Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18

Total number of words is 4075
Total number of unique words is 1922
29.6 of words are in the 2000 most common words
42.9 of words are in the 5000 most common words
50.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
мындай деп ойлоду: мүмкүн азыр мен андан жазганыңды таштагын деп талап
кылсам да жок дебестир. Бирок, ал аптыккандай сөз сүйлөөгө күчү келбеди. Ооба,
сөз сүйлөөгө кудурети жетпеди. Эрки жетишпеди. Сөз айтуунун ордуна, ылдый
эңкейип анын көкүрөгүнө башын коюп, жай гана мындай деди:
— Мартин, жаным, тамеки тартпа деп өзүм үчүн эмес, сенин саламаттыгың
үчүн айтып жатам. Мүмкүн сизге тамеки тартуу зыяндуудур, андан да жаман
адаттын кулу болуу — жакшы эмес.
— Мен сиздин кулуңуз болом, — ал жылмайды.
— Андай болсо, мен сизге буйрук бере баштаймын.
— Руфь Мартинге каардуу көз жиберип, ичинен өзүнүн негизги каалоосун
айта албай калгандыгына тепең өкүндү.
— Сиздин ар кандай буйругуңузду аткарууга даярмын, сиздин урматыңыз
үчүн.
— Болуптур. Эмесе, менин сизге биринчи эскертерим: күн сайын
сакал-мурутуңузду алып жүрүүнү унутпаңыз. Антпесе, караңызчы, мойнумду
тытып кеттиңиз.
Мына, ушинтип бардыгы оюн-тамаша, шайыр күлкү менен аяктады. Руфь
аздыр-көптүр ийгиликке жетишкендей болду, ал эми биринчи эле жолу мындан
көптү талап кылуу мүмкүн эмес эле. Руфь Мартиндин тамеки чегишин
койдургандыгына чексиз сыймыктана түштү. Ал эми эмки жолу болсо, анын
жазганын таштатат. Себеби — ал анын кандай гана каалоолорун болбосун
бардыгын баш тартпастан орундатууга сөз бербедиби.
Руфь өйдө туруп бөлмөнүн ичинен көңүл коюу менен дагы бир жолу көз
жиберип чыкты. Ал бөлмөнүн ичине керилген кир жайгыч жипке илинген
макалаларга көңүл буруп, укмуштуу амал менен тамдын төбөсүнө орнотулган
велосипед илгичти көрүп, столдун алдында дөбөдөй болуп үйүлүп жаткан кол
жазмаларга айран-таң кала түшүп канча убакытты бекерге кетирген?
— Бул жерде жей турган эч нерсеңиз деле жокко! — Ай, байкушум ай, — ал
боору ачыгандай, капалана түштү, мүмкүн, азыр дагы ачка болуп тургандырсыз!
— Жок, тамак-аштарымды Марияныкына койгом, — деп Мартин жашырып, —
ал өзү тамак-аштарыңды меникине эле коюп жүр деп айткан. Капа болбой эле
кой, менин ачка болгон жерим жок. Караңызчы?
Руфь анын жанына жакын басып келип, көйнөгүнүн сыртынан билинип
турган темирдей катуу булчуңдарын көрдү. Бул көрүнүш аны ирээнжитип
жиберди. Ага өзүнүн назик сезимдери шылдыңдалгансып сезилди. Бирок аны
жаш жүрөгүнүн ар бир кагышы бул булчуңдарды көздөй чексиз умтултуп жана
өзүнө тааныш бул сырдуу күчкө баш ийгендей, Мартинден четтеп кетпестен,
кайра ага асылгандай болду. Мартин аны катуу сыга кучактап туруп, оозунан өөп
жиберди. Турмуштун сырткы гана көрүнүштөрүн билген Руфтун ачуусу келди. Ал
эми анын назик жүрөгү болсо, турмуш менен жаңы гана кездешип, салтанаттуу
сокту. Мындай мүнөттөрдө Руфь бардык жүрөгү менен Мартинге берилип, анын
жанынан чыккысы келүүчү эмес. Мунун себеби — Мартиндин жалындуу зор
кучагы ага түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жыргалды тартуу кыла турган.
Мындай мүнөттөрдө Руфка анын өткөндөгүлөрүнүн бардыгы: өзүнө көнүмүш
идеялын алдагандыгы, бардык негизги эрежелерди бузгандыгы, кала берсе,
ата-энесине сөз катып, аларды күнөөлөбөгөндүгү акталгандай боло түштү. Алар
анын бул сыяктуу адамга күйөөгө чыгышын каалашкан эмес эле. Анын Мартинди
сүйгөндүгү аларга кандайдыр бир уяттуу нерсе сыяктуу болуп көрүнүүчү. Анын
бул сүйүүсү кээде Мартинден алыстап, кайрадан таш боор, кайрадан каардуу
Руфка айлана түшкөн учурларда өзү дагы уя. лып кетүүчү. Бирок аны менен
жолугушкан кезде ал мурдагы ойлорунун бардыгын унутуп, чексиз берилип
кетүүчү. Албетте кээ бир учурларда сүйүү жалаң кайгы менен капага толгондой
болуп көрүнүүчү, бирок канткен менен сүйүү, сүйүү да, анын таасири күчтүү, ал
жеңилбейт!
— Бул сасык тумоо эч нерсе эмес, — деди Мартин, — албетте — азыраак
башым ооруп, чыйрыгып турам, бирок тропикалык безгекке салыштырганда, бул
тим эле бир оюнчук.
— Сиз тропикалык безгек менен оорудуңуз- беле? — деп сурады Руфь көздөрү
аңтарыла түшүп, бирок Мартиндин кучагынан сезген жанагы делебесин козгогон
жыргалдуу сезимин көпкө чейин улантууга аракеттенди. Ал анын жооп берип
жаткан сөздөрүнө көңүл бурган жок, бирок анын бир сөзү күтүлбөгөн жерден
анын көңүлүн өзүнө бурду. Мартин тропикалык безгек оорусун Гавай
аралдарынын биринде орношкон ала ооруларынын жашырын колониясында
өткөргөн эле.
— Ал жакка сиз кантип барып калдыңыз? — деп сурады. Руфь. Өзүнө мындай
акылга сыйбас кош көңүлдүүлүк Руфтун канын кайнатып жиберди.
— Кокустан эле, — деп жооп берди Мартин, — мен өзүм дагы эч кандай ала
менен ооругандар жөнүндө ойлогон эмесмин. Бир күнү мен кайыктан качып
чыгып, жээкке чейин сүзүп келип, өзүмө бир жашырынып пааналай турган жай
издөө үчүн аралды кыдырып жөнөдүм. Үч күн бою чытырман токойдун ар түрдүү
жапайы жемиштеринин мөмөлөрү менен тамактандым. Төртүнчү күн дегенде
эптеп жалгыз аяк жолго чыктым. Бул жол мени тоону көздөй алып жүрүп отурду
жана бул жолдон мен адамдын жаңы эле басып өткөн издерин байкадым. Кээде
бул жол менен тоонун бычактын мизи сыяктуу кырынан ашып өттүм. Бул жол
өткөн эки чокунун ортосу бир метрдей эле, ал эми эки жагында болсо, бийиктиги
үч жүз метрдей жалама аска мелтирейт. Эгерде жакшы куралданган бир адам
болсо, ушул жерден туруп жүз миң адамдуу жоого да сокку кайтара алар эле. Бул
жол аралдын тереңин көздөй кеткен бирден бир жол боло турган. Үч сааттан
кийин мен жанар тоолордун сыртка бүркүп салган иретсиз жаткан минералдык
массасы менен кичинекей жылгага келип жеттим. Айланамдан өсүп турган
жемиш жыгачтарын жана камыштан жасалган жети-сегиз алачыкты көрдүм.
Мындагы жашаган адамдарды көрөрүм менен, мен өзүмдүн кайда туш
келгендигимди сезе койдум. Көз чаптырып карасам:
— Анан сиз эмне кылдыңыз? — деп сурап калды, анын сөзүн кадимки
Дездемона сыяктуу коркуу менен угуп олтурган Руфь таң кала түшүп.
— Мен эмне кыла алмак элем? Алардын аксакалы бүт денеси ала менен
ооруган кадимки падыша сыяктуу бардыгын былкылдатпай башкарган кең
пейил абышка экен. Ал өзү ушул жылганы биринчи жолу таап жана ушул жерге
законсуз түрдө колония уюштурган экен. Бирок, алардын куралдары согуштук
снаряддары бар, баса, бардык канактар көзгө атар мергендер болушат экен. Алар
жапайы каман менен илбирске мергенчилик кылуунун өтө устаттары экен. Мына
ошондуктан качамын деп ойлоп да койбогун. Мына ушинтип, Мартин Идениңе
айла жок, алардын арасында үч ай жашоого туура келди.
— Бирок сиз кантип кутулуп чыктыңыз?
— Эгерде жарымысы кытай кызына, төрттөн бири англис кызына жана
төрттөн бири гавай кызына окшош бир кыз болбогондо, мен ушул убакка чейин
туткунда олтурат элем. Ал байкуш кыз өтө сүйкүмдүү, ал түгүл билимдүү да эле.
Анын Гонолулудагы апасынын байлыгы аз болгондо миллион доллар болсо
керек. Мына ушул кыз мени акырында качырып жиберди. Билесизби, анын апасы
колонияны азыктандырып туруу үчүн акча берип турат экен, ал эми бул кыз
болсо, ошол себептен алардын опузасынан коркпойт экен. Ага мен бул жашырын
жайды эч качан, эч кимге оозумдан чыгарбас үчүн ант бердим жана антымды
орундаттым Мен азыр бул жөнүндө сизге гана айтып олтурам. Бул бечара кыз
ошол кезде ала оорусу менен жаңы гана ооруй баштаган экен. Анын оң колунун
беш манжаларын кесип салыптыр, чыканагынын жогорураак жагындагы бир
кичинекей ак тагынан башка, эч жеринде тагы жок болучу. Байкуш ал азыр
мүмкүн өлүп да калгандыр.
— Бирок сиз кантип корккон жоксуз! Сизге ал коркунучтуу оорунун жугуп
калбагандыгын карасаңыз!
— Эң алды албетте — өтө коркуп жүрдүм, — деп мойнуна алды ал.
— Бирок кийинчерээк көнүп кеттим. Экинчиден, менин жанагы бечара кызга
боорум өтө ооруп, өзүмдүн корккондугумду да унутуп койдум. Ал чындыгында
эле эн татынакай шайыр жана сулуу кыз болучу, ала оорусу менен жаңы эле
ооруй баштаган эле. Ал өзүнүн эми эч качан адамдарды көрбөй тургандык
кырсыгын алгачкы коомдогу жапайы айбандарча турмуш өткөрүүгө жана
бара-бара тирүүлөй бузула баштоо коркунучуна дуушар болгондугун билүүчү.
Сиз ала оорусунун анчалык коркунучтуу экендигин эч качан көз алдыңызга
элестете албайсыз.
— Шордуу кыз! — деди Руфь ичинен күңк этип. — Бирок ал кыздын сизди
качырып жибергендиги өтө таң каларлык иш.
— Эмне үчүн таң каларлык иш? — деди Мартин Руфтун сөзүнө түшүнбөй.
— Калыбы, ал сизди өтө сүйгөн окшойт, — деп жай гана сөзүн улантты Руфь.
— Кана айтыңызчы чыныңызды эле, сизди сүйдү беле?
Эки жакка такыр чыкпай, үйгө бекинип алып иштегендиктен, Мартиндин
күнгө күйгөн жүздөрү эчак эле агара баштаган, ал эми азыркы күндөрдө болсо, ал
ачкалык менен оорудан өңү-башы кубарып кетти; азыр болсо, кубарган жүзүнө
саал кызыл тарай баштаган. Ал оозун ачып бир нерсе деп сүйлөөгө камынып келе
жатканда Руфь анын сөзүн бөлүп кетти:
— О, жооп бербей эле коюңуз, кереги жок! Суранам! — деди ал жылмайып
күлүп.
Бирок Мартин анын бул күлкүсүнөн кандайдыр бир капаланууну сезип,
көздөрүнөн болсо муздак нурданууну байкады. Мартин ушул мүнөттө Тынч
Океандын түндүк бөлүгүнөн кездештирген жамгырдуу катуу шамалды эсине
түшүрдү. Көз ачып жумганча анын көз алдынан түнкү ачык асман, ай жап-жарык
болуп турган кездеги пайда болгон нөшөрлөгөн кара жамгыр, салкын айдын
жарыгында жогору көтөрүлгөн толкундар элестеле түштү. Мунун артынан ал ала
ооруларынын колониясынан өзүн сүйгөндүктөн гана качырып жиберген кызды
көрдү.
— Ал эң сонун кыз болучу, — деди ал жөн гана, — ал менин өмүрүмдү сактап
калды.
Мартин ушуну менен аңгеме аяктады го деп ойлоду эле, бирок, ал. Руфтун
кайгылуу капаланып, терезени көздөй бурулуп кеткендигин байкады. Ошол эле
замат ал кайра бурулуп Мартинди жек көрүү менен карады, бул учурда анын
жүздөрүнөн капалануунун белгиси да жок эле.
— Мен бир акмакмын, — деди жалооругандай Руфь, — бирок, менин эрким
өзүмдө эмес. Мен сизди сүйөм Мартин, ушунчалык сүйөм. Мүмкүн бул мүнөзүмдү
бара-бара таштаармын, бирок, азыр сиздин өткөндөгү окуяларыңызга ичим
күйүп, аябай кызгангансыйм. Ал эми сиздин өткөн турмушуңуз болсо, шектүү
окуяларга жык толгон!.. Албетте, башкача болууга да мүмкүн эмес эле, — деди ал,
сөзүн улантып, Мартинге жооп кайтарууга мүмкүндүк бербей. — Болуптур эмесе,
Артур чакырып жатат, мени. Анан бир менде тамекиге каршы бир дары бар, —
деди Руфь босогонун жанына келип, — мен берип жиберейин ошону.
Руфь босогодон аттап, сыртка чыгып баратып, кайра үйгө бир баш бакты да:
— Сүйөм, сүйөм, — деп кайталап жиберди, андан кийин гана коштошту.
Мария Руфту урматтоо менен арабаны көздөй уза- тып бара жатып, жолдон
анын кийген кийимдерине кылдаттык менен көз жиберип чыкты. Мария мындай
тигилген кийимдерди эч качан көргөн эмес эле, мына ошондуктан, ал ага бөтөнчө
сулуу болуп көрүндү. Жеңил араба көчөнүн бурулушунан имерилип өтүп,
карааны көрүнбөй калганча топтошкон балдар капалануу менен андан көздөрүн
албай, узатып кала беришти. Мына ушундан кийин кадыр-баркы көтөрүлүп
Мария жөнүндө коңшулардын арасында жакшы сөз боло баштады. Бирок, өзүнүн
туушкандарынын бири бул сыяктуу коноктор тап-такыр Марияга келбестен,
Мартинге келишти деп жарыялап жиберип, бардык ишти бузуп салды. Мына
ушундан кийин Мариянын кадыр-баркы тез эле кайра чөгө түштү, Мартин болсо,
бардык коңшулардын өзүнө карата бөтөнчө кастарлоо менен мамиле кыла
баштагандыгын ачык-айкын сезе баштады. Мария Мартинди ого бетер
кудайындай көрүп, эгерде бул укмуш арабаны дүкөнчү көргөн болсо, анда ал
сөзсүз Мартинге үч доллар, сексен беш цент акчаны айттырбай эле карыз бермек.
XXVII ГЛАВА
Мартин үчүн бакыттын таңы аткандай болду. Руфка жолуккандын эртеси
күнү — ал нью -йорктук майда мүдөөлүү бнр журналдан үч ыры үчүн үч доллар
акча келди. Андан кийин, эки күндөн чикаголук бир газета анын «Казына
издөөчүлөр» деген аңгемесин кабыл алышып, чыккандан кийин он доллар
төлөйбүз деп чечишиптир. Акчасы анчалык көп эмес эле, бирок ошондой болсо да
— бул анын өзүн толкундаткан сезимди кагаз бетине түшүрүүгө кылган биринчи
аракети эмес беле. Акырында «Балалык жана жигиттик» деген айына бир жолу
чыгуучу журнал тарабынан анын балдар үчүн жазылган укмуштуу окуялар
жөнүндөгү повести кабыл алынды. Чындыгында бул повести жыйырма бир миң
сөздөн туруучу, ал эми ага болсо, бардыгы болуп он алты гана доллар төлөмөк
болушкан, бул болсо ар бир миң сөзгө орто эсеп менен жетимиш беш центтен
төлөмөк. Төлөгөндө да чыккандан кийин ТӨЛӨМӨК, бирок бул болсо анын экинчи
гана жолку — адабияттык аракети эле. Ал азыр бул чыгармасынан бир кыйла
кемчиликтерди ачык- айкын көрүп турду.
Кала берсе, аны эң туңгуч чыгармалары да эң сонун жазылган эле. Бул
чыгармаларда — зор күч, келе- чекте асканы талкалоого даяр турган жаш кайрат
бар эле. Ал өзүнүн алгачкы чыгармаларын арзан баа менен болсо да, сатууга
мүмкүндүк болгондугуна өтө кубанды. Ал өз чыгармаларың баалай жана
кадырлай билүүчү. Эми бардык үмүтүн ал өзүнүн кийинки жазыла турган
чыгармаларынан күттү. Ал жөн гана журналдык жазуучу болгусу келбеди. Ал
чыныгы көркөм чыгармачылыктын бардык ыкмалары менен куралданууну
каалады. Бирок ал өз күчүн чексиз зарп кылууга умтулбады. Ал тескерисинче
саламаттыгын бекем чыңдап алуу үчүн, өзүнүн фантазиясын жардамга чакырууга
туура келди. Бирок ал чындыкка карата болгон сүйүүсүн жоготкон жок. Ал өзүнүн
бардык чыгармаларында чындыкты ойдон чыгаруу жана кыялдануу менен
түзгөн сулуулукту айкалыштырууга аракеттенүүчү. Ал адамдын күчүнө, анын
аракеттерине толук, терең ишенген, толкундаткан чындыкка жетишүүгө
аракеттенүүчү. Ал турмушту кандай болсо, дал ошондой жалындуу кайраттын
тыным- сыз аракеттеринен бери көздөй ачык көрсөтүүнү эңседи.
Ал окуган китептеринен адабий эки агым үстөмдүк кыларын түшүндү.
Биринчи агым — адамды анын адамдык табыйгатын таптакыр четке кагып,
кандайдыр бир укмуштуу кубулдуруп сүрөттөсө, экинчи агымы тескерисинче
адамды жырткыч айбан деп эсептеп, анын ички умтулуулары менен улуу
мүмкүндүктөрүн моюнга алгысы келген эмес. Мартин булардын экөөн тең
ашкере бир беткейлик деп эсептеп эч кимисине кошулбады. Ал «укмуштар»
агымына да, «айбандар» мектебинин жырткычтык одонолугун да ээрчибестен,
бул экөөнүн ортосунан чындыкка жакын келүүчү өзүнчө бир башка багыт
табууну чечти.
Бир кезде Руфка окуп берген «Укмуштуу окуялар» деген аңгемесинде Мартин
өзүнүн көркөмдүк, чындык идеясын иш жүзүнө ашырууга аракеттенген, ал эми
«Кудай жана жырткыч» деген макаласында ал өзүнүн адабий көркөмдүк, чындык
жөнүндөгү теориялык көз карашын баяндаган эле.
Бирок анын «Укмуштуу окуялар» жана башка, өзү мыкты деп эсептеген
аңгемелери бир редакциядан экинчи редакцияга саякаттап жүрдү. Ал эми эң
туңгуч чыгармаларына болсо, Мартин эч кандай баа берген жок жана ал
аңгемелери үчүн гонорар алгандыгы үчүн гана кубанды. Ал журналдар
тарабынан экөөнү жаңы эле кабыл алынган өзүнүн «күчтүү» деген аңгемелерин
анчалык деле ашкере жогору баалаган эмес эле. Бул аңгемелердин бардыгы
ойдон чыгарылып жазылып, чындыктын саал гана сырткы түрү берилген, бирок
анын күчү ошондо боло турган. Маанисиз, болбогон нерсени чындыктай кылып
сүрөттөөгө аракеттенгендикти Мартин жеткен айлакердик деп эсептөөчү.
Мындай чыгармаларды олуттуу адабияттардын катарына кошууга мүмкүн эмес
эле. Алардын көркөмдүк сүрөттөлүшү эң чебер болушу да мүмкүн эле, бирок
Мартин үчүн эгерде турмуштук чындыкка айкалышпаса, ар кандай көркөмдүк
сүрөттөлүш — кала берсе, ал эң чебер сүрөттөлгөн болсо да, ага олуттуу маани
берүүчү эмес. Амалкөйлүк Мартин үчүн ойдон чыгарылган окуялардын
турмуштук чындык менен кыналышып турушу боло турган — жана ал бул
айлакердикке өзүнүн «Укмуштуу окуялар», «Кубайыч», «Казан» жана «Турмуштун
шарабы» деген белгилүү чыгармаларын түзгөнгө чейинки мезгилдерде беш-алты
«күчтүү» аңгемелерин жазган кезде гана таянган эле.
Үч ыры үчүн алган үч доллар менен, «Ак чычкандан» акча чегин алганга чейин
эптеп-септеп, жашады. Бирок ал, бул үч долларын өзүнө анчалык ишенбеген
португалдык дүкөнчүгө майдалатып, бир долларын карызына төлөп, калган эки
долларын башка карызына — наабайчы менен жашыма сатуучуга бөлүп берип
койду. Мартин бул күндөрү бир тиштем дагы эт жеген жок. «Ак чычкандан» акча
келгенче эптеп-септеп күн көрдү. Мына акырында чыдамсыздык менен көпкө
күткөн «Ак чычкандын» да акчасы келди. Мартин бул акчаны эмне кыларын
билбеди. Ал өмүрүндө бир жолу да казынага кирип көргөн эмес эле, ал эми акча
маселеси менен таптакыр иши жок болучу, бирок ал азыр кандай гана болбосун
окленддик чоң казыналардын бирине кирип, кырк доллардык акча чегин
майдалатууну чечти. Бирок анын турмуштук тажрыйбасы, — казынага
майдалатпастан, азык-түлүк дүкөнчөсүнүн сатуучусуна барып майдала- тууну
жана мына ошентип, өзүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатууну сунуш кылгандай
болду. Мартин кыңырылып жатып, дүкөнчүгө чегин майдалатып, карызынан
толук кутулду. Ал андан чыгып, башка карыздарынан кутулуу үчүн наабайчы
менен касапчы жана жазгыч машинканын ээсин көздөй жөнөдү. Ал Марияга да
өт- көн ай үчүн жатакана акысын төлөп, арткан акчасына бир велосипед, бир
кемсел сатып алды. Мына ушинтип карыздарынан кутулуп, велосипед менен
кемсел сатып алгандан кийин анын чөнтөгүндө үч гана доллар акчасы калды.
Бирок ушул аз акча да ал үчүн зор байлыктай көрүндү. Ал кемсел сатып алар
менен Руфту көздөй жөнөдү, жолдо келе жатып толкунданып, өзүн өзү токтото
албай чөнтөгүндөгү алтын чака акчаларды кез-кезде шылдыратып коюп бара
жатты. Ал кадимки ачка киши тамак- тан көзүн албаган сыяктуу, алтын
акчаларды уучунан түшүргүсү келбеди. Ал ач көз да, зыкым да эмес болучу, бирок
көпкө чейин акчасыз жүрүп акчанын кааты аябай өтүп калгандыктан, акча өз
баласынан бир нече эсе жогору тургандай сезилди. Бул акчалар анын турмушундагы ийгиликти баяндап, ал эми акча четиндеги бүркүттөрдүн сүрөтү болсо,
жеңиштин канаттуу жарчысы сыяктуу болуп көрүндү.
Күтүлбөгөн жерден анын дүйнө кооз, дүйнө эң сонун деген ою кайрадан пайда
боло түштү. Азыр ага дүйнө мурдагыдан беш бетер кызык болуп көрүндү. Ал эми
мурда болсо, бир нече жумалар бою дүйнө ал үчүн көңүлсүз, караңгы үңкүр
сыяктуу болуп көрүнгөн эле, ал эми азыр бардык карыздарынан кутулуп, көңүлү
ачы- лып, чөнтөгүндө дагы үч доллары шыңгырап, жүрөгүндө ийгиликке болгон
ишеничи толкуп турган кезде күн нуру ага кайрадан ысып, адамды тердеткендей
көрүнүп, кала берсе, күтүлбөгөн жерден төккөн кара нөшөр анын кубанычтуу
жылмаюусун гана туудурду. Өзүнүн ачка болгон мезгилдеринде, Мартин бүт жер
жүзүндөгү ачка- арыктар жөнүндө тынчсызданып, көп анча ойлонбой калды. Ал
азыр болсо өзүнүн сүйүүсүнө сыймыктанып, жер үстүндөгү сан жетпеген
сүйүшкөн түгөйлөр жөнүндө ой жүгүртө баштады. Анын бүткүл оюн азыр
махабаттын сезимдери бийлеп алгандыктан, ал трамвай менен келе жатып, бара
турган жеринен төрт көчө ашып кеткендигин өзү да сезбей калды.
Мартин Морздордукуна келип, көп сандаган коноктордун үстүнөн чыкты.
Сан-Рафаэлден Руфтун аталаш эки эжеси келиптир. Мына ошолордун шылтоосу
менен миссис Руфту жаштардын чөйрөсү менен курчап, өзүнүн ойлогон планын
иш жүзүнө аткарууну чечти. Анын бул жүзү каралык планы Мартиндин
мүмкүнчүлүгү болуп, келбей калган учурда башталып, азыр анын согуштук
аракеттери аябай курчуп турган мезгили эле. Мына ошентип, миссис Морз өзүнүн
үйүнө мансапка ээ болгон жана ээ болуп келе жаткан адамдарды чогултууну
өзүнүн алдына максат кылып койду. Мына ушинтип, аталаш эки бир туугандар —
Дороти менен Флоренстен башка, конок үйүндө — англия философиясы боюнча
адистер Филиппинден жаңы эле келип түшүшкөн, Руфтун мурдагы классташ
жолдошу — америкалык жаш офицер, Сан-Францисконун бирикме тресттеринин
башчысы — Джозеф Перкинстин менчик секретары Мельвилль фамилиялуу жаш
жигит: жана казына кассири Чарльз Хепгуд — отуз беш жаштарга келген,
өңү-түсү
жакшыраак
көрүнгөн
адам,
Стэнфорддук
университеттин
тарбиялануучусу, нилдик жана Кошмо клубдардын мүчөсү, болуп өткөн акыркы
шайлоолордо көрсөтүлгөн республикалык партиянын мүчөсү — кыскасы бир сөз
менен айтканда, бардык жагынан жеткилең, көп нерселерге үмүттөндүрүүчү жаш
жигит, мына ушулардын бардыгы олтурушкан эле. Аялдардан болсо, бир портрет
тарткыч сүрөтчү, бир адис музыкачы жана Сан-Франциско жер тамдарын
тартипке келтирүү боюнча өзүнүн зор ишмердиги менен таанылган «социология
илиминин доктору» деген даражасы бар дагы бир атактуу аял катышып олтурган
эле. Бирок, миссис Морз үчүн бул аялдар анчалык деле олуттуу роль ойногон жок.
Ал үчүн булар кандайдыр бир зарыл түрдө керектүү кошумча адамдар сыяктуу
көрүндү. Себеби, мансапка жетишкен бул эркектерди үйгө чакырууда кандайдыр
бир нерсе менен кызыктыруу керек эле да.
— Сүйлөшүп жатканда ачууланып кетпеңиз, — деди Руфь, Мартиндин
кулагына шыбырап, аны олтурган коноктор менен тааныштыруудан мурун.
Мартин алды менен аябай сүрдөп, ушул замат анын оюна эчаккы басып бара
жатып кокус олтургучка чалынып аламбы, же болбосо, мештин үстүндөгү турган
майда жасалгаларды түшүрүп жибербегей элем деген коркунучтуу сезимдери
келе түштү. Экинчиден ал бул коноктордон кысынгансып олтурду. Ал мурда эч
качан мынчалык сыпайы адамдар менен кездешип көргөн эмес. Казына кассири
— Хэпгуд ага бөтөнчө таасир эткендей болду. Мүмкүнчүлүктүн биринчи
мүнөтүндө Мартин аны менен жакыныраак таанышып алууну чечти. Сырткы
апкаарыгандыгына карабастан, Мартиндин көкүрөгү али көктө болгондуктан, ал
бул жердеги эркек жана аялдар менен күч сынашып көрүүнү каалап, алардын
китеп менен турмуштан эмнелерге үйрөнгөндүгүн жана өзү алардан эмнелерге
үйрөнө ала тургандыгын билгиси келди.
Руфь улам-улам Мартинге көз жиберип, анын өзүнүн аталаш бир туугандары
менен кысынып-кысталбастан, эркин аңгемелешип жатканын көрүп, аябай таң
калып жана сүйүнүп да кетти. Ал чындыгында эле өзүн эркин кармап олтурган
эле, себеби — ал азыр столдо олтуруп ийиндерим менен майда жасалгаларды
түшүрүп жибербегей элем деп тынчсызданган жок. Руфь бул аталаш эки бир
туугандардын өтө акылдуу жана адамдар менен болгон мамиледе маданияттуу
деп эсептеп, жатар алдында алардын Мартинди өтө мактаган сөздөрүн угуп таң
кала түштү. Мартин өз чөйрөсүнүн белгилүү жөө чечени жана бардык үлпөттөр
менен сейилдердин гүлү болуп калгандыктан, ал бул жерде да, өзүн шайыр
кармап, таамай сөздөрүн төгүп олтурду. Бул кезде ийгилик анын аркасынан
кадимки көлөкөдөй ээрчип, салам берүүгө аз калган эле: мына ошондуктан
Мартин эч бир сүрдөбөстөн эле, өзү да күлүп, башкаларды да күлдүрүп олтурду.
Кече аяктоого аз калган учурда Руфь чочугандай бир окуя болду. Мартин
профессор Колдуэлл менен аңгемеге өткөн кезде Руфь анын кежирленип колун
шилтеп жибербесе дагы, көздөрүнүн бөтөнчө нурданышын, үнүнүн акырындык
менен көтөрүңкү чыгара баштаганын жана жүздөрүнүн кызарып кеткендигин
байкады. Мартин өзүн-өзү кармап, толкундануусун токтото албай, бул токтоо
келген жаш профессор менен катуу кармашууну чечти.
Бирок Мартин анын сырткы түрүнө чоң маани берген жок. Ал, бир көз
караштан эле, өзүнүн аңгемелешип олтурган кишиси маалыматтуу, терең
билимдүү жана кыраакы адам экендигин сезген болучу. Бирок, профессор
Колдуэлл Мартинге англия филологиясынын катардагы бир профессору сыяктуу
көрүнбөдү. Мартин азыр кандай гана болбосун профессорду өзүнүн адистиги
жөнүндө сүйлөтүүнү каалап, профессордун бир топ баш тарткандыгына
карабастан, акыры ал аны өзүнүн оюна көндүрүүгө жетишти. Мартин эмне үчүн
көпчүлүктүн ичинде адистик тема боюнча аңгемелешүүгө болбой тургандыгын
түшүнө албады.
— Бул чындыгында сандырактыкка жатат, — деген ал Руфка кечеге чейин бир
топ убакыт мурун, — эмне үчүн адистик темасында сүйлөшүүгө болбойт? Эгерде
кишилер өздөрүнүн жакшы жактарын жана сапаттарын айкындоо үчүн
чогулушпаса, анда алар эмне себептен чогулушат? Ал эми ар бир адамдын эң
сонун нерсеси — бул анын айрыкча эмнеге көбүрөөк жөндөмдүү экендиги, анын
кандай адистикке ээ болгондугу, өзүнүн бүткүл өмүрүн эмнеге арнагандыгы, ал
күн-түн дебей эмне жөнүндө ойлонуп, эмне жөнүндө кыялдана тургандыгы болуп
саналат. Көз алдыга элестетип көрүңүзчү, мисалы эгерде мистер Бэтлер жалпы
кабыл алган эрежелерге баш ийүү менен бирге күтүлбөгөн жерден Поль Верлен,
немец драмасы, же болбосо, Аннунцнонун романдары жөнүндө өзүнүн көз
караштарын баяндай баштады дейлик. Анда угуп олтургандардын төбө чачтары
тик турар эле. Эгерде мистер Бэтлердин сөзүн мен уга турган болсом, анда мен
аны — өзүнүн укук илими жөнүндөгү билгендерин айтсын үчүн жерге тийгизбей
мактап жиберген болор элем. Чындыгында бул чөйрөнүн алгылыктуу дурус
адамы дегени эле ошол. Адамдын өмүрү кандай кыска, мына ошондуктан, мен
адамдын эң сонун гана сапаттарын билип калгым келет.
— Бирок ошону менен бирге, — деди Руфь каршы чыгып, — бардыгын бирдей
кызыктырган башка дагы маселелер бар.
— Жок, бул жагынан сиз жаңылышасыз, — деди өз кезегинде Мартин моюн
бербестен, — ар бир адам жана коомдук ар бир айрым топ, ар качан өздөрүнөн
жогору турган адамдарды ээрчигилери келет. Ал эми коомдун эң жогорку
катмарларын кимдер башкарып турат? Жатып ичер, чириген байлар. Алардын
эмгек менен өскөн жөнөкөй адамдар билишкен майда нерселер жөнүндө да, эч
кандай түшүнүктөрү жок. Аларга кесип темасы жөнүндө сүйлөшүү өтө көңүлсүз,
мына ошондуктан алар көпчүлүктүн арасында кесип темасы жөнүндө
аңгемелешүү өтө натыйжасыз нерсе деп эсептешет. Ал эми алардын көпчүлүк
жерлерде аңгемелеше турган темасы — жаңы опера, жаңы романдар, карталар,
бильярддар, ичкиликтер, автомобилдер, кайыктар, жылкы көргөзмөсү, форель
кармоо жана башкалар, кыскасы жатып ичерлер эмне жөнүндө билише турган
болсо, ошол жөнүндө гана боло турган. Булар болсо жатып ичерлердин бирден
бир сүйгөн аңгемелери. Бардыгынан да адамдын күлкүсүн келтире турган нерсе:
бул — окумуштуу адамдардын жана бул наамга жетүүгө аракеттенип
жүргөндөрдүн, акмактар менен жалкоолордун пикирлерине баш ийгендиктери
болуп саналат. Ал эми, мен жөнүндө боло турган болсо, мен адамдын эң сонун
сапаттарын үйрөнгүм келет. Сиз муну маданияттуу же одоно деп, деги кандай деп
түшүнсөңүз да өзүңүз билиңиз.
Бирок Руфь Мартинге түшүнгөн жок. Руфь анын бул жалпы кабыл алган
эрежелерге асылгандыгын анын өз оюн бербегендиги менен өтө өжөрдүгү деп
гана түшүнүүчү.
Ошенткени менен Мартин өзүнүн олуттуулугу менен профессор Колдуэллди
өзүнө тартып, аны өзүнө жакын тема жөнүндө сүйлөөгө мажбур кылды. Руфь
аларга жакын басып келип, Мартиндин мындай деп жатканын укту:
— Мүмкүн сиз калифорниялык университетте бул сыяктуу каршы окууңузду
айткыңыз келбестир!
Профессор Колдуэлл ийнин куушуруп тим болду.
— Мен, чыгымды өз убактысында, ак ниетим менен төлөө менен бирге
өкмөткө баш ийем. Бизге Сакраменто3 ишенип дайындап олтурат, биз кандай
гана болбосун Сакраменто жана өкмөт менен, жана бир гана партиялык басма
менен эмес, керек болсо, эки партиянын тең басма сөздөрү менен да сөзсүз
эсептешүүгө тийишпиз.
— Бул түшүнүктүү деңизчи, бирок анда сиз өзүңүздү кадимки суудан кургакка
ыргытылып салынган балык катары сезүүгө тийишсиз! — деп сурдана түштү
Мартин.
—- Биздин университеттик көлчүктө мага окшогондор анчалык көп эмес.
Кээде мен өзүмдү чындыгында эле, суудан кургактыкка ыргытылып ташталган
балык сыяктуу сезип эгерде мен жер шарынын кайсы бир бурчунда, мисалы
Парижде, же болбосо кларет ичүүгө адабияттын жана искусствонун бузулган
адамдары чогулган Латын кварталынын аракканаларында болсом, анда мүмкүн
мен өзүмдү көңүлдүрөөк жана эркинирээк сезер белем. Мен анда арзан
ресторандан тамактанып жана күтүлбөгөн жерден бардык жаратылышка карата
болгон өзүмдүн кескин түрдөгү көз караштарымды айта алат элем. Кээде өзүмдү
чечкиндүү адаммын деп эсептеп кетемин. Бирок тилекке каршы менин күчүм
жетпей турган али көп маселелер бар. Мен айрыкча адамдын тагдыры менен
байланыштуу болгон маселелер менен кездешкен учурларда, өзүмдү бөтөнчө
ишеничсиз сезип кетемин.
Мартин анын сөздөрүн угуп олтуруп «Муздак шамал жөнүндөгү ырды» эсине
түшүрдү.
Жагат мага ачык күн,
Мунарык менен түнкүсүн
Келет кайык айдагым.
Мартин ырдын сөзүн кайталап жатып, профессорго көз жиберип аны кадимки
бир калыпта күчтүү соккон түндүк-чыгыштын муздак шамалына окшоштуруп
жиберди. Ал чындыгында эле бул шамал сыяктуу бир калыпта ишеничтүү, ошону
менен бирге кандайдыр бир назик мүнөзгө ээ болуучу. Ага түндүк-чыгыштын
шамалы эч качан бардык күчү менен сокпой, арт жагына пайдасыз запас
калтырган сыяктуу, бул профессор дагы өзүнүн сөзүн, пикирин акырына чейин
Сакраменто — Калифорния штатынын борбору.
айта албагандай сезилип кетти. Мартиндин акылы мурдагыдай эле толук. Анын
мээси эске түшүрүүлөр менен ойдон чыгаруучулардын эшиги ачык кампасы
сыяктуу болуп көрүндү. Бул минутада Мартин өзүнүн бул акыл-эс кампасынан
профессор Колдуэллдин мүнөзүнө окшош же болбосо, ага карама-каршы бир
нерселерди издеп жана ушул замат аларды бул жаркыраган көрүнүштөр менен
айкалыштырып, теңдештирип көрдү. Мунун бардыгы тең чымыркануу менен
иштелип, чыныгы турмуштун ар бир көрүнүшү анын кыялы менен түзүлгөн
элестерге айкалышып тургандай болду. Руфтун бир кездеги көз караштары
айдын жарыгындагы катуу бороонду элестет- кендей, көз алдына профессор
Колдуэлл түндүк-чыгыш- тын муздак шамалы катуу айдаган жана батып бара
жаткан күндүн нуруна чексиз чагылышып, ак өркөчтөй кырданган океандын
толкундарын элестетти. Мына ушинтип, көз алдынан мүнөт сайын пайда болуп
жаткан ар түрдүү көрүнүштөр анын ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук кылмак түгүл,
кайра тескерисинче кээ бир түшүнүксүз нерселерин туура талдап билүүгө көмөк
бергендей да болду. Бул көрүнүштөр качандыр бир кезде Мартин башынан
өткөргөн жана көзү менен көргөн, китептерден окуган окуяларынын
жаңырыктары болучу, ал эми бул жаңырык боло турган болсо, анын оюна күндүз
да, түнкүсүн да тынчтык бербеди.
Мына, азыр ал профессор Колдуэллдин — акылдуу жана билимдүү адамдын
бир калыпта жана токтоо чык- кан сөзүн угуп, эрксизден өзүнүн өткөндөгү
турмушун эсине түшүргөндөй болду. Ал жаш кезиндеги бөтөнчө тентектик
мезгилдерин, калың жакалуу көйнөкчөн, бырышкан тытык калпагын обу жок
чекесине кыйшайтып кийип, дүйнөдө менден баатыр киши жок деп дардаң- дап,
төшүн кагып жүргөн мезгилдерин элестетти. Мартин бул эске түшүрүүлөрүнөн
эч кандай жагымдуу нерсени кездештире алган жок. Ооба, чындыгында өмүрүнүн
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.