Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14

Total number of words is 4152
Total number of unique words is 1798
29.9 of words are in the 2000 most common words
43.1 of words are in the 5000 most common words
49.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Руфь болсо, мунун бирин дагы билчү эмес. Руфтун чексиз күнөөсүздүгү, аны
сүйлөтпөй мукактантып, эс-учунан тандырып жана эрксизден өзүн ага татыктуу
эмес деп ойлондуруп жибере турган. Аны мындан кем эмес уялдырып жиберген
дагы бир башка нерсе бар эле. Ал өзү ушул күнгө чейин бир жолу да чындап эч
кимди сүйгөн эмес эле.: Албетте, кээде ага аялдардын жаккан учурлары да болбой
койгон эмес, кала берсе ал алардын кээ бирлерине берилип, кызыгып да жүргөн,
бирок мунун бардыгын таптакыр сүйүү деп атоого мүмкүн эмес эле. Ал жөн гана
тамашалап, калп эле жакындаган болуп, айт деп койсо, алар кыйт, деп келип
торуна түшүп берүүчү. Бул болсо ал үчүн бир мүнөттүк эмгек, кокустук, эркектер
ансыз жашай албаган, татаал оюндун кичинекей бир бөлүгү, — кала берсе; анын
орточо бөлүгү боло турган. Ал эми азыр болсо ал өмүрүндө биринчи жолу, өзүн
коркок, оңтойсуз жана уялчаак сезип турду. Ал өзүнүн сүйгөн кызынын
каухардай тазалыгынан апкаарый түшүп, ага кандайча жакындаарын, эмне деп
сөз айтаарын, билбей кетти...
Ал бат-бат өзгөрүүлөргө дуушар болуп туруучу түркүн дүйнөнү кыдырып
жүрүп, төмөнкүдөй бир акылман эрежени үйрөнгөндөй болду, өзүңө тааныш эмес
болгон оюнду ойноп жатып, эч качан биринчи жүрүштү сен баштабагын. Бул
эреже өзүн турмушта миң жолу аныктады; анын үстүнө бул анын байкагычтыгын
өстүрдү. Мартин бир нерсени багыттап байкоого өзүнүн күчүн сыноого,
душманынын күчсүз жери байкалганга чейин аны күтүп турууга үйрөнгөн эле. Ал
гана эмес, мушташууда да ал душмандын начар жерин байкоого аракет кылуучу.
Ал күчсүз жерин тапкандан кийин ага анын тажрыйбасы, дал ушул жерге чабуул
жасоо керек экендигин айтып туруучу.
Мына, ал азыр Руфка өзүнүн сүйүүсү жөнүндө баяндагысы келсе да, аны
айтууга шашпай турду. Ал кокустан Руфту шылдыңдагандай боломбу деп сөз
айталбай сүрдөп, айбыккансыды. Ал мына азыр гана, ишеничтүү туура жолду
ойлоп тапкандай болду. Сүйүү бул дүйнөдө адамдын тилинен мурун жаралган
жана ал, өзүнүн алгачкы жаш кезинен тартып эле ыктарды жана амалдарды
өздөштүрүп, аны эч качан унутпай калган. Мартин дал ушул алгачкы амалдар
менен Руфтун ырайымдуулугуна жетишмек. Алды менен ал муну акыл-эссиз кош
көңүлдүк менен иштеп жана эң акырында гана ал өзүнүн мойнуна алып
чындыкты түшүндү. Өзүнүн колдорунун Руфтун колдоруна тийип кеткендиги ага
ар кандай жалындуу сөздөн күчтүүрөөк жана Руфь анын күчүн саал сезе
түшкөндүгү, саптар менен уйкаштардан күчтүүрөөк сүйүшкөндөрдүн жүздөгөн
муундарынын жалындануу менен жүрөгүндөгү сүйүүлөрүн баяндоолорунан да
күчтүүрөөк таасир этип жиберген эле. Жүрөктөгү сырды сөз менен түшүндүрүү
биримчи кезекте Руфтуп акыл-эсине таасир бермек, ал эми анын колдорунун
тийип кетиши, бир минуталык жакындык, анын жүрөгүндөгү терең катылып
жаткан аялдык сезимдерин аябай козгоп жиберди. Бирок анын тубаса сезими
адамзат сыяктуу эле эң эски, кала берсе, андан да улуу болуучу. Ал сезим сүйүү
төрөлгөн эчаккы мезгилде жаралып жана анын байыркы акылмандык күчүнө,
кийинки, кылымдын бардык назиктиги, айла-амалдары түбөлүк багынып берген
эле. Мына ошондуктан, Руфь азыр унчуккан жок. Руфь өзүнүн сүйүүдөн
мөгдүрөгөн жүрөгүнө Мартиндин тийгизген магниттей таасирине сын көз менен
карап, талдабастан туруп ага ишенип, макул болууну каалабады. Мартиндин
Руфту сүйө тургандыгы кадимки күн чыккандай шексиз болучу, анын
кыймыл-аракетинен, жүздөрүнөн — сүйгөндүктүн белгилери — көздөрүнүн
нурданышы, колдорунун калтырашы, анын моюндарын, кулактарын каптап,
уялтуунун кызыл боёкторунун тарашы — мына ушуларды сезип, Руфь терең
жалынданып, жыргап кетти. Кээде Руфь Мартиндин жаш денесин жандырып
жибере турган мамиле жасап, жана ал муну ушунчалык чочугандык жана
тажрыйбасыздык менен иштегендиктен Мартин гана эмес, анын өзү дагы муну
сезбей калды.
Ал өзүнүн аялдык күчүн кубанычтуу сезгендиктен бүткөн бою калтырай
түшүп жана кайра, кадимки умай эне сыяктуу аны менен ойноп, тамаша кылып,
жыргай түшкөндөй болду.
Ал өзүнүн аялдык күчүн кубанычтуу сезгендиктен унчуга албады, мына
ошондуктан ташкындаган сезимдери өзгөчө күчтүү эле. Ошол себептүү өзүнүн
жакындашуусундагы жөнөкөй, өтүмсүз аракеттеринен чыгууга жол издөөнү
улантып унчукпай турду. Анын колдорунун тийип кеткендиги Руфка жыргалдын,
кала берсе, жүрөктү козгогон жыргалды сездирди. Мартин муну сезбегени менен.
өзүнүн ага жагымдуу таасир этип тургандыгын туюнду. Алар бири-бири менен
жолуккан жана коштошкон мезгилдерде гана колдон кармашып, учураша турган,
бирок велосипедди кармашканда бири-бирине китептерди сунушканда, же аны
бирге баракташкан учурларда алардын манчалары бири-бирине эрксизден
жабыша калат. Руфтун чачы бир нече жолу анын мойнуна тийип, сылап өткөндөй
жана өзүнө жаккан жерин окууга аракеттенип китепти көздөй үңүлө бергенде
ийиндери Мартиндин көкүрөгүнө кынала түшкөндөй болду. Руфь өзүн бийлеп
алган кээ бир тан каларлык сезимдерге ичинен күлкүсү да келип: кээде ал анын
чачын тамашалап уйпалагысы, ал эми Мартин болсо, кезегинде китеп окуудан
чарчап, Руфтун тизесине башын жөлөп көзүн жумуп, келечек жөнүндө, өздөрүнүн
келечеги жөнүндө кыялданууну самады. Нечен ирет ал жаштар менен жекшемби
күндөрү шаардын сыртына оюн-шоок өткөрүүгө барганда кайсы бир кыздын
тизесине башын коюп жатып мемиреп уйкуга кеткен, ал эми анын бетине күн
тийгизбеске аракеттенип, чачынан эркелете сылап, жалындаган көз карашын
анын жүзүнөн албай олтурган кызды, анын сүйүүгө ушунчалык кош
көңүлдүүлүгү таң калтырып жиберген эле. Кыздын тизесине башын жөлөө
Мартин үчүн дүйнөдөгү эн жөнөкөй иш болуп эсептелүүчү, бирок азыр Руфту
көздөй бир жалт карап алып, муну аткаруу турмак, ойлоого да мүмкүн эмес
экендигин түшүндү. Бирок, дал ушул мүмкүн болбогондуктан жана ага тыкыс
байланышкан токтоолуктун сезими анын өзүнө да сезилбестен, аны максатын
көздөй жакындатты. Мына ушул токтоолуктун таасиринен ал Руфту чочутуп
жиберген эмес эле. Турмуштан башы ката элек жана уялчаак Руфь алардын
жолугушуулары кандай коркунучтуу багыт алып бара жаткандыгын байкаган
жок. Руфь Мартинге эрксизден бериле баштады. Мартин болсо экөөнүн
ортосундагы төрөлгөн жакындыкты терең сезип, ага өзүнүн сезимдерин
баяндоону каалап, кайра токтоло түштү.
Бирок, бир күнү Мартин чындап чечилди. Ал терезе тарткычы жабылган
Руфтун үйүнө келип, башы катуу ооруп төшөктө жатканын көрдү.
— Эмне ичсем деле жардам бербей жатат, — деди ал. Мартиндин үстү-үстүнө
берген суроолоруна жооп кайтарып. — Доктор Холл порошок ичпегин дейт.
— Мен сизди эч кандай дарысыз эле айыктырамын, — деп жооп кайтарды
Мартин, — толук ишендире албайм, бирок кааласаңыз иштеп көрүүгө болот. Бул
жөнөкөй эле массаж. Мен муну Япониядан үйрөнгөнмүн. Япондуктар мыкты
массажистер. Ушунун эле өзүн, кээ бир өзгөртүүлөр менен гавайдыктардын
жасашканын да көргөм. Алар бул массажды «ломи-ломи» деп аташат. Бул кээде
дарыдан да жакшыраак таасир этет.
Мартин кубанганынан жана ийменгенинен Руфтун суүшкүрүнүп жиберип
мындай деди:
— Ох, жаным ордуна келе түштү.
Жарым саат өткөндөн кийин Руфь андан:
— Сиз чарчаган жоксузбу? — деп сурады.
: Бул суроонун артыкбаш берилип кеткенин сезип калды, себеби — буга
кандай жооп угарын жакшы билген. Руфь үргүлөй түшкөнсүп барып, ага баш
ийкегендей болду Руфка башынын ооруганы да басылып, Мартиндин колунун
дарылык күчү дагы түгөнгөндөй сезилди. Акырында Руфтун башы басылып,
жаны жыргап мемиреп уйкуга кирди. Мартин акырын чыгып кетти.
Руфь кечинде Мартинге телефон чалды.
— Кечке дейре уктадым, — деди ал, — сиз мени тап-такыр айыктырып
салдыңыз, сизге кандай рахмат айтаарымды өзүм да билбеймин.
Мартин кубанганынан жана ийменгенинен Руфтун суроолоруна араңдан зорго
жооп тапты, анын оюн Броунинг менен Елизавета Баррет гана ээлеп турду.
Броунинг өзүнүн сүйгөнүнө кандай мамиле кылган болсо, Мартин Иден дагы
өзүнүн сүйгөнү — Руфь Морзго да дал ошондой эле мамиле кыла алат. Ал өзүнүн
бөлмөсүнө келип, керебетке чалкасынан түшүп жатты да, спенсерднн
«Социологиясын» окууга киришти. Бирок башына эч нерсе түшпөдү. Сүйүү анын
бүткүл оюн бийлеп алгандай, ал азыр өзүнүн сыя төгүлгөн кичинекей столчосуна
кандай келип олтурганын да билбей калды. Жана анын бул күнү кечинде жазган
сонетасы анын кийинки эки айдын ичинде жазып бүтүргөн «Сүйүү жөнүндөгү
сонеталардын» элүү циклинин биринчиси болучу. Ал улуу чыгарманы түзүүнүн
эң сонун шарты болгон — толкундануу жана сүйүү менен жазды.
Руфь менен жолугушканга чейинки бардык мезгилдерин ал «Сүйүү жөнүндө
сонеталарын» түзүүгө жана кичинекей бөлмөсүндө, же китепканада отуруп,
басма кызматкерлеринин тандоо сырына түшүнүү үчүн журналдардын учурдагы
сандарын өтө көңүл кою менен окууга жумшады. Мартиндин Руфь менен
өткөргөн I убакыттары жаркыраган үмүттөр менен ишенбестикке, күңүрттүккө
бирдей толгон эле. Мартин Руфтун башын айыктыргандан бир жумадан кийин
Норман Меррит көлүнө түнкүсүн барып, айдын жарыгында кайык тээп сейил
куруп келүүнү сунуш кылды, Артур жана Ольнэй бул планды өтө жактыруу менен
колдошту. Кайыкты туура алып жүрүүнү Мартинден башка эч ким билүүчү эмес,
мына ошондуктан, капитандык милдетти өзүнө алууну алар Мартинден
өтүнүштү. Руфь Мартин менен бирге кеменин арткы бөлүгүндө олтурду, ал эми
берки үч жигит болсо, ортоңку отургучка сыйлыгышып, кандайдыр бир
өздөрүнүн иштери жөнүндө бакылдашып, талашып-тартышып келе жатышты.
Ай али көтөрүлө элек, Руфь Мартинге унчукпастан жылдыздуу асманды
көздөй көз чаптырып, ушул замат ал өзүнүн жалгызсырай түшкөндүгүн сезди. Ал
Мартинди көздөй бурулду. Катуу шамал кайыкты саал бир жагын көздөй
жантайтып жиберди, Мартин бир колу менен кайыктын калагын, экинчи колу
менен парустун жибин бекем кармап, жээктен бери чыгып турган урчукту
айланып өтүүгө аракет кылып, кайык- тын багытын саал өзгөрттү. Мартин өзүн
көздөй жиберген Руфтун көз карашын байкаган жок, ал Мартинди көздөй терең
ойлуу көпкө чейин тигилип калды да, бул ашкан талантуу жигитти орточо
деңгээлден жогору көтөрүлбөгөн аңгемелер менен ырларды жазууга
убакыттарын бекер жоготууга түрткөн анын тынчын алган бул пайдасыз, иш
жүзүнө ашпаган каалоолор жөнүндө ой жүгүрттү.
Руфь жылдыздардын жарыгынан күңүрт көрүнгөн Мартиндин жарашыктуу
тулку-боюна суктанып, мурдатан эңсеп жүргөн мойнунан кучактап алсам деген
ой аны бийлеп кетти. Ага башта жагымсыздай сезилген Мартиндеги күч, ошол
эле учурда аны өзүнө тартып турду. Жалгызсыроо сезими күч алып, Руфь
чарчагандыкты сезе баштады. Кайыктын термелиши да азыр анын кыжырын
келтиргендей болду. Баягыда Мартиндин колу бир гана жолу тийүү менен анын
баш оорусу жазылгандыгы жөнүндө эсине түшүрдү. Мартин Руфка өтө жакын
олтурду жана кайык саал кыйшая түшкөндө Руфту Мартинди көздөй обдулдуруп
жиберди. Эмнегедир Руфь Мартиндин кубаттуу көкүрөгүнө ыктагысы, эс алгысы
келди жана ал өзүнүн бул каалоосун баамдаганча болбой, ошол каалоосуна
багынгандай анын көкүрөгүнө башын жөлөп жиберди. Мүмкүн бул кайыктын
термелишинен болгондур? Руфь муну биле алган жок. Ал муну эч качан биле
алган жок. Ал өзүнүн Мартинге ыктай түшкөнүн сезгендей болду, ал эми көңүлү
жай алып калды. Эгер бул кайыктын термелишинен болгон учурда да ал өзүн
Мартинден ажырата албайт эле. Ал Мартинге акырын сүйөндү, Руфтун
сүйөнгөнүнө оңтойлуу болсун деп Мартин оңдонуп олтурганда да, ал Мартинге
ыктаган калыбын өзгөрткөн жок.
Бул Руфтун эркинен тышкары жасаган иши эле, бирок ал эч нерсени ойлогусу
келбеди. Ал мурдагы Руфь эмес, азыр анда аял заты, ошол аялдык назик сезим
анын жүрөгүндө күчтүү өкүм сүрүп турду, чынын айтканда, ал Мартинге саал
гана жакындап олтурган, бирок ошондой болсо да, анын кандайдыр бир жөлөктү
талап кылган каалоосу канааттандырылган. Анын жанагы бардык
чарчагандарынын кайда кеткенин билбей калды. Мартин үн каткан жок. Ал бул
сыйкырдуу кооз көрүнүштөргө кокус шек келтиремби деп чочуду. Анын
токтоолугу менен чочугандыгы ага унчукпай өзүн кармап олтурууга жардам
берди, бирок анын башы тегеренип, ойлору чаташа түштү. Ал эмне болуп
кеткенин өзү да түшүнө албады. Бул өтө укмуш тан каларлык көрүнүш болучу
жана бул адамдын жөнүндө болууга мүмкүн эмес эле. Ал жел кайыктын
парусунун жиби менен калакты коё берип Руфту кучагына бекем кыскысы келип,
бирок, өзүн араңдан зорго токтотту. Бирок ал жүрөгүнүн тереңинде мындай
аракет иштин бардыгын буза тургандыгын сезип, ошондуктан кыялында өзүнүн
колдору бош эмес экендигине кубанып, тагдырына чоң рахмат билдиргендей
болду. Ошону менен бирге ал атайы эле, кайыктын жүрүшүн акырындатып
уялууну жыйыштырып таштап, галсты көпкө чейин созуу үчүн парусту түшүрдү.
Ал галсты алмаштыруу үчүн которулуп олтуруу — ал экөөнүн ортосундагы
аралыкты бөлүп жиберерин сезди. Ал мунун бардыгын тиги талашып-тартышып
жаткандар үчүн эң шектүү сезим туудурбастан аткарды. Ал өзүнүн эркине
деңизди, кайыкты жана шамалды багындырууга жардам берип, азыр бул түндө
сүйгөн кызы менен болгон жакындыкты узартууга таасир эткен өзүнүн бардык
суучулдук турмушун чексиз алкыш менен курчады.
Асмандан акактай болуп көтөрүлгөн айдын алгачкы нуру аларга төгүлө
баштаганда Руфъ Мартинден саал бери болуп жыла берди жана ал Мартиндин да
саал ары боло бергендигин сезди. Ал экөө тең башкалардын бардыгынан
жашырынгылары келди. Алардын бул жакындыгын эч ким билбөөгө тийиш.
Руфь азыр кызарган жүзү менен эмне болуп кеткенин түшүнбөй, саал четкерээк
олтуруп калды. Ал эмнеси болсо да, агаларына, Ольнэйге айтууга мүмкүн
болбогон кандайдыр бир нерсе болуп кетти окшойт. Эмне үчүн ал минтти? Ал
мурда бир нече жолу айлуу түндө жаш жигиттер менен кайыкта жүргөндө да,
мындай окуя башынан өткөн эмес эле. Ал гана эмес, ал муну каалаган эмес. Бул
анын аялдык назиктиги — анын өзүнө дагы өтө коркунучтуу жана уяттуу
сезилип кетти. Ал кайыкты бурганы жаткан Мартинди көздөй алдыртан көз
чаптырып койду да, Мартин Иден аны ушунчалык ойлонбогон уяттуу
аракеттерди иштөөгө түрткөндүгү үчүн жек көрүүгө даяр турду! Мүмкүн Руфтун
апасынын айтканы туура чыгар, ал чындыгында эле өтө тез-тез көрүшөр,
жолугушарда Руфь эми мындай окуя эч качан кайталанбай тургандыгын жана
мындан ары аны менен азыраак жолугуша тургандыгын бекем чечти. Кала берсе,
анын башына бир ыгы келе калган учурда, ага четин чыгарып, ай чыгардын
алдында кайыкта сейил куруу учурунда эмнегедир көңүлү караңгылай түшөрүн
айтуу жөнүндө болбогон бир ой келе калды. Бирок ал азыр өздөрүнүн бетин
ачуучу — айдын өйдө көтөрүлөрү менен, экөө кантип бири-биринен окчун
олтуруп калгандыгы жөнүндө эсине түшүрүп, Мартиндин өзүнө ишенбей
тургандыгын түшүндү.
Кийинки күндөрү Руфь тим эле, өзү өзүнүкү болбой жүрдү; ал кала берсе,
өзүнүн сезимин өзү талдай албай, азыр өзүндө кандай өзгөрүүлөр болуп
жаткандыгы жана өзүн эмне күтүп тургандыгын да унутуп, кадимки жалындоо
сезими менен табийгаттын бирде коркунуч- туу, бирде делебени козгоочу
жашырын чакырыгына кулак салды. Бирок анын жүрөгүндө терең ишеничти
туудурган бир ой — Мартинге сүйүү жөнүндө сүйлөөгө мүмкүндүк бербөө эле.
Мартин дал ушинтип, унчукпай турса, кандай сонун. Бир нече күндөн кийин ал
деңизге кетет. Айтмакчы, эгерде ал азыр бирдеме десе дагы, ал эч кандай
коркунучу жок. Себеби өзү аны сүйбөйт эмеспи. Албетте, эгерде Мартин азыр
кокустан сүйүү жөнүндө сөз козгоп жибере турган болсо, ал экөө тең жарым саат,
бир саатча капалануу менен кыйналууну баштарынан өткөрүшпөй койбойт,
себеби — Руфь сүйүү жөнүндө биринчи жолу угуп жатпайбы? Мына ушундай
ойдон улам Руфтун жүрөгү дүкүлдөп кетти. Керилген бул кызды кимдер менин
колуктум болсо деп эңсебейт. Ал өзүнүн айланасына өтө жагымдуу карады.
Жалындоо анын бүткүл денесин курчап алып, бир гана ой анын башында
кадимки чырактын тегерегинде айланган шайтан көпөлөк сыяктуу өчөшкөндүк
менен чырмалып туруп алды. Руфтун табышмактуу ою алыска кетип, кыялында
Мартинди сүйлөттүрүп, жүрөгүндөгү сүйүүсүн баяндаганда, ал өзү анын бул
суроосуна жок деп жооп кайтарып салгандай, аны ошол эле учурда, кайраттуу
сезимдерин козгоп, соороткондой болот. Баары- нан мурда ал тамекини ташташы
керек. Руфь андан муну бөтөнчө талап кылат. Айтмакчы, ал ага эч качан сүйүү
жөнүндө сүйлөөгө руксат бербейт, жок, жок. Бул анын колунан келет, бул
жөнүндө апасына сөз берген. Руфь калтырап, кызарып капалануу менен бул
башка келбей турган кыялдарды четке какты. Ал өзүнүн сүйүүсү жөнүндө
биринчи жолу баяндоону ыңгайлуу учурдун пайда болушуна чейин жана дагы
татыктуураак талап- кер жолукканга чейин токтотуп -турууну туура тапты.
XXI ГЛАВА
Шамалдын акырын соккон илеби ойго чөккөндөн тыптынч турган абаны
араңдан зорго гана кыймылга келтирип турат. Жана алтын нур чачкан күндүн
тегереги бозомтук мунарык менен курчалган. Жанга жагымдуу күздүн алгачкы
мезгилинде Калифорнияда бат-бат кайталанып туруучу эң сонун, жылуу жана
мээримдүү күндөр башталды. Кадимки түрдүү түстөгү жиптерден согулгандай
кара кочкул тарткан жеңил туман дөңсөөлөрдүн этегин курчап жатты, ал эми
дөңсөөлөрдүн үстүндө түтүндүү темгилдер менен себеленип, Сан-Франциско
шаарынын үйлөрү кырката созулуп жаткан эле. Шаардын ортосунда кадимки
көлкүлдөп эриген металлдын тилкесине окшоп океан булуңу жаркырайт жана
анын бетинин кээ бир жерлеринде, бирде токтоп турган, бирде агымдын багыты
боюнча жай жылып бара жаткан кемелердин парустары агарат. Тээ тетиги
алыста, күмүштөй тумандардын арасынан Тамалпайт асманга бийик заңкаят,
батып бара жаткан күндүн нурунан пайда болгон Алтын Дарбазалардын
көлөкөлөрү ичке бир таман жол сыяктуу алыска созулуп жатат, анын арт
жагында тумандуу жана чексиз, жакындап келе жаткан кыштын кабарын
баяндап түрмөктөшкөн тыкыс ак булуттар үстүндө көтөрүлүп турган Улуу океан
мелмилдейт.
Жай мезгили аяктап калган эле. Бирок али да болсо, тамылжыган кызгылт
түстүү өрөөндөрдү бара-бара кара кочкул кызыл түскө айландырып,
дөңсөөлөрдүн арасында өзүнүн акыркы өкүмүн жүргүзүп бул жаратылыш менен
коштошкусу келгендей акырындап, бирок өз өкүмүн орнотууга күз бир жактан
кысып келгендигине туруштук көрсөтө албай, чаалыгуу менен жадап кетүүнүн
мунарык кепинине жатып, өзүнүн жакшы эле жашагандыгын жана бул өмүрүнүн
жемиштүү болуп аяктагандыгына кубанычтуу, тынч жана мемирегендик менен
жан бергендей болду. Мартин менен Руфь мына ушул күзгү дөңсөөлөрдүн
арасында, бири-бирине тийишкен баштарын китептин барактарына эңкейтишип,
өтө жанаша олтурушту; Мартин китепти үнүн чыгарып окуп жатты; ал эми Руфь
болсо, чанда гана аялдар дал ушундай сүйө ала турган, Броунингди чексиз сүйгөн
аял жазган бул сүйүү жөнүндөгү ырларды бөтөнчө кунт коюу менен кулак салып
угуп олтурду.
Мартин өтө жай окуй баштады. Аларга табийгаттын бул сыйкырдуу
көрүнүштөрү, анын бир аз мурдагы эле укмуштуу кооздуктары акырындык
менен билинбей жутулуп кеткендей болду. Жылдын алтындай жаркыраган
мезгили — өзүнүн сапарын аяктап, өкүнүч кылбаган күнөөкөр кандай жашаса —
дал ошондой жашап, сапар тартты. Курчап турган айланадагы аба дагы ал
жөнүндөгү терең эске түшүрүүлөрдөн алсырай түшкөндөй болду. Бул алсыроо
Мартин менен Руфтун кандарына кошулуп кеткендей, аларды талыкшытып,
акыл-эсин, үрп-адат эрежелерин кубанычтуу үмүттөр менен курчап алгандай
сезилди. Мартин кубанычтан мас болгонсуп, эки бети чоктой кызара түштү.
Алардын баштары жанагыдан да өтө жакындаша түшкөндө кокусунан соккон
жумшак желдин таасиринен Руфтун жибектей сулуу чачтары Мартиндин бетин
сылап өттү, мына ошондуктан анын колундагы китептин тамгалары анын көз
алдында баш-аламан жыбырай түштү.
— Менимче, сиз окуганыңыз менен оюңуз башкада го деймин, — деди Руфь
Мартин окуп жаткан жеринен саал адашып, бир аз токтоло калганда.
Мартин балбылдаган көздөрү менен Руфту жалт бир карап алып, бирок сыр
алдырбастан:
— Сиздин дагы оюңуз бөлөктө го деймин. Андай болбосо, акыркы сонетте
эмне жөнүндө айтылды, кана, айтып бериңизчи?
— Билбейм, — деп күлүп жиберди Руфь. — Унутуп калдым. Эми окубай деле
коё турсаңыз болот. Карачы, күн кандай сонун болуп турат!
— Биз сейилибизди көпкө созо албайт окшойбуз, — деди Мартин ойлоно
түшүп, — көрдүңүзбү тээ-тетиги океандын үстүндө сур булуттар чогулуп, күн
төккөнү турат.
Мартиндин жабылган китеби жерге колунан жылмышып түшүп, Руфь экөө үн
катпастан, үргүлөп бара жаткансыган океандын кооз булуңунан тигилген
көздөрүн албай терең кыялдануу менен көпкө чейин берилип карап олтурушту.
Руфь кез-кез гана Мартиндин мойнуна алдыртан сүйгөн көз карашын жиберип
жатты. Бул мүнөттө тартылыш законунан өкүмдүүрөөк тагдыр сыяктуу зор,
кандайдыр бир күч күтүлбөгөн жерден анын бүткүл денесин бийлеп алгандай
болду. Ал өзүн Мартиндин жанынан саал эле эңкейип койсо ийни менен
Мартиндин ийнине тийип кетчүдөй аралыкта кармап олтурган эле. Мына азыр
анын ийни эрксизден тийишип кетти. Руфь анын ийнине өзүнүн ийнин кадимки
көпөлөктөр гүлдөргө тийип өткөндөй жеңил гана тийиштирип жана ушул замат
Мартиндин жооп кайтарып, ошондой эле жеңилдик менен анын ийнине тез
ыктай түшкөндүгүн жана анын бүткүл денесинин дүрүлдөй түшкөндүгүн сезди.
Бул мүнөттө ал өзүн саал тарта кармаш керек эле. Бирок ал өзүнө өзү багынгысы
келбеди. Анын бардык аракети эрксизден автоматтык түрдө иштелип, баш
айлангандай кубанычтын таасиринен ал эч нерсе жөнүндө ойлоого да чамасы
келбеди.
Мартин сүрдөгөндөй колдорун Руфту көздөй акырын сунуп, аны белден
кучактады. Руфь муңайым жыргалдануу менен эмне күткөнүн өзү да билбеди;
анын назик эриндери жалбырттаган оттой ысып, жүрөгү катуу туйлап, кандары
улам тезирээк жүрө баштады. Мартин акырындык менен катуулап сыга кучактап,
жай жана Назик Руфту өзүн көздөй тартты. Руфь чыдап тура албады. Ал
калтаарый түшүп, үшкүрүп жиберди да, эс-учунан тангандай башын Мартиндин
көкүрөгүнө жөлөп жиберди. Мартин тез эңкейе коюп, анын гүлдөй назик
эриндерине жабыша калды.
Руфь көзүн ачып, эсине келе түшкөндөн кийин бул сүйүү болуу керек деп
ойлоду. Эгерде бул сүйүү болбосо, өтө уят. Жок, бул сүйүү гана болуш керек. Ал
күчтүү колдору менен өзүн кучактап, эриндери эриндерине жабыша түшкөн
жигитти чексиз сүйүүчү. Ал ага табигый сезим менен асылып эркелеп, эптүү
ыктады, бир кезде анын кучагынан суурулуп чыгып, чечкиндүү жана өзүн өзү
унутуу менен Мартин Идендин күнгө күйгөн мойнуна колдору ороло чап
кучактап калды. Каалоосун канааттандырган кубаныч ушунчалык күчтүү,
ушунчалык курч болгондуктан Руфь акырын кыңкыстоо менен колун коё берип,
эч нерсени сезбестен, Мартиндин ысык кучагына жашынгандай болду.
Көпкө чейин эч кимиси үн каткан жок. Мартин эки жолу эңкейип, анын таттуу
эриндеринен сорду, ал ар бир өпкөн сайын Руфтун эриндери өзүнөн өзү аны
көздөй умтулуп, анын бүткүл денеси Мартиндин кучагынан тынч мемиреген
жыргалдуу эс алууну издеди. Ал Мартинден ажырай албады. Мартин унчукпастан
аны кучагына бекем кысып, телмирген көздөрүн океандын булуңунун сол
жагындагы чоң шаардан албай отура берди. Бул учурда анын көз алдында эч
кандай көрүнүш пайда болгон жок. Ал көз алдынан бир гана түрдүү түстөгү
боёкторду жана дал ушул өткөн күндөй сонун, жылуу, кадимки өзүнүн
сүйүүсүндөй ачык күн нурун көрүп турду. Ал Руфту көздөй эңкейгенде, Руфь үн
ката баштады.
— Сиз мени качан сүйүп калдыңыз? — деп Руфь акырын сурады.
— Биринчи эле күнү, сизди биринчи эле жолу көрүү менен. Сизди мен, эчак
сүйгөнмүн жана күн өткөн сайын улам күчтүүрөөк сүйө баштадым. Ал эми азыр
болсо, жаным, сени мурдагыдан да күчтүү сүйүп турамын. Эс учумдан танып кете
жаздадым. Менин башым бакыттан тим эле, тегеренип бара жаткансыйт.
— Мартин... жаным. Мен ургаачы болуп жаралгандыгым үчүн кандай
бактылуумун, — деди ал, терең дем алып.
Мартин аны кайрадан катуу сыга кучактап, акырын мындай деп сурады:
— Сиз менин сүйгөнүмдү качан түшүндүңүз? Азыр элеби?
— О, эчак эле түшүнгөмүн. Биринчи жолу сүйгөнүңүздө түшүнгөм.
— Демек, мен кадимки жарганат сыяктуу сокур экемин да? — деп кыйкырып
жиберди Мартин, анын үнүнөн терең өкүнүч сезилип турду. — Мен ал жөнүндө
азыр гана, сизди өпкөндө түшүндүм.
— Мен аны айтайын деген жокмун.
Ал саал четке боло берип, Мартинди көздөй тигилди.
— Сиздин мени сүйө тургандыгыңызды, мен эчак эле түшүнгөм.
— Сизчи? — деп сурады Мартин.
— Мен муну күтүлбөгөн жерден сездим. — Руфь бул сөздү акырын айтып,
көздөрү ымыр-чымыр боло түшүп, жүзү кызарып кетти. — Сиз мени кучактап,
сүйгөнгө чейин, мен буга түшүнгөнүм жок. Мен сизге тур- мушка чыгамын деп эч
качан ойлогон эмесмин, Мартин. Мени сиз кантип өзүңүзгө тартып алдыңыз?
— Билбейм, — жылмайып койду ал. — Бир гана сүйүүм менен тартып
албасам, башка... Ал эми менин сүйүүм боло турган болсо өтө күчтүү, аялдын
жүрөгүн гана эмес, жансыз ташты да эритип жиберүүгө жарайт.
— Мунун бардыгы мен көз алдыма элестеткендей сүйүүгө окшобойт,—деди
терең ойлуу Руфь.
— Сиз аны кандайча элестеттиңиз эле?
— Мен сүйүүнү мындай экен деп, ойлогон эмесмин.
Ал бир азга Мартинди карап турду да, андан кийин
башын төмөн түшүрүп, мындай деди:
— Мен таптакыр эч нерсе билчү эмесмин.
Ал Руфту кайрадан өзүн көздөй тартып, кучактап өпкүсү келди, бирок ал, аны
чочутуп аламбы деп коркту. Руфту кучактаган колу гана эрксизден саал созула
түшкөндөй болду. Мына ушул учурда Руфь өзү аны көздөй умтулуп, алар көпкө
чейин ысык эриндерден сорушуп турду.
— Бирок, менин ата-энем эмне дейт? — деп сурады Руфь күтүлбөгөн
тынчсыздануу менен.
— Билбейм. Бирок кааласак билүү кыйын эмес дечи.
— Эгерде апам макул болбой койсо эмне кылабыз? Мен ага бул жөнүндө эч
качан айта албаймын.
— Эмесе, мен айтайын, — деди кайраттанып ал. — Менимче, сиздин апаңыз
мени эмнегедир жактырбагандай сезилет, бирок эч нерсе эмес, мен анын мага
карата мамилесин жумшартууга жараймын. Сизди багындырган адам, кимди гана
болбосун багындырганга жарайт. Ал эми, кокустан бул иш жүзүнө ашпай калса...
— Анда эмне болот?
— Баары бир, биз ажырашпайбыз. Бирок менин сиздин апаңыздын макул
болоруна көзүм жетип турат. Ал сизди бөтөнчө жакшы көрөт.
— Мен анын жүрөгүн жаралап саламбы деп корком, — деди ойлоно түшүп
Руфь.
Мартин эненин жүрөгү анчалык деле оңой-олтоң жаралана коюучу нерсе эмес
деп, айтайын деди да, кайра анын ордуна:
— Бирок сүйүү, дүйнөдөгү эң улуу нерсе эмеспи!
— Сиз билесизби, Мартин, мен кээде сизден коркуп да кетчүү болдум. Мен
азыр дагы, эгерде сиздин мурда ким болгондугуңузду жана эмне болуп
иштегендигиңизди ойлосом, коркуп да кетем. Сиз мага өтө жакшы мамиле
кылышыңыз керек. Билип коюңуз, мен али жаш балапанмын, чындыгында! Мен
али эч кимди сүйүп көрө элекмин!
— Мен дагы. Биз экөөбүз тең балабыз. Биз эң бактылуубуз. Экинчиден бул
биздин алгачкы сүйүүбүз да!
— Мүмкүн эмес! — деди кыйкырып ишенбегендей Руфь, анан анын колунан
тез булкунуу менен бошонуп, — мен сиздин биринчи сүйүүңүз болушум мүмкүн
эмес, сиз эмне... Себеби сиз суучул болгонсуз, ал эми суучулдарды болсо мен
жакшы билемин...
Анын үнү буула түшкөнсүдү.
— Ар бир порттон бирден аял алууга көнүшүп калышкан деңизчи, — деди
Мартин Руфтун сөзүн улап, — сиздин ушуну айткыңыз келди беле?
— Ооба, — деди жай гана жооп берип Руфь.
— Бирок ал сүйүү эмес да, — деди каршы чыгып олуттуу түрдө. — Мен бир
далай эле порттордо болдум, бирок сизге жолукканга чейин мен сүйүүгө окшогон
эч нерсени сезе албадым. Билесизби, баягыда мен биринчи жолу сиз менен
жолугуп, анан үйдү көздөй келе жатканымда, мени аз жерден кармап кете
жаздады.
Эмне үчүн?
— Тим эле, Полицейский мени мас деп ойлоптур. Ал эми мен болсом сүйүүдөн
чындыгында эле ичпесем дагы... мас болучумун!
— Бирок биз мындан эмнегедир баш тартып жатабыз. Сиз эми эле экөөбүз тең
балабыз деп айтпадыңыз беле, ал эми мен болсом мындай болууга мүмкүн эмес
деп айтамын. Сөз, мына ушул жөнүндө болгон болучу, — деди Руфь.
— Бирок мен сизге мурда эч кимди сүйгөн эмесмин деп жооп бербеди белем,
— деп каршы чыга түштү ал, — сиз менин биринчи, эң биринчи жана эң күчтүү
сүйүүмсүз, — деди Мартин.
— Бирок дагы сиз чындыгында суучул болгонсуз да, — деди туруктуулук
менен Руфь.
— Ошого карабастан мен сизди биринчи жолу сүйүп олтурам, — деди Мартин.
— Аныңыз туура, бирок аялдарыңыз... башка аялдарыңыз болгон да... О! —
деп ал Мартинди укмуштай таң калтырып, күтүлбөгөн жерден көз жашын төгүп
ыйлап жиберди, аны сооротуш үчүн Мартин алды-артына түшүп, эркелетип өөп
да жатты.
Ушул замат Мартиндин оюна Киплингдин: «Бирок белгилүү бийкеч менен
Джуди О, Греди бардык башка жактарынан бири-бирине тең болучу» — деген
сөзү эрксизден келе түштү.
Анын окуган романдары аны башкача ойлоого үйрөткөн болсо дагы, азыр
Киплингдин бул айтканы негизинен туура. Бул романдардан ал: ак сөөктөрдүн
коомунда аялдарга жетүүнүн бирден бир туура жолу бул — аларга кайдыгер
сунуш кылуу болуп саналат деген кортунду чыгарган. Ал өзү чыккан чөйрөдөгү
кыздар менен жигиттер үчүн кучакташуу жана эркелетүү демейдегидей эле иш
боло турган. Жогорку таптын өсүп жетилген өкүлдөрүнүн арасында сүйүү
сезимин баяндоонун бул сыяктуу амалдары эч бир жараксыз артта калгандыкты
түшүндүрдү. Демек романдарда калп жазылган экен. Себеби ал буга далилдөөнү
азыр эле учуратып олтурат. Бир эле үнсүз-сөзсүз эркелетүү кедей жумушчу
кыздарга да жана жогорку коомдун кыздарына да бирдей эле таасир этет экен.
Алардын сырткы түрүнүн окшош эместиктерине карабастан «алар башка бардык
жактарынан бирдей укуктуу жана тең».
Эгерде ал Герберт Спенсерди эсине түшүргөн болсо, ал анда өзү деле дал ушундай
кортунду чыгара алмак. Мартин Руфту эркелетүү жана өбүү менен сооротуп,
жыргалдануу менен белгилүү бийкеч менен Джуди О' Греди чындыгында бардык
жагынан бири-бирине тең келишет деген ойго чөмүлүп кетти. Бул ой аны Руфка
жакындаштырууга жана аны эркинче бийлөөгө жардам бергендей болду. Руфтун
келишкен сымбаттуу денеси — башка бардык эле дене сыяктуу болучу. Алардын
никелешүүлөрүндө эч кандай мүмкүн болбогон эч нерсе жок болучу. Экөөнүн
ортосундагы бирден бир гана айырмачылык бул бир гана таптык айырмачылык
болбосо, башка айырмачылык жок болучу. Кала берсе бул айырмачылык сырткы
айырмачылык боло турган. Ал эми азыр болсо, буга элес алып көңүл бурбай да
коюлары мүмкүн эле. Ал римдик бир кулдун кара кочкул кызыл түстүү бачайы
чапанга чейин жеткендиги жөнүндө окуду эле го. Эгерде ал ошондойго жеткен
болсо, эмне үчүн анда Мартин Руфка жете албайт? Анын бардык тазалыгын,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.