Latin

Сезимде жүргөн элестер - 14

Total number of words is 3823
Total number of unique words is 2191
26.2 of words are in the 2000 most common words
37.0 of words are in the 5000 most common words
43.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чыныгы эл душмандарынын бети ачылганда кеч болуп калды. Ага чейин канча-канча алтынга айырбас адамдарыбыздан айрылдык.
Орозбековду суракка дайыма түнкүсүн алып чыгышаар
эле. Акыркы мезгилде андан эчтеке деле сурабай коюшту.
«Кол кой» деп гана мажбурлоочу. Бир күнү кезектеги сурактан соң Орозбековду камеранын эшигин ачып туруп,
ичкериге түртүп жиберишти. Бут койорго жердин жоктугунан ал адамдардын үстүнө келип жыгылып түштү. Мен
анын жанына келдим. Эс учунан танып ал өзүн кармай албады. Жаткыралы десек жай жок. Эмне кылуу керек? Айласын таптык. Үч адам катар отуруп, кучагыбызга алып, бир
кыйладан кийин эсине келтирдик.
Орозбековду 61 күн тик тургузуп суракка алышкан
болчу. Көп убакта тергөө таң атканча жүргүзүлүүчү. Адамдык касиетин жоготкон тергөөчүлөрдүн ырайымсыз мамилелеринен улам анын ден соолугу күндөн-күнгө начарлап,
буттары шишип, көгөрүп, өзүн кармап тура албай калар эле.
Аны ийне сыяктуу мык кагылган «Вена стулуна» жарым
жылаңач түрдө зордук менен отургузушуп, электрдин тогуна уулашкан. Мындай кыйноодо ар кандай эле адам
тергөөчүлөрдүн айтканын кылып, жасабаган айыпты да жасадым деп мойнуна алып жиберчү. Бирок Орозбеков бул
кыйноолорго да чыдап, жалган жалааны мойнуна алган
эмес. Ал мына ушундай чыдамкай, эрктүү адам болгон. Кала берсе алгачкы күндөгү тергөөчүлөргө моюн сунуп өнөгүн
бербеген. Тергөөчү: -«Сен эл душманысың», -дегенде «Сен
өзүң, өзүң эл душмансың», - деп аны бир уруп жыгыткан.
Ошондо төрт милиция аны кармап туруп тепкилешкен
экен. Улам күн өткөн сайын тергөөдө көрсөтүлгөн азаптозоктон анын алы-күчү кетип, ден-соолугу начарлап, рухий жактан да мүңкүрөгөн. Бирок, эрки кайтарылган эмес.
Камактагыларды ар 10 күндө бир жолу мончого алып
барышчу. Ошондой күндөрдүн биринде эки киши колтугунан сөйөп, мончого алып келишти. Оболу отургучка отургузуп, көйнөгүн чечишти. Шымынын бир багалегин чечишти
да, экинчисин чечмек болушуп, эңкейгенде ал киши да
эңкейип, башы менен цементке сайылып жыгылат. Өзүнө
келбей биздин көз алдыбызда жан берип, жарык дүйнө менен коштошот.
Элин өз жанынан артык көргөн Кыргыз Республикасынын биринчи президенти «Эл аксакалы» деген сыймыктуу
наамга ээ болгон улуу инсандын тагдыры мына ушундай
кайгы менен аяктады. Ушундай адамга кепин, жаназа же
жеке өзүнө мүрзө да буюрбады.
Ошол кездеги акыйкатсыздыкты, ырайымсыздыкты
эстеп туруп сай сөөгүң сыздап, бүт денеңди калтырак басат.
«Букаранын сөзүнө кулак төшөбөгөн жетекчи, жетекчи
эмес. Андай жетекчилер мурдунан алысты көрө албаган
бир дөңгөч»-болот дечү. Калкы Орозбековдун ушул касиеттерин аздектеп, урматташчу»-деп эскерген Рузмат Дадабаев.
А. Орозбеков өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн берилген
идеясына (көз карашына) бекем туруп, кыргыздын чы241
ныгы ак ниет, эли үчүн жан күйгүзгөн адам катарында кала
берди. Анын эркин эч ким сындыра алган жок.
Бул адамдын ишмердиги жөнүндө тарыхта көп деле
олуттуу маселелер жазылбаган. Ошентсе да ал киши
жөнүндө тарых барактарынан төмөндөгүдөй саптарды окуган элем, анда ошол саптарга көңүл буралы:
Мезгилинде Өзбек Республикасынын Компартиясынын биринчи катчысы болуп иштеген Ахунбабаев, ВКПБнын саясий бюросунун генеральный секретары И. В. Сталинге Кыргыз Республикасынын БКсынын биринчи катчылыгына А. Орозбековду сунуштаган экен. Ошондуктан
Ахунбабаевдин сунушун И. В. Сталин жактырган. Анткени
Ахунбабаев өз учурунда Сталиндин ишеничине кирген,
анын өтө сыйлаган адамдарынын бири болгондугун тарых
далилдейт.
Өзбек жетекчиси Ахунбабаев, Орозбеков менен чай
ичишип, аны алдап-соолап, кыргыздын пахта эгиле турган
жерлеринин басымдуу көпчүлүгүн Өзбекстандын картасына
түшүртүп алган.
А. Орозбековду «Силер кымыз ичпесеңер жашай албайсыңар, ошондуктан тоо тараптын баарын сиз алыңыз,
менин элим дыйкан эмеспи, пахта айдап эле жашай берели»-деп, түштүктүн дыйканчылыкка ылайыктуу көп жерлерин бөлүп алып, Москва менен жең ичинен тымызын
сүйлөшүп өздөрүнүн картасына сыздырып алууга жетишкен
экен.
Чындыгында Республикабыздын түштүгүндөгү КараСуу, Араван, Кадамжай, Лейлек, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен сыяктуу райондорунун дыйканчылыкка ылайыктуу
болгон көп жерлеринин туура эмес бөлүнгөндүгүн байкоого
болот. Буга СССР дин территориялык картасы далил боло
алат, же Оштон-Өзбекстандын Андижан, Фергана областтарын көздөй сапар тартып калган кыргыз баласы айласыздан ынанары бышык.
Бул адамдын кыска мөөнөттөгү жетекчилик мезгилиндеги элине канчалык кызмат жасагандыгы жөнүндө менде
башка кеңири маалымат жок.
Жусуп Абдракманов.
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмери, биринчи өкмөт
башчысы Жусуп Абдракмановдун ишмердиги жөнүндө
кыскача токтолууну ылайыктуу деп анын өмүр жолуна
окурман менен чогуу көңүл буралы.
Жусуп Абдракмановдун-ысымы жана иштери элибизде зор сүймөнчүлүк менен аталат.
Бул кыргыздардын элесине жаркын жарык из калтырып кеткен адам.
Жусуп 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл районунун
Чиркей кыштоосунда, манаптын жетиштүү үй-бүлөсүндө
туулган. Он үч жашында Караколдогу жогорку баскычтагы
орус мектебине кирип эки жыл окуйт. 1916-жылдагы элдик-боштондук көтөрүлүштө Кытайга качкан кыргыздар
менен кошо Жусуптун ата-энеси, жети бир тууганы Кытайда болуп, 1917-жылы кайра келатканда Сары-Жаз, Эңилчек
ашуусунда каратель (жазалоочулар) отрядына кабылып,
кыйынчылыкта өлүшөт. Тагыраак айтканда, качкын кыргыздардын артынан сая түшкөн казак-орустар мылтык огуна, кылыч мизине алып, көп түтүн кыргызды ошол жерде
кырат. Кыргын тополоңунда Жусуп кенже иниси Токону
аркасына көтөрө качып, карагай арасына кирип кетет.
Ошондон аман калган эки жетим кайрадан Каракол калаасына келет.
1917-жылы Каракол уездинин начальниги, полковник
Иванов Россияга качып, анан Кызыл-Ордого келип, чек
арадан өтүп кеткен. Тилмеч Касымбай Телтаев кызмат
кылган уезддеги жана казармадагы солдаттар арасына
атчы-арабакеч болуп жүргөн Жусупту 1917-жылы К. Телтаев
менен подполковник Бычков Казакстанга, Верный шаарына кошо ала кетишет.
Октябрь революциясынын толкунунда Жусуп Абдракманов анын орчундуу жерлеринде жүрүп, Совет бийлиги
орногондон кийин, 1918-жылы март айында Кызыл Гвардиянын катарына кирет. Андан соң эскадрон командирине
жардамчы болуп, Жетисуудагы ак казактарга каршы
уруштарга катышат.
1919-жылдын башталышында 18ге толо элек Жусуп
жолдомо менен Верныйга командирлердин курсуна
жөнөтүлөт. Ошол жылы ал партияга өтөт, жаштыгына карабай гарнизондук партконференцияда райкомго мүчө болуп
шайланат. Ал Жетисуу губерниясында алгачкы комсомол
уюмдарын уюштуруучу, комсомолдун губкомунун экинчи
секретары болгон.
Жусуп Абдракманов 1919-жылы РКСМдын (Россиянын
Коммунисттик Жаштар Союзу) Түркстан Бюросунун прездиумуна жана РКСМдин Жетисуу областтык уюштуру Бюросуна мүчө болуп шайланат. Комсомолдун Жетисуу областтык уюму аны комсомолдун крайлык биринчи курултайына делегат кылган. РКСМдин III сөездине катышып,
биринчи жолу В. И. Ленинди көргөн жана аны менен
сүйлөшкөн. Кыргыз элинен В. И. Ленин менен кездешип,
андан көрсөтмө алган жалгыз гана Жусуп Абдракманов болуу керек.
1920-жылдын ноябрынан ал партиялык ишке өтөт.
Партиянын Капал, Талды-Коргон уезддик шааркомунун
жооптуу катчысы, андан соң Пишпек уезддик шааркомунун
уюштуруу бөлүмүнө башчы жана Каракол уезддик шааркомунун секретары болот.
1923-жылдын август айында партиянын Жетисуу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп бекитилет да
Туркстан Компартиясынын VII курултайында КПТ БКнын
мүчөлүгүнө кандидаттыкка шайланат. 1924-жылдын март
айынан Туркстан Борбордук аткаруу комитетинин жооптуу
катчысы. 1924-жылы Кара Кыргыз автоному түзүлгөндө Ж.
Абдракманов Облпартбюронун экинчи катчылыгына шайланат. 1925-жылдын апрелинде ал РКП (б) БКнын Орто
Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысына орун басарлыкка Ташкентке чакырылат да августта Москвага РКП
(б) БКнын карамагына жөнөтүлөт. Анда 1926-жылдын апрелине чейин инструктор болуп иштейт.
1926-жылдын ноябрында Ж. Абдракманов Кыргызстанга кайтып келип, облаткомдун төрагасынын орун басарлыгына, 1927-жылдын март айынан жаңы түзүлгөн Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагалыгына
дайындалат. Мына, бул жогорку кызматта туруп, ал Кыргызстандын Эл чарбасы менен маданиятын өнүктүрүүдө көп
иштерди жасаган. 1927-1933-жылдардагы анын мамлекеттик жана саясий ишмердигин айрыкча белгилөөгө болот.
Ал республиканын чарбалык курулушуна омоктуу жана
көрүнүктүү салым кошконун, эл үчүн белсенип иштегенин
көрсөткөн көп фактылар бар. Мисалы, 1928-жылы Москвада
болуп, Фрунзе-Токмок темир жол тармагын, 1928-1929жылдардагы курулуш планына киргизүүгө жетишкен.
Эл комиссарлар Советинин төрагасы Ж. Абдракманов
Москвада жүрүп, темир жол тармагын атайын чоң тизмеге
кийирип, ошол эле күндөрдө А. И. Микояндын жардамы
менен Кыргызстанды бүткүл союздук «Эт азык-түлүк»
трестине коштурат. Фрунзеге эт комбинатын салдыруу,
Канттрест менен келишип. Кантка кант заводун курдуруу
маселесин чечет. Ошондой эле «Чүйкурулушун» курдурууга
оңой күч жумшаган эмес. «Чүй курулушу» бүткүл Чүй
өрөөнүндөгү ири ирригациялык маселелерди чечти. Жаңы
экономикалык саясатты жүзөгө ашыруудагы кооперациянын өзгөчө ролу тууралуу лениндик пикирге таянып, мурда
колониялык эзүүдө жанчылып, артта калган аймактын
шарттарын эске алуу менен кооперациянын көп түрдүү
формаларын жайылтууга жана чындоого аябай күч аракеттерин сарптаган.
Ал Кыргызстанды социалдык-экономикалык жана маданий жактан ыкчам өнүктүрүүдөгү партиянын лениндик
улут саясатынын маанисин терең түшүнгөн. Ошону менен
бирге кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдөгү маселелердин, жалпы элдердин союзун түзүү жана чындоо
менен байланышкан башка да милдеттердин чечилишинде
кетирилген кемчиликтер менен жаңылыштарды көрбөй, сезбей кое алган эмес. Өзүнчө автоном болуп түзүлгөн соң
Кыргызстан РСФСРдын составында калган. Ушуга байланыштуу Кыргызстан үч тарапка көз каранды экенин билдирип, Ж. Абдракманов 1928-жылы Сталинге аргументтүү кат
менен кайрылган: «Киргизия оказалась в положении тройной подчиненности: правительству РСФСР, с одной стороны, органам Средней Азии Средазбюро ЦК ВПК (б) Средаз
ЭКОСО, Средазводхоз и. т. д. с другой стороны, СССР - с третьей. Эта тройственная подчиненность республики, как показал опыт работы, самым отрицательным образом влияет
при разрешении хозяйственно-культурных задач Киргизии, следовательно является тормозящим элементом».
Чынында эле республиканын советтик жана чарбалык
органдары ар кайсы борбордон (Союздук, Россиялык, Орто
Азиялык) кээде бирин-бири жокко чыгарган, Кыргызстандын өзгөчөлүктөрү менен таламдарын толук эске албаган
жетекчи көрсөтмөлөрдү, инструкцияларды, жоболорду алып
турган. Мына ушул себептерден улам Ж. Абдракманов И. В.
Сталинге жазган катында Кыргызстанды союздук республика кылып кайра түзүүнү сураган.
1930-жылы 21-апрелде иш боюнча Москвада жүрүп, Ж.
Абдракманов
партиянын
Кыргыз
обкомунун
бюро
мүчөлөрүнө-Кульковго, Токбаевге, Саадаевге өзүнүн Сталинге жолдогон экинчи катынын көчүрмөсүн жиберген: «Было
бы очень желательно, если вы приняли решение и заручились постановлением Средазбюро ЦК ВКП (б) до XVI партийного сөезда, чтобы во время сөезда наша делегация
смогла поставить этот вопрос перед ЦК в официальном порядке от имени партийной организации».
Сталинге жазган катына ал жооп алалбады, «мени
кабыл алып, кошумча жүйөлөрдү угуп көрүңүз»-деген
өтүнүчү да канааттандырылбады. Анан калса, партиянын
XVI сьездинде солчул жана оңчул агымдарды ашкерелеп
сүйлөгөн Сталиндин сөзүнөн кийин, бул маселеде кандайдыр жакшылыктуу жышаанга үмүт кылуу кыйын эле. Баарынан да улутчулдук деген түшүнүктүн мааниси кеңейип,
укуругу узарып турган чакта минтип республиканын таламын чечкиндүү талаша берүүнүн арты опурталдуу экени
талашсыз.
Кийинчерээк Ж. Абдракмановдун позициясы ашынган
улутчул катары бааланды. 30-жылдардын башында республиканын экономикасында олуттуу кыйынчылыктар
түзүлдү. «Беш жылдыктын үчүнчү жылы партиялык кадрлардын басымдуу бөлүгүн талкалоонун жылынан болбойбу?
Биз кайда баратабыз?» -республиканын Совнаркомунун
төрагасы өзүнө ушундай суроону берди. Анын кооптонуусу
чын болуп чыкты. 1933-жылдын сентябрында Ж. Абдракманов ээлеген кызматынан алынды, ал эми бир айдан
кийин - «троцкисттердин тобунун таасири астында партиянын чечимдерин чындап коргобой, иш жүзүндө аларды
бурмалаган партиялык эмес жүрүм-туруму үчүн» - партиянын катарынан чыгарылды. Апелляция менен БКга кайрылуусунан натыйжа чыкпады.
А андан ары ошол жылдары өз элине берилген
көптөгөн ак ниет адамдар туш болгон каралоонун жолу башталды. 1937-жылдын 4-апрелинде Ж. Абдракманов камакка алынып, ал эми 1938-жылдын 4-ноябрында ага
оңчул троцкисттердин уюму менен бирге аракет кылып,
Совет бийлигин кулатууну, Кыргызстанды СССРден бөлүп
чыгууну жана башка иштерди өзүнүн максаты катарында
койгон антисоветтик багыттагы террордук диверсиялык –
чыккынчы Социял-Туран партиясына кирген деген күнөө
коюлган.
Өзүнүн бүткүл күч-кайратын өз элине кызмат кылууга
арнаган жаркын, акылман, эң сонун адамдын өмүрү ушинтип аяктады. Анда Жусуп болгону 27 гана жашта эле. Ал
дагы канчалаган жакшы иштерди жасамак!
Ошентип, Кыргызстандын эң көрүнүктүү ишмери, биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдракманов баарынан мурда
эң катаал, эң оор жылдарда Кыргыз элине эбейгесиз зор
эмгек сиңирип, өзүнүн жаштыгына карабастан тубаса
акылдуулугун, кыраакылыгын, жалтанбас каармандыгын
көрсөтө алган.
«Менин мекендештерим үчүн Кыргызстан сүйүүнү, кам
көрүүнү талап кылган, ал үчүн иштөө керек болгон мамлекет эмес, тек гана жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө
ылайыкталган обьект. Элимдин бактысыздыгы мына
ушунда»,
-деп
1928-жылдын
26-сентябрында
өз
күндөлүгүнө мына ушинтип жазган. 26 жаш курагында
Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советине төрагалык
кылган Жусуп Абдрахманов күндөлүгүнө жазган экен. «Мекендештерим» дегенде ал жапырт букараны эмес, ошол
букара жоопкерчилигин моюнуна алган, атка минер, тың
чыкмаларды эске алганы да өзүнөн-өзү түшүнүктүү болуп
турат. Андан бери кылымга чукул убакыт өттү. А Абдрахманов айткан көрүнүш эч бир талашсыз түр алып, коомго
кадыресе турмуштук норма катары сиңди десем аша чапкандык болбос. Мурда го Россиядан (Москвадан) же башка
республикалардан келип иштеген тили буруулар «жыргалчылык базасын» түзүүгө көбүрөөк көңүл бурчу экен.
А бүгүн нак кыргызмын дегендердин өздөрү кыргызды,
Кыргызстанды тоноп тышка качып кетип жатпайбы?! Мурункудан бир айырмасы, дал ошол бийликтин бийик тепкичинде туруп Абдрахмановчосунан ал көрүнүштү айыптап,
Ата мекен, улут үчүн чындап сар-санаа тартып, күйгүлтүккө
түшкөндөр гана жок.
Айтмакчы,
Ж.
Абдрахманов
өз
күндөлүгүнө:
«…Абийирдүү чиновник - кошоматчылар болгон кадрлар
өсүп жатат. Партия менен революция ушундан утушка
жетишеби? Күмөндүү. . . », «…Отставка жөнүндөгү ой барган
сайын мээмди чагууда. Билбей туруп башкарганың – маскарачылык». (08. 01. 1932-жыл) деп жазгандарын окуган
жайым бар. А биздин кечээги - бүгүнкү бийлик «кошоматчылар армиясын» өстүрүүнү кадимкидей мамлекеттик
саясатка айлантып, пайдубалы бекем түптөлгөн улуттук
концепция деңгээлине көтөрүп салды. Азыркылар отставкага кетмек турсун, ошол учурда эле орустун интеллектуалдарынын деңгээлинде ой жүгүрткөн Ж. Абдрахмановдун автономиялуу республиканын өкмөтүн жетектеген өз ишине
өзү алымсынбай - б. а. канааттанбай отставкага кетүү
жөнүндө чын дилинен ойлонгонуна да ишене беришпейт.
Мансап, бийлик кумарына жедеп уугуп, талгак болгон
кыргызбайлар «кантип эле жылуу-жумшак кызматты таштап кетмек болсун, жөн эле жазып койсо керек да», -деп
ойлоору күтүлүү иш. Бул дагы табигый көрүнүш, мамлекеттик кызмат азыр карууну казык кылган жумуш, мамлекет,
эл астында чоң жоопкерчилик эмес, тек, эл эсебинен
жашап, жеке баюуга түзүлгөн шарт.
Азиз окурман! Парадоксту карасаңыз, мамлекеттин өзү
түптөлө элек кезеңде Ж. Абдрахманов мамлекеттик
деңгээлде ой жүгүртсө, бүгүн эркин мамлекет бар, бирок,
мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн, максат койгон ишмерлер жок. Бул сыпаттама бийликтегилерге эле эмес,
кыргыздын бүт саясатчыларына тиешелүү экендиги
өкүнүчтүү. Азыркылардын арасынан Ж. Абдрахманов сыяктуу өзүн-өзү сын көз менен караган пендени табуу да
кыйын. Мынакей, азыр баары жабалактап, «Мен президент
болом» деп оолугуп аткан чагы. Эми ушулардын дараметдеңгээлин мындан 80 жыл мурда өткөн Жусуп Абдрахмановдун деңгээли менен салыштырып көрө бериңиз?
Анын ишин кыргыздардын азыркы мууну татыктуу
улантышууда.
Орозбековдон кийин көп жылдар Кыргыз Республикасын жалаң орустар башкаргандыгын тарых тастыктап турат. Москванын жиберген кадрлары республиканы 1950жылга чейин башкарып келишкен. Алардын кимдер экендигин окурмандарга таныштырып коюуну туура көрдүм:
Михаил Давыдович Каменский.
1924 -жылдын ноябрь айы-1925-жылдын аягы.
1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономдуу
облусу түзүлгөн. Партиянын обкомунун ошол жылдын 11ноябрында Ташкентте өткөн пленумунда обкомдун биринчи катчысы болуп шайланган.
Николай Анисмович Узюков.
1925-1927-жылдар.
1925-жылы – Кара Кыргыз обкомунун катчысы болуп
шайланган.
Владимир Петрович Шубриков.
1927-ж. июнь - 1929-ж. июнь.
1927-1929-жылдарда Кыргыз обкомунун биринчи
катчысы.
Михаил Максимович Кульков.
1929-ж. август-1930-ж. июль.
Кыргыз обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.
Александр Осипович Шахрай.
1930-ж. сентябрь - 1933-ж. сентябрь.
ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун биринчи катчысы.
Морис Львович Белоцкий.
1933-ж. сентябрь - 1937-ж. март.
Кыргыз обкомунун биринчи катчысы. Сталиндик репрессияга кабылып, атылып кеткен. 1955-жылы акталган.
Максим Кирович Амосов.
1937-ж. март-1937-ж. ноябрь.
1937-жылдын март-ноябрь айларында Кыргыз обкомунун биринчи катчысы. 1937-жылы репрессияланып,
1956-жылы акталган.
Алексей Власович Вагов.
1938-ж. февраль - 1945-ж. август.
Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.
Николай Семенович Боголюбов.
1945-ж. август-1950-ж. июль.
Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.
Исхак Раззаков.
Раззаков Исхак (1910-ж. Баткен облусу, Лейлек району,
Коросон кыштагы. 1979-ж. Москва шаарында дүйнөдөн
кайткан.)
Мамлекеттик жана саясий ишмер. 1945-1950 ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961 ж.
Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.
1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. 1931-жылы Ташкентдеги Педагогикалык техникумун бүтүргөн. 1936-жылы Москвадагы пландоо институтун
артыкчылык диплому менен аяктаган. 1936-1938-ж. Өзбек
ССР Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 19391941-ж. Комитеттин төрагасынын орун басары, андан кийин төрагасы. 1941-1944-ж. Өзбек ССР Эл агартуу комиссары,
Өзбек ССР Эл комиссарлар Советинин төрагасынын орун
басары. 1944-1945-ж. Өзбекстан КП БКнын пропаганда жана агитация боюнча катчысы. 1961-ж. августтан СССР
Мамлекеттик экономикалык Советинин мүчөсү, тамак-аш
өнөр жай бөлүмүнүн начальниги. 1965-1967-ж. СССР Мамлекеттик пландоо комитетинин аппаратында иштеген. 19461966-ж. СССР жогорку Советинин депутаты. 2000-ж. сөөгү
Москва шаарынан алынып келинип, Бишкектеги Аларча
көрүстөнүнө коюлган.
Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин, 1945-жылы,
35 жашында Исхак Раззаков ЦК ВКП (б)нын чечими менен
Кыргыз ССРына жиберилет. Бул жерде республиканын Эл
Комиссарлар Советинин председатели болуп шайланат. Бул
кызматта иштеп турган Т. Кулатовго Кыргыз ССРнын Президиумунун Председатели милдети жүктөлөт. Кыргыздын
таланттуу уулу И. Раззаков 5 жыл Кыргыз ССРнын өкмөтүн
башкарып, 11 жыл Республиканын биринчи секретары болуп иштейт.
Ал киши Республиканын кызыкчылыгы менен жашап,
коммунисттерине таянып, кызматташ жолдоштору, жетекчи кадрлары менен бирдикте көптөгөн иштерди жасаган.
Өтө уюштургуч, иш билгичтик, чынчылдык, адамдарга
күйүмдүү касиет -сапаттарын, билимин жана илимин Ата
Мекенибиздин өркүндөп-өсүүсүнө багыттап, бардык күчүн
жумшаган.
Натыйжада адамдарга болгон таза мамилелери элдин,
жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болгон.
Республиканын өкмөтүн, айрыкча Компартиянын
БКсын башкара баштаган күндөн тартып кадрлар менен
иштөө, аларды тарбиялап өстүрүү, сактай билүү, урматтоо
жана принципиалдуулук менен мамиле кылуу И. Р. Разза250
ковдун масштабдуу жүргүзгөн иштеринин негизги багыты
болуп калган. Мына ошон үчүн кадрлар арасында, жалпы
эле эмгекчилер арасында ал киши чыныгы кадыр-барктуу
болгон.
Окурман толугураак түшүнүп билсин үчүн И. Р. Раззаковдун Кыргызстанга келгенге чейинки басып өткөн жолдоруна, ата тегинин ким экендигине жана ал кишинин балалык мезгилине кыскача токтолуп кетейин.
Атасы Берк уулу Раззак азыркы Лейлек районунун Коросон кыштагында, энеси Сайип кызы Жамийла ушул эле
райондо туулат.
Ал кишилер көпчүлүк кыргыздардын жана Орто
Азияда жайгашкан элдердин катарында өтө оор турмушта
жашашкан. Ал мезгилде-XIX кылымдын экинчи жарымында жергиликтүү байлар, манаптар, аларга кошулуп Россиянын падыша өкмөтүнүн төбөлдөрү букара элди эзип иштетишкен, эмгек акысына эптеп жашай турган өлчөмдө айлык төлөшкөн. Жерлер, жайыттар жана башка байлыктар
да ошолордун кол астында болгон.
Көптөгөн адамдар көр оокаттын айынан жумуш издеп,
туулган айыл-кыштактарынан кетүүгө аргасыз болушкан.
Себеби, кандайдыр бир өнөр-жай жана башка тармактагы
мекемелер көп жерлерде жок эле.
Республиканын айрым гана жерлеринде майда-чүйдө
көмүр казып чыгаруучу кендер, тамак-аш даярдоочу ишканалар жаңыдан эле пайда боло баштаган.
Ал эми айыл жерлеринде болсо колунда барлардын
кошун айдаган, эгинин оруп-жыйнаган, малдарын баккан,
отундарын алып, отун жаккан. Берк уулу Раззак
Сүлүктүдөгү кичинекей көмүр кенине барып ишке орношот.
Ал кенде болгону 200гө жакын киши иштеген, иштөө
шарты оор болгон, бардык жумуш кол менен жасалган. Эмгек акысы аз болгондуктан, Раззак кенден бош убактыларында бирөөлөрдүн ишин аткарып, оокат кылган. Аялы
Жамийла да күйөөсүнө жардамдашып, талаадан машак терип, эптеп жан багышкан, бири-бирин колдошуп, ынтымакта жашашкан.
1910-жылдын күз айлары бул үй-бүлө үчүн кубанычтуу
күндөрдөн болуп, шахтер Раззакка жубайы Жамийла уул
төрөп берет. Көздөрү чоң балбылдаган бөбөк төрөлөт. Анын
атын Ысак деп коюшат. Бирок кийинчерээк балдар үйүндө,
интернатта жашап, документ алганда баланын аты Исхак
делип жазылып, ошол бойдон сакталып калат.
Исхак Раззаковичтин өзүнүн айткандарына караганда,
анын туулган айын, күнүн жакындары так билбегендиктен
(ал кезде туулган күндү белгилеп күбөлүк жазылып берилбеген), ал киши документтерине «1910-жылдын 25октябрында туулганмын» деп жаздырыптыр.
Жарык дүйнөгө келип, эми эле чуркап, ойноп, балдыр
тили балдырап сүйлөп, ата-энесинин сүймөнчүгү болуп калган бөбөктүн башына жараткан өтө оор сыноолорду койду.
3 жашында Исхак эң кымбат, жанындай көргөн энеси
Жамийладан, 8 жашында-тоодой көрүнгөн атасы Раззактан
ажырап тоголок жетим калган. Айла жок башка
түшкөндөргө чыдап, жаш бала турмуштун азап тозогун
көрүп, ошол кездеги замандын таш боордугун, теңсиздигин
байкайт. Бирок бул кайгылуу мезгил көпкө созулбайт. Исхакка окшогон миңдеген, миллиондогон жетимдердин,
эзилип иштеген дыйкандардын, жумушчулардын бактысына 1917-жылы Россияда, андан соң башка региондордо, алардын ичинде Орто Азияда да Совет бийлиги орнотулган.
Бир аз убакыт өтүп, Ленин башында турган большевиктер партиясы менен Совет мамлекетинин жүргүзгөн калыс элдик саясаты, жасаган иш-чаралары калкыбыз тараптан колдоого алынган, келечек үчүн катуу күрөш башталган.
Кыргыздын болочоктогу чыгаан уулу Исхак да
өлкөбүздө болгон ушундай зор өзгөрүштөрдү кубанычтуулук
менен тосуп алып, жаңы заман куруу үчүн өзүн даярдап,
билимдүү жана илимдүү болуп, мамлекетине жана элине
талыкпай кызмат кылсам деген максатта тынымсыз эмгектенет-окуйт. Тубаса акылдуу, маданияттуу, сабактарын
мыкты өздөштүрө билген жеткинчек бала окутуучуларынын, жолдошторунун арасында өзгөчө кадыр баркка ээ болгон.
Ошентип, И. Р Раззаковдун тагдыры, келечектеги орду
Октябрь революциясы алып келген жаңы заман, советтик
доор менен түздөн-түз байланышта болот. Жаңы заман аны
окутту, тарбиялады, а ал киши жаңы замандын активдүү
куруучуларынан жана көрүнүктүү ишмерлеринен болуп
чыкты.
И. Р. Раззаковдун балалык күндөрү Тажикстандын
Ходжент шаарындагы балдар үйүндө, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы интернатта өзүнө окшогон атаэнесиз жолдоштору менен тарбияланып жана окуунун
үстүндө өттү. Бул жерден ал киши өзбек, тажик, орус тилдерин үйрөнүп чыкты. Көптөгөн пикирлеш, кыйышпас досторду тапты. Өзбекстан менен Тажикстан И. Р. Раззаковдун экинчи мекени болуп калды.
Өзбекстанда техникумду бүтүрүп, эмгек жолун мугалим болуп баштады. Анан Москвадан жогорку окуу жайын
ийгиликтүү аяктап, кайра Өзбекстанга келип пландоо органдарында иштейт. Көп убакыт өтпөй эле көрүнүктүү кызматкерлердин катарына, республиканын жетекчилигинин
назарына түшөт.
Замандаштарынын айткандарына, угуп-көргөндөрүнө
караганда И. Р. Раззаков жаш бала кезинен эле өтө зээндүү,
чыйрак, жолдоштору менен дайыма ынтымакта жашаган,
эмгекти жигердүү сүйгөн сапаттарга жана адамдарды таң
калтырган сырларга ээ болгон.
Бала кезиндеги тубаса сырларынын бирин айта кетсем
ашыкча болбос.
1917-жыл. Жай айы. Исхак курбулары менен Коросон
кыштагындагы «Ак-Эшме» деген эшменин алдында ак
кумдан шаардын коргондорун, дарбазаларын, көчөлөрүн,
үйлөрүн укмуштуудай кылып куруп жаткан болот. Ошол
мезгилде Бай-кесек, Бешкент, Кысакөзгө белгилүү болгон,
эки жолу Меккеге барып зыярат кылып, ажы болуп келген,
ошол мезгилдин уламасы Амир ажы бир топ урматтуу кишилери менен атчан келип калышат. Жолдон өтүп баратып
«Ак-Эшмедеги» ак кумга курган шаардын картасын көрүп,
таң калып, балдарга кайрылат: «Эмне кылып жатасыңар?»деп сурайт. Ошондо балдар унчукпай турганда, Исхак: «Ассалоому алейкум Ажы - аба, сиз байкабай турасызбы? Мен
шаар куруп жатамын. Мына бул коргону, мына бул дарбазасы, мына бул көчөлөрү, мына бул үйлөрү, мына бул
дүкөндөрү, (бакал), мына бул дарыясы» - деп жерде жаткан
ак куурайды алып көрсөтүп берет. Амир ажынын алдындагы кишилеринин бирөө: «Ой, мойнуң үзүлгүр жетим ай,
шаарды кайдан көрүп жүрөт»-дейт. Ал эми Амир-ажы
болсо, бир канча убака чейин унчукпай туруп, кийин ба253
стырып кетет. Бир топ алыстаган соң, атынын башын буруп
токтотуп, жанындагыларга мындай дейт:
«Аким-Улукман (Абу Али Ибин Синаны ушундай деп
аташкан), жети жашында үйүндө чөк түшүп китеп окуп отуруп, сыртка чыгып кетет. Баласынын берилип китеп окушуна, жүрүш-турушуна назары түшкөн атасы, сынап көрүш
үчүн бир барак кагазды алып Аким-Улукмандын олтурган
жерине жашырып бастырып коет. Аким Улукман сырттан
кайра келип өз ордуна отуруп, кайра китебин окуй баштайт. Бирок, бир нече минутадан кийин китеп окуганын
токтотуп, бир жерди карап, бир үйдүн шыбын карап туруп
калат. Ошондо атасы: «Ээ балам, эмне ойлонуп калдың?»деп сурайт. Анда Аким-Улукман: «Кызык, ата, мен сыртка
чыгып кайра келгиче, назарымда жер бир аз көтөрүлүп
калгандай, же үйдүн шыбы бир аз ылдый болуп калгандай
болуп турат»-деп жооп берген экен. Ал Аким-Улукмандын
ким болорун 7 жашында анык билип аталык назарын
салган. «Ошонун сыңарындай, -дейт улама Амир-ажы, аттиң ай, көрбөй калабыз да!, бул бала бир адам болот го?»деп айткан экен.
Мына 7 жашар Исхак ошол доордун эң чоң уламасы
Ходжент, Самарканд, Бухара, Кокон шаарларын көргөн, ал
тургай Турцияны, Грецияны, Сирияны, Иранды, Иракты,
Аравияны, Мекке шаарларын көргөн Амир-ажыны таң калтырып, өзүнүн тубаса сыры бар экенин көрсөткөн. Амир ажы Исхактын даанышман инсан болгонун көрбөй 1932жылы ааламдан өткөн экен.
Исхак Раззаков өзүнүн бала кездеги оор күндөрүн Салмоорбек агайга, алардын бир жолугушуусунда кеңири айтып бергенин, мен ушул жерде төкпөй-чачпай толугу менен окурмандарга жеткирүүнү туура көрдүм, Салмоорбек
агайдын үйүндө болгонумда ал киши тарыхчы катары Исхак Раззаковдун айткандарын төмөнгүчө баяндаган эле. «Менин балалык кезимдеги чыдамсыз оор турмуш
күндөрүмдү башкалар эмес менин көп туугандарым да
билбейт. Менин атамдын колунда жок, күндөлүк оокатты
таап, күн көрүп жаткан кезде, мен 3 жашымда эң кымбат
жанымдай көргөн энем дүйнөдөн кайткан. Атам, эжем
үчөөбүз жан сактап жүргөндө, атам да ооруп калды. Көп
жөтөлүп, ыкшып жатып калаар эле. Бир күнү атам айтты:
Балам, туугандарыбыз жана тагам Абдылда молдо да ача254
рчылыктын айынан Курама деген жерге көчүп кетти. Бул
жерде оокаттын өтүшү кыйын. Мен оорукчан болуп калдым, ошондуктан бул жерде калган жакын туугандардын
үйүнө Жаңылай эжеңди таштайбыз, биз экөөбүз молдо Абдылда тагаңдыкына барып, ал киши менен биргелешип сени Ходженттеги балдар үйүнө киргизсем, ошол жерде окуп,
көзүңдү ачып, сабаттуу адам болосуң, акыл-эсиң бар, жаш
болсоң да баарына түшүнөсүң»-деди. Ошондо мен макул болуп тагамдыкына жөнөдүк.
Жолго чыгаарда коңшу жакын туугандарыбыздын
аялынан бир загыра нан (жүгөрүнүн унунан жасалган) сурап алды да, аны жоолукка ороп белине байлады, -дейт И.
Раззаков. Ошентип жолго чыгышат. Бир күн кечке жол
жүрүп, жолдо үч-төрт жерде токтошуп, суунун боюна отуруп атасы бир сындырым нан берет, өзү болсо кээ бир убакта жөн эле суу ичип алат.
Бир жолу-«ата, сиз эмнеге нан жебейсиз»-десем, балам мен чыдайм, сен ачка калба дейт. Анда мен деле суу
ичип алайын, мен жаш эмесминби, сиз жеңиз деп, бир
сындырым нанды алдына койсо атасы жебей кайра
жоолукка ороп алат.
Ошентип жүрүп отуруп, ар жерге тыныгуу жасап
жүрүп, Катма деген айылга келишет. Арыктын боюна отуруп атасы узак жөтөлөт да тынчып калат. Тынчыганда уктап кетти деп жанына чыканактай олтурат. Бир убакта
«Балам!»-деди да колун көтөрөм деп көтөрө албады. Мен
барып «Ата, ата»-десем унчукпады. Нары-бери кыймылдатсам да болбоду, көзүн ачпады. Ошентип атам да көз
жумду. Ыйлагандан башка эч нерсе колумдан келбеди.
Атамдын өлүгүнүн башында ыйлап олтурсам, бир атчан
киши жолдо келе жатыптыр. Жолун утурлап, тааныбаган
кишиге «Аке менин атам»-деп катуу ыйлап жибердим. Ал
киши «Эмне болду» - деп сураганда, «Атам өтүп кетти»дедим, - дейт. Ал киши атамдын өлүгүн атына өңөрүп, мени
учкаштырып, молдо Абдылда тагамдын үйүнө алып келип
түшүрдү дейт. Эртеси атамды көмгөндөн кийин, эжемди да
алып келишти.
Таекемдикинде эки-үч ай жүрүп калдым. Таекемдин да
турмушу начар эле. Ошондуктан мен бир чолок кишинин
колунда жалданып, отун терип келип берип жүрдүм. Ал
эми ал киши отунду, куурайды базарга сатат. Бир күнү тае255
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 15
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.