Latin

Сезимде жүргөн элестер - 12

Total number of words is 3926
Total number of unique words is 2129
26.4 of words are in the 2000 most common words
38.3 of words are in the 5000 most common words
44.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
мурун
отурукташкан чатырга жайгаштык. Бул жерге келгенден
кийин
атайын
даярдалган
орунда
шайтандарды
«Жамра» таштар менен (атуу) жети жолу уруу амалын
аткардык. Андан соң курмандык чалуу аземи башталды.
Бирок, биз курмандык чалуу үчүн бир адамга эсептегенде
70 реал (Сауд Аравиянын акчасы) өлчөмүндө эсептешкен
элек. Ал эми биздин кыргыз жердештерибизден Карасуу
районунан барган (Кожокелен айылы) Ибрахим деген
аксакал «– Мен өз колум менен курмандык кылына
турган койду мууздашым керек» деп акча бербеген
болучу. Шайтанга таш аткан жерден ары ошол
курмандык кыла турган жерге түз эле кетти. Курмандык
үчүн мал союла турган касабканага 150 миллион Сауд
реалы сарпталган чоң курулуш бүткөрүлгөнүн, бир эле
убакта 120 000 баш малдарды баткырып, аны шарият
боюнча санитардык талаптарды сактоо менен союлган
малдын этин даярдап, дүйнө жүзүндөгү бей бечара,
мискиндерге,
кембагалдарга
жөнөтүүгө
ыңгайлаштырылганын айта кеткеним абзел. Бешим
намазын окуп бүткөндөн кийин баягы Ибрахим аксакал
келди. Курбандык кыла турган койду сатып алгандыгын,
аны карап туруп сойдурганын, «тил билбеген соң»
койдун этинен ала албаганын айтып берди. Курбан
айтты ошентип биз Минада өткөрдүк. Минадан үчүнчү
күнү Мекке Мукарамга жол тарттык. Меккеде парыз
болгон тавапты аткарып, ихрамдан чыктык да мурунку
кийимдерибизди кийдик. Меккеге келгенден кийиин
үйүбүзгө
(Кыргызстанга)
кайтууга
даярдык
көрө
баштадык. Мечитке келип Каабаны дагы жети жолу
айланып таваф жасап, замзам суусун ичип, каабанын
босогосун өөп, Каабанын эшиги менен Хажарул Асвад
арасындагы Мультазам деген жерге көкүрөгүбүздү
тийгизип,
Каабанын пардасын кармап
бетибизге
тийгизип – кыскасы кайырлашып (кетип жатам деген
мааниде) ыклас менен тилеген максаттарыбызды
Алладан сурап тилек кылып, анан Каабаны көздөп
артыбыз менен мечиттен чыктык. Ошону менен Мекке
Мукарамдан чыгып мейманканага бет алдык. Эртеси таң
сүргөндө Медина Мунавварага жол тарттык. Ал жерге
келгенибизде Меккедеги «Андижан тахидасы» сыяктуу
эле эки кабаттуу чоң имарат экен, бул мейманкана да
«Андижан тахидасы» деп аталып, бул мейманкананын
ээси да өзбек улутундагы, аксакал карыя экен. Бул жерде
ашпозчу, чайканачы ж.б. тейлеген адамдардын бардыгы
тегиз өзбек улутундагы адамдар экендигин белгилеп
кетмекчимин. Биз Меккеде жүргөндө ошол «Андижан
тахидасы»
делинген
мейманкананын
биринчи
кабатындагы дүкөндүн сатуучусу 50-60 жаштагы өзбек
киши менен аңгемелешип калганымда, алардын кантип
бул жерге отурукташып калганын сурадым, ошондо ал
адам биздин дадаларыбыз (аталары) Өзбекстанда
орустардын
көтөрүлүшү
болор
алдында
(октябрь
революциясынын
алдында)
байлардын
көпчүлүгү
алтынын алып Афганистанга, андан кийин Меккени
көздөй качып келишкен экен. Биз ошол байлардын
тукумдарыбыз деп түшүндүргөн болучу.
Мединада биз жайгашкан мейманкананын ээси
мейманкананы улап 500 адам сыя турган мечит
тургузуптур. Кечкисин куптан намазын ушул мечитте
окуп жүрдүк. Ал эми Медина Мунавварага келген күнү
Хазирети Мухаммед Расулдун кабыры-шариби болгон
Ривзан Мутаххарани зыярат кылуу менен баштадык.
Пайгамбарыбыз
Мухаммед
Саллоллаху
Алейхи
Вассаламдын: «Кимде ким мен каза болгондон кийин
кабырыма зыярат кылса, ал адам мен тирүү кезимде
зыярат кылгандай болот. Мен ал адамга кыямат күнүндө
шапаат кылам» деп айткан экен. Мединада жүргөн
убактарда бул жерде мээ кайнаткан ысык болуп, күндүн
ысыгы 55 градуска жетип турду. Ушундай күндүн
ысыгында навайканада нан даярдаган өзбек улутундагы
навайчыларды көрүп таң калдым. Күндүн ысыгы бул
болсо, навайканадагы тандырдан чыккан ысык канча
градус кошумча ысыкты жаратат болду экен деп
навайчыга карап, Бали азамат! Тапкан эмгегиң адалдын
да адалы экен дейсиң!
Биз жайгашкан мейманкананын жанында да
навайкана бар экен. Ал жерде да нан жапкан адамдар
өзбектер экенин байкадым.
Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбарыбыздын
мечитинде ал кишинин кабыры жайгашкан. Анын бир
тарабына Абу Бакир ас Сыдыктын, экинчи жагына
Хазирети
Умардын
кабыры
турат.
Бул
мечитте
пайгамбарыбыз Мухаммеддин кабырына зыярат жасап
турган учурда, ал кишинин кыскача өмүр баянын эсиме
келгенин, азыр ушул жерде кыскача эскере кетүүнү туура
көрдүм:
Араб тарыхчыларынын эсеби боюнча болочогтогу
пайгамбар Мухаммед 29-август 570-жылы Мекке
шаарынын чет жагында, Кааба мечитине жакын 400
метрдей аралыкта энесинин үйүндө төрөлөт.
Баланын төрөлгөнүнө жети күн болгондо, анын чоң
атасы Абдаль-Мутталиб, Араб элинин (Курайш уруусу)
салты боюнча, той өткөрүп, небересинин атын Мухаммед
деп атайт.
Меккенин ысыктыгы, шаардын ыпластыгы жаш
бөбөктөрдүн
ден
соолугуна
зыяны
абдан
зор
болгондуктан, Меккенин колунда бар байлары, кала
берсе орто оокаттуулары да жаш балдарды Меккеден
200-250 чакырым алыстыкта жашашкан көчмөндөргө
берип бактырууга көнүшкөн. Алты айлык Мухаммедди
багып алууга, ал көчмөндөр бул жаш аял (Мухаммеддин
энеси) колунда жок жесир болсо, же турмушка чыгып
кетсе да баланы баккан үчүн арзыбаган акы төлөйт деген
мааниде, көчмөндөрдүн эч кимиси аны багып алууга
көнбөйт.
Көчмөндөр
шаардагы
жаңыдан
төрөлгөн
бөбөктөрдүн көпчүлүгүн багып алуу үчүн алып бүткөн соң,
алардын арасынан Халима деген аял күйөөсү менен куру
кол кайра кетпейли деп, Мухаммедди багып алууга
макул болушат.
Ошентип,
Мухаммед
төрт
жашка
толгончо
Халиманын колунда тарбияланат.
Бул Бану Саад уруусундагы арабдар негизинен
төөнүн, эчкинин сүтүнөн жасалган быштак, ж.б. тамактар
менен жан багышып, нандын ордуна көпчүлүк убакта
курманы пайдаланып келишкен.
Күндөрдүн биринде Мухаммед менен Халиманын
өзүнүн уулу экөө козуларды кайтарганча, ойноп жүргөн
жерлеринен кокусунан бир сырдуу окуя болот. Халима
менен күйөөсү чатырда үй тиричилиги менен алек болуп
отурат. Күн чашке маал, күндүн жарыгы көздү уялтат.
Мухаммед менен анын эмчектеш бир тууганы экөөсүнүн
жанына эки адам келет. Алар экөө тең ак кийимчен,
бирөөсүнүн колунда көздү уялткан аппак кар салынган
алтындан жасалган табагы болот.
Алар Мухаммедди кармап чалкасынан (далысы
менен) жаткырып, көкүрөгүн ачып, андан жүрөгүн сууруп
чыгып, жүрөктөн кара түстөгү бир тамчыны сыгып алып,
алыска ыргытат да, жүрөктү жана анын ордун, көкүрөгүн
аппак кар менен тазалап, жүрөктү кайра жайына
жайгаштырышат да, көздөн кайым болушат.
Бул сырдуу окуяны Халима менен анын күйөөсүнө
айтышат. Балдарга жолуккан эки ак кийимчен кишилер,
алардын көзүнө адам болуп көрүнгөн периштелер экенин,
балдар билишпей эле калышат. Ал эми Халима менен
анын жолдошу бул окуядан кийин, абдан коркушат да,
Мухаммедди Меккеге жеткирүүнү чечишет.
Меккеге келээри менен Мухаммедди чоң атасы
Абдаллах аль-Мутталибдин өзүнө тапшырышат. Халима
бул окуя тууралуу эч ооз ачпайт. Кезегинде Мухаммед
дагы бул окуя жөнүндө чоң атасына билдирбейт.
Мухаммед Меккеге келгенден кийин эки-үч жыл
энеси Амина менен жашайт. Ал алты жаш курагында
энеси менен Ясриб жерине Аминанын туугандарына
барышат.
Ал жерден бир топ убакыт өтпөй кайра Меккени
көздөй келе жатышканда Абва деген айылдын жакын
жериндеги жолдо энеси Амина каза болот. Ошентип
Мухаммед тоголок жетим бойдон калат. Анын эң жакын
адамы чоң атасы Абдаллах аль-Мутталиб аны башка
неберелеринен артыкча көрүп асырайт. Бул карыя
Каабаны караган кароол болгондуктан Мечиттен алыс
эмес жердеги сөөрүдө күнү-түнү ушул жерден үзүлбөй
тургандыктан, Мухаммед күндүзү чоң атасы Абдаллах
аль-Мутталиб менен бул сөөрүдө отурушуп, көп
убактыларын өткөрүшөт.
Мухаммед сегиз жаш курагында зор кайгыга батат.
Анын сүйүктүү чоң атасы Абдаллах аль-Муталиб дүйнөдөн
кайтат. Ал өлөр алдында өзүнүн уулу Абу-Талибти
чакырып
Мухаммедди
асыроону,
аны
жакшы
тарбиялоону насаат кылып тапшырат. Мухаммед өзүнүн
көпчүлүк курдаштары сыяктуу эле эч жерде окуй албайт.
Анткени, биринчиден колунда эч кандай байлыгы
болбогон тоголок жетим болгондуктан, экинчиден аны
асырап калган Абу-Талиб да, аны окутууга ылайыктуу
каражаты болбогон.
Ал эми Мухаммед соода сатык буюмдарынын
сапатын, анын баасын жаш болсо да абдан жакшы
ажырата билген. Ал тогуз-он жашында Меккенин алыс
айланасында кой, эчки кайтарып, төөлөрдү багып, бир
топ убакыт жалгыз жүргөн.
Анын жасаган жумуштары Абу-Талибдин (чон абасы
десем болот) купулуна толуп, Мухаммедди өзгөчө
урматтап, анын жакшы адам болушуна зор көңүл бурат.
Мухаммед он эки жашка чыккан мезгилде Абу-Талиб
Сирияга соодагерлик жасоо үчүн төөлөргө товарларын
жүктөп кербен менен (караван) бир жарым миң
чакырымдагы жолго даярданышат. Мухаммед АбуТалибке мени да кербен менен кошо ала барың деп
суранат.
Мындай алыс жолдо барып келиш беш-алты айда
гана араң иш жүзүнө ашат. Анын ысык суугу,
кыйынчылыгы
абдан
зор
экендигин
айтып,
Мухаммеддин көңүлүн оорутпайын деп, кербен менен
кошо алганча кетишет. Аравиянын кумдуу чөлү менен
жүк артылган төөлөрдүн жүрүшү күнүнө 4-5 чакырым
аралыкты араң басып өтүшүп, жолдо төөлөрдү откоруу,
дем алууга кеткен убакытты эске алганда Сирияга баруу
алты айлык убакытты алат.
Кербен Басра шаарына жетип, шаардагы чиркөөгө
жакын токтотулат. Бул Басра шаарындагы адамдар
христиан дининдегилер болгондуктан, ал чиркөөнүн
кызматчысы христиан дининдеги (Монах) Багира деген
адам, Абу-Талиб ар дайым соода-сатык менен келген
учурда ушул жерде токтоп жүрчү экен. Бирок Багира АбуТалиб менен мурун көрүшүп жүргөн болсо да, аны менен
сүйлөшчү эмес. Бул жолку кезигишүү өзгөчө жолугушуу
болот. Абу-Талибди бул жолугушуу таң калтырат.
Анткени
Багира
аларды
кербенди
коштоп
келе
жатышкан жүргүнчүлөрдүн бирин калтырбай кичи
пейилдик менен сылык мамиле жасап, аларды сыйтамак даярдап чакырат.
Абу-Талиб
Мухаммедди
мындай
сый-тамака
катышуусун, ал жаш бала деген мааниде, дарактын
саясында төөлөргө көз салып отуруп турууга буюрат, да
калган жүргүнчү кербенди, коштоп келе жатышкан
адамдар менен Багира чакырган жайга (конокко) сыйтамакка келишет.
Багираны бул Абу-Талиб менен конокко келген
адамдар кызыктырбайт. Анткени, Багира ар түрдүү
илимий-диний, жашыруун сырды сактаган китептерден
келечекте
Алла-Таала
тарабынан
жаралган
пайгамбардын ким болорун, анын кандай өзгөчө
белгилери бар экендигин окуп билген. Мына ушул
кербендер менен кошо келе жаткан Мухаммед келечекте
пайгамбар
болоорун
Багира
даана
баамдаган.
Ошондуктан Мухамедди сөзсүз бул сый тамакка
чакырууну Абу-Талибке айтат. Бул алыскы чөлдүү жолдо,
күндүн ысыктыгы Мухаммеддин башына булут сая болуп
келе жатканын алардын (кербенчилердин) бири да
байкашпайт. Муну жалгыз гана Мухаммед өзү билет.
Мындай көрүнүштү Монах дин кызматкери Багира да
алыстан көрөт. Ал Мухаммед келип токтогон жерде
асмандагы булут да ошол жерде Мухаммеддин үстүндө
(асманда) токтоп калганын байкайт. Багира Мухаммед
сый-тамакка катышып конок болгон соң, аны менен
жекече аңгемелешет. Анын тоголок жетим экенин,
ошондой эле далысынын дал ортосунда жаңгактын
көлөмүндөй мөөр бар экендигин, бул белгилердин
бардыгы келечектеги пайгамбардын китептерден окуган
белгилерге дал келерин, Мухаммед келечектеги болочок
пайгамбардын өзү экенине Багира толук ишенет. Багира
бул жөнүндө Абу-Талибке толугу менен түшүндүрүп,
Мухаммедди тез арада Меккеге кайтып кетишин
сунуштайт.
Абу-Талиб Сирияга алып келген товарларын сатып,
соодалаша
турган
жумуштарын
бүтүрүп
Меккеге
кайтышат. Мухаммед ошентип биринчи жолу кербенди
коштоп Сирияга барып келет. Жыйырма жашка чейин ар
кимдин
малын
багышып,
соода-сатык
иштерге
аралашып, сооданын көп түрдүү сырларын үйрөнөт.
Жыйырма беш жашында Мухаммед өз алдынча соодасатык жүргүзүүгө каражаты болбогондуктан, Мекке
шаарындагы эң бай соодагер эки эрден чыккан Хадиджа
аттуу аялдын товарын Сирияга алып барып сатып, ал
жактан гректердин, персиялыктардын товарын сатып
келүү сунушуна макул болот. Бул сунушту чоң абасы АбуТалиб менен макулдашат да экинчи жолу өспүрүм
кезинде Сирияга барган жолу менен кербен башчы болуп
жөнөөгө даярданышат.
Хадиджа жесир, бай соодагер аял Меккеде бир топ
эле авторитетке ээ, урмат-сыйга татыктуу болгон.
Кербенге ал өзүнүн кол астында иштеген Майсура аттуу
кулун кошуп жиберет. Мухаммед кербенди коштоочу
төрт, беш адамды керектүү курал жарактар менен (найза,
кылыч ж.б.) куралдандырып, Сирияны көздөй жөнөшөт.
Мухаммед Сирияга эч кандай тоскоолдуксуз жетип, бир
айдай убакытта алып барган буюмдарын шашпай эң
жогорку баада сатып бүтүрөт. Ал жерден Хадиджа
дайындаган Меккеде жакшы баада сатыла турган
буюмдарды арзан баада сатып алат.
Бул жумуштарды абдан билгичтик менен шашпай,
токтоолук менен бардык жагын терең баамдоо менен
бүтүрөт. Мухаммед бул жумушка өзүнүн менчигиндей
мамиле жасайт да, жоопкерчиликти сезе билет.
Ошентип Меккеге эсен-аман карымжалуу болуп
кайтып келишет. Алып келген буюмдарын, Сирияга алып
кеткен товарларын Хадиджа менен толук эсептешет. Бул
жолку соода-сатыктан Хадиджа күткөн пайда эки эсеге
барабар
болот.
Ошондуктан
Мухаммед
менен
сүйлөшүлгөн келишимдеги эмгек акысын да эки барабар
кылып төлөп берет.
Мухаммед Хадиджанын толук ишениме кирет.
Соода-сатык иштерин толугу менен Мухаммеддин
жүргүзүүсүн каалайт. Мухаммеддин чынчылдыгы, анын
акылдуулугу, иш билгилүүлүгү жана башка өзгөчө
касиеттери Хадиджаны анын кол астында иштеп жүргөн
Майсура аттуу кулун да кайдыгер калтырбайт.
Мына ушундай жакшы сапатары Хадиджаны жаш,
бойдок Мухаммедке баш-кошуу жөнүндө ойлондурат.
Кыскасы Мухаммедди сүйүп калат. Хадиджа бул
максатын өзүнүн ишенген кулу Майсура аркылуу
Мухаммедге билдирүүнү чечет. Майсура Хадиджанын
сунушу боюнча Мухаммедге – Мухаммед, бойдок жүрбөй
үйлөнүп албайсыңбы?- деп сурайт.
– Үйлөнүүгө каражатым жок, мен кембагал адам
болсом, кантип үйлөнөм, колунда жок кембагал деп АбуТалиб агам да Фахит аттуу кызын ушул себептен мага
берүүдөн баш тартты - дейт.
– Эгер сага сулуу жана бай, элге кадыр-барктуу аял
турмушка чыгам деп сунуш кылса, эмне дейт элең, - дейт
Майсура.
– Ал ким? деп, бул сунуш жөн эле тамаша эмес
экенин Мухаммед сезет.
– Ал аял Хадиджа.
– Андай болушу мүмкүн эмес - деп Мухаммед
күмөнсүрөйт да өзүнүн тагдырында бурулуш учур
келгенин
сезет,
өзүнүн
кубанычын
жашыра
албагандыгын Майсура Хадиджага билдирүүсүн айтат.
Хадиджа, Мухаммеддин артыкчылыктарын, анын
чынчылдыгын, акылдуулугун, ошону менен бирге эле
анын кембагалдыгын эске алып, ушундай жаш жана
сулуу жигит болсо, турмуш курсам деген максатын
айтат. Хадиджаны дагы бир кызыктырган учур, анын
кембагал жигит болсо, ал экинчи аял алууга каражаты
жок болгон соң, башкага көңүл бурбайт деп эсептейт.
Ошентип Мухаммед Хадиджага үйлөнүү маселесин
чоң абасы Абу-Талиб менен кеңешет да Хадиджанын
атасына жуучу жиберет. Кудалашууга-жуучуга Абу-Талиб
менен бир туугандар Хамзе, Аббас жана Абд аль Уззелер
акылдашып Хадиджанын атасы Хувайлидке, Мухаммед
менен Хамза барышат. Хувайлид Хадиджанын байлыгы
өз үйүнөн агып башкага кетээрин билип, кызынын
Мухаммедге турмушка чыгуусуна карамандай каршы
чыгар эле, бирок Хадиджанын чечкиндүүлүгү, анын акыл
эстүүлүгү, анын эринен калган байлык бир гана
Хадиджага тиешелүү экендигин, ал Мухаммеддке сөзсүз
баш кошорун атасына алдын ала билдиргендиктен, бул
маселе оң жагына чечилери ага дайын болчу. Хамза
менен Мухаммедди Хадиджанын атасы Хувайлид абдан
сый менен жогорку адамгерчиликте кабыл алып, өз
маакулдугун берет.
Арабдардын салты боюнча Мухаммед Хадиджа үчүн
(калыңдын эсебине) жыйырма укта, (өлчөө бирдиги)
алтын, башкача айтканда жыйырма төөнүн баасынын
өлчөмүндөгү алтынды Хувайлидке беришет.
Мына
ушунтип,
Мухаммед
менен
Хадиджа
арабдардын салты бонча чоң той уюштуруп, той
Хадиджанын үйүндө өтөт. Тойго төө союлуп, анын этин
кембагалдарга таркатышат. Мухаммед тарабынан тойго
анын жакын туугандары жана Мухаммедди төрт жашка
чейин эмчегин эмизип баккан Халима энеси келип
катышат. Тойго катышкандар Хадиджанын кырк жашка
келгенине карабастан, алардын бактылуу жашоосун, көп
балалуу болушун каалап сөз сүйлөшөт. Биринчилерден
болуп каалоону Абу-Талиб, андан кийин Абд аль Узза,
Хамза жана Аббас сүйлөшөт (Аббас Мухаммедден болгону
эки жаш улуу). Тойдон Мухаммед бакма баласы
болгондуктан Халимага 40 баш кой берип узатат.
Мухаммеддин андан аркы өмүрүн, анын пайгамбар
болуп калыптанышын толук жазып олтуруу өзүнчө чоң
роман болор, ошондуктан Мединада ал кишинин
кабырынын жанында туруп "Жизнь Мухаммеда" (автору
В.Ф.Панова, Ю.Б.Бахтин) китебин окугандыгым, анын
өмүр-жолу көз алдыма келгенин жогоруда жазылган
эскерүүмө түрткү болду демекчимин.
Мединадагы
Мухаммед
пайгамбарыбыздын
мечитинде, ошондой эле башка мубарек жерлерди
зыярат кылуу эки күндө аяктады. Бирок биз бешинчи
күнү Мединадан жөнөп кетээрибиз белгилүү болгон соң,
шаардын ыйык жерлерин жана деңиз деңгээлинен 200
метр бийиктиктеги Хиро тоосунда болуп, бешинчи күнү
эртең менен Джидда шаарын көздөй жол тарттык.
Биз автобуска олтураар мезгилде, ошол "Андижан
тахидасы" мейманканасынын кожоюну ар бирибизге
бирден Кураани Каримди жана бир кутудан курма, андан
башка эки-үч араб тилиндеги китепчелерди белек кылып
берип, өзүнүн бизге болгон каалоосун айтып, батасын
берип узатып калды.
Медина шаарынан кетип жатып, бул шаар
Мухаммед пайгамбарыбыздын шаары экендигин, бул
шаардын эли өз мезгилинде Мухаммед пайгамбарыбызга
кучагын
жайып
тосуп
алгандыгын,
бул
жерде
Мединанын калкы аны толук колдошоорун жана да
ыйык Курандагы бир топ сүрөөлөр ушул жерде Мухаммед
пайгамбарга келип түшкөнүн жана ыйык Курандын ушул
шаарда жазылып, бүткүл мусулман өлкөлөрүнө ушул
жерден таркаганын белгилеп, бардык мактоолор
ааламдын жаратуучусу жана башкаруучусу болгон улуу
Алла Таалага жана дайыма уланып туруучу дубаа
саламдарыбыз Алла Тааланын элчиси пайгамбарыбыз
Мухаммед Алейхи-Саламга болсун! - деп айтуу менен
Медина шаарынан Джидда шаарын көздөй жөнөп кеттик.
Бул жердеги жолдордун курулушуна миллиондогон
акча каражаттары жумшалганын белгилөөгө болот.
Мекке Аль-Мукарама менен Аль-Медина, АльМунаввараны байланыштырган асфальт жолдун түздүгү,
кеңдиги жана тегиздиги Сауд Аравиясынын өкүмөтүнүн,
жалпы эле жол курулушуна зор маани бергендигин
билүүгө болот. Мекке менен Мединанын ортосундагы
жолдун узундугу 420 чакырым келет. Ал эми Медина
менен Джидда шаарынын аралыгы 396 чакырым. Бул
жолдо келе жатып анын кеңдиги жана жолдун эки
тарапка ортосунан бөлүп турган аянтчасы 20 метр,
жалпы эле трассанын ар бир тарабында 3 катардан 6
катар сызыкча бөлүнүп, бир эле убакытта ар бир
тарабынан З төн автомашина катары менен жүрүүгө
ыңгайлашканын байкадым. "Мерседес" маркасындагы
бардык жагынан жүргүнчү үчүн ыңгайлаштырылган
автобустар менен Меккеден Мединага, Мединадан
Джиддага жол тартканыбызда хажилар үчүн Сауд
мамлекети тарабынан зор камкордук көрүлгөнүнө
ынанасың. Жүргүнчүлөр үчүн мерчемдүү жерлерде атайын
кооз ашканалар жана жол боюнда АЗСтер курулуп,
хажилардын ар жерлерде эс алып, тамактанып андан
ары жолун улантышына да зор камкордук көрүлүптүр.
Ошентип биз Меккеден Мединага келип, андан
Джидда шаарындагы аэропортко келип өзүбүздүн Ата
Мекенибизге учууга даярданып жаттык. Аэропорт
жүргүнчүлөр үчүн мен көргөн көп эле аэропортторго
Шереметьево, Сочи, Новосибирск, Красноярск, Ташкент,
Душанбе, Алма-Ата жана Болгариянын эки-үч аэропорту,
Киев, Андижан ж.б. бир топ аэропортторго салыштырып
көрсөм, алардын бири дагы бул Джиддадагы аэропортко
бардык эле жагынан салыштырмалуу алардын ыңгайсыз
жактары бар экендигин байкадым. Мына ушинтип 1996жылдын май айынын 10у күнү Ош шаарындагы
аэропортко хаж сапарын ийгиликтүү аяктап Оштун аэропортуна эрте менен, саат төрт чамаларда учуп келдик.
Биз Джидда аэропортунан самолетко отурган мезгилде
күндүн ысыктыгы 45-50° градуска жетип турган. Күндүн
ысыктыгынан хажилердин тегиз бардыгы жеңил кийинишкен.
Бажы кызматкерлери хажилердин багажын кылдаттык менен текшерүүдөн өткөрүшүп, текшерилген багаж
кимге тиешелүү болсо, анын эгесине берип, текшерүү
пунктунан ары өткөрүп, сыртка чыгарып турушту. Бул
текшерүү бир жарым – эки саат убакытты алды.
Мен,кезегим келгенче таңкы сууктан бир топ чыйрыгып,
үшүп кеттим. Башка хажилер да, таңкы суук шамалдан
үшүп жатышканын айтып, текшерүүнү мынчалык созбостон тез – тез, ыкчам карап, өткөрүүнү бажы кызматкерлеринен суранып жатышты.
Аэропорттун сыртында хажилерди тосуп келген
адамдар казганактап, аялдамага батпай кетишкен. Улам
аэропорттун ичинен сыртка чыккан хажини, сырттагы
адамдар курчап алышып, өзүнүн жакын адамдарына да
кеңири жол беришпей жөөлөшүп турушту. Бир топ
кыйынчылык менен топтун ичинен менин колумдан
уулдарым Медетбек менен Улукбек кармап, жөөлөшкөн
адамдардын арасынан тартып чыгышты. Мени күтүп келишкен бала – чакам, тууган – уруктарым «Хаж сапарыңыз кабыл болсун! – деп мени, кызуу куттукташып,
Эмилбектин
уулдуу
болгонун,
кызым
Гүльмира
сүйүнчүлөп, менин кубанычыма, кубаныч тартуулады.
Мен ыйык Меккеге, хаж сапарына Оштон 16 апрель
күнү жөнөп кеткен күнү биздин үйдө дагы бир кубаныч
болуп, жараткан мага дагы бир уул небере тартуулаган
экен. Бул неберемдин ысмын Хаджибек деп аталышын
да туура көрдүм.
Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп,
динибизге болгон кеңчилдиктен пайдаланып, Ислам
дининдеги момун мусулмандарга карыз болгон хажига
баруу парз, Алла Тааланын буйругу менен менин
бактыма туш келгенин дагы бир жолу белгилеп
кетмекчимин.
2005-жылдын декабрь айы. Жубайым Айседеп менен
чоң уулум Чынгызды, ыйык Меккеге хаж сапарына
жөнөттүк. Исламдын бир парзы болгон хажига баруу
буларга да насип буюрганын айта кетейин.
Эми бүгүнкү Кыргызстан, анын бүгүнкү жаштары,
келечек муундары, алардын динге болгон көз караштары
боюнча өзүмдүн айрым ой толгоолорумду билдирип
кетмекчимин. Кыргыз эли илгертен эле түптүү улуу
калктардын катарында аталып келгени белгилүү. Биздин
элибизге өзүнүн ак көңүл, кең пейил, адамгерчиликтүү
мамилеси, жогорку маданияты бар, кадырлуу, барктуу,
уюткулуу касиеттери жарашкан, улуу Ислам динин
кармап,
анын
эрежелерин
жашоо-турмушунда
пайдаланып,
Ислам
дининдеги
диндин
негизги
түркүктөрү болуп саналган ыйман келтирүү, ыймандуу
болуп өмүр сүрүү, Алланын периштелерине, китептерине,
пайгамбарларына, тагдырга, өлгөндөн кийин кайра
тирилүүгө ишенүү жана Ислам дининин негиздери болуп
саналган намаз окуу, рамазан айында орозо тутуу,
колунда бар жана бай адамдардын кедей жана муктаж
адамдарга жардам кылып зекет, садака, үшүр берүүсү,
мүмкүнчүлүгү жеткен адамдардын өмүрүндө бир ирет
ажыга баруу сыяктуу парыз амалдарын аткарып
келишкен.
"Ыйман" – араб сөзүнөн алганда "ишеним" деген
маанини берет. Амал – инсандын өмүр бою кылган
иштери. Жарык дүйнөгө туулган ар бир пенде, ага
берилген өмүр, жашоодогу убакты сааты, аны сыноо үчүн
Кудайдын койгон (берген) мөөнөтү ченелүү. Кудай
алдында ар бир инсан пенделик парзын орундоого
тийиш. Мусулман баласы түндөбү, күндүзбү, жолдобу,
үйдөбү, ар дайым кудайды эскере жүрүүсү зарыл.
Ошондой эле буюрбаган (тыюу салган) иштерден
баш
тартууга
тийиш:
Мисалы,
мас
кылуучу
ичимдиктерди ичпөө, баңгилике барбоо, доңуз этин
жебөө,
идолдорго
(буркан-бутпарастарга)
арналган
даамдарга тийбөө, соодада кызылкулактык кылбоо,
буюмду өзүнүн наркынан ашыра сатпоо, бирөөнү алдабоо,
бирөөгө жалаа жаппоо, ушак сүйлөбөө, уурулук, бузуктук,
ойноштук, ар кандай кылмыштуу, жийиркеничтүү,
ыпылас көрүнүштөрдү жасабоо.
Ислам дини – адамзат дүйнөсүндөгү үч улуу диндин
бири экени белгилүү. Алар: 1) Буддизм; 2) Христиан
дини; 3) Ислам. Буга – ыйман, адеп, абийир, мыйзам
мүнөздүү.
Ислам дини негизинен шариат, марипат, тарикат,
хакикат деген баскычтардан турат.
Шариат – туура жол, укук канондору (мыйзамдары);
Марипат – ыйман, адеп;
Тарикат
– тарыхый
инсандар,
пайгамбарлар
таржымалы;
Хакикат – өтөлгө, бийлик, даража.
Шариатта укук нормалары, милдет, мурас, кылмыш,
жаза, үй-бүлө, нике, сот процедуралары аныкталган. Укук
маселелеринен башка да анда турмуш-тиричилик
нормалары,
дин
талаптарын
аткаруу
жолдору
көрсөтүлгөн. Мисалы, милдет укуктарына – инсандардын
мамлекет алдындагы милдеттери, кошуналардын аз ара
милдеттери, аял менен эркектин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн
бири-бирине милдеттери ж.б. кирет.
Мен, бул жерде бала алдында Ата милдеттери
жөнүндө кыскача токтоло кетмекчимин:
1) Балага жакшы ат коюу (кыз болобу, эркек болобу).
2) Баланы багуу (ак эмгектен тапкан каражат менен).
3) Баланы энеден ажыратпоо (ошондой эле атадан да).
4) Баланы отургузуу (кызды да балакатка даярдоо).
5) Балага билим берүү, өнөргө, эмгекке үйрөтүү.
6) Баланы
ыйманга,
адепке,
адамгерчиликке
тарбиялоо.
7) Баланы ар бир ишке жетилтүү, такшалтуу,
машыктыруу.
8) Баланы үйлөнтүү (кыз болсо элине узатуу).
9) Балага үй көтөрүү (өзүнчө түтүн булатып, оокат
кылып, турмушка кирип, тукум уласын үчүн малмүлкүн бөлүп берүү, кыз болсо себин камдап,
энчисин ыйгаруу).
Ошентип,ата баласын эр жеткирип (кызын бой
жеткирип), элге кошуу менен аталык милдетинен
кутулат. Бул адатта баланын 18-20 жаш курагына чейин
аткарылат. Андан соң бала өз жолун таап, өз милдетин
өзү көтөрүү керек, анткени ал да ата же эне боло баштайт.
Мына булар мусулман ата-эненин шариатта айтылган
бир милдетине кирет. Шариат – кыргызча "жыйнак" же
"мыйзам жобосу" деген маанидеги араб сөзү.
Шариатты Кудай менен Мухаммад пайгамбардын
атынан эл арасындагы улама-карыялардын айтууна
таянып, ар кайсы кылымдарда жашаган аалым-имамдар
менен молдолор (дамылдалар) түзүшкөн.
Мусулмандардын
үрп-адаттарында,
жөрөлгөжосундарында, ашта, тойдо, топто, казада, азада, ар
кандай каада-салттарында колдонулуп келген, айталык,
ыйман айтуу, угузуу, көңүл айтуу, кураан окуу, дооран,
жаназа, сүннөт, нике, насип, "бата берүү, тилек тилөө,
кадыр түн күтүү, орозо тутуу, беш маал намаз окуу,
ажыга баруу, зикир чалуу, ар түркүн балаа-мүшкүл,
кырсыктардан арылуу үчүн тообо кылуу, келме келтирүү,
кеселге дем салуу, кайыр садага берүү, дува окуу, жер
кезип, эл кыдырып, дүйнөдөн кечүү, календерлик,
дервиштик кылуу, жолго чыгуу. жортуулга аттануу,
кыскасы жарык дүйнөдө пенде эмнеге муктаж болсо,
ошолорду орундоо дайыма диндик эреже жоболор менен
коштолгон.
Жогоруда атанын бала алдында милдеттерине
токтолсом, бул жерде уулдун (баланын) ата-эненин
алдындагы милдеттерине да токтоло кетүү абзел.
Шариат
боюнча
баланын
ата-энесинин
алдында
төмөнкүдөй милдеттери каралган:
Ата-энени ачка калтырбоо, кийим-кечеден кемитпөө,
ал акыбалынан тез-тез кабар алып туруу, чакырса ылдам
барып, дайындаган ишин аткаруу, аларга алакчылабай
тең кароо, ата-энесинин өмүрлөрүнүн узун болуусун
Кудайдан тилөө, ата-эненин алдында дайым адептүү
болуп, муңайым-сылык сүйлөшүү, аттарынан атап
чакырбоо, чогуу бир жакка жөнөгөндө алдына өтпөй,
артта же катарлаш басуу. Бул милдеттер уулга да, кызга
да бирдей тиешелүү.
Кыз бала турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн
эркине өтөт. Анын уруксатысыз эч кандай ишти аткара
албайт. Ошондуктан ал ата-энесинин алдындагы көп
милдеттерден бошотулат.
Баланын
ата-эненин
алдындагы
негизги
милдеттеринин ичинен күч-кубат менен аткарылчулары:
ата-энеге дайыма кызмат кылууга, урмат-сый менен
мамиле жасоого, ата-энеси бирдей чакырып калса,
адегенде энесине баруу, иш дайындаса жалкоолонбой
ыкчам аткаруу, ата-эненин уруксатысыз сапарга чыкпоо,
ата-эне келгенде аларга таазим кылып, алардын ордуна
отурбоого тийиш. Ата-эне менен жумшак сүйлөшүү,
аңгемелешкенде добушун бийик чыгарбоо, бакырып
сүйлөбөө, көп сүйлөп аларды тажатпоо, сөздөрүн бөлбөө,
буйрук берип же кекээрлеп сүйлөбөө, алардын алдында
үшкүрүнбөө. Ал эми дили менен аткарчу милдеттери: атаэнеге ырайымдуу болуу, алардын кубанычына ортоктош
болуп, кайгысын бөлүшүү, оорусуна дарман болуп, өзүнүн
кыжаалаттангандыгын же
кейигендигин ата-энеге
билдирбөө, сүйлөгөндөрүн жактырбай кыжырланбоо,
аларга азар бербөө, аларды эч качан капа кылбайм деп
ниет кылуу, алардын өмүрүн тилөө.
Каражат менен аткарылчу милдеттер: өзүнүкүнөн
мурда алардын тамак-ашын орундатуу, алардын тамак
ашын өзүнүкүнөн сапаттуураак жасоо, бирге даам
татышса, аларга жакшыларын берүү, эмнени эңсесе аны
алып берүү, турмуш-тиричилигине керектүү бардык
нерселер менен камсыздап туруу, колдоруна акча берүү,
менин малым силердики, ала бергиле деп короосунун
эшигин ачып коюу, эгерде ата-энеси бөлөк башка жакта
жашаса, тез-тез чакырып коноктоп, сыйлап туруу,
алардын досторун дос деп, душмандарын душман деп
билүү, досторун чакырып меймандоо.
Уул баланын ата-энеси өлгөндө аткарчу милдеттери
мына булар: эң биринчи (өлүктү) тез көмүүгө аракет
кылуу. Анткени, өлүктүн бир гана ызаат-урматы болот –
ал өлүк жыттанып кете электе тез көмүү. Баланын андан
кийинки милдеттери: өлүк үстүндө бакырбоо, бетин
тытып, кийимин жулуп, бей жай болбоо, башкаларга да,
артыкча кыздарга антпегиле деп буйуруу. Бакырып
өкүрсө, көзү өткөн маркум мүрзөсүндө кыйналат. Өлүктү
таза жуундуруп, ак кепиндетүү, илимдүү болсо (баласы)
ата-энесинин жаназа намазын өзү окуса дурус. Жаназа
намазынын артында ага катышкан кишилерден атаэнесинин жакшы адамдар болгондугуна күбөлүк беришин
сураш, алардын сөөгүн кабырга өзү коюу.
Ата-эне тирүү кезинде кимден карыз алып кайтарып
беришке үлгүрбөгөн болсо аларды төлөө. Алар мал мүлкүн
кайсы баласына осуят кылып калтырган болсо, аны
ошого бериш, эгерде осуят кылбаса, мураскорлор
ынтымакчылык менен Куранда көрсөтүлгөн өлчөмдө
бөлүп алуу.
Эми жаш балдардын билим менен терең сугарылып,
каада-салтын кадырлап, жашоодо мага оң таасирин
тийгизген
төмөнкү
макал-лакаптар
менен
накыл
кептерге жана Улукман Акимдин насааттарына көңүл
бурууларын каалар элем. Алар төмөндөгүчө:
1. Уулум, Алла Тааланы тааны.
2. Кандай акыл насаат айтылса, биринчиден болуп
карма.
3. Өз деңгээлиңе жараша сүйлө.
4. Ар бир кишинин укугун корго.
5. Сырыңды сактай бил.
6. Калкыңдын кадырын бил.
7. Жоро жолдошторуңду пайда, зыян тарканда сына.
Досту кыйын күндө сына.
МЕЗГИЛ ТАРАЗА,
ТАРЫХ КҮБӨ
2-КИТЕП
(тарых барактарынан)
«Өткөндөрдүн бардыгы,
Тарых болот турбайбы.
Тарых болсо өткөн күн,
Анык болот турбайбы.
Бүт ааламга жалгыз күн,
Жарык болот турбайбы.
Кыңыр иш болсо, кырк
жылда,
Анык болот турбайбы».
Жеңижок (Өтө) Көкө уулу
Күндү алаканың менен тосо албайсың
Тарых эл, улут, адамзат жана акыйкат үчүн жазылары
айтпаса да белгилүү. Тарых жолу даңгыр эмес, татаал, катаал. Байыркы-байыркы доорлордон бери Кыргыз эли эчен
жолу куттуу замандарды көрүп, ай асман чапчып дүркүрөп
өсүп, эчен жолу башынан азап-тозок, каран түн - күндөрдү
өткөрүп, арасы ачылып, чачылып, бирок, түгөнүп баратып
кайрадан кайнап, түтөп, кайратына келип, тагдыр сыноосунан сынбай, келечекке кебелбей кадам коюп келетат.
Буга мезгил тараза, тарых өзү күбө.
Дүйнө жүзү ХХI кылымдын босогосунда Экономикалык
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 13
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.