Latin

Сезимде жүргөн элестер - 04

Total number of words is 4006
Total number of unique words is 1995
30.0 of words are in the 2000 most common words
42.5 of words are in the 5000 most common words
48.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жөнүндө өзүнчө аңгеме болот эмеспи. Мен да орто
мектепти бүтүрүп, жогоруда белгилеп кеткендей ЧоңАлай керек-жарак коомунда үйрөнчүк бухгалтер болуп
иштеп жүргөн учурум.
Ырасын айтканда, ушуга чейин кыздар менен
чындап таанышуу, үйлөнүү жөнүндө анча деле ойлончу
эмесмин. Ал жөнүндө ойлонуудан мурда, адамда сүйүү
деген
пайда
болот
деп
эсептечүмүн.
Көргөн
кинофильмдерим
менен
окуган
адабий
китептеримдегидей болуп, болжолу келген күнү мени
өзүнө ашык кылчу бирден-бир сонун кызга жолугам да,
ошону менен өмүрлүккө баш кошуп, жашоого шерт
кылышам деп ойлочумун. Сүйүү деген табышмактуу,
сырдуу, назик сезим мага качан, кандайча келээр экен
деп, кээде туруп өзүмчө жоруй да кетчүмүн.
– “Баарыдан да катын албай, кайын ал, - дегенди
унутпа, уулум!” - деп атамдын айтканын да эстей калам.
Айседеп жөнүндө азын-оолак маалыматты иним
Рыскулдан сурамжылап билдим. Анткени ал экөө бир
класста окушчу. Ал дем алыш күндөрү Дароот-Коргондон
Жар-Башы кыштагына кыштын суугуна карабай атчан
барып келип окуп жүрөр эле. Айседептин жума сайын
Жар-Башыга атчан катташынын бирден бир себеби, ал
үй-бүлөдөгү жалгыз эрке кыз, ата-энесинин эрмеги
экендигин айгинелейт. Жар-Башы айылы негизинен
“Теңдик”
колхозунун
борбору
болгон,
колхоздун
башкармасы Седептин атасы (Ташов Эргеш) үй-бүлөсү
менен Жар-Башы айылында жашап турушкан. Бул
айылда болгону жети жылдык гана мектеп болчу.
Ошондуктан Айседеп 8-класска Дароот-Коргон айылына
келип, окуп жүрчү.
Айседепти ата-энеси эркелетип, ымыркай кезинен
эле “Седеп” деп атап алышкан. Азыр деле анын очорбачар байбиче болгонуна карабай “Седеп эже” деп
айтышат. Эми биз экөөбүз таанышкан учурдагы Седептин
көрүнүшүн көз алдыма элестетүү менен анын ошол
кездеги келбетин мүмкүн болушунча сүрөттөп айтууга
аракет жасап көрөйүн:
Кыз доору – өмүрдүн жарашыгы, таттуу кыял жана
тунук балалык сезимдин доору экени талашсыз. Бирок,
Седептин жүзүндө кандайдыр бир муңайым сезимдин
жашырын сыры бар сыяктуу, ага бакыт мунарыктап гана
элестегендей.
Анын жүзү кызыл тору келип, бетинин оту
нурданып, карагаттай көздөрү коймолжуп, тулку бою
сындуу, көз карашында терең ой жана жароокерлик
касиет жашырылгандай сезилчү. Ал эми анын үй-бүлөсү,
ата-энеси жөнүндө атам төмөндөгүлөрдү айткан эле:
“Атасы Эргеш тага көп жылдардан бери “Теңдик”
колхозунда башкарма болуп иштейт. Анын байбичеси да
адамгерчиликтүү, кең пейил, меймандос аял. “Теңдик”
колхозун текшерип барып калганымда (атам бул
мезгилде Чоң-Алай райЗОнун башкы ревизору болуп
иштеп турган) алардын үйүнөн көп жолу чайын
ичкенмин. Менимче жалгыз кызы болсо керек эле”.
Атамдын “Эргеш тага” дегенин ушул жерден
белгилеп кетүүнү ылайык көрдүм: Атамдын таэнеси
Орунбүбү байбиче “Кызыл Баш” уруусунун “Галча”
тобунан болгон. Эргеш да ушул Галча тобунан жана
Орунбүбүнүн жакын туугандарынан экен.
Кыскасы, Айседептин түс келбетин боолголоп, көз
алдыма элестетип, аны көрүүгө ынтызар болуп калдым.
Ага кантип жолугуунун жол-жобосун ойлоно баштадым.
Ойлонуп отуруп, ага эмнеси болсо да кат жазып,
таанышууну билдиргим келди да, өзүмдө болгон
дараметимди мүмкүн болушунча пайдаланып, бир барак
кагазга көркөмдөп кат жазып алып, аны үч бурчтук
кылып бүктөп, оюмда Айседеп бетме-бет келе калса,
учурашканда колуна бере салам деген ой көңүлүмдөн
орун алды. Бул жазылган катты, костюмумдун төш
чөнтөгүнө салып алып, бир жумача Айседептердин үйүнүн
жанына “Курулушка” кетчү жол менен ары-бери өтүп
жүрдүм. Аны жакын эле жерден үйлөрүнүн короосунан
ары-бери жүргөнүн көрүп, ошого ыраазы болуп, өзүмдү
алаксытам да, кайра бир чечкиндүүлүк пайда болуп, бир
шылтоо таап, үйлөрүнө кирип барсам деп ойлоймун. Бул
оюмду ойлогон менен аны ишке ашыра турган мендеги
кайдагы эр жүрөктүк, кайдагы кайрат болсун.
Акыркы күндөрү бул жол менен күнүнө эки-үч жолу
өтүп жүргөнүмдү Канышай жеңе байкап жүргөн экен. Бир
күнү кудай жалгап Даранын суусуна эки чакага бакандап
суу көтөрүп келе жатыптыр. Анын бет маңдайынан жолун
тороп, саламдаштым да, чөнтөгүмдөгү үч бурчтук
катымды Айседепке берип коюусун өтүндүм. “Макул” деп катты колуна алды. Мен өзүмдү ыңгайсыз абалда
сездим да жүрөгүм опколжуй түштү.
Ал кезде жигиттер кыздарга кат жазышып, кат
аркылуу өздөрүнүн ой-максатын, кала берсе сүйүүсүн
билдирүүгө далалат жасар эле. Калп айткан менен
болобу, мен да Седепке арнап жазган биринчи катымда
Ж.Садыковдун “Айттырбай билер болсоңчу...” деген үч
куплет ырын кошо жазган элем, ал ыр:
Жоодурап көзүң ар качан,
Жолуксам тилсиз арбашам.
Айттырбай билер болсоңчу,
Алгачкы сүйүүм арнасам.
Жүдөтүп жаштык аптабы,
Жүрөгүм чокко капталды.
Жан эмес, ысык жалынга,
Жарылат тура таш дагы.
Билбейсиң неге анымды,
Билсең да сынаар чагыңбы.
Кыйышпас болсоң сөзгө кел,
Кыйноого салбай жанымды.
Эртеси Канышай жеңенин сууга келчү мезгилин
болжоп, ошол үстүңкү жол менен адатымча жүрүшүмдү
уланттым. Канышай жеңе бул күнү сууга келбеди.
Канышай жеңе жөнүндө ушул жерде эскерип кеткеним
туура болчудай. Айседептердин жакын тууганы Абдраим
акенин колуктусу. Жашы он жетилерден эми өткөн.
Абдраим акенин жакын тууганы Камбаралы акенин
үйүндө жашап жүргөн учуру. Айседептердин үйү менен
Камбаралы акенин үйү жанаша. Бир-бирине абдан жакын
курулган. Айседептин энеси – Батма менен Камбаралы
акенин аялы Самар бир тууган эже-сиңдилер. Канышай
жеңе ушул Самар эженин үйүндө. Аны Абдраим аке он
алты жашында, Ош шаарына жакынкы Төлөйкөн
айылынан ала качып келген.
Канышай жеңени чыдамсыздык менен күтүп жүрүп,
төртүнчү күнү сууга келген жеринен жолугуп калдым.
– “Катыңызды кызга тийгиздим, бирок жообун качан
бересиз деп айта албадым” - деди. Эмне болсо да катты
Айседепке тийгизгени мага ушунчалык жагымдуу
угулуп, жүрөгүмдү уйгу-туйгу кылып жиберди. Суунун
жээгинде чакаларына суудан толтуруп, бакандап
көтөрүп, бул жерде мени менен көпкө сүйлөшкөнгө
болбостугун айтып, – “Сиз каттын жообун күтүп
жатканыңызды, жанкы кызга айтам”, деп жөнөй берди.
Мен рахматымды айтып, көпүрөдөн өттүм да, үйдү көздөй
кеттим.
Ал күндүн эртеси Канышай жеңе күндөгүдөй
чакаларын баканга илип алып, дарыянын жээгине
жакындап калган жерден учураштым. Канышай жеңенин
бүгүнкү жолугушуусу мага демейдегиден башкача,
жүзүнүн жылмаюусунда катка оң жооп болгонунун
белгисиндей туюлуп жатты, – “Сүйүнчү бериңиз! Кыз сиз
менен жолугушууга убада берди”, - деп жаркылдап күлүп
калды. Ушул минутадагы кубанычты өз өмүрүмдө унута
албай келем.
“Бүгүн кечинде биздин үйдүн үстүндөгү арыктын
жээгине келиңиз, ал жерге мен кызды ээрчитип чыгып,
сизге жолуктурам” деди.
Мен үчүн ошол кечтин кириши ушунчалык узакка
созулду. Күн отуруп айланага караңгы киргенде Канышай
жеңе айткан жерге келдим да, алардын келишин күтүп,
арыктын жээгиндеги жалгыз аяк жолдо ары-бери басып
жүрдүм. Бирок, алар эмнегедир кечигип атты. Мындайда
убакыт тез эле өтө койбой, түн бир оокум болду. Асман
шаңкайып апачык, чыгыштан жаңыдан көтөрүлгөн ай
дагы жер бетин жарыта баштады. –“Булар эмне мынча
кечикти?” Алар келе турган тарапты улам карай берип,
өзүмчө чебеленип жаттым. Аңгыча алардын карааны
көрүндү, айдын жарыгында болжошкон арыктын жээгин
көздөй келе жатышкан Канышай жеңе менен Айседеп
экенин таамай тааныдым.
Алар канчалык жакындаган сайын менин жүрөгүм
лак-лак ургулап, өзүмчө оңтойсуздана баштадым.
Кандай болгондо да, мен өзүмдү токтоо кармап,
чечкиндүүлүк менен аларды көздөй утурлай басып,
саламдашууга үлгүрдүм. Канышай жеңе анчада: – “Кыз!
баягы каттын ээси ушул бала! Жакындан таанышып
алгыла” деп Айседепке кайрылды.
Мен – Масат деп, атымды айтып, Айседепке колумду
сундум! Ал дагы апкарый түшүп, Седеп деп колун мага
берди. Мен анын колун өзүмдү көздөй имере берип, кыса
кармап, анын
алаканынын ысык табынан менин бүткөн боюм дүрт
этип, от менен жалын болуп кеткенсиди.
Айдын жарыгында анын көздөрүнөн кандайдыр
башкача жароокерликтин нуру чачырай түшкөндөй
көрүндү мага. Ушул кол кармашуу аркылуу ал экөөбүз
бир-бирибизге ичибиздеги сырыбызды, бир-бирибизге
жылдызыбыздын жакындыгын билдирип аткансыдык...
Айседепти билбейм, айтор, менде ошондой ишеним
пайда болду. Анчада Канышай жеңе: – “Таанышып
алдыңыздар! Мындан ары менсиз деле жолугушуп
турсаңыздар болот” - деди. Баарыдан да менин көңүлүмө
туура келгени: – Сүйгөн адамыңды эптеп сага
жакындатуунун амал-айласын, ыгын таба билгендиги
үчүн,
Канышай
жеңеге
ырахматымды
айтып,
ыраазычылыгымды билдирдим. Биз таанышкан күндөн
көп өтпөй Айседепти ата-энеси жайлоого алып кетти. Ал
эми мен атайлап ага жайлоого барууга батына албай,
Канышай жеңеге атайлап жолугуп, Айседеп жайлоодон
качан келерин сурамжылап жүрдүм. Бирок жакынкы
күндөрдө анын жайлоодон түшүп келиши белгисиз
экендигин айтты.
Арадан он-он беш күн өттү. Биз Нинар экөөбүз
райПОнун конторасынан түшкү эс алууга чыгып, өйдөңкү
жол менен келе жатканбыз. Дарадан тору кашка атты
жүрүшүнө салып (жорголотуп) алты-жети жаштагы жаш
баланы учкаштырып келе жаткан Айседепти көрүп,
кубанычым көкүрөккө батпай сүйүндүм да, – “Нинар сен
бара бер! Мен бир аздан соң барам”,-деп, анын алдын
торой бастым. Мени көрүп, аттын башын тартты да, оң
колун сунуп мени менен учурашты.
Биз биринчи жолугушуудан кийин анын да, менин
да бетибиз ачылып, бирибиздин алдыбызда бирибиз
өзүбүздү эркинирээк сезип калгансыдык. Артында
учкаштырган жаш бала байкабагандай таризде кечинде
жолугушууну
билдирип,
биздин
биринчи
жолку
жолугушкан арыктын жээгинен күтөрүмдү акырын
билдирдим. Кечинде болжошкон жерге келип, аны күтүп
ары-бери басып жүрдүм. Бул жолу ал мени көпкө
күттүргөн жок, жалгыз өзү келе жатты. Аны ушул
минутада өзүмдү көздөй колдон тартып, көкүрөгүмө кыса
кучактай кеттим. Ал дагы көкүрөгүмө башын ыктап,
каршылык көрсөткөн жок. Ошол күн мага өз өмүрүмдөгү
кандайдыр бир бурулуш күн болгонсуп көрүндү. Ушул
күндөн тартып, мен өзүмдү кыйышпас жан шериги,
сүйгөнү
бар
кишидей
сезе
баштадым.
Кийинки
жолугушуубуз анын эртеси мага Фрунзеден келген
телеграмманы алган күн эле. Мен бир жагы бул
телеграмманы Айседепке кубанычымды баса албай
сүйүнчүлөп жаттым. Бирок, ал аны көп деле кунт коюп
укпай жаткансыды. Бир пастан кийин алардын үйүнөн
бир караан чыгып түз эле бизди көздөй келе жатты.
Айседеп ал караанды таамай таанып, селт эте түшүп: –
“Ии атам турбайбы, намазын окуп бүтүп мени карап
чыккан окшойт, үйдүн бул жагы менен көрүнбөй баса
берели, мен атама көрүнбөй үйгө кирип кетейин, сиз дагы
мындайынан чоң жолго түшүп кетсеңиз болот” - деп
акырын үйүн көздөй жөнөдү.
Бирок менин шагымды сындырып койдум деген ой
башына кылт эте түштү окшойт, кайра кылчая калды да
– “Кош, окууга жөнөсөңүз жакшы барыңыз, бизди унутпай
кат жазып тураарсыз!” деп акырын колун сунду. Мен да
анын колун бек кысып – “Мейли, жакшы калгыла” деп
кылчактап, чоң жолго карай бурулдум. Ошентип, ал
экөөбүз эл катары жайма-жай ачык айкын сүйлөшүп,
бирибиздин сырыбызды бирибиз биле албадык.
Чындыгында, биринчи курста окуп жүргөнүмдө
Айседепке кат жазууга чолом тийбей жүрдү. Кышкы
сессияны абдан кыйынчылык менен өздөштүрүүгө туура
келди. Анткени орус тилин жакшы билбегендигимден,
окулган
лекцияларды
үлгүрүп
жаза
албай,
же
алгылыктуу түшүнө албагандыгымды жашырбай эле
белгилемекчимин.
“Эрди намыс, коенду камыш өлтүрөт” - дегендей
Новосибирскиден институтта окуй албай кетүү мен үчүн
өлүмгө тете болчу. Ошондуктан болгон күч-аракетимди
бир гана окууга жумшап, кышкы экзамендерди
ийгиликтүү
тапшыруу
эле.
Менин
чымырканып
эмгектенгеним өз үзүрүн берди, кышкы экзамендерди
ийгиликтүү тапшырдым. Ал жөнүндө жогоруда эскерип
кеткенмин.
Кышкы сессияны ийгиликтүү аяктап, экинчи
семестрдин окуу программасы башталды. 1959-жылдын
март айы. 8-март кыз-келиндердин эл аралык күнүнө
карата Айседепти ушул майрам менен куттуктап
открытка жөнөттүм. Бирок, бул куттуктоо открытка
Айседептин колуна тийдиби же тийбедиби мен үчүн
караңгы бойдон калды.
1959-жылдын июль айынын орто ченинде биринчи
курстун жайкы семестрин ийгиликтүү аяктап, жайкы
каникулга чыктым.
Каникулда үйгө кетүүгө камынып, НовосибирскТашкент каттамындагы пассажирдик поездге билет
алдым. Мындай алыскы аралыктагы каттамга поезд
менен биринчи жолу жолго чыгышым болчу. Бул каттам
менен Новосибирскиден чыгып төмөнкү шаарларды
басып өтүүгө туура келди: Барнаул, Семипалатинск,
Алмата, Джамбул, Чимкент, Ташкент. Ташкентке
келгенден кийин Фрунзе-Жалал-Абад поезди менен
кетсемби деген ой менен бул каттамдын расписаниесин
карасам эртеси саат 12 лерге кетери жазылып туруптур.
Аны күтпөй эле Андижанга кечкурун поезд жөнөй
тургандыгын билип, ошол маршрутка билет алдым. Күн
кечтеп саат 4-5 чамасында поездге чыгып, Андижанды
көздөй жол тарттым. Жолдон Кокон, Маргылан
шаарларын басып өтүп, эртең мененки саат 5те
Андижанга бешинчи суткага караган күнү жетип келдим.
Андижандан Ошко кетчү автобуска түштүм, да саат
9дарда Оштун эски автовокзалына келип калдым. Ошко
келгенимде өзүмдү эркин сезип, сыягы үйгө жеткендей
эле боло түштүм, себеби Новосибирск шаарынын
чоңдугун Ош шаарына салыштырсам, Ош бул Новосибирскинин кичинекей районунун борборуна
окшоштурса болчудай. Бул күнү Оштон Дароот-Коргонго
жүрүүчү автобус эртең мененки саат 7де эле жөнөп
кетиптир. Мен ага үлгүрбөй калганыма бир аз кыжалат
болдум. Эртеси ошол Дароот-Коргонго жөнөгөн автобус
менен жолго чыктым.
Автобуста келе жаткан жүргүнчүлөрдүн айрымдары
мени тааныган кишилерден экен. Азыр ал кишинин ким
экендиги жадымда жок. Бирок, ал киши эмнегедир мага
жаңылык катарында төмөнкүлөрдү баяндап кирди: –
“Эргеш раистин кызын, сенин иниң ала качып, сага
жеткирем деген экен, бирок ата-энеси ага уруксат бербей
аны уруп-согуп, сенин иниңди да катуу урган имиш” деп уктук. “Эргеш раистин кызы атасын уятка калтырып,
болуп койгон жерине тийбеймин, зордуктап берчү
болсоңор Кызыл-Сууга агып өлөмүн” - деп көнбөй
коюптур,”-деп сөзүн түгөттү.
Мен бул окуяны үйгө келгенден кийин толук бойдон
үйдөгүлөрдөн уктум. Ал мындайча болуптур: иним
Рыскул менин Айседеп менен таанышкандыгым жөнүндө
жакшы билчү. Аны ар дайым “Сени агама алып берип,
келечекте жеңе кылып алам”
- деп тамашага
айландырып, бир жагы чын көңүлүндөгү болгон максатын
билдирип жүрөт.
Алар 10-классты аяктап, жетилүү аттестатын
алышып чогуу Ош шаарына окууга барууну чечишет.
Айседептин ата-энеси Кызыл-Суунун аркы өйүзүндөгү
Маманын токоюна жакын жерде жайлоодо болушкан.
Убада боюнча классташтар Рыскул, Имамат, Өлмас,
Айседеп болушуп эртең Ошко окууга жөнөйбүз деген күнү
Рыскул Кызыл-Суудан бирөөнүн атын сурап минип,
Седепке кабар бергени өтүп барат. Ал жерден Айседепке
жолугуп, “Ошко эртең жөнөп жатабыз. Сага кабар
бергенче Кызыл-Суудан өткөрүп келем деп келдим” дейт. Айседептин ата-энеси анын окууга барышына
макул болушса, аны биротоло колдон чыгарып
жиберишип, кудалашкан жерине күйөөгө бере албай,
уятка калышарын сезишкен. Ошол себептен Айседепти
атасынын жээни Абдразак акеге, аны “Атаңды уятка
калтырба, ата-энеңдин айтканына көнгүн деп опузалап
койгун,
жаш
эмеспи,
коркконунан
биздин
айтканыбыздан чыга албас”- деп, өздөрүнчө бүтүм
чыгарышат.
Бирок, Айседеп алардын сөзүн укпайт, Кызыл-Сууну
көздөй качып жөнөйт. Абдразак аке Айседепке жете
барып аны опузалап, сабап кирет да, “бычак менен азыр
союп салам” деп боз үйгө сүйрөп келип, аны колу-бутунан
байлап коет. Ал эми Рыскулду бир топ эле уруп, боз үйдүн
бир жак капшытына таңып салышат да, ал минип келген
аттын ээр токумун сыйрып, жүгөнүн шыпырып, атты
бошотуп жиберишет. Эртеси чашке маалда Рыскулду
араң бошотушат. Ошентип, Айседеп, Абдразак акенин
кордугуна чыдап, ызаа болгон бойдон, көз жашын төгүп
кала берет. Эки-үч күн өткөндөн кийик Рыскул менен
Имамат Ош пединститутуна окууга жөнөп кетишет.
Арадан бир айга жакын убакыт өтүп кетет. Айседеп
классташ курбусу Өлмас экөө мектептин директору
Жакен Акматовго –“Бизди калыңга кудалашып күйөөгө
беребиз деп окууга жибербей жатышат. Ошондуктан
окууга баруубузга көмөктөш болууңузду суранабыз” деп
кайрылышат. Кийин ошол арыздарынын негизинде Алай
райондук партия комитетинин кийлигишүүсү менен Ош
шаарына пединститутка барууга мүмкүнчүлүк алышат.
Ошко келген учурда пединститутка документтерди
кабыл алуу мөөнөтү аяктап, кирүү экзамендери башталып
калат. Айседеп окууга канчалык ынтызар болсо да, атаэнесинин кайдигер мамилесине баш ийип, окууга өтө
албай кайра кетишет.
Жайкы каникулга келип, ата-эне, тууган-уруктар
менен
бир
катар
жолугушуп
бүттүм.
Маманын
токоюндагы окуядан кийин Айседептин ата-энеси анын
ээн эркин жүрүшүнө катуу тыюу салып, өзүн жайлоодон
кыштоого же болбосо кыштоодон жайлоого жалгыз
жиберишпей катуу көзөмөлгө алышат. Август айынын
адамга жагымдуу күндөрү зымырап өтүп жатты.
Канткенде Айседепке жолугам деген ой жүрөгүмдү эзип,
санаам тынчыбайт. Кайрадан ойлонуп, Канышай жеңени
издеп, ошол киши аркылуу байланышууну ылайык
көрдүм. Мурунку жылдагыдай Канышай жеңе чака
көтөрүп дарыяга сууга келбей, Камбаралы акенин үйүндө
эмес, өздөрүнүн үйүндө жашап калышыптыр. Эмнеси
болсо да, Канышай жеңеге бир жолу кайрылмакчы
болдум да, алардын үйүн көздөй баса бердим. Мен бул
үйгө канчалык жакындаган сайын Канышай жеңенин
чырайы жанган, жылдыздуу элеси көз алдыма тартыла
берди. Оңдой берди болду дегендей, кудай жалгап
Канышай жеңе үйдөн чыгып мен тарапка бурулду да
жакын келип – “Сизди терезеден байкап калдым, кандай
жакшы жүрөсүзбү” деп саламдашты. Мен дагы ал киши
менен ысык саламдашып, ал-жайын сурагандай болдум
да Айседептин кайда экенин, ага кантип жолугуунун
мүмкүнчүлүгүн билгим келгендигин айттым. Ал – “Мен
сизди туура түшүнөм, бирок Мамадагы окуядан кийин
аксакалдар бизди катуу эскертип, жанкы кызды
(Айседепти) – силерге байланыштырууга тыюу салышты,
кыскасы, бизди туңгуюка камашты. Ошондой болсо да,
бир амалын ойлоп, сиздин көңүлүңүздү оорутпаска аракет
жасап көрөмүн. Ал кыз азыр жайлоодо – сиз капа болбой
туруңуз. Азыр сиз менен бул жерде сүйлөшүп
турганыбызды биздикилерден бирөө-жарым байкап
калса, менин шорумду кайнатат. Эки-үч күндөн кийин
бир кабар аларсыз” - деп Канышай жеңе Камбаралы
акелердин үйүн көздөй басып кетти. Ошентип Канышай
жеңеге ишеничим артып, эртеби-кечпи Айседепке
жолугам деген үмүт пайда болду. Мезгилге айла жок
бейм, атаганат! Антип-мынтип август айынын акыры
болуп баратты. Каникул бүтүп, кайрадан Новосибирскиге
жөнөөгө убакыт чукулдап калды.
Айседепке жолукпай кетемби деген ой ичимди туз
куйгандай ачыштырып, сарсанаа болуп жүрөм, эми эки
күндөн кийин окууга кетеримди Канышай жеңеге
билдирип, Айседепке өзүмдүн Новосибирск шаарындагы
адресимди бергенче жолугуп кетейин деп чечтим.
Демейдегидей алардын үйүнө жакын барып ары-бери
басып жүрдүм эле, бир оокумда Канышай жеңе мени
көрүп үйүнөн чыгып, бери көздөй басып келди. – “Бүгүн
жакшы келдиңиз, сизге кабар жеткире албай кыжалат
болуп турдум эле. Кыз бүгүн жайлоодон энеси менен
түшүп келет экен. Кечинде баягы биринчи ирет
жолугушкан жерге келсеңиз, кызга ошол жерден
жолугасыз” деп ишеничтүү түрдө жылмайды. Канышай
жеңе белгилеген арыктын жээгине кечкурун келдим. Бул
күнү Канышай жеңенин күйөөсү Абдраим аке жумуш
боюнча Ош шаарына кеткендигинен, үйүндө жалгыз
калбай Самар эжелердин үйүнө келгенинен, биздин
жогулушууга ыңгайлуу жагдай болгон экен. Түн кирип,
айдын жарыгы айланага өз нурун толук чачты. Мен
болсо алардын келер жагын улам-улам карап, ары-бери
басып жүрдүм. Бул күнкү жолугушууну көркөмдөп
жазууга менин дараметим деле жетпейт, ошондой болсо
да азыркы күнгө чейин Айседептин ошондогу келбети
менин көз алдымдан кетпейт.
Айдын жарыгында анын көздөрүнөн жароокерликтин
нуру чачырап тургансыды. Менин көзүмө анын бой
келбети, өңү түсү бир топ өзгөрүлө түшкөндөй,
демейдегисиндей
жайдары
көздөрүнөн
кандайдыр
сабыры суздук, ичтен сызган терең муң бардай сезилди.
Ушул минуталарда бир паска тунжурай ылдый карап
калды, анан башын өйдө көтөрө салып, мага ыктай берип,
каңырыгын түтөткөн эски салтты, ата-энесинин жалгыз
кызына
жасаган
кайдигерлик
жоругун,
кыскасы
“Мамадагы” көргөн кордугун муңайым менен айтып,
мууну бошоп, көзүнө кылгырып жаш алганын сездим.
Бул күнү Канышай жеңе: – “Кеңири сүйлөшүп,
сагынычыңарды таркатып, сыр чечишип алгыла, мен үй
тарапты бир сыйра байкаштырып келейин” - деп ары
басты.
Айседеп ата-энесинин эски салт боюнча аны жаш
кезинде эле (төрт-беш жаш курагында) Мурзамидин
деген балага кудалашып койгонун, бирок ага тирүү
болсом эч качан турмушка чыкпаймын деп, мени
ишендирип, өзүнүн тагдырын өзү гана чечерин айтып,
кам санабаңыз” деп менин колумду кыса кармады.
Мен аны өзүмдү көздөй колдон тартып, көкүрөгүмө
кыса-кыса кучактадым да, нурданган кызыл бетинен
сүйүп алдым, ниетимде аны биротоло өзүмө таандык
кылып алдым. Бүгүнкү жолугушуу аркылуу ал экөөбүз
бири-бирибизге ичибиздеги сырыбызды, бири-бирибизге
жылдызыбыздын жакындыгын бир сөз менен айтканда
бири-бирибизди сүйгөндүгүбүздү билдирип аткансыдык...
Атамдын “Айтылган сөз акыл болсо, уккан кулак
маакул болот”, Айседепти ала качам деп сен балалык
кылба. Анын ата-энеси макул болсо, алар менен
кудалашып эле сени үйлөймүн. “Мага душман ашырба
уулум, андай эле “күйүп” баратсаң кудалашып, тынчтык
жолу менен калың-карасын берип үйлөгөнгө менин
кудуретим жетет” - деп мени тыйып койгон болчу. Ошол
күнү “эми экөөбүздүн тагдырыбыз бир жагынан сенин
ата-энеңдин кандай бүтүмгө келишинде болсо, экинчи
жагынан сенин чечкиндүүлүгүңө жараша болот” - дедим.
Анчада Канышай жеңе жетип келип “Ай кыз! Эжем
ойгонуп сыртка чыкты, жүрө кал, үйдүн бул жагы менен
кире качалы” деп шашыла басты.
Канышай жеңенин кокусунан шашылып келип,
Айседепти шаштырганын, менин бүткөн боюмду дүрт
эттирип, ток аралагандай сезилип кетти.
Айседеп жалт этип мени бир карады дейсиң, анын
жалтылдаган кара көздөрүнөн мени көздөй сөз менен
айтып болгус, бир бөтөнчө учкундар чачырай түшкөндөй
көрүндү. Анын колун кайта-кайта кыса кармап туруп, бир
аздан кийин гана кое бердим. Ал да колун менин
колумдан дароо сууруп албастан мени жоодурай карап
турду.
– “Кош эмесе, жакшы тургула, көрүшкөнчө!” - деп
колун кое бердим.
“Кайыр эмесе жакшы барыңыз!”, - деп улам-улам
кылчактап үйүн көздөй Канышай жеңенин артынан жөнөй
берди. Алар үй тарапка бурулуп, көрүнбөй калганча карап
турдум да, мен дагы үйдү көздөй акырын жолго түштүм.
Ошол бойдон окуумду улантуу үчүн Новосибирск
шаарына жөнөп кеттим. Экинчи курста демейдегидей
окуум жүрүп жатты. Бул жылдары институттун окуу
корпусу менен жатакананын экинчи имаратынын
курулушу
аяктап
бараткан.
Биздин
группадагы
студенттер да бир ай бою ушул курулушка иштешти.
Экинчи курста биринчи курска караганда өзүмдү бир топ
эркин
сезип,
окууну
эчкандай
кыйналбастан
өздөштүрөөрүмө көзүм жетип, ишенич пайда болду.
Себеби орус тилин алда канча үйрөнүп, өз оюмду
такалбай сүйлөп калдым. Бир жагынан жатаканада чогуу
жашашкан орус балдар дагы окууну жакшы окушкан
студенттер эле, алардын да мен үчүн орус тилинде туура
сүйлөөгө тийгизген таасирин жашыра албаймын. Экинчи
курстан баштап, экзамендерди ийгиликтүү тапшырууга
жетиштим
да,
институтту
аяктаганга
чейин
жогорулатылган стипендия алып жүрдүм. Ал стипендия
жалаң
төрт-беш
деген
баа
менен
окугандарга
ыйгарылуучу.
Ошол
стипендия
менин
күндөлүк
керектөөлөрүмө толугу менен жетип турду. Ошондуктан
үйдөгүлөрдөн да акча албай калганмын. Бул жылы
Рыскул да Оштогу пединституттун биринчи курсунда
окуп калды. Ал эми Айседепке кат жазсам деген ой да
түйшөлтөт. Бирок, катты го жазышы жазам, бирок ал кат
Айседептин өз колуна тийиши күмөн. Ошентип, ЧоңАлайдан келгенден бери эки-үч ай өтүп кетти, антипмынтип
эле
кышкы
сессия
да
келип
калды,
экзамендерди тапшырып алып каникул учурунда кат
жазууну
чечтим.
Ошентип,
кышкы
сессиянын
экзамендерин
жалаң
төрт-беш
деген
бааларга
тапшырдым. Эми кат жазууга камындым, эмнеден
баштасам? Деги эмне деп жазмакмын, кат жазыш деген
дүйнөнүн азабы экен го. Жазганымдын бир жери андай
болуп, бир жери мындай болуп, көңүлүмө жакпай,
кайрадан ал катымды тытып, улам убара болуп жүрдүм.
Эсимде калган ошол жазган каттарымды төмөнкүчө
баштаар элем:
АЛЫСКЫ НОВОСИБИРСКИДЕН САЛАМ КАТ
Алыскы
Чоң-Алайдын
атыр
жыттуу,
абасында жашап турган менин сүйкүмдүү . . . . .
Кат жаздым кагаз бетине,
Атымды койдум четине.
Ашыктыгың чын болсо,
Ала жүр, секет, эсиңе.
“А” деген үндүү тамганын,
Аягы узун созулат.
Ашык болсо эки жаш,
Акыры барып кошулат.
“А” деген тамга созулма,
Айтылса ар ким оозунда.
Алышып ойноп жүрөлү,
Аманат жандын соосунда.
Асмандагы жылдыздар,
Топтолуп туруп жок болот.
“А” тамга сени ойлосом,
жүрөгүм күйүп чок болот.
Жазгы жыпар желимсиң,
Жаш жанга кубат демисиң.
Жарк этип күлүп койгондо,
салкын
Жарпымды жазчу теңимсиң.
Айдай тууган кашың бар,
Айдан да көркөм чачың бар.
Өрттөбөстөн жалынга,
Өзүң бир болчу асыл жар.
Кош эми сөздү бүтөмүн,
Катымдын жообун күтөмүн.
Келбесе сенден салам кат,
Жалынга күйүп жүрөмүн.
Андан ары, анын аман эсендигин сурап, өзүмдүн
окууларым жөнүндө кыскача билдирүү жазар элем.
Көбүнчө
катымда
Айседептен
ал
жакта
кандай
жаңылыктар болуп жаткандыгын билгим келер эле.
Жазылган
катты
Султанмураттын
адресине
жөнөтчүмүн. Ал ошол учурда алты айлык байланыш
тармагынын курсун окуп келип, Дароот-Коргондогу
байланыш бөлүмүндө иштеп калган учуру. Бир эле
конверттин ичинде эки кат болор эле. Ал каттын
биринчисин Султанмуратка жазып, анын ал-абалын
сурап, анан экинчи катты Айседептин өз колуна
тийгизип коюусун өтүнөр элем. Айседеп менден канча
жолу кат алганын билбейм, бирок экинчи курсту аяктап,
жайкы каникулга барганча Айседептен болгону эки жолу
гана кат алганымды билем. Кыскасы, анын каттарында
менин каникулга келишимди чыдамсыздык менен күтүп
жүргөнүн, өзүнүн ата-энеси эми жалгыз кызынын эркине
макул болушкандыгын, анын өз тагдырын өзү чечүүгө
айласы жок моюн сунушканын жазып билдиргени
эсимде.
Экинчи курстун бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү
тапшырып, жайкы каникулга камылга көрө баштадым.
Новосибирск-Ташкент-Ош маршруту боюнча самолетко
билет алдым да, Новосибирскиден учкан эле күнү Оштун
аэропортуна жетип келдим. Эртеси Оштон эрте менен
Дароот-Коргонго жөнөдүм.
Дароот-Коргонго келген эле күнү Айседептин кайда
экенин билдим. Ал ата-энеси менен Шыман жайлоосунда
экени маалым болду. Мен экинчи курста окуп жүргөн
мезгилимде атамдын досу Нуридинди Айседептин
атасына жуучулукка жиберип, аны менен кудалашуу
жөнүндө сүйлөшүп келүүсүн өтүнөт. Бирок, Айседептин
ата-энеси Нуридин аяш атага оң жооп беришпей ар
түрдүү шылтоолорду айтышып, макул болбой коюшат.
1960-жылдын апрель-май айларында Айседепке, менин
классташым
Абылкасымов
Индижамил
да
жуучу
жиберет. Айседеп ага ачыктан-ачык анын жиберген
жуучусуна макул эместигин кесе айтат.
Бир мезгилде Айседептин атасы Теңдик колхозунда
башкарма болуп иштеп турганда, аны менен ошол
колхоздо кой фермасын жетектеген Кадыркул деген
адам, түздөн түз өзү келип, Айседептин атасына: “Эргеш
аке! Мени жакшы билесиз, кудайдын буйругу экен,
аялымдын каза болгонуна да бир жылдан ашты. Эми
мени күйөө бала кылып алыңыз. Айседепти мага бериңиз,
бул жалгыз кызыңызды гүлдөй багып алууга жараймын!”
деп Айседептин атасын көндүрүүгө далалат жасайт. –
“Байбичем экөөлөп Седеп менен сүйлөшүп көрөлү, аны
көндүрө алсак, мен жок дебеймин” - дейт Седептин
атасы. Бул жуучу болгондордун ичинен Седептин
атасынын купулуна толгону ушул Кадыркул болот. Ал
кишини
ойлондурганы
Кадыркулдун
жашы.
Ал
Айседептен 15-16 жаш улуу адам эле. Ушул жерден
Айседептин ата-энеси жөнүндө бир-эки ооз сөз айта
кеткеним ылайыктуу окшойт: Атасы – Ташов Эргеш Ата
Мекендик согуш мезгилинде Сталин, Теңдик, Кызыл
Октябрь атындагы колхоздордо башкарма болуп иштеп
келген. Атасынын мурунку аялынан жалгыз уулу
Камчыбек. Ал үч жашка келгенде, энеси каза болот.
Атасы Эргеш, арадан көп узабай күйөөдөн ажырашып
келген Батмага үйлөнөт. Андан 1942-жылы Айседеп
төрөлөт. Аны ымыркай кезинен эле Седеп деп кыскартып
атап алышат.
Айседептин
ата-энеси
жетимдикте
чоңойгон
Мырзамидинге кызынын күйөөгө барбасына толук
ишенгенден кийин, эми ушул Кадыркулга эле күйөөгө
берүүгө үмүттөнүшөт. Алар Айседеп эмне болсо да бойго
жетип, акылына кирип калды, биз аны жаман жерге
түртпөшүбүздү түшүнөр деген ой менен аны Кадыркулга
турмушка чыгууга көндүрүүгө бир топ эле аракет
жасашат.
Бирок Айседептен өздөрүнүн бул сунушуна терс жооп
алышат: – “Мени өзүм каалаган кишиге бересиңер!
Эгерде зордуктап бирөөлөргө таңуулап берем десеңер,
анда менин өлүгүмдү Кызыл-Суудан табасыңыр” - деп
ата-энесин түңүлтөт.
Канткен менен ата-энесин уятка калтыруу, өз
тагдырын өзү чечүү, анын темирдей бекем эрки менен,
зор чечкиндүүлүгүнө байланыштуу экени талашсыз.
Ошентип, ата-энесинин айтканына көнбөй өз тагдырын,
өз бактысын өзү чечүү оңой олтоң иш эмес экендиги
Кыргыздын бардык эле кыздарынын колунан келе
бербестигин белгилеп кетмекчимин. Канткен менен,
жалгыз кызынын тагдырына кайдыгер болбогон ата-эне,
Седептин өз тагдырын өзү чечип, каалаган жигитине
турмушка чыгуусуна аргасыз макул болушат.
Каникулга келгенимдин эртеси кокустан Айседепке
жолугуп каламбы деген ой менен алардын үйүнүн
жанынан өтүүчү үстүнкү жол менен Курулуш тарапка
бараттым.
Камбаралы
акенин
үйүнөн
тогуз-он
жаштардагы кыз чыга калды, андан:
– Седеп эжең кайда? - деп сурадым эле.
Ал кыз: – Седеп эжем үйдө кыздар менен килем
согуп отурат - деди. -“Анда эмесе чакырып койгун, мен
бул жерде күтө турайын” - дедим да, алардын үйүнө
жакын басып бардым. Бир паста Айседеп менен бир жаш
келин чыга келишти. Ал келиндин колунда ар түрдүү
түстөгү (кызыл, ак, сары, жашыл) токулуп жаткан
килемдин түгүнөн алганча келгенин байкап калдым.
Айседептин колун кыса кармап жылуу учураштым. Анын
жоодураган көздөрүнөн жымыңдаган кубанычтын нуру
чачырагандай белги менен мага колун сунуп кызуу
учурашты. Анчада жанындагы келин колундагы түстүү
жиптерди менин мүрүмө коюп, “сизге учук салдым” деп
наздана күлүп жиберди.
Мен бала болуп башыма түк чыкканы, мындай
салттын жол-жобосун билген эмесмин. Ал жиптерди
мүрүмдөн сыйрып алып, чөнтөгүмө салдым да, ал келинге
ырахмат айттым.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 05
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.