Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24

Total number of words is 4002
Total number of unique words is 1933
31.4 of words are in the 2000 most common words
42.1 of words are in the 5000 most common words
47.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
бир журналды таба аласызбы? Сиз, өзүңүз да муну эң жакшы билесиз го!
— Жок, билбеймин! Мен бүткүл дүйнөдө бир гана сиздин бул чыгармаңызды
чыгарууга баса калбаган бир дагы журнал жок экендигин билемин. Себеби
мындай чыгарма жүз жылда бир гана жаралат эмеспи. Бул поэма азыркы күндүн
поэмасы эмес, досум. Бул поэма кылымдардын поэмасы.
— Бирок, мен сиздин кээ бир сөзүңүзгө каршы чыгамын!
— Коюңузчу, тамашанын эмне кереги бар! — деди Мартин, кабагын түйүп.
— Редакторлор анчалык деле акмак адамдар эмес. Мен аларды анча-мынча
билемин. Апкел колуңузду, мелдешесизби, эгерде сиздин бул «Туруксузуңузду»
биринчи жолу болбосо да, экинчи жолу сөзсүз кабыл албаса, эмне сайышасыз?
Бол айтыңыз!
— Сиздин бул сөзүңүздү кабыл алууга тоскоолдук кылуучу мен үчүн бир
нерсе болуп турат, — деди Бриссенден жана бир аз унчукпай калып дагы мындай
деп кошумчалады: — Бул чындыгында эле менин чыгармаларымдын эң
көрүнүктүүсү, эң зору болуп саналат. Мен муну эң жакшы билемин. Бул менин эң
акыркы жана эң мыкты чыгармам. Мен бул поэмам үчүн чексиз сыймыктанамын.
Ишенсеңиз, мен муну жанымдай көрөмүн. Бул мага винодон жакын көрүнөт. Бул
чыгарма менин бала кезимдеги кыялдарга умтула, элестерге ишене баштаган
мезгилимдеги самаган чыгармам болуп саналат. Мына ошол эңсеген максатыма
мен көр оозуна жакын калган мезгилимде жетип олтурамын... Анан кантип ушул
чыгармамды камандардын кордоосуна таштайын? Мен сиз менен мелдешким
келбейт! Бул меники! Муну мен жаздым жана бир гана сизге көрсөтүп олтурамын.
— Бирок башка нерсе жөнүндө ойлонуп көрүңүзчү! — деди Мартин
толкундана түшүп. — Айтмакчы, сулуулуктун максаты — кубануу менен
рахаттануу эмеспи!
— И, ушул мени кубандырып жана рахаттандыра берсин.
— Өзүмчүл болбочу!
— Мен таптакыр өзүмчүл эмесмин!
Бриссенден көңүлсүз гана табалагандай жылмайып койду да, айта турган
сөзүн ойлоно түшкөндөй болду:
— Мен, кадимки ач каман сыяктуу башкалар үчүн жанымды таштап
жиберем.
Мартин аны кабыл алган чечиминен баш тарттырууга бекерге гана
аракеттениптир. Бирок Мартин ага да болбостон, Бриссенденди катуу жемелеп,
сенин журналдарга карата болгон жек көрүүлөрүң наадандык жана кыялга туура
келбеген нерсе, сенин бул мамилең чындыгында Диана Эфесскаянын алтын
сарайын өрттөп жиберген Геростраттын кылган кылмышынан жүз эсе
уяттуураак болуп саналат, — деп ишендире берди. Бриссенден болсо анын айтып
жаткандарын угумуш болуп, калп эле сеники туура дегендей башын ийкеп
винодон жутуп коюп олтура берди. Ал кала берсе Мартиндин журналга тиешелүү
болбогон башка бардык пикирлерине да кошулду. Анын редакторлорго карата
болгон жек көрүүсүпө чек жетчү эмес. Ал Мартинге караганда да аларды
көбүрөөк кыжырдануу менен тилдеп кирчү.
— Мен сизден өтө суранамын Мартин. Мага ушул поэмамды машинкага
жакшылап басып берсеңиз, — деди ал, — себеби сиз машинисткаларга караганда
жакшыраак басасыз. Ал эми азыр болсо, сизге мен бир жакшы кеңеш бергим
келет. — Бриссенден чөнтөгүнөн бир чоң көлөмдүү кол жазманы сууруп чыкты.
— Мына, сиздин «Күн наалаты» деген чыгармаңыз. Мен муну үч жолу кайталап
окуп чыктым! Бул болсо, сиздин чыгармаңызга карата менин эң чоң берген баам
болот. Ал эми мен болсом, сиз «Туруксуз» жөнүндө сөз козгогондон кийин
оозумду жабууга мажбур болдум. Бирок сизге мен муну айткым келет: эгерде
«Күн наалаты» басылып чыга турган болсо, ишенип коюңуз анда бир чоң чуу
көтөрүлбөй койбойт. Бул үчүн далай сынчылар калемдерин курчутушат. Бул сиз
үчүн зор атак эмеспи.
Мартин чыдай албай каткырып күлүп жиберди.
— Сиз мага бул макалаңызды журналдардын бирине сөзсүз жибериңиз деп
кеңеш бергиңиз келип турабы?
— Жок, эч качан, эгерде өзүңүз эле журналга басып чыгарууну каалабасаңыз.
Мунуңузду андан көрө көрүнүктүү бир басмаканага сунуш кылбайсызбы? Мүмкүн
ал жерден бул чыгармаңызды кандайдыр бир келжирбай же болбосо бир аракеч
окуп көрүп, жакшы баа бериши ажап эмес. Экинчиден, сиздин көп
окугандыгыңыз өзүнөн өзү көрүнүп турат! Мунун бардыгы тең Мартин Идендин
тынчын алып, көп ойлондурууга түрттү. Акырында анын ойлору «Күн
наалатына» келип кошулуп кеткендей болду... Акыры бир кезде Мартин Иден өтө
атактуу адам болот жана анын атагынын бир кыйла бөлүгү ушул чыгарма
аркылуу түзүлөт. Тур, Мартин Иден, мыкты басма кызматкерин издеп жөнөгүн,
канчалык эрте издеп тапсаң, ошончолук ишиң оңунан чыгат.
Бриссенден бул күнү кечинде эл жатканга чейин Мартин менен бакылдашып
олтурду. Мартин аны узатып барып, трамвайга түшүрүп, коштошор алдында
Бриссенден досу ага күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир бүктөлгөн кагазды
сунгандай болду.
— Муну алып коюңуз, — деди ал, — менин бүгүн ат чабыштан азыраак жолум
болду эле!
Коңгуроосу шыңгырап трамвай ордунан козголду, Мартин болсо колундагы
бүктөлгөн кагазы менен эч нерсе түшүнбөй айран-таң калуу менен узатып кала
берди. Үйүнө кайтып келип, ал колундагы кагазды жазып карады эле, жүз
долларлык банканын чеги экен.
Мартин андан уялбастан эле пайдаланды. Ал досунун акчасы көп экендигин
түшүнүп, өзүнүн бүт карызынан кыска мөөнөттүн ичинде толук кутуларына көзү
жетти. Ал эртеси күнү эртең менен өзүнүн бардык карыздарынан кутулуп,
Марияга жатакана акысы үчүн үч ай алдын ала төлөп жана күрөөгө койгон өзүнүн
бардык буюмдарын кайра сатып алды. Ал дагы Мариянын тоюна, Руфь менен
Гертрудага диндик майрамга карата белектерди сатып алды. Анын үстүнө дагы
ал Мариянын балдарынын бардыгын Оклендге ээрчитип барып, өзүнүн
айтканындай (чындыгында бир жыл кечигип) Марияга, анын бардык балдарына
тапичке сатып берди. Ал эле эмес анын балдарына момпосуй жана ар түрдүү
оюнчук алып берди.
Мартин бири кирип, бири чыгып жаткан кондитердик магазинге кирип,
кокусунан Руфь менен миссис Морзду жолуктуруп калды. Миссис Морз бөтөнчө
короздонуп кийинип алыптыр, анын мындай көрүнүшүнөн Руфтун да уялып
тургандыгы сезилип турду. Руфь адамдын сырткы келбетине да чоң баа бере
турган. Мына ошондуктанбы, айтор, ал азыр өзүнүн сүйгөнүн португалдык
самтырактардын арасынан көргөндүгүнө саал ыңгайсыздана түштү. Мындай бой
көтөрбөс, намысы жок, өзүн-өзү сыйлабагандык Руфка катуу тийди. Бул окуядан
кийин, Руфь Мартиндин эч качан өз чөйрөсүнөн жогору көтөрүлө албастыгына
анык көзү жетти. Бул болсо, өзүнөн өзү эле жагымсыз окуя боло турган, ал эми
ушуну менен бардык чөйрөгө, айрыкча өз чөйрөсүнө таптакыр мактанууга
мүмкүн эмес эле. Кошулуулары жөнүндөгү сүйлөшүүлөрү жашырын болуп
келгени менен, алардын мамилелери эч кимге жашырын сыр эмес болучу.
Атайылап акмалашып келишкендей бул кондитердик азык-түлүк магазининде
Руфтун бир канча тааныштары да жүрүшсө болобу. Алардын бардыгы тең
айран-таң калуу менен миссис Морздун сүйгөн жигитин курчап турган
самтырактарга карап калышты. Руфь эми ушакка шексиз илинерин түшүнүп,
Мартиндин бул сыяктуу кылыгына кыжыры аябай кайнады. Анын бөтөнчө
сезгич мүнөзү бул окуяны маскарачылык деп түшүнүүдөн башка эч кандай айла
калбады. Мартин ушул күнү Морздордукуна келип, күтүлбөгөн жерден Руфтун
ушунчалык капаланып олтурганын көрүп, коркконунан чөнтөгүндөгү өзүнүн
алып келген белегин да сууруп чыга алган жок. Мартин биринчи жолу Руфтун көз
жашын төгүп, өз кылыгы үчүн өзүн-өзү каргап, жекирип, олтурганын көрүп, жети
өмүрү жерге кире түшкөндөй болду. Чындыгында өз күнөөсү эмнеде экендигин
айкын-ачык көз алдына элестете албаса да, өзүн ичинен жер түрткөн доңуз деп
эсептеди. Мартин да өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдарды уяткарамын деп эч качан
башына да келген эмес, экинчиден Мария Сильванын балдары үчүн дин
майрамына карата белектер сатып алуу үчүн өзүнүн магазинге келишинен Руфь
үчүн маскарачылык эч нерсени көргөн жок. Бирок ал Руфтун сыр бербеске аракет
кылган сөзүнөн да, көзүнөн да анын эмнеге таарынгандыгын эң сонун түшүнүп,
бардык бул окуяны аялдарга; калыбы, эң акылман деген аялдарга да таандык
боло турган күчсүздүктүн көрүнүшү, белгиси катары эсептеди.
XXXVI ГЛАВА
— Жүрүңүз, мен сизге «чыныгы адамдарды» көрсөтөйүн, — деди Бриссенден
Мартинге январь айынын бир күнкү кечинде.
Алар Сан-Францискодон тамактанышып, эми гана окленддик кемеге түшүүгө
камынышкан учурда күтүлбөгөн жерден Бриссендендин кыялына Мартинге
«чыныгы адамдарды» көрсөтөйүн деген ою кылт дей түштү. Ал плащынын
этектерин эркин коё берип, кайра артын көздөй кайрылып, термеле басып келе
жатты, Мартин болсо, анын артынан калышпай ээрчип, ага араң жетишип келе
жатты. Жолдо келе жатып Бриссенден эки бөтөлкө эски портвейн сатып алган
эле. Ал бул винолорун эки колуна кармап, Мишен-стритти көздөй бараткан
трамвайга секирип түштү. Мартин да анын артынан койнундагы төрт бөтөлкө
виносу менен трамвайга кошо ыргып түштү. «Эгерде азыр мени Руфь көрүп калса
эмне дээр эле» — деген ой көз ачып-жумганча Мартиндин башына кылт этип
кайра жок болду, себеби анын оюн
чыныгы адамдар» дегени кимдер болду экен деген суроо ээлеп турган эле.
— Мүмкүн бүгүн ал жерде эч ким болбос, — деди Бриссенден Мартин экөө
трамвайдан түшүп, Маркет-стриттин түштүгүн көздөй кеткен жумушчу
көчөлөрүнүн караңгы бурчуна кире беришкенде. — Андай болсо сиз
самаганыңызды көрө албайсыз!
— Деги алар эмне деген карамүртөздөр? — деп сурап калды Мартин.
— Чыныгы акылдуу адамдар, бирок баягы мен сени жолуктурган кызыл
кулактар чогулган жердеги топурашкан ачык ооздор сыяктуу эмес. Сиз көп окуп,
жалгыздыктын азабын көп тарттыңыз! Мен азыр, сизди дал өзүңүздөй бир топ
нерселерди окушкан адамдар менен тааныштырамын, андан кийин сиз эч качан
жалгызсырабайсыз.
— Мен алардын чексиз талаштарына көп кызыкпайм, — деди Бриссенден эки
көчө өткөндөн кийин, — мен китеп философиясын анчалык жактыра бербеймин,
бирок ошондой болсо да алар буржуазиялык доңуздар эмес, шексиз чыныгы
адамдар! Бирок сак болуңуз, сен алар менен эмне жөнүндө талашсаң да сызга
олтургузуп коюулары мүмкүн!
— Ал жерде Нортон болушу мүмкүн, — деди ал бир аздан кийин,
кышылдап-күшүлдөп, Мартинге өз колундагы бөтөлкөлөрүн көтөрүп алууга
мүмкүндүк бербей. — Нортон — караңгы көз караштагы адам. Ал гарварддык
университетти бүткөн! Укмуш эстүү жигит! Идеализм аны анархиялык
философияга алып келип, үй-бүлөсү андан баш тартып кетишкен. Анын атасы —
темир жол кампаниясынын президенти, мультимиллионер, уулу болсо Фрискодо
айына жыйырма беш доллар кызмат акыга анархиялык бир журналчаны
редакторлоп, эптеп-септеп күнүн көрүп жүрөт.
Мартин Сан-Францискону жакшы билүүчү эмес, айрыкча шаардын ушул
бөлүгү жөнүндө анын эч кандай түшүнүгү жок эле. Мына ошондуктан, ал
Бриссендендин өзүн кайда алып бара жаткандыгын таптакыр түшүнө албады.
— Алар жөнүндө дагы айта түшсөң, — деп сурады ал, — мен алар менен алдын
ала азыраак таанышып алгым келип жатат. Алар эмне кылышат? Быякка алар
кайдан келишкен?
— Бүгүн, мүмкүн Гамнльтон келип калар, — деди Бриссенден токтой калып,
бир аз тыныккандай. — Страун-Гамильтон — өтө эски фамилия, жакшы атанын
баласы, социалисттик бир уюмда жумасына алты доллар үчүн кызмат кылса да,
кызмат кылууга аракеттенсе да, бирок өзү чындыгын айтканда бир кудай урган
селсаяк, дүйнөдөгү жеткен жалкоо. Кыскасын айтканда, оңолбогон бир түгөт. Ал
Сан-Франциского да тентиреп келген. Кээде ал эртеден кечке чейин наар татпай,
тишинин кирин соруп, бактын ичиндеги орундукта олтура бере турган. Ал эми
ага бооруң ачып: — Жүр эми, ресторандан оокат ичип алгын, — деп сунуш
кылсаң, билесизби? — анын эмне деп жооп кайтарарын? «Мен үчүн
тынчсызданбай эле коюңуз, андан көрө мага бир тамеки алып берсеңиз эле
болду!» — дейт. Ал дагы дал сиз сыяктуу. Крейз аны материалисттик көз карашка
түшүргөнгө чейин спенсердик жолду жолдоп жүрдү. Эгерде ыңгайы келсе, мен
аны дүйнө жаратылыш жөнүндө сүйлөөгө мажбур кыламын. Нортон дагы монист,
бирок ал кудайдан башка эч нерсени мойнуна алгысы келбейт. Анын көз караш
жагынан Гамильтон менен Крейз экөө менен кайнаса каны кошулбайт.
— Крейз деген ким өзү? — деп сурады Мартин.
— Азыр экөөбүз дал ошого баратабыз. Өзү мурда университеттин профессору
болгон, кийинчерээк университеттен куулуп салынган. Таң каларлык окуя эмес.
Акылы болсо, кадимки устарадай курч, өз оокатына тың. Бир кезде ал акылынан
адашып дубана болуп да кеткен. Ал уятын таштап коюп, кээде табыттын кепинин
дагы сыйрып алчу. Анын буржуалардан бир гана айырмачылыгы ууру кылуудан
коркпогондугунда. Ал Ницше, Шопенгауэр, Канттар жөнүндө, деги койчу эмне
жөнүндө гана болбосун, бардыгы жөнүндө кеп козгой алуучу. Бирок чындыгын
айтканда, ал бир гана дүйнө, жаратылыш жөнүндө кызыга турган. Кала берсе, ал
өзүнүн Мэрисине караганда дүйнө, жаратылыш жөнүндө көбүрөөк ойлонуучу.
Геккелди ал тим эле кудайындай көрөт. Эгерде кимде ким Геккелге сөз тийгизсе,
аны аябай жаман көрө турган. Мына биз келип калдык.
Бриссеиден үйдүн экинчи катарына көтөрүлөр алдында тепкичке колундагы
бөтөлкөлөрүн коюп койду. Үй жөнөкөй эле кадимки эки кабаттуу, биринчи
кабатында жакшыпакай дүкөнчөсү бар чоң үй болучу.
— Кесептер тобу ушул Жерде, экинчи катарды элешет, — деди Бриссенден, —
бирок бир гана Крейз жалгыз өзү Эки бөлмөнү ээлейт. Жүр!
Экинчи кабат караңгы болгондугуна карабастан, Бриссенден кадимки үйдүн
ээси сыяктуу буйдалбастан эшикти туура таап келди. Ал Мартинге бир нерсе деп
айтуу үчүн бурулуп:
— Бул жерде — Стивенс деген бир динчил турат. Жумуш аяктаган кезде кудай
бетин салбасын, идиш-аяктардын тарсылдап, кагылыша баштагандыгын
көрөсүң. Өзү ресторанда иштейт. Табактарды жубат. Тамекинин мыктысын
тартат. Мен бир күнү анын он беш центке оокат ичип, элүү центке тамеки сатып .
алгандыгын көрдүм. Мен ага кокус керек болуп калбасын деп, эки куту тамеки
ала келдим. Ал эми дагы бир, Парри деген австралиялык киши бар, өзү эсепчи
жана басып жүргөн спорттук жандуу энциклопедия. Эгерде сиз андан 1903- жылы
Парагвайдан канча эгин сыртка чыгарган, же 1890-жылы Кытайга англиялык
канча кендир жеткирилген, же болбосо, Джимми Брайттын салмагы канча
экендигин, Баттлинг-Нельсон качан жеңилгендигин, же 1868-жылы Америка
Кошмо Штатынын орто салмактагы чемпиону ким болгондугун сурап калсаңыз,
сизге автоматтык тактык менен ошол замат жооп бере алат. Мындан башка дагы
бир Энди деген үй куруучу уста бар, бардык нерсеге туура ой жүгүртөт, баарынан
да шахмат ойноонун чебери. Андан кийин — Гарри деген наавайчы, жеткен
социалист жана профсоюз уюмунун мыкты ишмери бар. Мүмкүн ашпозчулар
менен официанткалардын иш таштоолору эсиңизде бар чыгар. Аны Гамильтон
уюштурган. Ал элди уюштуруп ушул эле Кревздин бөлмөсүндө олтуруп алып иш
таштоонун планын иштеп чыккан. Бирок ал, бул ишти көңүл ачуу үчүн гана
иштеп, экинчи жолу бул ишке өзүнүн жалкоолугунан гана кийлигишпей таштап
койгон. Эгерде ал өзү каалаган болсо, эчак эле көрүнүктүү бир орунду ээлеп
калмак эле. Бул адамдын жөндөмдүүлүгү зор болгон менен жалкоолугу андан да
ашып кеткен.
Бриссенден караңгы далис боюнча, жарыктын тилкесинен эшиктин босогосу
даана көрүнгөнгө чейин тар- тынбастан алга баса берди. Эшик тыкылдап,
«кириңиз!» деген угулуп, Мартин ушул замат үйгө кирип келип, кара чач, кара
мурут, тиштери күрүчтөй, көзү бакыракай, сулууча келген Крейз менен кол
алышып учурашып калды. Келинчеги Мэри болсо аксаргыл келген салабаттуу
жаш аял көрүнөт, алар кирип келгенде, ашканасы тамак ичүүчү бөлмөсү болуп
саналган өзүнчө бир кичинекей үйдө идиш-аяктарды жууп жаткан экен. Биринчи
бөлмө конок үйү экен, комнатанын бир бурчунан экинчи бурчуна чейин жипке
тизилип коюлган кирлердин далдасынан Мартин аркы бурчта бир нерсе жөнүндө
сүйлөшүп жатышкан эки кишини байкабай калды. Алар Бриссенденди жана анын
бөтөлкөлөрүн кубанычтуу кыйкыруу менен тосуп алышты. Мартин тааныша
келгенде, булардын бири Энди, экинчиси Парри экендигин билди. Мартин
Парринин кечээ көргөн бокс оюну жөнүндөгү кызыктуу аңгемесин зор кунт коюу
менен укту. Бриссенден болсо, кумардануу менен бөтөлкөлөрдүн ооздорун ачып,
стакандарга куя баштады. Анын «бардыгын чакыр» деген буйругу боюнча, Энди
ордунан лып тура калып коңшуларды чакырууга кетти.
— Иш оңунан чыкты, бардыгы чогуу экен, — деди Бриссенден Мартинге. —
Тигилер болсо Нортон менен Гамильтон. Жүр ошолорго барабыз. Мен дүйнө,
жаратылыш жөнүндө сөз козгой баштаймын, анан алардын канчалык кызуулук
менен мени менен талашып тартышарын көрөсүз.
Алды менен аңгеме анчалык деле кызуу башталбаганы менен Мартин бул
адамдардын таланттуу жана өткүр акылдуу экендиктерин тез эле сезе койду.
Булардын ар биринин кээде карама-каршылыгы болсо да өз алдынча белгилүү
көз караштары бар жана өздөрүнүн өзгөчө шайырдыктарына жана
курчтуктарына карабас- тан, булар салабаттуу адамдар экен. Мартин булардын
ар биринин (аңгеменин кандай темада жүрүшүнө карабастан) терең илимий
түшүнүктүү, дүйнөгө жана коомго карата ачык-айкын иштелип чыккан туруктуу
көз караштары бар адамдар экендигин аныктады. Өздөрүнүн ой-пикирлерин
булар эч кимге беришүүчү эмес, булардын бардыгы баштан аяк терең
адамкерчиликтүү, ар кандай наадаңдыкка каршы чыгышкан адамдар. Мартин
Морздордукунан да мындай кызыктуу, мындай талаш-тартыштуу аңгемелерди
уккан эмес. Калыбы, буларды кызыктырбаган дүйнөдө эч нерсе болбосо керек.
Аңгеменин багыты Шоунун жаңы комедиясына арнап жазылган миссис Гемфри
Уорддун акыркы китебинен драманын келечегине жана Мансфилд жөнүндөгү
эске түшүрүүлөргө өтүп жатты. Алар эртең мененки газетанын баш макаласын
талкуулашып, макташып жана жаңы замандагы жумушчулардын абалдары,
Генри Джимс жана Брандер Мэть, Германиянын ыраакы Чыгыштагы саясаты
жана сары коркунучтардын экономикалык кырсыктары, Германиядагы
шайлоолор, Бебелдин акыркы сүйлөгөн сөздөрү, бириккен жумушчу
партиясынын борбордук комитетинин акыркы мезгилдеги баштаган иштери,
комитеттеги ыркы келишпегендиктери жана морттогу жумушчулардын иш
таштоолорун кантип мыкты уюштурууга боло тургандыгы жөнүндө кызуу
талкуулашып жатышты.
Мартин бардык бул иштер жөнүндөгү алардын ушунчалык терең
билгендиктерине аябай таң калды. Булар газетага эч качан жарыяланбаган жана
салыштырып айтканда куурчакты кыймылга келтирген жашырын зымдарын,
бардык жиптерин билишчү. Мэри дагы бул аңгемеге катышып, зор акылдуулугу
менен билимдүүлүгүн далилдеп өттү. Мындай акылман аялды Мартин өмүрүндө
эч качан кездештирген эмес эле.
Алар Суинберн жана Россетт жөнүндө сүйлөшүн, андан кийин француздук
адабият жөнүндөгү аңгемеге өтүштү. Бул жерде да Мэри Мартин менен айтыша
кетип, аны ошол эле замат туюкка алып келип такап салды. Бирок Мартин анын
Метерлинкти сүйөрүн сезип, анын алдына «Күн наалатынын» негизи болуучу күн
мурунтан ойлонулган далилди кыюусун келтирип туруп карама-каршы
койгондой болду.
Үйгө дагы үч-төрт киши келип, тамекинин түтүнүнөн үйдүн ичи күңүрт
тартып кетти. Акырында Бриссенден чабуул жасоого киришти.
— Бул жерде иштеп чыгууну талап кыла турган бир материал бар Крейз, —
деди ал, — мадырабаш бир кызыл чийкил жигит Герберт Спенсердин жолун
жолдоочу экен. Кана, дал ошол жигиттен мыкты бир геккелчини тарбиялап
чыгаргылачы.
Крейз күтүлбөгөн жерден кадимки электр тогу денесин аралап өткөндөй селт
эте түштү, ал эми Нортон болсо, боору ачыгандай Мартинди көздөй бир карап
алды Да, өзүнүн аны коргой тургандыгын баяндагандай жагымдуу жылмайып
жиберди.
Крейз өзүнөн өзү Мартинге келип сөз менен бир тийди, Нортон болсо,
акырындык менен сөздү алдыртан жиберип коюп, акырында Крейз экөө чындап
жекеме-жеке салгылашууга өттү. Мартин булардын талаш-тартыштарын угуп
олтуруп, өз кулагына өзү ишенбей кетти. Ал бул сыяктуу сөздөрдү ушул атактуу
Маркет-стриттин түштүк жагындагы жумушчулар көчөсүнөн уккандыгына
намыздана түшкөндөй болду. Ага өзү окуган бардык китеби — бул адамдардын
сөздөрүнөн кайра жандангансып кетти. Алар кызуулук жана толкундануу менен
талашышып, өткүр ойлор аларды кадимки арак менен жек көрүү сезими
дүүлүктүргөн сыяктуу катуу дүүлүктүрүп жиберди. Бул болсо Кант менен
Спенсерге окшогон диндик жарым кудайлар түзгөн басма сөзүнүн кургак
философиясы эмес эле. Ал эми бул болсо, талашчылардын канына сиңип,
сөздөрүндө кайнап, бурганактаган жандуу философиянын өзү. Бул талашууга
акырындык менен башкалар дагы кошулуп, алардын аңгемесин бардыгы
тамекилеринин түтүндөрүн чубалтышып, зор кунт коюу менен угуп олтурушту.
Мартин ар качан идеализмге каршы боло турган, бирок Норторгдун пикири
боюнча азыр жеткен идеалист болуп чыкты. Крейз менен Гамильтон идеализмди
логикалык зарылдык эмес деп эсептеше турган. Ал экөө Нортонду сен
метафизиксиң дешип шылдыңдашып күлүштү. Нортон болсо, метафизик мен
эмес, силерсиңер, деп моюн берген жок.
«Бардык заттар кыялда гана жашайт» жана «Дүйнөнү түшүнүүгө мүмкүн
эмес» деген сөздөр абаны жарып жатты. Крейз менен Гамильтон Нортондун
акыл-эс адамдын туулушу менен кошо пайда болот деп далилдөөгө жасаган
аракеттерин четке кагышты. Ал эми Нортон болсо, өз кезегинде алардын ар
кандай талкуулары фактылардан теорияларды түзбөстөн, сөздөн теорияны
түзүшкөндүктөрүн катуу сынга алды. Бул алардын кыжырын кайнатты. Алардын
негизги сокур көз карашы ар нерсени фактыдан баштап, ошол эле фактынын
өзүнө аныктама берүү керек дегендик боло турган.
Нортон Канттан мисал келтире баштаган кезде, Крейз ар кандай кең пейил
немецтик философ өлгөндөн кийин сөөгү сөзсүз Оксфордго алып келинип коюлат
деп жарыялады. Нортон гамильтондун шарттуулук закону жөнүндө эскерткенде,
анын душмандары, ошол замат, биз дагы дал ошол законго негизденебиз деп
кыйкырышып жиберишти. Мартин алардын сөздөрүн терең козголуп, калтыран
түшүү менен укту. Ошону менен бирге Нортон Спенсердин чыныгы жактоочусу
эмес болучу, мына ошондуктан, ал кызуу талашып-тартышуу жүрүп жаткан кезде
Мартинге кайрылып, ага дагы кадимки душмандарына сокку ургандай эле
чечкиндүү сокку уруп жатты.
— Сиз билесизби, Берклиге али эч ким жооп бере элек, — деди ал, эми түз эле
Мартинге кайрылып. — Герберт Спенсер башкаларга караганда маселени туура
чечүүгө жакындашкан, бирок ал дагы чындыгын айтканда, бардыгын толук чече
алган эмес. Анын эн мыкты деген окуучуларынын бири да анын ачып кеткен
теорияларын андан ары жылдыра алышкан жок. Мен Салибинин Спенсер
жөнүндөгү чоң макаласын окудум. Ишенесизби, ал Спенсерге бир гана Беркли
«толук» жооп бере алган деп жазыптыр.
— Сиз Юмдун эмне айткандыгын билесизби? — деди Гамильтон толкундана
түшүп.
Нортон башын ийкеди. Бирок Гамильтон башкаларга түшүндүрүүнү чечти:
— Юм Берклинин далилдеринде эч кандай жооп берилген эмес жана
таптакыр ишенимсиз.
— Бирок, Юм үчүн гана ишенимсиз, — деди Нортон, — Юмдун акылы дал
ушул сиздикиндей болуп түзүлгөн, бирок сиздин акылыңыз менен анын
акылынын ортосундагы бир гана айырма, — ал сизге караганда кеменгерирээк
жана Берклиге жооп берүүнүн мүмкүн эместигине жакшыраак түшүнө турган.
Нортон эч качан акыл-эсинен адашып алдастап кетпеген, бирок кызуу кандуу,
ачуусу чукул адам болгон, ал эми Крейз менен Гамилтон болсо, душмандын
күчсүз жерлерин алдыртан үйрөнүп аракет кылышкан сабырдуу, токтоо
жырткычтарды элестетишээр эле. Кеченин акырында Нортон сөзүн кайта-кайта
эле өзүн сен метафизиксиң деп жемелей бергендикке аябай ачууланып, каары
төгүлүп, беттеринен түктөрү чыга түшүп, көздөрү кадимки жолборстукундай
жанып, олтургучту эки колу менен асманга көтөрүп туруп, өзүнүн душмандарын
көздөй бет талаштыра коюп кала жаздады.
— Болуптур, геккельянчылар, — деп ал, — кыйкырып жиберди, — мүмкүн
мен маселени силердин оюңарча сыйкырчы менен бакшы сыяктуу
талкуулаармын. Ал эми силерчи, эгерде билүүгө мүмкүн болсо, силер кандайча
талкуулаар экенсиңер? Ал эми силердин чыныгы илимдер жөнүндө
кыйкырганыңар менен таянычуу кандайдыр бир базисиңер барбы? Жок. Силер
бар, болгону наадан догматиксиңер! Башка эч ким эмессиңер!.. Ал эми
материалисттик монизмдин мектеби пайда болгонго чейинки абалды көз
алдыңарга элестетип көргүлөчү! Анын фундаменти кайра курууга мүмкүн
болбогондой кылып, таптакыр казылып ташталган эмес беле? Муну ким иштеди?
Локк эмеспи? Джон Локк! Ал мындан эки жүз жана андан дагы көп жылдар
илгери өзүнүн «Адамдын аңдап билүүсү жөнүндөгү тажрыйбалар» деген
белгилүү эмгегинде тубаса идея жөнүндөгү түшүнүктүн сандырактыгын
далилдеп көрсөткөн. Ал эми силер болсоңор, ушул убакка чейин ошол көз
карашта келе жатасыңар. Бүгүн кечке дейре силер мага эч кандай тубаса идея
жок жана болууга да мүмкүн эмес деп, кан-какшап сүйлөдүңөр. Минткениңер
эмне дегендикке жатат? Бул болсо, адам эч качан чындыктын чокусуна жете
албайт дегендик болот. Силер туулганыңарда эч кандай идеяңар жок болучу. Ал
эми андан кийинки бардык түшүнүктөрүңөр болсо, бир гана өзүңөрдүн баш
сезим органдарыңардын жардамы менен кабыл алынган негизге, башкача.
айтканда феномендерге, беш сезүү органдарыңардын кабыл алуусуна таянат. Ал
эми туулганыңарда башыңарда болбогон ноумендер 7 мурда да, кийин да эч качан
мээңерге кирбейт.
— Туура эмес, — деп Крейз анын сөзүн бөлүп кетти.
— Мен оюмду айтып бүтүрөйүнчү! — деп кыйкырды Нортон. — Сен өзүңдүн
сезимдериңе тикеден-тике, же болбосо, кыйыр түрдө таасир эткенде гана
материя менен күчтүн ортосундагы аракеттерди жана өз ара байланыштарды
түшүнө аласың. Көрдүңбү, мен материянын бар экендигин мойнума алып
олтурам! Дал ушундай болууга тийиш! Бирок мен сени өзүңдүн эле далилиң
менен өзүңдү жок кыламын. Менин башка аргам жок, анткени тилекке каршы
силердин экөөңөр тең ачык-айкын ой жүгүртө алган жоксуңар. Кана эмесе,
чыныгы илимдин негизине таянуу менен айткылачы, силер материя жөнүндө
эмне билесиңер? Айта албайсыңар. Силер кабыл алган гана нерселерди, дагы эле
болсо, феномендерди гана билесиңер. Силер материянын гана өзгөрүшүн,
тагыраак айтканда; бир гана анын өзгөрүлүшүн өзүңөр кандай кабыл ала
тургандыгыңарды гана билесиңер. Чыныгы илим бир гана феномендер менен
гана тиешеси болот, а силер болсоңор, ноумендерди гана таанып, өзүңөрдү болсо,
онтологдор деп эсептейсиңер. Ооба, чыныгы илимдер жалгыз гана кубулуштарга
таянат. Кимдир бирөө, бир кезде кубулуштар жөнүндөгү илим — кубулуштардан
сыртка эч качан чыга албайт деп айтыптыр. Силердин -Кантты четке кагууга
кубатыңар жетишсе дагы, Берклиге жооп бере албайсыңар. Ошону менен силер,
Беркли жаңылышат деп айтасыңар, анткени, силердин илимиңер кудайдын
бардыгын жокко чыгаруу менен бирге, материянын бар экендиги жөнүндө эч
кандай шек жасабайт. Азыркы менин материянын бар экендигин мойнума алып
жатканымдын бир гана себеби — силер менин оюмдун жүрүшүнө туура түшүнсүн
гана дегеним. Байболгурлар, кичине бир кайыр этип койгулачы, онтологияны
таштап, чыныгы илимдин артынан түшсөңөр: чыныгы илимдердин арасында
Ноумен — аң-сезимден тышкары жашаган объективдүү дүйнө кубулушунун предметинин тажрыйба менен
да, аңдап билүүгө сезим менен да кабыл алууга мүмкүн болбой турган маңызы.
онтологияга орун жок. Демек, аны өз жайына тынч койгула. Спенсер агностик
катарында туура айткан, бирок эгерде Спенсер...
Окленддик чоң кайыктын акыркы жөнөөр маалы жакындап калгандыктан,
Мартин менен Бриссенден кетүүгө аргасыз болушту. Алар Нотон сөзүн сүйлөп
бүтө элек кезде, Крейз менен Гамильтон болсо аны кадимки эки каарданган
тайгандай баса кала тургансышып, анын сөзүнүн бүтүшүн жек көрүү менен күтүп
турган мезгилде, билинишпей жылып сыртка чыгып кете беришти.
— Сиз мага сыйкырдуу өлкөнү көрсөттүңүз, — деди Мартин Бриссенден экөө
кайыкка түшө берерде. — Мындай адамдар менен пикир алышуу адамга өтө
пайдалуу! Мен өтө таңкалдым! Ушул убакка чейин, идеализм эмне экендигин
билген эмес элем. Мен азыр дагы аны кабыл алгым келбейт. Мен ар качан
реалист болуп кала берем — тагдыр ушундай болгун десе эмне кылам. Мен Крейз,
Гамильтон экөө менен талаша да, Нортонго эки же үч суроо бере да алар элем.
Алар Спенсерге анчалык деле катуу катылышкан жок. Мен чынын айтсам,
кадимки Циркти биринчи жолу көргөн баладай толкунданып кеттим. Эми мен
дагы далай нерселерди окушум керек. Салибиниң, китебин таап алуум керек! Мен
Спенсерди өтө токтоо адам деп эсептеймин. Эмки жолу шашпагын, талашка өзүм
биринчи болуп түшөмүн...
Бирок, Бриссенден сөөктүү ээгин мойнундагы жылуу моюн орогучуна катып,
оор дем алып, үргүлөп кетти жана анын өтө арык денеси кайыктын моторунун ар
бир айланышынан улам селт эте түшүп баратты.
XXXVII ГЛАВА
Эртеси күнү эртең менен Мартин Бриссенденден бир нече жолу кайталап
суранып, тим эле койчу эми, деп айткан өтүнүчүнө көнбөстөн «Акрополь»
журналынын редакциясына «Күн наалатын» жөнөтүп жиберди. Ал эгерде өзүнүн
бул «Күн наалаты» аттуу макаласын басып чыгарууга жетишсе, анда аны
кандайдыр бир китеп басып чыгаруучу басмаканага сатып жиберүүгө оңой боло
тургандыгын түшүндү. Ал мындан башка дагы «Туруксузду» таптаза кылып
көчүрүп чыгып, кошо жөнөттү. Бриссендендин редакторлорго эч качан
ишенбегин жана алардан эч качан жакшылык күтпөгүн деген пикирлерин эсепке
албастан, Мартин анын поэмасынын жарык көрөрүнө шектенбестен ишенди.
Албетте, ал эгерде өзүнүн бул ою иш жүзүнө ашып кала турган болсо, анда
поэманы Бриссендендин гана макулдугу менен басып чыгаруу керек деп ойлоду.
Ал ошол эле күнү эртең менен өзүнүн үч жума мурун планын ойлонгон жана
тезирээк кагазга түшүрүүгө ашыккан повестин жазууга киришти. Бул болсо,
деңиздик турмушту баяндай турган кызык окуялуу жана жыйырманчы
кылымдын кызык мазмундуу романтикасынын үлгүсүн көрсөткөн чыныгы
мүнөздөргө бай, чыныгы чөйрөнү баяндаган повесть болмок. Бул келечек- теги
повесттин окуясынын мазмуну кандайдыр бир башкалардыкына таптакыр
окшобогон, эч ким али жаза элек темада болуп, ал гана эмес, анча-мынча жөнөкөй
катардагы китеп окуучулар бир жолу окуп чыкканы менен чыгармада эмне
жөнүндө айтылып жаткандыгын түшүнө албай турган эмгек боло турган. Мартин
үчүн повесттеги эң башкы нерсе — коркунучтуу кырсыктар жөнүндө
баяндалгандыгында болбостон, дал ушул «башкалардыкына таптакыр
окшобогондугунда, эч ким али жазбагандыгында» боло турган. Аны ар качан
чыгарманын мазмуну өзүнө тарта турган. Ал бул көз карашты терең кабыл алып,
ошонун натыйжасында жогорку көр- көмдүк менен берүүгө мүмкүн боло турган
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.