Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10

Total number of words is 4088
Total number of unique words is 1855
30.1 of words are in the 2000 most common words
41.2 of words are in the 5000 most common words
48.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
болуу, же болбосо, аялдар жатакана — мектебинде музыка боюнча сабак берүү
болуп саналат.
— Сиз эмне кылар элеңиз анда? — деп сурап калды Руфь.
— Эмне кылмак элем. Кара жумуш иштеп, күнүнө бир жарым доллар табат
элем, же болбосо, ганлейдик бирикме мекемечесине көрсөтмөчү болуп кирээр
элем, — иштээр элем дебей «кирээр элем» деп жаткан себебим, бир жума
өткөндөн кийин, балким мени, жарабайсың деп иштен кууп чыгышмак.
Мартин Ольнэйдин пикирине кошулгандай, бир топко чейин унчукпай,
аңгемени угуп олтурду да, бирок ичинен анын Руфка карата кылган олутсуз
мамилесин жактырган жок. Бул аңгеменин жүрүшүндө анын оюнда махабат
жөнүндө жаңы көз караштар төрөлгөндөй болду. Акыл-эс сүйүү ишине
тоскоолдук кылууга мүмкүн эмес. Сүйгөн кызың бир нерсени туура түшүнөбү же
туура түшүнбөйбү кеп анда эмес. Сүйүү акылдан күчтүү. Руфь бул учурда Мартин
үчүн мансаптын мынчалык маанилүү экендигин» туюнбаса дагы, мындан анын
жылдыздай нурданышы азая түшкөн жок. Руфь чындыгында чүрөктөй сонун кыз,
жана анын бул сулуулугуна эмне ойлоп, эмне сезгендигинин эч кандай катышы
жок эле.
— Сиз эмне дедиңиз? — деди Мартин өзүнүн оюн күтүлбөгөн жерден бөлүп
жиберген Ольнэйге бурулуп.
— Мен, балким, сиз латын тилин үйрөнгүңүз келбейтко деймин.
— Латын тили, — деди Руфь Ольнэйдин сөзүн бөлүп, — маданиятты гана
бербестен, акылдын да машыгуусу болуп саналат.
— Демек, кандай дейсиз Мартин, латын тилин үйрөнөсүзбү? — деп такап
калды Ольнэй.
Мартин эмне кыларын билбей, өтө ыңгайсыздана түштү. Анын үстүнө Руфь да
чыдамсыздык менен жооп күтүп турган эле.
— Менин убактым жетишпейби деп коркомун, — деди Мартин акырында. —
Үйрөнөр элем, бирок менин убактым жетишпейт.
— Түшүндүңүзбү эми, Мартинге сиздин «жалпы маданиятыңыздын» кереги
жок! — деди Ольнэй. — Ал өзүнө эмне керек экендигин жакшы билет.
— Туура деңизчи, бирок бул акылды такшалтуу жана белгилүү ыкка көнүү
эмеспи! Латын тили акылды ийкемге келтирүүгө жардам берет! — бул сөздөрдү
айтып, Руфь ой жүгүртүү нугун өзгөртүүнү сурангандай Мартинге тигиле түштү.
— Сиз топ ойноочулардын оюн башталардын алдында кандай такшалууларды
жүргүзүшө тургандыгын көрдүңүз беле? Латын тили ой жүгүртүүчүлөр үчүн дагы
дал ошондой зор такшалуу болуп саналат.
— Кандай келжиректик! — Бул пикир биздин бала чагыбыздан бери
башыбызды айландырып келе жатат! Бирок, бир чындыкты бизге убактысында
эскертүүнү унутуп калышкан окшойт, — деди Ольнэй, күчтүү толкундануудан
бир аз токтоло калып, анан салтанаттуу түрдө мындай деди: — Латын тилин
менимче джентельмен үйрөнүүгө тийиш, бирок ага билүүнүн эч кандай
зарылчылыгы жок.
— Бул акыйкатсыздык! — деди Руфь ачуусу келе түшүп. — Мен сиздин
бардык аңгемени тамашага айландырып жиберериңизди башынан эле билгем.
— Бирок, менин тамашам куйкумдуу тамашалардан бекен! — деди көтөрүлө
түшүп ал, — анын үстүнө бул чындык тамаша, латын тилин билишкен бирден
бир адамдар — булар дары саткычтар, адвокаттар жана латын тилинин
мугалимдери. Эгерде Мартин ушулардын бири болгусу келсе, анда мен оозумду
басайын. Бирок, бул жерде Герберт Спенсердин эмне тиешеси бар? Мартин болсо
Спенсерди жаңы эле колуна алары менен айран-таң кала түшкөн имиш. Себеп?
Себеби Спенсер ага бирдеме берген окшойт. Ал эми, Спенсер сизге да, мага да эч
нерсе бере албайт. Себеби, бизге эч нерсенин кереги да жок. Сиз болсоңуз
кудайдын бир сүйгөн күнү күйөөгө чыгып кетесиз, ошону менен ишиңиз бүтөт, ал
эми менин болсо, эмне кыларга ишим жок болот, себеби мен үчүн бардык ишти
түрдүү агенттер аткарышмак, алар кала берсе, менин атамдан ала турган
байлыгым жөнүндө да кам көрүшмөк.
Ольнэй эшикти көздөй чыгып бара жатып босогого токтоло калды да мындай
деди:
— Руфь, Мартиндин тынчын көп ала бербеңизчи эми. Ал өзүнө эмне керек
экендигин өзү жакшы билет. Ал гана эмес, кээде мен өзүм уялып калам. Ал азыр
жаратылыш, турмуш жана адамдын орду, максаты жөнүндө Артур менен
Норманга, сиз менен мага караганда жана биздин бардык латын, француз жана
англо-саксониялык тилибиз дегени биздин бардык маданиятыбызга карабастан,
алда канча көбүрөөк билет.
— Бирок Руфь менин мугалимим, — деди кайраттуу түрдө Мартин, — мен
бардык билгендерим үчүн Руфка милдеттүүмүн.
— Келжиректик! — Ольнэй Руфту көздөй кандайдыр бир жагымсыздык
менен бурулду. — Мүмкүн сиз мага Спенсерди да Руфтун кеңеши менен окудум
деп айтарсыз. Руфь болсо, чындыгында, Дарвин жана эволюция жөнүндө мен
Соломон падышанын алмаз кени жөнүндө канчалык билсем, дал ошончолук гана
билет. Эсиңиздеби, бир нече күн мурун сиз бизди Спенсерднн ачык эместик
тууралуусуна, байкалбастыкка жана бир жактуулукка карата айтылган пикирин
өз түшүнүгүңүз боюнча туура чечмелеп айран-таң калтырдыңыз эле го. Мына
ошону азыр Руфка айтып көрүңүзчү, ал сизди түшүнөр бекен, же түшүнбөс бекен?
Бул эмне, «маданият» эмес бекен! Ээ-э! Уксаң Мартин, эгерде сиз латын тилин
жаттоого кирише турган болсоңуз, анда мен ачык эле айтып коёюн, сизди
урматтай албайм.
Бул аңгемени кызыгуу жана көңүл коюу менен угуп олтуруп, Мартин
акырында эмнегедир ирээнжий түшкөнсүдү. Аңгеме окуу, сабак, билимдердин
негиздери жөнүндө болуп, бирок, бул жаш баланыкындай болгон
талаш-тартышуунун мазмуну — Мартинди бардык турмуштук көрүнүштөрдү
чебердик менен эсине тутуп калууга түрткү берген, жана өзүнүн ташкындаган
күчүн толкундаткан чоң маселелерге теңдеше албады. Ал өзүн кыялында
белгисиз бир өлкөнүн жээгине алып барылып ташталган, айлана-чөйрөнүн
кооздугуна айран-таң калуу менен караган, бирок ошол жердеги жапайы
туземдердин тилинде бул кооздукту ырга кошууга аргасыз болгон акын Менен
салыштырды. Дал ушундай окуялар анын өз башынан да өтүп жатпайбы. Ал
дүйнөлүк улуу чындыкты түшүнүүгө чексиз умтулганы менен, азыр анын ордуна
— латын тилин үйрөнүү керекпи же жокпу деген жаш баланын кыжың-мужуңун
угууга туура келди,
— Чындыгында бул латын кимге керек дейсиң! — деди ал ошол күнү кечинде
күзгүнүн алдында олтуруп өзүнө өзү. — Жансыз нерселер жансыз бойдон калууга
тийиш. Бирок, менин бул жансыз нерселерге кандайча тиешем бар, ия? Ал эми
сулуулук болсо, түбөлүк жана ар качан тирүү нерсе. Тилдер пайда болот жана жок
болот. Алар — өлүктөрдүн күлү.
Ал өзүнүн оюн туура баяндоого үйрөнгөндүгүн сезип, кубанып кетти да,
керебетине чалкасынан түшүп жатып Руфь менен сүйлөшкөндө эмне үчүн бул
жөндөмдүүлүгүн өзү жоготуп жиберерин түшүнбөдү. Ал Руфтун жанында
турганда өзүн кадимки мектеп окуучусундай кармап, апкаарып, сүйлөөгө тили да
бурулбай, буйдалып калуучу.
— Мага убакыт бериңизчи, — деди ал өзүнө өзү үнүн чыгарып. — Мага убакыт
гана бериңизчи.
Убакыт! Убакыт! Убакыт! Бул анын чексиз жалынычы эле.
XIV ГЛАВА
Руфту чексиз сүйгөндүгүнө карабастан, Мартин латын тилин үйрөнгөн жок.
Ольнэйдин кенеши бул жер- де кеп болбоду. Убакыт ага акча сыяктуу кымбат
болуп көрүндү, жана латын тилинен алда канча маанилүү бир канча илимдин
тармактары анын көңүл бурушун чечкиндүү түрдө талап кылып жатты. Анын
үстүнө ал жазууга да тийиш. Ага тыйын табуу да керек. Бирок, тилекке каршы
анын аңгемелери эч жерде басылып чыкпады. Кол жазмалары редакцияларды
кыдырып, пайдасыз саякаттап жүрдү. Башка жазуучулардыкын анда эмне үчүн
басышкан? Ал көп убакытын башкалардын чыгармаларын окуу менен
китепканада өткөрүп, жана ал чыгармаларды кылдаттык менен талдап, үйрөнүп,
сын көз менен карап чыгып, өзүнүкү менен салыштырып, тигилердин
чыгармаларынын жарык көрүшүнүн себебин, алардын жашырын сырларын
табууга аракеттенди.
Ал бул чыгармалардын көпчүлүгүндө жандуу турмуштун көрүнбөгөндүгүн
сезип, таң калып жатты. Бул аңгемелерде көркөмдүк турмак, кооздук да жок эле.
Бул чыгармаларда турмуштун тамырлары тап-такыр сокпосо дагы, кезиттин
жазган кулактандыруусуна караганда, ар бир сөзүнө эки центтен, ал эми ар бир
миң сөзгө болсо, жыйырма доллардан төлөнгөн болуш керек. Ал жеңил жана курч
(ал муну моюнга албай коё албады), бирок эч кандай тур-муш чындыгы жок
жазылган бул көп сандаган аңгемелерди биринин артынан бирин таң калуу
менен окуп чыгып, жана кайталап дагы окуду. Ал эми турмуш болсо, ушунчалык
таң каларлык укмуш нерсе, мында чечилбеген маселелер, таттуу кыялдар,
баатырдык аракеттер канчалык көп, бирок бул аңгемелерде болсо, баштан аяк
жалгыз гана күндөлүк турмуштун адамды жадатып жиберүүчү окуялары
жөнүндө жазылган. Мартин турмуштун улуулугун, жана анын зор күчүн,
шыктандыруучу керемети менен жалындуу касиеттин, анын каардуу тополоңун
өзгөчө сезип турду, — мына, эмнелер жөнүндө жазуу керек эле! Ал коркунучтары
көздөй көз жумбастан, бет алып барган кайраттуу адамдар, сүйүүгө бек жаш
жигиттер, өздөрүнүн болоттой бекем эрктери менен турмушту багындырып,
азаптар менен коркунучтардын арасында тайманбай күрөш жүргүзүш- көн зор
алптар жөнүндө жазууга кыялдана түштү. Ошону менен бирге басылып чыккан
бул аңгемелерде, мистер Бэтлерге окшогон доллардын артынан тоголонгон
бечаралар даңазаланып, кунарсыз адамдардын сүйүүлөрүнүн майда түйшүктөрү
жөнүндө баяндаган эле. «Мунун себеби — мүмкүн, редакторлордун өздөрү —
майда, кунарсыз, киши саны жок адамдардыр? — деп сурады ал өзүнөн өзү. — Же
болбосо, бардык эле редакторлор, жазуучулар, жана окуучулар турмуштан жөнү
жок эле коркушабы?»
Бардыгынан дагы аны көбүрөөк кысындырган нерсе, анын бул редакторлор.
жана жазуучулар менен тааныш болбогондугу болду. Ал бир дагы жазуучуну
билмек түгүл, колуна калем алып, жаңыдан жазууга аракеттенгендердин да
бирөөн билчү эмес. Эч ким аны менен аңгемелешип, багыт берип, ага жакшы
кеңеш айтпаган. Кала берсе, ал редакторлордун жандуу адамдар экендигинен да
шек санай баштады. Алар ага машинанын дөңгөлөгү сыяктуу болуп элестелди.
Ооба, ооба дал ушундай болуп элестелди. Ал аңгемелеринде, очерктеринде жана
поэмаларында жүрөгүндөгү терең ойлорун айкын-ачык кылып баяндап, жана бул
баяндоолорун ошол машинанын сотуна тапшырды. Ал өзүнүн кол жазмасын чоң
конвертке бекитип, анын ичине жооп каттын маркасын кошо салып туруп,
жөнөтүп жиберди. Континент боюнча бир нече күн саякаттап жүрүп акырында,
кол жазмасы айланып келип, өз колуна тийди. Башка конвертке салып, баягы
каттын ичиндеги марканы сыртына жабыштырып коюптур. Түрүнө караганда, эч
кандай жандуу редактор жок сыяктуу, анын ордуна бир конверттеги кол
жазманы экинчи конвертке жасалма түрдө оодарыштырып салып, сыртына
марка чаптай коюучу татаал түзүлүштүү машине иштеп жатса керек. Тыйынды
соруп алып, жана ошол замат бир тешиктен чайноочу сагызды, же болбосо,
шоколадды ыргытып чыгаруучу автомат сыяктуу эле. Бир тешикке тыйынды
салып жиберсең, сагыз чыга келип, экинчи тешигине салып жиберсең, шоколад
чыга келет! Редакторлук машине дагы, дал мына ушунун өзүндөй. Бир тешиктен
сага акчанын чеги ыргып чыгып келсе, экинчи тешиктен, куру жооп ыргып
чыгып келип турат. Анын багына болсо, бир гана экинчи тешик туш келип туруп
алды.
Бул машакаттуу жооп-каттар алардын машинеге окшоштуктарын ашкере
айгинелегенсип турган эле. Булар болсо, сыртына автордун жана аңгеменин аты
гана жазылган стандарттуу басма кагазы эле. Мартин мындай ар бири кеминде
бир дюжинден турган каттардын жүзүн алды окшойт. Бирок, жок дегенде ушул
каттардын ичинде өзүнө карата айтылган бир жандуу сөз болсо да жакшы болор
эле. Мартинге бир дагы редактор жандуу адам болуп көрүнбөдү. Мартин
акырында, үмүтүн үзгөндөн кийин дүйнөдө редактор деген жок, ал эми бар боло
турган болсо, бул жакшы майланып, тартипке эң сонун келтирилип коюлган гана
автоматтар болушу мүмкүн деген корутундуга келди.
Кайраттуу жана шамдагай Мартиндин бир нече жылдар бою бул жансыз
машиналарды камсыз кылып турууга эрки жетишээр эле. Бирок, ал, убакытка
ушун- чалык сараң болгондуктан, маселени ал жылдар менен эмес, жумалар
менен чечүүчү. Жаткан жери, ичкен тамагы үчүн жумалык акысын төлөөгө да
анын эми кудурети жетишпей калды, анын үстүнө почтого кеткен чыгашасы да
бул абалды ого бетер татаалдандырып жиберди. Ал, бул каардуу турмуш
кысымдары- нан саал жеңилдеш үчүн майда-чуйдага акчасын коротууну жана
китеп сатып алуусун токтотту, бирок баары бир минткени менен да анын оор
абалы жеңил- деген жок. Ал кайра карындашы Мэриенге көйнөк белек кыламын
деп, беш долларынан да кол жууп, чыр-чатактуу иштин чечилишин дагы бир
жумага тездетти.
Мартин мына ушундай караңгылыкта кармашып, эч кимден кеңеш да, жылуу
сөз да укпады; ага анын айланасындагынын бардыгы анын эрдигин мокотууга
шымаланып киришүүгө даяр тургандай сезилди. Кала берсе Гертруда дагы ага
сыртын сала баштады: алды менен кадимки бир боор эжедей, анын балалык
кылык-жоруктарына анчалык көңүл бурбаганы менен, акырында, бул жөнүндө
бөтөнчө тынчсыздана баштагандыгы ачык сезиле баштады. Ага Мартинднн жаш
баланыкындай тетири кылык-жоруктары, күндөн күнгө ашынып бара
жаткансыды. Мартин анын жаман көргөн көз караштарын сезип, бул мамиледен
ал мистер Хиггинботамдын жанга тийген шылдыңына салыштырганда да
көбүрөөк капага чөгө түшкөндөй болду. Канчалык ал өз күчүнө ишенгени менен,
жалгыздык аны аябай жадатып таштады. Кала берсе, Руфь дагы анын ишенич
үмүттөрүн бөлүштүрбөй калды. Анын адабиятка аябай кызыгуусун Руфь эч качан
ачык сынга алчу да, жана ошондой эле аны колдочу да эмес, бирок анын өз бет
алдынча окуусун өтө жактыруучу.
Мартин жазгандарынын бирин дагы ага көрсөткөн жок. Себеби, аны
кандайдыр бир жүрөгүндөгү үнсүз дабыш токтотуп турган эле, экинчиден ал
Руфтун университетке окугандыгынан, анын убактысын алуудан тартынды.
Бирок, экзамен тапшырып, даражага жеткенден кийин, Руфь бир күнү андан,
жазган чыгармаларынын бирөөң көрсөтүүнү суранды. Мартин кубанып да, жана
сүрдөп да кетти. Себеби Руфь анык сын берүүчүнүн бири. Анткени ал
искусствонун даанышманы да. Ал адабиятты профессорлордун жетекчилиги
астында үйрөнгөн. Мүмкүн редакторлор дагы анык сынчылардыр, бирок, Руфь
анын чыгармасына башкача мамиле кылат да. Ал ага баш тартылды деген
бланканы сунбайт, жана аңгемелериңиздин бардыгы жакшы жазылгандыгына
карабастан, тилекке каршы басууга ылайык келбеди деген кыскача жагымсыз
кабарды угузбайт. Ал ага өтө сергектик менен мамиле кылып өз оюн айтат жана
андан да маанилүү нерсе бул — Мартин Идендин ким экендигин таанып, билет.
Жок дегенде, Руфь анын жазган чыгармаларындагы терең ойлорго, улуу
максаттарга жана андагы жашырынып жаткан зор күчкө аз да болсо түшүнөт.
Мартин Руфка өзүнүн бир нече кыскача аңгемелерин тандап алып, жана бир
аз олку-солку болуудан кийин «Деңиз ырларын» дагы көрсөтүүнү чечти. Июндун
ысык күндөрүнүн биринде, Руфь менен Мартин велосипедге минишип, өздөрүнүн
сүйүктүү дөңсөөлөрүн көздөй саякаттоого жөнөштү. Бул алардын экинчи жолу
өткөрүшкөн сейилдери. Күндүн ысык илебин кай- тарып соккон деңиздин
салкын шамалын жиреп велосипедде зыпылдап бара жатып, ал, бул дүйнөдө
жашоо жана сүйүү кандай сонун экендигин бүткүл жүрөгү менен терең сезди.
Алар велосипеддерин жолдун жээгине коюп коюшуп, өздөрү учтары күн нурунан
азыраак саргая баштаган чөптөрдү аралап, алардын буруксуган жыттары менен
дем алышып, бозоргон дөңсөөнүн жонун көздөй бет алышты.
— Булар өз милдетин аткарды, — деди Мартин, экөөбү жаңы эле жонго жетип,
Руфту өзүнүн куртка- сына олтургузуп, өзү болсо ысык жерге көчүк коёрдо.
Ал, салкын жана адамды мас кылчудай бул атыр жыттуу таза абадан кере-кере
дем алып, ошол замат өзүнүн жекече ойлорунан дүйнөлүк маселелер жөнүндөгү
ойлорго кантип өтүп кеткенин өзү да сезбей калгансыды.
— Бул байкуш чөптөр өздөрүнүн турмуштук милдеттерин өтөштү, — деп
сөзүн кайра улантты ал, саргайыңкы чөптөргө көз чаптырып, — кышкы калың
кардын нымы менен сугарылып, жазгы катуу шамалдар менен кармашып, гүл
ачып, курт-кумурскаларды жана аарыларды тамактандырып, өзүнүн уруктарын
чачып, ал эми азыр болсо, өзүнүн жаратылыштын алдындагы милдетин
орундатып бүтүп...
— Сиз эмне үчүн бардыгына ушунчалык терең көз караш менен мамиле
кыласыз? — деп, сөзүн бөлүп кетти Руфь.
— Балким мен эволюция теориясын үйрөнүп жаткандыгымдан болсо керек.
Чынын айтсам жакындан бери эле менде тап-такыр башкача көз караштар пайда
боло баштады.
— Менимче, эгерде сиз, дүйнөгө карата дал ушундай көз карашта болсоңуз эч
качан сулуулукту сезе албайсыз го деймин. Сиз жаш балдар көпөлөктүн
канатындагы кооз гүлүн өчүрүү менен, акырында анын өзүн да жок кылган
сыяктуу, сулуулукту жок кылып аласыз.
Ал андай эмес дегендей башын тескери чайкады:
— Сулуулуктун да өзүнчө мааниси бар дечи, бирок мен, ушул убакка чейин,
аны сезе албадым. Мага сулуу нерсе, сулуулугу үчүн гана жага турган.; Мен
сулуулук эмне экенин, анын маңызын түшүнө алган эмесмин. Азыр болсо,
түшүнүп, туурараак айтканда, түшүнөйүн деп келе жатамын. Бул чөптөрдүн эмне
үчүн мындай экендигин жана бул дөбөдө анын өсүп чыгышы үчүн күн, жамгыр
жана топурактын химиялык таасири тийгендигин билип тургандыгымдан, азыр
бул чөптөр, мага ого бетер сулуу жана кооз болуп көрүнүшкөнсүйт. Ар бир чөптүн
тарыхында бир топ романтикалуу окуялар бар эмеспи, алар дагы бир кыйла
окуяларды баштарынан өткөрүштү. Ушул ой да мени толкундата алат. Күчтөр
менен материянын кубулуштары жана турмуштук улуу күрөштөр жөнүндө ойлоп
кеткенимде, мен бул чөптөр жөнүндө бир эмес, бир нече поэмаларды жазгым да
келип кетет.
— Сиз кандай жакшы сүйлөйсүз, — деди Руфь көңүлүн бир нерсеге токтото
албагандай, ошол учурда Мартин Руфтун таң калгансыган, сындагансыган көз
карашын байкап калды. Ал дароо териге түшүп, эмне кыларын билбей, алапайын
да таппай калды, жүздөрү да кызарып кетти.
— Эх, мен чыны менен эле жакшы сүйлөй алсам — деди ал мукактана, —
менде канча ой жатат, аларды бирөөгө айткым келет. Бирок, ал ушунчалык зор,
айтып берүүгө ылайыктуу сез да таппай калам. Кээде мага бүткүл дүйнө, бүткүл
жан-жаныбар, ар бир тал чөпкө чейин, сен биз үчүн сүйлөгүн дегенсип менден
талап кылып жаткандай болот. Мен муну албетте, сезип турамын — канткенде
мен айтып бере алам? — оо, бул залкар иш; бирок сүйлөй баштаганымда эле,
сөзүм жаш баланын чулдуру болуп калат. Өз оюн жана сезимин угуучу же окуучу
түшүнгөндөй кылып сөз мен айтып берүү же кагазга түшүрүү жана окурманда
ошол ой, сезим козголгондой кылып баяндоо — бул зор маселе. Ал гана эмес, эч
бир нерсе теңдеш келе албаган маселе. Мынакей, карап туруңузчу, мен
жүздөмөндөн түшүп чөптөрдү жыттап жатайын бул жагымдуу жыт менин
кыялымда миңдеген жаңы ойлорду жана элестерди жараткансыйт. Себеби мен
ай-ааламдын жытын жыттап жатпаймынбы? Мен бакыттын ырын, күлкүсүн жана
кайгы менен күрөштү, акырында ажалды да көрүп турамын. Менин кыялымда
чексиз көрүнүштөр пайда болуп, мен аларды сизге жана бүт жер жүзүнө
билдиргим келет! Бирок, мен муну кантип бере алам, кеп ушунда. Сөзгө болсо
чоркокмун. Мен сизге атыр жыттуу чөптөрдү жыттап жатып, сезген бардык
сезимдеримди сөз менен баяндап, түшүндүргүм келген. Бирок, аракетимден эч
нерсе чыккан жок. Бар болгону, мазасыз, маңызсыз сөздөрдү айттым. Же
байланышсыз бир нерселерди булдурадым... ал эми жүрөгүмдөгүнү ушунчалык
айткым келгеничи. О...— Деди ал терең капалануу менен манжаларын бүктөп, —
бул мүмкүн эмес! Түшүндүрүүгө болбойт! Баяндоого мүмкүн эмес!
— Бирок сиз эң эле сонун сүйлөп жатпайсызбы, — деди Руфь, — ушунчалык
кыска убакыттын ичинде сиз кантип сөзмөр болуп кеттиңиз, бул таң каларлык.
Мистер Бэтлер — көпчүлүккө таанылган чечен Штаттын комитети аны ар дайым
шайлоо алдындагы компанияда сөз сүйлөп берүүгө чакырып турат. Баягыдачы,
түшкү тамактын учурунда сиз мистер Бэтлерден кем калышкан жоксуз. Бир гана
жери ал сизге караганда саал токтороок адам. Сиздин анча-мынча
чапчаңдыгыңыз бар, бирок ал бара-бара өзү эле жоюлуп кетет. Сизден сөзгө
чебер мыкты оратор чыгышы мүмкүн. Эгерде чын дит койсоңуз... сиз алыска
кетер элеңиз... Сизде кандайдыр бир күч бар. Сиз элди өзүңүздүн артыңыздан
ээрчите аласыз, буга көзүм жетип турат. Сиз алдыңыздан кездешкен бардык
кыйынчылыктарды, кадимки грамматиканы жеңип чыккандай эле жеңип чыга
аласыз. Сизге да, мистер Бэтлер жетишкен ийгиликтерге жетишүүгө эч нерсе
тоскоолдук кыла албайт. Экинчиден сиз ал сыяктуу ич ооруга чалдыкпастан
туруп эле жетише алар элеңиз — деп, ал, жылмаюу менен кошумчалап койду.
Алар аңгемелерин уланта беришти. Руфь сөзсүз окуу керек экендиги жөнүндө,
өзүнүн демейдегисиндей эле эркелете, бирок талаптуулук менен сүйлөп жатты
жана ал бардык билимдин негизи катары латын тилинин маанисине дагы тийип
өттү. Ал Мартинге өзүнүн кыялында, дал ушундай болсо деп самаган, эңсеген
адамынын элесин, кылык-жоругун, мүнөзүн сүрөттөп берди. Мындай адамдын
образына анын так атасынын өзү жана мистер Бэтлердин анча-мынча кээ бир
мүнөздөрү кире турган. Чалкасынан түшүп жаткан Мартин баятан бери сүйлөп
жаткан Руфтун эриндеринин ар бир кыймылына суктануу менен карап жатты,
бирок, анын айтып жаткан сөздөрүнүн бири- не да толкундангандай болгон жок.
Руфь сүрөттөп өткөн келечек аны өзүнө кызыктыра албады, сүйүү азабы менен
байланышкан жүрөгүндөгү үнсүз кайгы, терең чөгүү, аны биротоло кишендеп
тургандай болду. Руфь анын чыгармачылык иштери жөнүндө бир жолу да сөз
козгогон жок, мында ала келген кол жазмалары көңүлдөн чыгып чачылып жерде
жатты. ,
Акырында ал, бир аз унчукпай токтоло калып, күндүн кайсы убак
болгондугуна көз жүгүрттү да, чачылып жаткан кол жазмаларын чогулта
баштады.
— Ии, мен унутуп калган турбаймынбы? — деди Руфь шашылгансып —
сиздин аңгемелериңизди окутуп угууга ушунчалык ынтызармын!
Мартин ага өзүнүн эң жакшы деген бир аңгемесин окуп берди. Ал аны
«Турмуштун шарабы» деп атаган эле; жана бул аңгемени жазып жаткандагы аны
мас кылган жыргалдануу сезими аны азыр да, ал , окуп жаткан кезде башын
айландырып жибергенсиди., Аңгеменин оригиналдуу идеясында өзүнө тартуучу
кызыктуу бөтөнчөлүктөрү бар эле, ал бул бөтөнчөлүктөрдү ачык боёктор жана
так сүйлөмдөр менен ого бетер күчөтүп көрсөтүүгө абдан аракеттенген. Бул
аңгемени жазып жаткан кездеги пайда болгон жалындаган сезим аны азыр дагы
зор берилүү менен окууга көмөкчү болду, кемчилигин сезе албады. Бирок, Руфту
анчалык толкундата алган жок. Анын такшалган угуу сезими аңгеменин начар
жактарын, аша чапкан жерлерин жаш адабиятчынын ыксыз шаңдуулугун,
сүйлөмдөрдүн ритмдик жактан тез-тез бузулушун дароо байкады. Аңгеменин
алчылантып көрсөтүлгөн жерлеринен башка бөлүктөрүнөн, ал ритмдүү сөз
бурулуштарын учурата албады жана бул ага кандайдыр бир үстүртөн
жазылгандай көрүндү. Аңгеме «үстүртөн жазылган» — бул Руфтун эң акыркы
чыгарган корутундусу болучу, бирок ал муну ачык айткан жок. Тескерисинче, ал
бир аз гана майда эскертүүлөрдү жасоо менен, аңгеме жалпысынан алганда өзүнө
өтө жага тургандыгын билдирди.
Бирок, Мартин ирээнжий түштү. Ал өзүнүн чыгармасын Руфка сынатыш үчүн
окуп берген эле да, бирок Руфь болсо, майда кемчиликтерине токтолуп,
жалпысынан чыгарма жакшы жазылган деп гана тим болду Бул, албетте, аны
канааттандыра алган жок. Кеп майда нерседе эмес да. Майда кемчиликтин
жарасы жеңил. Эртеби, кечпи, ал майда кемчиликтерди өзү деле сезип, оңдоп
жана андан биротоло кол үзүп кетиши деле мүмкүн болучу. Бирок ал, бул
аңгемеде жандуу турмуштун зор келкисин көрсөтүүгө аракеттенген. Ал Руфка да
аралары чекит жана үтүрлөр менен бөлүнгөн катар сүйлөмдөрдү эмес, жандуу
турмушту көрсөткүсү келген. Ал өз көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезген
турмуштун зор жана маанилүү окуяларын бул кыска саптардан Руфь сезе алса
деп каалаган. Бирок, мындай болуп чыккан жок. Мүмкүн редакторлор
чындыгында туура айтышаар. Ал турмуштун зор жана маанилүү окуялардын
көрө турганы менен, аларды сөз жүзүндө түшүндүрүп бере албастыр. Мартин
өзүнүн ирээнжигендигин билдирбей, Руфтун сын пикирлерине тез эле макул
болду, Руфь болсо Мартиндин жүрөгүндө келишпестик сезим тургандыгын сезген
да жок.
— Мен бул аңгеменин атын «Казан» деп атадым, — деди Мартин экинчи бир
кол жазмасын барактап жатып, — бул аңгемени төртпү, бешпи журнал жаратпай
салышты, бирок аңгеме өзүмө өтө жагат. Албетте, кнши өзүнүн аңгемесине өзү
сын берүү өтө кыйын, бирок, ошондой болсо да, менимче бул аңгемеде анча-
мынча дурус нерселер бар. Мүмкүн, бул аңгеме сизди мени толкундаткандай
толкундатпас чыгар, экинчиден аңгеме, кыска жазылган. Бардыгы болуп эки гана
миң сөз.
— Кандай катаалдык! — деди Руфь, таң кала түшүп, аңгемени Мартин окуп
бүтөрү менен. — Бул жүрөктү титиретет!
Мартин ичинен кым дей түшүп, анын кубара түшкөн жүздөрүнө, жайнаган
көздөрү менен жумулган колдоруна тигилди. Ал өз максатына эми жетти. Ал
акырында, өзүн чексиз бийлеген сезимдер менен ойлорду Руфка жеткире алды.
Аңгеме Руфка жакпаса дагы кеп, Руфту өзүнүн аңгемесин өтө терең көңүл коюп
угууга, аны чексиз толкундатып жиберүүгө түрткү бергендигинде болду.
— Мында турмуш бар, — деди ал, токтоло түшүп, — ал эми турмуш болсо,
жалаң гана шаттыктан турбайт. Мүмкүн, мен жаңылышып жаткандырмын, бирок
дагы, мен бул жерден сулуулукту сезип турамын. Кала берсе ал мага...
— Бирок, эмне үчүн жанагы байкуш аял... шыл- дың болуп калды... — деди
Руфь анын сөзүн бөлүп жиберип, чексиз аягандык менен. — О! Бул
маскарачылык! Жүзү каралык! Өтө жийиркеничтүү!
Мартиндин жүрөгү көз ирмемге токтоло түшкөнсүдү. Жийиркеничтүү! Ал эч
качан мындай деп санап, ойлогон да эмес. Бул аңгеме анын көз алдынан кадимки
оттой жалындап күйгөнсүп жана анын көздү уялт- кан нурунан, ал эч кандай
жийиркеничтүү эч нерсени сезгеи эмес. Мына, анын жүрөгү толкуп кетти.
— Сиз эмне үчүн жакшынакай мазмундуу окуяны алган жоксуз, — деди Руфь.
— Дүйнөдө жийиркеничтүү ыпылас көп нерселер бар экендигин билебизго,
бирок ошондой болсо да...
Руфь кандайдыр бир каар чачкан сөздөрдү аралаштырып сүйлөгөндөй болду,
бирок, Мартин ага кулак түргөн жок. Мартин жаш жүрөгүн элиртип козгогон
Руфтун жылдыздын нурундай назик жана тамылжыган жүздөрүнөн көзүн албай
суктануу менен карап турду. «Дүйнөдө жийиркеничтүү көп нерселер бар
экендигин билебизго». Ал ичинен Руфь эмнени «билет» болду экен деп, ойлоду
да, анан бырс этип күлүп жиберди. Көз ирмемдин ичинде анын көз алдынан, өзү
ушунчалык жакшы билген жана нечен ирээт ары да, бери да сүзүп өткөн турмуш
деңизинин ыпылас жактары элестей түштү жана ак көңүлдүк кылып Руфтун
аңгемени түшүнбөгөндүгүн кечирди. Руфь бул турмушту билбегендиги үчүн
күнөөлүү эмес эле, кайра Мартин Руфтун бул турмушту көрбөгөндүгү,
жийиркеничтүү мындай турмуштан алыс төрөлүп өскөндүгү үчүн кудайга рахмат
айтты. Бирок ал, бул турмуштун улуулугун кандай жакшы билген болсо, анын
запкыларын да дал ошондой эле жакшы билүүчү, ал үчүн бул турмуш — анын
үстүн каптаган бардык ыплас жактарына, жоо чапкырдыкы жана дагы эмнелерге
гана карабастан, эң кызыктуу болуп сезиле турган! Ал бул жөнүндө бүткүл жер
жүзүнө жарыялайт. Асмандагы кыдырлардын тазалыгы жана ыйыктыгы таң
каларлык нерсе эмес. Алар башынан эле ошондой жаралышкан. Ал эми
ыпластардын арасындагы таза адамды айт! Мына укмуш! Ушул укмуш үчүн
жашоо керек! Адилетсиздиктин ыплас чөйрөсүнөн бийик көтөрүлүп, аракет
менен өсүп жетилип, али чаңдан толук тазалана элек көзүң менен сулуулуктун
биринчи нурларын көрүп, күчсүздүктөн, бузулуудан жана пастыктан өсүп чыккан
чындык менен күчтүн жана көңүлдүн асылданышын, анын кадимки гүлдөй
ачылышын байкап туруу, ой-бой, кандай сонун!
Аңгыча болбой анын кулагына Руфтун мындай сөзү шак дей түштү:
— Айткандарыңыздын бардыгында баштан аяк кандайдыр бир шектүүлүк
жаткансыйт! Ал эми «Jn Memoriam» 2да эстеңизчи, анда кандай сонун жана бийик
сезимдер бар.
Мартин Руфтан: «Ал эми Локсли Холлчу?» деп сурайын деди эле, бирок,
күтүлбөгөн жерден аны өз кучагына тартып кеткен кыялдануу тоскоолдук
кылып жиберди. Ал Руфтан тигилген көздөрүн албай туруп, нечен кылымдар бою
кандай татаал жолдор менен турмуштун тепкичтери аркылуу жогору көтөрүлүп,
акырында образы Руфка так эле окшош аял түзүлгөндүгү, алардын акактай
тунуктугу, акылдуулугу, назиктиги жана өзүн ашык кылып дегдеткендиги
тазалыкка умтулгандыгы жөнүндө ойлонуп жана ушул перизаттын жүрөгүн
чексиз бийлөө жөнүндө кыялданды. Ал эми, өзү болсо, зор кыйындык менен
адепки коомдук турмуштун тереңинен чексиз баш аламан кеткен каталыктар
менен жаралануунун чексиз процессиндеги көңүл чөгүүлөрдөн, ушул деңгээлге
чейин көтөрүлүп жеткен эле. Мына, романтика, сулуулук жана укмуштуулук
деген кайда! Мына, эмнелер жөнүндө жазуу керек: бул үчүн сөз гана жетишпейт!
Асмандагы олуя, өзүнүн олуялыгы менен асманда кала берсин. Өзү болсо,
жердеги эле адам болот.
— Сизде көп күч бар, — деди Руфь, — бирок бул күч али ийкемге келе элек.
— Идиш-аяк дүкөнчөсүндөгү бегомотко окшош, — деди тамашалап Мартин,
ушул замат Руфь жылмайып күлүп койду.
— Сиз теманы туура тандап алыңыз, ойго келгендин баарын жаза берүүгө
болбойт. Татым, көркөмдүк сезимди өнүктүрүп, өз стилиңизди табышыңыз
керек.
— Мен өзүмдү оорураак ишке салып алган өңдөнөм — деп күңкүлдөдү
Мартин.
Руфь аны кубаттагандай жылмайып койду да, анын экинчи аңгемесин угууга
ыкластанды.
— Билбейм, сизге жагабы же, — деди Мартин актанган сыяктанып. Бул бир
таң каларлык аңгеме! Мүмкүн, мен, бул жерде өтө чаап кеткендирмин, бирок
чындыгын айтканда аңгеменин идеясы абдан жакшы. Майда-чүйдөсүнө көңүл
бурбай эле коюңуз. Эң башкысы сиз аңгеменин негизги оюн кармап калууга
аракеттениңиз. Бул маанилүү жана туура ой, бирок билбейм, түшүнүктүү кылып
бере алдымбы же жокпу?
Ал окуп жатып, кез-кез Руфту көздөй көз чаптырып коюп жатты. Акырында ал
аңгеменин Руфка жаккандыгын сезди. Руфь анын түзгөн образдарына таң
калгандай, демин чыгарбай, тигилген көз караштарын башка жакка бурбастан,
былк этпей угуп олтурган эле. Аңгемесин ал «Укмуштуу окуя» деп атаган, бул
китептегидей эмес, чынында эле эң укмуштуу окуя болучу. Бул окуяда сыйлоого
да жана сыйрып алууга да даяр турган, кырсыкка жана опаасыздыкка кул кылып
багындырып тынымсыз эмгектендирген каардуу күч бирде көз уялткан күнөстүү
жарык мейкиндикке алып чыкса, бирде каны каткан ачкалыктын азабына
дуушар кылат, бирде узак жол бастырып алсыратса, бирде өлүмгө алып келген
дартка чалдыктырып, тер агызган, кан төгүлгөн, бөөн-чаяндын уусуна ууктурган
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.