Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25

Total number of words is 3959
Total number of unique words is 1945
29.6 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
48.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
түрдүү образдарды жана шарттарды издеп тапкан эле. Повесть «Кечиккен сүйүү»
деп аталып, көлөмү алтымыш миң сөздөн ашпас керек эле. Ал эми бул иш болсо,
чыгармачылык күчү ташкындап турган Мартин үчүн тим эле бир оюнчук нерсе
эле. Ал повестти баштап жазуунун биринчи эле күнү чеберчиликтин терең
кумардануусуна батты. Ал азыр өзүнүн адабияттык формасынын начардыгынан,
ийкемсиздигинен коркпой калды. Көп айлар бою туруктуулук менен
чымырканып иштеген аракеттери эң акырында өзүнүн жемиштерин бере
баштады. Ал азыр өзүнүн көздөгөн максатын көздөй алга ишенимдүүлүк жана
кебелбестик менен кадам шилтей берди. Эч качан ал мындан мурун азыркыдай
турмушту туура түшүнөрүнө жана аны айкын-ачык кылып көрсөтө аларына
ишенген эмес. Мартин «Кечиккен сүйүүдө» болгон чындык окуяны жана андагы
катышкан чыныгы адамдарды, алардын ой-пикирлерин, сезимдерин сүрөттөп
көрсөткүсү келди. Бирок мындан башка дагы повесттин ичинде бардык өлкөлөр,
бардык мезгилдер элдер үчүн бирдей калыс жана тиешелүү болгон жашырын
улуу-бир маани жана идея козголууга тийиш болучу. «Айтмакчы, мунун бардыгы
Герберт Спенсердин таасиринен болбодубу, — деп ойлоду Мартин, отургучка
саал чалкалай түшүп. — Ооба, ооба, чынында эле Герберт Спенсердин өзүнүн
жана анын мага берген эволюция деп аталган ай-ааламды түшүнүүнүн улуу
ачкычынын жардамы аркасында пайда болуп олтурат». Мартин азыр өзү түзгөн
нерселердин канчалык тереңдиги менен маанилилүүлүгүн ачык-айкын түшүнүп
турду: «Иш илгери жылат буйруса! Жылат!»— деди ал ичинен өзүнө-өзү.
Чындыгында эле иш алга жыла баштады. Ушинтип эң акырында алакандай гана
журнал болбосун, жазып бүтөрү менен колдон жулуп кете турган чыгармаларды
жазат эмеспи. Анын көз алдынан повесттин окуялары баштан- аяк кадимки оттуу
тамгалардай жана баштады. Мартин күтүлбөгөн жерден жазып жаткан повесттин
токтото коюп, өзүнүн кичинекей дептерчесине ушул повесттин акыркы
корутундусу боло турган бир нече сөздөрдү шилтеп салды. Окуянын бардык
жүрүшү аңың ийне-жибине чейин баштан аяк ага ушунчалык айкын-ачык
белгилүү болгондуктан, ал повестти бүтпөй туруп эле, анын аягын жазып
коюудан кыйналган жок. Ал өзүнүн, бул али бүтө элек повестин башка
жазуучулардын аңгемелери менен салыштырып көрүп, өзүнүн повести
алардыкынан алда канча өйдө экендигин канааттануу менен белгилеп өттү.
— Бирок, бир гана киши дал ушундай кылып жаза алмак, — деп күңк этти ал,
— бул Конрад. Бирок, Конрад да бул повесть үчүн мени колумдан бекем кысып
туруп, мындай демек:
«Азаматсың Мартин дос, мыкты жазгансың!» Керели кечке чейин Мартин
повесттин үстүндө олтуруп, кечинде күтүлбөгөн жерден өзүнүн Морздордукунда
түшкү тамак ичүүгө чакырылгандыгын эсине түшүрдү. Байкуш Бриссендендин
аркасы менен Мартин күрөөгө койгон өзүнүн кара кемселин кайра сатып алып,
көпчүлүктүн арасына эми кайрадан баруу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Жолдо келе
жатып, ал китепканага бурулуп, андан Салибинин бир китебин алып чыкты. Ал
баягыда эле, трамвайда келе жатканда ушул «Турмуштун циклин» окуп чыгууну
чечкен эле. Бул макала жөнүндө ал талаш-тартыш учурунда Нортондон уккан
болучу. Азыр бул макаланы окуп алып, өтө каарданып, ачуулана түштү. Жүздөрү
сурданып, көздөрү чакырая түшүп, муштумдары кимдир бирөөнү жыга коюп
жибере тургансып катуу түйүлүп кетти. Ал трамвайдан ыргып түштү да, кадимки
бирөөнү келтектөөнү издеп жүргөн адамдардыкындай жүздөрү сурданып,
кадамын ылдам шилтеп, көчө менен келе жатты. Ал Морздордукуна келип,
алардын эшигинин сыртындагы коңгуроосунун топчусун катуу басып жиберген
кезде гана эсине келе түшүп, жайдары каткырып жиберди. Бирок ал үйгө кирип
келер замат кайрадан терең кайгыга чөмүлдү. Анын учкул канаты кайрылып
сынгандай жана шыктануу сезими аны эң жогорку бийиктикке жеткирген
жеринен кайра жерге кулатып түшүргөндөй болду. Ал ушул замат «Ач көз байлар!
Жандимилер!» — деген Бриссендендин кезек-кезек кайталап жүрчү сүйгөн
сөздөрүн эсине түшүрдү. «Болсо болсун, анын мага кандай тиешеси бар?» - деп ал
өзүн-өзү ичинен кекете какты. — «Мен эмне, алсам Руфту аламын, анын
ата-энесин алмак белем!».
Мартиндин көзүнө Руфь мурда эч качан азыркыдай, ушунчалык сулуу,
ушунчалык назик жана саламаттыгы куландай соо болуп, жүздөрү күндөй жайнап
көрүнгөн эмес эле. Мартин Руфтун ушул күндөй тийген жүздөрүнөн, анын
жүрөктү толкутуп өлбөстүктүн шоолалары чачырап турган көгүлтүр көздөрүнөн
карегин албады. Ырас, бир аздан кийин ал бул өлбөстүк жөнүндө унутуп коюп,
өзүнүн көңүлүн так илимдер жөнүндөгү пикир алмашууга буруп кетти. Бирок
азыр Руфтун көздөрүнөн айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогондой, кандайдыр
бир сезимди окугандай болду. Мартин бул көз караштан сүйүүнү окуган эле.
Ушундай эле жеңүүгө мүмкүн болбогон жалындаган сүйүү анын көздөрүнөн да
жанып турган болучу, ал эми сүйүү болсо, бардык талаш-тартыштан жогору
турган нерсе. Анын жүрөгүндөгү чексиз жалындаган терең ишеничи мына
ушундай эле. Анын тамак жээр алдындагы Руфь менен бирге олтуруп, жарым
саатча аңгемелешкен мезгили аны кайрадан чексиз бактылуу кылып, турмушка
жайдары мамилесин пайда кылды. Бирок, Мартин оокат ичип олтуруп,
күтүлбөгөн жерден өзүнүн бөтөнчө катуу чарчагандыгын сезе түштү. Бул албетте
керели кечке баш көтөрбөй иштеген иштен кийинки табыйгый чарчоо эле. Ал
өзүнүн көздөрү чарчап, денеси талыкшып, куйкасы курушуп, сиркеси суу
көтөрбөй тургандыгын сезип турду. Анын эсине ушул замат алда качан бир кезде
азыр күлкүнү келтиргендей жана көңүлсүз столдо биринчи жолу өзүнө
салыштырганда алда канча жогору турушкан адамдар менен бирге олтурганы
эсине түшө калды. Бул кезде ага бул үйдүн ичиндеги абасы да жогорку маданият
менен сугарылгандай сезилген эле. Мүмкүн ал ошол кезде көргөндөрү жөнүндө
ашкере кызыктуу жана толкундатуучудай элестерди түзгөн чыгар. Сүрдөнүүдөн
бүткөн боюн тер баса түшкөн бул адам өзүн кокустук жетелеп келген бул
жогорку чөйрөнүн улагасында күн көрүп, бирок кол куушуруп кулдук урууга
анчалык моюн сунгусу келбеген үй малайынын какшыгынан жаны кашая түшүп,
столдун үстүндө жайната коюлган небир сонун түркүн тамактардан кадимки
математиканын эсебин чыгарып жаткандай башы айлана да түштү. Бирок
ошондой болсо да, азыр өзүн өзү олуттуу кармап, кокустан билимсиздигин,
кылык-жоругунун одонолугун тегерегиндегилере шектентип койбос үчүн
чеберденип олтурду.
Мартин Руфту көздөй кадимки кемеге туулган коркунучту угар замат өмүрдү
сактап калуучу дөңгөлөк ордунда турабы, же жокпу деп, текшерген саякатчыдай
болуп алдыртан көз чаптырып калды. Ооба! Бир гана сүйүү менен Руфь
убакыттын санынан кебелбестен өттү. Ал эми калгандардын бардыгычы,
алардын баары болсо, Мартнн китепти өз алдынча, жаны эле колуна кармап ала
бергенде тумандай тарап, кадимки караандай абага жутулуп жок болуп
кеткенсиди. Бирок, сүйүү да, Руфь да караан эмес да. Ал мунун себебин —
табигый биологиялык негиз деп түшүндү. Сүйүү болсо — турмунг тун эң күчтүү
көрүнүшү боло турган. Табийгат аны ар бир акыл-эси соо киши сыяктуу эле, дагы
сүйүүгө мажбурлаган эле. Табийгат ушул максат үчүн он миңдеген, жүз миңдеген,
миллиондогон кылымдар бою адамзаттын тукумун өркүндөтүү үчүн
салгылашып келди. Ал эми Мартиндин өзү болсо, шексиз анын жеңишинин
алтын тажрыйбасы болуп саналган эле. Табийгат Мартиндин жүрөгүнө
махабатты жаратып, аны өзүнүн фантазиясынын күчү менен миллиард эсе
чоцойтуп, кайгы менен капаны, кубаныч менен ырысты көрүп жана жеңип
чыгуунун рахатын сезсин деп ушул дүйнөгө жиберген эле. Ал байкаттырбай
столдун алдынан Руфтун колун кармап, бекем кысып койду. Анын бул
мамилесине жооп кайтарып, Руфь да анын колун бекем кысып койду. Алар ушул
замат бири-бирин жалт карашып, жайдары күлүп жиберишти. Руфтун көгүлтүр
көздөрү сүйкүмдүү эркелеткендей жана түштү. Мартиндин көздөрү да назик
нурдана түшүп, Руфтун көздөрүндөгү нурдануу, чындыгын айтканда өзүнүн
көзүнөн жанып турган оттун чагылуусу гана экендигин шексиз сезип турду.
Анын бет маңдайында мистер Морздун оң жагында Сан-Франциско шаарынын
башкы соту, Блоунт деген адам олтурду. Мартин мурда аны менен бир нече жолу
жолугушуп кездешкен эле, бирок, аны менен чечилишип чын жүрөктөн
сырдашкан эмес. Сот Руфтун атасы менен жумушчулар бирикмеси, саясий абал
жана социализм жөнүндө аңгемелешип жаткан учурда, мистер Морз сөз арасынаи
ага социалисттик окуунун чечкиндүү жактоочусу катарында Мартинди көрсөтө
белгилеп өттү. Сот Блоунт аталык мээрим менен Мартинге көзүнүн кырын салып
калды. Мартин ичинен күлүп жиберди.
— Бара-бара сиз өзүңүздүн адашкандыгыңызды түшүнөсүз, — деди сот бир
чети эркелеткенден, бул сыяктуу балалык ооруу көбүнчө убакыттын өтүшү
менен тезирээк айыгат! (Деп айтып, сот кайра Морзго бурулду. Мындай
учурларда мен эч качан талашкым келбейт, анткени мындай талашуу «оорулуу»
адамдын каяша көрсөтүүсүн гана туудурат.
— Сөзүңүздүн катасы жок, — деди мистер Морз, көтөрүлө түшүп, — бирок
ошондой болсо да, кээде «оорулуу» адамга анын каяша көрсөтүүсүнүн акыры
эмнеге алып келерин алдын ала эскертип коюу пайдалуу болот го деп ойлоймун.
Мартин саал кыстала түшүп күлүп жиберди. Күн узун болуп, кечке баш көтөрбөй
катуу иштегендиктен Мартиндин мээси аябай чарчап калган эле.
— Сиздер шексиз мыкты доктор экенсиздер, — деди ал, — бирок, эгерде оору
адамдын пикири менен бир азыраак эсептеше турган болсоңуздар, анда мен,
сиздерге оорунун атын аныктоодон жаңылышып калдыңыздар деп айтар элем.
Чындыгында адашкандын айыбы жок дейт. Ал ооруу менен мен эмес, сиздер
ооруп жүргөн көрүнөсүздөр. Андай оору мага жуккан эмес жана жукпайт да.
Сиздерди ушунчалык толкундаткан социалисттик философия менин сезимимди
козгоп да койбойт.
— Азамат, азамат, — деди сот күңк этип, — күнөөнү күнөөлөөчүнүн өзүн
көздөй чебердик менен буруу, бул — айтышуудагы эң сонун ыкма болуп саналат.
— Кечиресиз! Мен сиздин өзүңүздүн сөзүңүздүн негизинде айтып жатамын!
— деди Мартин. Анын көздөрү жана түшүп барып токтоду. — Эгерде билгиңиз
келсе таксыр, мен сиздин шайлоо алдындагы сүйлөгөн сөзүңүздү өз кулагым
менен уккамын. Бул оюмду мен сизге жана эле айтмак болучумун, бирок
сабырдуулук менен өзүмдү-өзүм токтотуп турдум. Бул үчүн мени мактанчаак деп
эсептесеңиз эсептей бериңиз, сиз өзүңүздү «күчтүүлөрдүн жашашын» колдогон
көз карашты жак- тоочу деп эсептөө менен бирге, ошол эле учурда, бардык күч
аракетиңизди күчтүүлөрдү багындырууга жумшап жатасыз.
— Жаш жигит!..
— Сиз өзүңүздүн айткан сөзүңүздү тана албайсыз, — деп Мартин анын сөзүн
бөлүп жиберди. — Сиздин багытыңыз штаттар ортосундагы өз ара соода
байланышы,
темир жол жана нефть тресттеринин иштерин тартипке келтирүү жөнүндөгү,
токойлорду эстүүлүк менен пайдалануу, жана башка дагы ушул сыяктуу
чектелген чара колдонууну талап кылууну көздөйт, башкача айтканда. мазмуну
жагынан социалисттердин көз караштарына бир кыйла окшоп кетет.
— Демек, сиздин оюңузча мүлктүүлөрдүн чектен тышкары жеке бийлик
жүргүзүүлөрүн ооздуктоого болбойт экен да?
— Кеп анда эмес, мен сизге менден тапкан ооруңуздун атынан жаңылышып
калгандыгыңызды, социализмдин жугуштуу ылаңы мага эч качан жуккан
эместигин гана далилдегим келет. Мен сизге, өзүңүз ушул илдет менен
ооругандыгыңызды далилдегим, дагы далилдегим келет! Ал эми, сөз мен
жөнүндө боло турган болсо, мен сиздин мазмуну жагынан социализмдин эле өзү
болгон, бирок анысын жаап-жашырууга аракет кылган аралашма-төгүлмө
эркиндигиңиз сыяктуу эле, социализмдин элдешпес душманымын. Мен тап
душманымдын, болгондо да коомдук чириген, куш-канатынын көлөкөсүнө
жашырынып, күн көрүп келе жаткан ак сөөк табынын душманымын. Сиздер
менин көз караштарымды эч качан түшүнө албай турган изден тайбас тап
душманы болуп эсептелемин жана дагы кошумчалап айтканда ушул чириген
мамилелердин уюткусун кечип жүрүп, сиздер бир нерсени жакшылап,
ачык-айкын даана көрө албаган карама сокур болуп калгандыгыңыздарды
өзүңүздөр билбейсиздер . Сиздер күчтүүнүн жеңип чыгарына калп эле ишенимиш
болосуздар, ал эми мен болсом, эч кандай күнөм санабастан эле ишенемин.
Айырмачылык дал мына ушунда. Мындан беш-алты ай мурда, азыркыга
салыштырганда мен саал-паал жашыраак элем. Мен да сиз сыяктуу ой жүгүрткөн
болчумун. Ал турмак сиздин сөздөрүңүз мага белгилүү элестерди калтырган эле.
Бирок, соодагерлер менен дүкөнчүлөр — жеткен бок жүрөк башкаруучулар:
алардын көздөгөн максаты бир гана баюу. Эгер алар дайыма ушинтип олтурушса,
анда байыркы кылымдын ак-сөөктөрүнө айланып кетишеринде шек жок. Бул
бөлмөдө мен жалгыз гана көз кара- шымды эч кимге эч качан бербей турган
адаммын. Менин мамлекет менен эч кандай ишим жок. Мен бир гана келечекте
шексиз бытырандылыкка дуушар боло турган мамлекетти сактап калуучу
кайраты күчтүү адамдын атка минип тезирээк чапкылап келишин гана күтөмүн.
Ницше тим эле, олуя экен чындыгында. Мен сизге убакытты созуп, Ницшенин
ким болгондугун түшүндүрүп, олтура албаймын. Бирок ал ким болсо да анын
айткандары туура! Дүйнө — өмүр бою сатып алуу жана сатуунун сазында
чабалакташпаган жана чыныгы ак сөөктөргө, асылдыгы ашкан, эр көкүрөк,
кадимки алп сыяктуу күчтүүлөргө таандык. Ал эми азыр болсо, дүйнө чыныгы ак
сөөктөрдүн жана ак саргыл келген жырткыч айбандардын жана эч ким менен эч
качан элдешпеген, «ообадан» башка сөздү кайталашпаган бир ууч акмактардын
колунда. Алар сиздерди, социализм- ден коркуп, ичиңерден өзүңүздөрдү
индивидуалисттер деп эсептеген сиздерге окшогон социалисттерди
кулкундарына салып туруп, эки чайнап, бир жутуп жиберишет. Сиздерди бей
тараптуу калыстыгыңыздар, кулдук уруп, баш ийип жашаган ит ооруу
адатыңыздар сактап кала албайт! Албетте мунун бардыгы сиздер үчүн кадимки
кытай ариптери сыяктуу түшүнүксүз нерсе, ошондуктан эми дагы башкасын
айтып, сиздердин башыңыздарды айландыргым келбейт. Бирок, бир нерсени
эсиңиздерден чыгарбасаңыздар! Эгерде Оклендде араңдан зорго көзгө басар бир
беш-алты индивидуалист бар болсо, — ошолордун бири — сиздердин күнөөкөр
сыяктуу баш ийген кызматкериңиздер — Мартин Иден болуп саналат.
Ушинтип айтып, талашып-тартышуу бүттү деген белги берип, Мартин Руфту
көздөй бурулду.
— Мен бүгүн өтө чарчадым, — деди ал, — менин сүйлөгүм эмес, сүйгүм келет.
Ал мистер Морздун: — Сиз мени ишендире алган жоксуз. Социалисттердин
бардыгы — эки жүздүү адамдар болушат. Алар көп учурларда ар түрдүү
амалкөйлүктү иштөөгө мажбур болушат, — деген эскертүүсүнө жооп да
кайтарган жок.
— Эч нерсе эмес! Биз сизден жакында мыкты республикачыны тарбиялап
чыгарабыз — деди сот Блоунт.
— Сиз мени тарбиялоого үлгүргөнчө, күлүк ат минген кайраттуу адам жетип
келип калышы мүмкүн, — деп жылмайып күлдү да, — Мартин кайрадан Руфту
көздөй бурулуп кетти.
Бирок, бул окуяга мистер Морз ыраазы болбой калды. Ага ишмердиктин
акыл-эстүү түрүн иштөөдөн качкан жана аны жек көргөн өзүнүн келечектеги
күйөөсүнүн ойлогон ойлору жат, ички сыры түшүнүксүз сезилди. Мына ушундай
кийин мистер Морз аңгеменин темасын Герберт Спенсердин окуусуна бурууга
аракет жасады. Мистер Блоунт да анын пикирин кубаттап, Мартин болсо, өзүнүн
сүйүктүү философунун ысмын угар менен кулагын түрүп, соттун токтоолук гана
кыр көрсөткөндүк менен Спенсердин идеяларын сындай баштаганын укту.
Мистер Морздун улам Мартинди көздөй жиберип жаткан кытмыр көз карашынан
«көрдүңүзбү, мырза жигит?» деген сөздү айткысы келип турганын сезүүгө
мүмкүн эле.
— Кандай сандырактык, — деди Мартин күңк этип, Руфь менен Артур менен
сүйлөшүп жаткан сөзүн уланта.
Бирок, күндүзгү чарчап-чаалыгуу кечки «чыныгы адамдар» менен болгон
талашып-тартышуу Мартиндин катуу кычыгына тийди: ал баягыда трамвайда
баратып окуган макаланын таасиринен пайда болгон кыжырдануусун толугу
менен сыртка чыгарган жок.
— Эмне болуп кетти? — деп күтүлбөгөн жерден Руфь даярдануу менен
өзүн-өзү араңдан зорго токтотуп турган Мартинден сурап калды.
— «Түшүнбөгөндүктөн башка кудай жок, ал эми Герберт Спенсер анын
байгамбары», — деди бир кезде сот.
Мартин ошо замат аны көздөй бурулду.
— Болбогон курчтук, — деди ал, токтоо гана, — мен бул сөздү биринчи жолу
Сити-Холл багынан бир ачык ооз жумушчунун оозунан уккан болчумун. Ошондон
бери мен бул сөздү дайыма угуп келатам жана ар бир уккан сайын бул сөздөрдүн
наадандыгынан жүрөгүм айланып, кээде кускум да келип кетет. Кандай уятыңыз
жок адамсыз! Сиздин сөздөрүңүздүн мазмунуна караганда, ушул асыл жана зор
адамдын ысмы балчык суусунун бир тамчысына барабар болсо керек. Сиз менин
жүрөгүмдү айнытып гана жиберип жатасыз!
Күтпөгөн жерден чагылгандын үнү чарт эте түшкөндөй болду. Сот Блоунт
кыпкызыл боло түшүп, айланада каардуу тынчтык өкүм сүрдү. Мистер Морз
ичинен жашырын курсант болгонсуйт. Ал өз кызынын эл алдында уятка
калгандыгын түшүндү. Ал өз максатына жетти: өзүнө жат адамдын табийгый
одонолугун ашкерелөөгө жетишти.
Руфь столдун алдынан «болдучу эми айланайын» дегендей Мартиндин
колунан эки-үч жолу чымчып-чымчып алды, бирок каны кызып калган Мартнн
ага токтолгон жок. Жогорку абалды ээлеген адамдардын бой көтөрүүчүлүгү жана
ошол эле учурда чоркоктугу анын канын кайнатып жиберди. Көрчү эми, башкы
сот дагы уялбай мындан үч жыл мурда өзүнүн күлгө айланып, таман алдында
жатканын жана Спенсердей адамдарга кадимки кудайдай жалынганын эсинен
чыгарып олтурганын.
Блоунт сот эсине келе түшүп, ал турмак аңгемени улантууга аракеттенип,
Мартпнди көздөй жасалма кичи пейилдүүлүк менен бурулуп койду. Бирок анын
бул аракети бир гана бул жерде катышып олтурган аялдар үчүн экенин Мартин
ошол эле замат сезди. Бул болсо, анын куйкасын куруштуруп, кыжырын
кайнатты. Кантип эле, ушул дүйнөдө эч бир акыйкаттык болбосун?
— Спенсер жөнүндө мени менен айтыша турган сиз эмес! — деп чыдай албай
кыйкырып жиберди ал. — Сиз Спенсер жөнүндө анын бир тууган жердештери
сыяктуу эле, өтө аз билесиз. Бирок бул үчүн сиз күнөөлүү эмессиз, мен аны өтө
жакшы түшүнөм! Бул үчүн бардык азыркы учурдагы өкүм сүргөн наадандык
күнөөлүү. Бул сыяктуу наадандыктын үлгүсү менен жолдо келе жатып кокусунан
таанышып калдым! Мен Салибинин Герберт Спенсер жөнүндөгү изилдөөсүн
окудум. Сиз дагы ушул китепти окусаңыз болмок экен. Китеп ачык-айкын, эң эле
түшүнүктүү жазылган. Сиз бул китепти кайсы гана магазинден болбосун, кайсы
гана китепканадан болбо- сун таап ала аласыз. Сиз Салибинин улуу адам Спенсер
жөнүндөгү китебин окуп чыкканыңыздан кийин, китептин уят-сыятсыздыктын
чегинен ашып кеткенин ай- кын-ачык көрөсүз, ал эми сиздердин
уят-сыйытыңыздардын жоктугу ага салыштырганда быякта калат. Чындыгында
Спенсердин көлөкөсүнө тең келбеген бул — келжирек философ сөрөй уялбай
Спенсерди «чала сабат» философ деп атаптыр. Мен сиздин Спенсердин
чыгармасынын он барагын дагы окубагандыгыңызга жана ошого карабастан,
аны сындоого батынып, ошону менен бирге улуу Спенсердин жолун
жолдоочуларга, анын идеясын колдоочуларга: «Силер Спенсердин идеясынан
баш тарткыла жана да баш тарткыла, себеби анын идеясы чындык менен
байланышпайт — деп уят-сыйытсыздык менен кыйкыргандыгыңызды эң жакшы
билемин! Билесизби? Анын акылмандык менен илимдердин бардык
тармактарын өз кучагына алган идеялары — чындыгында эле улуу идеялар
болуп саналат. Ал психологиянын атасы болгон; ал педагогика илимине олуттуу
салымдарды киргизген. Мына ошондуктан азыр Франциядагы дыйкандардын
балдары Спенсер сунуш кылган ык боюнча билимдердин негиздерин алып
жатышат. Ошону менен бирге Спенсердин эстелигин маскаралашкан бул байкуш
адам сөрөйлөр кара жанын бага алышпай сандалып калган жана бир сындырым
нан үчүн улуу адамдарды сатып жиберүүчү кишилер. Анын үстүнө дагы, эгерде
алардын башында кандайдыр бир жаңы ой төрөлгөн болсо, анда бул үчүн алар
Спенсерге милдеттүү! Эгерде Спенсер болбосо, анда алардын бул кадимки тоту
куш сыяктуу жаттап алышкан жарыбаган билимдери да болбос эле. Сизден
даражасы жогору Фербенкс өңдөнгөн оксфорддук кандайдыр бир мырза
келечектеги Жаш муундар Спенсерди ойчул дешип аташпастан, эртерээк кур
кыялчыл, же акын ден аташат деп оозу-мурду кыйшайбай далилдегиси келип
олтурат. Бул бир борсулдап үрүп жаткан барак жүндүү кандек да, ким дейсиз!?
Кээ бирөөлөр «Негизги башталыш» адабий көркөмдүктөн толук четте эмес деп
далилдешет. Башкалары болсо — акылдын чебери, бирок өз алдынча ойчул эмес
деп кыйкырышат. Борсулдаган ит-кандектер! Борсулдап үргөн кандектердин
үйүрү!
Мартин караңгы көрдөгүдөй тынчтыктын ичинде тили байлана түшкөндөй
унчукпай калды. Руфтун үйүндөгүлөрдүн бардыгы сот Блоунтту ардактуу жана
кадыры сиңген адам катары бөтөнчө сыйлаша турган, мына ошондуктан
Мартиндин сүйлөгөн сөздөрү алардын бардыгынын кыжырын кайнатты. Тамак
ичүүнүн акыры ошентсе да өтө көңүлдүүлүк менен өттү. Сот менен мистер Мороз
өздөрүнчө кобурашып жатты, ал эми башкалардын кабактары тырчып
сүйлөгүлөрү да келишкен жок.
Тамак ичилип бүткөндөн кийин үйдө Руфь менен Мартин экөө калышып,
катуу кагылыша түшүштү.
— Сиз адам эмес экенсиз, — деп Руфь чыдай албай, бетин басып ыйлап
жиберди.
Бирок Мартиндин ачуусу али тарай элек болучу, мына ошондуктан ал катуу
ызырынып, оозуна келген сөздөр менен тилдеп коё берди.
— Акмак айбандар! Эх, айбандар!..
Руфтун: — «Уксаңыз Мартин, сотту бекер шылдың кылып салдыңыз» деген
сөзүнө ал каршы чыгып:
— Сиздин оюңузча, мен аны эмне кылып шылдыңдадым? Чындыкты
айткандыгым шылдыңдаган экен го?
— Чындыкпы, же чындык эмеспи аны менен ишим жок, — деп сөзүн улантты
Руфь, — эгер билсеңиз, адептүлүктүн өз чеги бар, бекерге адамдарды
шылдыңдасын деп сизге эч ким укук берген эмес!
— Ал эми, сот Блоунтко чындыкты шылдыңдасын деп укук бериптир? — деп
Мартин каардана түшүп, — Эгер билсеңиз, чындыкты шылдыңдоо кээ бир адам
сөрөйлөрдү шылдыңдоого караганда бир кыйла оор. Бирок, ал мындан дагы
жаман ишти кылды! Ал көзү өтүп кеткен эң улуу жана эң асыл ойчулдун ысмын
жерге тебеледи. Эх, айбандар! Эх айбандар!
Мартиндин бул каардануусу Руфту чочутуп жиберди. Ал Мартиндин мындай
жандануусун биринчи жолу гана көрүп, анын бул акыл-эстен таанууга чейинки
барган жек көрүүсүнүн себебине түшүнө албады. Ошол эле учурда ал Мартинге
өзүнүн чексиз берилип тургандыгын сезип, ал турсун акырында өзүн-өзү токтото
албай, аны көздөй ыктай түшүп, Мартиндин мойнунан кучактап калды. Руфь бул
болгон окуялар менен шылдыңдалса да, ага аябай ачуусу келсе да, башын
Мартиндин көкүрөгүнө жөлөп, анын денесине бекем ыктап, сөгүнүп-тилдеген
сөздөрүн унчукпай угуп жатты.
— Айбандар десе, эх айбандар!
Ал Мартиндин «Мен мындан ары сиздердин мындай таасимдүү
тамагыңыздарды булгабаймын, менин алтыным. Сиздин ата-энеңиз мени
жактырышпайт мен да аларга жабышкым келбейт. Аларга мен кандай жагымсыз
болсом, мага да алар ошондой жагымсыз. Тфу! Алар кандай жийиркеничтүү
адамдар! Ойлоп көрсөм, мен бир кезде көрүнүктүү орунду ээлеген жасалгалуу
кооз үйдө турушкан, университеттик дипломдору бар, акчалары банкада
сакталган адамдарга, төмөнтөн жогору көздөй көз жүгүртүп, суктануу менен
карачу элем! Мен өзүмдүн аңкоолугумдан гана, бул адамдар чындыгында эле,
сыйлоого татыктуу адамдар болсо керек деп ойлоп жүрүптүрмүн.
XXXVIII ГЛАВА
— Жүр социалисттик клубга барабыз! — деди Бриссенден экинчи жолку
кармаган үч күндөн берки өпкөсүнөн кан түкүрүүдөн аябай чаалыккан түр менен.
Анын калтыраган колуна кармаганы демейдеги бир стакан вино эле.
— Ал жерде мага эмне бар? — деп сурап калды Мартин.
— Сырттан келген адамдарга беш минуттан сөз берилет, — деди Бриссенден,
— сиз барып чыгып сүйлөйсүз. Аларга өзүңүздүн эмне үчүн социалист эмес
экендигиңизди айтып бересиз. Алар жана алардын жүрүш-туруш эрежелери, аз
улуттардын жүрүш-турушу жөнүндөгү өзүңүздүн оюңузду айтып бересиз.
Аларды Ницше менен оозго бир коюп, амалын кетирбейсизби. Аларга бул
сыяктуу талашып-тартышуу өтө пайдалуу. Ал сизге да зыян эмес! Мен сиздин мен
өлгөнчө социалист болуп чыгышыңызды каалар элем.
Бул болсо башка келбей койбой турган, турмуштан көңүл калуу учурларында
сизди кырсыктардан сактап калышы мүмкүн.
— Мен сиздин, дал сиздин кандайча социалист экендигиңизге такыр
түшүнбөймүн, — деди Мартин, — анткени сиз топураган көпчүлүктү жек көрөт
эмессизби? Чындыгын айтканда сизге кооздукту каалоочу адамга, көпчүлүктүн
кызыкчылыктары, алардын умтулуулары менен кандай ишиңиз бар? — Ушул
сөздөрдү айтып Мартин жекиргендей түр менен Бриссенденге кызыл винону
көрсөтүп: социализм сизди аман алып кала албайт окшойт, — деди.
— Мен өтө оорулуу адаммын, — деди Бриссенден.
— Сиз болсоңуз башка. Саламаттыгыңыз соо, келе- чегиңиз алдыда, эми
алдыңызга бир максат коюп, ошонун артынан түшүшүңүз гана керек. Сиз менин
социалист экендигиме таң калып жатасызбы? Мен сизге түшүндүрүп берейин.
Социализм шексиз жеңип чыга турган нерсе, себеби азыркы учурдагы коомдук
түзүлүш чирип бүткөн, көпкө жашай албайт, себеби сиздин ат үстүндөгү
кишиңиздин убактысы эчак эле өтүп кеткен. Кулдар анын артынан ээрчибейт.
Кулдар жер жүзүндө өтө көп жана алар ага атка минүүгө жол беришпейт. Баары
бир сиз алардан эч жакка качып кутула албай- сыз, алардын кулдук үрп-адаты
менен салт санаасынын даамын татууга мажбур болосуз. Албетте бул анчалык
таттуу боло койбос. Бирок, эч нерсе кыла албайсыз. Сиз өзүңүздүн ницшеандык
идеяларыңыз менен тим эле жапайы адамсыз, Мартин. Өткөн — өттү, кеткен —
кетти, ал эми, кимде ким тарыхта болгондун бардыгы кайта кайталанат деген
болсо, — ал өтө терең жаңылышат. Сиз туура айтасыз, мен топурандыны
сүйбөймүн, бирок эмне кылуу керек? Атчан кишинин келишин күтө берип
чарчайсыз, бирок мен башка кандай бийлик болсо болсун, бир гана
буржуазиялык коркок чочколордун бийлиги болбосун деп эсептеймин. Жүрүңүз,
эгер мен бул жерге дагы бир аз отуруп кала турган болсом, анда жыгылганча
ичип олтура беремин! Доктордун эмне айтканын сиз билбейсизби? Доктору
менен куруп кетсин! Аны аябай шылдың кылгым келип жүрөт.
Жекшембинин кечи. Социалисттердин анчалык чоң эмес, окленддик клубуна
көпчүлүгү жумушчулар болгон эл жык-жыйма толушкан. Сүйлөп жаткан
сөздөрүнүн бардыгы баштан аяк көңүлүнө туура келбесе дагы, тиги сүйлөп
жаткан еврейдин акылдуулугу жана чечендиги Мартинге өтө жага түштү.
Чечендин кууш ийиндери ичин көздөй чөгүп кеткен көкүрөгү — анын аз
улуттардын чыныгы уулу экендигин далилдеп турган эле жана аны көрүп
Мартин өзүнүн көз алдына бей-бечара жана күчсүз кулдардын эзелтен берки бул
дүйнөнүн бир ууч байларына каршы түбөлүк күрөштөрүн элестете түштү.
Мартин бул алсыз адамдан улуу символду көрүп турду. Бул болсо биологиянын
туруктуу закону боюнча турмуш- тун тайгак жолунда өлүп жок болушкан күчсүз,
кыйынчылыктарга туруштук бере албаган бей-бечера карып- тардын
массасынын айкын-ачык көрүнүшү боло турган. Алар жок болууга бет
алдырылган. Алардын куулук-шумдук философиясына жана биргелешүүгө
кадимки кумурска сыяктуу жөндөмдүүлүктөрүнө карабастан, табыйгат аларды
күчтүү жана зор адамдардын кызыкчылыгы үчүн четке кагып салган эле.
Табыйгат өзүнүн жараткандарынын эң сонундарын тандап алган эле. Адамдар
дагы аны туурап, асыл тукум жылкыларды жана сейрек учуроочу өсүмдүктөрдүн
улам жаңы түрлөрүн көбөйтө баштады. Албетте, бул дүйнөнү жаратуучу мындан
дагы сонун жаңылыктарды ойлоп чыгара алмак, бирок адам баласына мурдатан
түзүлгөн табыйгаттын закондору менен гана эсептешүүгө туура келет. Албетте,
өлөр алдында алар туйлашып жана далбас урушат. Социалисттер эмне кылышат?
Алар чогулуп алышат да жер үстүндөгү оор азапты, «антип азайтуу керек жана
ааламды кантип алдап кетүү мүмкүндүгү жөнүндө аябай талкуулашат.
Мартин дал ушинтип ойлоп жана өзүнүн бул оюн Бриссенден аны кыстап
чыгып сүйлөгүн, тартынбай сүйлөп аларды таң калтырышың керек дегенден
кийин гана айтып чыкты. Ал трибунага чыгып, эреже катарында алды менен
жыйналыштын башчысын көздөй бурулду. Ал алды менен өтө жай, саал гана
мукактана түшүп, еврей сүйлөп жаткан мезгилдеги башына келе калган түрлүү
ойлорду тартипке келтирүүгө аракеттенгенсип сүйлөй баштады. Мындай
кыскача жыйналыштарда ар бир чыгып сүйлөгөн чеченге беш гана мүнөт убакыт
берилүүчү. Мартин өз сөзүнүн кызуусуна жаңы эле кирген эле, анын
социалисттердин докторинасына каршы чечкиндүү чабуулу жаңы эле кызый
баштаган болучу, ал өзүнүн сөзү менен угуп олтуруучулардын өтө кызыгууларын
туудургандыктан алар бир добуштан жыйналыштын башчысынан Мартиндин
убактысын дагы узартууну талап кылышты. Алар Мартинди өздөрүнүн
оңой-олтоң эмес душманы экендигин сезишкенден кийин, анын ар бир сөзүн
талдап олтурушту. Мартин ана-мына деп турбастан, өтө берилгендик менен
мазмундуу сүйлөдү, жана ал кулдук үрп-адат эрежелерине чабуул коюу менен
бирге, кулдар деп ал өзүнүн угуучуларын эсептей тургандыгын тайманбай
көрсөттү. Ал Спенсер менен Мальтустан мисал келтирип жана биологиялык
закондун дүйнөлүк өнүгүшүн даңазалады.
— Ушинтип, — деди ал, өзүнүн сөзүн кыскарта жыйынтыктап, — эгерде
мамлекет жалаң гана кулдардан турган болсо, анда ал жашай албайт! Өнүгүүнүн
негизги закону бул жерде да аракет кылат! Жашоо үчүн күрөштө азыр эле мен
көрсөтүп өткөндөй күчтүүлөр жана күчтүүлөрдүн тукуму жеңип чыгат, ал эми
күчсүздөр жана алардын тукуму жок болууга дуушар болмок. Бул процесстин
натыйжасында, күчтүүлөрдүн күчү — ар бир жаңы муун алмашкан сайын арта
бермек. Мына, эволюция деген мына ушул! Бирок сиздер кулдар, өзүңүздөрдү кул
деп эсептегениңиздер жагымсыз. Мен буга түшүнөмүн! — сиздер, кулдар,
эволюциянын улуу законуна баш ийбеген коом жөнүндө кыялданасыздар. Сиздер
начарлар менен жөндөмсүздөрдүн өлбөсүн каалайсыздар. Сиздер начарлардын
дагы күчтүүлөр сыяктуу эле канча жана эмне кааласа жешин каалайсыздар.
Сиздер күчсүздөр дагы кадимки күчтүүлөр сыяктуу эле никеге кошулуп
урук-журуктуу болсо дейсиздер. Эми, мунун бардыгынын натыйжасы эмне
болмок? Адамзаттын күчү жана анын турмушка жөндөмдүүлүгү муундан муун
өткөн сайын көбөйбөйт. Тескерисинче азаймак. Мына сиздердин кулдук
философияңыздардын Немезидасы. Сиздердин жалаң кулдар үчүн жашап турган
кулдук коомуңуздар акырындык менен начарлап, жана кыйрап олтуруп
акырында, таптакыр, түп-тамырынан бери жок болуп бүтөт. Билип коюңуздар,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.