Latin

Сезимде жүргөн элестер - 18

Total number of words is 3812
Total number of unique words is 2084
25.7 of words are in the 2000 most common words
37.4 of words are in the 5000 most common words
43.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
да кол серпип, тергөө ишин кысмакка алдырбай, терең,
мазмундуу жүргүзсө болмок.
Кыргыз журтчулугунун башына кайгы түшүргөн ушул
деп, Смагинди кылмышкер катары эсептедик. Бирок, анын
бир ооз кебин уга албадык. Ары жагында аңдып турушкандар ага жеткирбеди, көзүн тазалашты. Алардын аты жөнүн
билбесек да боолголойбуз. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин» деген кеп бар. Чыдап турсак, чыныгы кылмышкерлердин да дайыны билинип калаар.
Деги, ар кайсы жерде тентиреп жүргөн, турмуштун ой
- чуңкурун али басып өтө элек жаш жигитке (Смагин) Совминдин председателин өлтүрүүнүн эмне кажети бар? Мурун
- кийин бет алышып, ортолорунан кер - мур сөз өтпөсө не
азап? Анын үстүнө маркумдун дал ошол күнү санаторияда
болорун кайдан билди? Бул кабарды белгилүү чөйрөдөн
сырткары эч ким билүүчү эмес. Бул өңдүү жашыруун сыр ага
кандайча жетти? Анын аркасында кимдер турат?
Ушул кезге дейре Турдакун Усубалиевдин таза деп
эсептеп келген мен (азыр деле ошондой ойлоймун) каргашалуу кырсыкка байланыштуу ага ичимден нааразы болгонум бар.
Эмне себептен тергөөнү шаштырып туруп алдыңыз? Жарым жылда ишти бүткөрө алышпады? - деп КГБнын
кызматкерлерине доомат койбойм. Алардын эркинде болсо
ошол эле мөөнөттүн ичинде кылмыштын ийнесинен жибине чейин изилдеп, сиз менен биз ойлогондон алда канча
жогорку деңгээлде жүргүзүшмөк. Алардын колун байлаганы
жогорку жактын көрсөтмөсү болгондугу шексиз.
Албетте, бул кырсыктын себептерин, күнөөкөрлөрүн
аныктоо боюнча СССРдин, республиканын укук коргоо органдары
жарым
жыл
бою
изилдешип,
тиешелүү
жыйынтыкка келип, сот өкүмүн чыгарганын көпчүлүк билет.
Ошентсе да бул кырсыктын себептери эл арасында
алигиче ар түрдүү айтылып жүргөнүн да жашырып коюуга
болбос.
Жакында менин колума С. Ибраимовдун өмүр жолу
жөнүндө чыгарылган китеп (автору Болотбек Бакалаев.
«Мен Кыргызстандын өсүп - өнүгүшү үчүн иштейм. 1998 ж.) тийип, анда анын өлүмү тууралуу Б. Орунбековдун журналисттик иликтөөсү басылыптыр. Анда окурман менен
ошого көз кырын салалы.
«Ошол жөө сөздөрдүн угарманы катары С. Ибраимовдун бейажал өлүмү мени да көптөн бери тынчсыздандырып келет» - деп жазат журналист Бактыбек Орунбеков.
Насип экен, жакында Султан абанын өмүрлүк жары Рева
эжеге жолукканыбызда, эринбей кеңири аңгеме куруп
отурду. Булардын канчалык чын экенин калыс окурман өзү
таразалар. Бул аңгеменин айрымдары: - «Токмок эт комбинатындагы үч муздаткыч». Султан кызматында жетекчи
катары катуу талап кылып, жоопкерчилик менен мамиле
жасап, айтканын аягына чейин аткарган мүнөзү бар эле.
Үйдө да ошондой мамиле болчу. Жумушундагы өйдө - ылдый маселелердин баарын эле мага айтып келчү адаты деле жок эле. Эмнегедир бир күнү Республиканын ошол мезгилдеги ички иштер министри Габидулин көңүлүнө толбогонун айтып жиберди, «кимге ишенээрин деле билбейм,
колдогону чоң окшойт, экөөбүз акыркы күнү тил табыша
албас болдук. Кылмыштуулук болсо күндөн - күнгө
күчөөдө…» -деп эле туюгунан айтып калганы эсимде. Кийин кыңыр иштердин учу кылтыйганда түшүнбөдүмбү. Айткандай эле, ал министрдин таянган тоосу, ишенгени Бреж301
невдин (ЦК КПССтин генеральный секретары) күйөө баласы
Чурбанов экендиги билинди.
Чоң кырсык болуп, республиканын жетекчиси өлүп
жаткандан кийин биринчи ички иштер министри жооп бериш керек эле, тескерисинче Габидулин Султан өлгөндөн
кийин (1981 - ж.) Генерал - лейтенант деген жогорку чинди
алды. Ошондо жанымды койорго жер таппай, «атабыз
өлгөндүгү үчүн бердиби» - деп балдарым менен буркурап
ыйлаганымды айтпа. Чинди ага ким ыйгарат? Ошол Чурбановдун өзү эмеспи.
Экинчи шектенген жерим. Биздин көлгө аттанганыбызды Султандын жардамчысы Залунин дароо Габидулинге
кабарлаганы билинген. Ал биринчи суракта телефон
чалганын моюнуна алган. Кийин жакшылап консультациядан өткөнбү, айтор, караманча танып салды. Күйбөгөн
жерибиз күл болуп, айласыз отуруп калдык. Кимге барып
арызданасың, баары чырмалышып жиптин бир учу
Москвада жатса. Анча деле өткөн жок, Залунин МВДга
көтөрүлүп кетти.
Токмоктогу эт комбинатында 1980 - жылга чейин эки
муздаткыч иштеген экен. Биринде балдар бакчасына, аскер
бөлүктөрүнө, мектептерге, ооруканаларга бериле турган эттер сакталса, экинчиси дайым бузулуп калды деген шылтоо менен бош турат. Жалпы элге эт жетпейт, жакын арада
маселе чечилчүүдөй болбогондон кийин Султан өзү жагдайды талдап көрүүгө кызыгып калат. Ишти дароо колго алып,
муздаткыч чыгарган заводдон адисти чакырып келип
оңдотсо, бир тетигин атайын алынып ташталганын Султанга көрсөтөт. Анын артында көп сыр бар экенин ошондо
байкап калган көрүнөт, көп өтпөй, эт комбинатына үчүнчү
муздаткычты койдурат. Өзү көзөмөлгө алып, үч муздаткычты тең этке толтуртат. Көзөмөлгө ички иштер министрлиги биринчи жооп берээри да түшүнүктүү.
Бир күнү (1980 - ж) «Ай Рева, буюрса, Фрунзенин эли
май айына чейин эт, картошканы кенен жей турган болду.
Баягы үч муздаткыч тең толду. Байкуш чабандардын эле
шору экен да, көрсө, буга чейин эт башкалардын эле
чөнтөгүнө түшүп жаткан тура» - деген сөзү бар эле. Айткандай эле кийин Токмок эт комбинатында Бостонов баштаган
чоң «мафия» кармалып, дүйнөгө дүң деди. Ал жиптин бир
учу, Султандын каргашалуу өлүмүнө болгон даярдыктын
изи Токмоктон министр Габидулин аркылуу Москвага чейин созулуп жатпайбы.
Сот процесси бүткөндөн кийин да дээрлик 1985 - жылга чейин иштеген жерибиз, үйүбүз көзөмөлгө алынды. Эми
башкасын коюп, жалаң мени сураган жогорку чиндүү
тергөөчүлөрдүн коркутуп, үркүтүп, зекип, үрөйдү учурганын
айтып отурсам өзүнчө кордук. Мени бат эле пенсияга чыгарып жиберишти.
Атайын тергөө, сот процесси уюшулуп, даярдалган
«кылмышкерди» тапкан болуп, анан анык күбөнүн көзүн
жоюп, көпчүлүктүн көңүлүн ошого буруп жиберип, «кара
кылды как жарган» Советтик мыйзамдын негизинде өкүм
болгонсуган. Бирок, бизди таптакыр башка жакты каратып
койгон экен. Беш жылга эркинен ажыратылган Смагиндин
же баласынын өлтүрүүгө кандай түпкү максаты болгонуна
таптакыр көзүм жетпей койду.
Мурдагы да, кийинки да эмес, ошол туштагы Кыргыз
ССРинин Министрлер Советинин председателин, менин
күйөөм Султанды өлтүрүүгө КГБ - МВД сыяктуу кубаттуу механизмден жашыруун тапшырма алгандар аттанбаса,
мындай аянычтуу - жалаалуу татаал «ишке» ким деген батынып бара алмак?
Бардыгы ойлонулуп, эсептелип, пландалып, майдай
жылма иштелгендиктен, кылмыштын чыныгы изи эмдигиче бурмаланып, жашырылып келет. КПСС БКнын, Кыргызстан КП БКнын, Партдиктатуранын кээ бир жооптуу
адамдары кылмыштын болорун билип, атүгүл далдаалап
турган. Эми эч тиешеси жоктой, андагы сот өкүмүн бетине
кармап, көрмөксөн - билмексен болуп четте турушат. А кокус ал «иштин» ширмасы сыйрылганда эмне болушат,
кандай абалда калышат? «Жашыбыз жетип калды, атып
деги жибербейт, өлсөк көзүбүз көрбөйт, көтүмдү бөрү жесин»
дейби? А адамдык бетчи, артында калгандарчы, түбөлүк
жаманаттычы?
Султан Ибраимовду бетбактык менен өлтүрүлүшү кайрадан текшерилип, кайрадан такталууну талап кылат.
Абсамат Масалиев.
1985 - жылы бийликке Абсамат Масалиев Москванын
көрсөтмөсү менен келип отурду.
Абсамат Масалиев 1933 - жылы туулган. Эмгек жолун
Москвадагы Тоо - Кен институтун бүтүргөндөн кийин 1956 жылы участканын начальнигинин жардамчысы болуп баштайт. Андан соң шахтанын башкы инженеринин орун басары, «Кыргызкөмүр» трестинин башкы инженеринин
жардамчысы, Ош обком партиясынын өнөр жай жана
транспорт бөлүмүнүн инструктору болуп иштейт.
1964 -жылдан тартып, Жогорку партиялык окуу
жайын бүтүрүп, Кыргызтан КП БКсынын жана Министрлер
Советинин алдындагы партиялык мамлекеттик текшерүү
комитетинде инспектор, Ош областтык элдик текшерүү комитетинин төрагасынын орун басары, партиянын Ош обкомунун бөлүм башчысы, Кыргызстан БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, партиянын Таш -Көмүр шааркомунун биринчи катчысы, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн
бөлүм башчысы, эл депутаттарынын Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.
1974 -жылдан баштап Кыргызстан КП БКнын катчысы,
Ысык -Көл обком партиясынын биринчи катчысы, КПСС
БКнын инспектору, Кыргызтан КП БКнын биринчи
катчысы, ошону менен бирге 1990 -жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы болуп иштеген.
Кандай экенин билбейм, мурдагы жетекчи менен
жаңы жетекчи тил табыша алган жок. Экөөнүн мамилеси
өтө чиелешип калган окшойт. Бири - бирине тиш салышып
эле туруп алышты. Эл Абсамат Масалиевди чынчыл, ак ниет кызмат өтөдү деп билишет. Чынында эле ошондой болгондур. Ошол маалда Горбачевдун кайра куруусу башталып, демократиялык агымдар күч алып КДК өңдүү
кыймылдар өтө көп болуп, Ош окуясы чыгып кетти. Айтор,
Абсамат Масалиевге иштегенге мүмкүнчүлүк берген жок.
Муну дагы Москва эле башкарып турду. Ош окуясына Ч.
Айтматов келип, өз элинин жаш - карысын бир аз опузалап,
жаңжалды токтотуп койбогондо арты эмне менен бүтөөрүн
бир кудай өзү билет эле.
«Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан
кийин турушу керек. »
(Плиний Кенже - рим жазуучусу.)
СССРДИН ТАРКАШЫ. КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДҮҮ
РЕСПУБЛИКА.
Аскар Акаев.
Аскар Акаев - 1944 - жылы 10 - ноябрда Чүй областынын Кемин районундагы Кызыл - Байрак айлында туулган.
Ленинграддагы так механика жана оптика институтун
бүтүргөн. Эмгек жолун 1961 - жылы «Фрунземаш» заводунда слесарь болуп баштаган.
1976 - жылдан 1986 - жылга чейин Фрунзедеги политехникалык институтта алгач «Автоматтык башкаруу системасы, эсептөө техникасы» кафедрасында улуу окутуучу,
доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1986 - жылы
Кыргызстан Компартиясынын БКнын Илим жана окуу
жайлар бөлүмүнүн башчысы болуп бекилген, анда 1987 жылдын июлуна чейин иштеген.
1987- жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги болуп шайланып, ал жерде 1990- жылга
чейин алгач вице- президент, андан кийин президент болуп иштеген.
1990 - жылы мартта СССР эл депутаттарынын 3 сьезди
өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда,
Өзбекстанда жана башка бир катар союздук республикаларда Президенттик башкаруу киргизилген.
1990 - жылы 27 - октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде А. Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган. 1990 жылы 15 - декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде «Кыргыз
Республикасынын
мамлекеттик
эгемендүүлүгү
жөнүндөгү» Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Совет305
тер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган.
1991 - жылы 5 - февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты калыбына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген.
1991 - жылы 31 - августта Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинде «Мамлекеттин көз карандысыздыгы
жөнүндө» - декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет
катары салтанаттуу жарыяланган.
1991 - жылы 21 - декабрда Алматыда Беларусь республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан,
Түркмөнстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине
кол коюшкан.
25 - декабрда Михаил Горбачев СССРдин жоюлганына
байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон. Эгемендүүлүккө
жеткен
Кыргызстанда
демократиялык
өнүгүүнү камсыздоо үчүн биринчи кезекте мамлекеттик
түзүлүштү, республиканын ички жана тышкы саясаттарын
аныктоо керек эле. Бул үчүн адегенде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (негизги мыйзам) иштеп чыгып,
кабыл алуу милдети турган. 1990 - жылдын аягында жаңы
Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз
Республикасынын Президенти А. Акаев башында турган
Конституциялык комиссия түзүлгөн. Бул комиссия бир жарым жылдык мөөнөттө Кыргызстандын Конституциясынын
биринчи долбоорун иштеп чыккан.
Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин 12сессисында талкууланып, 1993 - жылы 5 - майда кабыл
алынган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча
Кыргызстан демократиялык республика аталып, аны эл
тарабынан шайланган мамлекет башчысы - Президент
башкарат. Анда Кыргызстандын элинин эркине жана
кызыкчылыктарына ылайык, Кыргызстандын коомдук
түзүлүшүнүн жана саясатынын негиздери аныкталган.
Ошондой эле республиканын мамлекеттик органдарынын
тармактары такталып, алардын түзүлүшү жана ишмердиктери, граждандардын укуктары менен милдеттери бекитилген. Конституция боюнча Президентке өкмөттүн
структурасын аныктоо, Жогорку Кеңештин макулдугу менен Премьер - Министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо
укугу берилген.
1992 - жылы Республиканын жергиликтүү аткаруучу
бийлик органдарын реформалоо жүгүзүлүп, Президенттин
Указы менен шаарларда, областтарда, райондордо акимдик
башкаруу киргизилген. Акимчиликтер мурдагы жергиликтүү советтердин алдындагы аткаруу комитеттеринин
аппараттарынын негизинде түзүлгөн. 1992 - жылы 18 - декабрда Мамлекеттик Гимнин (сөзү Ж. Садыков, Ш. Кулуевдики, обону К. Молдобасанов менен Н. Давлесовдуку),
Мамлекеттин Гербин (14. 01. 1994 - ж. авторлору:сүрөтчү А.
Абдраев жана милициянын генералы С. Дубанаев) кабыл
алышкан. Мамлекеттик туу 3 - март 1992 - жылы (авторлору:окумуштуу С. Итаров, сүрөтчүлөр: Б. Жайчибеков, Ж. Матиев, архитекторлор: М. Сыдыков, Э. Айдарбеков) бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни.
сөзү:Ж. Садыков, Ш. Кулуевдики.
обону:Н. Давлесов, К. Молдобасановдуку.
Ак мөңгүлүү аска - зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала - тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата - бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, Кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Кайырма:
Аткарылып элдин үмүт - тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап, урпактарга берели.
Кайырма:
Тагдырдын буйругу менен окмуштуу - физик Аскар
Акаев 1991 - жылы 12 - октябрда жалпы элдик шайлоодо 12
талапкердин ичинен Кыргыз Республикасынын президенти
болуп шайланып, бийликке келет. Анын президент болуп
шайланган алгачкы күндөрүндөгү Касым Исаевдин жолугушуусуна, жеке өзүнүн берген баасын жана Кыргыз элине
канчалык эмгек сиңиргени жөнүндө жеке ой толгоолоруна
кайрылып көрөлү.
«Акаев президент болгондон кийин, биринчи элге
кайрылуусун «Слово Кыргызстанадан» окудум. «Кадрлар
маселеси боюнча регионалдык кызыкчылыктарды эске
алабыз» дегенин окуп, «бу деле жыргатпайт экен» деген
ойдо калдым. Себеби, окумуштуу, прогрессивдүү көзкараштагы адам профессионалдык сапатка, өнүгүүгө басым коет
деп күткөн элек. Ошол кезде СССРдин өкмөтүн реорганизация кылып, Госпландын ордуна кандай орган болуш керек
экенин президент Горбачев союздук республикалардын
президенттери менен мени Борбордук Азия республикаларынын президенттери менен сүйлөшүп кел деп жөнөтүштү.
Алматыдан Кыргызстанга келдим, Акаев кабыл алды.
Эчтеке бололекте ордунан тура чуркап, сөздү аягына чыгалекте эле «ооба, ооба», «туптуура, туура» дей берет экен.
«Госплан момундай болгон атат, сиз кандай дейсиз?» деп
сурап атам. Акаевдин баскан - турганын, сүйлөгөнүн көрүп,
«Госпландын бир анча чоң деле эмес начальниги келгенге
ушунча болду, Москвадан андан чоңураак бирөө келсе, бу
чөгөлөп берет го» деген ой көкүрөктө калды. Биз кичине
өлкө, аз эл болсок, башчыбыз салмактуу болуп, кошуналар
менен теңата мамиле күтпөсөк, элге кыйын болот да.
Москвага кайра барганда Ишенбай Абдуразаков Япониядан чалды: «Касым Исаев, Кыргызстанга барып, жаңы
президентти көрдүңбү?», «Көрдүм, бечара биздин элдин
шору бар экен. Бул ар кимге жүгүнө берип, элдин кунун кетирет го» дедим.
Касым Исаевдин «Өрткө камыш күйгөндөй, өткөн
иштин аты бар»- (15 - декабрь 2005 - жыл) «Алас» гезитине
жарыяланган «Акаевдин жасакер адатынын куну» - деген
макаласына көңүл буруп, анын адамдык мүнөзүнө назар салалы.
«Бүгүн коомчулук Акаев менен Назарбаевдин теңата
эмес куда болушу, Акаевдин Назарбаевге жасакерленгени
эки өлкөнүн мамилесине доо кетирди деп эсептешет. Акаевдин өтө жеңилдиги, маскарапоздой (шут) баскан - турганы үчүн КМШдагы тааныштарымдан эмне деген гана мыскылдарды укпадым. Бир эле Б. Ельциндин, И. Силаевдин
гармошка коштоосу менен бийлик башына кашык ойноткону эле эмне? Ушунусу үчүн Ельцинге Ысык- Көл жээгине
эстелик тургуздук. А. Токталиев деген адвокат - «максимовичтин» айтымында Акаевди келсин деп суранып, андан
дагы кечирим сурашыбыз керек экен. Бул мырза эл кайда,
эмне абалда калганын, Акаев кайда экенин дагеле билелек
өңдөнөт. Акаев он төрт жыл ичинде элдин байлыгын уурдагандан тышкары өлкөнүн жана элдин арнамысына орду
толгус сокку уруп, чоң жоготуу алып келди. Мунун ордун
ким толтурат? Качкын президентти ким жоопко тартат?
Бизде укук коргоо органдарында иштегендердин
көпчүлүгү сатылгыч жана коррупцияга баткандар. Аларга
үмүт артып бекер. Бийликке эми келгендер да Акаевдин
жакын аптабачылары экендигин күн өткөн сайын далидеп
жатышат. Ак үйгө: «Сиз чапкан жол менен баратабыз, урматтуу Аскар Акаевич!» деген жазууну илип коюш гана
калды.
- Адам өзү алсыз, оома жан болот тура. Ал кандай
чөйрөгө туш болсо кийинкиси ошого жараша кетет экен.
Мына Акаев Европалык маданияты, билими бар адам.
Чыгыштын чөйрөсүнө түштү эле, ага деле алда немедей
көнүп, кошоматка кадимкидей корстон болуп, бара - бара
ансыз туралбай калбадыбы. Көрсө, түпкүрүндө бош,
мүлтүлдөгөн жан экен да. Болбосо, жанагаинтип баланча
процент деп шапке сураган бир эле чиновникти өзү ачык
айтып, элдин көзүнчө жазалап койгондо, башкаларга сабак
болмок. Ал үчүн биринчи жетекчи акылдуу, таза жана
бийик адам болушу керек да.
- Чынын айтканда, Акаевдин бирдемени түшүнмөк
турсун, дегеле кеп жебегени көрүндү. Себеби, 15 жыл бою
«мен, мен» дегенге көнүп алган тура. Анын үстүнө биз дагы
өз убагында кылыктарын бетине айтпай, жаман үйрөткөн
турбайбызбы.
Мына жакында Сербия президенти Милошевичти
«Югославиядагы айрым этносторго геноцид жасаган» деп
соттоп атышып, ал өлүп калды. Акаевге да «өз элине геноцид кылган» десек туура болчудай. Геноцид - элди массалык түрдө өлтүрүү дегенден башка экинчи маанисинде «элге оор турмуш шартын түзүп, анын негизинде элдин бир
бөлүгү тентип, курмандыкка учурап, жалпы элди
кыйынчылыкка алып келет» деп түшүндүрүлөт. Кыргызстандын акыбалы так ушундай болуп жатпайбы. Башка
өлкөлөргө кеткен канча кыргыздардын дайны жок. Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн суроосу боюнча, самолет жана поезд менен Кыргызстанга өлүктөрдү алып
келүүнүн баасы 50% арзандатылганы маалым болот»- деп,
даректүү маалыматтарды Касым Исаев белгилейт.
Андан ары «Жүгүнүп жашап жүргөн киши кантип эл
башкара алсын?» - Касым Исаевдин « De - Факто» №12
бейшемби, 17 - май, 2007 - жыл. Гезитине жарыяланган
макаласынан А. Акаев жөнүндөгү үзүндүгө кайрылып
кетүүнү ылайык көрдүм
- «Март революциясы болду, анан чын эле таптакыр
кадрдан кур - жалак калганбызбы, Акаевдин куйругу болуп
келген мурдагы чиновниктер реанимацияланып, эмне үчүн
тирилип чыга келишти?
- Бул нерсе Усубалиевдин убагында эле башталган.
Совет убагында бизди 25 жылча бир эле киши башкарды.
Анын ордуна жок дегенде 3 - 4 киши алмашылганда кадрлар да өзгөрүп, бүгүнкү күндө ар кайсы түшүнүктөгү,
деңгээлдеги кадрлар бар болмок. 24 жыл бою орточо
деңгээлдеги жетекчи болгондон кийин тегерегинин бардыгына өзүнөн төмөн кишилерди чогултуп алган. Ошондо
Кыргызстандын кыйын атуулдарын жоготкон. Кийинки
бийликке келгендер муруңкунун «куйруктары» болуп калган. Элибиздин шору экен, эгемендүү мамлекет болуп калгандан кийин Акаев президент болуп келди. Тегерегине
өзүнөн төмөн адамдарды чогултуп алып, бийликте 15 жыл
отурду. Ал кеткенден кийин анын ордуна жана тегерегине
келген адамдарды көрүп турасыңар. Өткөндө бир карыянын
сөзү мага жакты. «Минтип отурсак, отура беребиз да. Бийлик алмашсын. Биздин дагы кичинекей Путинбайыбыз келип калгысы бардыр» дейт. Азыр таптакыр жаңы, татыктуу
кадрларга жана жаш муундун өкүлдөрүнө орун берчү мезгил келди» - деп корутундулайт, - Касым Исаев.
А. Акаев Кыргыз мамлекетин туңгуч президент болуп
2005 - жылдын 24 - мартына чейин башкарып келди. Мезгил учкан куштай зымырап тез эле 15 - жыл билинбей өтүп
кетти. 1990 - жылы туулган наристелер бүгүнкү күндө уулдары эр жетип, кыздары бойго жетип отурган учур.
Ушул өткөн мезгил, А. Акаев үчүн эң эле кыска
мөөнөттөй сезилип, бийликтен кеткиси келбей, аппетити
араандай ачылып, дагы бир беш жылдык мөөнөттү самап
турду.
1990 - жылдын аягында Россия менен Кыргызстан
Президенттерине бирдей кырдаал түзүлгөнү белгилүү. Эки
Конституцияда тең Президент эки ирет шайланууга укуктуу. Акаев биринчи жолу советтик закон менен парламенте
шайланган. Анын мөөнөтү дагы конституцияда так белгиленген. Дагы бир мөөнөткө шайланууга укугу барбы, жокпу? Россиянын конституциялык соту «жок» деп так кесе
айтты. Кыргызстандын конституциялык соту мыйзам
иликтеп башты оорутуп отурбай «укугу бар» деди.
Натыйжасы? Акаевдин авторитардык бийлиги, режими орноду. Конституциялык башаламандык башталды.
Акаев акыры мыш болуп, өлкөдөн качып тынды.
Көп жашап, көптү үйрөн.
Окурманга белгилүү болсун үчүн менин замандашым
сегизинчи он жылдыктын каарманы - кыргыз пенсионери
Касым Исаевдин ким экендигин тааныштыра кетмекчимин.
Касым Исаев 1938 - жылы Ысык-Көл облусунун Жети Өгүз районундагы Чычкан (азыр Жеңиш) айылында туулган.
1955 - жылы Фрунзедеги финансы - кредиттик техникумун, ал эми 1960 - жылы Москвадагы мамлекеттик экономикалык институтун окуп бүтүргөн.
1957 - жылы таалайлуулардын катарына кирип,
жаштар менен студенттердин Москвада өткөн бүтдүйнөлүк
VI фестивалына катышат. Ошентип ак таштуу шаар Касымды арбап калат. Таалайына жараша көп өтпөй борбордук жогорку окуу жайлардын тажрыйбасын үйрөнүү катарында СССР ЖОЖ Министринин приказынын негизинде
Москвадагы мамлекеттик экономика институтуна (азыркы
Россия экономика академиясы) которулат жана аны ийгиликтүү аяктайт.
Экономист Исаевдин эмгек жолу Фрунзе машина куруу
заводунда (кийинчерээк «Кыргызавтомаш») башталат.
1961-жылы борбордук окуу жайлар менен илимий мекемелерге аспиранттар тандалып калат. Касымдын көктөн издегени жерден табылып, өлкөнүн борборунан илим улантуу
сунушу түшөт. Москвада ал 35 жылдан ашуун жашайт деп
анда кимдин оюна келиптир!
Аспирантураны аяктагандан кийин республика өкмөтү
Исаевди СССР Министрлер Советинин алдындагы Кыргыз
ССР Совминин туруктуу өкүлчүлүгүнө ишке жиберет. Анда
ал экономика, план, финансы жана соода маселелерин
тейлейт.
1971 - жылы СССР Госпланына ишке өтөт. Бир кызык
жагдай: алгачкы аңгемелешүүдө Исаев СССР Госпланын
коллегия мүчөсү Михаил Первухинге туш келет. Ал Никита
Хрущевдин
(ЦК
КПССтин
генеральный
секретары)
өкмөтүнүн башчысынын биринчи орунбасары болуп туруп,
Маленков, Молотов, Каганович ж. б. партияга каршы тобу
дегендерге илинип, куугун - сүргүн көргөн.
А киши талапкер менен аңгемелешкенден соң туулган
жерин сурайт. Касым айтып берет. Первухин күлүп жиберет. Оңтойсуздана түшкөн Касымга өңүтүн түшүндүрүп, бул
бөлүмгө кыргыз жердешчилигин ачыш керек экен дейт.
Анткени эки орунбасары тең - Виктор Павленко менен Григорий Черемисин аркандай мезгилде Кыргыз ССР Госпланын жетектеп кетиптир. Павленко 50 -жылдардын башында Кыргызстанга арнап китеп жазган.
Ошентип жаш адис Исаевдин кызмат даражасы
өскөндөн өсө берет. Ал арада кайсы кызматты гана аркалабады: СССР Госпланынын улук эксперти, Орто Азия республикалары боюнча баш адиси, Казак ССРи жана Орто Азия
республикалары боюнча бөлүмчөнүн начальниги, СССР Гос312
планынын бөлүм начальнигинин орунбасары… Исаев Борбор Азия республикаларынан башка Закавказья республикаларына да кураторлук кылды.
Касым Исаев Кыргызстандын көптөгөн көрүнүктүү ишмерлери менен бирге иштеп, пикирлеш болгонунуна
сыймыктанат. Анын айтымында, Кыргыз ССР Министирлер
Советинин төрагалары Болот Мамбетов менен Акматбек
Сүйүмбаев, Кыргызстан Компартиясынын БК секретары
Бейшенбай Мураталиев, СССР Министирлер алдындагы
Кыргыз ССР Министирлер Советинин туруктуу өкүлү Кадыркул Качкеев, республика Госпланынын жетекчилери
Сопубек Бегалиев, Сергей Моисеев, Казы Дыйкамбаев, соода министири Абды Сүйөркулов, суу чарба жана мелиорация министири Султан Ибраимов, финансы министри Алиаскар Токтоналиев ж. б. ага - жаш адиске чоң таасир тийгизди.
1987 - жыл - Касым Исаевдин өмүр жолундагы өгөчө
жыл болду. Аны СССР Госпланында Казак ССРи Жана Орто
Азия союздук республикалары боюнча бөлүмчөгө начальник кылып дайындашты. Кийинчерээк бул окуяга ой
жүгүртө келип, мында Казакстан менен Өзбекстандын тиешелүү уюмдарынын жетекчилери бир топ маанилүү роль
ойногонун Исаев түшүндү.
СССР Госпланында анда КПСС БК саясый бюросунун
мүчөлүгүнө кандидант, СССР Министирлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары Николай Талызин жетектечү. Кадрлар бөлүмүнүн начальниги Исаевдин кандидатурасын көрсөткөндө, Талызин ачык эле түшүнбөстүгүн айтат,
өзбектер менен казактарды кыргызга башкартууга болбойт
дегендей. Арийне, ал республикалардын тийиштүү жетекчилеринин өздөрү Исаевди коюп бериңиздер деп өтүнүп
атканын айткандан кийин ынанып, ал маселе дагы козголбоптур.
80 -жылдардын орто ченинде Казакстан өкмөтүн Нурсултан Назарбаев жетектечү. Исаев ага чейин аны сыртынан эле билчү (Казакстан Компартия БКсынын өнөр -жай
боюнча секретары болуп тургандагы сүйлөгөн сөздөрүн,
жазган макалаларын окуп). Кийинчерээк алар иште жакыныраак тааныш болуп калышты.
СССР өкмөтүнүн кеңешмесинде Казак ССРини 1986 1990 - жылдардагы эл чарба өнүгүшүнүн беш жылдык пла313
ны талкууланып, Назарбаев анда Казакстандын чарба маселелерин чечүүдөгү союздук министирликтердин адресине
ачуу сын айткан. Ага ыза болгон СССР өкмөт башчысы Николай Рыжков план долбоорун өткөрбөй, бир сутканын
ичинде кайрадан карап, оңдоп чыгасыңар деп, СССР Госпланы менен Казак ССР Министирлер Советине тапшырат.
- Ошондон кийин Нурсултан Абишевич мага : « Касыке, не гыламыз ой? Жардам бер» деди. Түнү бою кагаздан
баш көтөрбөй министирликтердин өкүлдөрү менен тырмалап чыгууга туура келди. Эртең менен азапты көп тарткан
пландын долбооруна өзгөртүү киргизилүүлөр даяр болду, эң
негизгиси, Рыжковдун сыноосунан жакшы өттү, - деп эскерет билинер - билинбес сыймык менен Исаев.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов көп жылы Өзбек
ССР Госпланында иштеди. Баш адис болуп баштап, ал мекеменин биринчи жетекчилигине чейин жетти. Ушуга байланыштуу Исаев төмөндөгү фактыны эскерет.
1998 - жылы ал КПСС БК аппарат кызматкерлери менен Ташкентке командировкага келет. Өзбекстан өкмөтүнүн
кеңешмесинде республика аймагына жаштарды эмгек менен камсыз кылуу максатында текстиль ишканаларынын
42 филиалын жана цехтерин куруу тууралуу СССР
өкмөтүнүн төрагасы Николай Рыжковдун СССР Госпланы
менен
Өзбек
ССР
Министирлер
Советине
таккан
тапшырмасын талкуулап, үч күндүн ичинде сунуш берилүүгө тийиш эле.
Арийне Өзбекстан өкмөтүнүн кеңешмеси кабыл алган
чечимди Ислам Абдуганиевич тополоңун тоң кыла сындайт.
Өкмөт төрагасынын орунбасары, Өзбекстан Госпланынын
төрагасы бул жорукту мамлекет каражатын желге чачуу
катары баалайт. Эмне дегенде, жумушчулар өзөгүн адистиги төмөн аялдар түзөт, демек алар башты ташка урса да сапаттуу продукция чыгарып бералбайт. Эли айдаган жакка
көнгөн чыгыш республикасында мындай батыл пикирди
албетте, эчким күткөн эмес. Бирок Каримовдун тууралыгын
турмуш ырастады. Акыл айлантканга караганда куру
кыялы арбын ал сунуш Өзбекстан өкмөтүнүн дубалынан
ары узаган жок.
Көп өтпөй Каримов бардык кызматынан алынды да,
артта калган Кашка - Дарыя облусуна партия обкомунун
биринчи секретары болуп кетти. 1990 - жылы Өзбекстан КП
БК биринчи секретары Рафик Нишанов Москвага СССР Жогорку Советинин Улуттар Кеңешинин төрагалыгына чакырылып, анын ордуна Ислам Каримов дайындалды. Бир
жылдан кийин эгемендүү Өзбекстан Республикасынын президенттигине шайланды. Тагдыр ушинтип күтүлбөгөн жерден таптакыр башка нукка бурулду.
Каримов Исаевдин эсинде айкын акыл айланткан жетекчи катары калды. Ислам Абдуганиевич талаш
жүргүүзүдөн, өзүнүн тууралыгын далилдөөдөн эч качан тартынбаган киши. Ал СССР Госпланынына ардайым келип,
пахта даярдап өткөрүү көлөмүн азайтканга жетишчү. Бу
айыл чарба маданиятынан бошогон жер аянттары дыйкандарга огородго берилчү. Ансыз түштүк дыйкандарынын
көргөн күнү эмне?!.
«Бийлик элди түкүрүп коюуда».
Касым Исаев кыргыздын чыгаан уулдарынын бири катарында кыргыз жерин, өз ата - мекенин эң жогору
бийиктикте
сүйгөндөрдүн
алдыңкы
катарында
тургандыгын төмөндөгү ( «Апта», коомдук саясий гезит, №13
(133), 10 - апрель 2008 - жыл,) макаласы далилдеп тургансыйт:
«Союз убагында эле көлдүн толкуну адамзатка пайдалуу да, кирешелүү да делип, ар кайсы республика Ысык Көл жээгин бойлото түрдүү эс алуу жайларын курганга
жетишкен экен. Алардын арасынан Казакстан тарап озунуп
төрт пансионатын расмий менчиктөөгө белсенип турат.
Ысык - Көл районунун Бозтери айылындагы «Саамал»,
«Казахстан университети», «Казахстан» санаториясы, Корумду айылындагы «Автомобилист Казахстан» деген эс
алуу жайлар 1991 - жылдагы келишим боюнча Кыргызстанга өтүш керек деген сыяктуу негизги себептерин жиликтеген көптөгөн талкуу, жыйын мурдагы, кийинки Жогорку Кеңештин сессияларында дагы ого эле көп, байма бай талкууланып, бирок берилбей келди.
- Касым Исаевич, бийлик өкүлдөрү Көлдөгү пансионаттар Казахстандын акчасына курулган деген мисалды келтиришип, казактардын менчиги дешүүдө. Буга ишенсек болобу?
- СССР учурундагы жалпы мамлекеттик менчик, кооперативдик - колхоздук менчик жана ар бир адамдын жеке менчиги болгон. Ар бир республиканын менчиги деген
болгон эмес. Пансионаттар болсо убактылуу гана башкалар
пайдалана алышат деп жазылган. 1992 - жылы союз кулаганда ар бир республиканын ичинде болгон мүлктөрү
өзүндө менчик болуп калат деген келишимге кол коюшкан,
баары калган. Анан мамлекети үчүн күйгөн жетекчилер
баарын сактап, андан ары өстүрүп кетти. Бизде болсо Акаев
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 19
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.