо кандай айырмачылыктар бар?
-Капиталдык салымды бүт министрликтерден финансы министри чогултуп Премьер министрдин кароосуна
коюп, макулдугу менен бекитет. 2005-жылы апрелге чейин
кечигип бекий элек экен. Ыңкылаптан кийин Премьер министр болуп иштеп жаткан Курманбек Салиевичке бекиткени кирдим. «Канча акча экен?»- сураганда бюджети392
бизде болгону 220 млн. сом десем, «Премьердин
деңгээлинде аз акчаны бөлүштүргөнүбүз уят, сен мага
2млрд. болгондо киргин» - деп күлүп айтты. Буюрса, ошол
күн да келер деп чыктым эле, бүгүнкү күнү 4млрд. 100 млн.
сомго чыкты. Капиталдык салымды 20 эсеге көбөйттүк. Бул
өкмөттүн экономикага болгон салымы да. Ар жыл сайын
акчанын көлөмүн көбөйтүүдөбүз.
Үч - төрт жылдын аралыгында 10 - 12 млрд. сомду
бюджеттен экономиканы өнүктүрүүгө жумшадык. Бул ошол
эле жолдорду жакшыртууга, мектеп, ооруканалардын салынышына, социалдык бардык обьектилердин курулушуна, оңдоп - түзөтүүлөргө жумшалууда. «Жол азабы, көр азабы» дегендей бир топ каралбай калган жолдорубузду
жакшыртып алдык. Өткөн жылы жолго бир миллиарддан
ашык сом чыгымдалды. Эми ушул программабызды улантсак, райондун борборунан айылга чейин, анан бардык каттамдагы жолдорду оңдоп чыгалы деген тилегибиз бар.
Жаңы экономикалык саясат.
-Жогоруда айтылган өсүүлөргө кандай экономикалык
саясат менен жетиштиңиздер?
-Карыз алып жаман үйрөнгөнбүз да. Өзүбүздүн
күчүбүзгө ишенбей эле эл аралык институттардан, бүткүл
дүйнөлүк банк, МВС АБР сыяктуу каржы булактарынан акча
алып, алардын койгон шарттарын үтүр, чекитине чейин
аткардык. Анан акыбалыбыз 100 млрд. сом ички дүң продукцияны чыгарсак, тышкы карызыбыз 100 млрд. сомдон
ашып кетти. Биз банкрот өлкөнү кабыл алганбыз. Ага жеткиргендер биз куубасак да өздөрү качып кетишти. Өкмөт
отставка берди. Анан кантип революция болбосун. Лениндин революциялык кырдаал боюнча: «Жогоркулар мурункудай башкара албай калышат, төмөнкүлөр мурункудай
жашоону каалабай калышат» деп айтканы дал келип жатпайбы. Алар Кыргызстанды жетектей албай калышкандыктан качышты.
Элдик бийликтин мамлекеттин жоопкерчилигин алып
иштеп жатканына үч эле жыл болду. Ошонун эки эле жылын толук кандуу иштедик десек чындыкка туура келет.
2005-2007 - жылдары канча жүздөгөн митингдер өттү. Кон393
ституциябызды эки жолу өзгөрттүк. Буюрса, 2009 - 2010 жылдар саясий тынч жылдар болсо, жалпы дүйнөлүк каатчылыктардан азыраак зыян менен чыгабыз. Бирок, үч
жылдагы экономикалык өсүштөр калыптанып, ырааттуу
жолго коюлгандыктан, кризистердин соккусу кичине басаңдап, азыраак тийүүдө. Биз өнүгүүнүн жолун аныктап, кадыресе торолуп, ишенимдүү баш көтөрүп калгандыгыбыздан, каатчылыктарды тоготпой жатабыз. Анча - мынча
болсо да экономикабызды көтөрүп, акчаны кайдан аларыбызды, жумшаарыбызды тактап, экономикабызды дифференциялап алдык. Ички дүң продукциябызды 200 млрд.
сомдон ашты деп жатабыз, ушунун 42% тейлөө жана соода
тармактарындагы чакан жана орто бизнес берүүдө. Булар
аябай ыкчам келип, ар кандай соккуларга бачым туруштук
бере алат экен. Ошондуктан Өкмөт аларга жетиштүү шарт
түзгөндүктөн калыптанып, ар кандай кыйчалыш кырдаалдарга даярданып алышты.
Мамлекет менен менчиктин мамилеси.
-Чоң стратегиялык маанидеги обьектилерден башка
көпчүлүк өндүрүш жеке менчикке таандык. Ушуларга экономикалык саясат мамлекет тарабынан кандай жүрүүдө?
-Биздин приоритет орто жана чакан бизнес. Ушуларга
болгон шарттардын баарын түзүп беришибиз керек. Президент Курманбек Бакиев буга дайым көңүл бөлүп, чечүүгө
тийиштүү маселелерди өкмөткө тапшырып, айтып келүүдө.
Былтыр Президенттин жарлыгы менен салыктык текшерүүгө мараторий киргизилди. Биздин министрлик ушуга
жооп берет эле, калган текшерүүлөрдүн баардыгын 70%
кыскарттык. Ошого карабай бюджеттин кирешеси 30%га
көбөйдү. Ошол эле салык комитети 2007 - жылга караганда
2008 - жылы 30% көп салык жыйнашты. Демек, бизнесмендер тийиштүү төлөмдөрдү өз каалоолору менен
төгүшөрүн Президентке далилдеп беришти. Мындан ары да
чакан жана орто бизнестегилерге шарт түзүү - Өкмөттүн эң
негизги приоритети болот.
Ким плансыз иш жүргүзөт.
-Айрым оппозициялык маанайдагы лидерлердин экономикалык өнүгүү пландары жок деген сындары айтылып
жүрөт. Буга кандай жооп бересиз?
-Бизде Улуттук кеңеш бар. Ага бүт бийликтин бутактары кирет. Парламенттин, сот бийлигинин, аткаруу бийлигинин курамындагы Улуттук кеңеште Президент Курманбек Бакиев өзү төрагалык кылат. Жакындагы жыйында
2009 -жана 2011- жылга стратегиялык өнүгүү багытыбызды
бекиттик. Президентибиздин жарлыгы жакында чыгып
калат го. 2010 - жылдан 2015 - жылга чейинки өлкөнүн
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 24
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.