LatinEach bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Сезимде жүргөн элестер - 07
Total number of words is 3837
Total number of unique words is 1994
25.8 of words are in the 2000 most common words
36.2 of words are in the 5000 most common words
42.6 of words are in the 8000 most common words
кардын калыңдыгы машинанын кузовуна барабар,
башкача айтканда эки-үч метр бийиктикте. Алдыңкы
катарга
тыгылган
машинаны
чыгарабыз
деп,
машиналардын айдоочулары жана алар менен чогуу келе
жатышкан жүргүнчүлөр болуп, карды бир топ күрөп, көп
эле убара болдук.
Бирок биздин бул аракетибизге жаңыдан башталган
бороон тоскоолдук жасай баштады. Убакыт өткөн сайын
шамал күчөй берип, бош карды жолго уютуп кирди. Биз
же алдыга, же артына жылууга эч кандай мүмкүнчүлүк
болбоду. Эми бир гана айла – машиналардын суусун
төгүп, ушул жерге калтырып, өзүбүз жөө кетүүгө туура
келди.
Караңгы түндө бет-маңдайдан катуу бороон жүрүп
турду. Мындайда жолдон чыгып, адашып калсаң
бороонго буюгуп адамдын өлүп калышы да ыктымал эле.
Түнкү саат бирден өтүп калганда Кашка-Суунун
көпүрөсүнө зор кыйынчылык менен келдик. Көпүрөгө
жакын келгенде Кашка-Суу айылында МЖСте кароолчу
болуп иштеген Кокон деген адам ташпанарды көтөрүп
алып жетип келди.
– Машиналардын жарыгы өчкөндөн кийин, көп
убакыт өткөнүн байкап, силер буюгуп калбасын, жолду
билбеген чоочун адамдар бир кырсыкка учурашпагай эле
деп ташпанарды күйгүзүп алып силерди утурлап келейин
деп бараттым эле. Кыйналсаңар да ушунча тынч-аман
жакшы келип калыпсыңар эми. – мени ээрчип жүргүлө, деп жол баштап, биздин алдыбызга түштү. Кашка-Сууда
МЖС жаңыдан уюшулуп, болгону эки гана 76
квартиралык корпус бар эле. Кокон аке бизди үйүнө
баштап келди да, экинчи корпуста жашашып турган
кошуналарынын үйүнө да жүргүнчүлөрдү бөлүштүрүп
жайгаштырды. Гүлчөдөн келе жаткан эки жүк ташуучу
штамповкада айдоочуларынан башка дагы эки киши, ал
эми рабкооптун эки автомашинасында биз алты киши
бар элек.
Бороон басылбай бир жума жүрүп турду. Жолдо
калган машиналарды кар учурган катуу бороон толугу
менен жаап, билинээр-билинбес дөңсөө болуп калыптыр.
Кашка-Сууда ошентип жол ачылганча он төрт күндү
өткөрдүк. Он бешинчи күнү Алай районунун жаңыдан
шайланган биринчи секретары И.Умаров жетектеген
жем, чөп жүктөгөн 150 автомашиналар, күчтүү тягачтар,
С-100 маркасындагы трактордун коштоосунда КашкаСууга келишти. Аларга кошулуп андан ары бир сутка жол
жүрүп, Дароот-Коргонго түнү келдик.
Бул окуяны эскерип жатканымдын себеби – биздин
Чоң- Алайдын климаттык оор шартына райондун,
облустун жетекчилери эч маани беришпей, көңүл
бурулбай келгендигин белгилемекчимин.
1968-69-жылдары Алай МЖСи уюштурулуп, анын
борборун Кашка-Суу айылына куруу каралган. Бул жерде
буга чейин Чоң-Алай рабкоопунун малчылар үчүн бир
магазини жана ал жерде кароолчу болуп иштеп жүргөн
Мааткалыков Маман деген адамдын үйү бар болуучу.
1969-жылдан баштап Кашка-Суу айылына МЖС үчүн жаш
механизаторлорго үйлөр курулуп, өндүрүшкө керектүү
база түзүлүп, тез эле эки-үч жылда жүздөн ашык турак
жайлар бүткөрүлүп, сегиз жылдык мектепке жана
оорукана үчүн имараттар тургузулуп, ишке киргизилди.
Ал эми Чоң-Алай совхозунун №5 бөлүмүнүн эсебинде
жайгашкан
Ачы-Суу
айылындагы
талаачылык
бригадасынын
базасында
да
Кызыл-Суу
совхозу
уюштурулду. Бул 1976-77-жылдар эле. Ушул эле
жылдары Алай МЖСи Кабыкка которулуп, бул жерде да
жүздөгөн турак жайлар курулуп, азыркы Кабык айылы
пайда болот. Кашка-Суу айылында кой чарба совхозу
уюштурулат.
Алай
МЖСинин
негизги
өндүрүшү
райондун
чарбалары үчүн тоют өстүрүү болгон. Негизинен,
райондун экономикалык көрсөткүчү кой чарбасын өстүрүү
жана анын продуктуулугун жогорулатууга багытталган.
Ошондуктан райондогу бардык эле чарбалар кой
чарба совхоздору болуп түзүлгөн. Алар: “Чоң-Алай”,
“Алай”, “Ленин”, “Правда”, “Социализм” жана бул
совхоздорду тоют менен камсыз кылуучу Алай МЖСи,
Отуз-Адырда Живпром, Жаңы-Арыкта Спецхоз (бул чарба
да тоют өстүрүү багытында түзүлгөн) сыяктуу чарбалар
уюштурулган.
Бул чарбаларды уюштурууда Алай райкомунун
биринчи катчысы болуп иштеп турган Ибрагим
Умаровдун эмгеги зор экендигин белгилеп кетмекчимин.
Мен партиялык уюмдун секретары катарында совхоздун
өндүрүштүк план милдеттемелеринин аткарылышы,
совхоздун директорунун түздөн-түз милдети экенин,
партиялык
комитеттин
бюро
заседаниесинде
принципиалдуу түрдө талап кылууну колго алдым.
Натыйжада, совхоздун өндүрүштүк пландары жыл сайын
жогорку көрсөткүчтөргө жетише берди.
1973-жылдын ноябрь айында райкомдун бюросуна
мен арыз жазып кайрылдым. Бул арызымда өзүмдүн
КПСС БКнын алдындагы ЗВПШда сырттан окуп
жатканымды билдирип, мындан ары күндүзгү бөлүмгө
өтүп, окууну улантууну чечкенимди баса көрсөтүү менен
азыркы иштеп жаткан кызматымдан бошотууну өтүнгөн
болчумун. Ушул арызымдын негизинде 1973-жылдын
декабрь айында партиялык уюмдун отчеттук кайра
шайлоо
чогулушунда
арызымды
канааттандырып,
парткомдун секретарлык кызматынан бошотушту. Бирок,
күндүзгү
бөлүмдө
окуу
сентябрь
айында
башталгандыгына байланыштуу менин күндүзгү бөлүмгө
которулуп окушум иш жүзүнө ашпай калды. Ошондуктан
1974-жылдын январь айынан Алай райпланынын
төрагасы болуп, райондун борбору Гүлчөгө барып,
иштөөгө туура келди. Ошол эле жылдын август айында
атам узакка созулган оорудан кийин каза болду (1973жылы июль айында кан басымы көтөрүлүп, бир жак
ныптасы иштебей калган эле). Атамдын дүйнөдөн
кайтышына байланыштуу менин партиялык мектептин
күндүзгү бөлүмүндө окуймун деген максатым иш жүзүнө
ашпай калды. Ошого байланыштуу партиялык мектепти
сырттан эле окуп бүтүрүүнү туура көрдүм.
1977-жылдын февраль айында ЦК КПСС тин
алдындагы
Жогорку партиялык мектептин толук курсун аяктап,
төмөнкү
дипломго ээ болгонмун.
Чоң-Алайдын жергиликтүү калкынын саны кийинки
50 жылдын ичинде кеминде он эсеге өстү. Буга далил
катарында бир эле Карамык айылынын калкынын
өсүшүнө маани бергенде, б.а. мурда 50-60 кожолук калк
жашаса азыр 450 кожолуктан ашык эл жашашат.
Ошондой эле мындай өсүү райондун аймагындагы
дээрлик конуштардын бардыгына тиешелүү.
Райондогу калктын саны азыркы учурда 25 миңге
чукул, анда негизинен, ичкилик уруулары отурукташкан.
Алар төмөнкү майда уруулардан турушат: Кыпчак, Тейит,
Найман, Кыдырша, Нооруз, Зарип, Кара-Тейит, ЧалТейит, Кызыл-Баш, Кызыл-Аяк, ж.б. майда уруулар.
Калктуу айылдар, негизинен, деңиз деңгээлинен 2100
метр бийиктиктен баштап жайгашкан, бул аймакка
Жекенди айыл өкмөтүндөгү кыштактар киришет. Ал эми
Чоң-Алай, Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн кыштактары
2200 метр бийиктиктен баштап жайгашкан.
Чоң-Алай району Ош шаарынан 300 чакырым
алыстыкта, аны Ош – Сары-Таш – Дароот-Коргон жолу
байланыштырууда. Оштон Дароот-Коргонго жетүү үчүн
«Чыйырчык», «Талдык» ашууларын басып өтүүгө туура
келет. Бул ашуулар деңиз деңгээлинен 2100-3600 метр
бийиктикте турат.
Райондун аймагында миңдеген гектар айдоого
жарактуу аянттар бар, бирок бул аянттар деңиз
деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкандыктан
дан эгиндери жарытылуу бышып жетилбейт.
Анын үстүнө бул аянттарды суугаруу үчүн каналдар
курулбагандыктан сугат-суулары жокко эсе.
Табияттын климаттык оор шартына байланыштуу
Чоң-Алайда үйлөрдө 7-8 ай бою такай от жагылат.
Жердештерибиз ошондуктан электр энергиясын жана
көмүрдү көп пайдаланышып, тапкан кирешесинин
орчундуу бөлүгүн ошого жумшашат.
Кийинки мезгилде, Союз таркагандан бери КызылСуу дарыясынын жээктериндеги токойлор отунга
пайдалануунун натыйжасында суюлуп, жок болуунун
үстүндө.
Карамык айылындагы «В.И.Ленин» атындагы орто
мектептин, имараты 1945-жылдарга чейин тургузулган,
эскилиги жеткен мектеп болчу. Бул мектепте мен
төртүнчү классты бүтүргөнмүн. 1958-жылдары, бул
мектептин ордуна 16 квартиралуу «Щитовой дом»
(жыгачтан жасалган үй) берилет. Бирок, бул имарат дагы
мектепке ылайык келбеген, бир жагынан кийинки
жылдары окуучулардын саны көбөйөт, класстык бөлмөлөр
жетишсиз болот.
Ушуга байланыштуу бул айылга орто мектепке
ылайыктуу жаңы проекти менен мектептин курулушун
баштоо маселеси көтөрүлөт. Бул мектептин жаңы
курулушун
Парткомдун
секретары
болуп
иштеп
тургандыгымдан, аны планга киргизүү, проектисин
даярдоону өз мойнума алдым.
Ош областтык пландоо комиссиясынын, областтык
архитектуранын
жетекчилери
менен
түздөн-түз
байланышып, тиешелүү документтерин даярдап бердим.
Мектептин имараты жаңы үлгүдөгү эки кабаттуу
стандарттуу , заманбап проект менен курулууга тийиш
болду.
Бирок, бул даяр болгон курулуштун документтерин
Алай райкомунун экинчи катчысы М.Кадыров, өзүнүн
айылындагы «Интернационал» мектебинин курулушуна
ыйгарып алат. Ошондуктан Карамык айылындагы
В.И.Ленин атындагы орто мектептин жаңы имаратынын
курулушу
башталбай,
курулушка
тиешелүү
акча
каражаттары каралбай токтоп калат.
1982-жылы «В.И.Ленин» атындагы орто мектебине
иним Рыскул директор болуп иштей баштаган күндөн,
мектептин жаңы имаратын курууну ойлоно баштайт.
1971-1972 жылдары мен даярдаткан мектептин жаңы
курулушунун документтерин көтөрөт да, курулушка
тиешелүү смета боюнча каралган акча каражаттарын
бөлдүрөт. Бир сөз менен айтканда азыркы күндө Карамык
айылынын көркүн чыгарып турган орто мектептин эки
кабаттуу имаратынын курулушуна зор эмгек жумшайт.
1985-жылдын 1-сентябрына карата мектептин жаңы
курулушу ишке киришет.
1971-жылы июль айынан баштап тоют даярдоо
өнөктүгү кызуу жүрө баштайт. Совхоздун аймагындагы
тоют үчүн эгилген бир жылдык, көп жылдык
өсүмдүктөрүн
негизинен
оруу,
жыйноо
иштери
механизацинын күчү менен жүргүзүлсө да, айдоо
аянтынан даярдалган тоют баары бир жетишсиз болоор
эле. Анткени совхоз боюнча 72 000 баш кой эчки, 3000
баш кара мал кыштатууга кирээр эле.
Бул көргөзүлгөн малдын башын аман сактап калуу
менен андан тиешелүү продукция алуу негизги милдет
болуучу. Ошондуктан тоют даярдоого зор маани
берилүүчү, Совхоздун №2, №3, №4 бөлүмдөрүндө чөп орок
бир аз кийинчерээк башталуучу, анткени №5 бөлүмдүн
кээ бир участкаларында, атап айтканда Уч- Колдун БалаБейит, Унжу, Топкана, Жерге-Тал сыяктуу табигый чөп
чабындыларын кол күчү менен (чалгы менен) тезирээк
оруп жыйноо зарыл болуучу. Бир жагынан, бул кайрак
жерлердин чабынды чөптөрү эрте бышып, тез арада
оруп-жыйнап албаса, ал куурап колго кирбей калар эле.
Ошондуктан
№1-4
бөлүмдөрдүн
жумушчуларынан
жогорудагы аянттардын чабынды жерлерин тез оруп
жыйноо үчүн бөлүштүрүп, аларды ушул жакка көчүрүп
алып келгенибиз эсимде.
Ушул эле жылдын август айынан баштап, атайын
тоют даярдоочу бригада уюштурулуп, ар бир бөлүмдөн
он-он бештен жумушчу дайындалып, бул бригадага
жетекчи болуп совхоздун директорунун чарбалык иштер
боюнча орун басары К.Эсенбаев бекитилди. Алай
районунун биринчи катчысы И.Умаровдун көргөзмөсү
боюнча бул бригадага жалпы жетекчилик Чоң-Алай
Селолук советинин төрөгасы Б.Мурзаевге жүктөлдү. Бул
бригада райондун «Социализм» совхозунун Жошолу, ҮчЧат участкаларынан 40-50 тонна тоют даярдайт.
Андан кийин Б.Мурзаевдин милдетин мен аткара
баштадым. Август айынын акырында тоют даярдоочу
бул бригада менен Совет районунун Кара-Баргы
участкасына келдик. Бул жерден бир жумадан ашык
убакытта отуз тонна тоют даярдап, аны «Социализм»
совхозунун Корул айылындагы мал сарайга жеткирип
жыйдык.
Бул
аймакта
чабынды
аянттарда
чөп
түгөнгөндүгүнө байланыштуу андан ары Өзгөн совхозун
көздөй жол тарттык.
Өзгөн совхозунун Паскы Өзгөн бөлүмүнөн жүгөрүнүн
паясын (сотосун) оруп, аны Алай живпромуна – (силос
үчүн) жөнөтүп турдук. Андан кийин «Ана-Кызыл»
айылына барып, ал жерден да тоют даярдоону уланттык.
Кыскасы, бул жылы тоют даярдоо өнөктүгүн кыдырып
жүрүп октябрь айында аяктадык.
1972-жылдын
август
айында
совхоздун
№4
бөлүмүндөгү тоют даярдоо кандай абалда жүрүп
жаткандыгын текшерип жүрүп, «Артылма» белинде
автомашинада аварияга учураган окуя эсимден кетпей
жүрөт. Мен ошол күнү «Артылмадан» ашып «Така»
участкасына чейин кыдырып келүү үчүн жөнөдүм эле.
Менин кызматтык машинамды жеңип жүргөн Адан
Келденов болчу. Ал бир жумага уруксат алып
кеткендигине
байланыштуу
машинаны
Рапбайга
айдатып алган элем. Ал биздин тууган Паяз акенин
баласы, Темирдин небереси. Биз Такага барабыз деп
жөнөп жатканыбызда Турумтай (менин карындашым
Саламаттын күйөөсү) «Эшен атага» – тегирменге чейин
барарын айтып, машинада чогуу бара жатканбыз.
Артылманын белине чыгарыбызга жакын калганда
машина тарта албай калат. Машинанын передогун
кошуп жаткан учурда тормуз кармабай, машина артка
жылып кетти. Машина барган сайын ылдамдап төмөн
жакка күүлөнүп бара жатты. Мындай учурда айдоочу өзүн
жогото баштайт эмеспи, бирок Рапбай машинанын арткы
скоросту менен, кабинадан башын чыгарып 300 метр
аралыкта жогорку ылдамдыкта айдап түшө берди.
Артылманын каналына жакын келгенде, машина эң эле
жогорку ылдамдыкта болгондуктан Рапбай ролду
башкара албай, каналдын аркы өйүзүнө машина арты
менен катуу атып барып, каналдын кырына бата түштү
да, арткы дөңгөлөктөрү чачылып, машина алды жагы
менен каналга сайылып түштү. Бул катуу соккудан
машинанын негизги тетиктери жараксыз болуптур. А биз
болсо, бир топко чейин эсибизге келбей турдук. Машина
артка карай катуу ылдамдыкта келе жатканда,
беркилерди билбеймин, менин көзүмө «өлүм» элестей
түшүп, «Алла, Алла өзүң сактай көр, балдарым жаш эле»
деген кыял көз ирмемде өтүп жаткансыды. Бир оокумда,
«жылкы кашарда» чөп оруп жүрүшкөн жумушчулар
чуркап келишип, каналдын ичине тыгылып жаткан
машинадан бизди чыгарып алышты. Кудай жалгап, ар
кимибиз жеңилирээк жараатка учурап, эсен калганбыз.
Райондо тоют даярдоо өнөктүгүнө Райкомдун бюросу,
анын биринчи секратары И.Умаров тарабынан абдан
курч маселе коюлуп, талап ушунчалык катуу коюлуучу.
Ошондуктан тоют даярдоо боюнча ар бир чарба берилген
планды аткаруу чарбалардын жетекчилеринен катуу
суралып турчу. Райондо тоют даярдоого бүтүндөй
мектептердин мугалимдери менен жогорку класстардын
окуучулары тегиз тартылчу. Бир дагы мугалим жайкы эс
алууга баралбай, эмгек отпускасын тоют даярдоо
өнөктүгү менен өткөрүшөр эле. Карамык айылындагы
«В.И.Ленин» атындагы орто мектептин мугалими
Кошубак Ыдырысов тоют даярдоого себепсиз катыша
албаган деген шылтоо менен кызматтан айдалып,
Тажикстандын Мургаб айылына барып, бир жыл иштеп
келгенин айта кеткеним жетиштүү деп эсептейм.
Мен экономист катары, райондогу чарба жүргүзүүдөгү
ашыкча ысырапкерчиликке б.а совхоздордо пайда алуу
үчүн эмес, такай зыяндын үстүндө болсо да, мамлекеттик
планды аткаруу саясаты менин жеке пикиримде
негизсиз экендигин баамдап эле жүрдүм. Райондо
малдын
башын
эбегейсиз
көбөйтүп,
тоюттун
жетишсиздигинен
андан
жарытылуу
продукция
алынбай, жыл сайын зыяндын үстүнө зыян (убытка)
кошулуп келе берчү. Бул жерде «өлсөң да, тирилесиң да»
планды аткарсаң болду деген принцип орун алган эле.
Алай районунун чарбалары алыскы Оренбургдан,
Омскиден саман даярдап, темир жолдо вагон менен
эсепсиз жол кире төлөп тартып келишер эле.
Натыйжада бул самандын жалпы көлөмү (тонна
менен) тоют даярдоонун планын толтурса, анын тоют
бирдиги, же малга сиңимдүүлүгү, кала берсе алтынга
айланган чыгымдар эсепке алынбай, өндүрүлгөн мал
чарба продукцияларынын өзүнө турган наркы эң жогорку
көрсөткүчтү түзөр эле. Мына ушуга байланыштуу чарба
жүргүзүүнүн мындай сабатсыз сокур ыкмасын бизге
кошуна
Совет
райкомунун
биринчи
катчысы
К.Базарбаевдин айтканы эсимде:
– «Алайлыктар, кыргыздын ата-бабасы качан саман
менен кой бакчу эле? Силердин райкомуңар И.Умаров
неграмотный адамдын ишин жасаган турбайбы?» - деп
эки райондун (Алай, Совет) активдери катышкан
чогулушта баса белгилейт. Мындай чогулуштар Совет
району менен Алай районунун өз ара текшерүү
комиссиясынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлүп туруучу.
Жогоруда айтылган сөзгө кошумчалап И.Базарбаев
малчылардын
жашоо
турмушуна
да
көңүл
бурулбагандыгын белгилейт. Алар барган «Алай»
совхозунун бир бөлүмүндөгү чабандын үйүндө болушат.
Анын
аты-жөнү
ким
экени
эсимде
калбаптыр.
К.Базарбаев ал чабандан качан үйлөнгөнүн, бул чабандык
үйдө канча үй-бүлө жашап турушканын сурайт. Бул үйдө –
дейт чабан, ата энеси, өзү аялы менен турушканын
билдирет. Ал эми үйдө болор-болбос төшөнчү орун
турганын көрүп, сен жакында үйлөнгөн болсоң, аялыңдын
ата-энеси кызына сеп бербедиби? - дейт.
– Сеп берген, анын бардыгы өөндөгү үйүбүздө
жыйылып турат - дейт баягы жаш жигит.
– Ал буюмдарды качан пайдаланасыңар ушундай
мезгилде пайдаланбасаң, а эгер сен кокустан өлүп кетсең,
аялың башка бирөөгө турмушка чыкса, ал төшөктөрдү
калың салып, сен кызыгын көрбөгөн буюмдардын
кызыгын ал көрөт да - деп тамашага салып коет.
Мына ушул сын-пикирден кийин ар бир чабандын
жашоосуна көңүл бурулуп, алардын үйүндөгү идиш-аяк,
төшөнчү орунга чейин кароого туура келген.
Ал эми райондун чарбаларындагы экономикалык
абалдын начарлап кетишине, райондун жетекчиси
катарында И.Умаровдун да тиешелүү үлүшү бар
экендигин айта кетүү ашыкча болбос. Анткени ал киши,
чарбаларга
мамлекет
тарабынан
бирилген
план
аткарылса болду, ал канча зыян менен аткарылып
жатканына маани берчү эмес. Чарбалардын мындай
абалга дуушар болушу жөнүндө жогоруда, саман даярдоо
саясатын эскере кеттим.
Иш болгон жерде кемчиликтер болору да анык.
Канткени менен И. Умаровдун Алай районунда иштеп
кеткен мезгилинде бир топ эле алгылыктуу жумуштар
бүткөрүлдү.
Ал кишинин жетекчилиги менен болгону бир эле
Чоң-Алай совхозундагы жасалган иштердин айрымдарын
атап кеткеним туура болчудай.
Мен Чоң-Алай совхозунда парткомдун секретары
болуп иштеп турган учурда ал кишинин түздөн-түз
жетекчилиги менен Ак-Суу дарыясынан канал куруу
пландаштырылат. Мен райондогу суу чарба мекемесинин
башчысы В.Скрябин менен ал каналды куруу үчүн КараТейит, Карамык, Мукур, Жекенди айылдарында бир нече
күн жүргөнүбүз жадымда.
Алтын дара дарыясынан миңдеген айдоо аянттарын
сугарууга ылайыкташтырылган каналдын курулушу КөкСуу дарыясынан, Текеликтен, Ачы-Суудан, Миң-Жардан,
Ылай-Суудан, Сары-Моголдон чыгарылган каналдарды
айтсам жетиштүү.
Ал
эми
Дароот-Коргондогу
борборлоштурулган
оорукананын
имараттарынын
курулушу
менен
чарбадагы ондогон короо-сарайлар, кыркым пункту,
айылдар аралык жол курулуштарында анын зор эмгеги
бар экендигин айта кеткеним абзел. Мындай чоң
курулуштарды жыгач материалдарысыз куруу мүмкүн
эмес эле. Ошондуктан район үчүн РСФСРдин Иркутск
областы менен Красноярск крайына ар бир чарба
керектөөсүнө ылайык жумушчуларды жиберип, жыгач
даярдап алып келүүнү уюштурушуп туруучу.
1971-жылдын май айында Ош обкомунун айыл
чарбасы боюнча секретары П.М.Ходос баш болгон
областтык айыл чарба башкармасынын башчысы
Кандаков, Алай райкомунун биринчи катчысы И.Умаров
ж.б. Областтык мекемелелердин айрым жетекчилери
менен Чоң- Алай совхозуна келип калышты.
Умаров
мени
Жар-Башы
айылына
калтырып,
совхоздун директору М.Кудайбердиевди алып, Карамык
айылын көздөй жөнөп кетишти. Мага Жар-Башыдагы
Сатар акенин үйүнө чай уюштуруп, П.М.Ходостун
баласына анын атынан белек уюштуруп тургун деп
тапшырды. Ходостун бул жерде кандай баласы бар
экендигин Сатар акеден сурап калдым.
– Сатар аке ал мындай болгон деп, түшүндүрдү:
– Мен бөлүмдө бир короо тубар кой багар элем.
«Белдеги» кашарда төл алып жаткан учурубуз: Төл алуу
өнөктүгүн жүрүшүн текшерип Ходос, райондун чоңдору,
совхоздун директору болуп келип калышат. Ушул учурда
аялым көз жарып, уул бала төрөйт. Ходостун уул баласы
жок экендигин айтышып, ушул уулуңду П.М.Ходоско
берсең дешип, мени көндүрүшөт. Ошол жерден уулумдун
атын Обкомбай Ходос деп аташат.
Обкомбайдын төртүнчү класста окуп калганын да
сурадым. Анткени, магазинге барып ага ылайыктуу
костюм-шым, туфли ж.б товарларды алып даярдап
койдум да, кишилердин келишин күтүп турдум. Күн чак
түш учурда алар келип калышты. Мен Умаровго Сатар
акенин үйүндө чай даяр болгонун акырын билдирдим.
Сатар акенин үйүнө келип, П.Ходос Обкомбайга мен
даярдаган белекти тапшырды. Бул меймандарга атайын
союлган козунун эти тартылып, сый көргөзүлүп жатты.
Ошондо И.Умаров армияда кызмат өтөп жүргөн
учурундагы бир окуяны айтып: – Замполит мени –
«минимум райкомдун секретары болосуң»–деген эле,
анын айтканы келди - дейт. Ошондо В.Кандаков – А
максимум он не говорил? - деп Умаровду карап калат.
Отургандар Кондаковдун ушул сөзүнө каткырышып,
күлүп калышат.
Турмушта мындай тамаша айтуулар көп эле болду.
Аларды жаза берүүнүн кажети жок деп эсептеп, айрым
гана мага таасир берген эпизоддорду эскере кеттим.
1972-жылдын май айы райондун чарбаларында мал
кыштатуунун жыйынтыгы жана койлордон төл алуунун
жүрүшү жөнүндө Алай райкомунун бюросу өткөрүлдү. Бул
бюрого
райондун
айыл-чарба
башкармасынын
начальниги доклад жасады. Чоң-Алай совхозунун башкы
адистери, бөлүм башчылары, совхоздун директору
М.Кудайбердиев, парткомдун секретары катарында мен
катыштым. Бюродо район боюнча чарбалардын ичинен
койлордон төл алуу эң начар болгондугу белгиленип,
совхоздун башкы зоотехниги Жаманкуловго катуу сөгүш
жарыяланып, парткомдун секретары Маматкаимовго
сөгүш жарыялаган чечим алышат. Мага төл алуу
компаниясында
жетекчиликти
начарлатып
жибергендиги үчүн күнөө коюлат. Бул күнөө совхоздун
директору М.Кудайбердиевке тиешелүү бүтүм эле. Бирок,
ал кишинин адресине эч кандай сөз айтылбады. Бирок,
ошол бюродон бир ай өтпөй Кудайбердиев совхоздун
директорлугунан бошотулат. Анын ордуна Б.Осмонов
жаш адис катары совхозго директор болуп келет.
М.Кудайбердиевдин директорлук кызматтан кетишине
совхоздун финансылык абалы жана совхоздун ашканасындагы ири суммадагы жетишпестик да себеп болот.
Мен парткомдун секретары катары бул кызматта
иштегениме 7-8 ай болгон. Чоң-Алай совхозунда мал
чарбасынан
план-милдеттемелеринин
аткарылышы,
чарбанын
экономикалык
абалы
жана
1971-1972жылдарга карата тоют даярдоонун жүрүшү жөнүндө Ош
обкомунун бюросунда С.Ибраимов Ош обкомунун биринчи катчысы болуп турганда маселе каралганы эсимде.
Бюрого даярдалган материалдын негизинде бюронун токтомунун долбоору менен бизди Обкомдун айылчарба бөлүмүнүн башчысы Э.Алиев тааныштырды. Анда:
долбоор абдан курч жазылып, совхоздун директору
М.Кудайбердиевге катуу сөгүш, башкы зоотехник Жаман126
куловко катуу сөгүш берилип, кызматтан бошотуу,
кыскартып айтканда жаза жазылбаган бир дагы бөлүм
башчы же башка адистер калбаган.
С.Ибраимов тиешелүү адистердин, бөлүм башчылардын, дээрлик бардыгынын түшүнүгүн кыскача угуп чыкты. Совхоз боюнча эң көп өлүм-житимге жол берген совхоздун экинчи бөлүмүнүн башчысы, К.Жапаровду тургузуп сураганда: – «Менин иштегениме араң эле төрт ай
болду. Өлүм-житим мурунку бөлүм башчысынын убагында болгон»,-деди. «Ал азыр кайда иштеп жатат?»,-деп
сурады С.Ибраимов.-Ал совхоздун гаражында «технадзор» болуп иштеп жатат,- деди. Кийин кадр алмаштырууда совхоздун директоруна сын пикир айтты.
Обкомдун бюросунда С.Ибраимов кыскача сөз сүйлөп: –
Мындан ары совхоздун ишин жакшыртуунун чараларын
белгиледи.
Бюронун
токтомунун
долбоорунда
көргөзүлгөн жазалардын бири дагы айтылбады, кыскасы
эч ким эч кандай жазага (сөгүш ж.б.) кириптер болбоду.
Эртеси совхоздун башкы адистери, бюрого келген
бардык «атка-минерлер» автобус менен Чоң-Алайга
жөнөп кетишти. Ал эми мен тоют даярдоону улантып,
Өзгөн совхозуна жөнөп кеттим. Бул тоют даярдоо октябрь
айына чейин уланды.
Ошентип октябрь айында тоют даярдоо жумушу
бүттү. Совхоздун аймагынан сыртта даярдалган тоюттун
жалпы көлөмү 400 тоннага жетти. Бул тоютту даярдоого
кеткен чыгымдардын эсебин совхоздун директорунун
чарба боюнча орун басары (замдиректор по хозчасти)
Эсенбаев Курбанбай жүргүзгөнү эсимде. Анткени, ал киши менен кийин куда болуп калдым.
1971-жыл. Сочи курортунда.
1974-жылдын май айында Алай райондук эл
депутаттарынын
аткаруу
комитетинин
төрагасы
Ж.Раимкулов кызматтан бошоп, анын ордуна Д.Султанов
келет. Бул мезгилде мен райпландын башчысы
кызматында иштеп жүргөн учурум.
Райплан түздөн-түз райсоветтин карамагындагы бир
бөлүм. Дадан Султанов биздин районго жаңыдан келип,
эл-жер менен таанышып, райондун чарбаларын тегиз
кыдыра баштайт. Бир күнү мени кабинетине чакырып:
– Чоң-Алайга чогуу барып келели, - деди.
Эртеси Чоң-Алай совхозуна жөнөдүк. Совхоздо сугат
компаниясы кызуу жүрүп турган мезгил экен. Чарбанын
бардык бөлүмдөрүн кыдырып, анан Кызыл-Эшме айылына келгенибизде Исфайрам жолун көрүп келели деп калды. Совхоздун директору, бөлүмдүн башчысы болуп Кызыл-Эшмеден өр тартып, Күл-Өтөк менен Белди көздөй
жүрүп бараттык. Жолдо Дадан аке жолдун бул тарабын
куруу жеңил экендигин, себеби жер кыртышы жумшак,
ошондой эле жолдо атууга туш келген аска-зоолор жок
турбайбы, кала берсе бир дагы көпүрө куруунун да зарылдыгы жок экендигин белгилеп, өзбек кошуналарга
жолдун бул тарабындагы курулушун өткөргөнүн айтты.
Исфайрам жолунун курулушун мен, - дейт Дадан аке, союздук маанидеги жол деп совет министринин көңүлүн
буруп, тоонун бул тарабын Өзбекстандын жетекчилерине
өткөрүп, ал жагын тоонун аркы бетин, Исфайрам капчыгайын өзүбүзгө калтырып адашкан экенмин – деди.
Бул жолдун курулушу 1972-жылдары Д.Султанов
Фрунзе районунда (азыркы Кадамжай району) райкомдун
биринчи катчысы болуп иштеп турган мезгилде башталган. Бирок, Исфайрам капчыгайы тарабындагы жол курулушу көп кыйынчылык менен ири суммадагы акча каражаттарын талап кылгандыктан, жолдун көпчүлүк жери
курулбай калганын да айта кетти. Чынында эле, Исфайрам дарыясына бул жол үчүн машина өтүүгө ылайыкталган ондогон көпүрө курулуптур.
Негизинен, бул жолду куруу мамлекет тарабынан эч
кандай планга кирбеген. Ошондой эле бул жолдун курулушуна, жетиштүү акча каражаты да бөлүнбөгөн.
Райпландын төрагасынын милдети болуп, райондогу
мектептердин, ооруканалардын, маданий агартуу ишканалардын жана башка бюджеттик мекемелердин имараттарын кышкы мезгилде жылытууга карата көмүр менен камсыздоону пландаштыруу жумушу өзгөчө орунда
болчу. Анткени биздин райондун
климаттык шарты бул жумушка кылдат жоопкерчиликти
талап кылаары белгилүү.
Ошондуктан
суук
түшүп,
от
жагуу
сезону
башталганга чейин, керектүү отун, көмүр ар бир
ишканага ташып келинер эле. Бул жумушту уюштуруу
менин көзөмөлүмдө болуп турган.
Алай райкомунун бюросунда Чүйдүн чарбаларынан,
райондун чарбалары үчүн саман даярдоо жумушу
каралып, андагы ишти уюштуруу, даярдалган саманды
Отуз-Адырдагы Алай Живпромуна вагонго жүктөтүү,
кайсы чарба канча саман даярдаганы боюнча күндөлүк
маалыматты райкомго берип туруу үчүн, башкача
айтканда, жалпы жетекчиликти мага тапшырган чечим
кабыл алышат.
Мындай жумушту уюштуруу, Чүйдүн чарбаларын
кыдырып, кайсы чарбада канча саман бар, аны тактоо
жумуштары бир топ эле оор эле. Анткени чарбалардын
ишин контролдоого, бир чарбадан экинчи чарбага барып
турууга
да
атайын
автомашина
бекитилип
берилбегендиктен, жумушту ого бетер оорлотору
түшүнүктүү эмеспи. Бирок бул кыйынчылыкка чыдап,
Чүйдөгү командировкам бир жарым айга созулду. Август
айынын башында Раисполкомдун төрөгасы Д. Султанов
менен байланышсам, ал киши мени Гүлчөгө келишимди
билдирди. Ошол эле күнү Фрунзеден учуп, Гүлчөгө
келдим. Эртеси Д. Султанов: «Сен Оренбургга саман
даярдоого жетекчи болуп барып келесиң Райкомдун
бюросунда ушундай макулдаштык» — деди.
Мен, Оренбургга бара албаймын, атам бир жылдан
бери ооруп жатат, атамдын ден-соолугун караганча, ЧоңАлай совхозунан алымдын жетишинче 30-40 тонна тоют
даярдап берейин дедим: Менин бул сунушума Дадан аке
туура түшүнүп, мага Чоң-Алай совхозуна Карамыкка
жөнөп кетишиме макул болду.
Райондун
Чарбаларынын
Чүй
областынын
аймагынан даярдаган самандын жалпы көлөмү андан
канча саман Отуз-Адырга (Живпромго) жөнөтүлгөнү,
канча саман Вагонго жүктөөгө даярдалганы тууралуу
маалыматтарды Райкомго тапшырдым да, ал күндүн
эртеси Карамыкка үй-бүлөм менен жөнөп Чоң-Алайга
келип, Совхоздун директору Б. Осмоновко жолугуп,
Карамыктан «Жерге – Тал» участкасындагы чөп чабынды
аянтты мага беришин сурадым да, №5 бөлүмдөн
жетекчисине кат жаздырып алдым.
Бул аянттагы чөп чабынды жердин бүтүндөй
бардыгы саздак болгондуктан трактор менен чөп оруу,
жыйноо мүмкүн эмес эле. Ошондуктан чөп чабуу, жыйноо
жумушунун
дээрлик
бардыгы
кол
күчү
менен
бүткөрүлүүчү. Ошондуктан, чөп чабууну, аны чөмөлө
жасап
жыйноого
тууган
уруктардын
жумушка
жарактууларын, айрымдарынын балдарын, кыскасы
санаалаштарды да жардамга чакырып, ишке кызуу
кириштик.
Инилерим
Рыскул
менен
Көчкөнбай,
телитеңтуштары менен ар күнү ондон кем эмес чапкыны
жакшы чабышкан балдар менен иштеп турушту. Аларга
ысык тамак уюштурулуп, эки баш кой союлду. Ошентип
бөлүнгөн аянттагы чабынды чөптөр чабылып, жыйналып
калганда атамдын оорусу күчөдү.
“Балдарыңдан күткөн
ата-энеңе өзүң жаса.”
(Джакомо
акыны)
мамилени
Леопарди-Италия
Атам менен Апам
Атамдын өмүр жолуна кайрылуу
Ата – энеге карата ким да болсо арзуу тилектерин,
асыл ойлорун айтат эмеспи. Ошондой болгон соң, мен дагы атамдын өмүр жолуна токтоло кетүүнү туура көрдүм.
Атам Маматкаим – 1916-жылында (Балык жылы) жарык
дүйнөгө келет. Чоң атам Маматбектин тун уулу. Атам беш
жашка чыкканда атасы Маматбек мезгилсиз дүйнөдөн
кайтат. Андан көп убакыт өтпөй иниси Мамасаит да чарчап калат. Тарыхта бул мезгил бир коомдун башка коомго алмашуу мезгили, октябрь революциясынын жеңиши,
менен совет бийлиги келген учур. Атамдын балалык
күндөрү, ошол кездеги замандын азап-тозогуна туш келет. Чоңэнем Топчу байбиче – жалгыз уулун эч нерседен
кемсинтпей асырап, бапестеп, багып тарбиялап өстүрөт.
Бирок, Чоң энем атамдын мектепке барып окушуна
каршы болот. Ар кандай негизсиз себептер менен атамды
мектепке жибербейт. Энесинин айтканынан чыга албаган атам, өзүнүн тунук зиректигинен, үйдөн өз алдынча
тамга таанып, китеп окууга жетишет. Чоң Энем мен эс
тартып, мектепке барып жүргөн учурумда – «Атаңды
мектепке бербей, ордуна башка адамдардын балдарын
акча берип ФЗОго жөнөткөнмүн» - деп, өзүнүн түшүнбөй
караңгылык кылганын, мойнуна алып, - «Ошондо, мен
туура эмес кылган экенмин»- дегени эсиме келет.
Атам убакытты текке кетирбей өз алдынча жазып,
тынымсыз китептерди окуп алга умтулат. Тубаса акылдуу, табыйгатынан зирек жаш кезинен турмушка аралашат. Атамдын тагдыры, келечектеги орду Октябрь революциясы алып келген жаңы заман, Советтик доор менен
түздөн - түз байланышта болот. Өзүнүн зиректигинен, тубаса акылдуулугунан талыкпай өжөрлөнүп окугандыгынан, колхоздун катардагы бухгалтери, андан кийинки
Согуш мезгилинде баш бухгалтер, кийинчереек райондогу белдүү кызматкерлердин бири болуп жетилген.
Атамдын ден-соолугунун начарлашын карап отуруп,
мен Оренбургка барбай койгонум – жакшы болгон экен

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 08
- Parts
- Сезимде жүргөн элестер - 01Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3980Total number of unique words is 203728.8 of words are in the 2000 most common words40.4 of words are in the 5000 most common words47.1 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 02Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4010Total number of unique words is 222128.5 of words are in the 2000 most common words39.8 of words are in the 5000 most common words45.6 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 03Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3779Total number of unique words is 188226.6 of words are in the 2000 most common words37.5 of words are in the 5000 most common words43.4 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 04Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4006Total number of unique words is 199530.0 of words are in the 2000 most common words42.5 of words are in the 5000 most common words48.2 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 05Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3846Total number of unique words is 213925.5 of words are in the 2000 most common words36.9 of words are in the 5000 most common words43.6 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 06Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3751Total number of unique words is 205824.8 of words are in the 2000 most common words36.7 of words are in the 5000 most common words42.6 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 07Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3837Total number of unique words is 199425.8 of words are in the 2000 most common words36.2 of words are in the 5000 most common words42.6 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 08Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3770Total number of unique words is 200324.2 of words are in the 2000 most common words34.2 of words are in the 5000 most common words39.6 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 09Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3861Total number of unique words is 205727.1 of words are in the 2000 most common words38.5 of words are in the 5000 most common words44.1 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 10Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3757Total number of unique words is 214924.4 of words are in the 2000 most common words34.6 of words are in the 5000 most common words40.6 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 11Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3872Total number of unique words is 213325.5 of words are in the 2000 most common words37.4 of words are in the 5000 most common words44.4 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 12Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3926Total number of unique words is 212926.4 of words are in the 2000 most common words38.3 of words are in the 5000 most common words44.5 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 13Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3794Total number of unique words is 219324.6 of words are in the 2000 most common words35.9 of words are in the 5000 most common words44.2 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 14Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3823Total number of unique words is 219126.2 of words are in the 2000 most common words37.0 of words are in the 5000 most common words43.1 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 15Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3701Total number of unique words is 198525.5 of words are in the 2000 most common words36.6 of words are in the 5000 most common words42.5 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 16Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3848Total number of unique words is 205127.3 of words are in the 2000 most common words39.2 of words are in the 5000 most common words45.5 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 17Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4067Total number of unique words is 210230.0 of words are in the 2000 most common words42.0 of words are in the 5000 most common words47.7 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 18Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3812Total number of unique words is 208425.7 of words are in the 2000 most common words37.4 of words are in the 5000 most common words43.4 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 19Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3898Total number of unique words is 218525.8 of words are in the 2000 most common words37.1 of words are in the 5000 most common words43.1 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 20Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3825Total number of unique words is 210123.7 of words are in the 2000 most common words34.0 of words are in the 5000 most common words40.0 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 21Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4097Total number of unique words is 226327.1 of words are in the 2000 most common words39.0 of words are in the 5000 most common words45.8 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 22Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3912Total number of unique words is 217425.3 of words are in the 2000 most common words36.0 of words are in the 5000 most common words42.1 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 23Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3775Total number of unique words is 218524.0 of words are in the 2000 most common words33.8 of words are in the 5000 most common words39.5 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 24Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4027Total number of unique words is 219625.9 of words are in the 2000 most common words37.1 of words are in the 5000 most common words43.3 of words are in the 8000 most common words
- Сезимде жүргөн элестер - 25Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 2143Total number of unique words is 142129.4 of words are in the 2000 most common words42.4 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words