Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12

Total number of words is 4198
Total number of unique words is 1946
29.8 of words are in the 2000 most common words
40.0 of words are in the 5000 most common words
46.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жана мыкты окууга да жөндөмдүү болуучу.
— Тамак-ашы да жакшы жана өзүнчө бөлөк, атайы жакшынакай жатаканасы
да бар, — деди Джо.
Бул маселени чечти. Өзүнчө бөлөк бөлмөсү болсо, ага таң атканча чыракты
жандырып олтурууга эч ким тоскоолдук кылбайт.
— Бирок иш тозоктой оор, — деп кошумчалады Джо.
Мартин жеңинин сыртынан байкалып турган булчуңдарын колу менен сылап
койду.
— Кара жумушка бышып бүткөнбүз.
— Эмесе сүйлөштүк, ээ!
Джо чекесин сыйпалады.
— Туу шайтандыкы. Алигиче башым тегеренет. Кече анан калса ичкиликти
аябай көп ичип койгон экенмин... Демек, иштин шарты мына мындай: эки кишиге
жүз доллар жана жатакана берилет. Мен алтымыш, жардамчым кырк доллар
алуучу. Бирок ал, иштин жайын мыкты билүүчү — ал эми сен болсоң, жаны
үйрөнчүксүң. Алгачкы убактарда мага сен үчүн да иштөөгө туура келет. Мисалы,
айталы, сен эң алды отуз доллардан, андан кийин бара-бара кырк доллардан
табасың. Мен сени алдабаймын. Качан ишке абдан көнүгүп, кадимкидей иштей
баштаганыңдан тартып, өзүңдүн баягы кырк долларыңды ала баштайсың.
— Макул, — деди Мартин Джону көздөй колун сунуп. — Бирок мага секелек
берип турсаңыз жакшы болор эле. Себеби жолго жана башка керектөөлөр үчүн
акчам жок.
— Кап, баарын зарп кылып койбодумбу, — деди Джо капалуу, чекесин дагы
сылап, — кайра кеткендей гана тыйыным калды.
— Мен акыркы центимди жатакана акысы үчүн төлөшүм керек.
— Сен аны жөн эле койгун, — деп кеңеш берди Джо.
— Анте албайм. Себеби бир тууган эжеме карызмын. .
Джо терең ойлоно түшүп, боору ачыгандай жана капалана түшкөндөй,
созолонтуп ышкырып жиберди.
— Менин жанымдагы акчам жарым бөтөлкө аракка жетет. Жүр. Мүмкүн бир
нерсе ойлонуштурабыз.
Мартин бул сунуштан баш тартты.
— Ичпейсизби? — деди Джо.
Мартин башын тескери чайкады, ушул замат Джо капалана түшүп мындай
деди:
— Мен болсом, ичпей тура албаймын, сеники жакшы экен. Кантесиң, жума бою
кадимки эшек сыяктуу кайышып иштейсиң, андан кийин аракканага барбаска да
чараң жок. Эгерде мен ичпеген болсом, анда же мекемени өрттөп, же өз
кекиртегимди өзүм эчак кыя кесип салган болоор элем. Бирок, мен сенин ичпеген
кишилерден экендигиңе өтө кубанамын. Мындан ары да, өзүңдү дал ушундай
кармап жүргүн.
(Мартин өзү менен бул адамдын ортосунда кандай зор айырмачылык
жаткандыгын сезди да жана бул айырмачылыкты анын билимдүүрөөктүгү жана
китепти көп окугандыгы түзүп тургандыгын түшүндү. Бирок, бул айырмачылык
ал экөөнүн ортосундагы мамилесине тоскоолдук кыла албады. Себеби — ал өзү
өмүр бою жумушчу табынын адамдарынын арасында жашап, эмгектештик,
достук сезими анын мүнөзүнүн экинчи
бир сапаты болуп калган эле. Мас болуп, башы эңги-деңги болуп турган Джого
караганда Мартин — көчүп келүү маселесин бир кыйла ылдамыраак чечти. Ал
чемоданды Джонун билети боюнча багаж менен жиберип, өзү болсо, «Кайнар
Булакка» велосипед менен келмек болду. Ал аралыгы жетимиш миль келген
«Кайнар Булакка» жекшемби күнү барып жетсе, дүйшөмбү күнү ишке
кадимкидей кирише алат. Ал азыр үйүнө барып, буюмдарын иретке келтирет.
Анын коштошо турган деги эч кимиси жок болучу. Руфь жана анын
үйүндөгүлөрдүн бардыгы бир жайга Сиеррге, Тэхо көлүнө кетишип калган.
Мартин абдан чарчап, бүткөн бою бүтүн чаң болуп, «Кайнар Булакка»
жекшемби күнү кечинде келди. Джо аны толкундануу менен тосуп алды. Анын
башы нымдуу ак сүлгү менен таңылуу болучу, себеби — ал бүгүн кечкете
иштеген.
— Баягы мен сени жалдаганы баргандагычы, — деп, баяндады ал, — өткөн
жумадан калган бир топ кирлер бар болучу. Сенин чемоданың аман-эсен келди.
Комнатаңа алып барып койдум. Өх, оордугун айтпа тим эле, эмне салып
койгонсуң ичине? Же алтындын жумгагын салып койдуңбу?
Мартин чемоданын ачып буюмдарын сыртка алганча, Джо анын керебетинин
үстүнө келип отура калды. Бул чындыгын айтканда, чемодан эмес эле, Мартин
мистер Хиггинботамга жарым доллар берип алган консерва ящиги боло турган.
Жиптен колго кармай тургандай эки боо жасап, аны ящикке бекем кадап, Мартин
аны чемоданга окшоштуруп салган. Джо бир нече ич кийимдерден кийин,
чемодандын ичинен китеп- тердин, китептердин жана дагы китептердин чыга
баштагандыгын таң калуу менен карап турду.
— Эмне! Түбүнө чейин китеппи? — деп сурады ал.
Мартин ооба дегендей башын ийкеп, китептерди
кол жуугуч орнотулган ашкана столунун үстүнө ташый баштады.
— Эмне дейсиң, койчу!
Джо ойлонуп калды жана анын башында кандайдыр бир сырдуу ой пайда боло
түштү окшойт. Акырында ал ошол оюн кылтыйтты:
— Айтсаң, сен кыздар жагына кандайсың? Мыктысыңбы?!— деп сурады.
— Жок, — деп жооп берди Мартин, — мурда. мен китепке көп кызыга
элегимде анча-мынча жакындай койчу элем. Ал иштин артынан түшүүгө убактым
жок.
— Бирок, бул жерде сенин жаштык ишиң үчүн гана эмес, китеп окууңа да
убакыт табылбайт. Кечкете чаалыгып иштейсиң, кечинде болсо, тырп этпей
уйкуга киресиң.
Мартин өзүнүн беш сааттык уйкусун ойлонуп, жыл- майып күлүп жиберди.
Анын бөлмөсү кир жуугучкананын үстү жагында орношуп, ушул эле имараттын
ичинде бөлмөлөргө жарык берип, сууну кысып чыгаруучу жана кир жуугуч
бөлмөдөгү машиналарды кыймылга келтирүүчү бир мотор орношкон. Коңшу
бөлмөдө туруучу монтёр Мартин менен таанышып алайын деп келип, Мартинге
узун проводко электр лампочкасын ыңгайлуу кылып орноштурууга жардам
берди. Мунун натыйжасында электр лампочкасын столдон керебетке чейин
жылдырууга мүмкүн болуп калды.
Эртеси күнү эртең менен Мартин саат алтыдан он беш мүнөт өткөндө турду —
ага эртең мененки тамак саат алтыдан он беш мүнөт өткөндө берилет деп
айтышкан. Үйдүн ичинде кызматкерлер үчүн атайын мончосу бар экен, Мартин
муздак сууга аябай жуунуп Джону таң калтырды.;
— О, азамат турбайсыңбы, тим эле! — деди Джо Мартин экөө ашканага тамак
ичүүгө олтурушканда.
Алар менен бирге тамак ичүүгө монтёр бакчы, анын жардамчысы жана дагы
бир эки-үч ат баккыч отурушту. Алар кабактары бүркөө, шашыла, анда-санда
сүйлөшүп коюшуп алдыдагы тамактарын жей башташты. Мартин алардын
аңгемесине кулак салып олтуруп, өзүнүн бул адамдардан канчалык айырмаланып
тургандыгын түшүндү. Алардын түшүнүгүнүн аздыгы Мартиндин чыдамын
кетирди, ал мына ошондуктан булар тез эле кетишсе экен деп тилеп турду. Ал
суук жана даамсыз боткону тигилер сыяктуу эле шашып-бушуп жеп, таза аба
жутуш үчүн сыртка чыкты.
Бул кичинекей киржуугучкана жаңы кир жуугуч машиналары менен
жабдылып, көп оор иштер жеңил- дей түшүптүр. Мартин Джодон кыскача насыят
алып, тоодой болуп үйүлгөн кирлерди иргей баштады. Джо болсо, бул учурда
машинаны ишке киргизип, составы химиялык жегич заттардан турган самынды
сууга эзе
баштады. Ал бул заттардын организмге зыяндуу таасирлеринен сактануу үчүн
көздөрү менен мурундарын сүлгү менен таңып алып жапа ошол замат мунияга
окшоп калды. Кирлерди иргеп бүтүп, Мартин эми жуулган кирлерди сыга
баштады. Кирлерди сыгуу секундуна бир нече миң айланууну жасоочу жана
борборго умтулуучу күчтүн жардамы менен кирлердин атайын өзүнчө бир
машина менен жүргүзүлө турган. Андан кийин Мартин кирлерди кургатуучу
машинадан сыгуучу машинага чуркап жана бул эки жумуштун ортосунда да
аялдар менен эркектердин байпактарын иргөөгө үлгүрдү. Алар түшкү тамактан
кийин үтүктөр ысыганча бул байпактарды топтоого киришти. Андан кийин алар
кечки саат алтыга чейин ич кийимдерди үтүктөштү, бирок, бул жерде Джо
шектенгендей башын чайкады .
— Балээни да бүтпөйт окшойбуз, — деди ал, — кечки тамактан кийин дагы
иштейт экенбиз.
Мына ошентип, алар, кечки тамактан кийин да өтө күчтүү электр жарыгында
эң акыркы жуп ич кийим үтүктөлүп бүткөнчө жана таратылып берилүүгө даяр
болгончо, — саат онго чейин тынбай иштешти. Сыртта Калифорниянын
какшыган ысык түнү өкүм сүрүп турган эле, терезелеринин аңырайтылып
ачылып коюлгандыгына карабастан, какшыган үтүктөр менен темир мештерден
комнатанын ичи адам чыдагыстай үп болуп турду. Белдерине чейин чечинишкен
Мартин менен Джо алка-шалка терге чөмүлүшүп, дем ала албай кетишти.
— Тим эле тропикалык порттогу жүк ташуудагыдай эле экен, — деди Мартин,
тепкич менен өйдө чыгып бара жатышканда.
— Жарайсың ишке, — деди Джо. — Мыкты иштейт турбайсыңбы. Эгер
мындан ары да, дал ушундай иштей турган болсоң, бир айдан кийин эле кырк
доллардан алууга өтөсүң. Бирок сенин мурда эч качан үтүк баспагандыгың
мүмкүн эмес. Мени жаңылдыра албайсың.
— Кудай урсун, өмүрүмдө эч качан алакандай дагы чүпүрөктү үтүктөгөн
эмесмин.
Мартин он төрт саат катары менен тынбай иштегендигин унутуп, өзүнүн
чарчап, дарманы кете түшкөндүгүнө таң кала түштү. Мартин будильниктин
коңгуроосун алтыга коюп, уйкунун беш саатын эсептеп чыгарыл таштап, саат
түнкү бирге чейин китеп окууну чечти. Ал бутун эс алдыруу үчүн тапичкесин
чечип, столго олтурду да, тегерете жыйылган китептерге үңүлдү. Ал Фисктин эки
күн мурун окуп келип токтотуп койгон жерин атчы. Анын башы эңги-деңги
болуп, начар иштегендиктен, китептин бир эле сабын эки үч жолу кайталап
окууга туура келди. Аңгыча болбой ал шишиген булчуңдарынын зырылдап катуу
оорушунан жана ачык терезеден соккон тоонун муздак желинен үргүлөгөн
көздөрү ачыла түшүп жатты. Ал бурулуп саатты карады. Саат туура түнкү эки
болуптур. Эми ага төрт гана саат эс алуу калды. Мына ушинтип ойлоп ал чечинип
жаңы эле жаздыкка башы тиери менен уйкуга кетти.
Шейшемби дагы, ушундай эле оор жумуштарды аткаруу менен өттү. Джонун
иштеп көнгөн тездиги Мартинди эрксизден таң калтырып жиберди. Джо кадимки
качыр сыяктуу чарчабастан иштеди. Ал бул узак жумушчу күнүнүн ичинде, бир
дагы мүнөтүн талаага кетирбей, өзүнүн бардык көңүлүн кылган ишине топ- топ,
анын үстүнө дагы бир жактан ал Мартинге, жол көрсөтүп, беш жолу
кыймылдоонун ордуна үч жолу, ал эми үч жолу кыймылдоонун ордуна — эки
жолу кыймылдоо мүмкүн экендигин түшүндүрүп да жатты.
Мартин буга көңүл буруп жана андан үлгү алууга аракеттенди. Кала берсе,
анын өзү эң сонун шамдагай жана акыл-эстүү кызматкер боло турган, ал көп
учурларда өзүнүн иштеш жагынан эч кимди алдына чыгарбай тургандыгына
сыймыктануучу. Ал азыр өзүнүн бардык көңүлүн ишке бурууга жана Джонун
айткан насыяттарын орундатууну чечти. Ал үтүктөгөн кезде так калып калбас
үчүн жеңдин учтары менен жакаларындагы крахмалды эптүүлүк менен ушалап,
тазалагандыгы үчүн Джонун мактоосуна татыктуу болду.
Алар эч бир тыныгуусуз иштешти. Джо эч нерсени күтпөстөн жана эч бир
ишти кийинкиге калтырбастан, бир ишин бүтүрөр замат экинчи ишти колго
алып жатты. Алар эки жүз ак көйнөктү крахмалдашты. Бул көйнөктөрдү
крахмалдашканда, сол колдору менен көйнөктүн жакасын, боорун жана
жеңдерин ысык сууга матырып, оң колдору менен крахмалга тийгизбес үчүн
көйнөктүн башка бөлүктөрүн кармап турушат. Суунун ысыктыгынан алар
колдорун улам муздак сууга малып алып жатышты. Бул күнү алар аялдардын
бүйүрмөлүү ич кийимдерин крахмалдоо менен кечки он жарымга чейин
иштешти.
— Тропикаларда да мындан салкыныраак, — деп Мартин күлүп.
— Бирок мен үчүн эмес, — деди олуттуу Джо, — мен бул кесиптен башка бир
дагы кесипти билбеймин.
— Бирок сиз, бул кесипти эң сонун билесиз да.
— Ананчы, мен Окленде он бир жашыман иштей баштадым. Буу казанын да
башкаргам. Ошондон бери он сегиз жыл өттү, бирок мен андан башка эч бир
кызмат кылган эмесмин. Ал эми бул сыяктуу өлчөөсүз оор жумушту мен эч качан
кездештирген эмесмин. Бул жерде кеминде үч киши иштөөгө тийиш. Эртең
түнкүсүн дагы иштейт окшойбуз. Шаршемби күндөрү дайыма түнкүсүн иштөөгө
туура келет, түгөнбөгөн жакалар менен жеңдер.
Мартин будильниктин коңгуроосун дагы коюп, стол- го олтуруп, Фискти ачып
окуй баштады. Бирок ал китептин беттеринин бир сабын да аягына чейин окуй
алган жок. Тамгалар анын көз алдынан бийлеп, столдо үргүлөп олтурду. Ал
комнатанын ичинде ары-бери басып, муштумун түйүп, өзүн-өзү башка
койгулады. Бирок, 6УЛ уйкусун качырууга кылган аракети да текке кетти. Андан
кийин ал китепти алдына коюп, кабак- тарын манжалары менен сүйөп, окууга
аракеттенди, бирок ошол замат көзү ачылган бойдон уйкуга кетти.
Мына ошондой кийин ал чаалыгуу менен күрөшүүгө күчү жетпегенден кийин
эмне кылып жатканын өзү да жакшы сезбей, кийимдерин чечингендей болду да,
керебетке кулап түштү. Ал туура жети саат алп уйкусун салып уктады да, сааттын
шыңгыраган үнүнөн чочуп ойгонуп, уйкусунун дагы эле канбай калгандыгын
сезип турду.
— Көп окудуңбу? — деп сурады андан Джо.
Мартин жок дегендей башын тескери чайкады.
— Эч нерсе эмес! — деди Джо анын көңүлүн көтөргөндөй.
— Биз бүгүн түнү таң атканча иштеп коёбуз, эртең болсо саат алтыда бүтөбүз.
Сенин анда, окууга убактың да болот.
Мартин бул күнү жегич самындын эритиндиси толтурулган чоң тепшиге
жүндөн жасалган буюмдарды салып чайкады, экинчиден чайкоо жумушу Джо
төмөндөгүдөй сыймыктануу менен кайталаган бөтөнчө бир ыңгайлаштырылып
жасалган куралдың жардамы менен жүргүзүлө турган.
— Менин ойлоп тапканым. Кир таптоочу токмокту жана колду алмаштырат
дагы бери дегенде, жумасына он беш мүнөттү үнөмдөйт! Мындай тозоктун
ичинде, жумасына ар бир мүнөт эмне турарын билесиңби!
Жең менен жакаларды таптоочу зор темир аспап дагы анын ойлоп чыгарган
аспабы болуучу. Бир күнү Джо мындай деп түшүндүрдү.
Башка кир жуугучканаларда али мындайды ойлоп табыша элек. Мен мунун
жардамы менен ишемби күнү жумушту саат үчтө аяктоо мүмкүнчүлүгүнө
жетиштим. Бир гана муну — билгичтик менен пайдалануу керек. Бул үчүн
бөтөнчө температура, бөтөнчө басым талап кылат — тапталуучу кийимдерди үч
жолу басуу керек. Мынакей, карачы.
Ал көйнөктүн жеңинин учун басып көрсөттү.
— Колго мындай таптай албайсың, туурабы?
Бейшемби күнү Джо айран-таң кала түштү: себеби ченинен тышкары
крахмалдуу жука ич кийимдердин өзүнчө бир зор таңгагы келтирилиптир.
— Куруп кеткирдики, — деп кыйкырып жиберди ал, — кара баскырдыкы!
Ишинин да кереги жок. Мен, качырдай кайышып жума бою тыным албай
иштегеним деле жетишет, эптеп өзүмө бир бош убакытты арттырып алайын деп
ойлосом, муну карасаң — чегинен тышкары крахмалдуу кирлерди жеткирип
салганын карабайсыңбы! Мен эркин өлкөдө жашап жатамын, карап тур, мен кап
курсак шайтанга өзүмдүн ал жөнүндө ойлогон оюмду айтамын! Бирок мен, аны
менен француз тилинде сүйлөшпөймүн. Кудая шүгүр, али Кошмо Штаттардын
тилинен ага ылайык келүүчү сөздөр табылат. Бүтүндөй таңгакты ченден ашык
жиберет! Акмак, ит десе!
— Эми дагы түн бою иштөөгө туура келет, — деди ал бир мүнөттөн кийин,
өзүнүн жанагы ачууланганын унутуп жана тагдырына баш ийгендей.
Бул түнү Мартин дагы окуй алган жок. Ал бир жумадан бери газет бетин
көргөн да жок жана ал кала берсе, аны көрүүнү каалабагандыгына өзү дагы таң
калып кетти. Жаңылыктар аны өзүнө эми кызыктыра албады. Ал аябай суй
жыгыла чарчагандыктан анын эч нерсеге көңүлү да келген жок, бирок ошондой
болсо да ал ишемби күнү велосипед менен Оклендге барып келүүнү чечти.
Жолдун ыраактыгы — барышы жетимиш миль, келиши жетимиш миль — жол
жүрүү керек, бул болсо анын таптакыр эс албай жана келерки жума үчүн
күч-кубат жыя албай тургандыгын түшүндүрүп турган эле. Эгерде ал велосипед
менен барбай, темир жол менен барган болсо, жол акысы эки жарым доллар
турмак, бирок Мартин бир тыйынын болсо да коротпой чогултууну бекем чечкен
XVII ГЛАВА
Мартин бир кыйла жаңы билимге ээ болду. Биринчи жумада ал Джо экөө бир
гана күнү эки жүз ак көйнөктү жууп, үтүктөп чыгарышты. Джо басымды тартипке
келтирип туруучу болот серпилгичке үтүк илинип коюлган машинанын
таянычын жылдырып турду. Мына ушинтип ал, көйнөктөрдүн крахмалдуу
бөлүгүн үтүктөп туруп, Мартинге ыргытып жатты, ал болсо жалпак доскага
жайып алып, калган бөлүктөрүн үтүктөдү.
Бул болсо сааттан саатка эс алуусуз созулган адамды суй жыккан оор жумуш
эле. Конок үйүнүн ачык секичесинде ак кийимчен эркектер менен аялдар көңүл
ачуу үчүн аркы-терки басышып, кээде столдорго олтурушуп, муздак
суусундардан ичишет. Ал эми кир жуугучканада болсо, киши чыдагыс үп болуп
турат. Эрип кетчүдөй болуп кызарган плитадан лапылдаган ысыктын илеби
келип, нымдуу кирлерди баскан үтүктөрдүн алдынан буу буралып чыгат. Үтүктөр
демейдеги аялдар ысытканга караганда бир кыйла өткөрө ысытылуучу. Колду
шилемейлеп, ысыктыгын сынап көргөн үтүктөр Мартин менен Джого али ысый
электей сезилүүчү. Мына ошондуктан алар үтүктүн ысыктыгын билүү үчүн
жаагына жакын бир аз кармап турушуп, кандайдыр бир бөтөнчө сезгичтик менен
билише турган. Бул Мартинге таптакыр түшүнүксүз болуп көрүндү. Эгерде үтүк
аябай ысып кете турган болсо, аны муздак сууга матырып алышчу. Бул дагы зор
шамдагайлыкты жана көнүгүүнү талап кыла турган. Эгерде үтүк белгиленген
убактысынан бир эле секунда ашыгыраак муздак сууда кармала турган болсо, ал
муздап калууга мүмкүн эле; Мартин өзүнүн бул кыйын аракетин ушунчалык так,
кала берсе, автоматтык тактык менен аткаргандыгына өзү дагы таңгалып
кетүүчү.
Экинчиден ага минтип тан калууга да убактысы жок эле. Мартиндин бардык
ой-санаасы өзүнүн иштеп жаткан ишине бурулган. Ал кадимки-жандуу машина
сыяктуу болуп, эч бир тыныгуу албастан колу менен да, башы менен да иштеди
жана бул сыяктуу иш анын бүткүл кубатын өзүнө соруп алгандай болду. Анын
башындагы дүйнө жана анын табышмактары жөнүндөгү бардык эркин ойлоруна
жана кыялдарына кишен салынгансыды. Анын акыл эси кичинекей бир тар
бөлмөгө, штурмандык бөлмөгө тыкшырылып жана ал өзүнүн колуна,
манжаларына — үтүктү кандай кармап, кымындай да эңкейип койбостон сансыз
көп жеңдерди, көйнөктөрдүн этектерин, өңүрлөрүн, капталдарын кандай
үтүктөш керек экендигине, үтүктөлгөн көйнөктөрдүн бүктөөсүн жазбастан
туруп, кантип ыргытып таштоо керек экендигине буйрук берет. Ал бир көйнөк
жөнүндө кам көрүүнү аяктар замат экинчи көйнөк жөнүндө кам көрө баштайт.
Мына ушинтип, Калифорниянын аптаптуу ысыгынан сырттагы бардык
кыймылдар тынчыганга чейин көп сааттар өтүүчү. Бирок, кир жуугучканадагы
иш токтолчу эмес. Конок үйүнүн сыланышкан жашоочуларына таза кийимдер
дайыма керек болуп туруучу.
Мартиндин тери суудай акты. Ал сууну челектеп ичти. Бирок күндүн
ысыктыгы ушунчалык катуу болгондуктан, бүткөн боюнан чыккан терлери ошол
замат бууга айланып кетип жатты. Сүзүү мезгилдеринде ага эркин кыялга
чөгүүгө эң оор иш дагы тоскоолдук кылган эмес эле. Ал сүзгөн кеменин ээси анын
убактысынын гана падышасы болучу, ал эми бул жердеги конок үйүнүн ээси
болсо, анын убактысынын да жана кыялдарынын да падышасы болуп калды! Ал
денени да, акылды да бирдей мөгдүрөткөн оор жумуштан башкалар жөнүндө
ойлой да албады. Анын башка ойлору да жок болучу. Ал азыр өзүнүн Руфту
сүйөрүн же сүйбөсүн билген жок. Кээде кана кечинде жатаар алдында же эртең
мененки тамактын алдында көз алдынан анча-мынча тумандуу элестеп өткөндөй
гана болбосо, оор жумуш өтө чаалыктырган Мартиндин оюна азыр Руфь дагы
келбей калды.
— Тозоктон да ары, туурабы? — деп сурады күнү Джо.
Мартин ооба дегендей башын ийкеди да, күтүлбөгөн жерден кыжыры келе
түштү. Мунун себеби айтпаса да түшүнүктүү болуучу. Алар эч качан иш үстүндө
сүйлөшчү эмес. Мына азыр гана Мартин Джонун суроосуна алаксый түшүп,
колундагы үтүктү эки жолу артык баш сүрүп жиберди.
Жума күнү эртең менен алар кир жуучу машинаны ишке киргизишти. Конок
үйүнүн дасторкон, кол аарчыгыч жана жаздык кап сыяктуу кирлерин жумасына
эки жолу жууга туура келүүчү. Булардын бардыгын жууп бүткөндөн кийин кана,
алар ич кийимдерге өтүүчү. Бул болсо, бөтөнчө машакаттуу жана адамды тез
чарчатып жиберүүчү жумуш эле. Аны аткаруу үчүн зор кылдаттуулук талап
кылына турган. Ушуга байланыштуу Мартиндин иши кашаңдык менен бүтүп
жатты; анын үстүнө ал кокустан зыяндуу жаңылыштыкты жиберип коёмбу деп
да коркту.
— Көрдүңбү мунобу нерсени? — деди Джо, бүктөп туруп алаканыңа катсаң
бата тургандай өтө жука жибек эмчек тарткычты көрсөтүп. — Эгерде күйгүзүп
алсаң сенден жыйырма долларды эсептетип туруп гана алып коёт.
Бирок Мартин бактыга жараша бул ич кийимдердин бирин дагы күйгүзгөн
жок. Ал күчкө салбай булчуңдарын бир аз бошоңдотуп, бардык көңүлүн салып
этияттык менен үтүктөй алучу. Азыр да ушинтип иш- теп жатып, Джонун өздөрү
жуубагандыктан кана ушунчалык жука ич кийимдерди кийишкен аялдарга
заарданып аябай ачуулангандыгына көңүл салып, колдоо менен тыңшап турду.
Бул бөтөнчө жука ич кийимдер Мартин менен Джонун кымбат баалуу
убакыттарын уурдап жатты. Алар буга керели кечке убара болушту. Шейшеп
менен дасторконду жана кол аарчыгычтарды үтүккө басуу үчүн алар кечки саат
жетиде кир жууну токтотушту жана саат ондо мейманканадагылардын бардыгы
уктап калган учурда алар кайрадан ич кийимдерди колго алышып, аларды жууп,
үтүктөшүп, май терлери чыгып, түн жарымына чейин убара болушту! Алар бул
ишти түнкү саат эки жарымда барып, араңдан зорго дегенде бүтүштү!
Ишемби күнү эртең менен дагы итапкан ич кийимдер, дагы майда-чүйда
кирлер келди, мына ошентип, акырында күндүзгү саат туура үчтө бир жумалык
иш аяктады.
— Бул жолу мүмкүн Оклендге барбастырсың, деп ойлоймун? — деп сурады
Джо, экөө тепкичке келип эс алып олтуруп тамеки тарта кетишкенде.
— Жок, барамын, — деп, жооп берди Мартин.
— Аякты көздөй, эмнеге эле чуркайсың? Кызың барбы, же?
— Жок, мен китепканага барып, китеп алмашышым керек. Эки жарым
долларды үнөмдөш үчүн поезд менен барбай, велосипед менен барып жүрөмүн.
— Китепти почта менен эле жибербейсиңби? Көп болсо эмне, чейрек доллар
кетет да.
Мартин ойлоно түштү.
— Сен эртең андан көрө жакшылап эс алып албайсыңбы, — деди сөзүн
улантып Джо. — Сен сөзсүз эс алышың керек. Мен өзүмдөн улам айтып жатам.
Бүткөн боюм кыймылдатпай тим эле жанчылып калыптыр.
Бул чындыгында эле ушундай эле. Секундалар менен мүнөттөрдүн
талыкпаган
чалгынчысы,
кашаңдыктын
душманы,
тоскоолдуктардын
кыйраткычы, кубаттын түгөнгүс булагы, кубаттуулугу чектен ашкан адам
мотору, адам эмес шайтан — азыр бир жумалык ишин аяктап, толук ырп этерге
дарманы жок абалда турган эле. Ал алсырагандай кабагын катуу бүркөп,
унчукпай турду, анын сулуу жүздөрү да арыктап, сөөгү чыгып калган. Ал
тамекинин үстөккө-босток тартып жана үнү корулдап, көңүлсүз чыккансыйт.
Бирок анда азыр мурдагыдай жалындануунун да, кубаттуулугунун да белгиси
калбады, кала берсе анын өзү татыктуу болгон эс алуунун мүнөттөрү аны
кубандыра албады.
— Дүйшөмбүдөн баштап дагы кайра башынан түшөбүз, ээ — деди ачуулануу
менен, — айтмакчы, мынчалык жанымды кыйнап мага эмне күч келди! Ия? Мен
кээде кайырчыларга суктанамын. Себеби алар иштешпесе дагы, эптеп-септеп күн
көрүшөт. Эх, эх! Азыр бир стакан пиво болсо, тартып жиберсем кандай сонун
болор эле, бирок ал үчүн кыштакка барыш керек. Койсоңчу ой, жиндиленбей.
Андан көрө китепте- Ринд1и почта менен жиберип, өзүң биерде кал.
— Биерде калып, кечкете эмне кыламын? — деп сурады Мартин.
— Эс аласың. Сен өзүңдүн канчалык чарчаганыңды билбейт окшойсуң. Мен
болсом жекшембиге чейин тим эле ырп этерге алым да калбайт. Жа дегенде,
газет окууга да чаркым келбейт. Мен бир жолу келте менен ооруп калдым.
Ооруканада эки жарым ай жаттым — бирок бир жолу да кыбыр этип эч нерсе
кылган жокмун. Кандай сонун болгон эле дейсиң!
— Ооба, эң сонун болгон эле! — деди ал кыялдана түшүп, бир мүнөттөн кийин.
Мартин мончого түшкөнү кетип, кайра келсе, Джо бир жакка кетип калыптыр.
Мартин аны пиво ичкени кетсе керек деп ойлоп, бирок аны издеп кыштакка
барууга көңүлү чаппады. Ал үйүнө келип, керебетке бутун чечпестен кыйшайды
да, түркүн ойго кетти. Китепти болсо мурдагы бойдон ачкан жок. Ал аябай
чаалыккан, мына ошондуктан, ал кечки тамактын мезгилине чейин үнсүз-сөзсүз
кадимки чала жан кишидей сулап жатты. Джо али келген жок. Бакчы Мартиндин
суроосуна жооп кайтарып: — Джо мүмкүн арак ичкен жеринен чыга албай
отургандыр, — деди. Мартин кечки тамактан кийин эле жатып, терең уйкуга
кетти, эртеси күнү эртең менен өзүн толук эс алгандай сезип, уйкусунан ойгонду.
Джо болсо дагы эле келбеди. Мартин бактын көлөкөсүндө жекшембилик
газеттин санын ачып окуп жатты. Ал күн шашкеден кандай өткөнүн билбей
калды. Анын газета окушуна эч ким тоскоолдук да кылган жок көзү талып уктап
да кеткен жок, бирок ошондой болсо да, газетти акыр аягына чейин окуй албады.
Түштөн кийин ал кайрадан окууга киришти эле, бирок тез эле газетти жазданып,
уктап калды.
Жекшемби мына ушинтип өттү, ал эми дүйшөмбү күнү эртең менен болсо, ал
кир ич кийимдерди иргей баштады. Джо болсо, башын сүлгү менен таңып алып,
каргыштап сөгүнүү менен самын чылап, кир жуугуч машинаны жүргүздү.
— Эч кандай башка аргам жок, — деп баяндады ал, — ишемби күндөрү мен
ичүүгө тийишмин.
Тынымсыз эмгектин дагы бир жумасы өттү, бул жумада дагы электр
лампочкасынын күчтүү жарыгында алар түнкүсүн иштешти. Ишемби күнү саат
туура үчтө Джо эч кандай кубаныч-шаттыксыз эле көпкө күткөн дем алышын
алып, кайгы-капасын унутуу үчүн кыштакка жөнөп кетти. Мартин бул
жекшембини да, өткөн жекшембиден эле өткөрдү. Ал бактын көлөкөсүндө жатып,
колундагы гезетинин саптарына кезек менен көз чаптырып, кечке дейре эч нерсе
кылбастан, эч нерсе ойлонбостон жата берди. Ал аябай чарчагандыктан, ойлоого
мээси да иштебей жана ал кандайдыр бир уят жана түзөтүлбөй турган кемчилик
кетирген сыяктуу өзүнө өзү катуу жек көрүүнү сезе баштады. Анын бардык
жогорку сезимдери төмөн чөгүп, даңкты сүйүүчүлүгү мокоп, кубаты ушунчалык
азайгандыктан, ал эч кандай умтулууну сезбеди. Ал азыр тирүүнүн өлүгү болуучу.
Анын ындыны да өчө түшкөн эле. Өзүн мал катары, болгондо да жумушка чеккен
мал катары сезди. Ал жашыл жалбырактарды аралап өткөн күндүн
шоолаларынын кооздугун сезбей, ай-ааламдын чексиз көк-жашыл түсү дагы аны
толкундата албады жана ушунчалык себебин билүүнү каалаган, сырдуу
табышмактарга жык толгон космос жөнүндө да ой жарата алган жок. Турмуш ага
акылсыз жана эч кандай мазмунсуз түзүлгөндөй көрүнүп, мына ошондуктан анын
эсинде бир гана өтө жагымсыз көрүнүштөр калган сыяктуу болду! Анын
элестерин кандайдыр бир кара булут каптагансып, ал эми кыялы болсо, күн
шооласы тийбеген караңгы бурчка камалгандай сезилди.
Мартин дайыма ишемби сайын кыштакка барып, ылжып мас болуп жана ушул
максаттын натыйжасында, алдыңкы жумадагы өзүн күтүп турган азаптуу оор
жумуш жөнүндө унутуп келүүчү Джого эми суктана баштады.
Күндөр үчүнчү жумага айланып бара жатты. Мартин өзүнө өзү түбөлүк наалат
айткансыйт. Аны жеңилүү жөнүндөгү ой, кадимки кара жемедей жей баштады.
Анын аңгемесин жараксыз деп, четке каккан редакторлордуку чындыгында
туура экен. Ал өзү дагы буга азыр ачык түшүнүп жана өзүнүн жакындагы эле
ойлогон кыял максаттарына өзү күлдү. Бул учурда Руфь «Деңиз ырларын» почта
аркылуу өзүнө жиберип жиберген эле. Ал Руфтун катын көңүлсүз окуп чыкты.
Руфь калыбы, анын ырларына өзүнүн таң калууларын билдирүүгө өтө
аракеттенген көрүнөт. Руфь эч качан калп айтчу эмес жана чындыкты өзүнөн өзү
жашыруу ага чыккынчылыктай сезилүүчү. Анын ырларынын жакпай калгандыгы
Руфтун жазган катынын ар бир сабынан даана сезилип турат. Чындыгында бул
туура болуучу, анткени Руфь эмес, анын өзү дагы жазган ырларын окуп алып,
андан эч кандай көркөмдүктү жана поэзияны учурата албады жана бул ырларды
жазууга аны кандай шайтан түрткөндүгүн ал өзү дагы түшүнө албай кетти.
Ырларынын мурдагы тыкан өңдүү айкалыштары ага азыр күлкүнү келтиргендей
болуп, салыштыруулары ыксыз жана эч маанисиз, жалпы айтканда ырлары
чындыкка туура келбеген ырлар болуп чыкты. Ал өзүнүн «Деңиз ырларын»
кыжыры келип, өрттөп салгысы келди, бирок өрттөш үчүн машина бөлүмүнө
барып от жагыш керек эле, ал эми бул бөлүмгө барууга убактысы жетишпеди,
анын бардык убактысы башкалардын кийим-кечектерин жууга кетип, өзүнүн
жеке иштерине болсо жетишчү эмес.
Мартин жекшемби күнү чымырканып туруп Руфка бир кат жазып жиберүүнү
чечти. Бирок, ишемби күнү кечинде ал жумуш аяктап, мончого түшүп, эмнегедир
эрксизден көңүл сергиткиси келди. «Барып Джонун кандай көңүл ачып жатканын
билейинчи» — деди ал өзүнө өзү жана ошол замат өзүн алдап жатканын сезди,
бирок бул жөнүндө ойлоого, ой жүгүртүүгө анын кубаты жетишпеди, — эгер
жетишкен күндө да, ал өзүнүн алдамчылыгынын бетин ачпас эле, анткени анын
бардыгынан көбүрөөк каалаганы азыр көңүл алаксытуу болучу. Ал шашпастан
жай баракат кадам шилтеп, кыштакты көздөй бет алды жана аракканага
жакындап келгенде эрксизден кадамын ылдамдаткандай болду.
— Мен сени, арак ичет экен го деп ойлодум эле! — деп, Джо аны тосуп алды.
Мартин анын сөзүнө жооп кайтарбастан туруп, бир бөтөлкө кызыл вино алды
да, өзүнө бир стакан толтура куюп, бөтөлкөнү Джого сунду.
— Тезирээк соктур, — деди Мартин корс этип.
Джо токтолуп, илкий түшкөндөн кийин, Мартин ага карабастан, колундагы
стаканды шылк эттирип жиберип, кайра экинчисин куйду.
— Бол, ичип жибер эми. Мен күтүп турайын, — деди Мартин саал кабагын
чытый түшүп, — бол эми ыкчам.
Джо көп суратпастан, экөө бирге тартып жиберишти.
— Кабыргабыз кайышкандай эле болду ээ,. тим эле, — деди Джо.
Бирок, Мартиндин бул тема жөнүндө аңгемеге түшкүсү келген жок.
Бул иш эмес эле бир тозок деп, мен сага айтпадым беле, — деди Джо сөзүн
улантып. — Чынын айтсам, мен сенин көз карашыңдан тайгандыгыңды
жактырганым жок, Март. А, койчу, мунун баары кеп эмес! Кана, ичип жиберели.
Мартин унчукпастан ичип, ал экөө улам жаңы бөтөлкөлөрдү бошото беришти.
Мына ушинтип Мартин өздөрү гана ичпестен, дагы бир кызга окшош — көгүлтүр
көз, чачы теңге бөлүнүп кайрылган кыштактын жигитин вино менен мас кылып
шайын да оодарып салды.
— Адамдарды ушунчалык өгүздөй кылып иштеткендик — бул барып турган
эзүүчүлүк, — деди Джо. — Эгерде мен ичпеген болсом, анда бар го, бул мекемени
эчак эле өрттөп, күл кылып таштамак элем. Кудай урсун, дал ошентмекмин,
менин ичкендигим алардын ырысы болуп олтурат.
Бирок Мартин эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Дагы бир эки стакан
ичкенден кийин анын башы эңгир-деңгир боло түшүп, жер айлан көчөк тарта
баштады. Эх! Өткөн жумалардан бери ал, азыр гана турмуштун кооздугун сезип,
ага кубанычтуу карады. Анын мур- дагы жандуу кыялдары эми өзүнө кайтып
келгендей болду. Кыялы тумчуктурган караңгы бурчту жарып чыгып, нур чачкан
жылдыздарды көздөй сызгансыды. Анын туманданган элестерине да жарык
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.