Latin

Сезимде жүргөн элестер - 03

Total number of words is 3779
Total number of unique words is 1882
26.6 of words are in the 2000 most common words
37.5 of words are in the 5000 most common words
43.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
алып жатты. Мен экзаменге кирип, столдо жайылып
жаткан экзамендик билеттен алдым. Билеттин суроолору
орус тилинде жазылган экен. Агайдан суроолорду
кыргызча түшүндүрүп берүүсүн сурандым. Андан кийин
ар бир суроого (билетте үч суроо бар экен) өз билгеним
боюнча даярдандым. Кезегим келгенде мугалим мени
жооп берүү үчүн өзүнө чакырды. Даярданганым боюнча
жооп бердим. Андан кийин агай кошумча эки суроо
берди эле, ага мен так жооп бере албай калдым. Ошондо
Абакиров: – “Тарых сабагынан ким окутту” деп сурады,
мен ага Акматов Жакен агай окуткан деп жооп бердим.
Абакиров агай: – “Анда ошол Акматовго салам деп айтып
бар, жакшы даярданып эмки жылы келесиң” деп экзамен
баракчама “неуд.” деген баа коюп чыгарып жиберди. Бул
мен үчүн абдан чоң эстен кеткис сокку болду. Ошентип
Оштун пединститутуна окууга өтпөй калдым. Эртеси
институттан документтеримди алып үйгө кетүүгө
камындым. Оштон эки-үч күндөн кийин машина күтүп
жүрүп, кайсы күнү кандай машина менен ДароотКоргонго келгеним эсимде калбаптыр. Мени менен бирге
келген Жамалдин Тагаев дагы кирүү экзамендеринин
бирөөсүнөн кулап, ал дагы институтка өтпөй калды.
Үйгө келгенден кийин бир айлап бекер жүрдүм. Анан
атама:
“Ата
бир
мекемеге
сүйлөшүп,
жумушка
жайгаштырып койсоңуз”, деп сурандым. Бир нече күн
өткөндөн кийин атам Чоң-Алай керек-жарак коомуна
(РайПО) үйрөнчүк бухгалтер деген жумушка орноштурду
(эмгек акысы 20 рубль экен). Бул мекемеде Саубанов
Нинар (татар улутундагы) экөөбүз бир жылча чогуу
иштеп жүрдүк. Атайын билимибиз болбогондуктан
өзүбүздүн келечегибизди ойлоп бир кесипке ээ болууну
(эң эле болбогондо бухгалтердик кесипке) көздөп, Фрунзе
шаарындагы кооперативдик училищага барууну чечтик.
Чоң-Алай керек-жарак коомунун жетекчилиги бизди
бухгалтердик адистикке окуу үчүн жолдомо берип
жөнөттү. Чоң-Алайдан Ошко келип, Жалал-Абад – Фрунзе
каттамындагы пассажирдик поезд менен Кара-Суу темир
жол станциясынан Фрунзеге жөнөп кеттик. Нинар экөөбүз
тең өмүрүбүздө биринчи жолу поездге түшүшүбүз. КараСуудан чыккандан кийин Андижан, Ташкент, Жамбул
шаарларын басып өтүп, эки суткадан ашык жол жүрүп
Фрунзе шаарына келдик. Бул күнү темир жол вокзалында
түнөп чыктык. Эртеси темир жол вокзалынан чыгып,
Дзержинский бульвары менен шаардын борбордук
аянтын көздөй бара бердик. Шаардын гүлдөп турган
учуру экен. Дзержинский бульвары көпкөк болуп
адамдын көңүлүн ачат. “Ала-Тоо” кинотеатрынын бет
маңдайында жайгашкан чайханага жетип, ушул жерден
чай ичип алууну ылайык көрдүк. Бул чайхана
“Кулатовдун чайханасы” деп аталат экен. Ошол мезгилде
Төрөбай Кулатов, Кыргыз ССРинин прездиумунун
председатели (төрагасы) болуп туруптур. Илгери бул
кызматка келгенге чейин Кызыл-Кыядагы көмүр кенинде
жумушчу (шахтер) болуп эмгектенип келген. Ноокат
районундагы Көк-Жар айылынын тургуну экендигинен,
азыркы мезгилде Ноокат районунда ушул кишинин
атына коюлган Кулатов айылы бар.
Бул чайхана шаарга республиканын түштүгүнөн
келген коноктор үчүн Төрөбай Кулатовдун атайын
көрсөтмөсү боюнча курулган, шаар боюнча жалгыз
чайхана болчу. Биз андан ары Панфилов атындагы эс
алуу
багын
аралап,
өткөн-кеткен
кишилерден
кооперативдик техникумду сурамжылап бара бердик.
Биз издеп келген кооперативдик училища орустардын
чиркөөсүнө жакын жерде жайгашкан, эки кабаттуу
техникумдун имаратында экен. Биз түз эле окуу жайдын
кадрлар
бөлүмүнө
кирип,
алыскы
Чоң-Алайдан
келгендигибизди айтып, тиешелүү документтерибизди
тапшырдык. Училищада жатакана жок экендигине
байланыштуу курсанттарды жеке менчик үйлөргө
келишим менен батирге жайгаштырышканын билдик.
Училищанын завхозу бизге да Ушаков көчөсүндөгү бир
үйдүн адресин берип, “ал жерде силерден башка дагы эки
бала жашайт, квартира төрт балага ылайыкталган”, - деп
биздин колубузга кагаз жазып берди. Ал үйдү адреси
боюнча издеп, тез эле таап алдык. Бизден бир жума
башта келип, бул квартирада жайгашкан эки бала ЫсыкКөлдөн келишкен экен.
Ушул жерден Фрунзе шаарына келгендеги көрүнүш
жөнүндө бир эки ооз сөз:
Фрунзе – (1926-жылга чейин Пишпек) Кыргыз
ССРинин борбор шаары. Кыргызстандагы ири өнөр жай
жана маданий борбору, транспорт тоому. Фрунзе –
республиканын борбору болгондуктан жогорку окуу
жайлардын, техникумдардын дээрлик көпчүлүгү ушул
шаардан орун алган. Биз окууга келген жылдары Кыргыз
Мамлекеттик университети, Политехникалык институт,
Айыл чарба институту, Физкультура (Дене тарбия)
институту,
Кыз-келиндер
институту
(женпед),
Медициналык
институт,
жана
техникумдардан:
Автодорожный техникум, Кооперативный техникум,
Соода техникуму, Индустриальный техникум жана башка
бир нече профтехучилищалар үзүрлүү иштеп турган.
Ал мезгилде шаарда көп кабаттуу үйлөр жокко эсе
болгон, эң эле бийик имараттар төрт кабатка чейин
болгон. Шаардын ошол мезгилдеги көрүнүшүн акын
Байдылда төмөнкүдөй сүрөттөйт:
Бул Пишпек жүз жыл илгери,
Бир айыл экен кыштакча.
Ал кездин күлүк “Волгасы”,
Ат чеккен шалдыр араба.
Анда-санда түшчү - дейт,
Атактуу киши ага да.
Бир түнөп араң жетчү экен,
Пишпектен Токмок калаага.
Өзгөрүш мындай болорбу...
Өзгөртүү аны оңойбу...
Чырпыктан тиккен жаш көчөт,
Чынарга жетип чоңойду.
Эшектен бою чоң эмес,
Эргежээл үйлөр жоголду.
Фрунзе шаарынын кооздугун, кийинки жылдардагы
шаардын өсүп-өнүгүшүн акын төмөнкүдөй сүрөттөйт.
Фрунзе шаары жашыл шаар,
Бүт кыргыз сүйгөн асыл шаар.
Мурундан жыты кетпеген,
Буруксуп турган атыр шаар.
Ала-Тоо менен теңешкен,
Ай менен Күнгө жакын шаар.
Ысыкта жүрсөң салкын шаар,
Ырыска бүткөн алтын шаар.
Бир көргөн жанды дегдетип,
Миң жолу кайра талпынтар.
Ай өтсө жылды жаратат,
Абайлап байкап карасак.
Ар жерде бийик имарат,
Ак чоку менен жанашат.
Ай өткөн сайын Фрунзем,
Айчүрөк болуп баратат.
Жыл өткөн сайын карасак,
Жыргалын элге таратат.
Көчөлөр толгон жаңылык,
Көңүлгө шаттык жаратат.
Жыл өткөн сайын Фрунзем,
Жылдыз шаар болуп баратат.
Ондогон окуу жайлары,
Билимдүү жаштар жайнады.
Оңдолуп күндө жашарып,
Оюнан чыгып капалык.
Он сегиз жашка караган,
Кыялкеч кыздай жасанып.
Билинди бүткүл дүйнөгө,
Фрунзе шаары аталып.
Көп көчө гүлзар жайлардын,
Көркүнө дагы көрк берип,
Көргөндүн көзүн кубантып.
Көбөйдү фонтан, эстелик.
Бой эргип, толкуп кетемин,
“Борборум менин” - деп келип.
1957–жыл. Ош шаарына окууга келген жердештер
менен.
Солдон оңго
карай:
Биринчи
катарда:
Жапаров Курсанбай.
Сыдыков Токтобек.
Матисламов
Абдырахман.
Эшмаматов
Султанмурат.
Экинчи
катарда:
Маматкаимов
Мамасаит .
Мамытов Буркан.
Калилов Сүйүндүк.
Дүйшөбаев Апсатар.
Студенттик күндөр
1959-жылдын июль айында училищаны “эң жакшы”
деген баалар менен аяктап, ардак баракчасына татыктуу
болгон, бухгалтер деген адистиктин күбөлүгүн алдым.
Биз училищаны бүтүп жаткан учурда жогорку окуу
жайларына документтерди кабыл алуу башталып калды.
Нинар экөөбүз ал жерден Кыргыз потребсоюздун кадрлар
бөлүмүнө
кирип,
кооперативдик
жогорку
окуу
жайларынын бирине кирүү экзамендерин тапшыруу үчүн
арыз бердик. Кадрлар бөлүмү арызыбызды кабыл алып,
бизге Москва, Киев, Львов, Новосибирск жана Самарканд
шаарларындагы кооперативдик институттарга кирүү
экзамендерин ийгиликтүү тапшырган абитуриенттерди
жибере тургандыгы жөнүндө маалымдады. Кирүү
экзамендерин
Фрунзе
шаарындагы
жогорку
окуу
жайларынын мугалимдери келип ала баштады. Биринчи
орус тил сабагынан диктант жаздык. Андан “жакшы”
(төрт)
деген
баа
алдым.
Кийинки
экзаменди
математикадан
тапшырдык,
бул
экзаменди
политехникалык институттун мугалими алып жатты.
Менден бир аз мурун экзаменге кирген Нинар “эки”
алдым деп кабагы түшүп, көңүлү чөгүп чыкты. Анан мен
кирип берген тапшырмаларын туура чыгарууга болгон
амалымды пайдаланып “үч” деген баа алдым. Эми окууга
өтүш же өтпөш күмөн болуп калды. Эртеси Нинар
документтерин алып Чоң-Алайга кетем деп калды. “Эми
беш күн чыда, мен калган эки экзаменди (география,
тарых сабактарын) тапшырып көрөйүн, анан чогуу
кетебиз”, - деп аны көндүрдүм. Үчүнчү экзамен география
сабагынан болду, бул сабактан кирүү экзаменди кыргыз
улутундагы агай алды. География сабагын “беш” деген
баага тапшырып чыктым. Акыркы кирүү экзамени тарых
сабагы эле. Тарых сабагын тапшырууга кирердин
алдында
Ош
пединститутуна
кирүү
экзаменин
тапшырган учур эсиме түшө калды. Бирок бул сабакты
ийгиликтүү
тапшырууга
үмүтүмдү
үзгөн
жокмун.
Тагдырдын буйругуна ылайык бул экзаменди да “төрт”
деген баага тапшырдым. Кирүү экзамендерин ийгиликтүү
тапшырып, Чоң-Алайга үйгө келдим. Үйгө келген күндүн
эртеси эле Нинар экөөбүз керек-жарак коомуна
училищадан алган документтерибиз менен башкармага
кирдик. Бул жерде бухгалтердик кесип боюнча экөөбүздү
тең жумушка кабыл алышты. Көп убакыт өтпөй август
айынын акыркы күндөрү мага жана Чоң-Алай райПОсунун
башкармасына (ошол убакта Курбанбеков Турдукул деген
адам башкарманын төрагасы болуп иштеп турган эле.)
Кыргызпотребсоюздун правлениясынан (башкармасы)
төмөнкүдөй телеграммалар келет. Ал телеграммалардын
тексти бүгүнкү күндө да менин эсимде:
Биринчи телеграмма:
Председателю Чоң-Алайского райПО Курбанбекову:
“Обеспечьте
явку
Маматкаимова
Мамасаита
г.
Новосибирск к первому сентябрю Новосибирскому
Кооперативному Институту”.
Подпись:
председатель
Кыргызпотребсоюза
Медетбеков.
Ал эми менин адресиме
тексти төмөнкүчө эле:
келген
телеграмманын
с.
Дароот-Коргон
Чоң-Алайского
района
Маматкаимову М.
“Вы
зачислены
студентом
Новосибирского
Института
Советской
Кооперативной
торговли.
Явиться
к
первому
сентябрю
г.Новосибирск.”
Председатель правления Кыргызпотребсоюза Медетбеков.
Бул кабарды алгандан кийин мен Россиянын алыскы
шаарына жалгыз кетким келбей ойлоно баштадым, ушул
жерде райПОдо эле бухгалтер болуп иштеп, жогорку окуу
жайын сырттан окусамбы деген ой да түйшөлтүп жатты.
Мындай учурда туура чечим кабыл алуу, чечкиндүү
кадам шилтөө абдан оор болот эмеспи. Атам менен
акылдашып, акыры атамдын айткандарын туура көрдүм.
Атам:- “Ээ балам, мындай чоң окуу жайына, орустардын
жерине барып окуш ар кимдин эле бактысына туш келе
бербейт. Абдан жакшы иш болуптур, сенин өзүңдүн
келечегиң үчүн кылчаңдабай жөнөй бергин. Убакыт тез
эле билинбей өтүп кетет, армиянын катарына баргандар
деле жүрбөйбү” - деп атам мага кайрат берди (армияга
кызмат кылуу мөөнөтү ал учурда үч жыл болчу). Бул
жерден атам менин келечегимди көрө билип, туура
кеңеш берген деп эсептейм.
Мына ушинтип Россиянын алыскы Новосибирск
шаарына жөнөшүмө убакыт жетип келди. Атам ак
батасын берип, Новосибирск шаарына самолет менен
учуп барууга жана эки-үч айга жеткендей акчаны
камдап, мени эртеси Ошко узатты. Ошко келип
Новосибирск шаарына учуу үчүн самолетко билет алдым.
Билеттен ашкан акчамды Госбанкага тапшырып,
аккредитив жаздырып алдым (аккредитив дегени –
тапшырган акчанын суммасына ылайык берилген баалуу
кагаз). Оштон Ташкент шаары аркалуу Новосибирск
шаарына учуучу каттам бар экен. Ошол каттам менен
1958-жылы 30-август күнү мен Ташкенттен эртең
мененки саат бештерде ТУ-134 тибиндеги самолет менен
Новосибирскиге учуп жөнөдүм. Ташкентте күн ысык
болчу, мен жеңи кыска көйнөкчөн элем, сырткы
кийимдерим
чемоданымда
болчу.
Новосибирск
шаарынын “Толмочево” деген аэропортуна төрт сааттан
ашыгыраак убакытта учуп келдик. Бул аэропортто биз
келгенде жамгыр жаап, шамал болуп, күн абдан суук
экен. Багажымды алганча абдан үшүп кеттим. Биринчи
жолу мындай чоң шаарга келип, анан институтту кандай
таап барарымды ойлоп, бир топ санаа басты, өзүмчө
коркунуч да пайда болду. Ташкенттен учуп жатканымда
самолетко эки өзбек жигит киришкен эле. Мен аларды
эмне болсо да азиат жигиттер экен деп, шаарга кошо
алганча кетесиңерби деп суранып, ошолор түшкөн жеңил
машинага чыгып отурдум. Толмочево аэропортунан шаар
кырк-кырк
беш
чакырым
аралыкта
экен.
Обь
дарыясындагы бир жарым чакырымдай аралыктагы
көпүрөдөн өтүп, Новосибирск шаарына кирип келдик.
Шаарга киргенде мен “Кооперативдик институтка
келишим керек” деп айттым эле, чогуу келе жаткан өзбек
жигиттер – “Мына ушул жерден түшүп кал” дешти.
Институттун алдында машинадан түшүп калгандан
кийин, көзүм институттун “Новосибирский Институт
Советской Кооперативной торговли” деген жазуусуна
түштү. Эми туура эле адашпай келген экенмин деген
ишенич пайда болду. Биз менен чогуу келген эки өзбек
жигиттер да, ушул институттун үчүнчү курсунда
окушканын кийин билдим.
Институттун босогосун аттап, күзөтчү отурган
кабинага бурулдум. Күзөтчү улгайып калган орус аял
экен. “Кайдан келдиң, бүгүн иш күн эмес, эч ким жок”
деди. “Мен биринчи курска Кыргызстандан келдим”
дедим. Анчада институттун жогорку кабатынан улгайып
калган бир киши түшүп келди, менин кайдан
келгендигимди
сурады.
Мен
биринчи
курска
Кыргызстандан
келдим
деп
айттым.
Ал
киши
институттун партиялык уюмунун секретары экен. Мени
күзөтчү аялга дайындап, “Аудиториялардын бирине
жайгаштырып кой, ошол жерден түнөп чыксын” деп
чыгып кетти.
Мени күзөтчү аял ээрчитип, экинчи кабатка
көтөрүлүп, бир окуу бөлмөсүн ачып, ушул бөлмөдө эс ала
бер деди. Кайра күзөтчү аялдын отурган бөлмөсүнө чогуу
түшүп келе жатсам, сырттан Акматбек кирип келди. Бул
жигит да Фрунзеде институтка кирүү экзамендерин биз
менен чогуу тапшырган болчу. Мен аны көргөндө абдан
кубандым. Экөөбүз учурашкандан соң, анын качан
келгенин, кайда жайгашканын, дагы кыргыз балдардан
биринчи курска кимдер келгендигин сурашып калдык.
Ал Фрунзеден поезд менен келгенин, келгенден бери
шаардагы темир жол вокзалында түнөп жүргөндүгүн
айтты. Акматбек мага кайрылып, “Жүр,- темир жол
вокзалына баралы, чемоданыңды камера храненияга
тапшырып, ал жерден түнөп чыгабыз. Эртең менен
институтка келебиз, анан институттун завхозу квартира
бере тургандыгын айтты. Ошентип Акматбек экөөбүз
институттан чыгып, темир жол вокзалына баруучу
трамвай менен (менин трамвайга биринчи жолу
түшүшүм эле) вокзалдын аялдамасынан түшүп калдык.
Трамвайда жүргүнчүлөр толтура жүрөт экен. Шаардагы
адамдардын көптүгүн ушундан байкадым. Вокзалга
кирип,
камера
храненияга
менин
чемоданымды
тапшырдык. Бул вокзалдын ичинде жүргүнчүлөрдүн
көптүгүнөн бир дагы бош орундук табылбайт. Кечинде
анча-мынча орундуктардын бошоп калганын шап эле
барып ээлеп калып, эми эле уктайлы деп жатып калсак,
милиционер келип түрткүлөп ойготуп кетет. Биз
кайрадан бош орундук издеп жүрүп, кээде бир аздан
чырым этип, эптеп таң атырдык. Эртеси институтка
келсек Фрунзеден башка балдар да келишиптир.
Институттун атайын жатаканасы жок экен, шаар боюнча
ар жерден жеке менчик үйлөрдү келишим менен
жатаканага бөлмөлөрдү даярдап ошол квартираларга
студенттерди жайгаштырат экен. Биз дагы ошондой
квартиралардын биринен орун алдык. Бирок бул
квартираларда темир кроваттан башка төшөнчү орун
жок. Эки күндөн кийин төшөнчү орун алдык. Сентябрь
айынын беш-алтысы болсо керек, институттун биринчи,
экинчи курстарын айыл чарба жумуштарына бир айга
окууну токтотуп жөнөттү. Биздин группаны Новосибирск
облусунун алыскы бир районуна жөнөттү. Кыргызстандан
келген биринчи курска биз менен окуган Чолжиев Белек
(ал Фрунзедеги кооперативдик техникумду бүтүп келген)
жана
Абдырахманов
Хабибрахман
(Тогуз-Торо
районунан) курулуш отряддарына жазылышып шаарда
калышты. Мен болсо группадагы башка жактан
келишкен
(Тувадан,
Якутиядан,
жана
башка
шаарлардан) балдар менен айыл чарба жумушуна
кеттим.
Айыл чарба жумуштары аяктап, институтта окуу
башталды. Мен институтка трамвай менен бир саат
убакытта келүүчү шаардын Свердловск районундагы
жашы сексендерге жакындаган кемпирдин үйүндө
батирде жашап жүрдүм.
Биздин группада он беш улуттун өкүлдөрүнөн турган
балдар-кыздар окуучубуз. Ошондуктан биздин группаны
“интернациональный” деп аташчу. Группада бир казак,
бир өзбек, эки татар, эки кыргыз, үч якут, бир хакас, бир
грузин, бир немец, бир ингуш, бир хахол (украинец), эки
дунган, бир кореец, эки тувин, алты орус улуттарынын
өкүлдөрү окуйт эле. Мен экинчи курстан баштап,
институттун
жаңыдан
курулган
окуу
корпусунун
жанындагы
жаңыдан
тургузулган
төрт
кабаттуу
жатаканада Николай Байбаков, Павлик Фирсов, Василий
Курбетьевдер менен институтту аяктаганча бир бөлмөдө
жашадык.
Биринчи курска келип, алгачкы лекцияларды уга
баштаган
мезгилде
орус
тилин
жакшы
билбегендигимден, лекцияларды үлгүрүп жаза албай, же
жакшы түшүнө албай, абдан кыйналып жүрдүм. Алыскы
Чоң-Алайдан Россиянын ушундай чоң шаарына келип,
институтта окуй албай кетсем, абдан жаман абалда
болорумду ойлонуп, тезирээк орус тилин жакшылап
өздөштүрүү керек экенине акылым жетти. Лекцияларды
угуп, керектүү адабияттарды жазып алып, сабактан
чыгып, бир эки саат шаарда (биринчи курста
окуганыбызда
институтубуз
шаардын
борборунда
болучу) ары бери жүрүп, дүкөндөргө, ашканаларга кирип,
тамак алып жеп, кыскасы орусча туура сүйлөгөнгө аракет
жасап жүрдүм. Анан кеч киргенче институттун
китепканасынын окуу залында окулган лекциялардын
адабияттарын алып, андан кыскача конспект жазып
жүрдүм. Математиканын жогорку курсу “матанализ”,
высшая математика деген сабакты орто мектептин
программасындагы
математика
сабагын
жакшы
билбесең, аны өздөштүрүү бир топ татаал. Высший
математикадан Иван Павлович деген улгайган адам
окутуучу эле. Лекциядан кийин Иван Павловичке
кайрылып, агай ал жерин түшүнбөдүм, бул жерин
түшүнбөдүм деп агайдын артынан ээрчип, консультация
берүүсүн суранар элем. Ал агай мени бош убактысына
консультация берүү үчүн чакыруучу, жана мени “земляк”
деп атаар эле. Эмне үчүн мени “жердеш” деп атаганын
билгим келип:- “Иван Павлович, мени эмне себептен
земляк дейсиз” десем, ал киши мынтип жооп бергени
эсимде: “– Мен Улуу Ата Мекендик согушка чейин
Фрунзедеги “Женпедде” высший математика боюнча
мугалим болуп иштегенмин. Андан согушка кетип,
согуштан жарадар болуп, ушул институтка келип иштеп
калганмын” деп айтып берген.
Фрунзедеги “Женпед” (Женский педагогический
институт) бул окуу жайы республикада кыргыз
кыздарына атайын педагогикалык жогорку билим
берүүчү
жалгыз
окуу
жайы
болгон.
Негизинен
педагогикалык кесиптеги адистерди – мугалимдерди
даярдаган.
Новосибирск шаарына келип, Акматбек экөөбүз эки
күн түнөгөн темир жол вокзалы жөнүндө айта кетүүнү
туура көрдүм. Бул темир жол вокзалы СССР боюнча эң чоң
шаарлардагы (Москва, Ленинград, Сталинград ж.б.)
темир жол вокзалдарынын ичинен абдан кооз жана
жогорку архитектуралык чеберчиликте курулган чоң
вокзал. Бул
вокзал
аркылуу Ыраакы
Чыгышка,
Иркутскиге,
Красноярскиге,
Хабаровскиге,
Владивостокко, андан ары Кытайга кетчү темир жол
вокзалы экен. Бул вокзал Сибирге кетчү СССРдин
батыштагы
шаарларын
байланыштыруучу
темир
жолдордун негизги станциясы десем жаңылбасмын.
Биз Кыргызстандан баардыгы болуп он студент
биринчи курска келген элек. Биздин группада Рамзия
Сахабудинова, Хабиб Абдырахманов, Чолжиев Белек
жана мен болуп төртөөбүз окуп калдык. Чолжиев Белек
жөнүндө айта кетүүгө туура келди, ал Фрунзеден
кооперативдик техникумду жакшы бүткөн, орус тилинде
абдан жакшы сүйлөгөн (мен өзүмө салыштырмалуу айтып
жатам) жигит болуучу.
Экинчи
курстун
биринчи
сессиясы
(кышкы)
башталганга чейин Чолжиев жатаканадан студенттердин
кийимдерин уурдап, ал эми бизден – кыргыз балдардан,
бирибиздин
саатыбызды,
бирибиздин
костюмшымыбызды, бирибиздин бут кийимибизди бүгүнчө
берип тургула, “мен кыздарга свиданиеге барам” деп
ошол бойдон жатаканадан уурдап алган буюмдары
менен “Толкушка” базарында сатып жүргөн жеринен
студенттер көрүп калышат. Ошол эле күнү, ал жатаканага
да келбей, кечинде поездге отуруп Фрунзеге качып кетет.
Студенттердин арасында кийимдерин уурдаткан балдар,
анын кыргыз экенин, Кыргызстандан келгенин анык
билишкенден кийин, Кыргызстандан келген башка
студенттерди, айрыкча, кыргыз балдарды да, анын
кесепетинен жек көрүп калышты. Ошентип, ал Чолжиев
деген акмак, бизди, кыргыз балдардын намысын булгап,
институт боюнча Кыргызстандан келип окуп жүрүшкөн
студенттерди уятка калтырып, институттан айдалып
кеткендигине байланыштуу сот жообуна тартылбай
качып кеткен. Мен, бул окуяны эскерип жатканым, ошол
жаман жолго түшүп кеткен Чолжиевдин жоругун, ал бир
мезгилде өзүнүн келечегине балта чаап, туура эмес жолго
түшүп кеткенине өкүнүп, аттиң деп арман кылып
жүргөндүр деп ойлоймун.
Кышкы сессия жакындаганда мен мурунку жашап
жүргөн квартирамдан институтка жакын, шаардын
борборундагы Акматбек менен Турар экөө жашаган
квартирага которулуп келдим. Ал экөөсү “Товароведение”
факультетинде окушчу. Институтка болгону он беш
минутадай жөө басып барчубуз. Биринчи семестрде
айрыкча мен үчүн көптөн-көп коркунучтуу болгон сабак
бул высший математика эле.
Орто мектептин жетилүү аттестатында математика
сабагынан “эң жакшы” деген баа турат. Чындыгында,
математикадан “5” деген баага ылайык татыктуу
билимим жок экендигин эми билдим. Азыр аны эстесем
мектептин директору болуп иштеген Абитбеков, казак
улутундагы агай, өзүнө тиешелүү сабактарды, айрычка
математика сабагын алда канча үстүртөн окутуп жүргөнү
белгилүү болуп, менин зээнимди кейитти. Анткен себеби
“Иван Павлович сен 10-классты бүтүрдүң беле?” - деп
сураганда, мен аттестатымда математикадан “беш”
деген баа коюлгандыгын айтып, ага бизди математика
сабагынан окуткан мектептин директору Абитбеков
жөнүндө анын математикадан үстүртөн сабак берип
жүргөнүн төмөнкүчө баяндадым: – “Ал класста өтүлө
турган темаларды өзүнүн жазган конспект дептерин
биздин класскомго берип, аны доскага жазып бер деп,
класстан чыгып кетээр эле”.
Убакыт желдей учуп, тез эле кышкы сессия
башталды. Программа боюнча зачетторду тапшырып,
анан экзамендерди тапшыра баштадык. Эки сабактын
экзаменин “төрт” деген баага тапшырдым. Ал эми
высший математикадан Иван Павлович мага земляк
катарында
“орто”
деген
баа
койду.
Высший
математикадан “неуд.” (канааттандырарлык эмес деген
баа) алган группалаштарым да болду. Биринчи курсту
аяктап,
жазгы
сессиянын
экзамендерин
“удовлетворительно”, башкача айтканда “орто” деген
баасыз тапшырууга жетиштим.
Мен жогоруда эскерип кеткендей, кадрларды
даярдоого КПСС БК тарабынан зор камкордук көрүлүп,
институтта жакшы окуган студенттерге жогорулатылган
стипендия берилип, окуунун сапатына да катуу көңүл
бурулуп туруучу. Биз группадагы жатаканада төрт студент – Василий, Николай, Павлик, мен болуп чогуу турчубуз. Экинчи курста окуу башталып, ноябрь айынан
шаардагы эң чоң эт комбинатына мезгил-мезгили менен
барып, ал комбинатка вагондо келген этти төртөөбүз
түшүрүп, эмгек акыбызга бир вагон үчүн 140-170 рубль
алып жүрдүк. биз көбүнчө вагондо келген канаттуулардын этин (тоок, өрдөк) түшүрүүгө барчубуз. Ар бирибиз
эки-үч тооктун этин да кошумча алчубуз. Ал этти тор баштыкчаларга
(сеткага)
салып,
өзүбүз
жашаган
бөлмөбүздүн терезесинин көзөнөгүнөн сыртка чыгарып
байлап коер элек. Анткени жатаканада эт сактай турган
муздаткыч жок болчу. Терезенин сыртындагы суук 25-30
градуска жетип, кээде андан да төмөн болгондуктан ал
эттер бузулбастан тоңуп тура берчү. Биз кезектешип жатаканадагы тамак бышырууга дайындалган бөлмөдө
күнүнө бир маал ошол эттен тамак бышырып калган
убакта институттун алдындагы ашканадан тамактанчубуз. Бул жерде эскере кетейин дегеним: ошол студенттик
ашканада студенттерге нанды бекер бергендигин айта
кетмекчимин. Кант салынган бир стакан чай – 2 тыйын
(копейка), ал эми кесилген нандан каалашыбызча алар
элек.
Бирок, мындай камкордук биз госпрактикадан кайтып госэкзамен тапшырганы институтка келген жылы
токтотулуп, нан да сатууга коюлуптур.
Орус тил сабагы биздин “интернациональный” деп
аталган группанын студенттери үчүн чет тил сабагы
катарында программага киргизилген. Бул сабакты
бешинчи курсту аяктаганча окудук. Бешинчи курсту
бүтүп жатып, кышкы сессияда орус тили боюнча
Госэкзамен тапшырдык. Бул экзаменден “беш” деген баа
алдым.
Экинчи курста окуп жүргөнүмдө жайкы сессияны
(экзамен, зачетторду) тапшырып жүргөн мезгилибиз.
Демейде күн ысык, дем алыш күнү болчу. Павлик экөөбүз
Обь дарыясынын жээгине барып чөмүлүп келебиз деп,
дарыянын жээгиндеги аралчага келдик. Дарыянын
жээгинде студенттер жана башка жаштар толтура эс
алып, айрымдары дарыядан бөлүнүп аккан суунун аркы
өйүзүндөгү аралчага өтүп, күнгө күйүп жатышыптыр.
Кыскасы дарыянын жээгинен биз да орун алдык. Бир
аздан соң, Павлик “давай купаться” - деп дарыядан
бөлүнүп, агып жаткан көлмөчөгө чөмүлүп кирди. Мен да
ал көлмөчө терең болбосо керек деп ойлоп, өзүмдү таштап
жибердим эле, кайра турайын десем бутум жерге тийбей,
сууга чөгүп бараттым, анткени мен таптакыр сууда
сүзгөндү билчү эмесмин. Болгон күчүмдү жумшап
секирдим эле, башым суудан бир көтөрүлө түштү.
“Павлик!” - деп кыйкырып, кайра көлдүн ичине чөгүп
бараттым. Ошондо Павлик менин үнүмдү угуп, чөгүп
баратканымды сезип, чабак уруп жете келди да, мени
жээкке тартып чыгарып күлүп калды. Жээкте отурушкан
кыздар, балдар да аябай каткырышып, менин сууда сүзө
албагандыгымды
шылдыңдагандай
болуп
күлүп
жатышты.
Мен Павликке рахмат айтып, жатаканага кеттим деп
жөнөсөм, – “Бир аз күтө тур, чогуу кетебиз, эсен
калганыңа сүйүнсөң” - деп тамашалап калды. Мына ошол
окуядан кийин институтту аяктап, Новосибирскиден
кеткенче Обь дарыясынын жээгине барбадым, сууга
сүзгөндү да үйрөнбөдүм. Бул окуя ташка тамга баскандай
жүрөктө калды.
Обь дарыясындагы темир жол өтүүчү көпүрө өзүнчө
курулган, поезддер тынбай өтүп турат. Ал эми биздин
студенттик шаарчага келген көпүрөнүн узундугу бир
жарым чакырымдан ашыгыраак. Ушул көпүрөдөн
трамвай, автобустар жана башка автоунаалардын
кыймылы тынымсыз.
Студенттик мезгил да, тез эле аяктоого чукулдап
баратты.
Биз
4-курсту
аяктап,
бир
жылдык
госпрактикага Кыргызстанга келдик. Бул 1962-63жылдары эле. Мен кантсе да Чоң-Алайга жакыныраак
деп Ош обласына жолдомо алдым. Ош областык керекжарак союзунун пландоо бөлүмүнө практикант болуп
ишке кириштим.
1962-жылдын октябрь айы. Биринчи ирет Токтогул
районуна командировкага жөнөттү. Токтогулга АН-2
маркасындагы самолет менен учуп бардык. Токтогул
райПОсунда комплекстүү текшерүү (ревизия) жүрүп
жаткандыгына байланыштуу ал жерде он беш күн
иштедик. Ал мезгилде Токтогул районунун борбору
азыркы Токтогул суу сактагычтын ордунда эле. Кийинки
жылдары Токтогул ГЭСинин курулушу башталып,
райондун борборун азыркы Токтогул шаарчасына
көчүрүүгө туура келген.
Госпрактиканын
программасы
боюнча
Ош
облпотребсоюзунда
ай,
андан
кийин
райпотребсоюзунда 6 ай иштөө керек эле. Ош
облпотребсоюзунун
карамагындагы
эң
чоң
райпотребсоюз болгон Өзгөн райпотребсоюзуна барып
иштөөгө
туура
келди.
Өзгөн
райпотребсоюзунун
карамагында Өзгөн горПОсу, Куршаб, Ильичевка, МырзаАки рабкооптору жана Өзгөн хозрасчеттук коомдук
тамактануу ишканасы, Өзгөн даярдоо конторасы болгон.
1963-жылдын
март-апрель
айларында
Совет
райПОсун да Өзгөн райпотребсоюзунун карамагына
кошот. Себеби Совет району менен Өзгөн районун
бириктирип, СССР министирлер советинин токтомунун
негизинде
территориялык-өндүрүштүк
бирикмеге
айландырган эле. Мына ошого байланыштуу Совет
райПОсун Өзгөн райпотребсоюзуна бириктирүү боюнча
Ош облпотребсоюзу тарабынан атайын комиссия келип,
Өзгөн
райпотребсоюзунун
кызматчыларынан
да
комиссиянын курамын толуктап, мени дагы ал
комиссиянын курамына кошкон болучу. Ал жерден Совет
райПОсунун соода түйүндөрүн: (магазин, склад, ашкана,
даярдоо конторасын ж.б.) толугу менен инвентаризация
жасоо эле. Бизди комиссиянын жетекчиси Сары-Камыш
селолук советиндеги Калинин колхозунун аймагындагы
чоң магазинге (сельмаг) инвентаризация жасоо үчүн
буюрду. Мен жана училищада окуган эки бала кошулуп
Ошол
(инвентаризацияны)
текшерүүнү
баштадык.
магазиндин башчысы Э.Осмонов деген кишинин үйүндө
бир жума жатып, магазинди толук инвентаризациялап
кайттык.
Андан кийин мени райондун борбору Кара-Кулжа
айылындагы культмагдын башчысын алмаштырууга
комиссиянын башчысы катарында бекитти. Ошентип бир
ай дегенде Совет райПОсун Өзгөн райпотребсоюзуна
бириктирүүгө катыштым. 1963-жылдын октябрь айында
госпрактикамдын мөөнөтү аяктап, кайра институтка
келип, гос экзамендерди тапшырууга даярданып,
обзордук лекцияларды уга баштадык. Госпрактиканын
программасы боюнча зачетторду ийгиликтүү өткөрдүм.
Ошентип мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшырууга
киришип, бардык экзамендерди “4”, “5” деген баалар
менен аяктадым. Жогорку маалыматтуу экономист деген
адистикке ээ болуп, эми институтта алган кесибиме
ылайык жумушка жайгашууну ойлоно баштадым.
Экономфактын деканы Фалькович деген агай: – “Сен
институтта калып, аспирантурада окууну улантсаң”
деген сунушун айтты. Мен бир жума ойлонуп, ЧоңАлайга атама телеграмма берип жообун күтүп жаттым.
Бирок атамдан: менин институтту бүтүшүмдү куттуктап,
Чоң-Алайга эле келе беришимди билдирген телеграмма
алдым. Атамдын мындай телеграмма жазышын туура
кабыл
алдым
да,
деканатка
кирип,
мени
Кыргызпотребсоюзунун карамагына жиберүүнү чечтим
Кыргызстанга
жаздырдым.
Мен
деп,
жолдомону
группалаштарым
Абдырахманов,
Сахабудинова,
Нурахунов, Жамаловдор менен чогуу 1964-жылдын
февраль айында Фрунзеге учуп келдик.
Бул жерде белгилеп кете турган нерсе КПССтин,
совет
өкмөтүнүн
жетекчилиги
менен
союздук
республикалардын катарында Кыргызстанда да улуттук
кадрларды окутуу, ар түрдүү кесиптеги адистерди
жогорку
окуу
жайларда
даярдоо
мамлекеттин
камкордугунда болгондугун баса белгилеп кетмекчимин.
Ал
мезгилде
бир
дагы
окуу
жайында
(Техникумдарда, Институттарда) окууну өздөштүргөн,
башкача айтканда «эки» деген баа албаган окуучуларга,
студенттерге стипендия берилбей калчу эмес. Ал эми
биздин Институтта, Кыргызстандан келип окуган
студенттерге
Кыргызпотребсоюздун
жетекчилиги
тарабынан квартал сайын 50 рубльден материалдык
жардам да берилип турган.
Биз дипломду алып, Институттан жумушка жолдомо
алганыбызда, бир айлык стипендияны, суточныйды,
квартплатаны кошуп «Подьемный» үчүн деп, жол кирени
кошуп эсептеп бергени да эсимде.
Совет доорунун гүлдөп турган мезгилине туш келген
мен үчүн кереметтүү студенттик курак менен коштоштум.
Мен Институтту бүтүп келген учур. Иним Рыскулдун
студенттик күндөрү.
Жетилүү курак
Эми ар бир жаштын өз мезгилинде келечекке кандай
жолдор менен келип, кандай турмуш кургандыгы
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 04
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.