Latin

Сезимде жүргөн элестер - 16

Total number of words is 3848
Total number of unique words is 2051
27.3 of words are in the 2000 most common words
39.2 of words are in the 5000 most common words
45.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Менин купулума толгон, мен абдан жогору баалап,
урматтаган, мезгилинде бир тармакта (системада)башкача айтканда Кыргыз керек - жарак союзунда - башкарманын төрагасы болуп 19 жыл иштеген адам-Муктаалы
Амановдун эскермесине токтоло кетүүнү туура көрдүм.
Анткеним, менин эмгек жолум Чоң-Алай жумушчулар
кооперациясынан башталган. Мезгилинде Чоң-Алай жумушчулар кооперациясында башкарманын төрагасы болуп
иштеп жүргөнүмдө, М. Амановичтин биздин коллективге
(б. а. Дароот-Коргон айылына келгени) Центросоюздун,
андан кийин Кыргызпотребсоюздун өтмө Кызыл Туусун
тапшырууга келгенде сүйлөгөн сөздөрү, берген акылнасааттары дайыма эсимде. Ошондуктан, Муктаалы Амановдун Исхак Раззаков жөнүндө жазган эскерүүсүнө да
окурмандын көңүлүн бурууну ылайык көрдүм.
Ак жеринен караланган.
(Аманов Муктаалынын эскерүүлөрүнөн - 1995 - жылы
жазылган.)
Аманов Муктаалы 1916-жылы туулган. Кыргыз.
Талас райком комсомолунда бөлүм башчы, Фрунзе обком партиясында бөлүм башчы жана катчы, Кемин райком
партиясында биринчи катчы, Кыргызстан Компартиясынын БКсында бөлүм башчы, партиянын Жалал-Абад обкомунда бөлүм башчы, партиянын Жалал-Абад обкомунун
биринчи катчысы болуп иштеген. Андан соң 19 жыл катары
менен «Кыргызкерекжараксоюзун» башкарган.
Кыргыз ССР жогорку Советинин 8 жолку чакырылышына депутат болуп шайланган.
Мен, Аманов Муктаалы, быйыл жетимиш тогуз
жаштамын, өмүрүмдө башымдан жакшылыкты да, оор
күндөрдү да өткөрдүм: элим үчүн, Ата Мекеним үчүн ак
кызмат өтөп, жаман болгон жокмун.
Бир эле өкүнүч-эл арасынан отоо чөптөй чыга калган
бузуктардын кыянатчылыгынан азап көрүп, биринде камалып, экинчисинде аз жерден атылып кетпедим…көрбөгөн
кордукту көрдүм. Каршылаштарым менен салгылашып жатып кутулдум.
Андан кийин каршылаштарым мага дагы: «Кыргыз
элинин билерманы, Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы кадимки Абдыкадыр Орозбековдун экинчи орун басары болуп иштеген» деген сыяктуу жалаа жабышып, Жалал-Абад обком партиясынын биринчи секретары болуп
иштеп турган кызматымдан алып таштап гана тим болбостон, камашмак болушат.
Ошондо Москва шаарына Исхак Раззаковичке барып,
анын кеңеши менен СССР Министрлер Советинин төрагасы
Алексей Николаевич Косыгинге жолуктум. Ал сөзүмдү көңүл
коюп угуп, тийиштүү кишилер менен сүйлөшүп, камалбай
калдым…
Бирок мага атаандаштарым каршылыгын күчөтө берди. Ошондо кайрадан Москвага Исхак Раззаковичке барып,
дагы ошол кишинин акылмандыгы аркасында жалаадан
кутулуп чыктым.
Эми сөзүмдү И. Раззаковдун өзү жөнүндө улантайын.
Өткөн кылымдарда чыккан кыргыздын акылмандарын
калк жакшы билет. Ошондой болсо да улуу Манастан кийинки акылмандардан бири Исхак Раззакович деп ойлоймун. Кыргызда жогорку билимдүү, акылдуу кишилер көп.
Бирок Исхак Раззаковичтей билими, илими, маданияты,
адамгерчилиги, иш билгичтиги айкалышкан адам азырынча жоктой сезилет.
Бир жолу Исхак Раззакович (анда ал Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы) мен иштеген Жалал - Абад
областына келип калды. Мезгил жай айлары. Ал киши келген күндүн эртеси обкомго келип (мен обком партиянын
биринчи секретары болуп иштечүмүн) сүйлөшүп бүткөндөн
кийин, мага карап:
-Муктаалы, каршы болбосоң, үч-төрт күн райондордо
болуп, жеринен иш менен таанышып, ошондон кийин
сөзүбүздү улантсак кантет?-деди. Ошентип эки күн Сузак
жана Октябрь райондорунун чарбаларында жүрүп, «Победа» колхозунда (жаңылбасам, анда азыркы Сузак районунун күн чыгыш жагындагы колхоздор Октябрь районуна
карачу) болуп, эл менен жолугуп, өзбек колхоздоруна барганда өзбекче, кыргыз колхоздоруна барганда кыргызча,
орус колхоздоруна барганда орусча сүйлөдү, ал иштин
жүрүшүн сурап жүрүп, Ганчарук деген орус башкармасы бар
колхоздун кырманына барсак, анда иштегендердин бардыгы дээрлик аялдар экен.
Биз сөзүбүздү баштап келгенде эле аялдар кепке аралашып өздөрүнүн, өзгөчө көбүнүн күйөөлөрү, бойго жеткен
балдары согушка кетип, келбей калганын айтышып, ички
сырларын айтышып ыйлай башташты. Ошондо мен сөзгө
аралашып сүйлөй бермек болгонумда, Исхак Раззакович секин мага колун тийгизип: «токтой тур» дегендей белги
берди. Мен лып токтодум, аялдар биринин артынан бири
сүйлөп жатты. Көпкө сүйлөштү, ыйларын токтотушту.
И. Раззаков алардын оюн кунт коюп угуп, ошондон
улам акырында оюн кыска сүйлөп, сүйлөгөндө да орус элинин таттуу, туздуу лакаптарын кошуп, бирде жашытып,
бирде каткыртып, чогулган аялдардын шатыраткан кол
чабуусу менен аяктап, ушунчалык ыраазы болушуп, бири
калбай Исхак Раззаковичке ракмат айтышып, өз баласын.
өз бир тууганын жөнөткөндөй жөнөтүштү, коштошушту.
Жетекчинин нускалуу жыйынтыгына алар ыраазы болушту жана шыктануу менен иштей тургандыктарын билдиришти.
Менин таңкалганым, Исхак Раззакович кантип жана
кандай шартта орус элинин психологиясын, үрп-адатын,
өзгөчөлүгүн өздөштүргөн? Исхак Раззакович жогорку
деңгээлдеги билимдүү инсан болуу менен катар, жеткен боорукер, киши үчүн жанын аябаган адам эле.
Дагы бир жеке турмушума байланыштуу бир окуя
эсиме түшөт.
Исхак Раззакович (жогоруда эскертилгендей) ЖалалАбад областына келгенде бир нече күн тынбай райондордо,
чарбаларда болуп, аябай чарчагандыктан, Жалал-Абаддын
курортундагы чоңдорго (өкмөт кишилерине) арналган
бөлмөдө жатып эс алууга жайгаштырып, эртеси (дем алыш
күнү болгондуктан), саат 11лерде кезигишүүгө макулдаштык.
Эртеси эрте туруп кызмат ордума барып иштеп отурсам, үйдөн келинчегим Сайкал шашкалактап: «Тез кел, Исхак Раззаков үйдө отурат», -деди. Таңданып, эмне болуп
кетти деп, үйгө келсем, чын эле, И. Раззакович жадырапжайнап биздин үйдө отуруптур.
Ошол кезде келинчегим жаңы төрөгөн эле. Ошонуң
үчүн бир чоң букет гүлдү (болгондо да укмуштай гүлдү)
алып, төрөлгөн балабызды куттуктаганы келип калыптыр.
Мында ал улуу башын кичүү кылып, төрөлгөн наристеге
урмат көрсөтүп, биздин көңүлүбүздү көтөрүш үчүн келиптир.
Мен эшиктен киргенде:
- Я тебя обдурил, -деп каткырып күлсө болобу… Анан:
«Бешик бооңор бек болсун», -деп кучактап, куттуктады…
Бул өңдүү боорукерлик, адамгерчилик, жолдошчулук
Исхак Раззаковичте гана болсо керек деп ойлойм. Мындан
ал кишинин улуулугун, адамды сыйлай билгендигин
көрүүгө болот.
Кийин, бир нече жылдан соң, республикадагы бузук,
ушакчылардын күчөп турган убагында Исхак Раззаковичтин үстүнөн жалган жалаа арыздарды жазышып, ошондогу Советтер Союзунун Борбордук партия Комитетинен бригада келип, иштин ак-карасын ажыратпай, күчкө салып,
Исхак Раззаковичти Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи Секретарлыгынан
бошоткон Пленумда мен дагы сөз алып сүйлөп, сөзүмдүн
акырында минтип айттым:
- Исхак Раззакович, сиздин мындай абалга дуушар болушуңузга, биринчи иретте, өзүңүз ишенип жогорку кызматка көтөрүп жүргөн «азаматтарыңыз» себепкер болду, десем ордунан тура калып, мага карап:
- Туура айтасыз, -десе болобу…
Ушинтип, ак жеринен Кыргыздын чыгаан уулун каралаган кишилер өздөрү да оңолгон жок.
Кийин, Исхак Раззакович Москва шаарындагы СССР
пландоо комитетинен бошоп, ооруп үйүндө жатканда үйүнө
барып, учурашып кайттым.
Кантейин, жогоруда айттым го, «шагаем шире, чем
позволяют штаны» деп орустар айтмакчы, Исхак Раззаковичке ал өзү көтөргөн кишилер ушактаганын, жамандаганын көрүп күйбөгөн жерим күл болду… Турмушта ар кандай
болот экен… Бирок ачык шатырата жааган жаанга караганда бүркөлүп, созулуп, кишини эзип жааган дудук жаан
жаман болот… Исхак Раззакович дудук жаанда калды…
И. Раззаков Октябрь Социалисттик Революциясына
чейинки жана андан кийинки эл башкарган адамдардын
ичинен, менин түшүнүгүмдө, Кыргыз калкындагы эң акылдуусу жана урматтуусу эле. Ага кудай өңдү да, акылды да,
башкаруучу жөндөмдүүлүктү да берген эле. Ал чогулуштарда, чоң жыйындарда сүйлөгөндө өзүнүн кичинекей блакнотуна сүйлөй турган сөздөрүнүн кыскача мазмунун, тезисин
жазып алар эле да, кез- кезде аны карап коюп сүйлөй берер
эле. Угуучуларга, оюнун, айтайын деген максатына жараша сөзүнүн узак, кыскалыгы аныкталчу.
Бир нече жылдан кийин ал кишиге жолугуш үчүн
Москвага барып калдым. Анын үйүндө көпкө сүйлөшүп
отурдук. Кыргызстандагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү
кызыгуу менен сурады. Мындан анын өз элине, жерине
болгон терең урмат сезимин байкоого болор эле.
И. Раззаков каза болгондо жакшылап көңүл айтып,
некролог бере албай калдык.
Мен билгенден Исхак Раззаковичти кызматтан алдыртыш үчүн аракет жасагандар (ак жерден каралагандар)
акыр жагында өздөрү өлгүдөй мыш болушту. Ал эми Исхак.
Раззакович кызматынан түшкөндө, өз аракетин кадимкидей
улантты, бирок ак жерден күйгөн күйүт өз таасирин тийгизбей койгон жок, анын саламаттыгы начарлагандан начарлай берди. Акырында кыйналып жүрүп жарык дүйнө
менен кош айтышты.
Армандуу иш, эми Кыргызымдан Исхак Раззакович
чыгабы, жокпу?. . .
Менимче, оңой менен чыга койбойт, анткени, анын
туягынан чокусуна чейин акыл эле, кичи пейил эле, терең
билимдүү, ишмер, айкөл киши эле, андай киши чыкса да,
Раззаковдун дал өзүндөй боло албайт ко…
Андай киши кайталанабы же жокпу билбейм.
Бул киши элибиздин тагдырына жаралган кеменгер
уютку эле деп эскерет Муктаалы Аманов.
Ушул саптарды жазып жатып, кыргыз элине белгилүү
коомдук ишмер Казы Дикамбаев атабыздын 1991-жылдын
23-февралында «Советская Киргизия» гезитине жарыяланган: «Биз 20-сьездге ишенгенбиз…» же эмне үчүн Искак
Раззаков кызматынан алынды» деген макаласы эсиме
түштү. Баштаганда эле Казы атабыз: «-Бул окуя 1961 жылдын май айында, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 6-пленумунда болду. Пленум Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи
катчысы И. Р. Раззаковду: «Эл чарбасын башкарууда (жетектөөдө» жана кадрлар менен иштешүүдө кетирген олуттуу кемчиликтери, жаңылыштыктары үчүн», ал эми өкмөт
башчысы К. Д. Дикамбаевди: «Совет Министрлигине канаттандырарлык жетекчилик кыла албагандыгы, мамлекеттик тартипти бузгандыгы жана жердешчилдиги (местничество)» үчүн кызматынан бошотту» деп жазат.
К. Дикамбаевдин жазганы боюнча алганда: «биринчиден, бул: «Республиканын мектептеринде окугандарга бекер таңкы ысык тамактарды уюштуруу жөнүндө КП
БКнын жана өкмөттүн биргелешкен токтому. Ага ылайык
1957-жылдын 1-октябрынан 1-4-класстарга, 1958-жылдын
1-январынан 1-7 класстын окуучуларына таңкы бекер ысык
тамак уюштуруу каралган; -экинчиден, өкмөт 1958-жылы:
«Балдар арасында ооруну азайтуу чаралары жөнүндө» токтом кабыл алынган.
1958 - жылдын август айында КП БКнын:
«Республиканын жогорку жана атайын орто окуу жайларында кыргыз жаштарынан кесип ээлерин даярдоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому буга кошумча болгон».
Акыр аягында КП БКнын жана өкмөтүнүн, союздагы
«бөрк» аларлардын бүйүрүн кызыткан дагы бир токтому
жөнүндө айтпай коюуга болбойт дейт Казы ата.
1958-жылы: «Орус мектептерине кыргыз тилин окутууну киргизүү жөнүндө» токтом жарык көрдү. Менин эсимде,
Улуу Ата Мекендик согушка чейин кыргыз тилин окутуу
бардык орус мектептерине киргизилген. Ал тургай кыргыз
тилин БКнын, Жогорку Кеңештин Президиумунун, өкмөттүн
(совнаркомдун) кызматкерлери окушкан. Ал үчүн жумасына эки сааттан убакыт бөлүнчү. КП БКда башында биринчи
катчы Алексей Владимирович Вагов турган топ түзүлгөн.
Саналган токтомдор малекеттин, анда жашагандардын эч
кимисин кемсинтип, кедергиси тийген эмес. Бирок биздин
мындай аракеттерге КПСС БКнын кызматкерлери Ф. Р Козлов, М. А. Суслов, В. Н. Титов, Т. И. Осетров жана1961-1965жылдардагы КП БКнын экинчи катчысы М. А. Гаврилов
кыйыр көз карашта болушкан.
Бир мисал. Саясий бюронун мүчөсү, ошондогу бийликтин экинчи адамы болгон КПСС БКнын катчысы Фрол Романович Козлов И. Раззаков экөөбүздү алып, ачуусу кайнап,
буркан-шаркан түшүп аябай катуу кыйкырды. «Силер эмне,
союздук өкмөткө караганда мыкты, жакшы көрүнгүңөр келеби?! Коммунизмге баарынан мурда жетүүнү чечтиңерби?!
Эл алдында жеңил кадыр-барк (авторитет) күтүүнү эңседиңерби?! А биз болсо такыр андай ойлогон эмеспиз. Ф. Р.
Козлов ачык эле колун кезеп: «Биз силерге, силердин балдарыңарга, балдарыңардын балдарына чейин эсинен
чыккыс кылып бул ээн баштыгыңарды чекеңерге тамгадай
кылып басабыз!» деп айтканы да эсте. Анын ою боюнча
Союздук мыйзамды эч ким бузбаш керек эле. Биздин
көтөргөн демилгебиз, алдыбызга койгон маселелерибиз
мезгилде түзүлгөн шартта одоно көрүнүп, иш жүзүнө ашпай
калган. КПСС БКнын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси В. Н.
Титов биз менен сүйлөшүп жатып: «Эмне үчүн ошондой
чечимди, ачык айтканда, кыргыз тилин орус мектептеринде окутууну кабыл алдыңар-бул улутчулдуктун барып турган чеги эмей эмне?!»-деген эле.
Ошентип, элдердин достугу жөнүндөгү түшүнүгүбүз
башкача кабыл алынып, «улутчул» болуп чыга келгенбиз.
ХХ сөездеги ар бир союздук, ар бир автономиялуу республикалар эркин болуп өз укуктарына ээ деген улуу сөздөр
куру гана сөз болуп, декларация боюнча калып калган.
1959 - жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
бюджети ашыгы менен аткарылып, жакшы жыйынтык
болгон. Ошого жараша СССР Министрлер Совети атайын
чечим кабыл алган. Анда мындай деп айтылган: «Чыгашадан кирешени көп тапса, Республиканын Министрлер Советинин эрки менен өз алдынча чыгымдоого болот».
Ошол жылы Республиканын бюджетинде 16 миллион
сом кошумча киреше алынган. Ушундан улам Кыргыз
ССРинин жетекчилери, ашыкча кирешенин эсебинен жетим-жесирге, каралаша турган алсыздарга, колунда жокторго, майыптарга бекер тамак берүү жөнүндө И. Р. Раззаков менен кеңешип, Министрлер Совети атайын чечим чыгарган. Мектепте окуган окуучу балдарга бир маал тамак
бекер берүү каралган.
Бул чечимге СССРдин Финансы министири Зверев деген каршы чыккан. СССР Министрлер Советине ал адам
төмөнкүдөй билдирүү киргизет
«Башка республикалардан мурун Кыргызстан балдарына бекер тамак бере баштады, башка жакка акча жетпей
жатса, бул эмне деген жорук?».
Натыйжада бул маселе Министрлер Советинин президиумунда каралат. Ушуга байланыштуу борбордогулар
(Москвадагылар) И. Раззаковго асылып, өчөшө башташат,
кезексиз негизсиз, себепсиз пленум өткөрүлүп, жаман пикирлер айтыла баштайт. Исхак Раззакович ушундай
акыйкатсыздыка кабылат.
Бирок анын республика үчүн жасаган зор ак эмгеги
айтып бүткүс. Курулуш боюнча ал кишинин кажыбас кайраты, өжөрлүү аракетинин негизинде, борбор шаардагы,
областтардын борборлорундагы мектептерди, коммуналдык үйлөрдү салууда анын эмгегин санап бүтүүгө болбойт.
Курулуш көбөйгөн сайын айрыкча жыгачка болгон керектөөлөрдүн өсүшү белгилүү эмеспи. Республикада карагай
жетишсиз экендиги маалым. Ошондуктан жыгач маселесин чечүүдө И. Р. Раззаков өзү баш оту менен киришип,
Москвага барган сайын Союздук токой-чарба министири М.
Орловго, Совет Министринин төрагасы А. Косыгинге кирип,
бул маселени үзүрлүү чечкен.
И. Р. Раззаков акыйкатсыз кызматтан бошотулган.
Кызматынан бошогондон кийин аны башка өлкөгө элчи
кылып жиберүү сунушталган. Бирок саламаттыгына байланыштуу жибериле турган өлкөгө ал киши врачтардын берген тыянагынын негизинде барбай калган. Андан кийин
КПСС БКнын Саясий бюросунун чечими менен СССРдин
Мамлекеттик пландоо комитетинин (Госплан) бөлүмүнүн
башчысы болуп дайындалат. Ошол мезгилде КПСС БКнын
аппаратында жооптуу кызматта иштеген Л. Гусев деген
адамдын ачык эле айтканына көңүл буралы: - «Кыргызстандыктар силер И. Р. Раззаковду негизсиз, адилетсиз
кызматтан бошотуп, өтө чоң ката кетирдиңер. Мындай
адамды Кыргызстандан бошотуп, Москвага жөнөтүүнү н
зарылдыгы канча эле?... Биз Госпланда И.Р.Раззаковичтин
көтөргөн маселелери менен чыгарган чечимдерине таң
калабыз, анын тилинин тактыгы, курчтугу суктандырат.
Биз ал кишиге үйрөтмөк тургай,, андан үйрөнүүгө
мажбурбуз. Өз ишин жакшы билген, акылы тунук, адамга
мамилеси жакын адам турбайбы» - деген экен.
Казы Дикамбаев атабыздын бул эскерүүлөрүн И.
Раззаков менен 35 жылдай мөөнөттө тааныш болуп,
жетекчилик кызматта анын ишенген шагирттеринин бири
экендигин белгилеп, ошол мезгилдеги Исхак атабыздын
жогор жактын опсуз кысымына моюн бербей, элинин,
жеринин кызыкчылыгы үчүн башын канжыгага байлап
коюп эрдик менен иштегенинин далили катары эсептөөгө
болот. И. Раззаковго окшогон аталарыбыздын орду бүгүн
томсоруп, тоңуп тургансыйт. Аларды алмаштыра тургандай
эр азаматтарыбыз калбай калгансыйт.
Ал кишиден кийинки жетекчибиз Т. Усубалиев 25
жылга жакын иштедим деп мактанганы менен былык
иштери үчүн партиянын катарынан куулбадыбы. Албетте,
анын деле эмгеги болсо, эл билер. Мен муну өч алуу үчүн
эмес, чындык үчүн айтып жатамын» - деп эскерет Казы
атабыз.
Ал эми И. Раззаковдун мен кыргыз үчүн ичкен ашын
жерге койгон, эл үчүн жанын сүрөп иштеген улуу
жетекчилерден деп эсептеймин. Анын Республикабыздан
Москвага
кетип
калышы
ошол
учурдагы
жетекчилерибиздин
ичи
тардыгынан,
аны
көрө
албастыгынан болду деп ойлоймун.
И.
Раззаков
дүйнөдөн
өткөндөн
кийин
анын
ишмердиги, кайратман эмгеги жөнүндө республикалык
басма сөздөр жазып чыгарууга катуу тыюу салынган.
Жаңы нуктагы жагдайдан кийин гана ал киши
жөнүндө кенен-чоң сүйлөөгө, жазууга жол ачылды. Анын
киндик каны тамган жери Лейлек ройонундагы Кулунду
колхозуна ысмы берилди, ошол жердеги орто мектеп да И.
Раззаковдун ысмы менен аталып, райондун борбору
Исфанада, колхоздо И. Раззаковдун музейлери уюшулган.
Ал эми баш калаабыз Бишккекте И. Раззаковдун жашаган
үйү жайланышкан биринчи май көчөсү эми Раззаковдун
ысмын алып жүрөт. Ошондой эле Республикабыздын борборундагы Политехникалык университетине Исхак Раззаковдун ысмы берилген.
1970-жылы И. Раззаков 60 жашка чыгып, өз мекени
Кыргызстанга жөнөйт. Роза Александровна күйөөсүнүн
жолун тосуп: «Эми сени Кыргызстанда күтүп жаткан деле
адам жок, барбай эле койбойсуңбу», -дейт. И. Раззаков өз
жолунан кайтпастан Кыргызстанга келет.
Чындыгында аны Кыргыз эли күтүп жаткан. Түндүк
менен түштүктү бүт кыдырып, элдин кутмандуу коногу
болгон. Ал кишини үйгө чакыруу үчүн Фрунзеде бирге
иштешкен замандаштары кезектешип күтүп жатышты.
Москвага барышканда уулу Эркин апасына: - Апа! Сен
айткандай болгон жок. Атамды эли аябай сыйлайт экен.
Мен аны көрүп төбөм көккө жетип сүйүндүм. Атам биздин
түбөлүктүү сыймыгыбыз. Биздин да элибиз, улуу журтубуз
бар, - деген.
Менин Чоң-Алай кооперациясынын башкармасынын
төрагасы болуп иштеп турган учурум, 1970-жылдын
күзүндө иним Көчкнбай мага кат жазып, жакында армиянын катарынан кызмат өтөө мөөнөтү аяктарын билдирип,
Айыл-чарба Институтунун инженер-зоотехник адистигине
сырттан окууга документтерин тапшырып коюуну суранган эле. Инимдин документтерин алып Фрунзеге келген
максатым да ушул болчу. «Ала-Тоо» мейманканасына жайланышып, инимдин документтерин тапшырып, эртеси
кайра кетем деп турсам, Ош обл потребсоюзунун председатели Тажибай Молдалиев Оштон учуп келип мейманканадан мага жолугуп кетти. Ал киши мейманканага жайгашкандан соң, эми бир жерге конокко чогуу барабыз, «акчаң барбы?»-деп сурады. Мен «ооба» деп жооп бердим.
- Анда эмесе жүр, ресторанга кирели да, бир аз тамактанып алалы-деди. Ресторанга кирип, бир сааттай олтуруп
тамактандык. Анан бизди тейлеген официанткага эки
бөтөлкө жакшы коньяк, эки бөтөлкө шампанский, эң жакшы
подарочный шоколаддан бир коробка алып келүүсүн суранды. Мен официантка менен эсептешип, коробканы көтөрүп
ресторандан чыкканыбызда.
- Тажибай Молдалиевич, машина чакырайынбы - десем,
- Жок, жакын эле жерге барабыз, жүрө бер деп, мейманкандан төмөн көздөй баса бердик.
«Ала-Тоо» мейманканасынын төмөн жагында эки-үч
жүз метр аралыкта төрт кабаттуу үйдүн кире беришине
келдик. Төртүнчү кабатына көтөрүлүп эшиктин коңгуроосун
бастык эле үйдүн эшигин узун бойлуу салабаттуу адам, келгиле - келгиле, - деп, үйгө кирүүнү суранды. Бул адам
САЛМООРБЕК ТАБЫШАЛИЕВ экен.
Мен бул киши Кыргыз Мамлекеттик Университетинде
ректор болуп иштеп жатканын, Тажибай Молдалиев менен
Оштон чогуу учуп келишкенин, Табышалиев университеттин, түштүктө пахта теримде иштеп жүргөн студенттердин
ал-абалынан кабар алып келе жатканын, үйүндө маектешип олтурганда билдим.
Бул жолугушуунун менин эсимде калганынын бирденбир себеби мындайча эле: -С. Табышалиев өзүнүн сөзүндө И.
Раззаков жөнүндө кең-кесири кызык аңгеме куруп бергени
болду. Ал өз сөзүндө И. Раззаков эс алууга Москвадан келге280
нин, эртең Ысык -Көлгө И. Раззаковго барып жолугарын
айтты.
И. Раззаков Кыргызстандын компартиясынын биринчи катчысы болуп иштеп турган мезгилде, Республикада
өзбек тилинде «Кызыл Кыргызстан» аттуу газета чыгып
турган. Бул газетанын редактору, мен биринчи катчысы
болуп иштеген Биринчи май райкомунун учетунда турган
эле. Газетанын редакторун иштеги кетирилген катачылыктары үчүн мен, -дейт С. Табышалиев-райкомдун бюросунда, -аны кызматтан бошотуп, партиянын катарынан
чыгарган токтом кабыл алган элем, -деп, китеп текчесинен
КПССтин пленумдарынын, токтомдорунун резолюциясы
деген чоң китепти алып, андагы өзүнүн бул редактор
жөнүндө чыгарган токтомун КПСС БКнын бюросунда каралып, анда өзүнүн Кыргызстан компартиясынын биринчи
май райкомунун бюросунун токтомун бекиткен чечимин
бизге көрсөттү да сөзүн улантты.
Газетанын редактору өзбек улутунан эле, бирок ал
киши И. Раззаковдун жакшы көргөн адамы болгон. Биринчи май райкомунун бюросунда бул редактор жөнүндөгү
токтомун Кыргызстан КП БКга бербестен, түз эле Москвага
КПСС БКга жөнөтүп жибергени И. Раззаковдун бир кыйла
ачуусун келтирген көрүнөт.
Көп убакыт өткөндөн кийин Биринчи май районун Октябрь районуна кошуп, Биринчи май районун кыскартып
салышат. Мен райкомдун биринчи катчысы кызматынан
райондун башка районго кошулганына байланыштуу кызматтан бошоп калдым. Ушул мезгилден тартып кызматы
жок бир топ убакыт жүрүүгө туура келди.
И. Раззаковдун кабыл алуусун суранып, бир нече жолу
кайрылдым. Бирок, натыйжа чыкпады. Башка республикага кетип иштөө үчүн партиялык учеттон чыгайын деп кайрылдым эле, буга да оң жооп ала албай сарсанаа болуп
жүрдүм. Акыры чыдамым кетип, бир күнү эрте менен И.
Раззаков жумушка келер мезгилден бир саат эртелеп келип, жолдон ага болгон ызамды айтып, өч алайын деп барган элем. Бирок, ал кишиге катуу сөз айтуудан айбыгып
кеттим да, мени кабыл алуусун айтып кала бердим. Эки
күндөн кийин И. Раззаков мени өзүнүн кабинетине чакыртыптыр. Мени жылуу кабыл алды. Бир топ аңгемелешип,
мени түздөн-түз Москвага жөнөткөн Биринчи май райкому281
нун бюросунун токтому жөнүндө айтар бекен деп бушайман
болуп отурдум, бирок ал киши ал жөнүндө эч нерсе айтпады.
Аңгемелешүүнүн жыйытыгында, мени Республикабыздагы эң чоң жогорку окуу жайы болгон Кыргыз Мамлекеттик университетине (КГУ) ректор болуп иштөөгө жиберерин
айтты. Мен ал киши кабыл алар мезгилинде «ызамды бир
чыгарып, катуу сөз айтам»-деген оюм заматта жоголуп, И.
Раззаковичке чоң ыраазычылык менен рахматымды айттым. Ошентип, СССР боюнча жогорку окуу жайларынын
(университеттердин) ичинен эң эле жаш (32 жаш курагымда) ректор болуп дайындалдым. И. Раззаков эли-жерин
сүйгөн, чыныгы патриот, бийик маданияттуу, алысты көрө
билген, терең акылдуу адам. Ал киши бирөөгө кекенип, жаман ой ойлоп, бирөөгө кек сактаганын байкаган жокмун.
Мен эртеге ал кишиге барып, сөзсүз жолугушуп, Москвага
кайра жөнөп кеткиче бирге болушум керек»-деди.
И. Раззаковдун Кыргызстан Компартиясынын БКнын
биринчи катчысы кызматынан кандайча алынгандыгы
тууралуу да С. Табышалиев «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт»деген эмеспи, анын эл ичиндеги бийик аброю, курч акылы
жогорку бийликтерге көп жага бербей калды окшойт.
И. Раззаковичке байланыштуу мындай бир эпизодду
эл ичинде кейиштүү аңыз катары айтып жүргөнүн С. Табышалиев баяндап кирди: «Ишин тапшырып, кабинетин
өткөрүп берип, Москвага бир арзыбаган кызматка аргасыз
кете турган болгондо, ал машинасына олтуруп, башка эч
кимди албай, жалгыз гана шоферу менен шаардан четке
чыгат. Байтиктин тоосуна келип, тоонун этек жагына шоферду машинасы менен калтырып, өзү өйдөлөп басып кетип
бир топко чейин көрүнбөй калат. Шоферу акырын артынан
барса И. Раззаков жүзтөмөн түшүп, жерди кучактап төшүнө
кысып, жаш балача солуктап ыйлаганын көрөт.
«Кагылайын тууган жер, бармактайымдан жетим калып, башка эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры энемди тапкандай, өзүңдү таап келдим эле. Колумдан келишинче сенден
аянаарга менде жан жок эле, бары ойдогудай болбой калса
кечир мени, мен сени кайра көрөмбү? Көрсөм качан
көрөм?»-деп айтыптыр кайран киши -деди Салмоорбек Табышалиевич.
И. Раззаков өтө сейрек учуроочу, эл үчүн башын сайып
коюп иштеген, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, ысмы
түбөлүккө сакталуучу кыргыздын эң көрүнүктүү уулу.
1958-жылы Москва шаарында кыргыз адабияты менен
маданиятынын декадасы болуп өткөн. Ага И. Р. Раззаков
баш болгон Республиканын тиешелүү жетекчилери катышышкан. Москванын борбордук ипподромуна 15 боз үй
тигилип, кыргыздын улуттук оюндары: -Ат чабыш, куш салуу, кыз куумай ж. б көргөзүлүп, бир боз үйгө улуттук тамак-аш даярдалып, ага Н. С. Хрущев, Раззаков, Мухитдинов, Дикамбаев жана башка чет элден келген конокторго
сый-урмат көргөзүлгөн.
Боз үйгө СССР дин маданият министри Фурцева кирип,
боз үйдөгү кыргызча кийинген кыздын сөлөкөтүн карап
таңданат. И. Р. Раззаков аны байкап, акырын барып ал
сөлөкөт кыздын моюнундагы шуру-мончокторунан чыгарып Фурцеванын моюнуна: «Кыргызстандан эстелик » деп
тагып койгон экен.
Ошентип, Москвадагы Кыргызстандын декадасы өтө
уюшкандыкта, жогорку маданий деңгээлде өткөн. Көп артисттерге жогорку наамдар ыйгарылып, бир тобу сыйлыкка арзыган.
И. Р. Раззаковдой элин сүйгөн, ал кишидей акылмандуулук менен иш алып барган, элине талбай эмгек кылган,
жаман нерсени жакшы мамилеси менен жойгон адамдардан болуп, ошондон таасирленип өссө, жаштарыбыз жаман
адам болбойт демекчимин. И. Р. Раззаковдун кийинки тагдыры жөнүдө бир эки ооз сөз: Бул жакта олтуруп алып тоголок арыздарды уюштуруп, жандалбастап жатышып кызматтан алып тынышты. Бул кызылдай чындык экенин тарых тастыктап турат.
Исхак Раззаковдун басып өткөн жолун, кыргыз элине
сиңирген эмгегин канчалык көкөлөтүп кеңири жана терең
айтууга болот. Ошону менен бирге келечектеги жаш муундарга, бүтүндөй эле Кыргызстандыктардын бир туугандай
ынтымакта, биримдикте жашоолоруна үлгү болуп, өз таасирин, аздыр көптүр салымын кошот деп ойлойм. Ылайым
ошондой эле болсун.
Исхак Раззаковдун өмүрүнүн акыркы жылдары ден соолугун ондоо менен алек болгондугу маалым. 1979283
жылдын март айында Исхак Раззаков күтүлбөгөн жерден
каза болгон.
«Мансап сүйгөн адамдан акыйкатты күтпө. »
(Олстон Вашингтон - америкалык сүрөтчү.)
Турдакун Усубалиев
Исхак Раззаковдон кийин бийликке ким келди?
Усубалиев Турдакун (1919-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Теңдик айылы)-мамлекеттик, саясий
ишмер, Кыргыз Эл Баатыры, тарых илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун (1941ж.), КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти
(1945-ж.), В. И. Ленин атындагы Москва мамлекеттик пединститутун (1965-ж.) бүтүргөн.
1941-жылы Кочкор айылындагы орто мектепте окуу
бөлүмүнүн башчысы, 1941-1945 -жылдары Кыргызстан КП
Кочкор райкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүнүн
инструктору, 1945-1955-жылдары КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта, 1955-1956-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору, 1956-1958 жылдары Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн
башчысы, 1958-1961-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе
шааркомунун биринчи катчысы, 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы, СССР Жогорку Советинин 5 жолку(1962-1984), Кыргыз ССР Жогорку Советинин
6 жолку (1959-1985), Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин (1990-ж) депутаты болгон.
1961-жылы Фрунзе шааркомун башкарып турган Турдакун Усубалиев бийликке минди.
Азыр бул аксакал 90го чыгып «Эл Баатыры» деген наамга жетип отурган кези.
Ооба, Турдакун Усубалиевич кыргызды 25 жылга тете,
чейрек кылым башкарып 1985-жылга чейин иштеди. Кубадагы Фидель Кастродой эле мөөнөттө иштеди. Кызматтан
кеткенде канча чаң чыгарды. Москвага эски достору Горбачев, Громыколорго барса, кабыл албай коюшкан. Бул киши
ким өзү? Эли үчүн көзгө көрүнөрлүк, тарыхта кала турган
кандай эмгек жасады? Албетте, бул адамдын дагы өзүнө
тиешелүү орду, эмгеги бар. Айтор Турдакун Усубалиевтин
учурунда көп жаңылыктар, экономикабызда алгылыктуу
өсүштөр болуп, бир топ курулуштар бүткөрүлгөн. Алардын
ичинен эң эле көрүнүктүүсү, азыркы өлкөнүн президенти
отурган Ак үйдүн имараты болуп саналат. Чындыгында муну танууга болбойт.
Бирок, ошого биздин биринчи канчалык деңгээлде салым кошту?
Элдин да, өзү менен үзөңгүлөштөрдүн айтымында Т. У.
Усубалиев Москванын эле тапшырмасын мектептин дилгир
окуучусундай болуп аткарып турган. Москвада деле кадырбаркы өтө төмөн болгон.
Айрым
арабөк
журналисттер
менен
айтышып
«Даздравствует великий русский народ», «Наш старший
брат», жана «Уважаемый Леонид Ильич» - деп бир докладында жүз жолу кайталагандыгы белгилүү болгон.
Ошол мезгилде Кыргызстан эт өндүрүү боюнча Союзда
алдыңкы орунду ээлеп, Москва, Ленинград ж. б. шаарларды
Кыргызстанда өндүрүлгөн эт менен үзгүлтүксүз камсыз кылып турган.
Республикада мал чарба продукцияларын (эт, жүн,
сүт) өндүрүүдө жыл сайын жогору жактан негизсиз жогорулатылган план милдеттемелер бекитилип берилген. Чарбалардагы малдын башына жетиштүү тоют камдоо бир топ
татаал жана курч проблемага айланган. Айрыкча кой чарбалуу колхоз-совхоздордо жайыт жетишсиз болуп турган.
Мен экономист катары, Алай районундагы чарба
жүргүзүүдөгү ашыкча ысырапкерчиликке б. а. совхоздордо
пайда алуу үчүн эмес, такай зыяндын үстүндө болсо да,
мамлекеттик планды аткаруу саясаты менин жеке пикиримде негизсиз экендигин баамдап эле жүрдүм. Райондо
малдын башын эбегейсиз көбөйтүп, тоюттун жетишсиздигинен андан жарытылуу продукция алынбай, жыл сайын
зыяндын үстүнө зыян (убытка) кошулуп келе берчү. Бул
жерде «өлсөң да, тирилсең да» планды аткарсаң болду деген
принцип орун алган эле.
Алай районунун чарбалары алыскы Оренбургдан, Омскиден саман даярдап, темир жолдо вагон менен эсепсиз
жол кире төлөп тартып келишер эле.
Натыйжада бул самандын жалпы көлөмү (тонна менен) тоют даярдоонун планын толтурса, анын тоют бирдиги, же малга сиңимдүүлүгү, кала берсе алтынга айланган
чыгымдар эсепке алынбай, өндүрүлгөн мал чарба продукцияларынын өзүнө турган наркы эң жогорку көрсөткүчтү
түзөр эле. Мына ушуга байланыштуу чарба жүргүзүүнүн
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 17
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.