Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27

Total number of words is 4161
Total number of unique words is 1991
31.9 of words are in the 2000 most common words
43.8 of words are in the 5000 most common words
51.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Мистер Бриссенден кетип калганбы? — деп сурады Мартин эшик агадан. —
Адресин да таштап кеткен жокпу?
— Эч нерсе уккан жок белеңиз? — деди тиги өз кезегинде.
Мартин башын тескери чайкады.
— Газеталардын бардыгы жазбады беле ал жөнүндө.
Аны керебетинде өлүп жаткан жеринен табышыптыр... Ал тапанча менен өзүн өзү
мээге атып өлтүрүптүр дейт!
— Аны көөмп да коюштубу?
Бул суроону Мартинге өзү эмес, кандайдыр бир башка чоочун киши бергендей
сыяктана түштү.
— Жок, изилдөө бүткөндөн кийин анын денеси чыгышка жөнөтүлүп
жиберилген. Бул ишти анын бир туугандары чакырган адвокаддар жөнгө
салышкан дешет.
— Эмне үчүн алар мынчалык шашып кетишти? — деди Мартин шашкалактай
түшүп.
— Кантип шашып? Бул иш мындан беш күн мурун болгон!
— Беш күн мурун?
— Ооба, беш күн мурун.
— А! — дегенден башка ал эч нерсе айта албады да, конок үйүнөн чыгып
кетти.
Жолдо келе жатып ал телеграфка кирип, «Парфеон» басмаканасынын ээсине
поэманы баса берсеңиз болот деп билдирди. Телеграмманы ал акчасын кийин
төлөй турган болуп карызга салды, анткени анын чөнтөгүндө бар болгону
жолдук гана беш цент акчасы калган эле.
Үйүнө кайтып келип, Мартин кайрадан жазууга киришти. Күн артынан күн,
түн артынан түн өтүп жатты, Мартин болсо, олтурган столунан козголбостон
жаза берди. Ал сыртка чыкса бир гана дүкөнгө чыгып жана баштыгынын түбүндө
бирдемеси калса эптеп-септеп оокат жасап ичип, ал эми баштыгынын түбүндө эч
нерсе калбаса тамак да ичпей тим боло турган. Ал бул повестти мурда эле
баштан-аяк ийне-жибине чейин ойлонуп койгон эле, бирок азыр ал күтүлбөгөн
жерден повесттин негизги окуясы башталганга чейинки бөлүгүн башкача кылып
түзүүнү чечти. Бул болсо повесттин көлөмүн жыйырма миң сөзгө узартты.
Чындыгында повестти мынчалык, оңдоп, жасалгалоонун эч кандай зарылдыгы
жок болучу, бирок ошондой болсо да, ал азыр мындай кылбастан туруп иштей
албай калды. Ал дүйнөдөгүнүн бардыгын унутуп салган сыяктуу столго такай
олтуруп алып иштеп жатты, ал өзүнүн алгачкы чыгармачылык мезгилдерин көз
алдынан кадимки арбактан өзүнүн тааныш жерлерин кыдырып жүргөн сыяктуу
өтө дапдаана кылып элестетип жиберди. Анын эсине эчак бир кезде, кайсыл бир
жерден бирөөнүн арбак — бул өлгөн адамдын жаны, бирок ал аны сезбейт, деп
айтканы эсине түшө калды. Мына, күтүлбөгөн жерден ал өзүн кокус мен дагы
ошол арбак болуп жүрбөйүн деп чочуп кетти.
Мына, ошентип, «Кечиккен сүйүү» дагы жазылып бүттү. Жазгыч
машинкаларды сатуучу дүкөндүн жалчысы Мартинге келип, ал жазуусун
бүткөнчө анын керебетинде күтүп олтура берди. Мартин «бүттү» деген сөздү
машинка менен жазды жана бул ал үчүн чындыгында эле бүткөндүк болгон эле.
Себеби — жалчы ай деп унчукпастан машинканы акырын алды да, сыртка чыккан
бойдон кетти. Мартин муну көрүп туруп, анчалык деле жүрөгү тызылдап, ичи
ачышкандай болгон жок. Ушундан кийин ал керебетине келип жүздөмөсүнөн
жыгылды. Ал отуз алты сааттан бери оозуна бир дагы наар албады жана тамак
жөнүндө ойлонуп да койгон жок. Ал козголбостон керебетинде жатты жана
кандайдыр бир тумандашкан ойлор анын башын чырмап алгандай болду. Ал чала
уйкуда жатып, бир кезде, Бриссенден бир нече жолу кайталап окуп берген
белгисиз бир акындын ырларын жатка айта-баштады. Мариянын бул түшүндөгү
булдурактап жөөлүп, ачууланып сөгүнгөндүгүн каалганын сыртынан туруп угуп,
катуу чочутуп жиберген Мартиндин сүйлөп жаткан сөздөрүнүн мазмуну
болбостон, анын өзү менен өзүнүн күңгүрөнүп жаткандыгы болду.
Жогол лира!
Ырдап бүттүм ырымды!
Ырым чыгат кайгы менен —
Күчөттүрүп муңумду.
Кетти алыска ырларым,
Жогол лира!
Ырдап бүттүм ырымды!
Жалгыз туруп кээде ыргай жанында,
Кээде сонун, жашыл токой багында.
Жалындаган, жаштык кайрат чагымда...
Азыр мына, ырдаар менин алым жок, —
Кайгы мени кадамдатпай муунтат.
Көрдү көздөй унчукпастан баратам!
Жогол лира!
Ырдап бүттүм ырымды!..
Муну уккандан кийин Мария чыдап тура алган жок, ал от жагылып жаткан
мешти көздөй чуркап, бир табак шорпого эки-үч кесим бышкан эт, үч-төрт кашык
капуста салып, Мартинди көздөй кайра чуркап келди. Мартин столго чыканагы
менен таянып, Мариянын алып келген шорпосун өзүнүн уктап жатып тап такыр
жөөлүбөгөндүгүн жана саламаттыгынын эң сонун экендигин актануу жана
далилдөө менен иче баштады. Мария кеткенден кийин Мартин бир топко чейин
керебетинде бүкүрөйүп, эч максатсыз тамдын бир чекитин тешиле карап олтура
берди. Күтүлбөгөн жерден анын көзүнө эртең мененки почточу алын келген
журналдын саны уруна түштү! Бул «Парфеон» деп ойлоду ал, «Парфеондун»
августтук саны, мында «Туруксуз» жарыяланып чыгышы керек. Эх, чиркин дүйнө
ай, эгерде Бриссенден тирүү болсочу!
Ал журналды барактап ачып көрүп, таштай ката түштү. «Туруксуз» эн кооз
тамгалар менен терилип, жана беттердин талаалары Бердслинин стилиндеги
сүрөттөр менен көркөмдөлүп жана бир жак баш тамганын алдына —
Бриссендендин, экинчисинин алдына — сэр Джон Вэлыонун британ элчисинин
сүрөтү орноштурулун чыгыптыр. Редакция тарабынан жазылган кириш сөздөр
сэр Джон Вэлыо жакын арада Америкада акын жок деп жарыялаган имиш.
«Парфеон», «Туруксузду» жарыялоо менен ага мындай деп жооп бериптир: «Ме,
алыңыз урматтуу сэр Джон Вэлью!» Журналда америкалык улуу сынчы
катарында Картрайт Брюстун дагы сүрөтү басылып чыгып, анын «Туруксуз»
жөнүндөгү төмөнкү сөздөрү келтирилген: «Бизде «Туруксуз» сыяктуу чыгарма
ушул күнгө чейин болгон эмес». Баш сөзү төмөндөгүдөн сөздөр менен аяктаган
эле:
«Биз али «Туруксуздун» бардык көркөмдүгүн акырына чейин ачып көрсөтө
алган жокпуз, балким аны эч качан көрсөтүүгө мүмкүндүк да болбос, бирок биз
поэманы окуп жана кайталап окуп чыгып, мистер Бриссендендин чексиз сөз
байлыгына айран таң калып жана өзүбүздөн-өзүбүз бир нече жолу мистер
Бриссенден мынчалык укмуш сөз байлыгын кайдан алды, аларды кантип
бириктирип берүүгө жетишти деп эрксизден суроого аргасыз болдук». Бул сөздөн
кийин поэма жарыяланган.
«Сенин өлгөнүң жакшы болуптур, байкуш Брис!» деп ойлоду Мартин,
журналды колунан жерге түшүрүп жиберип.
Мунун бардыгы тең адамдын жүрөгүн айландыргандай уят сыйыты жоктук
жана жийиркеничтүү нерсе боло турган, бирок Мартин чыныгы жүрөк айнууну
сезген жок. Анын ачуусу келип, буркан-шаркан түшүп, катуу урушкусу келди,
бирок анын буга кубаты жетишпеди. Ал маң боло түшкөнсүдү. Анын денесинде
каны токтолгонсуп, эми кыжыры кайнап буркан-шаркан түшкүсү келбеди. Бирок
чындыгында мунун эмнеси бар экен? Мунун бардыгы тең Бриссенден каны-жаны
менен жек көргөн буржуазия коомунун үрп-адат, салт-санаасына толугу менен
туура келет.
— Байкуш Брис! — деп күңк этти Мартин дагы, — Ал эч качан мени бул үчүн
кечирбес эле!
Ал араңдан зорго ордунан козголуп, мурда машинкенин кагаздары салынган
үкөктү өзүн көздөй жылдырды. Ал үкөктү аңтарып жатып, өзүнүн досу жазып
калтырып кеткен он бир ырды тапты. Ал бул ырларды биринин артынан бирин
корзинкага тытып ыргытты. Ал ырдын бардыгын тытып ыргытып бүтүп, кайра
керебетине келип олтурду да, кайгылуу көз карашын айланага жиберди.
Ушинтип ал, канча убакытка чейин олтурганын өзү дагы билген жок;
акырында анын көз алдына тумандуу алыстыктан ачык узун ак тилке көрүнө
баштады. Бул өтө таң каларлык көрүнүш болучу. Бирок ал ага жакшылап көз
жүгүртүп карап көрүп, бул ак тилке Тынч океандын акактуу аскаларынын
биринин ак толкунунун сызыгы экендигин билди. Көз ачып-жумганча Мартин ак
толкунга көз жиберип, андан чалдыбары чыккан бир кичинекей кайыкты көрүп
калды. Белине кочкул кызыл кездемеден белбоо курчанып кайыктын арт
жагында жаркыраган калагын толкунга улам матырып коюп, кара тору жаш
баатыр олтурат. Мартин аны тааныды. Бул Таминин кенже уулу —
туземецтердин башчысы — Моти деген боло турган, демек бул окуя Таита
жээктеринде болуп өтүүгө тийиш жана ушул жердин дал өзүндө, акактуу
аскалардын ары жагында Папара деген эң укмуштуу бир өлкө орношкон, мына
ушул өлкөнүн чоң дайрасынын куймасына жакын жерде, ошол баатыр
жетекчинин камыштан жасалган алачыгын көрүүгө мүмкүн эле.
Кеч кирип, Моти балык улоодон кайтып келе жатты. Ал өзүн ушул акактуу
аскалардын ары жагына айдап барып таштай турган чоң толкунду күттү. Мартин
өзүнө өзү ушул кайыкта олтуруп жана эбегейсиз жашыл зор толкун жапырылып
келери менен калакты жан талаштырып шилтөөгө руксат эткен Мотинин
буйругун күтүп тургандай сезип кетти. Андан кийин көз ирмемдей убакыттын
ичинде ал өзүн-өзү сырттан каныкты байкагыч кишидей сезбестен, азыр чын эле
кайыкка минип, Мотинин айкырган буйругу астында, кайыкты ого бетер
өчөшкөндүк менен айдан баратты. Алар күчтүү толкундар жаба бергенден пайда
болгон карсылдаган катуу дабыштар менен ызырынган ачуу үндөрдүн астында
алга жылып олтурушуп, бир кезде тынч кыймылсыз мелтиреген океандын
булуңуна чыга келишти. Моти күлүп, туздуу суунун тамчылары кирип кеткен
көздөрүн аарчыды, кайык болсо жай гана акак таштуу жээкти, кокостуу
хурмалардын арасында батып бара жаткан күндүн нуруна алтындай жаркырап
турган Таминин алачыгын көздөй суунун үстү менен жай гана сыйгаланып бара
жатты.
Бирок күтүлбөгөн жерден бул көрүнүштөрдүн бардыгы эмнегедир тумандаша
түшүп, анын көз алдына өзүнүн тар бөлмөсүнүн иретсиздиги тартыла түштү. Ал
кайрадан Таитини көрүүгө бекер аракеттенди. Ал азыр кур- малуу бактын
ичинде, ай нурунда ыр ырдалып, кыздар бийлеп жаткандыгын элестетти. Бирок
ал, үстүндө кагаздар чачылып жаткан столдон жана көптөн бери жуулбаган кир
терезелерден башка эч нерсени көрө албады. Ал кыңкыстап , кыйналып жатын
араң дегенде көзү илинип оор уйкуга тартылып кетти.
XLI ГЛАВА
Мартин түнү бою жакшы уктай албай кыйналып чыкты, эртең менен аны
почточунун эшикти такылдаткан дабышы ойготуп жиберди. Мартин
конверттерди көңүлсүз ача баштады. Алардын биринин ичинде «каракчылар»
журналдарынын бири салып жиберген жыйырма эки долларлык чек бар экен. Ал
бул акчага жетүү үчүн туура бир жарым жыл аракет кылган эле. Бирок ал азыр
акчаны алууга келгенде эмнегедир кош көңүл боло түштү. Ал азыр басмаканалык
чекти алуудан эмнегедир мурдагыдай зор толкунданууну сезген жок. Мурда ага
бул чектер келечектеги улуу ийгиликтердин жышаанасы болуп көрүнгөн болсо,
азыр анын колунда кандайдыр бир тамак аш сатып алып жей турган жөн гана
жыйырма эки доллар турган эле. Мына ушул гана болучу.
Экинчи чек Ныо-Порктук бир журналдан келген, бул журнал эчак бир кезде
эле анын бир нече күлкүлүү ырларын, кабыл алган болучу. Бул он долларлык чек
эле. Мартиндин башына бир ой келип, аны ал өтө кылдаттык менен талдап
чыкты. Ал мындан ары эмне иш кыларын жана жалпы эле иштөө керекпи же
жокпу буга түшүнө албады. Бирок, жашоо жана карыздардан кутулуу керек эле.
Эгерде бул он доллардын бардыгын маркиге жумшап, столдун астында дөбөдөй
болуп үйүлүп жаткан кол жазмалардын бардыгын кайрадан саякат жасоого
жөнөтүш керекпи? Мүмкүн жок дегенде бир экөөнү кабыл алышаар. Бул ага
жашоого мүмкүндүк берет. Мартин дал ушундай кылды. Ал окленддик казынага
чектерин майдалатып бир канча марки сатып алды. Бирок, ал өзүнүн кепесине
кайра кайтып, тамак бышырып ичүү жөнүндөгү ой аны жийиркендирип
жибергенсиди. Биринчи жолу ал карыздарын төлөбөй коё турууну чечти. Ал он
беш, жыйырма центке азык-түлүк сатып алса, үйүнөн бир жакшы тойгондой
тамак жасап ичмек эле. Бирок, ал минтпестен «форум» кафесине кирип, тамак
алып ичип, эки долларга араңдан зорго тойду. Ал чай менен эгипеттик чылымга
ар бирине элүү центтен, жүз цент акча жумшады. Руфь тамекини таштаткандан
бери ушул күнгө чейин чылымды оозуна алып койгон жок эле. Ал эми азыр болсо,
тамеки тартуунун жыргалынан кантип баш тартат? Анын өтө тамеки тарткысы
келди. Акчаны аяш керекпи? Ал беш центке кырк ором кагазы менен тамеки
алмак, бирок мындан эмне чыкмак? Азыр акча ал үчүн бүгүн бир нерсе сатып
алуудан башка эч кандай мааниге ээ болбой калды. Ал турмуш дайрасынын
агымы менен кошо жүрүп олтуруп, турмуштун өзөк тамырынын кагышын сезген
жок, сезүү да ага жаш жүрөгүн эзген менен барабар болуп көрүндү.
Жипке тизилген шурудай болуп, күндүн артынан күн өтүп жатты, ал азыр ар
түн сайын сегиз сааттан уктачу болду.
Жаңы чектердин келишин күтүп, бир тамагы он центтен турган япондук
ашканачылардан тамактанып кичине семирейин деп калды. Жүздөрү толмоч
тартып, кенен уктап, оор жумуш менен уйкудан калуудан кутулгандан кийин,
кадимкисиндей өңүнө кире баштады. Ал бул күндөрү эч нерсе жазган жок, окуй
турган китептер да тынч гана текчеде эс алып жатышты. Ал көп учурларда
шаардын четиндеги дөңсөлөргө жалгыз барып, кээде бир нече саат бою бактын
ичинде жүрүп көңүл ача турган.
Анын досу да, таанышы да жок эле, ал алардын болушун да каалабады. Эмне
кереги бар? Мартин өзүнүн өчүп бара жаткандай өмүрүн кайра жандандырып
жибере турган кандайдыр бир белгисиз жаңы шыктын болушун күткөнсүдү. Ал
эми азырынча анын жашоосу болсо, заарканычтуу, көңүлсүз, эч кандай максатсыз
өтүп жатты.
Бир күнү ал «чыныгы адамдар» менен жолугушуу үчүн Сан-Франциского
келди. Бирок ал шаардын босогосун аттаары менен эле, кайра артын көздөй шарт
бурулуп, аз улуттардын караңгы жер кепелерин аралап жөнөдү. Ал азыр өзүнүн
философиялык талаш-тартыштарды угамын деген оюнан катуу чочуп кетти, ал
турмак кокус алдынан «чыныгы адамдардын» бирөө жарымы чыга калып, көрүп
койбосо экен деп коркконунан тызылдап чуркаган бойдон кетти.
Кээде ал журналдар менен газеталарды көрүп «Туруксуз» жөнүндө эмне
жазылгандыгын издеди. Көрсө, поэма аябаган чоң чуу көтөрүп таштаган экен!
Окугандардын бардыгы бул поэмабы же болбосо куру келжиректикпи, дешип
аябай талашып-тартышыптыр! Жергиликтүү газеталар болсо, бул поэма
жөнүндөгү көп сандаган илимий статьялар менен мыскылдуу макалаларга жана
окуучулардын каттарына жык толуптур. Элен Делла Дельмар (сурнайлар менен
барабандардын толкундаган үндөрү алдында Кошмо Штаттардын эң улуу
акын-аялы деп жарыяланган болучу) Бриссенденге канаттуу аттан (ким бул атка
минсе, ал сөзсүз акын болот деген ишендирүү) бирди берүүнү каалабай жана
газеталар аркылуу окуучуларга узун сөздүү каттар менен Бриссенден таптакыр
акын эмес жана ал түгүл болууга да мүмкүн эмес, деп кыйкырыптыр.
«Парфеон» өзүнүн акыркы сандарынын биринде ээн-баштык менен өз
эркинче чуу көтөрүп жана сэр Вэльди маскаралап, анысы аз келгенсип, жүзү
каралык менен Бриссендендин көзү өтүп кеткендигинен пайдаланып, аны эл
алдында эч кандай негизсиз шагын сындыра ашкерелөөгө жетишкен. Дагы бир
жарым миллион жазуучулары бар имиш бир газета Элен Делла Дельмардын
Бриссенденди шылдыңдап көрсөткөн поэмасын басып чыгарды. Бул акын аял
ушуну менен гана тынчып калбастан, «Туруксузду» маскаралагай сатиралык
какшыктуу ырды да жаза койду.
Мартин өзүнүн досунун ушул күндү көрбөй дүйнөдөн өтүп кеткендигине
кудайга мин бир эки алкыш айтты.
Ал топурандыны ушунчалык жек көрө турган, мына эми азыр дал ошол
топурандынын бутунун алдында, өзүнүн эң ыйык жана кол тийгис деп
эсептелген, асыл заттуу, эң кымбат нерсеси тепсенди болуп калып олтурат. Ал
түзүп кеткен сулуулук менен кооздук күн сайын, кала берсе, саат сайын катуу
сынга алына баштады. Кыскасын айтканда ар бир мен журналистмин деп
көкүрөгүн каккандардын бардыгы тең Бриссендендин улуулугуна шек
келтиришип, эл алдында өздөрүн көрсөтүү үчүн артык баш тантыраша
башташты. Бир газета: «Бир мырзанын айтканына караганда-, ал дал ушундай
эле поэманы кала берсе мындан дагы сонун поэманы мындан бир нече жыл
мурун эле, өзүнүн жазын койгондугун айткан». Экинчи бир газета чындыкты
олут- туу түрдө жактап, Элен Делла Дельмарды анын какшык ырлары үчүн
кекээрлеп мындай деп жазыптыр: «Мисс Дельмар өзүнүн бул какшыктуу ырын
жазып жаткан учурда, бир улуу акын, экинчи бир улуу акынды ар качан урматтоо
керек экендигин кыясы эсинен чыгарып салган болсо керек. Ким билет, балким
Делла Дельмар жөн гана «Туруксуздун» ээсине суктанып жана ичи тарып
жаткандыр, бирок канча жолу ошенткени менен акыры түбүндө көрүп турарсыз
Делла Дельмар дагы башкалар сыяктуу эле, бул чыгарманын бардык сулуулугун
сөзсүз түшүнө турган жана ал гана эмес, дал ушул сыяктуу поэма жазууга
ынтызар да болгон күн келмек».
Диндик үгүтчүлөр «Туруксузду» өздөрүнүн үгүттөө темасы кылып алышты
жана алардын ичинен бирөөнү сен динге каршы чыктың дешип жазага да тартып
жиберишти. Улуу поэма калктын көңүлүн ачуудагы бирден бир керектүү каражат
болуп калды. Күлкүлүү ыр жазуучулар менен шылдыңдагыч сүрөтчүлөр
окуучуларды күлдүрүү максатында жарыша аракеттенишип, фельетонисттер
дагы Чарли Френшэм кантип жашырын түрдө Арчи Дженнингске «Туруксуздун»
беш сабы эле окуган адамдын жанын кайнатып, бирөөнүн чекесин жара
муштоого түртөт, ал эми он сабы болсо, адамды өз боюн өзү сууга таштап
жиберүүгө алып келерин билдиргендигин баяндоо менен өздөрүнүн өткүр
акылдуулуктарын сынай башташти.
Мартин күлгөн да жана ачуусу келип кыжырданган да жок. Анын кайгысын
азыр жер көтөрө албай турду. Анын сулуулукка чексиз берилген жүрөгү жарадар
болгондон кийин, басма сөздөр менен урматтуу окуучулардын өйдө-төмөн
калчашы анын эми кыжырын кайната албады. Журналдарга баа берүүгө
Бриссендендин көз карашы аткан таңдай туура болуп чыкты, ал эми ушул
калетсиз чындыкты туура түшүнүп, ага терең ишенүү үчүн Мартинге жылдар
керек болду. Журналдар Бриссендендин күткөндөрүн актамак гана түгүл, андан
ашып да түшүштү. Кантейин, кудай кылса кубарыңдын акысы жок деген ушул, —
деп Мартин өзүн-өзү капалуу сооротту. Ал кыялынын арабасына жылдызды
чегип, ал эми бул жылдыз болсо аны таш боордук менен сасыган сазга оодарып
таштап кете берди.
Мына, азыр кайрадан анын көз алдына алыскы Таитинин эң кооз, таза жана
ачык айкын оор көрүнүштөрү кадимки таасын сүрөткө окшоп тартыла баштады!
Мына Наумотус түздүгү, мына тоолуу Маркизовдор аралдары. Ал көпчүлүк
учурларда өзүн соода кайыгынын ичинде тургандай же болбосо, Папитэ аска
таштарынын жаны менен же болбосо, Нука-Хива акактуу жээгинен акырын сүзүп
бараткан кичинекей начар кайыкта олтуруп Тойохэде булуңун бойлоп
бараткандай сезди, ал эми бул кичинекей булуңда болсо, анын келишинин
урматына Тамара чочкосун союп, таң-тамаша куруп жибермек, ал гана эмес, аны
Тамаранын кыздары да кубанычтуу тегеренишип, колдоруна гүл алышып,
шаттык-күлкү ыр менен бийлешип тосуп алышмак. Тынч океан туруктуулук
менен өзүнө чакырды жана ал бул чакырыкка эртеби кечпи өзүнүн сөзсүз жооп
кайтарарын түшүндү. Азырынча ал, өзүнүн илимдердин улуу дүйнөсүнө жасаган
узакка созулган саякаттарынан чарчап чаалыгышынан эс алып, тыныгып алуу
үчүн агымды бойлоп ылдый көздөй сүзүшүн уланта берди.
Ал «Парфеондон» үч жүз элүү долларга чек алып, анысынан Бриссенден осуят
калтырып кеткен адамга тил кат менен жүз долларын берди. Бриссенден тирүү
кезин- де андан жүз доллар алган болучу. Катты кошо берди.
Эми Мартин мурдагыдай япондук ашканачадан тамактанганын токтотту. Ал
турмуштан көңүлү калып, күрөшүүнү токтотор замат, бакыттын дөңгөлөгү оң
жакты көздөй тегерене түштү. Бирок ал, өтө кеч айланды. Ал эч кандай
толкундануусуз эле «Милленумдан» келген конвертти ачып анын ичинен үч жүз
доллардык чекти сууруп чыкты. Бул болсо «Укмуштуу окуялар» үчүн жиберилген
гонорар болучу. Мартиндин бардык карыздары, анын ичинде сүткорго төлөнүүчү
бардык проценттери менен кошуп эсептегенде, жүз долларга да жеткен жок.
Буларынан кутулуп жана Бриссендендин тирүүсүндө дайындап кеткен адамына
жүз доллар жөнөтүп жибергенден кийин, дагы Мартнндин чөнтөгүндө туура жүз
доллар акчасы калды. Ал өзүнө бир мыкты костюм заказ кылып, шаардын эң
сонун кафелеринен тамактана баштады. Бирок ал мурдагы эле, Мариянын
тооктун уясындай болгон кичинекей тар комнатасында жашай берди, анын жаңы
костюму коңшулардын бардыгын таң калтырып, ал эми майда балдар болсо,
азыр аны селсаяк, ууру деп атоодон ийменишип, ал түгүл анын артынан тамдын
башына, жана короонун дарбазасынын кырына чыга калышып, таңыркаган көз
караштары менен узатышчу болду.
Анын «Вики-Вики» деген гавайдык аңгемеси «Айына чыгуучу Уоррен»
журналы тарабынан эки жүз элүү долларга сатып алынды. «Түндүк кабарчылар»
болсо «Сулуулуктун бешигин» басып чыгарып, дагы бир журнал анын Мэриендин
урматына арнап жазган «Төлгөчү аял» деген ырын кабыл алды. Басмакананын
кызматкерлери менен окуучулар жайкы дем алыштан кайтып келишип кол
жазмалар бөтөнчө тездик менен тарай баштады. Мартин бир эки жыл мурун
өзүнүн бул чыгармаларынын бирин да эч жерге өткөрө албаган болсо, азыр
эмнегедир бардыгы жапырт качырышып, биринен сала бири талашып чыгара
башташынын себебине такыр түшүнө албай кетти. Анын ушул күнгө чейин бир
дагы чыгармасы жарык көрө албаган. Аны мурдагыдай эле, Окленддин
тегерегинен башка эч ким билбеди, ал эми окленддик жашоочулардын аны
билебиз дешип көтөрүлүшкөн кээ бирөөлөрү үчүн ал «кызылдардын» арасынан
чыккан каардуу социалист катары гана белгилүү болучу. Мына ушинтип,
күтүлбөгөн жерден болгон бул чукул өзгөрүштү эч кандай себеп менен
түшүндүрүүгө мүмкүн эмес эле. Бул болсо, жөн гана тагдырдын тамаша кылып
ойногондугу эле.
Бир нече журналдар катары менен «Күн наалатын» четке кагып салгандан
кийин Мартин өзүнүн дүйнөдөн кайткан досу Бриссендендин акылдуу
кеңештерин эске алын, бул чыгармасын китеп басып чыгаруучу басмакананын
бирөөнө сунуш кылып көрүүнү чечти. Бир топ тоскоолдуктардан кийин,
акырында анын кол жазмасы эң көрүнүктүү фирмалардын бири болгон —
Синглтри, Дарнлей жана Ко фирмасы тарабынан басып чыгарууга кабыл алынды.
Мартиндин секелет жөнүндөгү өтүнүчүнө жооп кылып, басма кызматкери ага бул
сыяктуу китеп адет боюнча бизде үмүттү актай албайт жана китеп басылып
чыкса дагы, миң даанадан ашык сатыларын же сатылбасын бир кудайдын өзү
билет, деп түшүндүрүп кат жазып жибериптир. Мартин эгерде ар бир китеби бир
доллардан сатылган учурда дагы он беш проценттен эсептегенде жүз элүү доллар
алууга тийиш экендигин түшүндү. Мына ушундан кийин ал келечекте жалаң гана
беллетристика жазууну чечти. «Укмуштуу окуялар», «Күн наалатына» караганда
төрт эсе кыска болсо дагы, ага эки эсе көп киреше алып келди. Акырында анын
качандыр бир кездеги газетадан окуган жазуучулук гонорар жөнүндөгү
маалыматтар анык болуп чыкты. Биринчи даражадагы журналдар чындыгында
эле кол жазма кабыл алынары менен төлөшүп жана төлөгөндө да, эң мыкты
төлөшөт экен. Кала берсе «Миллениум» аңгемесинин ар бир сөзүнө эки эмес, төрт
центтен төлөп берди. Ал эми бул «Миллениум» калыбы ар качан эң мыкты деген
материалды сатып алышса керек. Мына дал ушул журнал анын чыгармасын
сатып алып олтурбайбы. Мына ушул ойдон Мартин капалуу жылмая түштү.
Ал Синглтри, Дарнлей жана Ко го, Сиздерге «Күн наалатын» баш оту менен
сатууга даярмын, эгерде сиздер бул үчүн мага жүз доллар төлөсөңүздөр деп
жазды. Бирок басмакана бул ишке тобокел кылууга батына албады. Бирок
Мартин бул учурда акча жагынан анчалык муктаждыкты сезген жок, себеби анын
акыркы жазган бардык аңгемелери бир аз саякаттап жүргөндөн кийин туташ
кабыл алынып жана акчасы төлөнгөн болуучу. Мартин ал гана эмес, бир нече жүз
долларын казнага салып койду. «Кечиккен сүйүү» болсо, бир аз саякаттап
жүргөндөн кийин Мередит-Лоуэл басмаканасынан орун тапты. Ал өзүнүн
Гертрудадан карыз алган беш долларын кайра жүз эсе кылып кайтарамын деген
сөзүн эсине түшүрүп, басмаканага бир беш жүз доллар өлчөмүндө секелет салып
жиберишин өтүнүп кат жазып жиберди. Бул суммадагы акча чегин токтоосуз
салынып жиберилгендигине ал айран-таң кала түштү. Мартин бул чегин алтынга
майдалады да, эжеси Гертрудага мен сизге жолуккум келет деп телефон урду.
Гертруда шашып-бушуп, күйүккөнүнө карабастан чуркап келди. Ал
Мартиндин башына кандайдыр бир кыйын иш түшкөндүгүн сезе коюп,
кичинекей капчыгына өзүнүн бар болгон анча-мынча тыйын-тыпырларын бүтүн
салып, Мартинди көздөй шашты, сөзсүз бир балекет болбой койгон жок деп терең
ишенгендиктен, Мартинди мойнунан кучактап жана анын колуна алып келген
акчасын кармата коюп, буркурап ыйлап жиберди.
— Сизге мен өзүм эле барат элем эжеке, — деди Мартин, — бирок мен мистер
Хиггинботам менен урушууну каалаганым жок! Барсам шексиз чатак болмок!
— Эч нерсе эмес, ал эми чатагын коёт да койбогондо кайда барат дейсиң, —
деди эжеси аны ишендирүүгө аракеттенүү менен, эмне кырсык болгонун так
билүүгө шашып, бирок өзүң бир жерге тезирээк кызматка орношкун. Бернард
жездең адамдардын адал эмгек, ак мейнет менен жан сакташын өтө жакшы
көрөт. Газетадан сен жөнүндөгү макаланы окуп алып, аябай капа болду, анын
мынчалык албууттангандыгын мен эч качан көргөн эмесмин.
— Менин эч ишке киргим келбейт, — деди Мартин эжесине жылмаюу менен,
— бул сөздү менин атымдан Бернардга айта барсаңыз да болот. Мага эч кандай,
эч кандай иштин кереги жок. Мына ал үчүн далил...
Ал Гертруданын этегине ар бири беш доллардык жаркыраган туура жүз алтын
долларды шыңгыратып төгүп жиберди.
— Эсиңиздеби, баягыда сиз бир жолу мага трамвайга акчам жокто беш доллар
бербедиңиз' беле? Мына ошол беш долларыңызды жана дагы анын үстүнө ошол
беш доллардын токсон тогуз ар түрдүү жаштагы, бирок бирдей сапаттагы бир
туугандарын кошо алыңыз.
Коркуп шашып келген Гертруданы азыр дүрбөлөңдүү коркунуч басты. Бул
коркунуч анын жүрөгүндөгү бардык шектенүүлөрдү сүрүп чыгарды. Ал көзү
көрүп турган нерсеге ишенбей коё алган жок. Коркконунан бүткөн бою калтырап
жана аны кадимки тозоктун отундай
куйкалап бара жаткан сыяктуу бул алтын төгөрөкчөлөргө кол тийгизүүдөн да
чоочулай түштү.
— Ушунун бардыгы сеники! — деди Мартин каткырып.
Гертруда катуу тилденип, өксүп ыйлап жиберди.
— Байкуш бала! Байкуш бала! — деп ал ого бетер боздой түштү.
Алды менен Мартин эмне кыларын билбей, шашып кетти. Бирок ошол эле
замат Мартин эжесинин эмне үчүн мынчалык күчтүү тынчсызданып жатканын
сезе коюп, ага китеп басмаканасынан келген катты көрсөттү. Гертруда аны
араңдан зорго окуп, көз жашын аарчынып жана акырында ишенер-ишенбес үнүн
акырын чыгарып мындай деп сурады:
— Демек, сен бул акчаларды эмгегиң менен таптыңбы?
— Ананчы! Мен бул акчаларды утуп да албастан эмгектенип иштеп таптым.
Гертруданын көздөрүндө үмүттүн нурлары түшүп жана ал катты дагы бир
жолу шашпай кайталап окуп чыкты. Мартин өзүнүн бул чоң акчага кантип
жетишкендиги жөнүндө Гертрудага араңдан зорго жатып түшүндүрдү. Ал эми
баарынан кыйыны — бул акчанын бардыгы эжесине тиешелүү экендигин жана
өзү болсо, акча жактан эч бир муктаждыгы жок экендигин түшүндүрүү болду.
— Мен бул акчаларды сенин атыңдан казынага салып коёмун, — деп чечти
Гертруда.
— Жок, эгер алгың келбесе, мен анда бул акчалардын бардыгын Марияга
берип коёмун. Ал бул акчалардын жайын тапканды билет. Мен сенден бул
акчаларды алгын дагы, бир үй кызматчысын таап жалдап, өзүң мыктылап туруп
эс алышыңды талап кыламын. Түшүн- дүңбү?
Бирок мен бул жөнүндө Бернардга айтышым керек, — деди Гертруда
коштошуп жатып.
Мартин саал кабагын чытый түштү.
— Мейлиң айтсаң айт, — деди ал акырында — мүмкүн ал азыр мени үйүнө
конок болуп кетүүгө чакырар.
— Албетте, чакырат! Мен анын чакырарына сөз жок ишенемин! — деди эжеси
кубанычтуу кыйкырып, аны мойнунан кучактап туруп бетинен өөп, өөп жиберип.
XLII ГЛАВА
Бул күндөрү Мартин өзүн эмнегедир көңүлсүз сезди. Ал алдуу-күчтүү,
саламаттыгы соо жана кыларга да эч иши жок эле. Окуп жана жазгандыгын
токтотуп, Бриссенденден ажырап, Руфтун сүйүүсүн жоготкондон кийин өзүнүн
өмүрүндөгү чексиз көңдөйлүктү сезе баштады. Ал өмүрүнүн бул көңдөйлүгүн
ресторандар жана эгипеттик папиростор менен толуктаймын деп бекерге
аракеттениптир. Албетте, аны Улуу океан дегдетип өзүнө чек- сиз тартпай койгон
жок, бирок ал Кошмо Штаттардагы кармашуу али толук бүтө электигин түшүндү.
Жакында анын эки китеби басмадан чыгат жана мүмкүн анын башка китептери
дагы өзүн басып чыгарууларды табар. Ал эми бул болсо — акча болуучу,
ошондуктан алтын издеп түштүк деңиздерди көздөй кап көтөрүп жөнөөгө
ашыкпай коюуга да мүмкүн эле. Ал Маркизовдор аралдарынан чилилик бир миң
долларга сатып алууга мүмкүн боло турган бир сонун кооз өрөөндү биле турган.
Бул өрөөн аттын такасындай болуп ийрилип жаткан булуңдардан тартып,
чокулары ак булуттарга сайылып турган аскар тоолорго чейин созулуп жаткан
эле.
Бул булуң болсо, анын бардык билишине караганда эң укмуштай кооз жана
океандык чоң кемелер токтой турган терең болучу, ал эми Тынч океандык жол
көрсөтүүчү маалымат китепчесинде болсо, бул булуң океандын ушул
бөлүгүндөгү эң сонун Гавань катары баянда- лып жазылган. Ал анчалык чоң эмес,
тез сүзүүчү жел кеме сатып алып, соодагерлик жана балык кармоочулук менен
кесип кылууну чечти. Бул өрөөндө анын өзүнүн базасы болот. Ал бул жерге
кадимки жол башчы Таминикиндей болгон алгачкы коомдук алачыкты куруп
алат да, өзүнө кара туземецтерден төрт-беш кишини акысын төлөп жалдап алат.
Ал Тайохэден келген факторлорду, соода кемелеринин капитандарын
контрабандисттер менен мээримдүү деңиз кайырчыларын кабыл алмак. Ал
коркпостон, ачык жашап, конокторду болсо кадимки падышалар сыяктуу кабыл
алат. Мүмкүн ал жерге барганда качандыр бир кезде окуган китептерин жана
баш- тан аяк жомоктогудай кызык болуп көрүнгөн дүйнөнү унутуп коёр.
Бирок, бул үчүн ал Калифорнияда олтуруп кабы алтынга жык толгончо күтүү
керек болучу. Акча болсо, азыр ага суудай агып келе баштады. Эгерде анын жок
дегенде бир китеби чыгып кете турган болсо, анда анын бардык кол жазмалары
шыдыр эле өтүп кетмек. Ал эми, каалаган булуңу, өрөөнү жана кайыгы колуна
эртерээк тийиши үчүн ал бачымдап майда аңгемелер менен ырлардын жыйнагын
түзүп жиберүүгө тийиш. Эми ал эч качан жазбайт. Ал муну изден тайбастан жана
түбөлүккө чечти. Бирок азыр өзүнүн китеби чыгып жаткан кез- де эки колун,
сууга салып олтурбастан, бир аракет кылыш керек эле. Ал эми азыркыдай бүткүл
дүйнөгө, жашоого кош көңүлдүүлүк жана терең чегүү менен мамиле кылуу
кечиримсиз боло турган.
Бир күнү ал, жума күнү Шелл-Моунд-багында ташчылардын оюн-шоок кечеси
болорун билип, барып келүүнү чечти. Ал өзүнүн өткөн жылдарында бул сыяктуу
оюн-шоок кечелеринде тез-тез болуп, бул сыяктуу кечелердин сырын жакшы
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.