Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30

Total number of words is 4200
Total number of unique words is 1787
32.6 of words are in the 2000 most common words
45.4 of words are in the 5000 most common words
50.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ал Окленддеги эң сонун велосипед магазинин жабдууга Герман Шмидтке акча
жагынан жардам көрсөтмөк болду. Ал кең пейилдүүлүктү салганда да, укмуштай
салды, ал, бир гана бул эмес, Германды гараж менен автомобилдик устаканага да
кошо көз салууга буюрду, анткени, ал Германдын эки эмес, үч иштин башын алып
кете ала турган жигит экендигине көзү жетүүчү.
Мэриен Мартинди мойнунан кучактап туруп ыраазы болгондугунан ыйлап да
жиберди. Ал өпкө жүрөгүн чаап, кагылып, согулуп, керек болсо, сен үчүн жаным
даяр деп, карындаштык бир боордоштугун ачык-айкын билдиргенден тартынган
жок. Бирок ал, акыркы сөзүндө, эмнегедир саал мукактана түшкөндөй болду, бул
болсо, анын Мартинден баягыдагы бир кезде, ага жумушка орношпосоң болбойт
деп, катуу ачууланып койгондугу эсине түшө калып, азыр кечирим сурап
жаткандыгынын себеби да ошол эле.
— Эми бул акчаларды ал көпкө сактай албайт ко, — деди кечинде Герман
Шмидт аялына. — Процент жөнүндө сөз баштасам ал мени ооз да ачырган жок! Ал
мага эмне деп айтканын билесиңби? Ага процент турмак капиталдын да кереги
жок экен. Эгерде мен дагы бир жолу процент жөнүндө сөз козгой турган болсом,
оозумду жара койгону турат тим эле... Чын эле: «жара коём» деди. Ал чындыгын
айтканда, иштиктүү адам болбогону менен, азамат... Эң негизгиси ал мага эң зор
жардам көрсөттү!
Мартинди конокко чакыргандар көбөйгөндөн көбөйө берди, чакыруучулар
канчалык көбөйгөн сайын, Мартин ошончолук айран-таң калып жатты. Эски бир
атактуу клуб уюштурган чоң банкетте ал эң ардактуу конок болуп, өмүрүндө
көрбөгөн угуп жана гезиттен окуп гана билген адамдардын курчоосунда олтурду.
Бул адамдар ага «Тарнсконтиненталдык ай сайын чыгуучу журналдан» анын
«Коңгуроо үнү», «Шершнеден» болсо «Пери менен акак» деген чыгармаларын
окушканда эле улуу жазуучунун пайда болгондугун сезишкендиктерин айтышты.
«Кудай, ай, — деп ойлоду Мартин, — ал кезде мен акчасыз, арып, мусапыр болуп,
карыпчылыкта жүрдүм эле! Эмне үчүн алар мени ошондо конокко чакырышкан
жок, ия? Дал ошондо чакырышкан болсо, туура болмок. Анткени, бул
чыгармалардын бардыгы алда качан эле жазылган эмес беле. Эгерде, силер мени
чып эле сыйлайт экенсиңер, анда эмне үчүн мени ошол кезде сыйлаган жоксуңар?
Анткени мен азыр «Коңгуроо үнүнүн» болсун, «Пери жана акактын» болсун, бир
дагы сөзүн өзгөрткөн жокмун. Жок, силер мени таптакыр менин эмгегим үчүн
эмес, жөн эле — эл сыйлайт деп, сыйлап жатасыңар , анткени , мени сыйлоо —
мыкты адаттардын бири болуп калды. Жана силердин мени сыйлап
жаткандыгыңардын дагы бир себеби — силер айбандарсыңар, үйүрдөгү алардын!
Себеби — силердин бардыгыңар айбандык сокур, караңгы сезимге баш ийип
калгансыңар, ал эми бул сезим болсо, силер азыр бир гана нерсени — Мартин
Иденди кандай гана болбосун коноктош керек экендигин көрсөтүп турат. Бирок,
силердин эч кимиңердин Мартин Идендин өзү жана анын калган жумушу менен
ишиңер да жок» — деп ал өзүнө өзү катуу капалануу менен айтты дагы, терең
акылдуу жана мыкты сөздөр менен көтөрүлгөн тостко татыктуу эң сонун жооп
кайтаруу үчүн ордунан тура калды.
Мына ушундай мамиле аны бардык жерде: мейли клубдарда болсун, мейли
адабий кечелеринде болсун күтүп турган, ага бардыгы: «Сенин «Коңгуроо үнү»
жана «Пери менен акак» деген чыгармаларыңды окуп алып, биз улуу жазуучунун
пайда болгонун билдик» дешти. Бирок, көлөкөдөй ээрчиген бир суроо Мартиндин
жүрөгүнүн тынчын алып туруп алды: «Айткылачы, эмне үчүн мени дал ошондо
коноктогон жок элеңер? Бул чыгармаларым менин капкачан эле жазылган
болучу. «Коңгуроонун үнү» менен «Пери жана акак» кымындай да өзгөрүүгө
дуушар болгон жок. Алар дал ошол кезде эле, азыркыдай эле, эң чебердик жана эң
сонун жазылган. Бирок, силер мени менен бул же болбосо башка чыгармаларым
үчүн сыйлап жаткан жоксуңар. Силер мени сыйлап жатканыңардын себеби —
азыр мени сыйлоо өзүнчө бир салт болуп калды. Анткени — силер кадимки
айбандардын чогулган үйүрүндөй
болуп, бир гана: Мартин Иденди сыйлоо керек дегенди билип калгансыңар.
Жана ал, бул ак сөөктөрдүн арасында олтурган көп учурларда, көз алдына эки
жакка топчулама күрмөчөн, кичинекей шапкесин чекесине баса кийген бир жаш
кисебирди эрксизден элестетип калуучу. Бул сыяктуу элестетүү, бир күнү
Оклендде адабий бир чоң кече өтүп жатканда да болду. Ал ордунан туруп,
эстраданы көздөй басып баратып күтүлбөгөн жерден чоң залдын орто ченине
бир жаш хулиганга көзү чалдыга түштү, ал мур- дагы эле кемселчен жана ошол
эле шапкечен боло турган. Жасанышып, кооз кийинишкен беш жүз аял
күтүлбөгөн жерден Мартин Иден эмне көрдү дегенсишип, ал караган жакты
көздөй тигилип калышты. Бирок, алар, ээн залдын ичинен эч нерсени көрүшкөн
жок. Мартин болсо, көз карашын дагы эле ал жактан албастан жана ал, бул жаш
селсаяк башына жабышып калгансыган баш кийимин ала коёбу же жокпу
дегендей ойлонуп карап тура берди. Бул караан эстраданы көздөй бурулуп, анын
текчесине чыкты, Мартин өзүнүн ушул жаш кезегинин караанын көз жиберип,
бул байкуш ким эле, ким болду деп ойлонуп, жашып кеткендигинен көзүнөн жаш
дагы куюлуп кете жаздады. Караан эстрададан өтүп Мартинге жакын келди да,
кадимки эрип кеткен сыяктуу жок болуп кетти. Кооз кийинишип, жасанышкан
беш жүз аял, ушул учурда өздөрүнүн жука кол кап кийишкен сулуу колдорун алга
сунушуп, дүркүрөтө катуу кол чаап жиберишти. Алар бул күтүлбөгөн жерден
катуу уяла түшкөн атактуу коноктун көңүлүн көтөрүүнү чечишти. Мартин өтө
чымыркануу менен уялууну четке кагып, жылмайып күлдү да, сүйлөй баштады.
Мактептин кадырлуу жана урматтуу, кең пейил директору да бир күнү
Мартинди көчөдөн жолуктуруп калып, — аны уруш-чатак чыгарып, тентектик
кылгандыгы үчүн мектептен чыгарып жибергенден кийин өзүнүн мекемесинде
кандай окуялар болгондугун анын эсине салды.
— Мен сиздин «Коңгуроонун үнү» деген аңгемеңизди окудум, — деди ал, мен
аны биринчи жолу басылып чыкканда эле окуганмын. Эң сонун! Бул Эдгар Понун
чыгармаларынан кем калышпайт! Мен дал ошондо эле, окуурум менен эле эң
сонун чыгарма деп айткан болчумун!
«Ошондой деңиз? Ким билет, сиз мени ошол кезде бир эмес, эки жолу көчөдөн
жолуктуруп, бирок, тааныган жок элеңиз, — деп Мартин айтып жибере жаздады.
— Эки жолу тең мен ачка өзүмдүн жалгыз кемселимди күрөөгө тапшырууга
чуркап бара жаткан болучумун! Сиз мени такыр тааныган эмессиз! Ал эми менин
бардык чыгармаларым дал ошол кезде эле жазылган. Эмне үчүн сиз мени азыр
гана таанып олтурасыз?»
— Мен жакында эле аялыма, эгерде сиз биздикине конокко келип кеткен
болсоңуз кандай сонун болор эле, деп айттым, — деп сөзүн улантты директор —
жана аялым сизди конокко чакыра кел деп, өтө суранып калды. Ооба, аябай
өтүнүп калды.
— Конокко? — деп, Мартин күтүлбөгөн жерден катуу чочуп кетти.
— Ооба... Ооба... конокко, — деди тиги шашкалактай түшүп — тим эле өз
кишиңиздикиндей болуп, тартынбас- тан, өзүңүздүн эски мугалимиңиз менен...
бир олтуруп... Ой, пой, сиз ушундай шум экенсиз ээ! — Ал сыр билдирбестен
тамашага чаптырып Мартиндин далысы- нан жумшак гана таптап койду.
Мартин алдыга бир нече кадам шилтеп басты да, анан токтой түшүп, бул
картаң чалдын артынан тешиле карап калды.
— Эмне экенин ким билет! — деди ал күңк этип. — Мен, калыбы аны аябай
чочутуп салдым окшойт!
XLV ГЛАВА
Бир күнү Мартиндикине Крейз, — кадимки «чыныгы адамдардын» бири
болгон Крейз келди. Мартин анын келишине өтө кубанып жана анын
фантастикалык жактан эң укмуштуу болгон бир ишкананын долбоору жөнүндөгү
талкуусун финансист катарында эмес, кадимки жазуучу катарында зор
толкундануу жана кунт куюу менен укту. Крейз долбоору жөнүндө баяндап
жатып, күтүлбөгөн жерден «Күн наалаты» жөнүндө сөз козгоп жана анын баштан
аяк жеткен сандырактык экендигин белгилеп жана баса көрсөтүп өттү.
— Мен бул жерге чечендикти көрсөтөйүн деп келген жокмун, — деп ал өз
сөзүн өзү бөлүп кетти. — Сөздүн ток этер жерин айтканда — бул, сиз менин
курула турган ишканама миң доллар кошо аласызбы, же жокпу?
— Жок, мен анте турган акмак эмесмин, — деди Мартин, бирок мен сизге
башкача жардам көрсөтөмүн. Сиз мага ошол күнкү кечти эн көңүлдүү өткөрүүгө
мүмкүнчүлүк бергенсиз, чынын айтсам, андай көңүлдүү кечени мен өмүрүмдө
өткөргөн жок элем. Сиз мага эч кандай акчага сатып алууга мүмкүн болбогон
нерсени тартуу кылгансыз. Азыр мен үчүн акча, саман менен барабар. Мен сизге
дал ошол, унутулгус кеч үчүн зор ыраазы болгондугум үчүн мин долларды ичим
ийриленбей туруп эле беремин. Сизге акча керек, ал эми менде болсо акча көп.
Сизге акча эле керекпи? Анда тайсалдатпай туруп эле алыңыз!
Крейз бул марттыкка кымындай да таң калып койбостон, чекти алып,
чөнтөгүнө салды да койду.
— Мындай шарт коё турган болсоңуз, мен андай кечени сиз үчүн жума сайын
өткөрүп турууга даярмын.
— Өтө кеч болуп калды, — деди Мартин башын чайкап, — ал кездеги кече мен
үчүн эң алгачкы жана эң акыркы жолку кече болгон эле. Анда мен өзүмдү
кандайдыр бир башка дүйнөдө жүргөндөй сезгем. Ал эми, сизге болсо ал кече эч
кандай деле бөтөнчөлүгү жок кече болучу, мен аны билемин. А, мен үчүн болсо
таптакыр башкача, бөтөнчө көрүнүш болгон. Ал кече эми өттү кетти, экинчи
кайталанбайт. Философиядан болсо, мен эчак кол үзгөм. Мен азыр ал жөнүндө
билмек түгүл, таптакыр уккум да келбейт.
— Мен өмүрүмдө биринчи жолу философия үчүн акча алышым ушул, — деди
Крейз, эшикти көздөй чыгып бара жатып, — киришенин азайып кеткенин
карасаң.
Бир күнү эртең менен миссис Морз өзүнүн эки дөңгөлөктүү жеңил арабасына
түшүп келе жатып, көчөдөн Мартинди көрө коюп, башын ийкеп, жылмайып
жиберди. Мартин дагы жылмайып, калпагын көтөрүп койду. Бул кокустук ага эч
кандай таасир эткен жок. Бул окуя мындан бир ай мурун болгон болсо, андан ага
мистер Морз жагымсыз, а мүмкүн кызыктуу да болуп көрүнмөк жана ал миссис
Морздун өзүн кандай сезип тургандыгын көз алдына даана элестетүүгө аракет
кылмак. Бирок азыр бул жолугушуу — анын сезимине эч кандай таасир
калтырган жок. Ал бул жөнүндө ушул эле замат, бир кезде борбордук казынанын
жанынан, же болбосо, шаардык ратушинин жанынан өткөндүгүн унутуп
калгандай эле, дароо унуткарып салды. Ошону
менен бирге, анын башы эмнегедир тынымсыз катуу иштей баштады. Анын
башында дагы эле, баягы көлөкөдөй ээрчиген «эчак бир кезде» деген ой айланып
кетпей туруп алды. Мартин эртең мененкисин ушул ой менен уйкудан ойгонуп,
түнкүсүн болсо бул ой түшүнөн кетпеди. Ал эмне кылса дагы ошол замат өзүнө
өзү: «бардыгы эчак бир кезде болгон» деп кайталай бере турган болду. Мартин
логикалык жактан талкуулап келип, акырында кайгылуу бир корутундуга
токтолду, — ал өзүн азыр адам деп да, айбан деп да эсептебеди. Кисебир Мартин
Иден жана суучул Мартин Иден дегендер турмушта чын эле болушкан жана
жашап жатышкан эле. Ал эми Мартин Иден улуу жазуучу деген нерсе болсо,
суучул, кисебир Мартин сансыз топурандылардын кыялдарынын күчү менен
ойдон чыгарылып, апыртылган ат боло турган. Бирок ал муну бардыгынын
жалган-калп экендигин билүүчү. Ал таптакыр, быкыраган топурандылар
баштарын ийип, терең кастарлаган күн уулу эмес болучу. Анткени ал өзүн өзү,
экинчиден, башкаларга караганда көбүрөөк билет эмеспи.
Мартин өзү жөнүндө ар түрдүү журналдардан окуп, басылып чыккан көп
сандаган сүрөттөрүн көрүп, өзүн өзү тааныган жок. Ал өзү жумушчу шаарчасында
чоңоюп өсүп, жашап, жана турмушту сүйүп ага кубанган болучу. Ал адамдарга
жакшы мамиле кылып жана тагдырдын таш боордугун кабак-кашым дебей тосуп
алган эле. Ал башка өлкөлөргө саякаттап, Тынч океаны туурасынан, узунунан
кесип өтүп, дал өзү өңдүү чектен чыккан тентек жана жеткен тапандардын
тобуна жолбашчылык кылган эмеспи. Ал биринчи жолу китепканага кирип
келгенде, китептердин ушунчалык көптүгүнөн башы айланып, кала берсе, көңүлү
төмөн чөгө түшкөн болучу, кийин бул китептерди окуп, аларды бара-бара түшүнө
да баштаган. Ал түн ортосуна чейин чыракты өчүрбөй, уктап калбас үчүн далай
айла-амалдарды иш- төө менен китеп окуп, кийин өзү китеп жаза баштаган.
Бирок, бир кездеги ичсе ашка тойбогон, кийсе кийим түтпөгөн опкок жана түгөт
Мартин азыр эмес, анын ордуна эми жакшы да, жаман да кастарлап, үйүнөн оокат
берүүгө биринен бири озунуп чакырган жаңы Мартин пайда болду.
Кээ бир нерселер аны өзүнө тартып кызыктырар эле. Бардык журналдар
Мартин Иден деген жаш талантты
биринчи болуп биз таптык деп талашып да жатышты. «Айына бир жолу чыгуучу
Уоррена» журналы өзүнүн жазуучуларына жаш таланттарды издөө менен
биринчи жолу кокусунан Мартин Иденге кездешип калгандыгын кеңири
кулактандырып жиберди. «Ак чычкан» да бул эмгекти өзүнө жазып ала койду,
ошондой эле ишти «Түндүк баяндамасы» дагы иштеди. Акырында «Глобус» сын
макала менен чыгып, «Деңиз ырларынын» ыксыз өзгөртүлүп чыккандыгынын
туура эместигин салтанат- туу түрдө көрсөттү. Анткени — «Деңиз ырлары»
биринчи жолу «Глобуска» басылган болучу. «Балалык жана жигиттик» журналы
куулук кылып, карыз берүүлөр менен бир жаңсыл болушту да, ал дагы Мартин
Иденди бетине кармап, кайрадан чыга баштады. Бирок, бул журналды
фермерлердин
бала-чакаларынан
башка
эч
ким
окучу
да
эмес.
«Трансконтиненталдык айына бир жолу чыгуучу» журнал жана «Шершень» да
Мартинди биринчи тапкан биз деп талашуу менен алек. «Синглтри менен
Дарнлей и Ко» дун анчалык бийик эмес үндөрү калың чуунун арасынан сууга
чөккөн таштай болуп угулбай да калды. Ал эми басмакананын болсо, өз органы
болбогондон кийин өз укугу жөнүндө үнүн бийик чыгарып, көпчүлүккө жарыя
кыла албады.
Бардык газеталар Мартиндин гонорарларын эсептеп жатышты. Кээ бир
журналдар тарабынан ага сунуш кылынган шарттар кандайдыр бир себептен
калайыкка жарыя болуп калды; окленддик дин үгүтчүлөрү жардам берүүсүн
өтүнүшсө, уят-сайытын жыйыштырып койгон айрым адамдар оозеки жана кат
жүзүндө суроолор менен . үстөккө-босток кайрылышып жатышты. Бардыгы- нан
да аялдарды тыюу кыйын эле. Анын сүрөтү аябай көп таратылып, кабарчылар
аны ар кандай мүнөздөп, сүрөттөп жазууга аракеттеништи. Алар «кара тору», «ай
далы», «ачык жана токтоо көз караш», «жан кечтинин арык чырай беттери» деген
сөздөр менен макалаларын толтурган эле. Баарынан дагы Мартинди «жан
кечтинин сырданган жүздөрү» деген сөз күлкүсүн келтирип, толкуган дайрадай
жаштык жылдарын эсине түшүрдү. Ал элдин арасында көп болуп, кээ бир аялдын
көзү түшүп, көңүл бургандыгын, жактыра тургандыгын байкады. Мартин
Бриссендендин эскерткендерин эсине түшүрүп, күлүп жиберди. Жок, ал
айткандай аялдар эми кайгыга салышпайт. Ал мезгил өтүп кеткен.
28*
Бир күнү Мартин Лиззини кечки мектебине узатып бара жаткан учурда, бир
сулуу, жакшы кийинген, калыбы турмуштуу көрүнгөн аялдын Мартинди көздөй
тигиле көз чаптырып калгандыгын байкап калды. Бул көз карашта арамзалык же
адепсиздикке жата турган эч нерсе жок болучу, бирок Лиззи бул көз караштын
эмне экендигине жакшы түшүнүп, кызганычтан жүрөгү катуу согуп бүткөн бою
калтырай түштү... Мартин анын бул кызганычын сезе коюп, ал мындай көз
караштардын жүзүн жолуктургандыгын, бирок мындай көз караштарга өзүнүн
кош көңүл мамиле кыла тургандыгын ага түшүндүрдү.
— Мындай болууга мүмкүн эмес! — деди Лиззи көздөрү алактай түшүп,
кыйкырып жиберип. — Демек, сиз соо эмес окшойсуз!
— Менин эч качан азыркыдай саламаттыгым мыкты болгон эмес. Кала берсе
мен салмагыма беш фунт эт коштум.
— Мен сиздин дениңиз оору деп жаткан жерим жок, мен сиздин мээңиз ооруго
деп ойлоп турамын. Сиз өтө чарчагансыз, же болбосо, сизге бир нерсе болгон
болсо керек! Мен сезип турамын! Ах, мен киммин өзүм деги!
Мартин унчукпастан Лиззинин катарында терең ойлуу келе жатты.
— Мен сиздин тынчсызданууңуздун тезирээк өтүп кетишин каалаймын! —
деди күтүлбөгөн жерден Лиззи. — Сиз эч качан аялдарга доош көңүл мамиле
жасай албайсыз... Кала берсе, алар сизден жанагыдай жалындаган көз
караштарын албай турган кезде. Ошондуктан сизге эч ким ишенбейт. Экинчиден
сиз жаш бала эмес- сиз да. Эгерде сизди теске салган аял мен болуп калган
болсом, атаганат кандай бактылуу болор элем.
Лиззини узатып коюп, Мартин «Метрополго» кайтып келди. Ал отургучка
ныгырыла олтуруп, эч нерсе ойлонбостон, бир чекиттен көзүн албай көпкө чейин
тиктеп олтура берди. Бир гана кезек-кезеги менен анын көз алдына эчаккы өткөн
күндөрүнүн бүдөмүк элестери пайда боло түшүп, кайра жок болуп кетип жатты.
Ал өзүнүн бул кандайдыр бир чаташкан түш сыяктуу болуп көрүнгөн элестерине
кош көңүл гана көз жиберип жатты. Бирок ал уктаган жок. Ал бир кезде көзүн ача
коюп, саатына карады. Саат туура сегиз экен. Анын кыларга иши жок болгондон
кийин жатуу керек эле... Ал кайрадан кыялдуу үргүлөөгө чөмүлүп,
бүдөмүктөшкөн элестер кайрадан анын көз алдынан кадимки жипке тизилген
шурудай болуп өтө баштады. Бирок, бул көрүнүштөрдө кызыктуу эч нерсе деле
жок боло турган. Бир гана элес: арасынан күн нуру өтүп турган кайыңдын
жалбырактары улам кайталанып көрүнүп туруп алды.
Эшиктин тыкылдашынан Мартин селт эте түштү. Ал уктабагандыктан бул
дабыш анын көз алдына телеграмма, каттар, кир жуугучкананын кызматкери
алып келген кирлерди элестетип жиберди. Ал ушул замат Джону эсине түшүрө
коюп, байкуш ал кайда жүрөт болду экен деп ойлонуп, мына ошондуктан
туталанып, катуу айкырып жиберди:
— Кириңиз!
Мартин Джо жөнүндө ойлонуу менен эшик жакты карап да койгон жок. Эшик
акырын ачыла баштады, Мартин болсо, жанагы тыкылдак жөнүндө таптакыр
унутуп калып, кайрадан жанагы ар түрдүү көрүнүштөр анын көз алдынан бирден
чубап өтө баштады. Аңгыча болбой, эшик жактан өксөп ыйлаган аялдын үнү
кулагына шак дей түштү. Мартин ордунан чоочуп, секирип тура калды.
— Руфь! — деди ал, таң кала түшүп жана чочуп кетип.
Анын жүздөрү сурданып кайгылуу эле. Ал эшиктин
алдында бир колу менен эшиктин туткасын кармап, экинчи колун жүрөгүнө
басып, телмирип турган эле. Ал Мартинди көздөй эки колун созуп, жалынычтуу
жалбарыңкы түр менен кадам шилтей баштады. Мартин аны отургучка акырын
олтургузуп жатып, анын колдорунун таштай муздак экендигин байкады. Ал
өзүнө экинчи бир отургучту жылдырып, анын кырына көчүгүн койду. Ал аптыга
түшүп, эч нерсе деп сөз сүйлөөгө кудурети келбеди. Руфь экөө жөнүндөгү роман
болсо, эчак эле Мартиндин жүрөгүндө көмүлүп, эсинен таптакыр чыгып кеткен
эле. Ушул замат ал өзүн кадимки «Метрополь» мейманканасынын ордуна
«Кайнар Булактын» кир жуугучканасы пайда боло калгандай жана ага, бир
жумага чейин бирөө кир жууну сунуш кылгандай сезип кетти. Бир нече жолу ал
кайраттанып, сөз сүйлөөгө аракет кылды эле, бирок эч нерсе чыккан жок.
— Менин бул жерде экендигимди эч ким билбейт, — деди Руфь жагымдуу
жылмайып.
— Сиз эмне дедиңиз? — деп сурады Мартин.
Ал өзүнөн өзү чоочуп кеткендей болду.
Руфь өз сөзүн кайра кайталады.
— О! — деди Мартин; анын оозунан чыккан сөз ушул гана болду.
— Мен сиздин конок үйүнө кирип кеткендигиңизди көрүп, бир аз күтүп туруп,
анан артыңыздан ээрчий кирдим.
— О! — деп кайталады Мартин.
Анын тили эч качан азыркыдай байлана түшкөн эмес эле. Анын башынан
бардык түзүк ойлору, кадимки шамал айдаган булуттай, бир пастын ортосунда
учуп кайда кеткени белгисиз боло түштү. Үндөбөй отуруу аны барган сайын эзип
бара жаткансыды, бирок ал башыңды кесип аламын десең дагы кайсы сөздөн
баштап сүйлөөнү ойлоп таба албас эле. Мындан көрө ал чын эле «Кайнар
булактын» киржуугучканасында болуп калсачы, анда ага сөздүн кереги жок эле,
эки жеңин тез түрүнүп ишке киришмек.
— Ушинтип, сиз менин артымдан ээрчип келдим деңизчи? — деди ал
акырында.
Руфь бир аз амалкөйлүк менен ооба дегендей башын ийкеп койду да, моюн
орогучун чече кетти.
— Мен сизди көчөдөн эң алды бир кыз менен баратканыңызды көрдүм...
— Ооба, — деди ал жөн гана, — мен аны кечки мектепке узатып баргам.
— Сиз мени көргөнүңүзгө кубанычтуу эмессизби? — деп сурады Руфь дагы
бир аз тына түшүп.
— О, ооба, — деди ал шашыла жооп берип, — бирок, сиздин бул жерге жалгыз
келип калганыңызды акылга сыярлык аракет деп ойлоого болобу?
— Мен эч кимге байкатпай кирип келдим. Менин бул жерде экендигимди эч
ким билбейт. Мен сизди өтө көргүм келди. Мен сизге өзүмдүн жаңылыштыгым
канчалык нааданчылык болгондугун түшүнгөндүгүмдү айтканы келдим. Мен
келбей коё алган жокмун, менин жүрөгүм мага, барасың деген буйрук кылды...
Себеби менин келгим келди!
Руфь ордунан туруп Мартинди көздөй басты. Ал эки колун Мартиндин ийнине
коюп, бат-бат дем алып, толкундана түшүп, анан тездик менен анын кучагына
жыгылып түштү. Башынан боорукер жана ак көңүл жаралган Мартин азыр, ал
дагы аны кучактоого тийиш экендигин сезди, антпесе, Руфту гана эмес, жалпы
эле аял затын терең кордоп салмак, кордогондо да кечиримсиз түрдө кородомок.
Бирок, Руфь анын кучагынан эч кандай жылуулукту да, эркелетүүнү да таппады.
Ал жөн гана эки колдоп аны кучактап койду, бирок, анын денеси мурдагыдай
жалынданып, эт жүрөгү элжиребеди, ал өзү мындан ыңгайсыздана түшүп, уялып
да кетти.
— Сиз эмне үчүн калтырап бара жатасыз? — деп сурады ал. — Эмне үшүп
турасызбы? Андай болсо, от жага коёюнбу?
Мартин бошонууга аракеттенип, бир аз козголо бергенде, Рурь аны коё
бербей, ага кайра бекем ыктай түштү.
— Бул жөн эле, — деди Руфь жооп кайтарып, тиштерин шакылдатып, — мен
азыр өзүмдү өзүм тыкан кармай баштадым. Жаным жай алгансып баратат.
Анын жанагы титиреши акырындык менен тарап кетти. Мартин аны али
кучагында кармап турганы менен, ага мурдагыдай таңыркабады. Ал азыр Руфтун
эмне үчүн келгендигин толук түшүндү.
— Апам мени Чарли Хэпгудга күйөөгө чыккын деген эле, — деди ал.
— Чарли Хэпгудгабы? Ал баягы оозуна келгенин оттогон, уят-сыйыты жок
көөдөн жигит эмеспи? — деди Мартин күңк этип. Ал бир аз унчукпай калып, анан
мындай деп кошумчалады: — Ал эми, азыр сиздин апаңыз, сизди мени менен
турмуш курсун деп жатат дечи...
Ал бул сөздү суроо бергендей түр менен айткан жок. Ал бул сөздү өтө
ишеничтүүлүк менен айтып жана ушул замат анын көз алдынан өзүнүн алган көп
сандагы гонорарларынын узун тизмеси катар-катар жол-жол болуп чубап
өткөндөй болду.
— Апам азыр каршы чыкпайт, — деди Руфь.
— Ал мени сизге ылайыктуу күйөө деп таптыбы?
Руфь башын ийкеп койду.
— Бирок мен, сиздин апаңыз экөөбүздүн үйлөнүү шертибизди бузгандан бери,
эч кандай деле өзгөрүлүп башка адам болуп кеткен жерим жок да. Анда кандай
болот? — деди ал ойлоно түшкөндөй. Мен баягы эле Мартин Иденмин. Мен
андагыдан кайра жаман болуп калганмын десем да жаңылбаймын. Арак ичем,
тамеки тартам. Түтүндүн жытын сезип турасызбы?
Жооп берүүнүн ордуна Руфь ойсоңдоп мурдагыдай көнүмүш өбүүнү күтүп,
анын оозуна алаканын тосуп калды. Бирок, Мартиндин эриндери козголуп да
койгон жок. Ал Руфь колун тартып алганга чейин күтүп турду да, анан сөзүн
улантып мындай деди:
— Мен өзгөрүлгөн жокмун. Кызматка да орношконум жок. Жана жакын арада
орношо коюуга да оюм жок. Жана мурдагыдай эле, Герберт Спенсер — улуу жана
асыл адам, ал эми сот Блоунт болсо, — адеби жок эшек. Мен кече анын үйүндө
болуп тамагын ичтим, мына ошондуктан ал жөнүндө бир нерсени билүүгө
тийишмин.
— Эмне үчүн сиз менин атамдын чакыруусун кабыл албай койдуңуз? — деп
сурады Руфь.
— Сиз аны кайдан билесиз? Ким жибериптир аны? Сиздин апаңызбы?
Руфь үн деген жок.
— Албетте апаңыз! Мен дал ошондой деп ойлогом. Ооба, азыр дагы сиз
калыбы, апаңыздын шилтөөсү менен келип олтурган чыгарсыз:
— Менин биерде экендигимди эч ким билбейт! — деди Руфь туталана түшүп.
— Кантип сиз бул ишти мага апам тапшырды деп ойлойсуз?
— Эмне экен, сиздин апаңыз мага күйөөгө чыгууга сизге руксат бербейт деп
турасызбы, менин бул жөнүндө эч кандай шегим жок.
Руфь даттангандай кыйкырып жиберди:
— О, Мартин, мынчалык таш боор болбосоңуз, эмне болот! Сиз мени жок
дегенде бир жолу дагы өөп койгон жоксуз. Мынчалык эмне, таштай катуусуз!
Ойлоп көрүңүзчү, мен сиз үчүн кандай чечкиндүүлүктү иштеп олтурам!
Руфь корккондой жана ошол эле учурда, кызыккандай көз карашын Мартинди
көздөй бир чаптырып алды.
— Ойлоп көрүңүзчү, мен кайда келип олтурам!
«Мен сиз үчүн өлүмгө болсо да даяр болор элем» — деген Лиззинин сөзү анын
эсине кылт дей түштү.
— Эмне үчүн сиз мурда мындай чечкиндүүлүктү көрсөткөн жоксуз? — деп ал
сурдана түшүп сурады. — Ачка болуп, мен же кепеде жашаган кезде деле, мен
башка эмес, ошол эле Мартин Иден эмес белем. Ошол эле адам, ошол эле жазуучу
— Мартин Иден мен эмес белем. Мен бул суроону акыркы мезгилдерде бир гана
сизде эмес, бардык адамдарга көп берүүчү болдум, күтүлбөгөн жерден менин
жогорулай түшүшүм бул ойго мени шексиз түртсө дагы, өзүңүз жакшы көрүп
турасыз го, менде эч кандай деле өзгөрүү көрүнбөйт. Мен өзүмдү өзгөрүлдүм го
деп ишендирүүгө аракет кылам дечи. Бирок, мен ошол эле Мартинмин! Менин эч
кандай жаңы таланттарым, эч кандай жаңы колдоор кишим жок. Менин мээм
мурда кандай болгон болсо, азыр дагы дал ошондой эле бойдон калды. Кала
берсе, менде адабиятка жана философияга карата жаңы көз караштар жаралган
жок. Менин жеке керт башымдын кадыры мен эч кимге белгисиз жана жалгыз
жашагандан бери кымындай да өсүп койгон жок. Мен азыр өзүмдүн күтүлбөгөн
жерден бардык жерде сыйлуу конок боло баштаганыма өзүм айран таң каламын.
Албетте, белгилүү бир нерсе бул — элге менин өзүм керек эмес, аларга менин
дүнүйөм, акчам керек. Анткени мурда алар мени көргүсү да билгиси да
келишпеген баягы эле Мартин Идендин эле өзүмүн. Демек, мен, дагы кайталап
айткым келет, алар менин өзүмдү эмес, менин жеке сапатымды эмес, мени керт
башыма, өзүмө таптакыр байланышпаган дүнүйөмдү, акчамды гана баалашат.
Дагы эмнемди баалашарын сизге айтайынбы? Менин жалпыга белгилүү
даңк-атакка ээ болгонумду баалашат. Бирок, бул даңк-атак менден тышкары
башкалардын акыл-эстеринде жашап жатпайбы. Ал эми акчалар дагы менсиз эле
жашап жатат. Алар казыналарда, Джондордун, Томдордун жана Джектер
сыяктуулардын чөнтөктөрүндө жатат. Айтмакчы, мен дагы азыр сизге акчам
жана даңкым үчүн керек болуп олтурамын,
— Жүрөгүмдү мынчалык эзбеңизчи, — деди Руфь өксүй түшүп. — Ишенсеңиз,
мен сиздин дүнүйөңүздү эмес, керт башыңызды сүйөмүн, мен бул жерге сизди
сүйгөндүгүм үчүн гана келип олтурамын.
— Сиз мени туура түшүнбөй калдыңыз го деп чоочуйм, — деди Мартин
жумшак гана. Эми мен сизден бир суроо сурагым келет, жооп бериңизчи: сиз эмне
үчүн мурда сүйөр мезгилиңизде сүйбөй, таштап кетип, азур гана чексиз берилип
жана сүйүп калдыңыз?
— Ал убакытты кечирип жана унутуп коюңузду суранам, — деп Руфь
жалбарына түшүп, кыйкырып жиберди. — Мен сизди ар дайым сүйгөн болчумун!
Уктуңузбу — ар дайым! Мына ошондуктан мен, бул жерге келип, сиздин
мойнуңуздан кучактап олтурамын. Андай болбогондо...
— Мен азыр эч кимге ишенбей, бардык нерсеге сын көз менен карап калгам.
Мына мен азыр сиздин сүйүүңүздү да сынап, салмактап жана өлчөп көргүм келет
— деп, жооп берди Мартин.
Руфь анын кучагынан тез бошонуп, боюн жасап түзөнүп, аны көздөй
эмнегедир кылдаттык менен көз жиберип калды. Жана бир нерсе айтууга
ынтазарлана түшүп барып, кайра токтоду.
— Менин бул жөнүндөгү оюмду уккуңуз келеби? деп сөзүн улантты Мартин.
— Билсеңиз мен ач, арык болуп, эл катарына кошула элек кезимде, өз чөйрөмдөгү
адамдардан башка эч ким мени киши деп эсептеген эмес болчу. Ал эми менин
китебим жазылып бүткөн кезде болсо, кол жазмамды окугандардын бири дагы
кубаттаган жана көңүл көтөрүүчү сөз айткан эмес. Тескерисинче, адамдардын
бардыгы менин жазгандыгым үчүн мени аябай тилдешип, жекиришкен. Алар
менин аябай ишимди намыссыз, уяттуу, арзыбаган, татыксыз нерсе деп
эсептешип, мени катуу күнөөлөшкөн. Алардын бардыгынын айтканы мага бир
гана — бекер жүрбөй иштегин, эптеп бир жерге орнош деген гана сөз болгон.
Руфь жактырбагандай мурдун чүйрүп койду.
— Ооба, ооба, — деди сөзүн улантып, Мартин, — сиз чындыгында иш
жөнүндө эмес, «мансап» жөнүндө көбүрөөк айткан элеңиз. «Иш» деген сөз сизге
менин жазуум сыяктуу эле, жаккан эмес эле. Бул сөз, албетте одонороок кичине!
Бирок, ишенип коюуңуз бул эчтеке эмес, менин көз карашым боюнча, мындан он
эсе одоно нерсе — бул менин тегерегимдегилердин бардыгы мени кадимки,
кандайдыр бир чектен чыгып кеткен кылмышкерди түз жолго салууга
аракеттенишип жаткан сыяктуу, иштебесең болбойт, иштегин дешип тынымсыз
үгүттөй башташкандыгы болушкан. Ал эми натыйжасы эм- не менен бүттү?
Менин чыгармаларымдын жарык көрө башташы жана көпчүлүк тарабынан кызуу
жактыруу жана колдоого ээ болуп, сиздердин сезимдериңиздерде да олуттуу
бурулушту туудуруп олтурат. Сиз бир кездеги Мартин Иденге турмушка
чыгуудан баш тартып койдуңуз эле, ал эми менин азыркы жарык көрүп олтурган
чыгармаларым болсо, дал ошол кезде жазылган. Сиздин сүйүүңүз дал ошол кезде
мага турмушка чыгууга аздык кылган, же болбосо, күчсүздүк кылган эле!
Ал эми азыр болсо, сиздин сүйүүңүз күчтүүлүк кылып олтурат жана бул
укмуштуу көрүнүштүн себебин — асыресе бир гана — менин белгилүү
болушумдан издөө керек! Мен азыр кирешем жөнүндө айтып жаткан жокмун,
мүмкүн сиз ал жөнүндө ойлогон эместирсиз, бирок, сиздин ата-энеңиз үчүн болсо
бул калыбы чоң мааниге ээ болучу нерсе. Мунун бардыгы мен үчүн анчалык деле
көшөкөрлөнгөндүк эмес! Жана кала берсе, бул жаман нерсе эмес! Бирок,
баарынан жанга баткан нерсе: бул мени чыныгы, ыйык сүйүүдөн шек саноого
мажбурлап жаткандыгында болуп турат! Капырай, чын эле чыныгы сүйүү дагы
атак менен даңкты самайбы? Калыбы самайт окшойт! Мен бул жөнүндө өтө көп
ойлондум, акырында тим эле, башым тегеренип да кетти.
— Байкуш башыңыз, ай де! — Руфь боору ачыгандай анын чачынан сылап
койду. — Эми мындан ары эч качан оорубай эле койсун. Жакшылап эс
алдырыңыз. Мартин, кел бардыгын кайра башынан баштайбыз! Чын, мен
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.