Latin

Сезимде жүргөн элестер - 10

Total number of words is 3757
Total number of unique words is 2149
24.4 of words are in the 2000 most common words
34.6 of words are in the 5000 most common words
40.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ак жоолук, үчүнчү байлык – жүз соолук” деген макаллакаптар айтылып жүрөт да. Ошондуктан адам баласы
кандай гана ооруу болбосун, анын алдын алуу менен ден
соолукту сактай жүрүүсү зарыл экендигин белгилеп,
төмөнкү сүйлөмдү айтмакчымын: «Мудрый и Замечательный врач Пол Брегг говорил, «За деньги можно купить кровать, но не сон, еду, но не аппетить; Лекарство,
но не здорове; дом, но не домашный очаг; Книги, но не
ум; украшения, но не красоту; Роскошь, но не культуру;
Развлечения, но не счастье; религию, но не спасение. И к
этому нечего добавить.
Атаганат, Көчкөнбай иним! Кантели , Алла Тааланын
амирине айла жок тура...
“...Өмүр-өтөр, а өлүм татаал... туулдуң өлдүң.
Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал эмгек... эмгек гана
адамды түбөлүк жашатат...” деп Кыргыздын улуу инсаны
Исхак Раззаков жазып кеткендей. Адамды эл үчүн
жасаган ак эмгеги гана түбөлүк жашатат - дегенге мен,
Аалы Токонбаевдин “Биз өмүрдөн өтүп кетсек, эл
эмгектен эскерсин!...” деп айтканын кошуп айтар элем.
Мына ушундай, катардагы эмгекчил. Үй-бүлөдөн биз
төрт уул, алты кыз тарбияланып өсүп өндүк. Апабыз
Кыздаркан байбиче – көп балалуу “Баатыр эне”, бүгүнкү
күндө 87 жашка кадам шилтеп бакубат өмүр сүрүүдө.
Тагдырдын буйругуна эч кандай айла жок экен,
атабыз Маматкайым 58 жаш курагында дүйнөдөн өтүп
кетти. Биздин (уулдарынын) жакшылыгын, урматсыйыбызды жакшы көрбөй, жаш өтүп кеткени арман
болду деп кайгы тартып жүрдүк.
Мына ушинтип өмүр өтө берет турбайбы, - Ооба, бул
жерде Жеңижок акындын «Турбайбы» деген ыр саптарын
кыстара кетсем да ашыкча болбос:
Өз огунан жаңылбай,
Жер айланат турбайбы.
Асмандагы ай-жылдыз,
Тең айланат турбайбы.
Күн-түн менен алмашып,
Кете берет турбайбы.
Өмүр таттуу көрүнүп,
Өтө берет турбайбы.
Аккан суулар кайрылбай,
Ага берет турбайбы.
Мезгил тынбай канатын,
Кага берет турбайбы.
Ата журттун тарых барактарынан
Тарыхка кайрылган учурда Кыргыз элинин бүгүнкү
жана өткөн мезгилдеги турмушу жөнүндө азын-оолак сөз
кылуу ашыкча болбос. Биз, кыргыздар, байыркы элдерге
кошулабыз. Жалпысынан алганда дүйнөдөгү көп элдер
сыяктуу эле кыргыздардын сабаты жетишсиз бойдон
кала берген.
1917-жылдагы улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин Коммунистик партия менен Совет
мамлекетинин камкордугу астында кыргыз эли да толук
сабаттуу, экономикасы жана маданияты өнүккөн элдерге
кошула алды. В.И.Лениндин жетекчилиги менен ага тиешелүү шарттар түзүлгөн.
Кыргызстан 1924-жылы Автономиялык область, анан
1926 жылы Автономиялык Советтик социалисттик республика болуп РСФСРдин составына кирген.
Кыргызстандын тарыхый кыска мөөнөттө билимдүү
жана илимдүү болушунда орус элинин салымы эбегейсиз
зор. Муну эч качан, эч ким эстен чыгарбоого тийиш.
Албетте, караңгы элди маданиятка, илим-билимге
жеткирүү үчүн Республикабыздын партиялык жана советтик органдары да өтө зарыл болгон чараларды
көрүшүп, ар тараптан ойлонулган саясий уюштуруу
иштерин жүргүзүшкөн.
В.И.Лениндин «Окуу, окуу, жана окуу» деген акылман осуятын иш жүзүнө ашырып, сабатсыздыкты жоюу
Совет мамлекетинин көңүлүнүн борборунда турган. Советтер союзунун территориясында, анын ичинде Кыргызстанда да жүздөгөн жаңы мектептер, балдар бакчалары курулуп, көптөгөн жогорку жана атайын орто адистик
окуу жайлары ачылып, окубаган улан-кыздар калган
эмес.
1930-жылдары СССРди өнүккөн индустриялуу, жаңы
нуктагы айыл-чарбалуу, эли билимдүү жана маданияттуу
өлкөгө айландыруу саясаты жүргүзүлүп, көптөгөн жакшы
иштер башталган. Өзгөчө артта калган крайларга көңүл
бурулган, аларга керектүү жардам көрсөтүлүп турган.
Биздин Республикада да тамак-аш, кыш, кийим-кече
тигип чыгаруучу заводдор, фабрикалар курула баштаган.
Айыл
жерлеринде
ирилештирилипколлективдештирилген чарбалар, колхоздор жана совхоздор уюштурулган.
Айыл-кыштактарда, шаарларда тез аранын ичинде
башталгыч, жети жылдык жана орто мектептер ачылган.
Алардын алдында сабатсыздыкты жоюу максатында
«Ликбез» (Ликвидация безграмотности) деген, кечинде
окуй турган курстар уюштурулуп, жашы улгайгангандарды окута баштаган.
Бирок, жогоруда айтылган элибиздин келечегине багытталган чараларды иш жүзүнө ашыруунун үстүндө калкыбыз жапа тырмак аркеттенип жаткан мезгилде, 1941жылы каргашалуу Ата Мекендик согуш башталып, алардын көпчүлүгү токтоп калган, бардык каражат жана күч
фронтко жумшалган.
Согуш учурунда (1941-45 жылдар) жумушка жарактуу
эркектер (жаш жигиттер) батышка согушка кетип, биздин райондун (Чоң-Алай) жаштарынын Кызыл-Кыядагы
шахтага, Кадамжайдагы сымап комбинатына, Хайдаркандагы сурьма комбинаттарына (трудовой фронт) эмгек
фронтуна жөнөтүлүп, колхоздордун айыл-чарба жумуштарын аялдар, жаш балдар, карыган чал-кемпирлердин
аткаруусуна туура келди. Биз жаш балдар кошко кошулган өгүздөрдү жетелеп, чарчаган мезгилибизде айрым
жоош өгүздөргө минип алып, кош айдоого жардам берээр
элек.
Узакка созулган кандуу согуш аяктагандан кийин,
согуштан бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүү элибизден кайраттуулукту, чыдамкайлык менен талыкпаган
зор эмгекти талап кылды. Орчундуу жана эң зарыл маселелер катары жаңы ишканаларды куруп, ишке киргизүү,
эл чарба тармактарында эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү,
ал үчүн тиешелүү адистерди, квалификациясы жогору
деңгээлдеги жумушчуларды даярдоо зарыл эле.
Республикабызды мына ушундай оор абалдан чыгарууда (1945-61-ж.ж.) Кыргызстандын таланттуу уулу
И.Р.Раззаковдун ишмердүүлүгү жөнүндө айта кетүүнү
ылайык көрдүм.
Исхак Раззаков 5 жыл Кыргыз ССРнин Өкмөтүн башкарып, 11 жыл Республиканын Компартиясынын Борбордук Комитетине биринчи катчы болуп иштеген. Анын
атасы Раззак «кызыл аяк» уруусунан болгонун ал туулуп
өскөн Лейлек районундагы «Ичкилик» уруусундагы жердештери даана айтып, менин партиялык мектепте чогуу
окуган Лейлектик жолдошторум да (Калыков Абдырахман, Раимкулов Бочор) Исхак Раззаков менен бир уруу175
дан экенимди айтып калышчу.
Ал киши республиканын кызыкчылыгы менен
жашап, коммунисттерине таянып, кызматташ жолдоштору, жетекчи кадрлар менен бирдикте көптөгөн
иштерди жасап, өтө уюштуруучулук, иш билгичтик,
чынчылдык, адамга күйүмдүү касиет сапаттарын, билимин жана илимин Ата Мекенибиздин өркүндөп-өсүүсүнө
бардык күчүн жумшаган экен. Кийинки жылдары Кыргызстан союздун башка республикаларындай эле көп
тармактуу индустриялуу-агрардык мамлекетке айланды,
жаңы деңгээлдеги жумушчу табына, өзүнүн улуттук интелигенциясына ээ болду.
Республикада илим-билим өөрчүдү, сабатсыз, кат тааныбаган адам калбады. Булардын баарын конкреттүү
мисалдар, ондогон жаңы курулган обьектилер, окуу жайлары, даярдалган адистеринин саны, адабият менен маданиятка болгон өзгөрүүлөр жана башка көптөгөн фактыларды келтирип, далилдөөгө болот. Бирок анын кажети
жоктур деп эсептейм.
Жалпылап айтканда, жергиликтүү кадрларды даярдоо, аларды тарбиялап кызматтан-кызматка көтөрүү
И.Р.Раззаковдун көзөмөлүндө болгонун И.В.Сталиндин
«кадрлар баарын чечишет» деген таамай көрсөтмөсүн
жетекчиликке алып, ошондой эле республикада жашаган
башка улуттардын өкүлдөрүн да эстен чыгарбаган, эл
аралык достукту бекемдөөгө катуу аракеттенгендигин
белгилеп кетсем аша чапкандык болбос.
Бөтөнчө кыргыздарды түндүк жана түштүккө, урууурууларга, жек-жаатка бөлгөндөрдү катуу сындаганын,
андайлар саясий жактан артта калгандар, тарбиясы, маданияты жетишпегендер дегени, бүгүнкү күндө да маанимазмунун жоготпогондугун белгилеп кетмекчимин.
Эгемендүүлүк эркин заман биздин бактыбызга туш
келген
жылдардан
баштап,
уулдарым
Медетбек,
Эмилбек, Улукбектер үй-бүлөлөрү менен Ош шаарында
отурукташып, үй-жайлуу болуп жашап келишет. Мен жубайым Айседеп менен уулдарыбыздын үйүндө болгон
мезгилдерибизде неберелерибиз менен убакыттын канчалык тез өтүп жатканын да сезбей калабыз.
Касиеттүү Ош шаары - неберелеримдин киндик каны
тамган кичи мекени болгондугун эске алып, азын-оолак
анын тарых барактарына кайрылууну эп көрдүм.
Ош шаарынын тээ алыста калган (мындан 50-60
жыл мурдагы) абалын мен сүрөттөп айта албаймын. Азыркы күндүн эң бийигинде туруп алып, басып өткөн жолго
кылчайып карасам бүгүнкү Ош – тарыхтын татаал да,
улуу да жолун басып өткөн Ош.
Азырга чейин Ош эмнеликтен «Ош» деп аталып калгандыгын жоромолдоодон башка анык боло электигин
билем.
Тарых барактарын карап кийинки жылдардагы Сулайман-Тоосунун, Ак-Таштын, Саймалуу-Таштын, КермеТоонун этектеринде археологиялык табылгалар Оштун
маданияты бир кездердеги ар түрдүү улуттун майда маданияттардан куралгандыгы, андан бери 3000 жыл
өткөндүгүн байкайсың. Улуу жибек жолунун тому болгону
да белгилүү.
Оштун жаратылыш шартына саресеп салсам, бул
байыртан бери адамдарды суктантып кызыктырган жана
алардын эсине сакталып калган.
Буга Мухаммед Захреддин Бабурдун «Фергана аймагында абасы таза жана жагымдуу Ошко окшогон шаар
жок» - деп айтканы жетиштүү болор.
Ал эми Ошту Сулайман-Тоосуз элестетүү мүмкүн эмес.
Созулуп кеткен Керме-Тоонун уландысы же болбосо башталышы, ал эми Ак-Буура дарыясынан салаа-салаа болуп түшүп келген каналдар жана арыктар бул аймактын
ажарын ачып турат.
Оштун түштүк жагында анчалык алыс эмес жерде
Папан өрөөнү жайгашкан. Ал Кичик Алай жана Алай тоолорунун босогосунда турат.
Айтылуу Ак-Буура дарыясы мына ошол Папан өрөөнүнүн
баш жагынан куралып келет.
Дарыяга Кичи Алай тоолорунун эң бийик чокуларындагы мөңгүлөр агып кошумча сууну берип турат.
Ошондуктан Ак-Буура түштүктүн сугат тармактарындагы, бөтөнчө пахтачылык менен жемиш бактарынын, жүзүм менен жашылча-жемиштин каны катарында
саналат.
XIX кылымдын аягынан тартып Ак-Бууранын сол
жээгине жаңы шаар түшө баштаган. Натыйжада,
курулуштар пландуу түрдө жүргүзүлүп, почтанын жана
телеграфтын, аскер оорукансынын жана оорукананын,
башталгыч окуу жайынын жана орус жергиликтүү
мектебинин, чиркөөнүн жана мейманкананын, кинотеатрдын капиталдык имараттары, ошондой эле жеке
менчик үйлөр пайда болгон.
Ак-Бууранын эки жээгине тең чоң парк зонасы, ал
эми дарыя аркылуу бетон көпүрө курулган. Шаардын
аянты 17 чарчыга жакын чакырымга жетип, 6166 түтүн
болуп, 50 миң адам, анын ичинде 1,5 миң орус жашаган.
1920-жылы Ошто кирпич, акиташ, булгары заводдору, тигүү жана токуу устаканалары продукцияларды чыгара башташат. 1927-жылы Ошто пилла заводу иштей
баштаган. 1929-жылы Оштон Кара-Сууга чейин темир
жол курулат.
Ал эми 30 жылдарда курулган Ош – Хорог авто жолу
«крыша мира» болгон Памирди Ош менен түбөлүккө байланыштырды.
40-жылдарда Ошто 8 орто жана 5 жети жылдык
мектеп, айыл-чарба техникуму, мугалимдер институту
болгон.
Союз таркаган мезгилге чейин Ошто 1979-жылы пайдаланууга тапшырылган Оштогу өндүрүштүк пахтадан
кездеме токуу комбинаты, «Оштогу машина куруу заводу» (насосный завод), «Ак жибек» (шелккомбинат)
иштеп турган.
Бүгүнкү күндө шаарда 44 жалпы билим берүүчү
мектеп, анын ичинде эки мектеп-гимназия, бир нече лицей, эки интернат, ОшМУ, ОшТУ, ОшКӨУ, медициналык
институт, мындан тышкары шаарда айыл-чарба техникуму, педагогикалык жана медициналык окуу жайлары,
курулуш жана автожол, соода техникумдары, бухгалтерлер мектеби, беш кесиптик-техникалык окуу жайы бар.
Бүгүнкү Ош үч жүз миңден ашуун калкы бар, сексен үч
улуттун өкүлдөрү жашаган шаар болуп саналат.
1994-жылы Ош шаарында бир эле жылдын ичинде он
жети миң чарчы метр турак жай курулуштары курулган.
Кыргызстандагы маданияты өнүгүп жаткан шаарлардын
бири облустун борбору Ош экендиги баарыга белгилүү.
Бүгүнкү шартта орус эли менен кыргыз элинин
достугу мындан ары дагы бекемделип, өткөндөн өрнөк
алып, келечекке ишенимдүү караганда гана, ошондой эле
бири бирин сыйлаганда: тилин, дилин, салт-санаасын
үйрөнгөндө гана чыныгы достук болот. Бул жерде
чындыкты айтуу калыстык болот деп ойлоймун, анткени
биз орус тили аркылуу илимге-билимге маданиятка
жетишкенибизди айтып коюу абзел.
Ошондуктан мурдагы Совет эли орус эли менен
бирдикте, түбөлүк достукта гана өз экономикасын
көтөрүп, өз бетинче гүлдөп өнүккөн өлкө боло алаарына
ишенсе болот. Азыр биз бир доордон экинчи доорго өткөн
учурда жашап жатабыз. Ошондой эле демократияны
багыт тутуп, бардык коомдук түзүлүштөрүн кайра
реформаланышында Кыргыз эли бүгүнкү жашоосун
башынан кечип жатат.
Канткен менен Совет бийлигинин 70 жылдыгында
Кыргызстан басып өткөн жолду акыл-эстен өткөрүп
баалоо менен эрксизден Кыргызстан үчүн эң улуу
жемиштүү учур болгондугун эскересиң. Мейли, кээ бир
демократтар, реформаторлор ал учурга кара көө жаап
жамандай берсин.
Ушул кыска мезгил ичинде Кыргызстан миң жыл
баса турган жолду басып өттү десем аша чапкандык
болбос. Элдин баардыгы сабаттуу, 70-80 пайыз эл орусча
так сүйлөйт жана өз оюн так эркин билдирет. Билген
адамга бул өтө мааниси зор мезгил. Мурдагы Советтер
Союзунан, өнүккөн капиталисттик өлкөлөр эл чарбасын
пландаштырууда жана жөнгө салып иштетүүдө көп
үлгүлөрдү алышкан. Мен, жогорку билимдүү экономист
катары, пландаштыруу эл чарбасын бардык жагынан
экономикалык кризистерди болтурбай анын пландуу
өнүгүшүнө шарт түзгөнүнө ынанганмын. Социализм
мезгилиндеги пландоо капиталисттик өлкөлөрдө болгон
кризистерди
болтурбайт
эмеспи.
Бул
жагынан
социализмдин артыкчылыгы аларга сабак болгон. Мен
Совет
доорундагы
Кыргыз
элинин
басып
өткөн
жолундагы ийгиликтерине азын оолак токтолуу менен,
бүгүнкү Кыргызстан жөнүндө ойлогон ойлорумду айткым
келет.
Биз өлкөнү өнүктүрүүдө бүткүл дүйнөлүк шарттан
улам алардын жакшы жактарын алуу менен талыкпай
эмгектенүү
керек.
Ошондой
эле
орус
элинен
туруктуулукту, акылмандуулукту, кыйынчылыктарды
жеңе билүүнү, боорукерликти жана интернационалдык
духту өзүбүзгө сиңиришибиз зарыл. Ал эми немец элинен
ушунчалык үнөмдүүлүктү, тактыкты, сөзгө бекемдикти
алышыбыз керек.
Мына ушул жерде Совет доорундагы инженер
Смеляковдун «Деловая Америка» деген китебинде
капиталисттик өндүрүштөгү (айрыкча убакытты кандай
үнөмдөө),
эмгек
өндүрүмдүүлүгүн
көтөрүү,
айылчарбасындагы бардык жумуштарды механизациялоодогу
ыкмаларын
биздин
жерибизге
ылайыкташтырып
пайдалансак кандай жакшы болор эле.
«Деловая Америка» – бул китеп орус тилинде
басылып
чыккан,
менин
өздүк
китептеримдин
текчесинде турат.
Н.Смеляков
«Деловая
Америка»
– (записки
инженера, 1970-ж.) китебинин автору, Лениндик
сыйлыктын
лауреаты,
СССРдин
тышкы
соода
министрининин биринчи орун басары, АКШ да бир топ
мезгилдер болуп, анын өнөр-жай, соода, айыл-чарба,
калкты
тейлөө
жана
башка
тармактарындагы
жетишкендиктер менен андагы орун алган мүчүлүштөр
жана кемчилдиктер жөнүндө, ар түрдүү иштерман
адамдар менен болгон жолугушуу мезгилиндеги ойпикирлерин топтоп, инженердик көз менен жазылган
бул чыгарма мага 1972-жылы «Чоң-Алай» совхозунун
партиялык уюмунда секретарь болуп иштеп жүргөнүмдө
колго тийген. Фрунзеде бир айлык парткомдордун
секретарларын Кыргызстан КП БКнын алдындагы курста
окуп жүргөндө китеп магазининен сатып алган элем.
Н.Смеляковдун «Деловая Америка» деген китебинин аты
эле айтып тургандай Американын жашоо; турмуштиричилиги жөнүндө мындан отуз беш жыл илгери
кандай абалда болгонун, андагы көп тармактуу
өндүрүштүн эң алдыңкы прогрессивдүү жол менен илим
менен техниканын, уюштурулган иштерман адамдардын
чыгармачылыгын, китепти окуп чыккандан кийин
менин оюма да ар кандай жакшы пикирлер, ойлор пайда
болгонун, анын айрым үлгүлөрүн биздин совхоздун
өндүрүшүндө пайдалануу жөнүндө эңсеп жүргөнүмдү айта
кетмекчимин.
Совет доорунда мамлекеттик менчик толугу менен
мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп, өндүрүштүн ийнежибине чейин мамлекеттик пландоо комиссиясы
(Госплан) аркылуу жүргүзүлүүчү эле. Бул пландуу
экономика
(плановая
экономика)
социализмдин
экономикалык
кризистерди
болтурбоодогу,
капиталисттик
экономикадан
жогору
турган
артыкчылыгы болчу.
Азыркы күндө (СССР урагандан кийин) бул
капиталисттик системанын айрым үлгү ала турган
жактарын гана эскерип кеткеним оң болчудай.
Н.Смеляковдун чыгармасын азыр да кызыгуу менен
бир
сыйра
окуп
олтуруп,
АКШ
дагы
айрым
(контрасттарга)
карама-каршылыктарга,
оошкыйыштарга,
жакшы-жаман,
оң-терс
көрүнүштөргө
саресеп салсак болчудай. Мындагы негизги максат:
биздин кичинекей Кыргыз мамлектибизде социализм
учурундагы коомдук менчиктин жеке менчикке өткөн
мезгилинде АКШ дагы иштерман адамдар жеке
ишкерлердин
жасаган
укмуштуудай
өндүрүштү
уюштуруп, ага кеткен чыгымдын кайтарымдуулугун
тездетип, аз эле убакта «пайда» (прибыль) таап
өндүрүшпү же соода ишканасыбы, же эл чарбасынын
башка тармактарыбы, айтор бир сөз менен айтканда
капиталисттик коомдогу үнөмдүүлүк, «бизнес» (англис
тилинен которгондо акча табуу, прибыль – пайда табуу)
сыяктуу экономикалык закондорду туура пайдаланууга,
эң башкысы – эл чарбасында убакытты үнөмдөп, ашыкча
чыгымдарга
жол
койбой,
өндүрүштү
натыйжалуу
уюштурган ишкерлердин айрым иштеринен үлгү алууга
болорун
эске
алуу
менен
төмөнкү
мисалдарды
чагылдырмакчымын: Н.Смеляков өзүнүн чыгармасында
«Деловая Америка» – кыргызча «Ишкер Америка» десем
түшүнүктүү
болор,
өзүнүн
чыгармасында
тоок
фермасындагы өндүрүштү мисалга келтирип, андагы
«безотходное производство», жөнөкөйлөп айтканда,
тооктон эч кандай таштанды калдык же болбосо отход да
чыкпай турганын, өндүрүштө кала берсе анын «парин»
тамакка жараксыз этин, сөөгүн топтоп, аны кайра
иштетүүчү фабрикага өткөрөт. Ал фабрикада тооктун
жемине
ылайыкташтырып
кайра
иштетип,
тоок
фермасына баалуу жем катарында аларга сатат. Ал эми
тооктун кыгын кымбат баалуу жер семирткич катарында
пайдаланышат. Ошентип тооктун пайда бербеген эч
нерсеси калбайт. Мындай өңүттөн карап, Н.Смеляковдун
тили менен айтканда: «Что от курицы ничего не
пропадает, кроме пения». Ушундай эле мисалды
фермерлердин иштеринен да байкаса болот. Америкалык
бир фермер үй-бүлөсү менен болгону аялы, кызы (ишке
жарамдуу) үч киши өзүнө бекитилген 30-40 гектар аянтка
жүгөрү өстүрүп, андан эң жогорку түшүмдү жаратканын,
жумуштун бүтүндөй бардыгын механизация менен
бүтүргөндүктөрүн
мындайча
сүрөттөйт:
Фермер
өз
менчигиндеги трактору менен айдап, сээп, отоп, чаап
ж.б. иштерин өзү жалгыз бүтүрөт. Анын түшүмүн
жыйноодо аялы менен кызы жардамга келишет. Ушул
эле аянтта даяр продукцияны кардарлар келип сатып
алышат. Фермер өндүргөн продукциясын базарга же
башка жакка алып барып өткөрүү түйшүгүнөн кутулат. Ал
эми жүгөрүнүн данынан башка, малга тоютка керектүү
жагын,
өзүнүн
карамагындагы
уйларына
тоютка
даярдап, аны ошол эле жакын жердеги фермасына
топтойт. Силосту да ушул жерге даярдайт. Фермер саан
уйларын электр машина аркылуу саадырат. Сүттү бул
жерден атайын машина тартып кетет. Ферманын башка
жумуштары да бүтүндөй механизациялаштырылган. Ал
эми жазында болсо (түз жер болгондуктан) электр тогу
жүргүзүлгөн зымдар менен тосулган атайы аянттарга
жайып, бул жерде падачы дагы пайдаланылбайт.
Бүтүндөй Американын өндүрүшү жалаң гана пайда
табууга жана акча табууга (бизнес) ылайыкташтырылып,
убакытты үнөмдөө менен жогорку өндүрүмдүүлүккө жана
эң аз суммадагы материалдык чыгымдарды жумшоо
менен көп продукция алуу, жогорку жана натыйжалуу
өндүрүштү уюштурууга багытталган. Андагы завод
фабрикалардын, транспорттордун, акча каражаттарын,
кыскасы кыймыл аракеттин бардыгы «үнөмдүүлүктү»
жогору баалаган ишкерлердин жасаган жумуштарын
толугу менен жазып отуруунун кажети жокко деп
эсептеп, жаңы Кыргызстанда да ар бир жумуштун нарк
насилине, анын пайдасы менен зыянын эсептеп,
убакытты үнөмдөө менен чыгармачылык жигер менен
илимдин, техниканын прогрессивдүү жаңы жолдорун
ишкерлердин натыйжалуу пайдалануусун каалар элем.
Айтмакчы, ар бир элдин өзүнчө жакшы сапаттары
болот эмеспи. 1978-жылдын июль айында Фрунзеге
жумуш боюнча командировкага барып «Пишпек»
мейманканасында Армения Республикасынын Жеңил
өнөр жай министри болуп иштеген армян жигит экөөбүз
бирге туруп калдык. Ал жигит Фрунзеге биринчи жолу
келген экен. Ал мага кана кыргыздардын өзгөчө жакшы
жактарын көргөзө аласыңбы? - деди. Мен кыргыздардын
меймандостугун далилдеш үчүн аны тамак-ашты жакшы
даярдоочу «Киргизия» ресторанына алып бардым. Ал
жерден кыргызча ыр, музыка заказ бердим. Дегинкиси
ага көңүл жылытарлык улуттук эч нерсе деле көрсөтө
албадым.
Мейманканадан кайтып келгенибизде маектешип
олтуруп ал айтты: – «Биз ар бир Союздук республикалар
өзүбүздүн улуттук маданиятыбызды көтөрүшүбүз керек,
ар бирибиздин улуттук жакшы салт-санаабыз бар, аны
дүйнөгө таанытуубуз зарыл!» - дегени жадымдан эч
качан кетпейт. Бул армян жигиттин айткандарын
баамдап көрсөм, ар бир элдин улуттук жакшы салт
санаасын үйрөнүүгө жана сиңирүүгө боло турганын, ошол
эле мезгилде өзүбүздүн кыргыз элинин улуттук салтсанаасындагы жакшы көрүнүштөрдү башка элдерге
жайылтуубуз керектигин, дүйнөдөгү элдерге «кыргыз»
деген эл, «Кыргызстан» деген мамлекет бардыгын
даңазалап жүрүүнү унутпашыбыз керек.
Ушулардын баарын тактап келип, биздин бактыбыз,
биздин келечегибиз өзүбүздүн колубузда экенин эске
алуу менен көздөгөн максатка талыкпай биримдикте биз
кыргыз эли «Бир жакадан баш, бир жеңден кол
чыгарып» элдин, айрыкча жаштардын келечегин ойлоп
эмгектенишибиз керек.
Ошондо гана биз көздөгөн цивилизациялуу, өнүккөн
демократиялуу Европанын жана Азиянын алдынкы
өлкөлөрүнүн үлгүсү катары, адам баласы суктана турган,
өзүнчө бир мамлекет болушубуз мүмкүн. А үчүн эң
башкысы, бир чарчы өз жерибизди көздүн карегиндей
сактап, үнөмдүүлүк менен иштете алышыбыз зарыл.
Андан да эң башкысы, өндүрүштө илим менен
техниканын
жана
технологиянын
эң
жаңы
жетишкендиктерин
колдонуу
менен
жогоруда
жерибизди үнөмдөгөндөй бир литр суубузду да элдин
пайдасына үнөмдөп иштетишибиз абзел.
Ошол эле мезгилде коомдук жана мамлекеттик
кызматтагы жетекчилердин жоопкерчилигин арттырып,
аларга болгон талапты күчөтүш керек. Эскиден калган
майдалык, уруу-урууга, региондорго бөлүнүү, ичи тарлык
сыяктуу өтө кейиштүү жагдайларыбыздан арылууга
тийишпиз.
Бул кемчилдиктер, эң оболу, мамлекет башкарган
жетекчилерден, интеллигенциянын өкүлдөрүнөн жана
ошолордун жүргүзгөн саясатынан келип чыгаары, бул
терс жагдайлар кыргыз калкынын аброюн төмөндөтүп,
анын ынтымагына шек келтирээри анык. Ар бир
мамлекетте эң орчундуу маселе – бул балдар, өсүп келе
жаткан жаш муундар. Балдар проблемалары менен
бардык деңгээлде алектениш керек: мамлекет да, үй-бүлө
да, мектеп да, коомчулук да. Илим билим бул эң сонун,
бирок балдарды руханий жана эстетикалык тарбиялоо
жөнүндө да унутпоо керек. Эгерде чоңдор балдардын бош
убактысын
уюштурууга
жана
аларга
эң
сонун
толкундатуучу сезимдерди» берүүгө жардам беришпесе
анда алар көчөдө өз ишин жасайт. Азыр көпчүлүк учурда
ушуну байкап жүрөм.
Эми улуттук идеология тууралуу бир эки ооз – менин
паамымда Совет доорунда Коммунисттик партиянын
идеологиясы, ошол мезгилде жаштардын акыл эсине б.а.
аң-сезимине терең сиңдириш, ар тараптан мектепке
чейинки курактан баштап бала бакчалардан, андан ары
мектепте идеологиянын калыптанышына зор маани
берилип, катуу контролдукта болор эле. Ал эми азыркы
биздин жаңы коомубузда мындайча айтканда эгемендүү
Кыргызстанда кайсы, кандай идеология болоорун
мамлекет тарабынан көз салынбай, көңүл бурулбай
калгандыгы мени көп ойлондурат. Совет доорунда
патриотизмге, эл жерди сүйүүгө, улууларды урматтоого,
эмгекти сүйүүгө, интернационалдык духта тарбиялоого
зор көңүл бурулар эле. Кала берсе коммунисттик мораль,
жаштардын моралы деп күндөлүк жүрүм-турумда жаштар
коомдо кандай болорун жакшы өздөштүрүлүшүнө талап
күчтүү эле. Азыр бул маселеге мамлекет тарабынан зор
маани берилүүсү зарыл деп ойлойм.
Өзүмдүн турмушта байкап, жашоодо, турмуштиричиликте төмөнкү мен баалуу деп эсептеген
кеңештеримди ар дайым эске ала жүрүшүн урпактарга,
окурмандарга сунуш этемин:
1. Бүгүн колуңдан келе турган, жасап бүтүрүп кое
турган ишти эртеңкиге калтырба.
2. Арзан экен деп өзүңө артык баш, керексиз дүйнөнү
сатып ала бербе.
3. Өз колуңдан келе турган ишти жасап бер деп
башканы кыйнаба.
4. Акча колуңа тийе электе, төлөп коем деп соода
кылба.
5. Кайыштырган ачкачылыкка, кайыктырган ызгаарга
караганда, карып кылган намысты коргоо кымбат.
6. Тамакка тойбой калдым деп эч качан өкүнбө.
7. Көңүл сүйүп ишетеген иштин оордугу билинбейт.
8. Ар кандай нерсенин эң жеңил жагын бычып,
салмактай бил – өзүңө жеңил болот.
9. Эгер ачууң келип кетсе онго чейин, эгер ачууң
ашынып баратса жүзгө чейин күбүрө, ачууң пастап
кетет.
Эгемендүү эркин ата мекеним
Кыргызстандын советтик доордо өсүп өнүгүшү,
андагы жетишилген ийгиликтер жөнүндө жогоруда
кыскача баяндап кеттим. Эми эгемендүүлүк келип
Кыргыз Республикасы өз алдынча эркин мамлекет болду.
Дүйнөдөгү
эң
чоң
держава
СССРдин
ыдырашы
экономикалык байланыштардын үзүлүшүнө дуушар
болду.
1990-жылдан жаңы заман башталат. Республика
Президенттик
башкарууга
өтүп,
аны
башкаруу
жетекчилик тажрыйбасы жок, өнөр жай менен айылчарбасын,
кыскасы
эл
чарбасынын
бардык
эле
тармактарын жакшы билбеген, окумуштуу-физик Аскар
Акаевдин бактысына туш келет.
Совет доорунда курулган завод, фабрикалар жана
башка
ири
ишканалар
тонолуп,
таланып,
«приватизация»
деген
түшүнүк,
прихватизацияга
айланып, кээ бир чоң ишканалар атайы «банкротко»
айланып,
арзыбаган
акчага
сатылып
жатты.
Республиканын аймагындагы түстүү метал, темиртезекти
тазалап,
Кытайга
сатууга
жетишип,
жумушсуздук өкүм сүрө баштайт. Ал эми айылчарбасында өндүрүштүк базалардын имараттары, айылчарба техникалары бүтүндөй үлүшкө таратылып кетет.
1989-1990-жылдагы
статистикалык
маалымат
боюнча райондогу 250 000 майда жандык, б.а. кой, эчки
тоюттун жетишсиздигинен кыштан араң жан болуп
арыктап өлүм-житимге дуушар болот. Ачкачылыкка
дуушар болуп, арыктаган өлөсө койлорду ар бир
чарбанын
жумушчу
кызматкерлерине
тез
арада
бөлүштүрүлүп таркатылат. Натыйжада, бул койлордун
көпчүлүгү ар бир короодо, ар кимдин сарайында арам
өлүп, чарбалар негизинен толук эле зыянга учурашат.
Аны алган адамдар да эч кандай пайда көрө албаган.
Мындай бөлүштүрүүгө жогору жактагы жетекчи
чиновниктер тарабынан көрсөтмө болгондуктан, эч
кимдин жоопкерчилиги жөнүндө сөз болбойт. Менин
жеке көз карашымда, биз сыяктуу тоолуу мал-чарба
райондордун калкынын тез арада жана түздөн-түз жакыр
болушуна
ушундай
саясий
сокур,
туура
эмес
жетекчиликтин кесепети тийди деп эсептейм.
Республика боюнча ач-жылаңач, жакыр адамдар
көбөйдү. Жыл сайын үй-бүлөсүн, кала берсе бир жанын
багуу үчүн ар бир айылдан Казакстанга, Россияга кетип
жаткандар көбөйдү. Мен бул жерде башка район,
шаарларды жазбай эле, өзүмдүн жердештеримдин
азыркы
күндө
Москва,
Саратов,
Красноярск,
Екатеринбург,
Ростов,
Хабаровск,
Санкт-Петербург
шаарларында
иштеп,
үй-бүлөлөрү
менен
жашап
жатышканын айтсам жетиштүү. Ал эми Казакстандын
Алма-Ата, Астана шаарында курулушта иштегендер да
арбын.
Бийликке кокусунан келип калган экономиканын эң
жөнөкөй
закондорун
түшүнбөгөн,
республиканын
экономикалык
географиясын
билбеген
жетекчи
сөрөйлөрдүн Ак үй, көк үйдө отурушканынын кесепетинен
өлкө 2,5 млрд. доллар карызга батып калганына ичим
ачышат.
И.В.Сталиндин
«кадрлар
баарын
чечет»
деп
айтканына ынанбай кое албайсың. Чындыгында кадрлар
мыкты болсо, президенттин да кадыр-баркы бийик
болмок. Эң эле жөнөкөй бир мисал: Алай району илгертен
мал-чарбасын өнүктүрүп, калкы мал багып, негизинен
мал менен турмуш кечирип келген. Анткени, Алайдын
аймагы, башкача айтканда жалпы территориясы
тоолорду, жайыттарды түзүп, дыйканчылык жүргүзүүгө
ылайыктуу айдоо аянттары аз, райондун калкы
негизинен жылкы, топоз, кара малды эсептегенде 250
миң баш кой, эчкини багып, андан тиешелүү эт, жүн
өндүрүп тиричилик өткөрүп турган болсо, жогорку
жактагы бийликтин өкүлдөрү мындай факторду эске
албастан, болгон кой эчкини жана башка малдарды
дээрлик бардыгын бир заматта, башкача айтканда бир
айдын ичинде бөлүштүрүп, таратып жок кылган. Мына
ошонун кесепети: жумушсуздукту, жакырчылыкты алып
келгенине күбө болуп отурабыз.
Бийик
даражадагы
чиновниктердин
ашкере
коррупцияланышып,
алдым
жуттумга
белчесинен
батышы акыры барып элдин кыжырын кайнатып,
социалдык
жарылууну
жаратты
да,
бийликтин
алмашуусуна алып келди. Мына ушуга байланыштуу
«азыр жалкоолор менен аңкоолор гана уурдабайт экен» деген сөздөр да бекеринен айтылбаса керек.
Ошентип
24-март
2005-жылы
бийликтин
алмашуусун кайсы бир адамдар же чиновниктер эле
жасаган жок. Аны ач жылаңач абалдан тажаган, мындай
бийликтен кутулгусу келген эл жасады. Ага эл-журтун
тобокелге таштап, качып кеткен жетекчилердин күнөөсү
түрткү боло алды десем жаңылбасмын.
Бүгүнкү жаңы заманда бийликтин бардык эле
баскычтарында отурган «азаматтарга» – … Коом деген
сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да
таза болот… - деп, И.Р.Раззаков белгилеп кеткен, тунук
акыл-насаатын иш жүзүндө эске ала жүрүүлөрүн каалар
элем.
Менин басып өткөн өмүр жолумдун көпчүлүк мезгили
совет учуруна туш келди. Мен тоолуу райондун тургуну
катарында 55 жашымдан ардактуу эс алууга чыктым.
1990-жылы жаңы заман келди, анын нугун өздөштүрүү
оңой-олтоң болгон жок. Уулдарымдын бардыгы Оштогу
Мамлекеттик
университетин
бүтүрүшүп,
жогорку
билимге ээ болушту. Бирок мугалимдердин эмгек
маянасынын аздыгынан бул тармакта азыраак эле
иштешти. Уулдарым менен чогуу кредит (насыя) алып,
далай карыз болуп, кайра бутка турдук. Базар
экономикасынын өзүнө жараша азап-тозогун, ысыксуугун баштан кечирдик.
«…Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге
жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине
баш ийдире алсаң анда пайдаң да арбын болот…» - деп,
И.Р.Раззаков күндөлүгүнө жазгандай, базар экономикасы
бир топ эле кыйынчылыкты жаратты. Аны жеңүүгө
кажыбас кайрат, туруктуу эрк, сабырдуулук мүнөз гана
керек эле. Адамдагы мындай касиеттүү сапаттар менде
жана уулдарымда бар экендигин айтсам мактангандык
болбос.
«Иштен качкан адам идирексиз адам. Инабаттуу
өмүр сүрөм десең иштен тажаба… Ак иштеген адам акыры
жамандык көрбөйт. Иштей бил… Иш сенин зарылдыгың
болгондо гана турмуштун өтөлүнө чыга жашайсың…» - И.
Раззаковдун күндөлүгүнөн.
Кыргыз элинин кеменгер, чыгаан уулу Исхак
Раззаковичтин турмуштан алган акылман кептерин ар
дайым эске ала жүргөнүм менин турмушумда да ар
кандай тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңүүдө оң
таасирин берди. Ошондой эле И.Раззаковдун акылман
сөздөрүн эскерип жазуумда орустун улуу жазуучусу Лев
Толстойдун төмөндөгү бир сөзү мага көбүрөөк түрткү берди
дегим келет.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 11
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.