Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02

Total number of words is 4116
Total number of unique words is 2032
30.3 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
48.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кучакташкан калып- тарында Мартинди көздөй басышты. Мартин бул Руфтун
энеси болсо керек деп ойлоду. Бул узун бойлуу, ак саргыл чач, сымбаттуу, сулууча
келген аял ушундай үйдүн ээси деп ойлой тургандай өтө келишимдүү кийинген
киши эле. Анын көйнөгүнүн кооз жолдору көздү кубандырып турат. Мартиндин
көзүнө бир кезде сахнадан көргөн бир топ аялдары элестей түштү. Жана да ал бул
сыяктуу кадыр-барктуу, белгилүү жана дал ушундай келишимдүү кийинишкен
аялдарды лондондук театрлардын вестибюлдарынан көрүп, алардан өзүнүн
кумарланган көз карашын полицейский аны көчөгө кууп жибергенге дейре ным
албастан тешиле тиктеп тура берүчү.
Мунун артынан анын көз алдына Иокогамдын Гранд- Отелясынан алыстан
көрүүгө туура келген аялдары келе түштү. Мындан башка дагы Иокогандын,
түркүн шаарлардын жана гавандардын жүздөгөн көрүнүштөрү чубап өттү. Ал
ойлорун тез алмаштырууга өзүн мажбурлап, бардык көңүлүн азыркы окуяга
топтоого умтулду.
Ал өйдө тура калып, учурашуусу керек экенин түшүндү, бирок шымынын тизе
туштары обу жок көлбөктөп турганын сезип, креслодон араң жатып турду.
Анысы аз келгенсип азыр сындап өтө тургандыгын да ойлонуп, колдору
шалдайып, өзү деңгиреп, жүздөрү кумсарып кетти.
II ГЛАВА
Тамак иче турган бөлмөгө жетүү да ал үчүн тозоктун ишиндей кыйын болду.
Жолундагы буюмдарга кокус урунун алын, уят боломбу деген коркунучтуу
ой-сезим эсин оодарды. Ал кантсе да бул ойлорду эптеп жеңди, мына азыр болсо,
Руфтун жанында олтурат. Тамак жей турган бычак менен айрылардын
көптүгүнөн анын башы айлана түштү. Анын чекеси бырыша түшүп, бул
жаркыраган күмүш бычактар менен айрыларды көздөрү талганча тиктеп турду
да, эрксизден өзүнүн суучул жолдош- тору менен кубрикте кантип тамак
жешкендиктерин эси- не түшүрдү; алар, бардыгы чогулуп алышып, сүрсүгөн этти
бир табактан макилери менен талаша кескилешип жеп, же болбосо, колдору
менен жулмалаша киришип, саптары ийилген кашыктары менен коюу буурчак
сорпону бир мискейден кадимки торопойлорчо шалпылдатышып ичишээр эле.
Анын мурдуна көңсүгөн эттин жыты келип, кулагына шаймандардын качыраган
үндөрүнүн коштогону да угулгансып кетти. Алар тамакты дал ушундай жешчү.
Мына эми, азыр ал өзүнө-өзү өтө этият болбосо болбойт. Ал тамакты дабыш
чыгарбай жешке өзүн- өзү мажбурлайт.
Ал столдун тегерегинде олтургандарга көз чаптырды. Бет маңдайында Артур,
анын бир тууганы Норман олтурган. Бул экөө Руфтун бир туугандары экендигине
көзү жетип, эми аларга бөтөнчө урматтоо менен мамиле кыла баштады. Карачы,
буларды, бири-бирин кандай кадыр тутушат! Ага ушул замат Руфь апасын кантип
тосуп алгандыгы, кантип өбүшүп жана кантип кучакташып, аны көздөй
басышкандыктары элестеп кетти. Ал эми буга окшогон мамилелер жупуну
турмушта жашашкан ата-энелер менен балдарынын ортосунда жокко эсе боло
турган. Бул ага кала берсе, кандайдыр бир жаңы ачылыш сыяктуу болуп сезилип
кетти; экинчиден бул — жогорку таптар жетишкен жогорку сезимдердин айкыначык далили болду. Бул болсо ал өзү көрүп, сезип турган бул сыяктуу жаңы
дүйнөдөгү эң сонун нерселердин сонуну эле. Ал бул көрүнүшкө өтө суктана
түшүп, жүрөгүндө назиктиктин жана тилектештиктин оту жалындана сого
баштады. Ал сүйүүнү бүткүл өмүрү бою издеп жүрдү. Анын жаратылышы сүйүүнү
эңсеген кези эле. Анткени сүйүү — жашоонун закону да. Бирок, ал ушул күнгө
чейин эмнегедир сүйүүсүз, махабатсыз жашап келди, анын көңүлү күндөн күнгө
төмөн чөгүп, жалгыздыктан өтө жабыр тартты. Бирок муну ал эч качан мойнуна
алчу эмес. Жада калса азыр дагы мойнуна албай олтурат. Анын көз алдына назик
сүйүүнүн элестери келип, алар ага ушунчалык баа жеткис асыл, кол жеткис
бийик, укмуштай сонун болуп көрүндү.
Бактысына жараша азыр мистер Морздун жоктугуна сүйүндү. Ал болгондо, ага
мындан да кыйыныраак болмок беле? Мистер Морз менен деле таанышса
таанышып коюуга болот болучу, бирок Руфь, анын апасы жана бир тууганы —
Норман менен таанышып чыкты, ушул жетишет. Артурду болсо анча-мынча
билип калды. Ойлоп көрүңүзчү, мунун үстүнө анын атасы менен дагы таанышса
эмне деген жорук болмок? Жок, жок, жетишет! Ал өмүрүндө эч качан азыркыдай
кыйналып, кысталган эмес. Бул окуя менен салыштыра келгенде, ага дүйнөдөгү
эң кыйын жана татаал иштер жөн эле бир баланын оюнчугундай нерсе болуп
көрүндү. Мурда көнүмүш болбогон ушунча көп маселелерди чечүү
кыйынчылыгынан анын чекесинде тердин майда мончоктору пайда болуп,
көйнөгү суу болуп чыкты. Ал азыр тамакты мурдагы адатындай лапылдатып
сугунбастан, адептүү жана маданияттуу адамдай жеөөгө тийиш, ал ушуну
түшүнүп, алды менен столдун үстүндөгү башы айлана тургандай сансыз көп
буюмдарды кандайча пайдаланып, тамакты туура жешти алды менен мыкты
билбесе дагы, көз кыры менен тигилерге улам байкоо жүргүзүп үйрөнө салып,
адептүүлүк, билгичтик менен алдындагы тамагын жей баштады. Ал экинчи ирет
эч качан эсинен чыгарбастай кылып тамак жештин туура эрежесин эсине бекем
тутуп алды да, жүрөгүн жаралап; ага чок салган Руфту көздөй улам-улам элжирей
тиктеп жана чоң бакытка кантип жетүүнүн жолун кыйналуу менен издеп, ой
толгоолорго чөктү. Ал бет маңдайында олтурган Норман менен башкаларды
көздөй байкатпастан, алдыртадан кез чаптырып, бычак, айрылардын
кайсынысын кандай учурда колдонуш керек экендигин мурдагысындай эле,
жакшылап байкап олтурду. Ошол эле учурда ал, олтургандардын ар биринин
мүнөзүнө, жорук-жосунуна көңүл бөлүп жана Нормандын Руфка карата мамилеси
кандай экендигин билүүгө көңүл койду. Мындан башка дагы ал, тигилер
сүйлөшүп жатканда алардын сөздөрүнө кулак түрүп, кезеги келгенде аларга жооп
да кайтарып жана ээн сүйлөп калган тили, кокус бирдеме деп артыкбаш
тантырап кетпешине тыюу салып, кылдаттык менен сактанып олтурду. Бирок
ушунун баарын аткарыш ага оңой- олтоң боло койгон жок, кала берсе
коркунучтуу да болду. Анткени ага кандайдыр бир ушул үйдүн кызматчысы
шекилдүү болуп сезилген, көз боочуга окшоп көрүнгөн бир караан үнсүз, сөзсүз,
дабышсыз анын желкесине такай келип, андан токтоосуз жооп берүүнү талап
кылып, бир канча чиеленишкен табышмактарды айтып жатты. Ага колдун
баштарын чайкай турган чөйчөк жөнүндөгү ой таза тынчтык бербей койду. Алар
кандай чөйчөктөр болду экен, эми качан алып келет, санаалар аны биротоло
бийлеп алып, аябагандай бүкүтүкүгө салды. Ушул күнгө чейин ал бул чөйчөктөр
тууралу элден укканы менен, өз көзү менен аларды көргөн эмес, мына эми, азыр
ал бир же эки мүнөт өткөндөн кийин аны көрөт, — анткени ал, колдорунун
учтарын тамактан кийин дайыма чайкап көнүшкөн жогорку таптын адамдары —
ак сөөктөр менен бирге олтурат. Аны өзү дагы, ооба өзү дагы алар сыяктуу эле,
азыр тамактан кийин колдорун чайкайт. Макул, анысы ал болсун. Эми ал өзүн
кандай алып олтурушу керек? Булардын жанында ал өзүн кандай кармоого
тийиш? Мына ушул ойлор анын тынчын кетирди. Ал чымырканып ойлонуп ушул
маселени чечмек болду. Кээде анын башына мындан көрөкчө өзүмдүн ким
экендигимди билдирбей, жөн эле жашырып, жойпуланып кетсем эмне болмок эле
дегендей да ой түшө калды, бирок аны башка бир өтө коркунучтуу санаа жеңип
кетти: ал анте албайт болучу, андай куйтулук кылып калп айтууга башынан
көнгөн эмес, эгер ошенте турган болсо, анда аны уят, ар намыс өлтүрүп салмак.
Мына ушундай ойлор менен алп урушуп олтуруп, Мартин тамактын биринчи
жарымысын өтө сабырдуулук менен өткөрдү. Бирок ал өзүнүн ушул мүнөзү
менен Артурдун үйүндөгүлөрүнө: мен тамак берүүгө бир жапайы адамды
ээрчитип келемин, бирок силер андан тап-такыр чочубагыла, анткени ал, жапайы
болгону менен өтө кызык киши, — деп мурдатан эле кабардап койгон анын
кастык сөзүн жалгандыкка чыгарып салгандыгын өзү билген жок. Руфтун бир
тууганы ушундай эки жүздүү жандими экендиги Мартиндин оюна эч качан
келген эмес. Кала берсе ал аны төпөштөөдөн куткарып калбады беле. Мына, ал
өзүн азыр жеткен бир шордуудай сезип, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн бардыгынан
көңүлү сууп, каңырыгы түтөп столдо өзүн араң эле кармап олтурду.
Тамак жалаң гана курсакты тойгузуш үчүн гана керек эместигин ал алгачкы
ирет түшүндү. Мурун тамак жегенде эч нерсени элес алчу эмес. Ал ага тамак гана
болуп сезилчү. Эми болсо, таптакыр башкача, тамак ичүү анын эң сонун
сезимдерин козгоп, эстетикалык функциянын ролун аткарды жана сезимди гана
козгоп тим болбостон, акыл-эсти да өөрчүтүүчү курал сыяктуу болуп көрүндү.
Анын башы катуу иштей баштады. Столдо олтургандар мааниси жагынан ага
түшүнүксүз жана китептерден гана кездешүүчү сөздөрдү айтып жатышты.
Буларды ал жашаган чөйрөдөгү адамдардын бири дагы билмек тургай, тилдери
келип айталышчу эмес. Руфтун жакындары мындай татаал сөздөрдү эч кандай
буйдалышпастан жеңил гана айтып жатышкандарына таң кала түшкөндүгүнөн
муундары титиреп, денесин калтырак басты. Ал мурда китептерден окуган өтө
кызыктуу, таң каларлык сонун нерселер эми калетсиз чындык болуп чыкты.
Ошентип ал азыр максаты күтүлбөгөн жерден ордунан чыккан кишидей болуп,
бир азга рахаттана да түштү.
Турмуштун мындай бийиктигине ал эч качан көтөрүлгөн эмес эле.
Көпчүлүктүн оюн өзүнө көп алаксытпаска аракет кылып, кулак салып угуп
олтурган сөздөрүнө бир беткей гана: эгерде Руфь кайрылса «ооба, мисс», же «жок,
мисс», же болбосо, анын апасы кайрылса; «ооба, мэм» же «жок, мэм» деп гана
кыскача жооп берип жатты. Ал «суучулдук» көнүмүш боюнча Руфтун бир
тууганынын берген суроосуна «ооба, сэр», деп аз жерден жооп берип жибере
жаздап, өзүн-өзү кайра кармап калды. Эгерде ушинтип жибере турган болсо, анда
ал өзүн-өзү булардын астында кемсинтип, уяткарып алып, өзү эңсеп отурган
Руфка жакпай калмак. Буга анын ар-намысы да жол бербеди. Кудай урсун, — деп
ойлоду ал, — мен булардын эч кимисинен кемим жок жана эгер алар мен
билбеген өтө көп нерселерди билише турган болсо эмнеси бар экен, мен дагы
адаммын, алардын бардыгын билип алууга кудуретим жетишет. Бирок, кез-кези
менен Руфтун же анын апасынын аны көздөп «мистер Иден» деп кайрылып
калышынан анын жанагы көңдөйлүгү унутулуп, оозу аңырдай ачылып, беттери
кызара түшүп да жатты. Ал азыр өзүн кадимки маданияттуу адамдай сезип,
мурда китептерден гана кездештирген адамдардын чөйрөсүндө сый көрүп,
тамактанууда. Ал кыялында ошол китептердин ичине түшүп алып, мукабалары
кооз томдордун барактары аркылуу саякат жүргүзгөнсүдү.
Ал Артур айткандай киши кийикке окшош эмес, койдон жоош болуп эле,
адамча столдо тынч гана олтуруп, бир гана буларга эми кандай мамиле жасасам
дегендей ойлор менен алпурушуп жатты. Жок, ал чындыгында койдон жоош эмес
эле, бул жөн гана сырткы түр көрсөтүүсү болучу, анын намыскөйлүгү тим эле эр
өлтүрүүдөн да кайра тарттырчу эмес. Ал ыгы келген кезде гана сүйлөп коюп
олтурду, бирок, сөздөрү улам бир жеринен мүдүрүлгөнсүп кетип жатты. Ал
өзүнүн көп тилдер аралашкан сөз байлыгынын кенчинен керек- түү сөздү таап
сүйлөөгө өтө аракеттенип көрдү, бирок, ал тапкан сөздөрүн тили келип туура
айта албачудай коркту. Ал эми, өзүнө түшүнүктүү жеңил сөздөр болсо, ага
кандайдыр бир айтууга одоно, түшүнүксүз болуп туруп алды.
Сөз тизмегинин начардыгынан ал эмнени сезип, эмнени ойлоп тургандыгын
түшүндүрө албагандыгына өзүнө-өзү ичинен наалат айтып, бушайман болду.
Крахмалдуу жака анын мойнун кандайча кысып, муундуруп жиберген болсо,
эрксиз буйдалуу анын бүткүл эркин, көңүлүн да ошондой эле кысып, муундуруп
жиберди. Мартин минтип олтуруп көпкө туруштук бере албаймын го деп да өтө
чочуду. Кыжырды кайнаткан сезимдер менен ойлордон Мартин буркан-шаркан
түшүп кеткиси да келди; ушул учурда ал өзүнүн кайда отургандыгын сезбей
калып, көкүрөгүнө жат кандайдыр бир көнүмүш сөз оозунан шоп этип ыргып
кетсе болобу...
Мартин, баятан бери желкесинен кетпей турган үй кызматкеринин аны
көздөй сунган ашынан ооз тийгиси да келбей кыскача жана так гана мындай
деди:
— Пау.
Столдо олтургандардын баары айран таң калуу менен Мартинди тиктешип
калышты. Үй кызматчысы шылдыңдуу жылмаюусун араң эле токтотту, Мартин
болсо, чочуп кеткендигинен катуу селдейе түштү. Бирок ал тез эле эсине келип:
— Бул, кечиресиздер, канак сөзү болот, — деп жиберди, — бул сөздүн мааниси
«тойдум», «жетишет» дегенди түшүндүрөт. Бул сөз кокусунан айтылып кетти. Ал
өзүнүн колдоруна тигиле караган Руфтун ыңтызаарлуу көз карашын байкай
коюп, үнсүз, сөзсүз берилген бул суроого дароо жооп кайтарып мындай деди:
— Тынч океандык почта линиясынын кемелеринин бирине түшүп, жаны эле
портко сүзүп келген элем. Кеме кечигип калгандыктан портто белсенип жүк
жүктөп калдык. Мына ошондо колумдун терисин кокустан айрытып алдым эле.
— Жок, мен таптакыр ал жериңизди карап жаткан жокмун, — деди Руфь
шашкалактап, — сиздин колуңуз мүчөңүзгө караганда кичинерээк экен, ошону
эле каран жатам.
Бирөөлөр ага дагы бир кемчилигин көрсөткөндөй Мартин кызара түштү.
— Ооба, менин муштумдарым күчсүзүрөөк, туура айтасыз. Бирок, каруу
булчуңдарым ишенсеңиз, качырдыкынан күчтүү, урган кишимди сулатам. Кокус
бирөөнү тишке койсом колумду канжалатып алам.
Мартин бул сөздү айтарын айтып алып, кайра өзү уялып кетти. Анан болбогон
бир кептерди ойлонбой айтып салгандыгына кыжыры кайнады.
— Артурду тепкиден бошотуп калгандыгыңыз сиз тарабынан көрсөтүлгөн
зор азаматтык, кала берсе Артурду мурда билген да жигит эмессиз, — деди Руфь
Мартиндин саал сүрдөнө түшкөндүгүн сезе коюп, бирок, себебине толук түшүнө
бербей.
Мартин анын адептүүлүгүн баалап жана ага жакшы түшүнүп турса дагы,
алкыштоого эрип, толкундай түшүн дагы мындай деди:
— Болбогон нерсе. Менин ордумда ким гана болбосун дал мен сыяктуу
иштемек. Бирок, бир оңбогурлардын шайкасы өздөрүнөн өздөрү эле келип
тийишишип, урушкулары келди. Артурду ур-токмокко алышарда мен аларды
качырып кирдим. Ошентип, алардын сазайын колдоруна жакшы эле бергендей
болдум. Рас, бул учурда менин колумдун сыртынын бир аз жери сыйрылып
кеткендей болду, бирок алардын кээ бирөөлөрү тиштерин күбүтүп алышты.
Өздөрү тийишкендердин дал ушундай болгондугуна мен чындыгында эле
кубанам. Ал эми мен мындай окуяларды көргөнүмдө...
Ушул замат ал өзүнүн келесоолугун сезип, оозун ачын жалдырап туруп калды.
Кала берсе, ал өзүн Руфь менен бир абадан дем алууга да татыктуу эместей сезип
кетти. Артур да жөн турбай, бир нече жолу сөздү бөлүп, салда болгон бул окуяны
кайра-кайра жыйырма чакты кайталап, ага кандайдыр бир мас хулигандардын
асылгандыктарын жана Мартин Иден ага болушуп, аларды кантип
талкалагандыгын бежиреп баяндай берди. Бул учурда окуянын каарманы
Мартин өзүн бекер баатыр көрсөтүп, ыксыз мактанып жибергендигин ойлонуп,
кабагын капалуу чытып алды да, кайра кой эми, болор иш болду, эми мындан ары
булардын чөйрөсүндө өзүмдү токтоо жана адептүүрөөк кармап жүрөйүн, болбосо
бекер уятка калып калат экенмин деп чечти. Бирок анын тыянагынан эч нерсе
чыкпады. Себеби ал алардын тукумунан эмес эле, ошондуктан алардын тили
менен анын сүйлөгөнү балта менен чөп чапкандай иш эле. Мунун бардыгы
калетсиз чындык. Же аларды тууроо керекпи? Бирок бул далбасасы ордунан
чыкпай тургандай сезилди, анткени анткорлук кылууну өтө жаман көрө турган.
Ал бала күнүнөн алдамчылык, арамзалык дегенди тап- такыр билчү эмес. Бул
сезимдер ага башынан жат. Эмне болсо дагы ал өзүнүн турган турпатында, кулкмүнөзүндө мурда кандай болсо, азыр да дал ошондой бойдон кала берүүнү туура
тапты. Ага көшөкөрлөнүүнүн жана жасалмалуулуктун кереги жок. Азыр баары
бир алардын тили менен сүйлөй албайт, бирок бара-бара сөзсүз сүйлөп кетиши
мүмкүн, ал буга ишенет. Ал эми азырынча болсо да, унчукпай калууга жарабайт
да! Ал азыр өз тили менен аларды уялтпагандай жана түшүнүктүү болгудай
кылып, одоного чаптырбай, жатык сүйлөйт. Эртеден беркидей тилин тиштенип,
дымын чыгар- бай, тымпыйып олтура берсе, чынында эле эч нерсе түшүнбөгөн
дөдөй экен деп ойлошуп калышы да ыкты- мал.
Мына ошондуктан азыркы эле чыгарган жыйынтыгын ишке ашырып, баятан
бери Норман менен Артур университеттик иштер жөнүндө сүйлөп жатышып, бир
нече ирет кайталап өтүшкөн «триг» деген сөздү Мартин Иден уялбастан эле:
— «Триг» деген эмне? — деп, сурап калды.
— «Тригонометрия», — деди Норман. — Жогорку «матиканын» бир бөлүгү.
— А, «матика» деген эмне? — деп дагы сурап калды ал: Бул суроо Нормандын
кытмыр жылмаюусун туудуруп өттү
— Математика, арифметика — деди жооп берип ал.
Мартин түшүндүм дегендей башын ийкеп койду. Ал
акылмандыктын алгачкы учу — кыйрысыз тереңдигине көз жиберип көрдү. Ал
жөнүндө ойлонуп, терең козголо түштү. Анын элестетүүсүнүн күчтүүлүгү
абстрактуу түшүнүктөрдү ачык-айкын образдарга айландырып жиберди.
Тригонометрия, математика жана билимдин башка бардык тармактары анын
мээсинин алхимиялык аспабына символ болуп аттын кашкасындай дапдаана
чийиле түштү. Ал көз алдынан кадимки сүрөттөгүдөй жашыл жалбырактарды,
күндүн алтын нуруна бирде жаркырап, бирде жалбырактардын арасынан түшкөн
алтын шоолага көкүрөгүн тештирген карагайдын таңын көрдү. Алыстан анын
бардыгы кара кочкул түстөгү коюу туман менен капталып тургансыйт. Мына
ушул тумандын ары жагында сырдуу жана романтикалуу укмуштуу бир өлкө бар
экендигинен ал түк да шек санаган жок. Ушулардын бардыгы аны эрксизден не
бир сонун таттуу кыялдарга тартып кетти. Ал жерде болсо эрдикти көрсөтүү үчүн
бардык шарт, эркин ой жүгүртүү менен талыкпай иштеш үчүн кең мейкиндик,
мемиреген тынч- тык жана башкалардын бардыгы бар эле, бирок аңгыча болбой,
анын жүрөгүнүн тереңинен кандайдыр бир ой, өзүнөн-өзү сызылып чыга келди:
өзүнүн бет маңдайында олтурган лилия гүлүндөй аппак назик, сулуу кыз үчүн
кандайдыр бир зор эрдик көрсөтүүнү эңсеп кетти.
Жаркыраган бул элес Артурдун Мартинден жапайы одонолуктун ачыгыраак
байкалышы үчүн жасаган аракеттеринин таасиринен бир пастын ортосунда
көздөн кайым боло түштү.
Мартин Идендин жанагы чечими дагы эле оюнда. Жанагыга караганда ал
азыр өзүн-өзү кадимкидей башкарып, турмушту кандай түшүнсө, аны ошондой
мазмун- да баяндайын деген аракетинде адегенде бир аз кыйналса да, бара-бара
эргүү менен чыгармачылыктын кубанычына уламдан-улам тереңдеп тартылып
баратты.
Бажыканалык катер контрабандалык «Хальцнон» аттуу кайыкчаны кармаган
кезде ал ушул кайыкчада суучул болуп жүргөн. Мартин башкалар сыяктуу эле
турмушта жашоону, аны сүйүүнү өтө эңсөөчү жана өзүнүн башынан өткөрүп
көргөн-билгендери жөнүндө эң кызыктуу кылып айтып да бере ала турган. Ал
көбүк чачкан деңиздер, кемелер жана команданын кишилери тууралу татынакай
чебердик менен төкпөй-чачпай сүрөттөп берүүдө өзүнүн элестүү кыялдары
менен угуп олтургандарды биротоло уютуп таштоочу. Ал азыр дагы чыныгы
сүрөтчүлүк сезгичтиги менен окуялардын арасынан эң орчундууларын, эң
кызыктууларын иргеп, тандап алып, андан айкын-ачык элестүү жана жандуу
картиналарды түзүп, угуп олтургандарды сөзмөрдүгү жана эргүүсү менен өзүнө
тартып турду. Сүрөттөөлөрүнүн кээ бирде гана өтө майдаланып кеткендиги,
сөздөрүнүн айрым бир жерлери угуучуларды уялдырып жиберип жатканы
болбосо-, анын аңгемесиндеги айрым одонолуктар мезгилинде сылыктык менен,
ал эми кайгылуу жерлери болсо шат күлкү менен алмашылып жатты. Бул болсо,
айрыкча өзү өңдүү суучулдарга тиешелүү шайырдык сапат эле.
Мартин Иден сүйлөп бүткүчөктү Руфь анын жүздөрүнөн жалындаган көз
карашын албай олтурду. Анын жүрөгүнүн жалыны Руфтун бүт денесин аралап
өткөндөй болду. Руфь азыр өзүнүн мурунку өткөн жылдарын эмне үчүн жалгыз
өткөргөндүгүн түшүнө албай кетти. Руфь, бул күчү, саламаттыгы вулкандай
болуп ташып турган жалындуу жигиттин мойнуна асылгысы келип, аны
бекем-бекем сыга кучактап, ага жалынып, жалбаргысы келип кетти. Анын бул
каалоосу ушунчалык күчтүү болгондуктан ал өзүн-өзү араңдан зорго токтотуп
кармап турду. Бирок, ошол замат Руфту Мартинден эмнегедир бир тоскоолдук
четтетип туруп алды. Алар болсо оор эмгектен жана начар жашоо шарттарынан
кетпес так калган Мартиндин одуракай жана жарадар колдору менен козунун
үйлөнгөн табарсыгындай болгон булчуңдары, жакасы өйкөп кызартып жиберген
буканыкындай жоон моюну эле. Анын олдоксондугу да Руфту чочутпай койгон
жок. Ал эми анын орой чалыш чыккан ар бир сөзү Руфтун кулагына октой тийип,
ошондой эле өмүр жолунун ар бир олдоксон үзүндүсү да кабыргасын
кайыштырып, жанын кашайтып жатты. Бирок ошенткени менен Руфка аны
көздөй кандайдыр бир шайтан азгырып тургансыды. Анын мурдагы шек
саноолору эми эмнегедир олку-солку болуп бошоңдой берди. Романтикалык
кыялдануу менен укмуштуу окуяларга толгон. Мартиндин өмүрү анын көнүмүш
болуп калган бардык божомолдуу элестөөлөрүн четке какты. Мартиндин
жагымдуу күлкүсүн, коркунучтуу окуялар жөнүндөгү анын шайыр баяндаган
аңгемелерин угуп олтуруп, Руфь турмушту мурдагыдай кандайдыр бир олуттуу
жана коркунучтуу нерсе катары эсептегиси келбеди: турмуш ага каалаган жагын
көздөй айлантып ойносо кызыктуу, бирок бирөөгө берсе кенедей да өкүндүрбөй
турган оюнчук сыяктуу сезиле баштады. «Мына, эми сен дагы ойногун, — деди
ага канаттуу кыялы, — эгер кааласаң Мартинди эркелетип, мойнунан кучактап,
беттеринен чопулдатып өп!». Кайра ал бул жеңилдиги үчүн өзүн-өзү жаман көрүп
күнөөлөгүсү келди, бирок, бардык кылган аракеттеринен натыйжа чыкпады.
Чыныгы сүйүү эч нерсеге карабайт эмеспи, көп болсо Мартинден ал тазалыгы,
маданияттуулугу менен айырмаланар, башка эмне айырмасы бар? Руфь бир аз
токтоло түшүп, айланасына көз чаптырды; башкалар дагы Мартиндин аңгемесин
кунт коюп угуп олтурушкан эле, бирок апасынын көзүнөн өзү корккондой эле
коркунучту, — бир чети кубанычтуу болгон менен баары бир коркунучтуулукту
байкады. Бул болсо ага кайра дем бере түшкөндөй болду. Ооба, караңгылыктан
келген бул адам азапты туудурат эмеспи. Жанагы апасынын ичи тартыла түшкөн
себеби да ушул. Демек бул — танылгыс чындык. Апасынын көз карашын туура
эмес деп эсептеген күнү эч качан болгон эмес. Руфь бул саам дагы аны жан-дили
менен колдоп олтурат. Мартиндин жүрөгүнүн жалыны Руфту жанагыдай
козгомок түгүл, анын кайра кыжырын келтирип, жек көрүүсүн туудуруп, бардык
эрдиктери бир тыйынга татыбай калды.
Тамактан кийин жашыруун сыр, жалган каалоо менен ага роял ойноп бериши
— ал экөөнүн ортосундагы мурдагы түпсүз караңгы тереңдикти ого бетер
көбөйтүп жибергенсиди. Анын музыкасынан Мартин таңданып, аны бирөө башка
салып калгандай деңгирей түштү. Кала берсе бул анын эсин эки кылып,
намысына бычак салды. Бирок ошол замат эмнегедир анын делебеси козголо
түшкөнсүдү. Ал Руфка кумарлуу көз карашын дагы жиберди. Ошентип
ортолорундагы айырмачылыктардын барган сайын күчөп бара жатышын экөө
тең сезип, айырмачылык канчалык көбөйгөн сайын Мартиндин Руфтан
ошончолук бардык жагынан ашып түшкүсү келди. Мартин өтө сезгичтик жана
сезимге тез берилүүчүлүк менен бүткүл кеч бою экөөнү бөлүп турган бул
туңгуюк жөнүндө жай баракат байкоо жүргүзүп унчукпай отурду. Анын бул
кыялдануусу музыканын жаңырыгында өзгөчө толкундантты. Ага музыка
жүрөктүн дарысы боло турган. Музыканын үнү аны кадимки күч- түү шарап
сыяктуу жаркыраган ойлорго түртүп, зор аракеттерге шыктандырып, кыялын
толкундатып, аны булуттан жогорку бийиктикке алып уча турган. Мына
ошондуктан анын денесине канат бүтө түшкөнсүп, эң сонун жана укмуштуу
нерселерге кездеше калгандай, ырайымсыз мурдагы көрүнүштөр болсо көз
алдынан жоголо баштагансып кетти. Бирок ал, Руфтун эмнени ойноп жатканына
түшүнбөдү. Ошондой болсо да, бул өзү угуп жаткан музыка суучулардын
оюн-шоок кечелерин- деги сынык пианинонун күлдүрөгөн дабышына же болбосо
духовой оркестрдеги жездин үнүнө таптакыр окшошпойт. Жок, таптакыр окшош
эмес эле... Ал китеп- терден дал ушундай музыка жөнүндө көп окуган, бирок ал
Руфтун пианинодо бул ойношунан мурдагы кулакка жагымдуу, жөнөкөй жана так
ритмдерди сезе албады. Кээде ал ритмдүү сүрөттөрдү тапкансый түшүп, көз
алдына образдардын тизмегин келтирүүгө аракеттенди, бирок ушул замат
башаламан үндөрдүн арасында жанагы ритмдүү сүрөттөр кайда кеткени
билинбей, анын көкөлөгөн кыялы канатынан ажыраган куштай болуп,
бийиктиктен жерди көздөй кулап келатты.
Ушул арада ал, Руфь мени кокус шылдыңдап жатпасын деген ойго дагы келе
калды. Руфтун роялда ойношунан ал кандайдыр бир кастыкты сезгенсип,
клавишаларды койгулап, лыпылдап ойноп жаткан анын чыбыктай ичке колдору
эмне жөнүндө баяндап жаткандыгын ачыгыраак билүүгө ынтызарланды.
Бирок, ал бул жараксыз ойду тез эле четке кагып, кайрадан музыкага эркин
берилгиси келип кетти. Анын мурдагы суктануулары эми кайрадан жандана
түшкөнсүдү. Анын денеси жерден бөлүнүп, асманга сызгандай көңүлү куунап,
укмуштуу жаркыраган кандайдыр бир нур анын көз алдында жанып тургансыды.
Анын айланасындагынын бардыгы кайда кеткени белгисиз боло түшүп, өзү
болсо башка бир чоочун, кооз дүйнөдө жүргөнсүп кетти. Бул татынакай, эң сонун
көрүнүштөрдүн ичинде тааныш нерселер менен тааныш эмес нерселер
бири-бири менен камырдай жуурулушуп, аралаша түшкөндөй болду. Өзү ысык
өлкөлөрдүн белгисиз портторун көрүп, эл жүргөн аянттарда, мурда эч ким
көрбөгөн уруулардын арасында адашып жүргөнсүдү. Ага бир кездеги жылуу
түндөрдө деңизде сүзүп жүргөн кезинде дем алып көнгөн өзүнүн тааныш
аралынын атыр жыттуу абасынын илеби да келе баштагансып жана кайра Улуу
океан боюнча, бирде көк мейкиндиктин үстүндө пайда боло калып, бирде жок
боло түшкөн укмуштуу нальмалар менен курчалган шурулуу аралдардын
арасында саякат куруп жүргөндөй сезилди. Көрүнүштөр кадимки жандуу караан
сыяктуу тез пайда боло калын, кайра тез жок болуп кетип жатты. Ал бирде
какшыган кумдуу чөл менен тулпар минип зымырап бараткандай сезсе, дагы бир
көз ачып жумгандын ичинде ысык абанын көк жашыл асман желеси аркылуу
Ажал Өрөөнүнүн ак күмбөзүнө көз жиберип же күн нуруна чагылышып жаткан
зор аралдары бар Муз Океанынын толкундарынын үстүндө кайык минип сүзүп
бараткансыды. Кээде шурулуу аралдагы кокос пальмасынын түбүндө жатып,
деңиз толкундарынын шыбырагансып чыккан үндөрүнө кулак төшөп
тыңшагансыйт. Кыйроого учураган эски кеменин тулку көгүлтүр тартып
жалбырттап күйө баштап, бул сырдуу жарыкта гавайдык гитардын үнү жана
гүрү-гүү түшкөн там-тамдын тарсылдаган дабыштары менен ырчылардын
озондогон коштоосу алдында бийчилер «пила» бийин бийлешет. Айланада терең
тынчтык, көшүгөн тропикалык түн жана алыскы-алыскы жылдыздуу асмандын
бетинде вулкандын сөлөкөтү тартылгансыйт. Төбөдөн болсо, күмүш табактай
болуп акырындык менен ай калкып бара жатат; анын төмөн жагында болсо үч
Аркардын жылдыздары жерге нурун чачат.
Мартин эол арфасына окшоп кетти. Анын өмүрүндөгү көргөндөрү менен
башынан өткөргөндөрү эолдун ичке кылдары болуп, ал эми музыка болсо, анын
кыялдары менен тилектерин козгоп, ушул кыялдарды терметип күүгө келтирип
турган шамал сыяктуу болду. Ал жөн гана сезген жок. Анын ар бир сезгендери
өзүнүн формасы жана кооздугу жагынан айырмаланып, кандайдыр бир укмуштуу
жана сырдуу жолдор менен образдарга айланып жатты. Анын башынан өткөн,
өтүп жаткан жана өтө турган окуялары бири-бири менен аралашып кеткендей
болду; ал өтө кең, өтө жылуу жана эң сулуу дүйнөгө баргандай, ал жерден Руфка
жагуу үчүн чоң эрдиктерди көрсөтүп жүргөнсүдү. Мына, кала берсе ал Руфка да
кошулуп, анын жүрөгүн чексиз бийлеп, өз кучагына бекем тартып, кыялынын
кызыктуу дүйнөсүн көздөй ээрчитип кеткенсиди.
Руфь Мартиндин өзүнө тигилип, анын эмне ойлоп, эмне сезип тургандыгын
байкоого аракеттенди. Мартиндин өңү ага өзүнө окшобогон башкача өңгө окшоду
жана от жанып турган эки көзү жомоктогудай сырдуу болуп сезилип жандуу
турмуш менен фантазиянын зор элестерин бергенсип кетти. Руфтун жүрөгү
козголо түштү. Жанагы одоно, кологой жигит эми башка түргө өттү. Анын ыксыз
тигилген кемсели, жарадар колу, күнгө күйгөн жүздөрү ага мурдагыдай эле болуп
көрүнсө дагы, — азыр анын бардыгы өзүн толкундаткан сезимдерди
түшүндүрүүгө сөзү жетпегендей таасир этип, кең пейил, бирок алсыз, тилсиз
акылман адам камалып жаткан түрмөнүн эшигиндеги темир тордой гана болуп
сезилди. Бул көрүнүш өтө тез пайда болуп, кайра тез эле көздөн кайым боло
түштү; кологой жигит кайра анын көз алдына тартыла түштү. Руфь өзүнүн
укмуштай фантазиясына өзү күлүп жиберди. Ошенткени менен бул көз ирмемге
созулган элестер анын көңүлүнө өзүнүн изин калтырбай койгон жок. Мартин эми
кетүүгө камынып, Руфь менен коштошкусу келди, Руфь ага мээримдүү
жылмайып, Суинберндин жана англия адабиятынын курсунан өзү окуп жаткан
Броунингдин бир томун ага эстеликке сунду. Руфка рахмат айткан сөзүнөн
Мартин ага жаш бала сыяктуу болуп көрүнүп, ошондуктан Руфь аны энелик
мээрим менен эрксизден жакшы көрүп жана өтө боору ачыгандай катуу аяп
кетти. Руфь эми жанагы одоно жигитти, сырткы түрү кадимки мусапырдыкына
окшогон бечара жигитти, сүрдүү жана ошол эле учурда сүйкүмдүү көз караштуу
жигитти унутуп таштады. Руфь көз алдынан дагы эле тажрыйбасыз жаш баланы
көрүп тургансыды, бирок бул жаш бала өзүнүн калактай болгон күчтүү колдору
менен Руфтун колун бекем кысып, мукактана мындай деди;
— Сиздер менен кездешүү — бул менин өмүрүмдүн эң сонун минуталары
болуп саналат. Көрдүңүзбү? — деди таң калгандай айланасына көз чаптырып, —
мен бул көрүнүштөрдү, мындай маданияттуу адамдарды жана
эң жасалгалуу жайды өмүрүмдө эч качан көргөн эмесмин... Мунун баары мен үчүн
чоң жаңылык жана мага бөтөнчө жагат.
— Дагы келерсиз деп ойлойм, — деди Руфь, Мартин анын бир туугандары
менен коштошуп жатканда.
Ал колундагы шапкесин керип туруп башына кийди да, босогодон мүдүрүлө
аттап, эшикти көздөй жөнөдү.
— Кандай, бул жигит сага жактыбы? — деп сурады Артур.
— Өтө кызыктуу жигит көрүнөт. Тим эле таза аба дем ала түшкөндөй болдум...
Мага өтө жакты, — деп жооп кайтарды Руфь.
— Канча жашта болду экен?
— Жыйырмадамын дедиби, же жыйырма бирдемин дедиби, айтоор жаш эле.
Бирок, өз жашынан улуураактай көрүнгөнсүдү менин көзүмө.
«Демек, мен андан үч жашка улуу турбаймынбы» — деп ойлоду да Руфь, бир
туугандарынын беттеринен өөп коштошуп, аларга жакшы жатып, жай
турууларын каалап, өз бөлмөсүнө кирип кетти.
III ГЛАВА
Мартин Иден тепкичтен түшүп баратып чөнтөгүнөн бир чымчым мексика
тамекисин алып чыгып, жука күрөң күрүч кагазга тамеки орой кетти. Ал кумары
таркаганча тамекинин түтүнүн удаа-удаа соруп, андан кийин жай гана жогору
көздөй үйлөп жатты.
— Кызыгың түшкүрдүкү десе! — деди ал жыргалдана түшкөндөй таң калуу
менен. — Кызыгың түшкүрдүкү десе! — деди ал кайталап, бир аз унчукпай калып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.