Latin

Сезимде жүргөн элестер - 20

Total number of words is 3825
Total number of unique words is 2101
23.7 of words are in the 2000 most common words
34.0 of words are in the 5000 most common words
40.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
чарбачылыгы боюнча экинчи орунга чыккан. Кант кызылчасын эгип, Орто Азияны шекер менен камсыз кылып турган. Бүгүн болсо кант кызылчасы айдалбай, башка республикалардан алынып келинген шекердин баасы 35 - 40
сомдон түшпөй турат. Мунун баары туңгуч президент А.
Акаевдин эл чарбасын жакшы билбегендигинен, адистердин тилин албай, Талгарбековдун сунушу менен реформа
жүргүзүп, кыска мөөнөттүн ичинде ири 500 чарбаны талкалап, азыркы 300 миңге жакын майда чарбалар пайда болду.
Ошол 3 - 5 гектардан үлүш жерлери бар дыйкан чарбалар бүгүн жерин иштетүүгө шарты жок кол куушуруп отуруп калышты. Ченелүү жерди которуштуруп айдоого да
мүмкүн эмес. Алар Кытайдан, Белорусиядан келген тракторлорду 5-10 гектар жери үчүн сатып ала албайт. Анткени,
грант менен келген тракторлор да сатылып кетпедиби!
Анын ордуна мамлекеттикпи же менчикпи, айтор, ар бир
районго сервис борборун уюштурса туура болмок. Айыл
чарба министирлиги дыйкандарга тийиштүү баа менен
иштеп бере тургандай көзөмөлгө алса гана трактордун пайдасын дыйкандар көрмөк, айыл чарбасынын жалпы
деңгээли жогоруламак.
Ошондуктан, «кайрадан жамаатташууга өтөлү»- (кооператив) - деп элге туура түшүндүргөн киши жок. Айыл
чарба министрлиги кайдыгерлик кылып, «байкап көрөлү»
деген боюнча тим болушту. Президентибиз талапты катуу
коюп жатканы менен жыйынтык чыкпайт.
Айыл чарбасы өлкөнүн экономикасынын пайдубалы
деп бекеринен айтылган эмес да. Айыл чарбасы ички дүң
жыйындын 40 пайызын түзөт. Ал эми өнөр жайлар 18
пайызды, курулушчулар 15 пайызды берет.
Кыргызстан кичинекей болгону менен жаратылыш
шарты ар кандай. Мисалы, Ош жергеси пахтанын мекени
болсо, Сары - Өзөн Чүй кант кызылчасынын мекени. Кант
кызылчасынын себилбей калышы азыркы бийликтин,
айыл чарба министрлигинин, Чүй облустук администрациясынын кечирилгис күнөөсү. Кант кызылчадан 200 центнерден түшүм алган күндө да, ар бир гектарынан дыйкандар 160 миң сом таза киреше алмак.
Ал эми буудайдан 30 - 35 центнерден түшүм алынганда, кызылчадан 4 - 5 эсе көп пайда көрмөк. Ошондуктан, ар
бир облуска ылайыктуу үрөн себүүнү алдын ала аныктап
коюу - Айыл Чарба Министрлигинин милдети. Мисалы,
Америкада, Японияда, Кытайда, Турцияда да биздикиндей
жалган сводка чогултпастан, кандай өсүмдүк себүүнү алдын
ала болжолдоп, ошого жараша дыйкандарына шарт түзүп,
өстүрүлгөн продук цияны кайра иштетип сатууга жардамдашат.
Айыл Чарба Министрлиги дыйкандардын кызыкчылыгын колдоп, алардын талаптарын, мүдөөлөрүн аткарат
деген ошол.
Айыл чарбасында өндүрүлгөн продукцияны чийки
бойдон сатуу туура эмес. Башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн айыл
чарба азык - түлүгүнүн 60 - 70 пайызын кайра иштетип,
анан сатышат. Бизде азап - тозок менен өндүрүлүп жаткан
продукциянын 8 гана пайызы кайра иштетилет. Азык түлүктүн 92 пайызы чийки түрдө кошуна өлкөлөргө арзан
баада кетип жатат. Алар иштетип чыккан соң кайра
өзүбүзгө кымбат баада сатып жатышат.
Акаевдин учурунда Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү министрлигине 11 киши келди. 2005 - жылдан бери 5 - 6 министр которулду. Кыргыздын «Бөдөнөнү сойсо
да, касапчы сойсун»- деген сөзү бар эмеспи. Бул министрликти айыл чарбасындагы маселелерди «эки чайнап бир
жуткан» адис адам гана башкара алат. Азыркы тапта Областын губернаторлорунун, акимдеринин көпчүлүгү айыл
чарбасын терең түшүнүшпөйт. Анткени, алардын көпчүлүгү
бизнесмендер. Мисалы, Россияга Путин президент болуп
келгенде, бизнесмендерди мамлекеттик кызматтардан
четтетип койгон. Бизде теңирден тескери болуп жатышпайбы.
Жайыттар. Кыргызстандын жалпы аймагы болгону 20
млн. гектар. Ошонун 9 млн. гектары жайлоо. Ошол жайлоолордун төрдө жаткан мыктылары пайдаланылбай калды.
Бетегеси белден чыккан жайыттар пайдаланылбай, өрт
чыгып жатса, жол салып жардам көрсөтүүнүн ордуна,
жайыттарга да салык салуу киргизилди. Чогулган акча
айыл өкмөтүнө түшөт имиш.
Ошентип, казына байлыктарынын, кала берсе жаратылыш (алтын, көмүр ж. б.) байлыктарын, анын ичинде
тагдыр чечүүчү стратегиялык маанидеги мекемелерди да
оңго - солго сатып жиберишти.
Ошентип, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынын натыйжасы эмнеге алып келди?
Эгемендүүлүктү улаган элдик революция. Эл
эңсеген эркиндик.
СССР таркап, анын курамындагы республикалар эч
кимге көз карандысыз эркин болушкандан кийин, эгемендүү мамлекет катары Конституциябыз кабыл алынганда,
кылым кыйырларынан жок болуп кетпей элдүүлүгүбүздү
сактап келген Манас айкөлүбүз баш болгон ата - бабаларыбыздын эркиндикке, эгемендүүлүккө жетсек деген тилектери ишке ашканда өзгөчө кубанганыбыз эсибизде. Ошол
мезгилдеги сыймыктанганыбызды, элдин кубанычын,
ишеничин алгачкы бийлик актабады. Алгачкы президентибиз А. Акаев калкка «Швейцариянын бейишин» убада
берип, топтолгон элдик байлыкты «жоо чапкандай тонотуп, ага үй бүлөсү менен аралашып, журтун жан багууга чет
өлкөлөргө чачыратып, жакыр өлкөгө айлантты.
Эсирген бийлик элди кантип унутту?
Албетте, мамлекеттүүлүгүбүздүн алгачкы учурларында
өзүбүздүн улуттук символикабыз болгон Туубузду, Гимнибизди тактап, эне тилибиз болгон кыргыз тилине мамлекеттик статус берилип, улуттук акчабыз - сомду чыгардык.
Бирок, 70 жыл союздун жетегинде жүргөн Кыргызстанды
өзүнө таандык өнүгүү, калыптануу жолуна сала алдыкпы?
Акыркы үч жылдагы өзгөрүүлөргө салыштырып жок деп айтууга туура келет.
Анткени, адегенде эле «Базар экономикасынын
шартында менчиктештиришибиз керек» деген алабарман,
чарбасыздык саясатты туу туттук. Союздагы айыл чарбасы,
өнөр жайы өнүккөн республиканы 15 жылдын ичинде «итке
минген» жарды, карызга баткан келечексиз мамлекетке
айландырдык. 10 млн. койду, алар багылган короолор,
күүлдөп иштеп турган завод, фабрикалар, ишканалар илимий, маданий, соода түйүндөрү бийлик башындагылардын
жакындары тарабынан таланды. Бир кезде бирдей
деңгээлдеги адамдардын бай - кедейге бөлүнүшү калктын
кыжырдануусуна негиз болду. Эл байлыгын жоо талагандай атка минерлер өз ара бөлүп алышты. Оштогу жибек
токуучу комбинаттын ичиндеги миллион сомдон ашык
продукциясын кошуп 250 миң сом, баш калаабыздагы «Айчүрөк» дүр - дүйнө дүкөнүн баш кылып, 1724 турмуш - тиричиликти тейлөөчү обьектилердин ар бирин орто эсеп менен
216 сомдон баалап сатуу реформабы? Рухубуздун булагы
болгон кыргыз китеп дүкөндөрүн да калтырбай алып
алышкандыктары чынында душман да жасабаган иш
эмеспи.
Эгерде элдик байлык өз наркында туура сатылганда,
андан түшкөн акчага чынында эле базар шартына
өткөнүбүздөн кийин казынага акча түшө турган өндүрүштүн
өнүгүшүнө шарт түзгөндө менчиктештирүү реформасы өзүн
өзү актамак. Андай болбой арзан сатылганы аз келгенсип,
кагаз жүзүндө гана берилип, канча элдик мүлк бекер,
кунсуз кеткенин эсепке алган бийлик болбоду. Билсе да
билмексен, көрсө да көрмөксөн болгону жалганбы?
Эл жасаган элдик революция.
Демократиянын шары менен көп партиялуулук кирип,
адам укугун коргогон, элдин таламын талашкан коомдук
уюмдар пайда болду. Сөз эркиндигинин желаргысы кыргыз
маалымат каражаттарына да таасирин тийгизип, эркин гезиттер эсирген бийлик элди унутканын, демократиянын
атын жамынып, элдин шайлоо укуктарын административдик мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бурмалоо, «жайлоо» жол334
дорун куп өздөштүргөнү, мыйзамдарды бурмалап кара
өзгөйлүк менен бут тоскону калың элди толкутту.
Жалал - Абаддан Бакиевдерди депутаттыкка өткөрбөө,
жалган жалааны жабыштырып каралоо, бут тосуулары
болду. Курманбек Бакиевге Тогуз - Тородон Жалал - Абадга
келе албасы үчүн атайын жолдорду жардырышып, көчкү
түшүрүп тостурушту. Жусупбек Бакиевди жасалма доллар
чыгарды деп жок жерден жала жабышып, КТРден тынбай
каралап калың элге жалган маалымат таркатып турду.
Ар бир аймактын белгилүү уул - кыздарына каршы үй бүлө тандаган талапкерлер коюлуп, бийлик алардын депутат болуп өтүшүнө көз көрүнөө шарт түзүп, бьюллетендерди
ачык да, жашыруун да салдырып, чындыкты бурмалаган
жыйынтыктары шылтоо болуп, адилетсиздикке, эл менен
эсептешпеген бийликке каршы ачык чыгуулар башталды.
Жалал - Абаддан тутанып уланган элдик нааразычылык
Ошту, Таласты, Нарынды, Ысык - Көлдү, Чүйдү каптап, козголбогон, кошулбаган айыл - кыштак калбады. Райондук,
облустук, мамлекеттик администрациялардын имараттарын ээлешкен эл Бишкекти көздөй агылып, Ала - Тоо аянтына эл батпай кылкылдады.
Курманбек Бакиев башында турган 9 партиядан
түзүлгөн Кыргызстан Элдик Кыймылы (КЭК) жалпы элдик
нааразычылыктарды карапайым калктын таламын талашып, эл башында болушту. Натыйжада А. Акаев бийлигин таштай качууга аргасыз болду.
- Кыргыз жаштары өз өлкөсүндө иш жок, мен билгенден ондогон мамлекеттерде далайы кул болуп, эчени мандикерчи, дагы башкасы эң ыплас иштерди аткарып, ондогондору баш кесер - каракчылардын колунан өлүп, аргасыздан денесин, абийрин сатып сойку болгон миңдеген кыргыздын кыздары кор болуп эгемендүүлүктүн эпкинине туш
болду. Менин жеке пикиримде улуттун кызыкчылыгын
камсыз кылуу, ата мурасын асыроо үчүн төмөндөгүдөй
чечкиндүү кадамдар жасалууга тийиш:
1)- Эң алгач, өлкөнү өсүү жолуна багыттай турган
мамлекеттик түзүлүштү түптөө керек. Бийлик башчыларын,
депутаттарды адилеттүү шайлоодо эл өзү тандап ала турган
шайлоо системасын биротоло орнотуу зарыл.
2)-Ошондой эле бийликтин бардык тармактарына жана тепкичтерине төмөнкү касиеттерге ээ болгон көкжал
уул, кыздарды, өзгөчө жаштарды көтөрүү керек. Андай
жаштардын: - биринчиден ыйманы таза, адилеттүү, эл
байлыгына суук колун салбаган, кара кылды как жарган
калыс адамдар болушу абзел. Экинчиден - иш билгилиги.
Демек, иштин майын чыгарып иштей билгендер. Тагыраак
айтканда жогорку деңгээлдеги адистер.
- Андан ары алардын мекенчил болушу, башкача айтканда атуулдук асыл сапаты бар, өз элин, жерин чексиз
сүйгөн, «Ата Мекеним, Алатоом!»- деп көкөлөтө даңазалаган
жараандар болуусу абзел.
- Жогорудагы касиеттерге ээ болгон бийликке келген
жарандар - эң башкысы өлкөнүн баш мыйзамын сыйлап,
урматтап, ага баш ийип, тартипти темирдей сактап иш
жүргүзүүгө милдеттүү жана жоопкерчиликти сезе билүүсү
зарыл.
- Дагы бир олуттуу кадам - экономиканы алгалатып,
эң оболу ата - мекендик өндүрүштү өстүрүү, өзгөчө улуттун
сыймыгы, экономиканын локомативи болгон гидроэнергетиканы өркүндөтүү, стратегиялык мааниси бар мекемелерди сатылгандан калганын атайлап талкалап, өздөн чыккан
душмандарга, жакадан алган жаштарга, эл аралык авантюристтерге арзыбаган тыйынга, ит арзан сатканды токтотуп, өлкөнүн ичиндеги өнөр - жайды, айрыкча айыл - чарба
сырьңлорун кайра иштетүүчү ишканаларды уюштуруу менен жаңыдан жумуш орундарын түзүү. Айыл - чарбасында
өз ыктыяры менен ирилештирилген (кооператив) коллективдүү чарбаларды уюштуруп, заманбап, илимий - техниканын жетишкендиктерин колдонуп чарба жүргүзүү да
максатка ылайыктуу болмокчу.
Биздин мамлекетибиздин өсүп - өнүгүүсү, дүйнөлүк
аренага өзүн таанытуу маселеси - улуттук руханий духту,
каада - салтты жакшы сактоо менен биргеликте өнүктүрүү
зарыл. Ошондо биз өз алдынча улуттук мамлекет болуп,
кылымдап жашай берерибизге ишенем. Бирок, бизге
бирөөлөрдү туурап жашоо такыр эле жарашпайт. Учурда
глобализация (дүйнөлөштүрүү) процесси жүрүүдө. Буга өтө
өнүккөн өлкөлөр себепкер экендигин туура түшүнүш керек.
Ушуга байланыштуу Батышты тууроо, аларга ыктоо да,
өлкө ичинде (өзгөчө жаштар арасында) кулач жайууда. Бул
илдеттерден үй - бүлө, мектепке чейинки мекемелер (бала бакчалар), мектеп, атайын окуу жайлардагы максат талап336
тардын орундалышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Батыштагы өлкөлөрдүн жашоосу бизден өтө өзгөчө. Аны көргөн
көптөгөн жаштар «жыргал ушул жакта тура» - дешип аларды тууроону улантышууда. Ал жактарда өлкө бай болгону
менен сойкулук, СПИД, баңгилик, кылмыштуулук күчтүү
өнүккөн. Ошонун баары бизге да жугуп жатпайбы. Болбосо
кайсы Кыргызстандык СПИД деген ооруну, сойкулук дегенди улут арасынан билчү эле. Турмуш оңолсо эле бул
азаптуу оорулардан кутулабыз деген туура эмес. Мунун
башкы себеби жеке кызыкчылык, дүйнөкорлукта. Ошондуктан барлыктын өлчөмү - руханий, акыл - ой, ар - намыс,
ыйман, адилеттүүлүк, намыстуулук, сөзгө бекем туруу, мекенди, элди сүйүү менен айкалышууга тийиш.
Эгемендүүлүк келди, демократия деген демократия,
элдик бийлик деп, эл атына чүмкөнүп, өз көмөчүнө күл
тарткандар арбыды. Өлкөдө оппозиция өркүндөп өстү. Партиялардын саны жүздөн ашты. Оппозициянын катарын
улам бийлик бутактарынан жылмышкандар толуктоодо.
Булардын бардыгынын алдында бир эле максат бар.
Өлкөнүн экономикасын өркүндөтүп өстүрөбүз, калкты жумуш менен камсыз кылып, жыргалдуу турмушка жеткиребиз, ал үчүн бир кишидей болуп биригип, Президентти отставкага кетириш керек деп сайрап жатышат. Менин жеке
көз карашымда азыркы күндөгү биздин өлкөдөгү оппозициянын арасында, өлкөнү кризистик абалынан чыгарууга бел
байлаган, конкреттүү иш - чараларды ачык -айкын элге
жарыялаган, өлкө башчысына татыктуу лидер жок деп
эсептеймин.
Өлкөдөгү жүздөгөн партиялардын «Ак жол» пратиясынан башкалары биригип - «Бириккен элдик кыймыл»,
«Акыйкат үчүн кыймылы», андан соң «Коомдук парламент» түзүлдү. Бириккен оппозиция өкүлдөрү Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгышып, анда өздөрүнүн ой - тилегин, максатын - кыргыз элин келечектүү, бакубат, бай турмушка жеткирүүнү жарыялашты.
Окурманга ишенимдүү болсун үчүн 2008 - жылдын 26 декабрында «Ачык саясат» №35, жума, газетиндеги - «Бириккен элдик кыймылдын жобосу» - деген маалыматты
толук чагылдырсам туура болор.
Бириккен Элдик Кыймылдын жобосу.
1. Бириккен Элдик Кыймыл учурдагы саясий жана
экономикалык абалга карата көз караштары бирдей саясий
партиялар жана кыймылдар тарабынан төмөнкү негизги
максаттарды ишке ашыруу үчүн түзүлдү.
Негизги максаттар:
-Президент К. Бакиев баш болгон кландык, үй бүлөлүк, антиконституциялык бийликти мөөнөтүнөн мурда
кетирүү, келечекте андай бийликке жол бербөө;
-Мамлекеттик саясий системаны өзгөртүү, таза, ыймандуу, адам укугун ыйык сактап, эл үчүн кызмат кылган
жоопкерчиликтүү бийликти орнотуу;
-Улуттук мааниси бар стратегиялык обьектилерди
(Бишкек жылуулук - электр борбору (ТЕЦ), Бишкек жылуулук тармагы, Түндүкэлектро акционердик коому, Кыргызалтын, Кыргызтелеком, Кыргызпочтасы, Кыргызтемир
жолу, «Манас» аэропорту, алтын жана башка кен байлыктар) элдин жалпы менчигинде сактап калуу жана
өлкөнүн өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүү.
Бириккен Элдик Кыймыл коюлган максаттарды ишке
ашыруунун зарыл шарты катары Президент К. Бакиевдин
Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузгандыгынын негизинде мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишин эсептейт.
Мындай талапка К. Бакиев тарабынан 2005 - жылы
элге берген убадалардын жана анттын аткарылбагандыгы,
кландык, үй-бүлөлүк бийликти түзүү менен мамлекеттик
бийликти жеке ээлеп алгандыгы, жоопкерчиликсиз башкаруунун натыйжасында өлкө өтө оор кризиске батып, улуттук байлыктар жеке кызыкчылык үчүн сатыкка коюлуп,
баалар өсүп, элдин кескин түрдө жакырданышы негиз болот.
2. Бириккен Элдик Кыймылга жогоруда аталган негизги максаттарды колдогон саясий партиялар, кыймылдар, коомдук уюмдар жана ишмерлер кошула алышат.
3. Бириккен Элдик Кыймылга кошулган бардык саясий партиялар, кыймылдар, коомдук уюмдар жана алардын лидерлери, ошондой эле коомдук ишмерлер төмөнкү
принциптерди кынтыксыз сактоо милдетин өздөрүнө алышат:
- Кыймылдын ички биримдигин сактоо, «Бир жакадан
баш, бир жеңден кол чыгаруу»;
-Кыймылдын мүчөлөрүнүн тилектештиги жана өз ара
колдоо көрсөтүү, «Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө
үчүн»;
-Кыймыл мүчөлөрүнүн негизги максаттарды ишке
ашырууда туруктуулугу, башка саясий кыймыл же бирикмелердин ишине катышпоо;
-Кыймыл мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу жана максаттарды ишке ашырууда тең жоопкерчилиги;
-Кыймыл мүчөлөрүнүн саясий беделине шек келтирбөө,
өз ара сыпаа мамиледе болуу
-Кыймыл мүчөлөрүнүн жеке аракеттеринин Бириккен
Элдик Кыймылдын жалпы аракеттери менен шайкеш болушу, жалпы кызыкчылыкка кедерги тийгизбөө, негизги
максаттарга кыянатчылык кылбоо;
-Өз ара маалымат берүү жана кеңешип туруу, бийлик
өкүлдөрү менен өз алдынча жолугушууларга жана
сүйлөшүүлөргө барбоо;
-Кыймылдын жетекчи органдарынын чечимдерине
баш ийүү, аларды аткарууга аракет жасоо;
-Көпчүлүктүн чечимине баш ийүү, ошону менен бирге
азчылыктын өзгөчө пикирин сыйлоо;
-Кыймылга кирген саясий партиялардын партиялык
түзүлүш иштери боюнча өз алдынчалыгынын сакталышы,
ошону менен бирге Бириккен Элдик Кыймылдын негизги
максаттарына жана макулдашылган саясий платформага
каршы келе турган партиялык көз караштарды үгүттөөгө
жол бербөө.
4. Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчи органдары
болуп Улуттук Кеңеш менен Саясий Бюро эсептелинет.
5. Улуттук Кеңеш-Бириккен Элдик Кыймылдын башкы
органы. Улуттук Кеңештин курамына Бириккен Элдик
Кыймылды түзүүгө катышкан саясий партиялардан үчтөн
өкүл, «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынан жана Коомдук
Парламенттен бирден өкүл, «Бирдиктүү Кыргызстан» коомдук кыймылы менен Элдик Революциялык Кыймылдан
үчтөн өкүл, «Кыргызстанды сактоо» кыймылы менен «Кылым жолу» укук коргоо органдарынын ардагерлеринин
кыймылынан бирден өкүл кирет. Ошондой эле Улуттук
Кеңештин курамына Саясий Бюронун чечими менен бел339
гилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер да
мүчө болуп кошула алышат. Бириккен Элдик Кыймылга
кийин кошулган саясий партиялар менен коомдук бирикмелерден Улуттук Кеңешке бирден өкүл кирет.
6. Улуттук Кеңештин жыйындары айына бир жолудан
кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз жыйын Саясий Бюронун
чечимине
ылайык
же
болбосо Улуттук
Кеңештин
мүчөлөрүнүн үчтөн биринин талабы менен чакырылат.
7. Улуттук Кеңеш Бириккен Элдик Кыймылдын иш аракеттерине, ошондой эле өлкөдө түзүлүп жаткан саясий
жана экономикалык кырдаалга байланышкан маселелерди
карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат. Улуттук
Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү
катышканда гана Кеңештин жыйыны толук укуктуу болот.
Улуттук
Кеңештин
жыйынында
чечим
катышкан
мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Улуттук Кеңештин жыйындарында Саясий Бюронун
мүчөлөрү кезек менен төрагалык кылат.
8. Саясий Бюро - Бириккен Элдик Кыймылдын жетектөөчү жана иш - аракеттерди уюштуруучу органы. Саясий
Бюронун курамы Бириккен Элдик Кыймылды түзүүгө катышкан негизги саясий партиялар менен коомдук
кыймылдардын лидерлеринен куралат да 11 адамдан турат.
9. Саясий Бюро бир бүтүн коллегиялдуу орган катары
каралат. Саясий Бюронун төрагасы болбойт, анын ар бир
жыйында Бюро мүчөлөрү кезек менен Төрагалык кылышат.
10. Саясий Бюронун жыйындары алдын - ала макулдашылган убакыттарда өткөрүлөт. Ар бир жыйын эки сааттык мөөнөт менен өтөт. Эгерде жыйын эки сааттан узак созула турган болсо, белгиленген убакыт бүткөндөн кийин
жыйын жабылат да тыныгуудан кийин жаңы жыйын ачылат. Саясий Бюронун чечимдери оозеки же протокол
түрүндө кабыл алынат, протокол түрүндөгү чечимдерге,
кабыл алынган билдирүү же башка документтерге Бюро
мүчөлөрү толугу менен кол коюшат. Саясий Бюронун
чечимдери жетиден кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл
алынат.
11. Саясий Бюрону кезексиз чукул чакырылган жыйынын өткөрүү сунушун ар бир Бюро мүчөсү алып чыгууга
укуктуу. Мындай сунуш башка дагы эки Бюро мүчөсүнүн
колдоосуна ээ болушу керек.
12. Саясий Бюронун курамы (фамилиялар алфавит боюнча жайгашкан):
Атамбаев А. - Социал - демократтар партиясынын лидери,
Бекназаров А. - Элдик Революциялык Кыймылдын лидери,
Булекбаев Э. - Кыргызстан Жашылдар партиясынын
лидери,
Жамалдинов С. - «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери,
Жекшенкулов А. - «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынын координатору,
Исаков И. - «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын
лидери.
Каптагаев Э. - «Улуу Биримдик» улутчул - демократиялык партиясынын лидери,
Муралиев А. - «Бирдиктүү Кыргызстан» коомдук
кыймылынын лидери,
Отунбаева Р. - коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты,
Сариев Т. - «Акшумкар» саясий партиясынын лидери,
Текебаев Ө. - «Ата Мекен» социялисттик партиясынын
лидери.
13. Кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну
уюштуруучу структура катары секретариат түзүлөт. Секретариаттын курамы жана Жетекчисин Саясий Бюро бекитет.
Секретариаттын ичинде Уюштуруу, Коопсуздук, Юридикалык, Аналитикалык, Коомчулук жана Пресса менен иштөө,
Тышкы байланыштар топтору түзүлөт. Топтордун курамдары жана жетекчилери Саясий Бюродо бекитилет.
14. Улуттук Кеңеш менен Саясий Бюронун жыйындарын, тиешелүү документтердин долбоорлорун даярдоо Секретариатка жүктөлөт.
«Эне тилиң менен Ата журтуңдун
кадырын чет жерден билесиң».
Густав Фрейтаг. (Немис жазуучусу).
Улут болсоң тилиң менен улутсуң.
Кыргызбыз деп кыргыз жеринде жашап жүргөнүбүз
менен үйүмдөн бир аз алысыраак чыгып калсам эле өзүмдү
Россияда жүргөндөй сезем. Себеп дегенде, мекеме уюмдарга, жеке ишканаларга, дүкөнгө же эң эле жөнөкөй автоунааларда жүргөндө орусту кой, жетишип калгансып, кыргызың
дагы орусча сүйлөйт. Кыргызча сурасаң орусча жооп беришет. Кыргыз менен кыргыз орусча сүйлөшөт. Бул биздин
жетишкендигибизби же кыргыз эли жок болуп бараткандыгыбы? Элибиздин массалык түрдө орус тилине өтүп
баратышы кыргыз эли, кыргыз улуту үчүн эң коркунучтуу
маселе.
«Эне тили баскан жолу кыргыздын,
Эне тили келечеги кыргыздын. » - демекчи быйыл
(2009 - жыл) Кыргыз тили Мамлекеттик статус алганына
20 жыл толот. Бир жагынан карасаң - майрам, экинчи жагынан карасаң - уяла турган көрүнүш. Дегеним, кыргыз жеринде кыргыз эли үчүн ураан чакырып келатканыбызга
уялам, намыстанам. Качан баарыбыз мекенчил болобуз деп
толгоном.
Азыркы учурда улутташтарыбыз улуттук тилдин жоголушунун, керектен чыгып калышынын түпкүлүгү эң коркунучтуу экендигин ойлонушкан жок. Күндөлүк турмушубузда кыргыз тилинин эч кереги жок, зарылчылыгы да
жок болуп жаткандыгы үчүн эч ким кыргыз тилине маани
берип, көңүл бурушпайт.
Дээрлик бардык жерде иш кагаздары орусча
жүргүзүлөт. Өрт өчүргүчүң деле, тез жардамың, милицияң
деле кыргызчага караганда орусчасын кабыл алышат.
Кыргызча сүйлөсөң «орусча сүйлөңүзчү»деп турушат.
Сүйлөгөн сөзүң так болсун.
Кыргыз тили орус тилинин тепсендисинде калбаса,
орус тилдүү муундар өсүп - жетилип, калыптанып калбаса,
кайсы бир чиновниктер, депутаттар: «Ой жолдоштор! Мен
бир вопрос койоюн, ошол вопросту обсуждение кылып,
анан протоколго вносит этип койолу!» -деп «кыргызча»(сүйлөгөндөр) - сүйлөбөйт эле го.
Бул эмне деген мамиле? Биз кыргызбызбы? Кыргыз
жеринде жашайбызбы? ММКда эң сонун берүүлөр, макалалар кыргыз тилинде элге тартууланат, бирок аларды чанда
кыргыз тилин билген, өзүн кыргыз деп сезген адамдар гана
окушат.
Куру бекер эле кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп, чеке
тердетип, өпкө көптүрүп, тамак айрылганча кыйкыргандардан кымындай да майнап чыккан жок. Эгерде президентибиз чыныгы кыргыз деп күйгөн, кыргыз тилин сыйлаган кыргыз элинин келечегин ойлогон неме болсо, эң
башкысы кыргыз тилинин өнүгүшүн ойломок.
Президент деген эң башкысы- улутунун патриоту болушу керек. Президент өзү баштап өзүнүн айланасындагыларды, мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин
билүүсүн талап кылып, жыйындарда кыргызча сүйлөөнү
буйрук кылып, иш кагаздарды кыргызча жүргүзүүнү ишке
ашырса кыргыз тили өзүнөн өзү өнүкмөк.
Мамлекеттик тилдин аброю көтөрүлүп, кыргыз тилин
үйрөнүүнү каалаган «киргиздер» менен орустар кезекке турушмак. Мен муну айтуу менен биздин жаштарыбыз башка
тилди билбесин деген ойдон алысмын. Алар кайсы өлкөгө
барса, ошол элдин тилинде сайрап турса - бул биздин
жетишкендигибиз, билимдүүлүгүбүз.
Бирок, ошол өлкөлөрдө, хан сарайларында кыргыздын
үнү кыргызча жаңырып, кыргыз тили сүйлөнүп турса - бул
биздин улуулугубуз, намыстуулугубуз, улут катары барктуу
- баалуулугубуз болуп саналмак.
Жыйынтактап айтканда - бүгүнкү кыргыз баласы,
«киргиз» болбой кыргыз болуп, нукура эне тилинде
булбулдай сайрап, мекенибизди ыйык тутуп, элибизге кам
көрүп, улуттун ыйык дөөлөтүн сактап, кемитпей кийинки
муундарга өткөрүп, улантуу ар бирибиздин ыйык парзыбыз
болууга тийиш.
Ошондуктан «Түз сүйлөп, заманыңарды таанып жашаганда гана жолуңардан адашпайсыңар» - деп бабаларыбыз
айткандай, өзүнө таандык тарыхый өнүгүү жолуна түшүп,
аны улантыш үчүн, кыргыз бүгүн өзүн таанып, билип,
байыркысын баалап, барктап, сыймыктанып, улуттук
намыска келүүгө муктаж болуп турган учуру десем жаңылыштык болбос. Андыктан акын Эсенгул Ибраев айткандай
эне тилине берилген паспортту ыйык тутуп, кыргыз тилин
өсүп - өнүгүүсүнө ар бир кыргыз баласы өз салымын кошуусу
зарыл.
Демек, акындын төмөнкү ыр саптарына кайрылуу менен кыргыз тилине болгон жеке пикиримди жыйынтыктасам жетиштүү болор деп эсептейм.
«Тунук болсом - тилим менен тунукмун,
Улук болсом тилим менен улукмун.
Анткени тил - ар улуттун улуктугун
аныктаар,
Паспорту да, мандаты да, метркеси да
улуттун. »
(Э. Ибраев.)
Улуттук идеология жөнүндө.
а) Улуттун идеологиясынын уңгусу жаш
муундарды тарбиялоодо.
Идеология жөнүндө өзүмдүн көз карашымды чагылдыруудан мурда, Совет доорунун мезгилиндеги идеологиянын тарыхына көңүл бурууну ылайыктуу деп эсептейм: Биринчиден идеология деген кандай түшүнүк? Ал эмне деген
маанини өзүнө камтыйт? Анда идеологиянын илимий далилденген мааниси төмөндөгүдөй түшүнүктөрдү өзүнө
камтыйт:
Идеология (идея жана логия) - адамдардын турмушуна, бири - бирине болгон мамилелери, социалдык проблемалар жана конфликтер ырааттуу түрдө баамдалган, ошондой эле ушул коомдук мамилелерди бекемдөөгө же
өзгөртүүгө багытталган иш - аракеттердин максаты чагылдырылган көз - караштардын жана идеялардын системасы.
Идея (грек. - идея) - обьективдүү дүйнөнүн
көрүнүштөрүн ой менен баамдап, иш жүзүндө кайра куруунун максатын сезе билүүнүн бир түрү.
Идеологияда ойдун мазмуну обьективдүү чындык менен толук төп келүү мүмкүндүгү болот. Обьективдүү
дүйнөнүн чагылышы, адам алдында практикалык максаттын коюлушунун биримдиги. Идеология турмуш жана
адам ишмердигинин процессинде пайда болгон чындык
формасынын байланыштыргыч звеносу. Идеология адамдардын социалдык турмушуна ар түрдүү таасир этет.
Социализм тушунда Марксчыл-Ленинчил идеология коомдун бардык катмарларын жумушчу табы менен анын
партиясынын айланасына бириктирүүчү фактордун бири
катары роль ойногон.
Идеализм - философиядагы негизги эки агымдын бири; Материализм агымына карама - каршы туруп, аң- сезим, ой, дух, идея дүйнөнүн, реалдуу чындыктын негизин
түзгөн, келип чыгышын шарттаган деп ырастаган окуулардын жалпы аты.
Негизи эл ажыратып окуй турган «эки билим» бар.
Анын бири - улуттук аң - сезимди өстүрө турган, экинчиси аны жок кылып, элди маңкуртка айланта турган билим.
Ушул убакка чейин биздин алган билим акыл - эсибизди өстүрбөй, бизди кайра маңкуртташтырып келатат. Аны
моюнга алыш керек. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат», - деп ата - бабаларыбыз айткандай жаап - жашырып
отуруп, азыр эми баары ачыкка чыкты. Аны бир гана сокур
көрбөшү, керең укпашы мүмкүн.
Эмне үчүн мамлекети жок кезде «жок болуу» коркунучуна кабылбаган акыл - эси тунук, ден - соолугу мыкты
кыргыз, бүгүн эгемен өлкө, эркин эл болуп турганда, орусташкан оорудан айыга албай, улам «азайып» бараткан
калктардын катарына кошулуп отурат? Эмне үчүн «караңгы», «карапайым» жашаган замандарда башка элдердин башын кошуп, өзүнүн маданиятын таратып жашаган
элибиз бүгүн андай эмес? Эмне үчүн бүгүн уул - кыздарыбыз бир эмес, бир нече дүйнөлүк тилдерде булбулдай
сайрашат да, бирок, өз эне тилинде сүйлөй алышпайт?
Эмне үчүн алар жогорку билимдүү экенине карабай адеби
жана адамга жасаган мамилеси боюнча бизден төмөн турган башка элдерди туурап жашаганды жакшы көрүшүүдө?
Демек, биздин алып жаткан билимибиз жана тарбиябыз туура эмес окшойт. Эмне кылуу керек? Өз жолубузду
табышыбыз керек. Өз жол - ал ата - бабаларыбыздын жолу.
Ал «артка кетүү» деген сөз эмес, аны бүгүнкү заманга
ылайыкташтырып, «уулап басуу» деген сөз. Өз жолубузду
табыш үчүн, адегенде өзүбүздү улут катары сактап, аны
кайра жаратууга туура келет. Ал үчүн эң биринчи тилге,
анан тарыхка, анан динге камкордук көрүүбүз зарыл.
Эмне үчүн биринчи тилге? Анткени, «Тил улуттун жаны»(В. Гумбольдт). А, чынында, «жанын» сактабай туруп,
улутту кантип сактайбыз?
Эмне үчүн экинчи тарыхка? Анткени, тарых - улуттук
эс -тутум. А чынында, эс - тутумун жоготкон улут өзүнүн
ким экенин, качан эл болуп жаралганын, кандай жолду
басканын, кандай сууну кечкенин, кандай ашууну ашканын билбейт.
Андай улут маңкуртка айланат.
Андай адамды кыргыз «тирүү өлүк» дейт.
Эмне үчүн үчүнчү, динге ? Анткени, дин улуттук дүйнө
тааным.
А чынында, дүйнө таанымын унуткан улут өзүнүн каада - салтын, үрп - адатын, ырым - жырымын унутат. Эң
башкысы өз кудайынын ысмын айтпай калат.
Анан кудайын танган элди - кудай да танат.
Башкача айтканда кудайдын каарына калат.
Жаштарды адептүү тарбиялоого илгертен бери биздин
ата - бабалар зор маани берип келген. Ата бабаларыбыздын
биздин муунга жеткирген «Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат», «Аганы көрүп ини өсөт, эжени
көрүп сиңди өсөт», «Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы
уул көктөгү жылдыз» - деген макал- лакаптуу сөздөрү
аркылуу жаштарга таалим - тарбия берүүнү өтө бийик жана
ыйык тутуп, жогору баалагандыгын баамдаса болот.
Өзүмчө ойлонуп отуруп, адам баласынын турмушунда
- жаш муундарды, келечек ээлерин тарбиялоодо майда
нерселер болбойт, болууга да мүмкүн эмес. Бирок, ошолордун ичинен оордугу жагынан тарбияга эч нерсе жетпесе
керек деп эсептейм. Күнүмдүк жашоодо ата менен бала, ага
менен ини, эже менен сиңди, айтор, адамдар ортосундагы
өз ара мамиледеги тарбиянын таасири жөнүндө кылымдардан бери эле тажрыйбалуу аалымдар, мугалимдер да,
илимпоз педагог - психологдор да иликтеп келишкен. Алардын илимий көрсөтмөсү боюнча көптөгөн ата - энелер
үйдөн балдарына үлгүлүү тарбия берүүгө аракеттенишет, ал
эми мектептен мугалимдер, жогорку окуу жайында белгилүү профессорлор жаштарга адамзаттагы эң асыл сапаттар тууралуу кызыктуу лекцияларды окушат. Бирок
жаштарга канчалык тарбиянын баалуулугу боюнча акыл кеңештер айтылбасын, эмне үчүндүр алардын арасында
жаман жорук - жосундар дагы эле болсо кездешип жатпайбы. Айрыкча, акыркы убактарда жаштардын арасында
өздөрүнүн ата - энесин карабай карылар үйүнө тапшыруу,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Сезимде жүргөн элестер - 21
  • Parts
  • Сезимде жүргөн элестер - 01
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2037
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 02
    Total number of words is 4010
    Total number of unique words is 2221
    28.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 03
    Total number of words is 3779
    Total number of unique words is 1882
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 04
    Total number of words is 4006
    Total number of unique words is 1995
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 05
    Total number of words is 3846
    Total number of unique words is 2139
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 06
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2058
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 07
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1994
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 08
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2003
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 09
    Total number of words is 3861
    Total number of unique words is 2057
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 10
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2149
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    40.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 11
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 2133
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 12
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2129
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 13
    Total number of words is 3794
    Total number of unique words is 2193
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 14
    Total number of words is 3823
    Total number of unique words is 2191
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    37.0 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 15
    Total number of words is 3701
    Total number of unique words is 1985
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 16
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2051
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 17
    Total number of words is 4067
    Total number of unique words is 2102
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 18
    Total number of words is 3812
    Total number of unique words is 2084
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 19
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2185
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 20
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2101
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.0 of words are in the 5000 most common words
    40.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 21
    Total number of words is 4097
    Total number of unique words is 2263
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 22
    Total number of words is 3912
    Total number of unique words is 2174
    25.3 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 23
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2185
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    33.8 of words are in the 5000 most common words
    39.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 24
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 2196
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Сезимде жүргөн элестер - 25
    Total number of words is 2143
    Total number of unique words is 1421
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.