LatinEach bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
Total number of words is 2695
Total number of unique words is 1131
36.4 of words are in the 2000 most common words
48.6 of words are in the 5000 most common words
56.0 of words are in the 8000 most common words
түшүп, бирок бул сезим ошол замат коркунучтуу үрөй учуу менен алмашыла
түштү. Кыйналган жаш жүрөк туруктуулук менен каршы чыга баштады. Ал
кеменин четинен ортосун көздөй барды да: «Жок, менин сүйүктүү досум, сенин
бир жериң катуу ооруп турса керек» деди.
Мартин кемедеги кичинекей өз бөлмөсүнө түшүп олтурду да, кеме ачык
деңизге сүзүп чыкканга чейин сыртка чыкпады. Тамак жээр алдында бул кичине
бөлмөдөгүлөрдүн бардыгы аны кадырлашып капитандын оң жагынан орун
беришти жана ал өзүн «Марипозадагы» эң кадырман жана эң ардактуу адам
экендигин түшүндү. Бирок, буга чейин эч кандай, атактуу адам өзүнүн
чөйрөсүндөгү адамдарды мынчалык чексиз ирээнжит- кен эмес чыгар. Бул улуу
адам, өзүнүн убактысынын көпчүлүк бөлүгүн көздөрүн жумар-жумбас ачып, өз
бөлмөсүндө чалкасынан түшүп жатуу менен өткөрдү, ал эми кечинде болсо
жатууга элден биринчи болуп баш койду.
Кемедеги жүргүнчүлөр эки күндөн кийин деңиз оорусунан толук сакайышып,
керээли кечке, жалпы бөлмөлөр менен палубаларда топурашып жүрүштү. Мартин
аларга канчалык көп көңүл бурган сайын, алар ошончолук анын кыжырын
келтирди. Кала берсе, ал өзүнүн бул мамилесинин туура эместигин түшүнүп да
турду. Бирок, ал бул адамдардын өтө боорукер жана мээримдүү адамдар
экендигин мойнуна албай коё алган жок, ошондой болсо да ал ичинен, булардын
бардыгы башынан бактысыз жана маданияттан артта калган адамдар деп
эсептеди. Эмнегедир ага бул адамдар ушунчалык жеткен келесоолордой жана көк
мээлердей көрүнүп кетти. Мына ошондуктан, анын булар менен сүйлөшүүдөн
кыжыры кайнап кете турган. Жаштардын бака-шака түшкөн кубанычтуу үндөрү
— анын кыжырына тийгендей болду. Жаштар болсо, белгилүү бир орунга
сымаптай болуп токтошпойт, кеменин ичине бир түшүп, сыртына бир чыгып,
дельфиндерге суктаныша карашып, учуучу балыктардын үйүрлөрүнө
салтанаттуу куттуктоолор менен кыйкырышат.
Ал эми Мартин болсо, көбүрөөк уктоого аракет кылды. Эртең мененки
тамактан кийин ал окуп акырына такыр чыга албай койгон журналын дагы
колуна алып, чалкалама узун олтургучка келип, бутун суна кетти. Бирок,
журналдын тамгалары анын көздөрүн бат эле талытып жиберди. Ал бул
жазуучулардын чыгарманын окуяларын кайдан табарына таң калып, ойлонуп
олтурду, акырында олтурган жеринде үргүлөп уктап кетти. Түшкү тамакка
чакырганы гонг, олтургучта уктап жаткан Мартинди ойготуп жибергенде ачуусу
келе түштү.
Бир күнү Мартин уйку басып карайлаганын качыруу үчүн командалык
бөлмөдөгү суучулдарга келди. Бирок, суучулдар дагы, ал өзү бир кезде суучул
болуп жүргөн мезгилдегиге салыштырганда бир башкача болуп өзгөрүлүп
калгандыктарын байкады. Бирок, ал өзүн бул кеңкелес жана айбанчалыш жапайы
адамдар менен эч кандай салыштыргысы келбеди. Жок, ал буларга эч кандай
окшош эмес болучу! Ал азыр эмне кыларын таптакыр билбеди. Айласы да
түгөндү. Ал башкалардан бөлүнүп, эч кимге кереги жоктой үстүңкү текчеде
жалгыз жатты, ал өзү мурдатан жакшы тааныш жана жакшы көргөн табынын
адамдарына да кайтып келе алган жок. Ага алардын эми эч кандай кереги да жок
эле. Алар азыр, кадимки биринчи даражадагы көк мээ жүргүнчүлөр сыяктуу анын
кыжырын гана кайнатты!
Турмуш азыр ага кадимки көзү оорулуу адамды кыйнап жиберген электрдин
күчтүү жарыгы сыяктуу өтө запкылуу болуп сезилди. Турмуш азыр ага өзүнүн ар
түрдүү түстөгү бардык нурлары менен жаркырай баштап, мына ошондуктан, ага
эмнегедир оор болуп кетти. Чексиз оор болуп көрүндү.
Бул Мартиндин өмүрүндө биринчи жолу, биринчи класстагы кемеге түшүп
саякат жүргүзгөнү болучу. Мурда ушундай кемеге түшүп сүзүүлөргө чыккан
мезгилдерде, Мартин же кароолдо туруп же терең түпкүрдө от жагуу менен терин
агызып жүрө турган. Жана ал көп учурларда кеменин үстүңкү төгөрөк тешигинен
башын чыгарып кеменин үстүндө аркы-терки басып, сүйлөшүп, каткырышып,
серүүндөп жүрүшкөн асемдүү кийинишкен жүргүнчүлөргө акырая тиктеп
калуучу: кеменин үстүнө кере тартылган кендир аларды күндөн жана шамалдан
сактап, ал эми алар эмне кааласа, ал каалоолору дал ошол замат кеме буфетчиси
тарабынан орундалып туруучу. Бул көрүнүш түпкүрдөгү ысык көмүр үңкүрүнөн
сыртка баш баккан Мартинге кадимки бейиштин төрү сыяктуу туюлчу. Мына,
эми, азыр болсо ал, ардактуу жүргүнчү катарында капитандын оң жагында
олтурат жана ага бардыгы кастарлоо менен көз жиберишет, бирок ошону менен
бирге ал ушул мүнөттө кадимки жоготкон жыргалы сыяктуу командалар
комнатасы, өзүнүн от жаккыч кесиби жөнүндө сагыныч- туу ойго чумуй түштү. Ал
издеп, издеп жаңы бейиш тапкан жок, ал эми өзүнүн эски бейишин болсо,
түбөлүккө жоготкон эле.
Мартин эптеп убактысын өткөрүү үчүн кеме кызматкерлери менен
аңгемелешүүгө аракеттенди. Ал механиктин жардамчысы маданияттуу жана
жылдыздуу жигит менен көпкө чейин кызуу аңгемелешип олтурду,
аңгемелешүүнүн мезгилинде Мартин ал жигиттин социалисттик идеяны
жан-дили менен колдой тургандыгын түшүндү жана ал Мартинди капкайдагы
бир үгүт-насаат теориялары менен курчоого алып, уккусу келбесе да, аны
жадатып да жибергендей болду. Мартин анын толкундануу менен айткан бардык
кулдук
үрп-адаттар
менен
салт-санааларын
коргоого
багытталган
далилдөөлөрүн кош көңүл гана угуп жана өзүнүн ницшеандын философиясын
эсине түшүрдү. Бирок, мунун бардыгынын эмне кереги бар? Ал ушул замат
Ницшенин бардыкка шек келтирүүчү, ал гана эмес, чындыктын дал өзүнө да шек
келтирүүчү акмак көз караштары жөнүндө эстей калды. Эмнеси бар экен, мүмкүн
Ницшеники туура чыгар! Мүмкүн, чындык деген түшүнүктүн өзү келжиректик
чыгар. Бирок, анын башы катуу ооруй түшүп, креслого олтуруп, үргүлөп, эс
алууну өтө эңсеп кетти.
Кемедеги анын жашоосунун оор болгондугуна карабастан, алдыда аны дагы
көп сандаган оор түйшүктөр күтүп турган. Ал эми кеме Таитиге келгенде эмне
болмокчу? Канчалык машакат, канчалык кайрат талап кылынат! Керектүү
буюмдар жөнүндө кам көрүп жана Маркизовдор аралына баруучу кайыкты издеп
таап жана дагы башка миң сандаган ар түрдүү зарыл жана жадатма аракеттерди
иштөө керек болмок. Ал ар дайым ушулардын бардыгы жөнүндө ойлонуу менен
бирге, өзүн көздөй жакындап келе жаткан коркунучту даана сезе баштады. Мына,
ал азыр, туура Көлөкөлөр Өрөөнүндө турган эле жана баарынан коркунучтуу
нерсе, анын азыр коркуу дегенди сезбей тургандыгында болду. Эгерде ал бир
азыраак болсо дагы коркууну сезсе, анда ал турмушка кайтып келген болор эле,
бирок ал, эч качан корккон жок, ошондуктан караңгылыкка чөмүлүп бара жатты.
Аны азыр турмуштагы эч нерсе, кала берсе мурдагы, качандыр бир кездеги өзүнө
жаккан нерселер дагы, эч бир кубандыра албады. Мына, «Марипозанын» бет
алдынан өзүнө мурда жакшы тааныш, кала берсе, аны кадимки вино ичкендей
мас кылган, түндүк чыгыш жылуу шамалы сого баштады, бирок ал дагы азыр
анын кыжырын гана келтирди. Ал, бул мурдагы жарык күндөр менен жагымдуу
түндөрдүн боору- кер досу, ошол желдин эркелетүүсүнөн качуу үчүн олтурган
креслосун башка жакты көздөй жылдырып алды.
Бирок, «Марипоза» ысык өлкөлөргө келип жеткен кезде Мартин өзүн бөтөнчө
бактысыз сезип кетти. Ал уйкусунан таптакыр безди. Ал жата берип, көп уктап,
жамбашы талып, өтө чарчагандыктан сыртка, палубага чыгып көңүлүн ачып,
кайгы-капасын унутууга аракеттенди. Ал бир топко чейин үн катпастан ары-бери
басып жүрдү. Айлана өтө үп жана нымдуу болуп жана күтүлбөгөн жерден
улам-улам көнөктөтүп төгүп кеткен жаан да абаны оңдуу тазарта албай турду.
Жашоо Мартинге оор запкыдай сезилди. Кээде ал алсырай түшүп, олтурган
креслосуна жата кетүүчү жана бир аз эс алгандан кийин кайра туруп, кайрадан
ары-бери басчу. Ал акырында журналды аягына чейин окуп чыкты да,
китепканадан ырлардын бир нече томун алды. Бирок ал, аларга көңүл бурбастан,
өзүнүн серүүндөшүн уланта берди.
Кечинде Мартин өз бөлмөсүнө элдин эң артында келип жана түн ортосу
болоюн деп калгандыгына карабастан, такыр көзү илинип уктай албады.
Турмуштун түйшүктөрүнөн эс алуунун бирден бир жолу дагы өз аракетин
токтотту. Бул жакшы окуя эмес эле. Ал лампочканы жарык кылып, китеп окууга
киришти, бул болсо, Суинберндин ырларынын томчосу эле, Мартин бул томчонун
беш-алты барагын оодарып көрүп өзүнүн эмнегедир кызыга түшкөндүгүн сезди.
Ал бир ырды окуп чыгып, экинчи ырга өтөйүн деди эле, бирок ал кайра биринчи
ырды кайталап окуп чыгууну чечти. Ал акырында колундагы китебин
көкүрөгүнө түшүрүп жиберип, ойлонуп калды. Мына, мына! Бул, дал ошонун өзү!
Дал өзү! Менин эңсеп жүргөнүм! Кызык, Суинберн анын оюн эчак эле таап
койгонун карасаң! Бул болсо, бардык маселенин түйүнү эле. Ал мурда өзү да
билбестен ушул жол боюнча келген эле, азыр болсо, Суинберн ага эң даана жолду
көрсөтүп олтурат. Ага тынчтык керек эле жана аны ошол тынчтык күтүп турган
эле. Ал башын көтөрө коюп, кеменин капталындагы тегерек айнекке көз
жиберди. Ооба, ал жетишерлик кенен эле.
Далай күндөн бери биринчи жолу анын жүрөгү кубанычтуу сого түштү.
Акырында ал өзүнүн дартына эм болуучу дарыны тапты! Ал китепти кайра
колуна алып, бет маңдайына такай кармап, үнүн чыгарып төмөнкүдөй саптарды
окуду:
Чарчадык чексиз үмүттөн,
Тойлордо ойноп күлүштөн.
Билбедик коркуу, самоону —
Теңирге баш ий билип сен...
О, жүрөгү сен адамдын,
Түбөлүккө жаралдың...
Ошондуктан миң алкыш,
Кудайларына ааламдын...
Бүт дайра билгин бир кезде, —
Деңизди каптап каларын.
Мартин кеменин терезесине кайрадан көз жиберди. Суинберн ага жол
көрсөтүп бербедиби. Турмуштун оордугу аны чектен тыш муундуруп
жибергенсиди. Ачыгыраак айтканда, турмушка чыдоого мүмкүн болбогондой өтө
кайгылуу жана муңдуу болду.
Жүрөгү сен адамдын,
Түбөлүксүз жаралдың!..
Мына дал ушул кудайларга миң бир эки рахмат айтуу керек. Бул болсо,
алардын дүйнөдөгү эң чоң жакшылыгы болуп саналат! Эгерде жашоо адамды
чектен тыш эзип жиберген болсо, андан кутулуу опоңой эле нерсе, бир беш
мүнөттүн ичинде, чексиз уйкуга кетесиң да каласың! Ушуну менен ишиң бүттү!
Кайра эч качан кайтып келбейсиң!
Бирок ал эмнени күтүп турат? Кетүүгө мезгил жетти.
Мартин иллюминатордон башын соксойтуп төмөн жактагы сүттөй ак
толкундарга көз жиберди. «Марипоза» өтө терең матырылып бара жаткан эле.
Жана ал, айнекке асылып, денесин ылдый салаңдата турган болсо, бутунун башы
сууга тие тургандай. Шарпылдаган дабыш да чыга турган эмес. Эч ким да укпай
турган. Суунун майда тамчылары анын беттерине чачырай түштү. Анын оозуна
туздуу суунун даамы келе калды. Бул ага жага түшкөнсүдү. Ал ушул учурда, кала
берсе, өзүнүн баягы, баягы бир кездеги ак куу жөнүндөгү ырын жазгысы да келип
кетти! Ушул замат бул оюна ал, өзүнө өзү күлүп да жиберди. Айтмакчы аны
жазууга убакыт да жок эле. Ал тезирээк, өз жанынан өзү кечкиси келип кетти.
Эч ким сезбес үчүн, ал бөлмөчөдөгү жарыкты өчүрүп туруп, кеменин каптал
айнегинен сыртка сойлоп чыга баштады. Ал бир колун денесине жабыштыра
кыса кармап, араңдан зорго дегенде ийиндерин тешиктен чыгарды. Күтүлбөгөн
жерден кеменин силкинишинен анын буту сыйгаланып кетип, эки колу менен
айнектин кырына асылып калды. Ал буттарынын сууга тийгенин сезери менен
эки колун коё берди. Ак толкундуу мээлүүн суу аны өз кучагына имере баштады.
«Марипоза» анын жанынан кадимки зор кара аска сыяктуу болуп, кээ бир каптал
терезелеринен жарык чачыратып дабышсыз шарт гана өтө берди. Кеме өтө
ылдам баратты. Ал бул жөнүндө ойлоп үлгүргөнчө болбой, өзү кеменин арткы
куйрук жагынан алда канчалык алыс жерде калып калгандыгын сезип жана
көбүктөнгөн океандын үстүндө жалгыз жай гана калыкып калгандыгын түшүндү:
Кемени урунуулардан сактоо үчүн сүйрөтүлүп жүрүүчү жоон жыгачтар анын
балтырын тытып кетти. Ал буга күлүп жиберди. Ал санынын тызылдап
ачышканынан өзүнүн суунун ичинде эмне үчүн жүргөндүгүнө кейий түштү. Ал
көрсө, өзүнүн эң башкы максаты жөнүндө таптакыр унутуп койгон экен. Өтө
алыстап кеткендиктен эми «Марипозанын» оттору да таптакыр көрүнбөй калды,
бирок ал болсо, сүзүп жана дагы сүзүп олтуруп, акырында, миңдеген метр
алыстан көрүнгөн жээкке жеткиси келди.
Бул болсо жашоонун көнүмүш гана аракети жана умтулуусу боло турган. Анын
сүзгүсү келбеди, бирок күчтүү толкун аны улам жашырып кеткен сайын, ал
далбас уруп, колдорун иштете баштады. «Жашоонун эрки» деп ойлоду ал, ал өзүн
өзү жек көрүү менен шылдыңдап күлдү. Ооба, анын эрки бар жана анын бул эрки
эң акыркы чымыркануу менен өз жанын өзү кыюуга толук жетишерлик.
Ал сууга тикесинен тик туруп калды. Жана чалкалай түшүп, асмандагы
жылдыздарды бир жалт карап алды да, ошол замат өзүнүн өпкөсүндөгү бардык
болгон абасын сыртка чыгарууга аракет кылды. Ал кол, буттарын тез жана ыкчам
аракетке келтирүү менен өзүн суудан өйдө көтөрүлтүп туруп, кайра ылдый
көздөй чөмүлүп кетүүгө аябай мажбурлады. Ал деңиздин түбүнө кадимки
адамдын таштан жасалган жумгагындай болуп чөккүсү келди. Ал катуу чөмүлдү
да, тезирээк эстен тануу үчүн уктатучу дарыны жыттаган адам сыяктуу сууну
аябай өз ичин көздөй тарта баштады. Бирок суу анын кекиртегине чыга түшүп,
аны муундура баштаган кезде, ал чыдай албай эрксизден, көнүмүш кыймыл
жасоо менен суунун үстүнө кайрадан атып чыгып, асмандагы жылдыздарды дагы
көрдү.
«Жашоонун эрки», — деп ал кайрадан жек көрүү менен ойлонду да, мемиреген
түндүн таза абасынан жаралуу өпкөсүнө куру бекерге дем алгысы келбеди. Бирок,
ал, башка бир амалды байкап көргүсү келди! Ал бир нече жолу ичине демди терең
тартты. Ал ичине көп демди жыйып туруп, акырында кайрадан чөмүлдү.
Чөмүлгөндө да башын ылдый көздөй каратып, бардык күчүн жыйнап туруп катуу
чөмүлдү. Ал улам барган сайын терең чөгүп бара жатты. Ал көзүн ачып, жашыл
сымак фосфор түстүү жарыкты көрдү. Кемеге чиркелген узун дөңгөчтөр кадимки
жандуу караандай болуп анын жанынан өтө бергендей болду. Ал ичинен бул
сүйрөтүлгөн жыгачтар эч жериме тийбесе экен деп ойлоду, эгерде кокустан
тийип кете турган болсо, анын эркинин чымыркануусун жандырып жибермекчи.
Бирок алар ага тийбестен өтүп кетишти жана ал турмуштун ага карата кылган эң
акыркы ырайымдуулугу үчүн ичинен чексиз ыраазылыгын билдиргенсиди.
Ал улам барган сайын терең матырылып, буттары менен колдорунун жаны
кетип бара жаткандыгын сезип бара жатты. Кулагынын тарсылдагынын жука
жаргакчасына жасаган суунун басымы жанды чыдаттырбады, башы тим эле
чытырап жыйырмага бөлүнүп жарылып кете тургансып катуу ооруп кирди.
Эрктин укмуштуудай чымыркануусу менен өпкөсүндөгү бардык абасы акыр
аягында таптакыр сыртка чыгып кеткенге чейин, ал өзүн өзү дагы тереңирээк
матырылууга мажбурлай берди. Абанын майда көбүкчөлөрү анын беттери менен
көздөрүнүн үстүнөн сыйгаланып өтүшүп, өйдө көздөй өтө тездик менен
атырылып чыгып жатты. Мына ошондо, муунуунун эң оор азабы башталды.
Бирок ал өзүнүн өчүп бара жаткан эси менен, бул азап али өлүм эмес экендигин
түшүндү. Өлүм кыйнабайт. Бул али жашоо, өмүрдүн акыркы жан талашуусу,
акыркы азабы боло турган. Бул, турмуштун ага урган акыркы соккусу болучу.
Анын колдору менен буттары калтырап, алсыз тыпырай баштады. Иш бүттү!
Ал турмушка умтулуунун эркин алдап кетти! Ал азыр өтө тереңдикке барып
калган эле. Эми ал деңиздин үстүнө кайра сүзүп чыга албайт. Ага көрүнүштөрдүн
учу-кыйры жок деңизинде тынч жана бир калыпта сүзүп бараткансып сезилди.
Аны кандайдыр бир кубулжуган нур курчап алгандай жана ал ушул нурдун ичине
өзү дагы эрип кеткендей болду. Жол көрсөткүчтөй жаркыраган а, бул эмне?
Бирок ал, анын мээсинде өтө ачык, ак жарык болуп жанды. Ал улам барган сайын
жарыгыраак жана дагы жарыгыраак нурдана баштады. Кайсы бир жерден өтө
укмуштуудай дүңгүрөгөн катуу дабыш тез өтүп кеткен- дей болуп, Мартинге өзү
эң зор бийик гигант шатыдан ылдый көздөй караңгы орго октон тез учуп бара
жаткансып сезилди. Ал караңгы чексиз түпкүрдү көздөй зуулдап, сызып бара
жатты, — мына ал, дал ушуну түшүнгөн кезде, жарык дүйнө менен түбөлүккө
коштошту.

укмуштуудай дүңгүрөгөн катуу дабыш тез өтүп кеткендей болуп, Мартинге өзү эң
зор бийик гигант шатыдан ылдый көздөй караңгы орго октон тез учуп бара

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
- Parts
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4096Total number of unique words is 192331.1 of words are in the 2000 most common words43.2 of words are in the 5000 most common words51.1 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4116Total number of unique words is 203230.3 of words are in the 2000 most common words42.4 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4219Total number of unique words is 199432.1 of words are in the 2000 most common words45.0 of words are in the 5000 most common words51.8 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4242Total number of unique words is 200131.2 of words are in the 2000 most common words43.0 of words are in the 5000 most common words49.3 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4170Total number of unique words is 181831.4 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words50.3 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4204Total number of unique words is 191430.7 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words50.1 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4159Total number of unique words is 183031.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4140Total number of unique words is 183931.2 of words are in the 2000 most common words43.1 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4066Total number of unique words is 183930.6 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words48.5 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4088Total number of unique words is 185530.1 of words are in the 2000 most common words41.2 of words are in the 5000 most common words48.1 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4142Total number of unique words is 193432.5 of words are in the 2000 most common words44.6 of words are in the 5000 most common words51.3 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4198Total number of unique words is 194629.8 of words are in the 2000 most common words40.0 of words are in the 5000 most common words46.9 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4163Total number of unique words is 187532.8 of words are in the 2000 most common words45.3 of words are in the 5000 most common words53.0 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4152Total number of unique words is 179829.9 of words are in the 2000 most common words43.1 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4146Total number of unique words is 191430.9 of words are in the 2000 most common words43.4 of words are in the 5000 most common words50.9 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4051Total number of unique words is 188328.8 of words are in the 2000 most common words38.9 of words are in the 5000 most common words46.0 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4192Total number of unique words is 186933.2 of words are in the 2000 most common words45.2 of words are in the 5000 most common words50.9 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4075Total number of unique words is 192229.6 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4017Total number of unique words is 184529.8 of words are in the 2000 most common words40.9 of words are in the 5000 most common words47.4 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3984Total number of unique words is 190329.5 of words are in the 2000 most common words40.5 of words are in the 5000 most common words47.1 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4005Total number of unique words is 180731.2 of words are in the 2000 most common words42.3 of words are in the 5000 most common words48.6 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3983Total number of unique words is 189031.3 of words are in the 2000 most common words43.4 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3967Total number of unique words is 187830.3 of words are in the 2000 most common words42.4 of words are in the 5000 most common words48.2 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4002Total number of unique words is 193331.4 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words47.8 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3959Total number of unique words is 194529.6 of words are in the 2000 most common words42.4 of words are in the 5000 most common words48.9 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4024Total number of unique words is 188932.3 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4161Total number of unique words is 199131.9 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words51.3 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4151Total number of unique words is 186532.9 of words are in the 2000 most common words43.9 of words are in the 5000 most common words50.5 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4089Total number of unique words is 179031.8 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words49.2 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4200Total number of unique words is 178732.6 of words are in the 2000 most common words45.4 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4188Total number of unique words is 193832.5 of words are in the 2000 most common words45.2 of words are in the 5000 most common words52.1 of words are in the 8000 most common words
- Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 2695Total number of unique words is 113136.4 of words are in the 2000 most common words48.6 of words are in the 5000 most common words56.0 of words are in the 8000 most common words