Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03

Total number of words is 4219
Total number of unique words is 1994
32.1 of words are in the 2000 most common words
45.0 of words are in the 5000 most common words
51.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
андан кийин дагы бир жолу: — Кызыгың түшкүрдүкү десе! — деди. Андан кийин
ал жакасын чечип чөнтөгүнө тыкшырып салды. Эшикте жамгыр карга айланып,
шыбактатып жаап жаткан экен, бирок Мартин айланасындагы эч нерсеге көңүл
бурбастан, жылаңбаш, кемселинин боору ачык басып келе жатты. Ал күндүн жаап
жатканын тоотуп да койгон жок. Ал өзүн-өзү унутуп жибергендей боло түшүп,
түшүндөгүсүн өңүндө көрүп жаткандай болуп, башынан өткөргөндөрүнүн
бардыгын көз алдынан күңүрт элестетип чыкты.
Мына, ал өзү мурдатан бери элжиреп, эңсеп жүргөн кызына эми жолукту,
жолукканда да күтүлбөгөн жерден жолукса болобу? Бирок ал эмнегедир аялдар
жөнүндө көп ойлонуучу эмес эле: ошондой болсо да, ал качандыр бир кезде
эңсегеним жолумдан өзү кездешип калышы да мүмкүн деген күңүрт, үмүткөр
ойлордо болуп жүргөн болучу. Эми ал, — ошол күткөн кызы менен бир столдо
олтуруп, бирге тамак ичип, колунан бекем кыса кармап, жылдыздай жайнаган
көздөрүнө эркинче тигиле карап олтурат. Бул минутада анын көздөрүнөн ал
чексиз сулуулук менен боорукерликти көрүп кумарданды. Руфтун денеси Мартин
үчүн жөн эле дене болбостон, кандайдыр бир бөтөнчө, асыл дене болуп сезилди.
Башка аялдардын денеси жөнүндө болсо ал мындай жогорку түшүнүккө эч качан
келген эмес эле. Кала берсе Руфтун денеси ага кол тийгиздей жана табийгаттын
эч кандай кырсыктарына дуушар болууга тийиш эместей көрүндү. Анын денеси
жалаң гана мөлтүр булактай таза жүрөгүнүн жайы болбостон, асылдардын
асылынан жаралган жанынын, наристедей таптаза жана сүрөттөп айтып бере
алгыс сулуулуктун кудайынын денесиндей эле. Бул сонун элес Мартинди таң
калтырып, анын эргиген кыялдарын бир пастын ичинде терең ойлонууга
түшүрдү. Ушул убакка чейин кудай жөнүндө бир дагы сөз, бир дагы кеңеш алуу,
бир дагы ишаара кылуу анын оюна да келип койгон эмес. Ал кудайга эч качан
ишенбей турган. Ал дайыма динсиз адам болуп, попторду жана жандын өлбөстүгү
жөнүндө жазылган келжирек чыгармаларды мазактап келген. Ал өзүн-өзү «тигил
дүйнөдө» эч кандай жашоо жок жана болууга да мүмкүн эмес; бардык жашоо,
турмуш, кыймыл ушул гана жарык дүйнөдө, ал эми «тигил дүйнө» деген нерсе
болсо, барып турган келжирек сөз, — ал бар болгону түбөлүк караңгылык гана
болуп саналат, — деп дайыма кайталап, өзүн-өзү ынандырып жүрүүчү. Бирок
анын азыр Руфтун карегинен көрүп турган нерселери — бул чындыгында эле
өлбөстүктүн дал өзү. Ал мурда өзү билген эркектер менен аялдардын бири дагы
анын көңүлүндө өлбөстүк жөнүндөгү азыркыдай ойду жарата алган эмес. Ал эми
Руфь болсо андай ойду жаратты! Ооба, ал жаратты! Мартин ага бир караганда эле
бул жөнүндө сезген. Руфтун жүздөрү азыр дагы анын көз алдында ак куба
тартып, токтоо, сүйкүмдүү жана делебени козгой жанып кадим периштелер
сыяктуу өтө назик, сырдуу жылмайгансыды! Анын сулуулугу Мартинди айран
таң калтырып, жүрөгүн чексиз козгоп, элжиретип жиберди. Ал дүйнөдө
жакшылык менен жамандыктын дайыма катар жүрө тургандыгын жакшы билчү,
бирок бул жандуу турмуш кубулушунун бир белгиси болгон дал ушундай азистик
жөнүндөгү ой анын башына эч качан келбеген. Азыр болсо, ал Руфтан бардыгын
өзүнө бириктирип турган түбөлүк өмүрдүн өзү болуп саналган азистикти,
боорукерлик менен адептүүлүктүн эн жогорку даражасын көрүп тургансыды.
Ушул замат атак даңк болуп, өлбөстүккө жетишүүнү каалаган сезим кучагына
тартып кетти. Ал гана эмес, ал өзүн бул кыздын кулу болууга да татыктуу
эместей элестетип, ал эми, аны менен кечке дейре олтуруп аңгемелешкенин
болсо, күтүлбөгөн жана фантастикалык ийгилик деп санады. Албетте, бул
чындыгында кокустук гана эле. Экинчиден бул үчүн анын эч кандай деле
кызматы да өткөн эмес. Кала берсе, ал мындай бактыга татыктуу да эмес эле.
Диндик көз караш менен жөрөлгө ушул замат анын бүткүл аң-сезимин өзүнө
тартып, азгырып, бийлеп алгансыды. Ал бир заматтын ортосунда жарык
дүйнөнүн жыргалынан баш тартып, жанынан кечип салгап кишиге окшошо
калды. Мындай учурда күнөөкөр адам өзүнүн жаңылыштыгын мойнуна алып,
кемчилигине өкүнүп, кечирип коюуну далбас уруп суранат эмеспи. Анын да
айыбы аябай ашкереленип турган. Ал өзүнүн кылган күнөөсүнө өзү катуу өкүнүп
жана жалынып, жалбарып кечирим сураган күнөөкөр сыяктуу сезип, ошол эле
учурда келечектеги бактысы Руфка жетүүнү көз алдына ачык-айкын элестетип,
өтө кубана түштү. Бирок, бул таттуу тилек жөнүндөгү анын ойлору тумандана
түшүп, мурдагы ушул сыяктуу ойлоруна таптакыр окшой бербеди.»Даңктуу
болсом деген жаркыраган тилек ага канат бергенсип, ааламдын чексиз тереңинде
Руфь менен бирге канат сермеп, кайкып учуп жүргөндөй, чырайлуу жана эң сонун
кооз нерселерге бирге суктанышкандай, аны менен бирге жүрөк сырларын
чечишкендей боло түштү. Бул кыялдануу, бардык одоно, орой нерселерден
тазаланган көңүлдүн кандайдыр бир өтө бийик көтөрүлүшү жана ой жеткис жаш
кыялдардын өз эрктери менен бирге кошулушу эле. Ал оюнун акырына чыгууга
аракеттенген да жок. Ал деги эч нерсе жөнүндө ойлонбоду. Анын акыл-эсин жана
жүрөгүн мурда эч качан болуп көрбөгөн кандайдыр бир күчтүү сезимдер бийлеп,
бул толкун аны чыныгы турмуштун чегинен сыртка чыгарып, алда кайда алыс
алып кеткендей болду. Ал кадимки мас кишидей темтеңдей түшүп, өзүнчө
акырын кобурап баратты:
— Кара баскырдыкы! О, кара баскырдыкы десе!
Бурчта бакмалап турган полицейский ага шектүү көз карашын кайра-кайра
жиберип, басышынан анын суучул экенин байкады да:
— Ой, мынчалык кайдан ичтиң? — деп сурап калды.
Асманда кайкыган Мартин жерге кайра келди. Ал
башынан эле сырткы чөйрөгө жараша тез өзгөрүлүп кетүүгө ийкемдүү жигит эле.
Ошондуктан полицейский- дин үнүн угар замат, эсине келе түштү.
— Шумдугуң кургурдуку! — деди күлүп жиберип, — мен өзүм менен өзүм
сүйлөшүп келе жатканымды билбей калган турбаймынбы.
—- Дагы бир аздан кийин, ырдап жибересиң го деймин? — деди полицейский
анын абалын аныктап.
— Жо-ок, андай болбойт. Андан көрө, ширеңкеңиз болсо, руксат этип
коюңузчу, чылымды күйгүзүп алып, тезирээк трамвайга түшүп үйдү көздөй
көздөн кайым болоюн.
Ал чылымын күйгүзүп алып, полицейскийге түнкү күзөтүнүн бейпил болушун
тилеп, андан ары жүрүп кетти.
— Кандай дейсиң, ыя? — деди ал өзүнө-өзү болдурап, — бул кеңкелес, мени
мас деп ойлосо керек? — ал күлүмсүрөп койду да, мындай деп ойлоду:
«Айтмакчы, мен чындыгында эле мас экенмин; ургаачынын сулуулугунан
ушунчалык мас боломун деп ойлогон эмес элем да, капырай».
Телеграф — авенюнун жанынан ал Берклини көздөй бара жаткан трамвайга
секирип түштү. Вагондун ичи студенттик ырды созолонткон жаштарга жык
толтура экен. Ал аларга кызыгуу менен карай баштады. Бул ырдап бара жаткан
жаштар университеттин угуучулары боло турган. Булар да Руфь катышкан эле
лекцияларга катышып, Руфь чыккан чөйрөдөн чыгышкан жана аны менен
каалашса качан болсо да таанышып, качан болсо да көрүшө турган жаштар.
Бирок, муну алар каалашпай тургандыгын, Руфь менен аңгемелешүүнүн, ага
суктанып жана урматтоо менен берилүүнүн ордуна, көрүнгөн жерде максатсыз
шалакташып жүрүүнү артык көрүшөрүн көрүп, таңыркап кетти. Эрди салаңдаган
жапкак көз бир студентке анын көзү түшө калды. Бул жүүнү бош бир сөлпүк
окшойт, — деп ойлоду ал. Эгерде кемеде болсо суу жүрөк, токмоктон башы
кутулбаган бир шордуу жана жеткен ушакчы сөрөй болмок экен. Ал өзүнүн ушул
мадыра баштан алда канча өйдө турганын түшүнүп, аябай сыймыктанды. Бул ой
аны Руфка жакындата түшкөндөй да болду. Жана ал өзүн ушул студенттер менен
салыштырып көрдү. Ал өзүнүн булчуңдуу дене түзүлүшүн эсине түшүрүп, күч
жагынан келгенде булардын кимисиң кана болбосун бир койгондон чыгарбай
тургандыгын билди. Бирок, бир гана нерсе, булардын баштары билим менен
сугарылган эмеспи, ошондуктан алардын бир артыкчылыгы Руфь менен
маданияттуу сүйлөшө алышат. Бул ой Мартиндин көңүлүн төмөн чөгөрүп
жиберди. Бирок ошол замат ал, баш мага бекеринен берилген эместир деп
ойлоду. Алар билгенди мен эмне биле албаймынбы? Биле алам! Ал турмуштун
катаалдыгын башынан өткөрүп, аны менен алп урушуп жүргөн кезде, тигилер
турмушту жаңыдан гана китеп- терден үйрөнө башташкан эмес беле. Анын башы
дагы билим менен байыган баш, бирок ал билим саал башкачараак билим. Кана,
алардын кимиси парусту кере, рулду башкара, вахтага тура алат? Эч кимиси.
Анын коркунучтарга толгон, эрдик менен ач-арыктыкка туруштук берген
мээнеткеч өмүрүнүн жылдары көз алды- нан каркырадай тизилип өттү. Окуп
жүргөн мезгилдеги башынан өткөргөн окуяларынан бардыгы азыр эсине түштү.
Бирок, ал дагы эле болсо, али намысын алдыра элек. Качандыр бир кезде аларга
да чыныгы турмуш менен кездешүүгө, Мартин көргөндөрдүн бардыгын көрүүгө
туура келмек. Демек, эң сонун. Өзү башынан өткөрүп, көрүп билгендерди тигилер
көрө баштаганда, ал китептер дүйнөсүнө саякат жүргүзүп, турмуштун илимий
жактары менен таанышат.
Трамвай Окленд менен Берклинин ортосундагы кээ бир жеринен курулуштар
көзгө чалдыга түшкөн, анча кең эмес мейкиндик менен келе жатты. Мартин Иден
эшигинин үстүндө «Хиггинботамдын чекене дүкөнү» деген жазуусу бар үйдүн
тушуна трамвайдын тез келип жетишин зарыгуу менен күттү. Акыры трамвай
үйдүн жанына тушма-туш келе бергенде, ал андан секирип түшүп, жазууга бир
мүнөтчө кез жүгүртүп токтоп калды. Мартин бул жазуудан анын маанисине гана
эмес, андан дагы көптөгөн нерселерге түшүндү. Жеткен өзүмчүл, митайым жана
кунарсыз, көпкөлөң, адам экени анын Хиггинботам деген атынан тамгасынан эле
көрүнүп тургансыды. Ал эми бул Бернард Хиггинботам болсо Мартиндин эжесин
алган киши да, мына ошондуктан Мартин анын сырын беш колундай билет.
Мартин ачкычы менен эшикти ачып, үйдүн экинчи кабатына көтөрүлдү. Бул
жерде анын жездеси турат. Дүкөн үйдүн алдыңкы кабатында орношкону менен
андан келген чириген жашылчалардын сасык жыты экинчи кабатты каптап
турат. Ал караңгы оозгу үйдө баратып, жээндеринин биринин жыйнабай унутуп
койгон оюнчук арабасына чалынып кетип, эшиктин каалгасына тарс этип урунуп
алды. «Акмак битир, — деп ойлоду ал ичинен, — мындагы жашаган адамдар
чалынып жыгылып бети баштарын айрытып, албас үчүн газга эки цент
ашыгыраак төлөп коюуну да аянат».
Ал сыйпалап жатып, эшиктин туткасын араң таап, аны ачты да, эжеси менен
Хиггинботам олтурган жарык бөлмөгө кирип келди. Эжеси күйөөсүнүн дамбалын
жамап олтурган экен. Хиггинботам болсо күрөктөй болгон буттарына апкыты
майрыйта басылып, кепшири кеткен тапичкесин илип алып, эки стулга жайыла
төшөлгөн газетти окуп олтурган эле. Ал колундагы газетинен ашыра Мартинди
көздөй жутуп жибере тургансыган митаам көз карашын тигилтип калды. Мартин
Бернардды башынан эле итатайындай жек көрө турган. Мындай акмактын
эжесине эмнеси жакканын ал түшүнө албады. Ал Мартинге жүзүкара адамдай
көрүнүп, кыжыры кайнап, эки чайнап бир жутуп, көздөрүндө огу болсо аны атып
жибергиси келип кетти. «Шашпа сени, акыры бир күнү тумшугуңду гана
талкалаармын» деп ал ичинен ойлонду. бул ой ага өзүн сооротууга жардам
бергенсиди. Тигинин каардуу, жырткыч айбандыкындай көз карашы Мартинди
көздөй тигиле калды.
— Эмне болуп кетти? — деп сурады Мартин.
— Каалганы өткөн жумада эле сырдаттык эле, — деди мистер Хиггинботам же
кыңкыстаганы, же каарданганы билинбей, — сен билесиңби, союздар азыр
кандай көп акы алышарын? Этият болсоң болбойбу.
Мартин бул сөзгө келиштирип жооп бермек эле, бирок, баары бир анысынан
эч натыйжа чыкпасын жакшы түшүнүп, өзүн өзү кайрадан кармап калды. Бул
жагымсыз окуядан көңүлүн алагды кылыш үчүн ал дубалдагы илинип турган
хромолитографияга көз чаптырды. Ушул замат ал айран таң кала түштү Ал
тургай аны биринчи жолу көргөндөй өз көзүнө өзү да ишенбей кеткенсиди.
Себеби бул сүрөт ага мурда өтө жагуучу эле, ал эми азыр болсо, ушул кепедеги
башка буюмдарга окшогон эле кунарсыз бир нерсе болуп көрүндү Анын көз
алдына өзү азыр эле келген үйү элестей түшүп, бул элестерден ал алды менен
дубалдагы илинип турган татынакай сүрөттөрдү, анын соңунан коштошкондо
жагымдуу жылмайып колун кыскан Руфту көрдү. Ал ушул минутада өзүнүн кайда
турганын сезбей, Бернард Хиггинботамдын дүйнөдө жашап жатканын же
жатпаганын унутуп, качан гана ушул аты аталган жентельмен:
— Көзүңө эмне, арбактар көрүнүп жатабы? — деп, тумшугунан бир тийгенге
чейин сүрөттөн көздөрүн албай карап тура берди.
Мартин ары-бери эсине келе түшүп, тигинин ачуулуу жана митаам көздөрүнө
бир карап алды да, бул көздөр ээси дүкөнүндө «мал» өткөрүп жатканда суктуу,
жагынычтуу, бөйпөңчүл жана кулдукундай баамчыл, кошоматчыл болуп кетери
көз алдына тартыла түштү.
— Ооба, — деп жооп берди Мартин, — мен арбактар менен сүйлөшүп
жатамын. Жакшы жатып жай туруңуз! Жакшы жатып жай туруңуз, Гертруда!
— Ал эшикти көздөй баратканда килемге дагы чалынып кетип, аз жерден
жерге күп дей түшө жаздады.
— Эшикти катуу жаппа, — деди эскертип, мистер Хиггинботам.
Мартиндин куйкасы куруша түшүп, бирок сабыр кылды да, эшикти тиги
каалагандай акырын жаап, бөлмөсүнө кирип кетти.
Мистер Хиггинботам аялына табалуу карады да: — Мас көрүнөт, — деди
үндөрү киркирей түшүп, — мунуң ичип кетет деп мурда эле айтпадым беле!
Аялы байкуш жазакерлүү баш ийкеп: — Чын эле, көздөрү коюуланып
тургансыйт. Мойнундагы жакасы да жок, үйдөн тагынып кеткен эле. Мүмкүн ал
анчалык деле көп ичкен эместир.
— Кантип көп ичкен жок?! Көрбөйсүңбү, сокурсуңбу? Эми эле жыгылып кете
жаздабадыбы?! Дүлөй болбосок, оозгу үйдөн тарс этип чалынып кеткенин уккан
жоксуңбу? Ия?! — деди күйөөсү ачуусун төгүп каарданып.
— Караңгыда көрбөй Алисиндин арабасына чалынып жыгылып кете жаздаса,
кете жаздагандыр, анын эмнеси бар экен? — деп жооп берди ал титиреген үн
менен.
Мистер Хиггинботамдын ачуусу ого бетер келип, күрсүлдөп кирди. Анын
кечке дейре ойлогон ою күн тез эле батса, сатып алуучулардан тез эле кутулсам
да, үйгө келип, эркимче өзүм менен өзүм болсом, деген гана максат боло турган.
— Мен сага айтпадымбы, сенин теңдеши жок бир тууганың мас!
Ал бул сөздү албууттанып, заарын төгүп ташка тамга баскандай айтты. Аялы
унчукпастан кайгыга чөмүлдү. Бул семиз жана борпоң, тыкан кийине албаган, өз
салмагынан өзү жүдөгөн, оор иштин түйшүгүнөн жана күйөөсүнүн такай
көрсөткөн запкысынан эси эңгиреп, шайы ооп калган бир шордуу аял эле.
— Мунуңдун бул аракечтиги анын атасынан калган мурасы, — деди тиги үнүн
тергөөчүнүкүндөй чыгарып, — атасы түшкөн жолдон мунуң эми өлсө дагы артка
чегинбейт. Ушуну билип койгун!
Гертруда туура дегендей дагы башын ийкеп, үшкүрүнүп алды да,
колундагысын кайра тиге баштады. Мына ушинтип, ал экөө тең Мартинди өтө
мас деген тыянакка келип токтолушту. Бул экөө тең турмуш жыргалчылыгын
билишпеген сезимдери сокур кишилер болучу, болбосо бул жалындаган көз
караш, нурданган жүздөн, балалык махабаттын алгачкы чагылышын сезишип
жана түшүнүшөт эле го?;
— Эми мунун жаман үлгүсү, балдарды бузуп балээ кылат! — деп дагы
күтүлбөгөн жерден бакырып жиберди Хиггинботам, аялынын дың дебей
олтурганына жини келип. Кээде ал аялынын көбүрөөк каршылык көрсөтүп
турушуң каалоочу эле. — Эгерде бул дагы экинчи жолу кайталана турган болсо,
бул үйдөн караанын көрсөтпөй жоголсун. Билдиңби? Мен күнөөсүз жаш балдар
мунун мас кебетесин көрүп, алар дагы бузулуп кетишин каалабаймын! — Мистер
Хиггинботам көп учурда газеттен окуган сөздөрүн пайдалана коюучу. — Ооба,
бузулуп кетишин. Башкача эмне деп айтмаксың?
Аялы байкуш мурдагыдай эле үшкүрүнүп, башын ийкеп, тигүүсүн уланта
берди. Мистер Хиггинботам газетин колуна кайра алды.
— Өткөн жума үчүн акча төлөдү беле? — деп сурады күтүлбөгөн жерден
окуган кезитин саал токтото коюп, мистер Хиггинботам.
Аялы ооба дегендей башын ийкеди.
— Анын азырынча акчасы бар.
— Ал саякатына кайра жакында кетет бекен?
— Акчасы түгөнөрү менен эле жөнөшү керек, — деп жооп берди Гертруда, —
ал кечээ эле Сан-Франциского барып, пайдасы түзүк кеме издеп келди. Анын
колунда азыраак акчасы бар. Ошондуктан ал көрүнгөн эле кеме менен
сүйлөшүүгө барбайт. Ал абдан кылдат.
— Дагы эмне дейсиң? Кемелердин малайы көпкөндүгүн койбоду го! —
Мистер Хиггинботам анткор жылмайып койду, — Тандаганды билет! Өтө кылдат!
Карасаң дегеле!
— Ал катылган байлыкты издеп алыс жакка бара турган бир кайыкча
жөнүндө сөз кылганын уккам. Эгер аны күтүүгө акчасы жетишсе, ал ошону менен
кетүүсү мүмкүн.
Эгерде ал бул жерден бирдекеге орношкусу келсе, мен өзүмө кирээчи
кылыпделе алар элем, - деди күйөөсү күнк этип, териси жыйрыла түшүп. — Том
кеткени жатат.
Аялы ага чоочулагандай суроолу көз карашын жиберди.
— Бошоп кетти. Ал Каррузеристерге которулганы жатат. Ал жерде биздикине
караганда көбүрөөк акы төлөйт. Мен алардай көп төлөй албайм.
— Мына, көрдүңбү! — деди Гертруда кыйкырып, — мен сага анын иштеген
ишине караганда акыны аз төлөп жатасың деп айтпады белем.
— Билип кой эми кемпир, — деди Хиггинботам каардануу менен жооп берип,
— мен сага башка бирөөнүн ишине киришпегин деп канча ирет айттым? Кеминде
миң жолу айттым окшойт. Эми айтсам майнеке болоюн.
— Эмне кылсаң, эми өзүң бил, — деди аялы үмүтүн үзгөндөй улутунуп, —
бирок, Том жакшы жигит болучу.
Күйөөсү ага каардуу тикирейе түштү. Бул көз караш анын аялына ок менен
аткандай тийди.
— Эгерде сенин бир тууганың жалкоо болбогондо, ал кирээчи деле болуп
иштеп кетмек.
— Ал ичкен оокаты менен жаткан үй акысын тыкандык менен эле төлөп келе
жатат, — деди аялы кесе сүйлөп. — Ал менин бир тууганым жана күңк-мүңк дей
турганыңдай ал сага эч нерсе деле карыз эмес. Мен да адаммын го, жети жыл сени
менен бекерге жашаптырмынбы?
— Сен ага, эгерде түнкүсүн китеп окуй турган болсо, газ үчүн акы төлөй
тургандыгын эскерттиң белең же жок белең?! — деп дагы корс этип сурап калды
ал.
Миссис Хиггинботам үн каткан жок. Анан соң анын ачуусу бир аз тарап,
чарчаган денесине кайрат-күч кайрадан кире баштагансыды. Ал эми күйөөсүнүн
табасы кангансып кубанганын айтпа. Чечекейи чеч, көңүлү чамгарактанат. Анын
чекирейген көздөрүнөн кайрадан каардануу жана түштү. Ал аялын кыңк
эттирбей баш ийдирип, текке салып алганына өтө корстон, эмне десе лепилдеп
баарын аткарып турат. Ал эми мурда болгондо балээни минтмек эмес. Анда бала
бастынын түйшүгүнө алдыра, жеме сөздөрдөн басына элек мезгили болучу.
— Болуптур анда, бүгүн айтпасаң эртең айтарсың, — деди ал, — Баса, унутуп
кала элегимде эсиңе салып коёюн, эртең Мэриенди чакырат, балдарды багып
берсин бир күнгө. Мен болсом баягыдай Том жок, «малга» өзүм барууга туура
келет, сен болсоң менин ордума дүкөн кармайсың.
— Эртең кир жууй турган күнүм менин, — деди Гертруда олку-солкулуу.
— Анда, эртең эртерээк тур, баарына жетишесиң... Мен саат ондон эрте келе
албайм.
Ал ачуусу келүү менен газеттин экинчи барагын шарт оодарды да, аны
кайрадан окууга киришти.
IV ГЛАВА
Мартин Иден караңгы оозгу үй аркылуу өзүнүн бир керебет, бет жуугуч жана
бир тапиретке гана араң сыярлык тар бөлмөсүнө келатканда да, жездеси менен
болгон кагылышуунун таасири анын көңүлүнөн кетпей, кулагын жагымсыз
жаңыртып турду. Мистер Хиггинботамдын өлчөөсүз сараңдыгы ушул, аялынын
анча-мынча ишке жарамдуулугуна таянып, кызматчы аял жалдап алуу оюна да
келип койбоду. Анын үстүнө бир эле кишилик бош бөлмөгө эки адамды киргизип
койгон. Мартин Суинберн менен Броунингди тапиреткенин үстүнө койду да,
кемселин чечип керебетине көчүк басты. Денесинин оордугунан керебеттин
зымдары кычырап, ийиле түшкөнүнө ал көңүл да буруп койгон жок. Бутун
чечмекке ал төмөн эңкейе бергенде, бет маңдайындагы дубалдын боорунан
төмөн көздөй куюлуп түшкөн тамчынын изин көрө коюп сестейе түштү. Мына
ушул булганган дубалдын аппак бетинде анын көз алдына ар түрдүү элестер келе
калып, кайра тез жок болуп кетип жатты. Ал бутун чечүүнү унутуп, көпкө чейин
мына ушул дубал боорунан көзүн албай карап турду да, анан эриндерин бүлк
эттире «Руфь!» деп акырын шыбырап жиберди.
«Руфь!» «Жөнөкөй тыбыштын ушунчалык уккулуктуу болорун Мартин эч
качан ойлоп да койгон эмес эле. Бул тыбыш ага сүйкүмдүү угулуп, кумарлануу
менен бир нече жолу «Руфь, Руфь» деп кайталап да жиберди. Ал анын атын
ушинтип утуру кайталаган сайын, Руфтун элеси кез алдына даана келип, анын
ачык жүзү тигил тамчынын изи калган дубалдын боорун сыйкырдуу тумардай
нурдантып тургансыды. Бирок, бул нурдануу дубал бетинде көпкө турбады, ал
ошол замат чексиз тереңдикке житип көздөн кайым боло түштү, эми ал ошол
чексиз мейкиндиктен кыз жүрөгүн издегенсип, рахатка чөмүлүп, ал гана эмес,
Руфь жөнүндө ойлоонун өзү эле аны куштарлантып, жогорку-жогорку
бийиктиктерге үндөп, болгон ички жакшы сапаттарын сыртына ташкындатып
чыгарып, азыркыдан да жүз, миң эсе жакшы болууга чакырып жаткансыды. Бул
анын өмүрүндөгү кандайдыр бир жаңылыктай сезилди. Ушуга чейин Мартин
мурдагыдан да өзүн мыкты болууга мынчалык таасирленткен аял затын эч качан
жана эч жерден кездештирген эмес. Тескерисинче, ага жолуккан аялдар аны
жапайы айбан сыяктантып жиберишкен да болучу. Бирок, алардын көпчүлүгү
кедей болушса да ал байкуштар өздөрүнүн бар болгон кымбат нерселерин андан
эч бир аяшчу эмес. Бирок алардын бул жакшы сапаттарын Мартин сезип жана ага
баа берип коюучу эмес. Мартин аялдардын жүрөгүн куштарлантууга кандайдыр
бир өзүнүн бөтөнчө жөндөмдүүлүгү бар экенин билчү да жана ал турмак
аялдардын көпчүлүгү анын артынан өздөрү чуркашкандыгынын себептери
эмнеде экендигине кызыгып да коючу эмес. Дагы анын аялдарга өзү көз
кыспаганын мындай коёлук, тескерисинче ага аялдар жогоруда айтылгандай
өздөрү жабышып, алдынан тороп турушчу. Кээлеринин анын алдында өздөрүн
ушундай бир жакшы кармап, жагууга аракеттенишип турганын көрүп турган ар
бир адам таң калбай коймок эмес. Ал эми Мартин болсо мунун бардыгына кош
көңүл гана мамиле жасап, көңүл бурбай өтүп кете берүүчү. Мунун себеби тигил
аялдар өз чөйрөлөрүнө жараша баш аламан жана өтө ыплас жашаша турган. Бул
Мартинге түк жакчу эмес жана жийиркеничтүү таасир эте турган. Мартинди да
алар өздөрү менен кошо бузуп жибере жаздашканы али эсинен чыга элек. Бирок,
ошондой болсо да бул жерде Мартиндин аларга да, өзүнө да жасаган мамилеси
акый- каттуу эмес мамиле эле. Бирок ал бул кемчиликтерин түшүнө элек эле,
анткени ал мындай татаал нерселер жөнүндө али терең кыялданып, ой жүгүртүп
көрүүгө толук үлгүрө элек кези эле жана ал өзүнүн жакындагы эле бир бузулуп
кеткендиги жөнүндө эсине кылт дей түшүп, денеси чымырап, жүздөрү кызарып
да кетти.
Мартин ушул замат кол жуугучтун үстүндөгү илинип турган күүгүм тарткан
күзгүгө жүзүн бурду. Ал күзгүнүн бетин сүлгү менен тазалап аарчып, андан өзүн
көпкө чейин жакшылап карап чыкты. Чындыгында ал өзүн дал мына ушинтип
биринчи жолу гана карашы эле. Анын көздөрү чындыгында көрүү үчүн жаралган
болсо да, ушул убакка чейин дүйнөнүн тынымсыз өзгөрүлүп турган тышкы
түрүнө гана көз чаптырып, ал эми өзүн- өзү жакшылап карап алууга анын
убактысы жетишкен эмес экен. Ал азыр өзүнүн көз алдынан жыйырма жаштагы
жаш жигиттин өңү-түсүн көрүп, бирок бул өң сулуубу же жокпу ачык айта
албады, анткени минтип айтууга ачык негиз анда жок эле. Ал өзүнүн кашкайган
кең маңдайынын үстүнөн барпайган кара коңур тармал чачтарына кылдат көз
чаптырды. Бул тармал чач аялдарга абдан жагуучу жана алар аны сылаганды,
бириндетип иргегенди жакшы көрүшө турган, бирок ал Руфь үчүн бул чач
кымындай да мааниге ээ болбойт деп түшүнүп, чачтарына тигилген көз карашын,
эми бардык ынтаасы менен маңдайына жиберди. Бул эмнеге жөндөмдүү маңдай
болду экен жана мунун ар жагында эм- нелер жашырынып жатат болду экен? —
дегендей кыялдарга чөгө түшүп: — Бул кандай мээ болду экен? Бул мээден
эмнени күтүүгө болот? Аны кандай тагдырга туш кылат? — деп кайталап сурап
жиберди.
Ал аны Руфка жеткиреби?
Ал дагы өзүнөн-өзү: бул бозомтук-көгүлтүр, кээде күн нуруна чагылышкан
деңиздин кадимки көк-жашыл бетиндей кубулган көздөрүмөн жүрөгүмдүн
жалыны көрүнөбү деп сурады. Ал көзүм Руфка жагар бекен деп ойлонду. Ал
өзүнүн көзүнө Руфь кантип карай тургандай кылып кароого аракет кылып көрдү,
бирок бул аракетинен эч нерсе чыкпады.»Демейде ал башка адамдардын
ой-пикирин оңой-олтоң эле билип алуучу, бирок бул адамдардын турмушу ага
беш колдой абдан жакшы белгилүү эле да. Ал эми Руфтун турмушу болсо ага
чытырман токой эле. Руфь ага табышмак да, укмуш да жан эле, анан кантип,
кайдан ал анын оюн таба алмак? Ошенткени менен, — деп чечти ал акырында, —
бул жылдыздай нур чачкан көздөрдө бир жакшы жери — арамдык да, кара
ниеттик да жок. Өзүнүн кара торулугу аны таң калтырып жиберди: ал эч качан
өзүн ушундай кара тору болуп калам деп ойлогон эмес эле. Ал көйнөгүнүн жеңин
өйдө түрүп, чыканагынын жогору жагындагы колунун агын бетинин үстүнө
салыштырып көрдү. Чынын айтканда өңү агыраак болуп чыкты. Анткени анын
колдорунун териси да күнгө күйгөн болучу. Мындан кийин ал чыканагын бүктөп,
кары булчуңун жыйып, күнгө күйбөгөн этинин ак жерин издөөгө аракеттенди.
Анын колунун күн көрбөгөн бул жери абдан апапак эле. Ал күзгүдөгү бозомук
тарткан өңү качандыр бир кезде апапак болгондугун ойлонуп, кубангандыгынан
күлүп жиберди. Ал ушул өзүнүн күнгө күйбөгөн эти сыяктуу ак денеси менен
мактана турган аялдар дүйнөдө анчалык деле көп эмес экендиги жөнүндө
ойлонуп да койгон жок.
Эгерде ал ачууланган кезде көнүмүш адаты боюнча жука эриндерин өңүнө
каардуулуктун, кала берсе турмуштан безгендиктин белгисин бергендей кылып
жыйрыбаган болсо, анда анын оозу кадимки пайгамбардыкындай болуп
көрүнмөк эле. Бул тим эле жоокер менен ашык жигиттин эрининин өзү болучу.
Бул эриндер кумардан чыкканча турмуш менен жыргалдана жана кези келсе аны
бийлеп да алышчу. Анын ээги жана саал ылдый салаңдаган төмөнкү жаагы анын
жүзүнө үстөмдүк кылуунун белгисин берип турат. Ал өтө сезгич жигит. Мына
ошондуктан ал чыныгы кооздукту сүйүп, шаңдуу жүрүүнү жактыруучу... Ал эми,
жылмая караганда эч качан ооруп, тиш доктуруна кайрылууну билбеген анын
күмүштөй тиштери жаркырай түшөт. Ал күзгүдөн жакшылап карап отуруп,
алардын апапак, бекем жана тегиз экендигин байкады. Бирок ошол замат ал
эмнегедир уялып кетти. Ал аңгыча болбой, кээ бир адамдардын тиштерин күн
сайын тазалай тургандыгын эсине түшүрдү. Ал адамдар жогорку таптын, Руфь
таандык болгон таптын адамдары. Балким Руфь дагы күн сайын өзүнүн
тиштерин тазалап, жууп турса керек. Эгерде Руфь анын өмүр бою тиштерин бир
да жолу тазалабагандыгын билсе, эмне деп ойлойт? Ал эртең эле тиш щетка
сатып алып, аны менен тиштерин дайыма тазалап жүрүүнү оюна тутуп койду.
Жалгыз гана эрдиктер менен Руфту жеңип ала албайсың. Ал тишин тазалоодон
тартып, ага тагынуу дайыма кандайдыр бир эркин басындыргандай жагымсыз
сезилсе дагы крахмалдуу жаканы тагынууга чейин оңолуп, бардык жагынан
өзгөрүлүүгө тийиш.
Мартин колун өйдө көтөрүп сөөмөйү менен алаканынын чорун чукуду да жана
анын арасына кирип кеткен, щетка менен тазаласаң да кетпей турган
топурактын издерине көз жиберди. Ал эми Руфтун алаканы кандай сулуу! Кала
берсе аны эстөө да кандай жагымдуу. Кадимки роза гүлүнүн таажысындай назик;
кардай жеңил жана салкын. Мартин аял колу дал мына ушундай жум- шак жана
назик болору жөнүндө эч качан шек санаган да эмес. Ал ушундай колдун
эркелетиши адамга кандай кубанычты алып келерин ойлонуп, беттери кызарып
өзү катуу уялып кетти. Руфка карата болгон өзүнүн бул ою ага одоно жана Руфтун
ички дүйнөсүнүн сулуулугун кемсинткендей сезилип кетти. Анткени, Руфь өтө
назик жана жерден эң алыс, — ай-ааламдын кайсы бир бурчунда кайкып-сызып
жүргөн пери сыяктуу жан. Ошенткени менен ал Руфтун жумшак алаканы
жөнүндөгү элести кез алдынан кетире албады. Ал үй жумуштарынын түйшүгүнөн
шайы кетишкен фабрикалык кыздар менен аялдардын оор жумуштун
таасиринен пайда болгон катуу жана одоно колдоруна жакын болуп, өзүнчө
көнүп да калган эле. Ооба, ал эмне үчүн алардын колдору одоно болгондугунун
себебин жакшы түшүнүүчү. Руфтун колдорунун жумшак жана назик
болгондугунун себеби — ага кара жумуш деген жат, чоочун. Ал кээ бир адамдарга
жашоо үчүн, көрсө, иштөөнүн да зарылдыгы жок экендигин ойлонуп, мына
ошондуктан Руфка өзүнүн тең келе албастыгын сезип, эмнегедир каңырыгы
түтөгөнсүй түштү. Ушул замат анын көз алдына ак сөөктөрдүн образы, жумуш
деген эмне экендигин билишпеген адамдардын образы келе калды. Кирдүү
дубалдын боорундагы бул образ ага кадимки колдон жасалган мүчө сыяктуу
менменсинип, өзүнө эч кимди теңсинбегендей да, сүрдүү да болуп көрүндү.
Мартин эс тарта баштагандан тартып эле, өз алдынча иштей баштаган, анын
үйүндөгүлөрүнүн бардыгы тең адал эмгек, маңдай тер менен жан сакташып
келишкен. Мисалы, анын эжеси Гертруда да эмгек менен чоңойгон. Анын кир
жуудан талыган колдору шишип, кызарып чыга түшчү. Же анын башка бир эжеси
Мэриненди алсак ал дагы ошондой, консерва заводунда иштеп жүрүп, анын
кичинекей назик колдорунда помидор туураган бычак менен кесилген жери
сансыз эле. Мындан башка дагы ал өткөн кышта картонаждык фабрикада иштеп
жүргөнүндө, машинеге колунун эки манжасын алдырып алган. Анын көз алдына
энесинин табытта кайчылашып жаткан одоно колдору элестеди. Атасы дагы
өзүнүн бүткүл өмүрүн эмгек менен өткөргөн киши болгон. Мына ошондуктан
анын алаканынын чорунун калыңдыгы беш эли болгон. Руфтун колдору, жалаң
гана анын колдору эмес, анын апасынын жана анын бир туугандарынын колдору
да өтө назик колдор. Эң акырында, аны бөтөнчө айран-таң калтырган нерсе — ал
экөөнүн ортосун асман менен жердей бөлүп турган кара таман кедейлик менен
кол тийгис ак сөөктүк даражада болду.
Мартин кайгылуу күлүмсүрөө менен керебетке олтурду да, акырында бутун
чечти. Ал акылынан адашкансып, — аял жүзүнөн, анын назик колдорунан
кадимкидей мас боло түшкөнсүдү. Аңгыча болбой, анын көз алдына жаңы
көрүнүштөр пайда болду. Ага лондондук Ист-Энддеги чоң эски тамдын жанында,
түн ичинде он беш жашар жумушчу кыз Марджи ага бирдемелерди сүйлөп берип
жатканы элестеди. Мартин аны дайыма серүүндөй кийин ушинтип үйүнө
жеткирип коюучу. Ал кыз ушул атканадай болгон ыплас жаман тамда жашай
турган. Коштошуп жатып Мартин ага колун сунду. Кыз буга жооп кылып өбүүгө
ага оозун тосту эле, бирок Мартиндин аны өпкүсү келбеди. Эмнегедир аны бир
нерсе ирээнжитип тургансыды. Марджинин шагы сына түшүп, жаш жүрөгү
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.