Latin

Сезимде жүргөн элестер - 05

Total number of words is 3846
Total number of unique words is 2139
25.5 of words are in the 2000 most common words
36.9 of words are in the 5000 most common words
43.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Седеп - “Учуктун жообун али кечинде алып келсеңиз
болот” - деп мага көзүн кысып койду. Мен аны бүгүн
кечинде жолугушуунун амалы катары түшүндүм да, –
“Мейли кечинде “учуктун” жообун алып келем” деп
Седепке бурула карадым да, мен дагы көзүмдү кысып
койдум.
Бул “учук салды” деген каада-салт боюнча, килем
согуп жаткан кыз-келиндерге “ашар” алып келүү шарты
бар экен. Бул расмийге колумдан келишинче даярдык
көрүп, белек-бечкек даярдап, кечинде алардын үйүнө
алганча келдим.
Июлдун мемиреген жагымдуу кечи. Болжошкон
убакыт да жакындады. Айседеп баягы жеңеси менен көп
күттүрбөй чыга келишти.
“Мына учугуңардын жообу” - деп колумдагы даярдап
келген белекти баягы келиндин колуна карматтым.
Ал келин Седептин жеңеси – Камчыбек агасынын
жубайы Тажи экенин эми таамай билдим. –“Ай кыз! Мен
үйгө кирип, кыздар менен иштеп турайын, сиз анан
киресиз” - деп менден алган белекти колуна кармап үйдү
көздөй басты.
Ушул
күнкү
жолугушуу
Седеп
экөөбүздүн
өмүрүбүздөгү бурулуш күн болду десем жаңылбас элем.
Анткени бул күнү экөөбүз баш кошуп, турмуш курууга кол
алышкан күн болчу.
Ошентип, бул кечте Седеп өзүнүн сары-санаасын,
келечектеги үмүтүн толук билдирсе да, ал иш жүзүндө
кандай болорун, тумандагы мунарыктай, бакытты
элестете албай, тобокелге салганы, анын жүрөгүндөгү
махабат үмүтүн, эми мага болгон ишениминин турмушка
ашышына жараша экенин жашыра албады.
Седептин мен үчүн болгон тунук жана терең
сүйүүсүнө, мага болгон ишенимине, үмүтүнө, чын
пейилден, ыкласым менен мамиле жасагандыгым,
биздин максатыбызга шайкеш келерин, мен да ага чын
дилимден билдирдим.
Эми биздин баш кошуп, турмуш куруубузга эч
кандай тоскоолдук болбосун, эртеңден калтырбай менин
ата-энем
кудалашканы
келе
беришин,
Айседеп
толкундануу менен айтты. Ал күндүн эртеси, атабабалардан калган салт боюнча, кудалашууга атамдар
менен жана жакын туугандардан эки-үч киши болуп
“патаа тойго” Седептердин үйүнө барышты. Кайсы күнү
нике той болорун, канча калың берилишин, эки куда өзара макулдашып, бир бүтүмгө келишет.
Июль айынын акыркы күндөрү. Калыңга деп
убадалашкан койлорду (отуз баш), Шыман жайлоосуна
Рыскул менен Имамат айдап барып, Седептин атасына
тапшырышат. Арадан эки-үч күн өтпөй нике тоюн салтсанаасы боюнча өткөрүүнү белгилешет да, Шыман
жайлоосунда биздин үйлөнүү тоюбуз өткөрүлөт.
Пенде жасайын деген ар кандай ишин, жандуу
менен жансыздын баарын жараткан, керемет менен
касиеттүү кудайдын жолуна багыштап жасаганы абзел,
ошондой болгондугунун далили катары, тагдырдын
буйругу менен биз дагы турмуштук сапарыбызга жол
тарттык.
Ошол Шыман жайлоосунда биздин үйлөнүү тоюбузду
өткөрүшүп, нике байланып, турмуштук сапарыбыз үчүн
чын дилдеринен ыраазы болушкан ата-энелерибиздин ак
батасы биздин бактылуу үй-бүлө болуп, өсүпөркүндөшүбүзгө негиз болду.
Өмүрлүк жарым Айседеп менен
Бул жарык дүйнөдө, ар бир инсандын жашоосу, анын
өмүр жолу өзүнчө эстафета турбайбы. Биз дагы мына
азыр кудай берген төрт уулубуз, эки кызыбыздан небере
эркелетип, карылыктын даамдуу күндөрүн өткөрүп
жатабыз. Андыктан жашоонун эстафетасын акын Жалил
Сыдыковдун төрт сап ыры менен туюнткум келет:
Жашыңда эч ким өппөй бөтөн, бөлөк,
Жакының – атаң өбөт, энең өбөт.
Эс тартсаң өбүшүүнү сен да үйрөнүп,
Өбөсүң кыз төшүнө башың жөлөп.
Жыл агат. Сен өткөрүп кезегиңди,
Эңсейсиң... сагынасың кечээгиңди.
Өбөсүң кайра айланып өз балаңды,
Жармашып кармап турса этегиңди.
Чоңоет ошол балаң, кызга жетет,
Сен өпкөн бүт сүйүүсү кызга кетет.
Ошентип байкатпастан андан буга,
Махабат дөңгөлөгүн тегеретет.
Көнмөй бар тагдыр башка салганына,
Сен анда арданбагын карыганыңа.
Анткени... махабатың эстафета,
Узачуу балдарыңдан балдарыңа.
Турмуш жолуна түшкөндө
Фрунзеге
келген
жолдошторубуз
менен
Кыргызпотребсоюзунун кадрлар бөлүмүнүн башчысынын
кабыл алуусунда болдук. Ал жерден ар кимибиздин
институтта алган кесибибизге жараша кызматтарды
сунуштап
жатты.
Мен
Ош
облпотребсоюзунун
карамагына барууну туура көрдүм. Ал жерден Чоң-Алай
жумушчулар
кооперациясына
жиберсеңиздер
деп
сурандым. Себеби үй-бүлөм бар, алар Чоң-Алайда
турушат, - деп айттым эле, Ош облпотребсоюзунун
башкармасынын председатели Т.Апасов деген адам: –
“Мейли, абдан жакшы, ал жерде атайын жогорку
билимдүү бир дагы кадр жок, өзү да ошол туулуп өскөн
жерине барып, кызмат көрсөтүүнү туура чечиптир” деп
кадрлар бөлүмүнүн башчысы О.Сулайманов менен соода
боюнча орунбасары Эгинбаевди чакырып, мени Чоң-Алай
рабкоопуна соода боюнча председателдин орунбасары
деген кызматка дайындоого буйрук берүүнү тапшырды.
Облпотребсоюздун кадрлар бөлүмүнүн башчысы
О.Сулайманов өзүнүн кабинетине баштап кирип, өздүк
баракча (личный листок по учету кадров) толтуруп
келүүмдү сунуштады.
Өздүк
баракчамды
толтуруп,
ага
сүрөтүмдү
бастырып, кадрлар бөлүмүндө иштеген Лариса деген
аялга
өткөрдүм.
Ошол
күндүн
эртеси
Ош
облпотребсоюздун башкы бухгалтери Коак Николай
деген адам мени менен Чоң-Алайга чогуу барып,
пайщиктердин
чогулушунда,
мени
соода
боюнча
башкарманын орун басары, б.а. завторг деген кызматка
бекитип келүү боюнча башкарманын тапшырмасын
алган экен.
Ошого байланыштуу Ош межрайбазасынан (Ош
райондор аралык соода боюнча база- МРБ) ГАЗ-52
маркасындагы эки жүк ташуучу машинага ар түрдүү өнөржай,
азык-түлүк
товарларын
жүктөтүп,
Чоң-Алай
рабкоопуна
жөнөдүк.
Биз
Н.Коак
менен
ошол
машиналардын кабиналарына отуруп, Оштон чыккан
күнүбүз Сопу-Коргон айылына кечкурун келдик. Ал жерде
Коак Сопу-Коргон рабкоопунун бухгалтериясынын иши
менен бир-эки саатча таанышты. Күн кеч болуп
калгандыктан
биз
Сопу-Коргон
рабкоопунун
башкармасынын (Аскар Кадыров) үйүндө түнөп калдык.
Эртеси эртең менен Чоң-Алайды көздөй жөнөп кеттик.
Бул күнү Сары-Могол айылына келгенибизде, андан
ары Дароот-Коргонго жол жабык экенин билдик. СарыМоголдон ары жагын ДЭУ-16 жолдун карын тазалабаган
экен.
Бул жерде Коак Николай рация менен Ош
облпотребсоюзу жана Алай райкому менен байланышты.
Чоң-Алай
жумушчулар
кооперациясынын
пайщиктеринин отчеттук чогулушу дайындалган күнгө
биздин
жетпей
тургандыгыбызды
билдирди.
Ошондуктан
пайщиктердин
чогулушунда
мени
рабкооптун правлениясына Завторг кызматына бекитип
кетүүсүн макулдашыптыр.
Ошентип,
биз
Коак
менен
Сары-Моголдон
кайырлашып, ал киши үчүнчү суткада Ошко кайтып
кетти. А мен болсо, Сары-Моголдон эртеси жүк жүктөлүп
келе жаткан атвомашиналарды трактордун коштоосу
менен Дароот-Коргонду көздөй жөнөй бердим. Бул күнү
түндөсү жолдун начардыгынан Кызыл-Дөң айылына араң
жеттик. Эртеси саат он чамасында жол тартып, түнкү
саат эки-үч чамасында Дароот-Коргонго кирип келдик.
Мына ошентип, (центральный ВУЗдун) борбордук
жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүсү катарында алгачкы
эмгек жолумду, өзүмдүн туулуп өскөн, мен үчүн ыйык
жана касиеттүү болгон Чоң-Алайдан баштадым.
Дароот-Коргонго келген күндүн эртеси, биринчи
жумуш
күнүм
рабкооптун
(жумушчулар
кооперациясынын) кызматчылары менен таанышуу
менен башталды. Рабкооптун башчысы (председатели)
Дубанаев
Мамажунус
конторада
иштеген
кызматчыларды, негизинен, бухгалтерлер жана склад
башчылары, айрым дүкөндүн сатуучулары ж.б. менен бир
катар тааныштырып, мени институтту ийгиликтүү
аяктап келишимди жана Завторг болуп дайындалышым
менен куттукташты.
Рабкоопто башкы бухгалтер Усенов Исматилла экен.
Бул киши менен институтка кетерден мурун эле тааныш
элем. Негизинен, мен тааныбаган бир дагы чоочун адам
бул коллективде жок экен. Ошентип Завторгдун
милдетин аткара баштадым.
1964-жылдын апрель айынын экинчи жарымында
Оштон товар алууга биринчи жолу жөнөп кеттим. Ош
МРБдан
Чоң-Алай
рабкоопуна
бөлүнгөн
өнөр-жай
товарларын жана рабкоопто жетишсиз азык-түлүктөрдү
бөлдүрүп,
бир
авто
машинага
жүктөтүп,
1-май
майрамынын алдында Оштон жөнөй турган болдук.
Экспедитор болуп Төрөбеков Эрмат деген адам иштеп
жүргөн. Ошол учурда облпотребсоюздун карамагында
автобаза түзүлө элек болчу. Облпотребсоюз Ильичевка
рабкоопундагы ГАЗ-61 маркасындагы автомашинаны
чакыртып,
Чоң-Алай
рабкоопуна
командировкага
жиберет. Ошол машина менен бөлүнгөн товарларды
жүктөп (апрель айынын 26-27-си болсо керек), Төрөбеков
экөөбүз эрте менен таң ата баштаган мезгилде Сары Таш
айылына келдик. Андан ары Сары-Могол айылына чейин
жолдо 50-60 см кар жатканын билдик. Сары-Таштан 3-4
км жол жүргөндөн кийин машинабыз карда жүрө албай
карга тыгылып, баткака батып калды. Ал кезде ДароотКоргонго жалгыз гана почта ташыган машина жүрүүчү.
Биз ошол машинанын Дароот-Коргондон келишин
чыдамсыздык менен күттүк. Саат 9 чамаларда ал машина
келип, бизге жакыныраак жерден токтобостон өтө качты.
Анткени ал шофер дагы бизге эч кандай жардам бере
алмак эмес. Ошол жерден аны бир аз токтотуп, ДЭУнун
трактору кайсыл жерде турат деп сураганга үлгүрүп
калдык. Анан Эрмат аке: – “сен тракторго барасыңбы?
Мен машинадагы товарды караганча отуруп турайын”
деди. Мен Талды-Сууну көздөй жөө жөнөп бара бердим.
Күн ысып жолдогу карлар ээрип, жолдун нугунда
суулар агып жатты. Менин бутумда булгарыдан (Хром
деп койчу) жасалган өтүгүм бар болчу, анын ичине суу
кирип, абдан кыйынчылык менен Талды-Сууга жетип
калганымда ДЭУнун ДТ тракторун айдаган Эркебаев
Тилебалды келе жатыптыр. Аны токтотуп, “Биз жүк алып
келе жаткан машина жолдо тыгылып жатат, ошону
тартып жолго чыгарып койсоңуз” деп өтүндүм да андан
ары Талды-Сууга барып, машинаны күтүп отурмак
болдум. Үч-төрт саат өткөндөн кийин гана машина келди.
Ал
мезгилде
Талды-Сууда
азыркыдай
эл
отурукташкан кыштак жок болчу, болгону жолго жакын
жерде бир чабандын үйү менен жалгыз мал короосу
жайгашкан. Ал жерде Чырмаш деген киши кароол экен.
Ал үй-бүлөсү менен бул жерде жашоочу.
“Талды-Сууну” райондун Ленин атындагы совхозу
өздөштүрүп,
тоют
даярдоочу
бөлүм
катарында
пайдаланып келген.
Машина тыгылган жерден бир-эки чакырым жөө
жүрүп келе жатып, Арча-Булак айылына (ал мезгилде бул
жерде айыл жок болчу) жакындап калганымда, мындан
бир топ жыл илгери ушул жолдо атамдын бир жолку
кыйынчылыкка кабылып, айтканы эсиме түштү: атам,
Чоң-Алай райЗОсунун башкы бухгалтери болуп иштеп
жүргөн мезгилинде райондун колхоздорунун жылдык,
бухгалтердик отчетун жыйынтыктап (годовой отчет), Ош
областык айыл чарба башкармасынын бухгалтериясына
тапшыруу үчүн ушул жол менен Ош шаарына келип,
кетип жүрчү экен. 1951-жылдын февраль айында өткөн
жылдын, б.а. 1950-жылдын бухгалтердик жылдык
отчетун Ошко управленияга тапшырып кайтканда,
Оштон чыгып Дароот-Коргонго 14-15 күндө жеткенин,
ушул жылы башка жылдарга салыштырмалуу бул
аймакка демейдегиден көп кар түшкөнүн айтып, АкБосогодон Сары-Ташка атчан келгенин, анын эртеси
Сары-Таштан жөө жөнөп, бир эки чакырым жүргөндөн
кийин кардын калыңдыгынан жөө басууга болбой,
бортоктоп (сойлоп) жүрө берет. Арча-Булакка жакындап
калганда күн батып караңгы түшө баштайт. Ал эми ошол
мезгилде Арча-Булакта жолго жакын бир мал сарайы
менен чабандын үйү гана болгон экен.
Кардын калыңдыгынан жүрүүгө болбогондуктан
сойлоп отуруп же жолду арбыта албай караңгы түнгө туш
келгендиктен, бир жагы чарчап калгандыктан, андан
ары жүрүүгө алы келбей калганына көзү жетип,
“Жардамга!” “Жардамга!” деп күчүнүн жетишинче
бакырып, бир туруп кайра жыгылып, эми акылын
пештеп, кандай амал табууну ойлоп, бир аз дем алып,
кайра-кайра “Жардамга!” “Жардамга!” деп кыйкыра
берүүдөн башка жол жок экенин баамдайт. Катуу
кыйкырыктан улам Арча-Булактагы чабандын итинин
үргөнү угулат.
Көзгө
сайса
көрүнбөгөн
карангылыктан
ошол
чабандын үйүнөн жылтыраган чырактын жарыгы
чыккандай сезилет. Бир оокумда атчан кишинин
карааны көрүнө баштайт. Ошондо – эгерде бул адам
болбогондо бул түнү суукка карышып, же болбосо
карышкырга жем болуп жок болуу коркунучу бар эле.
“Менин кыйкырыгымды угуп, атын минип, мага жетип
келген аралык мага кандай көп убакытты алгандай
сезилип жатканын, ал киши атамды атка учкаштырып
үйүн көздөй жөнөй бергенде гана бардык коркунуч да,
өлүм да эстен чыкты” - деп атам рахматы эскерип, –
“Силерди
балдарым
ушундай
кыйынчылыктарды
башымдан өткөрүп, ак эмгегим менен тарбиялап
өстүргөнмүн” - дегенин мен азыр ушул жолдо (атам
басып өткөн жолдо) атамдын бизге айткандарын
элестетип келе жаттым.
Талды-Сууга келип ошол кароолчу Чырмаш акенин
үйүндө эки-үч саат дем алып, машинаны күтүп жаттым.
Бул жерден саат беш-алты чамасында Сары-Моголду
көздөй жылдык. Бир саатча жүргөнүбүздө машина дагы
баткака тыгылып калды. “Эми кезек Эрмат аке сизге
келди, сиз Сары-Моголдон бир трактор жалдап келиңиз”
- деп тамашаладым. Ал киши жөө Сары-Моголго барып
түнкү саат он-он бир чамаларда трактор менен келди. Ал
жерден трактордун жардамы менен 300-400 метр жерге
машинаны сүйрөтүп кеттик. Сары-Моголдун суусунан
өтүп, Дароот-Коргонду көздөй жөнөй бердик. Бул жагында
жол кургак, эч кандай тоскоолдуксуз жүрүп, ДароотКоргонго түнкү саат экилерде жеттик.
Дароот-Коргон – Сары-Таш жолу 1968-жылга чейин
кышында, эрте жазда ушундай начар абалда калып,
жүргүнчүлөр үчүн бир топ эле машакат болчу. ЧоңАлайдын калкын бүтүндөй азык-түлүк, кийим-кече,
кыскасы адамдын жашоосуна керек болгон ийнеден
баштап,
курулуш
материалдарына
чейин
ташып
жеткирүү бизге Чоң-Алай рабкоопунун кызматчыларына
зор кыйынчылыктарды туудурчу.
1968-жылдын февраль айында Алай райондук
партия комитетинин биринчи катчысы болуп И. Умаров,
эл
депутаттарынын
райондук
советинин
аткаруу
комитетинин
төрагасы
болуп
Ж.Раимкуловдор
шайлангандан баштап Дароот-Коргон – Сары-Таш
жолуна көңүл бурулуп, 1969-жылдары жолдун негизги
бөлүктөрү курулуп калды.
Мен
Чоң-Алай
жумушчулар
кооперациясында
башкарманын төрагасы болуп иштеп турган мезгилде,
Дароот-Коргонго азык-түлүк сактоочу бир склад, өнөр
жай товарлары үчүн экинчи складды курдура алдым.
Буга чейин складдарга келип түшкөн товарларды
сактоого имараттар жетишсиз болгон. Ал эми айыл
кыштактардагы соода түйүндөрүнүн абалы абдан начар
эле. Айрыкча “досрочный завоз” (жол жабылып, кышкы
мезгилде алты айга эсептелип сатылууга бөлүнгөн азыктүлүк, өнөр жай товарларын мөөнөтүнөн мурда пландуу
түрдө ташуу) мезгилинде айрым адамдардын бош
имараттарына
унду
ж.б.
азык-түлүк
товарларын
түшүрүүгө туура келүүчү.
Ал
эми
дүкөндөрдүн
курулушуна
мамлекет
тарабынан
эч
кандай
акча
каражаттары
бөлүнбөгөндүктөн, соода түйүндөрүн жаңыдан куруу абдан
татаал маселе болуучу.
Ошондой учурда да, ар кандай ишти элдин
кызыкчылыгы үчүн жасоо, анын жоопкерчилигин түшүнө
билген жетекчилер колдой турганына ишенип, негизги
айылдардагы: Кашка-Суу, Кызыл-Эшме, Чак, Жаш-Тилек,
Жар-Башы, Жекенди, Карамык, Кара-Тейит, ДароотКоргондогу соода түйүндөрүн, б.а. магазиндердин
имараттарын
курдурууга
жетиштим
десем
аша
чапкандык болбос.
Ошол эле мезгилде сооданын маданиятын көтөрүү,
жана анда иштеген кадрлардын атайын билим алуусуна
зор көңүл буруу учурдун талабы эле. Мен Чоң-Алай
жумушчулар
кооперациясында
иштей
баштаган
мезгилдин биринчи күндөрүндө эле кадрлар бөлүмүнүн
отчетун карап, анда атайын окуу жайын бүтүргөн бир
бухгалтер, бир сатуучу гана иштеп жатышканына таң
калганмын.
Ал
эми
материалдык
жооптуу
кызматта
иштегендердин да көпчүлүгү атайын окуу жайларын
бүтүрүшкөн кадрлар менен толукталбаган.
Кадрлардын атайын билим алыш үчүн жыл сайын үч
айлык, алты айлык курстарга жана бир жылдык
училищаларга сатуучуларды, жана жаштардан атайын
жолдомо менен окууга жиберип, аларга Чоң-Алай
жумушчулар
кооперациясынын
эсебинен
окууга
байланыштуу болгон чыгымдарын төлөп берип турчубуз.
Менин демилгем менен Жалал-Абаддагы кооперативдик
техникумун ондон ашык жердештерим сырттан окуп
бүтүрүштү.
Ал
эми
Фрунзедеги
кооперативдик
техникумдун бухгалтерия бөлүмүнө Рахманова Караматка
орто мектепти бүтөрү менен анын атасынын суроосу
боюнча жолдомо бердим. Атасы Рахман аке складда
кароолчу болуп иштөөчү. Ал техникумду ийгиликтүү
аяктап, узак жылдар бою рабкоопто бухгалтерлик
кесипте эмгектенип келди. Андан башка Самарканд
кооперативдик
институтуна
Шералиев
Эгемберди,
Газыбеков Аттокур, Сыдыков Токтобек, Саитов Апсалам,
Жапаров Сүйүнбайларды көп аракет менен сырттан
окууга өткөргөн элем. Алардан маркум Саитов Апсалам,
Жапаров Сүйүнбайлар экинчи курстан окууну таштап
кетишти. Ал эми башкалары бул институтту ийгиликтүү
аякташып,
ушул
тармакта
көп
жылдар
бою
эмгектенишкен. Алардан азыркы мезгилде Шералиев
Эгемберди гана ардактуу эс алууда жүрөт. ЖалалАбаддагы кооперативдик техникумун сырттан окуп
бүтүрүшкөн, Чоң-Алай жумушчулар кооперациясында көп
жылдар бою эмгектенишкен: Көчкөнбаев Галбай,
Молдорозов Мамат, Шарипов Мисрат, Асанова Галча,
Сейитгазиева
Гүлайым,
Калбаева
Кыздаркан,
Нармаматова Кундуз, Дүйшөбаев Саитмурат, Манапов
Шаякмат, Абдилакимов Маматемин, Туратов Тилебалды,
Абдырахманов Аскар ж.б. да менин жардамым менен
окушкан.
1965-71-жылдарда мен жетектеп турган Чоң-Алай
жумушчулар кооперациясынын башкармасы, анын
жалпы
эле
коллективи
Кыргызстан
керек-жарак
союзунун башкармасынын төрт жолу удаалай, (ар бир
жылдын жыйынтыгы боюнча) жараткан ийгилигибиз
үчүн өтмө Кызыл-Туусун жана акчалай сылыктарын
жеңип алууга татыктуу болгонбуз.
Ошондой эле 19 жыл катары менен Кыргыз керекжарак союзун башкарган Аманов Муктаалы деген
акылман, кеменгер адамдын өз колунан эки жолу
“Центросоюздун” ардак грамотасын, бир жолу өтмө
Кызыл-Туусун алганыбызды айтпай коюуга болбойт деп
эсептейм.
Бул жерде мен өзүмдүн элиме ак ниет менен,
чымырканып эмгектенгенимди гана көргөзгүм келгенин
белгилеп жатам. Аны мактануу же өзүн-өзү көкөлөтүү деп
окурман тескери ойлобосун деп айта кеткеним
ылайыктуу.
Муктаалы Аманов кыргыздын чыгаан уулдарынын
бири болгон. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 8
жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. Кемин
райком партиясында биринчи катчы, Кыргызстан
компартиясынын БКсында бөлүм башчы, Партиянын
Жалал-Абад обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.
Андан соң 19 жыл катары менен Кыргыз керек-жарак
союзун башкарган. Анын чечкиндүүлүгүн, маселени так
коюунун, кооздук менен сүйлөөнүн сырын эң жакшы
билгендигине мен таң калчумун.
1968-жыл. Чоң-Алай жумушчулар кооперациясынын
коллективине Центросоюздун (советтер союзунун керекжарак союзунун) өтмө Кызыл-Туусун, акчалай сыйлыгын
тапшыруу маарекесине Дароот-Коргонго, Кыргыз керекжарак
союзунун
башкармасы
М.
Аманов,
Ош
облпотребсоюзунун председатели Т. Апасов жана Алай
районунун биринчи катчысынын коштоосунда келишти.
Бул күн биздин коллектив үчүн чоң майрам болду.
Коллективдин чогулушунда М.Аманов өз колу менен өтмө
Кызыл-Тууну, акчалай сыйлыкты мага (жумушчулар
кооперациясынын жетекчиси) тапшырып, мындан ары
иштин темпин төмөндөтпөстөн жогорку көрсөткүчтөрдү
жаратуу менен талбай иштешибизди каалады.
Чогулуштан кийин биздин үйдө келген меймандарга
атайын чай бердик.
Ошондо, М.Амановдун дасторкон үстүндө өз башынан
өткөргөн күндөрүн айтып отурду. Мен бул кишинин
жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдигин, терең билимдүүлүгүн,
айкөлдүгүн,
иш
билгичтиги
айкалышкан
адам
экендигине суктануу менен таң калып отурдум. Анын
ошондогу
сөздөрүнөн
менин
эсимде
калган,
айрымдарына токтоло кетейин:
“–Мен, Муктаалы Аманов, өмүрүмдө башымдан
жакшылыкты да, оор күндөрдү да өткөрдүм. Элим үчүн,
Ата-Мекеним үчүн ак кызмат өтөп, жаман болгон жокмун.
Бир эле өкүнүч – айрым бузукулардын кыянатчылыгынан
азап көрүп, биринде камалып, экинчисинде аз жерден
атылып
кетпедим,
көрбөгөн
кордукту
көрдүм.
Каршылаштарым менен салгылашып жатып кутулдум.
Андан кийин көрө албас бузукулар дагы: Кыргыз
элинин билерманы, Борбордук Аткаруу Комитетинин
төрагасы – кадимки Абдыкадыр Орозбековдун экинчи
орун басары болуп иштеген деген сыяктуу жалаа
жабышып, Жалал-Абад обком партиясынын биринчи
катчысы болуп иштеп турган кызматымдан алып таштап
гана тим болбостон, камашмак болушат.
Ошондо Москва шаарына Исхак Раззаковичке барып,
анын кеңеши менен СССР министрлер советинин
төрагасы Алексей Николаевич Косыгинге жолуктум. Ал
сөзүмдү көңүл коюп угуп, тиешелүү кишилер менен
сүйлөшүп, камалбай калдым” - деп, сөзүн аяктады.
Мындай чыгаан адамдардын айткандарын ар дайым
эске тутуп, алардын өмүр жолун үлгү катары сезип
жүрөм. Анын арбагын сыйлап неберемдин ысмын да,
Муктаалы деп атап алганмын. Муктаалы менин кенже
уулум Улукбектин чоң уулу.
Турмуш шартка байланыштуу үй-бүлөм менен 1987жылы Гүлчөдөн Дароот-Коргонго көчүп келдик.
Ушул жылдын июль айында чоң кызым Гүлмира
Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (КГУ) физмат
факультетин ийгиликтүү аяктады. Госэкзамендерин
тапшырып жүргөн учурда чоң жакшылык болуп, наристе
үнү жаңырды.
Бул кубанычтуу күн менин Фрунзе шаарына барып
калганыма туш келди. Неберемдин ысмын Кубанычбек
деп атадым.
Менин башыма оор иш түшүп, адилетсиз соттун
чечими менен, ак жеринен камакта жүргөн учурумда
уулдарым Чыңгыз, Медетбек Гүлчөдөн орто мектепти
аякташты.
Ал эми Эмилбек менен Улукбек мектепте 5-6
кластарда окуп жүрүшчү. Бирок булардын жаш болсо да,
бир жарым жыл ичинде аң сезиминде абдан чоң
өзгөрүүлөр болуп, ойноо балдар болсо да турмуштун ачуутаттуусун бир кыйла түшүнүп калышыптыр. Мен
балдарымдын кара жумушка үйрөнүп катуу иштешкенин
өздөрүнүн
акыл-эсинен
жана
апасынын
үйдөгү
тарбиясынын таасири болсо керек деп айтар элем.
Анткени, мен тышта (үйдөн сырттагы) эл жумушу
менен алек болуп жүрүп, үйдө балдардын өсүп өнүгүшүндө
алардын тарбиясына кандайдыр көп деле убакыт бөлүүгө
мүмкүнчүлүгүм болбогондугун моюнга алганым жакшы.
Балдардын тарбиялуу өсүп-өнүгүшүндө эненин орду
башкача. Ал эми табиятынан сезимтал, намыскөй,
акылдуу эненин таасири өзгөчө баа жеткис экенин эч
ким, эч бала тана албаса керек.
Мен аңдап көрсөм, 26 жашымдан тартып, ардактуу эс
алууга чыккан учурума чейин кооперация тармагында,
калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө мекемесинде
жана партиялык, Советтик кызматтарда жетекчи болуп
иштеп келипмин. Албетте, балдарды тарбиялап өстүрдүк,
бирок мага караганда тарбия түйшүгүн жубайым Айседеп
көбүрөөк тартты. Кудайга шүгүр, балдарымдын баары
акыл-эстүү, жогорку билимге ээ болушкан. Бул жагынан
балдарыма, жубайыма ыраазымын.
Жаштык өтүп, анын элеси гана көңүлдө калып, азыр
жаштыктын
кыялына
жармашып
жашап
жаткан
мезгилимде “уул үйлөп, кыз узатып, үйүмдө неберем бар,
кайнатамын келинге” дегендей уулдарым бардыгы
үйлүү-жайлуу, турмушта ар-бири өздөрүнүн ордун таап,
келиндерим менен ынтымакта жашашып неберелеримди
эркин өстүрүп, бакубат өмүр сүрүшүүдө.
Алган жары жарашпаса жигиттин иши эзели
оңолбойт эмеспи, ал эми эркек – аялдын куту экендиги
бул чындык.
1978-жылдын июль айында мен кезектеги эмгек
отпускамды алып, туристтик путевка менен Айседеп
экөөбүз Москва, Харьков (Украина Республикасы)
шаарларын саякаттап барып келдик.
Анда мен, Райбыткомбинатта директор болуп иштеп
турган учур эле.
Гүлчө айылында кызыбыз Гүлмира (балдарыбыздын
эң улуусу болгондуктан) үйдө инилери менен кадимкидей
бизди кам санатпай тиричилик өткөрүп отуруптур.
Бул болсо апасы Айседептин кызына үй-бүлөдөгү
тиричилик
өткөрүүгө
терең
тарбия
бергенинин
натыйжасы десем жаңылбас элем. Мен Айседеп менен
баш кошуп, Новосибирск шаарында окуумду улантып
жүргөн мезгилимде ал жаш келин биздин үй-бүлөдө атам
менен апамдын купулуна толуп, атамдын ак батасын
алып, атам ага өзүнүн кыздарындай мамиле жасаганын
“Айседеп эч камчы салдырбай, ишти өзү билип, тыкан
жана ийкемдүү аткарат” деп баалап жүргөнүн, айтсам
ашыкча болбос.
Биздин үйдө: кайда болбосун Дароот-Коргондобу же
Карамыктабы
Же
Гүлчөдө
жашап
жүргөн
учурларыбыздабы үйдө тууган-уруктун, телитеңтуштун
келим-кетими үзүлчү эмес. Мына мындай үй-бүлөдө
меймандос,
келип-кетип
турган
адамдарга
адамгерчиликтүү мамиле, тегинен үй-оокатка тыкан,
жаркылдаган мүнөзү менен, бүгүнкү күндө өзүнүн
келиндерине да таалим-тарбия берип, өрнөктүү өмүр
сүрүп жаткан жубайым, Айседеп да ак саамай байбиче
болуп ыракаттуу күн өткөрүүдө.
“Карыган адамга эмне керек? Албетте, неберелери
менен убара болуу. Пенсионер үчүн мындан артык таалай
болбос деп И.Раззаков белгилеп кеткендей азыр Айседеп
экөөбүз неберелерибиз менен күндүн батканын, таңдын
атканын да сезбей келебиз. Кээде Седепке Эсенгүлдүн
“Алган жарга” деген ырын окуп берем, анткени анын
маанисине ал дагы татыктуу!
“Эшик ачып сен үйүмө келгени,
Болду таттуу, болду өмүрдүн кермеги
Ошончолук оош-кыйыш турмушта
Тажадым деп айттың бекен сен деги.
Күн чыккандан түн киргенче талбаган,
Келин үчүн толгон түйшүк бар да анан.
Жөндүү, жөнсүз бүт дооматты көтөргөн
Сенин токтоо сабырыңа таң калам.
Балдарым бар эки кылбас сөзүмдү,
Ысык сүйүп, ыйык көрөт өзүмдү.
Кызым болсо кылыгына мас кылып,
Кылт эттирбей карап турат көзүмдү.
Жанды сабап жашоо үчүн буй түштүм,
Үшүтпөдүм, үстүңөргө үй тиктим.
Антсе дагы кыжы-кыйма тириликте,
Азы менде көбү сенде түйшүктүн.
Оор жүктөн жеңилдетип жонумду,
Кылт эттирбей таап турган оюмду.
Жат-жалаага, алыс жуук баарына,
Бирдей карап айткан сөзүң орундуу.
Үйүм базар. Үзүлгөндү улаган,
Кыйшыгымды кыш койгондой кынаган.
Оору-соомдо, жаманымды, жакшымда,
Жан болбостур сенче түтүп чыдаган.
Келе жатат бирим миңге уланып,
Дос, тууганга алымдуусуң, бул анык.
Качан болсо жеңип сенин сабырың,
Кайнап алып калам кайра уялып.
Жаса тайып бактым тайса башымдан,
Көтөрмөлөп баарын ичке батырган.
Сенден өткөн күйүмдүү жан көрбөдүм,
Мага кымбат бардык, бардык жакындан.
Жакшы көрөм сенден колум үзалбайм,
Өзүң үчүн өмүрүмдү бүт арнайм.
Бирок чындык, канча аракет кылсам да,
Сенче күйүп, сен түткөнчө түталбайм.
Бир тартсак да тиричиликтин салмагын,
Бир көрсөк да тагдыр башка салганын.
Барып келип баары сенче түтөлбас,
Атам, энем, бир тууганым, балдарым.
Жакшымды айтып, жаманымды катасың.
Жанга төп жар, балдарыма апасың,
Сендей эстүү жанды өзүнө жар кылган,
Мендей эссиз эркектер көп жашасын!
1981-жыл. Туристтик путевка менен Болгарияга
баргандагы эсте калган эки эпизодду айта кетейин:
Оштун аэропотунан Москвага учуп келдик. Москвада
Болгарияга жөнөр күнүбүздөн, бир күн мурун, группанын
жетекчиси «Ашыкча акчаңарды бул жерде сактык кассага
тапшыргыла,
белгиленген
өлчөмдөн
ашык
акча
Болгарияга алып өтүүгө тыюу салынган» - деген болчу.
Бизди жетектеп жүргөн Ош обком профсоюздун
кызматкери. Москвадагы Шереметьево аэропортунан
Болгарияга учуучу убакыт да болуп калды. Аэропорттун
залында билеттерибизди каттоодон өткөрүп, бажы
кызматкерлери тарабынан текшерүү жүрүп жатты.
Биздин группадагы Мамытов Назар деген киши менен
Оштон таанышып калган болчумун.
Ноокат районунун Жал совхозунун тургуну, Кызылкыядагы
МРБда
(Межрайонная
торговая
база)
автодүкөндүн айдоочусу болуп иштеп жүргөнүн айткан
эле.
Группадагы туристтердин ичинен Назар аке жашы
боюнча эң улуусу болсо керек. Бажы кызматкерлери
тарабынан ар бир пассажир кылдат жана катуу
текшерилип жатты. Назар акени башка туристтерден
ашыкча текшерип, шымын чечиндирип, турсасынан бери
карап чыгышты. Анын жүзүндө кандайдыр коркунуч бар
сыяктанып, өңү бозоруп кеткендей абалда болгонун
байкадым.
Ал эми Куршаб рабкоопунда завторг болуп иштеп
жүргөн группадагы дагы бир жигит бул текшерүүнү
көрүп, жанында белгиленген өлчөмдөгү акчадан башка
дагы акчасы болгонун, аны эмне кыларын билбейт.
Аэропорттун дааратканасына кирип, бош консерванын
кутучасына катып койдум, деп самолетко чыгып
отурганыбызда айтып калды.
Ошентип Болгариянын «Солнечный берег» (Күнөстүү
жээк) деген Кара Деңиздин жээгиндеги курортко келип
жайгаштык.
Биз
Назар
аке
экөөбүз
«Тракия»
мейманканасынын экинчи кабатындагы эки кишилик
бир
комнатага
жайгаштык.
Кара
Деңиздин
бул
жээгиндеги кооздукту, аба-ырайынын жагымдуулугун
айта албасмын. Бул курортко дүйнө жүзүндөгү, айрыкча
Европадагы көп мамлекеттерден келген эс алуучулар
экенин байкадым. Алардын ошол эле мезгилде акча
алмаштыруучу
жайлардан
Американын
долларын
Болгариянын
акчасына
алмаштырып
иштетип
жүрүшкөнүнө таң калып жүрдүк.
Мында келгенибиздин бешинчи күнү Назар аке, – мен
көк чайды сагынып калдым, жүр бир чайнек көк чай
демдеп ичели - деп деңизден чөмүлүп кайтканыбызда
айтып калды. Мен жок дебедим. Ал киши бир чайнек көк
чай демдеп, столдун үстүнө чемоданынан токочту алып
(навай нанды) жайып калды. Мен, – Назар аке, мынча
көп нанды эмнеге алып келгенсиз? Же Болгарияда нан
тартыш деп уктуңуз беле? - деп сурап калдым.
– Жок, анын өзүнчө жашырын сыры бар - деп күлдү.
Көк чайдан чыныга куюп, нанды майда сындырып, –
Кана нандан ал, рахаттаналы - деди. Столдун үстүндөгү
жайылып жаткан нандын айрымдары көгөрүп, жагымсыз
жыттанып калыптыр. Бир нанды беш-алты бөлүккө
сындырып, бир сындырым нандан бир нече катар
бүктөлүп оролгон кагазды алды. Бул бүктөмдөгү кагаздын
ичинен «десять рублей» кызыл түстөгү Лениндин сүрөтү
басылган акчаны ажыратып алды.
–Мен Москвадан учуп жатканда, Шереметьево
аэропортунда
контролердун
текшерүүсүнөн
абдан
кооптонуп, чочулаганым – чемодандагы ушул нандар
болчу. Кокустан билинип калганда ошол жерден
абийирим кетип, шерменде болуп, Москвада калып
калмакмын.
Кудай
сактап,
нанды
сындырып,
текшеришкен жок. Бул жашырын сырды эми сен гана
билдиң, - деди Назар аке. Экөөбүз көк чай ичип отуруп,
столдун үстүндөгү жайылган токоч нандарды майда
сындырып, анын ичиндеги кагазга оролуп жабылган
бүктөмдөрдү
ажыратып
алдык.
Жалпы
саны
он
сомдуктардан 60 даана экен, б.а. 600 рубль. Ошол эле
күнү акчанын бардыгын, биз жайгашкан «Тракия»
мейманканасына жакын жердеги акча алмаштыруучу
пункттан
Болгариянын
акчасына
алмаштырууга
үлгүрдүк.
Ошентип Назар аке менен Болгариянын «Солнечный
берег» курортунда эс алып кайттык.
1981-жылдын сентябрь айында Назар аке Гүлчөгө
келип биздин үйдө мейманда болуп, Болгарияда курортто
чогуу болгонубуз жөнүндө мага арнап төрт куплет ыр
жазып келиптир. Анда:
«БОЛГАРИЯДА»
Мамасейитке арнаймын
«Күнөстүү жээк» курортто «Алтын кумда»,
Союздаштар кездешип колун сунса.
Кыргыз, казак, орустар замандаштар,
Көңүл ачып, бийлешип оюн курса.
«Робинзон», «Ночной бар», «Варетада»,
Шапар тээп, бийлешип аетте да.
Колтукташып кармашып чыканактан,
Ныктай тартып, кызматчы кыз Жанетта да.
Ресторан улуттук «Чучурада»,
Күндө майрам, күндө той, шаттык жана.
Коньяк, шампан, швепис даам татып,
Арак коюп, шампандан сундуң мага.
Биз жашоочу мейманкана «Тракия»,
Жадагыдай бул жерде болдуңбу ия?
Койсоңчу эле жашырбай кыйналбастан,
Сен таанышкан кыз Тюменден, ал Таня.
Назар Мамытов,
«Жал» совхозу 1981 жыл.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 06
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.