Latin

Сезимде жүргөн элестер - 11

Total number of words is 3872
Total number of unique words is 2133
25.5 of words are in the 2000 most common words
37.4 of words are in the 5000 most common words
44.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
–Жаштардан көп угасың: «Бирөөлөрдүн акылы менен
жашагым келбейт, өзүмчө акыл ойлошум керек» - деп.
Мен аларга айтаар элем: «Даяр акыл турса аны ойлоп
табам деп азап тартуунун кажети канча? Даяр нерсени ал
да, сапарыңды ула. Адамзаттын күчү ушунда».
Демек, турмушубузда ар дайым кылымдардын
кыйырын баскан акылмандардын кептерин, асыл
ойлорун окуп, ага маани берип пайдалана жүргөнүбүз
абзел.
Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын экономикалык
абалына саресеп салып карай турган болсок, бир топ
жетишкендиктерге күбө болобуз. Эмгекчил, мээнеткеч
адамдар жашоо шарттын жакшырышына өбөлгө түзүп
жатышат. Алардын катарына бизнесмендерди, жеке
ишкерлер тобун кошууга болот. Өздөрүнүн талыкпаган,
тынымсыз эмгегинин натыйжасында элди жумуш
орундары менен камсыз кылышып, мамлекеттин
казынасына ири өлчөмдөгү каражат төгүшүп, калкты
жакырчылык турмуштан чыгуусуна салым кошуп
келишүүдө. Мен, бул жерде уулдарым менен жаңы
замандын тар кыя, тайгак кечүүсүнөн туура жол таап,
чымырканып,
талыкпай,
эмгектенгенибиздин
натыйжасында
алгылыктуу
ийгиликтерге
жетише
алгандыгыбызды жашыра албайм. Мындай ийгиликтер
кайдан, кантип жаралганын санап отуруунун зарылдыгы
жок.
Адамды адам кылган эмгек экени чындык. Адам
канчалык эмгекчил болсо, эл керегине жараары да
талашсыз. Мына ушундай өңүттөн карап, айтканда:
Уулдарым! Ак эмгек, күмүштөй болгон пешене тер
менен жаралган ишиңердин үзүрүн көргүлө, демекчимин.
Менин жашым пенсия курагына жеткен жылдар
элибизге эркиндик – эгемендүүлүк келип СССР деген улуу
держава ыдыраган учурга туш келди. Мамлекеттик менчиктеги завод - фабрикалар, колхоз – совхоздор жана
башка ишканалар, приватташтырылып, жеке менчик
пайда болду. Бир заматтын ичинде чарбалардын (колхоз,
совхоздордун) мал мүлкү үлүшкө бөлүнүп, таркатылып
жатты. Үлүшкө бөлүнгөн малдан совхоздун малчылары,
деги эле совхоздо иштеген жумушчу кызматчылардын
дээрлик көпчүлүгү пайда көрө албады. Анткени, акыркы
жылдары кышка карата тоют даярдоого жетерлик көңүл
бурулбагандыктан кыштан мал арык чыгып, үлүшкө
бөлүнгөн малдар өлүмгө дуушар болду. Биз жашаган Чоң –
Алай совхозундагы жерди үлүшкө бөлүштүрүүдө да калыстык болгон эмес. Айдоо аянтардын жакшы жерлерин,
биринчи кезекте, совхоздо иштеген «атка минерлер»
андан кийин совхоздун малчы, жумушчу, механизаторлору - Үлүшкө болуп алышат. Совхоздун аймагындагы
Медицина, Эл агартуу, Соода жана башка ишканалардын
кызмат керлерин «Өгөй балага» жасалган мамиле жасалып, аларды үлүшүнө начар жерлер бөлүнгөн. Биздин
үлүшүбүзгө да «Кум -Талаа» Участкасынын 7,5 га жер
бөлүндү, бул жердин аты өзү айтып тургандай – «Кумдуу Талаа» экен.
Эмнеси болсо да бул аянтты инилерим менен
жакшылап өздөштүрүүгө аракет жасап «Ак – Суу» дыйкан
чарбасын уюштурдук.
Тилекке каршы, бизге бөлүнгөн аянтка суу жетпей
айдалган эгинибиз убагында сугарылбай үзгүлтүккө учурап жатты. Натыйжада, жерге жумшалган чыгымыбызды да каптата албай, зыянга учурадык.
Замандын агымына жараша, мен уюштурган «Ак Суу» дыйкан чарбасы зыянга учурап, биз күткөн
көрсөткүчтү бербеди.
Уулдарым менен «коммерция» жасоого кириштик.
Алгачкылардан болуп Дароот – Коргонго чакан менчик дүкөн курдук, дүкөндүн атын «Ак - Суу» - деп атадык.
Мында негизинен азык-түлүк, ун жана башка элге
биринчи керектелүүчү товарларды сатууну колго алдык.
Сатуучу болуп уулум Эмилбек иштей баштады. Магазиндин сыйымдуулугуна ылайык товарларды Оштон ташып
келүү өзүнчө машакат эле. Себеби бүгүнкү күндөгүдөй автотранспорт жетиштүү эмес эле, болгону. «Пазик» маркасындагы эки автобус жүрүүчү.
Ар күн сайын Дароот–Коргонго эрте мененки саат алтыда жүргүнчүлөрдү алып жөнөр эле.
Ушул автобустун орундуктарынын арткы жагындагы
бош орунга, бир күн мурда даярдаган жүктү кенже уулум
Улукбек таң азанда, башкача айтканда, таңкы саат төрт –
бештерде көтөрүп келип жайгаштырып турчу. Бул мезгилде, ал Ош Пединституттунун физмат факультетинин
үчүнчү курсунда окуп жүргөн.
Эгемендүүлүк келди, демократия деген ушул деп –
элдик бийликке чүмкөнүп, өз көмөчүнө күл тарткан «азаматтар» арбыды. Алардын айрымдары биздин ишибизге
(коммерцияга) түздөн түз бут тосууларын улантып, магазинди мыйзамсыз тез-тез текшерип көнүп алышты.
Аларга ПОВДнын начальниги Ташкулов, салык инспекциясынын башчысы Алмаматовдордун жосунсуз жоруктарын эскере кетмекчимин.
Алгачкы жылдары – рыноктун ыркыраган ызгаардуу
шамалы бир топ эле шаштыбызды кетирип, шайыбызды
оодарды. Бирок, үмүттүн шооласы үзүлбөйт эмеспи. Замандын оңолушунан үмүтүбүздү үзбөстөн, сабырдуулук
менен «Сабырдын түбү сары алтын» демекчи, кыйынчылыктарга, ар кандай бут тосууларга моюн сунбай, алдыга
карай чечкиндүү кадам таштай бердик.
Адам баласынын жашоосу нансыз, суусуз, абасыз
мүмкүн эместигин баарыбыз жакшы билебиз. Алла таала
аба менен сууну адамга эч бир мээнетсиз пайдаланууну
белек кылган. Ал эми нанды жеш үчүн тиешелүү эмгек
жасоо зарыл экендиги белгилүү. «Ким иштесе, тиштейт»,
- деген акылмандын сөзү да ушуга байланыштуу да. Мен,
Бул жылдары (1990-2005 жылдар) Бишкектеги «Акун»,
«Эрт», «ВЭК», «БМК», жана Кара-Балтадагы ун комбинаттары менен тыгыз байланыш түзүп, Ош областынын,
айрыкча Ош шаарынын тургундарын ун менен
мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша ташып келип, камсыздоонун
үстүндө иштеп келдим.
– Рынок (нарк) экономикасында адамдар ар түрдүү
тармактарда жан багуунун амалын издеп, жан талашып,
«коммерция»- жасабаганы калган жок. Биз, уулдарым
менен ар тарапка жүгүрбөй, бир гана ун менен иштөөнү
тандап алдык.
Акырындап, бүктөлгөн кагаздай жазылып, бүркөө
күндөй ачылып дегендей бутубузга тура баштадык. Дароот – Коргондо жердештерибиз үчүн (күйүүчү, майлоочу
майлар менен камсыздоо максатында АЗС курдук. Бул
жумушту «тубаса инженер») уулум Медетбек өзү башында туруп бүтүрүп, пайдаланууга берди. Аны бир тууган
агасы Чынгыз, балдары менен алгылыктуу иштетип жатышат.
2002-жылы, айылдын борборуна башкача айтканда
Борбордук оорукананын жанына «Чынара» аттуу
дүкөндүн курулушун бүтүрдүк. Бул курулушка да «инженер куруучу» - Медетбек чоң күч жумшады.
Ушул «Чынара» дүкөнүн жанындагы чоң курулуш
жөнүндө токтоло кетейин: Бул жердеги имарат, илгери
1950- 70 жылдары Чоң – Алай керек – жарак коомунун
конторасы болгон. Аны «приватташтыруу» мезгилинде,
Чоң – Алай керек жарак коомунда иштеген Каңдыбаевдын
менчигине өтөт. Бул имаратты уулум Эмилбек сатып алат
да, анын ордуна азыркы күндүн агымына ылайыктап чоң
дүкөндүн имаратын курган. Бул имарат
Дароот – Коргон айылынын көркүнө көрк кошуп турат.
Жыл өткөн сайын күндөп, түндөп чыдамкайлык, сабырдуулук, кажыбас – кайрат менен тынбай эмгектендик.
«Кулча иштеп, Хандай жаша» - демекчи, пешене
терди агызып,ак эмгегибиздин акыбети кайта баштады.
2005 жылы Чоң- Алайда фермердик чарба уюштурдук.
«Күнгөй - Өтөк» кыштоосуна 350 – 400 баш майда
жандык баткандай сарай менен үч бөлмөлүү чабандык үй
тургуздук. Бул курулуштардын бүтүшүнө жубайым Айседеп да кеп кеңешин берип, куруучулардан такай кабар
алып турду.
- Биз кандай гана жумуш болбосун, жапа тырмак чогуу киришип, ынтымакта тегиз иштеген касиетти баалайбыз. Ошондуктан жабыла көтөргөн жүктүн оордугу
жок. Бүгүнкү күнү да «сеники», «меники» деген
түшүнүктөн алысбыз. Чоң – Алайдагы фермердик чарбабызды да уулум Чынгыз жетектеп келүүдө.
2007-жылдын күзүндө Кызыл – Кыя шаарынын борбордук базарында Эмилбектин жетекчилиги менен 30 м 2
жерге, жаңы проект менен соода ишканасына ылайыкталган имараттын курулушу башталды.
2006-жылы Ош шаарында Медетбектин жетекчилиги менен «Агросоюз» аттуу фирма ачтык. Өнөктөш болуп,
Бишкектен «ОРИКС» компаниясынын жетекчиси Алмаздын да, бараандуу салымын айта кетүүнү туура көрдүм.
Бүгүнкү күндө турмуш – шартка жараша уулдарым Медетбек, инилери Эмилбек, Улукбектер менен Ош шаарында үй – бүлөлөрү менен, неберелерибизди куунак
өстүрүп ынтымакта жашап турушат.
2006-жылы Турциядан «Ак дегирмен» деген ири
фирмадан, суткасына 50 тонна ун чыгаруучу заводдун
жабдыктарын алып келдик. Заводдун курулушуна Медетбек менен Улукбек түндү түн дебей, күндү күн дебей,
чымырканышып, талбай иштешти. Уулдарымдын эмгекчилдиги, зээндүүлүгү, өжөрлүгү, аракетчилдиги өз жемишин бере баштады.
2006-жылдын декабрь айында завод ишке киришти.
Жогорку сапаттагы биринчи, экинчи сорттогу ун чыгарылды. Завод Ош шаарында курулгандыгына байланыштуу, чыгарылган ундун атын «Ак-Буура» деп атадык.,
Ишканада 40 жумушчу иш менен камсыз болду.
2007-жылдын эсебине, мамлекеттик казынага 8,0
миллион сомдон ашыгыраак өлчөмдө налог төлөндү.
Заводко жакын жерде көзү азиздердин жатаканасы
жайгашкан, ал майыптарга да мезгил – мезгили менен
жардам берилип турат. 2007-жылдын декабрь айынын
этегиндеги болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан Кара-Суу районунун Бек-Жар, Кара-Сөгөт,
Тогуз-Булак айылдарынын тургундарына 2 тонна биринчи сорттогу ун жардам берилди.
Ошентип, бүгүнкү күндө калкыбызга Казакстандан
алынып келген буудайдан даярдалган жогорку сапаттагы
унду
үзгүлтүксүз
тартуулоонун
үстүндө
иш
жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурдун талабына жооп бергендей заман бап
ишкананы куруу, айтканга гана жеңил. Аны «Тереңдикти
чөккөн билет, бийиктикти чыккан билет», - дегендей өз
башынан өткөргөн гана адам түшүнөт.
Уулдарыбыздын ак эмгек, пешене терин агызып эмгектенип иштеп жүрүшкөнүнө жубайым Айседеп менен
жараткандын бизге берген бактысына миң ирет ыраазы
болуу менен, Кудайдан балдарыбызга биринчи иретте
чың ден-соолук, узун-өмүр, бактысын кеңири бере көр
деп, тилеп келүүдөбүз.
Турмуш өз чимиригинде, өз огунда. Анын агымындагы оош-кыйышка, ачуу таттуусуна кабылып жашоо уланууда.
«Жашап келем өткөнүмө наалыбай,
Ж ашап келем, марып дагы марыбай.
Эл катары … Эл ичинде жүрөмүн,
Өргө тарткан өмөр жолун дагы улап»
– Ооба, өмүр деген, ал адамдын сапары экени анык.
Жашымдын улгайып баратканына наалыбай, бул
жашоодо балдарыма акылым жеткен, кеп-кеңешимди
айтып, - «адамды ак эмгек гана максатына жеткирерин»
айта жүрүүдөмүн.
Жогоруда эгемендүүлүктүн соңку жылдарында, ак
эмгек менен жаралган айрым жетишкендиктерибизди
учкай айтып өттүм.
Адам баласы бул жарык дүйнөдө алдына жакшы максат, ой-тилек,зор үмүт менен өмүр сүрөт. Демек, максатсыз жашоонун өзү супсак жана маңызсыз.
Уулдарымдын максаты: - Биримдикте, «Бир жакадан
баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып», калкыбыз үчүн
талбай эмгектенип, болгон мүмкүнчүлүктү натыйжалуу
пайдаланып, өндүрүштү кеңейтүүнүн үстүндө изденүү менен, өлкөбүздүн казынасына өздөрүнүн салымын кошо
берүү. Ооба, алдыңарда аткарыла турган жумуштар арбын. Аларды турмушка ашырууда, өлкөбүздө тынчтык,
бейкутчулдук болушу зарыл. Алла таала элибизди, бөөдө
кырсыктардан, ар кандай алааматтардан сактай көрсүн!
Эмесе сөзүмдү Эсенгулдун төмөнкү ыр саптары менен
аяктап, ак эмгегиңердин үзүрүн көрө бергиле, - демекчимин:
Босогоң бекем, түндүгүң бийик. жүрсө экен,
Кылыгын кызың, адабин уулуң жоготпой.
Бүркөлбөй күнүм, нуруңду тегиз себе көр,
Арамды – адал, жалганды – чындык жеңе көр.
Жаштарга ыйман, карттарга нысап бере көр!
“Ла
илаха
иллаллоху,
Мухаммаддур расулуллох”
Хаж сапары жөнүндө
Менин тагдырыма Алланын буйругу менен Меккеге
барып, зыярат жасап хажи болуу мүмкүнчүлүгү туш
келди. Хаж Ислам дининдеги парз болгон улуу
ибадаттардын бири болуп эсептелет. Парз Ислам
дининдеги аткарууга милдеттүү амал, парз амалдарын
аткарган адам сооп алат, аткарбагандар болсо шексиз
күнөөлүү болот.
Ислам дининдеги негизги парз амалдарына токтоло
кетүүнү зарыл деп ойлоймун. Алар:
1. Ислам дининин чындыгына ишеним келтирүү;
2. Күнүнө беш маал намаз окуу;
3. Рамазан айында орозо тутуу (отуз күн);
4. Зекет берүү;
5. Эгер мүмкүнчүлүгү жетсе өмүрүндө бир жолу ажыга
баруу.
Ислам жана ыйман жөнүндө төмөнкүлөрдү белгилеп
кетүү ылайыктуу:
– Ыйман деген – (араб сөзү, ишеним дегенди
билдирет)
Алла-Тааладан келген чындык, динге ишенүү жана моюн
сунуу,
– Ал эми Ислам деген түшүнүк – Алла Таалага баш
ийип, моюн сунуу жана анын чындык динине ишенип,
ушул динде буюрган амалдарды ишке ашыруу. «Лаа
иллаха илаллаху мухамадур расулуллахи» - деп келме
келтирүү.
Момун жана мусулман эмнелерге иман жана этикат
кылууга, б.а. ишенүүгө тийиш? Бүткүл дүйнөнү жана
ааламды, жерде болгон макулуктарды жоктон бар
кылуучу, аларды башкарып туруучу Алла Тааланын
барлыгына жана ошондой эле жалгыздыгына, анын
бардык ысым сыпаттарына Мухаммед Алейхис Саламдын
пенделерге динди үйрөтүү үчүн Алла Таала тарабынан
жиберилген чыныгы пайгамбар экендигине, ыйык
Куранды Алла Таала Мухаммед Алейхис Саламга берген
китеп экендигине, Алла Тааланын кудурети менен
баяндаган шарият өкүмүнүн ар бири чын жана туура
экендигине ишенип, ыйман келтирип, этикат кылууга
тийиш.
Эми Хаждын парз амалдарына токтоло кетейин.
Хаждын парз амалдары:
1. Меккеге барып Хаж кылуу ниети менен Ихрам
кийүү.
2. Меккедеги Кааба аттуу мечитти (ал төмөнкүчө
аталат: «Ал масжид ал-хароми» же болбосо
«Каабатуллах») жети айланып тавоф кылуу.
3. Меккенин айланасындагы Арапат аттуу тоого барып,
Зикир жана дуба кылуу.
1996-жылдын апрель айы. Ош шаарындагы «Ислам
борбору» деген Садыкжан Камалов (бир мезгилде
Кыргызстан мусулмандар муфтиятында жетекчи болуп
иштеген) жетектеген Хаж сапарына баруучулардын
документтерин даярдап, өзү жетектеп бара турган
адамдардын тизмесин тактап олтурган учурда, анын
кабылдоосунда уулум Медетбек менен болдум. Хаж
сапарына барууга тиешелүү болгон кагаздарын даярдап,
тиешелүү акча каражатын төктүк.
Эми Хажыга баруу анык болгондон кийин Дароотко
келип, тууган-уруктарды кабардар кылып, айылдын
аксакалдарын чакырып, алардын ак батасын алдым.
Ошентип апрель айынын 12си күнү кайра Ош шаарына
жөнөп келдим.
15-апрель 1996-жыл. Мекке Мукаррамга жөнөй
турган күн. Эрте менен Хаж сапарына баруучулар
топтолдук.
Хажыларды
узатып
барган
адамдар
аэропорттун имаратынын алдына ушунчалык көп
топтолгон, элдин көптүгүнөн аэропорттун имаратын,
анын айланасында коомдук тартип сактоо үчүн
милициянын
кызматкерлери
кайтарып
турушкан.
Аэропорттун имаратынын ичинде бизди топтоп, Хаж
башчысы: азыр Ош телекомпаниясынын журналисттери
келип сиздерден маалымат алат деди. Айрымдарыбыз
Хажыга баруудагы максатыбызды кыскача сүйлөп
бердик. Кийин биз Меккеге жөнөп кеткенибизден кийин
телеберүүнүн жаңылыктар түрмөгүнөн көргөзүптүр.
Ошентип
Хаж
амалдарын
Ош
аэропортунан
баштадык. Хаж башчыбыз ушул эле аэропорттон Ихрам
кийип алуубузду өтүндү. Ихрам кийимдери эки бөлүктөн
турат экен. Биринчиси «Изар» экинчиси «Ридаз». Изар
менен белин ороп, Аврат жерлерин жабат, ал эми
«Ридаз» менен желке мойнун байлап, бир жак учу менен
көкүрөгүн жана аркасын жабат. Бул амалдарды биз
Оштун
аэропортунан
жасаганыбыздын
себеби
биринчиден
биз
Джидда
аэропортуна
түз
эле
учаарыбызды, экинчиден ал жакта күн 40-50 градус
ысык экендигин хажы башчыбыз билдирди. Андан
кийин эки рекеет напил намаз окудук (хажы болууну
ниет кылып) да, самолетко чыга баштадык.
Оштун аэропортунда менин жаныма эки аксакал
келип «кыргыз» экенбиз, чогуу жүрөлү деп таанышып,
чогуу жүрүңүздөр деп ал аксакалдардын балдары да
узатып жүрүштү. Алардан башта Ислам борборунда хаж
сапарына катталып жүргөнүмдө Жаңы-Жол районунан
(азыркы Аксы) келген Каратай деген адам биздин
рейсте, б.а. биз менен чогуу учаарын айтып, экөөбүз
таанышкан болчубуз. Ошентип биз төрт кыргыз Хаж
сапарын бирге жүрүп, аткарып келдик. Эми самолетко
олтуруп бүткөндөн кийин Хажы башчыбыз төмөндөгү:
«Ляббик, Аллахум Ляббик,
Ляббик ля Шарик ляк Ляббик,
Иннальхамда ва аннаама ляк ва альмалик,
ля Шарик ляк»
деп бул сүйлөмдү ээрчип баарыбыздын үн чыгарып
айтышыбызды кулактандырды, жана бул дубаны ар
дайым жатка билишибиз зарыл экенин эскертти. Бул
дубаны Джидда аэропортуна жеткенче жаттап алдык.
Бул болсо: «Я рабби сенин ибадатыңды, сага моюн
сунуу менен аткарам. Сенин эч бир шеригиң жок, ар бир
байлык, даам сага тийиштүү, ар бир даам сеники.
Кожолук да сага таандык» деген маанини билдирет. Бул
дубаны мен «ислам ибадаттары» деген китептен окуган
элем.
Ал эми автобус, жеңил автомашиналар менен
баруучу Хажилар Меккеге жеткенче Мийкат деп аталган
жерлердин биринде Ихрам кийишкендигин, Мина деген
жерде автобус менен барышкан жердештерибиз, анын
арасында биздин Карамык айлынан барган Кыдырша
айтып бергени эсимде.
Бизди алып баруучу «ТУ-156» маркасындагы учак
Иран мамлекетинин аймагына келип, Мешхед деген
шаардын аэропортуна конду. Бул жерде аба үп тартып,
биз самолеттун ичинде «мончодо олтургандай тердеп, ар
кимибиз терибизди арчуу менен алек болуп олтурдук.
Самолетту бир жарым сааттай күйүүчү май менен
толуктап, андан кийин учууга уруксат берди. Мешхед
шаарынын көрүнүшүн самолеттун айнегинен гана көрүүгө
туура келди. Бул шаардан учуп 3-4 саат убакыттан кийин
гана Джидда аэропортуна келип кондук. Аэропортко биз
учуп келгенибизде саат 4-5 чамалары болсо керек. Бир
жарым сааттай убакыт өткөндөн кийин «намаз дигер»
(асир) намазынын убактысы болуп, азан чакырыла
баштады. Ал жерден асир намазын окуп чыктык.
Аэропорттун имаратынын кооздугун, тазалыгын, ал
жерде хажилар үчүн түзүлгөн шарттын бардыгын жазып
олтуруу мүмкүн эмес. Бирок бир-эки көрүнүштү эскере
кетейин: Мен аэропорттун имаратын, ары жак, бери
жактарын аңдаштырып жүрүп, кучагына толтура китеп
көтөргөн жаш жигитти байкап калдым. Анын алдын
тосуп барып «Ассалому алейкум» - деп салам айтып,
арабча билбегенимди, кучагындагы китептерди жаңсап
көрсөттүм.
Ал
мага
арабча
бирдеме
айтканын
түшүнбөдүм. Анан көтөргөн китептеринин арасынан бир
китепти мага суна калды. Ал китеп «На службе у гостей
Аллаха» деген орусча басылган 1993-жылы чыккан китеп
экен.
–Бул китепти китеп текчемде сактап, мезгил-мезгил
менен окуп жүрөм. Китептин акчасын берейин деп
ымдасам, эч кандай акча албасын, кыскасы бул китепти
белек катары мага бергенин түшүндүргөндөй жаңсап
кетип калды. Ал жерден китепти бир сыйра барактап
көрүп, хаж сапарына келген меймандар үчүн белек
катарында
берилгендигине
ынандым.
Китептин
мукабасынын биринчи эле бетинде «бахара» сүрөөсүнүн
197 аятын арабча тексти жана орусча котормосу
басылыптыр. Андан ары китептин биринчи барагында –
Сауд Аравиясынын королунун, мамлекеттин жана анын
калкынын атынан хаж сапарына келген «Зыяратчылар»
же
болбосо
хажиларга
саламдашуу
кайрылуусу
басылыптыр.
Бул
китептин
орусча
басылмасынан
Сауд
Аравиясынын мамлекети, «Королевствосу» жана андагы
ыйык жерлер тууралуу көп маалыматтарды билишиме
түрткү болду.
Джидда аэропорту тууралуу эскере кетүүнү ылайык
көрдүм: бул аэропорт Корол Абдель Азиз атындагы эл
аралык аэропорт болуп эсептелүү менен, дүйнө жүзүнүн
бардык булуң-бурчтарынан келген хажилардын 90
пайызын кабыл алууну камсыз кылат. Аэропорт Джидда
шаарынан 19км аралыкта жайгашкан, аэропорттун
имараттары 105 кв. км-ди ээлеп, жалпы аянты 150
гектарды түзөт. Аэропорттун курулушу 1974-жылы
башталып 1981-жылы аяктаган. Аэропорт бир эле
мезгилде 80 миң адамды (хажиларды) учурууга
ылайыкташтырылган.
Аэропортто
бизди
бажы
контролунан текшерүү жумуштары кечки саат 9-10 дордо
башталды. Бажы текшерүүлөрү аяктаган соң, Джидда
аэропортунан бардык ыңгайлуулуктагы «Мерседес»
маркасындагы автобуска чыгып, Мекке Мукараманы
көздөй жол тарттык. Джидда менен Меккенин аралыгы
60 чакырымды түзгөн, 8 катар автомобиль жүрө турган,
айнектин бетиндей тегиз асфальт жол экен. Бул
автожолдун ар бир тарабы 4төн 8 катардагы ортосундагы
20 метрлик аянтчадан эки тарапты көздөй зуулдап
жүргөн автомашиналарды байкадым. Хажыларды Мекке
Аль-Мукарама менен Джидда шаарын жана башка ыйык
жерлерге ташып жеткирүүдө 1000 автобус 10 миллион
хажыларды
алып
жүрүүгө
ылайыкташтырылган
«автокомпания» үзгүлтүксүз иштеп жатканына күбө
болдум. Джиддадан түңкү саат 11-12лерде Мекке АльМукараманы көздөй жол тартып, тез эле Меккеге кирип
келгенибизди
хажы
башчыбыз
билдирди.
Бизди
шаардын
ичиндеги
«Андижан
тахидасы»
деген
мейманкананын алдына түшүрүштү. Бул мейманкана
Каабатулла же болбосо Ал-Масжид ал харамга 500
метрлик аралыкта жайгашкан. Мейманкананын ээси
жашы 75-80 жаштардагы өзбек улутундагы Андижандык
адам экен.
Бизди
автобустан
түшүп
бүткөнүбүздө
хажи
башчыбыз бул мейманканадан башка, Каабатуллага
(ыйык мечит, Кудайдын үйү) жакын 25 орундук дагы бир
мейманкана бар, каалоочулар болсо ал жакка да барсаңар
болот деди. Биздин шериктерден Каратай аке (менден 45 жаш улуу болсо керек) мен барып көрүп келейин деп,
ал жакка жөнөгөн бир топ хажилар менен кете берди. Биз
болсо «Андижан Тахидасынын» кире бериш жеринде ал
кишинин келишин күтүп турдук. Арадан бир топ убакыт
өтүп-өтпөй биз менен барган хажилар ичкери кирип
жайгашып жатышты. Мен карасам, бардык эле хажилар
жайгашып, мейманкананын алдында биз үч кыргыз эле
калыптырбыз. Анан берки аксакал шериктерге – сиздер
бул жерде бир аз күтүп туруңуздар, мен Каратай аке
кеткен мейманканага барып келе коеюун деп 15-20
метрче басып калганымда, биз менен чогуу келген
Мадаминжан деген өзбек киши алдымдан жолугуп
калды.
– Ай, Мадаминжан аке, эмне кайтып келе жатасыз,
ал жак сизге жакпай калдыбы - деп сурадым. Ал киши, –
Ал мейманкана мага жакпады - деди.
– Анда сизге жакпаган мейманкана мага да жакпаса
керек дедим да артка кайттым. «Андижан тахидасы»
мейманканасынын алдындагы шериктер менен жүктагыбызды көтөрүп алып экинчи кабатына чыктык.
Мейманкана төрт кабаттан турат экен. Экинчи кабаттагы
бөлмөлөрдүн бир тобун карап көрдүм, бардыгын биз
сыртта турганда эле, биз менен келген хажилар ээлеп
алышыптыр. Бир бөлмөнү ачсам бир киши жүзтөмөн
түшүп жатыптыр. Бөлмөдө бир гана чемодан бар экен.
Башка бөлмөлөрдө да үч-төрт, айрым бөлмөлөрдө андан да
ашык
адамдар
сыйлыгышып
орун
алышыптыр.
Ошондуктан шериктеримди – биз төртөөбүз кире берели,
бул бөлмөдө бир эле адам бар экен деп аларды баштап
бөлмөгө кобурап кирип бардык. Бир оокумда баягы киши
ойгонуп бизден: – Силер орусча билесиңерби деп сурады. Мен жооп берип, абдан жакшы болбодубу, орусча
билем дедим. – Анда эмесе таанышып алалы, менин
атым Мамашарип, Россиядан келгенмин, улутум чечен
деди. Мен колумду сунуп, атым сенин атыңа уйкаш экен,
менин атым Мамасаит, биз кыргыздарбыз, Кыргыз
Республикасынан келдик, деп кол алышып, таанышып
кеттик. Берки шериктерим да аты-жөнүнү сурап, кол
алышып, таанышып чыкты. Бул чечен улутундагы жигит
(жашы
25-26ларда
болсо
керек)
биз
менен
таанышкандан кийин өзү жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтты:
– Мен дейт, Мамашарип,– Меккеге үчүнчү жолу келишим,
азыр Сирияда ислам университетин аяктоого аз калды,
быйыл акыркы курста окуйм. Чеченстандан деңиз
аркылуу беш күндөн кийин 300 киши Хаж кылууга
Меккеге келишет. Мен аларды күтүп алып, аларды
мейманканаларга жайгаштырам, ошон үчүн азыр бул
жерде жашап жатам, - деди. Эми силерди Каабага өзүм
баштап барайын. Ал жерде жасай турган Хаж амалдарын
кыскача түшүндүрүп, бизди баштап Кааба мечитине
жөнөдүк. Кааба Муаззаманын өзүн көрдүк, тагбир жана
тахлил айттык. Каабанын ичиндеги Хажарул-Асвад аттуу
мубарак ташты сүйдүк, Каабаны жети айланып сүннөт
болгон тавафты аткардык. Бул амалдардын бардыгын
Мамашарип өзү жетектеп, бизди ээрчитип жүрүп
аткарууга көмөктөштү. Андан соң Маккаму-Ибрахим деген
жерде бизди токтотуп, Каабаны жети жолу айланып
бүткөн соң, Каабаны бет алып эки ирет намаз окудук.
Андан ары бизди тобубуз менен Замзам суусуна баштап
барды. Замзам шарипке барып, тике туруп замзам суусун
ичтик, башыбызга, бетибизге, көөдөнүбүзгө суу септик.
Анан төмөнкү дубаны окудук: Муну Мамашарип айтып
турду:
«Аллахума инни ас алука, ризкан васкан ва илман
наафиан, ва шифаан мин кулли дааин» – мунун
кыргызча мааниси: «Я рабби, чындыгында мен сенден
кенен ырыскыны, пайдалуу илимди суранам жана
ооруганда шыпаа таап айыгууну бер» - деп, маанисин
айтып берди да, бизди чогуу жүргүлө деп, өзүнүн
иштерин айтып басып кетти. Ал кеткенден кийин биз
мечиттен чыгып, Сафа жана Марва деген эки тоонун
(көлөмү үч-төрт боз үйдөй таштар) бул жер Кааба менен
туташ тургузулган эки кабат имарат. Анын узундугу 400
метр, туурасы 20 метр келет. Биринчи кабатынын
бийиктиги 12 метр. Жогоруда айтылган тоолордун
биринчиси Сафа, экинчиси Марва деп аталат да, ушул
имараттын ичинде жайгашкан. Мына ушул Сафа менен
Марва тоолорунун биринчиси менен экинчисин көздөй
(чуркоо) жүрүш жасадык. Ал жүрүш жети жолу
кайталанат. Андан кийин Сафа тоосунун үстүндө
жайгашкан чач тарач бар, бул жерде чачыбыздын
учтарын кыркып, кыскартып алдык да Каабадагы
негизги Хаж амалдарын аяктап мейманканага келдик.
Мейманканага келип, ихрамдарды чечип арабдардын
улуттук кийимдерин узун ак көйнөк менен ак дамбал
кийимдерин кийип жатканыбызда Аксыдан барган
Каратай аке икрамды белине байлаган атайын жасалган
курчоо, анда акча салчу чөнтөктөрү бар, анын бир
чөнтөгүнө майда долларын, бир жак тарабына ирик
долларын салып келген экен. Ошол майда долларынын
бардыгын жоготуп койдум деп бушайман болуп калды.
Ал акчасын Каабаны жети жолу айланып жүргөндө
ушунчалык катуу тыгын болгондуктан ошол жерде
алдырып коюптур.
Анан чай ичүүгө олтурганыбызда, мен «Каратай аке
жоголгон акчаңыз кандай акча экенин айтып бериң,
«пешене тер» менен табылган акча беле?» - деп сурап
калдым.
– Бул жоголгон акча аяш уулум койгун десем болбой
кичине диктафону бар, бирөө сүйлөгөн мезгилде
байкатпай жаздырып ала турган магнитофон ала келесиз
деп берген эле.
– Аяш уулум райондук прокуратурада иштейт.
Ошонун көөнүн кыя албай мейли деп ала койгон
болчумун, - деди.
Анда ал акчанын максаты жаман иштерге арналган
экен да, болбосо берки пешене тер менен табылган
акчаларыңыз жоголбойт беле деп күлүп калдык.
Кийин Кааба мечитинде, Меккеде төрт-беш күн
болгондон кийин, мечиттин ар бир эшигинде төрттөн
кароол турганын, алар жергиликтүү элдердин жосунсуз
жоруктарын байкап, айрым учурларда бир нече жолу
уурулук жасаган адамдарды мечитке киргизбеске аракет
жасап, кокустан амал таап кирип калган ууру адамдарды
мечиттен кармап чыгарып кеткенине күбө болдук. Бир
күнү биз бешим намазына кирип, катарга тизилип
олтурган мезгилдерде бир жак колу жок адам кайыр
сурап, олтурган адамдардын катары менен өтүп баратты.
Бир заматта күзөттө турган формачан адам баягы колу
чолок адамды желкеден кармап, бир эки жолу тээп,
мечиттен алып чыгып кетти. Биздин катарда олтурган
бир адам бул колу жок адамдын уурулук жасаган адам
экендигин бизге түшүндүрдү. Бул жердеги уурулардын
биринчи жолу уурулугу билинсе колунун манжаларын,
экинчи жолу жасаса колун билегинен, үчүнчү жолу
жасаса колун чыканагынан кесип, андан ары дагы
уурулукту улантса, кайнап турган майга күйдүрүшөт деп
бизге түшүндүрдү. Жанагы адам төрт жолу уурулук
жасаган адам экендигин айтты. Ошондо Каратай аке
менин акчамды ушул уурдаган турбайбы деп күлүп
калды. Биз Курман айт күндөрү келгиче Меккеде бир
жума туруп калдык. Биз менен Мамашарип Меккеде үч
күн ыйык-мубарак жерлерин көргөзүп, күндүзү биз менен
болуп атты. Кечиндеси Каабадан чыкпай. КураниКаримди жат көтөрүү менен, таң атканда багымдат
намазын окуп алып, мейманканага келер эле. Төртүнчү
күнү биз менен коштошуп жатып, Россияда, Чеченстанда
согуш болуп жатканын, өзүнүн бир тууганы согушта каза
болгонун айтып көзүнөн жаш төгүлүп турду. Биз ага көңүл
айтып, кайрат кыл, бул нерсенин баары кудайдан деп,
көңүлүн көтөрүшкө аракет жасадык. Белек катарында
кыргыздын ак калпагын кийгизип узатып койдук.
Зулхижжа айынын 8и күнү эртең менен бизди
Меккенин бир жагындагы «Мина» аттуу жерге автобус
менен жеткиришти. Бул жер аркандай мамлекеттердин
желеги илинген чатырлар тигилип турган шаарча экен.
Кыргызстандан
келген
жалпы
эле
хажилар
Кыргызстандын желеги илинген жерге жайгаштык.
Биздин шериктер «Автобус менен келип калгандар
болсо, алар үчүн бир-эки чатырды ээлеп туралы» деп
чечтик. Бешим маалынан өтүп калган кезде менин
жердешим Чоң-Алайдын Шиве деген айылынан Кыяз
ажы акенин уулу молдо Калил келип калды. Ал Меккеге
Бишкектен хажы башчы болуп, автобус менен келгенин,
өзү менен кошо энесин жана кайненесин кошо ала
келгенин айтып, аларды кайсы жерге жайгаштыруу
керек деди. Мен биздин жаныбыздагы бир чатырды
көргөзүп, жердеш эжелерди ушул чатырга жайгаштырсаң
болот дедим. Бир аздан кийин молдо Калил энеси менен
кайненесин баштап келди. Биз менен учурашып, ошол
биз ээлеп турган чатырга жайгашышты.
Эртеси арапа күнү (курбан айт) Арапат тоосуна
жөнөп кеттик. Арапатта бешим болгондо Хаж имамы
хутба окуду. Андан кийин бир азан, эки тагбир менен
бешим намазынын убагы чыкканча намаздигерди кошуп
жамаат менен намаз окудук. Андан кийин Муздалифа
деген жерге бардык. Бул жерде шам намазы менен
куптан намазын окудук да ал жерде түнөп калдык. Бул
жерди биздин Чоң-Алайдын тоолоруна салыштырып
байкасам, биздин тоолордун аскалары сыяктуу эч кандай
өсүмдүк өспөгөн, какыраган таштарга гана курчалган
капкара зоолор ээлеген. Ал эми биздин тоолордун төмөн
жактарындагы бөксөлөрүндө арча, карагай, бөрү карагат,
андан төмөн жактарында шыбак, ар түрдүү даарылык
касиеттеги гүлдөр, ышкын, кымыздык жана башка
адамды атыр жыты менен өзүнө тартчу чөптөр өсөт
эмеспи. Ал эми бул жерде күндүн ысыктыгынан
климаттын шартына ылайык (40-50 градус ысык) эч
кандай өсүмдүк өспөй, какыраган кара таштар андан
бетер ысып, тоолордун этеги да кара таштарга айланып
калганын көрүп, биздин Кыргызстандын климаты,
тоолордон агып түшкөн мөлтүр муздак булактары,
суулары, жагымдуу абасы жана табияттын кооз экенин,
Жараткан
кыргыздар
үчүн
ушундай
«бейиштин
төрүндөй» керемет, адам баласынын жашоосуна эң эле
ыңгайлуу
кооздукту
тартуу
кылган
экен
деген
жыйынтыкка келдим.
Ошентип, биз Муздалифа деген тоонун этегиндеги
коктуда бир нече чарчы атайын асфальтталган жерде таң
аткыча болдук. Таң аткандан кийин бизге дайындалган
автобуска олтуруп, кайра Минага жөнөп кеттик. Биз
Кыргызстандын
желеги
илинген
өзүбүз
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 12
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.