Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20

Total number of words is 3984
Total number of unique words is 1903
29.5 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
47.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кармоону», «Түндүк-чыгыш шамалын» салып жиберди. Бирок алар кол
жазмалардын бирөө үчүн да ага тыйын төлөп коюшкан жок. Чындыгын айтканда,
алты ай артынан түшүп жазып жүрүп, акырында Мартин «Таш бака кармоого»
бир сакал алгыч устара алды, ал эми «Акрополь» болсо, ага «Түндүк-чыгыш
шамалы» үчүн беш доллар жана жылдык жазылуунун беш санына бекер жазып
коюуга аны ишендириптир, бирок ал айт- кандарынын экинчи бөлүгүн гана
аткарды.
Ственсон жөнүндөгү сонети үчүн Мартин акчаны ыгы жок ысырап кылууну
сүйбөгөн бостондук бир басмадан эки доллар алды. Мартиндин жаңы эле жазып
бүтүргөн «Пери жана акак» деген поэмасы темир жолдук чоң шериктиктин
каражаты менен чыгуучу Сан-Францисконун бир журналынын редакторуна
бөтөнчө жагыптыр. Редактор бул поэмасы үчүн Мартинге темир жол боюнча
акысыз саякаттоону сунуш кылган. Мартин редакторго кайрылып бул укукту
башка бирөөгө берүүгө мүмкүн болор бекен деп сурады. Бирок ал акысыз
билеттин укугун башка бирөөгө сатууга мүмкүн эместиги жөнүндө кабар алып,
мындан да эч нерсе чыкпасын ойлонуп, кол жазмасын кайра кайтарып
жиберишин талап кылды. Ал тез эле кайтарылган поэмасын колуна алып,
редактордун анын поэмасынын басылбай калгандыгына карата терең өкүнүчүн
окуду. Мартин бул поэмасын экинчи жолу Сан-Франциского, бул саам «Шершень»
аттуу качандыр бир кезде көрүнүктүү бир журналист негиздеп жана окуучуларга
тез эле белгилүү кылган журналга жиберди. Тилекке каршы «Шершень»
журналынын бул кадыры Мартин төрөлө электен мурун эле кетип калган экен.
Редактор Мартинге анын поэмасы үчүн он беш доллар сунуш кылып, бирок,
поэма басылып чыккандан кийин өзүнүн ал айткан убадасын унутуп коюптур.
Мартин өзүнүн көп суроолоруна жооп келбегенден кийин, акырында ачууланган
кат жазып жиберип, жаны редактордон, менден мурун иштеген редактордун
кемчилиги үчүн мен жооп бере албаймын, экинчиден сиздин «Пери жана акак»
деген поэмаңыз жөнүндө мен жеке өзүм анчалык деле жакшы пикирде эмесмин
деген салкын кабарды алды.
Андан беш бетер жаман нерсе чикагонун «Глобус» деген журналынын жообу
болду. Чыгарсамбы же жокпу деп олку-солку болуп турган Мартин, акыры
ачкалык- тын азабы өткөндөн кийин «Деңиз ырларын» басып чыгарууну чечти.
Он чакты журнал тарабынан баш тартылган бул ырлар акырында «Глобус»
журналынан өз ордун тапкандай болду. Бул бардыгы болуп, отуз ыр болучу,
эгерде ар бирине бирден доллар алганда да, Мартин бул ырлар цикли үчүн отуз
доллар алмак. Алгачкы биринчи айда анын төрт ыры басылып чыкты. Узабай эле
Мартин анын ар бирине бирден төрт доллар алды, бирок журналды ачып көрүп
ал чочуп кетти. Себеби ырлардын аттары өзгөртүлүп «Finis» деген сөздүн ордуна
«Финиш» 4 делип, «Деңиз зоокасынын ыры» дегендин ордуна «Деңиз
Үлүлдөрүнүн ыры» деп жазылыптыр. Бир ырдын темасы таптакыр ылайык
келбеген экинчи бир ырдын темасы менен алмаштырылып жиберилген.
«Медузанын түсү» дегенди редактор «Арттагы из» деп жазып салыптыр. Ал эми
ырлардын өзү болсо, кайчы менен кескендей шалааланып, аябай оңдолуптур.
Мартиндин тиштери кычырап, өз чачын өзү жулмалады. Кээ бир сөздөр, ырдын
саптары, строфалар окуган киши түшүнүүгө мүмкүн болбогондой алмашылып,
чаташып, кала берсе, түшүрүлүп ташталган. Ал эми кээ бир саптар болсо,
таптакыр башка саптар менен алмаштырылып ташталган. Мартин эс-акылдуу
редактор, кантип эле ушундай кара санатайлык иштерди кылсын деп, өзүнө өзү
ишенбей жана бул кылмыш басмаканада иштегендердин, арип терүүчүлөрдүн
колунан келет, келсе деп түшүндү. Мартин ошол замат бул ырлар циклин басууну
токтотууну талап кылып урушуп да, жалдырап да, коркутуп да удаасы менен үч
кат жазып жиберди. Бирок анын каттарына кайтарылып бир да жооп келген жок.
Тескерисинче айдан айга бул сыяктуу бурамаланган ырлар биринин артынан
үзгүлтүксүз бири чыгып жатты жана ай сайын Мартин бул чыккан ырлары үчүн
тийиштүү долларын алып турду.
Бардык бул ийгиликсиздиктерден капа болгон Мартинднн көңүлүн бир гана
«Ак-Чычкандан» келген кырк доллар жөнүндөгү ой гана көтөргөндөй болду.
Бирок, ал улам көбүрөөк убактысын кирешелүү майда чыгармаларды түзүүгө
жумшады. Ал күтүлбөгөн жерден агрономиялык жана соода журналдарынан
«токочтук» орун тапты. Жума сайын чыгаруучу диний журналга да катышып
көрдү, бирок байкап олтурса булардан түшкөн кирешелерге адам жашай ала
турган эмес. Айла жоктон Мартин өзүнүн кара костюмун дүкөнгө алып келип
тапшырган эң кыйын учурда кудай жалгап, чыгармалары — республикалык
партиялык комитети жарыялаган конкурстан ийгиликке ээ болуп калса болобу...
Чынын айтканда, бул бир эмес, үч конкурс боло турган, Мартин үчөөнөн тең
жеңишке ээ болду. Ал өзүн өзү мындай айла амалдар менен аракет кылгандыгын
мыскылдап күлдү.
Финис (лат.) — аягы: финиш (англ.) — спорттогу чуркап келүүнүн эң акыркы мараасы.
Анын поэмасы он доллардан турган биринчи сыйлыкка, үгүт ырлары беш
доллардан турган экинчи сыйлыкка жана эң акырында республикалык
партиянын милдеттери жөнүндөгү көлөмдүү макаласы жана дагы жыйырма беш
доллардан турган биринчи сыйлыкка татыктуу болгон эле. Мунун бардыгы аны
чексиз кубандырды, бирок анын кубанычы көпкө созулбады. Акчаны алууга
келгенде иш таптакыр башкача болуп өзгөрдү, калыбы комитеттен бир
ыйкы-тыйкы чыкса керек, анын мүчөлөрүнүн арасында бир сенатор, бир
банкирдин болгондугуна карабастан комитетте бир тыйын да акча жок экен.
Мына ошентип, мындагы былыңгыттар бүткөнчө Мартин карап турбай,
демократтык партия тарабынан жарыяланган конкурска да катышып,
«Демократтык партиянын милдеттери тууралуу» деген көлөмдүү очерки үчүн
биринчи сыйлык — жыйырма беш доллар акчаны конкурстун жыйынтыгы
бүтөрү менен нак колуна санатып алды. Ал эми республикалык партия
тарабынан биринчи конкурс боюнча ала турган кырк доллардын ал ошол бойдон
караанын да көргөн жок.
Эми Руфь менен кездешүү үчүн бир амал ойлоп таппаса болбой калды.
Анткени Түндүк Оклендден Морздордун үйүнө чейин барып жана кайра келүү
үчүн көп убакытты талап кылуучу, мына ошондуктан Мартин өзүнүн костюмун
өткөрүп бир велосипед сатып алууну чечти. Убакытты үнөмдөп велосипед менен
барып келип туруу бул физкультуралык эң сонун машыгуу боло турган. Анын
жука кендирден тигилген кыскараак шымы, токулган спорттук сырткы көйнөгү
велосипед үчүн тигилген костюмдан кем калышпай, аны алмаштырып калды.
Мына ушинтип, Мартин эми күн санын Руфь менен түштөн кийинки сейилдикке
чыгуучу болду. Руфтун үйүндө жолугушуу ал экөөнө анчалык ыңгайлуу болбоду,
анткени миссис Морз ак сөөктөрдүн оюн-зоок кечелерин уюштурууга
багытталган планын аткарууну уланта берген эле. Конок үйүнөн кездештирген
тандал- малуу чөйрө жана жакында эле, мен да ушундай болсом деп суктануу
менен караган өкүлдөр азыр Мартиндин кыжырын гана кайнатты. Бул азыр ал
үчүн тандалган чөйрө болбой калды. Турмуштун запкысы, оор жумуш жана
максаты ордунан чыкпагандыгы — Мартинди өтө ачуулуу жана каардуу да
кылып жиберди. Мындай адамдар менен аңгемелешүү аны аябай жаалдантып
жиберүүчү, бул өз боюн баа көтөргөндүк эмес эле. Ал адамдарды өзүнө эмес,
китептерин ушунчалык толкундануу менен окуган улуу ойчулдарга салыштырып
баа бере турган. Руфтун үйүнөн ал акыркы жолу көргөн профессор Колдуэллден
башка бир дагы чыныгы акылдуу адамды жолуктура албады. Калгандарынын
бардыгы баштан-аяк сокур ишенимчил, караңгы көз караштагы адам сөрөйлөр
боло турган. Алардын бардыгы кандай маданиятсыз? Булар билимдерин качан,
кайда жутуп коюшкан, кала берсе алар дагы Мартин окуган эле китептерди
окушкан эмес беле? Кантип булар ошол окуган китептеринин бардыгынан
өздөрүнө пайдалуу бир дагы корутунду чыгарышкан эмес.
Мартин улуу акындардын, чыныгы терең ойчулдардын бар экендигин билчү.
Мунун ачык-айкын далили ага Морздордун чөйрөсүнөн ашып түшүүгө жардам
берген өзүнүн окуган китептери болуп саналуучу. Мартин ал «чөйрө имиш» деп
ак сөөктөр тарабынан жийиркеничтүү түрдө аталган чөйрөдөн мистер Морздун
мейманканасын
толтурган
ак
сөөктөргө
караганда
акылдуураак,
адамкерчиликтүүрөөк адамдарды көбүрөөк кездештирүүгө мүмкүн экендигине
ишенүүчү. Ал англиялык романдардан ак сөөктөрдүн тукумдары конок
үйлөрүндө
саясий
жана
философиялык
темалар
боюнча
аябай
талашып-тартышып
тургандыктары
жөнүндө
окуган.
Ошондой
эле
англиялык-америкалык чоң шаарларда окумуштуулар менен искусствонун
адамдары атайын кездешүүчү өзүнчө имарат бар экендигин билүүчү. Мурда ал
өзүнүн түшүнбөстүгү менен жумушчу табына кирбеген ар бир жакшы кийинген
киши гана, акылга жана көркөмдүк жөнүндө терең сезимге бай болотко деп
ойлоочу. Ага крахмалдуу жака маданияттуулуктун белгисин түшүндүргөндөй
көрүнүп жана ал университеттик маалымат менен чыныгы билимдин
ортосундагы айырмачылык асман менен жердин ортосундай экенин түшүнгөн
эмес эле.
Бирок эмнеси бар экен билбесе?! Ал өзүнө улам жогорку бийиктикти көздөй
жол салат жана Руфту да артынан ээрчитет. Мартин Руфка каны-жаны менен
чексиз берилүү менен бирге, кайда жүрсөм да Руфь менин көркүм, сыймыгым деп
эсептечү. Ал азыр Руфтун өсүшүнө анын жашаган чөйрөсү тоскоолдук кылып
жаткандыгын ойлонуп капа боло түштү. Себеби, өзүнүн чөйрөсү да анын өсүшүнө
бир кезде тоскоолдук кылган эле. Руфка ушул убакка чейин өзүнүн
жөндөмдүүлүгүн толук көрсөтүүгө бир жолу дагы мүмкүнчүлүк келген эмес.
Анын атасынын кабинетиндеги китептер, дубалдагы сүрөттөр, өзүнүн роялда
ойношу — мына ушунун бардыгы сырты кооз көрүнүш гана болучу. Чыныгы
адабиятка, чыныгы живописке, чыныгы музыкага Морздор жана алардын бардык
тааныштары кадимки сокур, дүлөй адамдар сыяктуу мамиле жасашчу! Жана дагы
булардын бардыгынан адамдын өмүрү кымбат болучу, бул жөнүндө алардын
баштарына да келүүчү эмес. Алар өздөрүн бардыгын билген адамдар деп
эсептешип, эркин ойлоочулардын жалган кебин кийишсе дагы, алар чыныгы
пайдалуу илимден бери дегенде эки кылым артта калышып, кадимки орто
кылымдагыдай ой жүгүртүүчү; ал эми алардын дүйнөгө жана анын пайда
болушуна карата көз караштары жаңы гана пайда болгон жаш расаны, үңкүрдө
жашаган адамдарды эске салып, байыркы эски жана кийинки жаңы көз
караштарды да — метафизиктердин көз караштарын элестете турган. Бул болсо
алгачкы маймылга окшош адамды караңгылыктан коркууга мажбур кылган,
иудей аркылуу Умай энени Адам атанын кабыргасынан жаралган деген ойго
ишендирүүчү метафизиканын дал өзү боло турган. Бул метафизикада кала берсе
Декартты — жаратылыш бул «мен» деп, өзүнүн кенедей сүрөтү катары кароого
үйрөткөн, ал эми англиялык бир белгилүү попту мыскылдоонун каражаты менен
өзүнүн өнүгүш законун шылдыңдап күлүүгө козгогон жана анын бул аракети иш
жүзүнө ашып, динге ишенүүчүлөр тарабынан кызуу колдоого татыктуу болуп,
акырында анын атын балчайган майлуу кара боёк менен тарыхтын беттерине
жагылганга чейин алып келген эле.
Мына ушулардын бардыгы жөнүндө Мартин канчалык көбүрөөк ойлонгон
сайын ал ошончолук бул адвокаттар, офицерлер, ишмерлер, казыначылар менен
жумушчу табынын ортосундагы бардык айырмачылык бир гана алардын
башкача тамактанышып, башкача жашашында жана кийинишинде гана
экендигине тереңирээк ишенди. Булардын экөөнө тең ал китептен окул, өзүнөн
сезген эң башкы сапаттар жетишпей тургандыгын түшүндү. Морздор Мартинге
өз чөйрөсүнүн тандалган мыкчегерлерин көрсөтүүгө аракет кылса, ал аны тоотуп
да койгон жок. Селсаяк жалдамчы ага Морздордун конок үйүнөн кездештирген
мырзаларга караганда күнчүлүк жогору болуп көрүндү. Мартин дүкөндөн
карызга тапшырган костюмун кайра сатып алып, бул адамдардын арасына келип,
өзүн кадимки малчылардын ара- сында жашаган кандын уулундай сезди.
— Сиз эмне үчүн социалисттерди жек көрүп жана алардан коркосуз? — деди
ал бир күнү түшкү тамак- тын алдында мистер Морзго бурулуп, — сиз алардын
өздөрүн да, көз караштарын да билбейсиз да.
Миссис Морз мистер Хэпгудду жерге тийгизбей мактагандан кийин аңгеме
келечектеги социализм жөнүндө козголду. Мартин бул мурдун көтөргөн ала
көөдөн г келжирбайды көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй жек көрүп олтурду.
— Ооба, — деди Мартин, — Чарли Хэпгуддан бардыгы үмүттөнүп жатышат,
бул чын, орто жашка барган учурунда анын губернатордук орунду ээлерине
менин көзүм жетти. Ал эми кийинчерээк болсо, сөзсүз сенатор болот.
— Эмне үчүн сиз мындай деп ойлойсуз? — деп сурап калды миссис Морз.
— Мен анын шайлоо алдындагы сүйлөгөн сөзүн уктум. Анын сөздөрү кээде
ушунчалык акылдуу, кээде тим эле келжиреп ар кайсынын башын бир сүйлөп
жатты. Ошондой болсо да сөздөрүндө эң ишеничтүү жана коркунучсуз киши деп
эсептей тургандай амалкөйлүк менен сүйлөдү, ал эми анын одонолук жактарын
орто шайлоочулар сезбей да калышы мүмкүн... Ар кимге өзүнүн көз карашы
жөнүндө көпчүлүктүн алдында чыгып сүйлөө өтө жагымдуу.
— Мага эмнегедир сиз, мистер Хэпгудга өтө суктанып жаткандай сезилесиз, —
деди Руфь.
— Кудай өзү сактасын!
Мартиндин көздөрүндөгү пайда боло түшкөн коркунуч миссис Морздун канын
кайнатып жибергендей сыяктанды.
— Сиз мистер Хэпгудду акмак деп айткыңыз келип турган жокпу? — деди
Руфь суук үн менен.
— Бирок орто республикачы менен демократтан саал өйдөрөөк — деди баса
жооп кайтарып Мартин. Алардын бардыгы же куу, же акмак адамдар, бирок
куулары азыраак. Биздин бирден-бир акылдуу республикачылар — булар
миллионерлер менен алардын кол астындагы кызматкерлери. Булар жок дегенде
— кайсы жерден бышкан аштын жыты жыттанарын жана эмне үчүн жыттанарын
билишет...
— Мына мен республикачымын, — деди жылмайып мистер Морз, — сиз
кандайча мени айырмалап жатасыз?
— Сиз эрксиз жалчысыз.
— Жалчы?!
— Албетте, сиз бириккен уюмдун мүчөсүсүз. Сизде жумушчу табынын билими
жана кылмыш иштеринде укук маселелери боюнча тажрыйба жок. Сиздин
кирешеңиз аялдарын урган эркектер менен чөнтөкчүлөрдөн келип жаткан жери
жок. Сиз коомдогу башка ролду ойногон адамдардын эсебинен жашап келе
жатасыз, ал эми ар бир адам, ким аны тоюндурса ошого кызмат кылат, ошонун
сөзүн сүйлөйт. Албетте, сиз жалчысыз! Сиз өзүңүз кызмат кылган капиталисттик
уюмдардын кызыкчылыгын коргойсуз.
Мистер Морз саал кызара түштү.
— Мен сизге эскертип коёюн сер, — деди ал, — сиз мени менен кадимки
ашынган социалист катары сүйлөшүп жатасыз.
Мына ушул жерден Мартин социализм жөнүндө эс- кертүүсүн баяндады.
— Сиз социалисттерди жек көрөсүз жана алардан коркосуз. Эмне үчүн? Кала
берсе, сиз алардын өздөрүн да жана көз караштарын да билбейсиз.
— Айталык, сиздин көз карашыңыз, жок эле дегенде социалисттердики менен
дал келгенсип турат, — деп каршы чыкты Морз.
Руфь бул аңгемелешип олтургандарга чочугандай көз чаптырып, ал эми
миссис Морз болсо, ичинен өзүнүн душманы болгон Мартин үй-бүлөнүн
башчысынын каарына тийип алгандыгына сүйүнгөндөй болду.
— Эгерде мен республикачыларды акмактар деп атап, эркиндик, теңдик жана
бир туугандык — бул самындын жарылган көбүгү деп айткан болсом, мындан
менин толук социалисттик экендигимди түшүнүүгө болбойт, — деди Мартин
жылмайып, — эгерде мен Дефферсонго жана аны тарбиялаган берки наадан
французга ишенген болсом, дагы али өзүмдү социалист деп эсеп- төөгө жетишсиз.
Ишенсеңиз чындыгында сиз мистер Морз, мага караганда социализмге
жакыныраак тура- сыз, мен тереңимде анын каардуу душманымын.
— Сиз албетте тамашалап жатсаңыз керек? — деп, сурады мистер Морз,
кекеткендей.
— Кымындай да. Мен тамашасы жок чын эле айтып жатам. Сиз теңдикке
ишенсеңиз, ал эми өзүңүз болсо ушул теңдикти кандайча жол менен көргө көмсөк
деп гана ойлогон капиталисттик бириккен уюмга кызмат кыласыз. Ал эми мени
болсо, сиз теңдикке каршы чыккандыгым жана сиз, тагыраак айтканда бүткүл
өмүрүңүз менен далилдеп келе жаткан эрежени колдонгондугум гана үчүн
социалист деп атап жатасыз. Республикачылар — теңдикти кай жерге гана
болбосун жаратууга аракеттенгендиктери менен анын анык катаал душмандары болуп саналат. Алар теңдиктин атынан теңдикти туруктуулук менен
кыйратып келе жатышат. Мына ошондуктан мен аларды акмактар деп
эсептеймин. Мен болсом өзүмчүлмүн. Мен жарышта күлүк, күрөштө күчтүү
жеңерине ишенем. Мен бул чындыкты биология- дан, чын эле, биологиядан
үйрөндүм окшойт. Кайталап дагы айтамын, мен өзүмчүлмүн, ал эми өзүмчүлдөр
болсо, социалисттердин түбөлүк, эзелтен берки душманы болуп саналат.
— Ошого карабастан сиз социалисттик жыйналыштарга барып жүрөсүз го, —
деди мистер Морз титиреген ачуулу үн менен.
— Албетте. Кадимки чалгынчы душманынын арасында жүргөндөй. Антпесең
душмандын сырын кантип башкача жол менен билесиң? Экинчиден мен үчүн бул
жыйындар өтө кызыктуу. Социалисттер — эң сонун пикир талашуучулар болуп
саналат жана алар жакшыбы же жаманбы айтор бир нерсени билишет. Алардын
кимиси гана болбосун социология жана ар кандай башкача «логиялар» жөнүндө
кадимки капиталистке салыштырганда бир кыйла көбүрөөк билет. Ооба, мен
социалисттик жыйындарда он чакты жолу болдум, бирок мындан кадимки Чарли
Хэпгуд да ашкере чеченсип, билгендигинен республикачы болбой калган сыяктуу
эле, мен дагы социалист болуп калганым жок.
— Билбейм, билбейм, — деди бүшүркөгөндөй мистер Морз, — мага эмнегедир
сиз социализмди көздөй жан тарткандай сезилесиз.
«Кара баскырдыкы десе — деп ойлоду Мартин, — бир сөздү да түшүнбөптүр.
Мен киши менен эмес, дубал менен сүйлөшүп жатсам керек! Мунун алган билими
кайда кеткен?
Мына ушинтип Мартинге өзүнүн өсүш жолунда буржуазиялык таптык
үрп-адаттар менен бетме-бет кагылышууга туура келди жана бул үрп-адаттар ага
тез эле каракчыдай көрүнө баштады. Ал өзү акылдуу насаатчы боло турган жана
өзүнүн тегерегиндеги адамдардын наасаттары, алардын бой көтөрмө
наадандыктарынан беш бетер анын кыжырын келтирип жиберүүчү, бул болсо,
экономиканын, метафизиканын, боорукердиктин жана ээрчип-тууроонун
кандайдыр бир таң каларлык аралашмасы боло турган.
Мартин бул кызыктуу аралашманы күтүлбөгөн жерден өзүнүн
жакындарынын арасынан жуктуруп алгандай болду. Өзүнүн бир тууган
карындашы Мэриен механик немец жигит менен тааныш эле. Ал өзү өтө
эмгекчил, өз ишин эң жакшы өздөштүрүүнүн натыйжасында велосипеддик
кичинекей дүкөнчө ачып, арзан велосипеддерди сатуу боюнча агент болуп иштеп,
оокат жайы тың неме эле. Мэриен Мартинге келип, өзүнүн күйөөгө чыкканы
жатканын билдирип, аны тамашалап колдон алып, алаканынын издери боюнча,
анын келечек тагдырын алдын ала айта баштаган.
Экинчи жолу ал, өзү менен кошо Герман Шмидти ээрчите келиптир. Мартин ал
экөөнү тең эң сыпайы жана сылык сөздөр менен куттуктап, кубанычтуу тосуп
алды, бирок бул мамиле маңыроо чалыш күйөөгө анчалык жага бербеди окшойт!
Жагымсыз пикир Мартин ал экөөнө арнап жазган ырын окуп бергенден кийин
ого бетер күчөдү. Бул карындашына арналган «Төлгөчү» деген сонун ыр болучу.
Ырын окурун окуп, бирок өзүнүн коногунун эч кандай козголуп койбогондугуна
Мартин түшүнбөй кетти. Кала берсе, карындашы өзүнүн тынчсызданган көз
караштарын, одурайган жүзүнөн ызалануу менен намыстануунун жышааны келе
түшкөн келечектеги күйөөсүн көздөй тигилтти. Окуя калыбы ушуну менен
аяктап, коноктор көп буйдалбай кетип калышты. Бул окуя жөнүндө ал көп деле
ойлонгусу келбеди, бирок дагы бир нерсе — өз карындашы — жумушчу табынын
кызы — өзүнө арналып жазылган ырга эмне үчүн ыраазы болбогондугуна
түшүнө албады.
Бир нече күн өткөндөн кийин Мэриен дагы келди. Бирок ал, бул жолу жалгыз
эле келген. Эшиктен кире электе эле: — ушунун бардыгы сенин олдоксон кылган
мамилең, — деп, ал Мартинди жемеге ала баштады.
— Эмне болуп кетти Мэриен? — деп Мартин таң кала түшүп сурады. — Сенин
түрүңө караганда, өзүңдүн ата-энеңден же болбосо, жок дегенде өзүңдүн бир
тууганыңдан уялып жаткандай сүйлөп жаткансыйсыз да?!
— Албетте, уялам, — деди ал.
Мартин карындашынын көздөрүндөгү таарынычтын жаштарын көрүп,
дарманы кете түштү. Көрсө карындашы аябай таарынган экен.
— Сенин Германың кантип эле бир тууганы карындашы жөнүндө ыр
жазгандыгын кызганычтык кылсын?
— Ал такыр кызганбайт, — деп, Мэриен бышактап ыйлап жиберди, — ал
биздин көзүбүзчө бир тууганыңдын ыр окуганы уят, адепсиздик дейт.
Мартин ишенбестей саал ышкырып койду да, анан үкөктү ачып, «Төлгөчүнүн»
бир даанасын алып чыкты.
— Түшүнбөйм, — деди ал, кагазды карындашына сунуп жатып, — ме окуп көр,
адепсиздик бар бекен же жок бекен өзүң эле айта койчу? Ушинтип айттың го?
— Ал айткандан кийин, демек бар болуш керек, — деди кагазды
жактырбагандай четке кагып сая жооп кайтарып, Мэриен. Ал сенден бар эмеспи,
бул ырыңды тытып салышыңды талап кылып жатат. Ал менин аялым жөнүндө эч
ким мындай ыр жазышын каалабаймын, бирөө окуса шылдың болуп жүрө
албаймын дейт. Бул шылдың, маскаралык мен аны көтөрө албаймын, — дейт ал.
— Эмне деген сандырактык! — деп жиберейин деп, кайра токтоло калды.
Анын бет маңдайында кадимки өзүнүн келечек күйөөсү сыяктуу эле, эч
нерсеге ишенгиси келбеген Мэриен буркурап ыйлап турган эле, мына
ошондуктан ал, бул окуянын бардык маанисиздигин түшүнүп, эрксизден
багынууга аргасыз болду.
— Болуптур, — деп кол жазмасын майдалап тытып, корзинкага ыргытып
салды.
Бирок ал ичинен буга кейиген жок, анткени, «Төлгөчүнүн» бир нускасы
нью-йорктук редакциялардын биринде жаткан эле. Мэриен да жана анын
күйөөсү да муну эч качан билишпейт, бул кичинекей ыр басылып чыгып келсе,
мындан эч кандай кырсык болуп кетпеси түшүнүктүү.
Мэриен корзинканы көздөй эңкейди.
— Уруксатпы? — деди ал.
Мартин уруксат дегендей башын ийкеди да, унчукпастан анын кантип
жыйнап жаткандыгын көңүл коюп карап турду: бул болсо, Мэриенге өзүнүн
тапшырмасын ийгиликтүү орундаткандыгынын ачык далили үчүн керек эле.
Мэриен ага эмнегедир Лиззи Коноллини оюна түшүргөнсүдү, бирок анын
мүнөзүнө таандык болгон ташкындаган жалынданууну жана турмуштук
шайырдыкты ал Мэриенден кездештире албады. Бирок алар бири-бирине кийген
кийимдери, жүрүш-туруштары, адаттары боюнча бөтөнчө окшош келүүчү.
Мартин күтүлбөгөн жерден бул кыздарды Морздордун конок үйүндө
олтургандай элестетип, бырс этип күлүп жиберди. Кызыктуу көрүнүштөр аяктап,
чексиз жалгыздык сезими Мартинди өз кучагына тартып кетти. Өзүнүн
карындашы да, Морздордун конок үйү да ага өмүр жолундагы жол боюна
коюлган аралыкты билдирүүчү артта калган мамылардай гана болуп сезилди.
Мунун бардыгы эми артта калды. Мартин өз китептерине эркелеткендей көз
жиберди. Бул болсо, анын бирден-бир ар дайым күйүмдүү жолдоштору боло
турган.
Мэриен өзүнүн суроосун кайталады.
— Эмне үчүн мен иштебейм? — Мартин каткырып күлдү, бирок анын күлкүсү
чын жүрөктөн чыккан күлкү эмес эле, — мени ушинтип сурагын деп сенин
Германын тапшырдыбы сага?
Мэриен жок, өзүм эле дегендей башын тескери чайкады.
— Калп айтпагын, — деди Мартин ызырынып, Мэриен уялгандай башын
төмөн салды. — Эмесе өзүңдүн Германыңа айтып койгун, башка бирөөнүн ишине
кийлигишпесин. Эгерде мен анын колуктусу жөнүндө ыр жазсам киришиши
мүмкүн, бирок менин башка иштериме киришүүгө акысы жок. Түшүндүңбү? Сен
демек, менден жазуучу чыкпайт деп ойлойсуңбу? — деди ал сөзүн улантып, — сен
мени жолдон адашты, үй-бүлөнү наалатка калтырды деп эсептейсиңби? Ия?
— Мен жөн эле, сен бир жерде иштесең жакшы болор эле деп ойлоймун, —
деди баса сүйлөп Мэриен. Мартин анын туура айтып жаткандыгын түшүндү. —
Герман дагы...
— Германды кара бассын! — деп, Мартин тамашага чаптырып, анын сөзүн
бөлүп кетти. — Андан көрө тоюңар качан болот, ошону айтчы. Жана өзүңдүн
Германыңдан, менден ал силердин тоюңарга арналган белек алат бекен ошону
сурап койчу.
Мэриен кеткенден кийин Мартин бул окуя жөнүндө көпкө чейин ойлонуп,
эки-үч жолу кайгылуу күлүп жиберди. Ооба, алардын бардыгы — карындашы,
анын күйөөсү, алардын чөйрөсүндөгү адамдар жана Руфтун чөйрөсүндөгүлөр
жалпы ченге бирдей ыңгайланышып, өз турмуштарын даяр жана тапталган үлгү
боюнча курушат. Мына ошентип, алар дайыма биринен бири үлгү алышып,
бирин-бири ээрчип, туурашып, бул байкуш бечаралар өздөрүнүн табийгы жеке
мүнөздөрүнүн бөтөнчөлүктөрүн жоюуга жана бала чактарынан туткуну болгон
сандырак эрежелерге шек келтирип албас үчүн гана, чыныгы турмуштан баш
тартууга даяр турушат. Алардын бардыгы: Бернард Хиггинботам мистер Бэтлер
менен кол кармашып, Герман Шмид болсо Чарлл Хэпгуд менен кучакташып алып,
кадимки жипке тизген эмеден, Мартиндин көз алдынан чубап өттү. Мартин
кылдаттык менен көз жиберип, булардын бардыгын өзү үйрөнгөн чен менен
ченеп чыкты. Ал бекерге өзүнө өзү: алтын жүрөктөр, улуу акылдар кайда? — деп
суроо берди. Алар анын кичинекей бөлмөсүн ээлеп, жол беришпей топурашкан
наадандык жана уят-сыйытсыз элестердин арасынан көрүнбөдү. Ал бул
топурандыларга карата калыбы, кадимки Цирцея өзүнүн торопойлоруна карата
сезген жек көрүүнү сезип турду.
Бул жагымсыз элестердин эң акыркы көрүнүшү көздөн кайым болору менен,
дагы бир күтүлбөгөн — жээктери калдайган шляпа, калыз көйнөк кийген бир
самтырак жаш бала — алыскы өткөндөгү Мартин Иден теңселе басып чыга келди.
— Сен дагы тууган, булардан артык эмес болучусун — деп Мартин Иден ага
күлүп койду. — Сенин дагы үрп-адатың ушулардыкындай болучу жана сен
булардан кыйын деле эч нерсени билүүчү эмессиң. Сен эч нерсе оюңда жок эч
нерсе жөнүндө тынчсызданчу эмессиң. Кадимки даяр көйнөктү тандап кийип
алгандай, сен даяр көз карашты өзүңө сиңире койгонсуң. Сен башкалар
жактырган нерсени иштегенсиң. Сен өз шайкеңдин башчысы болчусуң, себеби —
алар сени шайлап алган. Сен өзүнө жаккандыктан эмес, башкалар бул үчүн, сени
далыга чапкандыктан шайкелериңди баштап, урушуп жана аларга буйрук берген
болучусуң. Сен Май Тумшуктун тумшугун кандадың, себеби — кечиргиң келген
жок, кечиргиң келбегендигиңдин себеби — жырткыч айбан болчусуң — ага
кошумча сенин кулагыңа бирөө: эркек каардуу, кан ичкич, таш боор болуш керек,
бирөөнү жанчуу, майып кылуу — эрдик жана сыймык- тын иши деп шыбырап
туруучу. Ал эми эмне үчүн сен өз жолдошторуңдун кыздарын тартып алуучу
элең? Же алар сага жаккандыктанбы? Жок, алар сага жаккандыгынан тартып
алуучу эмес элең, жок! Жөн гана сенин чөйрөң сени кичинекейиңден тартып эле,
тентек айгырдын жана жапайы буканын мүнөзүнө тарбиялаган эле! Мына дал
ошондуктан сенин тартып алгың келди! Мына, ошол кезден бери аз эмес мезгил
өттү. Ал эми азыр сен ушулардын бардыгы жөнүндө эмне ойлойсуң?
Кандайдыр, мына ушуларга жооп иретинде анын көз алдындагы элестер тез
өзгөрүлө түштү.
Жупуну көйнөк менен кыры калдайган калпак көздөн кайым болуп, аларды
жөнөкөй келишимдүү кемсел-шым алмаштыргандай болду; кубарган одоно
жүздөрү чындык жана сулуулук менен асылдангандай бөтөнчө нурдана түштү.
Бул көрүнүш азыркы Мартинге бөтөнчө окшоп турган эле, ал столдун жанында
туруп, чырактын жарыгына колундагы китепти ачып, эңкейип окуп жаткан эле.
Мартин китептин артына көз жиберди. Бул «Эстетиканын негиздери» болучу.
Дагы бир көз ирмемдин ичинде, Мартин бул көрүнүшкө жакындап, аны менен
кошулуп кетти да, столго олтуруп, окууга киришти.
XXX ГЛАВА
Күздүн ачык күнү, мындан бир жыл мурун жайдын бир жылуу күнүндөгүдөй
экөө биринчи жолу бири-бирин сүйүшкөндүктөрү жөнүндө алгачкы ирет
баяндашкандай, Мартин Руфка өзүнүн «Сүйүү жөнүндөгү сонеттерин» окуп
берди. Алар дал мурдагыдай эле өздөрүнүн сүйүктүү дөңсөөсүнүн боорунда
олтурушту. Руфь бир нече жолу таң калуу менен Мартинди токтотуп жиберди.
Мартин окуп бүтүп, толкундануу менен Руфь эмне деп айтар экен деп күтүп
калды.
Руфь азыр айта турган сын пикирин жумшартып айтуу үчүн сөз издегендей
көпкө чейин унчукпай калды.
— Ырларыңыз сонун, экен, — деди ал акырында, — ооба, албетте, сонун
ырлар. Бирок, сиз бул үчүн акча ала албайсыз го. Кечиресиз, билесизби, эмне
айтайын деп жатканымды, — ал сөзүн жалооругандай айтып, — сиздин бул
жазгандарыңыздын бардыгын турмушка колдонууга болбойт. Мен бул жерде
себеп эмнеде экенин билбеймин, — калыбы базардын шарты күнөөлүүдүр, —
бирок сиз өзүңүздүн чыгармаларыңыз менен эч нерсе иштеп таба албайсыз. Буга
ишенип коюңуз. Бирок таарынбаңыз бул үчүн мага. Мен бул үчүн
сыймыктанамын, албетте, — эгерде ушул калп болсо кыз атым өчсүн — жана бул
эң сонун ырлардын мага арналгандыгы үчүн да мен чексиз сыймыктанып жана
кубанамын. Бирок биздин үйлөнүү тоюбуздун күндөрү алыс жатпайбы, туурабы
Мартин? Мени ач көз. экен деп ойлобоңуз. Бирок мен сизди сүйөм, ар дайым
биздин келечек жөнүндө ойлономун. Мына, биз бири-бирибизге өзүбүздүн
сүйүүбүз жөнүндө билдиргенден бери бир жыл өттү, ал эми үйлөнүү тоюбуз
болсо, мурдагыдай эле алыс жатат. Сиз бул айтып жаткандарымды эрээн
албаңыз: себеби кеп, менин жүрөгүм, бардык менин турмушум жөнүндө жүрүп
жатат. Эгерде сиз жазууну ушунчалык эле жакшы көрсөңүз — анда бир газеттен
иш издеп көрбөйсүзбү? Жок дегенде, кабарчы боло албайсызбы? Жок дегенде
убактылуу болсо да?
— Анда стилимди бузуп аламын, — деп, жай гана жооп кайтарды Мартин, —
мен бул стилге жетиш үчүн канчалык көп эмгек зарп калгандыгымды сиз көз
алдыңызга элестете албайсыз.
— Бирок сиз, акча үчүн газеттерге фельетондорду да жазбадыңыз беле?
— А мында кеп башкача, мен аларды керели кечке тынбай иштеген оор
жумуштан кийин жазчумун. Ал эми кабарчы болуп иштеш үчүн өзүңдүн эртең
мененден тартып кечке дейре убактыңды жумшап, бүт өмүрүңдү беришиң керек!
Жана өмүр бул учурда кандайдыр бир кыпынга айланып, өткөндөрү жана
келечеги жок мүнөттөрдүн өмүрүнө айланат да калат. Кабарчыга кабардын
стилинен башка эч бир стиль жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүгү келбейт. Ал эми
бул болсо адабият эмес. Эгерде мен дал азыр стилим жаңыдан гана түзүлүп,
аныкталып келе жатканда кабарчы боло турган болсом — бул мен үчүн
адабияттык өлүмгө учуроо менен барабар болор эле. Кала берсе, азыр дагы мен
үчүн ар бир фельетон, анын ар бир сөзү ар качан азап жана өзүмдүн сулуулук
жөнүндөгү түшүнүгүмдү өзүмдүн кысымга алып зордоом болуп саналат! Бул мен
үчүн кандай оор экендигин сиз көз алдыңызга элестете албайсыз. Мен өзүмдү,
ишенсеңиз тим эле чыккынчы катары сезип турамын. Мен, айта берсеңиз
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.